Бул чыгарма Бердикожо Бийназаровдун калемине таандык "Журоктогу кыш"-деп аталат.
Жүрөктөгү кыш Бердикожо Бийназаров
#2 21 June 2015 - 15:24
Кыш мезгилинин чок ортосу. Кар калың болгону менен күндүн илеби жылуу. Бирок, кардын каары эртели кеч денени ичиркенткени болбосо, эмнегедир адамдар жеңил кийинип,кыштын суугун таназар албай жүрүшөт. Жылда бул учурда ооздон түшкөн түкүрүк жерге жетпей тоңуп калчу. Ошого жараша элет жеринде эл ичик-тон, шуба өңдүү сырт кийимдерди кийип, элдин саны көчөдө аз кездешчү. Ал эми бул жылы көчө көркүнө чыгып, шаңдуулук күчүндө. Убакыт чоң шашкеге жакындап калган кезде, өтө жупуну кийинген арыкчырай, орто бойлуу Назира кимдендир корунгансып жер карап, базарды көздөй келе жатты. Бул айыл райондун борбору болгон үчүн шаар тибиндеги көрүнүштөргө-
бай. Базары, чоң дүкөнү, эки этаж ооруканасы,
бала бакча өңдүү имараттар өзгөчөлөнүп көрүнүп турат. Назира ак жуумалдын сулуусу. Жашы болгону жыйырма төрттө. Эки баланын энеси. Жашоодон бир жаңылганы он сегиз жаш курагында, өзүнөн жыйырма жаш улуу күйөөгө тийгени. Андан дагы тийген күйөөсү колунан иш келбеген, динди бетке кармаган "молдо"
деген аты бар, басып жүргөн бир пенде деп айтсак аша чаппайбыз. Көргөн киши Назираны, тийген күйөөсү Мустафага такыр ыраа көрбөйт. Бул да болсо тагдыр, бешенеге жазылган буйрук эмей... Элдер жаңы жылды тособуз деп, катуу даярдык көрүп,базар ичи ызы-чуу. Назира базарга жакын келип калган кезде кошунасы Айна:-Назира,
жаңы жылга карата кошуналар акча чыгарып, бир үйгө отуралы дедик эле. Силер кошуласыңарбы?
-деди Назира эки жакты элеңдей карап, басынганын жүзүнөн билгизип:-Аны тиги киши менен сүйлөшүңүзчү.
Сиз аны толук билесиз да -деди эле, Айна ниетинен Назираны аяп:-Анда, өзүң эле келе бер. Акча кошпой деле кой. Эң негизгиси, кошуналардан калба. Билем, Мустафаны. Анын бизге кереги жок. Келсе каяктагы шарыят сөзүн сүйлөп, башты чагат-деди эле, Назира:-Аны учурунда айтайынчы. Мен барайын. Үйдө чай менен нан калбай калыптыр. Кечиксем тиги киши шекшинет. Молдолорду билесиз да "Кызганган сүннөт" деп, обу жок кызгана беришет эмеспи. Айна эмнегедир ушул саам ички дүйнөсү менен кеңешкенсип,
аяр карап, чөнтөгүнөнө акча алып чыгып Назирага сунуп- Балдарыңа бирдеме ала барып берип койчу, күйөөң акчаны эсептеп берген чыгаар. Кантип эле биз сени түшүнбөйлүк-
деп, кошуналарынын атынан сүйлөп, акчаны болбой колуна карматып койду. Жыйырма сом Назира үчүн чоң акча. Сүйүнгөнүнөн жүзү нурданып чыкты: -Айна эже, сага ырахмат. Мен сиздин бул жакшылыгыңызды унутпайм деп, базарга кирип, элге аралашып кетти. Бул учурда, Мустафа жол карап, аялы Назираны күтүп турган. Жакын жердеги дүкөндөн деле алса болмок чай менен кантты. Базарда эки сомго арзан деп, акчанын көзүн караган молдоке, Назираны төрт көчө алыс базарга жибергенинин жөнү, акчаны аягандагы кербези эле. Назира, эки күндөн кийин боло турган жаңы жылга даярданмак турсун, Мустафа санап берген акчага керектүүлөрүн алып, жыйырма сомду катып алды, 31-декабрда эки баласына бир нерсе алып бериш үчүн. Шашып, энтиге басып келгенде Мустафа: -Ай, эмнеге кечиктиң, ушул турган жерге барып келгенге?-деди эле, Назира жалтактай карап: -Кошуналар менен сүйлөшүп калдым. Жаңы жылда Сайраш эженин үйүнө отурушат экен, болгон кошуналар, чогулуп. Бизди кошуласыңарбы?
деп сурашты. Мен "сизди билет"-деп жооп бердим. Мустафа кабагын түйүп:-Ай, ушу кошуналардыкы өттү. Каапырлардын майрамын майрамдайбыз деп. Чыныгы мусулман баласы үчүн бир жылда эки гана майрам бар. Орозо айт жана Курман айт. Биз эч кандай аларга кошула албайбыз. Арак ичиле турган жерге барганга такыр болбойт-деп өзүнчө күпүлдөп, сүйлөнүп алды:Ошентип,
эч билинбей убакыт өтүп, эл күткөн 31-декабрь да келди. Элдер майрамга катуу даярданып, базардан керектүүлөрдү алып келип жатышканда,
Назиранын эки баласы мотураңдап чуркап келишти:-Апа,
элдер майрамга даярданып жатышат. Биз качан даярданабыз дешти, бир ооздон. Назирага ушул эле сөз жетпей турду белем, кабагын түйүп, жамап жаткан байпагын токтотуп:-Аны,
анан атаңар келген кезде айткыла деп, бурк этти. Бул Назиранын ачуусу келгендеги белгиси эле. Күндө бир маал Мустафа мээсин жейт "аял деген минтиш керек, аял дегендей тигинтиш керек" деген акылдуусунган сөздөрү менен. "Алдаса болот жаш башты, каргаса болот как башты" дегендей, алты жылдан бери Назира күйөөсүнүн аягы тайыз сөзүнө ишенип, иштемек турсун үйдөн он мүнөттөй сыртка чыгып, эл менен сүйлөшө элек. Арадан туура эки саат убакыт өткөндө, энтиге басып Мустафа келди да, Назиранын үйдө экенин көрүп, эс ала түштү. Анткени, кудум Назирага окшош аялзатынын машина менен баратканын көрүп, ою бузулуп, ойлонгондон мээси чыңалып, давлениясы көтөрүлүп кеткен. Бул адам баласындагы ашыкча ой жүгүртүүнүн,
болгондо дагы жаман нерсени ойлогондогу абалы эле. Көрсө адам өз өмүрүн өзү ушинтип жаман ойлор менен кыскартып, оору тилеп алат тура. Назира да билди, күйөөсүнүн кызганыч ой менен келгенин. Аңгыча эки баласы жакын келип:-Ата, элдер майрамга даярданып жатышат. Биз качан даярданабыз?
-дешти бир ооздон. Көңүлү жайланган Мустафа:-Койгула балдарым, антпегиле. Бүгүн эч кандай майрам эмес. Ал каапырлардын чыгарган майрамы. Аны коюп бүгүн апаңар манты жасап берет-деп, чөнтөгүнөн акча алып чыгып, Назирага сунду: -Ме, бул акчага эт, май, аны муну сатып келип, келиштире манты жасачы. Көптөн бери манты дагы жей элекпиз-деди,
Назира акчаны алып жатып:-Жолдон базарга кирип, өзүңүз эле ала келсеңиз болмок-деди үнүн жай чыгарып. Назира тийген күндөн бери "сиз" деп кайрылат. Ошол себептен, "келсеңиз болмок"-деп кайрылды. Мустафа өзү ала келмек, саат басып, машинага түшүп бараткан келинди көрүп калып, шашып келбедиби. Назира кабагын түйүп:-Анда,
мен эки баламды ээрчитип алайынчы. Кечиксем, жол карап, капа болосуз!-деди.
Бул айтылган сөздүн артында "кызганасыз"
деген сөз жаткан. Мустафа дароо макул болду башка айласы жок болучу. Жолдо ката Назира эки уулуна эмне сатып берсем деп, жаңы ачылыш ача турган окумуштуудай катуу ойлонуп, жыйырма сом көзүнө чоң акчадай сезилип, таттуу ойго алаксып бара жатты. Андан дагы ал акчага күйөөсү билбегендей нерсе сатып бериши керек. Болбосо, "акчаны кайдан алдың"-деп,
тергөөчүдөн жаман суракка алышы турган иш. Ойлуу кадам шилтеп бараткан Назиранын жанында эки баласы алыскы Лондон шаарына бараткансып сүйүнүп алышкан. Үйдөн алыс чыкпаган бул эки наристе үчүн базарга барган жөн эле бир келген бакыттай сезилди. Назира алгач Мустафа берген акчага керектүүлөрдү алды да анан эки уулуна бир лимонад жана пирожки сатып берип, катуу эскертти… "атаңарга айтпагыла"
-деп. Кыштын күнү лимонад ичкен эки наристенин сүйүнүчүндө чек жок. Ашып калган акчага чупачупс алып берди. Үйгө барганча жеп түгөткүлө- деп. Ошентип, бул күн дагы эки наристе үчүн өзгөчө күн болду. Эки уулу менен кеткен аялын Мустафа чыдамы кете күттү. Алардын карааны имерилиштен көрүнгөндө гана жаны жай алып, ичкери кирип, мешке от калады. Аңгыча чоң майрамга катышып келгенсип эки уулу "Ата базарда тигини сатып жатыптыр, элдер катуу даярданып жатышкан экен, тарсылдак атылган нерселерди сатып алышкан эл көп" деп, көргөндөрүн айтышты эле Мустафа
#3 21 June 2015 - 15:25
-Алар, туура эмес кылышат. Мына бүгүн апаңар силерге келиштирип манты жасап берет. Кана Назира, алып келгендериңди көргөзчү-деп,
сумкага көз агытты. Оюндагынын баарын көргөн Мустафа:-Эмесе,
баштайлы. Мен эт туурайын. Сен камыр жууру.-Эшик суук. Бир чыныдан чай ичип алып баштайлычы.
Курсак ачып кетти-деди эле Мустафа жактыра бербей:-Тамак канчада даяр болот?-деди.
Назира кабагын түйүп: -Кеминде үч саатта. Биз даярдаганча эле бир саат кетет. Отко койгондон кийин бир сааттан ашык убакытта бышат. Мустафа колун шилтеп:-Анда чай ичип алалы. Назира сен туура айтасың-деди.
Чай ичилип бүткөндө, Мустафа даарат алып келип, намазын окуганы ичкери кирди. Назира эки уулу менен кечки тамактын камын көрүп, ун элеп келди. Эне үчүн баланын күлгөнү, сүйүнгөнү эмне деген бакыт. Өзгөчө кичүү баласы ар нерсени божурап сүйлөй берди. Назира "кап атаганат, эки уулумду эл сыяктуу бала бакчага берсем кана"- деп ойлоп койду. Анткени экөө үйдө камалып отуруп көп нерсени али билише элек. Базарга барып келгенге эле ушунча сүйүнүп жатат деп, келечекке кам көрө таттуу кыялга батып, ойго чөмүлүп кетти. Эгер, Мустафа ички үйдөн чыкпаганда,
дале ойго алдырып отура берет беле. Назира, кабагы суз, күйөөсүн бир башкача көз караш менен карап:-Эттин баарын эле кошолубу? Пияз дагы аз калыптыр-деди сөз улансын үчүн. Негизи эле Мустафа идиш-аякка кийлигишкен үчүн, Назира өз эрки менен эч нерсе жасай албайт. Ошол себептен сурады, болбосо молдоке сөз менен жеп салат, бир сөзүн кайра-кайра кайталап айта берип. Бул күн кыштын кыска күндөрүнүн бир күнү эле. Мустафа куптан намазын окуп болгон кезде, тамак бышты. Төртөө чогуу отуруп тамак жешти да, төшөк салып эрте эле жатып алышты. Бул учурда башка элдер жаңы жылды тосууга катуу даярдыктарды көрүп, тасмалдарын кенен жайып коюп, көңүлдөрү шат эле. Эки бала курсактары тойгонгобу,
баштары жаздыкка тиери менен уктап кетишти. Назирадан уйку качып, түбү жок ойду ойлоп, кеминде эки сааттан ашык убакыт жатты. Аңгыча, тарсылдактар атылып баштады. Бирок, жаңы жылды тосчу убакытка дагы кенен бир саат убакыт бар эле, негизи эле молдолордун болгон дити төшөк оюну менен чектелеби, Назиранын жанын койгон жок. Ансайын Назиранын кыжыры келип, эртерээк эле ишин бүтсө экен деп өзүн- өзү араң кармады. Ансайын Мустафанын иши узакка созулганда Назира:-Болчу,
болгон оюң эле ушу. Элдер тигинтип майрамды тосуп жатышат. Деги биз качан эл сыяктуу жашайт болдук -экен? Бүгүн кошуналар "чогулабыз"
деди эле, ага да барган жокпус. Мустафанын кулагына эч нерсе кирген жок. Анткени анын болгон дити башка жакта болчу. Назира, айткан сөзү текке кеткенине өкүнүп:-Сизге айткан сөз эч таасир бербейт. Элдин аялдары кийбегенди кийип, ичпегенди ичип, ээн эркин басып жүрүшөт. Мен болсо капаска түшкөн куштай кайтаруудамын деди эле, ишин бүткөн молдо: -Сени, бирөө бузуп жатат өңдөнөт. Минтип айтчу эмес элең. Сага айтпадым беле "динден алыс аялдар менен сүйлөшпө"
деп, өктөм сүйлөп нары карап жатып алды. Аңгыча, сааттын жебеси он эки болду белем, тарсылдактар кеминде жарым сааттай убакыт атылды. Мустафа жаздыктан башын көтөрүп:-Ушул эми жакшы ишпи. Канча акчаны асманга куру бекер атып салышты "Ысырапкорчулук"
-деп, төшөктү чүмкөнүп жамынды. Назира, таң куланөөк атканга чейин уктай алган жок. Жаңы жылды тоспогонуна ушуну менен алтынчы жыл болду.
#4 21 June 2015 - 15:26
Убакыт өз нугу менен өтө берди. Билинбей январь айы аяктап, февраль айы баш бакканда Назира менен Турат экөө таанышып калды. Турат болгону төрт жашка улуу болгону менен ойлогон ою келечектүү,
аялзатын түшүнө билген колу ачык, жүзүнөн күлкү кетпеген жыйырма сегиздеги али үйлөнө элек жигит. Мунун баары жүрөккө тынчтык бербеген сүйүүнүн кылган жоругу. Өзү алыскы борбордо турса дагы бул айылга, тактап айтканда Назиралардын үйүнө жипсиз байланды да- калды. Ооба, өзү ар тармактуу иштер менен алек болчу. Бул айылга тери алганы келген. Ал кезде теринин баасы жакшы болуп жаткан, бирге бир түшүп. Мындан сырткары да башка иши бар. Өзү үйдө жетим өскөн. Атанын мээримин көргөн жок. Чоңойгонго чейин турмуштун соккусун жакшы эле көрдү. Бөтөлкө чогултуп өткөрдү, кийим жок окуудан калган күндөрү болду. Кыскасы иштебеген иши калган жок. Акыры жерден бой көтөргөнү шаарга барып, алгач тачка түртүп иштеп, анан Касымбек - деген чоң бизнесмен менен иштешип, анын жакшы жардамын көрдү. Азыр дагы Касымбектин алдынан кыя өтпөй, керек болсо үйүнө барып эшигинин алдынан бери шыпырып, тазалап берет. Ичинде кири жок Туратты, Касымбек дагы жакшы көрүп, көптөгөн кеңешин берип, ишке салды. Азыр, Касымбектин өз баласындай.
