ТАГДЫРДЫ КАНТИП ӨЗГӨРТСӨ БОЛОТ?
Көптөгөн аят-хадистерде ырыскынын көбөйүшү тууралуу баяндар келген. Ырыскы себеп менен келет. Ырыскынын материалдык себептеринен бөлөк руханий себептери бар. Бүгүн ал себептердин эң маанилүүсүн гана карап кетсек, анткени бул тууралуу толук мааалымат мусулман аалымдарынын китептеринде көп келет (өзгөчө шейха Мажди Мухаммад аш-Шахавинин “Ырыскынын ачкычы” китеби, кыргыз тилиндеги котормосу бар). Көңүл бургула! Бул макалада ырыскынын руханий себептери гана жазылган.
1) Биринчи жана эң маанилүү себеп – дуба. Дуба – Аллахтан жардам тилеп кайрылуу, жана да Аллахка болгон муктаждыкты жарыялоо.
Аллах айтат «Менин пенделерим Мен тууралуу сурашса, Мен жакынмын, чакыруучунун дубасына жооп берем…» (аль-Бакара,
186)
Пайгамбар (салляллаху алейхи уа саллям) айтты: “Аллахтын алдында дубадан татыктуураак эч нерсе жок” (Ибн Хиббан)
Аллах бизди Өзүнө ибадат кылуусу үчүн жаратты. Ошол максаттарыбызга жетүү үчүн себептерди койду. Себепсиз натыйжа болбойт, ким бул нерсени түшүнбөсө Динди түшүнбөптүр.
Куран-сүннөттөн буга далилдер жетишерлик көп.
Бирок дуба – пайда алып келүү жана зыяндан коргонуу себептеринин ичинен эң биринчиси, эң маанилүүсү,
эң күчтүүсү, эң улугу.
Тагдыр деген эмне?
#141 21 June 2015 - 04:36
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#142 21 June 2015 - 04:39
Аллахтын Элчиси (салляллаху алейхи уа саллям) айтат:
«Силерге түшкөндөн да, түшө элегинен да дуба куткарат. Эй, аллахтын кулдары! Дубага бекем болгула!» (Сахих аль-Жамиъ, 3409)
«Балээ түшкөндө аны дуба тосот жана алар Кыямат Күнүнө чейин күрөшүп турушат» (аль-Мустадрак, 1813). Хадистин риваятында толуктоо келет «…алар Кыямат Күнүнө чейин асман менен жердин ортосунда тирешип турушат, күчтүүсү жеңип кетет»
«Тагдырды дуба гана кайтарат, өмүрдү таквалык гана узартат. Чындыгында адам күнөөлөрү себептүү ырыскысынан кур калат» (аль-Мустадрак, 1814)
Айтылып өткөн материалдан тушүнөбүз: Аллах пендесинин тагдырына бир оор сыноо жазган болсо, кийин ал балээден сакта деп дуба кылса, дубасын Аллах кабыл этсе – Аллах ал кырсыкты болтуртпай коет. Бардык болумуш тагдыр эзелтеден аль-Лавх аль-Махфузда жазылган. Бул түшүнүктүү эле. Адамдардын эң акылдуусу – тагдырды тагдыр менен кайтарганы, бир тагдырда экинчи тагдыр менен тосо билгени.
Башкача жашоо мүмкүн эмес. Себеби Пайгамбардан (салляллаху алейхи уа саллям) дарылар, дем-салуулар Аллахтын жазган тагдырына жолтоо боло алабы деп сурашканда ал жооп берген:
“Алар (дары жана дем-салуу) өзүлөрү Аллахтын тагдырынан” (ат-Табарани, 3020)
Тагдарланып коюлган себептерди колдонуп тагдырга жазылган пайдага жетебиз, тагдырга жазылган зыяндан сактана алабыз. Дуба – себептердин бири.
2) Туугандык мамилелерди сактоо. Аллахтын Элчиси (салляллаху алейхи уа саллям) айтты: «Ким өзүнүн ырыскысынын көбөйүшүнө жана өмүрүнүн узарышына сүйүнгүсү келсе – туугандык мамилени чыңдасын» (Аль-Бухари).
Дагы айткан: “Чындыгында Аллахка итаат кылуулардын ичинен эң тез сооп берилүүчү нерсе – тууганчылыкты чыңдоо. Эгер үй-бүлө күнөө жасаган адамдар болсо дагы, туугандык мамилени бекемдегендери үчүн байлыгы жана саны өсө берет”.
3) Истигфар, садака, ажылык жана умра, таква, намаз ж.б.

