Сураныч кочуруп коюнуздарчы ,
Тагдыр оюну
#62 20 June 2015 - 10:59
Мени жаман көргөндөрдү,
мен жаман көргөнгө убактым жок! Анткени мен, мени жакшы көргөндөр менен гана алекмин!
#63 20 June 2015 - 11:02
Тагдыр оюну 2
.... Шагылдуу жээк, туздуу деңиз, шамалдуу аба... Мунун баары мен үчүн чоочун. Атүгүл бул өлкөнүн жүздөрүнө бакыт толтуруп алгандай жылмая караган эли да чоочун. Мен өзүмдүн тагдырымдан, өзүмдүн мендигимден адашып калган сыяктуумун. Чындыгында, адашып калдым. “Киммин мен?”, “кайда баратам?”, “эмне кылып койдум?” деген суроолор... Арийне, бактылуу күндөрдөн да куру эмесмин. Уулумдун көздөрүн тиктеп туруп бакытка батып кетем. Быйтыйган колдорун сербеңдетип мага күлмүңдөй карайт. Кызык, бардык эле ата-энеге өз баласы сулуу көрүнөбү же меники башкачабы? Бирок менин уулум өзгөчө. Атасы... Жок, жок. Мен ал тууралуу эч нерсе деп жазбайм.Түшүмө көп кирет. Кыйналып жүргөнбү деп коём. Аскат болуп башталып эле, Азиретке айланып кеткени жаман. Мен качам. Экөөнүн тең жүзүнөн качам. Кудай тилегимди бердиби, уулум өзүмө окшош. Рахмат, Жаратканга, менин дагы бир күнөөмдү элден жашырганга жардам берди. Ден соолугум да бул жакка келгени өзгөрүлүп кетти. Мурун чүчкүрүп да койбогон Бегимай эми оорудан башы чыкпайт. Балакай уктап жатат, апасынын абалын билбейт көрүнөт, билбегени жакшы. М-м, дагы эмнени жазсам?.. Апам менен атам мага таарынычта. Ал тууралуу да жазгым келбеди. Дагы эмнени жазсам экен?.. Күндөлүгүнө шыпылдата жазып жаткан Бегимай калемин эрдине алып барып ойлоно калды. Уулун таптап койду эле, апасынын колдорун туйгандай кабагы жазыла түшүп, эрдин “бүлк” эттире уктап калды. Күндөлүк бул жакка келгенден бери Бегимайдын жападан жалгыз сырдашы, таежесин эсептебегенде. Мээримин, кеңешин айткан таежеси Айнур Түркияга келип жашап калганына көп болгон...

#64 20 June 2015 - 11:04
Кичинекей бөпө кайрадан чукуранып жиберди.
– Аскоо, сага эмне болду? Мен бул жактамын, коркуп кеттиңби? Көздөрүн алаңдата тура калган балакай апасынын үнүн угуп жоошуп калды. Түн узак. Узак түндү ого бетер узак кылган Бегимайдын тынчсыз ойлору. Бир кезде Кыргызстандан кетип калып бардык маселени чечем деп ойлогон эле. Апасынын көз жашына, атасынын кой дегенине болбой келе берген. Жагдайды ошол учурда эле түшүндүрүп айтса, балким, алар мынчалык катуу болушмак эмес. Бардыгын өзү чаташтырып алды. Боюнда бар экенин билип, бул жакка келгенден кийин эч кимге билдирбей жүрүп төрөдү. Бир гана Айнур эжеси билген, “кой, атаң эртең укса экөөбүздүн тең башыбыздан сылап койбойт. Айталы кеч боло электе” деген сайын көгөрүп туруп алган. Уулу төрөлгөндөн кийин айла жок Айнур эжеси ата-энесине айткан экен. Ошондон кийин атасы менен апасы катуу таарынычта. Жок, бул бүгүн таарынып, эртең унутуп кала турган нерсе эмес эле. Бул ата-эненин жүрөгүнөн кеткис так, намысты тебелеген жосунсуз жорук. Анткени экөө тең кызына терең ишенчү, эч качан мындай жорукка барбайт деп ойлошчу. Ийинине түшкөн жүктүн баарынан оору ушул болчудай болуп калды. Ийинин дирилдете улутунуп алды да, кайрадан көз алдынан шурудай чуурган элестер менен алыша баштады. Азирет менен Алинанын тою! Негедир ошол күнү Азиреттин көңүлү куунак сезилди. Бегимайдын биринчи жолу кызганыч жүрөгүн таарып өттү. Аскатты да мынчалык кызганчу эмес. Деми буулуп, карагаттай көздөрүнөн жаш мөлтүлдөп кетти.
– Бактылуу болгула! Кандай жарашкан түгөйлөр!
– Ылайым бактылуу болушсун...- деген туш тараптан айтылган сөздөр. Апакай көйнөк кийген Алина Бегимайдын абалын байкады. Анын жадыраган көздөрү, өзүн аяп караган көз карашы ого бетер кыжырын келтирип, жанынан качып кеткиси келип жатты. Ансайын Алина жабышып... Жашоосундагы эң оор күн ушул болду чамасы. Карама-каршы ойлор, сезимдер чулгап алды. Биринчи жолу көп жылдардан берки жалгыз гана сырын бөлүшүп келген жан аягыс курбусун жек көрдү. Бактылуу жүздөрү менен тиктеген Мариям менен Аскарды жек көрдү. Өзүн, дегеле курчап турган адамдарды, ааламды жек көрдү. Кимдир бирөөнүн каардуу колу өзүн ушунчалык шылдың кылгансып, тагдыр аны менен ойноп жаткансып жаны кашайды. Бирок анын абалын эч ким, жадакалса апасы да байкабады. Муңайым жылмайып турган кыздын ичинде кандай бороон каптап жатканын кайдан байкашсын?! Тойдон эрте кетип калды. Анткени эртеси башка өлкөгө учуп кетиши керек эле. Үйүнө келип, үстүндөгү кийимдерди да чечпей керебетке кулады. Акылдын, күчтүн жардамы менен басылып турган сезимдер жашка айланып жаздыгын суулап жатты.
– Макул, сен кечирим сураганга мүмкүнчүлүк бербедиң, Азирет. Бирок эми сен дагы мендей ыйлайсың. Эч качан, эч убакта балаң бар экенин билбейсиң. Сенин жазаң ушул болот. Эртеси аэропортко узатканы Азирет, Алина, Аскар келишти.
– Сапарың байсалдуу болсун, кызым. Мен сага бакыт гана каалайм,- деди Аскар аны эркелете тиктеп.
– Телефон чалып тур, бизди унутпа...- деди Алина адатынча мойнуна асыла калып өөп жатып. Ал эми Азирет үн катпады. Көздөрүнүн тереңинде күйүп-жанган бир түшүнүксүз учкунду байкады. Ушундай болду... Жаралуу элик жанына даба издегендей Бегимай да алыстан бакыт издегиси келген. Ушинтип чырмалышкан бул түйүндөн кутулуп кетем деп ойлогон. Бирок андай болбоду. Ата-энесине да бала тууралуу эч нерсе деп айткан жок. “Ата, апа, мени кечиргиле. Мен мындай тагдырды каалаган жок элем, бирок ушундай болуп калды. Кечиргиле мени. Баламды өзүм чоңойтом” деди болгону жаш аралаш. Атасы үнсүз укту да, телефонду өчүрүп койду. Апасы гана кабарлашпаса атасы ошол боюнча сүйлөшкөн жок. Апасы деле өзүнүн, баланын ден соолугун супсак сурайт да, телефонду коюп коёт. Ушундай күндөр өтүп жатты.
xхх
Сырттан кирип келген Айнур отурган боюнча уктап калган Бегимайды аяй тигилип, чачтарынан акырын сылады.
– Тур, кызым, ушинтип да уктайбы?..
– Бала түнү менен ыйлактап чыкты. Терметип жатып уктап калыпмын...
– Жүрү, ал уктап жатканда тамак ичели. Айнур жалгыз бой аял эле. Акылдуу, сезимтал жан Бегимайдын абалын жакшы түшүнүп турду.
– Бема, апаң “баланы мен багайын, өзү калып иштесин” дегендей кылды өткөндө...
– Апамбы? Ошенттиби?
– Ооба, сен азыр бир нерсеге аралашып иштеп кетпесең өзүңө кыйын болчудай. Санаа деген жаман, ооруп калышың да мүмкүн. Орусча, түркчө, англисче жакшы билесиң, бул жакта сага...
– Жок, баламды эч кимге бере албайм.
– Анда жок дегенде сыртка чыгып, өзүңдү карап, турмуш менен алаксы.

#65 20 June 2015 - 11:05
Канчалык аракет кылганы менен таежеси Айнур Бегимайды алаксыта албады. Ошентип күндөр өтүп жатты. Бегимайдын тагдырына жолукчу адам деле көп күттүрбөдү.
.. Деңизди жара тилип алдыга умтулуп бара жаткан яхтада эл көңүлдүү. Теңтуштары менен келгендер ортого чыгып көңүлдүү бийлеп, каалагандар күнгө кактанып, кээ бирлери уктап, айтор, эс алууда. Деңизди телмире тиктеп турган узун бойлуу, келбеттүү кыз көп элдин арасынан Мураттын көңүлүн бурду. Ал айланасындагы элге да, будуң-чаң болуп бийлеп жаткандарга да көңүл бурбады. Капкара, узун чачы желге желбирей алыска тигилет. Жүзүн көргөн жок. Бирок турган турушу менен назик, кол менен кармагыс аруу, анан дилин жылыткан бир жакындык сезилди. Жанына жакын баргысы келди. Ордунан туруп, эми жакындай бергенде кыз дагы бери бурулуп калды. “Кыргыз кыз го бул?” деп ойлоно түшүп, алдыга умтулду. Кыз эми гана жүзүн буруп, өзүн тиктеп турган жигитти көрдү. Бирин-бири эбактан таанып жүргөндөй жылмая беришти.
– Кыргызстандын илеби уруп жатканын байкап, сизге бет алдым эле,- деди Мурат күлүмсүрөй.
– Саламатсызбы, мен дагы сиздин биз жактык экениңизди дароо байкадым.
– Анда таанышып алалы. Менин атым Мурат. Нарындан болом.
– Бегимай, достор үчүн жөн гана Бема. Узун бойлуу, жагымдуу сүйлөгөн, кадимки кара тору кыргыздын жигити. Жүрөгүнө тааныш, дилине жакын сезилди. Бегимай ушул учурда эли-жерин сагынганын туйду.
– Кайдан бул жакта жүрөсүз?
– Студентмин. Бул жакта окуп жүргөнүмө көп болду. Эми, буюрса, дипломду быйыл колго алып, мекениме кайтам деп турам. А сизди кайсы шамал айдап? Же эс алып келгенсизби?
– Аа, менби, мен... Мен жөн эле саякаттап жүрөм. Саякатчы бакамын... Бегимай муңайым жылмайып койду. Ушул сөздөн, ушул көз ирмемден Мурат анын жаралуу жан экенин туйду. Андан аркы жагын такып сураган жок.
– Мен да бул жакка келгенде бир топ кыйналгам, кийин көнүп кеттим. Эмнегедир мага азыр бул жер Кыргызстандай эле жакын туюлат.
– А мен баары бир көнө албайм го, канча жыл жашасам да. Өзүм ушундай адаммын. Өткөнүн тез унутуп, жаңы жашоо менен жашап кеткен адамдар болушат эмеспи. А мен, тескерисинче, артка кылчактай берем. Деңиз чалкып жатат. Аалам жапжарык, күн мээримин төгүп турат. Мурат менен Бегимайдын сөздөрү дале бүтпөйт. Бегимайдын тагдырына Мурат ушинтип жолукту. Ал али көп нерсени билбейт эле. Өзүнүн тагдырын бул кыз кандайча өзгөртөрүн, ошол жолдо азабы да, жыргалы да болорун, жашоосундагы эң чоң сыноо – ушул назик жанга тагдырын байлаганы болорун билбеген. Бир билгени, кыздын капкара, табышмактуу каректери гана...
ххх
Азирет эртең мененки уйкусунан ойгонуп-ойгоно электе эле Алинанын кубанычтуу үнүн эшитти.
– Ази, Ази, турсаң, сага сүйүнүчтүү кабарым бар. Күчүнүн барынча жулкулдата, чачтарын уйпалай, жүзүнөн өпкүлөгөн колуктусун таң кала карады.
– Ауу, сага эмне болду?
– Турсаң эми, сага сонун жаңылык айтам.
– Ууф, саат канча болду? Көздөрүн ушалай саатты караган Азирет жуурканын кайра чүмкөнө берди.
– Алинка, суранам, жайыма койчу. Саат 6 эми болуптур. Жаңылыгыңды анан деле айтсаң болот. Мен эч кайда качып кетпейм. Алина жаш балача таарына отуруп калды. Бир аздан кийин бактылуу жылмая колундагы кош бойлуулукту далилдөөчү тестти аяр сылап алды.
– Азирет, жаным менин, уйкучум десе. Макул, уккуң келбесе деле баары бир айта берем. Анткени сен дагы бул нерсени күтүп жүргөнсүң. Мен...
– Алина дейм, уктайм!
– Азирет, бир эле сөз айтып коёюнчу. Анан уктайсың... Айласы кеткен Азирет ордунан обдулду.
– Жабышчаак, кана эми айтчы.
– Муну көрдүңбү?- деди колундагы тестти булгалаган Алина.
– Эмне экен ал?
– Макоо, бул деген тест. Эми экөөбүз ата-апа болобуз. Менин боюмда бар! Күлүңдөп колун булгалап жаткан Алинаны тиктеп туруп Азирет оозун ачып калды.
– Кандайча?
– Ушундайча эле.
– Коё турчу, сен чын айтып жатасыңбы? Биз чын эле балалуу болобузбу?
– Балалуу болобуз. Азиреттин оозунан сөзү түшүп калды. “Бала, мен балалуу болом!” Өзүнүн үйлөнгөнүн, эми биротоло Алинага байланганын бүгүн сезди. Кубанып, өзүн жадырай тигилип турган келинчегин бооруна кыса:
– Куттуктайм, Алишка, мен сени жакшы көрөм,- деди күбүрөй.
– Эмнеге “мен сени сүйөм!” деп эч айтпайсың?
– Мен сени жакшы көрөм!
– Болуптур, азырынча жакшы эле көрүп тур. Кийин сүйүп каласың. Көрөсүң го, сүйдүрүп алам,- деди Алина акырын. Азирет үй-бүлөсүнө карамдуу, боорукер чыкты. Келинчегине бир да жолу катуу айтып көңүлүн калтырып же кабак чытып көрө элек. Ар дайым Алинага кубанычтуу жүзү менен карайт. Аялы эмес, секелек кыздай чачтарын уйпалай эркелетип, колуна көтөрүп алат. Эмне кааласа баарын аткарат. Сыртынан караган адамга экөөнүн бактысы ченемсиз эле. Бирок жигиттин жүрөгүндө бир сагыныч турганы турган. Күчтөп басаңдата албаган же колу менен алып сала албаган бир түпөйүл сезим аны кыйнай берет. Ал сезим эмне экенин, кимди сагынып жатканын аягына чейин ойлонгусу жок, анда эле кайрадан капканга түшүп, чабалактап чыга албай каларын билет. Бирок тымызын, көңүлүнүн тээ түпкүрүндө “Бегимай” деген ат жашынып турганын, андан эч качан, эч кайда качып кутула албасын сезет. Сезгенде эмне? Куду кумга сиңип кеткен суудай жоголду. Ата-энесине чалып сурады эле, алар кабактарын салып жакшы жооп беришкен жок. Ушундай абалда жүргөн учурда “балалуу болосуң” деген нерсе жан дүйнөсүн дүрбөлөңгө салбаспы.
– Алиш, а биз ата-эне болгонго даярбызбы?- деди кучагындагы келинчегинин чачынан сылай.
– А эмне болду? Сен баланы каалабай жатасыңбы?
– Би-билбейм.. .
– Азирет, баары жакшы болот. Кандай сонун, биздин балабыз болот. Чоң ата-чоң энеси сүйүнөт. Өткөндө атам “мен неберелеримди өзүм жетелеп бакчага алып барам” десе, апам “эч кандай бакчага бербейм, өзүм эле тарбиялайм” деп талашып жатышкан. Кызык, али эч нерседен кабары жок деп алардын жоругуна күлгөм. Эми тез эле... Алинанын бактылуу жүзүн карап, Азирет да жылмайды. Бул ушундай жан. Жүргөн жери күлкү, шаттык, майрам. Эч кимге кабак салып карабайт, жадырап жүргөнү жүргөн. Кийинки бөлмөдө Аскар менен Мариям таң азан ойгонуп, өз бактыларына мас болуп турушкан эле. Алар 23 жылдан кийин кол кармашып чогуу жашоону чечишкен. Күн өткөн сайын жүрөктөгү таарынычтар унутулуп, бири-бирине сүйөнүп, ал тургай бир аз убакытка көрбөй калышса сагынышып кетчү болушту. Молдого нике кыйдырып, тойчук жасап үйлөнүшкөнүнө аз эле болгон.
– Мариям, жүрөгүмдүн дүкүлдөгөнү сага угулуп жатабы?- деп калды Аскар.
– Ии, аттын дүбүртүндөй дүкүлдөйт.
– Жүрөк карыбайт тура, көрсө, көңүл карыбайт экен да. Мен сени 23 жыл мурункудан да ашыгыраак сүйөт окшойм.
– Анда жаш элек, көп нерсенин баркын билбейт болчубуз. Эми жашоонун чыныгы бакыты эмнеде экенин сездик. Бактыбызга жеттик. Билесиңби, мен өткөн өмүрүмдү эстеп, сенсиз бир дагы мүнөт бактылуу болбогонумду түшүндүм.
– Айтпа, аларды эч эстебе. Мен дагы эстебегенге аракет кылам. Аскат каза болгондо мен өмүрүмдү жоготуп алгам. Азиретти тапканымда өмүрүмдүн жартысын кайрып алгандай сездим. Эми сени менен мен өмүрүм толук, өксүгү жок экенин байкадым. Аскар Мариямдын колдорунан өптү.
– Балдардын үнү чыгып жатабы? Алар кеч турушчу эле го...
– Азирет “бүгүн жумушумда зарыл иштер бар” деп жаткан...
– Кой анда, туруп тамак даярдайын.

#66 20 June 2015 - 11:07
Бактылуу үй-бүлө эртең мененки тамакка чогулушту. Жүзүнө кубаныч толкуп турган Алинаны бир тиктеп алып Мариям жылмая берди.
– Сага эмне болду, кызым?
– Силерге жакшы кабарыбыз бар, апа.
– Алина!
– Айтса болбойбу, Азирет?
– Биринчи так билип, анан айтыш керек да.
Жүзү кызара уяла түшкөн Алинаны көрүп Мариям менен Аскар бирин-бири тиктеп жылмайып алышты.
Бегимайдын түшүнө Аскат кирди. Кадимкисиндей эле. Мээримдүү жылмайганы да ошол боюнча. Баш жагына тизе бүгө отуруп, жүзүнөн аяр сылай берди.
– Кыйналдың, ээ, кыйнадым сени... Арты ушундай бүтөрүн билген эмес элем.
– Аскоо...
– Мен сага кайгы гана алып келдим. Кечир...
– Андай эмес, сен мага эч ким бере албаган сүйүү бердиң. Ошондуктан унута албай кыйналып жүрөм. Карачы, жаман кыз болдум. Уулдуу болдум. Туура эмес иш кылдым, Аскат. Бирок боюман алдырганга, бул наристеден кутулганга такыр эрким жетпеди. Алсыздык кылдым. Жаман сөз, жаман көздүн баарын көтөрүп, баламды жарык дүйнөгө алып келгим келди. Сүйүүдөн эмес, каталыктан жаралган болсо да, менин жүрөгүм ушул ишти буюрду. Ушунун баары сен жанымда болгонуңда болбойт эле.
– Жок, бул сүйүүдөн жаралган бала.
– Аскат?!
– Бечарам, сен дагы деле өзүң түшүнө элексиң. Сен Азиретти сүйөрүңдү дагы деле мойнуңа алгың келбейт. Арийне, өлүктүн азабын тарткандан тирүүнүн азабын тарткан оор. Ошондуктан “мен Аскатты сүйөм” деп ойлойсуң. Мен сенин жашооңдон, сенин жүрөгүңдөн Азирет келген күнү эле кеткем. Ошону өзүң түшүнө албадың. Башың айланып, экөөбүздүн ортобузда чайналып калдың. Жаңылыштыктын аркасынан жаңылыштык жибердиң. Эми сага эмне деп кеңеш беришимди билбейм.
– Жок, Аскат, мен сени... мен сени гана сүйөм! Аска-ат!- деп кыйкырып жатып ойгонуп кетти. Өзүнүн кыйкырыгынан жанында жаткан баласы да ойгонуп кетти.
– Чүш, балакай... Мына мен жаныңдамын. ..
Муун-жүүнү калтыраган Бегимай Аскат азыр эле узап кеткенсип терезени жалт карап алды. Бала дагы деле ыйлай берди. Колуна алып, бөпөнү алдейлеген Бегимай акырын шыбырады.
– Акырын, балам. Мен өзүм чочуп кетип, сени коркутуп албадымбы.
Баланы эмизип, кайра керебетине жаткырган соң Бегимай анын жүзүнө көпкө тигилип отура берди. “Сүйүүдөн жаралган! ” Бегимайдын өзүнө да белгисиз болуп мыжыга берген чындык калкып чыга келди. Жок, тагыраагы, ал сезимди өзү мойнуна алгысы келген эмес. Адам сүйүүдөн катуу жабыркаса, кайрадан кимдир бирөөнү сүйүү ал үчүн оор болот. Кайрадан жоготуу азабын тарткысы келбегендиктен, Бегимай Азиретке болгон махабатын учурунда түшүнбөй калган эле. Ал эми түшүнгөндө өтө кеч болуп калды. Эч кимге, ага чейин жолуктурган эч бир жанга окшош эмес эле Азирет. Ошол сапаты менен кыздын жүрөгүнө чок таштаган. Ал чок жалбырттап күйүп, жан дүйнөсүнө тынчтык бербей жүргөнүнө көп болгон. Бегимай азыр гана “эмне кылып койдум? Сени атасыз кылдым, өзүм жакын адамымдан айрылып калдым. Жалгыз калдым. Эмне кылып койдум, балам?!” деп ойлонуп жатты.
Көздөрүнөн жаш куюлат...
Ким билет, балким, ушул өксүк менен канча жыл өмүр сүрөт эле. Бирок кайып каскагынан кезиккен Мурат аттуу жигит анын жашоосуна баш бакты. Баш бакканда да алоолонгон жүрөгү менен, ээ-жаа бербеген энергиясы менен, ченемсиз мээрим менен кирди. Тагдырынын бул сыйынан качканга Бегимайда ал жок болчу.
– Мен дагы келдим,- деди босогодо жылмайып турган Мурат. – Бул жолу да үйүңө киргизбей кубалап жибербейсиң деп үмүт кылам.
Бегимай аргасыз күлдү.
– Жок, бүгүн бошмун. Үйгө кирсең болот.
Бөлмөгө кирип келген Мурат керебетинде кас-кас туруп калган, көздөрү капкара балакайды көрүп “тык” токтоду.
– Бул ким?
– Менин уулум! Аты Аскат!
– Уулуң бар экенин айтпадың эле го...
Бегимай шуу үшкүрүп алды.
– Айткым келген эмес. Деги эле өзүм тууралуу көп нерсе айткым келбейт.
Мурат чындыгында мындай нерсени күткөн эмес эле. Эмне дээрин билбей баланы тиктеп, кайра Бегимайды тиктеп туруп калды.
– А атасы ким? Ал кайда?
– Мурат...
– Макул, макул, сага оор болсо эч нерсени айтпай эле кой. Мен чын эле таң калып калдым. Сени али турмушка чыга элек деп ойлогом.
– Турмушка чын эле чыга элекмин, эми деле чыгам деп ойлобойм. Аскат – менин балам. Меники гана! Өзүм үчүн төрөп алдым.
Мурат башын жерге салган боюнча бир топко ойлонуп отуруп калды.
– Сага эмне болду?
– Эч нерсе...
– Сенин сүйүүң ушунча элеби? Баланы көрөрүң менен өңүң башкача болуп кетти. А мен ойлоптурмун. ..- деди ызалуу күлгөн Бегимай.
– Менин сүйүүм ченемсиз. Мен сени...
– Чүш, антип сүйлөбө.
– Мен баарына даярмын. Мага чейинки жашооңдо оор нерселер көп болгонун байкадым. Аны сурагым келбейт, сураган менен деле сен айтпайсың. Бирок мындан кийинки жашооңду бейишке айланткым келет. Мындан ары эч ким, эч качан сени кыйнабайт.
– Эх, Мурат, менин жашоомду билсең...
– Эгерде сен каалабасаң, ал жашооңду билүүгө кызыкпайм. Экөөбүз тааныш болгонубузга 2 ай гана болду. Ошол убакыттын ичинде мен сени билдим. Балким, байкабагандырсың, бирок экөөбүздө өтө көп окшоштук бар. Мен сен үчүн баарына даярмын. Ал тургай бул балакайдын атасы болгонго да даярмын.
Мураттын жалындаган көздөрүнө карап туруп ага ишенбей коюу мүмкүн эмес эле. Алсыраган, өзү менен өзү күрөшүүдөн чарчаган Бегимай анын төшүнө башын коюп ыктай берди.
– Чарчадым...- деди акырын күбүрөй.
– Билем, эс ал, жаным. Баары бүттү, баары артта калды.
Оо, көптөн бери, Аскат каза болгондон бери Бегимай мынчалык бейпилдикти сезе элек эле. Өзүн, тагдырын кимдир бирөөнүн колуна салып бергендей жеңилдей дем алды. Ал эми керебеттеги наристе болуп жаткан көрүнүшкө көз сала өз тилинде бир нерселерди айтып кубанычтуу чулдурап жатты.
ххх
Азирет жумуштан келери менен ыргып туруп мойнуна жабышуу – Алинанын адаты.
– Ураа, биздин папабыз келди...
– Алиш, өзүңдү кичине карасаң боло. Ичиңди абайла!- деди анын жоругуна күлгөн Мариям.
– Апа, келиниңизди кичине тарбияласаңыз боло, бул кантет?- деп апасына тамаша ыргыта сүйлөдү Азирет.
– Сагынып кетсем не кылайын?..
– Азыр эми, колумду жуюн...
Колуктусунун саамайынан сылаган Азирет бөлмөгө баш бакты. Эки кишилик керебетте өздөрүнүн тоюндагы сүрөттөрү чачылып жаткан экен. Кызыгып бирден карап жаткан Азирет бойлуу, муңайым жылмайган, узун чачтуу бийкечти көргөндө жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй булкуп алды. “Бема!” деди өзүнө биринчи жүрөгү онтоп. Куду өзүн сынагандай, эми кандай айла табасың дегендей тигилип турган экен. “Кайдасың, кайдасың, кайдасың?” деп жатты күбүрөй. “Болуптур, алыстан эле бир жолу карааныңды көрүп алсам”. Азирет ушинтип эле анын жашоосунан алыстап кеткенге таптакыр макул эмес эле. Азыр туруп барып жердин жети катмарына түшүп кетсе да таап, бир аз бооруна кысып тургусу келип кетти. Ушул каалоо баарынан күчтүүлүк кылып жатты.
– Азирет!- деп кирип келе жаткан Алина сүрөттү тиктеп бир нерселерди шыбырап жаткан күйөөсүн көрүп “тык” токтоду.
– Бул эмне, Азирет?
– Булбу? Бул...
Азиреттин колунан шыпырылып жерге түшкөн сүрөттү тиктеп калды. Бул курбусу Бегимайдын сүрөтү эле.