"Жакшыга жанаш, жамандан адаш" деген кеп бар эмеспи. Балким, Турат, Касымбекке жолукпаганда мынчалык көтөрүлбөйт эле. Андан дагы Касымбек: -Турат, сага айта турган бир кебим бар-деди. Бир күнү чарпаяда отуруп, маанилүү сөз айтчудай. Турат көңүлдөнүп:
-Айтыңыз байке, кулагым сизде дегенде Касымбек:-Турат,
тээ илгертен бери айтылган кеп бар. "Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет" деген. Мен, али көп жашай элекмин, бирок көптү көрдүм, башымдан турмуш сабагы боло турган маанилүү окуяларды өткөрдүм. Көрсө, бардык макал-лакаптар,
икая-жомоктор турмуштан алынат- экен. Анынсыңары мен дагы сага өтө маанилүү сөз айтам. Эгер, менин айткан сөзүмдү туура кабыл алсаң, анда аткар. Аткарбасаң ал дагы өзүңдүн ишиң-деп, Туратты сынай карап анан сөзүн баштады. Бул дүйнөндө адам баласы жаңылбай жашаш үчүн эң алгач азгырыктарды жеңе билиш керек. Эркек адам үчүн арак менен аялдан өткөн азгырык жок. Анан уйкунун азгырыгын дагы жеңген жакшы. Буга мисал келтирейин.
Таңкы уйку кандай таттуу. Эгер, ошол эртең мененки уйкуну жеңсек, таң эрте көп иш бүтүрөсүң. Ал эми уйкуга алдырсаң көп нерседен куру каласың. Уйку, азгырыктардын бирине кирет, өзүң эле калыс бол. Уйкучу адам жалкоо болот. Демек жашоодогу жетишкендиктерден алыс калат. Мен сага эрте кел десем, сен уктап калып кеч келдиң. Мен, ишим чыгып кетип калдым. Сен мен бере турган иштен куру калдың. Демек ырыскың кемиди деп айтсак болот. Бул бир. -Экинчи адам кекиртектен аксайт. Арак ичкен киши акылдуусунуп сүйлөгөнү менен колунан эч иш келбейт. Биринчиден ден соолуктан ажырайт. Экинчиден кадыры сынат. Үчүнчүдөн элден өзүнөн-өзү четтеп калат. Бул арактын азгырыгынын пайдасы. Ал эми аял азгырыгы жашоону бузат. Эркек адам эрктүү болуш керек. Ошондо гана жашоонун бийик секисине чыгып, бактылуу жашайт. Арак менен аялдын түбүнө жеткен эч ким болгон эмес. Андыктан аялды сүй, бирок, анын кадырына жет. Ошондо гана жүрөгүң таза болуп, жашооң узакка созулат. Улуу Алла жаратканда болгон жан жаныбарлардын эркегин, ургаачысын бир гана жерине кызыктырып койгон. Буга мисал катары буканы эле алалы. Ал күүгө келген кунаажынды ээрчип кай жакка гана барбайт. Анан андан моокуму канган соң, өз үйүрүн, тактап айтканда жашаган жеринен адашып калып, кожоюнун издегенге мажбур кылат. Ошол сымал эле туруксуз эркек дагы жеңил-желпи кийинген кыз-келинге көз артып, жашоодон жаңылгандар канча. Азыр эки жүздүү эркектер четтен чыгат. Мунун баары эмнеден "аял" деген заттын азгырыгынан.
Мунун баарын сага эмнеге айтып жатам. -Эгер, сен сүйүүгө туруктуу болсоң, баарын жеңесиң. Мен, бир кезде, тактап айтканда бойдок, армиядан жаңы келген убагымда, күйөөсү бар келинди сүйүп калгам. Ага мен күйөөсүнө билгизбей көп жардам бердим. Акыры бирөөнүн үй-бүлөөсүн бузбайын деп, ал келинден өзүмдү оолак туттум. Сен дагы менин даамымды татып, мени менен туздашып калдың. Балким сен дагы үй-бүлөсү бар келинди жактырып калышың толук мүмкүн. Анда сен ага колуңдан келген жардамыңды бер. Ошондо сенин ишиң алдыга жылат. Өзгөчө, аялзатынын үмүтүн аткарып койгон жакшы-деп бир топ сөздүн башын айткан. Ошол айткан кеби төп келип, эки баласы бар келинди сүйүп калып, сүйүүнүн азабын тартып жүргөн кези. Ошол Назира менен жолуккан күн өмүрү өткөнчө эсинен кетпей калды белем. Жаңы гана Талант досу менен тери алып иштешип жаткан. Күн суук, элет жеринде акча жок. Бирок, жаңы жылга карата көпчүлүк мал союп, тери жакшы алынды. Бир күнү кечке жуук, өтө жупуну кийинген келинди көзү чалып, сугун арта карап, биринчи көз караштан эле ал келинди жүрөгү менен берилип жакшы көрүп калды. Көрсө сүйүү адам баласына не бир түркүн жол менен келет белем. Тураттын аң сезими алиги келинге урунду да калды. Назира, базардан чыгып бери басканда, Турат машинасы менен жакын келип:-Чоң кыз, мүмкүн болсо Шопоков көсөчү кайда айтып коесузбу?-деди эле, Назира бейтааныш баланы уялыңкы түр менен карап:-Мен ошол көчөгө барам-деп айтып алды. Бул сөз кантип оозунан чыгып кетти өзү дагы билбейт. Тураттын көктөн издегени жерден табылгандай сүйүнүп:-Келиңиз анда, отуруп алыңыз. Чогуу баралы-деди.
Назира кабагын түйүп:-Менин күйөөм бар. Машинага түшкөнгө болбойт-деп,
кадимки Афганистандагы түркөй аялдардай чочуп кетти. Турат күлүп:-Күйөөңүз болсо эмне экен. Кайра жакшы эмеспи, суукта үйүңүзгө эрте жетип аласыз. Назира жылдыздуу балага арбалып:-Түшүп алат болчумун машинаңызга,
күйөөм абдан кызганчаак.
Аны коюп түшүндүрүп эле айтып берейинчи. Турат:-Эмне күйөөңүз молдобу?-деди эле Назира башын ийкеп:-Ооба,
аны сиз кайдан билдиңиз. Турат күлүп:-Молдолор гана ашыкча кызганчаак болот. Сиз ушунчалык сулуу экенсиз, атыңыз ким?-деди Назираны сөзгө тартып. Назира жылуу сөзгө ыраазы боло-Назира деп, үнүн акырын чыгарды. Турат өз ысмын айтып машинага олтурууну өтүндү. Элпек кыймылы менен Назира салондон орун алганын өзү дагы билбей калды.Турат,
берилүү менен уялчаак келинге карап:-Назира,
сен мага абдан жагып калдың "сендей дагы сулуу жан болот" деп ойлобоптурмун деп, машинаны жай айдады, узагыраак сүйлөшүүнүн амалын кылып. Сөз арасында тери алып иштеп жатканын дагы учкай кеп кылып:-Силерде тери жокпу?-деди эле Назира
#5 21 June 2015 - 15:26
-Жок, кайдагы тери. Малыбыз жок болсо-деп, сөзү менен билгизип койду, жарды турушаарын.
Турат учурдан пайдаланып,
-Назира, бир сөз айтсам макул болосуңбу?-деп,
суроолуу карады эле, көздөр чагылышып кетти. Бул сөз караштан экөө бири бирине арбалып, бир саамга турушту. Тормозду кантип тепкенин да билген жок. Жүрүп бараткан машина токтоп, экөө үнсүз сүйлөшкөнгө өтүштү. Ушул жашка чыкканы Назира, ушундай жагымдуу көз карашты жолуктурган эмес. Убакыттын токтоп турушун миң мертебе тилеп дагы жиберди. Анан оозу бош:-Айтып көрүңүз?-деди сылыктыгынан жазбай. Турат сулууга арбалып, машинаны скоросттон чыгарып:-Назира,
эгер мүмкүн болсо сунган колдуу суутпай, бул акчаны алып, шоколад алып жеп койчу-деп, эки жүз сомдук бир купюраны сунду. Назира чынында эле акчадан кыйналып турган. Кара күчкө:-Жок, кереги жок-деген болду эле Турат:-Мен, сенден сурандым го-деп, колуна карматып,-Кайда айдайын?-деди сөздү бөлүп. Назира жолду карап:-Мен тиги бурулуштан калам. Сиз оңго буруласыз-деди.
Бул көчөнү билмек турсун канча жолу өттү. Назира менен таанышуунун гана бир жолу үчүн көчөнүн атын сураган. Турат чоң жетишкендикке жеткендей маңдайы жарыла сүйүнүп: -Ырахмат, Назира, эми сизге качан жолугам. Мага ашыкча түйшүк жараттың. Айтмакчы, мен эртең шаарга кетем. Эгер, макул көрсөңүз эртең он экиде базарга келиңизчи. Жок дегенде карааныңды бир көрүп, анан көңүлүм жай кетейин-деди эле, Назира динге сугарылгандыктан андан дагы күйөөсүнүн "аял киши мындай болуш керек" деген тажатма сөзү мээсине сиңип калган үчүн:-Жок, мен сизге жолуга албайм. Менин күйөөм бар да-деди. Турат кабагын түйүп:-Келсең,
мен сага миң сом берем. Болгону ошол, караңызчы кийимиңиз дагы жупуну экен. Менин сага карата оюм жакшы. Болгону "сага жардам берип койсом" деген эле тилек. Өзүң бил-деди да, Назираны чын ниетинен жактырып калганын жүзүнөн билгизди. Назира айласы жок тетири бурулуп, үйүнө баратып, бакыт кушун кое берген адамдай, ойлуу алдыга кадам таштады. Алтурсун Турат берген эки жүз сомду кармаган колу чоктой ысып чыкты. Ал эми Тураттын абалы Назираныкынан жүз эсеге оор эле. Машинаны акырын айдап, Назира кайсы үйгө кирип кеткенин байкап туруп, анан Таланттын үйүнө абдан капалуу келген. Мына эми андан бери дээрлик эки жумага чукул убакыт өтүп отурат,бирок Турат баарын учурун келтирип өз нугу менен молдонун үй-бүлөсүн колго алганга үлгүрдү.***************** ********************* Назира үйүнө келип, каратып туруп калпты айтты. Болбосо акчаны кайдан алдың-деп, Мустафа сурай берип жанды коймок эмес. Андан дагы балдары азык-түлүк жок, карандай чай менен отурушкан. Сырттан кирип эле Назира:-Мен,
кайра базарга барып келейин. Жолдон акча таап алдым. Бирөөлөр түшүрүп койсо керек-деди. Мустафанын көзү жайнап:-Канча акча экен?-деди. Назира жер караган тейде:-Эки жүз сомдук-деп Мустафага сунду. Мустафа:-Мына буйрук деген ушул. Базарга экөөбүз барып келели. Мен бааны түшүрүп алам. Базардагылар обу жок акча кошуп сатышат-деп,
жөн эле кенч табылгансып,
сүйүнүп алган. Назира токтоолук кылып:-Мен, эмне керек экенин акчанын суммасына жараша жазып алайын. Болбосо, унутуп калабыз-деди.
Эх, "бирөөнө кор дүйнө, бирөөнө зар дүйнө" деген ушул эмей. Мустафа башын ийкеп:-Макул анда бол тезде, базар тарап кете электе -деп шашып калды. Калың жааган карды кычырата басып, экөө жол жээги менен келе жатты. Назира бир метрдей артына басып алган. Анын себеби шарият жолун жакшы билген молдоке, катар басканга уруксат бербейт. Оозунан келмеси түшпөгөн Мустафа алдынан чыгып учурашкандарга "иншалла,
өзүң кандай"-деп,
саламды алик алып, жөн эле бардар адамдай көңүлү көтөрүңкү. Базарга келип соода кылган катын-калачтар менен талашып-тартышып,
керектүү нерселерди алды. Назиранын ичи бышып араң чыдады. Жөн эле ак эмгеги менен таап алган акчадай, акчанын көзүн караганы жаккан жок. Андан дагы арыкчырай, кара тору келин:-Ушул молдолордуку өттү. Биз деле акча табалы деп отурабыз да, сууктун күнүндө. Барып башка жактан соода кылыңызчы!
Керек болсо, бир сом үчүн отурабыз. Эркек деген эркектей эле болсо-деп соода кылбай койгондо, Назира:-Ала бериңизчи, бардык жерде эле баа ушундай. Дагы жакшы түшүп берди-дегенде,
молдо куучуңдап, башка жерден андан кымбат баага алды, макаронду. Болгон акчага соода кылып, жолдо экөө келатышканда Турат машинасы менен алдыдан чыгып калды да, Назираны көрүп, атайын токтотту, машинаны. Алтурсун өзү берген акчага азык-түлүк алып келатканынан бери баам салып, машинадан түшүп, молдоке менен учурашты. -Саламалекум-
деп, молдо чоочун баланын саламын алик алып, сен кимсиң деген таисте карады. Ал эми Назира уялганынан жер карап туруп калды да, дароо "эмнеге токтоду, балким мен жөнүндө бирдеме айтабы" деп, коркконунан жүрөгү бат-бат согуп, денесин майда калтырак басып кетти. Турат учурашкан соң:-Молдоке,
тери алып жүрдүм эле, сизде тери жокпу? Негизи молдолор малды көп соет эмеспи-деп, сөзүнүн аягын тамашага чалып сүйлөдү эле,Мустафа күлүп:-Жок, менде кайдагы тери-деди. Турат сөз улансын үчүн:-Көзүмө малы көп адамдай көрүнүп кеттиңиз. Андан дагы азыр элдер алдамчы болуп, иш жакшы алдыга жылбай жатат. Сиздей дин адамдар менен иштешкен жеңилби деп дагы, ойлойм. Эгер макул болсоңуз, акчасын таштайын элден тери алып бериңиз. Кийинки аптада келип, эсептешип, сиздин дагы эмгек акыңызды төлөп кетем-деп, Назира күтпөгөн сөздү айтты. Алтурсун бул сунушту эмне максат менен айтканын да дароо түшүнүп ичинен "Азамат бала экен, жоктон барды жасаган" деп ойлоп койду. Мустафа калп күлүп:-Мен, соодага жокмун. Иштей аламбы аныңды?-деди эле Турат, көзүн жайнатып:-Иштебегенде,
мен тиги көчөдөгү Талант менен иштешип жаттым эле. Бирок, иш анча болбой жатат. Тааныш-билиш менен иштешкен негизи анча жемиш бербейт экен. Сиздей бейтааныш менен иштешкенде эсепке так, сөзүң да чоң чыгат эмеспи. Мен өзүм көргөзүп коем, кандай тери алыш керек экенин. Бат эле өздөштүрүп кетесиз-деди.
