Суперстан: Кыргыз Премьер-лигасы - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Спорт
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (44 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кыргыз Премьер-лигасы Кыргызстан чемпионаты

#121 Пользователь офлайн   banda-312   17 Июнь 2015 - 04:26

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 221
  • Катталган: 02 Март 15
  • Соңку аракети: 26 Июл 2015 19:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан Бишкек

Байматов киргизди голду Алмаз киргенден кийин сузуп койду окшойт
калын элди жамандаба
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   jigit.paren   17 Июнь 2015 - 07:02

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 654
  • Катталган: 27 Апрель 13
  • Соңку аракети: 07 Фев 2025 10:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каракол

ооба Байматов киргизиптир топ дарбазага кирип баратканда Алмаз Мирзалиев сузуп коюптур неси болсо да экооно тен рахмат ошол жактагы 20000дей куйоорман ыраазы болуп кайтышты го.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   Patriot...kg   17 Июнь 2015 - 07:27

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 194
  • Катталган: 10 Март 15
  • Соңку аракети: 30 Июн 2018 05:08
  • Жынысы:Эркек

Азаматсыңар. Мыкты оюн көргөздүңөр!
Чынын айтсам
Австралиялыктардан мыкты экенсиңер. Болгону тажыйырба жетишпей калды. Алга Кыргызтан!
Роналду - бул кайталангыс талант
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   kg_salim   17 Июнь 2015 - 08:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 72
  • Катталган: 28 Апрель 12
  • Соңку аракети: 25 Авг 2019 02:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ivanovo

Бизге кирген голдорго дарбазачы куноолуу. Оной эле голдорду тосо албады.. Оюнчуларыбыз жакшы эле оюн корсотушту, бирок Австралиялыктардын дарбазасына тебилген топтор баары туз тебилбеди. машыгууну кучотуу керек .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   Topchubai   17 Июнь 2015 - 08:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 814
  • Катталган: 05 Июнь 14
  • Соңку аракети: 19 Апр 2021 11:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Исфана 2-МКР.Э.Эгембердиев 44

Жакшы оюн коргозушту. Орустарга окшоп кыйшаландабай, коруучулорду да уят кылбай,татыктуу женилишти.Алга Кыргызстан!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   Arlen89   17 Июнь 2015 - 08:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 161
  • Катталган: 13 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Ноя 2017 17:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каракол

ал эмес мага Австралиялыктарга караганда кучтуурооктой сезилди биздикилер дагы тажрыйбаны коп топтоп машыгууну кучотсо биз деле 177-орундан алдынкы жуздукко кирип калчудай экенбиз, азиянын мыкты делген Япония, Корея, Австралия, Иран менен тен тайлашып ойноп.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   Lexsus   17 Июнь 2015 - 21:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 266
  • Катталган: 01 Апрель 14
  • Соңку аракети: 31 Дек 2016 05:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чет олко.

Биздин воратарис эки голду тен кармаса болот экенледа, эмики оюнда алмаштырыш керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   atai9292   17 Июнь 2015 - 22:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 830
  • Катталган: 21 Январь 12
  • Соңку аракети: Бүгүн, 02:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Просмотр сообщения Lexsus (17 Июнь 2015 - 21:38) жазган:

Биздин воратарис эки голду тен кармаса болот экенледа, эмики оюнда алмаштырыш керек.

Оюнду байкап корсонор биринчи гол дарбазачынын катасы эмес экен дарбазачы туура эле жыгылган топ туура эле келе жатып бир нерсеге тийип устуго которулуп кеткен айтайын дегеним ошол жерди карасанар донсоо болушу толук мумкун ошол донсоо болбогондо топ туура колго тиймек
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#129 Пользователь офлайн   eldar96   17 Июнь 2015 - 22:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Просмотр сообщения atai9292 (17 Июнь 2015 - 22:02) жазган:

Оюнду байкап корсонор биринчи гол дарбазачынын катасы эмес экен дарбазачы туура эле жыгылган топ туура эле келе жатып бир нерсеге тийип устуго которулуп кеткен айтайын дегеним ошол жерди карасанар донсоо болушу толук мумкун ошол донсоо болбогондо топ туура колго тиймек


эми Атай байке а дейбиз бу дейбиз баары бир вратарды алмаштырыш керек, болгону бул бала Бундеслиганын 2 чи дивизионунда ойнойт экен, анан тренер ошону учун биздикилерге караганда мыктыраак ойнойт деп ушуну койсо керек, бирок озубуздукунон отоору жок экен

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#130 Пользователь офлайн   atai9292   17 Июнь 2015 - 23:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 830
  • Катталган: 21 Январь 12
  • Соңку аракети: Бүгүн, 02:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Просмотр сообщения eldar96 (17 Июнь 2015 - 22:06) жазган:

эми Атай байке а дейбиз бу дейбиз баары бир вратарды алмаштырыш керек, болгону бул бала Бундеслиганын 2 чи дивизионунда ойнойт экен, анан тренер ошону учун биздикилерге караганда мыктыраак ойнойт деп ушуну койсо керек, бирок озубуздукунон отоору жок экен

Эми иним дарбазачыны жамандагынардан айтып койдумда
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#131 Пользователь офлайн   Shanson   17 Июнь 2015 - 23:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 053
  • Катталган: 08 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Июн 2023 07:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

10 Артыкчылык, 10 Кемчилик!
Кечээги матч жөнүндө жазбаган мен эле калдым окшойт)) Футболдун фанаты катары оюмду жазбасам болбойт эми.

Кыргызстанда биринчи жолу стадионго бир беттешке бардым. Аябай кубандым, себеби дароо эле бир тарыхка күбө болуптурмун. Көрсө Жаңы Кыргызстандын тарыхында 1-жолу ушундай ири футбол оюну болуп атыптыр. Анда эмесе сөз башынан болсун.

Артыкчылыктары:
1) Беттеш аябай кызыктуу болду. Жадагалса чет элдик прессалар да командабызга жана күйөрмандарга жакшы баа беришти. 90 мүнөт бат эле өтүп кетти.
2) Элибиз ушундай чоң таймашка, кызыктуу футболго жана ийгиликке АЧ экен. Оюн бүтсө да эч ким кеткен жок. Дагы бир тайм болсо да баары отурушмак экен. Көчөдө кыйкыргандарды көргөн бирөө “аа жеңиппиз ” деп ойломок. Себеби жеңилсек да маанай 5 болду. Жеңилип алып кубанган азырынча биз элебиз )) Эгер жеңсек билбейм эмне кылат болчубуз Смайлик «wink»
3) Бул беттеш өзгөчө курама командабыз үчүн аябай чоң стимул болду. Ишеним келди, өздөрүнүн потенциалын байкашты, “12-адамдын” күчүн көрүштү. Азиянын чемпионун “нормальный” кыйнадык ))
4) Беттеш бүткөндө күйөрмандар конок оюнчуларга тура калып кол чабышты. Бул эң сонун көрүнүш. Себеби сени жеңген команданы куттуктоо ар кимдин эле колунан келе бербейт.
5) Орусу да, түркү да, арабы да кыскасы ар улуттун өкүлү КЫРГЫЗСТАН деп кыйкырып жүрүштү. Алдыбызда отурган орустар “Алга Кыргызстан” деп бакырып ийишти. Ичимден ойлоп койдум, эгер ушундай патриоттуулукту күчөтө турган, массалык иш-чаралар көп болуп турса, башка улуттар бизге айттырбай эле, өздөрү кыргызча сайрап киришмек деп. Болгону алар да сыймыктана турган нерселерди көп-көп көрсөтүшүбүз керек экен.
6) Каражат жагынан да Футбол Федерациясы бир “охх” деди окшойт ))
7) Эгер кечээ жеңген болсок, мамлекетибиздин абройу жакшы эле көтөрүлмөк экен. Дипломаттардын, саясатчылардын 1 жылда кылган нерсесин, 11 футболчу 90 мүнөттө дүйнө жүзүнө даңазалап коймок. Спорттун күчүн саясатчыларыбыз эми түшүнө баштагандыр буюрса.
8) Атактуулардын парады болду окшойт. Жөнөкөй күйөрмандар, депутаттар, ырчылар, кино ишмерлери, чиновниктер кыскасы элдин баары колдоп келишиптир.
9) Атайын Орусиядан мыкты камераларды алып келип тарттырышкан Футбол Федерациясына чоң ыраазычылык! Бул да жакшы кадам.
10) Эң аягында футболчулар стадионду бүт айланып салам берип чыгышты. Аларды көрүп көзүмө жаш келип кетти. Себеби өмүр бою каяктагы башка командаларга күйүп-бышып, алар үчүн ыйлап жүрдүк. Кечээ болсо ӨЗҮБҮЗДҮН командабыз үчүн күйүп быштык. От души ыйлайт экенсин )) Таптакыр башкача сезимдер пайда болду. Өзүңдүкү башкача болот экен. Жеңилсе да сыймыктандык.

