Ким орозо кармайт? Орозо тууралуу.
#581 20 Июнь 2015 - 13:41
#582 20 Июнь 2015 - 14:25
#583 20 Июнь 2015 - 18:42
#584 20 Июнь 2015 - 19:15
#585 20 Июнь 2015 - 20:02
#586 20 Июнь 2015 - 23:09
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#587 20 Июнь 2015 - 23:17
Билдирүүнү түзөткөн: Muslimka_Muslimka: 20 Июнь 2015 - 23:18
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#588 21 Июнь 2015 - 16:12
«Орозо» деген сөздүн
сөздүк мааниси – «кандайдыр бир нерседен оолак болуу, бир нерседен тыйылуу».
Орозонун
шарияттагы мааниси – милдеттүү адамдардын атайын ниет менен таң
аткандан баштап, күн батканга чейин орозону бузуучу нерселерден, тактап
айтканда, жеп-ичүүдөн жана напси кумарларынан тыйылуусу. Демек, орозонун
парзы – жеп-ичүү жана жыныстык байланыштан сактануу.
Орозонун
убактысы Курани Каримде мындайча көрсөтүлгөн: «Таң агарып,
ак жип кара жиптен айырмаланган маалга чейин ичкиле, жегиле. Андан соң кечке
чейин орозо кармагыла». (Бакара сүрөсү, 187-аят).
Хадистерде
көрсөтүлгөндөй, аяттагы ак-кара жип каймана мааниде таң агарып келе жаткан
мезгилдеги күндүз менен түндүн чегин көрсөтөт.
Рамазан
айындагы бир айлык орозо Исламдын беш парзынын бирөө болуп саналат. Буга Курани
Карим жана хадис далил болот. Курани Каримде Алла Таала мындай дейт: «Оо,
ыйман келтиргендер! Такыбалыкта болууңар үчүн силерден мурункуларга парз
кылынган сыяктуу силерге да орозо парз кылынды». (Бакара сүрөсү, 18-аят).
Пайгамбарыбыз
(САВ) мындай деген: «Ислам беш нерсенин үстүнө курулган: Аллахтан башка
кудай жок экендигине жана Мухаммед Аллахтын кулу жана элчиси экендигине күбөлүк
берүү, намаз окуу, зекет берүү, Рамазан айында орозо кармоо жана чамасы
жеткендер ажылыкка баруу». (Бухарий, Ыйман-34).
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#589 21 Июнь 2015 - 20:04
#590 21 Июнь 2015 - 22:23
Орозону эмнелер бузат?
1. Билип туруп бир нерсе жеп-ичүү.
2. Жыныстык байланыш жасоо.
3. Атайылап кусуу.
1. Орозону бузуучу абалдардан сактануу.
2. Хайз менен нифастан таза болуу:
Аялзаты хайз, же нифас абалында орозо кармоосу дурус эмес. Бул абалдагы кармалбай калган орозо күндөрүн кийинчерээк Рамазан айы өткөн соң казасын аткарат.
Жунубдуктан тазаланып гусул даарат алуунун орозого байланышы жок. Тагыраак айтканда, түн ичинде түшүркөөдөн улам, же жыныстык байланыштан улам жунуб болгон адам саарлык жеп ооз бекиткен соң, кийинчерээк гусул даарат алса болот. Пайгамбарыбыз (САВ) ушундай кылганы хадисте баяндалган. (Муслим, Сыям-77; Ахмад бин Ханбал-6/34, 36, 38, 67).
Күндүз уктап калганда түшүркөөдөн жунуб болуп калса да орозого кедергиси жок. Гусул даарат алса гана жетиштүү.
3. Орозо кармоого ниет кылуу:
Ар кандай бир орозого жүрөк менен ичтен ниет кылуу жетиштүү. Бир адам түн жарымында эртеңки күн Рамазан орозосу экенин ойлоп, өзү бул айда орозо кармарын эске алса, же жөн гана саарлыкка турса, бул орозо кармоо болуп эсептелет. Тили менен ниеттенгенин айтуу мустахаб.
Орозонун башка бир түрүн кармоодо атайылап ниет кылуу шарт. Анткени ибадатты көнүмүш адаттан айырмалоо үчүн намаздагыдай атайын ниет керек. Пайгамбарыбыз (САВ): "Иш-аракеттер ниетке байланыштуу. Ар ким ниетине жараша натыйжага ээ болот" деген. (Бухарий, Бадул Вахи-1; Муслим, Имара-155).