#67 20 June 2015 - 11:09
– Бема?! Беманын бул сүрөтү мага да жаккан,- деди ал кадимкисиндей шаңдуу.
– Ии, сүрөттөрдү карап жатып...
– Ази, апам сени чакырып жатат “тамак ичсин” деп. Сенин сүйүктүү тамактарыңды жасадык.
Азиретти колдон сүйрөп тамашалай сыртка чыгарып жиберип, эшик жабылары менен оор үшкүрүп алды. Жерде жаткан Бегимайдын сүрөтүн алып, аны көпкө карап турду. “Кыздардын ортосунда достук болбойт” дешет адатта. Бирок Бегимай менен Алинанын мамилеси бул сөздү төгүнгө чыгарды. Экөө өзгөчө ынак болчу, бири-бирине эже-сиңдидей ишеним, колдоо көрсөтүшчү. Керек болсо ата-апасына айтпаган сырларын бири-бирине айтышар эле. Аскат каза болгондо Бегимайдын жанынан жумалап чыккан эмес. Бирок Азиреттин келиши менен баары өзгөрдү. Экөө бири-биринен көздөрүн ала качып, коомайланып турушчу болду. Алина Азиреттин Бегимайга болгон сүйүүсүн таптакыр билбегендей, андан да бир окуя болуп Азирет Бегимайдан баш тартканын сезбегендей акылсыз эмес эле. Ал бардыгын билчү. Ал тургай өзүнө эч кандай мүмкүнчүлүк жок экенин да сезчү. Бирок күндөрдүн бир күнүндө көктөн тилегени жерден табылып, Азирет ага үйлөнөм деди. Андан башка нерсеге баш ооруткусу келген жок. “Мен бактылуумун. Мен аны сүйдүрүп алам, мага көнүп кетет. Эгерде бала төрөлсө, биротоло мага байланып калат” деди ичинен күбүрөй. А сүрөттө сынаңкы тигилген Бегимай. Сулуу, табышмактуу, муңдуу Бегимай. Колундагы сүрөттү эки бөлө айрып салды да, бөлмөдөн чыгып кетти.
Алинанын ичи чоңоюп, ичиндеги бала тыбырчылай баштагандан бери Азиреттин кубанычы чексиз. Атайылап жумушунан эрте келет да, колуктусунун ичиндеги бала менен ойноп, ага жомок айтып бергенди адат кылып алды.
– Сен тез эле чоңоёсуң. Уулум экөөбүз кайда гана саякаттабайбыз. Мен көргөн өлкөнүн баарын сага көргөзгөнгө аракет кылам. Уулум экөөбүз учакка түшүп алып...
– А менчи? Мени албайсыңарбы? - деди Алина таарына.
– Айтчы, уулум, апаңды алабызбы? Мына тепти, демек, бул макул болгону...
– УЗИге түшүп келгенге чейин уул экенине ишенген эмес болчусуң, ээ?
– Ооба, чындыгында мага баары бир, биринчиси ким болот. Бирок уул экенин укканда кубанганымды жашыра албайм.
– Баса, атын ким коёбуз?
– Атамдар менен кеңешебиз да. Алар эмне десе, ошону коёбуз.
Ошол күнү кечки тамакты ичип отурушканда Азирет менен Алина бул теманы кайрадан көтөрүп чыгышты.
– Апа, небереңдин атын ким коёсуңар? Уул экени деги билинди,- деди Азирет тамашалай көзүн кыса.
– Билбейм, балам, мага аман-эсен төрөлсө болду.
– Сизчи, ата, идеялар барбы?
Бардыгын таң калтырып Аскар оор үшкүрүп алды. Бир топтон кийин гана салмактуу сүйлөдү.
– Балдар, балким, менин оюм туура эмес чыгар. Бирок мен Азирет уулдуу болсо атын Аскат коём деп ойлоп жүрөм.
Чындыгында үй-бүлө үчүн Аскаттын өлүмү, анын ысымы, деги эле ошол окуя тууралуу сөз кылуу оор эле. Бардыгы селдейип калышты.
– Ата...
– Аскатымдын аркасынан эч ким калбады. Жок дегенде өзүнөн бир бала калса эмне?! Аскат бул жарык дүйнөгө сейрек келе турган, өзгөчө уул болчу. Неберем агасынын атын алып жүрүшү ага сыймык болор. Мен атын Аскат койгум келет.
– Макул, ата, мен таптакыр бул тууралуу ойлобопмун. Аскат, албетте, сонун ат. Кандай дейсиңер?
Азирет аялы менен апасын алмак-салмак карады. Алар үнсүз макул болушту. Ошентип, Азиреттин төрөлө элек баласынын аты Аскат боло турганы чечилди. Алар дагы бир Аскат мындан бир топ убакыт мурун төрөлгөнүн али билише элек эле.
ххх
Чалкыган деңиз. Кол кармаша кетип бара жаткан эки жаш бактылуу. Жакында алар көксөгөн мекенине жол тартканы турушат.
– Тагдырга таң калам, жаным. Мен издеген адам мекенимден алыс жакта капысынан жолукту.
– Биз мүмкүн болбогон жерден табыштык. Өзүмдүн абалымды кандай элестетем билесиңби? Мен сага жолуга электе жардын учунда тургам. Кол создуң.
– Ай, менин сулуумдун көз жашы ушинтип эле даяр. Кел, андан көрө жакшы нерселерден сүйлөшөлү. Апам менен атамдар биздин келишибизди чыдамсыздык менен күтүп жатышат.
Бегимай ойлуу тиктеп турду.
– Эмне тууралуу ойлонуп калдың?
– Аскат... Ал сага аябай көнүп калды. Кээде эшиктин коңгуроосу шыңгыраса менден биринчи эмгектеп жөнөйт.
– Ал жөжөгө мен да көнүп алдым.
– Ата-энең туура түшүнүп, Аскатты кабыл алышар бекен?
Мурат бир саамга токтой калды да, акырын үн катты.
– Бема, мен сенден сурабай бир иш кылып койдум. Балким, капа болот чыгарсың. Бирок муну экөөбүздүн келечегибиз үчүн жасадым.
– Айта бер.
– Аскатты ата-энеме менин уулум деп айттым.
Бегимай көздөрүн алайта туруп калды.
– Кандайча?
– Ошентип эле. “Кечирип койгула, иш ушундай болуп кеткен. Уулум бар, ал тургай чоңоюп калды” дедим. Биринчи шок болушту, анан бул чындыкты кабыл алганга аргасыз болушту. Аскат – менин уулум.
Бегимай аны таң кала тиктеп турду да, башын жерге салды. Кайсы эркек мындай курмандыкка бармак?
– Мен сенин жакшылыгыңа татыктуумунбу?
– Сен менин жакшылыгыма эмес, жашоомо татыктуусуң!
– Рахмат!
– Бегимай, мен сенден бир нерсе сурагым келет. Кылган жакшылыгым сүйүүмдүн ордуна эмес, келечегибиз үчүн...
– Сура, аткарганга аракет кылам.
– Эч ким, эч бир жан бала менден эмес экенин билбесе дейм. Атүгүл өзүнүн атасы дагы...
Куду бирөө камчы менен тартып жибергендей Бегимай селт дей түштү.
– Ал тургай Аскат өзү дагы билбесин. Чоңойгондо мени атасы катары жакшы көрүшүн каалайм. Мен анын түбөлүктүү атасы болгум келет. Ушул сырды экөөбүз тең сактасак дейм.
Турмушта өзүнүн жолун билип, ага акылман көз жүгүрткөн адамдар болот. Мурат ошондой эле. Азыр жоголуп бараткан, өткөн замандын рыцарларындай даанышман, өз максатын билип, ага жетүүнүн жолун да билген чыныгы жигит болчу. Биздин каарман Мурат Бегимайдын тагдырына жолуккан үч жигиттин эң туруктуусу, эң күчтүүсү, эң акылманы, токтоосу эле. Албетте, бул дагы тагдырдын сыйы болду Бегимай үчүн. Анын күчүнө баш ийип, күчтүү ийиндерине жөлөнгөндөн артык бакыт жок эле ошол учурда. Өтмүшүнүн барагын жаап, жаңы турмушка чындап киришкенге бел байлады. Бирок тагдыр эч качан биз каалагандай болбойт.
Ошентип, Мураттын окуусу аяктап, мекенине кайтты. Бегимайдын таарынычта жүргөн ата-энеси небересин көрүп, таарынычтарын тез эле унутушту. Мурат менен Бегимайдын үйлөнүү тою боло турган болду.
Алина бул тууралуу кокусунан угуп калды. Бир чети ушунча жыл чогуу жүргөн, эң жакын адамы болгон курбусунун тоюна баргысы келди. Экинчи чети аялдык кызыгуу күчтүүлүк кылбаспы...
Телефонду тез терип Бегимайдын үйүнө чала баштады.
– Алло,- деди тааныш үн.
– Бема, бул сенсиңби? Кандайсың, качан келдиң? Эмне үчүн бизге кабарлабадың?
Алина адатынча кубанычтуу быдылдап сөз бербей жатты.
– Жакшы, баары жакшы...
– Тоюң болот экенин Сабинадан уктум. Эмнеге мага айтпадың?
– Кечирип кой, азырынча сүйлөшүүлөр гана жүрүп жатат. Так датасын белгилегенден кийин сага кабарлайын дегем. Өзүң кандайсың? Азирет кандай, Аскар Токтосуновичтин ден соолугу жакшыбы?
– Баары жакшы, биз өтө бактылуубуз. Жакында неберелүү болобуз деп кубанып жатышат. Баса, УЗИге түшсөм уул экен. Атын Аскат коёбуз деп жатышат үйдөгүлөр.
Бегимайдын жүзү кубара, өзүнө карай талпынып келе жаткан кичинекей Аскатты тиктеп жүрөгү тилине түштү.
– Бем, кечирип кой, сага катуу тиерин билген эмесмин. Эмне, ыйлап жатасыңбы?
– Эч нерсе эмес,- деди Бегимай төгүлүп кеткен көз жашын сүртүп. – Мен уулдуу болгом. Анын аты да Аскат!- деди.

#68 20 June 2015 - 11:12
Телефонду ордуна койгон Алина ойго чөгүп калды. Жүрөгүндө бир түшүнүксүз санааркоо пайда болду. Бөлмөгө кирип келген Азирет колуктусунун өңү өзгөрө түшкөнүн байкады.
– Бир нерсе болдубу?
– Жок!
– Аа, анда апам чакырып жатат сени...- деди кайра чыга бермекчи болуп.
– Ази...
– Ов.
– Бема келгенин уктуң беле?
Тутканы кармай берген Азиреттин далысы дирт эте түштү.
– Ии, келиптир дечи.
– Бизди тоюна чакырды. Өткөндө Сабинадан уккан элем, азыр өзүм чалдым.
– Болуптур, Алишка, мен жумушка шашып жаттым эле.
Азирет үн катпастан сыртка жөнөдү. Машинасына отуруп, айдап жөнөдү. Бул кабарды уккандан кийин кайдагы жумуш... Багытын билбей ойду-келди жүрө берди. Жинди болгон адамдай айдап, аркасында чуулдаган МАИчинин ышкырыгын, башкалардын сөккөнүн да кулагына илбеди. Бир кезде демиге токтоду. Баары бир... Жинигип, чуркап, оонап жиберсе да балээ болгон бул сезимден кутула албайт. Же жок болуп кетпей, биротоло жанын жеген курттай турганы турган. Ушундай болорун, бир күнү турмушуна ошол адам кирип келерин билген эле. Ошол учурдан жүрөксүп, коркуп да жүргөн. «Үйлөнүү тою. Демек, башканы тааптыр да. Кызык, менден эмне артыкчылыгы болду экен? Менчелик сүйүп, менчелик кыйналбагандыр ошол адам. Демек, ушундай де... Эх, Бема, Бема. Жаным, жарыгым, жалгызым Бегимай! Кайда жүрдүң, кандай күндү башыңдан өткөрдүң? Сүйөт болдуң бекен ал адамды?» Көпкө отурду. Кечинде үйгө кеч барды. Көзүн жалдыратып күтүп отурган келинчегин көрүп аяп кетти. Бооруна кыса кучактап, чекесинен сүйдү.
– Кайда жүрдүң мынча кеч?
– Жумуштар. А сен эмне уктабай отурасың?
– Сени күттүк. Аскат экөөбүз сени күттүк,- деди ичин сылай берип. – Баса, тойго барабызбы?
– Барабыз. Сенин эң жакын курбуң болсо, кантип барбай коёбуз?! Сөзсүз барабыз.
– Бема катуу өзгөрүлүп кеткендей сезилди мага. Кызык, алар бизден да биринчи балалуу болуп калышкан экен.
Азирет таң кала кашын серпип алды. «Чынбы?» деди жүрөгү мыжыла.
– Кайдан билдиң?
– Мен боюмда бар экенин, атам баланын атын Аскат коём деп жатканын айттым. Бегимай ыйлап алды. Билесиң го, Аскат деген атты укканда эле ыйлап кирет эмеспи... Анан бир аздан кийин «менин уулумдун аты да Аскат» деди. Билбейм, жүрөгүм ооруп кетти. Аскатты эстедим. Менимче, Бегимай да Аскатты эстеди.
– Алиш, мен чарчадым. Эртең сүйлөшөлүчү. ..
Терс бурулган Азирет жаздыкты буулуга мыжыга берди. Кызганыч көөдөнүн өрттөп жатты. Ал Бегимай кимдир бирөөнүн аялы деген ойго таптакыр көнө албай, ошол ой менен келише албайт эле.
xхх
Той көйнөгүн кийген Бегимай өзүн күзгүдөн көпкө тиктеди. Секелек кезинен баштап ушул апакай көйнөктү кийүүнү кандай гана эңсебеди дейсиң. Кыялында өзүнүн тоюн элестеткенден тажачу эмес. Ар дайым ар башка сценарий ойлоп тапчу. Мына ошол күн келди. Келгенде да жүрөгүн жаралап, эчен сыноодон өтүп келди. Мына, бактылуу бол, бактыңды сез. Бирок дагы да тагдыры алакчылап, колуна кармата салып, кайра жулуп алчудай бүдөмүк сезим боло берди. Ал эми Мурат Бегимайдан алда канча бактылуу эле, ишенимдүү болчу. Колуктусунун жанына келип, башын башына тийгизе тиктеп турду.
– Кызык, негедир коркуп жатам,- деди Бегимай.
– Коркпо, баары жакшы болот. Мен жаныңдамын.
Муратка муңайым жылмайганы менен, анын сөздөрү адатынча жардам бере албады. Тойго Азирет келерин сезип турду.
Айткандай эле той залына кол кармаша кирип келе жаткан Бегимайга кол чаап күтүп жаткандардын ичинен Азирет биринчи урунду. Жүзүнө көз токтотуп карай албаганы менен, өзүнөн көзүн албай тиктеп жатканын сезди. Жанына жеткенде буту чалыштап, чалынып кете турган болгондо Мурат жөлөй калды.
– Акырын...
– Толкунданып кеттим.
Азирет дагы Бегимайдагы өзгөрүүнү байкады. Кусалуу каректердеги жылт эткен учкунду сезе койду. Мына, куса кылган адамы... Өзүн токтотуп, башка нерсеге алаксыйын деген менен Азирет төрдө отурган кыз-күйөөдөн көзүн албай жатты. Жанына барып, жок дегенде бир ооз сөз менен сүйлөшкүсү, көздөрүнө тигиле карагысы келди. Бир кезде маңдайында отурган апасы менен тиктеше түштү. Кыжалат боло караган апасынын көздөрүнөн ал баарын эле эбак билип отурганын байкады. Ай, ушу апасы кыбыр эткендин баарын байкайт. Аргасыз жылмайып алды.
Бирок ал күнү Бегимай менен жолугууга, көзмө-көз сүйлөшкөнгө жагдай болбоду. Өз бөлмөсүнө кирген Алинанын көздөрүнөн эми жаш кулайын деп турганын байкады.
– Э-эй, сага эмне болду?
– Эч нерсе...- дегени менен ушуну эле күтүп тургансып көздөрүнөн тамчы жаштар тоголонуп кетти.
– Алиш, баары эле жакшы го. Эмнеге капа болдуң?
– Жок, баары жакшы эмес, тескерисинче, баары жаман. Сен өзгөрүп кеттиң. Мага чоочун болуп калдың тез эле. Бүгүн Беманы караганда...
– Чүшш, сен ал жараны козгобо, Алиш. Мен сенин жаныңдамын. Мен сенден, балабыздан эч кайда кетпейм. Экөөңдү эч качан, эч кайда таштабайм. А башкасы... башка нерсеге киришкенге мен уруксат бербейм. Сага да, ата-энеме да... Азыртадан ушуну жакшылап түшүнүп ал.
– Азирет!
– Мен сени жакшы көрөм. Башка нерсеге башыңды оорутпа. Баланы ойло.
Ушуларды айткан Азирет сыртка бет алды. Алина кичине муштумдары түйүлө, өңү кубарган боюнча кала берди. Түн бир оокумда Азирет кимдир бирөөнүн онтоп жатканын байкады. Жакшылап тыңшаса, Алина экен. Ордунан шарт тура калды да, жуурканын серпип жиберди.
– Ичим, ичим ооруп жатат...
– Ой, эмне болуп кетти? Кийин деп айттың эле го...
– Дагы бир ай бар болчу. Билбейм, эмне болуп кетти...
– Азыр, Алишка, бир аз чыда. Азыр ооруканага алып барабыз.
Төрөтү эрте башталып калган Алина чый-пыйы чыгып, өңү кубарып, кайненесинин колдорун мыжыга кармап жатты.
– Апа, өлүп калам го...
– Кой, антип айтпа, балам. Азыр ооруканага тез эле жетебиз...
Мариям келининин чыпылдап тердеген маңдайын аарчып жатып коркуп кетти. Негедир кадимки толгоого окшобой, эрди канталай кыйналып турганын байкады.
– Азирет, бол тез айда.
Тез алып барып, палатага алып кетишкен врачтар топтолуп калышты. Бир нерсени билгендей Азирет апасына суроолуу карай берди.
– Апа, деги эмне болуп жатат? Ушундай болчу беле?
– Врачтар төрөтү оор деп жатышат. Консилиум кылып жатышат окшойт. «Азыр баарын текшерип туруп, силерди чакырабыз» дешти.
– Эмнеге андай болушу мүмкүн? Ден соолугу деле жакшы. Текшерүүдөн өтүп жатпады беле?
– Билбейм, балам. Бир аздан кийин баары чечилет. Кудай деп тура туралы.
Мариям уулунун тынчы кетип турганын көздөрүнөн көрүп, көзүн ала качып кетти. «Ай, эмне болуп калды? Жакшы эле жүргөндөй көрүндү эле. Аман-эсен көз жарып алса экен. Азиреттин да өңү кубарып... Кудай тилегибизди берип, неберебиз колубузга тийсе экен» деп жатты чебелектеп. Бирок атын эбак Аскат коюп алган, үй-бүлө чыдамсыздык менен күтүп жаткан бала жарыкка келе албады. Чоң ата-чоң энесинин тилеги өтүп кеттиби, төрөтү оор болгон Алинанын баласы төрөлгөндөн 10 мүнөткө жетпей чарчап калды. Ал эми келин өмүр менен өлүмдүн ортосунда эле.

#69 20 June 2015 - 11:14
Узак болду ошол түн. Азиреттин биринчи жоготуусу, биринчи кайгысы эле. Врач чарчаңкы чыгып, «баланы сактай албай калдык. Келинчегиң оор абалда» дегенде кимдир бирөө жүрөгүн кош колдоп мыкчып жаткандай сезилди. Төрөлө элек наристеге байланып калган экен.
– Сиз кайненеси болосузбу? Келсеңиз, сөзүм бар эле...- деп врач Мариямды ээрчитип кетти. Алардын аркасынан тиктеген Азирет башын мыкчый отуруп калды. Эркектер мындай күтүлбөстүктөрдүн алдында алсыз келишет эмеспи. Азирет кимдир бирөөгө кайгысын айтып же кимдир бирөөдөн чара издегиси келдиби, телефонун колуна алды. Атасына чалгысы келбеди. Оорулуу жүрөгүн аяды. Андан жакын адамы ким? Кимге чалышы керек? Оюна ушул учурда Бегимай келди. Ага чалып, өзүн кыйнаган нерселерди айтып жеңилдегиси келди. Мурунку номерине чалды эле гудок кетип жатканына сүйүнүп, бир эсе алдастап да кетти.
– Алло.
– Бема, мен... бул мен Азирет... Суранам, трубканы таштаба...- дегиче болбой ал коюп салды. «Бир гана ооз сөзүң керек болчу. Башка эч нерсе керек эмес эле. Бүгүн керек болчусуң мага...» деп шалдырап күбүрөп алды. Телефонун күч менен ыргытып жиберди, анысы ар кай жерде чачырап жатып калды. Ушул учурда Мариям врачтардын кабинетинен келе жаткан. Уулунун жерде чачылып калган телефонун жыйнап колуна карматты да, бир эсе капа болуп катуу айтты.
– Ази, сени эркек дейт. Башыңа түшкөн нерсени татыктуу көтөргөнгө аракет кыл деп айтып жүрбөдүм беле. Эгерде сен ушунчалык өзүңдү таштап жиберсең, Алина эмне болот? Анын абалы сен ойлогондон беш эсе оор. Анын үстүнө...- деп келе жатып бир нерсе айта албай токтоду.
– Эмне болду, апа?
– Врачтар азыр айтышты. Оор жүк көтөргөндөн же башкадан уламбы, жатында шишик пайда болуптур. Мага көрсөтүштү. Курган балам эми кантет?- деп ыйлап жиберди Мариям.
– Апа, ал эмнеси?
– Эми Алина эне боло албайт, балам. Эч качан балалуу болбойт. Өмүрүн сактап калуу үчүн жатынды биротоло алып салганга, операция жасоого мажбур болушуптур.
Азирет дубалды муштуму менен муштап алды. Деги эмне деген кырсык эле бул? Жаңы баракты ачып, жаңы турмушту баштап келе жатышпады беле? Мурунку көргөнү аз беле?
– Баланы ушунчалык күткөн байкушум кантип көтөрөр экен? Ажалынан мурун эле өлүп алат го...- деп ыйлап жатты Мариям.
Экөө эмне кыларын билбей көпкө отурушту. Жымжырттыкты акыры Мариям бузду.
– Азирет, ойлонуп көргүлө деп врач келин бир сунуш айтты.
– Эмнени ойлонобуз анча?!
– Алинадан бир саат мурун бир кыз төрөптүр. Бирок «ал баласынан баш тартып жатат. Ошол баланы багып чыгарып кетсеңер болот. Ойлонуп көргүлө, келинге берер жардамым ушул» деди врач. Эми жок дегенде...
– Койчу, апа, башка бирөөнүн баласын кантип алабыз?
Азирет алгач бул кепти боюна жуутпай так секирди. Өзүнүн уулун колума алам деп турган ага бул сөздөр өтө оор тийди. Бирок тагдырдын жазмышына баш ийбей кайда барабыз?!
ххх
Наркоздон жаңы ойгонгон Алина көзүн ачты. Маңдайында турган кайненесин, андан кийин Азиретти көрдү.
– Апа, балам аманбы?- деди алгач эле.
Жооп ордуна кайненесинин көзүндөгү жашты көрүп, ордунан обдула берди.
– Балам, Аскатым, ал?!
– Бала чарчап калды, Алина...- деди Азирет жакын келип. Кыйкырып, жулунуп жаткан келинчегин кучагына бекем кысып алды.
– Алишка, суранам, өзүңдү токтот.
Аргасы куруп, соолуп ыйлап жаткан келинчегине жүрөгү туз куйгандай ачышты.
Эртеси күнү гүл көтөрүп палатага кирип келген Азиретти көрүп Алина жылмайып алды.
– Эгерде балабыз болсо гүл алып келсең жарашмак. Эми эмнени куттуктап алып келдиң?
– Өзүңдүн аман калганың деле мен үчүн майрам. Баары жакшы болот.
– Азирет, эми эмне кылабыз?- деп күйөөсүн жабыша кучактаган ал дирилдеп жооп күтүп турду.
– Эй, Алиш, эмне кылат элек? Баары жакшы болот, мурункудай жашай беребиз.
– Сага врачтар баарын айтыштыбы? Биз балалуу боло албайбыз.
– Алар сүйлөй беришет. Мен сени башка өлкөгө алып кетем. Дарылатам. Баары жакшы болот.
– Ази, эгерде болбосочу...
Азирет оор улутунуп алды. Келинчегин өзүнө каратып, көздөрүнө ишенимдүү тигилди.
– Мен сени таштабайм. Кандай жагдай, кандай учур болбосун, өзүң каалабасаң, мени бошот деп айтпасаң, эч качан сени таштап кетпейм. Мен ошончолук эле акмак эмесмин, Алина. Сага үйлөнүп жатканда эле жоопкерчиликти мойнума алгам. Азыр эч нерсени ойлобо...
Алина күйөөсүнүн мойнуна асыла кетти, кубанды, Азирети менен сыймыктанды.
– Ази, мен апамдын оюна кошулам. Мен биздин балабызды жарык дүйнөгө алып келгим келген. Ушунчалык күткөм. Болбоду. Эми ошондой эле бул наристе үй-бүлөгө муктаж. Мен аны бактылуу кылгым келет. Кечээ силер кеткенде өзүм сурап алып эмиздим. Татынакай, башкача кыз экен.
– Алина...
– Мен баласыз калгым келбейт. Үйгө ошол чүрпө менен баргым келет. Сен, мен, апам үчөөбүздөн башка эч ким билбейт. Атүгүл атама да айтпайбыз.
– Атаң баарын билет.
– Азирет!
– Ууф, апам экөөң мени туюкка кептедиңер го. Болуптур, эгерде ушунчалык каалап жатсаң, багып алалы.
Ошондой болду. Алина бир бактысыз наристеге өз мээримин берип, бактылуу кылгысы келди. А балким, көкүрөгүнүн түпкүрүндө ошол наристенин жардамы менен үй-бүлөсүн да сактап калгысы келгендир. Азирет бул күндөрү эмнени ойлонуп жүрдү ким билсин, кара түндөй кабагы ачылбай, бир нерсеге тынчсызданып жүрдү. Бирок Алина көтөрүп чыккан наристеге негедир имериле албай, жүрөгүнүн чети да жылыбай турду.
Жашоо өз нугу менен өтүп жатты.
ххх
Мурат колундагы гүл менен колуктусунун чекесине, эрдине тийгизип:
– Уйкудагы сулуу, мен кетип баратам...
Уйкусураган Бегимай көзүн ачып, гүл сунуп турган Муратты көрдү. Бактылуу жылмайып алды.
– Кайда барасың бүгүн?
– Бир фирманын кожоюну менен сүйлөшүп берем деген Касым. Айтымына караганда, чоң, эл аралык фирмалар менен иштешкен фирма экен. Кожоюнунун бир маселелери болуп, 2-3 күн ишинде болбоптур. Бүгүн сөзсүз келет дегенинен улам баратам. Сен бүгүн эмне кыласың?
– Сени күтөм.
– Рахмат, мени дайыма күт, ээ?
Келинчегинин мурдунан чымчып алып Мурат сыртка бет алды. Намыскөй жигит. Кайнатасы канча жолу жогорку кызматтарды сунуш кылса, ар нерсени шылтоолоп барбай койду. Бардыгын өз күчү менен кылгысы келет.
Бегимай бактылуу эле. Ал Мураттын күн сайын кулк-мүнөзүн билип, жакшы сапаттарын таап, анын чексиз адамгерчилигине баа берет. Бирок жүрөгүндө Мурат каалагандай сезим жашабайт эле. Кайсы бир күнү жолунан Азирет чыга каларын сезип, ошол нерседен качып жүрдү. А балким, жүрөк тереңинде ошол кезигүүнү да самап жүрдүбү...
Кезигүү көпкө күттүргөн жок. Экөө таптакыр күтпөгөн жерден бетме-бет жолугушуп калышты. Мурат айтылуу фирмага жумушка кирген. Ошондон аз өтпөй эле кесиптештери бир жерге чакырганын айтып келди.
– Бема, эртең даярданып тур. Кечинде алып кетем.
– А мен барбай койсом болобу?
– Сени дагы чакырышты. Барбасак болбойт го, баса белгилеп «келинчегиң менен кел» дешти.
– Ал эмне болгон чакырык экен?
– «Шеф кайсы бир жеңиши үчүн чакырып жатат ресторанга» дешти. Фирманын бардык кызматкерлери эмес, чакан гана чөйрө. Андыктан...
– Болуптур, бирок мен үйдөн чыккым келген эмес. Сен үчүн гана бара жатам,- деди Бегимай ордунан ыкшоо козголуп.

#70 20 June 2015 - 11:16
Ошентип, Мурат менен Бегимай бул кечеге даярдана башташты. Ал эми Азирет ошол салтанаттын кожоюну эле. Ал кол алдындагы адам менен сүйлөшүп жатты.
– Чындыгы ушул...
– Дагы бир жолу текшерип көргүлө, фирманын атын мындай нерсе менен булгагым келбейт. Болуптур, азыр иш тууралуу сүйлөшпөй эле коёлу. Анын үстүнө эл да чогулуп калды.
– Макул, Азирет Аскарович,- деп сылык сүйлөп басып кетти жардамчысы.
Азирет атасы Аскардын жардамы менен бул фирманы ачкан. Ишкер катары бизнес чөйрөсүнө тез эле тааныла алды. “Алма сабагынан алыс түшпөйт” деген чын белем, мурун атасынын ысымы эл оозуна кандай бат илинсе, Азирет дагы оозго тез эле алынып кетти. Бүгүн кезектеги кирешелүү келишимге кол коюп, ошол себептүү кол алдындагылар менен майрамдаганы жаткан. Тагдырдын тамашасы менен Мурат Азиреттин фирмасына жумушка алынып калган. Кадрлар бөлүмүн башка адам тейлегендиктен, Азирет Мурат өзүнүн кол алдына жумушка киргенин билбейт эле.
Ресторанга эл келип жатты. Четте турган Азирет кирип келе жаткан тааныш караанды көргөндө обдулуп алды.
– Кандайча?
Бегимай эч нерседен капары жок Муратты колтуктап, бактылуу жылмая айланага серп сала тиктеп, анын тамаша сөздөрүнө күлүп келе жаткан. Азирет кусалуу тиктеп турду. Кыйла өзгөрүп калыптыр. Бир чети көзүнө тааныш да, тааныш эмес да көрүндү. Узун боюна, сымбатына куп жарашкан, белине жеткен капкара чачтарын кыпкыска кылып кыркып салган экен. Бир кезде сулуунун көркү болгон чачтарына ичи ачышып турду. Бирок мурункусундай эле сулуу, азгырыктуу! Азиреттин көз алдынан кете албаган бир элес боло турган. Ал – өзү Кыргызстанга келип, учактан түшкөндө “Аскат!” деп кыйкырып мойнуна асылган Бегимайдын карагаттай көздөрү эле. Башка экенин түшүнгөн соң көзүнүн нуру өчүп, жүзүндөгү шамы күүлүп...
Ошол элес жүрөгүнө тамга болуп басылып калгандай. Андан кийин бир да жолу Бегимайдын жүзү жаркып антип кубанганын да, томсоро шалдайганын да көрбөдү. “Эх, Аскат, бир боорум, сен кандай адам элең? Ушундай жандын жүрөгүн багындырып алган экенсиң. Биздин, экөөбүздүн Бегимайыбыз азыр деле бактылуу эмес. Билип турам, бактылуу эмес!” деп алды ичинен. “Токтот өзүңдү...” деп жүрөгүнө буйрук бергени менен, көптөн бери издеп таппай жүргөн адамын жолуктурганга дүрбөлөң түшүп жатты.
Бегимай менен Мурат орундуктарга отуруп, эки жагын карап калышты.
– Көп эле адам келген окшойт.
– Мен деле мынча адам болорун билген эмесмин.
Өздөрүнчө сүйлөшүп жаткан жубайлар ким сүйлөп жатканын деле элес албай жатышкан. Бегимай сөздүн акырын эле кулагы чалып, төр жакты тиктеп калды. “Эмесе, сөз биздин жетекчибиз, жаш, жигердүү башкаруучубуз Азирет Аскаровичте. .. Келиңиз!” Уккан кулагына ишенбей калды. Өңү кубарып, тиктеген боюнча катты да калды. Микрофонго жакындап келген Азирет элди бир тиктеп алып, жай сөзүн баштады. Алгач баарын жеңиши менен куттуктап, иштерине ийгилик каалап, токтоо, олуттуу сүйлөдү. Өзүнө тигилип турган көздөрдөн да бир адамдын көз карашын өзгөчө сезди. Шатырата чабылган кол чабуулар... Сөзүн бүтүп өз ордуна өтүп бараткан Азирет аны бир тиктеп алды. Көздөрү чагылыша түштү. Бир ирмемде Бегимай үчүн жер астын-үстүн болуп кеткендей туюлду. Ооба, Азирет өзгөргөн экен. Өзү билген шайыр-шатман, эч кимди уруп ойнобогон, өз каалаганын гана кылган боз баш жигит эмес, таасирдүү адамга айланганын байкады. Калтырап жаткан колдорун кармалаган Мурат келинчегине таң кала тигилди.
– Сага эмне болду? Үшүп кеттиңби?
– Жок, баары жайында.
– Анда неге колдоруң мупмуздак? Калтырап жатканын...
Келинчегинин ичке манжаларын бириктире өөп койду.
– Эч нерсе эмес, көпчүлүккө көнбөй калсам керек. Мен бир аз дем алып келейинчи,- деген Бегимай сыртка бет алды.
Балконго чыгып, терең дем алып алды. Жан дүйнөсү бир аз эс ала түштү.
– Салам!
Тез бурулган Бегимай колуна бокал кармап, өзүнө күлүмсүрөй тигилип турган Азиретти көрдү. Ууртунда баягы эле тааныш жылмаюусу.
– Салам!
– Ушинтип жолугуштук кайра...
– Да, жер тоголок, баары бир жолуктук.
Бегимайдын доошу титиреп кетти. Жылмайганы менен, көздөрүнө жаш толуп баратты.
– Өзгөрүпсүң, бирок мен сени кирип келериң менен тааныдым. Чачың сонун болчу, кырктырбай эле койсоң болмок...
Кадимки тааныштардай эле сүйлөшүп жатышты. Тиричилик, ал-бул сыяктуу сөздөрдөн...
– Мурат мени издеп калат, мен кайтайын,- деди Бегимай ордунан козголуп. Азирет алдын торой калды. Бири-бирине жүздөрү тиер-тиймексен. ..
– А мен сени канчадан бери издеп жүрөм?!
– Азирет...
– Мен сени унутам дегем, унута албадым. Өтүп кетет дегем, өтүп кетпей жанымды кыйнады. Азыр мен каалаган нерсенин баары бар, бирок бактылуу эмесмин.
– Токтот...
– Турмушка чыгып, балалуу болгонуңду укканда жинди болуп кете жаздадым.
Бегимай Азиреттен коркуп кетти. Мындай көжөлүп алганда бир нерсенин ичинен чыкчу эле. Көзүн жума терең дем алып алды да, чечкиндүү үн катты.
– Макул, мен бардыгын угам. Бирок азыр эмес.
– Качан анан?
– Башка жерден, башка жолу...
Эмнеге ушинтип айтты? Кийин ушул сөздөрү үчүн канча жолу өзүн урушуп, бармагын тиштеди Бегимай. Бирок айтылган сөз – атылган ок. Чыкты да кетти. Азирет жол бошото берди.
– Мен күтөм.
– Чалба мага.
– Анда өзүң кабарлаш, мен сени чыдамсыздык менен күтөм...
Бошонгон Бегимай тез адымдады. Чындыгында эле келинчеги көрүнбөй калганына кабатырланган Мурат эми издеп чыккан экен. Аны колдон кармаган Бегимай тез сүйлөдү.
– Ооруп калдым, Мурат, тез үйгө кетели...
– Кандайча? Кайсы жериң?
Кабатырланган Мурат келинчегинин чекесине колун коюп, чын эле чыбырчыктап тердеп турганын сезди.
– Кеттик...
Бооруна кыса сүйөй кармап машинасына отургузду. Бегимай машинанын терезесинен Азирет сыртка чыгып, өзүн карап турганын байкады.

#71 20 June 2015 - 11:17
xхх
Азирет үйүнө кеч келди. Машинада көпкө отурду. Атасы жанына басып келбегенде дагы канча отурат эле ким билсин...
– Үйгө кирбейсиңби, сага эмне болду?
– Апамдын ордуна бүгүн сиз мени текшерейин дедиңизби?- деди тамашага чаптырган Азирет машинасынан чыгып. Ата-бала бакча жакка бет алышты.
– Жүрөгүм кармап калды. Апаң байкуштун уйкусун дагы бузуп, убайымга салбайын деп акырын сыртка чыгып басып жүргөм. Байкасам, келгениңе жарым саат болсо да чыкпайсың,- деди энтиккен Аскар Токтосунович.
– Ата, сизди башка өлкөгө алып барып көрсөтөйүнбү? Чет жерде мыкты дарыгерлер бар. Алар...
– Жок, балам, келген ажалдан ким кутулат эле? Көптү көрдү бул байкуш, дагы иштен чыгып калбай түрсүлдөмүш этип жатканына рахмат. Мен кийинки кездери бактылуу болуп жүрөм. Сени таптым, апаңды... Эми...
– Ата, сен мага азыр керексиң. Апама андан бетер.
– Азирет, сага бир нерсе айтайын деп эбин келтире албай жүрөм.
– Угуп жатам, ата...
– “Жакшы айтпай жаман жок” дейт, чын эле бул оорудан турбай калсам, апаңа жакшы кара. Апаң күчтүү көрүнгөнү менен, жүрөгү назик. Ал экөөбүздүн ортобуздагы бүтөлбөгөн жара – Аскаттын өлүмү. Апаң, сыягы, өзүн күнөөлүү сезип жүрөт. Ошол нерсеге көп кыйналат. Өзүм айталбайм батынып... Эгерде мен бир нерсе болуп кетсем, апаңа айт, ал Аскаттын өлүмүнө күнөөлүү эмес. Эгерде ким күнөөлүү болсо, ал менмин. Мен апаңды кечиргем. Балким, күнөөлөгөн да эместирмин. Сүйгөн адамыңды таптакыр күнөөлөй албайсың. Апаң менин жашоомдун эң кызыктуу, эң мазмундуу баракчасы болгон. Ошону эч качан унутпасын. Өзүнө айта албайм, жүрөгүн оорутуп күдүк салгым келбейт.
Атасы уулун тиктеп, эрксизден жүрөгү сыздап турду. Адамга бактылуулук толук берилбесе керек, ар дайым бир жеринен кемитип коёт окшобойбу. Аскар өз өмүрүндө толук бактылуу болгону эсинде жок. Азиретти карап туруп, «Аскат тирүү болсо кандай болот эле?» деген ой кыйнады. Оо, анда Аскат менен Бегимай кандай гана бактылуу түгөйлөрдөн болушат эле. Азирет атасынын эмнени ойлоп отурганын байкаган жок.
– Ата, апамдын өмүрүндө сиз дагы маанилүү адамсыз. Ошон үчүн көпкө жашашыңыз керек.
– Кудай берген жашты жашаармын, балам. Эч нерсеге өкүнбөйм. Бир гана сенин жолуң меникиндей татаал болбосо экен. Акыркы мезгилде көп ойлончу болдум, жашоодо эмнени туура кылдым, эмнени туура эмес кылдым, кайсы жерден кайсы адамга кастык жасадым. Ошонун баары сага кесирин тийгизбесе экен дейм. Азирет, бул жашоодо кимге жамандык жасасаң, ал эки эселеп кайтат. Менин буга көзүм жетти. Ошондуктан ар бир кыймылыңды ойлонуп ташта. Сабырдуу бол!
– Албетте, ата...
Күрсүлдөй жөтөлүп басып кеткен атасын кейип карап турду да, үйгө кирди.
Алина баласын эмизип жаткан экен, кылчайып карап калды. Ушул отурушунда ушунчалык мээрим, аялзатына тиешелүү назиктик, боорукерлик бар эле. Азирет көпкө тиктеп калды.
– Ушундай, козголбой отуруп тур...- деп текчедеги фотоаппаратты алып, шыкылдата тартып кирди.
– Эмне болуп кетти?
– Көзүмө сонун көрүнүп кеттиң. Ыйык Мариянын сүрөтү бар го, ошого окшоп... Тартып калайын да...
Моокуму канганча тарткан Азирет сүрөттөрдү тиктеп өзүнчө кобуранып жатты.
– Жарык анча жакшы болбой калды. Эмдигиде дагы тартам....
– Эмне кеч келдиң, жаным?
– Кеч келген жокмун. Атам сыртта жүргөн экен, бир топ сүйлөшүп калдык.
– Баары жакшы болдубу?
– Супер! Баары ойдогудай.
Азирет көзүн ала качып жатты. Бүгүнкү күндөн кийин аялы экөөнүн ортосунда билинбеген дубал туруп калгандай сезилди. Бардыгынан оору ушул. Оюнда башка адам турганда аялын кучагына кысуу, эркелетүү кыйын. Көзүн жалдыратып өзүн тиктеген аялынан коомайлана кысынып кетти.
– Сен уктай бер, мен бир аз иштешим керек.
– Айданек...
Эмне болду?
– Азирет, мен корком, ымыркайды үйгө алып келгенден бери жанына жакын келип колуңа албай койдуң. Өмүр бою кызыбызга ушундай мамиле жасап каласыңбы деп корком. Карасаң, кандай татынакай кызыбыз бар...
Азирет айласыздан наристе жаткан керебетке эңилди. Чын эле төрөтканадан чыгарып келгенден бери серп салып караганы ушул. Периштедей татына кыз экен... Аттиң, бирок өзүнүкү эмес.
– Колуңа алсаң,- акырын шыбырап, жалжылдап өзүнөн үмүт кылып турган келинчегин аяп кетти.
Колуна алып, наристенин жүзүнөн акырын сүйдү.
– Айданек, сен жакшы кызсың, ээ? Сен акылдуу кыз болуп чоңоёсуң, ээ? Апасынын кызы...
– Азирет, биз бактылуу болобуз. Ошого ишенеличи, жаным, кызыбыз менен бактылуу болобуз.
Алина кызды олдоксон кармап турган күйөөсүнүн жанына келип кучактай калды. Азиреттин бир колунда наристе, мойнунан кучактаган келинчеги, а жүрөгү, ойлору, сезимдери таптакыр башка адамда...
Чыдабай кетти.
– Алин, мен... мен бүгүн Беманы көрдүм.
– Кайдан?
– Күйөөсүн биздин фирма жумушка алышыптыр. А мен ал тууралуу билбегем. «Үч тилде суудай сүйлөгөн, ишкер, мыкты кызматчы болот» деп айтты Максат байке. Ошо, аялы экөөнү чакырган экен, ресторандан көрдүм.
– Эми эмне болот?
– Эч нерсе болбойт.
– Азирет!
– Кабатыр болбо! Мени сенден эч ким эч качан ажыратпайт. Алардын өздөрүнүн үй-бүлөсү бар. Уулу бар. Бирөөнүн бүлөсүн, өзүмдүн үй-бүлөмдү бузгандай мен жинди белем?!
Азирет ушинтип ишендирди. Өзү да ишенбей турган сөздөргө келинчегин ишендирди...

#72 20 June 2015 - 11:20
ххх
Бул жолугушуу экөөнүн тең тынчын алды. Бегимай уктап жаткан күйөөсүнүн кучагынан чыгып, уулунун бөлмөсүнө кирди. Адатынча көмкөрөсүнөн түшүп уктап калган экен. Чоңоюп бараткан сайын Азиретти эсине түшүрчү болду. Өңүнөн анчалык байкалбаганы менен, мүнөзү так атасындай. Кабагын түйүп нааразы болуп карап калганы, кайра тез ачылган күндөй маңдайы жаркып кеткени... Бир өжөрлөнүп алса деги эч нерсеге токтобойт. «Уулум, эмне деген тагдыр күтүп турат экөөбүздү? Эмне кылып койдум? Эми өз нугуна түшүп келе жаткан жашоомду атаң дүрбөлөңгө салды да койду. Ал эми артка кайтпайт. Мен аны жакшы билем... Мен ага канчага чейин каршылык көрсөтөм? Күчүм жетеби?»
Айтор, экөө тең уйкусуз түндү башынан өткөрүштү. Түнү менен уктамыш болгону менен, күйөөсү ала салып уктабай чыкканын сезген Алина да бир нерседен жүрөксүп турду. Таң эрте келининин кабагы салыңкы экенин байкаган Мариям акырын кепке тартты.
– Кечээ Азирет кеч келдиби?
– Ооба, сыртта атам менен отурган экен.
– А сага эмне болду?
– Бегимай! Азирет аны көргөнүн айтты.
Мариям эмне дээрин билбей калды. Экөө үнсүз чай ичишти. Азирет күнү бою телефонун колунан түшүргөн жок. Иш менен бир аз алаксыганы менен саатты карап, бирде чөнтөк телефонун карап тыбырчылайт. Бирок ал телефон чалбады. Ошондой күтүү менен 3 күн өттү арадан. Чыдамы кеткен Азирет эми өзү чалды.
Гудок кеткени менен албай жатты. Телефонду таштап жиберип отуруп калды. Алдастап терезеге барып, кайра келип, өзүн-өзү жемелегени менен пайда чыкчудай эмес. Көөдөнү Бегимай дейт да турат. «Баары бир экөөбүз сүйлөшүшүбүз керек. Телефонуңду ал» деген кыска билдирүү жазды. Анда да жооп келген жок. Ошентип, таптакыр жооп бербей бир жума өттү. Бул күндөрү Азирет кара булуттай түнөрүп, эч ким менен сүйлөшпөй, кабагы ачылып күлбөй калды.
– Балам, сага эмне болгон?- деди Мариям.
– Эч нерсе. Иш көп болуп жатат.
– Сени анчалык ким кыйналып иште деп жатат? Өзүңдү ойлобойсуңбу?
– Апа, азыр бир аз көбүрөөк иштеп алышыбыз керек. Ким кыйнады дейсиз да, өзүмдү өзүм эле.
– Иш эле болсо, анда чечилчү маселе экен,- деди апасы дагы деле сынай тиктеп.
– Апа, мени рентгендей эле тартып билип коёсуз, ээ?- деди айласыз күлгөн Азирет.
– Сени жакшы билем. Апасы үчүн бала эч качан чоңойбойт. Мына өзүң атасың, бирок дагы деле кыялың баягыдай.
– Баса, Айданек сизге түспөлдөшүп баратат окшойт, ээ, апа?- деди сөздү башкага бурмакка аракет кылган Азирет.
– Билбейм, ошондойбу? Жүрөгүмдүн жарымы болду ал кыз.
Жай тириликке өтүп кетти ошентип сөздүн нугу. Азирет ошону менен тынчып калбады. Бир күнү Бегимайдын атасынын үйүнө барды.
– Саламатсызбы?
– Саламат...- деди таң кала эшик ачкан Бегимайдын апасы.
– Мен Бегимайга жолугайын деген элем.
Азиреттин кандай адамга болсо да жагып, сүйлөшүп кеткен сапаты жардамга келди. Апасынан Бегимайдын үйүнүн дарегин алды да, түз эле ошол жакка жөнөдү. Машина учуп-күйүп багытынан жазбай бара жатты. Азирет «барганда эмне кылам, эмнеге жолукканы жатам?» деп деле ойлогон. Болгону бир көрүп, сүйлөшкүсү келди. Эшикке жетип терең дем алды да, коңгуроосун басты. Эшик ачылып, 1 жарым жашар болпойгон баланы көтөргөн бейтааныш кыз чыкты.
– Ммм, мен жаңылышып калдымбы?- деп баратып анын колундагы балага көзү түштү. Кашы-көзү капкара, балбылдай тиктеген бала аны таанып койгондой күлүмсүрөй тигилди.
«Беманын баласы... Өзүнө окшош экен!» деп алды ичинен. Талпынып жаткан балага эрксизден колу созула берди.
– Сиз кимсиз?- таң калган бала багуучу баланы оолактата.
– Менби? Мен... А Бегимай кайда?
– Иштери менен кеткен.
– Качан келет?
– Ал тууралуу айткан жок...
Азирет сурап отурбай эле баланын маңдайынан сылап, чекесинен өөп алды да, артка кайрыла берди.

#73 20 June 2015 - 11:22
Үй-бүлөнүн куштун канатындай жайлуу, тынч кечи болчу. Бегимай тамак даярдап жатып үн салды.
– Мурат, тамак даяр, уулуңду ала кел.
Алар кечиккенинен уулунун бөлмөсүнө кирип, Мурат менен баласы күрөшүп ойноп жатышканын көрүп бактылуу жылмайып алды.
– Силер – менин бактымсыңар! - деди күлүмсүрөп.
– А сен – биздин ханышабызсың. Айтчы, уулум, апаң биздин сулуубуз, ээ?- деди Мурат шайдоот үн сала.
Чын дилинен айткан бул сөздөр мурункудай Бегимайдын жүрөгүн жылытпады, тескерисинче, өзүн күнөөлүү сезип, көзүн ала качты. Мурат босогодо жөлөнүп турган Бегимайдын көздөрүнөн өөп, анан колундагы Аскаттын көзүнөн өптү.
– Апаңдын көзүн сага салып койгон да.
Эшиктин коңгуроосу шыңгырап калды. Узак чырылдаган коңгуроодон жүрөгү зырп эткен Бегимай эшикти коркуп карап алды. Азирет! Дал ушинтип эшик ачылмайынча колун албай тура берген адаты бар эле. Дароо ошол экенин сезди.
– Ким бул? Сен бирөөнү күтүп жаттың беле?
– Жок, эч кимди күтпөгөм. Азыр ачам.
Эшикти ачкан Бегимай шалдая түштү. Колунда бир кучак гүл, эч нерсе болбогондой жадырай жылмайган Азирет турган экен.
– Кайырлуу кеч!
– Сенби? Сен...
– Мен!
– Азирет, суранам кет!
– Кеч эми, көзүмө көрүнбөшүң керек эле. Мен иштей албай калдым. Тамак иче албайм, уктай албайм, көз алдымда турасың...
Ушул учурда Мурат чыга келди. Анын таң калган көздөрүн тиктеп аялынын жүрөгү шуулдап жатты.
– Азирет Аскарович?! Сиз...
– Саламатсыңбы, Мурат? Бема, мени күйөө бала менен тааныштырасыңбы же өзүм тааныша берейинби?- деди Азирет.
– Азирет... бул биздин...– Биз эски тааныштарданбыз. Үйлөнүү тоюңарда болгонубуз менен, бул кыз бизди тааныштырып койгусу келбеди. Кийин сен биздин компанияда иштеп калган экенсиң, Бегимай экөөбүз жолугуп калдык. Чынбы, Бема?
– Ооба, Азиретти биздин үйгө мен чакыргам, Мурат. Бирок бизге айтпай чукул келип каларын билбепмин.
– Анда эмне босогодо турабыз? Кириңиз...
– Бул сага!
Гүлдөрдү колуна алган Бегимайдын жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй түрсүлдөгөнүн айт. Өзүн канчалык колго алайын десе да болбой колдору калтырап, вазаны араң тапты.
Ал эми кичинекей Аскатка чакыртпай келген конок өзгөчө жакты. Жанына барып, бакырая тиктеп күлүмсүрөп койду да, быйтыйган колдорун суна берди.
– Биздин уулубуз!- деди Мурат уулун сыймыктана тиктеп. – Конок келгенин жакшы көрөт.
– Менин да кызым бар. Аты – Айданек. Аны сага тааныштырам, - деди балакайдын башынан сылаган Азирет.
Аттиң, өзүнүкү экенин билбей туруп ушинтип айтты. Бегимайдын өңүнө окшош экенин гана байкап, жылмайышы өзүнүкү экенин билбеди.
– Кут болсун! Сонун уулуңар бар экен. Бир аз чоңойсоң, менин кызым менен чогуу ойноп каласың. Баса, биздин үйгө да конок болуп кеткиле. Мен эле эмес, аялым Алина да Бегимайдын жакын курбусу.
– Билбептирмин. Бегимай айткан эмес.
– Биз, эркектер, мындай нерселерге көп маани бербейбиз. Мисалы, силердин уулдуу болгонуңарды аялымдан уктум.
– Азирет, чайга кара...
– Аа, чайбы...
Азирет чыныдагы чайдан ууртап отуруп, айланасын бир карап алды. Таза, тыкан, ашыкча эч нерсеси жок, жарык ашкана экен. Мына ушундай бакытты каалаган эле. Бегимай жасагантамакты жеп, анын колунан чай ичип, ал төрөгөн баланын атасы болууну ушунчалык каалаган. Үй-бүлөлүк бакыт деп ушуну элестетчү. Азыр өзүнө эмне жетишпей жатканын, кандай күч алып учуруп жанын кыйнап жатканын түшүндү. Ал Бегимайдын жанынан гана тынч алмак. Ушунун баары аныкы болуш керек эле. Жүрөгү кысылып, башына кан тээп чыкты. Келгенине да өкүнүп кетти.
– Азирет Аскарович, айттырбай келип калыпсыз. Биз конок күткөнгө даяр эмес элек. Мен сыртка чыгып... Коньякпы же?..
Бегимайдын көздөрү алайып кетти.
– Азирет машина айдап жүрсө керек. Анын үстүнө Алина экөөнү чогуу чакырабыз. Ошондо сыйлайлы.
– Күйөө бала сыйлагысы келип жатса, менин каршылыгым жок...- деди Азирет күлүмсүрөй.
Мурат Бегимайды эркелете тиктеп алып чыгып кетти. Ал чыгып кеткенден кийин экөө бир азга унчукпай отуруп калышты.
– Азирет, бул эмне кылганың?
– Менден качканың жаныма батып кетти. Качпачы менден...
Бегимай коркуп кетти. Бир аз жанында дагы отурса... Ордунан туруп баратканда Азирет эки аттап жетти да, каруудан алды. Көздөрүнө тиктей берди.
– Эсиңе кел!
– Мен эсимди жоготконума көп болду. Сагындым сени, ушунчалык сагындым. Болуптур, бир эле ирет жолугалы. Анан тынчыңды албайм. Сени менен сүйлөшкүм келет. Мендеги сезимдерди айтып албасам жарылып кетчүдөймүн. ..
– Менин үй-бүлөм бар, сенин дагы... Эми эмнеге жолугабыз? Эки жандын убалы бар. Азирет, кыйнабачы... Менин кыйналганымды өзүмдөн жакшы билген адам жок. Эми гана жаным жай алып келе жатат. Суранам, жашоомо киришпечи...
Азирет эч нерсени укпады, кайда, кимдин үйүндө турганын да унутуп калды. Бегимайды кучагына кысып:
– Мени эч нерсе токтото албайт эми.
– Коё бер, Азирет.
– Жолугам дечи...
– Макул, азыр коё бер,- деди айласы кеткен Бегимай.
Азирет энтиге отуруп калды. Ортолорунда экөөнү алмак-салмак тиктеген кичинекей Аскат, дубалда сааттын чыкылдаганы. .. Мурат келип, бир аз отурган соң Азирет кеткенге камынды.
– Дагы жолугабыз, күйөө бала, карындашымды өзүм куттуктап коёюн деп эле шашылыш келип калгам.
– Экөөңдүн тааныш экениңерди билген эмесмин. Эми, Кудай буюрса, жолугушуп турабыз.
Бегимай эшик жабылар менен оор үшкүрүп алды.
– Кызык, тааныш экениңерди өткөндө эмнеге айткан жоксуң?
– Унутуп калыпмын.
– Өзү келгенине караганда жөнөкөй тааныштык эмес го дейм,- деди Мурат кызгана.
– Мурат!
– Жок, жаным, сенден шектенбедим. Мен сага өзүмө ишенгендей ишенем. Бирок күтүүсүз келгени кызык болду.
– Аскаттын уйкусу келип жатат. Мен баланы уктатайын...
– Мейлиң, жаным...
Аялынын аркасынан үнсүз караган Мурат ойго чөктү. Бегимай ошол түндү уйкусуз өткөрдү. Көзүнөн аккан жаш жаздыкка тамып жатты. Карегинен жалын чачыраган Азирет, анын сөздөрү... Ошол сезим өзүндө жокпу? Өзүнүн да сагынганы калппы? Канча жыл алыста жүрдү, кубалады ошол сезимди. Бирок... Эми эмне болот? Мурат эмне болот? Мураттын сезимин, ишенимин кантип сындыра алат? Түнү менен ойлонду. Туюкка капталган аркардай жан далбастап, бул капкандан кантип чыгып кетүүнүн амалын ойлоп таң атырды.

#74 20 June 2015 - 11:24
ххх
Аскардын абалы күндөн күнгө начарлоодо. Мариям колунан келген нерсенин баарын кылат. Анан да таптакыр көгөрүп ооруканага жаткысы келбей койду. «Мени өлүмдөн алып калчу адам маңдайымда турат. Сенден бир аз алыстасам, дароо өлүп калам, байбиче. Үйдөн эле өзүң билгендей дарыла» деп кол шилтеп койгон. Азирет дендароо абалы менен атасынын абалын да байкабады.
– Ази, атаң катуу ооруп жатат.
– Эртең менен жакшы эле көрүндү го.
– Билбейм, уулум, коркуп жатам. Такыр алы калбай калды. Өзүнүн да жашоо менен күрөшкүсү жок.
– Азыр кайда?
– Айтпады. Бирок уулуна кетти окшойт.
«Уулуна кетти!» Ушул сөз баары үчүн оор эле. Атасы көп учурда үйүндөгүлөргө айтпай Аскаттын мүрзөсүнө жөнөп кетчү.
– Азыр мен аркасынан барам.
– Жалгыз эмес, айдоочу менен кеткен.
– Ошентсе да, апа, сиз кабатыр болбоңуз.
Азирет машинасын көздөй жөнөй берди. Күмбөздөн тагдырдын дагы бир чоң сыноосу күтүп турганын эч ким билген эмес..
Шаардын четинде жайгашкан мүрзөгө келип отурганына көп болгон. Аскар уулунун сүрөтүн тиктеп оор күрсүндү. “Уулум, кандай гана адам болот элең? Сенсиз дагы деле жашай албай жүрөм. Баарынан оору – сенин өлүмүңө өзүмдү күнөөлүү сезгеним. Мен ошол аялды албаганда, биздин жашообузга аралаштырбаганымда баары башкача болмок. Бул тууралуу эч кимге, атүгүл апаңа да айта албайм. Мен бул жакта кыйналсам, ал бечара өзүнчө кыйналып жүрөт. Өзөгүбүздү өрттөп кеттиң, балам” деп жатты ичинен. Көпкө отурду. Аркасынан дабыш чыкканда гана бурула берди. Кичинекей уулун жетелеген Бегимай келе жаткан экен. Келин башын жерге салып кандайдыр бир оор ойдун жетегинде. Атүгүл чукул келгенге чейин Аскарды байкабады. Бегимай жакын келгенде гана көрдү да, селейе туруп калды. Аргасыз аны көздөй кадамдай берди.
– Саламатсызбы, Аскар Токтосунович?
– Жакшы, кызым. Кандайсың, айланайын?
– Негедир сиз экөөбүз дайыма ушул жерден жолугабыз, ушуну байкадыңыз беле?
– Анткени Аскатты экөөбүз билгендей эч ким билчү эмес. Жаш болуп эч кимдин көңүлүндө да калган жок курган балам. Карачы, жылдар өттү, мүрзөсүнө тиккен дарактар да бой көтөрө баштады. А Аскатым жок, мен дагы деле тирүүмүн. Кээде тирүүлүгүм да оор жүк болуп кетет.
Бегимай мүрзөгө жакын келип, Аскаттын сүрөтүн жүз аарчысы менен аарчый берди. Бир аз отурушкандан кийин Аскар акырын сөз баштады.
– Жолдошуң жакшы жигит көрүнөт. Жашооңор жакшы элеби?
– Мураттын көп сапаттары Аскатка окшош. Уулун жакшы көрөт.
– Бул уулуңарбы, ой азамат десе, келчи...- деп эми балакайга көңүлү түшкөн Аскар аны тиктеп селейе түштү. Көптү көргөн кыраакы көздөр баланы айланта тиктеп алып, жүрөгү бир башкача сокту. Темтеңдей өзүнө талпынып баскан баланын ууртундагы жылмаюусу тааныш... Баланы бир тиктеп, мүрзөдөгү сүрөттү бир тиктеп, катты да калды. Аскат менен Бегимайдын уулу окшош эле! “Кандайча, кайдагы окшоштук, алжып баратканмын го?” деди өзүн-өзү шылдыңдай. Бирок баары бир тааныш үрөй!
Балким, башкага байкалмак эмес, бирок 1 жашынан баштап чоңойткон ата бул окшоштукту байкабай коюшу мүмкүн эмес болчу.
Көзү ымыр-чымыр боло түшүп, колдору карышып калды.
– Аскар агай, сизге эмне болду?
– Коркпо, кагылайын. Мен ушинтип калбадымбы. Жүрөгүм кээде кармап калат. Азыр өтүп кетет,- деди Аскар оор дем ала.
Ушул учурда Азирет атасынын аркасынан келе жаткан. Мүрзөнүн арасынан атасынын караанын эмес, Бегимайды көргөндө таң кала түштү. Кийин атасы оор дем алып скамейкада отурганын көрүп эси чыгып кетти. Чуркап жетип атасынын колдорун ушалап жиберди.
– Ата!
– Эч нерсе эмес, коркпогула. Азыр дарымды ичип алайын,- деген ал төш чөнтөгүнөн дарысын алып, оозуна салды.
– Бема?! Сен кайдан?
– Эртең менен келгем. Аскар агай ушул жерде экен. Анан сүйлөшүп жатып эле...- корккон Бегимай уулун бооруна тартты.
Азирет чыдай албады. Алайып коркуп турганы да көзүнө ысык көрүндү. Бегимайды ийинден ала кучактай берди. Бегимай атасынын көзүнчө силкинип тура кала албады. Аскар экөөнүн ортосунда көзүн алайтып турган кичинекейди көпкө тиктеп турду да, кимге окшоштурганын, балада эмне сыр жатканын түшүндү. Адамда алтынчы туюм деген болот. Ушундан кийин Аскар наристенин жүзүн унута албай жатты. Андан да Азиреттин кандай мээрим менен Бегимайды кучактаганын эсинен чыгара албады. “Унута албаган экен, алигиче экөө тең бири-бирин унута албаптыр” деди каңырыгы түтөй. Анын жүрөгүндө бүдөмүк бир ой жүрөт кыйнап.
– Чоң атабыз эмне ойго түшүп калган?- деди Мариям Айданекти көтөрүп келип.
– Жөн эле, байбиче...
– Сени бир нерсе тынчсыздандырып турат.
– Азирет менен Алинаны эле ойлонуп жүрөм. Балалуу болушпаса кантер экен?
– Булчу, бул кыз бала эмес бекен?- деди Мариям кызын көтөрө берип.
– Билбейм. Айтор, көп нерсени ойлончу болдум. Өткөндө Аскаттын мүрзөсүнө барып, Бегимайды жолуктурдум. Байкуш келинге боорум ачыды. Уулун ээрчите келиптир, анын аты да Аскат экен. Анан Азирет келип калды. Ай, байбиче, уулуң алигиче ал кызды унутпаптыр. Дагы бир нерсенин ичинен чыгат го бул турушу менен. Байкуш кыз эми өз жашоосун эптеп келе жатканда дагы жүрөгүн оорутпаса экен деп ойлодум. Дагы далай нерселер бар го экөөнүн ортосунда... - деп барып токтоп калды.
– Эмне бар болушу мүмкүн?
Аскар үн катпады. Ошол убактарда ден соолугу начарлап, ооруканага жатып калды. Байбичеси кеткенден кийин Бегимайга чалып, келип кетүүсүн өтүндү. Бегимай баш тарта албайт эле. Уулун бала багуучусуна табыштап коюп, ошол күнү ооруканага келди. Аскар бөлмөгө кирип келген Бегимайды көрүп, ордунан тура калды.
– Кандайсың, кызым?
– Жакшы, Аскар агай, ден соолугуңуз жакшыбы?
– Дурус эле.
Экөө ээрчише оорукананын бакчасына чыгышты. Жай тириликти сурашып бүткөн соң Аскар андан ары сөз улай албай токтоп калды. Кантип сурайт? Ансыз да көңүлү жаралуу немеден “балаң кимден?” деп сураш адамгерчиликпи? Сурабай коёюн десе, ичи жарылып кетчүдөй. Акыры бар күчүн жыйнап:
– Кызым, мен сени өз кызымдай көрөм. Ойлобо, сени күнөөлөйт деп... Бирок уулуңду көргөндөн бери жүрөгүмө бир күдүк түшүп калды. Жанымды жай алдырбаган да ошол,- деди.
– Ыя? Эмне тууралуу айтып жатасыз?!
– Мен, өзүң билесиң, Аскатты апасы жок өстүргөм. Ар бир кыймылы, ар бир жоругу көз алдымда. Сенин уулуңдан мен өз баламды көргөндөй болдум. Ошондон бери тынчый албайм. Бегимай, кызым, жаман ойлой көрбө. Болгону, мен чындыкты билгим келет... Бала... сенин уулуң... бизге... Азиретке тиешеси барбы?
Бегимай жонуна кимдир бирөө камчы менен тартып жибергендей ыргып турду. Ачуусунан туттугуп кетти. Бул суроого даяр эмес эле. Түпкүрдүн түбүнө каттым деген сыры булт эте ачылганына жаны кашайып кетти.
– Сиз эмне деп жатасыз? Кантип мага бул суроону бергенге дитиңиз барды? Аскат... Жок, албетте, жок! Андай болушу мүмкүн эмес.
Аскар андан көзүн албай тигилип турду да, жай башын чайкады.
– Болуптур, мен өзүмдүн суроомо жооп алдым,- деди ал күрсүнө. Анан акырын туруп, палатасына жөнөмөй болду. Ошол кезде шалдайып турган Бегимай анын узап баратканын көрүп, кыйкырып жиберди.
– Сиз кайда кетип баратасыз? Токтоңуз, сизге чындык керекпи, мен баарын айтып берем! Мен дагы кыйналдым. Мындан ары чыдай албайм!- деди жаш аралаш.
Аскар токтоп, артына кылчайды. Жүзүнөн салаалап жаш агып турган келинди аяды. Жанына келди да, кучактай берди. Бир аздан кийин Бегимай жашын сүртө ордунан турду.
– Кетесиңби?
– Кетейин.
– Жакшы бар, кызым.
– Билесизби, бир чети сиздин бул сырды билгениңизге кубандым. Жок дегенде бир адамга келип айтам эми. Жок дегенде бир адамдын жардамына, кеңешине таяна алам. Бирок эч качан, эч убакта сизден башка жан билбесин. Айрыкча Азирет билбесин. Анын азыр үй-бүлөсү бар. Алина экөөнүн үй-бүлөсүнө залакам тийип калбасын. Сиз мага убада бердиңиз. Сизге айтпай деле койсом болмок. Бирок кыйналып кеттим. Бул сыр мени тумчуктуруп жиберди.
– Мен берген убадамды унутпайм. Рахмат, кызым, мени атаңдай көргөнүңө рахмат. Мен дагы сенин тагдырыңа жооптуу сезем өзүмдү. Анткени Аскат экөөңдүн сезимиңер менин көз алдымда жаралган. Уулумдун мага айткан биринчи сыры Бегимай деген кыз болчу. Бир күнү сага белек жасайм деп түнү менен уктаган эмес. Ошонун баары көз алдымда. Менин көз алдымда бактыңар да урады.
– Аскар агай, Азирет Аскатка окшош эмес, ээ? Жер менен асмандай айырмасы бар. Бирок баары бир окшош...- деген Бегимай дагы бир нерселерди эркинен тыш айтып жибере жаздап токтоду.
– Туура байкапсың, экөө эки башка адам. Бирок баары бир окшош да мүнөздөрү бар,- деди Аскар улутуна.
– Азирет бактылуубу?
– Бакыт деген эмне, айланайын? Ал – эми жетем деген сайын колуңдан чыгып кетчү нерсе, аны кубалаштын кереги жок. Азиреттин жакшынакай келинчеги, кызы бар. Сезсе ошол деле бакыт.
– Кечирип коюңуз.
– Сен мени кечир.
– Мурат экөөбүз дагы келип кетебиз.

#75 20 June 2015 - 11:26
Жашыруун сыр ачыкка чыкты. Бирок ал Бегимай менен Аскарды жеңилдете албады. Ал эми Азирет дагы деле Бегимайды бир көргөнгө зар. Бегимай «чалам» дегени менен чалбады. Азирет эми андан да кооптуу оюнду баштады. Коридордо жолугуп калган Мурат менен атайын токтоп учурашып, «күйөө бала, силерди конокко чакырайын дегем. Дем алыш күнү келип кеткиле. Бирок Бегимайга менин чакырып жатканымды айтпай эле кой. Мен да аялыма айтпай сюрприз жасайын деп ойлодум» деди. Жетекчисинин бул сөзүнө таң калганы менен, Мурат аргасыз башын ийкеди.
Ойго тунуп турган күйөөсүнүн ийинине башын койгон Бегимай анын бир нерсеге тынчсызданып турганын байкады.
– Сага эмне болду, Мурат?
– Эч нерсе, чарчасам керек.
– Бир нерсе сени кыйнап тургандай...
– Бема, бир суроо берейинби?
– Ии...
– Сенин мурунку жашооңдо Азирет Аскарович кандай роль ойногон?
Бегимайдын жүрөгү солк эте түштү. Башын көтөрө аны тиктеп калды.
– Эмне болду?
– Билбейм, Азирет негедир сага жолуккусу келгендей, а сен андан качып жүргөндөй таасир калтырдыңар мага... Ал мага бүгүн жолугуп, экөөбүздү мейманга чакырды. Бирок сага айтпашымды суранды. «Аялыма сюрприз жасайт элем» дегендей мааниде айтты. Бирок...
– Мурат, анын аялы Алина экөөбүз бир кезде жакшы курбулардан элек. Балким, алыстап баратканыбызда жакындаткысы келгендир. Ошон үчүн эле ушундай ойго кабылдыңбы?
Мурат өзүнө тигилип турган көздөрдү аяр өөп алды.
– Мен сени жоготкум келбейт. Билесиңби, кээде арман кылам. Сени менен эч нерсе боло электе жолуксам, ошол кездеги ак, таза жүрөгүңө ээ болсом кандай жакшы болмок. Мен сенден эч нерсе сурагым келбейт. Мурунку жашооң экөөбүздү алыстатат деп ойлоп, ошондон сени сактагым келген. Мен сени жакшы көрөм, Бегимай!Мындай сөздөрдү уккан ар бир аял өзүн бакыттын жетинчи кабатында сезмек. Бирок бул сөздөр Бегимайдын дилин өрттөп, муунтуп жатты. Эх, бүт баарын айтып бере алса кана?! Эмне болгон кыйноодо жүргөнүн, кандай дил азабынан кыйналып жатканын айтса, балким, ошондо көкүрөгүн өйүткөн оордуктан кутулат беле... Азыр эч нерсе кыла албайт, тек күчү көз жашынан чыкты.– Эмнеге ыйладың?
– Кубанып, жаным. Мен сендей жакшы адамга, ушундай сүйүүгө туш болгонума бактылуу болуп ыйладым. Эч нерсеге карабай мага жылуулук бересиң. Сенсиз мага алда канча оор болмок. Мени эч качан таштаба, билбейм кийин кандай жагдай болот, ким сага мен тууралуу эмне айтса да мени таштаба. Мен сенсиз алсызмын...
Мураттын кучагында Бегимай ысык жашка бетин жууп ушуну айтты.
Азирет терезеден алысты тиктеп ойлуу отурган. Телефону шыңгыр эте көңүлүн бөлдү. Тааныш номерди көрүп жүзүнө күлкү аралады.
– Алло...
– Менин үй-бүлөмдү тынч кой. Жанымды кыйнабачы, Азирет. Эмнеге бизди конокко чакырдың? Кандай кооптуу оюнду баштадың билесиңби?- деди Бегимайдын кысылыңкы чыккан үнү.
– Андан башка эч нерсе оюма келбей койду. Эмне кылайын менден качып жатсаң?..
– Унут мени!
– Анте албайм. Жок дегенде бир жолу кездешүүбүз керек.
– Жок!
– Мен сага андан кийин жолобойм... Бир жолу ээн жолугалы. Мен сага баарын айтып берем. Ансыз тынчый албайм.
– Жок! Барбайм, суранба менден. Азирет, мага кандай гана оор экенин билген болсоң...
Азирет бир топко үн катпай турду да, акырын шыбырады.
– Сен өзүң деле келгиң келип жатат, билип турам... Мен сени кандай сагынсам, сен да сагындың мени. Сен менсиз жашай албай баратасың. Көчөдөн карааным көрүнүп калабы деп сен да мени издейсиң. Баш чайкаба, баары ошондой. Сен менден кеткенден кийин катуу өкүндүң, ыйладың, сагындың. Мен да ошенттим. Ачуум менен Алинага үйлөнүп алганыма катуу өкүндүм. Уфф, ушунун баарын сага айтып беришим керек. Мобул жерим ооруйт да турат. Кел, суранам... Сен коркуп жаткан нерсе экөөбүздүн ортобузда болбойт.
Бегимай оор улутунду.
– Күтөм! Мен айткан дарекке эртең саат 7де кел.
Ушуларды айткан Азирет шашыла трубканы коё салды. Бул жолу ашыгынын келерин жүрөгү сезип турду.

#76 20 June 2015 - 11:27
ххх
Саатын улам-улам карайт. Ар бир мүнөт сайын өлүп, кайра тирилип жаткандай болду жигит. 7:30 болгондо эшик аяр тыкылдады. «Бема!» деди өзүнөн мурун жүрөгү. Эшикти ачып күлүмсүрөй берди.
– Салам!
– Кандай?!
Бөлмөгө кирген Бегимай айланасын чочуй карады. Экөө тең бир топко үнсүз туруп калышты.
– Убактым аз эле. Мурат жумуштан келип калат.
– Оюмда көп эле нерсени айтам деп ойлогом. Азыр сөз табылбай жатат...
– Азирет!
– Ов!
Бегимайдын капкара каректери жалтана түштү.
– Мени коё бер. Оюңдан да, жүрөгүңдөн да чыгар мени...
Азирет Бегимайды так көтөрө кучагына кысты. Канчадан бери күч менен кармап жүргөн сезимдерине эми ээ боло албай калды. Кандайдыр бир албуут күч алып учуруп, дүйнө чимирилип бараткандай сезилди.
– Коё бере албайм! Сен меникисиң!
– Азирет, Ази... Суранам, менин алсыздыгымдан пайдаланба. Мен сени... мен сени... Сүйөм!
Ушул сөз Азиреттин чарк айланган дүйнөсүн токтотту. Өзүн күч менен токтотуп, Бегимайдын чачтарынан аяр сылап, көзүнүн жашын акырын сүрттү.
– Мен эч качан сени эркиңден тыш мажбурлабайм. Сени сагындым. Жытыңды сагындым! Көзүңдү сагындым!
– Мен кыйналдым. Мурат экөөбүз үчүн, биздин тагдырыбыз үчүн күнөөлүү эмес. Анын жапа тартышын каалабайм. Уулум, сенин үй-бүлөң... Ушунун баары экөөбүздүн айыбыздан кыйналышат. Ошол адамдарды кыйнап, экөөбүз бактылуу боло албайбыз. Туура, мен адашып калдым. Сени, жалгыз сени сүйөрүмдү кечигип түшүндүм. Ал кезде Аскат деген азабым бүтө элек кез болчу. Жараатым али ачыштырып турган. А сен келдиң да, анын ордун ээлеп алмай болдуң. Мен Аскатты али унута албай жүргөнүмдү, мезгил жараатымды дарылай элек экенин түшүнгүң келбей койду. Адатыңча мени шаштырдың. Менин даяр эмес экенимди билбей туруп барып үч күндүн ичинде Алинанын колун сурап, макулдугун алганга жетишипсиң. Ах, Азирет, менден өч алуу үчүн гана ошону кылганыңды түшүнбөдү дейсиңби...
Сени унутуш үчүн, дегеле оор өтмүшүмдү унутуш үчүн кеткем. Бирок Мурат жолукту. Ал менин жаралуу жүрөгүмдү гана айыктырган жок, Мурат мени жашоого кайрып келди. Эгерде сен жолумдан жолукпасаң. .. Эки ортодо кыйналдым.
Азирет кучагында ыйлап, мөгдөп, бар сырын ортого салып турган перисин жаны ачыша аяды.
– Мени ушунчалык таш боор дейсиңби?! Сенин абалыңды түшүнүп турам. Айрыкча уулуңду көргөндөн бери менде уйку жок. Балакай ушунчалык сүйкүмдүү, адамга жакын экен. Колума алыштан, кучагыма катуу кысып коркутуп аламбы деп корктум. Көздөрү капкара, сенин кичине кезиңди элестеттим. Мени эч нерсени ойлобойт дейсиңби? Ал атасы менен эркелешип отурганда ичимдин өрт болгонун сураба. Ал бала да, анын апасы да меники болушу керек эле.
Азирет менен Бегимай көпкө сырдашышты. Жүрөктүн түпкүрүндө катылып жаткан сырларын айтышты. Туура, Бегимай бир гана сырын айтууга батына албады. Бул жолугуу эки жээкте, эки башка калкып жүргөн эки адамдын дилин бириктирди. Мурункудан да жакын, ысык болуп баратышканын өздөрү да байкашпады.
– Мен сенден эч нерсе суранбайм, Бема! Сенин кыйналганың мага өзүмдүкүнөн да оор тиет. Болгону, менден качпа. Сени көрбөй калсам, мага дем жетпей кетет. Мен каалаганда, сен каалаганда жолугушуп туралы. Башка эч нерсе сурабайм. Атүгүл каалабасаң колумду да тийгизбейм. Суранам, менден качпа, ушул жерде экөөбүз жолугушуп туралы.
Бегимай аргасыз баш ийкеди. Экөө тең бири-бирин алдап жатканын, жөн гана бүтүп кала турган мамиле эмес экенин сезип турушту. Бирок экөө муну менен эле токтоп, чекит коюп басып кетишке эрки жетпей, кыйыла коштошушту.

#77 20 June 2015 - 11:28
Мурат “шеф чакырып жатат” дешкенинен жогорку кабатты көздөй жөнөдү. Кирип, саламдашып отурган соң Азирет ага иш процессиндеги бир-эки кемчиликтерди айтты. Бирок көңүлүндө андан башка нерсе тургандай.
– Иш боюнча эле чакырдыңыз беле, Азирет Аскарович?
– Бир чети сени билгим келди. Биз алыс адамдардан эмес экенбиз. Бегимайды мен карындашым катары жакшы билем. Мындан ары да катышып жүрөлү.
– Кызык, бирок Бегимай сизди эмес, аялыңызды жакшы тааный турганын айтты. А сизди ал аркылуу гана билет көрүнөт...
– Ммм, өзү ушундай деп айттыбы?
Азиреттин кабагы чытыла түштү. Бирок эмне каалап жатканын өзү деле билбей, Муратты ар кандай суроолор менен жүдөтө берди. Акыры эшигин жаап чыгып кеткенден кийин калем сабын качырата кармап сындырып салды. Буулуккан ачуусу анда да тараган жок. “Мен минтип жашай албайм. Баары бир чечим чыгарып же ары, же бери болушум керек” деди өзүнө-өзү. Ашыгы күндө ушул адамдын кучагында жатып, күндө өзү ээ боло турган бакытка батып жатканы эсине түшкөн сайын өзүн жоготуп койчу болду. Жумуштан ыргытып жиберүү ал үчүн “чыйт” түкүрүм нерсе эле, бирок, тескерисинче, Муратты жакын кармоону туура тапты.
– Иш боюнча эле чакырдыңыз беле, Азирет Аскарович?
– Бир чети сени билгим келди. Биз алыс адамдардан эмес экенбиз. Бегимайды мен карындашым катары жакшы билем. Мындан ары да катышып жүрөлү.
– Кызык, бирок Бегимай сизди эмес, аялыңызды жакшы тааный турганын айтты. А сизди ал аркылуу гана билет көрүнөт...
– Ммм, өзү ушундай деп айттыбы?
Азиреттин кабагы чытыла түштү. Бирок эмне каалап жатканын өзү деле билбей, Муратты ар кандай суроолор менен жүдөтө берди. Акыры эшигин жаап чыгып кеткенден кийин калем сабын качырата кармап сындырып салды. Буулуккан ачуусу анда да тараган жок. “Мен минтип жашай албайм. Баары бир чечим чыгарып же ары, же бери болушум керек” деди өзүнө-өзү. Ашыгы күндө ушул адамдын кучагында жатып, күндө өзү ээ боло турган бакытка батып жатканы эсине түшкөн сайын өзүн жоготуп койчу болду. Жумуштан ыргытып жиберүү ал үчүн “чыйт” түкүрүм нерсе эле, бирок, тескерисинче, Муратты жакын кармоону туура тапты.
Мени жаман көргөндөрдү,
мен жаман көргөнгө убактым жок! Анткени мен, мени жакшы көргөндөр менен гана алекмин!
#78 20 June 2015 - 11:30
xxx
Аскар түшүндө уулу Аскатты көрдү.
– Ата, мен бул жерде жалгыз жүрөм,- дейт ал. Адаттан башкача капалуу көрүндү.
– Мен барам сага, жакында барам, балам,- деп жатып ойгонуп кетти. Түн бир калыпта бейпил мемиреп турган экен. Жанында жаткан аялын мээрим менен тиктеп турду да, ордунан турду. Ушунчалык камкордук менен үстүн жылуулап жапты. “Мен чындап эле чарчадым, Мариям. Мени бул жашоого кайрадан алып келгенге аракет кылдың. Бирок... Кечирип кой, менин асылым” деп ойлоп турду. Аскар ошол күндөн тарта кандайдыр бир алыс сапарга жөнөп жаткандай камылга көрө баштады. Алыскы, жакынкы туугандары менен сүйлөшүп, алардын кимиси кандай тууган экенинен бери Азиретке түшүндүрүп берди. Адатынча колун шилтеп басып кетчү уулу да бул жолу атасын укту. Бакчасындагы каралбай калган нерселердин баарын жакшылап Мариямга тапшырды. Анан өз колу менен сатып келип 2 дарак отургузду.
– Ата, бул даракты кимге арнап отургузуп жатасыз?- деди атасынын убараланганына таң калган уулу.
– Бири Айданекке, экинчиси кимге?
– Экинчиси Бегимайдын уулуна...
Азирет кашын серпе таң кала:
– Ата?!
– Ал бала Аскат болгондо менин неберем болмок. Бегимайды деле өз кызымдай жакшы көрөм. Алардын перзентине арнап тигип койсом эмне болот эле? Экөө жанаша өсөт. А балким...
Андан аркы сөзгө өтө албады Аскар. Тилинин учунда турган нерсени айта албай бурулуп кетти.
– А сен Айданек чоңойгондо айт. “Чоң атаң муну сага арнап тиккен” де...
– Ата, өзүңүз эле айтасыз. Эмнеге мен айтышым керек, эртең эле чоңоёт небереңиз...
Аскар үн каткан жок. Ушундан үч күндөн кийин анын абалы оорлоп, ооруканага алпарышты. Бул күнү асманды кара булут каптап, күн бүркөлүп турган эле. “Палатанын жанында басып жүрбөгүлө” деп тыюу салышканынан Азирет апасы менен аялын кетирип жиберип, өзү калды. Оюна Бегимай түштү. Телефонун алып бир аз ойлонуп турду да, чалды...
– Бем, кандайсың?
– Жакшы.
– Эмне кылып жатасың?
– Аскатты уктатып коюп Муратты күтүп отурам. Азыр келип калса керек. Эмне болду?
– Атам... Атам оор абалда жатат. Ушундай учурда дайым мага керексиң. Атам сени өз кызымдай көрчүмүн деди. Балким, келип кетерсиң...
– Ах, Азирет, бара албайм. Мурат азыр келип калат.
– Анда эртең келе аласыңбы? Мен Муратты командировкага жиберип ийсем...
Бегимайдын бүткөн бою солк дей түштү. Өзүн ушунчалык уятсыз адам катары сезип кетти.
– Жок, Азирет, ал эмнең? Мен бара албайм. Балким, эртең Мурат экөөбүз барабыз.
– Кел, күтөм!
Азирет трубканы коюп, шалдайып отуруп калды. Ошол учурда атасы жаткан палатага дүпө-дүп түшүп врачтар чуркап калганын байкады. Ордунан ыргып туруп, чуркап жөнөдү.
Атасы араң дем алып жаткан экен. Көзү менен баласын ымдап чакырып алды.
– Ата?!
– Аскат... се...сенин уу...луң!
– Эмне деп жатасың?
– Бегимайдын уу...лу сеники! У...унутпа... уш...унуу... унутпа!
Аскар киркирей ушуну айтып үлгүрдү да, колдору шалак эте түштү. Атасына жүткүнгөн аны врачтар чыгарып кетишти. Ошентип, бир өмүр кетти. Кайгысы, кубанычы да уулу болгон ата бул жашоодо ансыз жашагысы келбеди. Тынч ала албай таң азандан келген Мариям эки колу менен башын мыкчып турган уулун көрүп жүрөгү ооруп кетти.
– Ази, балам, атаң айыгып кетер. Анчалык капа болбочу.
– Апа?!
Азиреттин жүзүн жаш жууп жатканын көргөн Мариям селейе түштү. Дароо түшүндү.
– Апа... Ал кетти, Аскатка кетти...
Мариям колундагы тамагын жерге коюп, шалдайып отуруп калды.
– Билгем, ал жашагысы, жашоо менен күрөшкүсү келбей калган. Кетти! Аскар, менин Аскарым өлдү,- деди кубарган эриндерин араң кыбыратып. Ыйлай албай койду. Ошентип, бир чекитти тиктеген боюнча көпкө отурду. Азирет анын жанына келди да, башын тизесине коюп чөгөлөй отурду.
– Апа, мен анын уулу болгонум үчүн кандай гана сыймыктанчумун. Билген күндөн тарта атама болгон сүйүүм бир мүнөт да өчкөн эмес. Мен ага татыктуу уул боло алдымбы, жүрөгүнөн кичине болсо да орун ала алдымбы, билбейм. Бирок ал мен үчүн идеалдуу ата болду. Кеч болсо да атамды тапканыма ыраазымын.
Башын көтөрүп, апасынын көз жашы төгүлүп турганын көрдү.
– Апа, менден да сага оор. Апакем, ай, кантип сенин жүгүңдү жеңилдете алам?- деди жашка муунган Азирет.
Эне-бала кучакташа ыйлап жатышты. Алар атасынын каза болгонуна эле эмес, ушул адамдан алыс жашаган күндөрүнө ыйлашты. Бири ата деген асылзат нерсени эми сезип жатса, экинчиси сүйүктүүсүнүн жанында аз гана убакыт болуп калганына ыйлады. Алардын кайгысына чек жок эле. Үч күндөн кийин Аскарды жерге беришти. Өзү каалагандай уулунун жанына коюлду.

#79 20 June 2015 - 11:32
Аскардын өлүмү ириде Мариямды оор абалда калтырды. Күнү-түнү бир чекитти тиктеген боюнча отурат. Алина өз энесиндей болуп калган аялды чын дилинен аяйт. Кээде алаксысын деп колундагы кызын бере коёт “апа, Айданекти карасаңыз, сизди таанып калыптыр, күлүп жатат” деп. Колуна небересин алып, көз жашын сүрткөн Мариям келининин жароокерлигине ыраазы. Мойнуна асыла өзүн аяй тиктеген Алинаны карап, ичинен “кызым жок деп арман кылчу элем. Көрсө, келин жакшы чыкса өз кызыңдай болот тура. Койчу, ушуларым аман болсун. Жетимсиретпейинчи ушуларды” деп ойлоп, белин бек бууду.
– Азирет кайда?
“Атамдын мүрзөсүнө барам” деп кеткен.
– Алина, мен көптөн бери бир нерсени байкап жүрөм. Азирет бир нерсеге капа болуп жүрөбү? Мурункудай кабагы жарык эмес. Качан болсо эле иш деп түндүн бир оокумуна чейин калат.
– Мага деле жарытылуу эч нерсе айтпайт, апа. Өзүм озунуп сураштан корком. Бирок мага мурункудай эле мээримдүү, камкор. Ошондуктан жаман ойлорду жакындатпай жүрөм. Балким, өзүмдү өзүм алдап жатамбы, билбейм.
– Азирет жеңил-желпи жигит эмес. Ошентсе да катуураак эле карма. Ким билет, азыр кыздар да укмуш эмеспи...
Кайнене-келин ушинтип сүйлөшүштү. Экөө тең көңүлүндө кимден күдүк санап турганын билишкени менен, бири-бирин аяп, ачык айта алышпады.
Биринчи жолу атасы каза болгондон кийин Бегимайды көрүп, Азирет өксүп ыйлады. Аза башында көрүшкөндө деле амандашкандан башка эч сүйлөшө алышкан эмес.
Аза башында көрүшкөндө деле кайрат айткандан башка эч сүйлөшө алышкан эмес. Азиретке көз жашын сүрткөн Бегимай акырын үн катты.
– Аскар агай жакшы адам болчу. Сен эмес, мен өз атамдай көрчүмүн. Мындай учурда бир нерсе деп жубатыш да кыйын.
– Билесиңби, мен ал тууралуу дагы көп билгим келчү. Экөөбүзгө убакыт жетишкен жок. Мен аны канчалык сыйлаарымды айта албай калдым. Атамдын ишеничин актаарымды далилдей албай калдым.
– Ал ансыз деле билчү.
– Кызык, мен өмүрүмдөгү эң жакын адамдарымды кечигип таптым. Атамды, сени... Бирок экөөңдүн тең жүрөгүңөрдө биринчи Аскат эле. Атам Аскат үчүн өзүн-өзү кечире албай кете берди. Сен да Аскат үчүн менден баш тарттың...
– Аскат – баарыбыздын арманыбыз. Атүгүл сенин да арманың... Атасы аны кичинесинен жалгыз чоңойтту. Бирок Аскар агай сени да жакшы көрчү.
– Каза болгондо да Аскат тууралуу бир нерселерди айтты. Мен жакшы түшүнбөй калдым.
– Эмне деди?
– «Азирет, Аскат – сенин уулуң» деди. Балким, «менин уулум» деген сөзүн жакшы түшүнбөй калдымбы?.. Бирок аягында «Бегимайдын уулу – сенин уулуң» деди. Эмне мааниде
айтканын түшүнө албадым. Ошентип сүйлөп атам эсин жоготту. Бул тууралуу кийин көпкө ойлондум. Мага эмне дегиси келди болду экен?..
Бегимайдын өңү кубарып кетти. Аскардын «эч кимге айтпайм» деген сөзүн эстеди. Уулу тууралуу купуя сыр ачыкка чыгып калчудай алаңдап, саатын карап ордунан козголду.
– Мен кетейин...
– Кетесиңби?
Азирет үчүн баарынан оор учур, оор сөз кийинки учурда ушул болчу болду. Кучагынан чыгарбай алып кала алса кана, атаганат?! Кайдан, атүгүл колун тийгизгенден коркот.
– Атамдан ажал ажыратты. Бирок мен сенден ажырай албайм. Мен аны көтөрө албайм.
– Азирет, күндөн күнгө мен да кыйналып бара жатам. Мураттын көзүнө тике карай албайм. Ал эмес, уулумдун алдында өзүмдү күнөөлүү сезем. Токтотушубуз керек.
– Ммм, Азирет кыйналса кыйналсын, Мурат таптакыр кыйналбаш керек да, ээ? Менин күнүм анын төшөгүндө атып жатканына ыраазы болбойт бекен?
Бегимай оор улутунду. Ушундай абалдан катуу чарчады. Күйөөсүнө туруктуулукту сактайм дейт, бирок ал да колунан келбейт. Анын тамагын жасап, төшөгүнө жатканы менен,
басса-турса оюнда Азирет... Шалдайып отуруп калды. Азирет анын абалын эң жакшы биле турган. Аяп кетти. Ордунан тургузуп, чекесинен өптү.
– Макул, мен сени коё берем. Экинчи бул жакка келбей эле кой. Сен бактылуу болсоң болду. Канчалык оор болсо да, сага залакасын тийгизбей көтөрүшүм керек эле. Бул эркектик
эмес. Экөөбүз эки жактан туруп алып сенден чечим күтүп жатабыз. Мен чечтим. Сенин минтип экиге бөлүнүп кыйналышыңды каалабайм.
Азирет ушундай чечим кабылдады. Бегимай бул чечимди кабыл алганга да, четке какканга да алсыз эле. Бир билгени, ушул сөздөрдөн кийин жүрөгүнүн бир бурчу ээнсиреди да
калды.

#80 20 June 2015 - 11:34
xхх
– Эмне, уйкуң качтыбы?- деди Мурат Бегимайдын ойгоо жатканын сезип.
Жымжырттыктан тажап кеттиби, ордунан туруп, жарыкты күйгүздү.
– Сен катуу өзгөрдүң. Эмне болду? Кучактасам ордуңдан тура качасың. Муздак болуп баштадың мага...
– Жок, андай эмес. Болгону... болгону, мен үйдө отуруп буулугуп кеттим окшойт. Өзүмдү эч кимге кереги жоктой сезем. Эмдиги аптадан баштап жумуш издеп көрсөмбү деп
жаткам.
Жубайлардын ортосунда салкындык пайда болду. Бирок экөө тең билип туруп билмексенге салганды, мындай абалдан унчукпай кутулууну тандашты. Мурат ошол боюнча, балким, капарсыз кала бермек. Күндөрдүн биринде адаттагыдай эле чогулушта отурган. Азирет ордунан туруп, бир нерселерди айтып терезе жакка басып кеткен эле. Анын чачылып жаткан папкаларынын арасынан Мурат бир нече сүрөттү байкады. Обдула берип папканын арасында жаткан сүрөттө өзүнүн аялы Бегимай экенин байкады. Чачы кыска кези экен, демек,
жакында эле түшкөн сүрөтү! Кызганыч алкымын бууп, колдору калчылдап кетти. Жетип барып шефин алкымдан алмакчы болуп өзүн араң токтотту.
Ошол күнү кечинде кеңсесинен чыгып бараткан Азиретти Мурат каруудан ала токтотту.
– Кечиресиз, Азирет Аскарович, сизде бир ооз сөзүм бар!- деди жинденгенин билгизип. Кызматкеринин кабагынан эле Азирет анын бир нерсени билгенин түшүндү. Айдоочусуна кол шилтеп кете бер деп коюп, Мураттын машинасына отурду.
– Кайда барабыз?
– Эркекче сүйлөшө турган сөздөр бар...
– Түшүнүктүү. ..
Машинаны тез ылдамдыкта айдап, шаардын сыртына бат эле чыгып кетишти. Ээн жерге келгенде гана Мурат машинасын токтотту да, Азиретке бурулду. Көзүндө огу болсо атып жиберчүдөй. ..
– Ии, кулак сизде? Менин аялым экөөңөрдүн тааныштыгыңардан баштасаңыз болот?
– Кайдан билдиң?
– Анчалык акмак эмесмин, мурдумдун алдында эмне иш болуп жатканын байкабагандай.
– Э-эй, алды менен тынчтан...
Мурат Азиреттин өзүнө ишенимдүү отурганына жаны кашайып кетти. Жакадан ала муунта кармап, машинадан сүйрөп чыкты. Бирин-бири жеп койгонго даяр эки эркек аёону билбей мушташып жатышты. Ыза, каар, жек көрүү аралашкан сөздөр, былч-былч урулган муштумдар...
– Жетишет, болду!- деди Азирет оор дем ала.
– Мен сени өз колум менен өлтүрүп тынам!
– Бирок өлөрдүн алдында мени ук. Биздин ортобузда эч нерсе болгон жок. Болгону, мен сенин аялыңды сүйөм.
– Эмне-е?!
– Ооба, жашоомдон артык сүйөм. Бирок биздин ортобузда эч нерсе болгон жок. Мен аны коё бердим. Бегимай мени менен жолугушууну каалаган эмес. Мен аны мажбурладым. Бирок сүйүүм жоопсуз экенин билгенден кийин жайына койдум. Бул чындык...
Энтиккен экөө чарасыз отуруп калышты. Эми эле бирин-бири өлтүрүп койгонго даяр экөө аргасыз сыр чечишип отурушту.
– Бегимайдын эч кандай күнөөсү жок. Эх, бул мурунтан тамыр алган окуя. Аскат – менин эгизим, Бегимайдын жигити эле. Ал каза болуп калды. Кийин ал кызды мен жакшы көрүп
калдым. Ким билет, мендей аны эч бир жан жанын берип сүйбөстүр. Унута албай койдум. Менден качып башка өлкөгө кеткенин билип туруп эле унута албадым. Кандай гана аракет
кылбайын, баары бир башымдын, жүрөгүмдүн бир жеринен орун алган экен. Кечээ жакында эле анын жүрөгүндө жалгыз гана сен жашаарыңа көзүм жеткенде коё бердим. Ал сени сүйөт! Суранам, аны бактылуу кыл! Мага андан башка эч нерсенин кереги жок.
– Жалганчы!
– Сенин ордуңда болуу үчүн менде эмне ыйык болсо ошонун баарын берет элем. Эми эмнеге алдайын?! Уулуңар бар, сен бар, Бегимай сени менен гана бактылуу боло алат.
Мурат эч нерсе деп айткан жок, ордунан турду да, машинасына жөнөдү. Үйүнө келип терезени тиктеди. Бегимай дайым өзү келе турган жолун карап терезени тиктеп турар эле. Бул жолу да ошентип туруптур. Тамагына оор нерсе тыгылып, көзүнөн жашы каканактай түштү. Эмне дейт? Эмне деп айтыш керек? Азирет канчалык Бегимайдын күнөөсү жок деген сайын Мурат ошончолук шектене берди. Азыр ушул абалында кирсе, бир нерсе кылып жибериши мүмкүн. Уулунун да жүрөгүн түшүрүп... Уулунун! Колдорун сереңдетип өзүн эшиктин алдында күтүп алчу балакайды эстегенде онтоп жиберди. Эми гана ал кимдин баласы экени дайын болду. Жүрөгү менен берилип кичинекейге ата болуп калган экен. «Баары эми өз жайына келе баштады» деди ал күбүрөп. Ушул ортодо телефону чырылдап калды. Караса аялы... Көпкө тиктеп турду да, акыры колуна алды.
– Алло!
– Мурат, эмнеге кирбей турасың? Биз сени тамак ичпей күтүп жатабыз.
– Иче бергиле, азыр кирем.
– Келгениңе жарым саат болду, бир нерсе болдубу? Же мен түшөйүнбү?
– Жок, кереги жок, азыр барам!
Буулуккан Мурат ушинтти да, машинасын айдап кайра короодон чыгып кетти. Атырылта короодон чыгып кеткен Мураттын машинасын көргөндө Бегимайдын жүрөгү болк дей түштү. Бир нерсе болбосо ал минтмек эмес. Ошол замат сыры ачылганын түшүндү.
Тез кыймылдап Азиреттин телефонун тере баштады. «Абоненттин аппараты өчүрүлгөн» дегенди угуп, шалдайып отуруп калды.

Супер-Инфо
super.kg
видео