Кемчиликтери:
1) Уюштуруу иштери НОЛЬ, НӨЛ, NULL! Өзгөчө элди стадионго киргизүү иштерине килтейген НӨЛ. Бир канча күн мурун эле катуу реклама кеткен. Эл жыкжыйма келээри белгилүү болчу. СМИ да аябай колдоду. Соц. Тармактарда аябай катуу реклама болуп атты. Ошонун баарын карабай, ойлонбой, уюштурбай кайдыгер караган федерацияга чоң минус болду.
2) Атайын жердин түбүнөн командасын колдоп келген күйөрманды сыртта жалдырап карап турганын көргөндө кирээрге жер таппай калдым. Бул киши мындан кийин Кыргызстан жөнүндө кандай ойдо калганын айтпай эле койойун. УЯТ.
3) Стадиондун астындагы тыгында эзилгендерди, башы жарылгандарды, ыйлагандарды көрүп боорум ачып кетти. Эгер ошол жерде кичине эле паника болуп кетсе, Кудай сактасын, эмне болуп кетмек. Стадиондордогу тыгында тебеленип өлгөндөрдү баарыбыз эле угуп жүрөбүз.
4) Күйөрмандарыбыз уюшкан түрдө кыйкырып колдой алышкан жок. Ызы-чуу, шум болуп эле атты. Кээде гана “Кыргызстан” деген үндөр чыгып атты. Бул албетте кечиримдүү, себеби мындай нерсе 1-жолу болуп атат. Сууга биринчи жолу түшкөн бөбөккө окшоп аттык ))
5) Стадиондун начардыгы, эскилиги айтпасак да белгилүү. Аны чет элдик СМИ да дүйнөгө көрсөтүштү. Европанын чоң чоң стадиондорунда матч көргөнгө мүмкүнчүлүктөрүм болду. Чындап эле биздин стадион аларга салыштырмалуу бир топ жыл аркада экен. Эгер Австралия жеңилип калса аябай чоң скандал чыкмак. Күнөөнүн баарын стадиондон көрүшмөк. Жеңген үчүн алар билинбей калды. Чоңдорубуз муну ойлонуш керек!
6) Күйөрмандарыбыздын “Футбол Көрүү Маданияты”нын жоктугу даана байкалды. Айрыкча биздин голдон кийин оюн талаасына чуркап кирген фанаттын кылганы уят эле болду. ТВ да аны көрсөттүбү, көрсөтпөдүбү билбейм, бирок коноктордун жанында уят эле болдук. Матчка семейный барам дегендер ойлонуп көрүшсүн. Ар кандай кагып-силккендерди, сөгүнгөндөрдү көтөрөм дегендерге жол ачык.
7) Ортодогу паузада “бийчи” кыздарды бийлетпей эле койсо болмок экен. Бийден түшүнбөгөн мен деле биякта туруп тигилердин бийинен уялдым. Жок дегенде кыргызча формалар менен кыргызча бийлетип коюшпайбы. Аларга караганда жаныбызда отурган күйөрманыбыз укмуш бийлеп, элдин маанайын көтөрүп отурду.
8) Командабыздын защитасы жакты. Азамат менен “кара кыргыз” досубуз жакшы ойношту. Бирок чабуулчулар менен коргоочу бираз иштеш керек экен. Балким тажрыйба керектир, билбейм. Ал эми конок оюнчулардын тажрыйбасы жана “хладнокровный” ойногондору суктандыраарлык. 18 000 кишини тоготопой эле ойногондой сезилип атты.
9) Оюн 8 де башталат десе, “аа анда 9 да башталат турбайбы” деп келгендер көп болду. Бул эл аралык беттеш! Убагында башталат. ФИФА Кыргызстан эмес, убагында баштайт. Андыктан бул биз үчүн жакшы тажрыйба болду. Кийинки таймашта саат 4 то эле барып алабыз буюрса.
10) Көптөгөн сүрөттөрдү карап чыктым. Крупный кадрлар аз экен. Фото кабарчыларыбызга 800мм дик объективдер керек экен.
ЖЫЙЫНТЫК!
Кыргызстан үчүн ЧООООҢ тажрыйба болду. Кийинки таймаштарда көп кемчиликтер чечилет деп ойлойм. Федерация да, күйөрмандар да өзүнө керектүү сабакты алышты. Эң негизгиси бизде ФУТБОЛДУК ПОТЕНЦИАЛ бар экенине күбө болдук. Андыктан кызыктын баары алдыда деп ойлойм.