Бардык орозолорго мүмкүн болушунча таң атаардан мурун ниет кылган абзел.
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#591 21 Июнь 2015 - 22:24
Рамазан орозосун кармабоого шарт түзгөн себептер
Себепсиз эле Рамазан айында орозо кармабоо күнөө жана анын жазасы бар. Бирок бир адам төмөндөгү абалдарда Рамазан орозосун кармабаса болот жана баштаган орозосун буза алат.
1. Бейтаптык: Бир оорулуу орозо кармаган убакытта оорусунун күчөшүнөн жана созулуп кетүүсүнөн корксо, кармабаса болот. Сакайып кеткен соң, орозосунун казасын кармап берет.
2. Сапарга чыгуу: Рамазан айында эң аз 90 чакырым жолго чыккан адам орозо кармабаса болот. Сапары аякташы менен кармабаган орозосун казасын тутат. Орозо кармоо оорчулук туудурбаса, жолдо орозосун улантуусу дагы да жакшыраак.
3. Зордукка кабылуу: Орозосун бузуусу үчүн өлүм же болбосо денесине бир зыян келтирүү менен коркутулган убакытта орозосун бузуусу күнөө эмес. Казасын кийин кармап берет.
4. Боюнда бар жана эмчекте баласы болгондор: Боюнда бар же эмчекте баласы болгон аялдар, орозо кармаган убакытта баласына же өзүнө зыян болушунан корксо, орозо кармабаса болот. Боюнда бар жана эмчекте баласы болгондугуна байланыштуу орозо кармай албаган аял кийинчерээк казасын кармап берет.
5. Ачкачылык жана суусуздук: Орозо кармаган адам суусуздук жана ачкачылыктан психикасынын өзгөрүүсүнөн жана денесине зыян жетүүсүнөн корксо орозосун буза алат. Кийин каза орозосун кармап берет.
6. Карылык: Денеси күндөн-күнгө оорлошкан жана орозо кармоого күчү жетпеген карыган адамдар орозо кармабаса болот. Алар кийинчерээк да ал орозосун каза кыла албаганы үчүн ар бир күндүн эсебинен садака беришет.
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#592 21 Июнь 2015 - 22:28
Орозонун казасы
Рамазан айынын бир же андан артык күндөрү орозо кармай албаган адам кийин мунун казасын аткаруусу керек. Башта айтылгандай, оору-сыркоо, жолоочулук, хайз же нифас өңдүү себептер менен, же атайылап, жаңылып болобу, ниет кылбай коюудан улам орозо кармалбай, анын казасын аткаруу зарыл.
Алла Таала Курани Каримде мындай дейт: "Силерден кимдир бирөөлөр ооруп калган болсо, же сапар үстүндө болсо, орозо кармай албаган күндөрдүн ордуна башка күндөрдү санап кармасын" . (Бакара сүрөсү, 184-аят).
Рамазанда себепсиз орозо кармабаган адам оор күнөөкөр болот. Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деген: "Эч себепсиз же оору-кеселсиз туруп Рамазандан бир күн орозо кармабаган адам, башка күндөрдө өмүр бою орозо кармаса да, ошол күндүн милдеттин нагыз аткарган болуп эсептелбейт" . (Ибн Маажа, Сыям-14; Ахмад бин Ханбал-1/92, 2/386, 422, 458; Дарими, Саум-18).
Рамазандан башка ар кандай бир түрдөгү орозонун казасын да аткаруу зарыл. Рамазан орозосунун казасын үзбөстөн удаа жана шашыла аткаруу шарт эмес. Чамасы жеткен кездерде кармап орундаса болот.
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#593 21 Июнь 2015 - 22:30
Орозо кармоого эч кандай бир чама-чаркы келбегендердин орозо үчүн фидя (төлөм) берүүлөрү важиб. Оорусунун айыгуусунан үмүт үзгөндөр менен өмгөктөгөн карылар ушул катарга кирет. Мындай абалдагы адамдар орозо кармабастан, ар бир күнү үчүн бир кедейди тойгузат, же эсептеп бир күндүк тамактын акчасын берсе да болот.
Алла Таала Курани Каримде Бакара сүрөсүнүн 184-аятында мындай деген: "Орозого чамасы жетпегендер бир кедейди тойгуза фидя берүүлөрү керек".
Сахабалардан Ибн Аббас мындай деген: "Бул аят өтө карыган адамдар үчүн уруксат катары түшүрүлгөн" . (Ибн Касир, 1/ 308; Зухайли, 3/ 1744).
Эгерде кары-картаң адамдын чынында эле күнүгө бир кедейди тамактандыраарлык да акча каражаты жок болсо, Аллахтан кечирим тилөө аркылуу милдеттен кутулууга далалат көрсөтөт. Анткени "Аллах эч кимге чамасы жетпеген нерсени жүктөбөйт" (Бакара сүрөсү, 186-аят) деген аят бар.
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#594 21 Июнь 2015 - 22:32
Рамазан орозосун атайылап, себепсиз бузуудан улам каффарат керек болот. Рамазан айындагы парз орозодон башка ар кандай бир орозону бузса, ага каффарат жок. Тек гана казасы аткарылат.
Каффараттын башкы себеби - улук Рамазандын урматын сактабай, Алла Тааланын ушул куттуу айында белгилеп берген орозосун себепсиз кордогондук деп айтсак болот. Ошондуктан, билбестен, же жаңылып парз орозону бузса каффарат жок. Каффарат үчүн бир кулду эркиндикке чыгаруу керек. Бул түрү азыркы заманыбызда жок. Буга чамасы жетпесе үзбөстөн удаа эки ай орозо кармоого тийиш. Буга да чамасы келбесе, 60 кедейди тамактандырып, курсагын бир күн тойгузуу талап кылынат.
Алла Таала Курани Каримде мындай деген: "Жасаган ишиңерди текке кетирбегиле" . (Мухаммад сүрөсү, 33-аят.)
Атайылап парз орозону бузуудан улам каффаратты али өтөй электе кайра дагы бир ирет билип туруп, орозосун бузган адам бир гана каффарат аткарса жетиштүү.
Каффарат үчүн орозо кармаган адам 2 айдын ичинен бир күн эле кармабай калса, кайра баштан баштап 60 күн орозо кармоосу керек. Мисалы, бир адам 40 же 50 күн үзбөй каффарат орозосун аткарып келип, 41 же 51-күнү бир күн кармай албай калса, мунун баары жокко чыгат да, 60 күндүк орозону кайрадан биринчи күнүнөн баштап эсептеп кармоосу керек болот. Бирок 60 күндүн ичине хайз же нифас күндөрү, орозо кармалбачу айт күндөрү аралап туш келип калган болсо, мындай олуттуу себептерден улам бир нече күн орозо үзүлүп калса, кайра баштан баштабастан, келген жеринен улап кармайт.
Атайылап парз орозону бузуудан улам каффаратты али өтөй электе кайра дагы бир ирет билип туруп, орозосун бузган адам бир гана каффарат аткарса жетиштүү.
Каффаратты аткарууга чамасы келбеген адамдын каффарат милдеттүүлүгү жоюлбайт. Үчөөнүн кайсы түрүн аткара алса да, айтор бир түрдүү каффаратты сөзсүз аткаруусу зарыл.
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#595 22 Июнь 2015 - 22:22
#596 22 Июнь 2015 - 22:30
sterva (22 Июнь 2015 - 22:22) жазган:
Эң тура, чынында орозо кармаганга чейин ойлонуп кантип чыдайм, деп өзүбүзгө ишенбейт экенбиз, сабырдын түбү сары алтын
#597 23 Июнь 2015 - 01:59
sterva (22 Июнь 2015 - 22:22) жазган:
16 саатты айтасыз да,биз,Москвадагылар, 19 сааттан ашык жүрөбүз го улам-улам саатты карап.Кечки бештен кийин баш конкретно эле тегерене баштай.))) Баарынан суу ичкиң келип чаңкоого чыдоо өтө кыйын экен чынында.
#598 23 Июнь 2015 - 02:13
Amantur. (23 Июнь 2015 - 01:59) жазган:
Кавыл болсун Амантай))
Кудурети кучтуу орозонун
антип минткиче уже 5 кун тутуп койдук;-))
#599 23 Июнь 2015 - 02:17
barpynynkyzy (23 Июнь 2015 - 02:13) жазган:
Кудурети кучтуу орозонун
антип минткиче уже 5 кун тутуп койдук;-))
Рахмат,айтканың келип баарыбыздыкы кабыл болсун
#600 23 Июнь 2015 - 02:47