Чубак ажы телевизордо Фетхуллах Гюленьди доорубуз мужаддиди деди. Мужаддид деп динди ошол кылымга карата интерпретация кылган чон аалымдарга айтышат экен. Фетхуллах Гюлень Ислам динин азыркы учурда олуттуу болгон уй-булоо, тарбия жагын ото жакшы интерпретация кылган деп Чубак ажы айтты.
Чубак ажынын Гюлень жонундо жазганы. фейстен таап алдым:
https://www.facebook.
..398917976911618
Саид Нурси жана Фетхуллах Гюлень.
#22 18 June 2015 - 17:28
Бул аалым ото кучтуу болгон, оз заманынын улуу аалымы деген лакап атка ээ болгон, оа чон аалым катары сыйлашыбыз керек, бирок чектен чыкпай аалым катары гана сыйлоо керек, анан пайгамбар даражасына чыгарып жиберуу болбойт.
*************************************
#23 18 June 2015 - 17:32
Чубак ажы телевизордо Фетхуллах Гюленьди доорубуз мужаддиди деди. Мужаддид деп динди ошол кылымга карата интерпретация кылган чон аалымдарга айтышат экен. Фетхуллах Гюлень Ислам динин азыркы учурда олуттуу болгон уй-булоо, тарбия жагын ото жакшы интерпретация кылган деп Чубак ажы айтты.
Чубак ажынын Гюлень жонундо жазганы. фейстен таап алдым:
https://www.facebook. ..398917976911618

Бул жака эле копировать кылсанар жакшы болмок.
*************************************
#24 19 June 2015 - 09:04
Суроолор боюнча кочуруп атам:
Чубак Жалилов
February 20, 2014 · Bishkek · Бисмиллаахир рохмаанир рохиим.
Мен Фетхулле Гүлен мырза жөнүндө жазайын деп бир канча убакыттан бери кыйналып жүрөм. Анткени ал адам мен үчүн бейтааныш, аны өз көзүм менен көргөн жокмун, аны менен бир мажлисте болгон жокмун. Азыр атагы таш жарган аалымдардан же диний ишмерлерден мисалы сириялык доктор шейх Нууруддин Итр же индиялык шейх мавлаана Саьд жөнүндө, же саудиялык белгилүү дааьия Ааиз ал Карний, же Макка харам мечитинин имамы доктор Суьууд Шурейм жөнүндө кеп салсам, балким буйдалбай кетсем керек. Алар менен кадимкидей баарлашып, миӊ уккандан бир көргөн деп демденмек белем деп ойлойм. Чындап эле устаз Фетхулле мен үчүн белгисиз инсан.
Мен Фетхулле Гүлен мырза жөнүндө жазайын деп бир канча убакыттан бери кыйналып жүрөм. Анткени ал мен үчүн өтө белгилүү, ал туурасында маарифатым эбегейсиз көп болгондуктан ал жөнүндө жазуу оор жумуш туюлду. Анткени адам канчалык көп белгилүү болсо ошончолук аны сүрөттөө оор эмеспи. Мен аны көрбөсөм да, анын изи ар бир кадамдан жолугат. Анын коюнган атырынын жытын бардык аймактан, бардык булуӊ-бурчтан табасыӊ. Анын табитин көптөгөн жаштардан, келечек муундардан баамдайсыӊ.
Макка шаарынан 2008-жылы окуну жаӊы бүтүп келип Дин башкармалыктын фатва бөлүмүндө иштеп калдым. Бир күнү компьютерим бузулуп, - жалпы молдо калкына таандык болгондой техникадан алыс болгондуктан аны өзүм оӊдой албай - шакирттеримин бирине айтсам, ал мага жатаканада чогуу жашаган досторунун бири менен келди. Жүзүнөн мээрим төгүлгөн, сүйлөгөнү орундуу, кийими адамгерчиликтин адебинен чыкпаган бул жаш адам мен үчүн кызыгууну туудурду. Улуту кыргыз болгон бул жигиттин мусулмандык чыныгы жүрүш-турушу мени таӊ калтырды. Жакшы таанышым, устазым Саьид Тантаавийдин агасы, Ислам таалим-тарбиясынын устазы Алий Тантаавийдин айтканы бар эмеспи: «Мен Европадан Исламды көрдүм, бирок мусулмандарды көрө алган жокмун. Мен кээ бир мусулман өлкөлөрүн кыдырып мусулмандарды көрдүм бирок Исламды көрө алган жокмун». Кайран киши таамай айткан. Анын сыӊары «мусулманмын» деп төш какпаган, бирок ошол эле учурда чыныгы мусулмандын образын берген, өзүнүн жаш курагындагыларга чоочундай туюлган бул такыба пенденин таржымалын сурап, анын «Себат» билим очогунан чыккандыгын билдим.
Мен бул жигиттин атын да унутуп калдым, аны көптөн бери көрө элекмин. Бирок анын таасиринен али да арыла элекмин. Билим очоктун аты «Себат» сөзү араб тилинде «бекемдик» дегенди туюнтат. Мына ушундай бекем диндар болгон коомдун жаӊы муунун тарбиялаган окуу жайга, аны негиздеген адамга чын дитимден ыраазы болгом. Мына ошол Фетхулле мырзага болгон алгачкы таанышуум эле. Албетте ал ошол киши экенин билбейт элем, бирок Аллах Таалага дуба кылып, өзүм тааныбаган, мусулман катары тереӊ урматтаган бир тууганым катары жадымда калды.
Мына ошондон кийин Фетхулле деген көлөмдүү китептин барагы мен үчүн ар күн сайын ачыла баштады. Ар бир барактын соӊунда ага болгон бир туугандык сезим ого бетер күчөй берди. Доорубуздагы акыл-эстүү мусулман адамдын образын ачып бергендиги үчүн да көптөр ага карыздар да болду.
Азыркы учурда табигый же так илим болсун, аны диний же дүнявий деп экиге бөлгөндөр пайда болду. Чындыгында булардын баары шариаттык илимдер деп билинет. Илгерки Бухара шарифтеги медреселерде ушул эле илимдер окутулчу эле. Абу Алий ибн Сийна, Ал Бийрууний, Ал Хуваризмий, Улугбек жана башкалардын бары Ислам медреселеринин даӊктуу бүтүрүүчүлөрү эле… Жогорку математика, же социология илимдери, экономиканын негиздери, философия, адабияттын баарынан медресенин окуучулары сынак тапшырып, алардан сүйлөгөнгө укук катары «ижааза» алышчу. Тилекке каршы кээ бир мусулман адамдар да азыр айтылган илимдерди мусулман эместердин жетишкендиктери катары баалагандыгы зээнди кейитет. Фетхулле бир тууганыбыз мына ушул акыйкатты, жапсаӊ айды этек менен жаба тургандай болгон улуу акыйкатты жаземдебей туюп ишке ашырды. Динибиздин акыйкатын сөз менен эмес, иш жүзүндө көрсөттү.
Чоӊ энеси Мунисе айымдын чыныгы такыбалык тарбияны жашоосу менен көрсөткөнү, Аллах Тааланы көрүп тургандай таризде жашоосу келечектеги дүйнөлүк даражадагы таасирдүү адамдын калыптануусуна себеп болду. Диний таалим болгон үй-бүлөдөгү тарбиянын жемиши өзүнүн даамын ааламдын баарына тартуулады.
Пайгамбарыбыз алайхис саламдын жашоосу Куран эле. Ал эми Фетхулле мырза колунан келишинче Пайгамбарыбыз алайхис саламдын жашоосу менен жашаганга аракеттенгени анын өмүр баянын окуганда элестете алабыз. Жыйырманчы кылымдын элүүнчү жылдары Куршунлу медресесинин талабаси болгон Фетхуллах мырза өзүнүн кезмети келгенде медресенин талабаларынын ар дайымкы тамагы болгон картөшкөдөн ар дайым даамдуу тамактарды жасайт эле. Аны менен чогуу окугандардын эскерүүсүндө ал «дайыма өзүнүн ишин өзү жасаар эле. Анын эч качан башка бирөөнү жумшаганын көрбөдүм. Колунан келишинче башкаларга кол кабыш кылууну жактырып, кубануу менен жардамдашаар эле». Мына ушул Пайгамбарыбыз алайхис саламдын өрнөгү эмей эмине? Имам Бухарий жана Муслим риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз алайхис салам мындай дейт: «Мусулман мусулмандын бир тууганы. Ага зулум кылбайт, диндеш бир тууганын душманына кармап да бербейт. Ким мусулман бир тууганынын муктаждыгын бүтүрүп, жардамында болсо, Кудай Таалам анын муктаждыгын бүтүрөт…».
