Алыс жолдо жеңил машинага түшүп келаткан Мустафа молдо түбү жок ойдун кучагына кабылып, түнт келатты. Оюнун баары Назира ээлеп алган. Назираны сүйөөрүн кеч билди. Буга чейин чогуу жашап жытыбыз сиңишип калды деген ойдо болсо, эми ансыз жашоо көңүлсүз экенин билип, ага жарык дүйнө караңгы болуп, туңгуюкка түшүп калып, андан чыкканга жылчык таппаган адамдай, оюу менен жол издеп келет. Көз алдына баягы Назиранын атынан эмес, "сиз" деп кайрылган, көзүн карап чуркап жүргөн кездер тартылып, ошол кезде бактылуу болгонун билип олтурат. Эки баласы атакелеп жүргөнү, үйү, Назираны эстеп атып, кайра ошол бакытын канткенде кайрып алсам болот деген ой аны түйшөлттү. Эки бетти тултуйтуп апам менен атама барамбы?.. "Баары бир аларсыз эч нерсе чечилбейт"
- деп, түз эле айылды көздөй жөнөш керек деген ойду ойлоду. Райондун борборуна түшүп калган Мустафа, айылын көздөй жөнөдү. Айылына келээри менен асыр намазын окуганы мечитти көздөй бет алды. Үйдөн окуган намазга караганда мечиттен окуган намаздын сообу көп деп, айтылат. Ошондонбу, дин жагынан сабаты бар адамдар намазын көбүнчө мечитке барып окушат. Чынында намаздын касиети жана келечеги жакшы экенин молдокемдер өзүлөрүнүн чабалдыгынан элге жеткире албай келгени эч талашсыз. Молдокемдер көп учурда пендечиликке көп алдырып, өз ордуларын билбей, элди ирээнжитип алган учурлары кездешпей койбойт.Мустафа намазын окуп болуп атасынын үйүн көздөй баратып, аларга "Назира кетип калды деп кантип айтам" деп ата-энесинен жардам сурап келиши, болуп жүргөн жорукпу? Атасы Мустафаны алгач көргөндө эле "ырас келген турбайбы, учурашканы келген го?" деп ойлогон. Качан гана Назиранын кетип калганын укканда, ачууга алдырып катуу урушту. -Ошол кызыңдай болгон Назиранын тилин табалбагандан кийин, кантип басып жүрөсүң?! Сени менен теңдер жеке үй бүлөөсүн эмес, керек болсо президент болуп "бүт элин багам"- деп жулунуп жатышат. Алардан сенин эмнең кем?! Бир үй бүлөңдү бага албай карыганда ата-энеңди бушайман кыласың!..
Уктум эле Назираны көрүнгөндөн кызганып, жемелегениңди.
.. Деги сага кандай аял түтөт? Эми Назирадай аялды дүйнөнү төрт кыдырсаң да таппайсың. Карасаң сербейген сакалын!..
Сакалдан айлан, таңдын оозун урайын! Сакалды койгон адам сакалдуу адамдай жүрүшү керек.Мустафага буга чейинки тарткан азабы бир тең болсо, атасынын жемеси бир тең болду. Эч үндөбөй жер караган тейде олтуруп, өзүн бул жашоодо ыраа көрбөй кетти. Ал турсун тиги дүйнөнүн бейиши буйрубаган өңдүү өзүн ага татыксыз, өтө эле пас адамдай сезди. Ушул жашка келип намаз окугандан башка эч бир көзгө басар, ооз толо айткан жакшы иш жасабаганын ойлоп, арданып, өзүнө-өзү батпай турду. Качан гана апасы:-Болдучу эми. Эшиктен кире электе эле жемелей бербей. Баары буйруктан эмеспи. Сен урушсаң эле баары ордуна келип калабы?Мустафа апасынын жылуу сөзүн угуп, азыраак эреркеп кетти. Эненин эң ыйык адам экенине ынанды. Байкуш эне элүүгө чыгып калган уулуна балапанын канатына калкалаган канаттуудай жан тарта сүйлөп, уулунун талабын талашканы, Мустафанын көңүлүн көтөрдү. Назира кеткенден бери эч кимден мындай жылуу, көңүлдү көтөргөн сөз укпаган Мустафа "бейиш эненин таман алдында" деген сөздү эстеп, энесинин эмгегине, жана азыр жан тартып сүйлөп турганынан сөз менен жеткизе албагандай ыраазы болуп, аял албай эле мында көчүп келип, атам менен энемди баксам кандай болот деген чукул ойго кабылды. Мустафанын оюн билгенсип атасы:-Эми эмне кылайын деген оюң бар?Мустафа атасына тике карай албай, башын жерге салган калыбында ылайыктуу сөз таба албай туруп, "атанын сөзү ок, эненин сөзү бок" деген сөздү эстеп, көзүнө сүрдүү көрүнгөн атасынан сүрдөп:-Билбейм,
силер менен кеңешейин деп келгем...-Ой акылы жок акмак! Биз сага башыңа иш түшкөндө эле керек экенбиз да. Ушуга чейин бир учурашып, карыган ата-энеңдин абалын сурап келип койсоң эмне болосуң?.. Качан гана аялың кетип жалгыз калганда гана келбей. Эмне, акыл кошо турган теңтушуң да жокпу? Карыганда бизден кайдагы кеп чыгат. Же эмне, эми менин "кайың энеңдин алдына бар" деген турасыңбы? Уялсаң боло деги, карыганда ары-бери сүйрөгөндөн.
Буга чейин алган эки аялыңдын астына барганым жетпедиби беле, сага! Башка бул иш кайталанбасын дебедим беле?!..Таяктын уусунан да сөздүн уусу алда канча ачуу эмеспи, атасынын айткан сөздөрү Мустафанын жүлүнүнө жете түштү
Жүрөктөгү кыш Бердикожо Бийназаров
#22 21 June 2015 - 15:57
Байыш машинасы менен бурулуштан кайрылганда,
дарбазанын жанында эркек менен аялдын кучакташып турганын көрүп, дароо ою бузулуп, көңүлү ирээнжий түштү. Оюна дароо Айзада келди. Балдызын шаардан жаңы келип, али эч ким менен тааныша элек болуш керек деп ойлоду. Андан дагы Назира эжесинин үйгө кийген халатын кийип алгандыктан Айзадага окшошуп калган эле. Жини шакардай кайнаган Байыш шофёрлордун "аялыңа жана машинанын тормозуна ишенбе!"
деген ылакабын эстеп, кызгануу сезими күч алып, аң сезимине дароо "ишиң бүттү Айзада!"
деген ой келип, газдын педалын түбүнө дейре тепти. Оюнда ары баскан эки жашты качырып барып сүзүп салайын- деди. Жакындай бергенинде оңдой берди болуп дарбаза ачылып, ичкериден Айзада чыгып калды. Дагы бир аз болгондо тиги экөөн ыргыта сүзүп салмак болучу. Тормозду чукул тепкендиктен дөңгөлөктөн ачуу үн чыгып, машина сүрүлүп барып токтоду. Күйөөсүнүн минтип айдаганын көргөн Айзада аны мас экен деп ойлоду. Ачууга алдырган Байыш өзүн токтоткону,
бир аз рулга башын жөлөп турду. Оюна бажасы Мустафа келип, аны аяп кетти. Көрсө анын кызганганы жөндүү турбайбы. Назираны келгенине аз убакыт боло элек жатып, эркек менен кучакташып турганы өтө эле өөн учурады. Аз жерден шумдуктуу окуянын үстүнөн чыкпаганына шүгүр деп, Айзадага карай колун жаңсады, эшикти ач деп. Дарбазаны ачып жаткан Айзада ары жакта турган сиңдиси менен бейтааныш жигитти көрдү. Дароо түшүндү, Байыштын тигинтип "каскадёр"
болгонуна. Байыш машинасын ичкериге киргизип, андан түшүп атып Айзададан: -Тиги бала ким?- деп сурады, бир аз кумсара түшкөн кейпин өзгөртүп.Ушул суроонун берилишин күткөн Айзада талкан сугунуп алгансып, күнөөлүү кишидей жер карады. Күйөө баласы Мустафага кыр көргөзүп алганына өкүнүп алды. Эгер Айзада тиги экөөнүн кучакташып турганын көрсө эмне болмок. Жөн гана ээрчишип нары карай баскандарын эле көрбөдүбү. Экинчи жолу Байыш үнүн өктөм чыгарып:-Мен сенден сурап жатам, алиги жигит ким?! Байыштан мындай оройлукту күтпөгөн Айзада бүшүркөп:-Мен кайдан билем, балким тааныштары болсо керек... - Ишенимсиз айтылган жоопко Байыш ыраазы болгон жок, күбүрөнүп нары басып кетти. Айзада өзүн оңтойсуз сезип калды. Байыштын сырын беш колундай билген Айзада беймаза ойдун кучагына сүңгүп кирип, дароо сыртты карай басты. Мындай окуя эки жыл илгери да болгон эле. Байыштын аталаш эжесинин кызы дарбазаны сыртында жигити менен кучакташып турганын көрүп калган Байыш, азыркыдай өңүн өзгөртүп, аны катуу урушкан. Ошондон бери ал жээни бул үйгө каттабайт. Негизи эле элди көзүнө илбей сүйүүсүн даңктап, эл көзүнчө өбүшкөндөрдү Байыш душманындай жек көрөт. Анткени өзү дайыма "сүйүүгө ашыкча берилген адамдын, сүйүүсүнүн өмүрү кыска" деп көп айтат. Бул өзүнүн башына өткөн. Аскерден жаңы келген убагында классташ кызы менен сүйүүнүн кайыгына түшүп, эч кимди көзгө илбей кучакташып көчөдө басып, сүйүү ырын көп ырдап, сүйүүгө бүт дитин койгон эле. Бирок ал сүйүүсү кыска гана өмүр сүрүп, сүйгөнү башканын этегин кармап таштап кеткен. Ошондон кийин сүйүүгө жеңил көз караш менен карабай калган. Айзада дарбазадан жаңы эле сыртка чыкканда Назира менен сүзүшүп кала жаздады. Эки бети тамылжып, уялганынан кыпкызыл болгон Назираны көргөндө эле баарын айттырбай түшүндү. Назира жер караган тейде ичкери кирип кетти. Байыш эмнегедир Назираны жийиркене карап, "деңгээли пас аял тура"- деп кобуранганын Айзада даана укту. Мустафанын кызганганын эми билип, сезип турат. Деңгээли өтө төмөн гана аял күйөөсүнүн жана ак никенин алдында күнөөгө батат. Негизи эле күйөөсү туруп башка эркектин кучагында эркелеген аял кандай көзгө комсоо көрүнөт. Ал эми эркектер экинчи үчүнчү аялды коштоп алып жатышпайбы.
Эркекке теңелем деген акылы кем аялдын жоругу эмне менен аяктайт, ага сөз коротуп кереги жок.Назира ички үйгө кирип, уятынан өзү өзүнө батпай, өткөн ишке катуу өкүнүп, эмне айла табаарын билбей катуу кыйналды. "Уят өлүмдөн катуу" дегендей, жездесинин көрүп калып, машинасы менен сүзө качырганы көз алдына тартылып, сүйүүгө болгон кубанычы жалп өчкөнү,болуп өткөн окуя ыңгайсыз абалды тартуулаганы,
Назирага моралдык жактан катуу сокку болду. Андан дагы элеттик тарбия, күйөөсүнүн алты жылдан бери кулагына кумдай куйган шарият сөздөрү аң сезиминен түнөк тапканы эле Назиранын бул жоругуна такыр карама-каршы келип, туюк жолго камалды. Кайдан дагы Турат келе калды эле. Жаңы гана сүйүүнүн, кусалыктын,
сагынычтын аягына чыгып, күткөн адамына жолукканда,
күтүлбөгөн окуя болуп, баарын бырын-чырын кылып кетпедиби. Жада калса Тураттын телефонун, дарегин дагы алганга үлгүрө албады. Ал турсун анын айткан сөздөрү кулагына кирген жок. Эмнеге алдыртан ойлогон жок. Жездем келип калат деп. Эмне болгон күндө дагы жезде менен жеңе душман экенин Назирага жашоо көргөздү. Санаа чеккен Назира сыртка чыга албай, абийир соту менен айыпталып, үй түрмөдө бир сааттан ашык отурду. Качан эшик ачылып эжеси Айзада ичкери киргенде, Назира өзүнөн- өзү калтырап коркуп кетти. Сиңдисинин абалын көргөн эжеси:-Сага эмне болду, эмне мынча коркуп? Бас, тамак ич, эртең жумушка барасыңбы? Назира эч жооп айта албай, эки алган окуучудан бетер башын жерге салган калыбында: -Сиз жата бериңиз, мен өзүм жыйнаштырып анан жатам.Айзада жаман көзү менен карап:-Кыз болбой кал, сен. Мустафанын кызганганы жөндүү тура көрсө. Байкушту бекер күнөөлөп урушуп коем. Эркектен көзүң катып, каалап турсаң, эриңди алып калбайт белең. Көз көрүнөө эриң туруп, бирөө менен кучакташпай.
Дагы жакшы мен убагында чыгып калып... Менин халатымды кийип алганыңдан Байыш сени мен деп ойлоптур. Жок дегенде далдоо жерге барып кучакташсаңар эмне болот. Кошуналар көрсө эмне -дейт. Келгениңе бир ай болбой ушуну жасасаң, кийин менин төрүмдө төрөйсүң го...Назира мындай сөз угам деп, ойлогон эмес. Жердин катуулугунан гана чыдап олтурду. Бир чети эжеси абдан туура сөз айтты. Эжеси минтип айтпаганда,
ким айтат эле. Күнөө өзүндө. Эмне болуп аны менен кучакташып калганын өзү да билбейт. Бирок Туратка карата болгон сагынычы күч эле. Аны тана албайт. Андан дагы чет элдин сериалдары дагы түрткү болбодубу. Кийинки убакта жалаң өбүшүү, сүйүү тууралуу кинолор көп болуп, аң сезимдин өзгөрүшүнө дагы түрткү бергени Назираны ушул жолго түртпөдүбү.
Айзада сыртка чыгып кеткенде, Назира отурган жеринде ыйлап жиберди. Уятын жүгүн көтөрө албады. Эми өзүн бул дүйнөдө артык баш сезип, жеңил ойго жетеленип өз жанын өзү кыюунун амалын издеди. Ага мындан башка жол жоктой сезилди. Эже-жездесинин бетин кантип карайт, эми... башка жакка кетип калайын десе шаарды билбейт, эч кимди тааныбайт. Турат менен кучакташканы бетке чиркөө болуп, алты жыл тарткан азабын бир гана көрүнүш жууп, кайра күнөөнү өзүнө үйүп алды. Түн ортосуна чейин өзүн күнөөлөгөн Назира ордунан туруп, колуна жип алып, чечкиндүү кадам шилтеп, короону көздөй басты.
#23 21 June 2015 - 15:58
Турат машинасына отуруп алып катуу өкүнүп алды. "кап, бекер иш болду. Жок дегенде жездеси келбей кое турса эмне. Кенен кесир сүйлөшүп алат элек. Эми эмне кылсам болот. Назира да жаман абалда калды. Кой, чоочун көздөргө урунбай бул жерден кетейин..."
-деп, машинасын айдап үйүн көздөй жөнөдү. Үйүнө келип,Назираны элестетип чалкасынан жаткан калыбында ага үйлөнүүнүн жолун ойлонуштура баштады. Анын "сени сагындым, кантип таап келдиң"- деген сөзү кулагына жаңырып, кучактап жаш баладай эркелегени,
көз алдынан кетпей койду. Ошол эле көрүнүш Турат үчүн чексиз бакыт эле. Айтканга оңой болгону менен сүйүүнүн керемети, деми, күчү эмнени гана кылбайт. Ар кандай жол менен эптеп эбин таап Назирага жолугуп, ага ачык айтып үйлөнөм деген ойго такалган Турат, эмне болуп көзү илинип кеткенин билбейт. Назира жөнүндө ойлогонгобу,
ал түшүнө кирип: "тез кел, болбосо баары кеч болуп калат.." деп айтып жатыптыр. Аңгыча эле бир элес пайда болуп, "эмне жатасың, тез жөнө" деп түрткөндө, ойгонуп кетти. Көрсө жанында бирге жашаган Сатар ойготуп жатыптыр. -Тур, тамак ичип жат. Турат макул дегенсип башын ийкеген болду да, көргөн түшүн эстеп, "чын эле азыр барсам эмне болот. Балким түшүмдөн аян берген чыгаар. Жездеси менен эжеси урушуп көчөгө чыгып кайда бараарын билбей жүргөндүр"
деген ойго такалып, ордунан ыргып туруп кийинди да, шашыла сыртка чыга жөнөдү. Сатардын "сен кайда, эмне болду?" деген суроосу жоопсуз калды. Стоянкадан машинасын айдап чыгып, Назиранын жашаган үйүн көздөй сызып жөнөдү.
***
Мустафа жер караган бойдон атасын тике карай албай. күнөөсүн моюнга алгансып туруп берди. Күйпөлөктөгөн апасы чайын кайнатып, абышкасын улам тыйып, Мустафаны чайга чакырды. Жол жүрүп чарчаган Мустафа бир эки чыны чай ичип эле ички үйгө кирип эскилиги жеткен диванга жатып, атасынын айткан сөздөрүн эстеди. Чын эле эмне үчүн буга чейин ал-абалдарын сурап келген жокмун. Эмнеге бул оюма келген жок. Тирүүлүктө саламдан өткөн сый барбы? Жок дегенде жылуу сөзүмдү аябай, келип кетсем болмок экен. Баарына жетишсиздик себепкер болбодубу. Акчам кенен болгондо анда кантип келбей коет элем, - деп өзүн-өзү актаган болду. Мустафа бир аптадан ашык убакыт айылында жүрүп, атасынын көп жумушун бүтүрүп бергенге үлгүрдү. Короосун отунга толтуруп, эшиктин алдыдагы көмүрдү ичке ташып кийирди. Бир чети өзүнүн жасаган иштерине ыраазы болуп, атасынын жеме сөзүнөн кутулду. Эки күндөн кийин кетейин деп жатканда, коңшу айылдан Сайра деген кемпир оңдой берди болуп турмуштан чыккан кызын ээрчитип келип "дем салып бер" деп калды. Бой мүчөсү келишкен жаш келинди көргөндө Мустафанын оюу бузулуп, ичинен кымыңдады. Эптеп эбин таап колун сурап, аялдыкка алуунун жолун издеди. Бирок атасынын үйүнөн ал келинди өзүнө имерүүгө мүмкүнчүлүк жоктугу аны азыраак бушайман кылды. Бир айдан ашык аял затына эңсөөсү күч алган Мустафа, ушунчалык берилүү менен ал келинди эптеп үйүнө алып барууга жан үрөдү. Бир аз көзүн жуумп, дем салымыш болуп:-Мен бүрсүгүнү өз үйүмө кетем. Ага чейин кызыңызга дагы үч жолу дем салышым керек. Катуу көзүккөн турбайбы - деп, оозу-оозуна тийбей эбиреп, көп сөздү айтканга үлгүрдү. Элет эли дале эскиликке ишенгендиктен Сайра кемпир башын ийкеп:-Сен туура айтасың, көз тийиши толук мүмкүн. Кыз кезинде жакшы эле жүрдү эле, жанагы күйөөгө тийгени баары башталды.Ушул эле сөз жетишпей тургансып Мустафанын чырагына май тамды. Ичинен күбүрөмүш болуп, бир өзбек таанышы үйрөткөн дубаны кайра-кайра айтып:-Сиз бул жерде күтүп туруңуз,кызыңыз менен - деп, ичкери кирип, кагазга баш айлантма дубаны жазып, эбин келтирип, ал кагазды сууга эзип кемпирдин кызына ичирди.Бул сууну калтырбай ич. Көзү тийген адамдын сугун бул суу жууп салат. Мен сага үч жолу ушинтип суу берем, анан сен көр мен көр ооруңдан айыгасың, - деди. Баласынын бул жоругун көргөн ата-энеси таң калды. Анан эмне кылышат. Арак ичип, адамдык сапаттан кетип бараткан баласы молдо болуп, дуба окуп, элди дарылап жатса, таң кала турган иш болуп жатпайбы. Андан дагы ишеничтүү сүйлөп, дем салганы эле эмнени айгинелейт. Бирок атасы Керимбай жүрөгүнүн түпкүрүнөн сезди. "Ата балага сынчы" деген кеп бар эмеспи, анын сыңары Мустафанын бул жоругу жөн эле көз боемчунун ишиндей сезилди. Сайра кемпирдин жүз пайызга ишенгени гана Мустафанын атасы Керимбайдын ашыкча сөз сүйлөгөнгө бөгөт коюп турду. Бирок чынында Керимбайдын көңүлү ирээнжип, Мустафанын бул жоругуна ичи тойбой, алиги кызды аяп турду. Качан Сайра кызын ээрчитип, кат-кат ыраазы сөзүн айтып, үйдөн чыкканда Керимбай, Мустафага тике карап:-Балам, мени атам деп эсептесең, алигидей дуба окуп, эл дарылаганыңды токтотчу. Биздин тукумда жок эле, молдолук кылып дуба окуган. Мустафа жалтактаган көзүн атасынан тартып алып:-Ата, биздин тукумда жок деп эле эскичиликти эске алсак, анда кандай болот? Биз өткөн мезгилдин эмес, келаткан мезгилдин агымы менен жашаганыбыз оң. Шарият жолунда мындай деп айтылган, - Мустафа сөзүнүн аягына чыкпай калды. Атасы Керимбай ачууга алдырып:Тигини- тигини! Мага акыл үйрөткүсү келип калган тура. Эмне, шарият жолунда аял кетирип, жаңы катын ал деп айтылды беле?! Эгер сен шарият жолун толук билсең, аткарбайсыңбы? ! Алиги кемпирдин кызын көзүң менен сүзө карабай. Кунажынды көргөн букадай, тим эле көзүң андан өтүп кетти го. Сен ойлогон ойду мен айттырбай билем. Токтот, мындан кийин алигидей шарлатан иштериңди. Мустафа эч жооп айта албай күңгүрөнүп, ички үйгө кирип кетти. Бирок атасы бутага тийген сөз айтканын тана албайт эле. Ашыкча иш жасап ийгенин өзү кеч сезди. Бирок, алиги келиндин чырайлуу келбети, Мустафанын көз алдына тартылып, эмне болгон күндө дагы аны аялдыкка алып, өзүн чанып кеткен Назирага бир көрүнүп коюну алдыга максат кылган молдоке, артка чегинүүгө моюн сунгусу келбей, аял эңсөөсү күч алып, атасынын айткан сөздөрүн көңүлдүн сыртынан кетиргиси келди. Терезеси кичирээк бөлмөдө сыртты карап отурган Мустафа келечеги жок ойлорду ойлоп, атасына таарынган жаш баладай ички үйдөн чыкпай отурду. Оозгу үйдөн апасы Зууранын үнү чыкты, абышкасын урушкан.-Бир келген балаңдын көңүлүн сындырасың да. Ал деле билген үчүн дуба окуп, ооруга себеп болуп атканын сен кайдан билесиң. Карыганда жөн карычы абышка. Жөн жерден эле уруша бербей. Керимбай ачуулуу:-Ай, анан ушул уулуңдуку туурабы?! "Молдо" деген такыба болуш керек. Жакшы менен жаманды айрып билип, башка элге үлгү болуп жашабайбы. Кемпири эч үн катпай, идишин жуу менен алек болду. Бирок ичинен абышкасынын айткан сөзүн жөндүү көрдү. Анан эмне кылат? Жашы элүүгө таяган уулу аялына чандырып, намаз окугандан башка эч иш кылбай үйүндө бош олтурганы, көңүлүнө көлөкө түшүрдү. Элдин муну менен тең балдары машинанын үстүнө машина алып, ата-энелерин багып отурат. Ал эми Мустафа алигиче жаш баладай каяктагы сөздөрдү сүйлөп, кылган ишинин дайыны жок жүргөнү, абышкасынын айтканындай эле бар. Уулунун жоругунан улам молдолор жалкоо, ак кол болоорун билип, келини Назираны аяп кетти. Чынында ага үйлөнгөнү үстүн жаңырта элек. Төркүнү кийгизген кийими менен жүргөнүн өткөндө барып көрүп, зээни кейиген. Анан ал кетпегенде ким кетет деп, күнөөнү Мустафага жүктөп, абышкасы жөндүү урушуп жатканын моюнга алды.
***
Мустафа жер караган бойдон атасын тике карай албай. күнөөсүн моюнга алгансып туруп берди. Күйпөлөктөгөн апасы чайын кайнатып, абышкасын улам тыйып, Мустафаны чайга чакырды. Жол жүрүп чарчаган Мустафа бир эки чыны чай ичип эле ички үйгө кирип эскилиги жеткен диванга жатып, атасынын айткан сөздөрүн эстеди. Чын эле эмне үчүн буга чейин ал-абалдарын сурап келген жокмун. Эмнеге бул оюма келген жок. Тирүүлүктө саламдан өткөн сый барбы? Жок дегенде жылуу сөзүмдү аябай, келип кетсем болмок экен. Баарына жетишсиздик себепкер болбодубу. Акчам кенен болгондо анда кантип келбей коет элем, - деп өзүн-өзү актаган болду. Мустафа бир аптадан ашык убакыт айылында жүрүп, атасынын көп жумушун бүтүрүп бергенге үлгүрдү. Короосун отунга толтуруп, эшиктин алдыдагы көмүрдү ичке ташып кийирди. Бир чети өзүнүн жасаган иштерине ыраазы болуп, атасынын жеме сөзүнөн кутулду. Эки күндөн кийин кетейин деп жатканда, коңшу айылдан Сайра деген кемпир оңдой берди болуп турмуштан чыккан кызын ээрчитип келип "дем салып бер" деп калды. Бой мүчөсү келишкен жаш келинди көргөндө Мустафанын оюу бузулуп, ичинен кымыңдады. Эптеп эбин таап колун сурап, аялдыкка алуунун жолун издеди. Бирок атасынын үйүнөн ал келинди өзүнө имерүүгө мүмкүнчүлүк жоктугу аны азыраак бушайман кылды. Бир айдан ашык аял затына эңсөөсү күч алган Мустафа, ушунчалык берилүү менен ал келинди эптеп үйүнө алып барууга жан үрөдү. Бир аз көзүн жуумп, дем салымыш болуп:-Мен бүрсүгүнү өз үйүмө кетем. Ага чейин кызыңызга дагы үч жолу дем салышым керек. Катуу көзүккөн турбайбы - деп, оозу-оозуна тийбей эбиреп, көп сөздү айтканга үлгүрдү. Элет эли дале эскиликке ишенгендиктен Сайра кемпир башын ийкеп:-Сен туура айтасың, көз тийиши толук мүмкүн. Кыз кезинде жакшы эле жүрдү эле, жанагы күйөөгө тийгени баары башталды.Ушул эле сөз жетишпей тургансып Мустафанын чырагына май тамды. Ичинен күбүрөмүш болуп, бир өзбек таанышы үйрөткөн дубаны кайра-кайра айтып:-Сиз бул жерде күтүп туруңуз,кызыңыз менен - деп, ичкери кирип, кагазга баш айлантма дубаны жазып, эбин келтирип, ал кагазды сууга эзип кемпирдин кызына ичирди.Бул сууну калтырбай ич. Көзү тийген адамдын сугун бул суу жууп салат. Мен сага үч жолу ушинтип суу берем, анан сен көр мен көр ооруңдан айыгасың, - деди. Баласынын бул жоругун көргөн ата-энеси таң калды. Анан эмне кылышат. Арак ичип, адамдык сапаттан кетип бараткан баласы молдо болуп, дуба окуп, элди дарылап жатса, таң кала турган иш болуп жатпайбы. Андан дагы ишеничтүү сүйлөп, дем салганы эле эмнени айгинелейт. Бирок атасы Керимбай жүрөгүнүн түпкүрүнөн сезди. "Ата балага сынчы" деген кеп бар эмеспи, анын сыңары Мустафанын бул жоругу жөн эле көз боемчунун ишиндей сезилди. Сайра кемпирдин жүз пайызга ишенгени гана Мустафанын атасы Керимбайдын ашыкча сөз сүйлөгөнгө бөгөт коюп турду. Бирок чынында Керимбайдын көңүлү ирээнжип, Мустафанын бул жоругуна ичи тойбой, алиги кызды аяп турду. Качан Сайра кызын ээрчитип, кат-кат ыраазы сөзүн айтып, үйдөн чыкканда Керимбай, Мустафага тике карап:-Балам, мени атам деп эсептесең, алигидей дуба окуп, эл дарылаганыңды токтотчу. Биздин тукумда жок эле, молдолук кылып дуба окуган. Мустафа жалтактаган көзүн атасынан тартып алып:-Ата, биздин тукумда жок деп эле эскичиликти эске алсак, анда кандай болот? Биз өткөн мезгилдин эмес, келаткан мезгилдин агымы менен жашаганыбыз оң. Шарият жолунда мындай деп айтылган, - Мустафа сөзүнүн аягына чыкпай калды. Атасы Керимбай ачууга алдырып:Тигини- тигини! Мага акыл үйрөткүсү келип калган тура. Эмне, шарият жолунда аял кетирип, жаңы катын ал деп айтылды беле?! Эгер сен шарият жолун толук билсең, аткарбайсыңбы? ! Алиги кемпирдин кызын көзүң менен сүзө карабай. Кунажынды көргөн букадай, тим эле көзүң андан өтүп кетти го. Сен ойлогон ойду мен айттырбай билем. Токтот, мындан кийин алигидей шарлатан иштериңди. Мустафа эч жооп айта албай күңгүрөнүп, ички үйгө кирип кетти. Бирок атасы бутага тийген сөз айтканын тана албайт эле. Ашыкча иш жасап ийгенин өзү кеч сезди. Бирок, алиги келиндин чырайлуу келбети, Мустафанын көз алдына тартылып, эмне болгон күндө дагы аны аялдыкка алып, өзүн чанып кеткен Назирага бир көрүнүп коюну алдыга максат кылган молдоке, артка чегинүүгө моюн сунгусу келбей, аял эңсөөсү күч алып, атасынын айткан сөздөрүн көңүлдүн сыртынан кетиргиси келди. Терезеси кичирээк бөлмөдө сыртты карап отурган Мустафа келечеги жок ойлорду ойлоп, атасына таарынган жаш баладай ички үйдөн чыкпай отурду. Оозгу үйдөн апасы Зууранын үнү чыкты, абышкасын урушкан.-Бир келген балаңдын көңүлүн сындырасың да. Ал деле билген үчүн дуба окуп, ооруга себеп болуп атканын сен кайдан билесиң. Карыганда жөн карычы абышка. Жөн жерден эле уруша бербей. Керимбай ачуулуу:-Ай, анан ушул уулуңдуку туурабы?! "Молдо" деген такыба болуш керек. Жакшы менен жаманды айрып билип, башка элге үлгү болуп жашабайбы. Кемпири эч үн катпай, идишин жуу менен алек болду. Бирок ичинен абышкасынын айткан сөзүн жөндүү көрдү. Анан эмне кылат? Жашы элүүгө таяган уулу аялына чандырып, намаз окугандан башка эч иш кылбай үйүндө бош олтурганы, көңүлүнө көлөкө түшүрдү. Элдин муну менен тең балдары машинанын үстүнө машина алып, ата-энелерин багып отурат. Ал эми Мустафа алигиче жаш баладай каяктагы сөздөрдү сүйлөп, кылган ишинин дайыны жок жүргөнү, абышкасынын айтканындай эле бар. Уулунун жоругунан улам молдолор жалкоо, ак кол болоорун билип, келини Назираны аяп кетти. Чынында ага үйлөнгөнү үстүн жаңырта элек. Төркүнү кийгизген кийими менен жүргөнүн өткөндө барып көрүп, зээни кейиген. Анан ал кетпегенде ким кетет деп, күнөөнү Мустафага жүктөп, абышкасы жөндүү урушуп жатканын моюнга алды.
#24 21 June 2015 - 16:02
Назира бак короону көздөй жип алып басып баратып, эжеси менен жездесин ойготуп албайын деп, алардын бөлмөсүнүн терезесинин жанынан акырын эңкейип өтүп, жакшы түшүм берген өрүктүн жанына келип, оор үшкүрүнүп, бул дүйнөгө эмнеге жаралганына өкүнүп, алды. Бала кезинен бери башынан өткөн окуяларды, Мустафага алданган күндү эстегенде, ичиркенип ал күндү эстегиси келбей кетти. Анан эмне кылат? Эгер Мустафага тийбегенде минтип эжеси менен жездесинин алдында башын жерге салып, күнөөлү болбойт эле. Жаңы гана сүйүүнүн кызыгына батаарда аны дагы ыраа көрбөй, толгондон ошол убакта жездесинин келип калганы өкүндүрүп, ушул жолго барууга түрткү болду. Баарыдан дагы мойтоңдоп ойногон эки баласы көз алдына тартылып, өзүн өлүмгө ыраа көрбөй кетти. Эгер бүгүн түнү эки баласын аяп, өзүнүн жанын алып калса, анда эртеси күнү эжеси менен жездесинин бетин кантип карайт. "Уят өлүмдөн катуу" дегендей, уятын эстегенде Назира бактын бутагына жипти байлап, өзүнчө күбүрөнүп мына эми асынам деп жатканда, бак короонун тушуна машина келип токтоп, андан көзүнө тааныш Тураттын келбети көрүндү. Аны машинасынан эле тааныган Назира, сүйүүнүн күчүнө жетеленип, моюнуна илинген жипти бошотуп, алиги бакчанын кичине эшигинен чыгып, Туратты карай кадам таштады. Буга чейин өзүн өлүмгө даярдап, бул дүйнөдөн өзүн артык баш сезип жаткан Назирага. Тураттын келип калганы өмүрүнө себеп болду. Эгер Турат келбегенде,
Назира өз жанын өзү кыйып коёру толук мүмкүн эле. Күтүүсүз келген Турат, Назирага экинчи жолу жашоо тартуулагандай эле болду.
***
Турат үйүнөн чыкканда машинасына кантип жетти, аны өзү дагы билбейт. Кандайдыр бир сезим алга жетелеп, шаштыргандай болду. Жолдо катар бир гана Назираны ойлогон Тураттын жүрөгү элеп-желеп болуп, тезирээк Назирага жетүү керек деген гана максат менен кээ бир светафорлорго токтобой, кызыл күйгөнүнө карабай өтүп, ушунчалык тез айдады. Атаганат, ошондо Тураттын шашканындай эле иш болгонун, ал убагында билген жок. Качан көздөгөн жерине келгенде гана тормозду ушунчалык катуу тээп токтотуп, эки жакка көз жүгүрттү. Оюнда Назира көчөдө ары- бери басып, үйүнө кире албай жүрөт деп ойлогон эле.Бак короо жакта өзүн көздөй келаткан караанды көргөндө, дароо оюна Назира келди. Бирок, ага удаа эле нары жактагы бакта салаңдап турган жипти, терезеден түшкөн светтин жарыгынан улам көрүп, айттырбай түшүндү. Жана да өзүнүн убагында келгенине ыраазы боло, дарбазаны көздөй басты. Себеби, Назира дарбаза аркылуу гана чыга алат эле да. Назирага жолукканга чейин өзүн кармана албай, алгач болуп эшикке колун созду. Назира эшикти ачып эле Туратка болгон боюн таштап, ыйлап жиберди. Турат, Назираны өпкүлөп, денесине бекем кыса кучактап: -Назира, жүрү, машинага баралычы. Калган сөздү анан сүйлөшөбүз. Үнсүз башын ийкеп Тураттын жетегинде он метрдей нары жакта токтоп турган машинага келип отурушканда, Турат машинаны от алдырып, каякадыр айдап жөнөдү. Назирага эми баары бир эле, кайда барса дагы. Бирок жүрөгүнүн түпкүрүндө коркунуч бар болчу. Ал коркунуч, эртеңки күнү эжеси менен жездесинин бетин кантип кароо.Түнкү Бишкектин көчөсүндө жеңил музыканын коштоосунда Назира башын Туратка жөлөп, ички ою менен алек болуп келатты. Мээсине сиңген күйөөсүнүн шарият сөздөрү, жемелеп болбогон нерседен уруш чыгарып кызганганы, ойдо жок кепти айтып басынтканы, кыядан чууруган койдой эсине келип, бул дүйнөгө эмнеге аял болуп жаралып калганына өкүнө, көзүнө келген жашты арчыганга дарманы жетпей келатканда Турат: -Назира, сен эч нерсеге капа болбо. Жашоо өйдө ылдыйы менен кызык. Өзүң эл калыс болчу. Эртең менен күн жаңы чыгып келатканда суук болот. Киши чыйрыгат. Улам Күн өйдөлөгөн сайын жылып, анан эртең мененки суукту унутуп калабыз. Ошол сыяктуу эле убакыт өтсө, баары артта калып, кыйынчылыкты унутабыз. Андыктан кыйынчылыксыз жашоо кызыксыз,- деп Турат "Бакыт" деген кафенин алдына машинасын токтотту.-Назира, тамактанып алалычы. Чынын айтсам курсак ачты.Назира эч үндөбөй башын ийкеп, Тураттын көкүрөгүнө башын жөлөп, эркелегендей мамиле жасады. Туратка ушул эле жетишпей тургансып, Назираны кучактап өпкүлөп кирди. Эриндер бири-бирине чапталыша түшүп, бирин-бири сыга кучуктады. Бул саам экөө эч кимден жазганбай эркин өбүшүп, сагынычтары таркабай ушул учурдун токтоп турушун ичтеринен тилеп турду.Экөө ушул күндү канча күттү. Кумарлуу өбүшүүнүн негизинде Турат, өзүнчө сүйлөнө дагы берди, өпкүлөй да берди. Сүйүүнүн керемети менен экөө кеминде жарым сааттан ашык өбүшүп, биринен-бири ажырай албай эңсөөнүн чеги тереңдеп баратты. Ар нерсенин чеги болот эмеспи, акыры экөө ээрчише басып кафеге кирип тамактанышты. Эркектин мындай сыйына жана эркелетүүсүнө туш болбогон Назира, эмнегедир бөлөк дүйнөгө түшүп калгандай сезди, өзүн. Турат экөө кеминде таң сүрүлүп баратканга чейин көп нерсени сүйлөшүштү. Акыры Турат, Назираны үйүнө жеткирип келди да, кайра-кайра эскертти. "Эми алигидей өлөм деген жолдон алыс бол. Мен сага баары бир үйлөнөм" деди. Назира өзүн бактылуу сезип, бак короодогу жипти чечип алып, акырын басып үйгө кирип, өзүнүн ордуна жатып калды.
***
Сайра кемпир кызы Элмираны экинчи жолу кечинде алып келди,молдого ишеничи артып. Мустафа буга чейин эле дуба окулган кагазды сууга эзип, даярдап койгон эле.Беш убак намаз окуп, диндин талаптарын аткарганы менен молдо адамдардын маданиятсыз болоорун Зуура ошол күнү Калыс деген абышканы жерге бергенде, байкады. Эки молдо Калыстын жаназасын "мен окуйм" деп талашып, кайдагы кулак укпаган сөздөр менен урушканын угуп алып, көңүлү кирдей түштү. Болбогон акча, мал үчүн эл көзүнчө айтышпай деле коюшса, болмок. Көпчүлүк жерге түкүрүштү. Кайда болбосун байлык адамды азгырат эмеспи. Калыстын эки баласы шаарда чоң кызматта иштегендиктен, атасынын жаназасына ээр токуму менен ат байлаган. Мүрзө казган төрт балага бирден кой бердиртти. Беш жылкыны көзгө карабай союп, элге этти кенен тартты. Ошондо элге Калыстын, Мустафа менен тең классташ баласы: "Атам чыры жок жайына узасын" деп, экинчи молдону ары жетелеп барып, чөнтөгүнөн акча алып чыгып берип, оозун жапты. Болбосо экөө кызылдай мушташканга чейин барышмак. Ошондо Зуура дароо уулу Мустафаны эстеп, "ушулардай болуп молдо болбой эле койчу"- деп айтпасам деп ойлоп койду.Сайра кемпир келгенде баятан бери кабагын ачпай отурган Мустафа масканы чечкен кишидей, такыр башка адам болуп ички үйдөн чыга келди. Анткени буга чейин Зуура ириде айтылган сөздү айтып, молдо болбой эле эмгек кылып, жаныңды бакчы. Өзүң деле көрдүң, алиги Калыстын жаназасын "мен окуйм" деп, талашкан эки молдонун чырын. Мен Жапар молдону жакшы киши экен деп жүрсөм, өтө пас адам турбайбы. Ар ким өз деңгээли менен эле жашаганы жакшы. Атаң айткандай ата тегиңерде молдо болгон киши болбоптур. Карачы, тиги Калыстын сени менен тең баласын. Зыңгырап, салмактуу сүйлөп, элге алынганын. Сенин андан эмнең кем? Азыр деле кеч эмес. Эл сыяктуу алыштырып, уруштуруп оокатыңды кыл. Мустафага апасынын айткан сөздөрү жакпай, кабагы түнөрүп отурган. Мээсине сиңген диндин "күнөө" деген сөзү апасынын айткан сөздөрүнө каршы ойлорду ойлогонго түрткү бергендиктен, ичинен келме айтып олтурганда оңдой берди болуп, көңүлүнө толгон Элмира апасы менен келип калды. Азыркы өзү жасап аткан иш үчүн Мустафа,өзүн күнөөлү сезген жок. Себеби анын жолун таап койгон эле
***
Турат үйүнөн чыкканда машинасына кантип жетти, аны өзү дагы билбейт. Кандайдыр бир сезим алга жетелеп, шаштыргандай болду. Жолдо катар бир гана Назираны ойлогон Тураттын жүрөгү элеп-желеп болуп, тезирээк Назирага жетүү керек деген гана максат менен кээ бир светафорлорго токтобой, кызыл күйгөнүнө карабай өтүп, ушунчалык тез айдады. Атаганат, ошондо Тураттын шашканындай эле иш болгонун, ал убагында билген жок. Качан көздөгөн жерине келгенде гана тормозду ушунчалык катуу тээп токтотуп, эки жакка көз жүгүрттү. Оюнда Назира көчөдө ары- бери басып, үйүнө кире албай жүрөт деп ойлогон эле.Бак короо жакта өзүн көздөй келаткан караанды көргөндө, дароо оюна Назира келди. Бирок, ага удаа эле нары жактагы бакта салаңдап турган жипти, терезеден түшкөн светтин жарыгынан улам көрүп, айттырбай түшүндү. Жана да өзүнүн убагында келгенине ыраазы боло, дарбазаны көздөй басты. Себеби, Назира дарбаза аркылуу гана чыга алат эле да. Назирага жолукканга чейин өзүн кармана албай, алгач болуп эшикке колун созду. Назира эшикти ачып эле Туратка болгон боюн таштап, ыйлап жиберди. Турат, Назираны өпкүлөп, денесине бекем кыса кучактап: -Назира, жүрү, машинага баралычы. Калган сөздү анан сүйлөшөбүз. Үнсүз башын ийкеп Тураттын жетегинде он метрдей нары жакта токтоп турган машинага келип отурушканда, Турат машинаны от алдырып, каякадыр айдап жөнөдү. Назирага эми баары бир эле, кайда барса дагы. Бирок жүрөгүнүн түпкүрүндө коркунуч бар болчу. Ал коркунуч, эртеңки күнү эжеси менен жездесинин бетин кантип кароо.Түнкү Бишкектин көчөсүндө жеңил музыканын коштоосунда Назира башын Туратка жөлөп, ички ою менен алек болуп келатты. Мээсине сиңген күйөөсүнүн шарият сөздөрү, жемелеп болбогон нерседен уруш чыгарып кызганганы, ойдо жок кепти айтып басынтканы, кыядан чууруган койдой эсине келип, бул дүйнөгө эмнеге аял болуп жаралып калганына өкүнө, көзүнө келген жашты арчыганга дарманы жетпей келатканда Турат: -Назира, сен эч нерсеге капа болбо. Жашоо өйдө ылдыйы менен кызык. Өзүң эл калыс болчу. Эртең менен күн жаңы чыгып келатканда суук болот. Киши чыйрыгат. Улам Күн өйдөлөгөн сайын жылып, анан эртең мененки суукту унутуп калабыз. Ошол сыяктуу эле убакыт өтсө, баары артта калып, кыйынчылыкты унутабыз. Андыктан кыйынчылыксыз жашоо кызыксыз,- деп Турат "Бакыт" деген кафенин алдына машинасын токтотту.-Назира, тамактанып алалычы. Чынын айтсам курсак ачты.Назира эч үндөбөй башын ийкеп, Тураттын көкүрөгүнө башын жөлөп, эркелегендей мамиле жасады. Туратка ушул эле жетишпей тургансып, Назираны кучактап өпкүлөп кирди. Эриндер бири-бирине чапталыша түшүп, бирин-бири сыга кучуктады. Бул саам экөө эч кимден жазганбай эркин өбүшүп, сагынычтары таркабай ушул учурдун токтоп турушун ичтеринен тилеп турду.Экөө ушул күндү канча күттү. Кумарлуу өбүшүүнүн негизинде Турат, өзүнчө сүйлөнө дагы берди, өпкүлөй да берди. Сүйүүнүн керемети менен экөө кеминде жарым сааттан ашык өбүшүп, биринен-бири ажырай албай эңсөөнүн чеги тереңдеп баратты. Ар нерсенин чеги болот эмеспи, акыры экөө ээрчише басып кафеге кирип тамактанышты. Эркектин мындай сыйына жана эркелетүүсүнө туш болбогон Назира, эмнегедир бөлөк дүйнөгө түшүп калгандай сезди, өзүн. Турат экөө кеминде таң сүрүлүп баратканга чейин көп нерсени сүйлөшүштү. Акыры Турат, Назираны үйүнө жеткирип келди да, кайра-кайра эскертти. "Эми алигидей өлөм деген жолдон алыс бол. Мен сага баары бир үйлөнөм" деди. Назира өзүн бактылуу сезип, бак короодогу жипти чечип алып, акырын басып үйгө кирип, өзүнүн ордуна жатып калды.
***
Сайра кемпир кызы Элмираны экинчи жолу кечинде алып келди,молдого ишеничи артып. Мустафа буга чейин эле дуба окулган кагазды сууга эзип, даярдап койгон эле.Беш убак намаз окуп, диндин талаптарын аткарганы менен молдо адамдардын маданиятсыз болоорун Зуура ошол күнү Калыс деген абышканы жерге бергенде, байкады. Эки молдо Калыстын жаназасын "мен окуйм" деп талашып, кайдагы кулак укпаган сөздөр менен урушканын угуп алып, көңүлү кирдей түштү. Болбогон акча, мал үчүн эл көзүнчө айтышпай деле коюшса, болмок. Көпчүлүк жерге түкүрүштү. Кайда болбосун байлык адамды азгырат эмеспи. Калыстын эки баласы шаарда чоң кызматта иштегендиктен, атасынын жаназасына ээр токуму менен ат байлаган. Мүрзө казган төрт балага бирден кой бердиртти. Беш жылкыны көзгө карабай союп, элге этти кенен тартты. Ошондо элге Калыстын, Мустафа менен тең классташ баласы: "Атам чыры жок жайына узасын" деп, экинчи молдону ары жетелеп барып, чөнтөгүнөн акча алып чыгып берип, оозун жапты. Болбосо экөө кызылдай мушташканга чейин барышмак. Ошондо Зуура дароо уулу Мустафаны эстеп, "ушулардай болуп молдо болбой эле койчу"- деп айтпасам деп ойлоп койду.Сайра кемпир келгенде баятан бери кабагын ачпай отурган Мустафа масканы чечкен кишидей, такыр башка адам болуп ички үйдөн чыга келди. Анткени буга чейин Зуура ириде айтылган сөздү айтып, молдо болбой эле эмгек кылып, жаныңды бакчы. Өзүң деле көрдүң, алиги Калыстын жаназасын "мен окуйм" деп, талашкан эки молдонун чырын. Мен Жапар молдону жакшы киши экен деп жүрсөм, өтө пас адам турбайбы. Ар ким өз деңгээли менен эле жашаганы жакшы. Атаң айткандай ата тегиңерде молдо болгон киши болбоптур. Карачы, тиги Калыстын сени менен тең баласын. Зыңгырап, салмактуу сүйлөп, элге алынганын. Сенин андан эмнең кем? Азыр деле кеч эмес. Эл сыяктуу алыштырып, уруштуруп оокатыңды кыл. Мустафага апасынын айткан сөздөрү жакпай, кабагы түнөрүп отурган. Мээсине сиңген диндин "күнөө" деген сөзү апасынын айткан сөздөрүнө каршы ойлорду ойлогонго түрткү бергендиктен, ичинен келме айтып олтурганда оңдой берди болуп, көңүлүнө толгон Элмира апасы менен келип калды. Азыркы өзү жасап аткан иш үчүн Мустафа,өзүн күнөөлү сезген жок. Себеби анын жолун таап койгон эле
#25 21 June 2015 - 16:06
Айзада эртең менен атайын кирип, Назирага кайрылды-Тур,
ишиңе барбайсыңбы?
-деп айтып, терезеде турган гезитти колуна алып, көз жүгүртүмүш болуп, Назирага суроо салды:-Назира,
чын эле алиги бала ким? Сен аны менен качан таанышканга үлгүрдүң? Эгер аны менен сүйлөшүп турганыңды алиги сакалын сербейткен кызганчаак эриң көргөндө, эмне болорун билесиң да?.. чырагына май таамп, жаныңдан бир метр да жылбай кайтарып калмак. Бирок Байыш сага катуу капа болду.Уйкусураган Назира айтылган сөзгө анча деле маани бербей,сөздүн маанисине түшүнбөй калды. Жаны жер тартып, уйкусуроо менен Айзаданы тигиле карап:-Саат канча болду?- деп сөздү башкага бургусу келди. Айзада көңүлү суз, Назираны жактырбаган түр менен:-Сегизге он беш мүнөт калды-дегенде,
Назира ордунан туруп:-Кечиккен турбаймынбы!
- деп, сыртка чыга жөнөдү.Бети-
колун шашыла жууп, чай ичпестен жумушуна кетти. Айткандай, бул жолу эжесинин жемесинен оңой кутулду.Кечке ишинде көңүлү көтөрүңкү жүрдү. Басса-турса көз алдында Тураттын элеси тартылып, анын ар бир айткан сөзү кулагына жаңырып, сүйүүнүн туткунуна эми даана кабылганын сезди. Турат эмне десе баарына кайыл болуп, аны менен ээрчип кеткенге даяр эле. Түнү менен уктабаганга уйкусу келип, жаны жер тартканы менен жатып эс алганга мүмкүнчүлүгү жок эле. Түшкү тамактануу убагында болгону он мүнөт чырм эткенге үлгүрдү. Жаңы эле таттуу уйкуга жетеленип баратканда,
түшкү эс алуу убагы бүтүп, иш башталып калды. Уйкудан калганда адам шалдырап жаны жер тарта берет эмеспи. Назира мойнунан байлаган иттей ордунан араң турганда:-Назира,
сени телефонго чакырып жатат,-деп Венера деген ак жуумалынан келген, арык кыз чакырып калды. Назира селт этип алды да, дароо Турат чакырганын билди. Себеби андан башка эч кимге телефон номерин берген эмес. Элеп-желеп болуп шашыла басып, телефого келген Назира, телефондон Тураттын үнүн укканда тили буулуп, үнү чыкпай мукактанып калды. Качан гана, Турат үнүн бийик чыгарып: -Сага эмне болду? Назира, жооп бербейсиңби?
-дегенде гана үнүн араң чыгарып:-Эч нерсе болгон жок. Аны коюп өзүң кандай жетип алдың?-деп кайра өзүнө суроо менен кайрылды. Турат каргылданган үн менен:-Назира,
жездең менен эжең эч нерсе деген жокпу? Өзүң кандайсың?-деп кабатыр болгонун билгизе үстү-үстүнө суроо узатты. Назира берилген суроолорго кыска гана жооп берип "сөздү кыскарталы"
деген мааниде белги бере сүйлөгөндө Турат:-Кечинде саат беште мен сенин ишиңе барам, калган сөздү ошондо сүйлөшөлү-деп,
трупканы коюп койду.Назира эми өзүн баштагыдан да бактылуу сезип, таттуу кыялга жетелене ишин улады. Бул жашоодо эң кызыктуу жана эң таттуу кыялга батканга бир гана сүйүү өбөлгө эмеспи. "Сүйүү"
деп ооз учунан айтканыбыз менен анын табына туруштук берүү, канча эркти талап кылат. Чыныгы сүйүүнүн баркын сүйүүнү сыйлаган адам гана билет. Айткандай, Назира дагы эки уулун багып аткан энесин эсинен чыгарып, бир гана Турат жөнүндө ойлоп иш убактысын өткөздү. Кечки бешти күтүп, улам саатты караган сайын өчөшкөнсүп сааттын жебеси ордунан жылбай, токтоп калгансып сезилди. Таттуу кыялга баткан Назира эмне үчүн азыр келген сүйүүсү, кыз кезинде келбегенине өкүндү. Ооба, мектепте окуп жүргөндө жаңы гана Субан деген бала менен мамиле түзүп келатканда,
ою жаман Мустафанын торуна илинип, өмүрүн ага тартуулабадыбы.
Бышып толуп турган кезинде кыз кылыгын кылып, жигит менен шынаарлаша басып, сүйүүнүн дамын татса башка кыздардай болуп, анда мынчалык өкүнбөйт эле го. Өзүнөн көп жаш улууга күйөөгө тийгени аз келгенсип, эми үйдөн жок же чүйдөн жок, эки ортодо калганы үчүн Назира кантип өкүнбөйт. Ошол кыз кезинде Турат эмнеге жолукпайт. Өң десе өңү, келбет десе келбети туруп, жок дегенде өзү теңдүү күйөөгө тийбегени үчүн тагдырына нааразы болгону, өткөндү эстегенге түрткү берди. Бирок анын баарын унутканга ниетинде аракет кылып, андан көрө кийинкисин ойлоду. Эгер Туратка турмушка чыкса келечеги кандай болот? Эки баласы чоңойгондо эмне- дейт? Мени деле Мустафа сүйүп албады беле. Анда ал эмне үчүн сүйүүсүнүн өтөөсүнө чыккан жок. Турат дагы кийин ашыкча сүйлөп, көңүлүмдү сындырбайбы?
Баарына текши ой жүгүрткөн Назиранын, башы чыңалып, ооруп чыкты. Бирок, өмүрүндө биринчи жолу, болгондо дагы көңүлү сүйгөн жигит менен жолугушууга барганы жатканы Назира үчүн чоң бакыттын бир үзүмү эле. Күткөн убакыт дагы келип, иш күнү аяктап, жумуштан чыккан Назиранын көңүлү алып учуп, буту-бутуна тийбей кадамын тез таштап сыртка чыкканда, көзгө тааныш Тураттын машинасын көрүп өзүнчө толкунданып,
ал жакты көздөй багыт алганда, бет маңдайынан эжеси Айзада кайдан-жайдан пайда болуп, Назиранын жүзүндөгү кубанычты каякадыр айдап салды. Назиранын дароо өңү өзгөрүп:- Адашып кайдан? - деп сурап жиберди. Айзада берилген суроого жооп бергенге шашылбай, эки жакты элеңдей карап, күнөөлүү кишидей:- Мен жөн эле. Светтин акчасын төлөп келе жатып сага кайрылдым. Себеби Айнаш эже сен иштеген жерде орун бар, биле келчи, сиңдиме иш издеп жүрөм дегенинен сенин начальнигиң менен чогуу жолугуп сүйлөшөйүн деп эле мындай бастым- деп, келген жөнүн айтты. Бирок Тураттын машинасын байкаган жок. Назира эми эмне кылсам дегенсип, кайра артка бурулуп, Айзадага "жүрү" -деди. Начальниги казак, жашы кырк бештерге барып калган, толугунан келген Сауле деген аял. Жылдыздуу, адамдар менен бат тил табышкан, ишине тың, анан так. Назираларды жакшы маанай менен кабыл алды да, Айзаданын өтүнүчүн угуп "кийинки аптада келсин, кандай иштейт, иштетип көрөлү" деп оюн айтты. Айзада башын ийкеп тигинин сунушуна макул болуп, анын кабинетинен чыкканда, Айзада:- Начальнигиң жакшы аял экен- деди, сөз улансын үчүн. Назира анын сөзүн коштоп:- Ооба, жакшы аял. Бирок тартипти катуу кармайт. Эртең менен он беш мүнөт кечигип азыраак тил уктум - деп айтып алып, ашыкча сүйлөп алганын кеч сезди.Экөө сыртка чыкканда, Тураттын машинасы ордунда жок эле. Назира, Тураттын машинасы ордунда жок экенин байкап, көңүлү кирдей түштү. Чоң бакыттан куру калгансып, үшкүрүнп алды. Бул жолу эжеси Айзаданы ичинен жаман көрүп кетти. "Кайдан дагы келе калды. Эмне үчүн башка күнү келбейт"-
деп, кыртышы эч нерсени сүйбөй, Айзаданын берген суроолоруна кыска гана жооп берип, жолдо катар өзүнүн тагдырына нааразы боло, астананы аттады. Үйгө кирип келатып жездесинин машинасын көргөндө кечээки болгон жагымсыз окуяны эстеп, көңүлү баштагыдан да кирдей түштү.
#26 21 June 2015 - 16:07
Назирадан санаасы тынбаган Турат, анын ишине тоскоол болбоюн деп, атайын түшкү тамактануу убагында чалган дайынын билип коёюн деген ойдо. Анан кечинде жолугушуу убакытты белгилешкенден кийин гана көңүлү жайланып, өз иши менен алек болду. Бирок Назира кандай таттуу кыялга батса, Турат андан кем эмес кыялданды, көңүлүндө Назирага үйлөнгөнгө чейин жетишти. Эч ойлогон эмес, "эки баласы бар келинди сүйүп калам" деп. "Сүйүү кары-жашка, бай-кедейге,
улуу кичүүгө карабайт"
- дегендей Турат, Назиранын эки баласы бар экенин такыр эсинен чыгарып, чын ниетинен ага үйлөнүүнү максат кылып алды. Сааттын жебеси төрттү көргөзгөндө телефондун номери аркылуу телеграфтан сурап билип, Назиранын иштеген жерин таап келди. Эгер мүмкүнчүлүк болсо кафеге кирип сүйлөшөбүз,
астыртан кайсыл жерде жакшы кафе бар деп, шаардын ичиндеги кафелерди ою менен издештирди.
Азыр Туратты эч ким токтото албайт эле. Ал Назира үчүн баарына кайыл болуп калган. Эгер күйөөсү Мустафа мени сотко берсе, сот эмне дейт? "Эрди катын урушат, эси жок адам болушат" демекчи, кийин экөө жарашып алса эки ортодо калбаймынбы?
Бирок, Назирадан андай арамдыкты күтүүгө болбойт. Күйөөсү Мустафа эле чырылдап чыр чыгарбаса эле, башка ким бизге тоскоол болот?Көзү Назира иштеген жерде болгону менен, ою алыста болду. Бир убакта көчөнүн наркы бетинен Назирага куюп койгондой окшош келинди көрүп, сүйүнүп кетти, аны Назира экен деп. Дагы жакшы машинадан чыгып утурлай баспаганы. Ал жакындаганда билди, кечинде көргөн эжеси экенин. Буга чейин Айзаданы кечинде гана көргөн эле да. Аңгыча ичкериден Назира чыгып бери басып келатып, тигинин үнүн угуп, кайра ал жакка бурулуп ага жолукту. Экөө бир аз сүйлөшүп калганда гана Назиранын эжеси экенин билди. Экөө эрчишип ичкери киргенде Турат эжесинин көзүнө көрүнбөйүн деп, машинасын от алдырып, окчун жерге айдап барып токтотуп койду да, көмүскө жерден карап турду. Качан экөө ичкериден чыгып, чогуу басып үйүн көздөй кеткенде гана, бул жолу Назирага жолуга албасын билип, изине тартты. Мустафанын элпек кыймылдап, эпилдеп сүйлөп Сайра кемпир менен кызы Элмирага жасаган мамилесин көрүп алып эле бери жактан апасы Зуура өзү-өзүнө батпай жини келип, уулун ушунчалык жек көрүп кетти. "Эмне үчүн молдолор эки жүздүү болушат? Эмне үчүн дин жолунда жүрүшүп, күнөө эмне экенин билип туруп, күнөө кылышат, калпыс басышат?"
- деп ойлоп, көзүн уулунан албай карап турду. Мустафа ан сайын Сайра кемпирди апакелеп, жепилдеп сүйлөп, жан алы калбай бир нерселерди кобурап, акыры учурун келтирип анан айтты:-Бул сууну ичсин, анан эртең саар менен бир жолу келгиле, дем салам. Ошону менен кызыңыз сен көр, мен көр шар айыгат. Бирок кара дубанын күчүн чечүү үчүн азыраак убакыт керек. Мен эртең түштө өзүмдүн үйүмө кетем. Үйүм райондун борборунда.
Үйдүн жанында эки көк дүкөн бар. Эгер керек болсом үйгө барганыңар эле оң. Сайра кемпир эч жаман ою жок кызына карап:- Алдыгы суунун ичип жибер. Эртең дагы бир жолу келебиз, анан болду, - деди. Экинчи жолу дубаланган,
баш айлантма сууну ичкен Элмиранын эмнегедир башы деңгирей түштү. Терс дубанын күчү таасир берип атканын Элмира кайдан билсин. Кайра көзүнө Мустафа мээримдүү көрүнүп, аны ички туюмунда жакшы көрүп кетти. Элмира,экинчи жолку дуба эзилген сууну ичкенде Мустафа ичинен сүйүнүп, өзүн бактылуу сезип, баштагыдан дагы элпилдеп, тили тилине тийбей каяктагы сөздөрдү айтып, Сайра кемпир менен Элмирага жакшы көрүнүүнүн жолун издеди. Желбегей жамынган чепкенин улам оңдоп коюп, шарият сөздөрдү куюлуштуруп сүйлөгөндө,
Сайра кемпирдин оозу ачылып эле калды. Ан сайын бери жакта Зуура кемпир өзүн-өзү жектеп, өзүн-өзү жемелеп алды.Анан эмне кылат. Өз канынан жаралган, азап менен чоңойткон баласы эле кулакка жат, каяктагы сөздөрдү сүйлөп, атасы жасабаган иштерди жасаганы эле эмне деген сөздү ичине камтыйт. Көзгө комсоо көрүнүп чепкенин желбегей жамынганы, куучуңдаганы,
элге жаман атыккан, жаман карыган абышканын элесин тартуулаган билги берип турду. Зуура эне жаман көргөнүн билгизбей, тиги экөө менен үйдүн ичинен эле коштошуп, терезеге келип карап турду. Эпилдеп-жепилдеген Мустафа калиткадан Элмира менен апасын узатып чыгып жатып, сырдуу көз караш менен Элмиранын турпатына дагы бир жолу сугун арта карап, көз алдына элестетип жиберди, аны менен бирге жашап атканын.Элмира жагымдуу жылмайып:- Жакшы калыңыз- дегенде, Мустафа шашыла Сайра кемпирге билгизбей Элмирага көз кысып:- Өзүңөр да жакшы баргыла. Эртең болбосо, бүрсүгүнү келгиле. Менин үйүмдү таап бара аласыздарбы?
- деди.
#27 21 June 2015 - 16:08
Сайра кемпир сөзгө кошулуп:-Ооба,
ал эки көк дүкөндү кантип билбей калайын. Ал жерде далай издерим калбадыбы. Аны коюп сенин салган демиң кызыма шыпаа болсо болгону. Жанагы шүмшүккө тийгени байкуш кызым ооруга чалдыкпадыбы.
Эми арты жакшы болсо болгону, - деп, кобуранып, тукаба пальтосунун этегин өйдө көтөрүмүш болуп, арыктан аттаган болду. Элмира апасынын артынан басып баратып, Мустафанын көз кысканынан уламбы, эмнегедир аны сырдуу карап, жылмайып жүзүн нары бурганда, Мустафанын жүрөгү элжиреп, көңүлү алып учуп, алган жары менен эки уулун такыр эстен чыгарып, бир гана Элмираны ойлоп, калды. Экөө узап кеткенче карап туруп, анан артка басты, кымбат баалуу буюмун жоготуп алгансып. Үйгө киргенде, апасы Зуура маанайы пас, жаман көзү менен карап тосуп алды. - Уулум, өзүң диндин талаптарын жакшы түшүнөсүң. Эгер мен айтсам жаман көрбө, бирок адилет көз жүгүрт- деп, маанилүү сөз айтчудай тамагын жасап, көзүн уулуна кадап:- Менин баамымда, сен алиги Сайра кемпирдин кызына үйлөнсөм деген оюң бар окшойт. Эгер ошол оюңду ишке ашыра турган болсоң, анда мен сени "балам"
деп эсептебейм.
Аял затынын дагы убалы бар. Биринчи аялың кетти, жаш кыз алдың. Эми анын кадырына жетпей туруп, эки балаңдын көзүн жалдыратып,
дагы төшөк жаңырткың келип турабы? Эгер менин көңүлүмө карабай, Назирадан башка аял алсаң, анда мен үйгө киргизбейм.
Билесиңби, эне менен атанын каргышына калган бала эмне болот? Тилимди алсаң, короодогу эки ириктин бирин пулдап, Назираны алып кел!- деди да, эмне деп жооп берет деген таисте баласына кулак түрүп калды.Мустафа сырттан жаңы эле көңүлү көтөрүлүп кирип келип, эки айрылыш жолдо калган жолоочудай алайып, жооп таба албай эле туруп калды, туюктан жол издеген кайберендей:
- Апа, сиз мага туура түшүнсөңүз.
Назиранын артынан бардым, болбой койду. Эми мен анын алдына басынып, кайра-кайра эле бара беремби? Ага мен ак дебесем же көк дебесем, башка аялдардын күйөөлөрүндөй арак ичип келип мас болуп алып алып сабабасам, анан эле жылуу ордунан козголуп, шаарга барам деп кетип калса...- Зуура, Мустафанын сөзүн оозунан жулуп алды:- Ай, сен ошо арак ичкен кишилерден дагы жаман иш кылып жатпайсыңбы.
Көр жемечилигиңди,
акчага кароо экениңди билесиңби?!
-деги. Мен, сенин ар бир сүйлөгөн сөзүңдөн. баскан-турган кыймыл аракетиңден бери билип турам. Аял кетирип аял алган сага өнөкөт иш эмес да. Түшүнсөң боло! Мына, жашың кырктан ашып, элүүгө чыкканы турасың. Деги сага качан акыл кирет? Дагы аял алсаң эле оңолуп кетесиңби? Аял алып оңолсоң, сен оңолот элең го? Мустафа айтылган сөзгө теригип кетти да, өңү кумсарып апасын жаман көзү менен карап:- Апа, менин ишиме кийлигишпеңизчи!
Мен эми бала эмесмин го. Ислам дини бир эмес, төрт аял алганга уруксаат берген. Эң негизгиси, нике кыйылса болду. Зуура туттугуп, сүйлөй албай калды. Бир аз өзүн кармап:-Анда үстү-үстүнө аял алып, өзүңдүн кызыкчылыгыңды ойлоп, бала туудура бер! Бактысыз кылып балдарды. Бала туудурганды билген эркек. аны бага да билиш керек. Намаз окуп атам деп эле ак кол болуп иштебей олтура бербей. Койчу, сага айткан кайран сөз. Ушу сенин төрөгөн жылы кысыр эле калсам эмне. Өткөндө кайненеңдин үйүнө барып, эки балаңды көрүп алып зээним кейиди. Кудагый эмне деген гана сөздөрдү айтпады. Анын баарын эстегим да келбейт, - деп, сыртка чыга жөнөдү.
***
Назиранын көңүлү баштагыдан абдан чөгүп, кечиндеги окуяны эстеп араң эле кадам шилтеп басып келатты. "Эми жездемдин бетин кантип карайм?"-деп өзүн-өзү жемеледи. Анан эмне кылат? "Уят олүмдөн катуу" дегендей, жердин катуулугунан өзүн кармап,санаанын кучагында баратты. Жүзү албырып, уялганы жүзүнөн билинген Назира, оозгу үйдө отурган жездесин тике карай албай, ичкери кирип кетти. Айзада, Байышка:- Качан келдиң? - деп сурады. Байыш:- Өзүң кайда бардың? Келгениме бир сааттан ашты. Жумабек досум чакырып жатат. Бол тез, камдан. Айзада көңүлү суз:- Эмнеге чакырыптыр? Мен светтин акчасын төгүп келдим - деди. Күйөөсү шаштырып:- Барганда көрөсүң да. Аны коюп кийинип чыкчы. Бизди күтүп калышты. Бат эле келем дедим эле... Байышка. Айзада эч сөз сүйлөбөстөн үйгө кирип, кийинип чыкты да, суроолу кайрылды.-Эмне алыш керек? Акча алып алайынбы? - деп жооп күтүп туруп калды. Машинасын от алдырып жаткан Байыш:-Менде акча бар, бол ылдам - деп машинасын дарбазадан чыгарып Айзаданы күтүп, шаштырган болду. Назира жездеси менен эжеси кеткенде "өх" деп үшкүрнүп алды.
***
Назиранын көңүлү баштагыдан абдан чөгүп, кечиндеги окуяны эстеп араң эле кадам шилтеп басып келатты. "Эми жездемдин бетин кантип карайм?"-деп өзүн-өзү жемеледи. Анан эмне кылат? "Уят олүмдөн катуу" дегендей, жердин катуулугунан өзүн кармап,санаанын кучагында баратты. Жүзү албырып, уялганы жүзүнөн билинген Назира, оозгу үйдө отурган жездесин тике карай албай, ичкери кирип кетти. Айзада, Байышка:- Качан келдиң? - деп сурады. Байыш:- Өзүң кайда бардың? Келгениме бир сааттан ашты. Жумабек досум чакырып жатат. Бол тез, камдан. Айзада көңүлү суз:- Эмнеге чакырыптыр? Мен светтин акчасын төгүп келдим - деди. Күйөөсү шаштырып:- Барганда көрөсүң да. Аны коюп кийинип чыкчы. Бизди күтүп калышты. Бат эле келем дедим эле... Байышка. Айзада эч сөз сүйлөбөстөн үйгө кирип, кийинип чыкты да, суроолу кайрылды.-Эмне алыш керек? Акча алып алайынбы? - деп жооп күтүп туруп калды. Машинасын от алдырып жаткан Байыш:-Менде акча бар, бол ылдам - деп машинасын дарбазадан чыгарып Айзаданы күтүп, шаштырган болду. Назира жездеси менен эжеси кеткенде "өх" деп үшкүрнүп алды.
#28 21 June 2015 - 16:13
Турат эми эмне кылсам болот деп, жакын жердеги кафеге келди да, тамакка заказ берди. Ачка эле. Тамакты Назира менен чогуу ичем деп ойлогон эле да. Бүт дитин сүйүү ээлеп калган Тураттын оюу чар жайыт болуп, көп нерсени ойлогонго жетишкен Турат чылымынын түтү -нүн асманга үйлоп, терезени карады. Аңгыча курбусу телефон чалып калды.-Алло,
Турат эртерээк "Арзуу"
кафесине келип калчы, - деди. Турат түшүнө бербей:- Эмнеге? Эмне максат менен ал жакка чакырып жатасың? - Жөн эле. Келсең, анан билесиң. Эң негизгиси келип кал! - деди. Турат такып сурагандан жазганып:- Макул, жарым саатка жетпей барып калам. И баса, дагы кимдер бар киши көппү, же экөөбүз эле болобузбу? - Аны келгенде көрөсүң. Бол тез, келип кал, - деди. Турат алдына келген заказды кабыл алып:- Чоң кыз, экинчисин чийип салчы. Шашылыш бирөө чакырып калды - деп, экинчи тамактан отказ берди. Официантка кыз макул деген мааниде башын ийкеп нары басканда, Турат тамакка карады. Анча чоң эмес залдын ичинде киши аз. Ары жакта бутун кайчылаштырып отурган, түрк улутундагы кызга көзү түшкөн Турат аны бир жерден көргөндөй элестетип, бир азга аны карап туруп калды, бирок эстей алган жок. Шашыла тамагын ичип ордунан турганы жатканда, алиги кыз өзү келип:- Турат, сен мени тааныбай калдыңбы? Билесиңби Жамбулдагы Жылдызбектин тоюн? - деди.Ошондо гана Турат алиги кызды таанып, бирок атын эстей албай койду. Кара күчкө күлүп:- Тааныдым, такыр өзгөрүп кетипсиң го? Кандай анан? - деп, анын ал абалын сурамыш болду. Саида жан алы калбай:-Өзүң кандай? Сен такыр эле өзгөрүпсүң.
Сени көрүп эле тааныдым.Турат Саида менен сүйлөшүп жатып кеминде он беш мүнөт убактысын жоготту. Сөз кезеги келгенде:- Саида, давай башка күнү жолугушабыз?
Азыр мени достор күтүп калышты. Жана эле телефон чалган. Мен шашылышмын,
- деди. Саида мейли деген таизде:- Анда качан жолугушалы.
И баса, Жылдызбек канча балалуу болуп калды? Андан бери беш жылдай убакыт өттү го...- Ооба, беш жылдай убакыт өттү. Бирок канча балалуу болгону биле алганым жок. - Болуптур анда, мен жылайын. Давай эртең ушу маалда, ушул жерден жолугалы.Саида жагымдуу жылмайып: - Эртең мени ушул жерден күт. Эгер кечиксем күтпөй кете бер. Эгер мага жолугам десең Орто-Сай базарына бар. Окорочка саткан жагында болом. Турат, Саида менен жылуу коштошуп, тамактын акчасын төлөп сыртка чыкты да, машинасын от алдырым зуу койду. Бул убакта айлана күүгүм тартып калган эле. "Арзуу"
кафесинин жанына келген Турат, катар тизилген машиналардын арасына машинасын токтотуп, ичкери кирди. Чоң залдын бир тарабында отузга чукул адам өздөрүнчө бака-шака түшүп отурушкан экен. Дароо эле ошол тарапка багыт алды. Алдынан утурлай чыккан группалашы Жумабек:- Кел досум. Эмне кечиктиң? - деди. Турат ал жай сурашып анан:- Ушундай болуп калды, - деп столдо отурган адамдар менен учурашып жатып, Назирага окшош кызды көрүп, азга апкаарый түштү. Ал Назиранын эжеси Айзада эле. Орун алып отурган Турат:- Досум, бул эмне майрам? Мындай жерге чакырганда адресин айтып чакырат. Анан эч кандай, эч нерсе билбеген киши эмне алып келээрин да билбейт экен. Эмне максат менен чогулдук? - деди. Минтип кайрылганынын себеби бул жердегилердин теңинин көбүн тааныгандыктан,
өзүн эркин сезди. - Эмне, уккан эмес белең? Тиги Байыш экөөңөрдөн башкасы бүт билет. Бүгүн менин туулган күнүм- эмеспи. Алыкул Осмоновдун отуз жаш деген ырын билесиңби? Бүгүн отузга чыгып оолугуп турган кезим, - деди, тамашага чала. Турат отурган ордунан туруп:- Жана эле ачыгын айтып койбойт белең. Белек ала келмекмин да - деп нааразы болду . Жумабек күлүп:- Сенин келгениң эле мага белек. Билесиңби, дагы бир жаңылык түз жүргөн кишинин иши алдыга жылат дегендей, негизи мен мактанганды жаман көрөм. Бирок сөз кезеги келгенде айтып коёюн. Мурдагы күнү лоторея билеттен "жигули"
утуп алгам. Ошону дагы майлап берейин деп... Турат Жумабектин сөзүн оозунан жулуп алды: - Кут болсун- досум! Эмне сүйүнчүлөп койгон жоксуң?! Андай жакшылыктарды сүйүнчүлөп -айтат. Ал мактангандыкка жатпайт. Кап, мындайды билгенде башкача келбейт белем, - деп өкүнгөнүн жашыра алган жок:-Досум, ме, бул канча акча экенин билбейм туулган күнүңө жана машинаңа берген белегим, - деп чөнтөгүнөн тутумдап акча алып чыгып Жумабекке сунду. - Жок, жөн эле кой, - деди эл Турат болгон жок. Дасторкондо отургандар Туратка ыраазы болуп калышты. Өзгөчө Айзада ичинен: "Жигит болбосоң кое кал"- деп Туратка ичи жылып турду. Тыныгуу убагында сыртка чыгышкан коноктор менен сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк табышты. Байыш, Туратка жакын келип:- Дос, сени бир жерден көргөндөй болуп турам. Көзүмө жылуу учурап жатасың? - деди. Турат дагы Байышка көзүн кадап:
#29 21 June 2015 - 16:14
- Силер да көзүмө жылуу учурап, бир жерден көргөндөй болуп турам. Балким бир тойдо, болбосо дагы башка жерден жолуксак керек. Эмнегедир мага жакын адамдай эле сезилип турасың - деп, Турат Байышты билсе да, башка бир жерден көргөндөй сезди. Аңгыча Жумабек экөөнүн жанына басып келип:- Турат, бул менин жакын досум. Мектепте бирге окудук эле. Классташтардан экөөбүз тээ бала кезден бери эле бири-бирибизден кол үзүшпөй келебиз. Эң негизгиси маселени да Байыш менен кеңешем- деп Байыш жөнүндө үстүртөн маалымат берген соң Байышка:- Турат экөөбүз беш жыл чогуу окудук. Эсиңдеби, баягы мен экинчи курста окуп жүргөндө Максатка кыз ала качпадык беле, кеминдик Айжамалды. Ошондо чогуу болбодук беле- деп бир кезде болгон окуяны эстерине салды. Ошондо гана Байыш менен Турат бири-бирин таанып, өткөндү эстегенге өтүштү. Андан бери дээрлик жети жыл убакыт желдей сызып өтүп, көп нерсени унутканга түрткү берген эле. Анда Байыш үйлөнө элек болчу. Айжамалды көлдүн Тоң районуна алып качып баратышып, Балыкчы шаарынан МАИ кызматкерлери тоскондо, Турат менен Байыш кызуулукка алдырышып, ажатканага кеткен бойдон дайыны жок жоголуп кеткенде бир саат убакыт издешип, таппай коюшкан. Көрсө милиция кызматкерлери экөөнү "мас экенсиңер"
деп өздөрү менен бирге алып кеткенде Жумабек барып таап келген, анын баарын эске салышып, Байыш менен Турат бир топко сүйлөшүп туруп калышты. Эгер Жумабек эскертпегенде экөө бирин-бири тааныбай калышат беле, ким билет. Улам бир окуяны эстеп каткырып күлгөн эки курбу, качан гана үлпөт ээси чакырганда ичкери киришип, экөө катар олтурушту. Байыш жанында отурган Сейитти, Тураттын ордуна жиберип Туратты өзүнүн жанына отургузуп жатып, аялы Айзадага:- Айзада, билесиңби, бул жигитти? Биз сүйлөшүп жүргөндө таанышпадык беле, баягы кинотеатрдын жанынан. Такыр унутуп калыптырбыз.
Мен айтпадым беле, кыз ала качып Көлгө барып келдик деп, Максат менен Айжамал үйлөнгөндө.
Сен узатып калбадың беле, деп Айзаданы, Турат менен тааныштырганын эске салганга аракет кылды. Айзада дароо эле:- Ооба, эстедим. Ошондо сен ак футболка кийип, чачыңды химияга берип тармалдатып алгансың. Ошол кезде эркек балдар дагы чач тармалдатканды модага айлантышпады беле. А сен мага "сени менен таанышканым үчүн"- деп, мага шоколад алып бергенсиң,- деп Туратка көп нерсени айтып берди. Турат анын баарын эстей алган жок. Айзаданын ар бир кыймылынан,
сүйлөгөн сөзүнөн бери, Назиранын мимикаларын байкап турду. өзү арзып сүйүүсүн арнаган адамдын эжеси, бир кездеги таанышы болуп чыкканына Турат таң калып, тагдырдын тамашасына таң берип турду. Ооба, ал кезде Турат арык, ичке бала болчу. Ал эми азыр болуп көрбөгөндөй өзгөрүлгөн.
Чынында эле тааныбай кала турган абалга жеткен. Ортодо бир азга сөз үзүлүп, бери жакта бакылдап сүйлөп жаткан Жаныбектин сөзүнө көңүл бурушту. Жаныбек орто кызып калгандыктан эч кимге сөз бербей, Жумабек менен Жамалканды мактап, үлпөткө тиешеси жок сөздөрдү айтып, көпчүлүктү тажатып да жиберди. Акыры чакан үлпөт дагы соңуна чыгып, коштошчу убак келгенде Байыш, Туратка:-Досум,
алигиче үлөнө элек болсоң шаша турган деле жагың жок экен. Үйгө барып, даам сызып кетпейсиңби.
өткөндү эстеп сүйлөшуп, бир черден чыгалы,- деди. Турат жакшы эле көңүлдөнүп,
Назирадан жазганды. Анткен менен бул жерден Турат туура эле кылды. Шылтоо айтты "бара албайм"- деп. Убакыт да кеч болуп калган. Байыш Тураттын сөзүн угуп анда эртең, болбосо убактың болгондо сөзсүз кел деп, үйүнүн дарегин жазып берди да, машинасына олтуруп айдап жөнөдү. Турат эми даана эки ортодо калды. Анан эмне кылат? Эптеп жүрөгү жактырган аял затын тапса, ал үй-бүлөөлү болгону аз келгенсип, эски таанышынын балдызы болуп чыкканы, өз деңгээлинде тоскоолдугун тийгизбей койгон жок. Эгер Байыш, Турат менен Назиранын бири бирине болгон арзуу сезимдерин билсе, кандай ойдо калат. Мына тагдырдын тамашасы. Баарынан дагы Айзада качан бир кезде болгон окуясын ийне жибине чейин билгени, Тураттын көңүлүн чөгөрдү. Ооба, ошол Айзада менен таанышкандан эки күндөн соң филармониянын жанынан жолугуп "Сен мага жагып калдың, бирок Байыш экөөңөргө тоскоол болгондон алысмын" деп айтпады беле.Эми минтип алардын үйүнө барып, Назирага кантип жолугат. Кечки Бишкектин жолунда машинасы менен баратып, Турат капкайдагы ойлорду ойлоп баратып бара турган жерине кантип келгенин билбей калды. Бүгүн дагы жолу болбой калганга өкүнүп улутунуп алды да, машинасын токтотуп, Назирага эми кантип жолугуунун жолун издеди.
***
Мустафага апасынын айткан сөздөрү тырмактын алдына ийне менен сайгандай катуу тийди. Уу сөз уккандан көрө, таяк жеген кандай жеңил. Азыр апасы Зуура "Сени төрөгөн жылы кысыр эле калсам эмне" деп, энелик нааразы сөзүн айтканы, Мустафа үчүн өлүмгө тете эле болду. Бир аз убакыт илгери эле Элмиранын көз карашынан өзүн бактылуу сезип жаткан Мустафа, жүлүнгө жете айтылган сөздүн уусуна туруштук бере албай ичкери кирип, эски диванга боюн таштап, бул дүйнөгө жаралып калганына өкүндү. Көз алдына мотураңдаган эки баласы тартылып, алардын жол карап күн өткөрүп жүргөндөрү, бактысыз кылып баккан өзүнүн жосунсуз жоругуна эми өкүндү. Ойлоду эле "эч ким билбейт" -деп. Апасынын айткандары калыс алып караган кишиге абдан туура эле. Чын эле аял алып туудуруп, аларды таштап башкага үйлөнгөнү эми өзүнө дагы туура эмес сезилди. Бирок болгон дитин жана дээрин ээлеп алган аялсаак мүнөзү баары бир улам бир көзгө сулуу көрүнгөн аялга суктантып, үй-бүлөөсүн унутуп коюуга түрткү боло берээрин тана албайт болучу. Бир топко учу кыйыры жок ойго чөмүлүп жатып, Мустафа өзүн-өзү жек көрүп кетти. Анткени шарият сөзүндө айтылганын билет. "Энени сыйла, эненин көңүлүн сындырба. Эгер эненин көңүлүн сындырган адам эки дүйнөдө тең өз жазасын алат" деп айтылган сөздү бир эмес, бир нече ирет эшиткен эле. Андан дагы даабатка келгендерден эне, үй-бүлөө жөнүндө таасын айтылган сөздөрдү канча жолу укту, бирок ал уккан сөздөрүнүн бирин да аткара алган жок. Апасы менен Назира айткандай ак кол болуп ооз менен гана иш бүтүргөнгө көнгөн Мустафа, көзгө көрүнүктүү иш бүтүрбөгөнүн эми гана билип, башын тырмап өкүнгөн болду. Бир убакта сырттан атасы кирип:-Сага эмне болду? Эмне беймаал убакта уктап жатасың? Намаздарың каза болгон жокпу?- деп сурады. Мустафа көңүлү суз атасына жооп бергенге шашылбай ордунан туруп:-Ата, эртең үйүмө кетем. Апама билгизбей жолума акча бериңизчи. Шаарга барып болгон акчамды коротуп койдум эле- деди. Керимбай карыя Мустафаны жаман көзү менен карап:-Эмне болду анчалык? Мынча чыдадың, чыдай тур. Пенсия тийсе берем. Эртең пенсия тиет дегендей кылды, почточу. Дагы бирдеме айтайын деп оозун таптап барып, баласынын мусаапырдай түрүн көрүп, Керимбай карыя Мустафаны аяп кетти да, үндөбөй оозгу чыгып кетти. Мустафа эми даана сезди, бул үйгө дагы батпай калганын. Ичинен келме келтирип, үнүн жай чыгар, алып сыртка чыга жөнөдү
***
Мустафага апасынын айткан сөздөрү тырмактын алдына ийне менен сайгандай катуу тийди. Уу сөз уккандан көрө, таяк жеген кандай жеңил. Азыр апасы Зуура "Сени төрөгөн жылы кысыр эле калсам эмне" деп, энелик нааразы сөзүн айтканы, Мустафа үчүн өлүмгө тете эле болду. Бир аз убакыт илгери эле Элмиранын көз карашынан өзүн бактылуу сезип жаткан Мустафа, жүлүнгө жете айтылган сөздүн уусуна туруштук бере албай ичкери кирип, эски диванга боюн таштап, бул дүйнөгө жаралып калганына өкүндү. Көз алдына мотураңдаган эки баласы тартылып, алардын жол карап күн өткөрүп жүргөндөрү, бактысыз кылып баккан өзүнүн жосунсуз жоругуна эми өкүндү. Ойлоду эле "эч ким билбейт" -деп. Апасынын айткандары калыс алып караган кишиге абдан туура эле. Чын эле аял алып туудуруп, аларды таштап башкага үйлөнгөнү эми өзүнө дагы туура эмес сезилди. Бирок болгон дитин жана дээрин ээлеп алган аялсаак мүнөзү баары бир улам бир көзгө сулуу көрүнгөн аялга суктантып, үй-бүлөөсүн унутуп коюуга түрткү боло берээрин тана албайт болучу. Бир топко учу кыйыры жок ойго чөмүлүп жатып, Мустафа өзүн-өзү жек көрүп кетти. Анткени шарият сөзүндө айтылганын билет. "Энени сыйла, эненин көңүлүн сындырба. Эгер эненин көңүлүн сындырган адам эки дүйнөдө тең өз жазасын алат" деп айтылган сөздү бир эмес, бир нече ирет эшиткен эле. Андан дагы даабатка келгендерден эне, үй-бүлөө жөнүндө таасын айтылган сөздөрдү канча жолу укту, бирок ал уккан сөздөрүнүн бирин да аткара алган жок. Апасы менен Назира айткандай ак кол болуп ооз менен гана иш бүтүргөнгө көнгөн Мустафа, көзгө көрүнүктүү иш бүтүрбөгөнүн эми гана билип, башын тырмап өкүнгөн болду. Бир убакта сырттан атасы кирип:-Сага эмне болду? Эмне беймаал убакта уктап жатасың? Намаздарың каза болгон жокпу?- деп сурады. Мустафа көңүлү суз атасына жооп бергенге шашылбай ордунан туруп:-Ата, эртең үйүмө кетем. Апама билгизбей жолума акча бериңизчи. Шаарга барып болгон акчамды коротуп койдум эле- деди. Керимбай карыя Мустафаны жаман көзү менен карап:-Эмне болду анчалык? Мынча чыдадың, чыдай тур. Пенсия тийсе берем. Эртең пенсия тиет дегендей кылды, почточу. Дагы бирдеме айтайын деп оозун таптап барып, баласынын мусаапырдай түрүн көрүп, Керимбай карыя Мустафаны аяп кетти да, үндөбөй оозгу чыгып кетти. Мустафа эми даана сезди, бул үйгө дагы батпай калганын. Ичинен келме келтирип, үнүн жай чыгар, алып сыртка чыга жөнөдү
#30 21 June 2015 - 16:16
Назиранын көздөрү киртийип уктабаган адамдай, жумушта өзүн араң алып жүрдү . Уйкудан калган адам эмне болгон күндө дагы чарчап, суу жетпей калган өсүмдүктөй алсыз болуп калганы бул белгилүү иш эмеспи.Турат телефон чалып калабы деген ойдо, улам-улам кылчактап телефондун жанынан алыс кете албай, өзүнүн кыймылынан улам телефондон бирөөнүн чалып каларын күткөнүн Назира ал жердеги кесиптештерине билгизип койду. Цехтин ичиндеги кездеменин чаңы, машиналардын үнү кимди болбосун тажатаары бышык, андыктан ага көңүл бурбастан баш көтөрбөй иштеген кыздар, баарына көнүп калган үчүн көздөрүн машинадан албай, өз иштери менен алек. Назира өзүнүн иш ордуна келип, кечинде эжеси айткан сөздү эстеди. "Биз эски таанышыбыз Турат деген балага жолугуп калдык, бечара алигиче үйлөнө элек экен. Бир кезде мага сөз айткан бирок, анда мен Байыш менен сүйлөшүп жүргөн элем да. Такыр башкача болуп өзгөрүп кетиптир"
деп Турат жөнүндө бир топ сөздөрдү кобурап берген. Ошондо эле Назира өзүн арзып сүйүп калган Туратты эстеди. Сурап жибере жаздап араң токтоду. Эжеси Айзаданын айткан сөзүнөн улам эле билди анын ким экенин. Бирок тактап сурап көрөйүн ага жолуксам деп, чыдамы кете телефон күткөнүнүн жөнү ушул. Андан дагы түшүнө кирип, Туратты ушунчалык көргүсү келип, куштарлыгы артып, кулак түргөнү эле телефон болду. Телефон шыңгыраса эле, "мага чалды го" деген тейде көңүлүн буруп калган адат дагы табып алды. Эх жашоо! Жашоонун кызыгы сүйүү менен жана сүйүүнүн азабы менен экенин Назира эми гана түшүнүп, ага баа берип турду. Кээ бир кыздар эмнеге мынча жасанат деп, сын көз менен караганына эми өкүнүп, алар дагы сүйүүнүн түйшүгүн тартып, ошончо убактысын коротуп жасангандарына ушул жолу түшүндү. Эрте күйөөгө тийгендиктенби,
башка келин кыздардай боёнгонду да билбейт. Айжамал деген кыз качан болсо эле, кичинекей күзгүсүн колуна алып, бетин эле сыйпалап атканын көрүп, кээде ага нааразы да болуп кетчү. Анткени, көп убактысын күзгүгө каранып өткөзгөнүн Назира жумушка келгенде эле байкаган. Азыр дагы иштеп аткан ишин токтотуп коюп, бетине упа сүйкөө менен алектенип атканын көрүп, ичинен аны жемелеп алды. "ушунтип эле олтурат же бир эл кызыккандай өңү эле болсочу"-
деп. Назира тигип жаткан кийимдин жакасын жаңы баштаганда,
кулакка жагымдуу үн угулду, "Назира, сени телефонго чакырып жатат" деген. Эх, эртең менен ишке келгенден бери ушул үндү күтпөдү беле. Акыры күтүүнүн дагы чегине жетип, күткөн үндү укканда Назира ордунан кантип атып турганын өзү да билбей калды. Дароо дубалда илинип турган сааты карады. Сааттын жебеси эки жарымды көргөзүп турган эле. Саат сегизден бери күткөнү эми ишке ашканына жүзү албырып кадамын тез таштап, телефонго келди да: "Ало" деп үн салды. Бирок бул жолу өзү күткөн адам эмес, эжеси Айзада чалган эле. Назира эжесинин үнүн укканда кабагы бүркөлө шаабайы сууй түштү. Анан эмне кылат, бирок Айзада маанилүү сөз айтаарын Назира билген жок эле, үнүн жапыз чыгарып, көңүлү суз:-Ало, угуп жатам, - деди. Айзада шашып атканын билгизип:-Назира,
эгер мүмкүнчүлүгүң болсо суранып келчи! - деди. Назира таң калып:-Эмне болду анчалык, деги жайчылыкпы?
-Ооба, жайчылык эле. Телефондон айта турган сөз эмес. Тез үйгө келип кал - деди да, трубканы коюп койду. Назиранын жүрөгү бат-бат согуп "деги эмне болду, мынчалык шашылыш" деп иш ордуна басып келе жатып, начальнигине кайрылды.
#31 21 June 2015 - 16:17
Турат эртеси он бирге чейин уктады. Уйку жарым өлүк дегендей, эч нерсени сезбей уктаган Турат, ойгонгондо кеминде отуз мүнөттөй таттуу кыялга батып жатты. Кандай ойду ойлобосун, аягы барып эле Назирага такалып, Назира экөө түбөлүккө бирге жашоочудай сезиле берди. Кечинде болгон окуяны дагы эстеп, Бейиш менен жолугуп, аны менен ачык сүйлөшүүнү планга киргизди. Эки бөлмөлүү квартирасынын ичине бир сыйра көз жүгүртө карап, жумшак мебель алыш керектигин ойлоду. Бирок көз алдына Назиранын муңайыңкы көз карашы тартылып, аны көргүсү келип, ага карата кусалыгы арта ага кантип жолугуу керек деген ойго такалды. Айтканга оңой болгону менен сүйүүнүн азабы, сагынычы билинбей ичтен ичтен жеп, өзүнө арбап алаарын Турат чыныгы сүйүүгө кабылганын билип отурат. Жүрөгүнөн сезди, Назира дагы сагынычын, кусалыгын ичине катып жүргөнүн. Чалкасынан жатып шыпты карап жаткан Тураттын оюн сотка телефондун үнү бузду. Телефон шыңгыраганда эстеди, саат он экиде жолугушуу бар экенин. Ордунан атып туруп, чөнтөгүндөгү телефонду алып кулагына такады.Ало!
- Тааныш үндөн улам Турат ким чалганын билди. - Угуп жатам, өзүңүз кандайсыз? Мына, мен азыр барып калам, бир саатка жетпей. Темир жол вокзалынын алдына келем. Макул, - деп телефонду өчүрүп, ваннага кирди. Шашып жуунуп, үйдөн нан ооз тийип, сыртка чыга жөнөдү. Албетте, эртең менен көңүл эч тамакка тартпайт. Авто стоянкага келген Турат, машинасын от алдырып, кол саатын карады да, дагы жыйырма мүнөт убакыт бар экенин билип, темир жол бекетин көздөй жөнөдү. Дагы жакшы Кубан Аскаров телефон чалбаганда такыр унутуп калмак эле, жолугушууну.
Темир жол бекетине келген Турат машинасын катар турган машиналардын катарына токтотуп, жолугушуучу жерге беш мүнөт убакыт эрте келди. Эки жакты элеңдей карап, Кубан Аскаровдун келишин күтүп туруп калды. Капкара мерседес машинасы менен Кубан Аскаров сүйлөшүлгөн убактан үч мүнөткө кечигип келип, машинадан түшүп бери басты. Орто бойлуу, башы бир караган кишиге чоң көрүнгөн, курсагы чедирейип, боюна жарашыксыз көрүнгөн Кубан Аскаров Туратка жакын келип:-Көп, күтүп калдыңбы?- деди. Берилген саламды кабыл алып, Турат кол саатын карап:-Жок,мен деле азыр эле келгем.-Жакын жерде кафе барбы? Ошол жактан кенен отуруп сүйлөшөлүчү.
Кыскасы, иш чатак - деп, Кубан Аскаров жагымсыз окуядан кабар берген түр көргөзө сүйлөдү. Турат башын жогору көтөрүп, кабагын түйгөн тейде:-Ал жакка баралы- деп, оң колу менен күн чыгыш жакты көргөзүпалдыга кадам таштады. Жасалгасы анча жакшы эмес кафеге кирген экөө, тамакка заказ берип коюшуп, негизги сөзгө өтүштү. Кубан Аскаров:Турат,
сен бүгүн түнү Россияга жөнө. Биз заказ кылган товарлардын документтери туура эмес болуп калып, товар кармалып жатыптыр. Түнү менен поездге түшсөң, эки күндө ал жакта болосуң. Сени тосуп алышат. Жол киреге акчаңды камдап койдум. Ашып кетсе бир жумада Бишкекте болосуң. Азыр сен бул жерден дароо эле билет алып, кечкиге даярдан. Новокузнецкке поезд түнкү саат үчтө жөнөйт экен. Кубан негизги сөздү түшүндүрүп айтып, Туратты жарга такады. Турат айласы жок, көңүлү суз:-Макул, мен даяр элемин. Бирок, мени ал жактан тосуп алышабы? Чоочун шаардан адашып кетпесем болду.-Ал жагынан кам санаба, сен түшкөн поездди ал жакка кабарлап коём. Турат дароо Назираны ойлоду. Эми аны кантип бир апта көрбөй жүрөм. Сагынычтан,
кусалыктан абдан жүдөйм го деп, азыраак ойго алаксый түштү. Кафеден чыккан убакта саатын жебеси бирди көргөздү. Экөө ээрчише басып келишип, поездге билет алышкан соң, офиске жөнөштү. Бүт оюн бир гана Назира ээлеген Турат, иштер менен кармалып жатып саат үчтө гана бошоп, дароо Назирага телефон чалды. Бул убакта Назира жумушунан суранып. үйүнө кеткен.
#32 21 June 2015 - 16:18
Мустафа түн бир оокумга чейин уктабай нерв чарчаткан түбү жок ойлорду ойлоп жатып, түн ортосунан оогон убакта гана уйкуга жетеленди. Мустафанын түшүнө эки баласы менен Назира кирди. Кантсе да денеси сиңишип калганга Назираны ушунчалык көргүсү келип, аны капа кылып алганына өкүндү. Түшүндө Назира арыкта, эки баласы менен каяккадыр жол тартып баратыптыр.
Качан гана бак-шактуу жерге жеткенде гана алардын караандары көрүнбөй калды. Ошондо Мустафа алардан чындап кол үзгөнүн билип, түшүндө ыйлап жатканда жанына Элмира келип: "Эмне ыйлап атасың? Эркек дагы ыйлайбы?!"
деп шылдыңдаган түр көргөзүп, ал дагы каякадыр кетип калат. Аңгыча эле кандайдыр бир жагымсыз үндөр угулуп, өзүн кыйнаган түштөн Мустафа ойгонуп кетти. Бул убакта күн чыгып келаткан эле. Багымдат намазы каза болгонуна өкүнүп. Мустафа терезеден сыртты карап, турганга көңүлү тартпай кайра уйкуга баш койду. Ата-энеси Мустафаны жактырышпаганын билгизишип,
сүйлөбөй дагы коюшту. Анан эмне кылышат? Жашы элүүгө таяган уулу жалкоолуктун айынан "кетээрге акчам жок"- деп пенсияны аңдып олтурганы кантип жакшы болсун. Таң эрте Зуура эне уйду саап, абышкасы уйларга чөп салып, мал жайлоо менен алек болду. Ал эми Мустафа бул убакта таттуу уйкунун кучагында мемиреп уктап аткан. Сырттан кирген Зуура баласын көрүп:-Эмки молдолорго да түшүнүп болбойт. Илгери молдолор таң эрте туруп, намаз окушчу эле. Намаз окумак турсун уктап жатканы эмнеси? Ушундай да болот экен ээ - деп, сүйлөнүп сыртка чыгып кетти. Апасынын кирип чыкканын Мустафа сезген да жок.
***
Назира: - Эмне шашылыш иш болуп кетти?- деп цехтин начальниги Бакбүбү Абакировага карады. -Эже, үйдөн шашылыш телефон чалды "Суранып кел" деп. мүмкүнбү барып келгенге? - деди. Бакбүбү көз айнегин чечип:-Эмне болуптур анчалык?- деди. Назира уяңдык мүнөзү менен жер карап:-Билбейм эже. Жаңы эле эжем тез суранып кел дегенинен улам, сизга кайрылдым. Бакбүбү Назираны ишке алгандан бери биринчи жолу суранып жатканын эске алып:-Назира, иш көп. Бүгүн биринчи жана акыркы жолу болсун суранганың. Бар барагой. Бүтпөгөн ишиңди бүтүрүп анан жөнө - деди. Назира башын ийкей:-Ырахмат эже - деп сыртка чыкты да, өзүнүн иш ордуна келип олтуруп, тигип жаткан кийиминин аягына чыкканча, аңдыганы эле телефон болду. Бирок күткөн телефондон чакырык болбоду. Акыры цехтин астанасын аттап сыртка чыгып баратып, дагы телефонду үмүттүү караганга үлгүрд. Күткөн адамы телефон чалган жок. Элеңдей басып шашыла үйгө кирген Назира оозгу үйдө туруп калды. Айзада ички үйдөн чыгып келип:-Ырас келбедиңби! Сени эле күтүп жаттык эле. Жездең экөөбүз айылга жөнөгөнү калдык. Сен үйдө туруп тур. Эшиктин ачкычын алып кал деп, чакырткам. Жездеңдин айылдагы иниси үйлөнүптүр. Ошол жакка барганы жатабыз. "Тез келгиле"- деп кайненем телефон чалды. Мен андан ары айылга тие келем. Балдарыңа бир нерсе берип жибере тургандай алың барбы?- деп суроолуу карады. Назира сүйүнүп:-Ооба, мен анда базарга барып келе калайын.-Бол тез. Берчүңдү камда. Жездең келгенче тез барып келе кал. И анан... күйөң Мустафа келсе, үйгө киргизбе.Назира шашыла басып кыска көчө менен, чоң жолго бет алды. Мурунку аптада айлык алган. Акчасын коротпой катып койгон эле. Маршрутка менен базарга келген Назира, жол жээгинде Тураттын машинасы токтоп турганын көргөндө, энеси эркек төрөгөндөй сүйүнүп кетти. Аңгыча жолдун аркы өйүсүнөн бери келаткан Турат, машинасынын жанында турган Назираны көрүп, артынан акырын келип эки колу менен көзүн жаап, коңур үн менен:-Күзгүбү же таракпы?-деп, тамашалаган болду. Назира, Турат экенин тааный коюп, ичке үн менен "Күзгү" деди да, дароо артын карады.Жашоо эмнеси менен кызык кайгы-капа, кубаныч, сүйүнүч, күтүү, эңсөө, жаман көрүү-жакшы көрүү, издөө-табуу менен экенин ким тана алат. Бул экөө деги эле бири-бирин жүздөрүн көргөнгө зар болуп, жолугушуyну эңсешпедиби беле, эми минтип күтүлбөгөн жерден жолугушуп калганы, чыныгы кубанычты тартуулап, бири-бирине көз караш менен билдиришти, чектен сырт сагынышканын. Алгач Турат:-Назира, сен кайдан? - деди эле. Назира күлүп:-өзүңчү? Мен сени телефон чаларыңды күтүп жатып, телефонду карай берип, көзүм тешилди. Сенин үнүңдү уксам эле баары калыбына келчүдөй болуп. Эмне мынча мени зарыктырып, күтүү азабына салдың. Ушул жашка келгениме сүйүү эмне экенин билген эмесмин - деди эле Турат:-Тиги кишини да менчелик күткөн эмес белең? - деди эле Назира:-Аны эстетпечи, андан көрө кечинде үйгө кел, жездем менен эжем айылга кеткени жатышат. Балдарга бирдеме алып берип жиберейин деп келген элем. Мен абдан шашылышмын- деди эле, Турат чөнтөгүнөн акча алып чыгып сунду:-Ме, бул акчаны керегиңе жарат. Мен кечинде келем. Абдан шашып жаттым эле. Түнкү үчкө билет алдым, Россияга барганы калдым. Назира өңүн бузуп:-Эмнеге, мен эмне кылам? - деди эле Турат:-Аны кийин сүйлөшөбүз. Шеф күтүп калды го деп, Турат,шашылыш экенин билгизип:- Анан жолугушабыз- деп, Кубан Аскаровдун офисин көздөй шашып жөнөдү. -Назира эки уулуна бут кийим, апасына жакшы сырт кийим менен таттуу-тарапа алып такси менен келип калды. Назиранын келишин эле күтүп тургансып, Байыш сыртка чыгып келип, таксиден түшкөн балдызынын жүгүн көтөрүшүп, ичкери кирип машинага салды да, Айзаданы шаштырды:-Бол эми тез кыймылда, эрте жарыкта жол арбытып алалы- деп. Назира дале болсо, жездесин тик карай албай уялып, жүзүн ала качып жалтактады. Байыш балдызын сын көз менен карап, уялчаагы бул, анан кантип алиги бала менен кучакташып өбүштү. өз көзүм менен көрбөсөм ишенбейт элем- деп, ансыз деле уялганынан жүзү кызарып турган балдызын сынай карады. Назира ан сайын жер карап, уялганынан денесин майда калтырак басып, жердин катуулугу эле кармап тургансып, үйгө киргенче шашты. Аңгыча Айзада сөз козгоду:-Я Назира, жөн эле базарды көчүрүп келгенсиң го. Эмне айлык алдыңбы? - деди эле, жер караган калыбында: -Ооба, бергенге жараша берейин, бекер машина менен барып калсын дедим - деп, жай жана маанилүү сүйлөдү. Байыш таң калды. "Жооштон жоон чыгат"- деген ушулбу. Келгенине аз убакыт болду тапканы бул, өбүшкөнү тиги. Деги мен түш көрүп жаткан жокмунбу -деп, ойго алаксып, машинасына түштү.
***
Назира: - Эмне шашылыш иш болуп кетти?- деп цехтин начальниги Бакбүбү Абакировага карады. -Эже, үйдөн шашылыш телефон чалды "Суранып кел" деп. мүмкүнбү барып келгенге? - деди. Бакбүбү көз айнегин чечип:-Эмне болуптур анчалык?- деди. Назира уяңдык мүнөзү менен жер карап:-Билбейм эже. Жаңы эле эжем тез суранып кел дегенинен улам, сизга кайрылдым. Бакбүбү Назираны ишке алгандан бери биринчи жолу суранып жатканын эске алып:-Назира, иш көп. Бүгүн биринчи жана акыркы жолу болсун суранганың. Бар барагой. Бүтпөгөн ишиңди бүтүрүп анан жөнө - деди. Назира башын ийкей:-Ырахмат эже - деп сыртка чыкты да, өзүнүн иш ордуна келип олтуруп, тигип жаткан кийиминин аягына чыкканча, аңдыганы эле телефон болду. Бирок күткөн телефондон чакырык болбоду. Акыры цехтин астанасын аттап сыртка чыгып баратып, дагы телефонду үмүттүү караганга үлгүрд. Күткөн адамы телефон чалган жок. Элеңдей басып шашыла үйгө кирген Назира оозгу үйдө туруп калды. Айзада ички үйдөн чыгып келип:-Ырас келбедиңби! Сени эле күтүп жаттык эле. Жездең экөөбүз айылга жөнөгөнү калдык. Сен үйдө туруп тур. Эшиктин ачкычын алып кал деп, чакырткам. Жездеңдин айылдагы иниси үйлөнүптүр. Ошол жакка барганы жатабыз. "Тез келгиле"- деп кайненем телефон чалды. Мен андан ары айылга тие келем. Балдарыңа бир нерсе берип жибере тургандай алың барбы?- деп суроолуу карады. Назира сүйүнүп:-Ооба, мен анда базарга барып келе калайын.-Бол тез. Берчүңдү камда. Жездең келгенче тез барып келе кал. И анан... күйөң Мустафа келсе, үйгө киргизбе.Назира шашыла басып кыска көчө менен, чоң жолго бет алды. Мурунку аптада айлык алган. Акчасын коротпой катып койгон эле. Маршрутка менен базарга келген Назира, жол жээгинде Тураттын машинасы токтоп турганын көргөндө, энеси эркек төрөгөндөй сүйүнүп кетти. Аңгыча жолдун аркы өйүсүнөн бери келаткан Турат, машинасынын жанында турган Назираны көрүп, артынан акырын келип эки колу менен көзүн жаап, коңур үн менен:-Күзгүбү же таракпы?-деп, тамашалаган болду. Назира, Турат экенин тааный коюп, ичке үн менен "Күзгү" деди да, дароо артын карады.Жашоо эмнеси менен кызык кайгы-капа, кубаныч, сүйүнүч, күтүү, эңсөө, жаман көрүү-жакшы көрүү, издөө-табуу менен экенин ким тана алат. Бул экөө деги эле бири-бирин жүздөрүн көргөнгө зар болуп, жолугушуyну эңсешпедиби беле, эми минтип күтүлбөгөн жерден жолугушуп калганы, чыныгы кубанычты тартуулап, бири-бирине көз караш менен билдиришти, чектен сырт сагынышканын. Алгач Турат:-Назира, сен кайдан? - деди эле. Назира күлүп:-өзүңчү? Мен сени телефон чаларыңды күтүп жатып, телефонду карай берип, көзүм тешилди. Сенин үнүңдү уксам эле баары калыбына келчүдөй болуп. Эмне мынча мени зарыктырып, күтүү азабына салдың. Ушул жашка келгениме сүйүү эмне экенин билген эмесмин - деди эле Турат:-Тиги кишини да менчелик күткөн эмес белең? - деди эле Назира:-Аны эстетпечи, андан көрө кечинде үйгө кел, жездем менен эжем айылга кеткени жатышат. Балдарга бирдеме алып берип жиберейин деп келген элем. Мен абдан шашылышмын- деди эле, Турат чөнтөгүнөн акча алып чыгып сунду:-Ме, бул акчаны керегиңе жарат. Мен кечинде келем. Абдан шашып жаттым эле. Түнкү үчкө билет алдым, Россияга барганы калдым. Назира өңүн бузуп:-Эмнеге, мен эмне кылам? - деди эле Турат:-Аны кийин сүйлөшөбүз. Шеф күтүп калды го деп, Турат,шашылыш экенин билгизип:- Анан жолугушабыз- деп, Кубан Аскаровдун офисин көздөй шашып жөнөдү. -Назира эки уулуна бут кийим, апасына жакшы сырт кийим менен таттуу-тарапа алып такси менен келип калды. Назиранын келишин эле күтүп тургансып, Байыш сыртка чыгып келип, таксиден түшкөн балдызынын жүгүн көтөрүшүп, ичкери кирип машинага салды да, Айзаданы шаштырды:-Бол эми тез кыймылда, эрте жарыкта жол арбытып алалы- деп. Назира дале болсо, жездесин тик карай албай уялып, жүзүн ала качып жалтактады. Байыш балдызын сын көз менен карап, уялчаагы бул, анан кантип алиги бала менен кучакташып өбүштү. өз көзүм менен көрбөсөм ишенбейт элем- деп, ансыз деле уялганынан жүзү кызарып турган балдызын сынай карады. Назира ан сайын жер карап, уялганынан денесин майда калтырак басып, жердин катуулугу эле кармап тургансып, үйгө киргенче шашты. Аңгыча Айзада сөз козгоду:-Я Назира, жөн эле базарды көчүрүп келгенсиң го. Эмне айлык алдыңбы? - деди эле, жер караган калыбында: -Ооба, бергенге жараша берейин, бекер машина менен барып калсын дедим - деп, жай жана маанилүү сүйлөдү. Байыш таң калды. "Жооштон жоон чыгат"- деген ушулбу. Келгенине аз убакыт болду тапканы бул, өбүшкөнү тиги. Деги мен түш көрүп жаткан жокмунбу -деп, ойго алаксып, машинасына түштү.
#33 21 June 2015 - 16:19
"Жамгыр жааса-жерге жакшы, аялдын кылыктанганы эрге жакшы" - дегендей Мустафа, Элмиранын акыркы жолку кылыктана караган көз карашынан өзүнө кубат алып, келечекти үмүт менен карап, жаш аялдын, жаңы никенин убайын көрүүнү ичинен миң мертебе тиледи. "Атты сатып алаарда тишин кара, аялды алаарда анын ичин кара" дегендей, молдону Элмиранын кулк-мүнөзү ички дүйнөсү кызыктырган жок. Анын болгону сырт көрүнүшү жана сулуулугу көңүлүнүн төрүнөн орун алып, кошунадан акча карыз суратып, өзүнүн үйүнө жөнөдү. Ойлогон ою тайыз, бир гана аял затынын этегине көз арткан Мустафанын үйүнө шашкан жөнү бар болчу. Эгер бүгүн кетпей калганда, ойлогон оюу орундалмак.
Элмира кара дубанын күчү менен Мустафаны гана эңсеп калган.- Апа, бүгүн молдого барабызбы? Эмнегедир эле ал молдодон мага дем түшчүдөй, оорудан өзүмдү сакайчудай сезип жатам,- деди эле, апасы:- Жок, ал бүгүн айтпады беле, өз үйүмө келгиле, үйүм райондун борборунда деген Сайра эне Элмираны чочуган түр менен карады:- Жок, апа! Ал кечээ эми бир жолу дем салып суу берем анан күн алыс келсеңер болот- дегендей болгон. Мага эки жолу суу берди. Эми үчүнчүсүн ичкенден кийин жеңилденип калам - деди эле, Сайра эне башын ийкеп:- Таңкы тамакты татып анан деле барабыз. Ага эмне мынча шаштың, тургандыр үйүндө. Азыр анын иштей турган деле иши жок. Баягыдай колхоз иш таап берген учур болсо, анда сөз башка эле... Элмираны шаштырып, акылын ээлеп алган Мустафанын кайтартма кара дубасынын күчү болуп жатканын Сайра менен Элмира кайдан билсин. Ал дубаны Мустафа өзбек досунан жазып алган "Бирде болбосо бирде кереги тиет" деп. Айткандай эле учуру келип, минтип өзүнөн алты жашка кичүү келиндин башын имерүү үчүн колдонгонго жараганы турат. "Ашыкча дөөлөт баш жарбайт" дегендей молдоке жөн эле учурунда ушундай иш болоорун алдын ала билгендей жасаганына не дейбиз. Бул да болсо өзүмчүлдүктүн бир белгиси болчу. Элмира деп ооруп калган молдонун оюна эки баласы келген жок. Алар эмне жеп, эмне ичип жатат ал жөнүндө ойлогонго Мустафанын духу дагы жетпеди. Болгон эс дарты Элмирага үйлөнүп, Назирага көрүнү негизги максаты болду.Элмиранын табити тамакка тарткан жок, көңүлү бир гана молдону көрүнүү эңсеп, дубанын күчү таасирин берип жаткан. Башы айланган кишидей, көзү шишигенсип,
өңү керсары тартып, кырк күн суу ичкен адамдай өң алакеттен кетип, төшөккө кайра кулады. Эмнегедир Мустафа келип дем салса эле калыбына келчүдөй сезилип, бир саат үнсүсүз жатты. Ан сайын эне байкуш, чарк тегирмен болуп айланып берээрге эч нерсе таппай, чебеленип турду. Тээ бир оокумда гана Элмира тилге келип:-Апа, молдону үйгө чакырып келесизби, анын дубасын аягына чейин ичсем дурус болобу деген үмүт бар. Болбосо, көзүмө бир нерселер эле көрүнүп жатат- деди. Сайра эне дароо макул болуп, молдонун үйүнө буту-бутуна тийбей, шашып келди. Келгени курусун,бул убакта Мустафа өз үйүнө кетип калган болчу. Зуура таң калып, бир чети шекшинип:-Я Сайра, кызыңа балам кайтартма окуп койгон жокпу. Анын аялы кетип калып, санаа чегип жатты эле. Эгер макул көрсөң Мустафага дем салдырбай койгонуң оңбу деп, турам. Бул молдолоруң булганган киши болобу деп дагы ойлоп калдым. "Шарият жол берет" деп эле аял ала берген, кантип болсун. Кечээ силерди узатып жатканда байкагам, Мустафанын оюн. Сайра бир нерседен шек алып:-Зуура,
сен туура айтасың. Эмнегедир кызым таң эрте уйкудан ойгонуп эле, молдону алгач оозуна алды. Балким кайтартма дубанын күчү таасирин бере баштадыбы. Эми эмне кылсам болот?! "Аңгектен качсаң дөңгөккө"
дегендей, алкаштын азабынан жаңы гана кутулсак, кайра молдонун азабына кабылганы турабы, кызым. Мен тиги "Калыстын жаназасын окуйм" деп талашкан эки молдонун жоругунан кийин, динчил молдолорду жаман көрүп калдым. Чынын айтсам Мустафага кызымды бербей калайын! Эрден жыргаса кызым ушинтип үйгө келет беле?- деп бир топ сөздүн башын козгоп, ичтеги бугун чыгарып алды эле Зуура:-Тээ илгертен бери молдолордун болгон ой максаты, коштоп аял алуу. Жок дегенде эле колдорунан бир иш келсечи. Мустафа молдо болгону абышкам экөөбүздүн кыжырыбыз эле келип жатат. Бир жагы жакшы экен, арак ичпей калганы. Кечээ Айымжандын турмушка чыккан кызы келиптир. Ал аталаш эки кайнисинин жоругун айтса кыжырың келип,уккуң келбейт го.Куданын иниси эки уулун медреседен окутат "Молдо болуп бул дүйнөдөн такыба жашап өтсүн" деген ойдо. Эки уулуна короткон акчасын айтпай эле койгонум оң. Өзбекстанга барып келген эле жол киреси канча. Азыр куданын эки уул кумган кармап, даарат алгандан башка эч нерсе иш кылбайт экен. Болгону шарият жолун жакшы билишет. Бөлөк эч нерсе кылбай эле, окуган намаздарын милдет кылышып, куурай башын сындырбай аппак кийинип алышып, ээрчишип жүрөт -дейт. Бул эмне деген жорук. Ал эми тиги Абдыгазы менен Күнболоттун баласын алалычы. Жапжаш болуп турушуп сакал коюп алгандарычы.
Ошолорго окшогондор динди дагы булгап бүтүштү. Илгери молдо деген таза, сүрдүү болчу эле. Азыркы молдолоруң курусун- деп, Зуура чын ниетинен кейип, диндин булганганына өкүндү эле, Сайра:-Я, Зуура, анан балаңа бирдеме деп айттыңбы, эне катары. -Айтпаганда эмне. Абышка экөөбүз эки жактан жанын койгон жокпус. Акыры өзү дагы бул үйдө өлүк жан экенин билип, кеткенче шашты. Колуңдан келсе кызыңды эми ага алып барба! Менин сага айтаарым. Какыс-кукус кылып айтсаң, тилиңди алып калар. Элүүгө чыккан кишиге ким эмне сөз айтып жеткизе алат. Кайсы бир акылман адам айткан экен "Эр жигит отуз жашында орок оро албаса, кыркында кылыч чаба албайт" деп. Анысыңары кырк эмес, элүүгө чыккан тиги биздин молдо баланын болгон дити аял алуу болуп калганын кеч байкап калдым. Неси болсо дагы экөөбүз сый бойдон калсак болду. Сайра кайтартма жаман, кызыңдын болгон дити ойлогон ою бузулат. Деги кызыңа сак болчу. Мен тиги Мустафаны мынчалыкка барат деп ойлогон эмесмин. Алиги жаш алган аялынын дагы башын имерип алса керек. Болбосо өзүнөн улуу адамга тиймек эмес. Сайра сөз тереңдеп баратканда:
#34 21 June 2015 - 16:20
-Зуура, мен шашылбасам болбойт го. Кызым таң эртеден "молдого качан барабыз"-
деп шашып жаткан, бирдеменин ичинен чыкпаса болду. Өзү дагы учурда алы жок болуп турду эле. Сен айткандай, Мустафа кара дуба ичирип койсо, жол карап, мени күтүп жаткандыр. Андан дагы кызымдын тийген күйөөсү аң сезимине доо кетиргенби,
ай ушул замандын түрү жаман. Жаныгы кээ бир гезиттерге жылаңач кыздардын сүрөтүн бербей эле койсо эмне. Ушул эми жакшылыктын белгисиби? Ургаачы адамдын болгон байлыгы жашыра турган жери абийири менен тулку бою эмеспи, "Кунажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт" дегендей, аялзаты денесин жапса кадыры бийик болбойбу. Я, айланайын Зуура, биздин учурда эркек аттуунун алдынан кыя өтчү белек?! Болгон дитибизди "Уят" деген сөз ээлеп турчу эле го. Ал эми азыр эркектердин алдына түшүп алышып, жамбашын чайкап баскан кыз- келиндерди көргөндө, итатайым тутулуп, эмне кылышты билбей калам. Кой мен көп сүйлөп баратам, - деп шашкалактады эле Зуура:-Мынча болду, даам ооз тий жок дегенде. Чай ичсең деле болмок. Күтчү кызың азыраак күтө турар- деп оозу бош сөз улады. Сайра каршылыгын көрсөтүп:-Жок,
даам ооз тийсем болот. Жанагы бир ырчы бар го "Болсом да баланын атасы, дагы эле апама баламын" - деген, кызым эрге тийип чыгып келсе дагы эле мага секелек кыздай сезилет- деп, нан ооз тийип, шашыла сыртка чыкты. Бул учурда Элмиранын сабыры түгөнүп,үйгө олтура албай калганынан сыртка чыгып, аскерге кеткен баласын күткөн энедей, жол карап жүргөн. Сайра эне алыстан эле кызын көрүп, андан бир сырды байкады. Бирок ал эмне сыр ачык биле албай, кадамын тез таштап жол арбытуунун амалын жасады. Аралык жакындаганда кызы Элмира көзүнө оорукчан адамдай көрүнүп кетти. Ал эми Элмира апасынын шашып келатканына көңүл бурбастан "Болбойбу эми кыбырабай"
деп күбүрөнүп, утурлап басты:-Апа, эмне сизди ал жакка байлап койдубу? Молдоке кана? -деп күч менен сурады. Ооруп төшөктөн турбай жаткан кызы минтип жол карап жүргөнү Сайра эненин санаасын күчөттү:-Я, айланайын кызым! Сага эмне болду анчалык?! Сен молдосу жок эле доктурга барчы. Ал сага кайтартма кара дуба окуп ичирип койсо керек. Болбосо эмне мынча аны сурап калдың? Бас, андан көрө үйгө кирип дары ичип жат. Молдо өзүнүн үйүнө кетиптир. Эми ага барбайбыз. Апасы дагы айтты, ал сени оорудан сакайтпай эле кайра башыңды айлантып алгысы келип жатат өңдөнөт. Элмирага апасынын айткан сөздөрү кулагына кирген жок. Бир гана "Молдо өз үйүнө кетиптир"
деген сөздү уккан соң дароо "Ал жакка барыш керек" деп айла амал издей баштады. Апасынын сөзү жөн гана желге айтылгандай,
эч таасир бербеди. Ал турсун апасынын араң эле оозу кыймылдап жаткандай элес берип, башын кармап жерге олтура калды. Болбосо жыгылып кетет беле... Сайра эне калдастап, кызын кармап калды да, келме келтирип жиберди. Бул да болсо адам баласынын эң акыркы мүмкүнчүлүгү эмеспи. Качан адам баласы кыйынчылык же оору башка келгенде келме айтып, улууАлланы эстеген бул тээ атам замандан бери жашап келаткан өнөкөт иш. Айласын таппай калдастап калган Сайра эне, эмне кылышты билбей калды. Аз убакыт өтпөй Элмира өзүнө келип:-Апа, коркпой эле койсоңуз. Башым тегеренип кетти. Давлением түшүп кетсе керек. Жүрүңүз үйгө деп, ордунан турганда Сайра күч менен үшкүрүнүп жиберди да, кызын колунан кармап:-Эмнеге көчөгө чыктың? Үйгө эле жатып турсаң болмок. Элмира кабагы салыңкы:-Мен дагы сизди тартып санаакормун.
Кечиккениңизден санаам тынбай баскам, жол карап. Үйдө төрт дубалды карап жалгыз жаткан дагы жаман экен. Андан дагы сыртка чыгып, таза аба жуткум келди- деп, молдого карата болгон ой-максатын жашырып, эбин келтирип сөз менен жыйкап койду. Сайранын көңүлү жайланып:-Мен эмне сени таштап кайда кетмек элем. Зуура баласы жөнүндө кобурап калды. Азыркы молдолор курусун. Динди дагы булгап бүтүштү.Ушакчы катындардай эки сүйлөп, пайда көрүүнүн амалына түштү, өздөрүн көргөзүү үчүн баштарына селде ороп алышкандарын кантесиң.Илгери молдолор тебетей, чепкен кийишип, зыңгырап көзгө сүрдүү көрүнүшчү эле. Азыркылар табактай кылып сакал коюп, узун көйнөк кийип алышканы, такыр эле көзгө өөн учурайт экен. Деги булар ээрчиме, өз акылдары менен иш кыла албаган немелер болобу- деп, ойлоп калдым, сүйлөгөн сөздөрү менен жасаган иштери такыр төп келбейт. Сараң, аялсаак, кызганчаак калк болушат белем. Жанагы биз барып жүргөн Мустафа деген молдо чүрөктөй болгон жаш аялын, эки баласы менен кетирип жиберип, эми ылайыктуу аял таппай жаткан имиш. Ошол кантип болсун. Баланы туудуруп койгондон өткөн оңой эч нерсе жок, - деп сөз улап келатты эле Үркүнбай карыя алдынан чыгып калып сөз үзүлүп калды. Бул карыя дагы карылыкка моюн сунуп, таяк таянып басып калган. Сайра учурашты:-Жаксыңар-
деп, Үркүнбай карыя көзүн үлдүрөтүп: -Сен Сайрасыңбы?
- деди да, саламды алик алып:-Кайдан,
таң атпай?- деген болду. Сайра жооп бергенге шашылбай, жакын келип:Өзүңүз кайда баратасыз? Мен тиги көчөгө эле баргам. Жүрүңүз кирип чай ичиңиз- деди эле Үркүнбай:-Жок,
ырахмат. Элде эмне кеп-сөз бар угуп келейин деп, почтону көздөй баскам. Пенсияны качан берет болду экен?- деди эле Сайра үнүн бийик чыгарып.-Дүйшөмбүдө берем деди, почточу. өзүңүз да барып сурап көрүңүз. Үркүнбай карыя карылык сөөлөтүн кармап:-Макул Сайра, мен барайын, үйдө олтуруп зеригип да кеттим. Карыганда үйдөн чыккың дагы келбей калат экен. Бирок, эл журттан кабар албасаң да болбойт- деп, сапарын улады. Сайра аны узата карап:-Кайран киши, учурунда кандай адам эле- деп, кобуранып бир саамга өткөн бир окуяны эстеди. Ал кез алтымышынчы жылдардын башы эле. Үркүнбайдын болуп-толуп турган кези болучу. Ар бир нерсенин өз учуру болот эмеспи. Анысыңары Үркүнбай дагы ошол кезде күпүлдөп айылдын активи эле. Актив башы менен улакка түшүп, үч жолу улакты ордого салганда, райком таң калып өз колу менен алчалай сыйлыгын берген. Андан дагы согушка катышып келгени жөнүндө чай кайнам убакыт айтып, Үркүнбайдын кадырын өстүргөн. Жакшы сөз адамдын өмүрүнө- өмүр, шыгына-шык кошору турулуу иш экенин танып болбойт. Ошондо Үркөнбай эл оозуна катуу алынган. Эми минтип үч буттап басып, карылык сөөлөт күтүп, жакшы карыды.Сайранын оюн Элмира бузду:Апа, эми эмне кылабыз. Сиз, ар нерсени бир тараптуу алып ойлогонуңуз болбойт. Экөөбүз молдого акыркы жолу баралы да, болгон ишти болгондой айталы. Эгер, ал мени толук айыктыра албаса,ачык айтсын. Анда доктурдун дарысын ичейин. Бир чети химия жолу менен жасалган дары ден-соолуктун бир жерине жакса бир жерине жакпайт. Аны өзүңүз деле айтып жүрбөйсүзбү.
"Эки тоонун чөбүн эңсеген кийик ачка өлүптүр" дегендей, бир молдону, бир доктурду эңсеп орто жолдо калбайлы. Аны коюп Мустафа молдого барып ачык айталы, айыктыра аласыңбы же сенин ойлогон оюң башкабы"-
деп. Бир чети анын салган деми эмнегедир тасирлүүдөй сезилди-деген оюн айтты эле, Сайра:-Кызым,
молдо-солдого ишенбей эле койгонубуз оң го. Дегеним,тиги Мустафа сенин башыңды айлантып аялдыкка алып алса анда кандай күн болот. Билесиңби, молдолор аял жандуу келишет. Андан дагы алар абдан кызганчаак болушат. Деги эле молдого тийген аял затынын бакытка тунганын көргөнүм жок. Эгер, сага Мустафа молдо кайтартма дуба ичирип, сени өзүнө имерип аял кылып алса, анда сенин келечегиң тар болот. Билесиңби, Мустафа кызганганынан мөлтүрөгөн жаш аялы менен ажырашып тынганын. Негизи эле диндин фанаты болгон адамдардын,
адамдык деңгээли тайыз болот. Бирок, бир жакшы жагы ичимдиктен алыс болгону- деп, өз оюн айтып Элмираны суроолуу карады эле Элмира өңүн бузуп, көзүн сүзүп:-Апа, баарын кылган өзүңүз. Мен башында айттым эле го "молдонун колунан эмне келет" деп. Сиз болбой алып бардыңыз. Эми, анын аягына чыгалы- деп жүйөөлү сөз айтты эле, Сайра баштагы оюнан кайтып:-Кызым,
ооба, менде күнөө - деп андан ары сөз таба албай калдастай түштү. Бир жагынан Зууранын айтканы эп болсо, кызы Элмира дагы жүйөөлү сөз айтты. Чынында эле кызынын "Молдого барбайм, анын "сүп-сүп"
деген сөзүнөн эмне пайда" дегенде, өзү болбой койгон. Эми кайра баш тартканы адамдык сапаттыкка жатпайт. Бирок, Элмирага кайтартма дуба ушул сөздү айттырып жатканын этибарга алган жок. Сөз-сөзгө уланып, эне менен кыз эртеси күнү жалган шашкеде жолго чыгышты.
#35 21 June 2015 - 16:23
Назира машина чыгып кеткенче, деми кысылып, аба жетпей жаткан адамдай кыйналып, дем алганы оордоп кетти. Бул да болсо "Уят"- деген улуу нерсенин таасири болучу. Жездесинин көз карашынан эле баарын билип, жүрөгү менен сезди. "Ошондо, эмнеге Турат менен өбүштүм, эмне анын кучагына боюмду таштадым"
- деп өзүн-өзү жеди. Качан гана машина жылып кеткенде от ала албай жаткан машина от алып кеткенсип, Назира дагы кенен-кенен дем алым, маңдайындагы майда терди жүз аарчы менен аарчып, оор жүктөн кутулгандай жеңилдей түшту. Эгер, жездеси алиги кылган ишин көрбөгөндө,
анда мынчалык кыйналбай өзүн эркин сезет эле го. Бул да болсо булганычтын берген белгиси эле. Негизи бул жарык дүйнөдө жаңылбаган адам, деги барбы? -деген суроого жооп берүү албетте чоң эмгекти талап кылат. Назира кабагы салыңкы ичкери кирди да, Тураттын келээрин эстеп, азыркы тарткан убайымын унутуп, кабагы булуттан чыккан күнгө окшоп ачылып, көңүлү көтөрүлө туштү. Эх, сүйүү "Сүйүүнүн бир сааты бүтүндөй бир турмуш" деп айтылгандай,
сүйүү эмнени гана кылбайт дагы, эмнени гана ойлонтпойт.
Көрсө билинбегени менен сүйүүнүн азабынан өткөн азап, бакытынан өткөн бакыт бул дүйнөдө жок белем. Керек болсо Назира сүйүүнүн тазиринен тийген күйөөсүнөн ажырашканы,
жалганбы. Эгер бул сүйүү башына келбегенде,
молдонун эзүүсүндө эзилип, айтканын айткандай кылып жүрө берет беле... Шаарга келгени көзү ачылып, андан дагы эркек менен аялдын ортосундагы мамилени жуурулуштуруп кармап турган сүйүүнүн касиети экенин Туратка жолукканда билди. Мустафа менен жашаганы аны менен керек болсо берилип өбүшкөн дагы эмес. Эгер кичине эле аялдык кумарга алдырып койсо, Мустафа эмне деген сөздү айтып, көңүл оорута турганы турган иш болучу. Ал турсун ага эркелеп дагы көрбөгөнүн эстеп , аны менен кантип күн кечирип жүргөнүнө таң берип, өз ишин улантып жатканда дарбазанын коңгуроосун кагылып калды. Назира чарк көпөлөк болуп, учуп күйүп дарбазага жетип, ичке жана жагымдуу назик үнү менен:-Бул ким?- деди. Тоо булагандай шыңгыр назик үндөн Тураттын кулагынын кычуусу канып, аз убакыттын ичинде "эмне деген баа жеткис үн" деп ойлогонго үлгүрүп, коңур кулакка тааныш үнү менен:-Назира,
мен эле- деп, колунан келишинче жай унчукту. Назира ушул эле жоопту уга албай тургансып, эшикти элпектик менен ачып жиберди. Турат ичкери киргенде, эшикти кайра бекиткен Назира ага боюн таштады. Сагынычтын жеткен чегине, кусалыктын кумарына туруштук берүү эмне деген баатырлык. Канчалык адам баласы өзүн сабырлуу туткусу келген менен, сүйүүдөгү сагынычтын алдында алсыздык кылган бул турган иш, керек болсо жоого көз ирмебей кирген баатыр дагы сүйүүнүн алдында алсыздыгын билгизип келгени тарыхта кайталанып калган нерсе. Эки жаш кучакташып турганда экөөнүн дүк-дүк соккон жүрөктөрүнүн үнү бир-бирне билинип турду. Бул да болсо таза сүйүүнүн бир гана үзүмү эле. Экөө ээрчише басып үйгө киргенде, Назира газга чай койду. Көзү тумандап өзүн кармана албай калган Турат, Назираны имере тартып алкымынан жыттаганда,
Назира эркин башкара албай Тураттын эркине баш ийип көзү тунарып, кумарлуу онтоп жиберди. Ан сайын Турат берилүү менен Назираны сыга кучактап жерден так көтөрүп ичкери кирди да, жерде салынып турган жер төшөктүн үстүнө аяр жаткызып, Назиранын оймоктой болгон кызыл эрининен сыпаа өөп, сүйүүнүн даамына азгырылып баратты. Ал эми Назиранын бүткөн бою балкып эрип, Тураттын ар бир кыймылы жагымдуу сезилип, тула боюн туйлатты. Бутунун тырмагынын түбүнөн, төбөсүнө чейин бир башкача жан киргенсип көзү жумулуп, көңүлү кирпик кагып убакытта коргошун болуп ээрип, бүт денеси магдырай түштү. Ушул жашка келгени мындай абалга кабылып көрбөгөн Назиранын көзү сүзүлүп, көңүлү өсүп, такыр бир башка дүйнөгө түшүп калгансып акырын кыңкыстады.
Андан дагы "түш көрүп жаткан жокмунбу"
- деп дагы ойлогонго үлгүрдү. Ан сайын Турат өзүнүн чабуулун не бир түркүн жол менен баштап, жаш келиндин айла амалын алты кетирди. Табият тартуу кылган бул кубулушу аң сезимди ээлеп, Тураттын ашыкча кыймылына, жаш келиндин каршылык көрсөткөнгө дарманы жетпей турду. Ушул мүнөттөр Назира үчун сейрек кездешүүчү кымбат учур болуп, убакыттын токтоп турушун ичнене миң кайталап тиледи. Назира бул дүйнөнү унутуп жаны денесинен чыгып кеткенсип, ырахатты, болгон бакыттын туу чокусун Тураттан ар бир кыймылынан көрүп турду. Чыгар чыкпас жанымды чыгарып ийип, кайра ордуна салса экен- деп самады. Назира көзүн сүзүп, болор-болбос кыңкыстап, кулакка жагымдуу үнү менен оптоп жиберди. Ан сайын Турат дагы өз эркин башкара албай баштагыдан да он эсе, керек болсо жуз эсе берилип, Назиранын чоло жерин калтырбай өпкүлөй да берди, жалынып сүйлөй да берди. Бул берилүүнү экөө тең мынчалык жогору деңгээлде болот деп ойлошкон эмес. Өзгөчө мындай учурда аял затынын активтүүлүгү эркек үчүн баа жеткис көрүнүш экенин ким танат. Негизи эле болгон жан-жаныбарлардын эркектери үчүн ургаачынын күүгө толук келгени, жагымдуулукту тартуулашы жашоонун жазылбаган мыйзамы эмеспи. Ушул жагымдуу мүнөттөрдө дагы мээге сиңип калган Мустафа молдонун ашыча кызганчаагы тоскоол болду. Бир учурда Назиранын көз алдына сакалын сербейткен күйөөсү Мустафанын элеси тартылып, боюн жыйрып алды да, Туратты оолак түртүп:-Болду,
Турат. Ашыкчага мындан ары дитим жол бербейт- деп, уйпаланган чачын оңдогон болду. Турат дароо байкады, Назиранын молдо күйөөсүнүн келечексиз сөзүнө сугарылганына.
Кандай адам болбосун үйлөнгөндөн кийин эки жаштын бири-бирине жада калса мүнөздөрү дагы окшошуп калаарына, турмуш өзү күбө. Назира, сөз арасында Мустафанын дин аралашкан сөздөрүн кошуп жиберип жатканы да. Тураттын көңүлүндө болду. Маданиятту,
сабаттуу, илим-билмге сугарылган адам менен маектешүү аң сезимдин өсүшүнө себеп болот эмеспи. Ал эми дин адамдарынын сөз сүйлөө багыты, бир гана дин менен чектелип, акыл айтууга багытталганы турган иш. Азыр молдолордун саны арбып, окшош сөздөр көп айтылгандыктан элдин көбү акыл айтуу, ыйманга чакырган сөздөрдөн тажап бараткандыктан,
Назиранын динге басым жасап сүйлөгөн сөзү, Туратка анча жага берген жок. Болгон дитин болуп өткөн таттуу өбүшүү ээлеп алган үчүн Назиранын кээ бир сөздөрүн, Турат укпай дагы калды. "Кыздын көңүлү кылыгында, баланыкы ыгында" дегендей, Тураттын ойлогон оюу кайда экенин ички туюу сезими менен сезген Назира жагымдуу жылмайып:-Турат,
мен сени туура түшунөм. Ишенесиңби,
керек болсо мен дагы чоң олжодон куру калган адамдай абалда калдым. Бирок молдокенин мага берген тарбиясы, өзүмдүн адамдык сапатым сен ойлогон ишке жол бербеди, - деп оюндагысын окуп билгендей айтканда Турат күлүп:-Назира,
мен Россияга барып келгенге чейин сени сагынып, сагынычтан жапа чегип, чыдабай кетем го. Сен эмне мынча ажарлуусуң.
Керек болсо сени кечке карап олтургандан тажабайм. Сендей сулуу жанды кандай эне төрөдү болду экен. Мустафадай сулуунун баркын билбеген күйөөлөр гана, сендей сулуунун кадырына жетпей кор кылганы мени түйшөлтөт. Сен эч качан кор болчу жан эмессиң. Ал турсун абдан ширинсиң. Назирага мындан өткөн бакыт жок эле. Жагымдуу сөздүн күчү, жакшы айтылган кептин илеби адам баласы үчүн келечекке карата чоң үмүттү пайда кылат эмеспи. Назира өзүнүн сулуу келбетине акыркы учурда баа бербей, эптеп эле күнүмдүк жашоосунун арабасын жетелеп, жашоонун арбайын согуп калганын кантип танат. Туратка жолукканга чейин "эки балама кийим алып бериш керек эле, аларга эми эмне тамак жасап берем " деген турмуш түйшүгү түйшөлтсө, эми минтип жүрөккө тынчтык бербеген сүйүү азабын тартуу милдетин мойнуна алып отурат. Турат көзүнө жөн эле ханзададай көрүнүп, анын болгон сапатын, орундуу сүйлөгөн сөзүн, жарашыктуу кийген кийими, күлгөндөгү күлкүсүнөн бери эч өөн таппай жактырып турду. Негизи эле адам баласына сүйүү келгенде жашоо кызыктуу сезилип калаары чындык. Назира, убакыттын токтоп турушун ичинен миң мертебе тилеп, Туратты жанынан чыгаргысы келбей, жоодураган көздөрү менен карады эле. Турат бул көз карашка туруштук бере албай ордунан туруп келип, Назираны кучактап өзүнө тартып, денесине кысты. Эриндер бири-бирине чапталып, ысык өбүшүү бир топко созулду. Ушул жашка келгени Назира мындай ысык өбүшүүнү башынан өткөргөн эмес. Өтүп жаткан мүнөттөр экөөнү бири- бирине мурункудан дагы он эсе бекем кылым, жипсиз байлады. Турат убакыт келип, коштошуп чыгып кеткенде, ээн талаада жалгыз калган адамдай Назира баалуу буюмун жоготуп жибергенсип,
тунжурап эле отуруп калды. Айтмакчы баардык жакшы нерсенин өмүрү кыска болот эмеспи. Анысыңары жолугушуунун,
жакшы учурдун, жаш кездин, сулуу кыздын дагы эркиндиктеги өмүрү кыска болот. Анткени сулууга суктанбаган ким болгон. Ар качандан бир качан сулуу кыздар турмушка эрте чыгып, эркиндиктен тез ажыраганына турмуш өзү күбө. Ал эми түйшүк менен кыйынчылыктын канчалык тез өтүп кетишин тилек кылган менен ал учур көп убакытка созулаары маалым. Ошол себептен "мээнет жалпак, дөөлөт тоголок" деп айтылат эмеспи. Бул жолугушуу эки жаш үчүн тоголок дөөлөт кандай келсе, ошондой тез тоголонуп кетти. Эртең менен уйкудан ойгонгон Назиранын эң алгачкы ойлогон ою Турат болду "Кайсы жерде баратат болду экен"-деп ойлоп, кечиндеги болгон окуяны эстеп, мыйыгынан күлүп койду. Чынында эле ал жолугушуу Назиранын өмүрүнө-өмүр,
үмүтүнө-үмүт кошуп, жашоодогу жакшы унутулгус учурлардын бири болуп эсинде сакталып калды.
#36 21 June 2015 - 16:24
Шакылдаган поездин үнүнө барган сайын кулак көнүп, алыс жолдо терезени тиктеп, Турат ойлуу баратты. Алдыда дагы эки күн жол жүрүшү керек, барчу жерине баруу үчүн. Өзү айткандай, болгон дитин, ой максатын бир гана Назира ээлеп алгандыктан таттуу кыялга батып, жүрөгүнүн тең жарымы шаарда калып калгандай мелтиреп бир жерди теше тиктеп баратканда,
күтүүсүз жерден поезд токтоп калды. Жетчү жерине жетип, кайра кайтууну эңсеп бараткан Турат үчүн поездин токтогону, кабагына кар жаадырды. Аңгыча жанына бетин сакал баскан, сүннөткө шылтап узун көйнөк, балбактаган шым кийген,кийген кийиминен эле диндин фанаты экени билинген, бою узун арыкчырай, чап жаак жашы отуздарга чыгып калган бала салам айтып калды. Турат берилген саламды алик алып, суроолуу карады эле алиги бала:-Кайсы шаарга барасыз?- деп, сурап калды. Турат убакыт өткөрүү үчүн бара турган жерин айтып, өзүнө суроо узатты:-өзүң кайда барасың? - деп. Ушул эле суроонун берилишин күтуп тургансып, тиги бала:-Иншалла,
төрт айга даабатка баратабыз. Жааматыбызда беш бала бар. Буйруса улуу Алланын жолундабыз-
деп, акыркы сөзүн басым менен үнүн көтөрүңкү чыгарды. Тураттын кызыгуусу күчөп:-Эмне,
орустарга дагы даабат айтасыңарбы?
Алдагы кейпиңерди көргөндө орустар, кубалап жибербейби?
!- деп эки суроону катары менен берди эле, алиги бала:-Эч ким эч нерсе дей албайт. Эгер, бир мусулман баласы, бир каапырды ислам динине киргизсе, чоң сооп болот. Эң негизгиси ар бир ишти жасаардан мурда ыклас коюш керек. Ошондо алдыга койгон максат аткарылат - деп. молдоке акылдуу адамдын кейпин кийип, сөздүн бүрүн тандап сүйлөп, Туратка диндин жолун айтып баштаганда,
көз алдына Назиранын күйөөсү Мустафа тартылды. Мустафа дагы жакшы сөздөрдү айтып берген, бирок ал айткан сөздөрү менен жасаган иштери төп келгенде, анда мааниси терең айтылган сөздөргө баа берет беле. Ошол себептен "Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба" деген сөз жөн жерден чыкпаганын эсине түйүп, тили-тилине тийбей сүйлөп жаткан баланын сөзүн бөлүп:-Дос, ысмың ким? Алгач таанышып алалы - деди эле, тиги бала колун сунуп:-Менин ысмым Хамза. Ал эми атам койгон атым Тельман- деди. Турат таң калып:-Эмнеге Хамза болуп алдың? - деди эл Хамза:-Тельман деген каапырдын ысмы. Ата-энем жаңылышып туура эмес ат коюп коюшуптур. Анан жакында мечиттеги жаамат мага Хамза деген ысмымды ыйгарышты. Негизи балага ат койгондо мусулманча ат коюш керек экен. Жетимиш жыл орустардын тарбиясын алган көпчүлүк эл учурунда балдарына такыр туура эмес ат коюшкан. Мисалы Ильич, Сезьд деген сыяктуу. Сөз-сөзгө уланып, Хамза улам тереңдеп сөздүн нугун дин исламга бурганда Турат дагы сөздү бөлүп:-Сен төрт ай чет элде жүргөндө, үй-бүлөөңдү ким багат? Алардын кем карычын толуктап чыктың беле? өткөндө кырк күндүк даабатка чыккандардын жол кирелик акчасы калбай калып, ар кайсы ишканалардын эшигин чертип жүрүшкөн эле. Силердин каражатыңар жетиштүүбү?
Же силер дагы Россияга барып алып, жердештердин эшигин сагалайсыңарбы?
- деп, Хамзага ачык суроону берди. Бул берилген суроо учурунда берилгендиктен Хамзанын оозун жап кылды. Чынында эле ал Туратты сөзгө тартып, эбин келтирип, тыйын-тыпыр сураганы турган. Мындай суроону күтпөгөн үчүн көзүн тартып алып, жалтактаган Хамза: -Бизде баары эле жетиштүү. Негизги максатыбыз элге диндин максаттарын жеткизүү, - деп, сөзүн чолок бүтүргөндө Турат, Хамзаны эмес, анын үй-бүлөсүн аяды. Атаганат, үй-бүлөө толугу менен үйдө болгонго эмне жетсин. Бул эми балага тарбия бермек турсун, үй-бүлөө багуудан өзүн оолак тутуунун бир жагдайы экенин жашырганда эмне. Турат, Хамзадан үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгынан өзүнүн кызыкчылыгын артык көргөн Мустафанын кулк-мүнөзүн байкап, көз карашы менен билгизди, жактырбаганын.
Негизи эле саясатчылар менен молдолор тилдин күчү менен гана ырыскы таап жүргөнүн танганга такыр болбойт. Жеңил оокатка көнгөн молдолор, саясатчылар керек болсо ачуу жана таттуу сөздүн күчү менен жашоонун шартын башка нукка бурганы жалганбы. Хамза, оюндагы максаты ишке ашпасына көзү жетип, Тураттын жанынан кеткенче шашты. Ооба, Тураттын өзүнө жакпаган бир сапаты бетке чаап, ачык сүйлөгөнү. Жумшак мамиле жасаганды билбейт. Хамза жанынан узап кеткенде "Ушундан кимге жакшылык болот, атасы койгон ысымды баалай албагандан кийин" деп, өзүнчө кобуранып алды да, уктап эс алыш үчүн башын жаздыкка койду. Ошондо дагы Назира эсинен чыккан жок. Болгон дитин ээлеп алган Назира түшүнө дагы кирди. Уйку адамды такыр башка дүйнөгө алып барып салаары бештен белгилүү. Уйкудан өткөн таттуу эмне бар. Таттуу болгон үчүн жалкоолорду азгырып уктаткан дагы уйкунун күчү. Эрки бекем адам гана азгырыктарга туруштук бере алат. Бирок кээде убакыт өтпөй турган учурда, уйку чоң жардамга келгени да узун кеп."Эмнени эксең ошону аласың"- дегендей эмнени көп ойлосоң, ал түшкө кирет да. Турат дагы Назираны ойлоп жатып уктаган үчүн түшүндө Назираны көрдү. Анткен менен ойгонгондо өзүн абдан сейрек сезип калган экен. Поезд шакылдаган үнү менен Казакстандын талаасында баратыптыр.
Турат дагы адатынча терезени карап, кайра ойго чөмүлүп кетти. Көз алдында дагы да болсо Назира тартылып, анын жүрөгүн жибитип алганына ичинен купуя сүйүнүп алды да, "ал мага сүйүктүү жар болуп беришине эч күмөн жок" деп, ага карата оюн оңдоп, адатынча таттуу кыялга батып кеткенде, катарындагы орунда жаткан бала:-Брат эмне ойлонуп эле калгансыз? Мен сиздин оюңузду билем. Уктап жатып Назира деп кобурандыңыз.
Сүйгөн кызыңыз болсо керек. Менин түшүнүгүмдө бирөөну сүйүп калган кандай жакшы. Жакшы адамдар гана сүйүүгө кабылып, жакшы ойдун жетегинде болот. Сүйүүнүн жакшы сапаты адамды бир гана таттуу кыялга батырганы,жакшы ойлорго жетелегени,
жашоонун көркүн ачкан дагы сүйүү. Бирок, жаман адамдардын кулк-мүнөзү,
түнт мүнөзу сүйүү эмне экенин билгизбейт.
Алар ичтеринен гана эзилип жүрүп өтүп кете беришет. Биздин айылда Карачы деген уста бар. Ал аялын сүйбөй эле, теңтуш балдары ала качып берген. Ошол адамга түткөн, аялына ыраазымын. Билесизби, усталар кырс анан чорт мүнөз болушат эмеспи. Тиги Карачы уста дагы бир мүнөз адам. Жер тиктеп эле ойлуу басып жүргөнүн көрөм. Ал аял затынын тарттулаган бакыттын баркын деле билбесе керек. -Кыскасы ичи тар, кара мүртөз, түнт адамдар сүйүүнүн азабын туйушпайт. Ал турсун алар суйүү эмне экененин билишпейт. Эптеп үйлөнүп, жашап жүргөндөрү өздөрү үчүн бакыт. Негизи эле адам баласы бири-бирине мээрим төккөнү, пикир алышканы, жардам беришкени жакшы сапат экенин толук айтууга болот. Мен, сизди тиги сакалчан менен сүйлөшкөн сөзүңүздөн кийин байкап калдым, калыс адам экениңизди-
деп, сөз улап келатканда поезд дагы токтоп, ортодо сөз үзүлүп калды. Турат терезени карап:-Кайсы жерге келдик? - деди эле алиги бала:-Билбейм,
казактын талаасынын бир жерине келдик го. Баамымда биздин тоолорго эч бир жер жетпейт экен. Ушул, баш аягы жок кумдуу талааны деле мекен кылып жүрүшпөйбү.
Ал эми бизде таза суу,карагай шактуу тоо койну, жапжашыл болгон жайлоо, аскасы бийик зоолор, чокусу бийик тоолор, чалкып жаткан көлдөр деги эле кыргыз жери жаратылыштын баардык түрүнө бай. Быртыркы жылы бир казак досумду Ысык-Көлгө алып барсам, таң калганынан "кетпейм"
деп чыкпадыбы. Бирок, биздин элибиз материалдык жактан аксап калып, байлык кубалап жерибиздин баркын билбей, көздөрүнө бир гана акча менен алтын көрүнүп калганы мени ойго салат. "Эл башы болгончо суу башы бол"-деген кеп бар. Анысысыңары таза суу ичкен үчүн, тээ илгертен бери биздин элдин салты күчтүү жана таланттар көп чыгат- деп, мааниси терең сөз айтканда, Турат сөз уккусу келип, жаздыгынан башын көтөрүп, "дагы эмне дейсиң" - деген мааниде сөз тыңшап калды. "Сөздү уккан жерге айт", дегендей Самат өзү жаш болсо дагы өзүнүн көргөн билгендерин уккулуктуу кылып айта баштады.Турат,
алиги молдо менен бул жаш баланын айткан сөздөрүн таразалап көрүп: "Молдонун тилеги жаман" деген сөздү эстеп, дагы ойго алдырып жиберди. Сөз үзүлүп, поезд ордунан жылганда Тураттын оюна дагы Назира түштү. Анын кылыктанганы,
мойнуна колун артып эркелегени,
"сени сүйөм" деп айта албай кысынганы, жодураган карагаттай көздөрү, булактын шоокум үнүндөй жагымдуу күлгөнү, назик үнү деги койчу болгон кылык жоругу Тураттын уктаса түшүнөн, ойгонсо оюнан кетпей, жанын жай алдырбады. Саматтын "сүйүү дагы жакшы адамга келет" деген сөзү Туратты ойлонтуп койду. Чын эле жакшы адам гана бирөөнө жакшылык, жакшы ой, жакшы тилек арнай алат. Бирөөнү берилип сүйүп калган эмес,бирөөнөн жакшы сөзүн аяган дагы ичи тар адамдар бар экенин жашырганга болбойт. Турат, Россияга барып келгенге чейин ичинен эзилип, Назира көзүнөн учту.Ал эми Назиранын тарткан азабы, көргөн күнү Тураттын тарткан азабынан жүз эсе ашык болду. "Сүйүүнүн баркын, анын даамын тарткан адам билет" дегендей, Турат менен эзилишип өбүшүп, чечилип сүйлөшүп, жүрөгүн багынтып жиберген Назира бир апта убакыт ичинде өңүнөн да аза түштү. Бир кезде уккан эле "сүйүүнүн азабынан өткөн азап жок" деп. Көрсө, бул сөздү сүйүүнүн азабын башынан өткөргөн гана адам айткан экен деп, жол карап олтурган Назира, ойлоп койду.
#37 21 June 2015 - 16:26
Мустафаны эки баласынын кандай абалды жашап жатканы кызыктырган да жок. Ал турсун балдарын ойлогонго чамасы да жетпеди. Болгон дити "катын кантип алам" деген гана ой мээсине кыттай уюп, күнү-түнү ойлогону аял заты жана беш мүнөттүк кумар болду. Айылга барып келгени багып өстүргөн ата-энесинен дагы көңүлү кайт болуп, кимден кеңеш сурашты да билбей калды. Убакыт чоң шашкеге жакындап калган кезде, Абдылда досунун үйүнө басып барды. Барса анын эки аялы эки жагынан көзүн карап, жашоосу ойдогудан жогору экенине өз көзү менен көрүп, ичи күйдү. Ошол учурда, эки эмес бир аялга жетпей калганына ичинен түтөп турду. Бирок, сыр берген жок. Келет деген Элмира дагы келбеди. Келсе, эртең мененки автобус менен келмек. Бир чыны чайды эптеп ичип, Абдылданы сөзгө тартты:- Досум, эми эмне кылсам болот? Назира шаарда жөн жүргөн жок. Эмгиче бирөөнү таап алса керек. Мага башка аял алгандан бөлөк жол жок болуп калды көрүнөт. Деги эле эмнедир азыркы аялдар, шарият жолуна баш ийбеген мени абдан түйшөлтчү болду. Намаз окуп, дин жолундагы эле аял албасам, мени түшүнбөйт, азыркы дин безер аялдар - деп, жер караган тейде сөз улады эле, Абдылда молдо жан тарткан адамдын кейпин кийип:-Досум,
сага жаман болду. Тиги Сатыбалдынын кызы менен байланышып көрдүңбү?- деген болду, Мустафа:-Ал кыз коюнга эле жатып бергенге жарабаса, мени башкарып алчудай. Тартиби тайыз экен. Жанына жуутпады. Кыскасы ал кыздан көңүлүм алгачкы жолукканда эле калып калды. Андан көрө шаарга барып, борбордогу мечиттеги медиреседен же ислам институту ошол жактан окуган такыба аял затын алсамбы деген-ой пайда болду? - деди эле Абдылда жанданып:-Туура айтасың. Ал жактан менин бир таанышым бар. Ошонун дарегин берем, ага барып жолук. Ал сага энесинен башка жан өбө элек кыз таап берет. Бирок, сен анын кадырына жетип, иштеп акча табышың абзел. Ай, ушу Назира жетишпеген жашоодон эле кеттиби деп ойлоп калдым. Болбосо, эки бала төрөп бергенче үстү жаңырган кийим кийген жок - деп, ашыкча сөз сүйлөп жиберди эле, Мустафа жаралуу жерине тийген сөздү укканда башын ийкеп:-Ал жагы да болду. Бир жагынан сага окшоп токол аял алам деген оюмду айтып жиберип, оозумдан таппадымбы.
Андан дагы менин бир жаман сапатым, кызганчаактыгым болду. Эгер кызганбаганымда Назира кетмек эмес. Абдылда жепилдеп:-Кызганган сүннөт. Анын эмнеси бар экен. Баардык эле эркектер кызганат- деп, тил-тилине тийбей тилин сайратып жиберди. Бул жолу сөз андан ары жарытылып уланган жок. Мустафа, Абдылдадан анча деле маанилүү кеңеш ала албай үйүнө келди да, аскерге кеткен баласын күткөн энедей жол карады, балким Элмира келип калабы деген илгери үмүттө. үмүт деген кандай жакшы нерсе, үмүт үзүлмөйүн адам баласынын жашоосу уланып, турмуш арабасы жүрө берет -тура. Мустафа көңүлү суз, Элмиранын ар бир кыймылын, жоодураган кара көздөрүн, кылчак-кылчак карагандагы элесин эстеп, үлбүрөп күйгөн шам чырактын жарыгындай болгон максат-тилегин бир гана Элмирага арнады. Атаганат, жок дегенде ушул учурда эки баласынын дайынын билип кабар алып койгондо "атам келип калса экен" деген эки наристенин тилеги кабыл болот эле го. Ага Мустафанын дити барган жок. Эт бышым убакыт жол карап отурган молдонун оюн, үч көчө бери жакта жашаган Кедейбекнтин улуу баласы бузду:-Салам алейкум!- деп. Мустафа айтылган саламды алик алып, жагымдуу жылмайып:-Кел,
баатыр, келчү эмес элең?- деди, албетте ким чакырып келгенин билип туруп. Сагынбай коңур үнү менен:-Сизди,
Айшакан эженин улуу баласы үйлөнгөн, ошого нике кыйып берсин деп чакырып кел деп жиберди эле. Мустафа жанданып:-И,
ал Айшакандын баласы аялды кайдан алыптыр?- деди, сөз улаш үчүн. Сагынбай көзүн сүзүп:-Таң, билбейм менин угушума караганда Таластан. Майрам Акаеванын айылынанбы,
айтор "уруусу Кушчу экен"- деген сөздү кулагым чалды. Эмне болсо дагы эки жаш, жакшы жашап кетсе болгону- деп сөзүн кыска бүтүргөндө.
Мустафа, Сагынбайга:
-Мен азыр, берки чепкенимди кийип алайынчы- деп, үйгө кирип кайра тез эле чыкты да, алдыга басты. Бир чети эринеп олтурганда иш табылып калганына сүйүндү. Молдолордун иши негизи эле нике кыйган эмеспи. Келин алган үйдүн башына баш кошулуп, үйгө береке кирип, таттуу тилектер айтылган кандай жакшы жөрөлгө. Мустафа, тасмал четинде олтуруп, алгач өзүн көргөзүү үчүн жөн эле акылдуусунуп сөздүн бүрүн тандап сүйлөп, шариятты узакка кеп кылды. Негизги тамак эт тартылып болгон соң, эки жашка нике кыйды. Бул жерден молдонун айткан сөзү менен кылган иши төп келсе андан сөз башка айтылат эле. Ошол жерден дагы купуя өзүнө ылайыктуу аял затын көзү менен издеп, бүт дити аял алууда болду. Бирок, эч кимге сыр берген жок. Эки жашка акыл айтса жөн эле тилинен чаң чыкканда, нике тоюна келгендер "туура, жакшы кепти козгодуң"
- деп сөз тыңшашты. Анткени менен Мустафа өзү айткан сөздөрдүн он эле пайызын аткарып койгондо, үй-бүлөсү менен бирге болуп, жашоосу бузулбайт болуучу. Ал жерден акылдуу адамдын кейпин кийип, нике кыйган акысына эки жүз сом акча менен бирге баштык толо татту тарапа жана устукан алып жолуна түштү. Азык-түлүк түгөнгөндө Мустафа үчүн бул чоң олжо болучу. Үйүнө кеч келип, куптан намазын окуп чечинбестен төшөккө кулады. Бирок, дароо эле уктап кете алган жок. Өзгөчө көз алдына Элмира тартылып, он жети жаштагы улан биринчи сүйүүгө кабылгандай,
Мустафа дагы Элмираны сүйүп калгансып, ал жөнүндө көпкө ойлонду. Эмне болду, дубанын күчү ага тийген жокпу, кап, эми бир жолу дуба ичиргенимде Элмира өзү эле келип "сага тием" демек. Шашма жаным шашып кетпедимби-
деп, өзүн-өзү жемелеп да алды. Бир учурда гана таттуу уйкуга алдырып жиберди.
#38 21 June 2015 - 16:27
Түнү менен уктай албай кыйналып чыккан Элмиранын түшүнө Мустафа кадырлуу адамдын кейпин кийип, болгон кыйынчылыктан алып чыккан эр жүрөк баатырдай көрүнүп кирди. Таңга жуук ойгонуп кайра уктап кетти эле, бул жолу Мустафа такыр башка адам болуп түшүндө көрүндү. Бул да болсо кайтартма дубанын касиети болучу. Уйкудан көзүн ачса апасы Сайра эбак туруп, таңкы наардын камында жүргөн эле. Уйкусу умачтай ачылып, даарат сындырып келип бети-колун чайыды да, анан апасына кайрылды:- Апа, түшүмө молдо кирди. Чын эле ал абдан күчтүү молдобу деп ойлоп калдым. Мени кандайдыр бир кыйынчылыктан алып чыгып жаткан экен. Балким салган деми эми тийип калышы мүмкүн - деди, сөз уланыш үчүн. Сайра болор-болбос кабагын түйүп:- Аны бир гана улуу АЛЛА билет кызым. Ылайым сакайып кет. Менин сенден башка карманаарым жок. Көргөн түшүң өзүңө жакса ишиңдин алдыга жылганы. Эми аны бара көрөөрбүз - деп чайын даярдады. Экөө чай үстүндө анча жарытылуу сөз сүйлөшүшкөн жок, бирок экөө эки башка ойду ойлонушту. Акыры убакыт жетип жолго чыкчу учур дагы келип, аялдаманы көздөй басышты. Элмира жөн эле ак үйдөгү министрге жолуга тургансып кийинип алган. Андан дагы көңүлү көтөрүңкү. Болгон дити молдону көрүү. Бул сүйүү эмес, кайтартма дубанынын күчү болучу. Жүрөгү дүкүлдөп, сүйүнгөнү жүзүнөн билинип, толкунданып алганын кыраакы эне баамдап баратты. Андан дагы Элмира канчалык өзүн сабырдуу тутканы менен кыймыл аракети, шашкалактаган кылык-жоругу ачык эле айгинелеп койду. Андайда келе турган автобус дагы кечигип калат эмеспи. Аялдамада турган элдин көбү, автобустун кечиккени жадыраган Элмиранын кабагын өзгөрттү. Эх, жашоонун кызыгы көрсө өйдө ылдыйы менен көркүнө чыгат белем. Шашкан сайын автобустун дайыны билинбей, көпчүлүктү кыжаалат дагы кылып жиберди. Аңгыча элдер дагы тарай баштаганда,
булуттан чыккан айга окшоп, имерилиштен автобус көрүндү. Элмира ушул жашка келгенге чейин мынчалык сүйүнбөсө керек. Жөн эле жоголгон баалуу нерсесин таап алгансып:- Апа, автобус келатат! - деп, ушундай бир күч менен айтты. Бирок, бул кылыгы өзүнө билинген жок. Көрсө, автобустун жолдон дөңгөлөгү жарылып, кармалып калыптыр. Эл менен бирге автобуска эптеп кысылышып түшүп, араң дегенде орун алды да Элмира мүдөөсүнө жеткен эркек жандай үшкүрүнүп жиберди. Бул үндүн, жана үшкүрүктүн артында эмне деген сөз жетпеген түйшүк жатканын жашырып болбойт эле. Сайра эне баарын байкап, "эмне кылсам болот, барып көрөйүн, молдонун көз карашын" - деп, өзүн сабырдуу тутуп баратты. Андайда жол дагы узарып кетет эмеспи, бул шашкандагы бир көрүнүш. Акыры, көптөн күткөн жерге дагы келишти. Молдонун айткан дареги менен келатышып, имерилиштен бурулганда эле, жол карап күтүп турган Мустафаны көрүп, Сайра эненин көңүлү муздай түштү. Анын жүзүнөн кандайдыр бир ырайымсыздыкты,
өз гана кызыкчылыгын ойлогон ичи тар, өзүмчүл адамдын кейпин көрүп:- Я, кызым тиги молдонун кейпи кантет. Ал сенден да катуу санаа чеккен го. Болду болбоду сага кайтартма дуба окуган, болбосо мындай болбойт эле. Азыр, биз барганда сага суу берсе, алгач мага бер . Мен ооз тийип көрөйүн. Анан сен ич, - деп эскертти. Элмира да эмнегедир башын ийкеп жооп берип, бул сунушту макул көрдү. Эгер, Мустафа үйдөн чыкпай олтурганда,
бул экөөнө сыр алдырбайт болучу. Бул да болсо адамдагы жоосунсуз жорук, жаман ойдун азгырыгы экенин адам бир көрүп эле байкамак. Мустафа утурлай басып, учурашып:- Кечээ эмне келбей калдыңар? Мен бир жакка барайын деп, силерди күтүп олтуруп, барбай калдым. Эми, дагы бир сааттай кечиккениңерде мени таппай калат элеңер - деп, маанилүү сөз айткансып, көзүн Элмирага кадады. Бул жерден өзүнө билинбегени менен Сайра энеге сыр алдырып койду, канчалык актангансып сүйлөгөнү менен. Элмира молдонун оюн билген жок, билген күндө дагы эч нерсе кыла албайт эле. Анткени молдо көзүнө жаш жигиттей көрүнүп, оюу дагы бузулду. Алкаштан көрө муну менен жашаган алда канча жакшы деп, наздана карап, молдону сынай карады. Эч андан кемчилик таба алган жок. Тапмак турсун анын келбетине сугун арта карап, суктанды. Бир гана саксайган сакалы эле болбосо, башка эч бир кемчилик байкай албады. Негизиги сөз үйгө киргенде башталды. Айтмакчы, Мустафа эки күндөн бери "Элмира менен апасы келет" деп, министр келчүдөй эле даярданган,
үйдүн ичин тазалап. Жасалма мүнөз күткөн молдо адатынча ички үйдөн ак чыныга суу алып чыгып, тиги экөөнүн көзүнчө кандайдыр бир нерсени майдалап сууга салып, анан адатынча күбүрөнүп дуба окуду да, ичинен көпкө чейин кобуранып дем салган киши болуп, баардык расмийи бүткөндөн кийин:- Апа, бул дуба адам баласынын жолун ачып, ар кандай илээшмелерден сактайт. Кааласаңыз өзүңүз дагы ууртап ичип көрүңүз? - деп, Сайранын шектенген көз карашын байкап атайын "сууну ичип көрүңүз" деп, эскертти. Сайра эне эмне кылышты да билбей, молдокенин таттуу сөзүнө каршы эч нерсе сөз айта албай, чыныны алып өзү оозуна алып жаңы гана ичээрде, дайыма ичинен айткан дубаны айтып ооз тийди, да анан кызына сунду. Элмира сууну колуна алып жаңы гана оозуна такап ичээрде, денеси калтырап, көзүнө кандайдыр бир коркунучтуу сөлөкөт көрүнүп, чочуп, чыныны ыргытып жиберди. Мындайды күтпөгөн молдо менен Сайра эне бир чети таң калып, бир чети алардын дагы жүрөктөрү түшүп калды. Элмира чаңырган тейде эшикке атып чыкты, талмасы кармаган илдет адамдай. Сайра эне артынан чуркап,чыкканда:
- Апа, кетеличи, бол тез. Бул үйдө коркунучтуу бир нерсе бар окшойт - деп айтып, өңү чүпөрөктөй болуп кубарып кетти. Адам баласынын жүрөгү түшкөндө өңү өзгөрө түшөт эмеспи. Элмира, үйдөн алыстап, көчөгө чыкканда отура калып кусуп жиберди. Мустафа уурусу кармалган адамдай, акырын келип: - Элмира сага эмне болду? - деди. Элмиранын көзүнө сулуу көрүнүп жаткан Мустафа бул жолу түрү суук көрүнүп:- Көзүмө көрүнбөңүзчү,
сиз мени эмне кылгансыз деги? Кетип калыңызчы!
- деп, жүзүн тетири бурду. Ооба, бул да болсо кара күчтөн сактангандын бир белгиси болчу. Эгер, Сайра эне болбогондо бул окуянын аягы эмне менен аяктайт эле. Айткандай, чын ниеттен эне байкуш, кызынын келечегин тилеп, чоң атасы үйрөткөн дубаны ичинен кайталап, анан сууну ичкен болуучу. Балким ошол чоң атасы үйрөткөн дубанын жардам бергениби, аны так айтып болбойт. Мустафа соодасы бүткөн сарттай көзү түшүп, бүт дитин ээлеп алган Элмирага кайрып сөз айта албай, үйгө киргенче шашты. Эх, бул байкаган кишиге арам ойдун берген жообу болучу. Ушул жерден, ушул окуядан кийин гана апасынын айткан сөзүн эстеп "кап, бекер иш болду, эми мен бул жерге дагы батпай калдым көрүнөт" - деп, ичинен өзүн-өзү жек көрүп кетти.Элмира кусуп эс алгандан кийин гана өзүнө келип, ушул жашка чыкканы ишенбеген кара дубанын күчүнө ишенип, апасына эч сөз айтпастан автобекетти көздөй, апасынын алда канча алдыда басып келатты.
#39 21 June 2015 - 16:28
Сүйүүнүн даамын татып калган Назира, Турат үйдөн чыгып кеткенден бери чыныгы түйшүк, санаа тартып, берилүү менен Туратты күттү. Буга чейинки ал жөнүндө ойлогон оюу, күткөн азабы суу кечпей калды, бул жолу. Уктаса уйкусу, ойлогон оюу, тилеген тилеги, алдыга койгон максаты, жашоодогу үмүтүн бир гана Турат ээлеп алып, не бир түркүн таттуу кыялдарга батты. Секелек кыз бой тартып калганы тун сүйүүгө кабылып кыңылдап ырдагандай,
ичинен ырдап, ал турсун мааниси терең ырларга көңүл буруп, ал ырлардагы сүйүүгө арналган курч сөздөрдү жаттап алып, өз алдынча ырдаган дагы учуру болду. Бул сүйүүгө чын жүрөгү менен берилгендин,
сүйүүнүн жүгүн көтөргөндүн бир белгиси болуучу. Таза жерде таз ой, таза түйшүк, таза тилек, таза кыял, тазалыктын белгиси байыр алып, жашоо көркүнө чыгат. Ал эми ыплас ой, кир дүйнөгө кадам таштаган жерде жүрөк ооруган ыплас сөз, ден соолукка зыян кыял жорук, терс күчтөрдүн ордосу өмүргө зыянын, залакасын тийгизгенине турмуш өзү күбө. Буга чейин сүйүү эмне экенин таназар албай келген Назира, Турат менен жолукканы өңүнө кызыл жүгүрүп, кызылы- кызыл, агы-ак болуп, жаңы бышкан мөмөдөй чырайына чыгып, кадимки шаардык кыздардай жасанганды да үйрөндү. Мунун баары бир гана Турат үчүн экенин өзүнөн башка эч ким билбейт. "Кыз кылыгы менен кымбат"- деп айтылгандай,
кылыктанган дагы мүнөз күтүп, анда-санда тийишкен балдарга өзүн көрсөтүп, аларга жылуу мамиле жасаганды билди. Мустафа менен жашап жүргөн кезинде жапайы кишидей жүзүн үйрүп, бетин жаап, эркек аттууну тик карай албаган Назира болуп көрбөгөндөй өзгөрүп, капастан чыккан кушка окшоп, өзүн эркин сезип, корунган адаттан алыстап, тандап кийим кийип, боёнгонду дагы өздөштүрдү.
Ушул учурда жаш кезинин көп бөлүгү текке кетип, молдонун айтканы менен жашап келгенине өкүндү.Күнгө жума эле, ишинен эрте чыккан Назира шаар аралап келатып Ислам институтунда окуган мөлтүрөгөнүч кыздын чүмкөнүп сүннөт кийингенин көрүп, аларга боору ооруду "булар дагы бир молдонун аялы болуп, өмүрлөрү өткөнчө чүмкөнүп кийинип, корунуп жашап, күйөөлөрүнүн көз карашы менен иш кылышат"-
деп, бир саамга өзүнүн көргөн кордугун эстеп, үч кызга жакын келип сөзгө тартты:- Кыздар- кандайсыңар?
Жума намазыңар кабыл болсун! - деди. Жылуу сөз, жасаган жакшы мамиле билинбегени менен кандай жагымдуу. Үчөө бир ооздон:- Ырахмат эже, тилегиңиз кабыл болсун! - дешти. Үчөөнүн жүзүнөн тазалыктын,
изгинин байкап:- Динге берилгениңерге канча болду?- деди, сөз улансын үчүн. Үчөөнүн ортосунда турган жылдыздуу кыз, жалтактап карап, үнүн жапыз чыгарып:- Быйыл биринчи эле курсту окуп, диндин талаптарын окуп-билип жатабыз- деди эле, Назира тигилерди аяп, эптеп сөздүн ыңгайын келтирип:- Сиңдилерим,
чынында эле мен силерди аяп жатам. Билесиңерби,
мен мектептин босогосунан бошонуп, чоң окуу жайга тапшыраар учурда ооруп калып, молдого түшкөм. Ал молдо менден жыйырма жашка улуу эле. Силердей күлгүн жаш кезимде, өмүрүмдүн гүлдөп-бүрдөп турган учурун молдого арнап, ага турмушка чыгып, эки балалуу болдум. Бир кезде мен дагы силердей болуп диндин талабы менен жашап, чүмкөнүп кийингем. Бирок, бул диндин талабы менен кийинип жашагандын келечеги тар болот экен. Тийген күйөөм менден кызыгы тараган соң, үстүмө токол аял алам деп чыкты. Андан дагы "кызганган сүннөт" деп, обу жок кызгана берип, акыры ажырашып тындым. Мени силерге айтаар кеңешим, эмне болгон күндө дагы молдого тийе көрбөгүлө. Менин молдолордон көңүлүм көк таштай калып калды. Алардын ичимдик ичпегени эле болбосо, адамды сөз менен жеп салган адаты бар экен. Бул жеке эле мен эмес, бизде иштеген дагы бир келиндин башынан өткөн. Кыскасы жашоого жаңыча көз караш менен карап, жаңыча жашагыла. Диндин дагы көп жакшы жактары бар, ал жагын тана албайм. Бирок келечегиңерге кам көргүлө, азыртадан. Кийин кеч болуп калат, айтчу сөзүм ушул болучу- деп, чоң милдеттен кутулгансып,
үшкүрүнүп алды. Алиги ортодогу кыз:- Эже, сиз абдан туура айттыңыз. Биз сизди туура түшүнөбүз. Анткени, сөзүңүздөн мааниси "менин көргөн күнүмдү силер көрбөгүлө"
дедиңиз. Бирок, биз тагдырдын жазмышынан кайда качып кутула алат элек- деди эле, Назира:- Жок, сен жаңылышасың.
Адам баласынын тагдыры өзүнүн колунда. Мен "тагдырдын жазмышы"-
деп, молдого канча жылдык өмүрүмдү арнадым. Азыр ойлосом, кыйналып эле жашаган экенмин, корунуп. Мезгилдин агымы менен иш кылып, элден артта калбаш керек. Кыскасы мен силерди динден чыккыла деп айткандан алысмын. Эң негизгиси турмушка байкап чыккыла. Кыздын багы тийген күйөөдө. Мен силерге жана болгон келечектеги эне боло турган кыз-келиндерге башымдан өткөн кыйынчылыкты каалабайм - деп, сөзүн кыска бүтүрүп, тетири бурулуп басып кетти, эң негизги сөздү айттым дегенсип. Бир чети али турмушка чыга элек жатышып, кысынган жашоону тигилерге ыраа көрбөй, ушул ишке барганын тиги үчөө түшүнүштүбү же динге сугарылган адаттары менен терс кабыл алдыбы, ал маселе Назираны кызыктырган жок.Назира Цумга келди. Экинчи этажга лифт менен өйдө көтөрүлүп баратып, Абдылда молдону байкоосуз жерден көрүп калды. Бирок, андан качып кутулганга же жолупай басып кеткенге мүмкүн болбоду. Ооз учунан учурашкан соң Абдылда көзүн кымыңдатып:
- Назира ачылып алыпсың го?- деп, сөз менен чымчып алды. Ушул эле суроо берилиши керек белем, Назира тайманбай тике карап, баштагыдай корунбай:- Дагы ачыла элекмин. Молдого кор болгон өмүрүмдүн запкысы дале акыл-эстен кете элек. Досуңуз "сүннөт"
- деп кызганып жатып, мени жалтак дагы кылып салыптыр. Ансыз жашоом өтпөй калчудай басынтканы көңүлүмө катуу тийиптир,- деп, тик карап айтты да, нары басып кетти.Абдылда чырайына чыккан Назирага суук көзүн кадап, "чын эле абдан ачылып, баштагыдан миң эсе сулуу болуп алыптыр" деп ойлоп койду. "Адамдын көркү чүпүрөк" деп айтылган кеп бекер эмеспи. Анын сыңары, жарашыктуу кийинген Назира перинин кызындай көрүндү, Абдылданын көзүнө. "Көңүл өспөсө көөдөн өспөйт" деген сөздүн маанисин ушул азыр Назирага жолукканы билип, Мустафа чын эле кор кармап койгонун, моюнга алды. "Алган жары жарашса, кара катын ак болот" - демекчи, Мустафа эле эмес өзү дагы аялды кор кармаарын Абдылда ичинен ойлоп, жер карады. Көрсө бул жашоонун көркү жана баркы эркин жашоодо экенин Абдылда молдо ушул аз убакыттагы жолугушууда даана сезди.Назира үчүн бул күн күндөгүдөн алда канча көңүлдүү күн болду. Жашоодогу ар бир жагымдуу мүнөт дагы көңүл өстүргөн болсо, адам үчүн чоң мааниге ээ экенин ушундан улам билсек болот. Назира өзгөчө Абдылда молдого жолукканы, ага айтчу сөздү учурунда айтканы үчүн өзүнө-өзү ыраазы болуп, алалбай жүргөн өчүн алгансып, шайдоот басып Цумдан чыкты да, Ала-Тоо аянтын көздөй сапар алды. Анткен менен оюнун учкуну барып эле Туратка такалып "Дагы эки күндөн кийин келет"- деп, адатынча ичинен самап, жолукчу убак жакындаган сайын чыдамы түгөнүп баратты. Бирок, Турат поездге билет жок дагы эки күнгө кармалганын билген жок, жүрөктөгү кыш али күчүнөн тая элек болучу. Мунун себеби, молдодон кутулганы менен анын канынан жаралган эки наристенин эсине келгени, аларды сагынганы, үй-бүлөсүнүн бузулганы, жыты сиңишип калган Мустафанын мусаапырдай болгон кейпи, жездесин али күнчө тик карай албай кыйналганы кантип жүрөктөгү кышты жадыраган жазга айлантат. Санаа менен эзилип күн өткөргөн Назира сыртынан сыр бербегени менен ичин туман, бурганак, шамал, ызгаары катуу суук ээлеп алганын, ал турсун Туратка арнаган булактын суусундай таза махабаты дагы туюк жолго такалчудай сезилип, өзүн алаксытыш үчүн эч максатсыз шаар аралап жүрдү. Жетелешкен жаштарды көрүп арданды "мен эмне үчүн жаш кезимди ушундай өткөрө албадым"-
деп. Бирок, обу жок эрке, чоеке кыздардын ашыкча кыймыл аракеттери,
Назирага жага берген жок. Ошентсе да үмүт-тилеги бир гана Турат. Тураттан башка жагына турган кимиси бар. Апасы болсо элет жеринде өз жашоосу менен алек. Ар ким жашоо менен күрөшүп, өз арбайын согуп, акча кубалап ынтымактуу,
ыймандуу, чөйрөдөн алыстап, мактаныч менен жашап калганын жашырганга негиз жок. Кантсе дагы молдо менен өмүр улап, диндин талаптарына сугарылып калган Назира үчүн алды жак али күңүрт. Убакыт өткөрүп ары-бери шаар аралап басып жүрүп, үйгө кечирээк келди да, өзүнүн бөлмөсүнө кирип, чарчаган жаны жаздыгына баш койду.
#40 21 June 2015 - 16:30
"Бөтөн элдин көк шиберин басканча, өз элиңдин тикенегин баскан артык"- деп, Омар Хаям айткандай, башка жер, башка элдин чөйрөсү чынында эле Туратка анча жага берген жок. Бир жагынан Назирага болгон сагынычы убакыт алга жылган сайын күч алып, сабырын түгөтүп баратты: эки күндө эле иши бүтүп, мекеменин директору бир кагазга кол койсо, эч токтоосуз кайра тартмак, бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип, бир аптадан ашык убакыт кармалганга туура келди. Узун түндү уктабай өткөзүп, не бир түркүн ойлорго батты. Ал турсун Назирага үйлөнүүнүн жолун дагы кылдат ойлонуп чыгып, келечекке план түздү. Бул бекерчиликтин бир пайдасы болду. Бир апта күн санап, убакыт өткөргөн Турат директорго кол койдуруп, документи бүткөндө, дароо темир жол бекетине келди. Бирок тилекке каршы поезд дагы эки күндөн кийин кетет- экен. Болгону он мүнөт болуптур жылып кеткенине. Эми дагы эки күндү кантип өткөрөм, - деген ойго жетеленип, кыргыздар соода кылган базарга келип, Назирага куюп койгондой окшош казак кыз менен таанышты. Ал кыздын жада калса сүйлөгөн сөзү, үнүнөн бери окшоштуруп Турат таң калып калды "ушундай дагы окшоштук болот экен" - деп. Кызыл-Ордо шаарына келген Гуля, эмнегедир турат менен тез эле тил табышып, экөөнүн жылдыздары төп келип, жолугушууну да планга киргизип жиберишти. Гуля, орус тилинде сүйлөгөндүктөн алда канча чечкиндүү жана ачык мүнөздө болгондуктан,
Туратты карап:- Убадага турасыңбы же туруксуз эркектердин катарын толуктап мени убара кыласыңбы? - деди. Мындай чечкиндүүлүктү күтпөгөн Турат, намыстанып:
- Мен бир гана сүйлөгөндү жактырам. Сендей сулууну алдаган салтта жок. Калган сөздү анан сүйлөшөлү - деп, бир нерседен шек алып бери басканда, Гуля артынан үн салып кала берди "сени сөзсүз күтөм" деп. Бир чети Гулянын өтө эле ачыктыгы анча жага берген жок. "Кыз кылыгы менен кымбат" дегендей, эгер Гуля, Назирадай кылыгын көргөзүп, уялганда анда ага карата оюу бузулбайт эле. Аңгыча эле мындай басканда эки бала келип:- Досум, сен кыргызсыңбы?
- деди. Турат башын ийкеп:- Ооба, эмне болду? - дегенде алиги эки баланын бири колун сунуп:- Менин ысмым Сейтаалы. Таанышып алалы. Сага айтайын дегеним сен алиги казак кыздан сак бол. Эки ай илгери дос балам аны менен мамиле түзө коюп, болгон акчасынан ажыраган. Ал кыз акчалуу балдарды көргөндө жаны жай албай калат. Мен эки жылдан бери анын мүнөзүн жакшы эле өздөштүрүп калдым. Сен Кыргызстандан жаңы эле келсең керек. Сага жан тарткан үчүн атайын эскертип койгону келдик. Неси болсо дагы сак бол. Ал ээрчитип барган мейманканада тааныш чөнтөкчү балдары бар. Кыскасы сөздүн тереңине түшүнгөн чыгаарсың. Эң негизгиси акчаңа жана баалуу буюмдарыңды мейманканага алып барба. Мынча убадалашкан соң барсаң бар. Кыз эмеспи, көңүлүн алып кой - деди да, Сейтаалы жанындагы бала менен изине кайтты. Турат, тиги баланы узата карап "Кыргыз деген баары бир боорго тартат, мага боору ооруп келип, эскерткенине "ырахмат"
деп экөөнө чын ниетинен ыраазы болду. Калп айткан менен болобу, тиги кызга убаданы ойлонбой туруп берип койгон үчүн, өзүн-өзү күнөөлөдү. Апасы дайыма айтат "уулум, эч качан жеңил табылган буюмга жана ооз учунан берилген убадага ишенбе" - деп. Чын эле Гуля бул жерден өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлогон үчүн баарына тез көнүп, жолугууну максат кылганынын тереңи эмнеде экенин билгенден кийин көңүлү кирдеп, кабагы бүркөө өзүнүн бөлмөсүнө келди да, кечки жолугушууну тез бүтүрүүнүн планын ойлогонго өттү. Анткен менен, оюнун изгини барып эле Назирага такала берди. Анын алдында булгангысы келбеди. Бирок, эркектик эңсөөсү эмнегедир азгырып, Гулянын кылыктуу көз карашы бүт дитин ээлеп алды. Негизи эле аял затына караганда эркектердин баардык жагынан чыдамы аз келет. Буга мисал катары күйөөсү өлгөн аял менен аялы өлгөн эркекти эле салыштырып көрөлү. Эки аптага жетпей эркек аял алгысы келет, ал эми аял балдарын ойлоп, күйөө дегенди унутуп салат. Бул эми жаратылыштын жазылбаган мыйзамы экенин ким тана алат. Ансыңары Турат ичинен тымызын Гуляны менен жолугушуучу учурду күтүп, улам кол саатын карай берди. Бул эми эркектик кумардын жана аял затынын азгырыгы эмей эмне. Болгон дитин бир гана кечки жолугушуу, Гулянын наздуу карап кылыктанганы ээлеп алгандыктан,
убакыттын өтүшү Турат үчүн азап болду. Улам кол саатын карап убара да боло берди. Андайда кайдан убакыт өтөт. Чалкасынан жаткан тейде көзү илинип кеткен Турат күүгүм талаш араң ойгонду. Бул да болсо табияттын ыплас иштен сактаганы экенин учурунда Турат билген жок. Ордунан шарт туруп эле, айтылган дарекке барып, Гуляны таппай калды. Шаабайы сууп, изине кайтып келатканда чөнтөк телефону чырылдап, алиги өз иши менен келген фирманын директору менен сүйлөшүп калды. Ал дароо эле:- Толик, Алматыга чейин машина чыгып калды. Аны менен бекер жетип ал. Бир саатка жетпей ишканага келсең, машина даяр - деди эле, Турат сүйүнүп кетти. Дароо жатаканага келип, керектүү буюмдарын алып, такси менен айтылган дарекке келди да, мен даярмын дегенсип, ишкананын эшигин тартты. Ушуну эле күтүп тургансып, эшик шарт ачылып, ичинен толмочунан келген орус бала чыкты да:- Бол тез, сени эле күтүп калышты. Сенин жолуң ачык экен - деп мыйыгынан күлүп койду. Турат ичкери кирип ак түстөгү жип машинасынан орун алган соң, гана бул шаардан тажаганын Бишкекти, андан дагы Назираны сагынганын ушул саам сезип, улутунуп алды. Бул эми мекенге жана күткөн аял затына карата болгон сагынычтын бир белгиси эле. Ал жердегилер менен жылуу коштошуп, берилген тапшырманы так аткарып, жолго чыкты. Машина асфальт жолдо катуу баратты.

Супер-Инфо
super.kg
видео








