Тагдыр оюну.
Көл кылаасы. Жаштарга шыкала толгон эки машина кууша пансионаттардын бирине келип токтоду.
– Ураа!
– Эми чындап эс алабыз, балдар!
– Ю-хууу!
Кыйкырык-сүрөөн,
кулак тундурган музыка абаны жарып, жаштардын үнүнөн эс алуучулар да кылчайып карап калып жатышты. Тобу менен кооз коттеждердин бирине бет алышкан алар Бишкектин айтылуу “золотой молодёжу” эле.
Машинадан акыркы болуп түшкөн жигит теңтуштарындай кыйкырып, элире чуркап кетпей, айланага токтоо тигилип, көз салып турду да, досторунун артынан ышкырып коюп жылмайып алды. Бою узун, кең далылуу, токтоо мүнөз жигиттин аты Аскат болчу. Мүнөзү үчүнбү же келбетиненби,
а балким, атасынын байлыгы үчүнбү, чөйрөсүндөгү кыздардын баары ага ыктай беришчү. Азыр да Алтын аттуу кыз жанына келип тамашалай берди.
– Көлгө суктанып эле тура бересиңби? Жүрү, сууга түшөбүз.
Чуркап келген Азамат тиги бийкечти көлгө сүйрөп жөнөдү.
– Эмнеге мени көлгө чакырбайсың,
ыя? Аскаттын кызы бар, а мен бошмун.
Аскат адатынча жылмайып гана койду. Жаштар кумардан чыкканча көлгө түшүп келип, кумда кактанып жатышты. Эс алуучуларды сыдыра тиктеп жаткан Аскат селт дей түштү. Өңү кубара, ордунан обдулуп барып токтоду. Анын мындай өзгөрүүсүн оюн-күлкүгө мас болгон теңтуштарынын бири да байкабады. Көл жээгинде ким менен кимдин иши бар дейсиң. Аскаттын так алдынан кыналыша бараткан экөө үчүн аалам тегиз болчу. Өзүн зор күч менен кармаган Аскат шарт бурула өзү жашаган коттеджге жөнөдү.
– Аскат, сен кайда?
– Эй, кызык го бул?.. Жаңы эле келсек...
Аркасынан кыйкырган досторунун үнүнө назар салбаган Аскат имерилиштен көрүнбөй калды.
– Буга эмне болду?
Колуна тийген сүлгүнү алган Нурик кабатырлана кетти. Бала бакчадан бери чогуу өскөн досунун мүнөзүн ал беш колундай билчү.
– Ичи ооруп кетсе керек.
– Ха-ха-ха.
– Атасынын назик баласы эмеспи,- деди мыскыл күлгөн Азамат.
Бөлмөсүнө барган Аскат тынч ала албай жатты. Аркы-терки басып жатып оюна бир нерсе түштүбү, токтой калды. Ошол замат чөнтөк телефонун колуна ала эшикти көздөй бет алды. Кайра көл жээгине келип, теңтуштарынын жанына барбай, көпчүлүктүн арасынан бир адамды издегенсип,
көпкө көл жээктей басып жүрдү.
– Аскатка эмне болгон?
– Бема, сен эле барып билип келбесең болбой калды,- деген теңтуштары Бегимайга кайрылып калышты. Узун бойлуу, сымбаттуу бийкеч башын ийкеп, сүлгүсүн таштай Аскатка жөнөдү. Кумдагы изди телмире тиктеп турган Аскат аны жанына келгенде гана байкады.
– Кимди издеп жатасың?
– Сен жанымда турганда кимди издейт элем?
– Эки жылдан бери мен сени жакшы эле билип калдым го. Сен бир нерсеге капасың. Же...
– Же эмне?
Аскат Бемага күлүмсүрөй тигилди.
– Же болбосо көлдөгү русалкалардын биринин торуна түшүп калдың.
– Мен эчак эле русалкалардын эң сулуусунун торуна түшүп калгам. Муну башкалар жакшы билишет окшобойбу, тор жаймак түгүл жакшы көңүл да бөлбөй жатышат.
– Ооба сага, баарынын көзү сенде.
– Кызык го, менде экенин байкабапмын деле.
Аскаттын жылмайганы таптакыр башкача болчу. Кабагы жарк дей түшүп, көздөрү мээримге толуп кетчү. Атасы сыймыктана “бул менин уулумдун фирменный жылмаюусу” деп калчу. Аскат Бегимайдын кызганычына бир чети күлкүсү келип, экинчи чети кыжалат ойлордон арыла түштү. Кызды кучагына бек кысып, көздөрүнөн өөп алды.
– Мына эми өзүңө окшодуң. Жана кайда чуркап кеттиң?- деди Бегимай да көңүлү жайланып.
– Телефонумду бөлмөгө таштап коюпмун. Папам “жетериң менен телефон чал” деген да. Мен как всегда унутуп коюпмун.
– Жалгыз баласы болсоң, кабатыр болот да.
– Жок, кеп анда деле эмес. Өткөндө депутат досунун уулун өлтүрүп кетишпедиби.
Ошондон бери эле ушинтип калды.
– Да, ар нерсени ойлоп мен да коркуп кетем.
– Эмнени ойлоп коркот экен ушул русалка?
– Сени, өзүмдү ойлоп да. Кудай анын бетин ары кылсын, бирок сен бир нерсе болсоң, мен жашай албайм. Телохранитель жаныңда жүрсө, балким, кооптуу болбойт беле...
– Бир эмес, эки телохранитель жанында болсо деле өлтүрүп кетип жатышпайбы?
Папам да өткөндө кыйытып жаткан. Койгулачы, өзүм спорт менен машыгып жүрөм го. Анан бир-экөөнү ээрчитип алсам, эл эмне дейт? Досторум шылдыңдап жатып өлтүрүшөт.
– Эмне демек эле, Кыргызстандагы эң бай адамдын уулу болсоң...
– Эй, мен эч кимге деле моюн бербейм чындасам.
Жарк эте күлгөн Аскат Бегимайды колдон ала көлгө жөнөдү. Кичинесинен бери шаарда бассейндерден чыкпаган экөө кууша чабак уруп жүрүп жедеп чарчаганда гана араң чыгышты.
– Болгулачы, силер үчүн кечки тамакка кечигебиз. Экөөң дельфин болуп кеттиңер го. Кыйкырып жатып үнүбүз бүтүп калды.
Алина курбусуна сүлгүнү суна берип наалып калды.
– А силер билесиңерби,
дельфин – жаныбарлардын арасынан сүйүүгө эң туруктуусу,
- деди Аскат тамашалай.
– Сүйүүгө бекем экениңерде кеп жок. Бирок арабызда экөөңдөн башка дельфин жок экенине байланыштуу биз тизеге чейин эле кечип келдик. Туурабы, балдар?- деп Нурик кепке кошулду.
Шаракташа күлгөн жаштар узап бара жатышты. Кечки тамактан кийин пансионаттын күндө боло турган дискотекасына барышмак. Алар даярданып жөнөп калышкандыктан,
Аскат башка коттеждерди аралап жөнөдү. Бирок оолактай, бир нерсени издегендей абайлап карап жүрдү. Бир топко кыдырып, анан башын шылкыйта бөлмөсүнө келди. Өңү купкуу, ал тургай колдору да титиреп жаткансыйт.
Бөлмөгө кирип келген Бема тигини көрүп таң кала түштү.
– Кайда кетип калдың? Элдин баары дискотекага кетишти, а сен жоксуң.
– Көл жээктеп басып жүрдүм. Убакыттын өтүп кеткенин байкабаптырмын.
Аскат күнөөлүүдөй унчукту.
– Мына, кайрадан капасың. Эч жериң оорубай элеби? Суук тийип калган жокпу? Бул жакта шаарга караганда бир кыйла эле салкын. Азыр дискотекага барсак, көңүлүң көтөрүлөт.
Бема Аскатты колдон ала сыртка умтулду.
– Бемуля, бүгүн дискотекага көңүл жок. Жөн эле басып келеличи.
– Макул, сени менен мага кайда болсо да жакшы.
Кол кармаша ээрчишип бараткан экөөнүн тынчтыгын телефондун үнү бузду. Аскаттын атасы экен. Бир аз кырылдап сүйлөгөн коңур үн Бегимайга угулуп жатты.
– Аскат, жакшы жайгаштыңбы?
Эмнеге чалган жоксуң? Мен кабатырланып.
..
– Кечирип кой, пап, унутуп калыпмын.
Аскат оор улутунуп алды. Дагы бир нерселерди айткысы келди.
– Качан келесиңер?
– Бүрсүгүнү жолго чыгабыз, папа. Сен кабатыр болбо. Менин жанымда Бемуля бар. Ал сенден да өткөн жоопкерчиликтүү.
Жылуу кийиндирип,
эмне тамак ичкенимден бери карап турат.
Атасы менен сүйлөшүп бүтүп, өзүн таң кала тиктеп турган кызды бооруна кысты.
Тагдыр оюну
#1 18 June 2015 - 15:37
Мени жаман көргөндөрдү,
мен жаман көргөнгө убактым жок! Анткени мен, мени жакшы көргөндөр менен гана алекмин!
#2 18 June 2015 - 15:39
– Мени ушинтип карабачы. Карегиңе чөгүп кетчүдөй болуп кетем. Чын эле, папама чалам деп унутуп коюпмун.
– Менден бир нерсе жашырып жатасың.
– Кечирип кой, сенден сыр жашырбайм деп коюп, жашырып жатам. Балким, кийин айтармын. Бирок азыр эмес.
Эңиле кыздын жүзүнөн сүйгөн Аскат ары басты. Көлдүн түнкү көрүнүшү өзгөчө эле. Асмандагы толгон ай көл бетине из чала чагылышып жатты. Аскат менен Бегимай жетелеше көлгө терең орнотулган пирстин үстүнө чыга келишти.
– Көлгө көп жолу келсем да, ушунчалык кооздугун байкабапмын. Ай экөөбүздү тигилип карап тургандай сезилип жатат,- деди Бегимай айланага суктана карап.
Аскат тамашалай свитеринин жеңи менен Бегимайдын жүзүн калкалай койду.
– Кой, анда бетиңди жаап турайын. Сага айдын көзү тийип кетпесин.
– Айдын ичине кыз кирип кеткен деп уккам. Балким, сага тигилип, суктанып жаткандыр,- деди Бегимай кызгана.
– Эй, стоп! Экөөбүз азыртадан эле бири-бирибизди кызганбаш үчүн мен өзгөчө жол таптым. Мына!
Аскат чөгөлөй калып, чөнтөгүнөн кутучаны алып Бегимайга сунду.
– Ой, бул эмне?
– Ачсаң көрөсүң.
Кутуну акырын ачкан кыз андагы бриллиант чөгөрүлгөн алтын шакекти абайлап сууруп алды. Бакырая Аскатка тигилип калды.
– Бема, мен билем. Бул жашоо биз каалагандай жеңил эмес. Анда баары эле шыр болуп кетпейт. Оор күндөр болорун да билем. Бирок ошол оор күндөрдө да эч качан сени таштап кетпегенге, ар дайым жаныңда болгонго, сени коргогонго убада берем.
– Аскат, биз коё туралы деп чечпедик беле. Сен чет өлкөгө окууга кетсең, мен...
– Билем, бирок ичимдеги бир күч негедир мени шаштырып жатат. Ушул күнү, ушул айдын алдында колуңду сурап калбасам, жетишпей калчудаймын.
– Макоом десе, сенден эч кайда кетпейм.
– Билем, макул дечи.
– Макул, макул, миң жолу, жүз жолу макул.
Кыз жигиттин мойнуна асыла кетти.
Аскат Бегимайдын колуна шакекти салып, саатын карап жылмайып алды.
– Саат 12ден өтүптүр. Демек, сени туулган күнүң менен куттуктай берсем болот экен.
– Эртең достордун баарына айтабыз, ээ?
– Папам катуу сүйүнөт. Акыркы убакта “эрте үйлөн” деп эле шаштырып жатат.
– А меникилер капа болот.
– Мен азыр дүйнөдөгү эң бактылуу адаммын!
Кучакташып, таттуу өбүшүп турган экөөнүн шыбырын толкундар коштоп жатты.

#3 18 June 2015 - 15:44
ххх
Чакан кафеде Бегимайдын туулган күнүн белгилеп, достор уу-дуу болуп жатышты. Аскат ордунан тура:
– Достор, бир аз убактыңарды бөлүп койгула. Биздин жакшы жаңылыгыбыз бар,- деди.
Кол кармаша ордунан турган экөөнү жапырт тиктеп калышты.
– Оо-уу! Достор, деги тынчпы?
– Тынч эле. Биз жакында баш кошууну чечтик. Той болчу күндү шаарга барганда ата-энелер менен чечебиз.
Достор бири-бирин тиктеп, ышкырып-кыйкырып эле жатып калышты.
– Молодцы!
– Куттуктайбыз!
Алина тура калып курбусун өөп алды.
– Туура кыласың. Мындай жигитти колдон чыгарбай, эрте аркандап алыш керек.
– Асик, досум, биздин арабыздан биринчи үйлөнөт экенсиң. Буюрса, мен акыркы үйлөнөм,- деп Нурик кучактап далыга таптап, тамашалай ичке уруп калды.
Столдун четинде отурган бир гана адам бул сөздөргө кошулбай турду. Ал Азамат болчу. Бала бакчадан мектепти бүткөнчө чогуу жүргөнү менен, ар дайым Аскатка ич күйдүлүк менен карачу. Окууда болобу, спортто болобу, достор чөйрөсүндөбү, айтор, экөөнүн атаандаштыгы күчтүү эле. Бегимайдын Аскатты тандашы экөөнүн ортосун ого бетер алыстатып койду. Анткени бул кара көз сулууну ал дагы кичине кезинен жактырар эле. Баарынан да экөөнү өзү тааныштырганына ичи күйөт. Анда мектепти бүтө элек кездери болчу. Аскат кезектеги спорттук таймашка катышмак. Досторунун баары чогулуп колдоого келишкен. Досторуна “мени ушундай сулуу кыз жандап жүрөт” дегиси келдиби, айтор, ошол мелдешке Бегимайдын жанын койбой жатып ээрчитип алган.
Мелдеште жеңишке жетишип, досторунун кучагында жылмайып турган Аскат өзүн тиктеп турган сулуу бийкечти байкап калды.
– Бул ким?- деди акырын Нурикке ээк кага.
– Азаматтын таанышы экен.
– Таанышы элеби же...
– Таанышы эле болуш керек.
Акырын суурулуп чыккан Аскат тиги кыздын жанына келди да жылмайып койду.
– Салам!
Кыз да күлүмсүрөй бир нерсе деп жооп бергиче Азамат келе калып, сөзүн буруп кетти.
– Бул – Бегимай, мени менен келген. Аскат, куттуктайм. Жеңишиң кут болсун. Бема экөөбүз үйгө кетели деп жатканбыз.
Бегимай тигини таң кала тиктеп алып, оолактай берди.
– Рахмат, бирок мен өзүм эле кетем. Жакшы калгыла.
Кызды узата тиктеген Аскат “Бема” деп кайталап алды. Эртеси эле анын канчанчы мектепте окуурун, ким экенин тактап, аркасынан чуркай баштаган. Бегимай эки жыл артынан тынбай ээрчиген Азаматты эмес, эки жума тааныш болгон Аскаттын сунушун кабыл алып, анын кызы болуп калган. Ошондон бери мурунку ич күйдүлүк эми ачык жек көрүүгө айланган Азаматка бул жаңылык оор тийди.
Кече ортолоп калган эле. Катуу кызып калган Азамат теңселе ордунан туруп, колундагы вилкасы менен бокалын тарсылдатып, досторунун көңүлүн өзүнө бурду.
– Менин би-ир сөзүм бар. Бема, сен Аскатты тандап, чоң жаңылыштык кыласың. Бул – жашооңдогу э-эң чоң жаңылыштык. Анткени... ал... Аскат сенин баркыңа жетпейт.
Тамашалай күүлдөп отурган жаштардын жүздөрүнөн күлкүсү күбүлө берди. Айрымдары оозун ачып Азаматты тиктеп калышты. Биринчи өзүнө келген Нурик Азаматты жеңден тарта берди.
– Эй, сен эмне деп дөөрүп жатасың? Ичсең алыңа чактап ичпейсиңби? ! Жүрү, сыртка чыгып бир аз эс алалы.
Тиги анын колун тескери какты.
– Турчу ары, Аскаттын кошоматчысы. ..
– Эмне дедиң?
– Эмне уксаң ошо. Аскатка кошоматтанып эле жүрөсүң. Эскисине ушунча алданасыңбы?
Бул сөздөр теңтуштарынын арасында бир аз колунда жогураак турган Нуриктин талуу жерине тийди.
Ал Азаматты жакадан алды.
– Айбан десе, сен эмне деп жатасың?!
– Ха, эмне, жалганбы?
Тирешкен экөөнү достор араң ажыратышты.
– Эй, койгула, болдугулачы, балдар.
– Экөөңө эмне жин тийдиби?
Аскат гана Азаматка токтоо тигилип турду.
– Жүрү, сыртка чыгып сүйлөшөбүз, - деди жеңинен тарта.
– Кыйын болбо! Эл корксо да мен сенден коркпойм.
– Мен сени коркутайын деген жокмун. Болгону, эркекче сүйлөшөлү дегем. Бул жерде кыздар да бар. Алар...
– Сен мага жентельмен болбой эле кой. Баары бир Бема сага тең эмес, эртең эле ыйлатып баса бересиң. Айтчы, канча кызды ыйлаттың?
– Сенин менден айырмаң жок.
Аскаттын токтоо турганы Азаматтын ого бетер жинине тийди. Атырылган жинин баса албай энтиге берди.
– Мен сени өлтүрөм. Бема меники! Уктуңбу? Үйлөнчү болсоң эле өзүңдү өлүкмүн деп эсептей бер. Өз колум менен өлтүрөм.
Жулунган Азаматты кафеде отурган көптөр тигилип карап калышты. Достору “Аза, эсиңе кел” деп аны сыртка чыгарып кетишти. Бул чыр кимдир бирөөнүн чырагына май тамызып жатканын эч ким билген жок. Ошондой эле бир караан жаштар отурган кафеден жылып чыгып, көл тарапка басканын да байкашпады.

#4 18 June 2015 - 15:48
ххх
– Кечирип кой, Азаматтын сөздөрү, балким, сага катуу тийди.
– Көп кызды ыйлатканың мага жаңылык деле эмес болчу. Баары бир мен сени сүйөм.
– Бемуля, сен чындап эле ошол сөзгө маани берип калдыңбы? Андай сөздөр айтыла берет эмеспи.
Кабагы сузданып кеткен бийкечин тиктеп алып, Аскат шашып кетти. Чын эле, дөөдүрөгөн Азаматтын сөздөрүнө ишенип алдыбы? Бегимай оор үшкүрүп алды да, өзүнүн бөлмөсүнө бет алды.
– Эй, сага эмне болду?
– Эч нерсе.
Кыз эми артына да кылчайган жок. Аскат караңгыда көмөкөйү ката “Бема” деп шыбырап алды. Кыз алыстай берди. Ошол боюнча таптакыр көрбөй каларын билбей, эртең эле өксүп, өкүнүп чачын жуларын билбей, бир карап койбой кирип кетти.
Таңдын салкын жели Аскаттын тармал чачтарын сылап жатты. Баары бир көңүлү түтпөгөн Бегимай таң атпай анын бөлмөсүнө баш багып, жанында турду.
– Асик, мени кечирип койчу...
– ...
Эми биз таптакыр урушпайбыз. Мен...
Аскат дагы деле үнсүз.
– Аскат дейм...
Жакын келип колунан кармай берген Бегимай дирт дей түштү. Анткени Аскаттын денеси мупмуздак болчу.
Муздак колдору шейшептен чыгып калганы гана болбосо, Аскат тек уктап жаткандай жүзү мемирейт. Дендароо болуп туруп калган Бегимайдын көздөрү чоңоюп кетти. Аскаттын үстүнө түшө калып, анын жансыз жүзүн өпкүлөп жиберди. Кыздын кыймылынан Аскаттын үстүндөгү тыкан жабылып турган шейшеп шыпырылып түштү. Кан! Жигиттин көкүрөк тушу канга чыланып калган экен.
– Ааа-а!
Кетенчиктей берген кыз бетин жаба чаңырып жиберди. Жапан кыйкырыктан коңшу жаткан достору топурап келе калышты.
– Эмне болду?
Көздөрү чанагынан чыга жаздаган Бегимайдын өңү купкуу эле.
– Асик!
Бирин-бири үрпөйө тигилген жигиттер эмне кыларын билбей туруп калышты. Канжалаган Аскаттан көзүн албай айрымдары кетенчиктеп кетишти. Досунун жанына жете барып колдон алган Нурик отура калып дубалды муштагылап жиберди.
– Кечээ эле жакшынакай эмес беле? Эй, айткылачы, балдар, кечээ эле чогуу отурбадык беле. Кантип?
Ушинтип таңкы тынчтыкка бөлөнгөн пансионат бат эле будуң-чаң түшүп калды. “Тез жардам” менен келген ак чач врач топтошкон жаштарды аралап өттү да, Аскаттын номерине кирип кетти. Аз убакыттан кийин чыккан ал акырын сүйлөдү.
– Бул жигиттин жакындары барбы бул жерде?
– Ооба, мен – жакын досу, бул – сүйлөшкөн кызы.
Бегимайды чыканактан кармап, алдыга кадам таштаган Нурик врачка үмүттүү тигилди.
– Жардам бере албадык. Жүрөгү кечинде эле токтоп калган экен.
Кыздын кулагы чуулдап, алдында турган ак чач врач көзүнө эки болуп көрүнүп барып эсин жоготуп жиберди.
– Бема!
Кыздын алсыз денесин кучактай берген Нуриктин кыйкырыгынан жанындагы теңтуштары да чуулдап жиберишти.
– Эй, токтоткула! Эмне турасыңар, номерге алып киргиле!
Шашып калган врач катуу сүйлөдү. Эстери ооп турган жаштар Бегимайды көтөрүп, Аскаттын номеринин каршысында турган бөлмөгө алып жөнөштү. Эч кимиси баш көтөрүп бир нерсе дегенге жарабай үрпөйүп турушту. Врач аларды тегиз карап алып “карасаң, баары жапжаш, эне сүтү ооздорунан кете элек. Буларды жалгыз жиберишкен ата-энелери да келесоо. Азыркы ата-энелер деги эмнени ойлошот, билбейсиң” деп ачуулуу күңкүлдөп алды. Тегеректе чогула калган эс алуучулар иштин чоо-жайын угуп, өздөрүнчө ой жүгүртүп жиберишти.
– Кызык, кимдин колунан келди?
– Эми тополоң болуп баштайт.
Ушундай болду. Кечээ эле жылмаюусу жүзүнөн кетпей, шамдагай кыймылдап, тамашалуу сүйлөгөн Аскат суналып жатып калды. Ал эми каршысындагы бөлмөдө жанындай көргөн Бегимайы таноолору кыпчылып араң дем алып жатты. Врач өз ишин кылып бүтүп, тигилерди көз айнектин сырты менен тиктеп калды. Бегимайдын курбу кыздары Алтынай менен Алина көз жашын чубуртуп, курбусунун колдорун улам кармалап чебелектеп жүрүшөт.
– Кыздар, курбуңардын абалы оор эмес. Азыр укол кылдым. Эми тынчтык керек.
– Кечирип коюңуз, байке, бирок биз коркуп... Аскат менен Бема...
Өзүн токтото албай Алина бышактап жиберди.
– Өзүңөрдү кармагыла. Тиги жигиттин жакындарына кабарлаш керек. Милицияга өзүм кабарладым. Азыр келишет. Силер эми номерди бошоткула.
– А Аскатчы?- деди Нурик дагы деле болуп жаткан нерсеге ишенгиси келбей.
– Ал номерге да киргенге болбойт. Эми... Ага эми эч кимибиз жардам бере албайбыз. Ал эми кылмыштын бетин ачууга кедергибиз тийиши мүмкүн. Эч ким кире электе милиция кызматкерлери номерди изилдеп чыгышы керек.
Ушуларды тез-тез сүйлөгөн врач сыртка адымдады.
Нурик турган ордунда тура берди. Жеңинен тарткан Алмаз акырын үн катты.
– Нурик, Аскаттын атасына ким айтат?
– Ыя, Аскаттын атасына...
– Врач жакындарына кабар бергиле деди го.
Нурик айланасында топтошуп турган досторун сыдыра тиктеди. Баары чарасыз баштарын жерге салып турушту. Мына, Аскаттын жоктугу! Мындай маселелерди дайыма Аскат чече турган. Кандай кырдаал болбосун өзүн жоготуп, карбаластап көргөн эмес. Чөйрөсүндө чыныгы лидер болчу. Ал болгондо... Көмөкөйүнөн такалып турган оор нерсени араң жуткан Нурик салмактуу сүйлөдү.
– Мен өзүм айтам ага. Бирок азыр эмес, өзүмө келип алайын,- деди да бурулуп басып кетти.

#5 18 June 2015 - 15:50
xxx
Райондун кылмыш изилдөө бөлүмүнүн кызматкерлери “Голубое море” пансионатына тез келип калышты. Бөлмөдө эч кандай баш аламандык, кармашуунун белгиси жок. Болгону, жигит жатарында муздаткычтан апельсин ширесин алып ичкенин айгинелеген бокал турган. Ары жак, бери жагынан сүрөткө тарткан соң сөөктү, Аскаттын колу тийген нерселерди экспертизага жөнөтүштү. Эми милициянын майору Аскаттын теңтуштарын биринен сала бирин суракка ала баштады.
Биринчи болуп жакын досу Нурик көрсөтмө берүүгө кирди. Көзүнүн кыйыгы менен бир тиктеп алган майор отур дегендей жаңсап коюп, адаттагы суроолорун чубуртуп кирди.
– Аты-жөнүң?
– Нурбек Алмабеков.
– Туулган жылың?
– Бишкек шаары. 1989-жыл, 1-апрель.
– Өлгөн жигиттин эмнеси болосуң?
– Досу.
– Аты-жөнү?
– Кимдин?
– Досуңдун дейм. Өлгөн жигиттин...
Кыжырланып жатканын жашыра албаган майор кыйкырып алды. Чыйрала түшкөн Нурик башын көтөрүп, тигини тиктеп калды.
– Токтосунов Аскат Аскарович.
– Эй, эй, токточу. Тиги жигит кадимки Аскар Токтосуновичтин тууганы болобу?
– Жалгыз уулу болчу.
Нурикти тиктеп турду да, майор колу менен жаагын сүргүлөп кирди. Кыжалат боло столду тарс эттире чаап калды.
– Шайтан алгырдыкы десе! Ушул эле жетпей жатты эле. Сен бар, барып тур. Керек болсоң дагы чакырабыз. Нурик эшикти жаап чыгып кетери менен шашкалактап чөнтөк телефонун алып райондук милициянын начальнигине чала кетти.
– Саламатсызбы, жолдош подполковник, биздин райондо ЧП...
– Ии, дагы эмненин ичинен чыктыңар?- деди салмактуу үн.
– Токтосуновдун жалгыз уулун бизге караштуу территориядан өлтүрүп кетишиптир.
– Эмне дейсиң? Эмне, Аскар Токтосуновдунбу?
– Ооба.
– Качан?
– Бүгүн эртең менен билдирүү түшкөн. Мен дагы бул жакка келгенден кийин билдим, “Токтосуновдун баласы” дешти.
– Тынч жашоо деген жок экен го,- деп ачууланып алды подполковник.
– Майор, эми бул жагын өзүң билесиң, кандай иш алып барышың керек экенин. Токтосуновду айтып отуруштун кажети жок го дейм.
– Билем, жолдош подполковник.
– Билсең, анда жаныңды таштап иште. Эгерде кылмышкерди тез кармабасаң, сага да, мага да оор болуп калышы мүмкүн. Мен дагы азыр барып калам.
Өлгөн жигиттин ким экенин, кимдин баласы экенин билгенден кийин милиция кызматкерлери кыйсыпыр түшүп жатып калды. Нурикти чакырган майор кайрадан суракка баш урду.
– Досуңду акыркы жолу качан көрдүң?
– Кечээ... Биз Беманын... Бегимайдын туулган күнүн белгилеп кафеде отурганбыз. Аскат менен Бегимай үйлөнүшөрү тууралуу айтышкан. Ошо...
– Аскатка кимдир бирөө тиш кайрап жүргөнүн билчү белең?
– Жо-ок, ал эч качан конфликтке барчу жигит эмес болчу. Кээде балдар менен урушуп кеткенде деле сүйлөшүп чечкенге аракет жасачу.
– Болуптур анда, ошол күнү адаттан тышкаркы эмнени байкадың?
Нурик ойлонуп калды. Көңүлүндө Аскат менен Азаматтын урушуп кеткени тууралуу айтпай эле коёюн деп ойлоп жатты. Бирок анын өңүндөгү өзгөрүүнү байкап турган майор дал көңүлүндө турган суроону берди.
– Эстесең, ошол күнү эч ким менен урушуп кеткен жок беле?
Суроо дал бутага тийди. Кежигесин кашып алган Нурик акырын үн катты.
– Бегимайдын туулган күнүндө Азамат менен Аскат урушуп кеткен.
– Во-во-во, ушуга кенен токтолсоң болот.
– Ээ, андай нерсе боло берет го. Бегимайды мурун Азамат жакшы көрчү. Аны баарыбыз эле билчүбүз. Анан алар үйлөнүү тууралуу сөз кылганда... Айтор, Аза ичип да алган. Анан ал...
Мукактанып калган Нуриктин көз алдына Азамат жана анын көздөрү элестеди. Жек көрүүгө толгон көздөр... “Мен сени өлтүрөм. Бема меники! Уктуңбу? Үйлөнчү болсоң эле өзүңдү
өлүкмүн деп эсептей бер. Өз колум менен өлтүрөм”. Ушинтип жулунуп жаткан кезин эстеди. “Айтыш керекпи? Жок, Азага илип коюшу мүмкүн. А балким, чын эле...” Өз оюнан өзү коркуп турду.
Майор Нурикти көпкө тиктеп, “сары ооз балапандар десе. Силердин эс алууңар эми биз үчүн тозок болот экен го. Алыңарды билип иш кылсаңар эмне?!” деп кыжырланып турду.

#6 18 June 2015 - 15:52
“Күн чайыттай ачык экен” деп ойлонуп алган Аскар асманды карап алып, жеңил чуркоого өттү. Бул анын көп жылдан берки адаты. Спортчулардыкындай дене түзүлүшү аны өз жашынан өтө жаш көрсөтчү. Чуркап келди да сүлгү менен терин аарчып алып, үйүнө кирди. Чөнтөк телефонун тиктеп, уулу Аскатка чалып коюуну эстеди да, кайра кофе ичип алып чалмай болду. “Да, “атанын көөнү балада, баланын көөнү талаада” деген экен. Ал жигит телефон чалам деп коюп эле “унутуп калдым, папа” деп калат. Азыр уктап жатса керек, ананыраак чалайын” деп ойлогон ал ошол боюнча баш-оту менен ишке киришип кетти. Саат 11 болгондо күткөн уулу эмес, анын досу телефон чалды.
– Алло, ким бул?
– Мен, Аскар байке, Нурбекмин...
Жигиттин үнү буулугуп чыккандай сезилди.
– Аа, Нурбек, жакшы эс алып жатасыңарбы?
– Биз... Аскаттан ажырап калдык, байке...
– Эмне дейт?!
Уккан кулагына ишенбей, ордунан ыргып турду.
– Түндө бычактап кетишиптир. ..
Оор денесин креслого таштап жиберген Аскар бир топто барып өзүнө келди. Бир аздан соң ордунан оор копшолуп, телефонун издеп тапты. Жардамчысынын телефонун араң терди.
– Самат, Аскат кырсыктап калыптыр. Балдарды тез чогулт. 10 минутада чыгам. Көлгө барабыз.
– Макул.
“Кырсыктап калыптыр...” деп тургусу келди. Уулунун каза болуп калганына таптакыр ишенгиси келбеди.
10 минутага жетип-жетпей Аскардын заңкайган үйүнүн жанына үч Жип келип токтоду. Эки жигиттин коштоосунда чыккан Аскар ортоңку машинага отурары менен машиналар ордунан жылды.
ххх
Эшиктен кирип келген начальникти көргөн майор ордунан тура калды.
– Жолдош подполковник. ..
Сүйлөйүн деп келе жаткан майорду колун шилтеп токтотту да, түз эле ишке киришти. Толук неме ысык күндөн кыйналып кеткендей жүз аарчысы менен терин сүртүп алды.
– Кана, майор, кандай версиялар бар?
– Негизи, үч версия боюнча иш алып барып жатабыз. Биринчиден, өлгөн жигит ошол түнү сүйлөшкөн кызынын туулган күнүндө бир досу менен урушуп кетиптир. Күбөлөрдүн айтымында, ал “өлтүрөм” дегенге чейин барыптыр.
Экинчи версия, Аскар Токтосуновичтин ким экенин эске алганда, анын кас адамдары болушу мүмкүн.
Үчүнчүдөн, талап-тоноо. Мындай версияга такалганыбыздын себеби, досторунун айтымында, өлгөн жигиттин кымбат баалуу чөнтөк телефону жок экенин айтышты.
– Дагы кандай жаңылыктар бар?
– Өлүктү экспертизага жөнөттүк. Аскар Токтосунович бул жакка бет алыптыр.
Тиги семиз манжалары менен столду тырсылдатып ойлонуп калды.
– Сен эми башка бардык иштериңди жыйыштыр. Жанагы урушуп кеткен баланы жакшылап көзөмөлдө...
– Макул.
Уюлгуган чаң алыстан көрүнүп, пансионатка машиналар жакындап келе жатты. Аскардын колдору калтырап, тамекини биринен сала бирин чегүүдө. Пансионатка келери менен топтошуп турган уулунун досторун байкады.
– Аскат кайда?
– Моргдо.
Уулунун жансыз денесин көргөндө гана ишенди Аскар. Башын мыкчый чөгөлөп отура калды. Чындыгында, Аскардын таянар тоосу болчу, бул жарык дүйнөдө жашап жүргөнү, чогулткан дүнүйө-мүлкү жалгыз уулу үчүн эле. Мындан бир нече жыл мурун ак жеринен камалып кеткенде анын азабынан үй-бүлөсүнөн ажырап, жалгыз гана колунда калган медер туткан адамы Аскат болчу. Кийин түрмөдөн бошонуп чыгып, бутуна туруп, Кыргызстандагы алдыңкы байлардан болду. Анын кримчөйрөдө да, саясатта да орчундуу орду бар эле. Ошол кудуреттүү Аскар азыр мөгдөп отурду.
– Аско-о! Кандайча болуп кетти, балам?- деди калтыраган үн менен.
– ...
– Менин жалгыз экенимди билип туруп... Ия? Кантип таштадың, сен?!
Көпкө отурду. Сыртка чыкканда бир нече жашка карый түшкөндөй сезилди. Теңселип кеткенде жакын турган эки жигит кармай калышты.
– Кеттик,- деди бир ооз гана.

#7 18 June 2015 - 15:54
ххх
Аскаттын азасына көп адам келди. Жамгыр төгүп турган. Аскардын жанында кара кийимчен, кара көз айнек тагынган аял турду. Бул – Аскардын көрөр көзү Аида эле. Күйөөсүнөн 25 жашка кичүү болчу. Учурунда ырчы болчу дешет. “Аскардын байлыгы үчүн кана турмушка чыкты” деген кептер көп айтылчу. Бирок Аскар Токтосуновичтин уулунан кийинки экинчи жакын адамы Аида болчу.
Аида менен Аскаттын мамилеси салкын болчу. Бир үйдө тамак ичип, бир үйдө жашаганы менен, бир да жолу сүйлөшүп, сырдашып көрүшкөн эмес. Өзүнөн бир аз эле улуу кыз атасынын аялы болгонуна көнө албай, кээде өгөй апасын атынан айтып алчу. Мындай учурда атасынан уялып кетер эле. Чындыгында, Аида сулуу аял болчу. Бирок кареги тоңуп калгандай, адамга муздак карачу.
Табытты алып чыгып көтөрүп жөнөштү. Ушул учурда чучукка жеткендей чыңырган үн угулуп, элди эрксизден селт эттирди. Бул Бегимай эле.
– Аскат! Мен сенсиз жашай албайм,- деп жатты ал зар какшай.
Аскар артына кылчайып, артында турган Бегимайды тиктеп калды. Уулун өзүнөн башка да жоктогон адам бар экен го. Ошол эле катарда өңүнөн кетип бозоруп турган Нурбекти көрдү. Алмаз, Азаматтар да турушат. Бегимай буркурап ыйлап жатты. Эч кимге бой бербей, табыттын аркасынан жүгүрүп жаткан кызды Аида жактырбай тиктеди. “Ох, ушул жаш кыздар. Өздөрүн кармаганды таптакыр билишпейт” деп ойлоп турду.
ххх
Аскар өз бөлмөсүндө көпкө ойлонуп отурду. “Ким болушу мүмкүн? Мындай кадамга өзүнө ишенимдүү кана адам барды. Мынчалык кыйын ким? Мага даай ала турган...”
Бөлмөсүнө кирип келген Аиданы да байкабаган экен. Ал мышыктай жыла басып келди да, Аскардын мойнунан кучактай берди.
– Кечке эле камалып отура бересиңби? Зеригип жатам,- деди жаш аял ныксырай.
Аскар жаш аялынын колдорун силкип таштады. Эч качан мындай мамиле кылбаган күйөөсүнө ал таң кала тигилип калды.
– Сага эмне болгон?
– Сен алигиче эмне болгонун сезе элексиңби? Жер астын-үстүн болду.
– Аскар?!
Каары жүзүнөн төгүлүп турган күйөөсүн Аида селдейе тиктеп калды.
– Аида, Аскаттын өлүмүнө ким күнөөлүү болсо да түбүнө жетем. Мени эч нерсе токтото албайт!
– Түшүнөм сени, бирок жашоо Аскаттын өлүмү менен эле токтоп калган жок да.
– Мен үчүн токтоп калды, Аида! Мен үчүн азыр жашап жатканым менен жашабаганым бирдей.
– Мен сен үчүн жөн гана бир көлөкө экенмин да, ээ?
– Мен сага айткам. “Жок дегенде бир бала төрөп берчи” дечүмүн. А сен...
Аида кайдигер эки ийинин куушуруп койду. “Башталды, эми менин төрөбөс аял экенимди, жакшы кожойке эмес экенимди айтып, мораль окуп баштайт. Уф, тажап кеттим” деп жатты ойлору. Аскар аялынын эмнени ойлоп турганын так билбесе да, болжолдоп турду. Ого бетер ичи муздай, колунун сырты менен ары түртүп койду.
– Жата бер. Менин дагы көп ишим бар.
ххх
Азамат бул күндөрү тергөөчүнүн алдында отурган.
– Кана, жигит, кайрадан баштайлы. Та-ак, ошол күнү...
– Кечиресиз, бирок ошол күнкү окуяны мен кеминде он жолу кайталап айтып бердим.
– Бул дагы аз. Ишенесиңби, жүз жолу кайталап калышың мүмкүн.
– Түшүнүп турам.
– Түшүнсөң, баштадык. Аскат менен качантан таанышсың?
– Бала бакчадан бери.
– Ал эми анын сүйлөшкөн кызы Бегимай менен кандай таанышып калгансың?
– Беманын ата-энеси менен менин ата-энем жакшы мамиледе. Бир күнү конокко барып, таанышып калгам.
– Чыныңды айтчы, аны сүйчү белең?
Азаматтын жүрөгү зырп дей түштү. Бирок баары бир жалган айта албайт эле.
– Ооба,- деди ал шылкыя.
– Бирок ал сенин сүйүүңө жооп берген эмес да, ээ?
– Ал Аскатты жакшы көрчү.
– Албетте, сенде кызгануу пайда болгон да.
– Ооба, мен Беманы Аскаттан кызганчумун. Мен канчалык аракет кылганым менен, ал Аскатты сүйөрүн да билчүмүн. Экөөнүн үйлөнөрүн укканда жаным кашайып кетип, чыр чыгарганым чын. Бирок...
Тергөөчүнүн көздөрү кыбыңдай түштү. Азамат башын чулгуп алып, тергөөчүнү тиктеп алды.
– Ойлобоңуз, Аскатты мени өлтүрдү деп. Мен аны канча жек көргөнүм менен, эч качан андай кадамга барбайт болчумун. Анда баары бар болчу. Ал кандай кызга болсо да жага алчу. А мен бир гана адамды жакшы көрдүм. Тилекке каршы, ал адам да Аскаттыкы болду.
Азамат онтоп алды. Көз алдына Аскат тартылды. Эгерде ортолорунда Бегимай турбаганда аны эч качан жек көрмөк эмес. Анткени Аскаттай туруктуу достор жашоодо аз эле саналат.
– Беманы аны менен тең эмес деп айтканым да чын. Бирок аны мен өлтүргөн жокмун..

#8 18 June 2015 - 15:56
Сурак берип жатып Азамат да жадады. Эгерде колунда жогураак адамдын уулу болсо, Азамат менен минтип мышык чычкан ойноп отурбайт беле, ким билсин. Бирок анын атасы да белдүү адам болгондуктан,
соттор эсептешпегенге аргасы жок эле. Уйкуда жаткан Азамат камеранын оор эшиги ачылганда ойгонуп кетти.
– Эй, сага жолукканга адам келди. Тезирээк тур,- деген конвойдун сөзүнөн улам ордунан тез турду. Алгач атасы же туугандары деп ойлогон эле. Жолугушчу бөлмөгө кирип, күтүүсүздүктөн көздөрүн ушалап туруп калды. Алдында Бегимай турган эле. Ошол замат өзүнүн жүдөө кебетесинен уялып кетти.
– Кандайсың, Бема?
– Жакшы.
Кыздын каректери суз, купкуу болуп, арыктап да кеткен экен. Азаматтын жүрөгү тыз дей түштү. Мындай абалга алып келгени үчүн күнөөсүз күнөөлүү болуп желкесин кашый берди.
– Кел, отур.
Бегимай столго отуруп, сумкасын койду да, Азаматтын көздөрүнө тике карады.
– Бүгүн Аскаттын кырк күндүгү...
Азамат эмне дээрин билбеди.
– Мен өтө кыйналдым. Аскат минтип өлбөшү керек болчу. Алдында максаттары, жашоого болгон сүйүүсү, спорттук карьерасы... Андан да өз күнөөм мени тынч алдырбай койду. Сенин сөздөрүңө ишенип, ошол түнү Аскатты жалгыз таштап кетпесем, балким, аман калмак. Бардыгын ойлонуп отуруп, акыры сага келдим. Мага чындыкты айт.
Чын эле сен колдуу болдубу?
Азаматтын ийиндери дирт дей түштү.
– Демек, сен да ошондой ойдо экенсиң да!
– Аза, мага чындык керек.
– Чындык керек болсо, угуп тур. Ооба, мен өлтүргөм. Экөөң көл жээгинде урушуп кеткенден кийин аңдып келип мен өлтүргөм. Уктуңбу, эми ыраазысыңбы? !
Жаалданган Азаматтын жүзүнө тигилип туруп, Бегимай башын жай чайкады.
– Биз көл жээгинен эмес, коттедждердин жанында урушканбыз.
– Айырмасы кайсы?
Жинденген Азамат дубалды койгулап алды.
– Сен өлтүргөн жоксуң. Сен анте албайт болчусуң. Мен сени билем, Аза. Чынбы?
Кыздын көздөрүнө туруштук бере албай, Азамат столго келип денесин шалак таштады.
– Бема, мен Аскатты өлтүргөн жокмун... Чын эле, колумдан келмек эмес. Бирок муну жүз жолу айтканда да пайдасы жок. Илинип калдым, менттерге.
– Ошол күндү эстесең, сен кайда болдуң эле?
– Балдар менен урушуп кеткен соң бир бөтөлкө пиво алып, көл жээгине кеткем. Ошол жакта уктап калыпмын. Таңга маал ойгонсом, үшүп калган экем. Келип, номериме жаттым. Эртең менен эле чуру-чуу түшүп калыпсыңар. Ошо!
Бегимай оор улутунуп алды. Башын салып отурган Азаматка боору ооруй тигилди. “Күнөөсү жок экен да. Анда эмне үчүн 18 жашында түрмөгө кесилип кетиши керек? Менин айымдан дагы бир тагдыр талкаланып калышын каалабайм” деп ойлоп турду.
– А сенин көл жээгинде жатканыңды көргөн адам барбы? Эстеп көрсөң...
– Бема, сен эмнени баштаган турасың? Киришпе, бул ишке...
– Аза, мен дагы келип турам. Бул ишти ушул боюнча таштабайм.
– Бема, эмне үчүн мага жардам бергиң келип жатат?
– Мен Аскатты өлтүргөн адамды табышым керек. Сага жөн эле илип коюшканы жатат. Мен аны каалабайм.
Ушуларды айткан Бегимай тез бурулуп сыртка бет алды. Азамат башын мыкчыган боюнча кала берди. Ал эч качан өзүн ушунчалык алсыз сезген эмес эле...
ххх
Күндүн нуру бетине тийгенден улам сулуу келин оодарыла берип ойгонуп кетти. Жанындагы орун бош. Күйөөсүн адатынча таң атпай жүгүрүп жүрсө керек деп ойлоду. Дагы да анын маңдайында сөлөкөттөй болуп отуруп эртең мененки тамак ичерин ойлоп, ичиркенип кетти.
Чындыгында, Аскар баласы каза болгондон бери түнү уйку көрбөй калды. Ушул күндөрү карый да түштү. Жанындагы эркесине көңүл бурмак түгүл, бар экенин, жок экенин да элес албай калчу болду.
Аида кайрадан уктай албай койду. Кооз халатына кол созуп, ийинине жеңил илди да, экинчи кабатка жөнөдү. Күйөөсү кимдир бирөө менен сүйлөшүп жаткандай. Акырын бутунун учу менен басып, сыртка көз жиберди. Мына сага тамаша! Аскар узун бойлуу бийкечти башынан сылап, ал бир нерселерди айтып жатат. Бул Бегимай болчу. Таң атпай келгенинин да себеби бар эле.
– Аскар Токтосунович, мен...
Канчалык аракет кылса да көз жашы тамагын кысып, сүйлөй албай кетти.
– Кызым, Бегимай, эгерде көз жаш менен уулумду таба ала турган болсок, эбак табат элек. Ыйлаба, айланайын. Сенин көз жашыңды көрүү мага да оор...
– Кечирип коюңуз, мен...
Көз жашын колунун сырты менен сүрткөн Бегимай өзүн токтотуп калды.
– Жүрүчү, бул жерде отуруп сүйлөшөлү.
Экөө сыртта турган скамейкага отурушту.
– Кандайсың, өңүңдөн да азып кетипсиң?..
– Ошол күнү Аскатка болбогон нерсе үчүн таарынып, артымды карабай кирип кеткем. Ошол жоругумду эле кечире албай жатам. Мындай болорун билгенде жанынан карыш жылмак эмесмин.
– Эгерде мындай болорун билгенде уулумду мен жанымдан карыш чыгарбайт болчумун. Билгем, мага тиш кайрап жүргөндөр менден эмес, уулумдан өч аларын билгем. Көрдүңбү, сеникине караганда менин күнөөм чоң. Эмне кылмакчыбыз? !
Бегимай Аскарга тигиле карады. Тобо, жаш айырмасы эле болбосо, Аскаттын өзү экен. Алдында Аскаты тургандай жүрөгү зырылдап кетти.
– Аскар агай, бул кимдин колунан келсе да, жазасын алыш керек. Бирок Азамат күнөөлүү эмес экенин билип турам. Андыктан аны түрмөдө кармоо туура эмес. Менин көзүм жетип турат, бул иш башка адамдын колу менен кылынды. Мен бул ишти өзүм изилдейм. Сизден жардам сурайын деп келдим.
– Бегимай, сен бул иштен алыс бол. Кандай кылтакка илингени турасың, сезип жатасыңбы? Болду, Аскат тынч жатсын. Уулумдун арбагын сыйлайлы. Эч кандай изилдөөнүн кереги жок.
– Бирок...
Аскардын азыркы мээримдүү жүзү каардуу боло түштү. Бегимайдын кеткенден башкага айласы калбай калды. Узатып чыгып баратып, Аскар Бегимайга тигилип калды.
– Кызым, Кудайдын буйругу экен. Балким, келиним болуп калат белең. Эми Кудайдын буйругу экен. Өзүңдү колго ал. Аскатты унут. Өз жашооңду башта.
– Сиз Аскатты унута аласызбы? Кантип андай адамды унутууга болот? Мен унутам деп убада бере албайм, агай,- деген Бегимай ыйлаган боюнча машинасына түшүп жөнөп кетти.
ххх
Аида машина узап кеткенче тиктеп турду да, экинчи кабатка күйөөсү чыгып келе жатканын байкап, чуркап келип төшөгүнө жата калды. Адатта Аскар сыртка чуркап келип, уктап жаткан аялын көрүп “уйкучу, тур дейм, уйкучу” деп тамашалап калар эле. Бирок бул жолу кирип, Аида жакка бир да көз чаптырып койбостон кийине баштады.
– Канчада келесиң?- деди калп эле уйкусураган Аида.
– Иш көп. Мени күтпө.
– Күнү кечке эмне кылам эми?..
Кыжырлана шейшебин сыйрый ордунан турган Аида солкулдаган жаш денесин атайылап көрсөтүп тура баштады.
– Конокко бар. Салондорду кыдыр. Китеп оку, кааласаң...
– У-уф, өмүрүмдө китеп окуп көргөн эмесмин.
– Бекер кыласың. Китеп айрым жан дүйнөсү жардыларды байытмак.
– Аскарчик, балким, морал окууңду башка күнкүгө жылдырабыз.
Аскар аялын тиктеп турду да, кайдигер ийинин куушурду.
– Сен сурадың, мен айттым. Жакшы кал анда..

#9 18 June 2015 - 15:58
Сот залы. Бул күндү Азаматтын туугандары,
ата-энеси жүрөксүп күтүп жатышкан. Айларга созулуп кеткен сот жыйынтыкталып,
бул акыркы сааттар эле. Акыркы сотко жетпей калуу коркунучу да бар болчу. Анткени Азаматтын оорулуу жүрөгү камакка алынгандан кийин начарлап кеткен. Атасы тааныштарынын,
акчасынын көптүгүнө салып жатып да анын абалын жеңилдете алган жок. Анткени кадимки Аскар Токтосуновичтин уулунун өлүмүнө күнөөкөр деп эсептелинген адамга жеңилдик берүү анын өзүнө каршы чыгуу менен барабар эле. Башта айткандай, кримчөйрөдө да, саясий чөйрөдө да чоң фигура болгон Аскар Токтосуновичке катылчулар жок болчу.
Азаматтын жүрөгү эрксизден дүкүлдөп алды. Мына, бардыгы азыр чечилет. Алдыңкы катарда отурган достору Нурбек, Алмаз, Бегимайды көзү чалды. Кечээ эле бейкапар ушулардын катарында эле го. Кулагы чуулдап, сот эмне деп жатканын деле көп байкабады.
– Күнөөкөр Азамат Нурбаев, ордуңдан тур,- дегенде гана ордунан араң турду.
– Кыргыз Республикасынын. ..
Чаңкылдаган судьянын үнү кулагын жарып баратты. Ушунча сөздүн ичинен Азаматка “7 жылга эркинен ажыратылды” деген сөз гана кулагына илине түштү. Апасынын чаңырган үнү, атасынын купкуу жүзү көз алдында калкып турду. “Жети жыл! Жети жыл!” деп жатты мээсинде коңгуроо кагылгандай. Акыркы жолу өзүнө аянычтуу тигилип туруп, күнөөлүүдөй жүзүн буруп кеткен Бегимайдын элеси болду.
Ушундай болду. Аскаттын өлүмү үчүн Азамат темир тор аркасына кете берди. Эч ким бул ишти аягына чейин териштирип, өтөсүнө чыгалы деген жок.
Ошентип, көз ачып-жумгуча арадан бир жыл өтүп кетти. Шаар четиндеги көрүстөнгө таң атпай келип гүл койгон бийкеч оор улутуна отуруп калды. Ооруп айыккан кишидей болуп абалкы ажарынан эч нерсе жок. Көздөрү алайып кеткен. Чындыгында, Бегимай Аскаттын никелүү аялындай эле аза күттү. Бардык нерсенин аягы боло тургандай эле анын оор жоготуусунун да акыры болушу керек эле.
Оор улутунган Бегимай шаарды көздөй машинасын катуу айдап келе жатты. Машинаны демейде жай айдачу. Бул жолу болгон ылдамдыкта терезелерин ачып коюп келе жатты. Өзүнөн, өзүн кыйнаган ойлордон, элестерден качкысы келген үчүн ошондой кылды.
Университетке жакындай бергенде токтоп, курбусу Алинага телефон чалды.
– Салам!
– Бема, сенсиңби?
– Алина, сен бошсуңбу?
– Парада отургам. Бирок кааласаң, ушул пара бүтөрү менен чыгам.
– Давай, сыртта күтүп турам.
Алина чын эле сабак бүтөрү менен сыртка атып чыкты. Кичинесинен эле экөө жакын курбу болчу. Бирок Аскаттын өлүмүнөн кийин Бегимай катуу өзгөрүп, эч ким менен сүйлөшкүсү келбей калган. Ортодогу өткөн бир жылда көп болсо эки жолу жолугушкан. Курбусун көрөрү менен Алина мойнуна асылды.
– Уф-ф, сен да сыртка чыгат экенсиң, ээ? Үйүңдө эле камалып отурчу элең.
– Бүгүн негедир чыккым келди. Жүрү, кафеге отурабыз.
Чакан кафеде кыздар сырдашып отурушту.
– Баса, жеке фронт кандай?- деди Бегимай курбусуна тигиле.
– Эй, жигит көп, бирок менин форматыма жооп бергендер аз.
– Байка, “тандаган тазга жолугат” деген бар.
– Жок, мен таз эмес эле, ак боз атчан ханзаадага жолугам.
Алина кыткылыктап күлүп алды да, андан ары тамашасын улады.
– Менин мүнөзүмдү өзүң билесиң го. Жерге-сууга токтой албайм. Же мен жигитти тажатып жиберем, же мени алар тажатышат. Сендей болсом го...
– А мен кандай экенмин?
– Сен акылдуусуң, би-ир деп тур, таланттуусуң, эки деп тур. Тарткан сүрөттөрүңдү элге көрсөтсөң, эбак “заслуженныйды” алмаксың.
– Дагы...
– Дагыбы, үчүнчүдөн, банкирдин жалгыз кызысың, төртүнчүдөн, укмуш сулуусуң! А мени кара, боюм кичине, бетим сепкил... Баса, Аскат экөөңдү көрүп алып, өтө таң калчумун. Ушунчалык бири-бирине дал келген адамдар болобу деп...
Бегимай Аскаттын атын угары менен жаркылдап турган кабагы бүркөлө, көзүнөн жаш айлана түштү. Алина туура эмес айтып алганын сезип, эмне кыларын билбей чебелектеп кетти. Көпкө унчукпай отуруп калышты.
– Кечирип кой,- деди Алина акырын.
– Эч нерсе эмес, сен эстетпесең деле ал менин эсимден бир мүнөт да чыкпайт. Билесиңби, жакында бир сөз уктум. Жакшы адамдын да, жакшы нерсенин да убактысы ченелүү болот деп. Ошол чын го. Алар бизден да жогору жакка керек окшойт. Уф, унута албай койдум аны. Атам менен апам уруша берип жадап бүтүштү. Бөлмөмө Аскаттын бардык сүрөттөрүн чаптап алгам. Аскат алып берген оюнчуктар, сувенирлер, шакек, сөйкөлөр... Апамдын жини келип, мен жокто баарын алып туруп катып салыптыр. Аларды да түшүнсө болот. Аскаттын айынан атамдар акчасын төлөп койгон окууга барбай койдум. Атүгүл көп айлар сыртка да чыкпай жашадым. Жүрөктөрү түшүп, психолог да чакыртышыптыр. Баланыкындай жорук, ээ? Эми тажаганда жайыма коюшту.
– Бемчик, Аскаттай адам жок. Андай жигиттер чанда жаралат. Баарыбыз бирден сүйүп чыкканбыз аны. Бирок жашаш керек да. Жаңы жашоону башта... Өзүңдү кыйнай бербечи.
– Аны сезип эле турам. Бирок кантип?
– Бема, кечирип кой оор тийсе, сен эмне, эми арбак менен жашайын деп чечтиңби? Аскат жок эми. Келбейт ал, кайрылбайт. Анын үстүнө өлгөн адамды кечке эстей берсе, ал жакта да кыйналат деп уккам.
– Эмне кыл дейсиң анан?
– Билесиңби, бүгүн экөөбүз дискотекага барабыз. Жыргап бийлеп келебиз. Макулбу?
– Билбейм, мен Аскат менен гана барчумун да андай жерге...
– Эй, кайра баштадыңбы?
– Макул,- деди Бегимай оозу бош.
Алина алдында турган коктейлди ичип, курбусуна шоктоно көз кысып койду.

#10 18 June 2015 - 16:00
ххх
Адатта жаштар эс ала турган айтылуу диско-клубдардын бири. Алыстан эле күйүп-жанып, жаштарды “кел берилеп” чакырып тургансыйт. Машинасынан түшүп, кадам таштабай туруп калган Бегимайды чыканактан алган Алина жетелей берди.
– Эмне туруп калдың?
– Хм, билбейм.
– Бас, жүрү...
Экөө диско-клубдун босогосун аттай беришти. Шаңдуу кече башталып, бийлеп жаткан жаштарды тиктеген Бегимай да шаңдуу музыкага кошулду. Көптөн бери сыртка чыгып эс албагангабы, Бегимайдын көңүлү көтөрүлө баштады. Анын үстүнө кичинесинен бийге катышып жүргөн неме бийлегенди да сагынып калган экен. Алинага күлүп, бир нерселерди айтып жаткан Бегимай өзүн тиктеп турган көз карашты сезди. Бирок башын буруп караган жок. Ары басса да, бери басса да табышмактуу көз өзүн ээрчип жатканын байкап турду. Эс алуу үчүн столго карай басып бара жатып, шампан ичимдиги жана букет гүл коюлуп калганын байкады.
– Бул кимге?- деди ал тейлеп жаткан официант жигитке.
– Сизге берип жиберишти.
Акырын келип букеттин ичинен кичине баракчаны тапты. “Аза бүттүбү? Сыртка чыгышың менен куттуктайм! ” деген жазууну окуп, өңү кубара түштү. Бурулуп, айланасын жакшылап тиктеп алды. Жок, имаратта өңү тааныш адам көрүнбөдү. Ким бул? Баракчаны колуна мыкчый кармаган ал сумкасын ала коюп, сыртка атылды. Бийлеп жаткан Алинага жетип барды.
– Бул жерден тезирээк кетишибиз керек,- деди ал шыбырай.
– Бема, жаңы эле башталды го. Бир аз бийлеп...
– Суранам, Алиша. Кеттик...
Күч менен билегинен булка тарткан курбусунун өңүн байкап, Алина да сыртка чыкты. Машинасына отурары менен Бегимай зуулдатып айдап жөнөдү. “Акырын айдачы!” деген курбусунун сөзүн да уккан жок. Бир топто гана өзүнө келип, машинасын токтотуп, телмирип отуруп калды.
– Сенин ушундай да жиндилигиң бар беле? Мен жашмын али, жашагым келет. Бир нерсе болсо, эмне болмок? Шайтан кууп бараткандай айдадың го?- деп курбусу урушуп кирди.
– Чындап эле, аркабыздан шайтан кууп келе жаткандай болгон. Диско-бардан чыкканда дароо аркабыздан чыккан машинаны байкабадыңбы? Ахунбаевден араң куйрук үзүп кеттим.
– А-а, ал ким эле?
– Табышмак, биздин столго роза букетин жибериптир. Анын ичинде бул бар экен,- деди колундагы баракчаны сунуп.
Алина оозунан сөзү түшүп, отуруп калды.
– Эй, бул ким деп ойлойсуң?
– Билбейм.
Бегимайдын жүзү ойлуу эле. Өзүн түйшөлтүп турган нерсени айткысы келген жок. Бирок Алина анын жайына койбой сурап баштады. Акыры өз божомолун айтышка туура келди.
– Билесиңби, биз акыркы жолу көлгө эс алууга баргандачы. ..
– Ии?
– Аскат каза болор күнүбү, же балким, андан мурунбу, айтор, Аскат заказ кылдыбы деп ойлогом. Анда “Туулган күнүң менен!” деген жазуудан башка эч нерсе жок болчу. Аскаттан “сен жибердиңби? ” деп сурайм деп жатып эсимден чыгып кетиптир. Анан азыр дал ошондой роза... Негедир, мен Аскат деп эле ойлогом. Бирок азыр ал эмес экен деп ойлоп отурам. Анткени Аскат мага роза берчү эмес. Ал мага дайым лилия гүлүн берчү.
– Коркутпачы. ..
Алинанын көздөрү алайып коркуп кетти. Аны жоошутуп, үйүнө алып барып таштады да, кайра өзүнүн үйүнө сапар тартты. Акырын бөлмөсүнө кирген Бегимай жуунуп, жатууга кам урду. Бирок такыр уйкусу келген жок. Айланып келип эле баягы роза элестей берди. “Ким болушу мүмкүн? Өзүнчө эле мистика го. А балким, чын эле Аскаттын өлүмүнө бул гүл жиберген адамдын тиешеси бардыр... Каап, качып кетпей эле андан ары эмне болот деп күтсөм болмок экен. Катуу коркуп кетпедимби, аркамдан кубалаганда да жаным оозума тыгылып, эх, коркок десе” деп алды өзүнө-өзү кыжырланып.
Дайыма кучактап жатчу оюнчук коёнекти кучагына кысты. Бул дагы Аскаттын белеги эле. Коёнун кучактаган Бегимайдын кирпиктери чапталышып, уйкуга баш коюп бара жатты.

#11 18 June 2015 - 16:01
ххх
Ушул эле түнү Бишкек шаарынын экинчи бурчунда жаш аял махабатка мас болуп жаткан. Жаш жигиттин булчуңдуу денесине суктана тигилип, жалындуу сөздөрдү айткан ал ушул тапта бар дүйнөнү унутуп турган эле. Бул Аскардын көрөр көзү Аида болчу. Жаш, ар дайым эл көзүндө болууга көнүп калган бул айымдын кийинки учурдагы болгон эрмеги эркектер болуп калган. Кезектеги курмандыгы Эмил эле. Көп учурда алар мейманканага келишчү. Эч кимге бул сырды чыгарбаш үчүн мейманкананын кызматкерлерине Аида акча берип койгон. Кумар оюнунан чарчаган экөө энтиге дем алып жатып калышты.
– Эми качан жолугабыз?- деди бир кезде Аида жигиттин көзүнө тигиле. Эмил үн каткан жок. Тартып жаткан чылымынын күлүн тиктеп ойлуу.
– Эмил...
– Айта албайм. Ансыз да көп жолукчу болдук. Башында бир айда бир эле жолукчу элек, эми жума сайын чала баштадың.
Эмил, чындыгында, нааразы болчу. Чын эле, бул айымдан тажап, кыска юбка кийген катчысынан көзү өтүп жүргөн.
– Кааласам, күндө чалам,- деп кекээр күлгөн Аида менменсине карады.
Азыр эле мээрим менен тигилип турган аялдын көздөрүнөн жалын жарк этти. Эмил жактырбай башын буруп кетти.
– Биздин маселе тереңдеп бара жатат. Күйөөң бул тууралуу билип калса, экөөбүздүн башыбыздан сылап койбосун билесиңби? Деги эле Аскар деген балээнин куйругун баскым келбейт.
– Эмне, артка кайткың келип турабы? Эсиңде болсун, сени кыйнабайм. Бирок менин акчаларымсыз кантип жашаар экенсиң?! Бул сигаретиң эле канча сом турат?
Күлүп турганы менен, кареги муздак тигилген Аидадан тиги байкуш коркуп да кетти.
– Мен антип деле айтайын деген эмесмин. Болгону...
– Корком дечи.
– Чынын айтыш керек. Күйөөңдөн өтө корком. Мен анын жанында киммин? Бир чымынмын да. Ушалап салыш – бир мүнөттүк иш.
Аида ойлонуп калды. Чын эле, Аскардын каарынан элдин баары коркот. Аскаттын өлүмүнөн кийин эки эсе каардуу болуп, кээде жан кечтилик кылып жиберчү болду. Бардыгынан жаманы, өзүнө таптакыр көңүл бурбай калды. Башка аялдарга барып жүрөбү деп ойлосо, түнү менен кабинетинде эле отурат. Бирок мурункудай баалуу белектерди алып бериш бул жакта турсун, жылуу сөз айтып койгонго жарабай калды.
– Баса, бүгүн кантип үйдөн чыгып кеттиң?- деди эркеги чыканактай үнсүз жаткан келинге тигилип.
– Анын мени менен көп деле иши болбой калган.
– Бекер эле ошентип ойлоп жатасың. Ал оңой эмес. Артыңдан бирөөнү шилтеп койгон болушу мүмкүн.
– Болдучу эми, наалый бербей. Эгерде билип калса, ал – менин маселем. Сен ага башыңды оорутпай эле кой.
– Ачууң мурдуңдун учунда, ээ?..
– Сага таң калам. Сенде өң десе өң, келбет десе келбет, кызмат десе кызмат бар. Ошол карыган чалдан эмне коркосуң? Деги эле эзилген адамдар жакпайт. Өзгөчө эркектин эзилгенин, коркуп алды-артына кылчактаганын жактырбайм. Башында сен элден башкача көрүнгөнсүң. Азыр карап турсам, кадимки эркектерден айырмаң деле жок окшойт.
– Оппа, биздин айым таза ачууланып алды го,- деп калды жайгармакка калп күлгөн Эмил. Аида кызууланып кетти.
– Мени Аскардан коркпойт дейсиңби? Корком. Бирок маа десе алтын торлуу капас койсо да, каалаганда айласын таап чыгып кетем.
Эмил келинди кучактап, өзүнө тарта берди. Сунала бой таштаган Аида башка дүйнөнү унута карылуу жигиттин кучагында магдырай берди. Бир аз убакытка болсо да жашоонун балын таткысы келип жатты.
Аида... Бул аял көптөр үчүн ачылгыс табышмак болчу. Чындыгында, ал бир гана сулуулугунун аркасынан көп нерсеге жеткен эле. Алгач сахнага чыгып жүргөндө бир адам ага “муздак жүрөгүң эч кимге эрибесе керек” деген. Негедир ошол сөз Аиданын жадында көпкө сакталып калыптыр. А балким, мындай болуп калганына өзү деле күнөөкөр эместир.
Аида кичине кезинде кароосуз чоңойду. Анын курсагы токпу, эртең эмне жейт, кийими бүтүнбү же жыртыкпы, эч кимдин башы ооручу эмес. Анын апасы каза болуп калган экен. Ал эми атасынын арак менен достошуп кеткенине көп болгон. Эс тартканы атасынын аракечтигинен жапа чекти. Үйүндө жалаң аракечтер байырлап, атасы көчөдөгү селсаякка айланган. Аиданын эсинде атасы менен келген эркектер көп калды. Алардан өтө коркчу. “Ата, турчу! Ата, мен коркуп жатам” деп атасынын башын кучактап отурган наристе кызды ошол учурда мас эркектердин эч кимиси деле элес албаса керек. Ал эми байкагандар аны шилиден алып “кыңылдаган күчүктөй болуп жаагы басылбайт экен” деп сыртка кубалап жиберишчү. Аиданын балалыгы ошентип өттү. Балким, бул жагдай аны эч кимге жан дүйнөсүн ачпаган, муздак, кырс адамга айланткандыр. Атасынан эч кандай коргоо болбосун түшүнгөн соң анда өзүн-өзү коргоо инстинк гана күч алды. Мээримдүүлүк, камкордук, руханий байлык деген нерседен куру жалак калган ал бул дүйнөдө баарын акча менен гана баалачу.
Өзүнөн эки эсе улуу Аскарга тийгенинин себеби да ошондон эле. Алгач Аскар анын сулуулугуна, жаштыгына кызыгып, башы тумандап калган. Шашылыш үйлөнүү тою болуп, жапжаш кыз анын аялы болуп калды. Бардык эле эркектердей Аскар үйдөгү тынчтыкты, камкордукту каалаган. Бирок аялы ал талап кылган бир да нерсени бере албасын түшүндү. Ошондо гана бармагын катуу тиштеген. Аиданын катып калган сезимдерин ойготуу үчүн да көп аракет кылды. Китептерди сатып берип, психологдорго чейин алып барды. Натыйжа чыкпаган соң аргасыз жайына койгон. Аида башында бул нерселерди камкордук катары көрсө, кийин булардан тажай баштады. Күйөөсүнүн өтө акылдуу, дүйнө таанымы кең адам экени башында таң калтырса, кийин кыжырланта баштады. Анткени бул нерсе экөөнүн ортосунда өтө алгыс дубал эле.
Ошентип, жаткан төшөгү бир, ичкен тамагы бир болгону менен, жан дүйнөсү, түшүнүгү, ааламы эки башка адам аргасыз чогуу жашап жүрүштү. Күйөөсүнүн көңүл борборунан акырын сүрүлө баштаганын сезген Аида башкалар менен көңүл ача баштады. Башында жөн гана өч алуу үчүн бул кадамга барган. Кийин кадимкидей ооруга айланып, жаш жигиттерди кайырмагына илмейинче жашай албай калган.

#12 18 June 2015 - 16:04
Билинбегени менен Аиданын жүрөгү өтө кумарлуу болчу. Сулуу, менменсинген жүздүн артында байкуш, алсыз, эч кимге кереги жок, бактысыз аял жатканын эч кимиси билчү эмес. Бул Аиданын жеке бактысыздыгы эле.
Бегимай чочуп ойгонду. Түшүндө диско-клубдан көргөн көз караш кууп, ээрчип жүргөн экен. Жанында эч ким жок. Алыстан гана Аскаттын карааны көрүнүп жатты. Колундагы чөнтөк телефонун көрсөтүп, бир нерсе дегиси келгенсийт. Аны түшүнүп- түшүнбөй жүткүнө бергенче Аскаттын карааны алыстай берип, жоголуп кетти. “Аскат!” деп катуу кыйкырып алып ойгонуп кеткен ал төшөгүнүн үстүндө отура калды. Колундагы чөнтөк телефонун тиктеди. Эмне деп айтты? Каза болгондон бери биринчи жолу түшүнө кириши. Телефонун көпкө тиктеп отуруп, мурун Аскаттан келген СМСтерди окуп баштады. Бардыгы болуп 350 СМС жазган экен. Ар биринде өзүнчө окуя, кубаныч, сүйүнүч, кызганыч бар болчу.
“Жаны, эгерде кокус чогуу болбой калсак... Минтип ойлоштун өзү абсурд. Бирок ошондой болуп калса, ыйлаба. Мен сени билем, көпкө кыйналасың. Кыйналба, жаны, мен дайым сени менен болом. Жашаганга аракет кыл!” деп жазган экен биринде. Ал эми дагы биринде “Бүгүн мен сага барам. Бирок сага жолуга албайм, сенин кантип уктап жатканыңды тиктеп туруп, саамайыңдан сылай албай кайтып кетем. Ушул түш мага көп кирет. Чогуу болбой калабызбы деп корком. Эгерде бир нерсе болсо, сен жашаганга аракет кыл. Мен үчүн, макулбу?”
Ушул сыяктуу билдирүүлөр көп экен. Андан аркысын окуй алган жок. Жаңы чыгып келе жаткан күндүн шооласы бөлмөсүнө нурун чачып баштаган.
– Аскат, мен аракет кылам. Сен үчүн, сенсиз жашоого аракет кылам,- деген ал көз жашын сүртө күбүрөп алды.
Ошол күнү Бегимай жаңы жашоо баштоону чечти. Эртең менен туруп, чай ичип отурган ата-энесинин үстүнө жаркылдап кирди.
– Ата, апа, мен окуумду улантууну чечтим.
– Чынбы? Менин кызым ушундай эле акылдуу дейм да. Атасын тарткан да,- деди атасы кубана.
– Ооба, балдарыңдын жакшы жагы болсо эле сени тарткан, жаман жагы болсо “сенин тарбияң” деп мага оодарып жатып каласың,- деди апасы тамашалай.
– Чын да. Кызы, бүгүн анда агайың менен сүйлөшүп баштайын, ээ?
Бирине-бири кубана тигилген ата-эне сүйүнүп калышты. Инисин эркелете чачынан сылап алып, Бегимай сыртка жөнөдү.
– Эй, кайда сен?
– Алина экөөбүз бүгүн магазиндерди кыдыралы дегенбиз.
– Макул, кызым.
Алинага жолукканы бара жаткан Бегимай Аскаттын досу Нурбекке капысынан жолугуп калды. Көптөн бери көрүшө элек эле.
– Эй, сен эмне мынча арыктап?..- деди Бегимай анын азыңкы жүзүн таң кала тиктеп.
– Мени айтып коёт, өзүңдүн кебетең деле меникинен ашык эмес экен го,- деди муңайган Нурбек.
Экөө жайланышып сүйлөшө башташты. Канчалык качса да болбой, кайрадан эле Аскатка такалып калышты.
– Асик... Өзүң билесиң, ал менин бир тууганымдай эле болчу. Кандайча андай болуп кетти, билбейм. Аза да күнөөсүз эле жерден кетип калды. Ошолорду көп ойлойм. Балдардын андан кийин ынтымагы бузулду. Азыр Аскат бардагыдай бирдиктүү эмеспиз. Анын үстүнө бизге үстөмдүк кылгандар да көбөйдү.
– Кимдер алар?
– Малик деген тууралуу уктуң беле? Аскатка аябай тирешип жүрчү.
– Анан?
– Азыр бизге кыйын болуп алды. Биздин балдар машыккан спорт залды өзүмдүк кылып алды. Чоң баш десе... Анын Аскатка мурунтан эле өчү бар болчу. Акыркы жолу биз барган пансионатка ал да балдары менен барып алыптыр. Анда да бир аз кыжыңдаша кеткенбиз,- деди Нурбек кыжына.
Бегимай бул ысымды кайдан укканын эстей албай жатты. Эстегенде көзү караңгылай түштү. Туура, Аскат Малик тууралуу бир жолу айткан. Ал тургай аны менен мушташканын да айтып берген. “Чырыңар эмне?” деп сураганда “кыз да, баягы эле. Башка эмне болмок эле?! Ал чоң баштын сенде көңүлү бар окшойт” деп күлүп койгон.
– Роза! Букет! Демек, ал Маликтен экен да,- деди күбүрөй.
Нурбек анын өңү өзгөрүп кеткенин байкап, таң кала түштү.
– Сен да аны таанычу белең?
– Жок, таанычу эмесмин. Бирок таанышууга туура келип калды. Нурбек, мен ал адамды таап, сүйлөшүшүм керек,- деди Бегимай ойлуу.
– Сенби? Малик мененби? Экөөңдүн ортоңордо кандай иш болушу мүмкүн?
Нурбектин таң калуусунда чек жок эле. Бирок Бегимайдын көжөлүп туруп алганы үчүн, жана анын мүнөзүн жакшы билген үчүн аргасыз макул болуп кош айтышты. Бегимай анын аркасынан ойлуу тиктеп кала берди. “Ошол күнү, ошол жээкте Малик бар болсо... Табышмактуу окуянын жандырмагы ушул болуп жүрбөсүн! Хм, сөзсүз Маликке жолугуу керек” деп чечти.
Ошол эле күнү телефонуна СМС келди. “Сен мени менен жолугууну каалаган экенсиң. Бул күндү мен көп күткөн элем. Эртең жолугалы. Малик” деген кыска билдирүүнү окуду. Кечке сыртта жүрүп, үйүнө кечинде чарчап келди.
Алдынан чыккан апасы менен атасы негедир ага табышмактуу тигиле, жылмайып калгандарын байкады.
– Эмне болду силерге?
– Бөлмөңө кирип көрсөң, өзүң түшүнөсүң! - деди апасы жылмайып.
Мына кызык тамаша! Бөлмөсүнүн ичине роза букеттер толуп кетиптир. Кимден экенин дароо билди. Иренжигени ушунчалык, кускусу келип чыкты. Шарт бир кучак розаны алды да балкондон ыргытып жиберди.
– Мына сага! Мына! Мага Аскаттан башка адам гүл бергенге акысы жок,- деп кыйкырып алды.
Өзүнө келсе, апасы аны тиктеп турган экен. Ал көпкө тиктеп турду да башын чайкап, ары бурулду. Кызынын абалын түшүндү окшойт. Бир аздан кийин Бегимайдын бөлмөсүнө кичине иниси баш бакты.
– Бема эже, кечирип коюңуз. Биздин даректи мен айткам,- деди ал эжесине.
– Демек, сен аларды көргөн экенсиң да. Кимдер экен алар? Сага эмне дешти?
– Биздин квартираны сурашты. Момундай чоң байкелер экен. Машинадан гүлдөрдү алып чыгып, апамдан уруксат сурашып, сизге экенин айтышты да кете беришти. Апам экөөбүз, балким, сенин көңүлүң ачылабы деп ойлогонбуз. А сен, тескерисинче. .. Айтчы, Бема эже, сен эми такыр мурункудай болбойсуңбу? Мени менен ойнобойсуңбу эмне?
Инисин эркелете бооруна кыскан кыз аргасыз күлдү.
Бегимай Малик менен болжошкон жерден жолукту. Келбети эле кишинин жүрөгүн түшүрчүдөй экен. Бегимай узун бойлуулардын катарына кошулганына карабай, анын жанында кичине болуп калат экен. Боюна жараша денеси да олбурлуу. “Сумого катыша турган балбандардай эле бар экен” деп ойлоп турду Бегимай ичинен.
– Салам!- корулдаган жоон үндүү Малик күрөктөй колун Бегимайга суна берди.
– Саламатсыз. ..- деди аста унчуккан кыз.
Экөө столго келип тамак заказ кылып, бир аз сүйлөшүп отурушту. Бегимайдан сүрдөгөнүбү же өзү эле көп сүйлөбөйбү, Малик көп үн каткан жок. Акыры кыз өзү кеп баштаганга аргасыз болду.
– Кулак сизде!
– Сен өзүң жолуккуң келген экен го?
– Мени диско-клубдан оңой эле таанып койдуңуз. Кайдан билесиз?
Малик желкесин кашып көпкө ойлонуп калды.
– Мен сени көптөн бери эле сыртыңдан тааныйм. Бир жолу, балким, кезиксек дагы керек.
– Менин эсимде жок.
– Кайдан эстемексиң? Ал кезде Аскаттан башка эч кимди көрчү эмессиң.
– Азыр башкача болуп калды деп ойлосоңуз, жаңылышасыз, - деди Бегимай ызалуу.
Малик Бегимайды кыжалат боло тиктеп койду.
– Мен... Бир жагдайды эске салгым келет. Июль айларынын бири. Көл жээги... Роза! Букет роза берип жиберген экенсиз. Эсиңизде барбы?
– Ооба, эсимде. Сенин туулган күнүң экенин билип.

#13 18 June 2015 - 16:07
Бегимайдын деми кысыла түштү. Маликти жеп жиберчүдөй тикчие тигилди.
– Ошол күнү Аскат менен жолуккансыз да...
– Жок, мен Аскат менен жолуккан эмесмин. Биз эс алып жаткан пансионатка силер дагы келип калдыңар. Башка жер таппай калгансып... Балдар менен пляжда бир аз “разговор” болуп кеткени чын. Анда Аскат арасында жок болчу.
Ооба, көлгө келген күндөн баштап эле Аскат башкача болуп, элден оолак болуп калбады беле. Өзүнчө эле сырдуу болуп, көздөрү кимдир бирөөнү издегенсип жаткан. Ал түгүл балдар андан “Бема, Асикке эмне болуп жатат?” деп сурашканы эсинде.
– Менин туулган күнүмдөгү розачы?
– Туулган күнүң экенин балдар аркылуу билдим. Сени куттуктап коёюн деп чечкем. Балдардан гүл алдырып...
– А ошол түнү... Менин туулган күнүм болгон түнү... Сиз кайда элеңиз?
Малик көзүн жүлжүйтө Бегимайды көпкө тиктеп турду да, столду тарс уруп жиберди.
– Сен эмне, тергөөчүсүңбү?
– Мен сизден жөн эле сурап жатам.
– Кайдан эле бул менменсинген бийкеч мени менен жолукканга шашып калды дейм. Сөз төркүнү ушуга такаларын билип эле тургам. Ха, сен Аскаттын өлүмүн менден көрүп турасың окшойт, ээ?! Угуп тур, эгерде мен аны өлтүргүм келсе, эбак мойнун толгоп жулуп алмакмын. Ишенсең ишен, ишенбесең кой. Ошол түнү мен Бишкекте болчумун. Эртең менен сага гүлдү жиберип коюп эле Бишкекке чыгып кеткем. Бул жакка келгенден кийин уктум.
Бегимай Маликке тике карады. “Жок, бул эмес. Андай болгондо мен сезмекмин. Жүрөгүм сезмек... Аскат Малик тууралуу “далдайганы эле болбосо, адамга чымындай зыян келтире албайт” деген эле. Аскаттын өлүмүнө күнөөлүү бул эмес. Башка!”
Ал шалдайган бойдон ордунан турду.
– Эй, сен кайда? А заказыбызчы?
– Заказбы? Жок, өзүңүз ырахаттанып тамактаныңыз. А мен кеттим. Жакшы калыңыз. Баса, менин аркамдан көзөмөл салып, машина менен кууганды токтотуңуз. Мени башыңыздан таптакыр чыгарып салыңыз. Эгерде андай болбосо...
Колундагы салфетканы Маликтин жүзүнө ыргыткан Бегимай түптүз басып узай берди. Оозун ачкан Маликти бир карап койбой чыгып кетти.
Маликтин гана эмес, Бегимай аркасынан түшкөн бир канча жигиттин демин суутту.
Убакыт өтүп жатты.
Бегимай эми мурунку калыбындай жүзүнө күлкү аралап, элге аралашып калды. Аны көрүп сүйүнгөн ата-энеси кызы эмне кыл десе ошону аткарганга даяр. Бирок тереңде, тээ тереңде анын жарааты ачык боюнча турганын байкашкан жок. Байкашмак да эмес. Бегимай ата-энеси үчүн ушинтип жашоону чечти. “Кереги эмне?.. Менин оорум, менин сагынычым, бул меники гана. Эч кимге тиешеси жок” деп ойлочу. Тез эле жогорку окуу жайына да тапшырды.
Сабактан соң машинасына отуруп, адатынча Алинага жөнөдү. Экөө Бегимайдын үйүнө келип, кино көрүп, сүйлөшүп отурушту.
– Бема, мен интернетте көп отурат эмесминби? Жакында малайзиялык бир жигит менен тааныштым.
– Алишка, Бишкектин жигиттеринин баары бүтүп, чет өлкөлүктөр калдыбы? Кызык эле кызсың, ээ?- деп Бегимай башын чайкап, аргасыз күлдү.
– Күлбө сен. Өзүңдүн чыныгы түгөйүңдү табуу үчүн издеш керек. Жакшылап издеш керек.
– Интернет аркылуу таанышкандарга менин пикирим кандай экенин билесиң да. Виртуалдык байланыш мага күлкүлүү сезилет. Ладно, уланта бер.
– Улантсам ошо. Болгону, орчундуу бир маселе бар. Мага кызыктуу жигиттер жагат эмеспи. Ал туптуура мен каалагандай. Бирок өтө эле акылдуу чалыш жан да... Кээде мен түшүнө албаган нерселерди айтып баштаганда “өлдүм” дейм... Билесиң го, менин анча-мынчага мээм жетпейт. А сен укмуш акылдуусуң. Менин ордума анын акылдуу суроолоруна сен жооп жазып берчи.
– Койчу, ай, кайдагы бир малайзиялык неме менен сүйлөшкөнгө такыр убактым жок. Жакында сессия!
– Ал кыпкыргыз жигит. Болгону, апасынын жумушуна байланыштуу ал жакта жашаганга аргасыз экен. Ну, суранам, макул деп койсоң эми.
Алинанын каалаганын орундамайын тынчыбасын сезген Бегимай макул дебегенге аргасы калган жок. “Уралап” секирип жаткан Алина Бегимайдын көкүрөгүндөгү бурганак менен иши болгон жок. Ал ордунан туруп, терезеге барып, сыртты тиктеп калды. “Мына, жакында жаз да келет, Аскат. Сенсиз жаз! Жашоо уланып жатат. Бирок мен үчүн токтоп калгандай. Эмне үчүн мынчалык жакшы адам болуп жаралдың экен? Бир аз, бир азыраак эле жаман болсоң, балким, унутуу жеңил болмок” деп жатты. Аскат менен ушинтип сүйлөшө бермей адаты бар эле. Жашоосундагы жакшы да, жаман да нерсени айтып берип, кеңеше берет. Алина эрдин күбүрөтүп турган Бегимайды жеңден тарткылай берди.
– Жүрү, азыр экөөбүз интернетке кирели да. Балким, ал дагы байланыштадыр. ..
Эки курбу башын тийиштире мониторду тиктеп, Алинанын малайзиялык сүйгөнү менен сүйлөшүп жатышты.
“Кыздар, мен кыргызмын. Кыргызча жакшы эле билем. Андыктан англисче эмес, кыргызча сүйлөшөлүк” деген жигиттин өтүнүчү жазылды. Алина айткандай, чын эле кызыктуу жигит экен. Дүйнө таанымы, аң сезими башкача.
– Да, чын эле өтө акылдуу жигит экен. Сөздөрүндө бир тереңдик бар,- деди Бегимай ойлуу.
– Айтпадым беле, сага жагат деп... Баса, сеникинде көпкө отуруп калдым. Апамдар тынчсызданып жаткан болуу керек. Эгерде бош убактың болуп калса, менин сүйгөнүм менен сүйлөшүп тур,- деп Алина кол булгалап коюп чыгып кетти.

#14 18 June 2015 - 16:09
ххх
Аскар оор денесин копшоп койгону болбосо, столунун үстүндө турган уулу Аскаттын сүрөтүнөн көзүн албайт. Үйүнө баргысы келбеди. Кийинки кездери өзүнөн-өзү үйүнөн кача турган болуп калды. Уулунун баскан-турганы, шайдоот кыймылы көңүлүнө түшө берет. “Баса, бүгүн бейшемби. Уулумдун көрүстөнүнө барып куран окуп келейин” деген ал ордунан турду.
– Молдого чалып койчу. “Куран окуп келели деп жатат” де. Аны жолдон алып кетебиз,- деди ал катчысына.
Бейит башына келсе, дайымкыдай Бегимай да жүргөн экен. Аны көрүп, көңүлү ого бетер ооруду. “Чунак кыз, ай-е, дагы деле бул жакка каттап...” деп кейип алды.
– Саламатсызбы, Аскар байке?
Кыз акырын үн катты.
– Жакшы, айланайын. Окууларың жакшыбы? Апаң менен атаң кандай?- деди салмактуу сүйлөгөн Аскар.
– Жакшы эле...
Көрүстөнгө коюлган гүлдестени көрүп, дагы бир жолу ичинен тынды Аскар. Молдо мукамдуу үнү менен куран түшүрүп, калгандары жүйүртө басып отура кетишти.
Аздан соң Аскардын айдоочусу менен молдо ары басып, Аскар менен Бегимай жалгыз калышты.
– Мына, тез эле жаз болуп калды,- деди Бегимай тынчтыкты бузмакка.
– Убакыт тез өтөт. Кыз балага андан да тез. Сага мурун эле айткан элем. Дагы да айтам, кызым. Эми бул жакка келгениңди токтот. Өз жашооң менен жаша.
– Сиз мага жолуккан сайын ушул сөздү айтасыз, Аскар агай. Кээде мен таң калам. Эмне үчүн Аскаттан алысташымды каалайсыз?
– Сенин оюңча, жайыңа коюш керек экен да?..
– Балким, башка ата-энелер мындай кылышпайт беле дейм да.
– Анткени мен жашоодо көп нерсени көргөм. Эгерде жараатты ырбата берсең, аны мезгил да дарылай албай калат. Өмүр бою өксүккө айланат. Мен сен үчүн андай болушун каалабайм.
– Аскаттын апасы! Ал апасы тууралуу эч нерсе айтчу эмес. Эмнеге? Балким, сиздин айыкпас жараңыз да ошол болуп жүрбөсүн?
– Аскат апасы тууралуу эч нерсе билчү эмес. Ошондуктан эч нерсе айтпаса керек. Маселе анда эмес, болгону, мен сенин кырсыкка чалынышыңды каалабайм.
Ушинтип ордунан турган ал машинасын көздөй басты.

#15 18 June 2015 - 16:10
Тагдырдын тамашасы эки курбуну да эрмек кылмай болду. Интернеттен табылган, Алина айтмакчы, ак боз атчан ханзаада эми Бегимайдын да көңүлүн өзүнө бура баштады. Тамаша дейин десе, ыйлагысы келет. Кийинки кезде ошол жигит менен сүйлөшкөндөн гана ырахат алчу болду. Бир кезде Аскат менен гана ушинтип сүйлөшө алчу эле. Адатта жигиттерине көп нерсени айтпай жашырып коюшат го, кыздар. Ал эми Бегимайдын Аскатка айтпаган сыры жок болчу. Эми Азиретке өзү байкабай төгүлүп-чачылып,
ичиндеги бугун айтып алчу болду. Баса, интернеттеги таанышынын аты – Азирет. Ал дагы кийинки күндөрү Алина эмес, Бегимай менен көп сүйлөшө турган болуп калды.
Сабагынан чарчап келгенине карабай, Бегимай компьютерине асыла кетти. Апасы башын чайкай берди.
– Ай, ай, ай, азыркы жаштар эмне болгонун түшүнбөйм. Келериң менен интернетке асылдыңбы дагы?.. Өзүң чарчап келдиң го. Жок дегенде курсагыңды ойлосоңчу...
– Кантсе да жыйырма биринчи кылымдын кадрларыбыз да... Кабатыр болбоңуз. Азыр жетип барам, апакеси...
Эркелей үн каткан Бегимай апасына көзүн кысып коюп, мониторго тигилди. Азирет өзүн күтүп жаткан окшойт, дароо билдирүү жазды. Экөө сүйлөшүп башташты.
– Күндү кандай өткөрдүң?
– Мыкты. А сенчи?
– Меники дагы жакшы өтүүдө. Болгону, бир аз сыркоолоп калган үчүн апам дары-дармектер менен жабдып, сыртымдан бекитип кетип калды.
– Хм, апалар дайыма ушундай. Менин апам деле кичинекей нерсеге кабатыр боло берет. Мурун антчү эмес.
– Эмнеге?
– Мурун ишенимдүү колдо экенимди билчү эле да. Аскат менен жүргөн адамда эч кандай проблема болчу эмес.
– Ал ким эле?
– Албы? Ал менин жарык күнүм болчу. Өкүнүчтүүсү, өчүп калды.
– Түшүнбөдүм. .. Ал эмне дегениң?
– Азирет, апам чакырып жатат. Анан сүйлөшөлү. О'кей...- дей салган Бегимай анын жообун да күтпөстөн ордунан туруп кетти.
“Ал ким эле?” Азиреттин оозунан чыккан суроо ага ушунчалык орой, суук сезилди. Башка адам менен да эмес, Азирет менен ал тууралуу сүйлөшкөнүнө ыза болду. “Ал менин дүйнөм болчу. Мени өзүмдөн да жакшы билген адам болчу. А сен ага аябай окшошсуң...” Ушул ой келери менен өзүн башка чаап алды. Мына, эми тапты. Азиретке болгон тартылуусунун себеби Аскатты унутуп койгонунда эмес, экөөнүн окшоштугунда тура. Ойлору, оор басырыктуулугу, аң-сезими кенендиги...
– Бема, тамак ич...
Аңгыча апасынын үнү чыгып калды. Бөлмөсүнөн чуркап чыккан Бегимай шашып тамак жеп кирди. Бирок апасы менен сүйлөшүп жатып да, тамак ичип жатып да ойлогону ошол болду.

#16 18 June 2015 - 16:12
ххх
Аида сулуулук салонунан чыгып, эки жагын абайлап карап алды. Мындай учурда (күйөөсүн эстегенде) жонунан чыпылдап тер чыгып кетчү. Бул жолу да тынчсыздана элеңдеп эки жагын карап алып, кадимки койкойгон басыгы ишенимсиз боло түштү. Тез келип машинага отурду да, болжошкон жерге жөнөдү. Көңүлдөшү менен көздөн далдоо жолугалы деп квартира таап, акчасын төлөп койгон. Эмилге тез аранын ичинде жолугушуусу керек болчу. Телефонун албагандыктан, СМС жөнөтүп жиберип, анын жообун күтө албай бул жакка жөнөп калган.
Үй ачык экен. Таң кала түшүп, босогону аттай берди. Дароо эле кыздын шыңгыр күлкүсү, Эмилдин обу жок каткырыгы угула берди. Кызганыч мындай жорукка алып барат деп эч ким ойлобосо керек. Аида кирип барды да, купкуу болуп туруп калды. Креслодо жапжаш бийкечти алдына алып, ага өз колу менен жүзүм жегизип жаткан Эмилди көрдү. Эмил дагы Аиданы тиктеп, оозунан сөзү түшө туруп калды.
– Сенби? Сен... Сен кайдан?
– Мени эч качан келбейт деп ойлодуң беле? Ошон үчүн ушул кылыктарды кылып жүрдүң беле?!
Аиданын ачуусу келгенден тиштери шакылдай, көздөрү чакчая өтө коркунучтуу эле.
– Эмил байке, бул ким? Балким, аялыңыз болуп жүрбөсүн,- деп мыскылдуу үн каткан тиги кызды көздөй жулунду.
– Менин ким экениме кызыгып калдыңбы? Сен, шуркуя...
Чачтан жулуп, бетине асылган Аида жаш кызды тез эле топтой тоголотуп жиберди. Коркконунан көздөрү чоңойгон Эмил эмне кыларын билбей калды. Кыз андан жардам болбосун билди окшойт, үнү жетишинче бакырып жатты.
– Жардамга! Суранам, жардам бергиле, өлтүргөнү жатат.
Акыры Аиданын колунан эптеп бошонуп, сыртка жан талаша чуркап чыкты. Кыздын сумкасын, кийимдерин Аида аркасынан ыргытты.
– Жогол, көзүмө көрүнбөй!
Энтиге дем алган Аида эми Эмилди жекире тиктеди.
– А сени мен жетер жериңе жеткирем!
– Аидочка, алтыным, мен эми ушундай итмин да. Бир жолкусун кечирип койчу. Экинчи мындай нерсе кайталанбайт, - деп жан талашып актанып жаткан Эмилди тиктеп туруп, Аида күтүүсүздөн ыйлап жиберди.
Эч убакта минтип эмоцияга алдырып көргөн жан эмес. Бул жолу эмне болду ким билсин, көз жашы дайрадай төгүлүп кетти.
– Тобо, сен да ыйлайт экенсиң, ээ?- деди таң калганын жашыра албай күбүрөгөн Эмил.
– Эмне, темирден жаралып, таштан бүткөн деп ойлодуң беле?!
Көз жашын сүртүп, Эмилге муздак тигилип калды.
– Айтчы, сага эмне жетпейт? Күйөөмдөн жашырынып-жамынып жатып алган акчаларымдын баарын сага берем го. Каалаган учурда, каалаган күнү койнуңдамын. Сага дагы эмне керек?
– Эми бир жолу жаза тайып...
– Жаза тайган жоксуң, сенин табиятың ушундай. Сен эч качан азга алымсынбайсың. Кыскасы, акмаксың да... Сендей акмак менен байланышып, андан наристелүү болом деп жаткан мен акмак.
– Эмне-е?
– Эмне уксаң ошо...
– Кандайча, сен “эч качан боюмда болгон эмес” деп айтпадың беле?
– Менин күйөөм өзүмдөн канча жаш улуу экенин унутуп койдуңбу? Өзүм дагы болуп калат деп күткөн эмесмин. Кечээ кокусунан УЗИге барсам, ушинтип айтышты. Ошону айтайын десем, сен бул жакта... Эми эмне кыларымды билбей турам.
Аида жийиркеничтүү эшик тарапты тиктеп койду.
– Эмне кылмак элең? Төрөп, абышканын баласы кылып койбой жаның жокпу?
– Ал экөөбүздөн жүз эсе акылдуу. Аны алдайм дегениң, өзүңдү алдаганың. Өзүнүкү эмес экенин “боюмда бар” дегенде эле билип коёт. Жок, андай кадамга барбаганыбыз туура.
– Анан?
– Ошол, эмне кылабыз деп кеңешейин деп сага келгем.
– Мен эч кандай жардам бере албайм. Кечирип кой. Алдыртсаң алдыртып сал. Кой, мага мындай чатагыңдын кереги жок. Менин жумуштарым бар эле,- деп шашып, көз айнегин алган Эмил сыртка бет алды.
«Коркок!» деп аркасынан кыйкырып, жек көрө тиктеп жаткан Аидадан алыстап кеткенче шашты.
Аскар тамак ичип жатып, Аиданын адаттагыдан башкача экенин сезди. Жүзүнө үңүлө берип, анын шапайып арыктап кеткенин байкады.
– Сага эмне болгон?
– Эч нерсе деле болгон жок. Бир аз чарчап калсам керек.
– Кызык, дүкөн кыдыргандан, салондорго баргандан сени таптакыр чарчабаса керек деп ойлочумун.
Аида кашын серпе Аскарга тигиле берди. “Мени эмне кыласың, өз ишиң менен болсоңчу” деген көмүскөдөгү кыжырланууну сезип, андан ары сөздү улоону туура көрбөдү. Тамагын унчукпай ичип, өз бөлмөсүнө бет алды. Бир эле кылчайып караганда Аиданын жек көрүүгө толгон көзүн байкамак. Бирок ал кылчайган жок.

#17 18 June 2015 - 16:14
xхх
– Бема, токтосоң! - деп аркасынан кыйкырган Алинанын үнүн угуп, аргасыз токтоду.
– Салам!
– Салам, сага жетем деп чуркап келбедимби.
– Телефон чалсаң болбойт беле?
– Ага мээм жетпептир... - деген Алина кубанычтуу күлүңдөп алды. Мындайда жакшы жаңылык айтчу эле.
– Эмнеге анча сүйүнүп?..
– Азирет менен сүйлөштүм. Өзүнүн үнүн уктум. Эми анын үнү... Сөз менен айтып жеткире албайм.
Бир нерселерди быдылдап жаткан Алинаны тиктеп туруп, Бегимай көкүрөгүндө кызганыч сыяктуу бир нерсе ойгонгонун байкады. “Кызык, мен аны эмнеге кызганышым керек? Мен жинди болуп баратсам керек”. Алинанын алдында күнөө кылып койгондой өзүн оңтойсуз сезип кетти.
– Жүрү, жолдон айтып бересиң...- деген ал машинасын көздөй жөнөдү. Жанына отуруп бежиреп жаткан Алинага аргасыз кулак түрдү.
– Мен анын ой-боюна койбой жатып телефонун сурап алгам. Анан ал меникин алган. Мен чала электе өзү чалды. Баса, ал сенин телефонуңду да сурады...
– Меникин бербей эле кой,- деди бурк эткен Бегимай.
– Ха-ха-ха, мен эмне, сеникин берип жинди белем? Сенин үнүңдү укпай эле сен тууралуу бир күндө беш жолу сурайт. Үнүңдү укса...
– Алинка, жолдо баратабыз, жиниме тийбесең. Сенин малайзиялык жигитиң мага бир тыйын да кереги жок. Ал Аскаттын тырмагына да тең келбеген...- деп баратып көзүнөн жаш кантип ыргып кеткенин байкабай калды. Жини менен газды басты. Бул дагы бир өзүнүн жаман адаты. Алинанын көздөрү чоңоюп, рулга жабыша калды.
– Бема, токтот, мындай абалда айдабай эле койчу, суранам. Бема-аа, мен жашагым келет...- деген Алина коркконунан жалынып жиберди.
Жолдун жээгине токтоткон Бегимай рулга өбөктөй калып ыйлап жиберди. Көпкө ыйлады. Өзү эмнеге ыйлап жатканын деле түшүнгөн жок. Аскаткабы? Же Азиреткеби? Аскаттын карааны уламдан улам өчүп, ал ээлеген боштукту бейтааныш жигит ээлеп баратканына ичи күйүп ыйлады. Табияттан берилген тирүүчүлүктүн кербени уланып жатканына, өзү бул кубулушту, сезимдерди, эч нерсени өзгөртө албаганына ыйлады. Бир топто гана көз жашын сүртүп, Алинага күнөөлүү жылмайып койду.
– Кечирип кой, сага эле бугумду чыгара алам. Апамдардын көзүнчө, элестет, ушинтип ыйлап жатканымды. Сагындым, Аскатты. Эх, сен аны түшүнбөйсүң, курбум. Сени дагы коркутуп алдым.
– Болуптур, көнүп бүтпөдүмбү. Беманын дагы бир жиндилиги деп коём да. Сенин маанайыңды көтөрөм бүгүн. Меникилер бүгүн үйдө жок. Жүрү, силердикине барып, экөөбүз Азирет менен байланышабыз. Баса, ал мага сүрөтүн салып жибермек,- деди Алина.
Алинанын ар дайым көтөрүңкү көңүлү Бегимайга көп учурда жардамга келет. Экөө үйгө жөнөштү. Бегимайдын бөлмөсүнө кирип, интернетке асылган кыздарды көрүп, апасы адатынча урушуп кирди.
– Эй, күнү-түнү силерди интернет жипсиз байлады го. Баскыла, тамак ичип алып, анан отургула.
– Азыр, аяш апа. Биз тез эле барып калабыз,- деген Алина мониторго ого бетер жабыша көзүн албайт.
– Апа, азыр сага жардамдашам, - деп ордунан туруп бараткан Бегимай Алинанын көздөрү чоңоюп, оозун алаканы менен баса калганын байкады.
– Эй, сага эмне болду?- деди таң калган ал.
Алина көздөрүн алайткан боюнча мониторго башын жаңсай берди. Көз жүгүрткөн Бегимайдын өңү да кубара түштү.
– Кандайча? Бул эмне деген оюнуң?
– Азирет... Ал жиберген сүрөт... Мен... билбейм...
Мукактанган Алина эч нерсени түшүнө албай жан талаша башын чайкай берди.
Сүрөттө кыздарды жылмая тиктеп Аскат турган эле! Көздөрү тумандап барып жыгылып түшкөн Бегимай апасынын чыңырган үнүн, атасы “Тез жардам” чакырганын, Алина өзүнүн атын айтып ыйлап жатканын байкаган жок.

#18 18 June 2015 - 16:49
ххх
Акырын көзүн ачты. Кайрадан көзүн жуумп алып, апасы менен атасына акырын үн катты.
– Апа, мен жакшымын. Үйгө бара бергиле...
Алар чыгып кетишкен соң дарынын таасири менен катуу уктап кетти. Түшүндө Аскат кирип жаткан экен. “Кыйналдың, ээ, сен? Кыйнадым. Бирок аз калды. Сен туура жолдо баратасың. Болгону, жардам бере албайм. Баарын өзүң чечишиң керек” деп дагы бир топ нерселерди айтып жатты. Сөзүнүн аяк жагын уга албай, аркасынан ээрчип басайын деди эле караан уламдан улам ары жылып отурду. “Көлдө, баары Көлдө чечилет” деп узап кетти. Бул эмнеси? Бегимай баарынан качкысы келди. Узакка, узакка уктап калгысы келип жатты. Кайдан?.. Эки кулагын жаап, көзүн чылк жуумп алса да ойлонбой коё алабы? Көкүрөгү тыпырап, тынчтык бербеген суроолордон жарылып кетейин деп турат го. Көзүн ачпай бир топ жатты да, ордунан шарт туруп, кийинип алып палатасынан жылып чыкты.
– Сиз кайда?- деп жолун тоскон мээрман айымга:
– Мен жакшы болуп калдым. Кечиресиз, кечигип жатам,- деп ал сөзгө келгиче сыртка умтулду.
Үйүнө келип эле Азирет менен интернет аркылуу байланышка чыкты. Өзүн токтото албай кетти.
– Асик, бул сенсиң, мен сенин өлгөнүңө ишенген эмесмин, ишенбейм дагы. Бирок сенин бул кылыгың туурабы? Балким, себептери бардыр. Мейли, мен баарына макулмун. Суранам, кайрадан жашоомдон жоголбо. Сени издеген, сендей адамды издеген өтө оор экен,- деп жазды, саламдашып да отурбай.
– Бегимай, салам. Мен эч нерсени түшүнбөдүм. Балким, мени кимдир бирөөгө окшоштуруп жаткан чыгарсың.
– Сен Аскатсың! Сен менин...
– Мен Азиретмин. Сүрөттөрүмдү дагы илип койдум. Сен издеген адамга окшош чыгармын. Бирок ал эмесмин. Жакшылап байкап көрсөң...
Бегимай сүрөттөрдү барактай берди. Кийими, турган чөйрөсү, чач жасалгасы башкачараак. А бирок Аскаттын өзү! Айрыкча жылмайганы окшош! Кабагы жарк дей түшүп, сүйрүрөөк келген көздөрү мээримге толуп кеткени, башын кыйшайтканы. .. Болгону, сүрөттөргө көйнөк, костюм кийип, галстук тагынып көп түшүптүр. А Аскат көп учурда спорттук күрмө, башына кепка кийчү. Жайы-кышы кепкасы башынан түшчү эмес. “Атамдын аркасы менен элге даңазалуумун. Ошон үчүн таанылгым келбейт. Ары мага ушундай жүргөн жагат” деп койчу.
Бегимай эмне кыларын билбей калды. Кайрадан далбастап, үмүтүн өчүргүсү келбей, суроолорду жаадырып баштады.
– Сен, балким, мени унутуп калган чыгарсың. Медицинада мындай нерселер болот дешет го. Өзүңдүн мурунку жылкы туулган күнүңдү эстеп көрчү.
– Туулган күнүм эсимде. Апам экөөбүз гана тосконбуз. Биздин үйдүн салты бар. Апам экөөбүз туулган күндөрүбүздү үйдө экөөбүз гана өткөзөбүз.
– Жок, сен туулган күнүңдү былтыр мени менен өткөргөнсүң. Экөөбүз тоого чыкканбыз. Эсиңдеби? Атаң сага жаңы машина белек кылган. Ошону менен шаарды айланганбыз. Эстесең...
Бегимайдын акылга сыйбас жоругунан жадап кеттиби, Азирет мындан ары байланышка чыкпай койду. Жини менен компьютерин өчүргөн Бегимай төшөгүнө кулады.
Тагдырдын мындай калпыс оюнун ал таптакыр күткөн эмес эле. Аягы кайда барып такаларын түшүнбөй турду.
ххх
Бегимай антип убара болуп жүргөндө Аида да өз көйгөйү менен алек эле. Боюндагы түйүлдүктүн айласын таба албай жатты. Адатынча дүкөн кыдырып, кечке сыртта жүргөн жаны эми үйгө камалды да калды. Бул Аскардын көз жаздымынан калган жок.
– Сен ооруп калсаң керек,- деди ал аялынын сулуу жүзүнө ынтаа коюп.
– Жок, болгону, чарчап турам,- чырт эте ары бурулган аялынын тулку боюн тиктеп алып, Аскар селт дей түштү.
– Сен... Сен мага эч нерсе айткың келбедиби?
– Эмне айтышым керек эле?
– Балким, жашооңдо мен билбеген бир өзгөрүү болду?..
– Эмне болуптур? Аркамдан канча жигитиң аңдып жүрөт го... Өзгөрүү болсо сага дароо жеткиришмек.
Аскар аялын карап туруп, капысынан каткырып жиберди. Айласыз, чарасыз башын чайкай аялына мыскылдуу кеп узатты.
– Байкушум, айе, менин жигиттерим аркаңдан жүрөт деп ойлойт экенсиң да. Карачы, кандай тайыз жансың?! Эгер сен тууралуу бир нерсе билиш керек болсо, башканы убара кылбай эле өзүм баарын билип алам. Сен мени жакшы билесиң да, туурабы?
Аида күйөөсүнө бир нерсе айтайын деп келе жатып тилин тиштеп токтоду. “Ха, эгер сен билүүнү кааласаң, билип алсаң керек эле. Бирок сен каалабайсың. Каалабаганың мага жакшы”.
Ордунан туруп, гүлдөргө суу куюмуш болуп күйөөсүнө далысын сала берди.
Аскар жаш аялын тиктеп туруп, аяп кетти. Аялын гана эмес, өзүн кошо аяды. Чынжырсыз байланат деген ушул экен да... Болбосо, экөө эки башка жан, эки башка дүйнө... Ойлогондору, кызыкчылыгы да башка. Өзүнөн 20 жаш кичүү! Балким, кептин баары ушунда болбосун. Бирок бул оюнан дароо кайтты. Мурун жаштыгына жоруп, өзүн алдачу, кийин табиятынан жеңил экенин, акылы тайыз, жан дүйнөсү кемтик экенин байкаган. Мындан канча жаш кичүү Бегимай менен салыштырып болбойт. Аскаты азамат, акылдуу жанды тандаган. Бирок буюрбаганын кара... А бул сырты жылтырак нерсе болсо болду, ошого алаксып, ошодон рахат алат. Ал эми тереңдикке, тээ жүрөктүн түбүндө жаткан адамдык чыныгы байлыкка таптакыр кызыкпайт.
– Бүгүн жумушка барбайсыңбы? - деген Аиданын үнүн укту.
– Барам.
– Мен курбуларым менен бир жакка барат элем. Балким, кеч келем. Андыктан...
– Өтө кеч калба, жолдо кырсыктар көп болуп жатыптыр,- деген Аскар дагы бир жолу Аиданын тулку боюн сынай тиктеди.
– Эне болуу сага жакшы жарашса керек эле, ээ?- деди табышмактата сүйлөгөн Аскар.
Аида талуу жерине бирөө сайып жибергендей жүрөгү оозуна тыгыла түштү. “А балким, бул баарын билет. Өлдүм!” деп ойлоду.
– Болбогон нерсени айтасың да.
– Ким билет?- деп ийинин куушурган Аскар чыгып кетти. Аркасынан узата тигилген ал жан сакчылары менен машинага отурар замат креслого шалак эте боюн таштады. “Тез арада алдырып салуу керек. Тобокелчиликке салып болбойт” деген ал ошол замат колдору телефонго жабышты. Бардык клиникаларга чалып баштады. Өзү ишенимдүү деп эсептеген, анонимдүүлүккө кепил болушкан соң гана атактуу врачтын клиникасына токтолду.
Эртеси кабыл алууга жазылган Аида клиникада пайда болду.

#19 18 June 2015 - 16:50
Бегимай малайзиялык жигит менен таанышпаганда эски жарааты айыгып, балким, жаңы турмуш баштап кетмек. Кайып каскагынан чыга калган бул адам аны кайрадан мурунку жашоосуна байлап, ого бетер чырмап таштады. Кайрадан уйкусу качып, арыктап, ата-энесин түйшүккө сала баштады. Көзүн жумса деле, ачса деле Аскат! Жок, Аскат эмес, Азирет! Же экөө тең! Өз абалын өзү түшүнө албай кыйналган ал кээ күндөрү баш оогон жакка басып кеткиси келчү. Таң каларлык нерсе, ар дайым жанында болуп, апасынан да кээде көбүрөөк кам көрчү Алина курбусу андан алыстай баштады. Башкасы башка, бирок ушул нерсе Бегимайга катуу тийди. Бир күнү Алина сабагынан чыгып бара жаткан жеринен алдынан чыкты.
– Салам!
– Кандайсың?- ар дайым жүзүнөн күлкү төгүлүп жүргөн Алина бул жолу негедир кабагы чытылган. Бегимайдын жүзүнө тике карагысы келбегендей. Шап колдон ала жетелеген Бегимай Алинаны машинасын көздөй дегдеңдете жетелеп жөнөдү.
– Э-эй, кайда-а?
– Алиша, суранам, машинага түш.
Ээн кафелердин бирине кирген соң гана Бегимай Алинанын көзүнө тике карады.
– Эмне болду сага? Телефон чалсам албайсың. Мага жолуккуң келбейт. Эмне, мага таарындыңбы? Же мен байкабай бир нерсе кылып койдумбу?
Алина мелтиреп үн каткан жок. Демейде ачык мүнөз курбусунун минтип турушуна эч макул боло албай кетти. Тилинин учунда турган суроо өзүнөн өзү чыгып кетти.
– Себеби Азиретпи?
– Билет экенсиң го, эмнесин сурап жатасың?- деди бурк эткен Алина.
Бегимай үн ката албай калды. Бир аздан кийин гана тигинин кичине манжаларын кармай күнөөлүү унчукту.
– Менин күнөөм эмнеде? Алиша, эгерде сен мени түшүнбөсөң. ..
– Мен сени түшүнүп эле турам. Сен аны Аскат деп ойлоп жатасың, туурабы? Аскат экенине ишенгиң келип жатат. Бирок андай эмес да. Билбейм, мындай окшоштук кайдан болушу мүмкүн экенин. Бирок ал Аскат эмес. Дүйнөдө жети адам бири-бирине окшош болот дешет. Балким, ошондойдур. .. Мен өзүм да эч нерсеге башым жетпей калды. Болгону...
Алинанын көздөрү жашылданып кетти.
– Эмне, болгону?
– Мен аны жактырып калдым. Өзүмдөн өзүм тартылып, аны менен сүйлөшкүм эле келип турат. Ал болсо, тескерисинче, сен тууралуу сурайт да... “Кайда окуйт? Кандай сүйлөйт? Эмнеге кызыгат?” дейт да турат.
– Кечир мени.
– Кеп сенде эмес. Бема, мен Аскатты бир тууган агамдай жакшы көрчүмүн. Ал сага татыктуу адам болчу. Бирок бул – Азирет. Жана ал меники! Мен өмүрүмдө бир адамга ичим жылып, бир адамга ыктадым. Суранам, ортого түшпө... Ачык айтканды экөөбүз тең жакшы көрөбүз. Аркасынан сүйлөө экөөбүздүн табиятыбыздагы нерсе эмес. Сен сурадың, мен ачык айттым. Ошол!
Бегимай эмне кыларын билбей калды. Алинанын сезими мынчалык тереңдеп кеткенин билбеген эле. Оор дем алып, ойлонуп калды. Жандай көргөн курбусуна тилинин учунда турган убаданы бере албай жатты. Бир убакта башын көтөрүп, чечкиндүү үн катты.
– Бир шарт менен гана макулмун. Эгерде ал жигит Аскат болбосо, ал ишке таптакыр тиешеси жок болсо, мен экөөңдүн ортоңордо эч качан турбайм. Сен айткандай, жөн гана окшоштук болсо, мен ал адамга жарым карыш да жолобойм, сүйлөшпөйм дагы. Эгерде андай болбосо, кечирип кой, курбум... Мен ортого түшкөнгө мажбурмун. Мен Аскат экөөбүздүн сүйүүбүз ушинтип эле бүтүп каларына ишенген эмесмин. Баары бир мен аны менен түбөлүк бирге болорума көкүрөгүмдүн тээ түпкүрүндө ишенип келем. Өлдү дегенде да, өз көзүм менен көргөндө да ишенген эмесмин. Жүрөгүм макул болгон эмес.
Анан кокусунан Азирет деп таанышып... Уф-ф, мен эч нерсеге түшүнө албай калдым. Анан да сен жанымда жоксуң. Таарынбачы мага... Мага Аскат гана керек.
Ушуларды айтып, Бегимай үңкүйүп отуруп калды. Алина чыдабай кетти. Жанына отура калып, кучактап бооруна кыса берди.
– Бул иштин аныгына чыгабыз. Чогуу чыгабыз. Мен да сенден алыстай албайт экем. Оор болуп, өзүмө өзүм батпай кеттим. Билесиң да, мендей вулкан адамдын жанында сендей токтоо адам керек.
Кабагы жарк дей түшкөн Алинаны көрүп, Бегимай жылмайып алды. Мындай асыл адамдар кайдан жаралат? Бардыгын билип, бардыгын түшүнүп, колдоп турат.
Ордунан турган экөө жарык маанайда кол кармаша кафеден чыгышты.
Ушундан кийин Бегимай көп убакытка чейин Азирет менен байланышкан жок. Анткени өзүн токтотуп, боюн, оюн жыйнап алышы кажет эле. Бир жума өткөн соң гана кечке маал компьютерин максатсыз чукулап отуруп, Азиретке байланышка чыкты.
– Жоголуп кеттиң го...- деди монитордогу жазуу.
– Жоголдум... Өзүмдү өзүм таппай жүрдүм.
– Алина мага сенин жигитиң тууралуу айтып берди. Кайгылуу окуя экен. Кечирип кой, мен сени ага окшоштуруп жатканыңды түшүнгөн эмесмин.
– Эч нерсе эмес. Азыр өзүмө келип калдым.
– Аны аябай сүйсөң керек...
– Эмнеге сүйсөм керек? Өткөн чак менен айтыштын кереги жок. Аскатты азыр деле сүйөм.
Ушуларды айткан Бегимайдын көзүнөн аргасыз жаш ирмелип кетти. Керебетине сулап түшүп, көз жашы кургагыча көпкө жатты. Ордунан туруп, компьютерине кайрадан отурду. «Ыйлабачы, Бема...» деген жазуу турган эле монитордо.
Бегимай дал боло тиктеп калды. Кулагына Аскаттын үнү угулуп кеткендей сезилди. Ал ыйлаганын кайдан билди? “Бема” деп эркелетишерин кайдан билди? “Мен акылымдан адашып кетсем керек. Бул, балким, галлюцинация. Балким, дарыгерге барышым керек. Бул кандайча?” Эки колу менен башын мыкчыган кыз тагдырдын оюнуна түк түшүнө албай бүк түшүп жатты.

#20 18 June 2015 - 16:54
ххх
Түйүлдүктөн жарым сааттын ичинде ажыраган Аида палатада жатты. Эми босогодон кирген врачты суроолуу тиктеп калды.
– Баары жайында, ден соолугуңуз эки үч күндө нормага түшөт. Болгону...
Күңк-мыңк эткен врач бир нерсени айта албай жаткандай.
– Айта бериңиз.
– Эми... биз... профессионалдык жактан кам санабаңыз. Бардыгы анонимдүү болот. Бирок... биз... бир аз суммага муктаж болуп жаттык эле... Эгерде сиз биз каалаган сумманы төлөп берсеңиз...
Аиданын кабагы чимириле берди. Жука эрди кымтыла түштү.
– Мен силерге ашыгы менен төлөдүм.
– Аскар Токтосуновичтин жубайы экениңизди билбедик эле. Ал киши бул тууралуу билсе... Байкуш жаңы эле жалгыз уулунан ажырап, эгерде дагы бир ата болуу шансынан ажыраганын билсе... Ай, ай, ай, көтөрө албайт го мындай нерсени...- деди жыландын башын кылтыйткан ал.
Аиданын көзү чанагынан чыгып кете жаздады. Көзүн жума көпкө жатты. “Мына сага, белчеден баткакка батат деген ушул. Эми ушул клиниканын врачы мени коркуткусу бар. Кандайча мен бул даражага жеттим? Өзүмдү эмес, атымды укканда титиреп турушчу эле” деп ойлоп жатты.
Көзүн ачса, момолой чычкандай башын кылтыйткан врач дагы деле өзүнөн көзүн албай турган экен.
– Болуптур, азыр жанымда жок. Өзүм байланышам. .. Керектүү сумманы жазып кете бериңиз.
Леп эткен врач бир нерселерди чиймелей салып колуна карматты да, сыртка бет алды.
Ошол күнү кечинде эле Аскар Аиданын өңү бозоруп, табы айнып, айласы кетип турганын байкады. Мындай абалын эч качан көргөн эмес. Ар дайым иреттүү жыйылып жүрчү
чачтары жайылган. Ишенимдүү, менменсине тигилген көз карашы жалтаңдап башкача... Байкаары менен ишенимдүү врачын чакырткан ал Аиданын бөлмөсүнө кирип барды.
– Аида, сага атайы врач чакырттым. Бир сыйра текшерүүдөн өтүп коюшуң керек. Күн санап эле өңүңдөн кайтып баратасың. Эмне болду десем, унчукпайсың. ..
– Аскар!
– Балким, каның азайып кеткендир. Азыр ишенип болобу?
– Жок, кереги жок мага,- деп титиреген Аиданын өңү бузулуп кетти. – Алып кет деп жатам. Эч кимди, эч нерсени көргүм келбейт.
– Эркеликтин деле чеги болуш керек да, Аида.
– Жок, азыр эмес. Эртең өзүм барам,- деп жанына эч кимди жолотпой чаң салган Аиданын бул жоругуна Аскар таң калып калды. Аргасы жок эле. Чакырткан врачын кетирип жиберип, орто жерде уят болгонуна кыжалат болуп, Аиданын бул жоругуна түшүнө албай отурганда телефону чырылдап калды.
– Алло...
– Аскар байке, бул мен Бегимаймын. Эгерде мүмкүнчүлүгүңүз болсо, сиз менен жолуксам дедим эле.
– Бегимай, эмне болду?
– Сиз менен кеңешчү бир иш бар. Балким, бардык суроого жоопту сизден алармын. Бул Аскат тууралуу...
Уулунун атын укканда эле өңү өзгөрүлүп кеткен Аскар тез жооп берди.
– Үйдөмүн, үйгө эле келе бер,- деди Аскар.
Кеч күүгүм кирип калган убак. Аскардын заңгыраган үйүнүн жанына жеткенде Бегимай демин ичине алып, бир улутунуп алды. Ушул үйдө Аскат экөө жашамак... Балалуу болушмак, бактылуу болушмак... “Бир уул, бир кыздуу болобуз” деп кыялданышчу. Балдарына ысымды да тандап жиберишчү. Тамагына бир нерсе тыгылгансып кеткен Бегимайды короонун сыртында турган жигиттер “кире бер” деп жаңсап жатканын байкады.
Короону көздөй айдап, тез эле ажайып гүлдөрдүн ортосуна капталды. Үйүнөн чыгып келе жаткан Аскар Токтосуновичти көрүп, сылык саламдашты.
– Саламатсызбы?
– Кандайсың, кызым, окууларың жакшыбы?
– Жакшы эле, Аскар байке.
Кысылып кеткен Бегимай Аскардын катаал жүзүнө карай албай уялып кетти. Өзүнүн кыйналганы аз келгенсип, бул адамдын да жараатын чукуйбу эми?.. “Эми гана бир аз өзүнө келип, теле, гезиттерге чыгып калды” деп атасы кеп кылып жатканын кулагы чалган. Кайрадан жүрөк картын сыйрып, бир нерседен үмүт кылдырганга акысы барбы?
– Аскатка байланыштуу дегениңден. ..
– Кечирип коюңуз, мен өткөндү козгоюн деген эмесмин.
– Ай-ай-ай, кызым, ай. Деги эле айтканымды укпай койдуң. Аскат эми кайрылып келбейт. Экөөбүз бул жакта эмне кылсак да ажал аны кайтарып бербейт.
– А балким... Балким, Аскат тирүү чыгар?
Аскар Токтосунович Бегимайды аяй карады. “Байкуш, биротоло акылынан азып калса керек. Мынчалык берилген адам биздин заманда да бар экен го. Кандай кылыш керек?” деп ойлоп турду.
Анын оюн, аялуу көз карашын байкаган зирек Бегимай кызарып кетти.
– Жок, мен акылымдан адашкан жокмун. Аскар байке, мага убада кылсаңыз. Азыр эмне уксам да, эмне көрсөм да өзүмдү токтотом деп убада кылсаңыз.
– Макул.
– Анда отуруңуз. Мына, бул сүрөттөрдү эмне дейсиз?..
Аскар алдында чачылып жаткан сүрөттөрдү бирден карап баштады. Башын көтөрүп Бегимайга тигилди.
– Аскаттын мындай сүрөттөрү үйдө жок. Сенде бар экен да...
– Сиз жаңылып жатасыз. Аскаттын мындай сүрөттөрү эч жерде жок. Анткени ал мындай сүрөттөргө таптакыр түшкөн эмес. Өзүңүз байкагандай, ал дайым спорттук күрмө менен жүрчү да...
– Ким билет? Балким...
– Жок, ал бир гана жолу мектепти бүтүп жатканда костюм кийген. Анда да өңү башкача болчу. Менин эсимде бар.
– Анан?
– Аскар байке, бул башка жигит. Интернетте менин бир курбум таанышып...
– Токтотчу, Бегимай, айланайын. Мен сени түшүнүп турам, бирок сен да менин абалыма түшүн. Минтип көрүнгөн адамдарга ишене берсең...
– Аскар байке, уксаңыз...
– Эмнени угайын, ыя?! Менин уулум тирүү экен деп калпагымды көккө ыргытайынбы? Башыңды айлантып, кимдир бирөөлөр Аскаттын сүрөтүн жасап жөнөтүп жаткандыр?.. Сени менен жөн гана ойногусу келип же өч алгысы келип... Билбейм, кандай максатта жасалган. Бирок бул сүрөттөр менен мени эч ким алдай албайт!
– Кечирип коюңуз...
Экөө тең шалдайып отуруп калышты.

Супер-Инфо
super.kg
видео