Назира, чыдамы кетип, түнү уктабай чыкканын эске албай темир жол бекетине эки саат эрте келип, жүрөгүнүн ээси жанын жай алдырбаган тоо булагындай таза сезим менен берилип сүйгөнү Туратты күтүп олтуруп, өткөндү эстеди.Көз алдына эки баласынын Турат сатып берген оюнчуктар менен ойноп сүйүнгөнү тартылды. Андай оюнчукту Мустафа сатып бермек турсун, акчасын аяп тамак жегенге дагы чек коюп калганын кантип унутат. Ошол күнү түн ортосуна чейин эки уулу уктабай ойногондору аз келгенсип, оюнчуктарын коюндарына катып жатып уктаганы, эртеси ооздорунан түшүрбөй Туратты кеп кылгандары,
түшүнгөн кишиге эмне деген баа жеткис эмгек. Ошонун баары бир гана Назира өзү үчүн жасалганын билип туруп, кантип Туратка көңүлү жылыбайт. Андан дагы берилүү менен сүйүүсүн арнаганы, түн ортосунда келип бир ажалдан алып калганы эле Назира үчүн эстен кеткис, төө көтөргүс жүк. Анын баарын бир сыйра көз алдына элестетип, Туратка карата сагынычы баштагыдан миң эсе өсүп, бир орунга олтура албай калды. Жакшы адам, адамдын жакшы жагын көрүп, жакшы сөз айтат. Ал эми эки жүздүү ушакчы, ушак айткандан канагат алган адамдар бирөөнүн жаман гана жагын көрүп, жаман ойлорду ойлой беришип ден-соолуктарын бузгандары аз келгенсип, элден четтеп калгандарын турмуш өзү калыстап келет. Ал турсун ичи тар адамдар сүйүүгө дагы туруксуз болушарын Назира, өз жашоосунан жолуктурду.
Түшүнгөн кишиге бирөөнү сүйүп калгандын өзү кандай бакыт. "Сүйүү кары жашка бирдей келген назик сезим"- деп кайсы бир акылман адам айткандай, жакшы адамдар гана сүйүүнүн азабына түтүп, Назирадай болуп берилүү менен сүйүүнү бага алат. Бир кезде Мустафа, Назирага жеткенге чейин эмне деген гана убадаларды бербеди. Акыры кызыгы тараган соң, "токол аял алам" деп чыкканы эле баам салган кишиге эмне деген пастык. Таттуу кыялга батып олтурган Назира качан гана күткөн поезд келгенде олтурган ордунан туруп, берилүү менен жүргүнчүлөрдүн арасынан Тураттын караанын издеди, бирок тилекке каршы аны таба алган жок. Ээн талаада калган жалгыз козудай бир топко бир орундан жылбай олтурду да, анан илкий басып изине кайтты, санаанын кучагына бөлөнүп. Андайда адамдын оюна кантип жакшы ой келет. Убакыт шам намазынын окула турган убактысына жакындап калган кезде, бульвар менен ылдый карай көңүлү суз басып келе жатып, айылдашы Асанкандын кызын көзү чалып калды. Өзүнөн кыйла жаш улуу киши менен жан алы калбай бир чоң маселени талкууга алып келе жатыптыр. Кумаркүл бир күйөөдөн чыккан, шаарда кийим тиккен жерде иштейт деп уккан. Жакын келип калган кезде Назира, Кумаркүлдүн "Боюмда бар бирдеме кыл" - деген сөзүн даана укту. Тиги киши эмне деди аны уга албай калды. Дароо денеси чыйрыгып, уккан кулагына ишене бербей тиги экөөнү бир топко узата карап турду да, анан ойго чөмүлдү "Чын эле эл бузулдубу, кантип эле Кумаркүл алиги киши менен бир болду" - деген ойду ойлоп, ишене бербей алыс узап кеткен экөөнү дагы бир жолу карап алды да, бери жактагы олтургучта бир жаш эле кыз өзүнөн улуу баланын алдына минип олтуруп алганы аз келгенсип, мойнунан кучактап алганын көрүп, кинодон көргөн ыпластыкты өз көзү менен көргөнгө таң калып эле туруп калды. Бул да болсо элеттик келиндин түркөйлүгү эмей... Эгер жаш кезинен шаар көрүп, көзү андай ишке көнүгүп калган болсо, анда минтип таңыркап карабайт эле го.Назира көчө бойлоп басып, маршурутка жүрө турган жерге келип , аялдамада чай кайнам убакыт туруп калды. Кечки шаардын көркүн ачып, түнкү жарыктар күйгөн кезде гана үйүнө кабагы суз келди. Бул учурда Турат, үйдү акмалап олтуруп жаңы эле кеткен болучу. Мурунку күнү, түнү келип, чарчаган жаны кечке уктап жатып кечке жуук келген. Назира темир жол бекетинде өзүн күтүп жүргөндө, ал эми өзү бул жерде канча убактысын аны күтүп өткөрдү. Акыры Назирага жолуга албасына көзү жеткенде гана ал дагы, кабагы суз жолуна түштү. Бул да болсо жашоодогу кайчылаш жолдордун бир үзүмү эмей... Түнкү ажайып кооздук өзүнүн көркүн ачып, жылдыздар жымыңдап асман бетин ээлеп турганы эмне деген керемет көрүнүш. Назира тээ бала кезинен бул көрүнүшкө суктанып, асмандагы жылдыздарды санагандан тажабайт. Бул да болсо секелек кезден калган көнүмүш адаттардын бири эле. Негизи эле жай мезгилиндеги жаратылыштын көрүнүшү кандай гана сүйкүмдүүлүктү таруулайт. Назира кечки таза абадан дем алып, дагы ойго чөмүлүп кетти. Албетте толуп-болуп турган жаш келиндин ой учугу барып эле, көңүлү сүйгөн адамга анын баскан турганына такалышы турган иш эмеспи. Сүйүүнүн түйшүгүн тарткан адам гана сүйүүнүн баркын билип, сүйүүгө кабылган адамга туура түшүнөт. Назира ушул жашка келгени Туратты сүйгөндөй эч бир жанды сүйбөгөн үчүн ашыкча азап тартты. Эх, сүйүү, сүйүү дагы өзүнүн жолу менен адамды кыйнайт белем, Назира баскан турган сайын бир гана Туратты ойлоп, ал турсун эки баласына дагы мынчалык санаа тарткан жок. Муну өзү дагы моюнга алат эле. Анткени, эки баласы, ишенген апасынын колунда болгон үчүнбү ким билет. Таң эрте ишине келатып, жол жээгинде токтоп турган Тураттын машинасын көрүп калып, дароо кадамын жайлатып, аны аңдыганга өттү. Эмнеге антти өзү да билбейт. Турат, Назирага жолугу үчүн атайын эрте келип жолун карап олтурганда,
таэжесинин кызы Сымбат келип калып, экөө машинанын салонунда сүйлөшүп олтурган болучу. Бөлөлөр кеминде алты жылдан бери жолукпаган үчүн, узун сөзгө кирип кетип Назиранын чукул келип калганын байкабай калышкан. Назира үчүн бул көрүнүш үч уктаса түшүнө кирбеген окуя болду. Эч качан Тураттан мындайды күткөн эмес. Салондун эшиги ачык болгон үчүн алардын ар бир сөзү, даана угулуп турду. Сымбат кыткылыктап күлүп:-Турат,
сени чынын айтсам абдан сагындым. Сени канча болду көрбөгөнүмө.
.. билбейм, тааныгандардын баарынан сени сураган адатка айланган. Бала кез кандай гана жакшы өттү. Эми минтип экөөбүз тең чоңойдук. Калган айтылган сөздөрдү Назира уккусу келген жок. Эгер азыраак өзүн сабырлуу тутуп койгондо, анда мынчалык санаага батпайт болучу. Жүрөгү тилинип, аз убакыт илгери эле Туратты көргөнгө зар болуп келатып, эми аны такыр көргүсү келбей ишине шашыла басып жөнөдү, көзүнө келген ызалыктын жашын аарчыганга да жарабай. Молдонун кылыгы тиги болсо, ал эми болгон дитин берип сүйгөн адамынын бул кылыгы жүрөгүн жылытпай эле кайра муздатып, кыштын чилдесине кабылтты. Бул жалган дүйнөнүн кызыгы адам баласы ыйлап капа тартып, кайра күлүп сүйүнгөнү менен жашоо уланып келгенин ким тана алат. Эртең менен эле "бүгүн сөзсүз Туратка жолугам"-
деп, үйдөн сүйүнүп чыккан Назира, эми минтип бул дүйнөнгө жаралып калганына нааразы болуп, жумушуна абдан капалуу келди да, ишине алаксыган болду. Бирок, баары бир Тураттын алиги жоругу көз алдына тартылып, ага ишенип жүргөн үчүн өзүн-өзү күнөөлөдү. Ушул саам болгон эркек аттунун баарын жек көрүп турду. Динге берилген күйөөсү Мустафанын кылыгы тиги. Оозунан келмеси түшпөй жүрүп, аялдан көзү каткансып "токол аял алам"- деп чыкканы, ал эми жаш, акылдуу деген Турат тигинтип сүйүү менен ойноп, башка кыз менен машинасында олтурганы жаш жүрөгүн жаралап, муздак шамал ички дүйнөсүн аралап, берилип кабылган сүйүүсү алеки саатта муздаганы Назира үчүн чоң эле сокку болду. Эми көз алдына эки баласы тартылып, алар үчүн гана жашаш керек деген ойго такалып, ишин улантып иштеп жатканда, чогуу иштеген жашы кыркка чукулдап калган Марина деген орус аял келип:-Назира,
сени бир бала чакырып жатат - деди. Назира дароо эле билди ал Турат экенин. Терезеге келип сыртка тигилип, Тураттын караанын көрүп, ушунчалык аны жек көрүү менен карап:- Мени жок деп коёсузбу?-деп Маринага кайрыды эле, ал:-Кантип, мен сени ишке келген деп айтып койбодумбу.
Менин калпымды чыгарбай барып жолугуп кой. Ал бала жакшы бала экен го, жылдызы жанган -деп, Туратты учкай мактап өттү эле, Назиранын баштагыдан катуу жини келип, ичинен "анда өзүң ага тийип ал"-деп, кобуранды да, сокого түшкөн аттай, көңүлү суз илкий басып сыртка чыкты. Чынында азыр Назиранын, Туратка жолугууга дити чаппай турган болучу. Кабагын түйүп, көңүлсүз сыртка чыгып, Туратты суук көз караш менен карап:-Эмне келдиң?! - деди. Турат ушунчалык сагынычтын,
кусалыктын жүгүн артынып, Назираны бир көргөнгө зар болуп келип, анын мындай муздак мамилесинен башка чапкандай болуп селейип эле катып калды, оозуна сөз келбей. Ал турсун "сага эмне болду?"- деп сураганга дагы жараган жок. Качан гана Назира цехке кирип кеткенде гана эсине келип,эмне болуп кеткенине түшүнө бербей туруп калды. Ушунчалык тез убакыттын ичинде ээн талаада калгансып, эки жакты элеңдей карап артка кайрылды да, машинасына басып келе жатып ойлоду "күйөөсү Мустафа башын айлантып алган го"-деп. Андайда адам баласынын оюуна эмне деген гана ойлордун учкуну келип кетпейт. Бир заматта башы чыңалып, давлениясы көтөрүлгөн адамдай көздөрү караңгылашып да кетти. Ушул саам билди, Назираны чындап сүйөрүн. Ансыз жашоосу өтпөй калчудай, өзүнөн күнөөнү издеди. Бирок, Назира таарынчудай эч деле иш кылбаганын кылдат ойлонуп да чыкты. Ишине келип, болгон документтерди тапшырып чыгып, кафеге кирип ойго алдырган тейде тамактанып,
анан кайра Назиранын ишине келди. Бул учурда убакыт чоң шашке болуп калган эле. Назира, өзүнүн жасаган кылыгына нааразы болуп "Тураттан алиги кыз ким?"- деп, сурабагына өкүнүп, кызганычтан ичи бук болуп, сүйүү бар жерде кысканыч болорун башынан өткөрүп, күйөөсү Мустафанын эмнеге кыскангынына эми гана баа берип, анын өзүнө карата болгон сүйүүсүн сыйлабаганын да ойлоп, кайра бул ойдон кайты. "Эгер ал мени сүйсө, башка аял алам"- деп айтмак эмес. Мусатафа мени, мен Туратты сүйгөндөй сүйгөн эмес. Эгер сүйсө, кызганса да мени сыйламак. Кап, ушул Туратка гана ишенип, жылуу ордумдан козголдум. Эгер, Тураттын кыз жандуу экенин билсем, анда мен анын тилине кирмек эмесмин деп, күнөөнү Тураттан издеди. Бул да болсо адам баласынын өзүн актагандагы амалы экенин жашырганда эмне. Колу иште болгону менен, өзү ар тараптуу ойлордун кучагында олтурганда,
оюн бузуп:-Назира сени сыртта бир бала чакырып жатат-деп, Айнура деген келин кайрылып калды. Назира, эч шашылбай сыртка чыкты да, Туратты көрүп, өзүн сабырлуу тутуп;-Турат,
эми сен мага келгениңди токтот. Экөөбүздүн жолубуз эки башка экен. Ушунчалык азапка салып, сүйүү менен дагы ойнойсуңбу?
Мен, сени чын ыкласым менен берилип сүйдүм эле, көзүм менен көрбөсөм болмок. Көрсө азаркы эркектер гүлгө конгон аарыдай, ар кайсы кыз-келинди алдап жүрө берген адатка айланган тура,-деп, сынай карады эле, Турат сөз эмне жөнүндө болуп жатканына түшүнө бербей:-Назира,
сен эмне деп эле жатасың? Мен, сенден башка эч кимге барганым жок. Керек болсо сени абдан сагынып, бир көргөнгө зар болуп келсем, өзүң мага эч нерсени түшүндүрүп айтпай эле, капа боло бересиңби. Эгер азыр сен мага таарынган жөнүңдү айтпасаң, мен жаныңдан кетпейм. Сенсиз мен керек болсо бул жашоодон кечип кетем. Мага бир гана сен керексиң!
- деп, экзаменден кулап калган студент, мугалимине жалдырагандай көз карашта карады эле, Назира:- Кооз сөздөргө алдангандай мен жаш кыз эмесмин. Айттым го "өз көзүм менен көрбөсөм болот эле"- деп. Мен ушакка ишенбейм, бирөө айтып келсе анда сөз башка эле... Сөз ушул жерге келгенде кожоюн чыгып;-Назира,
ишти токтотпо. Сөзүңөрдү анан иштен кийин бүтүргүлө. Заказ берген адам телефон чалып менен шаштырып жатат!-деди эле, Назира башын ийкеп, ичкери кирип кетип, дагы негизги сөздүн өзөгү айтылбай, кийинкиге калды
Жүрөктөгү кыш Бердикожо Бийназаров
#42 21 June 2015 - 16:33
Мустафа, шам намазын окуганы мечитке келип, даабатка келген жааматка жолугуп, азыраак диндин талаптары жөнүндө сүйлөшкөнгө үлгүрдү. Алар менен тил табышып, сөз жаңы уланганда азан айтылып калды. Намаз окулуп бүткөн соң дин сөзү менен айтканда машфара болду. Машфара биздин сөзгө которгондо "жыйын"
-деп аталат. Динге берилген адамдар бул жыйында, диндеги жетишпеген жана ишке ашкан диндин талаптары жөнүндө сөз козгошот. Сөз учугу келип Мустафага суроо берилди:-Сиз,
ушунча жыл дин жолунда жүрүп, канча жолу даабатка чыктыңыз?-деген.
Мустафа даабатка чыкмак турсун, Назираны кызганып жатып, айылдан алыс барбаганын ушул берилген суроодон улам билди. Берилген суроого Мустафа эч шашылбай жай үн менен гана:-Мага, даабат жолу али буйруган эмес. Ошол себептен бир дагы жолу даабатка чыгып көргөнүм жок-деп ачыгын айтты эле, сербейген ээгине жарашпаган сакалы бар, жаш бала оозунуп:-Байке,
эгер сиз үч гана күн убактыңызды дин жолуна арнап, даабатка чыксаңыз, болгон көйгөйүңүз чечилет жана сиздин мындан дагы динге карата болгон оюңуз тереңдеп, көп нерсени билгенге үлгүрөсүз. Даабаттын даамын таткан адам "жашоонун кызыгын билет"-деп,
кулакка жагымдуу сөздөрдү айтты эле, Мустафа айтылган сөздү өзүнө жакын кабыл алып:- Анын жолун билбейм. Эгер, силердей болуп даабатка чыгып кетсем, анда үйүмдү ким карайт?-деди эле, айылдашы Саткын:-Мустафа,
ал жагынан кам санаба. Эң негизгиси даабатка барууга дитиңди кой. Анан калганы өз нугу менен кете берет -деди. Сөз бир топко уланды. Эгер куптан намазына чакырган азан үнү болбогондо,
дагы канча талаш сөз болот эле. Алгачкы жыйында эле Мустафанын тилин таап, даабатчылар аны даабатка чыгууга көндүрүп салышты. Ал турсун Мустафа кантип убада бергенин өзү дагы билбей калды. Диндин фанаттары көңүлчөөк адамдарды динге тез эле имергенин Саткын ушул саам байкады. Болбосо, буга чейин Мустафага канча жолу айтылды "даабатка бар"-деп, бирок аны такыр макул кылып, көндүрө албай коюшкан.Убада боюнча үч күн даабатка чыгып келген Мустафа, ушул жашка чейин кантип молдо болуп жүргөнүнө таң калып, даабаттан көп нерсени үйрөгөнүн тана албайт болучу. Үйүнө келгенде айлана чөйрө көзүнө такыр башкача көрүнүп, элдер "көр оокат"- деп, эртең эмне күтүп турат билбей эле жанталашкандарына таң калды. Бул күндөрү күнү-түнү окуганы китеп болду. Баш оту менен берилип, ыйык Куран китебин жаттаганга дагы өттү. Бир апта үйдөн алыс эч жакка чыккан жок. Анткени, кийинки аптада он күнгө даабатка чыкмакка убадалашкан болучу, ошол күндү чыдамы кете күттү. Тымызын даярданып, адашып жүргөн күндөрүн эстеди. Эми такыр аял заты жөнүндө ойлонбой дагы калды. Анткен менен эки баласына басып дагы барган жок. Ага адамдык ниети чаппады. Албетте балдарын сагынды, бирок алар кол карап калат деген ойдо, барганга жолу буулуп турду. Баштагыдан дагы динге берилген Мустафа, эми катып жүргөн узун көйнөгүн кийип, сакалын өстүрү үчүн тегиздеген жок. Айтылган күнү иномарка машина эшигинин алдына келип токтоп, бир сааттай убакыт кармалды да, Мустафаны салып кетти, он күндүк даабатка.Даабатта шаардык Абакир деген билими күчтүү бала менен бирге болуп, андан көп нерсени үйрөндү. Көбүнчө сөз өңүтү "тиги дүйнөгө даярдануу жана дин менен гана бакытка жетүүгө болот" деген теманын тегерегинде кеп учугу уланып, Мустафанын болгон дити эми чындап динге берилди. Беш убак намаз окуп, өзүн молдо сезип жүргөн Мустафа али эч нерсе биле элегин моюнга алып, кырк күндүк даабатка чыгууга да убада берди. Үйдө жалгыз олтурганча эл менен аралашып, даабатта жүргөн бир жагынан Мустафа үчүн көктөн издегени жерден табылгандай эле болду. Эми баягыдай санаа чегүү жокко эсе болуп, айыл-айылды кыдырып үгүт ишин жүргүзгөн алда канча жеңил жана алаксыганга дагы ыңгайлуу экенин танып болбойт болучу. Бул жолу Карабалта шаарынын четиндеги айылда даабатта жүрүп, бир окуяга туш болду.Убакыт дигер намазына жакындап калган. Көчө кыдырып келе жатып, Назирага куюп койгондой окшош келинди көрдү. Бирок ал келин абдан кызуу абалда болучу. Күйөөсү менен ичкиликтин айынан ажырашып кеткен Зарина, акыры күйүтүнөн өзү дагы ичкиликке берилип бараткан кези эле. Доза жетпей башы каңгырап бактын көлөкөсүндө олтурганда Мустафа жанына басып келип, аны таң кала карап, анын Назира эмес экенине көзү жеткенде гана суроо менен кайрылды:-Карындашым,
сага эмне болду, сени бирөө капа кылдыбы? Көптөн бери бирөөнөн жылуу сөз укпаган Зарина жерден башын көтөрүп, маңдайында турган сакалчан адамды көрүп уялып кетти да, көзүн ала качып:-Ооба,
мени тагдыр капа кылды. Тийген күйөөм ичип жүрүп таштап кетти. Азыр менин бара турган жерим да жок. Эми менин эч кимге керегим жок. Болгон күчүмдү минтип ичкилик ичүүдөн чыгарып жатам. Мени аяган апам өтүп кеткен, азыр бир тууган дагы карабай калбадыбы-деп,
ичтеги бугун чыгарып айтып, ара чолодо көз жашын төгүп ыйлап да алды. Мустафа жаш келинге арбалып, жанында бир топко туруп анын болгон арыз муңун угуп, анан өзүнүн оюн айтты.-Зарина,
эгер макул көрсөң мен сага жолуңа акча таап берейин, сен менин үйүмө барып жаша. Мени дагы аялым таштап кеткен. Азыр үйүмдү караган эч ким жок. Кааласаң үйдү сага берем, сенден бир гана өтүнүч, болгону ичкилик ичпе. Мен үчүн, бул жашоодо бир адамды оң жолго салып койгон чоң олжо, деп өзүнүн кеңешин айтты эле, Заринанын жашоодон үмүтү пайда болуп:-Байке,
сиз чын айтасызбы? Ишенсеңиз талаа түзгө түнөп жүрүп чынын айтсам, тынч дагы уктай элекмин. Эгер менин жашай турган жерим болсо, дароо эле ичкиликти таштайм. Анда, мен, күйөөмө көрүнгөндөй иш кылып, тез эле жашоомду оңдоп алат элем деп, жаш баладай сүйүнгөнү Мустафага абдан жакты. Заринанын карагаттай көздөрү, адашып жүрүп жол тапкан адамдай сүйүнүп, үмүттүү караганы, кийими жупуну болсо дагы көзгө толумдуу чырайы, Мустафаны кайдыгер калтырган жок. Дароо аны эркектик сугу менен карап:- Зарина, азыр сен эч кайда кетпей тур. Мен дигер намазын окуп чыгайын жана акча ала келейин да, сени машинага салып жиберем, үйдүн ачкычын берип. Өзүм дагы беш күндөн кийин барып калам. Ага чейин сен жашай тургандай тыйын-тыпыр да берем-деп, жылуу жүз менен карады эле, Зарина башын ийкеп:-Байке,
"кетпейм"
деп убада бере албайм. Сиз тезирээк келиңиз. Мени азыр дагы бирөөлөр азгырып кетпесин. Чынын айтсам эрким өзүмдүн колумда эмес. Бул аймактын селсаяктары эбак мага кожоюн болуп алышкан. Мустафа таң калып:-Кандайча,
сен аларга көз каранды болуп калдың?-Анын эмнеси бар, ичкилик ичилген жерде адам алгач карызга батат. Андан соң көз карандылыкка айланганга туура келет. Бул жолу экөөнүн сөзү бир топко созулуп, ары-бери өткөндөрдү таң калтырды. Сүннөт кийинген молдо менен көчө алкашына айланган келиндин эзилишип сүйлөшкөнү сырттан баам салып караган кишиге, чынында эле өөн учурашы толук мүмкүн болучу. Экөө кеминде чай кайнам убакыт сүйлөшүп турушту да, анан ээрчише басып мечитке келишти. Мустафа дигер намазын кичине убактысынан кечирээк окуганга туура келип калды. Намазын окуп болгон соң, даабат башчысы менен акылдашып, андан акча алып сыртка чыкты да, ооздо күтүп турган Зарина менен ээрчише басып чоң жолго чыгып, шаарга кетүүчү машинаны күтүштү. Мустафа улам эскертип айтты:-Зарина,
шаарга барган соң түз эле айылга кет. Эгер шаарда кала турган болсоң, анда сен дагы жашоодогу жолуңдан адашасың. Мен сага ишенип керек болсо үйүмдү берип жатам. Ишеничти аткаргандай бол. Зарина сөз кезеги келгенде:-Байке,
ал жагынан кам санабай эле коюңуз. Шаарды деле жакшы билбейм. Аны коюп сиз эрте келгендей болсоңуз. Калган сөздү анан сүйлөшөбүз-
деп сөзүн табышмактантып бүтүрдү. Чынында Зарина ушул кечте бир алкаштын аялы болмок. Анткени, ага акча карыз болуп калып, айласы жок убактылуу аялы болгонго убада берген. Ушул айылдан кетип жатканына сүйүндү. Аны Мустафага айткан жок. Айтканда анда, анын көңүлүн ирээнжитип алмак. Жолго чыкканы тынчсызданып жаткан, тезирээк эле машина келип калса экен - деп. Аңгыча эле маршурутка келип калып, Зарина ага олтурганча шашты. Дагы жакшы буттары чалыштаган тиги алам деген алкаш, аны көрбөй калганы. Мустафа, кайра-кайра эскертип анан узата карап, туруп калды. Бир чети Заринаны сүйүнткөнүнө ичинен ыраазы болуп "ал мага эмне сөз айтат болду экен"-деген ойду купуя ойлоп, мечитти көздөй кадамын жай таштап келатып, алдынан чыкка үч алкашты көрүп, аларды аянычтуу көз караш менен карады. Анткени алар бир келген жашоодон адашып, кекиртектин кулу болуп, толкун жээкке сүрүп салган чамындыдай,
булар дагы элден сүрүлүп калгандарын Мустафа сын көз менен карап "пендечилик"
-деп гана тим болду.
#43 21 June 2015 - 16:37
Турат, көңүлү суз машинасына басып келип дагы ойлоду "Мени ким менен көрдү, балким алиги казак кызына берген убадамды билип калган го, бирок аны өз көзү менен көргөнө кантип үлгүрдү?-деп башын катыра ойго чөмүлүп, анан сурап билейин, ага чейин машинамды каратып алайынчы деп, машина оңдогон досуна келди. Элдостун колу жөндөмдүү, ошон үчүн анда дайыма кезекте машиналар турат. Элдос, Туратты жакшы маанай менен кабыл алып, анан учурун келтирип айтты:-Досум,
сен абдан жакшы баласың. Сага кантип жолуксам болот болду экен деп, жаттым эле. Бүгүн болгон ишиңди токтот. Мен кечинде үйлөнгөнү жатам. Сенин машинаң керек!-деди.
Ушул эле сөздүн айтылышын күтүп тургандай Турат:-Анда машинамды карап бер. Мен, кантип сенин жакшылыгыңа катышпай калайын. Бүгүн менин ишим жок. Кечээ эле Россиядан келгем-деп, азыноолак сөз учугун чыгарган болду. Бирок, кечинде Назирага жолугу керек экенин эстегенде, азыраак кабагын түйүп:-Элдос,
канчаларда кетиш керек, айылга?-деди.
-Билбейм, аны үйдөгүлөр билишет. Кызга сөйкө салып алып кетебиз дегендей кылып жатышат го. Менин баамымда түнгө барат болуш керек. Айыл эмне жакын эле го. Турат машинасын карап:-Карачы,
эмнегедир эле дөңгөлөк жактан үн чыккансып жатат. Учурунда каратып койбосом, кийин болбой калчудай. Элдос машинаны карап:-Эч нерсе эмес,амортизатордун буроосу бошоп кетиптир, тартып бурап койдум. Дагы жакшы, эгер дагы эки күн жүргөнүңдө өзүң айткандай чоң акчага жыгылмаксың-
деп, эми бошсуң деген таризде карады. Машинасын караткан соң Турат, кечки саат бештерде Назираны жолдон күтүп алды. Назира, дагы Туратка жолугуну эңсеп келе жаткан. Анткени, аны менен бул темада чечишип алгысы келген. Жүрөгүндөгү тынчтык бербеген сүйүүнүн деми баары бир жанын жай алдырмак эмес. Бирок, бир күндө эле көңүлүн кандайдыр бир кара нерсе ээлеп, жүрөгүн муздактык багындырып алганга үлгүргөн. Ушул жашка келгени "кызганыч"
эмне экенин биринчи жолу башынан өткөрүп жаткан болучу. Машинанын салонунан орун алганда Турат эч үн дебестен, машинаны шаардын четине айдап чыкты да, анан суроо берди, Назиранын катарына олтуруп:-Назира,
айтчы, менин кечке башым катты, ойлонуп жатып. Сен мени кимден кызганып жатасың дагы, ким менен көрдүң?-деди.
Бул суроонун берилиши менен Тураттын таза экенин жүрөгү менен сезип, Назира сөздү алыстан баштады:-Турат,
ишенесиңби.
Сени бул дүйнөдө менчелик эч ким берилип жана бүт дитин берип сүйбөйт. Мен сени кечинде түн киргенге чейин темир жол бекетинде күттүм. Сен Россияга кеткени, менде тынч уйку болгон жок. Керек болсо, айылда калган эки баламдан дагы сени көбүрөөк ойлойм. Болгон аң сезимимди бир гана сен ээлеп алганыды өзүң деле билсең керек. Керек болсо, сен үчүн молдо күйөөм менен ажыраштым. Ушунча азапка салып коюп, сүйүү менен дагы ойнойсуңбу?
Турат, ар бир айтылган сөзгө терең баа берип, анан учурун келтирип:-Назира!
Сен мени кандай сүйсөң мен, сен мени сүйгөндөн керек болсо миң эсе ашык сени сүйөм. Аны мен иш жүзүндө дагы көрсөтө алам!-деди эле, Назира сөздү ооздон жулуп алып:-Мен сага ишенбейм!
Сен эмне мынча калп айтасың. Эгер, сен мени сүйгөн болсоң, эртең мененки машинаңдагы кыз ким! Аны менен эмнени эзилишип сүйлөшүп жаттың эле?! Бул сөздү укканда Турат, Назираны бек кучактап алып каткырып күлүп:-Мени эч кимге алмашкыс көгүчкөнүм.
Сенин кызганганыңдан.
Ал менин бир тууган бөлөм болучу. Алты жылдан бери көрүшө элек болчубуз. Андан дагы бир класста окуганбыз. Кап, ал эмне эсиме келген жок. Аны менен сени тааныштыргым келип, сени күтүп олтурганбыз.
Андан да ал, сен иштеген жерге жакын жерде бир ишканада бухгальтер болуп иштейт. Анын эки баласы бар. Назира бул сөздү укканда, аныгын билбей таарынганына ичинен өкүнүп алды да, бирок сыр бербей:-Чын элеби!?-деп жадыраган жүз менен карап, боюн Туратка таштап, эркелеген болду. Турат жоготуп жиберген баалу буюмун таап алгансып, абдан сүйүндү. Ал эми Назира өзүнүн чала ойлонгон оюнун азабынан кутулганга ишене беребей, көзүн бар-бар ирмеп, Туратты бек кучактады, жоготуп жиберчүдөй.
Экөө кемиде бир саатка чукул бири-биринен моокумдары канбай өбүшүп, сагынычтары канбай жатып, убакытка уттуруп коюшту. Бир кезде гана Турат:-Назира,
кап, мени азыр күтүп жатат. Элдос деген досум үйлөнмөк. Ага менин машинам керек болучу. Мен жылайын. Эртең жолугуп сүйлөшөлү, буйрусу аз күндө экөөбүз дагы үйлөнбөсөк болбой калды- деп, машинаны ордунан жылдырды. Назира, кабагы ачык, болуп көрбөгөндөй сүйүнүп, үйгө келип, дароо кабагы бүркөлө түштү. Анткени үйдө аны күйөөсү Мустафа күтүп олтурган. Ал баштагыдан кыйла оңолуп, кийими дагы жаңыланып, баягыдай түнөрбөй, көзгө сүйкүмдүү көрүнүп калганын байкады. Мустафа, эмнегдир жакшы маанай менен учурашты. Назира, саламды алик алып:-Кандай жашап жатасың?-деди,
кагып силкпей. Анткени буга дагы сүйүүнүн берген деми себеп болдубу, ким билет. Негизги сөз, тасмал четинен орун алганда уланды: -Назира, деди, коңур үнү менен Мустафа:-Эми экөөбүздүн жашообуз эки башка болуп калган соң, мен сенден алгач кечирим суроо менен бирге уруксаат сурап келдим. Сен кеткени үй дагы каралбай калды. Мен үйлөнөйүн. Кийинки аптада төрт айга Пакистанга даабатка кетип жатам. Үйдү дагы бирөө караш керек экен. Сен эми шаар көрүп, элет жерин жерип калган чыгарсың. Сага куюп койгондой окшош келин менен тил табышып алдым. Эркек менен аял кырк күн бирге жашабаса "нике жанып кетет" деп айтылат, шарият жолунда. Экөөбүздүн никебиз жанып кетти. Сен мага уруксаат бер. Ошону гана айтып, уруксаат сурап койгону келгем. Баягыдай эми мен сага жалдыраганы келген жокмун деп, сөзүнүн аягында тийишип өттү. Назира да кабагы ачык. -Мен каршы эмесмин. Сен дагы мага уруксаат бер, турмушка чыгууга. Бирок мен азыр чыкпайм. "Учуру келгенде"
деп басым менен суранды эле, Мустафа:-Аны өзүң билесиң да. Эми экөөбүз эки башка адам болуп калдык. Эгер, турмушка чыга турган болсоң бактылуу бол. Эки бала азырынча сенде болуп турсун. Айтмакчы, мен бул жакка чыгарда экөөнө эки жүз доллар берип келдим. Буйруса даабаттан аман-эсен кайтып келип калсам, дагы акчалай жардам берип турам. Бул эми менин милдетим-деп,
сөз бүттү дегесип ордунан турганда, Назиранын ичи эңшериле түштү. Кандайдыр бир баалуу буюмун жоготкон адамдай. Ал турсун таң калды "эки жүз долларды кайдан тапты"-деп.
Ушул саам билди адамдын көңүлү кандай назик экенин. Буга чейин эле уккан "Мустафа жаш келинди үйүнө киргизип алыптыр"-
деп. Эми аны өз көзү менен көрүп, ич ачышкансып турду. Мустафа баягыдай басынбай,өзүн эркин сезип, өктөм сүйлөгөнү Назиранын эжесин дагы таң калтырды. Андан дагы ал үйдөн узап баратканда,
Назира өзүн-өзү араң кармады. Болбосо аны "кетпе"
- деп айтып, этегине жыгылат беле. Бул да болсо алты жыл бирге жашаган жашоонун кедери болучу. Ушул саам билди, Назира өзүнүн күнөөсүн. Андан дагы өзүнө-өзү суроо берди "эмнеге мени менен жашап турганда Мустафа азыркыдай киши эмес эле, балким жаңы алган аялы жакшы чыгып, ушул абалга жеткиздиби?
"-деген суроого жооп таба албай, бир топко кыйналды. Бирок, Мустафа диндин оң жолуна түшкөнү менен жашоосу оңолуп, башка адамга айланганын Назира али түшүнө элек болучу
#44 21 June 2015 - 16:38
Мустафа, Заринаны кетирип жиберген соң, ичинен миң кайталап дуба кылды, Заринанын оңолушун. Анткени, андан кандайдыр бир сырды байкаган, жана ал гана өзүнө түшүнөөрүнө баам салган болучу. Адам баласы кыйынчылыкты башынан өткөрбөй туруп, ийгиликке жетишпейт эмеспи. Ал эми күндө майрам, күндө той кылган алкаштар кантип ийгиликке жетишет. Мустафа даабатка арнаган убактысы бүтүп үйүнө келди. Бул учурда айланыны күүгүм каптап, шам намазы окулуп болгон учур болучу. Мусфтафа мечиттен намазын окуп болуп, үйүнө келатып эле билди, Зарина үйүнө келгенин. Анткени, эшиктин алдындагы свет күйүп турганы эле анын келгенинен белги берген. Астананы аттаганда алгач көзүнө кадимкидей Назира элестеп кетти. Мунун себеби Зарина, Назиранын үйгө кийген эски халатын кийип жүргөн болучу. Мустафаны көргөндө Зарина баягыдай өзүн эркин сезбей, кадимкидей уяла түштү. Мустафа алгач салам берди.-Зарина кандайсың?-деп.
Бул берилген саламдын артында "өзүңдү эркин сез" деген сөз жатканын Зарина дароо түшүнүп:- Жакшы, өзүңүз кандай келдиңиз?-деп кайра суроо менен кайрылды. Экөө эски тааныштардай учурашкан соң гана ортодогу ыңгайсыздык жоголуп, негизги сөз уланды. Мустафа үйдүн ичи эле эмес, эшиктин алды дагы кадимкидей ирээтке келип калганын дароо байкап, ичинен Заринага ыраазы болуп, көзү толо карап:-Зарина,
абдан иштемчил турбайсыңбы.
Мен сага чын ниетимден ыраазымын. Эркек башым менен эшиктин алдын ирээтке келтире албай жүрдүм эле... Мактоо сөз кимдин гана көңүлүн көтөрбөйт. Заринанын төбөсү көккө жете сүйүнүп:-Дагы үлгүрбөй калдым. Сиз берген акчаны иштетип базарга дагы чыгып, калбадымбы дегенде Мустафа таң калып:-Эмне,
базарга чыкканга дагы үлгүрдүңбү?
-деди эле Зарина:-Үйдө бош жатканда эмне кылам. Наркы кошунанын сабизи менен картошкасын сатып алдым. Акчам жетпей калганда карызга алып эки күн базарда олтурдум. Эки күндө жети жүз сом акча иштеп, сиз келгенде ичсин деп, эт алып казанга салып койгом. Мустафа абдан таң калды Заринанын иштемчил жана табышкерлигине.
Канча болду үйүндө мындай кабак ачык тосуп алган киши жок болгонуна. Экөө тасмал четинде олтурганда гана чечилип сүйлөшкөнгө өттү.-Я, Зарина, сен баягыда үйдү кантип таап келдиң?-деди,
сөз улансын үчүн. Назира сорподон сыпаа ууртап:- Шаарга келсем, маршурутка жаңы гана жылган жатыптыр. Ага үлгүрүп калганыма сүйүнүп, олтурганда эле уктап калыптырмын.
Бул жакка келгенде жанымда олтурган киши ойготту. Ал бул жакта жашайбы, билбейм, ошол адам үйдү көргөзүп койду. Эшикти ачып эле өз үйүмө келгенсип, кайра уйкуга баш койдум. Ушунчалык чарчасам керек, эртеси чоң шашкеде араң ойгондум. Анан туруп картошка кууруп жеп өзөк жалгап алып, айылдын борборуна барып базарды көрдүм да энем эркек төрөгөндөй сүйүндүм. Анткени мен базарда иштеп калган соң, соода жолун жакшы билем. Алгач бааларды билип, анан эртеси эле соодага өттүм. Ошонтип, бул айылдын дагы жашоо шартына түшүнүп калдым деп, сөзүнүн аягына чыкты. Дагы ортодо ар кандай сөз козголуп, акыры Мустафа болгон күчүн жыйнап, араң дегенде сурады:-Зарина,
сен баягыда мага эмне сөз айтайын дедиң эле?-деп. Бул берилген суроонун артында, кандайдыр бир өзү күткөн сөз жатканын Зарина дароо байкап, уялыңкы жүз менен карап:-Эсимде жок. Ал кезде өзүңүз деле билесиз, мен кызуу эмес белем. Адам кызуу кезинде убадага бай болуп, адамдын көңүлүн өстүргүсү келип калат эмеспи. Балким, акча жактан жардам берээрмин деген ойго кабылсам керек-деп, Мустафа күтпөгөн сөз менен жооп берди. Анткен менен Мустафа кадимки тун сүйүүгө кабылган жаш уландай тартынып, өзүнөн ыйбаа кылган Заринаны көзү тойбой карап, анын арыкчырай бой келбетине эркектик сугун артып карап, жаш келинди сүрдөтүп жиберди. Чыныгы сүйүү бар жерде сөзсүз сүрдөө болоорун экөө тең байкашты. Заринага, Мустафанын бул көз карашы жагып, ансайын кандайдыр бир нерсе аң сезимин ээлеп алып, уурдана карады эле экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. Ушул саам Мустафа баягы мечиттен айткан алиги даабатка келген баланын "Даабатка чыксаңыз болгон көйгөйүңүз чечилет"-
деген сөзүн эстеди. Ал айткандай эле Заринага даабатта жүрүп кезикпедиби.
Ал түнү экөө ортодогу сыйды сактап калыш үчүн эки башка үйдө жатышты. Бирок, сөздөрү түн ортосуна чейин уланып, бири-бирине "үйлөнүп алалы"- деген бир ооз сөздү айта алышпай, бири-биринен сөз күтүштү, экөө тең чечкиндүүлүккө барып, айта алышкан жок. Бул да болсо бирин-бири сыйлагандык жана ортодогу жаңы гана пайда болуп келе жаткан улуу сезимдин баркын, баасын бийик туткандык эле. Анткен менен экөө бирдей ал түнү бирин-бири эңсеп, бирин-бири күтүп көпкө чейин уктай албай жатышты. Акыры учуру келип, уйкуга алдырып жиберишти. Эртең менен Мустафа, багымдат намазына убакытысын өткөрүп, кеч турду. Анын себеби канчалык такыба болгон күндө дагы, организмдин талабы, Мустафанын оюн бузганга себеп болгонун жашыра албайт эле. Канча жолу өзүн-өзү кармай албай төшөктөн, Заринажаткан бөлмөгө барууга даярданып туруп, кайра жатты. Эгер, кичине эле Зарина тараптан белги болгондо, анда ала жипти аттап, аны менен никеси жок эле бир төшөктө жатып калмак. Ушунчалык чыдап, араң гана карманып жатып, уктап кеткени абийир болгонун жашыра албайт болучу. Даарат алып келип, намаз окуганы жайнамазын жерге салып жатканда Зарина туруп сыртка чыкты. Анын эрте турганына эмне себеп болгонун ойлогончо, Мустафа намазын окуганга киришти. Намаз окуп жатып дагы анын ою алагды болуп, канча жолу заждага жыгылганынан адашып калды. Бул аял затынын азгырыгы экенин Мустафа ичинен ойлоп, намазын жаңыртып кайра окуду. Анан бир топко чөгөлөп олтурган бойдон ичинен кобуранып дуба окуду да, андан соң сыртка чыкты. Бул учурда Зарина самоорго чай коюп жаткан.-Зарина,
кандай эс алдың?-деген суроодон улам Зарина бери бурулуп:-Ыракмат,
жакшы. Намазыңыз кабыл болсун-деди,
жагымдуу жылмайып. Мустафа башын ийкеп:-Андай болсун. Эмне, мынча эрте турдуң. Мен, сени ойготуп албайын деген ойдо жакшы эле акырын кыймылдагансыдым эле, ага болбой сен ойгонгонуң мени таң калтырып жатат. Зарина болоор болбос кабагын түйүп:- Азыр мен сизге чай берип коюп, базарга барып келейин. Шаардан товар келмек эле. Бирок, тез эле келип калам. Бул айылдын эли соодага анча жок экен. Пайгамбар айткан го "береке соодада"-
деп. Ансыңары сооданын да жолун билген, адам баласы үчүн парз. Бир келген жашоодо жакшы жашап өткөнгө эмне жетсин. Ан үчүн иштегенди билиш керек. Мен учурунда чоң акча кармагам. Баары күйөөгө тийгени бузулду. Андан дагы тийген күйөөм обу жок кызганчаак болучу. Керек болсо телевизордогу болуп жаткан кинодогу кишиден да кызганчу. Акыры аракка берилип кетип, минтип мен талаада калдым. Дагы жакшы сизге жолугуп калганым. Мустафа бери жактагы арактын идишин көрүп, көзүн бакырайтып:
-Зарина тиги эмне?-деди сөздү бөлүп. Зарина ал көрсөткөн жакты карап:-Аа, ал сырга кошула турган нерсе. Үйдүн полун сырдап койсомбу деген ойдо ала келгем. Тиги бөлмөдө эски сыр бар экен го, ошого кошсомбу дедим эле. Анан сизден бир ооз сурайын деп, токтоп калгам. Мустафа чын ниети менен берилип иш кылган Заринага ичи жылып:-Зарина,
мен сага абдан ыраазымын-деп калаган сөзүн таппай калды да, ушундай бир башкача көз караш менен карады. Бул көз караштын артында "мага турмушка чык"-деген сөз жатканын анын көзүнөн окуп билген Зарина, уялып жер карады. Сөз ошону менен уланган жок. Мусафа таңкы наарга олтурганда:
-Зарина, сен азыр ишиңе барып келип үйдө бол. Мен иштерим менен коңшу айылга барам. Эгер, бүгүн келбей калсам, сен өз үйүңдөй эле жата бер. Эми сен, бул үйдүн кожоюнуна айланбадыңбы-
деди эле, Зарина болор болбос кабагын түйүп:- Кеч болсо дагы келгенге аракет кылыңыз. Бир үйдө жалгыз жаткан жаман экен. Эркек болсом да бир жөн эле. Мустафа тамашага чалып, ууртунан жылмайып:- Мага дагы жаман экен. Түндө өзүмдү-өзүм араң эле кармадым. Сендей сулуу келин менен бир үйдө эки бөлөк жаткан, түшүнгөн адамга өтө эле кыйын. Мен, динге берилген үчүн, сенден алыс болоюн деп гана ушул жолду тандап алдым. Зарина уялыңкы түр менен:-Мен дагы сизди түндө качан келет деп, күттүм. Эгер сизден башка эркек болгондо, анда азыр али төшөктөн турбай жатат эле. Сиздин эркиңиз күчтүү экен. Бул айтылган сөз менен анын дагы көңүлү бар экенин ачык билген Мустафа чай ууртап, оозу бошогондо: -Зарина кел экөөбүз үйлөнүп алабыз. Кааласаң мен бүгүн эле нике кыйдырам, сага. Зарина ушул сөз айтыларын алдына ала билген. Ал турсун суроо дагы камдап койгон. Берилген суроону жоопсуз калтырып, бир топко ойлонгон адамдай кыз каадасын кылып:-Бул темада анан кечинде сүйлөшөлүчү.
Азыр мен ишке барайын деди, көңүлү бар экенин жүзүнөн билгизип. Мустафа макул экенин башын ийкеп билгизди да:-Зарина, бул жерди мен эле жыйнап коём. Ишиңе бара бер, кармалбай. Эки колун жүзүнө тартып бата кылган Зарина, элпек кыймылдап, стол үстүн ирээтке келтире салып, шашып сыртка чыгып баратканда Мустафа узута карап:-Зарина,
сенден сураныч эрте келгенге аракет кыл. Мен сени күтөм!-деди,
сүйүнгөнүн билгизип. Зарина, артын карап:-Сиз эч жакка кетпеңиз. Эмне ала келейин?-деп суроолу караганда Мустафа:-Эч нерсенин кереги жок, бир сенден башканын. Эх, жакшы сөз, жакшы көрүп калуу, кандай жакшы. Бул айтылган сөз менен Зарина өзүнө канча кубат алды. Жаракшыктуу жылмайып:- Жакшы туруңуз, мен келгенче!
-деп, араң жабылган дарбазанын эшигинен сыртка чыгып кеткенде, Мустафа дарбазанын эшигин оңдоп койбогону үчүн өзү-өзү жаман көрүп кетти да, дароо балка, мык алып келип аны оңдогонго киришти. Баам салган кишиге көңүл ачык туруп жасаган иш кандай ийгилигин берет. Мустафа өзү жасаган эшикке таң калды. "Чын эле мен жасадымбы"
деп. Ушул саам билди уста экенин. Албетте буга Заринанын деми күч бергенин Мустафа таңазар алган жок. Көңүлү өскөн Мустафа жаңы эле ишин бүтүрүп, колун жууп жатканда Зарина келип калды. Баштык толо тамак аш алып алган. Анткени ишинен ойго келбегендей киреше түшкөн болучу. Аны Мустафага айткан жок. Андан дагы ичкери кирип эле:-Сиз уста турбайсызбы.
Эшикти жакшы кылып оңдоп коютурсуз. Анын баамчыл экенин байкаган Мустафа:- Жакшы жабылып калыптырбы?
- деди мактанганын билгизип. -Ооба, кирип чыкканга алда канча ыңгайлуу болуп калбадыбы. Уста жалдап жасатыш керек го деп, ойлоп жаткам. Мустафа, сугун арта карап, бир нерсе деп айтайын деп оозун камдап алып анан кайра айткан жок. Бир чети айтпаганы деле дурус болгонун кеч баамдады. Анткени сырттан даабатка чогуу барган Адилет деген бала баш багып калды. Аны менен учурашкан соң эмнеге келгенини билүү үчүн суроолуу карады. Адилет өзү жаш болсо дагы дин жагынан абдан сабаттуу. Сөз учурун келтирип:-Сизди,
Капар дамбылда кечинде машфарага келип катышсын деди. Бүгүн коңшу айылга барбай калдык дегендей айтты. Мустафа сакалын колу менен сылап:-Макул,
мен анан бешим намазына барам, ошондо калган сөздү кенен сүйлөшөбүз.
Азыр, бара берсең болот-деди эле, Адилет:-Максүттү ээрчите келсеңиз дурус болмок. -Макул, аны кечинде эле айткан. Адилет чыгып кеткенде Мустафа, Заринанын жанына жакын келип:- Зарина, эмнегедир эле мен, сени бир мүнөт көрбөй калсам сагынып кеткен абалга кабылдым. Азыр, сен келгенче колум иште болгону менен оюмдун баары сенде болду. Бул балким "кеч келген сүйүүбү"-
деп ойлоп калдым. Зарина мыйыгынан жылмайып:-Молдо киши дагы сүйөбү?-деди,
тамашага чалып. Мустафа өзүн-өзү кармана албай калды да, Заринаны имере тартып:-Молдонун дагы жүрөгү бар-деп,эбин келтирип бетинен сүйдү. Мындайды күтпөгөн Зарина болор-болбос каршылык көрсөтүмүш болду да, Мустафанын эрки менен болду. Таттуу өбүшүү жана бири-бирине берилүү бир топко созулуп барып, анан токтоду. Бет ачылып калган соң, экөө үйлөнүүнү тездетүүгө кам урушту.
#45 21 June 2015 - 16:42
Назира таң атканча уйку бетин көргөн жок. Чар жайыт ойлор башына биринин артынан бири келип жатып, түнкү саат төрт жарымда гана уйкуга алдырып жиберди. Эртең менен Айзада ойготпогондо ишине кечигип барат беле, ким билет. Уйкусу канбай калганга төшөктөн эптеп эле турду. Эмне болгон күндө дагы уйкудан өткөн таттуу эмне бар. Уйкулуу көзү менен сыртка чыгып келе жатып, кечинде Мустафа олтурган столду көзү чалып, дагы аны эстегенге үлгүрүп "шаарда таанышы жок, кимдин үйүнө барып түнөдү болду экен" деп, аялдык аёо сезим менен санаа тарткан болду. Бетин чайып, таңкы тамакка олтурганга чейин, бир гана Мустафа оюнан кеткен жок. Ишине шашыла басып келе жатканда оюн бузуп, өзү күтпөгөн Турат, жолдун имерилишинен чыгып калды. Эх, шашканда бул дагы Назира үчүн жакшылыктын жышааны болуп, кабагы жаз күнүндөй ачыла түштү. Тураттын машинасына олтуруп жатып:-Сен, кайдан?-деди.
Бул берилген суроого Турат жооп бергенге шашылбай, машинаны ордунан жылдырып жатып:-Сени күтүп. Таң атканча менден уйку качты. Сага үйлөнмөйүн бул сага арнаган сүйүү менин жанымды жай алдырбай калды өңдөнөт. Мен, эртең айылга барып молдокеден уруксаат сурап келсемби деп ойлоп жатам-деди да, эмне кеңеш айтасың дегенсип суроолуу караганда, Зарина адатынча жагымдуу жылмайып, бир нерсе айтчуудай оозун камдап барып, бирок айткан жок. Негизи эле аял затына, өзгөчө кабак ачык жүргөн кандай жакшы жарашат. Назира ууртунан жылмайганда,
бетиндеги уяча өзүнө абдан жарашып, Тураттын көзүнө перинин кызынан артык сулуу көрүнүп кетти. Бул көрүнүш менен жашоо дагы кызыктуу сезилип, Турат машинаны жолдун жээгине токтоткондо,
Назира шашканын билгизип, колун жаңсап:- Турат, сенден сураныч. Иштен кечигип жатам. Кечинде жумуштан чыкканда, мен сага абдан жакшы жаңылык айтам. Ага чейин демиңди ичиңе катып, күтө тур. Мен дагы түндө сени ойлоп жатып, таң атканда уктап, кеч туруп иштен кечигип калдым. Бүгүн абдан зарыл иш бар болучу. Жаңы заказ келген. Шеф атайын эскертти эле "эрте келгиле" деп. Турат, жүйөөлүү айтылган сөзгө муюп, машинаны тез айдап, Назираны ишине жеткизип:-Назира?
- мен, сени саат беште так ушул жерден күтөм. Эми мен үчүн кечтин кирмеги азап болот го. Эптеп, сени көрүү үчүн таңды аттырдым эле... Назира дагы күлүп:-Баардык нерсеге азап менен жеткендин акыбети жакшы кайтат. Сен кандай азап чексең, мен сенден эки эсе ашык азап чегип жатканым сага билинген жок. Эркектер эч нерсеге чыдамыңар жок, и, баса досуң үйлөндүбү?-деп сурады эле, Турат:-Мен барсам, Россиядан бир тууган жээни машинасы менен келип калып, мен барбай калдым. Бир чети туура эле болду. Назира сөздү угуп болуп, шашканын билгизип болоор-болбос колун жаңсап жакшы кал дегенсип, тез-тез басып ишинин астанасын аттады.Турат,
эми даана санаага батты "Назира эмне сөз айтат болду экен"-деп.
Андан дагы "жакшы жаңылык"-
дегени, Туратты абдан кызыктырды.
Жакшы сөз, жакшы жаңылык, жакшы кабар угуу адам баласы үчүн өмүр узарганга тете эмеспи. Турат үчүн эми өзү айткандай убакыт өтпөй, сааттын жебеси жылбай калды. Газета саткан күркөөгө барып, алаксыш үчүн газета сатып алып, көз жүгүртүп окумуш болду. Бирок, башына эч нерсе кирген жок. Болгон дитин Назиранын айткан сөзү ээлеп алып "ал эмне жаңылык айтат болду экен" деп, ою менен ал айтчу жаңылыкты издеди. Канча аракет кылса дагы ылайыктуу эч нерсе таба алган жок. Бул да болсо таза сезимдин, таза ойдун, таза берилүүнүн,
таза эңсөөнүн, таза түйшүктөнүүнүн бир белгиси эмей. Айтмакчы, жасалмалуулук орун алган жерде, эч качан түйшүк тартуу болбосуна турмуш өзү күбө. Кеч киргенге чейин Турат, жай чилдесинде орозо кармаган кишидей эле, улам кол саатын карай берди. Ан сайын убакыт токтоп калгандай сезилип, чыдамы кете баштады. Акыры, күткөн учур келип, жарым саат эрте болжошкон жерге жетип, Назираны күттү. Назира ушуну алдына ала билип, ишинен эрте чыккан. Айткандай өзү үчүн деле убакыттын өтүшү азаптын азабы болду. Назираны көргөндө Турат энеси эркек төрөгөндөй сүйүнүп, машинасынан сыртка чыга калганын өзү дагы билбей калды. Назира айткандай, эркектердин чыдамынын жоктугун Турат ушул жолу кыймыл-аракетинен эле билгизип койду. Акыры экөө ээн жерге келгеде Назира, "Мустафа кечинде келип, үйлөнүү үчүн уруксаат сурап кеткенин, ал турсун ал дагы турмушка чыкканга уруксаат бергенин"
бир баштан кобурап, күтпөгөн жаңылыкты айтканда, Турат сүйүнгөнүнөн Назирага ээ бербей бети-башынан өпкүлөп, кадимки жаш баладай сүйүндү. Анын жүрөгүн өйүгөн Мустафадан уруксаат алуу болучу. Минтип иш оңунан чыкканы, Туратты баштагыдан он эсеге ашык сүйүнтүп, бул дүйнөдө өзүнөн башка бактылуу адам жоктой сезилип, көздөрү кубанычтан жайнап, дагы шашып кетти. Назира, Тураттын чын ниетинен сүйүнгөнүнө ичи жылып, башын ага жөлөп, бакытка тунуп турду. Тураттын ар бир өпкөнү жүрөгүндөгү тоңуп калган кышты жылытып, чыныгы сүйүү бар экенине ишенип, денеси балкып эзилип турду. Ан сайын Турат берилүү менен бул дүйнөнү унутуп салып, машинанын ичи чоң бөлмөдөй сезилип, Назираны сыга кучактап, алкымына аймалап өбө берди. Назира, анын эрки менен болуп, тырмагынын учунан төбөсүнө чейин жагымдуу дүркүрөп, өзүнө-өзү ээ боло албай, жаны чыгып кетчүүдөй абалга жетип, кумарлуу онтогонун өзү дагы сезген жок. Бул жашоону унутуп калган экөө үчүн бул кеч түбөлүккө эстен кеткис күн болуп калганын жашырып болбойт болучу
#46 21 June 2015 - 16:43
Убакыт өз нугу менен өтүп саат күнгө, күн айга, ай жылга айланып бир кезде бирге түтүн буулаткан Мустафа менен Назира өз теңдерин таап, жүрөктөрү каалаган адамдары менен баш кошушуп, жашоодогу сапарлары андан ары уланып, жетишкен жашоого жетишип, өздөрүн түшүнгөн жуптары менен дагы балалуу болушту. Назира, өзүнө окшош эки жаштагы кызын ээрчитип айылга келип, Мустафаны көрдү. Аны баягы үйгө келип уруксаат сурап кеткенден бери көрө элек болучу. Бир кездеги өзү менен жашап жүргөндөгү жупуну кийинген Мустафа жок. Такыр болуп көрбөгөндөй өзгөрүп, таза кийинип, салабат күтүп, алда канча кадырлуу кишидей салмактуу кадам таштап, сакалдуу эки киши менен маанилүү сөз сүйлөп баратканы Назиранын көңүлүн өзүнө бурду. Ал сөзгө берилип алган үчүн, алдынан чыккан Назираны көргөн жок. Айткандай, Назира кайра сүйүндү, анын байкабай өтүп кеткенине. Бирок, Мустафаны ушунчалык оңолот деп эч ойлогон эмес. Оюнун баары бир гана аял заты болгон адамды, кантип ушул абалга жеткирген "анын кийинки аялы кандай болду экен?" деп, Заринаны көргөнгө абдан кызыктар болду.Зарина айткан сөзүнө туруп, жашоосу оңолгондо күйөөсүнө барып көрүндү. Ким-кимдин багын байлап жүргөнүн иш жүзүндө көргөзүп, көчөдө ичип жүргөн Нурдандын алдынан чыгып, аны жаман көзү менен карап, эч сөз айтпастан бир купюра беш жүз сомдуктан бирди берип:-Нурдан,
мен сага айттым беле "багымды байлаба!?"
деп. Ме, бул акчаны керегиңе жаратып ал!-деди да, тетири бурулуп басып келип, айдатып барган машинага олтуруп, артын карабай кетип калды. Нурдан түш көргөн адамдай таң калып калды. Ичинен арданды, бирок сыр бербегенге аракет кылды. Анан алкаштык тайыздыгына тартып, үнүн чыгарып сөгүнгөн болду. Аракка берилген адам сөгүнгөнүн дагы кандайдыр бир "баатырлык"
деп ойлойт эмеспи. Ичкиликтин итчилиги ушул экенин Нурдан билгизип турбайбы. Эркек болуп туруп аялынан ушул сөздү укканына намыстанып калбай, сөгүнгөндөн күчүн чыгарганы бул адамдык сапаттын тайыздыгы эмей... Бирок ал үчүн чоң олжо Зарина берген акча болучу. Ошентип, бир аял затынын багы байланган молдодон, бир аялзатынын багы ачылганы, бул да болсо бир келген жашоонун оош-кыйышы экенин ким тана алат. Назира, атайын аңдып жүрүп Заринаны көрүп, анын сырт келбети өзүнө окшош экенин байкап, таң калып калды. Бирок, ал кантип Мустафаны киши катарына кошту, ага акылы жеткен жок. Бул маңдайга жазган жазымыш жана нике кайып, буйрук экенин убакыт гана тараза болуп көргөзө алды.
Аягы.
Аягы.
#47 23 June 2015 - 09:51
Сонун чыгарма экен. Бул жакка жазып илген авторго рахмат. Кутуу деген ой болгон жок, кана эми калган авторлор дагын баарын ушинтип эле жазып салышза.
#49 04 July 2015 - 00:53
Абдан жакшы чыгарма. Кээ бир жерлеринен атеист киши жазыпьыр деп да ойлоп кетип жаттым

Супер-Инфо
super.kg
видео