Фетхулле мырза өзү жөнүндө мындай дейт: « Ачка калган күндөрүм көп болчу, бирок үтүктөлбөгөн, бырышкан шым же майланбаган бут кийим кийгенимди эч ким көргөн эмес. Үтүк таба албаган күндөрү шымымды төшөгүмдүн астына коюп жатчумун. Ал таӊ аткыча үтүктөлгөндөй болуп калчу… . Үтүктөлгөн шым кийгениме ачууланган бир досумдун булл сөздөрүн эч унута албайм: «Досум, сен бир аз такыба болсоӊ боло!» Мен такыбалык менен үтүктөлгөн шым кийүүнүн байланышын дале түшүнө элекмин. Мына ушул эскерүүсү мага жаӊы медресеге келип кирген күндөрүмү эсиме салды. Адатта медреседе окуган учурда эмнегедир жаӊылыкты жеркигендей түр көрсөтүшөөр эле. Сөзсүз түрдө эски чапан менен маасы-көлөчтү кийген адамга илим жугат дегендей элес калчу жадыбызда. Мына ошол туткундан чыга алган адам гана ийгиликтин чокусуна чыгаарына көзүм жетип олтурат. Анткени салт менен адаттын, дин менен динден башка, бирок дин сыӊары кабыл болуп калгандарды ажырата билген адам гана адамзатка акыйкат диндин акыйкатын өзүнүн талбас эмгеги менен көрсөтө алмак.
Фетхулле молдокенин мекенге болгон сүйүүсүн айта кетпесек болбойт. Анткени Пайгамбарыбыз алайхис саламдан деп айтылган “Мекенди сүйүү ыймандан” деген маани ар бир мусулмандын жүрөгүндө болуусу кандай жакшы. Пайгамбарыбыз Макка мушриктери тарабынан туулган жери Макка Мукаррамадан кысымдык менен чыгарылганда, ал өз мекенин сүйгөндүгүн жашыра алган эмес. Тагдырдын буйругу менен Молдокебиз Түркия жергесинен чоочун жерге көчкөндө кийип барган жегдесин азыркы күнгө чейин жууганга бербестен, мекендин чаӊы жуккандыктан кастарлап сактап, кусалыкка кириптер болгондо шуу эттире бир жыттап, көкүрөгүн кубанычка толтуруп тургандыгы Пайгамбарыбыз алайхис саламдын табиятын да өзүнө сиӊдире билген инсан экендигин ачык баамдай алабыз.
Үйлөнүү Пайгамбарыбыз алайхис саламдын сүннөтү. А бирок кээ бир адамдар өзүнүн өмүрүн динге берип жеке кызыкчылыгын жалпы адамзаттын жыргалы үчүн багыштап койгон. Мисал катары айтсак Имам Бухарий өмүрүндө үйлөнгөн эмес. Ал өз сөзүндө мындай дейт: “Ычкырымды арамга да, адалга да чечкен жокмун!”. Куран Каримден кийинки эӊ үлкөн китепти ааламга белек кылган Имам Бухарий Пайгамбарыбыз алайхис саламдын бир сүннөтүн “тарки” кылганы менен, үммөттүн баарына сүннөттү сактап берип кетти. Анын сыӊарындай эле Фетхулле дамбылдабыз да бир сүннөттү аткара алган жок, а бирок миллиондогон адамдардын сүннөт менен жашоосуна себеп болду , аларды Пайгамбарыбыз алайхис салам менен тааныштырды. Аларга Ислам менен жашоону, Ислам жолундагы “курмандык” эмне экендигин көрсөттү. Ал өзүнүн үйлөнбөгөндүгүн мындайча баяндайт: ”Жүрөгүмдүн түпкүрүндөгү чыныгы ниетти бир гана Алла Таала билет. Бирок менин божомолумда кызматтан башка нерсени ойлошту каалабадым. .. Өтө сезимталдыгым жана аябай тыкандыгым менен бирөөнү түйшүктүү, кыйын күнгө калтырбоону ойлогонум да олуттуу таасир эткенин айтсам болот... Мен дароо эле ушундай чечимге келгенмин. Өзүмдүн жеке жашоомду Исламий кызматтарга арнамакчы болуп, үйлөнүүдөн өмүр бою баш тарттым”.
Бул адам жөнүндө жазбасам да болоор эле, анткени ал бул нерсеге муктаж эмес. Болгону акыркы учурда бул берекелүү адам жөнүндө ар кандай сөздөр чыккандыктан, өзүм баамдаган акыйкатты бир туугандарыма бөлүшкүм келди. Кайсы бир мусулман жөнүндө жаман пикирде болууну шариатыбыз тыйгандыктан, момундарга билген насаатымды айткым келди.
Урматтоо менен бир тууганыӊар Чубак ажы.

#25 20 June 2015 - 19:40
Чубак ажыда демек ошол хиззметчилерден экенда?! Булардын негизги максатын билгим келет.
1)Ата турк Ала-Тоо
2)Манас университеттери
3)Себат, Сема билим беруу мекемелери
4)Секом билим беруу мекемеси
5)Ыйык Ата-Журт жаштар фонду
6)Адеп башаты коомдук фонду
7)Элим барсынбы? Коомдук фонду
8)Яшар заводу
9) Заман гезити
10) Марал фм радиосу
11) Ош Пирим теле каналы
12) Ош шаарындагы СМУТТ Мечити
13) Билим лицейи
14) Абу-бакр диний медресе
15) Оштогу 52номердеги Кыргыз-Турк балдар мектеби
16) Бишкек шаарындагы Джал кичи районунда жайгашкан Байтик баатыр оргоосу
17)Ош шаарындагы Ленин кочосундо (шаардын так ортосунда жайгашкан) Долбоордун жанындагы розовый здания Достук жатаканасы
18)Жалал-Абад шаарындагы Спутник кочосундо жайгашкан Билим-Ордо жатаканасы.
Д.у.с лар Хизметчилерге тийиштуу жанада Биздин белгилуу инсандарыбыз Ислам университетинин ректору Абдышукур Нарматов, проректору Марс мырза, Эстрада жылдыздары Омар, Урмат&Нелья, Женишбек Жумакадыр, Эмил Балтагулов, Аалы Туткучев дагы аты аталбай калган коптогон инсандар Ош шаарынын билим беруу башкармалыгын башчысы, Оштун вице мэри, Баткен облнун казысы, Нарын обл казысы да хизметчилер! Хизметчи эркектери Бири-бирин байке, ал эми кыздары эже деп кайрылышат. Эркектери сакал койбойт, аялдары оронбойт узун юпка киип журушот. Булардын свьязы кучтуу экен. Мен изилдеп жатам. Жакында максатын билип алсам эле ММК, Прессаларга жарыялаймын!

#26 20 June 2015 - 20:42
КУМТОР1 бир оозуна карап суйло Алла талламдын алдында жооп берип калба ушул создорун учун, не бир жамандыгы тийдиби сага Чубак ажынын.
*************************************
#27 20 June 2015 - 22:56
Адеп башатынын семинарында к0п ж0лу айтылат Фетхуллах Гулен м.н Саид Нурси
*Кумшекер сыяктуу бол! Озун ээрип кетсен да башкалардын жашоосуна даам тартуула! *
#28 20 June 2015 - 23:04
Чубак ажыда демек ошол хиззметчилерден экенда?! Булардын негизги максатын билгим келет.
1)Ата турк Ала-Тоо
2)Манас университеттери
3)Себат, Сема билим беруу мекемелери
4)Секом билим беруу мекемеси
5)Ыйык Ата-Журт жаштар фонду
6)Адеп башаты коомдук фонду
7)Элим барсынбы? Коомдук фонду
8)Яшар заводу
9) Заман гезити
10) Марал фм радиосу
11) Ош Пирим теле каналы
12) Ош шаарындагы СМУТТ Мечити
13) Билим лицейи
14) Абу-бакр диний медресе
15) Оштогу 52номердеги Кыргыз-Турк балдар мектеби
16) Бишкек шаарындагы Джал кичи районунда жайгашкан Байтик баатыр оргоосу
17)Ош шаарындагы Ленин кочосундо (шаардын так ортосунда жайгашкан) Долбоордун жанындагы розовый здания Достук жатаканасы
18)Жалал-Абад шаарындагы Спутник кочосундо жайгашкан Билим-Ордо жатаканасы.
Д.у.с лар Хизметчилерге тийиштуу жанада Биздин белгилуу инсандарыбыз Ислам университетинин ректору Абдышукур Нарматов, проректору Марс мырза, Эстрада жылдыздары Омар, Урмат&Нелья, Женишбек Жумакадыр, Эмил Балтагулов, Аалы Туткучев дагы аты аталбай калган коптогон инсандар Ош шаарынын билим беруу башкармалыгын башчысы, Оштун вице мэри, Баткен облнун казысы, Нарын обл казысы да хизметчилер! Хизметчи эркектери Бири-бирин байке, ал эми кыздары эже деп кайрылышат. Эркектери сакал койбойт, аялдары оронбойт узун юпка киип журушот. Булардын свьязы кучтуу экен. Мен изилдеп жатам. Жакында максатын билип алсам эле ММК, Прессаларга жарыялаймын!
1)Ата турк Ала-Тоо
2)Манас университеттери
3)Себат, Сема билим беруу мекемелери
4)Секом билим беруу мекемеси
5)Ыйык Ата-Журт жаштар фонду
6)Адеп башаты коомдук фонду
7)Элим барсынбы? Коомдук фонду
8)Яшар заводу
9) Заман гезити
10) Марал фм радиосу
11) Ош Пирим теле каналы
12) Ош шаарындагы СМУТТ Мечити
13) Билим лицейи
14) Абу-бакр диний медресе
15) Оштогу 52номердеги Кыргыз-Турк балдар мектеби
16) Бишкек шаарындагы Джал кичи районунда жайгашкан Байтик баатыр оргоосу
17)Ош шаарындагы Ленин кочосундо (шаардын так ортосунда жайгашкан) Долбоордун жанындагы розовый здания Достук жатаканасы
18)Жалал-Абад шаарындагы Спутник кочосундо жайгашкан Билим-Ордо жатаканасы.
Д.у.с лар Хизметчилерге тийиштуу жанада Биздин белгилуу инсандарыбыз Ислам университетинин ректору Абдышукур Нарматов, проректору Марс мырза, Эстрада жылдыздары Омар, Урмат&Нелья, Женишбек Жумакадыр, Эмил Балтагулов, Аалы Туткучев дагы аты аталбай калган коптогон инсандар Ош шаарынын билим беруу башкармалыгын башчысы, Оштун вице мэри, Баткен облнун казысы, Нарын обл казысы да хизметчилер! Хизметчи эркектери Бири-бирин байке, ал эми кыздары эже деп кайрылышат. Эркектери сакал койбойт, аялдары оронбойт узун юпка киип журушот. Булардын свьязы кучтуу экен. Мен изилдеп жатам. Жакында максатын билип алсам эле ММК, Прессаларга жарыялаймын!
Кумтор изилдеп кандай ишмердуулукторду жургузуп атасын? Билип ММКларга жарыяласан сага канча толошот экен?
Тим эле ойду омкоруп тоону томкоруп аткансып жазыпсын го.
Aşkta cesur olan kazanır *** Yesterday you said tomorrow
#29 20 June 2015 - 23:06
Элдар96, Мен Чубак ажыны жамандап, же атын каралап жазган факт бар бекен? Ф.Гуленди мактап жазганына оз пикиримди калтырдым!
Аргументи жок эле, суйлой бербесер.
#30 20 June 2015 - 23:11
Элдар96, Мен Чубак ажыны жамандап, же атын каралап жазган факт бар бекен? Ф.Гуленди мактап жазганына оз пикиримди калтырдым!
Аргументи жок эле, суйлой бербесер.
Сен да бир аз акылга сыярлык аргументтер менен жазсан боло, же мекемелердин тизмегин аргумент деп эсептеп жатасынбы?
ии анан биир аз туурараак изилдоо жургуз ээ
Aşkta cesur olan kazanır *** Yesterday you said tomorrow
#31 20 June 2015 - 23:12
Кумтор изилдеп кандай ишмердуулукторду жургузуп атасын? Билип ММКларга жарыяласан сага канча толошот экен?
Тим эле ойду омкоруп тоону томкоруп аткансып жазыпсын го.
Тим эле ойду омкоруп тоону томкоруп аткансып жазыпсын го.
Мага канча толошот экен? Бул кандай суроо эми?! Далилиниз барбы сиздин кайсыл ММК мага акча берип жатканын! Ушул созунузго жооп берип калбан кийин, суйлоо маданиятыныз, ой жугуртуунуз жетишээрлик болгондо мынтип урбойт элениз! Экинчиден Тоону томкоруш эмес, ошол тоо кантип пайда болгонун билип анан жалаа койбоптурсузда! Мен тоо десем, сиз бээ дейсиз. Сиз менен ажылдашканга менин убакытым жок, аман эле болунуз!
#32 20 June 2015 - 23:17
Сен да бир аз акылга сыярлык аргументтер менен жазсан боло, же мекемелердин тизмегин аргумент деп эсептеп жатасынбы?
ии анан биир аз туурараак изилдоо жургуз ээ
ии анан биир аз туурараак изилдоо жургуз ээ
Мен биринчиден далили жок эч качан жазбаймын! Билип-коруп ошол мекемелерге мучо болгондон кийин жазсам керек! Сизге менин тизмегимдин мынча суугу тийди экен э? Тушуно албай турам. Мен бул жерде эч кимдин атын каралагым келген жок! Болгону оюмду фактысы менен гана далилдедим.
#33 20 June 2015 - 23:21
Мага канча толошот экен? Бул кандай суроо эми?! Далилиниз барбы сиздин кайсыл ММК мага акча берип жатканын!
Ушул созунузго жооп берип калбан кийин, суйлоо маданиятыныз,
ой жугуртуунуз жетишээрлик болгондо мынтип урбойт элениз! Экинчиден Тоону томкоруш эмес, ошол тоо кантип пайда болгонун билип анан жалаа койбоптурсузда!
Мен тоо десем, сиз бээ дейсиз. Сиз менен ажылдашканга менин убакытым жок, аман эле болунуз!
Биринчиден суйлоо маданиятым, ой жугуртуум сеникине караганда тузук эле. Экинчиден ким кайсы созу учун жооп берээрин убакыт коргозот. Тоо бээни коюп сенин ошол изилдоо максатын эмне экенин сурайынчы?
Aşkta cesur olan kazanır *** Yesterday you said tomorrow
#34 20 June 2015 - 23:23
Kumtor туура кыласын билчи ушуларды. Анан булар коп. финансы жагы да укмуш. Максаттары мне?
marykaynsd.
com- бул ссылка эмес.
#35 20 June 2015 - 23:24
Мен биринчиден далили жок эч качан жазбаймын!
Билип-коруп ошол мекемелерге мучо болгондон кийин жазсам керек! Сизге менин тизмегимдин мынча суугу тийди экен э? Тушуно албай турам. Мен бул жерде эч кимдин атын каралагым келген жок! Болгону оюмду фактысы менен гана далилдедим.
ТУура далилдер менен жаз, анда тизмегине бир аз коз жугуртуп койсон. Билип-коруп ошол мекемелерге мучо болгондон кийин жазсам керек болсо кандай максатта мучо болдун?
Aşkta cesur olan kazanır *** Yesterday you said tomorrow
#36 20 June 2015 - 23:25
Менимче сенда ошолордун чойросунон окшойсун. Мени озуно салыштырбагын!
Мен али бери сага окшогондорду озумо тенеген эмесмин! Кыз башын менен базардагы картошка саткан катындай ажылдайсында!
Менин максатым эмне экени сени кызыктырбасын.
Эгер ошончолук эле кочугун куйуп жатса личкага кайрыл. Мен ачкан теманы булгаба. Озу бир кумалак бир топ сары майды чиритет!
#37 20 June 2015 - 23:29

пфф мен ачкан тема деп теманы менчиктеп алдынбы эми
Aşkta cesur olan kazanır *** Yesterday you said tomorrow
#38 20 June 2015 - 23:34
Албетте кызмат кылуу учун эмес, сага окшогондордун максатын билуу учун мучо болдум. Ананда ошончолук эле патриот экенсинер эмнеге ачыкка чыгуудан коркосунар?
Элден жашырынып журосунор. Сен айткан фондтун стипендияты элем бир жылдары 2жылдан бери иликтеп келем.

Супер-Инфо
super.kg
видео