Алга, КЫРГЫЗСТАН! @ Cүйүн Откеев
> Mен эл менен <
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#132 Пользователь офлайн   Vo_i_ni   18 Июнь 2015 - 00:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 315
  • Катталган: 08 Январь 14
  • Соңку аракети: 29 Дек 2015 21:35
  • Жынысы:Эркек

Азаматсынар, кыргызымдын футболчу жигиттери! Оюнду толук кoрo албадым, КТРК какап-чакап жакшы кoрсoтпoй койду(антенна начар, атан кoру...). Жыйынтыгын радиодон уктум, жаман эмес. Чынында мындай оюн, мындай жыйынтыкты(1- 2)куткoн эмесмин. Баракелде! Бали! Билген кишиге Азиянын чемпиону менен тен ата оюн кoрсoтуу эмне деген керемет! Алдыда боло турган эки оюнга тен супер ийгилик каалайм. Буйруса, мындан да жакшы оюн кoрсoтуп мыкты кoрсoткучтoргo жетишип утабыз деп ишенем. Алга, Кыргызстан!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#133 Пользователь офлайн   Danel   18 Июнь 2015 - 01:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 464
  • Катталган: 25 Январь 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2023 18:07
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Ушул бала аты Чоро оюндан кийинки журналистер менен маек курду. Чынындале журогундо жалы бар жигит экен эркексин досум!
Атайын МОСКВАДАН футболду коргону барыптыр.
Маек 17.06.15.

