Суперстан: Алтынбек Эгембердиевдин ыр дептери. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Алтынбек Эгембердиевдин ыр дептери. Достор кокент жазпагыла!!! Болгон ырларымды мында жазып си

#41 Пользователь офлайн   Altynbekk5   18 Июнь 2015 - 09:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 02 Июнь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2015 15:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жумгал

Бышык келин.

Базарга күндө келет, балпайган бышык келин.
Басканы кызыктырат, базардын мужиктерин.
Жолдошун ээрчитип да албайт, кызык келин.

Көзүнө көрүнгөндү кыялбай ала берет.
Көк пакет толуп калган, шыкап сала берет.
Күйөөсү байпак деген, унтулуп кала берет.

Кайсы жер арзаныраак, кыдырып билип алат.
Контейнер тар болсода, кыпчылып кирип алат.
Калп күлүп жибитет да, карызга илип алат.

Баштыгын ташыйт бирден, чыгарып ысык терин.
Баш ийдирип алган, айылдын бусиктерин.
Балпаңдап жөнөйт анан, балпайган бышык келин.

Автор: Алтынбек Эгембердиев.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   Altynbekk5   18 Июнь 2015 - 09:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 02 Июнь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2015 15:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жумгал

Пародия Ай жарык.

Аба салкын түн ортосу ай жарык.
Көпкө жүрдүк плошадты айланып.
Бир убакта мындый сунуш киргиздин.
Болдучу эми менттер келтат кайталык.

Кучактадым мен сен жака ыктадым.
Сен да кычап качтык десем укпадын.
Шылтоо кылып өтүп кетсин дегенсип.
Жакандагы кызыл гүлдү жыттадым.

Келди дагы мага карап токтоду.
Колду сунуп паспорт жокко окшодум.
Менттер менин оң колумду бек кысып.
Ич күйгүзүп чөнтөгүмдү козгоду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   Altynbekk5   18 Июнь 2015 - 09:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 02 Июнь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2015 15:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жумгал

Кош ала тоо уулуң кетти даватка.
Кошулуп оштон келген жааматка.
Колу бетти бир жумада жуучу элем.
Коркпойм эми көнүм калдым дааратка.

Сакалды төшкө чейин өстүрөм.
Жоюлат дейм кетирген көп күнөөм.
Үстүмдөгү адидасты ыргытып.
Буйруса сүннөт кием деп жүрөм.

Он чактыдай шариаттардан жаттадым.
Жатка билем пайгамбардын аттарын.
Көрүнгөнгө лапша илип жүрчү элем.
Кор болотко байкуш менин калптарым.

Үч күнгө жетсе экен деп акчабыз.
Үйдөгү тамакты эстеп ачкабыз.
Ашпозчуга шайлап коюп бирөөнү.
Үйлөрдү кыдырабыз башкабыз.

Күнөөлөрдү кечирегөр жараткан.
Күнөө кылып далай күндөр таң аткан.
Пендеңди таза жолго бастырып.
Сактайгөр чылым, пиво, арактан.

Кечир аллах койсом эгер мактанып.
Кечээкиден жүрөм ойлоп жазканып.
Ийнимдеги эки таза периште.
Барбаса экен дал өзүңө даттанып.

Автор: Алтынбек Эгембердиев.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   Altynbekk5   18 Июнь 2015 - 09:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 02 Июнь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2015 15:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жумгал

NОKIА.

Башынан айтып берем окуясын.
Баламдын бактысыз NОКIАсын.
Башыңдан өткөн булсо бул окуя.
Базар жок айтканыма кошуласын.

Беш миңге беш сарыдан алып бергем.
Бекемдеп чехолуна салып бергем.
Башында кызыгып көтөрчү эле.
Азыр койбойт аны алып жерден.

Байкуштун шордуу болду беш энеси.
Эчак кетпей калган СМСи.
Колдон далай жолу түшө берип.
Деги эле соо иштебейт эч эмеси.

Филешка капталына тыгып койгон.
Ал деле жүрөт байкуш вируз бойдон.
Толетке чөнтөгүнөн түшүп кетип.
Сыр бербей атыр менен жууп койгон.

Кааласа видео көрөт, сүрөт көрөт.
Через блютуз ыр өткөрөт.
Чукулап иши кылса жанын койбойт.
Кечке баскылап күн өткөрөт.

Эгерде iphоnе болсо ичип кетмек.
Эмгиче батареясы шишип кетмек.
NОKIА эмес эгерде самсунг болсо.
Сайгактап заряткасын үзүп кетмек.

Автор: Алтынбек Эгембердиев.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   Altynbekk5   18 Июнь 2015 - 09:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 02 Июнь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2015 15:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жумгал

Ысык көлдүн боюнда.
Супер инфо колуңда.
Селкилерге көз салып.
Жамбаштап жатсаң сонунда.

Финка турса моюнда.
Аялым болсо боюнда.
Жамбаштап кантип жаталам.
Карыздар турса оюмда.

Финканы апам төлөсө.
Аялым аман төрөсө.
Чартаңбай тепкени.
Алтынбек көлгө жөнөсө.

Андай күн түшкө кирбейт го.
Жуунбай алтыш кирдейт го.
Көздү кызкан бай болот.
Келжиребе деп тилдейт го.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   Altynbekk5   18 Июнь 2015 - 09:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 02 Июнь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2015 15:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жумгал

Мындайча менин баяным.
Нарындан алган аялым.
Алганы күн көрсөтпөйт.
Жедирип мага таягын.
Мен деле урсам болбойбу.
Ударды неге аядым.
Ушунча кордук көрсөткөн.
Укмуш эле экен саягың.

Сүйлөнө берет нервти жеп.
Сүйлөнбө десем тепкилеп.
Жыгылсам эсти жоготуп.
Жылуу суу бетке сепкилеп.
Эсиме келип тыңшасам.
Өнгүрөп атат кетти деп.
Деги эле мага убал жок.
Алданам койсо өпкүлөп.

Бир күнү андан жашынып.
Сарайга кирип машыгып.
Өч алмай болдум жинденип.
Коркпойм деп эми басынып.
Кечинде өзүм баштадым.
Керооздонуп кашынып.
Секирип туруп тепкенде.
Сервантга калдым асылып.

Автор: Алтынбек Эгембердиев.

Урматтуу супер инфонун жааматы, сиздерден сураныч менин ырларымды гезитке чыгарыңыздарчы.
Тел: 0776337112
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   Altynbekk5   18 Июнь 2015 - 09:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 02 Июнь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2015 15:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жумгал

Ырлары элге жакпаган.
Ырчылардан не пайда?
Бөйрөктү дурус жаппаган.
Джинсылардан не пайда?
Кошомат кылып мактаган.
Сынчылардан не пайда?
Тойдо байге таппаган.
Жылкылардан не пайда?
Акыйкатты айтпаган.
Акыныңдан не пайда?
Жаман ишке жумшаган.
Акылыңдан не пайда?
Ажылдап беттен алган соң.
Катыныңдан не пайда?
Алыңды сурап келбесе.
Жакыныңдан не пайда?
Пайдасы элге тийбеген.
Доллардан не пайда?
Пара алып бийлеген.
Чоңуңардан не пайда?
Хадовойду талкалап.
Жолуңардан не пайда?
Өлгөндө ыйлап алпарган.
Тонуңардан не пайда?
Жакшылыка жүрбөгөн.
Машинаңдан не пайда?
Тырмоосун аяп бербесе.
Кошунаңдан не пайда?

Автор: Алтынбек Эгембердиев.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   basyz-kaman.   18 Июнь 2015 - 10:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 86
  • Катталган: 20 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2016 11:38
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кереметтүү Көк-Арт өрөөнү.

Азаматсын Алтыке, чыгармаларынды толугу менен ушул жерден окудум. Чыгармачылык ийгилик каалайм!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   Cekech   18 Июнь 2015 - 13:34

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 47
  • Катталган: 19 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 25 Июн 2019 16:03

Азаматсын! Баардык ырынды окуп чыктым,маанайды жакшы котордун. Бир боорум эзилдиго... Финкага аябай нааразы болгонсунго? Бирок ошол финка менен канча деген эл жан багып келет. Мумкун болсо ошол жонундо да жазсан болотко дейм
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   Altynbekk5   22 Июнь 2015 - 09:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 02 Июнь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2015 15:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жумгал

Пародия.

Суулап чачты тарап койдум.
Фигураңды санап койдум.
Жаныңызга басып келсем.
Акшыйып сен карап койдуң.

Кызыл өрүк, кызыл өрүк.
Сүйүп калдым сени көрүп.
Кызыл өрүк, кызыл өрүк.
Койчу мага көңүл бөлүп.

Кызка шортик кийип алдың.
Кашты болсо чийип алдың.
Карызтап акча тапканча.
Күйөөгө сен тийип алдың.

Кайырма:

Үмүттү сен үзүп кеттиң.
Жалгыз жатып үшүп кеттип.
Турмушка эптеп чыгып алып.
Кайра неге түшүп кеттиң???

Алтынбек Эгембердиев.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   Altynbekk5   11 Июль 2015 - 19:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 02 Июнь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2015 15:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жумгал

Айылдык кыз джинсы кийсе тешилген.
Аны көрүп боорубуз эзилген.
А көрсө бишкекте моода турбайбы.
Аргаз жери атайын кесилген.

Көрүнсө жыртыгынан жамбашың.
Көтөрүлөт дем жетпей кан басым.
Жок дегенде бүтүнүнөн кийгиле.
Жигиттердин кармата бербей талмасын.

Моода деп алба шортик алба шым.
Момунмун деп хиджапка алмашың.
Ансыз да ыйманы ас балдардын.
Кызыктырып унуттурба Алласын.

Автор: Алтынбек Эгембердиев.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   Bakyt-nuru   16 Июль 2015 - 10:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 459
  • Катталган: 20 Июль 14
  • Соңку аракети: 13 Авг 2020 12:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал- Абад (Ала- Бука)

Azzzzamatsyz feyschi akem:)
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   Jumabek-   10 Февраль 2019 - 16:14

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2
  • Катталган: 15 Январь 19
  • Соңку аракети: 10 Фев 2019 16:14

Просмотр сообщения Altynbekk5 (18 Июнь 2015 - 08:26) жазган:

Аккан суу түз кеталбайт, сай болбосо.
Ауди токтоп калат, май болбосо.
Жигиттер сулуу кызка жеталышпайт.
Чалкалап джип минишип, бай болбосо.
Гамаштын көркү кайда, кыш болбосо.
Вечердин көркү чыкпайт, кыз болбосо.
Хокейис жигиттер топ ойноп жүр.
Ойлосоң кайда ойношот, муз болбосо.
Коноктор ыраазы болбойт, аш болбосо.
Прездент качпайт эле, таш болбосо.
Коноктор тынч отуруп калышпайбы.
Арасынан бир экөөсү мас болбосо.
Супердин көркү кайда, дос болбосо.
Досторуң кантип кирет, бош болбосо.
Элдериң көрүнгөндү жаза берет.
Суперстанда жакшыраак Босс болбосо.
Депутат көркү кайда калп болбосо.
Дөөлөрдөн коркмок эмес алп болбосо.
Ажоону келгилечи коркутпайлы.
Арты артынан качып кетмей салт болбосун!
Чөп башы кыймылдабайт жел болбосо.
Ала тоо көрккө келбейт эл болбосо.

Автор: Алтынбек Эгембердиев.

Ас салам алейкум урматтуу форумчулар мага дискотека 80х ырына пародия жазып бериңиздерчи анан Баргы Тамашоу сулу балдар деген сөздөрдү кошуп рахмат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 17 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 17, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 04 Авг 2025 23:34

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: