Суперстан: Алтынбек Эгембердиевдин ыр дептери. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Алтынбек Эгембердиевдин ыр дептери. Достор кокент жазпагыла!!! Болгон ырларымды мында жазып си

#21 Пользователь офлайн   Altynbekk5   18 Июнь 2015 - 08:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 02 Июнь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2015 15:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жумгал

Аккан суу түз кеталбайт, сай болбосо.
Ауди токтоп калат, май болбосо.
Жигиттер сулуу кызка жеталышпайт.
Чалкалап джип минишип, бай болбосо.
Гамаштын көркү кайда, кыш болбосо.
Вечердин көркү чыкпайт, кыз болбосо.
Хокейис жигиттер топ ойноп жүр.
Ойлосоң кайда ойношот, муз болбосо.
Коноктор ыраазы болбойт, аш болбосо.
Прездент качпайт эле, таш болбосо.
Коноктор тынч отуруп калышпайбы.
Арасынан бир экөөсү мас болбосо.
Супердин көркү кайда, дос болбосо.
Досторуң кантип кирет, бош болбосо.
Элдериң көрүнгөндү жаза берет.
Суперстанда жакшыраак Босс болбосо.
Депутат көркү кайда калп болбосо.
Дөөлөрдөн коркмок эмес алп болбосо.
Ажоону келгилечи коркутпайлы.
Арты артынан качып кетмей салт болбосун!
Чөп башы кыймылдабайт жел болбосо.
Ала тоо көрккө келбейт эл болбосо.

Автор: Алтынбек Эгембердиев.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Altynbekk5   18 Июнь 2015 - 08:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 02 Июнь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2015 15:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жумгал

Мага мерс керек.

Таш жолдо чалынбаган.
Танировка тагылбаган.
Мас болуп айдап келип.
Тереке кагылбаган.

Мага мерс керек.
Жолдордон бийик турган.
Фарасы күйүп турган.
Матору кармабазтан.
Күнүгө жүрүп турган.

Мага мерс керек.
Залого коюлбаган.
Запчачстьга союлбаган.
Айылда көп айдалып.
Алды чирип оюлбаган.

Мага мерс керек.
Бензин көп ичпеген.
Бузулбай көп иштеген.
ГАИге көрүнбөймүн.
Кааласаң көп ич деген.

Деп көңүл оолуктурдум.
Купулум толуптурмун.
Мерсти самап атып.
Великти жолуктурдум.

Aвтор: Алтынбек Эгембердиев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Altynbekk5   18 Июнь 2015 - 08:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 02 Июнь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2015 15:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жумгал

Жакшылап карап көрсөм байкап.
Атам экөөбүзгө бир байпак.
Кайсы эрте турганы кийип алат.
Кеч турганы калат баш чайкап.
Алда жөн байпак эмес.
Апам түйгөн жүн байпак.
Атам мага күндө айтат.
Эй эненди дурайын тайтак.
Атаңдыкын талашпай, сатып албайсыңбы байпак.
Как будто өзү түйүп алгансып айтат.

Автор: Алтынбек Эгембердиев.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Altynbekk5   18 Июнь 2015 - 08:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 02 Июнь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2015 15:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жумгал

финкада иштегендердин ыры.

Качпай алтын финканы төгүп кет.
Капаланып кайгыга чөгүп кет.
Кайдан кана ушуну алдым деп.
Каалашыңча өзүңдү сөгүп кет.

Түштөн калбай финкага келип кет.
Үчтөн калбай акчаңды берип кет.
Акыркысын жалдыратпай төлө да.
Андан кийин мага демек өлүп кет.

Алаарда жанталашып алгансың.
Кошунаңды ортого салгансың.
Калпыңды башкага айт макулбу.
Финкадагылар кантип сага алдансын.

Өзүң деле жакшынакай баласың.
Өзүң айтчы, качкан кантип жарасын.
Ишибиз жок шартың менен биздин.
Кимди алдап, кимден карыз аласың.

Кутулбайсың төкмөйүнчө кишенден.
Күнүмдүк алган карыз тизеңден.
Коңшуңдун көрсөтүпсүң торпогун.
Ал торпок сеники деп ишенгем.

Автор: Алтынбек Эгембердиев.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Altynbekk5   18 Июнь 2015 - 08:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 02 Июнь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2015 15:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жумгал

Эркек дебе эркектин көп жумушу.
Эркек дебе эркек үйдүн улуусу.
Эгер эркек келбей калса кечинде.
Эртең менен чыгат үйдө ызычуу.

Эркек дебе.
Эркек деле
Дүйнөдө теңдешсиз асыл жансың.

Автор: Алтынбек Эгембердиев.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Altynbekk5   18 Июнь 2015 - 08:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 02 Июнь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2015 15:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жумгал

Айылдагы отуруш.

Бир жеңден кол чыгарып.
Бир чөнтөктөн сом чыгарып.
Вечеринка уюштурдук.
Бир дос бала дом чыгарып.

Колу боштор жардамдашып.
Кубанышып жалмаңдашып.
Дасторконду гүл кылышып.
Кеч кирсе деп армандашып.

Бири дагы калбай келип.
Сүйгөн кызын албай келип.
Аяшына көзү өтүп.
Алтыным деп алдай берип.

Салаттарды ченеп жешип.
Конфетке тийбеш керек дешип.
Алмага ким кол салса.
Ал колуңду челек дешип.

Жай музыкага вальс бийлеп.
Жакын эмес алыс бийлеп.
Болгону беш кыз келген.
Кезектешип калыс бийлеп.

Бийлешип бөлөк салак.
Бирөө эшике жөнөп калат.
Дерскийи девушкасын.
Дубалга жөлөп калат.
Шыкалап бери жактан.
Бирөөсү өлөт карап.
Тамака деп кыйкырышат.
Жебесең жок бөлөк тамак.

Белин бекем бууп чыгат.
Ийдиштерди жууп чыгат.
Үйүңөр барбы кеткиле деп.
Жеңеси баарын кууп чыгат.

Автор: Алтынбек Эгембердиев.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Altynbekk5   18 Июнь 2015 - 08:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 02 Июнь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2015 15:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жумгал

Кымбат баалу белеке жок шартыбыз.
Кыйнабай белектен баш тартыңыз.
Куттуктайбыз чын жүрөктөн айымдар.
Куттуу болсун сегизинчи мартыңыз! !!

Жаныңызда бирге жүрүп жартыңыз.
Жашоо жүгүн биргелешип тартыңыз.
Аман болуп тууган урук кашында.
Ар убак артып турсун баркыңыз.

Кыйнабасын эч убакта дартыңыз.
Куттуу болсун сегизинчи мартыңыз.

Тийбесе да бизге зыяныңар.
Тойгузат характир кыялыңыр.
Кабагыңарга калың кар жаадырбай.
Жок дегенде бүгүн уялыңар.
23дө жаркырап ачык эле.
Бүгүн карачы эшикте январъ.


Автор: Эгембердиев Алтынбек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Altynbekk5   18 Июнь 2015 - 08:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 02 Июнь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2015 15:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жумгал

Чоң там.

Эл көзүнө заңгырата там салып.
Эки жагын кооздоп жазадык.
Эмеректи ичине толтуруп.
Бекиттик да, конок үй деп атадык.
Маңдайына временка тургузуп.
Кыпчылсак да кыштан чыгып жашадык.

Той берем деп чаңын сүртүп тазалап.
Чоң тамды иштетүүнү эп көрдүк.
Чоң кудалар батпачудай сезилип.
Чочугансып бир заматта өзгөрдүк.
Чоң кулпуну чоң тамга илдик да.
Чоткий кылып кафеге өткөрдүк.

Неберелер кирип кетсе тебелеп.
Кууп чыктык таяк менен жемелеп.
Мактанганга жетпей сынып калчудай.
Зал үйдөгү кымбат баалу эмерек.
Неге салдык той бергенде батпасак?
Неге салдык кенен кесир жатпасак?
Келгилечи музей кылбай чоң үйдү.
Кенен жашап ак эмгекти актасак.

Автор: Алтынбек Эгембердиев.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Altynbekk5   18 Июнь 2015 - 08:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 02 Июнь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2015 15:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жумгал

Пародия Жазым келчи.

Кайдан жүрүп сага кабылдым.
Карап албай жаман чабылдым.
Жан кейитип жумшап жүргөнүң.
Жогу беле менин багымдын.

Жеңилсиңби чыктын башыма.
Ак киргизтин кара чачыма.
Акча жокто финка алдырып.
Алдырдың автамат машина.

Кыйкырасың неге чыр салып.
Жаталбадым үйдө тынч алып.
Кытайдын экинчи баласындай
Кыйнадын мени мынчалык.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   Altynbekk5   18 Июнь 2015 - 08:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 02 Июнь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2015 15:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жумгал

Белгилүү маршрутка.

Келе жатсак маршруткада тыгылып.
Кемпир түштү бели башы бүгүлүп.
Келиңиз деп бир жан оорун бербеди.
Кемпир турду кейип карап түңүлүп.
Көрмөксөнгө салып жаштар отурат.
Уйкулары келип көзү илинип.
Арасында бир жигит шыпылдайт.
Ар кимдин сумкасына тигилип.
Шашып бушуп түшүп кетти токтотуп.
Бирдеке калды окшойт илинип.
Ал ангыча уштап алып чөнтөгүн.
Бир карындаш ыйлап калды чыңырып.
Он миң сомдук телефонду алдырдым.
Ичпей жебей араң алгам сыгылып.
Жигитимдин смс жалко деп.
Карындаш калса болобу жыгылып.
Бара жаттык балдар ыйлап чырылдап.
Бирөө турат сагыз чайнап ыр ырдап.
Кыздар түшсө атыр жыты буруксуп.
Балдар калат ох атаң деп жымыңдап.
Эжекелер жаман көрүп акшыят.
Көзүңбү барбы, блин деп тырыңдап.
Мына ушундай кызык менен бараттым.
Айлам кетип ушул ырды жараттым.

Автор: Алтынбек Эгембердиев.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Altynbekk5   18 Июнь 2015 - 08:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 02 Июнь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2015 15:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жумгал

Заправкада иштеген эженин ыры.

Үйдө отурбай жолдошума чай куюп.
Иштеп жатам газпромдо май куюп.
Джип мингенден, зил мингени күйгүзөт.
Жатасың деп таш бакадай жай куюп.

Жолдошум, балдарым байлыгым.
Ошол үчүн кереги жок кайгынын.
Байлыктардын курсагын ачырбай.
Багып жаткан менин алган айлыгым.

Тажасамда салерканын жытынан.
Аргам жок балдар деп тытынам.
Жаз келип стройка башталса.
Такыр эле кутулат элем ушудан.

Автор: Алтынбек Эгембердиев.

Достор коменттарий жазбагыла! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Altynbekk5   18 Июнь 2015 - 08:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 02 Июнь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2015 15:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жумгал

Каражанымдын ыры.

Эрим түшсө эсиме.
Эптеп жазайм кесиме.
Эки кесим эт кошом.
Эттенсин деп кичине.
Көк сактарды токтоттум.
Жетпей жүрөт весине.

Келбесе экен кичине.
Кармалса экен ишине.
Жөн көрсөтпөй сериалды.
Мишайтетет кишиге.
Бир буркурап алайын.
Кирип кино ичине.

Келсе келсин шашыла.
Көңүл калсын ачыла.
Чай кайнатып алайын.
Жарты мээлү башына.
Уктаганча эзейин.
Отуруп алып кашына.

Автор: Алтынбек Эгембердиев.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   Altynbekk5   18 Июнь 2015 - 08:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 02 Июнь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2015 15:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жумгал

Бирде жигит пил минет.
Бирде жигит зил минет.
Пил мингенде жигитти.
Кайдан тапты экен деп.
Минсе болоор бекен деп.
Тегеректеп эл жүрөт.
Зил мингенде жигитти.
Мунусун сатып ийбейби.
Портер эле алып минбейби.
Сөз кылышып эл күлөт.

Автор: Алтынбек Эгембердиев.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   Altynbekk5   18 Июнь 2015 - 09:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 02 Июнь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2015 15:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жумгал

Ата жана Бала.

Отуз бештен аштым.
Ойлоп көрсөм жашмын.
Азырынча аял албайм ата.

Оозуңду баскын.
Суперден кыз таптым.
Ошого үйлөндүрөм балам.

Той бергенге сом жок.
Жашаганга дом жок.
Кайсы аарыма үйлөнөмүн ата?

Артка болду жол жок.
Сарайды оңдоп.
Финка алсамда үйлөндүрөм балам.

Кыйнадыңыз жаман.
Аны кантип багам.
Финканы ким төлөйт ата?

Азыр башка заман.
Кайгырбачы балам.
Келиним өзү төлөйт балам.

Ата сизке рахмат.
Эмгегиңди актап.
Ажырашпай жашап берем ата.

Арам кана акмак.
Канча айтам какшап.
Мен үчүн жашабайсың балам.

Автор: Алтынбек Эгембердиев.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Altynbekk5   18 Июнь 2015 - 09:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 02 Июнь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2015 15:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жумгал

Бек Байкеге Тамаша ПОРОДИЯ....
Келдим мен ош базарга.
Иш издеп өзүмө.
Ылайыктуу жумуш жок.
Көрүнбөйт көзүмө.
Добр айтты бир жерде.
Стройка бар деди.
Иштедим мен аны.
Ишенип сөзүнө.

Ташып бердим ылайды.
Чакалап чакалап.
Ылдамыраак ташы дейт.
Жакалап жакалап.
Андай кордук көрсөткөн эмес.
Апам да, атам да.
Добрду өлтүрөм,
Такалап такалап.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   Altynbekk5   18 Июнь 2015 - 09:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 02 Июнь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2015 15:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жумгал

Абышка: 

Кел кемпирим жыргайлы. 
Свет очкон турбайбы. 
Андып жаткан чечектер. 
Уктап калган турбайбы. 

Кемпир: 

Ушинтип да ырдайбы. 
Укса уят кылбайбы. 
Куучундаган куу чалды. 
Кудай урган турбайбы. 

Абышка: 

Кел кемпирим жаталы. 
Бир кызыка баталы. 
Аз күнчөлүк өмүрдө.
Кууйлучу капаны. 

Кемпир: 

Кой дегенди укпайсын. 
Бир тердештен чыкпайсын. 
Делебемди козкоп коюп. 
Конурук тартып уктайсын. 

Абышка: 

Тарта бербе мун кайгы. 
Такыр айтпа мындайды. 
Дос чалдарым угушса 
Даана уят кылбайбы. 

Кемпир: 

Неберелер отурат. 
Интернетти чокулап. 
Жаагынды жап жалжайбай. 
Арам гана оосурак. 

Чал кемпирдин сүйүүсү.
Ысык болот турбайбы. 
Карган кезде ушинтип. 
Кызык болот турбайбы. 
Кемпир чалга баш бербей. 
Бышык болот турбайбы. 
Чал кемпирге он козун. 
Кысып коёт турбайбы. 

Автор Эгембердиев Алтынбек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Altynbekk5   18 Июнь 2015 - 09:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 02 Июнь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2015 15:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жумгал

ОН ЖЫЛДЫКТАРГА ОТ ДУШИ ЫР.

Алтын уям мектебим.
Алдыңды далай тепседим.
Акырын десе агайым.
Анысын унтпай кектедим.
Жазылбай жаңы жүрчү эле.
Дневник жана дептерим.
Кулака илип албапмын.
Мугалимдин кептерин.
Ачып бир карап койбодум.
Адабиятын беттерин.
Андан бери карачы.
Он жыл өтүп кеткенин.
Ошончо жыл ойлонбой.
Өзүңдү бүгүн эстедим.
Өмүрлүк жарды эрчитип.
Өзүңө барам мектебим.


20 ЖЫЛДЫКТАРГА ЖАҢЫ ЫР.

Бала элек оюнчук кылыччан.
Кем болбой бакыт ырызтан.
Арадан бир топ жыл өтүп.
Чоң киши болдук мурутчан.
Күндө эле кайдан жолукмак.
Бошобосок жумуштан.
Келгиле классташтарым.
Ал кезди эсте унутсаң.

Жүрчү элек анда шоктонуп.
Жалындап күйүп от болуп.
Жыл өткөн сайын картайып.
Жыйрма жыл кетти жок болуп.
Жашарып кайра алалы.
Жалпыбыз барып топтолуп.
Токтотсок үч күн жумушту.
Кетпесек керек соттолуп.

Алтынбек Эгембердиев.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Altynbekk5   18 Июнь 2015 - 09:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 02 Июнь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2015 15:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жумгал

Пародия Жайлоодо.

Шайлоодо депутаттар ыбыр дыбыр.
Жүрөгү эмнегедир чымыр чымыр.
Ай сайын шайлоо болуп калганда не ай.
Алмакпыз бир мешок ун сахар сыр.

Аттин аттин Аттин аттин.
Акчага алданып калабызбы.
Биз эмне алдангандай балабызбы.

Аттин аттин Аттин аттин
Сал десе эле салабызбы.
Алданып ачка отуруп калабызбы.

Шайлоодо кур сөзүн угам жыргап.
Колдойбуз сөзүн сүйлөп ырын ырдап.
Кайра аны каалаганда тушурсоң не ай.
Кечирип кой ак үйдөн кадам жылбайт.

Алтынбек Эгембердиев.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   Altynbekk5   18 Июнь 2015 - 09:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 02 Июнь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2015 15:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жумгал

Актөш.

Эй актөш, кайда менин көлөчүм?
Азыр тапкын болбосо өлөсүң.
Аялымдын тапичкеси дагы жок.
Энеңе айт, башты оорутпай төлөсүн.

Эмнеге аргайсы жака ташыйсын.
Билмексенге салып башты кашыйсың.
Кудагыйдын кетасы канакей?
Уят болдук, неге айтпай катыйсың.

Тийбечи деп канча жолу сурандым.
Тиштегилеп күчөп кайра кубандың.
Буту шувоо өлүп каласың десем да.
Ботусун жок кылдыңго кудамдын.

Кошунанын касачогун алып келдиң.
Кайра бар деп сөөктөрдү салып бердим.
Эмнеге экинчи түгөйүнүн оордуна.
Аялынын сапошкасын алып келдиң?

Автор: Алтынбек Эгембердиев.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   Altynbekk5   18 Июнь 2015 - 09:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 02 Июнь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2015 15:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жумгал

Пародия кара жорго.

Кара жорго жакшы экен.
Кандай адам тапты экен.
Кары жашың бийлесе.
Бир топ бийдин асты экен.
Буга чейин билинбей.
Ырчыларга илинбей.
Кара жорго бийибиз.
Кайда катылып жатты экен.

Ээй кара жорго бийлеңиз.
Лезгинкага тийбеңиз.
Индияча бийлейм деп.
Салбыракты кийбеңиз.
Музыка турсун дүнкүлдөп.
Бийлегиле сүлкүлдөп.
Тойго келген коноктор.
Таң калышсын бул ким деп.

Бийле кудам буралып.
Биз да коштоп туралык.
Кудагый жатат алаксып.
Кел беркиден уралык.
Кана тайке тайраңда.
Бүгүн бизде майрамда.
Карап турат таажеңем.
Кыз келинди айланба.

Ээй кара жорго ичиңиз.
Кой десе да койбоңуз.
Мындай шанс бир келет.
Жылаандай сойлоңуз.
Тамаданы мактап кет.
Жамбашыңды таштап кет.
Карыздап келген соң.
Кошумчаңды актап кет.

Алтынбек Эгембердиев.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 24 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 24, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 04 Авг 2025 23:37

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: