* * *
Күндөрдүн биринде Туфейл мекени Тихаманы[2] сүрөлөрүн окуп берди. Аллага касам ичем! Ойлонуп көрсөм, мындай сөздөрдү, мындай кара кылды как жарган адилеттүүлүктү эч качан укпаптырмын.
Ошондон кийин ага колумду сунуп, Алладан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Мухаммад анын кулу жана элчиси деп күбөлүк бердим да, ислам динин кабыл алдым.
Ошентип мусулман болдум.
* * *
Андан соң бир топ убакыт Меккеде ислам негиздерин үйрөнүп жүрүп калдым. Курандын кээ бир сүрөлөрүн жаттадым. Үйүмө кайта турган да күн келди.
– Эй, Алланын элчиси! Мен өз элимдин бийимин. Барарым менен буюрса, аларды динге чакырам, ошон үчүн Алладан мага бир белги берүүсүн сенден суранар элем, – деп кайрылдым.
«О, Жаратканым!
Туфейлге өзү каалаган белгини ата кыл. Көздөгөн максатына жетсин!», – деп пайгамбар дуба кылды.
Мен киндик каным тамган жерге зуулдап жөнөп кеттим. Колоттон ашып, алыстан айылым көрүнгөн кезде, маңдайма бир жарык нур пайда болду. «О, Алла, бул жүзүмдөгү жарыктык белгини башка жерге орнот. Өз дининен чыккандыктан,
кудайчалар Туфейлди ушундай кылып жазалаптыр деген ойго келишпесин» дедим. Жарыктык нур камчымдын учунда пайда болду, эл менин камчысына чырак таңып алган го дешиптир, кийин билсем. Аларды көздөй тоонун боору менен акырын бастырып бараттым.
Биринчилерден болуп карыган атам тосуп чыкты.
– Бүгүндөн баштап мен сенин уулуң эмесмин, сен менин атам эмессиң, – дедим.
– Ай, уулум. Бул эмне дегениң! – деп, аң-таң калды.
– Мен ислам динин кабыл алдым. Мухаммад (ага Алланын зор мактоосу жана тынчтыгы болсун) жолуна түштүм.
– Уулум, сенин диниң – менин диним, – деди атам.
– Андай болсо, атаке, барып жуунуп, тазаланып кел. Сага билгенимди үйрөтөйүн, – дедим.
Атам жуунуп, тазаланып, жетип келди, ага уккан көргөнүмдүн баарын төкпөй-чачпай айтып бердим. Ал узакка ойлонуп олтурган жок, дароо эле динди кабыл алды.
Андан соң жубайым келди:
– Сенин төрт тарабың кыбыла, кайда барсаң өз эркиң. Бүгүндөн тартып сен менин аялым эмессиң, мен сенин күйөөң эмесмин, – дедим, ага шашкалактап.
Ал уккан кулагына ишенбей, дендароо боло түштү да:
– Атам-апам сага курман болсун! Бул эмне дегениң?, – деди.
– Экөөбүздү бөлүп турган нерсе ислам дини. Мен бул жаңы динди акыйкат деп билип, аны кабыл алдым.
– Сенин диниң менин да диним, – деди.
– Айтканың чын болсо, тур «Зу-аш-Шара»[4] согушунда Амир атасы сыяктуу биринчи сапта ажалды оозуна тиштеп, эч жалтанбай ажаан душмандын адебин берип, аёосуз салгылашып жатып, шейит болот.
* * *
Шейит болгон ата-балага Алла Таала ырайым кылсын!!
!
[2] Курандын 112,1133,114 –чү сүрөлөрү.
[4]бул эң ири согуштардын бири болуп эсептелинет,
мусулмандар византиялыктардын үстүнөн зор жеңишке жетишет.
Сахабалар Келгиле сахабалар жонундо ойпикирлерди жазабыз.
#61 22 June 2015 - 01:48
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!

#62 22 June 2015 - 03:02
Абдулла ибн Хузафа ас-Сахмий
«Хузафанын уулу Абдулланын башынан өбүү – ар бир мусулман үчүн милдет. Аны эң биринчи өзүм баштаймын»
(Аль-Хаттабдын уулу Умар.)
Бул окуянын каарманы пайгамбардын улуу сахабасы, эр жүрөк баатыры, Сахмийлик Хузафанын уулу Абдулла. Жашоосунда из калтырбай, тарых беттеринде белгисиз болуп кеткен миллион-миллиондогон арабдардын катарында биздин каарман да өтөөрү толук ыктымал эле. Бирок тарыхтын ага көңүл бурбай, андан жүзүн буруп коюусуна ислам дини жол бербеди. Башкача айтканда, Ислам дини Абдуллага чоң мүмкүнчүлүк берди. Ага жер бетине ээлик кылып, дүйнөнү дүңгүрөтүп бийлик жүргүзгөн парстардын падышасы Хосров менен жана Византиянын императору менен жолугуу милдетин жүктөдү. Бул кезигүүлөрдүн ар бири өзүнчө укмуш окуя, алар тарых баракчаларына алтын тамга менен басылган, алар түбөлүккө унутулбай сакталып кала берери шексиз.

#63 22 June 2015 - 03:04
* * *
Парстардын падышасы Хосров менен жолугуусу хижранын[2] аттуу жердин тургунударынан араб жазуусун тааныган бирин алдырып катты окутту.
Кат мындай таризде жазылган: «Ырайымдуу жана Мээримдүү Алланын ысымы менен... Алланын элчиси Мухаммаддан парс падышасы Хосровго. Акыйкаттын жолуна түшкөндөргө тынчтык болсун...»
Каттын башында айтылган пайгамбардын сөздөрүн угаар замат Хосровдун заары бетине чыгып, күрөө тамыры көөп, жини кайнады. Пайгамбар катты эң алды өзүнөн баштаганы анын кыжырын келтирди. Кандай маани-маңызда жазылганын билгиси да келген жок. Аягына чейин окутпастан, катты тилмечтин колунан жулуп алып, тытып-тытып жиберди:
– Ал кантип мага ушундай кайрылуу жасады ыя?! Ал деген.., менин кулум да!.. – деп бакырды.
* * *
Андан соң Абдулланы кабылдамадан чыгарууга буйрук берди. Хан сарайдан чыгып бара жатып, ага, эми эмне болору кызык болду. Хосров өлтүрөр бекен, же коё берип жибереби деген ар кандай ойлор башына келди. «Мен өзүмдүн милдетимди аткардым. Баарын пайгамбар айтканындай жасадым», – деп өз ичинен кобурайт да, шарт төөсүнө минип, Мединаны көздөй чуу коёт.
Жини кайтып, жаны жай алып калган кезде Хосров Абдулланы алдына алып келүүгө буюрду. Бирок аны эч жерден издеп таппай калышат. Араб жергесине кете турган жолдорду бүт тинтип чыгышса да жок. Анын мындай ылдамдыкта из суутуп кеткенине таң калышат.
Абдулла пайгамбардын алдына жетип келип, болгонун болгондой төкпөй-чачпай айтып берет. Хосровдун пайгамбардын катын тытып салганын укканда, Алланын элчиси: «Алла Таала анын бийлигин тытты», – деп эле коёт.

#64 22 June 2015 - 03:06
* * *
Ал эми Хосров болсо Йемендеги бийине төмөнкү мазмунда кат жазат: «Хижазда пайда болгон кишиге кол алдыңдагылардын күчтүү экөөсүн чаптыр, алар аны алдыма алып келишсин ...» Базан бий мыкты делген эки кишисин пайгамбарга: «Йемендин бийи Базан сени Хосровдун алдына тез, эч кечикпестен барууга буйрук берет» деген таризде жазылган кат жиберет. Ошондой эле Базан бий чабармандарына пайгамбар жөнүндө, анын дини тууралуу болгон маалыматтары жыйнай келгиле деп буйрук берет. * * *
Чабармандар бийдин буйругун алар замат, токтоосуз учуп жөнөшүп, ат-Тоиф аттуу жерге жетип келишет. Алар ал жерден курайш элинин соодагерлери менен кезигип, пайгамбардын дайынын сурамжылашат. Пайгамбардын Йасриб шаарында экенин билишет. Соодагерлер кубанычтары коюндарына батпай, Меккени көздөй аткан октой учуп жөнөшөт. Меккеге курайш элин куттуктап киришет:
– Сүйүнгүлө! ...
– Сүйүнгүлө!
– Мухаммаддын иши чатак, ага Хосровдун өзү киришиптир. Эми анын зыяны силерге тийбейт...
Ал кезде Базан бийдин эки чабарманы Медина шаарын көздөй бет алып жүрүп олтурушту. Шаарга жеткен соң пайгамбарды тез эле табышып, Базандын катын узатып жатып:
– Падышалардын падышасы сени анын алдына алып келүүнү биздин бийибизге буйрук берди... Ошондуктан сени алып кетүүгө биз келдик. Эгер сен макулдугуңду берсең, биз сен тууралуу Хосровдун өзүнө жакшы пикир айтабыз. Ал сага жамандык кылбайт. Көнбөй турган болсоң, Хосровдун кудуретин, күчүн, сени жана сенин элиңдин тымтыракайын чыгарып жиберүү жөндөмдүлүгү тууралуу сага айтуунун кажети деле жоктур – дешет.
Алланын элчиси (САВ)жылмайынкы гана:
– Конгон жайыңарга барып, эс алгыла, жоопту эртең угасыңар, – дейт.
Чабармандар эртеси таңга жуук келишип: «Биз менен кетүүгө даярдык көрдүңбү? Кеттикпи?», – деп пайгамбардан сурашканда, Алланын элчиси Мухаммад (САВ):
– Силер эми Хосров менен такыр көрүшпөйсүңөр. Себеби бул айдын баланча күнүндө Алла Таала Хосровду баласы Ширавейханын колунан ажалын таптыртты, – дейт.
Уккан кулактарына ишенишпей, пайгамбарга тигиле карап, экөөнүн ооздору ачылып, аң-таң болуп, турган жерлеринде селейип калышат. Бир азга мостоюп туруп, анан бирөөсүнүн тили араңдан зорго күрмөөгө келип.
– ...Се...н...н... эмне деп жатканыңды, билесиңби ыя? – деп акырая карап – Эмне Базанга ушинтип айтып баралыбы?..
«Ооба, – дейт пайгамбар. – Дагы Базанга бул сөзүмдү айта баргыла, менин диним Хосров ээлеген аймактардын баарына жетет. Эгерде ал менин динимди кабыл алса, өз бийлигин өзүнө толук калтырып, бүтүндөй парсы элине падыша кыламын».

#65 22 June 2015 - 03:08
* * *
Чабармандар пайгамбардан чыгып, түз эле Базанга чапкылап жөнөшөт, ага жетип уккандарынын баарын айтып беришет. Маалыматты толук алган Базан мындай дейт: «Эгер Мухаммаддын айткандары чын чыкса, ал анда – пайгамбар. Ал айткандай чыкпай кала турган болсо, анда аны менен эмне кылаарыбыз жөнүндө ошол кезде сүйлөшөрбүз. ..»
Андан көп узабай Базан Ширавейхадан кат алат. Кат төмөнкү мазмунда жазылган экен:
«Мына ошентип, мен Хосровду өлтүрдүм. Кан соргуч зулумга жем болуп, канча жылдан бери жабыр тартып келе жаткан элимдин абалын көрүп олтуруп, чыдамым кетти. Хосров өзү билип, өтүгүн төргө илип, канча деген көрүнүктүү эр азаматтарыбыздын башын жеди, канчалаган ай-жамалдуу сулуу-сулуу кыздарыбызды өзүнө күң кылды, элибиздин болгон байлыгын бүт менчиктештирди. Эми мунун баары артта калды. Бул катты аларың менен өзүң жана кол алдыңдагылардын баары мага баш ийүүгө ант бергиле».
Базан катты окуп бүтүп аны арт тарабына ыргытып ийди да, ислам динин кабыл алгандыгын жарыялайт. Йемендеги парстардын баары аны менен кошо ислам динине моюн сунушат. * * *
Хузафа уулу Абдулланын парстардын падышасы Хосров менен жолугуу баяны ушундай.
Ал эми Византиянын императору менен кезигүүсү кандай болду экен?..
Бул кездешүү мусулмандардын экинчи өкүмдары Хаттабдын уулу Умардын (андан Алла ыраазы болгон болсун) бийлик тизгинин колуна алган мезгилде болгон. Бул жүздөшүү тарыхта эң эле кызыктуу, эң эле ажайыптуу окуялардын бири катары белгилүү...
Хижранын
[2] аль-Хира-Ирактын кичинекей району, ан-Нажар менен аль-Куфанын ортосунда жайгашкан.
[3] Мусулмандардын жыл санагы, пайгамбар Меккеден Мединага көчгөн жыл. Ошол себептен «хижра»-көчүү дегенди түшүндүрөт.

#66 22 June 2015 - 03:11
Умайр ибн Вахб
«Арийне, Умайрдын уулу Вахб өзүмдүн кээ бир балдарыма караганда жакыныраак болуп калды» (аль-Хаттабдын уулу Умар)
Аль-Жумахийлик Умайрдын уулу Вахб мусулмандар менен курайш элинин ортосунда болгон «Бадр»[2] жанында олтурган Умайя уулу Сафванды алыстан эле байкайт. Ага жакын барып:
– Кутман таңыңыз менен! Курайш элинин жол башчысы!, – деди.
– Кутман таңың менен! Вахбдын атасы, – деп Сафван жооп берди да, сөзүн улады, – жай ал, эл-эркин, аз да болсо кобурашып убакытты өткөрөлү.
Умайр Сафвандын жанына отура кетти. Эки киши аркы-беркиден кеп салып олтуруп, «Бадр» согушун, анын аягы жаман аяктагандыгы жөнүндө сөз козгоп, кейип-кепчип киришти. Пайгамбар Мухаммаддын (САВ) жана анын сахабаларынын (алардан Алла ыраазы болгон болсун) колдоруна түшкөн туткундардын баарынын ысымдарын дагы бир ирет атап, эсептеп чыгышты.
Мусулмандардын кылычынын соккусунан ажал тапкан курайш элинин атактуу баатырларынын денелери суусу соолуган «Кулаиб» аттуу кудуктун түбүндө түбөлүк чирип, жок болоорун эстешип, курман болгондордун сөөктөрүн сыйлап, чала-була өкүрүп да алышты.
Терең күрсүнө Сафван:
– Аллага ант ичем! Алар эң эле мыкты инсандар болучу. Азыр, андай адамдар арабызда калбады, – деп сөз баштады.
– Аллага касам ичем! Акыйкат кеп айттың... – деп, Умайр анын сөзүн кубаттап, анан бир азга сөз катпай отуруп, кайра сөз кезегин алды: – Каабанын ээсинин ысымы менен ант берем! Аттигиң, арман! Эгерде ушул мойнумдагы карызым болбогондо. .. же аны кайтарар каражатым болгондочу. .. андан дагы балдарымдын жокчулуктун кесепетинен дүйнө кезип, тилемчи болуп кетээринен коркпогонумда. Мединага жетип Мухаммаддын жанын сууруп, жамандыктын түп тамырын биротоло кыркып келмекмин. Мына ошондо гана башыбызга түшкөн балээден түбөлүк кутулмакбыз, – деди үнүн бир аз басаңдатып. – Мен Йасриб шаарына барсам, мага алардын бири да шектенбейт, анткени аларда менин уулум бар.
– Уулуна келген тура, – деген божомолдо эле болушат, – деп кошумчалады.
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#67 22 June 2015 - 03:13
* * *
Умайрдын сөздөрүн дыкаттык менен тыңшап отурган Сафвандын мээсине: Мындай учурду колдон чыгарбай, пайдаланып кал! – деген ой кылт этип келе калды, ал шарт Умайрга бурулуп карады да, абалдан чыгуунун жолун тапкан кишидей жойпулана:
– Эй, Умайр. Сенин кандай гана карызың болбосун, мына мен өзүм төлөйүн. А, балдарың жөнүндө такыр кыжалат болбой эле койсоң болот. Анын жарасы жеңил, алардын баарын үйүмө алып келебиз, менин балдарым менен чогуу чоңоё беришет. Өзүң билесиң байлыгым кудага шүгүр эле, эки үй-бүлөнү багууга кенен-чонон жетет. Аларды эч нерседен өксүк кылбайм, андан кам санаба – деп сунуш киргизет.
– Андай болсо, экөөбүздүн бул сөзүбүз ушул жерде көмүскөдө калсын. Эч бир жанга чыгара көрбө!, – деди Умайр.
– Сөз берем!, – деди Сафван.
* * *
Умайр акырын ордунан козголду, Мухаммад (САВ)га кастары тигилип, дили карайып, тулку боюн кек алуу кара ниеттин жалыны каптап, өзөгүн өрттөп чыкты. Буркан-шаркан түшүп катуу ачуулануу менен үйүнө карап жөнөдү. Ойлогон ишин мүдөөгө ашыруу үчүн катуу даярдык көрө баштады. Ошол кезде курайш элинин көпчүлүгү Йасриб шаарына барып, мусулмандардын кол алдында туткун болгон жакындарынын кунун төлөп, бошотуп келип жатканы ага дем берип жатты. Ошондуктан андай деле кабатырланбады, алардын бири катары барсам, эч бир жан күмөн санабайт – деген бекем ишенимде болду.
Умайр кылычын жалтылдатып курчуттуруп, аны уу менен шыбаттырды да, минген төөсүн жабдыктап, сапарга керек болгон бардык нерсени даярдоого буйрук берди. Айтканын-айткандай орундаткан кызматкерлери бир саамда төөсүн алдына жетелеп келип калышты. Ошентип, кабагы түнөрүп, ачуусу келген кусаматтуу Умайр Йасриб шаарын көздөй бет алат.

#68 22 June 2015 - 03:14
Йасриб шаарына жетери менен эки жакты кылчаң-кылчаң карап коюп, төөсүн түп-түз мечитти көздөй бастырды. Болду, болбоду Мухаммад (ага Алланын зор мактоолору жана тынчтыгы болсун) ошол жерде болот деген ойдо болду. Мечитке жакын калган кезде төөсүнөн секирип түштү да, аны бош коё берди.
* * *
Дал ошол мезгилде мечиттин алдында аль-Хаттабдын уулу Умар (андан Алла ыраазы болсун) бир нече сахабалар менен уй мүйүз тартып чогуу олтурган. Алар дагы Умайр менен Савфан сыяктуу «Бадр» согушунан кеп уруп, душмандарынын катыгын колдоруна бергендерин, бир топторун туткунга алгандарын, тайманбас эрдик көрсөткөн Мухажир[4] тууралуу да эскеришти. Ошондой эле душмандарды кыйроого дуушар кылып, аларга татыктуу жеңиш тартуулаган Алла Тааланы кызуу даңазалап жатышты.
Аңдоосуздан, Умайр тарапка бурулуп калган Умар аны төөсүнөн секирип түшүп, кылычын асынган бойдон мечитти көздөй басканын көрүп, ордунан ыргып турду:
– Бул ит – Умайр – бул Алланын душманы... Аллага ант берем! Бул ит бул жерге жакшы ой менен келген жок. Бул иттин котур ташы койнунда, ал арам ой менен гана келди. Бадр согушуна чейин бул ит чыккынчы болгон. Курайш элин бизге канча ирет тукуруп жүргөн, – деп бакырып жиберди.
Андан соң сахабаларга кайрылып:
– Тезинен, Алланын элчисине баргыла, анын жанынан жарым карыш чыкпагыла. Бул каргыш тийгир митаам пайгамбарга зыян тийгизбесин, – деп алып, өзү алар менен кошо чуркап жөнөдү. Пайгамбарга алардан биринчи жетип барды:
– Алланын элчиси! Белине кылыч асылган Алланын душманы – Умайр келди. Ал бул жерге жөн келген жок, бир жаман ой менен келгенин мен туюп турам, – деди Умар.
– Аны мага ээрчитип келгиле, – деди пайгамбар(САВ).
Умар Умайрдын жанына басып барып жакадан алды, кылычынын жибин анын мойнуна арта салып, пайгамбардын алдына жетелеп кирди. Андай абалда кирип келгендерин көргөн пайгамбар (САВ)Умарга Умайрды бошотуп, өзүң алысыраак тур деген буйрук берди. Умар Алланын элчисинин өкүмүнө баш ийди.
– Мага жакын кел, эй, Умайр, – деди пайгамбар.
Умайр пайгамбардын жанына барды да:
– Кутман таңың менен!, – деди.
Алланын элчиси ага карап:
– Алла Таала сенин амандашууңдан бизге артыгыраак амандашууну ыраа көрүп, бизди кадырлады, эй, Умайр. Бизди урматтап, саламдашуубузга «тынчтык» сөзүн кошуубузду каалады. Анткени, бейиш ээлери мына ушул (сага Алланын саламы жана тынчтыгы болсун!) саламдашуу менен бири-биринен амандык, тынчтык сурашат, – деди.
Умайр болсо:
– Аллага ант берем! Сенин саламдашууң биздикинен өтө деле укмуш эмес экен, – деп, улутунуп койду.
– Сени бул жерге кандай максат жетелеп келди?, – деп сурады.
– Силердин кол алдыңарда туткун болуп жаткан жакын адамым үчүн келдим. Мага бир жакшылык кылып, ошону бошотуп берүүңөрдү суранам.
– Андай болсо, эмне үчүн мойнуңа кылыч асынып алгансың?, – деди пайгамбар.
– Алла ушул кылычтарды жок кылса экен!.. Булар «Бадр» согушунда бизге эч кандай пайда алып келишпеди го, – деди Умайр.
– Чыныңды айт, эй, Умайр! Сени эмне алып келди?, – деп кайра сурады пайгамбар.
– Жогоруда айткан максатта эле келдим, – деди.
Ошондо пайгамбар (САВ)ага карап:
– Жок, сен такыр башка ниетте келдиң... Баланча күнү сен Умайанын уулу Сафван менен Каабанын алдында отуруп, суусу какшып калган «Калийб» кудугунда сөөктөрү жаткан курайш элинин атактуулары жөнүндө кеп кылдыңар, андан соң сен: «Эгерде карызым жана жаш балдарым болбогондо, жолго аттанып Мухаммадга барып, аны өлтүрмөкмүн ...» дедиң. Сафван болсо, сенин карызыңды, бала-чакаңды бүт өз мойнуна алып, сен мени өлтүрөт деген ишенимде калды... Ошондуктан Умайр сенин сөздөрүң такыр чындыкка жатпай жатат.
Бир көз ирмемге чейин Умайр нес болгон немедей делдейип, Алланы элчисине таңдана тиктеп туруп калды. Апкаарып, тили күрмөөгө келбей анан гана добушун бийик чыгарып:
– Күбө берем! Сен анык пайгамбар экенсиң!.. – деп бакырып жиберди.
Бир аздан соң:
– Эй, Алланын элчиси! Асмандан түшкөн ыйык кабарлар менен келгениңде, сени биз жалганчы деген элек. Сафван экөөбүздүн ортобузда болгон сөздү, ал экөөбүздөн башка бир тирүү жан билген эмес. Ал жөнүндө сага Алладан башка эч ким билдирбегенине мен толук ынандым... Аллага мактоолор болсун! Ал мени сага мажбур, күч менен алып келип, мени туура жолго салганына, ал жол – ислам жолу. Кудуреттүү Аллага миң мертебе шүгүр айтам. Альхамдулилла! – деди сүйүнө.
Андан соң Умайр Алладан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Мухаммад – Алланын элчиси деп күбөлүк берип, ислам динин кабыл алды.
Алланын элчиси (САВ)сахабаларына кайрылып:
– Бул мусулман бир тууганыңарга өзүнүн динин үйрөткүлө, куран окуткула. Анын туткунуна азаттык бергиле, – деди.
* * *
Умайрдын ислам динин кабыл алганына күбө болуп турган сахабалардын арасы кубанычтуу күүлдөй түштү. Аль-Хаттабдын уулу Умар болсо, мындай деди:
«Чындыгында, Умайрдан, ал пайгамбардын алдына келээрден мурда мага чочко жакшыраак көрүнчү. Ал эми бүгүндөн баштап, ал кээ бир балдарыма караганда жакыныраак болуп калды».
* * *
Умайр ислам динин таанып, окуп, үйрөнүп жатып, өзүнүн дилин агартат. Жүрөгү Куран нуру менен нурданат. Өмүрүндөгү эң эле бактылуу, эң эле ажайыптуу керемет күндөрүн мына ошол мезгилде, ошол жерде өткөрүп жаткансыйт. Ааламда менчелик бактылуу адам болбос деп, өзүнчө кубанып да коёт. Ошентип Умайр баш-оту менен мусулманчылыкка моюн сунат. Ошончолук берилип кызыккандыгынан туулуп-өскөн Мекке шаарын, анын тургундарын, бала-бакырасын бүт баарын эсинен чыгарып койгонсуйт.
Ал жашоонун ырахатынын даамын татып, дүйнөнүн эң эле бактылуу инсаны болуп жүргөн кезде, убадалашкан досу Сафван чоң үмүттө, курайш эли топтолуп калган жерлерге басып барып, бир нерсе сезген, сезимтал киши сыңары чыга калып:
– Силерге алдын ала чоң кабар айтып коёюн. Ушул жакын арада жакшы жышаан болот го. Ал жышаан «Бадр» согушун да эсиңерден чыгарат! Ишенип койгула – деп жүрдү.
Бирок күтүү аябай узакка созулат. Сафвандын чыдамы кетип, кыжалат болуп, тынчы кете баштайт. Түндөсү уйкусу качып карбаластап, көз ирмебей күйпөлөктөп чыгат. Күндүзү колу күйгөн немедей жаны кашайып, бутунун астында кызарган чок жаткандай өзүн-өзү коёрго жай таппай теригет. Келген-кеткендерден Умайр жөнүндө улам-улам сурамжылай берип эбак түгүлгөн. Ал тууралуу эч кандай жаңылык жок. Ошондой күндөрдүн биринде: «Умайр исламды кабыл алыптыр» – деген кабар келди. Бул жаңылык Сафванга жарк-журк этип тийген чагылгандын соккусундай эле болду. Уккан кулагына ишенбей бир азге селдейе да түштү бейм, эс-учун жоготуп эле коё жаздады. Анткени, ал Умайрга ишеничи камил болчу, жада калса, ага өзүнөн да артыгыраак ишеним артчу. Ааламдын баары ислам динин кабыл алышса да, Умайр, жалгыз аны кабыл албайт деген толук ишенимде жүргөн.
* * *
Умайр болсо Медина шаарында ислам дининин негиздерин, жол-жобосун үйрөнүп, таалим-тарбия алып, Алланын Китебинен сүрөлөрдү жаттап жүрдү. Ошондой таалайлуу күндөрдүн биринде Умайр пайгамбардын алдына келип:
– Эй, Алланын элчиси! Алланын нурун өчүрөм деп канча убакыт өжөрлөнүп күрөшүп келдим. Исламды туу туткан мусулмандардын канчасына кордук көрсөтүп, зыян кылдым. Меккеге барып курайш элин Алланын ак жолуна үгүттөйүн. Мага уруксат бер! Эгерде айтканымды макул көрүшсө, анда өздөрүнө пайда алып келишет, а эгер кулак салбай турган болушса, мурун мусулмандарга канчалык зыян жеткирген болсом, аларга да ошончолук зыян жеткирем.
Алланын элчисинин уруксатын алып, Умайр Меккени карай сапар тартат. Шаарга жетээр замат алды менен досу Сафвандын үйүнө бет алат. Ошентип убадалашкан эки дос жолугушат. Умайр:
– Эй, Сафван! Чындыгында, сен курайш элинин башчыларынын ичинен аттын кашкасындай таанымал жана өзүңдүн акылдуулугуң менен башкалардан өзгөчөлөнүп турасың. Айтчы эми, ушул курмандык чалып, сыйынган бутсөлөкөт таштар кантип эле акыйкат дин болсун?! Сен өзүң ушул жансыз таштарга ишенесиңби? А, мен болсо, күбөлүк берем, Алладан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Мухаммад – Алланын элчиси, – дейт.
* * *
Ошентип, Умайр Мекке шаарында курайш элин ислам динине үгүттөп, анын натыйжасында көптөгөн адамдардын динге кирип, бактылуулуктун даамын татышына себепкер болот.
Алла Таала Умайрга көптөгөн сыйлыктарды тартуу кылган болсун! Анын жаткан жайын нурга бөлөсүн, ылайым!
[2] Мекке мечитинин Каабанын түндүктөн батышты карай тарабында атайын белгиленген жерде жайгашкан орунтук.
1Меккеден Мединага көчүп барган мусулмандар. Хажара – көчүү сөзүнөн, мухажир – көчмөндөр.
2Медина шаарынын мусулмандары. Насара – жардам берүү сөзүнөн, ансар –жардам берүүчүлөр.

#69 22 June 2015 - 03:18
Аль-Бара ибн Малик аль-Ансари
«Мусулмандардын аскеринин бирине да Аль-Бараны башчы кылып шайлабагыла. Анткени, ал өзүнүн эр жүрөк, тайманбастыгынан бүт кошуунду өлүмгө дуушар кылат деген коркунуч бар»
(Аль-Хаттабдын уулу Умар)
Бул чачы уйпаланган, аябай чаң баскан сыяктанган, а дене түзүлүшү болсо арык чырай келген, бүт тарамыш, чың, келбети өтө жагымсыз, башкача айтканда, ыраңы (түрү) суук адам болгон. Кыскасы, аңдоосуздан аны байкай калган киши дароо андан жүзүн бурмак, анан кайра кароого батынмак эмес.
Бирок арыктыгына карабастан Аль-Бара аябай жүрөктүү баатыр эле. Бутпарас-кудайчаларга табынуучулар менен болгон салгылашуулардын алдында, адатка айланган баатырлардын жекеме-жеке чыгып күч сынагында ал жүз адамдын өмүрүн кыйган. Ал эми кызыл кыргында канчаларынын башын кыя чапкандыгын айтуу кыйын...
Анын өлүмдү билбеген тайманбастыгын, эр жүрөк жолборстугун, ар кандай коркунучтардан кайра тартпастыгын жакшы билген Аль-Хатабдын уулу Умар (андан Алла ыраазы болсун) орун басарларына төмөндөгүдөй кат жазган: «Мусулмандардын аскеринин бирине да аль-Бараны башчы кылып шайлабагыла. Анткени ал өзүнүн эр жүрөк, тайманбастыгынан бүт кошуунду өлүмгө дуушар кылат деген коркунуч бар».
Мединалык Маликтин уулу Аль-Бара Алланын элчиси (САВ)дынкичинекей кызматкери Маликтин уулу Анастын бир тууган агасы болгон.
Эгерде Аль-Баранын көрсөткөн бардык эрдиги тууралуу жаза турган болсок, аңгемебиз аябай узакка созулуп, ары абдан көп убакытты талап кылат. Ошондуктан сиздерге анын бир эле эрдиги тууралуу кыскараак айтып берүүнү эп көрдүк. Аль-Баранын башка кылган эрдиктерин ошол аңгеме аркылуу элестетип аларсыздар деген ойдобуз.

#70 22 June 2015 - 03:19
* * *
Бул окуя пайгамбарыбыз көз жумгандан кийинки эле сааттарда башталган...
Пайгамбардын көзү тирүүсүндө арабдардын кээ бир уруулары топ-тобу менен, кээ бирлери бүтүндөй бойдон ислам динин кабыл алган сыяктуу. Ал көз жумгандан кийин алар топ-тобу менен, кээ бирлери толугу менен ислам дининен баш тартып, бир четинен чыга башташат. Ислам динин көкүрөктөрүнөн чыгарбаган, жүрөктөрүнө ыйман нуру бекем орнолгон Мекке, Медина, Тоиф тургундары менен, кээ бир чеке-белдеги жамааттар гана калат.
«Чынчыл» деп даңкы ааламга кеткен өкүмдар Абу Бакр (андан Алла ыраазы болсун) бул көр дүрбөлөңдүн жолуна кыйрагыс чеп болуп, тикесинен тик туруп, катуу туруштук берет. Мединада Мухажирлер менен Аль-Ансарлардан түзүлгөн он бир кошуун салгылашууга даяр болот. Ар бирине өкүмдар өз колу менен мусулмандардын желбиреген желектерин тапшырып, араб чөлкөмүнүн бардык тарабына динден баш тарткан элдерди кайра түз жолго салуу максатында жөнөтөт. Кежирленип моюн сунбагандарды кылычтын мизи аркылуу болсо да кайтарууга буйрук берет.
Эң эле катуу каршылык көрсөткөн Бану Ханифа уруусу, алардын ичинен өзүн-өзү пайгамбармын деп жарыялаган «Мусайлама жалганчы» деген чыккан.
Ал кырк миң кол жыйнайт. Аскери өзүнүн уруусунан жана башка уруулардан топтолгон салгылашууда тажрыйбасы көп эрендер эле. Алардын көпчүлүгү Мусайламанын артынан ага ишеним арттыргандыктан, же анын чыныгы пайгамбар экендигине колдоо көрсөтөлү деген ойдо аттанышкан жерлери жок, анын себеби бир эле нерсе – уруучулук...
«Күбөлүк беребиз, Мусайлама – жалганчы, а Мухаммад чынчыл... Бирок өзүбүздүн уруубуздан чыккан калпычы тууганыбыз, башка уруудан чыккан чынчыл пайгамбардан бизге артыгыраак жана жакыныраак», – деген ураан алардын арасында кеңири таралып кеткени жөн жерден эмес, мунун баары уруучулук илдетинен чыккан балээ эле...

#71 22 June 2015 - 03:20
* * *
Мусайламанын аскери биринчи беттешүүдө ийгиликке жетишет. Ага каршы Абу Жахлдын уулу Икрима жетектеген мусулмандардын аскери чыгып, артка чегинүүгө аргасыз болот.
Чынчыл өкүмдар (андан Алла ыраазы болсун) салгылашууга Аль-Валид уулу Халид жетектеген мухажирлер менен аль-ансарлардын тандалган алп-баатырларынын эң эле мыктылары жыйналган экинчи аскерин салат.
Жүрөгү курч, өлүмгө жалтанбастан тике караган эрендердин эң алдынкы катарында Мединалык Маликтин уулу Аль-Бара да бар болучу.
* * *
Эки аскердин беттешүүсү Нажданын Йамама деген жеринде болду. Кандуу кыргын башталганына бир аз убакыт өтүп-өтпөй салгылашуудагы тараза салмагы Мусайлама жана аны жактоочулары тарапка ооп, мусулмандардын таманынын алдынан жер жылып бараткансыды. Мындай кысымга туруштук бере албай бир маалда мусулмандар артка чегине башташты. Мусайламанын аскери болсо алдыга умтулуп, кол салуусун ого бетер күчөтүп, аль-Валид уулу Халид турган чатыр ордого чейин кууп кирип, ордонун тымтыракайын чыгарып, Халиддин аялын өлтүрө жаздашты. Эгерде мусулмандардын бирөө ал аялды сактап калбаганда кол башчы аялынан ажырап калмак.
Мусулмандар ошол көз ирмемде кандай гана олуттуу, кандай гана опурталдуу абалда тургандарын, сабынан мына-мына үзүлүп түшчүдөй илдиреген ислам дининин тагдыры кылдын учунда экенин ички туюмдары менен сезип, моюндарындагы өтө чоң жоопкерчиликти толук түшүнүп турушту. Эгерде бул беттешүүдө жеңилип кала турган болсо, анда ислам дини ошол күндөн тартып араб чөлкөмүндө өнүгүп-өсүшүн токтотуп, аргасыз, жоюлууга дуушар болору айдан ачык маалым болуп калган. Анда эле адамдардын баары шериги, теңдеши жок Алла Таалага сыйынууларын токтотмок...
Мындай кейиштүү, кысталыш абалда Валид уулу Халид аскерине ашыгып жетип, мухажирлерди өзүнчө, ансарларды өзүнчө, чөлдөн келген бедуин арабдарды өзүнчө бөлө баштайт.

#72 22 June 2015 - 03:21
Бир атадан тараган уулдар бир туунун астында чогуу тобу менен салгылашууга бой урдурат. Мындай түзүлүштө кайсы атанын уулдары кандай эрдик көрсөтүп жаткандыгын даана байкоого болот эле. Ошондой эле кайсы топ канчалык чыгаандык, өжөрдүк көрсөтөөрүнө да өбөлгө түзүлүп, душмандардын кай тараптан оңой-олтоң каптап кирип жаткандыгын ачык көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
* * *
Ошентип, салгылашып жаткан эки тараптын ортосунда болуп көрбөгөндөй, сөз менен айтып бере алгыс кандуу кыргындын кызыл тилдүү жалыны от алды. Мындай кызыл-кыргынды мусулмандар өз баштарынан өткөрө элек болучу. Мусайламанын жактоочулары салгылашууда көптөгөн жоготууларга дуушар болуп жатышса да, таң калаарлык эрдик көрсөтүп жатышты. Алар ордунан козголгус аска-зоо өңдүү термелишпейт, ажалды оозуна тиштеген немедей, жалтанбастан тикесинен тик туруп чабышты. А мусулмандар болсо, өз тарабынан бир катар укмуш эрдиктерди көрсөтүшүп, кашык канын аянбастан салгылашып жатышты, алардын баары тууралуу сөз кыла турган болсок, сөз бүтпөйт, жаза турган болсок, бир чоң адабий (эпопея) чыгарма болмок...
Медина мусулмандарынын желегин желбиреткен Кайс уулу Сабит өзүнө-өзү тизесинен өйдөрөөк жерин көмө турган ченемде чуңкур казат да, кепинди оронуп алып чуңкурга секирип түшөт, анан кагылган казык сыяктуу желекти бекем кармап шейит болгуча ордунан эч бир козголбоду.
Аль-Хаттабдын уулу Умардын бир тууган агасы Зайд мусулмандарга кайрылып:
– Мусулмандар, алга! Алдыга карай! Кайрат кылгыла! Душмандарды кыргыла!.. . Эй, элдер! Мусайлама кыйрагыча, же Аллага жолукмайынча, эгер жолуга турган болсом, өз далилдеримди айтам... Ошого чейин мындан бөлөк ооз ачпаймын деп, Аллага ант берем!, – деди да, аткан октой зымырап, кыргынга кирип, душмандын колунан ажалын тапкыча чабышты.
* * *
Ошентип, салгылашып жаткан эки тараптын ортосунда болуп көрбөгөндөй, сөз менен айтып бере алгыс кандуу кыргындын кызыл тилдүү жалыны от алды. Мындай кызыл-кыргынды мусулмандар өз баштарынан өткөрө элек болучу. Мусайламанын жактоочулары салгылашууда көптөгөн жоготууларга дуушар болуп жатышса да, таң калаарлык эрдик көрсөтүп жатышты. Алар ордунан козголгус аска-зоо өңдүү термелишпейт, ажалды оозуна тиштеген немедей, жалтанбастан тикесинен тик туруп чабышты. А мусулмандар болсо, өз тарабынан бир катар укмуш эрдиктерди көрсөтүшүп, кашык канын аянбастан салгылашып жатышты, алардын баары тууралуу сөз кыла турган болсок, сөз бүтпөйт, жаза турган болсок, бир чоң адабий (эпопея) чыгарма болмок...
Медина мусулмандарынын желегин желбиреткен Кайс уулу Сабит өзүнө-өзү тизесинен өйдөрөөк жерин көмө турган ченемде чуңкур казат да, кепинди оронуп алып чуңкурга секирип түшөт, анан кагылган казык сыяктуу желекти бекем кармап шейит болгуча ордунан эч бир козголбоду.
Аль-Хаттабдын уулу Умардын бир тууган агасы Зайд мусулмандарга кайрылып:
– Мусулмандар, алга! Алдыга карай! Кайрат кылгыла! Душмандарды кыргыла!.. . Эй, элдер! Мусайлама кыйрагыча, же Аллага жолукмайынча, эгер жолуга турган болсом, өз далилдеримди айтам... Ошого чейин мындан бөлөк ооз ачпаймын деп, Аллага ант берем!, – деди да, аткан октой зымырап, кыргынга кирип, душмандын колунан ажалын тапкыча чабышты.
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#73 22 June 2015 - 03:22
Меккелик мусулмандардын желегин желбиреткен Хузафанын атасы Салим Мауля эле, бирок аны алсыздык кылып коёр бекен деп чочулагандар да болгон. Алар ага мындай да дешкен: «Биз сенден озуп, алдыга чыгып, сен артыбызда калып калаар бекенсиң деп коркуп жатабыз». Ал аларга: «Эгер силер менден озуп кете турган болсоңор, анда мен эң начар Куран көтөрүүчүмүн» – жооп кайтарат да.
Душманга карай ачуулуу, каардуу чапкылап кирип барып, чабуулун токтотпой алга сүрө баштайт...
Бирок булардын баарынын тең эрдиги Маликтин уулу аль-Баранын көрсөткөн эрдигинин алдында эч нерсеге арзыбай калат.
Кызыл-кыргындын оту алоолоп күйүп, жетер чегине, жогорку баскычына жетип калганын сезип турган Халид ибн Валид Маликтин уулу Аль-Барага:
– Эй, Мединалыктардын үмүтү! Аларга жөнө, эми!..., – деп кыйкырат да, алар тарапка колун жаңсайт.
Өзүнүн элине аткан октой, учкан куштай зуулдап жетип барып, Аль-Бара аларга мындай кайрылуу жасады:
– Эй, мединалыктар! Мединага чегинебиз! – деген ой эч бириңердин башыңарга келбесин. Бүгүндөн баштап силер үчүн Медина шаары жокко эсе, бир гана Жалгыз Алла ... жана бейиш бар ...
Андан соң артынан мединалыктарды ээрчитип, динден кайткандарды карай чабуул койду. Алдынан чыккан душмандардын баштарын кылычы менен кыя чаап, алдыга сүрөй душмандардын катарын ачып, жол сала баштады. Мусайлама жана анын желдеттеринин буттарын калтырак басып, артка чегинип бак-дарактуу жерге жашынып калууга аргасыз болушат.
Ошол жерде ошол күнү кырылган адамдардын санынын көптүгүнөн улам ал жер «Өлүм багы» деген атка конуп тарыхта калат...
* * *
Ошол «Өлүм багы» аябай чоң чакырым жерди камтып, айланасы бак-даракка жыш толуп, тегереги бийик тосмо менен курчалган жер эле. Ал бак-шактуу жерге кире качкан душмандар тосмонун дарбазасын ичинен бекитип алып, бийик дубалдан мусулмандарга окторду жамгырдай жаадырып киришти.
Ошондой кыйын абалда мусулмандардын алдына алардын ишеничи, айкөл эрени Маликтин уулу Аль-Бара чыгып, мындай деди:
– Эй, элдер! Мен калканга отурайын, силер калканды найзалар менен көтөрүп дарбазадан ары ыргыткыла. Мен өлөм, же силерге дарбазаны ачам...
Душманга карай ачуулуу, каардуу чапкылап кирип барып, чабуулун токтотпой алга сүрө баштайт...
Бирок булардын баарынын тең эрдиги Маликтин уулу аль-Баранын көрсөткөн эрдигинин алдында эч нерсеге арзыбай калат.
Кызыл-кыргындын оту алоолоп күйүп, жетер чегине, жогорку баскычына жетип калганын сезип турган Халид ибн Валид Маликтин уулу Аль-Барага:
– Эй, Мединалыктардын үмүтү! Аларга жөнө, эми!..., – деп кыйкырат да, алар тарапка колун жаңсайт.
Өзүнүн элине аткан октой, учкан куштай зуулдап жетип барып, Аль-Бара аларга мындай кайрылуу жасады:
– Эй, мединалыктар! Мединага чегинебиз! – деген ой эч бириңердин башыңарга келбесин. Бүгүндөн баштап силер үчүн Медина шаары жокко эсе, бир гана Жалгыз Алла ... жана бейиш бар ...
Андан соң артынан мединалыктарды ээрчитип, динден кайткандарды карай чабуул койду. Алдынан чыккан душмандардын баштарын кылычы менен кыя чаап, алдыга сүрөй душмандардын катарын ачып, жол сала баштады. Мусайлама жана анын желдеттеринин буттарын калтырак басып, артка чегинип бак-дарактуу жерге жашынып калууга аргасыз болушат.
Ошол жерде ошол күнү кырылган адамдардын санынын көптүгүнөн улам ал жер «Өлүм багы» деген атка конуп тарыхта калат...
* * *
Ошол «Өлүм багы» аябай чоң чакырым жерди камтып, айланасы бак-даракка жыш толуп, тегереги бийик тосмо менен курчалган жер эле. Ал бак-шактуу жерге кире качкан душмандар тосмонун дарбазасын ичинен бекитип алып, бийик дубалдан мусулмандарга окторду жамгырдай жаадырып киришти.
Ошондой кыйын абалда мусулмандардын алдына алардын ишеничи, айкөл эрени Маликтин уулу Аль-Бара чыгып, мындай деди:
– Эй, элдер! Мен калканга отурайын, силер калканды найзалар менен көтөрүп дарбазадан ары ыргыткыла. Мен өлөм, же силерге дарбазаны ачам...
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#74 22 June 2015 - 03:23
* * *
Көздү ачып-жумганча эле Аль-Бара калканга отура калды. Өзү ичке, арык киши болгондуктан калканда өзүн ыңгайсыз деле сезген жок. Ондогон найзалар аны шарт эле көтөрүп, душмандын уюгуна ыргытты. Жарк-журк этип тийген, жан алчу чагылгандын соккусу сымал аль-Бара душмандын ичин кылычы менен шылый баштады. Дарбазанын оозуна умтулуп, ондогон адамдын башын алып, сексенге жакын найза, кылычтан алган жарааты менен эшикти ачууга жетишти. Ушуну эле күтүп жаткан мусулмандар селдей каптап киришти. Бул кыргында динден кайткандардын жыйырма миңи барган жан кайра келгис «чын дүйнөгө» сапар тартышты, алардын ичинде «жалганчы Мусайлама» дагы бар эле.
* * *
Жарадар Маликтин уулу Аль-Бараны дарылай турган жайга алып барышат. Валид уулу Халид бир ай Аль-Бара сакайгыча ошол жерде аны менен бирге болот. Акыры, анын тайманбастыгынын себебинен мусулмандар ушул жеңишке ээ болгону үчүн Алла Таала ага шыпаа берет.
* * *
Мединалык Маликтин уулу Аль-Бара мурункусундай эле өз өмүрүн Алла жолуна кыюуга машуур болуп, шейит болууну көксөп, «өлүм багында» ага артын салып өткөн ажалдын изин кууп жүрдү.
Өзүнүн арзыган максатынын ишке ашуусуна далалат кылып, эртерээк сүйүктүү пайгамбарына жолугууну самап, «Тустар» үчүн парсы жергесинде болгон беттешүүчү күнгө чейин салгылашуулардын биринин артынан экинчисине бой уруп жатты. Ошондой салгылашуунун биринде кыйрагыс сепил орнотуп, катуу даярдык көрүп алган парстарды мусулмандар буктурмага курчап алышат. Буктурма мөөнөтү өткөн сайын парстардын акыбалы оорлошкону- оорлошкон. Алардын жоокерлери бийик дубалдан төмөн карай учунда илмеги бар темир чынжырларды ташташат. Илмектер аябай отко кызыгандыктан чоктой ысык, ага илинип калган адамдын шорунун катканы. Илмек мусулмандарды өлүк, же чала өлүк абалда абазга көтөрүп жатты.
Ошондой илмектердин бирине Маликтин уулу Аль-Баранын бир тууган иниси Маликтин уулу Анас илинип калат. Аль-Бара аны көрөр замат мышыктай так секирип, бир тууганы илинип турган чынжырга жабышат. Илмекти бир тууганынын денесинен сууруп чыгайын деп канча аракет жасайт, бирок болбойт. Акыры колдору күйө баштайт, бирок ага да карабай тырыша берип, бир тууганын өлүмдөн куткарып калат, экөө тең бирдей жерге сулк кулашат. Анын колдорунун сөөктөрү эле калган, а этинин баары шылынып түшкөн экен...
Бул салгылашууда Аль-Бара Алладан шейит болууну суранган. Жаратуучу эр жүрөк жолборсун жоопсуз калтырбай, тилегин орундатты – Алла Таала менен жолугууну самаган Аль-Бара, ошенти баатырларча курман болот.
* * *
Зылдай оор салмагы дүйнө жүзүн дүңгүрөтүп, Алланын сөзү дайыма бийикте! – деген ураан менен, Мухаммаддын (САВ)дини үчүн кашык канын аябаган, кажыбас баатыр аль-Бараны Кудуреттүү Алла Таала сүйүктүү пайгамбары менен бейиште бирге кылып, жүзүн нурдантсын. Омийин!

#75 22 June 2015 - 03:25
Абу Аюб аль-Ансари
Константинополь шаарын курчаган дубалдардын биринин астында сөөгү коюлган
Бул аттын кашкасындай таанымал сахабанын толук аты Кулайбдын уулу Зайддын уулу Халид. Өзү Бану ан-Нажар уруусунан Медина шаарынан болот. Аюбдун атасы (Абу Аюб) – анын лакабы.
Мединалык Абу Аюбду биз, мусулмандар, кимибиз гана тааныбайбыз. ..
Алла Таала анын элесин чыгыштан батышка дейре жеткирип, түбөлүк сактагандыгы, бешенесине жазылган бактылуулуктун туу чокусу – Медина шаарындагы мусулмандардын үйлөрүнөн так анын үйүнө пайгамбар (ага Алланын зор саламы жана тынчтыгы болсун) Меккеден көчүп барганда жайгашып калганы...
Бул окуя анын өмүрүнүн эң чоң кубанычы, айтып-бүткүс керемет сыймыгы болгон...
Алланын сүйүктүү элчиси (САВ)Абу Аюбдун үйүнөн жай алып калганы абдан кызыктуу окуя, аны кайра-кайра кайталап айтуудан тил чарчабайт, кайра-кайра кайталап угуудан кулак тажабайт...
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#76 22 June 2015 - 03:26
Бул окуя жөнүндө сөз козгоонун өзү эле кандай гана ырахат, кандай гана кубаныч...
Пайгамбар (САВ)Медина шаарына көчүп келгенин, шаардын тургундарынын аны тосун алгандыгын, ага көрсөткөн урмат-сыйды сөз менен айтып берүү мүмкүн эмес...
Сүйүгөн жар жан шеригин жалооруп, көзүнүн агы менен тең айланып карагандай, элдин баары пайгамбарды да ошондой көз караш менен көз ирмебей, моокумдары канганча суктана телмирип карап. Ар биринин кубанычы койнуна батбай, жүрөгрү кабыгынан чыгып кетчүдөй согуп, жан-дилин, бар дүйнөсүн бүт бойдон Алланын сүйкүмдүү элчисине тартуу кылууга белен... Жүрөгүнөн чыккан ысык салам, жагымдуу сезимдерди пайгамбарга арнап, узатып жатты...
Ошентип, мединалыктар мээримдүү пайгамбарга өздөрүнүн жүрөктөрүн жана шаардын эң барктуу, эң кооз үйлөрүнүн эшиктерин кенен-кесир ачышты.
Алланын элчиси (САВ)алгачкы төрт күнүн Мединага жакын жайгашкан Куба айылында өткөрдү, ал жерде такыбачылык ыроологон сезим менен эң биринчи мечит тургузду.
Төртүнчү күн дегенде гана ак төөсүнө минип, Медина шаарын көздөй бет алды. «Йасриб» шаарынын атактуулары жолун тосуп, өз үйлөрүнө кондурууну сыймык көрүшүп, алпурушту...
Биринен сала бири пайгамбардын төөсүнүн жолун тороп:
– Эй, Алланын элчиси! Канча деген кишиң болсун, канча деген курал жарагың болсун, биздикине кон. Биз сага кепилдик беребиз, биз сени коргойбуз, бизде сен толук коопсуз болосуң, – деп жатышты.
Пайгамбар (САВ)болсо акырын гана:
– Төөнүн жолун торобогула, ал өзүнүн милдетин орундатсын, – деп баратты.
Төө көздөгөн максатына карай шашылбай кадам шилтейт, адамдар көз ирмемчелик убакытка чейин да көздөрүн ирмебей, бүткөн бойлору дүрүлдөп, жүрөктөрү дүк-дүк согот...
Ак төө кимдир биринин короосунан өтүп кеткенде гана, үй-ээсинин жылдызы өчүп, сумсайып, томсоруп калат да, башка биринин жылдызы жанып жаркырап, маанайы ачылып, үмүттөнө баштайт.

#77 22 June 2015 - 03:28
Төө болсо басыгын бузбай жай, бир жакты карай багыт алып бара жатты, аны тегеректеген элдер ызы-чуу. Баарынын башында «Бакыт кушу конуп, улуу сыймыктын ээси ким болот экен?» деген ой сырдуу табышмак болду, баары уйгу-туйгу болуп жатышты. Акыры төө Абу Аюбдун короосунун алдындагы кичинекей аянтчага токтоду...
Бирок пайгамбар (САВ)төөсүнөн түшкөн жок, төөнүн басмайылын бош коюп, дагы бастыргандай болду эле. Төө кайра-кайра ошол аянтчага кайтып келе берди.
Мединалык Абу Аюбдун жүрөгү кубанычтан токтоп кала жаздады, сүйүнүчү терисине сыйбай, шашкалактап Алланын элчисинин (ага Алланын зор мактоосу жана тынчтыгы болсун) алдына элбиреп-желбиреп, жан дүйнөсү эзилип, апкаарып жетип барып, аны менен кучак жайып амандашканын сезбей да калды бейм... Пайгамбардын жүктөрүн колуна алган кезде жер бетиндеги кен-байлыктын бүт баарын көтөрүп алгансыды...
Ошентип таалайлуу Абу Аюб пайгамбарлардын төрөсүн үйүнө киргизди.
* * *
Абу Аюбдун үйү эки кабат там эле. Экинчи кабаттагы бөлмөгө адгар элчини жайгаштырам деген ойдо андагы буюм-теримдерин алып чыга баштайт. Бирок пайгамбар алдынкы кабатта калууну каалаганын айтканда Абу Аюб эч бир нерсе айта албай, көңүлүңүз сүйгөн кабатка жайгашыңыз дегендей, үнсүз макул болот.
Кеч кирип, элдин баары түнкү эс алууга кирээрде, Абу Аюб да аялы менен экинчи кабатка акырын көтөрүлөт. Эшикти этияттык менен бекитет да, аялына:
– Эй, сени десе, биз эмне кылдык? Алланын элчиси астында, а биз үстүндө?! Бул эмне деген жорук? Биз анын үстүнөн басып жүрөт экенбиз да?! Пайгамбар менен Алланын аяндарынын аралыгында калдык, окшойт ушу?! Андай болсо, өлгөнүбүз ошо... – дейт. Ошентип жубайларды өкүнүү сезими аралап, өздөрүн коёрго жер таппай, чый-пыйлары чыгат. Экөө пайгамбар жаткан туштан башка тарапка көчүүнү эп көрүшүп, акырын ошол бетке которулушат. .. Түнү бою кирпик какпай чыгышат...
Бирок пайгамбар (САВ)төөсүнөн түшкөн жок, төөнүн басмайылын бош коюп, дагы бастыргандай болду эле. Төө кайра-кайра ошол аянтчага кайтып келе берди.
Мединалык Абу Аюбдун жүрөгү кубанычтан токтоп кала жаздады, сүйүнүчү терисине сыйбай, шашкалактап Алланын элчисинин (ага Алланын зор мактоосу жана тынчтыгы болсун) алдына элбиреп-желбиреп, жан дүйнөсү эзилип, апкаарып жетип барып, аны менен кучак жайып амандашканын сезбей да калды бейм... Пайгамбардын жүктөрүн колуна алган кезде жер бетиндеги кен-байлыктын бүт баарын көтөрүп алгансыды...
Ошентип таалайлуу Абу Аюб пайгамбарлардын төрөсүн үйүнө киргизди.
* * *
Абу Аюбдун үйү эки кабат там эле. Экинчи кабаттагы бөлмөгө адгар элчини жайгаштырам деген ойдо андагы буюм-теримдерин алып чыга баштайт. Бирок пайгамбар алдынкы кабатта калууну каалаганын айтканда Абу Аюб эч бир нерсе айта албай, көңүлүңүз сүйгөн кабатка жайгашыңыз дегендей, үнсүз макул болот.
Кеч кирип, элдин баары түнкү эс алууга кирээрде, Абу Аюб да аялы менен экинчи кабатка акырын көтөрүлөт. Эшикти этияттык менен бекитет да, аялына:
– Эй, сени десе, биз эмне кылдык? Алланын элчиси астында, а биз үстүндө?! Бул эмне деген жорук? Биз анын үстүнөн басып жүрөт экенбиз да?! Пайгамбар менен Алланын аяндарынын аралыгында калдык, окшойт ушу?! Андай болсо, өлгөнүбүз ошо... – дейт. Ошентип жубайларды өкүнүү сезими аралап, өздөрүн коёрго жер таппай, чый-пыйлары чыгат. Экөө пайгамбар жаткан туштан башка тарапка көчүүнү эп көрүшүп, акырын ошол бетке которулушат. .. Түнү бою кирпик какпай чыгышат...
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#78 22 June 2015 - 03:29
Таңга маал Абу Аюб пайгамбарга:
– Аллага ант берем, биз, Аюбдун апасы (Умм Аюб) аялым экөөбүз таң атканча көз ирмебей чыктык, – деди.
– Эмне себептен?
– Сен төмөнкү, мен үстүнкү кабатка жайгашканыбыздан улам. Ары-бери бассак, сенин үстүңө чаң түшөт, анын үстүнө сени менен аяндын ортосунда калганыбыз бизди аябай ойлондурду.
– Муну орчундуу деп эсептебе! Бизге төмөнкү кабат ыңгайлуу, анткени бизге кишилер көп келет, аны жакшы билесиң го, – деди.
Абу Аюб сөзүн саймедире улантты:
«Пайгамбардын айтканына, эси-көөнүмөн кетпеген бир окуя болгонго чейин көнүп жүрдүм. Ошол окуядан кийин чыдамым кетти, болду дедим... Ал окуя мындайча болгон. Суук түндөрдүн биринде, капысынан, кумура кулап, сынып калса, андагы суу ылдый карай шылдырап ага баштады. Аялым экөөбүздүн эсибиз чыгып, алдастап, айлабыз куруп, жамынган төшөгүбүз менен жан алыбыз калбай сүртүп жатабыз, сүртүп жатабыз дейсиң. Пайгамбардын үстүнө суу түшпөсө экен дегенде, эки көзүм төрт... Эртең менен эрте пайгамбарга:
– Сен мага атам менен апамдайсың! – деп сөзүмдү баштадым. – Мен үстүңкү кабатта – сенин үстүңдө, сен болсо, төмөнкү кабатта – мени астымда болгонуң мени эч бир канаатандырбай жатат, – деп, жүрөгүмдү өйүгөн негизги оюмду айттым.
Андан соң кумура менен болгон окуяны бүт айтып бердим. Ошондо гана Алланын элчиси айтканыма ынап, үстүнкү кабатка көтөрүлдү. А биз аялым экөөбүз, сүйүнгөн бойдон ылдыйкы кабатка түштүк».
Андан соң пайгамбардын төөсү токтогон аянтчага мечит салына баштайт. Курулуш жети айга созулат. Ошол мезгил аралыгында Алланын элчиси (САВ)Абу Аюбдун үйүндө турат. Курулуш бүткөндөн кийин гана мечиттин ичине атайын ага салынган бөлмөгө үй-бүлөсү менен кирет...
Абу Аюб ааламга ырайым үчүн гана жиберилген пайгамбардын эң жакын кошунасы болуп калат. Экөөнүн кошуналык мамилеси кылымдарга үлгү болуп кала берет...

#79 22 June 2015 - 03:31
Абу Аюб жагымдуу пайгамбарга жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун берип, аны катуу сүйгөн жана чын ыкылас менен, ак дилден кызмат өтөгөн. Алланын элчиси (САВ)да, Абу Аюбду өзүнүн бир тууганындай көргөн. Экөөнүн ортосунда эч кандай шарттар болбогон, Абу Аюбдун үйүн пайгамбар (САВ)экинчи үйү катары санаган.
* * *
Ибн Аббас (Аббастын уулу) айтар эле:
«Аябай ысык күндөрдүн биринде Абу Бакр үйүнөн чыгып, мечит тарапка кадам коёт. Жолдо Умарга кезигип калат да, мындай собол узатат:
– Мындай аптапта сени эмне үйүңдөн чыгарды?
– Мени үйдөн чыгарган нерсе – чыдагыс ачкалык, – дейт Умар.
– Аллага ант берем, мен дагы ошол себептен үйдөн чыктым!
Ошентип экөө кобурашып жаткан кезде Алланын мартабалуу элчиси (САВ)да, келип калат:
– Мындай адам чыдагыс ысыкта силерди кандай нерсе үйдөн чыгарды?, – деп сурайт.
Алар бир ооздон:
– Аллага ант беребиз, ашказанды курулдаткан ачкачылык чыгарды, – дешет.
Ошондо пайгамбар да:
– Менин жаным Анын колунда болгон Затка касам ичем, мен дагы ошол себептен үйүмдөн чыктым! – дейт.
Анан:
– Баскыла мени менен, – деп, жол баштайт.
Алар Абу Аюбдун үйүнө келишет. Абу Аюб дайыма пайгамбарга атап тамак калтырчу, сүйүктүү пайгамбары (САВ)келбей калган учурларда гана аталган тамакты үйдөгүлөрүнө бөлүп берчү. Ал күнү пайгамбар эмнегедир кечикти, өз убагында келбеди.
Эшиктин каккылаган дабышты угуп Абу Аюбдун аялы – Умм Аюб сыртка чыгат да, аларды көрө калып:
– Алланын элчисине жана аны менен бирге келгендерге менин саламым болсун! – деди.
Пайгамбар (САВ)салам кайтарган соң:
– Абу Аюб үйдөбү? – деп сурады.
Жакын жерде жумуш кылып жаткан Абу Аюб пайгамбардын үнүн угуп, шашкалактап чуркап келет:
– Алланын элчисине жана анын жолдошторуна Алланын саламы жана тынчтыгы болсун! – деди да, – эй, Алланын элчиси, сен дайыма башка маалда келет элең го?
Пайгамбар (САВ):
– Сен туура айтып жатасың – деди.
Андан кийин баары үйгө киришти. А-бу дегенче Абу Аюб курма багына барып, мөмөсү аябай бышкан шакты араалап алып келди.
Пайгамбар (САВ):
– Бул бутакты араалаганыңды мен каалаган эмесмин! Баса, сен бул курмадан бизге терип бербедиң беле? – деди.
Абу Аюб:
– Эй, Алланын ардактуу элчиси, мен алды менен сенин курма жешиңди кааладым, андан кийин союш союп берейин дедим, – деди ак ниеттен.
– Эгер союш сойсоң, сүт бербегенин сой, – деди пайгамбар.
Ал бир короо коюнун ичинен эң жакшы козуну тандап соёт, аялына тезирээк камыр жууруп, бизге нан жасай кал, ага сен уста эмессиңби демиш этет. Ошентип, ал козунун жарым бөлүгүн сорпо кылып бышырат да, жарымын чокко кактап бышырат. Баары белен болгондо Алланын акыркы пайгамбарына жана конокторго дасторконун кенен жаят, пайгамбар эттен кичине үзүп, аны нанга салып:
– Абу Аюб, муну тезирээк Фатимага жеткирип бересиңби, мындайды ал көптөн бери жей элек, – деди.
Абу Аюб ордунан тура калып сүйүктүү элчисинин сүйкүмдүү кызына этти жеткирип берип келе калат.
Тамактанып, ачкалыктарын баскан соң жүзүнөн нуру төгүлгөн пайгамбар:
– Нан.., эт.., түрдүү-түрдүү курмалар... – деп, бир аз тыным алып, көзүнө жаш алды, ысык жаштар ажардуу жүзүнөн мөлт-мөлт этип төмөн карай тамып жатты...
– Менин жаным Анын колунда болгон Затка ант берем, мунун баары силерге берилген жакшылыктар (нематтар), кыямат күнүндө ар бириң ушулар үчүн сураласыңар. Кимиңер ушундай жакшылыктарга туш болсоңор, колуңарды сунар алдында: «Биссмиллахи сени эртең кел деп жатат, угуп жатасыңбы? – деп, эскертти.

#80 22 June 2015 - 03:33
– Уктум жана моюн сундум! – деди Абу Аюб.
Эртеси Абу Аюб пайгамбардын үйүнө келет. Алланын элчиси ага жаш күң келинди берип жатып:
– Эй, Абу Аюб, буга жакшы мамиле жаса, канчадан бери үйүбүздө жашайт, эч бир жаман жагы байкалбады, – дейт.
Абу Аюб үйүнө бир келин менен келгенин көргөн аялы:
– О Абу Аюб, бул келин ким? – деп сурады.
– Бизге... Алланын элчиси тартуулады, – деп жооп кайтарды.
– Кандай гана улуу тартуу, кандай гана сулуу!
– Пайгамбар жакшы мамиле жаса деп буюрду, – деди Абу Аюб.
– Кандай мамиле жасасак буйругун аткарган болобуз?
– Аллага касам ичем, ага азаттык бергенде гана... андан абзел жолду көрбөй турам. Ошондой кылганда гана сүйүктүү пайгамбарыбыздын осуятын жакшы аткарган болоор элек, – деди.
– Туура айтасың, – деп аялы, кубаттап – Алла сага жардам берсин, – деди.
Ошентип, аялы менен күйөөсү акылдашып, күң келинге эркиндик беришет.
* * *
Бейпилдик тынч күндөрдө өткөргөн турмуш-таржымалынын кээ бир сүртүмдөрү мына ушундай, ал эми салгылашуу мезгилиндеги өткөргөн өмүрүнө көз чаптыра турган болсок, көптөгөн кызыктуу окуяларга күбө болобуз.
Абу Аюб Алла жолундагы согуштарды калтырбаган, ал чыныгы жоокер болгон. Ал тууралуу мындай дешээр эле: «Абу Аюб пайгамбардын мезгилинен тартып Муавий бийликке келген кезге чейин мусулмандардын башынан өткөн кандуу согуштардын бирин дагы калтырбаган киши. Болгону бир-эки согушка жүйөлүү себептер менен катышпай калат, анткени ошол учурда башка жакта ал көбүрөөк керек болгон болот».
Анын акыркы согушу Константинополь шаарында болгон. Согушка мусулмандардын өкүмдары Муавия катуу даярдык көрөт, анын уулу, Йазид ошол мезгилде аскердин кол башчысы болчу. Абу Аюб карылыгы жетип, сексен жашка ооп калса да, карылыкка моюн сунбай, дагы да болсо кайратында. Йазид башкарган аскердин катарында ачык деңизге чыгып, салгылашууга аттанат. Согуштун катаал күндөрүнүн биринде Абу Аюб ооруга чалдыгып, салгылашууну уланта албай калат. Аны көргөнү Йазид келет да:
– Сенде кандай өтүнүч бар, эй, Абу Аюб? – дейт.
Абу Аюб:
– Биринчиден, менин атымдан бардык мусулман-эрендерине жалындуу салам айт. Экинчиден, Абу Аюбдун силерге айткан керээзин уккула, – де, – Күчүңөр жетишинче, тайманбастан душмандын төрүнө чечкиндүү чабуул жасап киргиле, мени, Абу Аюбду өзүңөр менен кошо ала барып, сөөгүмдү силер баскан таманыңардын астына, Константинопольдун дубалдарынын бирине көмүп койгула – дейт.
Бул жүрөк титиреткен сөздөр улуу сахабанын акыркы сөздөрү эле, айтып бүтөөрү менен нурдуу көздөрүн тубөлүк жумат...
* * *
Адгар пайгамбардын сүйүктүү сахабасынын акыркы өтүнүчүн мусулмандар орундатат, үзгүлтүксүз чабуул коюп жатып, акыры Константинополь дубалдарына жетишет. Ошол күнгө дейре Абу Аюбдун сөөгүн өздөрү менен кошо көтөрүп жүрүшөт.
Шейиттин сөөгүн жерге коюу мөөнөтү да келип жетет, жерди казып болуп, а дүйнөдө жолугушаар күнгө чейин кош бол! Кайран баатыр! – дешип, кош айтышат.
Мединалык Абу Аюбга Алла Таала ырайым кылсын! Омийин! Алланын гана ыраазычылыгын издеп, аттан түшпөгөн жоокер, ошентип, салгылашууда курман болот...
Ошол кезде болжолу сексен жашта эле...

Супер-Инфо
super.kg
видео