Суперстан: Ким орозо кармайт? Орозо тууралуу. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (71 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 29
  • 30
  • 31
  • 32
  • 33
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ким орозо кармайт? Орозо тууралуу.

#601 Пользователь офлайн   Nurmuhammad   23 Июнь 2015 - 15:03

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 527
  • Катталган: 04 Июнь 14
  • Соңку аракети: 07 Сен 2016 04:06

Просмотр сообщения Lenin (23 Июнь 2015 - 02:47) жазган:

Орозо башталгандан бери уку болуп калдым уктабай. ))))))))))

Экобуз окшош экенбиз)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#602 Пользователь офлайн   kalen9001   23 Июнь 2015 - 15:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 230
  • Катталган: 05 Февраль 15
  • Соңку аракети: 17 Фев 2019 17:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Борбор

Просмотр сообщения Nurmuhammad (23 Июнь 2015 - 15:03) жазган:

<br />Экобуз окшош экенбиз)))< br />
<br /><br /><br />

үчөөбүз окшошкенбиз))) 3кө чейин уктабайм менда)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#603 Пользователь офлайн   medina.   23 Июнь 2015 - 15:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Укулордун катарында менда бармын :кош бол:
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#604 Пользователь офлайн   Nurmuhammad   23 Июнь 2015 - 15:28

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 527
  • Катталган: 04 Июнь 14
  • Соңку аракети: 07 Сен 2016 04:06

Анда баарыбыз окшош экенбиз да))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#605 Пользователь офлайн   sterva   23 Июнь 2015 - 18:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 955
  • Катталган: 17 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 27 Авг 2021 08:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Эртен менен ооз бекиткенге турбай,уктап калса кандай кылыш керек?
Балам менин жашоомдогу эн чон-БАКЫТЫМ. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#606 Пользователь офлайн   Meerima.Majitova   23 Июнь 2015 - 19:03

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 15
  • Катталган: 16 Апрель 15
  • Соңку аракети: 01 Фев 2016 17:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Баарынардын кармаган орозонор каьыл болсун!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#607 Пользователь офлайн   medina.   23 Июнь 2015 - 19:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

18:14
Орозо тууралуу
кыска суроо-
жооп фетвалар
№1 (ал-Ляжна
ад-Даиманын
фетваларынын
негизинде)

СУРОО №1 .
Рамазан айынын
башында үч күн ,
ортосунда үч
күн , аягында үч
күн орозо тутуп
койсо отуз күн
туткандай болот
деген чынбы ?
ЖООП. Жок. Бул нерсе
уруксат эмес. Бир дагы
имам бул тууралуу
айтпаган. Рамазандын
ар бир күнүн орозо
тутуш парз.
СУРОО №2 . Айды
көрмөюнчө орозо
тутпагыла деген
хадиске
негизделип “ мен
өз көзүм менен
айды көргөндө
гана орозону
баштайм ” деп
айтуу болобу ?
ЖООП. Бардык адамдар
өзүлөрү айды көрүп
чыгышы шарт эмес.
Эгер адилеттүү,
чынчыл БИР мусулман
адам жаңы айды көрсө
жана аны башкаларга
кабарласа – жалпы эл
орозону баштоо милдет
болот.
СУРОО №3 . Эгер
күн узун болуп,
орозо себептүү
ал кыйналып
өлүп кетүү
коркунучу турса
– кантип
Рамазанда орозо
кармайт ?
ЖООП. Эгер орозону
аягына чейин чыгарууга
күчү жетпей, ооруп
калуудан же өлүмдөн
өзү үчүн корксо –
ачкачылыгын
кетиргендей же зыян
токтогудай өлчөмдө
тамак-аш, суу ичсе
болот. Ошону менен эле
бирге күндүн калган
бөлүгүн тамак же
ичимдик ичүүдөн
сактанат. Бирок бул ооз
ачып салган күнүн
кийин Рамазан бүткөн
соң карыз кылып
кармап берет.
СУРОО №4 .
Самолётто кетип
бара жаткан
адам күндү көрүп
турат , бирок
саатын караса
жакынкы
мамлекетте ооз
ачуу убактысы
келди ? Бул киши
оозун ачса
болобу ?
ЖООП. Эгер ал саатын
караса жакынкы
мамлекетте ооз ачуу
убактысы келсе, бирок
самолёттун бийик учкан
себебинен ал күндү
көрүп турса – ага ооз
ачуу болбойт.
СУРОО №5 . Бир
адам намаз
окуйт , бирок
Рамазанда орозо
тутпайт ? Бул
кишинин өкүмү
кандай – ал
каапыр болобу ?
ЖООП. Эгер Рамазан
орозосун парз экенин
билип, бирок анын
милдеттүүлүгүнө
нааразы болсо, аны
жактырбаса же парз
эмес деп айтса – ал
каапыр болот, динден
чыгат. Бул нерседе
бардык илим ээлери
бирооздон пикирде
(ижмааъ). Бирок эгер
орозону жалкоолуктан
тутпаса, ошону менен
эле бирге парз
экендигин мойнуна алса
– бул киши каапыр
болбойт, бирок
Исламдын беш чон
устунунун бирөөсүн
аткарбай жаткандыгы
үчүн чоң күнөө алат,
тиги дүйнөдө азабы
катуу болот.
СУРОО №6 . Аял
киши Рамазанда
айызды токтотчу
атайын
таблеткаларды
колдонуусу
мүмкүнбү ?
ЖООП. Ооба, эгер бул
нерседе ден-соолугуна
зыян болбосо.
СУРОО №7 .
Жашы улгайып
калган аял айыз
өкүмдөрүн
билбегендиктен
көп жылдар бою
Орозодо айыз
себептүү
кармабаган
күндөрүнүн
казаларын кийин
тутчу эмес . Азыр
ал эмне кылуусу
керек ?
ЖООП. Ал тооба
кылсын. Себеби илим
ээлеринен бул нерсени
билип алуу ага милдет
болчу. Ошону менен эле
бирге казаларын
толтуруп берүүсү
керек. Туура деп
эсептеген, көңүлү
толгон бир санды алып
ошончо күндүн казасын
кафарат кылсын, б.а.
бир күнүнө бир кишини
жарым саъ курма, күрүч
же ошого окшогон
тамактар менен
тоюндурсун.
СУРОО №8 .
Аялдын бир
айлык цикли өз
убактысында эле
келип күн
батканга чейин
кан чыгып кетти.
Бул нерсе
орозону бузабы?
ЖООП. Эгер ооз жабык
учурунда аялдын
айызы келсе, жана бул
айыз өз убагында
(нормасы менен) келсе,
кан кичине чыгып кайра
токтоп калса деле –
ооза ачылат жана бул
күндү кийин карыз
кылып тутуп берүүсү
керек болот.
СУРОО №9 .
Төрөгөн аял кырк
күн бүтө электе
эле нифас каны
токтосо – орозо
кармай берсе
болобу ?
ЖООП. Ооба, эгер каны
токтоп тазалык келген
болсо орозо кармайт.
СУРОО №10.
Тазалангандан
сон сары
нерселердин
чыгышы орозого
таасир береби ?
ЖООП. Жок, каны
токтоп тазалык келген
соң чыккан сары
нерселер орозого
таасир бербейт.
СУРОО №11.
Эгер аял жыныс
мүчөсүнө тампон
киргизсе же
дары салса – бул
нерсе орозону
бузабы ?
ЖООП. Жок, орозосун
бузбайт, гусулду да
важиб кылдырбайт.
СУРОО №12.
Диализ аркылуу
канды тазалоо
орозону бузабы?
ЖООП. Ооба, бузат.
СУРОО №13.
Оору себептүү
фидя төлөп,
бирок кийин
Аллах ага шыпаа
насип кылган
киши – ошол
орозолорун кайра
тутуп берүүсү
керекпи ?
ЖООП. Жок, өз
убагында фидя бергени
жетиштүү болот.
СУРОО №14.
Сапарда орозо
тутуу абзелби же
оозун ачуубу ?
ЖООП. Мусапыр
сапарда оозун ачып
жана 4 рекет
намаздарын кыскартып
койсо болот. Бул орозо
тутуудан жана намазды
толук окуудан
жакшыраак.
СУРОО №15.
Сапарда оозу
ачык кишиге
Рамазандын
күндүзү аялы
менен жакындык
кылууга
уруксатпы?
ЖООП. Ооба.
Рамазандын күндүзү
мусапыр адамга бир
нерсе жеш, ичиш же
аялына жакындык
кылыш уруксат.
Сапарда орозо
кармабаса кийин анын
казасын тутуп бериш
милдет болот.
СУРОО №16.
Сапарда орозо
кармоо болобу ?
ЖООП. Сапарда ооз
ачуу уруксат этилген.
Бирок ким сапарда деле
оозумду жабам десе –
орозосу туура болот.
Бир гана орозо себептүү
ар кандай
кыйынчылыктарга
дуушар болсо – анда
оозун ачышка туура
келет.
СУРОО №17. Ким
жыл бою
командировакаларда
( сапарда) жүрсө
ал Рамазанда
орозо тутпай
койсо болобу ?
Жана качан анын
казасын
толуктайт ?
ЖООП. Шариатта сапар
деп эсептелген
аралыкка чыккан киши
орозосун кармабай кою
уруксат. Карыздарын
болсо кийинки Рамазан
келгиче тутуп берүүсү
керек.
СУРОО №18. Айт
күнү экенин
билип туруп
орозо тута
берген адамдын
өкүмү кандай ?
ЖООП. Айт күнү орозо
тутуу болбойт. Андай
кылган киши тооба
кылсын.
СУРОО №19.
Рамазандын 14-
жана 27- түндөрү
Куран окууга ,
сабак өтүүгө
арноо болобу ?
Жана бул
түндөрдү
майрамдасачы ?
ЖООП. Куран жана
сабак өтүүгө дал ушул
түндөрдү өзгөчөлөөгө
эч кандай далил
билбейт экенбиз. Ал
эми бул эки түндү
майрам катары тосуу –
динде анын негизи жок,
тескерисинче бул
бидаат туура эмес иш.
СУРОО №20.
Рамазан түндөрү
башка
адамдардын
үйлөрүндө Куран
окуп берип акча
алса болобу ?
ЖООП. Болбойт. Бул –
бидаат.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#608 Пользователь офлайн   Nurmuhammad   23 Июнь 2015 - 20:27

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 527
  • Катталган: 04 Июнь 14
  • Соңку аракети: 07 Сен 2016 04:06

Просмотр сообщения sterva (23 Июнь 2015 - 18:52) жазган:

Эртен менен ооз бекиткенге турбай,уктап калса кандай кылыш керек?

Ошол бойдон орозо кармала берет эч нерсе жебестен.
Бирок эрте менен жеш керек себеби береке бар эрте мененки тамакта.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#609 Пользователь офлайн   Holerik10   23 Июнь 2015 - 21:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 252
  • Катталган: 07 Июнь 15
  • Соңку аракети: 05 Июн 2016 11:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Орозонор кабыл болсун москвада журуп орозо кармагандар барбыыыы 20сааттай кармап ашказан жалмашып калтатко))))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#610 Пользователь офлайн   rozka   23 Июнь 2015 - 21:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 224
  • Катталган: 19 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 21 Апр 2020 08:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:новосибирск

Орозо кармагандар коп экен .Орозонуздар кабыл болсун.

Билдирүүнү түзөткөн: rozka: 23 Июнь 2015 - 21:09

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#611 Пользователь офлайн   Begim_4   23 Июнь 2015 - 21:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 095
  • Катталган: 11 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 02 Сен 2021 08:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ала-тоо

Просмотр сообщения Holerik10 (23 Июнь 2015 - 21:04) жазган:

Орозонор кабыл болсун москвада журуп орозо кармагандар барбыыыы 20сааттай кармап ашказан жалмашып калтатко))))

Антип мынтип 5 кун убакыт отуп кетти, 20 саатга конуп да калдык.:)

Оз ордунда айтылбаган акыйкат акыйкатсыздык!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#612 Пользователь офлайн   ROZI   24 Июнь 2015 - 09:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

ИБНУ УМАР РАЗИЯЛЛОХУ АНХУ ПАЙГАМБАРЫБЫЗ МУХАММЕД САЛЛАЛЛОХУ АЛЛЕЙХИ ВА САЛЛАМДАН РИВАЯТ КЫЛАТ:
"СААРЛЫК ЖЕГЕНДЕРГЕ АЛЛА ТААЛА ӨЗҮ ЖАНА АНЫН ПЕРИШТЕЛЕРИНЕ РАХМАТ ЖААДЫРАТ"
Орозонун берекетинен саарлыкта тамак жегенди үммөт үчүн сооптуу иш кылгандыгы Алла Тааланын чоң белеги жана жакшылыгы.Ушуга да мусулмандар үчүн улуу сооптор берилет.
Бирок көптөгөн адамдар өздөрүнүн жалкоолуктарынан ушул чоң сооптон кур калышат.Ал эми башкалар болсо Таравих намазын окугандан кийин тамакты жеп жатып алгандыктан мындай сооптон кур калышат.
"Сухур" деген сөздүн мааниси, "таңга жакын"дегенди билдирет.Кээ бирөөлөр түн жарымдан саарлыктын убактысы башталат— дешет.Сохиби Кашшаф рахматуллоху аллейхи түндүн акыркы алтынчы бөлүгүн айткан.,башкача айтканда түн алты бөлүккө бөлүнсө, ошонун алтынчы бөлүгү саарлык мезгили деген.Мисалы күн баткандан таң жүргөнгө чейинки аралык он эки саат болсо,ошонун эң акыркы эки саатты саарлыктын убактысы.Ошондо да кечиктирип саарлык жеген жакшыраак деген.Бирок орозого шектенип калганча кечиктирбөө керек.
Пайгамбарыбыз Мухаммед саллаллоху аллейхи ва саллам кайсы бир сахабаны өзү менен бирге саарлык жегенге чакырса.
— Кел берекелүү тамактан же !— деп айтат эле.
Саарлык жеп орозого кубат алгыла!Түшкү уйкуну уктап, түндүн акыркы бөлүгүндө турууга жардам алгыла,—делинген.


"АЛЛАХ ТУТКАН ОРОЗОЛОРУҢУЗДАРДЫ КАБЫЛ КЫЛЫП,АКЫРЕТТЕ БЕЙИШИНЕН НАСИП ЭТСИН"




ЫЙМАН НУРУ


АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#613 Пользователь офлайн   ROZI   24 Июнь 2015 - 10:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

«Орозолуу адамда эки чоң сүйүнүч бар.
Бири-ооз ачып, тамактангандагы, экинчиси Аллахы менен жолугуп, Анын жамалын көргөн учуру». (Муслим 2/807)
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#614 Пользователь офлайн   taarynchak   25 Июнь 2015 - 05:30

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 17
  • Катталган: 01 Март 15
  • Соңку аракети: 18 Сен 2015 15:27

Просмотр сообщения Begim_4 (23 Июнь 2015 - 21:15) жазган:

Антип мынтип 5 кун убакыт отуп кетти, 20 саатга конуп да калдык.:)

кабыл болсун кармаган орозонуздар .Жакында мен да катарыздарды толуктайм )))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#615 Пользователь офлайн   sterva   25 Июнь 2015 - 10:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 955
  • Катталган: 17 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 27 Авг 2021 08:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Оозду эрте бекитип,же убактысынан кеч ачса алса эмне болот?(шартка байланыштуу). Орозо башталганда уч кун оозумду кеч ачып жаттым.Жаныбызда мечит бар,качан азан айтат деп кутуп отурдум.Уч кун тен календарьдан корсотулгон убактан 10минут кеч айтып жатышты азанды.Негизи азан айтканды кутуш керекпи же,календарь боюнча убакыт келсе ача бериш керекпи?
Балам менин жашоомдогу эн чон-БАКЫТЫМ. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#616 Пользователь офлайн   Holerik10   25 Июнь 2015 - 11:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 252
  • Катталган: 07 Июнь 15
  • Соңку аракети: 05 Июн 2016 11:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения sterva (25 Июнь 2015 - 10:17) жазган:

Оозду эрте бекитип,же убактысынан кеч ачса алса эмне болот?(шартка байланыштуу). Орозо башталганда уч кун оозумду кеч ачып жаттым.Жаныбызда мечит бар,качан азан айтат деп кутуп отурдум.Уч кун тен календарьдан корсотулгон убактан 10минут кеч айтып жатышты азанды.Негизи азан айтканды кутуш керекпи же,календарь боюнча убакыт келсе ача бериш керекпи?

Орозонуз кабыл болсун) Ар жерде Ар кандайда календарь туштук жактан болсонуз 10 минуттай кеч ачылат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#617 Пользователь офлайн   sterva   25 Июнь 2015 - 11:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 955
  • Катталган: 17 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 27 Авг 2021 08:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения Holerik10 (25 Июнь 2015 - 11:16) жазган:

Орозонуз кабыл болсун) Ар жерде Ар кандайда календарь туштук жактан болсонуз 10 минуттай кеч ачылат


РАхмааат.Бишкектемин.
Балам менин жашоомдогу эн чон-БАКЫТЫМ. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#618 Пользователь офлайн   Holerik10   25 Июнь 2015 - 11:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 252
  • Катталган: 07 Июнь 15
  • Соңку аракети: 05 Июн 2016 11:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения sterva (25 Июнь 2015 - 11:18) жазган:

РАхмааат.Бишкектемин.

Анда мечиттеги молдо озу оозун ачып алып анан азан айтат окшойтта))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#619 Пользователь офлайн   eldar96   25 Июнь 2015 - 11:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Просмотр сообщения Holerik10 (25 Июнь 2015 - 11:28) жазган:

Анда мечиттеги молдо озу оозун ачып алып анан азан айтат окшойтта))


Каяктасыз, кайсы райондосуз ошону эле айтып коюнчу мага, сизге ишеничтуу Муфтияттын календарын жазып жиберем.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#620 Пользователь офлайн   ROZI   25 Июнь 2015 - 13:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Туткан орозонуздарды АЛЛАХ ТААЛАМ кабыл кылсын!
МЭЭРИМДУУ АЛЛАХЫМ баарыбыздын ыйманыбызды бекем кылсын! Оомин!

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (71 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 29
  • 30
  • 31
  • 32
  • 33
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 30 Июн 2025 04:04

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: