Чайдын чамасын төкпөй пайдалуу ишке колдоно билиңиз
• Чайдын чамасын үйдөгү бөлмө өсүмдүктөрүнүн идишине салып койсо, андагы топурактын нымдуулугу көпкө сакталат. Мындан сырткары, ал семирткич катары жакшы натыйжасын көрсөтөт.
• Кургатылган чаманы көмүргө аралаштырып жакса, анын табы көпкө сакталат.
• Ар кандай айнек идиштер, күзгүлөр, терезелер кирдеп калган учурда чайдын чамасы чыланган суу менен сүртсөңүз тез тазарып, туптунук болуп калат.
• Кургатылган чайдын чамасын жагымсыз жыттанган үйдүн айланасына төгүп, от коюп жиберсе, ар кандай жаман жыттар тез кетет.
• Жыттанып калган идиш-аяктарды азыраак чайдын чамасы салынган сууда он мүнөт кайнатса, жыты кетип калат.
• Кургатылган чайдын чамасын жаздыкка салып койсо, жаздыктар жыттанбай жагымдуу жыт пайда кылат.
• Үй ичинде кургатылган чайдын чамасын түтөтүп койсо, үйгө чиркей, чымын жолобойт. Ошондой эле, майда микробдор өлүп жок болот.
• Таза чай чамасына туз кошуп, жумуртка бышырса даамдуу болот.
• Сарымсак, пияз жегенден кийин ооз жыттанып калса, кургак чайды чайнап койсоңуз жыты кетип калат.
• Чайдын чамасы менен кирдеген идиш аяктарды, казанды, жыгач отургучтарды жууса, өңүнө чыгара жылтыратат.

Супер-Инфо
super.kg
видео