Кыргыз футболу да мындай таланттардан куру эмес экенин кечээ, 16-июнда Австралияга каршы оюнда көрө алдык. Анда Чора мырза (чыныгы ысымын айтуудан баш тартты) 1-таймдан кийин эл ортосунда укмуш бийлеп, элдин көңүлүн көтөрдү. Азыр баары ушул өзгөчөлүктү талкуулап, позитивдүү аракети үчүн аны мактап жатышат. Бир заматта интернет жылдызына айланган Чора мырза бул окуясын жылмайып эстеп, бүгун маек берди.
- Сиз бул беттеште кандай жыйынтык күттүңүз эле?
- Мен Австралия биздин команданы 4:0 менен утат го деп ойлогом. Бирок кыргыз жигиттери азаматтар, дагы кайталайм, азаматтар! Оюнчуларга аябай суктандым. Просто красавчики! Башка сөз жок.
- Бийлеп күйөрмандык кылам деп келдиңиз беле же оюн учурунда берилип кеттиңизби?
- Биздин футболчулардын ойногонун көрүп кармана албай калдым. Анан бийлеп салбадымбы (күлүп). Бул мындай болду. 1-тайм бүткөндөн кийин музыка башталып кетти. Негизи, музыканы жакшы көрөм, ошол маалда мекенибизге болгон патриоттук сезимим күчөп, бийлеп жибердим.
- Бийдин аты эмне?
- Аты деле жок го, ошол жерден эле музыканын ыргагына жараша кыймылдадым да.
- Бат эле интернеттин жылдызына айландыңыз. Бул нерсе сизге кандай таасир калтырууда?
- Маселе жылдыз болууда деле эмес да, маселе жүрөктө. Мен интернетте жылдыз болгонум тууралуу ойлонгон да жокмун. Менин бийим жүрөктөн чыккан нерсе болду да. Жүрөктөн чыкты, ошону жасадым, болду, башка сөз жок.
- Кыргыз курамасы эми беттешке Австралияга барат эмеспи. Сиз да барасызбы?
- Албетте, барам. Алга, Кыргызстан! Ал жакта дагы кыргыз оюнчуларын колдоп турам, буюрса.
- Москвадан атайын ушул футбол үчүн кыргыз жерине келипсиз. Ал жактан жубайыңыз нааразы болгон жокпу?
- Жок. Мен футболду сүйөм, футбол - менин жашоом.
(Максат Кудайбергенов)
Жашоомдогу эң чоң жетишкендигим бул сен .....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#134 Пользователь офлайн   Shanson   18 Июнь 2015 - 01:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 053
  • Катталган: 08 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Июн 2023 07:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Боо сүрөттү көрүп жыгылып калдым.

Сүрөт
> Mен эл менен <
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#135 Пользователь офлайн   Topchubai   18 Июнь 2015 - 08:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 814
  • Катталган: 05 Июнь 14
  • Соңку аракети: 19 Апр 2021 11:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Исфана 2-МКР.Э.Эгембердиев 44

Элдар, Кыргызстандын дарбазачысы Кашуба Бундеслигада ойнобойт,ал Тажиктердин клубунда ойнойт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#136 Пользователь офлайн   Patrik   18 Июнь 2015 - 10:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 218
  • Катталган: 27 Август 14
  • Соңку аракети: 29 Мар 2016 19:59
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Shanson (17 Июнь 2015 - 23:40) жазган:

10 Артыкчылык, 10 Кемчилик!
Кечээги матч жөнүндө жазбаган мен эле калдым окшойт)) Футболдун фанаты катары оюмду жазбасам болбойт эми.

Кыргызстанда биринчи жолу стадионго бир беттешке бардым. Аябай кубандым, себеби дароо эле бир тарыхка күбө болуптурмун. Көрсө Жаңы Кыргызстандын тарыхында 1-жолу ушундай ири футбол оюну болуп атыптыр. Анда эмесе сөз башынан болсун.

Артыкчылыктары:
1) Беттеш аябай кызыктуу болду. Жадагалса чет элдик прессалар да командабызга жана күйөрмандарга жакшы баа беришти. 90 мүнөт бат эле өтүп кетти.
2) Элибиз ушундай чоң таймашка, кызыктуу футболго жана ийгиликке АЧ экен. Оюн бүтсө да эч ким кеткен жок. Дагы бир тайм болсо да баары отурушмак экен. Көчөдө кыйкыргандарды көргөн бирөө “аа жеңиппиз ” деп ойломок. Себеби жеңилсек да маанай 5 болду. Жеңилип алып кубанган азырынча биз элебиз )) Эгер жеңсек билбейм эмне кылат болчубуз Смайлик «wink»
3) Бул беттеш өзгөчө курама командабыз үчүн аябай чоң стимул болду. Ишеним келди, өздөрүнүн потенциалын байкашты, “12-адамдын” күчүн көрүштү. Азиянын чемпионун “нормальный” кыйнадык ))
4) Беттеш бүткөндө күйөрмандар конок оюнчуларга тура калып кол чабышты. Бул эң сонун көрүнүш. Себеби сени жеңген команданы куттуктоо ар кимдин эле колунан келе бербейт.
5) Орусу да, түркү да, арабы да кыскасы ар улуттун өкүлү КЫРГЫЗСТАН деп кыйкырып жүрүштү. Алдыбызда отурган орустар “Алга Кыргызстан” деп бакырып ийишти. Ичимден ойлоп койдум, эгер ушундай патриоттуулукту күчөтө турган, массалык иш-чаралар көп болуп турса, башка улуттар бизге айттырбай эле, өздөрү кыргызча сайрап киришмек деп. Болгону алар да сыймыктана турган нерселерди көп-көп көрсөтүшүбүз керек экен.
6) Каражат жагынан да Футбол Федерациясы бир “охх” деди окшойт ))
7) Эгер кечээ жеңген болсок, мамлекетибиздин абройу жакшы эле көтөрүлмөк экен. Дипломаттардын, саясатчылардын 1 жылда кылган нерсесин, 11 футболчу 90 мүнөттө дүйнө жүзүнө даңазалап коймок. Спорттун күчүн саясатчыларыбыз эми түшүнө баштагандыр буюрса.
8) Атактуулардын парады болду окшойт. Жөнөкөй күйөрмандар, депутаттар, ырчылар, кино ишмерлери, чиновниктер кыскасы элдин баары колдоп келишиптир.
9) Атайын Орусиядан мыкты камераларды алып келип тарттырышкан Футбол Федерациясына чоң ыраазычылык! Бул да жакшы кадам.
10) Эң аягында футболчулар стадионду бүт айланып салам берип чыгышты. Аларды көрүп көзүмө жаш келип кетти. Себеби өмүр бою каяктагы башка командаларга күйүп-бышып, алар үчүн ыйлап жүрдүк. Кечээ болсо ӨЗҮБҮЗДҮН командабыз үчүн күйүп быштык. От души ыйлайт экенсин )) Таптакыр башкача сезимдер пайда болду. Өзүңдүкү башкача болот экен. Жеңилсе да сыймыктандык.

Кемчиликтери:
1) Уюштуруу иштери НОЛЬ, НӨЛ, NULL! Өзгөчө элди стадионго киргизүү иштерине килтейген НӨЛ. Бир канча күн мурун эле катуу реклама кеткен. Эл жыкжыйма келээри белгилүү болчу. СМИ да аябай колдоду. Соц. Тармактарда аябай катуу реклама болуп атты. Ошонун баарын карабай, ойлонбой, уюштурбай кайдыгер караган федерацияга чоң минус болду.
2) Атайын жердин түбүнөн командасын колдоп келген күйөрманды сыртта жалдырап карап турганын көргөндө кирээрге жер таппай калдым. Бул киши мындан кийин Кыргызстан жөнүндө кандай ойдо калганын айтпай эле койойун. УЯТ.
3) Стадиондун астындагы тыгында эзилгендерди, башы жарылгандарды, ыйлагандарды көрүп боорум ачып кетти. Эгер ошол жерде кичине эле паника болуп кетсе, Кудай сактасын, эмне болуп кетмек. Стадиондордогу тыгында тебеленип өлгөндөрдү баарыбыз эле угуп жүрөбүз.
4) Күйөрмандарыбыз уюшкан түрдө кыйкырып колдой алышкан жок. Ызы-чуу, шум болуп эле атты. Кээде гана “Кыргызстан” деген үндөр чыгып атты. Бул албетте кечиримдүү, себеби мындай нерсе 1-жолу болуп атат. Сууга биринчи жолу түшкөн бөбөккө окшоп аттык ))
5) Стадиондун начардыгы, эскилиги айтпасак да белгилүү. Аны чет элдик СМИ да дүйнөгө көрсөтүштү. Европанын чоң чоң стадиондорунда матч көргөнгө мүмкүнчүлүктөрүм болду. Чындап эле биздин стадион аларга салыштырмалуу бир топ жыл аркада экен. Эгер Австралия жеңилип калса аябай чоң скандал чыкмак. Күнөөнүн баарын стадиондон көрүшмөк. Жеңген үчүн алар билинбей калды. Чоңдорубуз муну ойлонуш керек!
6) Күйөрмандарыбыздын “Футбол Көрүү Маданияты”нын жоктугу даана байкалды. Айрыкча биздин голдон кийин оюн талаасына чуркап кирген фанаттын кылганы уят эле болду. ТВ да аны көрсөттүбү, көрсөтпөдүбү билбейм, бирок коноктордун жанында уят эле болдук. Матчка семейный барам дегендер ойлонуп көрүшсүн. Ар кандай кагып-силккендерди, сөгүнгөндөрдү көтөрөм дегендерге жол ачык.
7) Ортодогу паузада “бийчи” кыздарды бийлетпей эле койсо болмок экен. Бийден түшүнбөгөн мен деле биякта туруп тигилердин бийинен уялдым. Жок дегенде кыргызча формалар менен кыргызча бийлетип коюшпайбы. Аларга караганда жаныбызда отурган күйөрманыбыз укмуш бийлеп, элдин маанайын көтөрүп отурду.
8) Командабыздын защитасы жакты. Азамат менен “кара кыргыз” досубуз жакшы ойношту. Бирок чабуулчулар менен коргоочу бираз иштеш керек экен. Балким тажрыйба керектир, билбейм. Ал эми конок оюнчулардын тажрыйбасы жана “хладнокровный” ойногондору суктандыраарлык. 18 000 кишини тоготопой эле ойногондой сезилип атты.
9) Оюн 8 де башталат десе, “аа анда 9 да башталат турбайбы” деп келгендер көп болду. Бул эл аралык беттеш! Убагында башталат. ФИФА Кыргызстан эмес, убагында баштайт. Андыктан бул биз үчүн жакшы тажрыйба болду. Кийинки таймашта саат 4 то эле барып алабыз буюрса.
10) Көптөгөн сүрөттөрдү карап чыктым. Крупный кадрлар аз экен. Фото кабарчыларыбызга 800мм дик объективдер керек экен.
ЖЫЙЫНТЫК!
Кыргызстан үчүн ЧООООҢ тажрыйба болду. Кийинки таймаштарда көп кемчиликтер чечилет деп ойлойм. Федерация да, күйөрмандар да өзүнө керектүү сабакты алышты. Эң негизгиси бизде ФУТБОЛДУК ПОТЕНЦИАЛ бар экенине күбө болдук. Андыктан кызыктын баары алдыда деп ойлойм.

Алга, КЫРГЫЗСТАН! @ Cүйүн Откеев



Да бир артыкчылык прожекторлуу болдук :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#137 Пользователь офлайн   dina   18 Июнь 2015 - 10:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Утулуп калсак да ушунча сүйүнгөн тарыхта биз эле болдук окшойт))) Футбол мага да жакты.
Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#138 Пользователь офлайн   Altynbekk5   18 Июнь 2015 - 10:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 02 Июнь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2015 15:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жумгал

Утуш эмес, эң башкысы катышуу.
Утулсакда бизде болбойт ычышуу.
Ушул темптен жазбагыла жигиттер.
Улам улам болуп турсун атышуу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#139 Пользователь офлайн   nurchik05   18 Июнь 2015 - 10:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 686
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 05 Дек 2024 22:53
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

биздин вароталист жакшы тосо албай койду Азамат Байматов ойной албайт экенго
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#140 Пользователь офлайн   eldar96   18 Июнь 2015 - 12:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Просмотр сообщения dina (18 Июнь 2015 - 10:34) жазган:

Утулуп калсак да ушунча сүйүнгөн тарыхта биз эле болдук окшойт))) Футбол мага да жакты.


Сүрөт ток этерин айттыс

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Спорт
  • Кийинки тема →

  • (44 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 17 Июл 2025 05:47

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: