Мен столба болуп жаралганыма нааразымын. ..Шаарда турганыма дагы. Эмнеге дебейсинерби? Эхх, айта берсе арман көп...
Ооба,мен баарынан бийикмин,мен усту жактан кыбыр эткендин баарын көрүп турам...Эхх, кыймылсыз, анан тилсиз болгонум кандай гана өкунучтуу... Болбосо силерге көп нерсени айтып бермекмин.
Мен негизи сым тартканга жаралганмын. ..Бирок, акыркы жылдары турмушумда эмнелерди гана көрбөдүм. Кычыраган аязда да, куйкалаган аптапта да бир жерде какайып турганым турган....
Кеч кирди -бутту, мен учун тозок башталат. Кунунө жок дегенде эки жолу өлөрчө ичип бутуна тура албай темтеңдеген алкаш мени сузуп өтөт. Сузгөну аз келгенсип : -эй, сен не мени туртуп атасын, кач жолдон, азыр чон эненди же таятанды таанытып коем деп ашата сөккөнучу... (как будто мен токойдо жашаган Кайрагач, Сосна чон аталарымды, же ЖБИдеги Бетон тагаларымды такыр билбеген сымал). Жанымда эч ким жок калган мезгилде эки жаш тубумө туруп алып кучакташып өбушкөндо, тим эле киреерге жер таппай калам...
Мынакей, шайлоо деген кампания башталганы менин турмушум, чынын айтсам абдан эле оорлоду...Бетимден тамтык жок -листовкаларын чаптап салышат. Бутум менен белиме эле эмес, мойнума чейин чапташчу болду. Кунунө эки-уч ирет алмаштырышат, бирөөсунукун экинчиси жулуп салып. Клей менен скотч деген балакеттерден аллергиям кармап, бүт денемди жара басты...
Адамдар байып, цветная полиграфия дегени өнуккөндөн бери көчонун аркы бетинде турган кошунам экөөбуздун ортосуна сым байлап, чон сурөттөрду илишчу болду, баннерлеп. Электр менен телефондун сымдарын керээлден кечке көтөруп турганыбыз аз келгенсип, эми бакыйган саясатчыларды, жомоктогудай сөздөру менен кошо көтөрчу болдук...
Шамалдан белибиз ийилип онтолоп араң чыдайбыз...Анысы аз келгенсип тез тез алмашып турганычы баннерлердин, то юс бийликтегилердин. ..Кыргызстандагы шамал столбаларды кулата албаган менен бийликтегилерди тез-тез эле аңтарып тушчу болду. Биз болсо илгери канча калың кар жааса да тура берчубуз, а бийликтегилер сыдырым соккон желге туруштук бере албай калды го. Кандай болсо да биздин жашообуз кыйындап калды.. Али алдыда дагы эмнелер күтүп турат, билбейм...Шайлоо тезиреек бутуп кетсе жакшы болот эле, бирок адамдардан угуп калдым, мунусу бутсө дагы бир чон шайлоо болот имиш -ажолукка ат салышмай...Теги аман калсак, столбалар баарыбыз чогулуп түлөө өткөзсөк бейм...

Супер-Инфо
super.kg
видео
