Мустафа калп күлүп:-Байкап көрөйүн. Бир чети жакшы болот эле деп, айта турган сөзүн таппай калды. Турат колун сунуп:-Макул анда, мен келип сизге жолугуп кетем. И, баса сиздин үй кайда?-деди билмексен болуп. Мустафа колу менен көргөзүп: -Тетиги оң жактагы дарбазасы сырдалбаган үй-деп, беш-алты үй нары жактагы үйдү көргөздү. Турат шаңдуу коштошуп
#6 21 June 2015 - 15:28
-Болуптур молдоке, анан келип калам-деп, машинасына түштү да, ичинен эзилип Назираны аяды "кантип ушуну менен күн өткөрүп жүрөт болду экен, балким башын айлантып алып алдыбы" деп чындап Назирага боор тартты. Кызындай болуп артынан ээрчип баратканын күзгүдөн карап: "Ай курган кыз, ушуга кор болгон" деп, өкүнүп алды. Ал эми Мустафа кабагы ачык:-Мына, эми буйруса иш дагы табылды. Тери алгандын эмнеси бар экен-деп кобуранып Назираны карады эле, оозуна сөз келбей "мунун баары бир мен үчүн болуп жатат кеңкелес"
деп ичинен күйөөсүн тилдеди. Бирок сыртка чыгара алган жок. Ага күчү да жетпейт болчу. Андан дагы Мустафа менен Туратты салыштырып кимиси адамгерчиликтүү экенин анализдеп да көрдү. Кереги эмне беш убак намаз окуп, динди жамынып элге жакшы көрүнгөнү менен ички дүйнөсү жарды адамдын. Ушул жашка келип Мустафа эч кимге жакшылык кылбаса керек-деп дагы ойлоп койду. Анткени анын болгон кулк мүнөзүн, кыял жоругун Назира беш колундай билет. Керек болсо бирөөнү алдап акча алганды жакшы көрөт. Кээ бир кеселдерге дем салып бергенин эстегенде жерге түкүрөт. "Ушунун деми кимге тиймек эле" деп. Бирок, эл деген эл да. Ишенип келе беришет. Андан дагы шарияттан сөз козгосо оозунан ак көбүк чыкканча сүйлөйт да, анын бирин дагы өзү аткарбайт. Артисттердей кооз сөзү эле болбосо, адамдык деңгээли абдан тайкы. Аны өзү деле билет. Бир жолу нике кыйганы барган жерден бир аял абдан катуу уят кылган. Анда дагы Мустафа өзү оозунан жаңылган. Болбосо уят болмок эмес. Нике кыйып жатып "Аял алган адам, аялына алтын буюм алып бергени парз"-дегенде алиги аял:-Ошол сиз айткан парзды өзүңүз аткардыңызбы?
Алтын алып бермек турсун, жакшыраак кийим дагы алып бербептирсиң го. Карачы аялыңыз кызыңыздай эле экен, кийген киймин -дегенде, Мустафанын сөзү оозунан түшүп, ошондон кийин Назираны андай жерге ээрчитип барбай калган. Мустафа үйгө келип эле: -Назира, эми келиштирип бир тамак жасачы. Канча болду эттүү тамак жебегенибизге-
деп, бир нерсени кыйратып келгенсип сүйлөдү. Назира эки уулуна чупачупс алып алган, Мустафа урушса болбой "кол карап калат" деп. Эки наристе чупачупска каниет кылып: -Апа, эмне тамак жасайсыз?-дешти.
Назира от жагып жатып:-Жаркөп жасайын. Силер, мага тоскоол болбогула-деп,
өз иши менен алек болуп жатып, Туратты эстеди. Бир күн илгери эле, алтурсун эки саат мурда аны таанычу эмес. Ушул аз убакыттын ичинде жүрөгү ага багынып, ал жөнүндө таттуу кыялга батып, Мустафага тийгенине дагы бир жолу өкүндү. Убакыт шам намазына жакындап калган кезде сырттан Абдылда молдо келди. Мустафанын жакын досу. Алкаштын досу алкаш, молдонун досу молдо, окумуштуунун досу окумуштуу болот эмеспи. Анынсыңары Абдылда дагы Мустафанын эле өзү. Оозунан "иншалла"
деген сөз түшпөйт, бирок абдан аялсаак неме, эки сөзүнүн бири эле аял. "Досуңду көргөз, мен сенин кандай адам экениңди айтып берем" деген бир акылман айткандай, Абдылда аркылуу эле Мустафанын кандай адам экенин билсе болот. Экөө шам намазын мечиттен окуп келиш үчүн сыртка чыгышты. Назира, бул кишини абдан жаман көрөт. Оозу балит, уят сөз кошуп сүйлөгөн, алтурсун Мустафа жокто тийишип да жиберген адаты бар.Бир жолу үйгө келип, калжаңдап тийишкенде,
катуу кагып койгон. Ошондон кийин учурашмак турсун, берген саламын алик албайт. Адам баласы көрсө өзүнүн терс сапаты менен чөйрөдөн алыстап, элге кошула албай калат эмеспи. Көл деле толкуну менен жаман нерселерди четке сүрүп салгандай, ичи тар ою жаман, бузуку, тилине алы келбеген алкаштар дагы өздөрүнүн жаман сапаты менен көпчүлүктөн сүрүлүп калгандай, Абдылда молдо дагы үйгө мурдагыдай эркин кире албай калган. Дагы жакшы анын жасаган аракетин Назира күйөөсүнө айтпаганы. Эгер, айтса экөөнүн достугунун ортосуна жарака кетмек. Экөө, үйдөн чыкканда Абдылда маанилүү сөз айтчудай оозун таптап, анан сөздү алыстан баштады. -Я, Мустафа, сени менен кеңешейин- дедим эле. Сага бир ооз сөз айтпай иш кылсам, көңүлүңө көлөкө түшүп калабы деп да ойлодум. Буга чейин эле айтсам болмок, бирок иш бышпай жатты. Акыры, сүйлөшүлүп бүткөндөн кийин, айтайын дегем. Мустафанын кызыгуусу арта эмне айтмакчысың?
-дегенсип, суроолуу карады эле, Абдылда шар айтты:-Буйруса жакын арада төшөк жаңыртсамбы деген ой бар. Өзүң нике кыйып бересиң да. Бул сөздү укканда Мустафанын көзү жайнай түштү. Ушул эле сөздү уга албай тургансып: -Аялды кайдан алганы жатасың?-деп күч менен сурап жиберди, таң калганын билгизип. Абдылда кыт-кыт күлүп: -Коңшу айылдан. Турмушу бузулуп келген экен. Бирок абдан эле жаш. Он тогузда экен жашы. Бул сөздү укканда Мустафа: -Ох-деп жибергенин өзү дагы билбей калды. Аял дегенден көзү каткан Мустафа үчүн бул күтүлбөгөн жаңылык эле. Абдылда сөздү улап:-Сен деле төшөк жаңыртпайсыңбы?
Тиги Сатыбалдынын кызы эрден чыгып келгенине көп болду. Атасынын төрүндө жүргөнчө сага токол аял болгонго "лам"деп эле макул болот болушу керек. Алгач мен ага сөз айттырайын дегем. Бирок, анын апасы менен жылдызым келишпейт. Өзү макул болсо дагы, апасы көнмөк эмес. Мустафа сөздү бөлүп:-Анан,
аялың макул болдубу?-деди эле Абдылда колун шилтеп: -Анын эмнеси бар экен. Эң негизгиси материалдык жактан камсыз кылсам болду да. Аял деген эбин тапсаң макул болбогондо кайда барат. Бирок, сенин аялың жаш. Азоо аттай секирип каршы болот болуш керек-деп сөзүнүн аягын кыска бүтүрдү эле, Мустафа үнсүз бир топ кадам басып: -Мен дагы аракет кылышым керек- экен. Сен айткандай Сатыбалдынын кызы эрге тийбегенде,
кимге тиймек эле-деп аял алганга көңүлү бар экенин бир ооз сөз менен билгизип койду. Шам намазын окуп келип, үйүнүн жанында токтоп турган машинаны көрүп, эң алгач Мустафанын кызганычы күч алды "Мен жокто ал эмнеге үйгө келет"-деп.
Турат, үйгө келгенде Мустафа жок экенин билип, абдан сүйүнүп кетти. Бирок, Назира коркуп сүйлөшкөнгө каршы болду. Анткен менен учурун келтирип суроо берип, көз карашы менен билгизип койду, көңүлү бар экенин. Турат учурун келтирип: -Сени чын ниетимден аяп кеттим. Кантип жашап жатасың?-деди эле, Назира тамак жасаганын улантып жатып
#7 21 June 2015 - 15:39
-Буйрук. Менин жаштыгымдан пайдаланып кетти. Атам болгондо буга тиймек эмес элем. Кыскасы, балдарым үчүн эле эптеп күн өткөрүп жүрөм. Экөө жаңы гана көнүшүп келатканда,
дарбазадан кыйч деген үн угулганда, Назира ички бөлмөгө кирип кетти. Болбосо Мустафанын жоругу белгилүү да. Турат эки наристени сөзгө тартып, алар менен сүйлөшүп отуруп калды. Мустафа сырттан кирип келип эле, үй ичин карап: -Назира кана?!-деди эле, Турат учурдан пайдаланып:
-Сизди кызганат-деп ички үйгө кирип кетип, али чыга элек. Мен сүйлөшүлгөн сөз боюнча келгем-деп, сөздүн аягын сыпаа бүтүрдү. Мустафанын көңүлү калыбына келип: -Келгениң ырас болуптур. Мен намаз окуганы мечитке кеткем. Ээ, Назира чык бери-деди. Жаңы келген келин кайын атасынан сүрдөгөнсүп Назира ички үйдөн иймене чыгып, жасап жаткан ишин улантты. Турат, Назирага көңүл бурбаган киши болуп:-Молдоке,
мындай эми. Негизги сөзгө өтөлү. Шашып жүрдүм эле. Сиз кандай тери алсаңыз да туз сүйкөп коюңуз. Мен сизге туз таштап кетем. Теринин кесилгени болсо арзан аласыз. Жакшы тери болсо жүз сомго чейин алсаңыз болот. Дарбазага "тери алынат" деп жазып койсоңуз, эл өзү эле алып келет. Менин сиз менен иштешип жатканымды тиги Талант билбесин. Анан ишке так болуп, эсептен жаңылышпайлы.
Мен сизге үч миң сом таштайм. Эмки аптада келем. Ага чейин бул акчаны иштетип койсоңуз. Сезон учурунда акча таап албасак болбойт деп, терини кандай алыш керек экенин тактап көргөзүп, тамакка күтпөй кетип баратып:-Жеңе,
жакшы туруңуздар-
деп, Мустафага билгизбей, көз кысып коштошуп койду. Назира, Турат үйдөн чыгып кеткенде, коңултуктай түштү. Мустафа кабагы ачык, Туратты узатып келип: -Жакшы бала өңдөнөт. Мейли, тери алса алып акча таап көрөйүн-деди.
Аңгыча тамак алдыга келди. Булоолонгон тамакты ичип отурушканда,
Эсенгелдинин баласы кирип келип салам айтты да: -Молдоке сизди тез келсин -деди. Шаардагы байкем аял алып келди. Нике кыйып берсин-дейт.
Бул айтылган сөз менен Мустафа ичип жаткан тамагын токтотуп: -Бара бер. Мен азыр чыгам-деди эле тиги бала: -Мен машина менен келдим. "Салып кел"-деп жиберген. Анда сизди машинада күтөм-дегенде Назира: -Даам ооз тий. Тамак ичпейсиңби?
-деди эле Айбек нан ооз тийип: -Шашылышмын-
деп, тамактан ооз тийип. чыкканча шашты. Анткени, Айбек Мустафанын сырын билет. Кызганып кетпесин деген ойдо шашкалактады.
Буга Мустафанын бир жолку жоругу себеп болгон. Ушул көчөдөн өтүп баратып, Назираны карап койгон. Мустафа алдын тосуп: -Сен эмне аял киши көрө элексиңби? -деп оңураңдап, көңүлүн сындырган. Ошол окуя кайталанып кетпесин деген ойдо, аралыкты алыс кармаш үчүн үйдөн чыкканча шашканынын жөнү ушул эле: Мустафа нике кыйып эки жүз сом таап келгенин милдет кылып: -Назира, эртең базарга барып, бут кийимиңдин суу кирген жерин тиктирип, калган акчаны алып кел. "Самын алат элем" деп, болбогон нерсеге коротпой. Назирага самындан бери ченеп берген Мустафа, сараңдын- сараңы экенин жашырганга негиз жок эле. Илгерки байлардын күңүндөй баш көтөрүп сүйлөмөк турсун ,оозунан чыккан сөздү аткаруу Назира үчүн жазылбаган мыйзам эле. Мустафа эртең менен дарбазага "тери алынат" деп жазып коюп, үйдөн чыккан жок. Турат айткандай кечке дейре ондон ашык тери алып, иштин жүрүшү көңүлүн көтөрдү. Акча кармап көрбөгөн Мустафа жөн эле чоң бизнесмендей бир күндө эле каада күтүп, өзүнүн пастыгын дагы бир жолу көргөзүп койду. Иштеп жатканын милдет кылып. Эгер мындан чоң иш жасаса эмне болмок, аны так кесе айтуу кыйын эле
#8 21 June 2015 - 15:40
Кечке жуук дагы киши келди, бул Абдылда молдонун чакырыкчысы болчу. Он бештерге чыгып калган бала сырттан кирип:-Мустафа байке, жеңем экөөңөрдү Абдылда молдо өзүнүн нике тоюна келип кетсин деп чакырып жатат-дегенде Назира чочуп: -Кимге үйлөндү, анын балдары жаш го?-дегенде алиги бала:-Эмне, уккан жоксуздарбы?
Молдоке өзүнө экинчи аялды албадыбы, тиги коңшу айылдан- деди эле Назира бетин чоюп:-Ок, кантет. Ошого да аял тиет экенби? -деп ашыкча сөз сүйлөп жиберди. Бул айтылган сөз менен Абдылданы жаман көргөнүн билгизип алды. Мустафа жаман көзү менен карап, өңүн бузуп:-Анын эмнеси бар экен. Шарият боюнча эркек адам эки эмес, төрт аял алганга укугу бар. Биз болсо бир аял алып, анын көзүн карап жатабыз-деп.
аял алганга көңүлү бар экенин учурун келтирип айтып, алгачкы чабуулун билгизип алды. Назира, айтылган сөзгө анча маани берген жок. Ошол себептен унчукпады. Унчукпаганынан Мустафада кандайдыр бир үмүт пайда болду да, азыраак көңүлү өсө түштү.Нике тойго Мустафа атайын өз максатын ишке ашырууну ойлоп, үй-бүлөсүн ээрчитип алды. Эки аял алганга өзгөчө Назиранын көзү көнүксүн деген ойдо.Ал эми Назиранын ойлогон ою "Абдылда бай, кой сойсо эки балама жаш сорпо ичирейин"
деген ойду ойлоп баратты. "Кыздын көөнү ышкында" дегендей Назиранын көңүлү жаш сорподо болсо, Мустафанын ойлогон ою экинчи аялды алганга Назираны көндүрүүдө болду. Мустафа, Абдылданы жан алы калбай чоң керекке жарагандай чын ниетинен куттуктады.
Ал эми Назира, Абдылданын жаш аялын көрүп, ичинен аны абдан аяды. "Байкуш эмне кылат, жетишпеген жашоонун айынан тийди да" -деп. Мустафа нике кыярда Абдылданы абдан мактады, "Мына молдокем ата-бабанын жолун жолдоп, нике жаңыртты. Бул ишке шарият да жол берет. Аялдар туура түшүнүп, күйөөлөрүнө жаш аял алганга мүмкүнчүлүк бериш керек"-деп айтканда, аялдар жаалап урушканга чейин барышты. Бул айтылган сөз Назирага дагы жаккан жок. Кыскасы, Абдылданын бул нике тойчосу ызы-чуу менен аяктап, эл кеткенче шашышты. Эгер, Мустафа ашыкча сөз айтпаганда баары жайында болот беле ким билет. Ошол окуядан эки күн өткөндө, Мустафа өз оюн ачыкка чыгарып, Назира менен урушуп, бети ачылып, Назира сизден- сенге өттү. Ал турсун "алчу аялыңды ал дагы, менин башымды бошот. дегенге чейин барды. Мындай чечкиндүүлүктү күтпөгөн молдоке "ушул аялдардыкы өттү, тең заман дешип, каяша айтып"-деп күбүрөнүп ички үйгө кирип кетти. Назира, көзүнүн жашын он талаа кылып ыйлап, күчүн ыйдан чыгарды. Анан эмне кыла алат, башка. Бир чети ушул учурдан пайдаланып ажырашып алгысы келип, үйүнө барып, апасына болгон ишти айтты. Экөө түн жарымына чейин отуруп кеңеш курушту. Эгер, Мустафа чындап аял алгысы келсе, жүгүн алып келе бермей болду. Эне байкуш эки баланын гана келечегин ойлоп, Назираны эртеси үйүнө кайра жиберди. Негизи Жумагүл түшүнүктүү,
аялдык сапаты жогору аял, Назирага "эркек деген ошол, оолугуп барып тынчыйт. Жашоо өйдө- ылдый менен кызык экенин билесиң, кыскасы убакыттын таразасына коелу" деп узаткан. Назира келгенге чейин Мустафа өзүн сабырлуу тутуп, тесмесин тартып отурган. Назира келгенде оңдой берди болуп Турат дагы шашып келип калды. Экөөнүн ортосундагы чырды Тураттын келип калганы жоюп кетти. Үч миң сомдун баарына тери алып койгон Мустафа чоң сүйлөп, Тураттын алдында "Мен ишке такмын" дегенди билгизди. Турат, өзгөчө эки наристеге көңүл буруп, анан терилерди алып кетип баратып, дагы эки миң сом таштады. Аз күндө кайра келем-деп, андан дагы Мустафанын эмгегине жакшы акча чыгарып берди. Бул көрүнүш аз да болсо эскини унутканга, келечекке карата кандайдыр бир үмүттү пайда кылды. Андан дагы Назирага эбин келтирип кат бергенге үлгүрдү. Назира, ажаатаканага барып катты калтырап, титиреп жатып араң окуду. Катта мындай деп жазылган эле. "Назира, мен сени имерилиштен күтөм, эптеп жолугуп кетчи. Сенсиз менде жашоо кунарсыз болуп калды. Түшүнсөң, баары бир гана сен үчүн болуп жатат. Муну тиги сакалчан молдо билбесин"
-деп жазылыптыр.
Назира катты өрттөп, молдо мечитти көздөй кеткенде, жолугушууга барды. Эки жакты элеңдей карап, эч ким жоктон пайдаланып,
машинанын салонунан орун алып, айылдын четине чыгып, экөө болгону он мүнөттөй сүйлөшүштү.
Анда дагы Назира мыкка отургансып шашкалактап,
араң отурду. Турат болбой миң сом берди. "Керегиңе жарат" деп. Бул да болсо Назиранын кадыры, чыныгы сүйүүнүн баркы болчу. Назира шашып үйгө келди да, акчаны бекем жерге катып койду. Мустафа али келе элек экенине көзү жетип, оор үшкүрүнүп алды. Бул көрүнүш көз карандылыктын бир белгиси болчу. Мустафа, тери алганга көнө түштү. Акча таап, андан дагы Тураттын "Сиз эсепке так экенсиз" деген сөзү демине дем кошуп, ишке берилишине түрткү берди. Бул учурда молдо нике жаңыртуу жөнүндө сөз козгобой, кайра Назирага чабуулга өттү. -Я, Назира. Турат сени бир башкача карады. Балким, сени жакшы көрүп калган чыгар?-деп. Назира кабагын чытып
#9 21 June 2015 - 15:41
-Болдучу, каяктагы ойдо жок сөздү айтпай. Эми кызгана элек Турат калды эле. Аны коюп акча берчи, балдардын бутуна кийим алып берейин. Карачы кыштын күнү кийген кийимдерин.
Үй-бүлөнү ойлобой мени кызганып, андан дагы нике жаңыртам деп коесуң да. Абдылда деген бай. Короо-короо малы бар. Сенин эмнең бар?-деди. Мустафа сөзгө жыгылып, үн дебестен сыртка чыгып кетип кутулду да, Абдылда досунун үйүнө барды. Экөө кенен эки саат сүйлөшүп отурушту. Калжаңдаган Абдылда экинчи аялын мактап, Мустафанын оюн кайра бузду. Ошондон чыгып, Сатыбалдынын үйүн акмалап, Назгүлгө жолуга албай үйгө келген. Назира үчүн эми баары бир болуп, ажырашчу күн, туткундан кутулчу учур аз калганын жүрөгү менен сезип, Тураттын келишин ичинен сызып күтүп жүрдү. Бул сүйүү, жакшы көрүү, бирөөгө жолугушууну эңсөө билинбегени менен жашоонун бир кызыктуу учуру белем. Аскерден сүйгөнүн күткөн селкидей, Назира улам жол жакты үмүт менен караган адат таап алган. Ал турсун эшик ачылса жарк эткизе Тураттын кирип келгенин элестетип, бүт дити болгон үмүтү Туратка байланып, Турат деп жашап калганын чынында тана албайт болчу. Күн кеч бешим болуп калган. Мустафа эки уулунун бүт кийимин жамап отурган, акчасын аяп, "жаңы алып бергенче, жамап эле берем"-деп.
Назира, Тураттын кечинде келээрин угуп, эски пальтосуна топчу кадап болуп, үй жыйнамакка ордунан туруп:- Билесиңби, өткөндө Турат келгенде үй кандай чачык эле? Дагы үй чачык экенин көрсө "аялы шалаакы экен" деп мени жаман көрөт. Шаардыктар тазалыкты жакшы баалашат. "Балит турушат экен"- деп сени менен иштешпей кетип калса, эмне болот? Менин деле оюм жакшы. Анын көңүлүн таап алсак, сенин эле иштешкениңе дурус болбойбу.Мустафа эч каршы сөз айта албай: - Туура айтасың, аның да бар. Чын эле шаардыктар тазалыкты жакшы көрүшөт, - деп, сөзгө муюду. Назира тапкан шылтоосуна сүйүнүп:- Ал бала келсе мени обу жок кызганганыңды токтот. "Кызганган сүннөт" деп мени кызгансаң, "аялын кызгана берет экен" деген ойдо, өзүнө башка киши таап кетсе, дагы ишсиз каласың. Мен эле кантип сенин көзүңө чөп салып калайын. Деги ойлонуп иш кылчы, - деп Назира сөз менен чымчып, Мустафага эскертип өттү. Мустафа Назирага карабай өзүнүн ишин жасап жатып сөзүн баштады: - Я, Назира, сен эмнегедир кийинчерээк мага акыл үйрөтө баштадың да. Бул адатыңды токтотпосоң аягы жаман бүтүп жүрбөсүн? Ойлончу? Назира кабатырлана:
Сенин оюң менен алты жылдан ашык убакыт жашадым, ишибиз алдыга жылдыбы? Сени менен кеңешип, сага мен акыл кошпогондо ким акыл кошот? Кааласаң мен азыр кетем, сенден. Бир кетсем кайра артка тартпайм. Бирок, "жаман катын кетем деп коркутат"
дегендей, мен "кетем"
деп коркуткандан алысмын. Жөн гана сөзүңө жараша жооп бердим. Экинчи сен, мени коркутпа, жаман сөздөрүң менен.Мустафа уккан кулагын ишенбей, Назираны таңгала караган калыбында: -Назира, сен эмне болуп калгансың? Ушунчалык дагы бат өзгөрөсүңбү?
Чын эле ушу сен мени башкарып каласыңбы? Кетсең кет! Мен сага баш ийип жашай албайм. Эмне мынча коркутасың "кетсем келбейм!- деп. Эмнегедир сен менин таягымды сагынгандай түрүң бар. Эми дагы бир жолу ашыкча сөзүңдү уксам, анда мага таарынба. Сенден башка катын калбай калса дагы!-деп кумсаңдады да, көзүн чакчайта жооп күтүп туруп калды.Назира өзүн карманып, чыр чыгып кетпесин деген максатта:- Кой абышка, экөөбүздүн урушуп олтурчу убак эмес. Дагы бир жолу эскертейин,
эсиңе тутуп ал: -Азыр Назира сенин оюң менен болгудай баягыдай жаш кыз эмес, ары айдасаң ары, бери айдасаң бери кеткен. Ойносоң дагы ойлонуп сүйлө. Билгиң келсе мен сени менен эки бала үчүн гана жашап жүрөм. Намаз окуп, теспеңди тартып жүрө берсеңчи, тилиңди тишиңе катып.Мустафанын өңү кумсарып, ачуусу келип, ордунан туруп Назиранын жанына келди да, муштап жиберейин деп барып өзүн араң карманды:- Назира эсиңе кел! Жөн, ынтымакта жашайлы, дин безерлердин тилине кирбе, мен сага муну канча айтам?!- Сен дагы эсиңе кел. Дин карманган Абдылда молдоңбу? Үстү-үстүнө катын алып...Мустафа көңүлү суз:Нике кайып буйруса алат да. Ага эмне мынча арданасың? Аялы уруксат берди, алды. Шарият эки аял алганга эмес, төрт аял алганга уруксат берет. Анын эмнеси бар экен? Эгер сен уруксаат берсең мен деле экинчи катын алам...- Мустафа сөзүнүн аягына чыкпай калды. Бул убакта сырттан Турат кирип келип калган эле. Ал Мустафанын акыркы айткан сөздөрүн даана укту, бирок укпаган кишидей мамиле жасап:- Салам алейкум, - деп, үнүнө басым таштап, саламдашты.
Мустафа күнөөсүн карматкан кишидей олдоксон кыймылдап: - Алейкум ассалам - деп, эки колун Туратка сунду.Турат,
Мустафа менен кол алышып, анан кусага баткан Назираны акырын карап:- Саламатсызбы?
Кандай жатасыздар?
- деди. Назира жылмая өңүн өзгөртүп:- Жакшы, өзүң кандай келдиң?- Ыракмат, жакшы, - деп, молдо байкабасын дегенсип, бери жактагы эки наристеге: - Силер кандайсыңар?
Апаңар менен атаңардын тилин алып жакшы бала болуп атасыңарбы?
, - деди да, экөөнүн бетинен өөп: - Силерге сонун машина алып келбедимби?
Анан берем, макулбу? - деп, Мустафага карады.- Кандайсыз анан? Иштер болдубу?Мустафа калдастап: - Ооба, сен берген акчанын баарына тери алып койгом. Буйруса иш жакшы.Тураттын көзү Мустафада болгону менен, бүт дити Назирада болду. Ушул жолугушууга бир гана өзүн көрүү үчүн баарына кайыл болуп келгенин, Турат көз карашы менен Назирага билгизди. Назира баарын эчак эле туйган. Ал турсун түн ичинде атайын Тураттын эмнеге келгенин, эмне үчүн тери алып атканынан бери жүрөгү сезген. Кайран сүйүү, сөз менен айттырбай гана баарын сезим менен гана билгизип, Турат экөө азыр ички сезим, анан көз караш менен гана сүйлөшүп, ортодогу сагынычтар,
кусалыктар сезим аркылуу гана бири-бирине өтүп, сүйлөшүүлөр дагы сезим аркылуу болуп жатты. Турат Назиранын көз карашынан: "...Акыры келдиңби. Мен сени кандай күттүм..."
- деген оюн окуду. Мустафанын акыркы айткан сөздөрү Тураттын кулагына кирген жок, бирок сыр бербей:- Жүрүңүз терилерди көрөлү. Назира калдастап: - Чай ичип алгыла. Анан деле тери көргөнгө жетишесиңер.
Алыс жолдо чарчадыңар го. Турат, Назирага карап:- Ии, мен азыр. Машинада базарлыгым бар эмес беле, алып келейинчи, - деп, сыртка карай кадам таштады. Мустафа, Тураттын артынан чыкты. Турат, өзүн токтоо кармап Мустафага карап:- Дарбазаны ачасызбы? Машинени ичкери киргизбесем,
жээним Талант көрсө кызганып, таарынат.Мустафа калдастап атып дарбазаны ачканда, Турат машинесин ичкери кийирип койду.
#10 21 June 2015 - 15:42
Машинасы бузулуп калган Нурбек, бара турган жерине шашып жаткан үчүн, Тураттын жашаган жерине телефон чалып, даректи айтып, "машинаны эмне болсо дагы үйгө жеткизип кой"- деп түнкү уйкуну бузуп,суранды.
Бул кабарды уккан Турат ойлонуп турбастан дароо кийинип,эшикке чыкты да, четте турган таксиге сүйлөшүп, кесиптеши Нурбектин айткан дарегине келип,токтоп турга досунун машинасын үйүнө чейин сүйрөттүрүп барып, анан кайра ошол такси менен үйүнө келди да, муздаткычтан ак суу алып ичип, көңүлү суз келип төшөгүнө жата кетти. Албетте, ачуулана турган жайы бар эле. Себеби Нурбек ушул ишти бир такси кармап, өзү деле жасап койсо болмок. Бирок Нурбектин, мунун ойлогонго чамасы жок эле. Өзүн шашканынан жоготуп койгон. Төшөгүнө жаткан Турат бат эле көшүлүп уктап кетти. "Уйку баарынан таттуу" дегендей, эч нерсени сезбей уктаган Турат ойгонгондо саат эртең мененки ондон өтүп калыптыр. Антип-минтип машинасын от алдырып жолго чыкканча саат бир болду. Баарын текши ойлонуштурган соң, Назира менен эмне болсо дагы сүйлөшүп келем деген максатты алдыга коюп келди. Кышкы күнкү тайгакта машина айдоо дагы канча кыйынчылыкты алып келет. Жайдын күнү болсо дагы бир жөн. Кычыраган чилдеде машинасы бузулуп калса эмне болот? Баарына кол шилтеген Турат, бир гана Назира үчүн оюндагысын жасап, ары же бери болоюн деген ойдо болду. Качан Назиранын айылына келгенде көз байланып, эл аягы суюлуп, жылдыз тегиз чыгып калган. Бирок ай жок, айлана көзгө сайса көрүнгүс караңгы эле. Назиралардын үйүнүн жанына келээри менен ичкери кирбей бир топко ойлонуп турду. Назира менен жолугушууну дагы бир сыйра пландаштырып,
анан үйгө кирди. Киргенде эле Мустафанын : "Анын эмнеси бар экен, мен деле экинчи катын алам" деген сөзүн угуп, калп эле укмаксан болуп койду. Бирок анын айткандары көңүлүнө жагымсыз так калтырды.ХХХМашинадан болгон базарлыгын ташып, сырттан киргенде, "мынчалык базарлык алып келет" деп Мустафалар күткөн эмес. Баары Назира үчүн экенин Мустафа молдо али түшүнө элек болучу. Тасмалга олтурганда Турат, Мустафанын эки кичине баласына пульт менен жүргөн машинадан бирден карматып жатып:- Бузбай ойногула. "Мен силерге айттым беле машина алып келем"- деп,ошол эле учурда шексингенсип карап калган Мустафаны байкаган Турат сөзүн улады. - Сиз жаман ойлобоңуз. Мен сизге айттым го "Кичинемден атасы жок өстүм"- деп. Ошонун себебиненби мен кичине балдарды жакшы көрөм. Ал эми булар базарлыгым,
жаңы иштешип жаткан соң, сараңдаганым болбойт го...деп, көңүл үчүн алдым эле.Мустафа ,Туратка ыраазы боло: - Азаматсың. Абдан туура кылгансың. Чын эле биз жаңы иштешип жатканда, минтип көңүлдү алып койгонго эмне жетсин. Ыракмат сага.- Ии баса, мындай . Жолдо келатып бир дүкөнгө токтоп калдым. Ал дүкөндө арзандатылган товарларды сатат экен. Анан сизге жеңе, (Назира дегенге оозу барбады) буларды алып алдым, теринин акчасы менен эсептешем- деп. Эгер жакса алгыла, жакпаса башка бирөөгө деле сатып жиберем, - деп Назирага кышкы пальто, Мустафага пиджакты көргөздү. Мустафа дароо:- Булардын баасы канча экен?- Пальто эки жүз элүү. Ал эми пиджак 120 эле сом, - деп, өтө эле аз сумманы айтты. Мустафа пиджакты карап көрүп:- Мага чак экен. Алса алып алайын. Назира сен тиги пальтону кийип көрчү? Өтө эле арзан го... Турат:- Жанагы налогун төлөй албай жүргөндөрдүн товарын алып, атайын арзан сатып жатат. Болбосо булар кымбат эле турат.Мустафа,
Туратка ишенип калды. Назира пальтону кийип көрдү да, эки жагын каранып:- Жакшы пальто экен, - деди. Мустафа дагы сүйүнүп:- Ырас кылган экенсиң Турат. Тим эле размерин ченегенсип алыпсың. Экөөнө биригип үч жүз жетимиш сом беремби? Мындай пальто деген кымбат, абдан туура кылыптырсың,
- деп, өзүнчө эле декилдеп алган молдонун сүйүнүчүндө чек жок.Бир сыйрадан чай ичилип, ортодо бир топ сөз болуп, сөз кезеги келгенде Мустафа канча тери алганын айтып өттү. Экөө бир кыйла убакыт сүйлөшкөндөн кийин Мустафа:- Турат, сен шашпай чай ичип тур. Мен тамак бышканча намазды окуп алайын, - деп ички үйгө киргенде Назира менен Туратка сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк болду. Эки бала машиналары менен ички үйдө ойноп олтурушкан.
Турат, Назирага:- Ишенесиңби,
баары сен үчүн. Мен тери алып иштебейм, сага жолугуунун айла амалы, - деди. Назира күлүп:- Ыракмат сага. Ыраазымын.
#11 21 June 2015 - 15:43
Турат атайын чөнтөгүнөн ала келген уйкунун дарысын Назирага берип:- Муну тиги кишинин тамагына билгизбей кошуп берип кой. Бул уйкунун дарысы. Калган сөздү анан сүйлөшөбүз,
макулбу? - Назира дарыны чөнтөгүнө салып жатып:- Макул. Бул акылды кантип таптың?Аңгыча ички үйдүн эшиги ачылып, Мустафа чыга келди, намазын окуп болуп.Мустафанын кызганычы күч алып, намазын тез окуганга аракет кылды. Намаз окуп атып, оюнун баары Назирада болгондуктан,
саждага канча жыгылганынын эсебин таппай калды. Шашып-бушуп намазын окуп бүтөөрү менен оозгу бөлмөгө чыкты да, Тураттын жанына отура кетти. Турат:- Молдоке, намаз окуганы киргенден чыкканыңыз бат болду го? Менин бир теңтуш балам намаз окуганда, кээде күтүп отуруп тажап кетем. Эмне намаз окугандын да түрү болобу? - деп суроо берип калды.Уурусун карматкан адамдай Мустафа ыңгайсыз абалда калды. Бирок сыр бербегенге аракет кылып: - Мен азыр шам намазын окудум. Баарынан бешим намазы көп убакытта окулат - деп, намазды шарттарын түшүндүрүп кирди, Назиранын жини келип турса да, эч сыр бербей тамак жасоо менен алек. Берки үйдө чурулдап ойногон эки балага эч ким көңүл бурган жок. Баарынан Назира, Туратка ыраазы. Түнкү жолугушууну эстегенде жүрөгү элеп-желеп болуп, бир орунга отура албай калды. Ал убакыт эртерээк эле келсе экен деп, ичинен миң кайталап тиледи. Бууланган эттүү жаркөп алдыга келгенде Мустафа:- Турат, сен капа болбо. Сени мал союп коноктосом болот эле, бирок сойгонго мал жок. Чынын айтсам сага жолукканы көңүлүм ачылып, иштегенге өзүмдү кыйла жеңил сезип калдым, - деп сөз сүйлөп отурду. Назира, Мустафанын чынысына байкатпай Турат берген дарыны салды да, анын алдына койду. Тамак желип жатканда Мустафа өткөн кеткенди айтып отурганы менен, эмнегедир бир нерсени жүрөк сезгенсиди.
Мунун баарын байкаган Турат:- Жеңе төшөк саласызбы? Кечке жол жүргөнгөбү уйкум келип жаным жер тартып турат. Эртең менен эрте кетейин, Таланттардын көзүнө чалдыкпай. Сүйлөшүлгөн сөз боюнча бүрсүгүнү терини Марат деген бала келип алып кетет - деди. Турат, Мустафага дагы үч миң сом берген эле "дагы тери алып коюңуз"- деп. Ал турсун эмгек акысын берип, Мустафаны ыраазы кылган. Негизги максаты тамак ичилип бүткөндө эрте жатып алайын, молдого сыр бербей деп ойлогон. Назира ички үйгө төшөк салып жатып:- Жата бергиле, биз шашпай иче берели тамакты, - деп ордуна отурганда, Турат бата кылып ички үйгө кирди. Бул убакта дары Мустафага таасирин тийгизип, уйкусун келтире баштаган эле. Бирок көңүлү жайдары болчу. - Я, Назира, эмне болуп жатам, менин дагы уйкум келип жаным жер тартат да. Төшөк салчы, мен эшикке чыгып келейин. Анан силер шашпай ичкиле тамагыңарды.
Назира билмексен болуп:- Чай ич, чай куюп койдум эле - деди. Өзүн араң кармана баштаган Мустафа:Чай ичкендей ал жок, тез төшөк сал, мен сыртка чыгып келгенче, - деп ордунан турду. Мустафа сырттан келип, атайын Турат жаткан бөлмөгө баш багып карап:-Кайран бала чарчаган экен-деп кобуранып, өзү жатчу бөлмөгө кирип, төшөккө жатаары менен коңурукту кош тартып уйкуга кетти, куптан намазынын каза болгонуна карабай. Мустафанын чындап уктаганына көзү жеткенде Назира берки үйгө кирип: "Уктадыңарбы?
" - деп сурап койду. Ушуну эле күтүп тургансып Турат жаткан жеринен туруп келип:- Эмне!? Уктадыбы? - деп сурады. Назира башын ийкеп:- Ооба, бирок ал кайра туруп келбейби? Турат ишеничтүү: - Турбайт. Аны коюп эртең менен аны ойгото алабызбы- десең. Мен эртең эрте жолго чыгайын. Антпесем болбойт. Экөө кайра келип тасмалдын четинен орун алып отура кетишти. Эки бала да уйкуга кеткен эле. Назира дагы бир жолу Мустафанын уктап жатканын карап келип көңүлү жайлана түштү. Экөө бир топко сөз улай алышпай отуруп, убакытка утуруп жиберишти. Биринчи болуп Турат чечкиндүүлүк кылды. - Мен силерди атыңардан эле атайынбы? - деп өтүндү. Назира уялып башын ийкеп:- Мейлиңер, өзүңөр билгиле, - деп жер карады. Турат, Назиранын бул абалынан кандайдыр бир аруулукту, өзгөчөлүктү байкады. "Кыздын кыздай, кыштын кыштай болгону жакшы" дегендей, негизи эле уяңдык ургаачы адамга кандай жакшы жарашат. Уяңдыктын артында аял затына таандык касиет бар экенин Турат эми гана байкады. Шаарда жүрүп көз көнүп калгангабы,
шаардык мода кубалап кийинген кыздардан мындай касиетти Турат байкабаптыр.
Назира өзүнүн уяңдыгы менен дагы өзүнө арбап алды. Назиранын сүйлөгөн сөзү, кыймыл аракети, баскан турганы баары Туратка сүйкүмдүү көрүнүп, көңүлүнө толуп турду.
#12 21 June 2015 - 15:44
- Сиздей сулуунун никеси эмне болуп дин кармаган молдого буйруп калганынан менин башым жетпей турат. Байкашыма караганда бул үйдүн куту сиз менен экен, - деп Турат кайра сөзгө өттү. Бул айтылган сөздүн мааниси бар эле; себеби Мустафаны көргөн адам андан дароо кандайдыр бир муздактыкты байкайт, ага караганда Назира адамды эмнегедир өзүнө тартып турганы баам салган кишиге дароо байкалат. Тураттын айткан сөзүн Назира:- Буйрук экен. Жолуккан ар бир адам сен айткан сөздү айтат. Тээ илгертен бери "сулуу кыздын багы тайкы болот" деп айтылган сөз бар эмеспи, анын сыңары менин никемди ушул адамга буйруп коюптур. Мени кыз кезимде көрсөңүз, анда мындан да катуу таң калмаксыз. Азыр экини төрөп, үй түйшүгү аз келгенсип, тигинин кызганчаактыгы,
сараңдыгы канча нервимди коротту. Адамдын көңүлү өссө анан көөдөнү өсөт эмеспи, менин кантип көңүлүм өсөт. Чынында эле дин кармаган адамдар менен жашоо өтө эле оор экен. Таң атпай туруп дааратына суу даярдайм. Ал эч нерсе эмес, ушуга тийгени, жарытылуу тамак ичкенди койдум, эл чакырып жакшылап чай бере алган жокмун. Кошуналар чакырат, элден калбай барайын дейм, акча жок. Барбайын дейм, атайын кадырын салып чакырса барууга туура келет. Аз убакыт кечиксең дарбазадан карап турат акыйып, кызганычы күч алып, билбейм азыр баарынан тажап бүттүм. Назиранын арманын угуп отуруп Тураттын зээни кейип кетти. Назирага жакын келип акырын бетинен өөп:- Назира мен баарын байкап, баарын билгем. Ошол үчүн сен деп келип, сен үчүн кыштын чилдесинде бул жерде жүрбөйүмбү.
..Назира сөздү бөлүп, жагымдуу жүз менен карап:- Тиги пальтону канчага алдыңыз эле? Мага абдан жакты, - деп чын ыкласы менен ыраазы болуп карады. 2750 сомго, пиджакты 900 сомго алдым. Анан калп эле тиги кишинин көзүнчө арзан бааны айтып койдум. - Апий, аябай кымбат алыптырсыз.
Жөн эле койбойт белеңер, акчаңарды коротуп? - деп чочуп кетти. Турат күлүп:Эгер сиз менин аялым болсоңуз. андан дагы кымбат-кымбат кийимдерди алып берет элем. Турат дагы Назираны өөп койду. Бул жолкусунда Назира чочуган жок, кайра дагы "өпсө" деп ичинен берилүү менен купуя тиледи. Назиранын оюн билгенсип Турат денесине бек кысып, шуу-шуу жыттап, алкымына өөп, эркелеткенге өттү. Назира ага эч каршылык кыла албады. Тураттын ар бир кыймылы, сүйлөгөн сөзү, ал турсун одеклондун жагымдуу жытынан бери бир башкача сезилип, өзүн таштап салды. Эркектин мындай жалынычтуу,
кумарлуу эркелетүүсүнө биринчи жолу кабылгандыкыбы,
көзү туманданып,
эмне болсо ошо болсун деген мааниде өзүнүн эркин бийлетип жиберди. Жаш жигиттин карулуу колу, жаш денесинен кандайдыр бир сыйкырлуу күч келип, көзү тумандап, бул дүйнөнү унутуп чалкасынан жыгылып, көзү сүзүлүп баратты. Качан Турат ашыкча кетип баратканда көз алдына Мустафа тартылып Туратты өзүнөн оолак түртүп ордунан тура калып, Мустафа жаткан үйгө шашып кирип, уктап жатабы же ойгобу деген ойдо аны текшерди. Эч нерсени сезбей уктап жатканын көргөндө сыртка чыгып:Турат,
ашыкча кетпечи. Өз үйүңдө бөтөн эркек менен өбүшкөн болбойт- экен. Мустафа уктап жатканы менен мени карап тургансып сезилип кетти. Туура түшүнчү. Мен сага абдан ыраазымын. Сен мени кандай көргүң келип келсең, менин дагы сени көргүм келип, көзүм тешилгенче жол карадым. Ушул жашка келгени сени күткөндөй эч кимди күтпөсөм керек. Турат уккан кулагына ишенбей дендароо болуп туруп калды. Назираны бул айткан сөзү менен эле ал өзүн бактылуу сезип, көңүлү алып учуп, жүрөгү бат-бат согуп аба жетишпегендей деми кыстыгып чыкты. Назира кайра чайнекке чай коюп келип:- Олтурчу, кененирээк сүйлөшөлү. Сени менен таң атканча сүйлөшүп отурсам да тажабагандаймын.
Бирок тиги күйөөм ойгонуп кетеби деп эле, менде жан жок. Турат ишеничтүү: - Коркпой эле койгула. Эртең менен сегизде ойгонсо эрте ойгонот. Аны коюп аны ойготконго аракет кылыш керек. Эгер ойготпой мен кетип калсам, сени менден кызганып уруш чыгарат го. - Ансыз деле кызганып аткан "Сенин бир балээң бар Турат менен" деп, сен келээрдин астында эле урушкан, ал турсун көчөдөн өткөн кишилерден деле кызганып, болбогон жерден уруш чыгара берет. Ага мен көнүп да калдым. Экөө түн бир оокумга чейин сүйлөшүп отурушту да, көп нерсени пландаштырышты.
Андан дагы Турат, Назираны өөп, бети ачылып калганга чечилип сүйлөп "Сага үйлөнөм" деп да айтты. "Сүйөм"
деп айткандан, сүйүүнү иш үстүндө билгизген алда канча ишеничтүү эмеспи. Турат сүйүүсүн сөз менен айтып эмес, иш үстүндө билгизип, Назиранын жүрөгүн эчак эле өзүнө багындырып алган.- Эми бир жолу эле урушса, эки балаңды алып шаарга бар, өзүм тосуп алам. Алтындай өмүрүңдү, ушул чалдай болгон кызганчаак адам менен өткөргөнчө,
бой жүргөнүн артык эмеспи. Бирок, мен силердин жашооңорду бузгандай болбоюн, терең ойлонуп иш кылгыла, алты жылдан ашык жашап жытың сиңишип калса, анан менин тилиме кирип ажырашып, жашооң бузулса мен күнөөлүү болуп калбайын-деп сөзүнүн аягын актангансып бүтүрдү эле, Назира муңайыңкы көз карашта карап:
#13 21 June 2015 - 15:44
- Мен деле ошону ойлоп жаткам. Бирок, акыркы учурда чегине жетип баратат. Мындан ары чыдап болбойт. Жана сен келбесең биз урушуп кетмекпис. Үстүмө токол катын алгысы бар, бир аялды жакшылап бага албай жатып.- Уктум, жана үйгө кирип келатканда,
- деди Турат. Сааттын жебеси түнкү үчтү көргөзгөндө Назира:- Кой эми жат, эртең жол жүрөсүң, жолдон кыйналып каласың, көп эле сөздү сүйлөштүк, олтурсак олтура берчүдөйбүз,
- деп сунуш киргизди. Турат эми гана уйкусу келгенин билип:- Жакшы жатып, жакшы эс алгыла. Эми качан ушундай мүмкүнчүлүк болот, экөөбүздүн жолугушуубузга.
Мен сага миң сом таштайын, эгер керек болуп калсам, телефон чалгыла. Шаарга барып калсаңар, бул дарек менен баргыла, - деп өзүнүн дарегин жазып берди.Эртең менен эрте турган Турат машинасын от алдырып, жолго камынып атканда Назира чай коюп, чай берүүнүн камында болду. Буга чейин Мустафаны ойгото албай коюшту. Мустафа ойгонгону менен уйкуга кызыгып Назирага "өзүң узата берчи" деп ордунан турбай койду. Чай ичилгенден кийин Турат үйдөн чыгып баратып Назираны назик өөп:- Сөзсүз байланышып тургула, эми качан жолугушабыз так айта албайм. Сагынам го. Беттери ачылып калган экөө бир топко кучакташып турушту да, суук көздөргө чалдыкпайлы деген ойдо, көпкө тургандан жазганышты.
Турат машинасын айдап жолго чыкканда, сыртта элдин карааны аз болучу. Кыштын күнү өзгөчө эртең менен абдан суук болот эмеспи. Күн чыккандан кийин деле шаарды көздөй жолго чыкса болмок, анткен менен шарт ушул болуп калды. Сүйүүнүн деми жакшы эле демине-дем берди. Бирок эми алдыда баштагыдан дагы күчтүү сагыныч-кусалык күтүп турганын экөө тең билишкен жок. Жолдо ката Тураттын бүт аң сезимин Назира ээлеп алып, ал жөнүндө гана ойлонуп баратты. Жылдыздуу, музоо кирпик, уялчаак жаш келиндин элеси көз алдына тартылып, таттуу кыялга баткан Турат шаарга кандай келгенин билбей калды. Жолдон кол көтөрүп тоскон кишилердин бирин дагы машинасына салган жок. Анын өзүнчө себеби бар. Бир жолу "Манас аэропортуна баратып жолдон эки баланы салып алган, жалгыз кеткенде эмне деген ойго жетеленип. Жолдо баратканда эки бала улам машинага кызыгып, "бул машина Ошко жетеби" деп дагы сурашкан. Ичинде жаман ою жок Турат:- Ашып кетпейби, керек болсо бул машина Москвага жетет.Мен анча-мынча чабыр машина айдабайм деп мактана сүйлөгөн. Машина ээн жерге келгенде, артта отурган бала "байке бир мүнөткө токтотосузбу,
бошонуп алайын" дегенде Турат машинаны жолдун жээгине токтотуп, бирок биринчи скоростко салып, машинаны өчүрбөй муфтаны тээп турган эле. Аңгыча эле артта отурган бала Тураттын мойнуна кур салып муунта баштаганда,
катарында отурган бала башка-көзгө койгулап өлтүрүүнүн амалын жасаган. Ошол убакта Турат муфтаны кое берип, бет маңдайынан келаткан машинаны көздөй рулду буруп айдай берди, тиги машина чукул келип токтогондо,
эки бала машинадан чыга качып кетишкен. Берки машинанын шоферу жана андан түшкөн эки аял, Тураттын абалын көрүшүп, машинаны четке чыгарып, Турат эсине келгенге чейин жанында болушкан. Берки экөөнөн мындай жорукту күтпөгөн Турат өзүн жоготуп койгон эле. Ошол окуядан кийин, бейтааныш кишилерди машинасына салбай калган. Эгер машина скоростто болбогондо,
тиги эки зөөкүр өлтүрүп туруп, машинаны айдай качып кетмек эле. Жүрөгү түшүп калган Турат ошондон кийин элдин баарын өзүндөй көрбөй аяр мамиле жасаганга өткөн. Таттуу ойго жетеленип шаарга келгени менен ою айылда болгон Турат бир топ күн кыйналып жүрдү, сүйүүнүн азабын тартып Назираны эстеп. Уктаса түшүнөн, ойгонсо оюнан кетпеген Назирага карата барган сайын сагынычы күч алды.
#14 21 June 2015 - 15:46
Турат айткандай Мустафа саат тогуздан кийин ойгонду. Бул убакта Назира эки баласын тамактандырып,
үйдү жыйнап жаткан эле, санаага батып. Себеби, Мустафанын кызганаарын олуядай эле билип, анын ыплас сөзүнө өзүн даярдап жаткан болучу. Уйкусу канып, өзүн жеңил сезип төшөктөн турган Мустафа, кумганды көтөрүп сыртка чыгып даарат алып келип, каза болгон намазын окуп, андан соң тасмалдын четинен орун алып отуруп жатып:- Турат канчаларда кетти? деп сурады. Назира көңүлү суз:- Демейде таң атпай турасың, бир келген кишини узатпай кайра мага ороңдойсуң.
Саат алтыда кетти. Таланттардын көзүнө чалдыкпайын -деп. Эки же үч күндөн кийин анын Марат деген досу келип, терини алып кетет деп, айтты. Уят болбой калган акчага дагы тери алып кой. Сенде сөзүм бар эле. кечинде айтам деп унутуп калыпмын -деди. Ысык чайдан шорулдата ууртаган Мустафа:- Чын эле мага эмне болду, мындай уктачу эмес элем, анын аманатын аткарам. Бирок жакшы жигит өңдөнөт. Менин дагы айлыгымды берип кетти. Ии баса, биз пальто менен пиджактын акчасын бердикпи, эсимде жок. Назира таң калган түрү менен:- Бербедиңби,
эмне унутуп калдыңбы?Мустафа ойлуу бир жерди тиктеген тейде:- Ал эмне эле, тааныбаган экөөбүзгө кийим алып, базарлыкты кенен салып келип, өз тууганындай мамиле жасап жатат. Күйөөсүнүн ою бузулуп буратканын сезген Назира:- Койчу, кайдагы жаман ойду ойлобой. Өзү сага жакшы эле түшүндүрүп айтпады беле. Таланттар кол бошобойт деп, моюн толгоп коюшуптур. Анан экөөбүзгө келбеди беле. "Жаңы иштешип жаткандан кийин акча аяган болбойт"-
деп, айтпадыбы. Эми ага карата ниетиң бузулуп, жаман ойлоп жатасың. Эмне убагында бул сөздү айтпайсың? Мустафа көңүлү суз:- Болду-болбоду түндө мени уктатып коюп, экөөңөр жолугушуп, таң атканга чейин сүйлөштүңөр.
Ал сен үчүн гана баарын жасап жатат. Мен эч качан мынчалык күн чыкканга чейин уктачу эмес элем. Мени эрте уктаттыңар.
Назира өзүн кармана албай. анын сөзүн бөлүп кетти.- Ал сенден мурун эле уктабады беле, жол жүрүп чарчадым -деп. Эгер мындай жаман ой ойлосоң, эмки келгенинде мен аны үйгө киргизбейм.
Деги сенин качан калат мени кызганган адатың. Бир күнү кызганган андай эмес мындай деп көзүңө чөп салып салам, олтурасың. Ойдо жок сөздү сүйлөйсүң да деп, бир топко опуруп, Мустафага сөз берген жок. Бирок Мустафа баары бир шекшигенин токтотпой: - Кантип узаттың анан? Бул сөздүн артында кандайдыр бир сыр бар эле. Назира кыжырлана: - Сонун узаттым! Керек болсо өзүң узатпайт белең! Сага иш таап берген ал, сени аяп, сага тийген мен жаман экенмин да, сен сүттөн ак турбайсыңбы,
анда. Болду эми мени эч токтото албайсың. Сенин жемелеген жемеңди угуп жашаганча, эркин жашайм. Таң аткандан бери сенин ушул сөзүңдү угам деп, санаага батып, күтүп отургам. Акыры уктум деп, ордунан туруп кийимдерин алып, балдарын жетелеп жолго түштү. Мустафанын кечирим сурап алдын тосконуна, кол шилтеп болбой койду. Үйүнөн узап бараткан аялы менен балдарын бурулуштан бурулуп кеткенге чейин карап туруп, үйүнө кирип өзүн өзү жемелеп алды. Баары бир өзүн күнөөлүү сезди. Үйү көзүнө кунарсыз сезилип, ээн-талаада жалгыз калгансып, тери көлдөлөңдүн үстүнө отура кетти. Бир топ олтургандан соң өзүн-өзү кайрат айтып, "кетсе кетсинчи, башка катын калбай калса дагы "жаман катын кетем деп коркутат"
дейт. Акыркы убакта кетем деген сөзү көбөйдү. "Төркүнүнө канча күн батат көрөм" деп жаздыкка башын жөлөп, шыпты тиктеген бойдон ойлонуп жата кетти.
#15 21 June 2015 - 15:47
Назира өзүнүн үйүнө келип, болгону эки күн болду да, балдарын энесине таштап, Турат берген акчаны алып шаарга жөнөдү. Алгач шаарга эжесинин үйүнө келип түштү. Шаарды жакшы билбегендиктен,
айылдан эле таксиге олтурган. Эжесинин дарегин шоферго берип, "үйгө чейин жеткиз" деп сүйлөшкөн. Машинада келатып, Мустафага тийген күндөн берки окуянын баарын бир баштан эстеп, кантип ага түтүп алты жылдан ашык жашаганына өзү таң калды. Жүдөп, аны менен жашап жүрүп. аң-сезими дагы такыр башкача болуп өзгөрүлгөнүн убагында анча элес алган эмес эле. Анын көзүн карап, оозунан эмне сөз чыкса аткарып, такыр эле өз алдынча иш жасабаганын,
баарын Мустафанын айтуусу менен гана болгонун кино тасмадай көз алдынан чуурутуп, эстеп олтуруп, шаарга кантип келгенин билбей калды. Баарынан дагы тун баласы төрөлгөндө,
Мустафанын сараңдыгын ошондо билбедиби. Эптеп бала менен ооруканадан чыгып келип, кошуналарга чай берип коеюн деп, боорсокко Мустафага айтпай камыр жууруп, жаңы гана сиңдиси экөө нан бышыра баштаганда,
сырттан кирген Мустафа көзүнүн чаарын чачып, ачуусу келгенин билгизип: Сен эмнеге боорсок бышырып атасың мага айтпай, ун менен майды коротуп. Билесиңби мен буларды канча акча сарптап сатып келдим. Сен менин маңдай тери, таман акым менен эсептешесиңби деги!? Боорсокко канча май кетет. Бул айтылган сөздөрдү уккан Назира денесине жылан оролгонсуп ичиркенип алып:Кечинде кошуналар бала көрүп киребиз деп айттырып жибергенинен эле, азыраак боорсок жасап коеюн дедим эле. Ага эмне ачууландыңыз.
Май менен ун табылат. Ал кезде Мустафага сиз деп кайрылчу. Мустафа ачууланганын токтотуп, балдызынан уялып калбай:Кошуналар кирсе кире берсин. Эмне нан жок бекен, үнөмдөө дегенди билбейсиң деп, дагы көп сөздөрдү айтып урушкан. Өз канынан жаралган баланы бешикке салып той бергенге дагы жараган жок. Назира аны төрөгөнгө чейин мындай сараңдыгын байкаган эмес эле. Шофер айтылган дарек боюнча келип:Үйгө келдик. Ушул үй беле? дегенде гана Назира уйкудан ойгонгон кишидей селт этип алып:-Ооба, ушул үй, мен түшүп алайын-деп, пакеттерин алып машинадан түштү дагы, машинаны кетирип жиберип, дарбазанын коңгуроосун басты. Бул убакта күн кеч кирип, уясына батаарына аз эле калган. Турат сатып берген пальтосу өзүнө жарашып, баштагыдан дагы өңүнө чыгып чырайлуу боло түшкөн Назирага, кандай эркек болсо дагы сугун арта карайт эле. Элеттик таза сезими менен ичинде жаман ой жок Назира, үйдө эч ким жок экенин билген эмес болучу. Машинаны бекер жөнөтүп жибергенине өкүнүп калды. Бир сааттан ашык дарбазанын жанында эжеси менен жездесин күтүп олтуруп, ыйлагысы келип кетти. Себеби, убакыт өткөн сайын айлана күүгүм тартып, көзгө коркунучтуу көрүнө баштаган. Шаарга тээ илгери кыз кезинде келген боюнча келе элек болуучу. Айыл жери болсо да башка кеп эле. Себеби эжесинин кошуналары бүт орустар. Тил билбесе эми кайда барып түндү өткөрөм деп, ою чар жайыт болуп, элеңдеп коркуп турганда, эки бала келип:-Чоң кыз сиз кимди күтүп турасыз? Бул үйдөгүлөр эки күндөн бери жок деп айтканда гана, Назира сурмалуу көздөрүн эки жигитке кадап, баштагыдан да коркуп кетти. Анткени эки жигит кызуу экенин алардын темселип турган турпаттарынан билди.
#16 21 June 2015 - 15:48
Мустафа, Назираны шаарга кетип калат деп, ойлогон эмес. "Эки бала менен кайда барат эле" деген ойдо өз оокатын кылып, жүрө берди. Турат айткан Марат деген бала айтылган күнү келип, УАЗ машинасы менен болгон терини жүктөп кеткен. Арадан бир апта өткөндө колуна пакет көтөрүп алып Мустафа, Назираны балдары менен алып келейин деген ойдо кайын журтуна келди. Бир аптанын ичинде эле Назиранын баркын билип, өзүнүн жоругуна нааразы болуп, күнөөсүн өзү моюнга алды. Чынында эле Назираныкы деле туура. Бирок, өзүнүн канча жашка кичүү болуп туруп атынан айтканы, сизден сенге өткөнү Мустафанын намысын козгоп, көңүлүн оорутканы бар. Ага дагы ким күнөөлүү экенин Мустафа талдап,калыс ой жүгүртүп көрдү. Баарынан да Тураттан кызганганы өтө эле осол иш болду. Эки баласы Мустафаны көргөндө "атакелеп"
алдынан чуркап чыгышты. Кайын энеси менен тең чамалаш, болгону беш-алты жаш айырма бар. Күйөө баласынын келатканын көрүп эле кабагы бүркөлдү. Мустафанын саламын кош көңүл кабыл алып: "Кир үйгө" - демиш болду. Албетте Мустафага нааразы боло турган түрү бар. Кимдин эле өз канына жаралган баласынын көз жашын көргүсү келсин. Жаман көзү менен караганда эле, кайын энесинин көзүнөн "кызыңдай болгон кызымды эмне капа кыласың" деген сөздү окуп, тайсалдай түштү. Бирок ушул мамилени күткөн жана Өзүн ушуга даярдап келген. Астананы аяр аттап, үйгө кирди. Сыртта суук катуу эле болуп жаткан. Эки баласынын кийген кийимдерин көрүп, ушул саам уялып кетти. Ооз учунан салам берген балдызынын көзүнөн дагы жаман көрүп турганын байкады. Аны байкамаксанга салып, көзү менен Назираны издеди. Тасмал жайылып, чай келгенде гана ортодогу тынчтыкты бузуп, Мустафа үн катпай чай куюп берген кайын энесинен сурады.-Назира каякта, көрүнбөйт го? - деди. Ушул эле суроонун берилишин күтүп тургансып кайын энеси:-Өзүңдүн кызыңдай болгон кызымды эмне капа кыласың?.. Сени арак ичпейт, дин кармаган такыба адам деп, жаштыгына карабай берсем, арак ичкен алкаштардай бага албаганың аз келгенсип, обу жок кызганганыңа жол болсун! Кызым сен кызгангандай жеңил ой эмес эле. Же эмне, оюңа келгендей эле кемсинтип, уруша бересиңби. Айтсам болбой эки баласын таштап шаарга кетти. "Шаарга кетти" деген сөздү укканда Мустафа селт этип алды да, чочуганын билгизип:-Качан кетти? Эмнеге мага айткан жок?!-Беш күндөй болуп калды. Ишке орношуптур,
тигүүчүлүк.
Кечээ телефон менен байланышып сүйлөштүк. Эжеси менен жездеси ишке ойноштуруптур.
Өзүнүн дагы колу жөндөмдүү эмеспи.Кабагы бүркөлгөн Мустафа кайын энеси сүйлөп бүткөндө нааразыланган түр менен: -Шарият жол бербейт, аял кишинин уруксаты жок беймарал басып кеткенге. Мени анын минтип кетип калаарын билген эмесмин, - кайын энеси Мустафанын сөзүн аягына чыгарбай бөлүп кетти.-Болбосо эмне кылат элең? Деги шарият эмнеге жол берет? Иштеп акча тапканга жол бербесе, күйөөсүнүн көзүн карап жемесин укканга жол береби? Деги сага кандай аял жагат? Жаккан аял таап үйлөнө бер. Тим эле кыйынын кара, кызымдын үстүнө токол аял алгысы бар, кызымды бага албай жатып. Уктум, Абдылда досуң эки катын алганын. Анын жолун жолдогуң келеби? Мен ага жол бербейм. Экинчи басып келбе, башка катын ала бер. Өзүңдүн жемелегениңе түтүп, көзүңдү караган. Керекпи тигине балдарыңды алып кет. Карачы аларды жетим баладай болуп жалтактап турганын. Мустафа эми даана уялды. Себеби "экинчи аялды алам дегенин кайын энесин билбейт" деп, ойлоп жүргөн. Андан дагы эки баласын көрүп, арданып кетти.-Уктум тиги Сатыбалдынын эрден чыккан кызына жуучу түшүргөнүңдү.
Сенин ар бир кыймылың бизге жетип турат. Болду эми, кызымдан үмүтүңдү үз. Кайра изиңе кайт, - деди.Мустафа үйдөн сууга түшкөн чычкандай шөмтүрөй басып үйүн көздөй баратып, таң калды. "Сатыбалдынын кызына куда түшкөнүмдү кимден укту?" - деп. Оюу уйгу-туйгу болгон Мустафа көңүлү суз, колуна бакыт кушу учканын жүрөгү сезип, оор үшкүрүнүп алып изине кайтты. Таман алдынан кычырата карды тебелегенде үн угулуп, келе жатты. Шаардагы кайын эжеси дагы Назираны жакшы эле көкүткөндүр.
Эми ал баары бир келбейт. Шаар көрбөсө болмок. Дин безер шаардын кыздарын көрдү, бүттү. Назиранын эми чындап ою бузулат деп, Абдылда молдонун үйүн көздөй жөнөдү. Ушундайда акыл кошпогон дос, качан акыл кошот деген ойдо.
#17 21 June 2015 - 15:49
Аракка кызуу Нурбек менен Нурдиндин өңдүү-түстүү кыздарды көргөндө дароо ойлору бузулчу. Назираны эч ким эки баланын энеси деп ойлобойт эле. Коркконун билгизбөөгө аракет кылган Назира:-Азыр келип калышат. Күтүп тур, дешкен.Нурбек жоогазындай көйкөлгөн Назирага сугун арта карап:-Чоң кыз, бир аз күтүңүз болбосо үшүп каласыз. Биздин үйгө эле барып жатып алыңыз, булар келишпесе. Назира экөөнүн көзүнөн эле билди, жаман ойлорун. Аларды жактырбаган түр менен:-Убара болбой эле кете бергиле. Эгер келишпесе жата турган жерим бар, - деп көзүн алардан тартып алды. Мөлтүрөгөн сулуунун бул турушу арак ичкен экөөнү эле эмес, ичимдик ичпеген адамдын дагы сугун арттырмак. Нурбек акырын Назиранын заборго жөлөнүп турган пакетин алып:-Чоң кыз жүрүңүз. Биздин үйгө. Бул жерде турсак тура берчүдөйбүз.
Андан көрө үйгө барып чай ичип, жылуу үйдө олтуралы. Ушул суукта ким эле эшикте тургусу келсин. Анан келип бир карап кетебиз. Назира эми чындап коркту. Нурбектин колунан пакетти талашып:-Койгула балдар, менин силер менен тамашалаша турган алым жок. Мени жайыма койгула, - деди.Аңгыча машинанын жарыгы чыгып, бурулуштан бери бурулганда Назирада кандайдыр бир үмүт пайда болуп, Нурбектин колунан пакетти тартып алды. Бул убакта көз байланып, карңгылык каптап калган кез эле. Машина түз эле Назиралар турган жакты көздөй келатканда,
Нурбек менен Нурдин нары көздөй басты. Машина токтогондо Назира абдан сүйүнүп жездеси Байышты көргөндө ыйлап жиберди да, кадамын алдыга таштап эреркеп кетти. Үч сааттан ашык убакыт суукта эшикте турганы аз келгенсип, тиги эки мас баланын жоруктары да түрткү болду, ыйлаганына.
Байыш Назираны алгач тааныган эмес, качан гана машинадан түшкөндө таанып, чоочуп кетти. -Назира? Сен кайдан?- деди.Назира жооп бергендин ордуна жездесин кучактап, ыйлап жиберди. Байыш Назирага түшүнө бербей:-Назира,
сага эмне болду? Бирөө капа кылдыбы?Аңгыча нары жактан басып келген кошунасы Темирбек:-Кандай Байыш? Эмне мынча кеч. Байыш, Темирбектин саламына алик алып:- Конокто олтурдук эле. Айзада азыр ал жакта калды. Үйдү карап коёюн деп, келгем.-Ырас кылган турбайсыңбы.
Бул кыздын турганына көп болду, силерди күтүп. Тиги эки мас бала дагы бир топко тийишти көрүнөт, - деп сөзүнүн аягына чыккан жок. Байыш, Назиранын пакеттерин алып:-Жүрү, үйгө кирели, - деп дарбазаны ачты. Назиранын эмнеге шаарга келгенин уккан Байыш, аны аяп:-Назира,
сен өзүң чай коюп ичип, үйдө олтура тур. Биз бир сааттан кийин келип калабыз. Теңтуш бала үй алып, той берип жатты эле. Коркпойсуңбу?
-деди.-Бара бериңиз, эми коркпойм, - деп ишеничтүү жооп берди.Байыш,
Назираны эки күнгө жетпей эле ишке орноштуруп койду. Элпек кыймылдаган Назира бат эле тигүү ыкмасын өздөштүрүп,
ишке жөндөмдүүлүгүн көргөзүп, колективке аралашып мурда эле кол өнөрүнө шыктуу болгон үчүн ишти камчы салдырбай алып кетип, ишке ынтызарлыгын көргөзө алды. Эжеси Айзада, күйөө баласы Мустафаны жеринен эле жактырчу эмес. Ишке орношкондо апам сарсанаа болбосун деп телефон менен сүйлөшкөн, телеграмма берип. Ишке алаксыган Назира эми балдарын эле эстегени болбосо, Мустафаны ойлогон дагы жок. Андан дагы иши көңүлдүү болду. Коллективи жакшы эле. Шаарга келгенден бери оюн ээлеген бир гана Турат болду. Сүйүүнүн түйшүгү кимди гана ойлонбойт. Эки жолу телефон чалайын деп ойлоп, кайра бул оюнан айныды. Уяты ага жол берген жок. Анткен менен уктаса түшүнөн, ойгонсо оюнан кетпеген Турат, Назираны жакшы эле кыйнады. Эмнегедир акыркы убакта ойго көп алдырып,санаа чеккен адамдай көп ойлончу болду. Муну эжеси Айзада эки баласын сагынып жатат деп ойлоду. Чынында Назира эки уулун да сагына баштаган. Айылдан чыкпагандык дагы Назираны ыңгайсыз абалда калтырды, убакыт өткөн сайын. Биринчи айлыгын алганда Назира апасына жана эки уулуна белек алып, автобекетке келип, айылга каттаган адамдардан берип жиберди. Өзүнө дагы кийим алып,көңүлү өстү. Биринчи жолу өз алдынча акча коротуп, оюндагынысын сатып алган адамдын абалын элестетип көрөлүчү. Кандай гана бактылуу мүнөттөр жана эркиндиктин баа жеткис белгиси. Ошондогу Назиранын абалын, таттуу кыялга батканын сүрөттөп жазганга сөз жетпейт. Жөн эле чоң ачылыш ачкан окумуштуудай,
сүйүнүчүндө чек жок болду го. Бул да болсо түркөй молдонун берген тайыз тарбиясынын белгиси экенин жашырганда эмне.
#18 21 June 2015 - 15:49
Бир күнү Назира дем алышта үйдө жатып түш көрдү. Түшүнө Мустафа кирип жатыптыр. Жүзүндө капалык, жанындагы бир аялга "менин аялым таштап кетти, сен мени эч качан таштаба" деп арызданып жатыптыр. Жоолукту алдыга салынган жаш кыз Мустафанын сөзүнө "болуптур дегендей башын ийкеп "макул"
- дегенсийт. Уйкудан ойгонгон Назира алка-шалка тердеп калыптыр. Эки сааттан ашык уктаганга өзүн жеңил сезгени менен, көргөн түшү жагымсыз жоосун тартуулады.
Өзү көргөн түшүн өзү жоруп койду "Дагы бир жаш кыздын башын айлантып алган" го деп. Бир чети үйлөнсө үйлөнүп алсынчы, ага шордуу бирөө эле тиет да. Негизи эле молдолор аялсыз жашай алышпайт. Сөзсүз Мустафа үйлөнөт, эгер менин шаарга кеткенимди билсе-деп ойлоп койду. Ошол күнү күн кечтеп калган кезде, дарбаза ачылып, Мустафа кирип келди.Мустафанын кирип келиши үйдөгүлөргө жагымсыз эле окуяны тартуулап, кабак чөгөрдү. Баары тең суз кабыл алышып, жактырбагандарын жүздөрүнөн билгизишти.
Бажасы Байыш үйдө жок болгондуктан өзгөчө Айзада кабак кашын бүркөп "эмне келдиң" дегендей мамиле жасап, жактырбаганын ачык билгизип койду. "Өйдө өт, кир" деген да киши болгон жок. Жөн эле бир желмогуз келгенсип, ушунчалык мерез мамиле, кандайдыр бир деңгээлде Мустафага таасирин берди. Ал калп күлүп: "Кандай жатасыңар?"
деген сөзү да жоопсуз калды. Үйгө кирээрин кирип алып, ыңгайсыз абалда калган Мустафа бекер эле келгенин дароо байкап, өзүн сабырдуу кармап башка үн каткан жок. Киши келдиби ит келдиби үйдөгүлөр байкамаксанга салганы, Мустафанын кыжырын келтирди. Ал турсун никелеш аялы Назира да далысын салып, ички үйгө кирип кеткенде Мустафанын күйбөгөн жери күл болду. Эптеп сураштырып жүрүп, убара болуп үйдү таап келгени бир тең, үйдөгүлөрдүн муздак кабыл алып мерез мамиле кылганы бир тең болду. Ооз жактагы столдо олтурган калыбында Мустафа ойлонуп, өзүнүн кандай деңгээлдеги адам экендигин билди. Өзүнө- өзү батпай ичинен түтөп турду. Бир айдан ашык бой жашаганга жүдөгөнү да билинип, көйнөгүнүн жакасы кир, шымы бырышкан, алаасын ак жип менен арсак-терсек жамап алганын көргөн кайын эжеси Айзада көрүп, мурдун чүйрүп койду. Өзүнө салыштырмалуу Назира бир топ оңолуп калган эле. Тээ бир оокумда гана Мустафа жини кагылган бакшыдай башын өйдө көтөрүп:-Байыш кайда?- деп сурады. Айзада укпаган кишидей мамиле жасап, бир топто гана:-Жумушунда,
- деп бурк этип койду. Бул сөздүн артында "эми эч нерсе сураба"- деген сөз жаткан эле. Эки сааттай убакыт бир орунда кыймылдабай олтурган Мустафа ойлонуп олтуруп тажап да кетти. Бул убакта сыртта караңгылык көшөгөсүн тартып, түн кирип калган болучу.Айзада,
Мустафанын адаттан сырт кийингенин көрүп алып эле жини кашайып, өзүн-өзү араң эле кармап турду. Башына селде салынган, үстүнө чепкен, бутуна маасы галош кийген Мустафа, өз жашынан бир топ эле кары, көзгө өтө эле одоно көрүнгөнү жеке эле Айзадага эмес, шаардыктардын көзүнө өөн учурашын эч ким тана албай болучу. Маралдай созулган сиңдиси Назираны "ушул адам менен алты жылдан ашык убакыт кантип жашады" деп, аны чын ниетинен аяп, апасын күнөөлөдү. "Кантип ушул чалдай болгон кишиге күйөөгө берди, эр табылбай калгансып"
деп, улам жаман көзү менен караганын Мустафа көрүп, дароо анын оюн билип, эч ылайыктуу сөз табалбай ичинен бушайман болуп олтурганда,
оңдой берди болуп дарбаза ачылып, машина ичкери кирди. Бажасы Байышты көргөндө Мустафа энеси эркек төрөгөндөй сүйүнүп, ордунан элпек турду да, алдыга кадамын кенен таштап, өзүнөн бир топ кичүү Байышка озунуп салам бергенин өзү да билбей калды. Эки бажа жакшы маанай менен учурашканы менен алдыда эмне күтүп турганын, экөө тең билишкен жок. Бирок, Байыш келгени үйгө жан кирип, тасмал жайылды. Ал жайды сурашкан соң Мустафа сөздү ыгы менен сүйлөп, эмнеге келгени жөнүндө үстүртөн билгизе айтты. Айткандай, бул сөз айтылбаса деле баары билишкен.Алдыга чай келгени менен ички үйгө кирген Назира алигиче сыртка чыккан жок. Куурулган картошканы Айзада столго алып келгенде гана, Мустафа:-Назира эмнеге келбейт? - деди. Ушул сөздү күтүп турган Айзада:Ага капа болбой эле кой. Назира ачка калбайт. Аны азыр эмес убагында ойлобойт белең. Чыканактай кезинде алдың эле, мүдөөңө жеткенден кийин кол жоолукка теңеп, ар кимден эмне кызганасың?
! Назира сен ойлогондой жеңил ойлуу кыз эмес эле. Же эмне, бирөө менен кармап алдыңбы? Уялсаң боло. Деги эле молдо чалыш адамдарда уят деген болбойт. Бүт шылтоону динге такап сүйлөгөндөн башка колуңардан эмне келет? Айзада бир топко чейин ооздугун коё берген күлүктөй оолугуп барып, анан токтоду. Ооба негизи эле кайын эжеси Айзада, Назирадан болгону үч жашка улуу. Демек, Мустафадан көп эле жашка кичүү. Мустафа өзүн араң кармап:-Кой,
антип айтпа. Аял киши эркекке антип катуу айтпайт. Буга шарият жол бербейт, - деп, сөздүн нугун шарият жакка бура сүйлөп, Айзадага түшүндүрмөкчү болду эле Айзада озунуп:-Деги шарият эмнеге жол берет? Качан болсо эле аялдарды басынтып сүйлөйсүң!
- деп Мустафанын сөзүн оозунан жулуп алды. Мустафа башка сөз сүйлөй алган жок. "Өзүңдү эр ойлосоң бирөөнү шер ойло"- демекчи, ыгын келтирип Назираны алып кетем деген Мустафанын тилеги кабыл болбой, оозунан сөзү түшүп, ындыны өчүп дагы бир жолу өзүнүн ким экенин, өзүнүн сүрөтүн ушул саам көрүп, билип бул жашшого жаралып калганына өкүндү
#19 21 June 2015 - 15:50
Мустафа,Абдылда молдонун үйүнө барып жакшы эле баарын түшүндүрүп айтты. Бирок досунан ылайыктуу акыл сөз уга алган жок. Эки аялы эки жактан жеңилин жерден, оорун колдон алып турган кези эле. Жакшы сөз угам деп барган Мустафа, сөөлөт күтүп турган Абдылда молдонун үйүнөн маанайын пас чыкты да, үйүн көздөй келатып, өзү сөз айттырган Сатыбалдынын күйөөдөн чыгып келген кызына жолуга кетүү үчүн, алардын үйү жакты көздөй бурулду. Эгер макул десе "ага үйлөнүп албай жан жокпу" деген ойго жетеленип. Таттуу кыялга баткан Мустафа, Сатыбалдынын көчөсүнө келээрин келип алып, анын кызын кимден чакыртышты билбей, бир топко туруп калды. Боз баш уландай эшик сагалашы эмнегедир ага өөн учурады. Бирок, илгери үмүт эмнени гана үмүттөндүрбөйт.
Бир сааттай жол жээгинде турган Мустафа чыйрыга баштаганда,
оңдой берди болуп Назгүл эки чака алып колонканы көздөй сууга жөнөдү. Өзүнөн он жаштан ашык улуу кишинин утурлай басканы Назгүлдү бир топ чочутту. Бирок, андан корккон жок. Мустафа, Назгүлгө жакын келип салам бергенде, эмнегедир үнү дирилдеп кетти. Өзүн канчалык эркин кармайын дегени менен үнү бузулуп, сүрдөгөнү күч алды. Назгүл,Мустафаны таанычу. Өткөндө жуучу түшүргөндөн бери ага көңүлү муздап, ою бузулган. "Аялы болуп туруп, эмне мага сөз айттырат"
- деп. Берилген саламды алик албай, көзүн алайтып карап койду "эмне керек" дегенсип. Мустафа камдап алган сөзүн айталбай сүрдөп кетти да, ойдо жок сөздү балп эткизип айтып алды.-Назгүл,
сен ойлондуңбу?
- деп. Жанындагы сакалын сербейтип турган Мустафаны жаман көзү менен карап:-Эмнени ойлонмок элем? Деги сизге менден эмне керек? - деди.Мустафа,
Назгүлдөн мындай мамилени күткөн эмес, мукактанган калыбында: -Назгүл, сен мага турмушка чыкканга макулсуңбу?
Мен сени эч нерседен кем кылбай багып алам. Назгүл уккан сөзүнө теригип:-Эмне дейсиз? Мен сизге тийиппи? Коюңузчу күлкүнү келтирбей. Мени коюп аялыңызды тыңыраак багып алыңызчы. Мен эрге тийгенге таңсык эмесмин, - деп, ылдамдай басып алдыга кетип калды.Мустафа,
Назиранын чанып кеткени аз келгенсип, эрден чыгып келген Назгүлдүн жоругунан кийин шабайы сууп, илкий басып, үйүн көздөй келатып, ойго чөмүлдү. Абдылда досунун жоругу тигил, Назгүлдүн кылыгы бул, кайын энесинин айткан сөзү тиги, Назиранын шаарга кетип калганы, баардык жактан сокку алган Мустафанын абалы, чынында эле оор абалда эле. Түнү бою кирпик какпай ойлонгон Мустафа, бул кыйынчылыктан жылчык таап чыгыштын жолун таппай, бир топко убараланды.
Бирок ылайыктуу амал табалбай, Назиранын кадырын эми билип, ушул саам сезди.
ХХХ
Мустафа Назирага жолугуп, иштин татаал жагына оогонун билгенден кийин гана, өзүн башка бир чапты. Буга чейин эмнеге аны кыйнаганын, обу жок кызганганын эстеген сайын, чындык Назира жакта экенин билди. Бажасынын үйүнөн түш ченде чыгып, автоматка келип Туратка телефон чалды. Трубканы көтөргөн Турат:-Алоо, бул ким?- деди. Тураттын үнүн уккан Мустафа:-Ало, бул Туратпы? Мен, Мустафа.Турат, Мустафанын үнүн дароо тааныды. Экөө он мүнөттөй сүйлөшкөндөн кийин Турат, Мустафаны "ЦУМдун жанына күт"- деп макулдашып, телефонду койду.Белгиленген жерден экөө жакшы маанай менен жолугушту. Туратты көргөндө Мустафа чындап сүйүндү. "Эми кайда барсам болот" деп башы катып турганда оңдой берди болуп, Туратка телефон чалганы ойдогудай иш болду. Экөө кол алышып, кучакташып көрүшүп, ал-абалдарын сурашып, шаардагы бир кафеге кирип, ал жерден орун алып олтуруп, узун сабак кепке өтүштү.Назиранын шаарга келгенин уккан Турат чочутуп албайын дегенсип, сыр алдырбай астыртан суроо салып сурады. Ал турсун кайсы көчөдө жашаарын дагы билгенден кийин, иш оңунда деп, өзүн тери чогултпай башка ишке өттүм деп, Мустафаны сөз менен жайпап, ага беш жүз сом берип, вокзалга алып келип таксиге салып жиберди да, ошол эле күнү Назира жашаган дарекке келип, коңгуроону басты. Айзада, Мустафа келди деген ойдо, кабагын түйгөн тейде дарбазаны ачып Туратты көрүп, өзүн колго алып:-Сизге ким керек?- деди. Турат, Айзаданы, Назирага окшоштуруп дароо эле адашпай келгенин билип:-Кечиресиз, мүмкүн болсо Назираны чакырып коёсузбу? Айзада бейтааныш баланын Назираны сураганынан чочуп:-Сиз ким болосуз? Назираны кайдан тааныйсыңар? Турат, Айзаданы мындай такып сурайт деп, ойлогон эмес. Уяла түштү да, көзүн Айзададан тартып алып:-Сиз менден чочулабай эле коюңуз. Мен атымды айткан менен сиз мени баары бир тааныбайсыз. Турат деген бала келиптир десеңиз, өзү түшүнөт - деди. Сылык, маданияттуу сүйлөгөн Туратка, Айзаданын ичи жылый түштү
ХХХ
Мустафа Назирага жолугуп, иштин татаал жагына оогонун билгенден кийин гана, өзүн башка бир чапты. Буга чейин эмнеге аны кыйнаганын, обу жок кызганганын эстеген сайын, чындык Назира жакта экенин билди. Бажасынын үйүнөн түш ченде чыгып, автоматка келип Туратка телефон чалды. Трубканы көтөргөн Турат:-Алоо, бул ким?- деди. Тураттын үнүн уккан Мустафа:-Ало, бул Туратпы? Мен, Мустафа.Турат, Мустафанын үнүн дароо тааныды. Экөө он мүнөттөй сүйлөшкөндөн кийин Турат, Мустафаны "ЦУМдун жанына күт"- деп макулдашып, телефонду койду.Белгиленген жерден экөө жакшы маанай менен жолугушту. Туратты көргөндө Мустафа чындап сүйүндү. "Эми кайда барсам болот" деп башы катып турганда оңдой берди болуп, Туратка телефон чалганы ойдогудай иш болду. Экөө кол алышып, кучакташып көрүшүп, ал-абалдарын сурашып, шаардагы бир кафеге кирип, ал жерден орун алып олтуруп, узун сабак кепке өтүштү.Назиранын шаарга келгенин уккан Турат чочутуп албайын дегенсип, сыр алдырбай астыртан суроо салып сурады. Ал турсун кайсы көчөдө жашаарын дагы билгенден кийин, иш оңунда деп, өзүн тери чогултпай башка ишке өттүм деп, Мустафаны сөз менен жайпап, ага беш жүз сом берип, вокзалга алып келип таксиге салып жиберди да, ошол эле күнү Назира жашаган дарекке келип, коңгуроону басты. Айзада, Мустафа келди деген ойдо, кабагын түйгөн тейде дарбазаны ачып Туратты көрүп, өзүн колго алып:-Сизге ким керек?- деди. Турат, Айзаданы, Назирага окшоштуруп дароо эле адашпай келгенин билип:-Кечиресиз, мүмкүн болсо Назираны чакырып коёсузбу? Айзада бейтааныш баланын Назираны сураганынан чочуп:-Сиз ким болосуз? Назираны кайдан тааныйсыңар? Турат, Айзаданы мындай такып сурайт деп, ойлогон эмес. Уяла түштү да, көзүн Айзададан тартып алып:-Сиз менден чочулабай эле коюңуз. Мен атымды айткан менен сиз мени баары бир тааныбайсыз. Турат деген бала келиптир десеңиз, өзү түшүнөт - деди. Сылык, маданияттуу сүйлөгөн Туратка, Айзаданын ичи жылый түштү
#20 21 June 2015 - 15:51
Бирок эки анжы ойдо калды. Назиранын күйөөсү, балдары бар болсо, анан жаш жигиттин издеп келгени кандай? Качан жигит менен таанышканга үлгүрдү экен деген ойдо, Туратты сынай карап:-Мен сизге түшүнө албай турам. Балким чогуу иштеп жүрбөгүлө? Турат ыңгайсыз абалдан чыгыш үчүн:-Жок, сиз жаңылышасыз,
мен Назира менен чогуу иштебейм. Жөн гана таанышпыз. Өтүп баратып жолуга кетейин деп, кайрылдым. Бул убакта күн батып, күүгүм кирип калган эле. Айзаданын шектенгендей түрү бар болчу. Көп эле такып сурай бербейин деген ойдо, эч үндөбөй ичкери кирип кетти. Үйдө идиш аяк жууп жаткан Назиранын жанына басып келип:-Назира сенден бир нерсе сурайын, жашырбай айтып берчи. - Эжесинин мындай мамилесине таңгалган Назира:-Сураңыз,
сизден эмнени жашырайын. Менде жашыра турган деле эч нерсе жок. Айзада эч ким угуп калбасын деген ойдо акырын гана:-Турат деген ким?- деди. Тураттын атын уккан Назира эч сыр бербей:-Эмне болду? Сиз аны кайдан тааныйсыз? Ал тери алып үйгө келген эле, бир-эки жолу.-Эмне, экөөңөрдүн ортоңордо мамиле барбы?-Койгулачы,
эми сиз эле калдыңыз эле мени кызгана элек. Эримдин кызганганынан эми гана кутулуп калдым эле...- деп, идиш жууганын улантты. Назиранын сөзүнө териге түшкөн Айзада:-Я Назира, балким Мустафанын кызганганы да жөндүүбү деп ойлоп калдым.-Эмне дедиңиз?-Кулак эки, сөз бир. Эмнени уксаң ошо. Сыртта сени Турат күтүп турат. Бул жакта экениңди ал кайдан билип келди?Назира уурусун карматкан кишидей уялып кетти.-Анын менде кандай иши бар экен? Кыясы Мустафа жиберген го?.. Мен барып жолугуп келейин анда...- деп Айзаданы бир карап алып, сыртка чыгып кетти. Сыртка чыкканча толкунданып да алды. Тураттын келгенине кубанычы койнуна батпай турду. Анын саламын алик алып:-Сен кайдан адашып?- деди, эч сөзгө келбей. Турат Назираны эки ийнинен кармап, кучагына кысып атып:-Сени издеп, - деди. Назира, Тураттын көкүрөгүнө башын жөлөгөн калыбында: -Мен сенин издеп таап келээриңди билгем...- деп айтканда үнү да каргылданып кетти. Экөө кучакташып бир топко үнсүз турушту. Алардын бул кучакташуусу качан гана алардын жанына машина чукулдап келгенде гана токтоду. Машина, Назиранын жездеси Байыштыкы эле.

Супер-Инфо
super.kg
видео