#143 21 June 2015 - 04:41
Чыныгы,
туура тагдыр түшүнүгү – адамдын тандоо эркиндиги ишке ашырыла турган жай, жашоонун түзүлүшүн жана максатын тушүндүрүп бере ала турган окуу.
Бардык аят-хадистерде пенденин иш-аракеттерине тагдыр жолтоо боло албастыгы, пенделер тагдыр менен актана албастыгы айтылат. Тескерисинче Ислам жакшы иштерге умтулуп жана аларды аткарууга бардык күч жумшоону талап кылат.
Тагдыр маселесин туура түшүнө албастык - инсанды пассивдүү кылып коет
Пайгамбарыбыз (салляллаху алейхи уа саллям) сахабаларга бардык нерсе тагдырда чечилгендигин баяндаганда, эл арасынан бирөө туруп: "Тагдырга жазылганды баары бир көрөбүз да, амалды таштап койсок эмне болот?", - деп сураганда ага жооп берет: «Жок, аракет кылгыла, ар бир кишиге ал эмне үчүн жаралган болсо, ошол нерсе жеңилдетилет! », - андан кийин төмөнкү аяттарды окуйт:
«Албетте, силердин аракетиңер ар башкача. Алсак, кимде-ким берешендик кылса жана такыбаа болсо, жана да Бейишти чын деп билсе (тастыктаса), Биз анын (Бейишке) жолун жеңил кылабыз. А кимде-ким сараңданса жана текеберденсе, Бейишти жалган десе, анда Биз анын жолун кыйынчылыкка (тозокко) бурабыз» (ал-Лейль, 5-10)
Аллах Таала жарала турган нерселердин баарын тагдырга жазып, алар пайда боло турганга тиешелүү себептерди даярдап койду. Аллах аль-Хаким (Даанышман) сапаты менен адамдарга бул дүйнөдө жашоосу үчүн жана Акыретке умтулуш үчүн себептерди ыйгарды. Ар бир жаралган жанга ал эмне үчүн жаралган болсо, ошол нерсени эки дүйнөдө тең жеңилдетип берди. Ошентип, Ал даярдайт жана жеңилдетет.
Бул дүйнөнүн пайдасына, байлыгына, жеңишине жетиш үчүн пенде бардык күчүн жумшап аракет кылат, “Аллах тагдырга жазганын көрөбүз” деп отуруп албайт. Ошондой эле Түбөлүк жашоо болгон Бейишке да умтулуш керек, жалкоолугун тагдырга шылтабай, керек болсо андан да күчтүү умтулуу менен.
Тагдыр суроосун аябай жакшы аңдап, түшүнүп алган сахаба тагдыр тууралуу суроолорун берип бүткөн соң "Азыр эми мен эч качан аракет кылбагандай (көп) аракет кыла баштайм!" деп айтат.

#144 21 June 2015 - 04:42
Адамдардын тагдыры аалам жарала электен 50 миң жыл мурун аль-Лавх аль-Махфузда жазылган болчу. Адам баласы төрөлөөрдө анын жашоосунун тагдыры 4 нерсе менен белгиленет:
ажалы, ырыскысы, амалы жана бактысы. Андан тышкары Кадыр түнү тагдыр чечилет, андан тышкары Аллах ар күнү тагдырды ишке ашырып, иш үстүндө.
Маңдайга жазылган тагдыр, адамдын амалы себептүү, жеңил же оор жагына өзгөрүшү мүмкүн. Бирок, ал өзгөрүүлөр Аллахка эчак маалым болуп аль-Лавх аль-Махфузда жазылган.
Тагдырды өзгөртүүчү жана ырыскыны көбөйтүүчү эң күчтүү себептерден дабу, таквалык жана туугандык мамилени кармоо.
Чыныгы, туура тагдыр түшүнүгү – адамдын тандоо эркиндиги ишке ашырыла турган жай, жашоонун түзүлүшүн жана максатын тушүндүрүп бере ала турган окуу. Хадисте келет: “Күчтүү момун алсыз момунга караганда Аллахка жагымдуураак. Ошентсе да экөөндө тең жакшылык бар. Пайдага умтул, Аллахтан жардам сура жана алаканыңды түшүрбө, сыноо келе турган болсо “Ка-ап, минтип койгондо жакшы болот эле” деп айпа. Айткын “Бул Аллахтын тагдыры, Ал каалаган нерсесин аткарды” (кодаруллахи ва маа шаа’а фаъаль). Себеби “болот эле” деп айтыш шайтанга эшик ачып берет” (Муслим, Ахмад, Ибн Маджа)
Маңдайга жазылган тагдыр, адамдын амалы себептүү, жеңил же оор жагына өзгөрүшү мүмкүн. Бирок, ал өзгөрүүлөр Аллахка эчак маалым болуп аль-Лавх аль-Махфузда жазылган.
Тагдырды өзгөртүүчү жана ырыскыны көбөйтүүчү эң күчтүү себептерден дабу, таквалык жана туугандык мамилени кармоо.
Чыныгы, туура тагдыр түшүнүгү – адамдын тандоо эркиндиги ишке ашырыла турган жай, жашоонун түзүлүшүн жана максатын тушүндүрүп бере ала турган окуу. Хадисте келет: “Күчтүү момун алсыз момунга караганда Аллахка жагымдуураак. Ошентсе да экөөндө тең жакшылык бар. Пайдага умтул, Аллахтан жардам сура жана алаканыңды түшүрбө, сыноо келе турган болсо “Ка-ап, минтип койгондо жакшы болот эле” деп айпа. Айткын “Бул Аллахтын тагдыры, Ал каалаган нерсесин аткарды” (кодаруллахи ва маа шаа’а фаъаль). Себеби “болот эле” деп айтыш шайтанга эшик ачып берет” (Муслим, Ахмад, Ибн Маджа)
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#145 21 June 2015 - 04:46
Пайгамбардан (салляллаху алейхи уа саллям) дарылар, дем-салуулар Аллахтын жазган тагдырына жолтоо боло алабы деп сурашканда ал жооп берген: “Алар (дары жана дем-салуу) өзүлөрү Аллахтын тагдырынан”
. б.а. бир гана жакшылык-жамандык тагдырга жазылбастан,
аларга алып келчү себептер да тагдырга жазылган.
Чыныгы, туура тагдыр түшүнүгү – адамдын тандоо эркиндиги ишке ашырыла турган жай, жашоонун түзүлүшүн жана максатын тушүндүрүп бере ала турган окуу, дүйнө-акыретте кенен ырыскыга жеткире турган себеп: “Адамдардын арасынан "О, Раббибиз! Бул дүйнөдө бизге жакшылык бер" дегендер бар, алар үчүн Акыретте үлүш жок. Жана да адамдардын арасынан "О, Раббибиз! Бул дүйнөдө да бизге жакшылык бер, Акыретте да жакшылык бер жана Тозок азабынган сакта" дегендер бар, дал ошол адамдарга жасаган (жакшы) иштеринен насип бар. Аллах өтө тез эсептешет! ” (аль-Бакара, 200-202)
Сөзүбүздүн аягында Аллахка мактоолор. Ал бизге тагдыр маселесин түшүнүүнү жеңилдетти. Ката кеткен болсо ал биздин пендечилик жана шайтандын амалы деп билиңиз.
Дуа:
«Аллахумма ахсин ъаакыбати-наа фи-ль-умуури кулли-ха. Ва ажир-наа мин хизйи-д-дунья ва ъазааби-ль-аахиро».
(Аллахым! Бардык иштерибиздин акыбетин жакшы кыл, бул дүйнө уятынан жана Акырет азабынан мени сакта!)
Чыныгы, туура тагдыр түшүнүгү – адамдын тандоо эркиндиги ишке ашырыла турган жай, жашоонун түзүлүшүн жана максатын тушүндүрүп бере ала турган окуу, дүйнө-акыретте кенен ырыскыга жеткире турган себеп: “Адамдардын арасынан "О, Раббибиз! Бул дүйнөдө бизге жакшылык бер" дегендер бар, алар үчүн Акыретте үлүш жок. Жана да адамдардын арасынан "О, Раббибиз! Бул дүйнөдө да бизге жакшылык бер, Акыретте да жакшылык бер жана Тозок азабынган сакта" дегендер бар, дал ошол адамдарга жасаган (жакшы) иштеринен насип бар. Аллах өтө тез эсептешет! ” (аль-Бакара, 200-202)
Сөзүбүздүн аягында Аллахка мактоолор. Ал бизге тагдыр маселесин түшүнүүнү жеңилдетти. Ката кеткен болсо ал биздин пендечилик жана шайтандын амалы деп билиңиз.
Дуа:
«Аллахумма ахсин ъаакыбати-наа фи-ль-умуури кулли-ха. Ва ажир-наа мин хизйи-д-дунья ва ъазааби-ль-аахиро».
(Аллахым! Бардык иштерибиздин акыбетин жакшы кыл, бул дүйнө уятынан жана Акырет азабынан мени сакта!)
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#146 25 June 2015 - 21:59
Тагдыр,каза деген создорго ишенем.Себеп мени жоктон бар кылган Аллах,кантип менин эмне кылаарымды,
кантип жашоо кечирээримди билбей калсын?.Гайып(кайып)ээси болгон Зат биздин акылыбыз жетпей турган нерселерге кудурети жетет.Анын(Аллах а.ж.)бир гана "Бол"деген созу жетиштуу.
#147 19 July 2015 - 01:17
Периштелер баарын биз жарык дуйного келгенде эле, бешенебизге жазып койгон деп айтылат. Мына ошондуктан да "Бешенеге жазганы болот" деп айтылса керек.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#148 29 July 2015 - 00:09
Тагдырга ишенүү Ишенүүгө тийиштүү алты нерсенин алтынчысы -тагдырга, жамандык менен жакшылыктын Аллаху тааладан экендигине ишенүү.Адамдарга келе турган жакшылык жана жамандык, пайда жана зыяндын баары Жараткандын жазуусу менен жүзөгө ашат. Тагдыр: сөздүк мааниси "көп нерсени өлчөө”, "өкүм” жана "буйрук”,
"чоңдук”,
"көптүк” болуп эсептелет. Аллаху тааланын бир нерсенин болуусун эзелтеден каалоосу"
тагдыр”деп аталат. Каза – тагдырдын, б.а., "бар болсун” деп каалаган нерсенин бар болуусу. "Каза” жана "тагдыр” сөздөрү бири-биринин ордуна колдолуна берет. Демек, "каза” деген сөз эзелден чексиз акырына чейинки жаратыла турган нерселерди Аллаху тааланын эзелден каалап коюусу. Ушул нерселердин баарын казага ылайык түрдө жаратылышы "тагдыр” деп аталат. Аллаху таала боло турган нерселердин баарын эзелден билет. Ушул илими"Каза жана тагдыр”деп аталат.
#149 29 July 2015 - 00:18
Тагдырга ишенүү кандай болот? Тагдырга ишенүү үчүн мына ушуларга жакшы ишенип, билүү керек. Аллаху таала бир нерсени жаратууну эзелтеден кааласа, аз да көп да эмес, дал ошол каалаганыдай болууга тийиш. Бар болуусун каалаган нерселердин жок болуусу жана жок болуусун каалаган нерселердин бар болуусу мүмкүн эмес. Бардык жандуулардын,
өсүмдүктөрдүн,
жансыз нерселердин,
катуу, суюк, газ түрүндө бардык нерсенин, асмандагы объекттердин,
молекуланын,
атомдордун,
электрондордун,
электромагниттик толкундардын козголуусу,
химиялык жана физикалык кубулуштар,
ядро реакциялары,
энергаялык алмашуулар,
физикалык кыймылдар, пенделердин жакшы жана жаман иштери, дүйнө жана акыретте жасаган иштеринен жоопко тартылуу – бардыгы Аллаху тааланын илиминде эзелтеден бар эле. Аллах эзелтеден чексиз акырына чейин бар боло турган заттарды, алардын сыпаттарын,
кыймыл-аракеттерди,
кубулуштарды эзелдеги илимине ылайык жаратууда. Адамдардын жакшы-жаман,
эрктүү-эрксиз бардык иштерин, мусулман болууларын,
капыр болууларын Аллаху таала жаратат. Жаратуучу, бар кылуучу тек гана Ал. Себептердин таасири менен жүзөгө аша турган бардык тиричилик Анын жаратуусу менен болот. Бардык нерсени бир себеп менен жаратат. Мисалы, от күйгүзөт. Бирок, күйгүзгөн Аллаху таала. Оттун күйгүзүү менен эч кандай тийешеси жок. Ал эми, Аллаху тааланын адаты (белгилеген мыйзамы) боюнча бир нерсеге от тиймейинче күйгүзүүнү жүзөгө ашырбайт. От тутануу температурасына чейин ысытуудан башка эч нерсе кылбайт. Органикалык заттардын курамындагы көмүртекти,
суутекти, кислородду бириктирип,
электрондорду алмаштыра турган от эмес. Акыйкатты көрүүгө кудурети жана илими жетпегендер буларды от аткарат деп ойлойт. Күйгүзүүчү,
күйүү реакциясын жүзөгө ашыруучу от эмес. Кислород да эмес. Ысыктык да эмес, электрондордун аралашуусу да эмес. Күйгүзгөн - бир гана Аллаху таала. Ал булардын бардыгын күйүүнүн себептери кылып жараткан. Илими жок адам "от күйгүзөт” деп эсептейт. Илим илгерилеген сайын себеп деп эсептелген нерселердин аркы жагында башка канча деген себептердин бар экендиги аныкталууда,
илимдердин сырын билген, акыйкатты толук көргөн пайгамбарлар жана алардын жолундагы илим дарыясынан ичип канган Ислам аалымдары азыркы кезде көпчүлүктүн күйгүзүүчү,
бар кылуучу же болбосо жаратуучу деп ойлогон нерселердин алсыз, бир фактор, себептер экенин; чыныгы Жаратуучунун Аллаху таала экенин айтышууда. Күйгүзө турган – Аллаху таала. Ал отсуз деле күйгүзө алат. От менен күйгүзүү – адаты. Күйүүсүн каалабаса, от ичинде да күйбөйт. Ибрахим алейхиссаламды от ичинде да күйгүзгөн жок. Аны өтө жакшы көргөндүктөн адатын бузду. Ал оттун күйгүзүү аракетинин алдын ала турган нерселерди да жараткан. Аларды химиктер табууда. Аллаху таала кааласа, бардык нерсени себепсиз, адатсыз да жаратмак. Отсуз күйгүзөр эле, тамаксыз тойгузар эле, учаксыз эле учурар эле, радиосуз да алыстан угузар эле. Ал эми, пенделерине жакшылык кылып, бардык нерсени бир себеп менен байланыштырды.
Белгилүү бир нерселерди белгилүү бир куралдар менен эрежелер менен жаратууну каалады. Өэүнүн күчүн, аракеттерин эрежелер жана себептердин ичине жашырган. Анын бир нерсени жаратуусун каалаган адам ошол нерсенин себебине жармашып, тилегине жетет. Башы ооруган адам даары ичет, Бейишке кирүүнү каалаган адам Исламга моюн сунат, өзүн пистолет менен аткан, уу ичкен адам өлөт, тердеп туруп суу ичкен адам ооруйт, күнөөгө батып куфур кылып ыйманынан айрылган адам Тозокко кетет. Ким кандай себепке жармашса, ошол себеп аркылуу натыйжага ээ болот. Ахли сүннөт аалымдарынын китептерин окуган адам Исламды үйрөнүп, сүйүп, мусулманчылыкты кабыл кылат. Динсиздердин арасында чоңойгон, алардын сөздөрүн тыңдаган адам динден алыс болот. Алардын көпчүлүгү капыр болушат. Адам кайсы багыттын унаасына түшсө ошол багытка карай кетет. Аллаху таала өз иштерин эрежелер менен, себептер менен жаратпаганда эч ким эч кимге муктаж болмок эмес. Ар ким керек болгон нерсесин Аллахтан сурап, эч бир чара көрмөк эмес. Андай кезде адамдар арасында башчы, кызматкер, жумушчу, өнөрпоз, шакирт, устаз сыяктуу адамдар арасындагы мамилелер жоюлуп, дүйнө жана акыреттин тартиби бузулмак. Сулуу менен көрксүз, жакшы менен жаман, күнөөсүз менен күнөөкөр арасында айырмачылык калмак эле. Аллаху таала кааласа эрежелерин башка түрдүү да жасамак. Мисалы, кааласа капырларды дүйнөдө өз кызыкчылыгынан башка эч кимди ойлобой турган, башкалардын жанынын, мүлкүнүн, намысынын эсебинен күн көргөндөрдү Бейишке жиберер эле. Ыймандууларды,
ибадат, жакшылык кылгындарды Тозокко жиберер эле. Бирок, аяттар менен хадистер муну каалабагандыгын көрсөтүп турат. Адамдардын ар бир ишин, эрктүү-эрксиз жасай турган бардык аракеттерин жарата турган Аллаху таала кулдардын каалаган аракетин болгузуу үчүн кулдарынаыктыяр,
б.а., тандоо жанаирада(каалоо) өзгөчөлүгүн берген, ошол тандоо менен каалоону иштердин жаратылуусуна себеп кылган. Пенде бир нерсе жасоону кааласа, аны Аллаху таала да кааласа, ошол ишти жаратат. Пенде да, Аллаху таала да каалабаса ал нерсени жаратпайт. Ал нерсе бир гана пенденин каалоосу менен да жаратылбайт.
Аллах да кааласа гана жаратылат. Пенделердин каалаган иштерин жаратуусуна,
мисалы, от тийгенде күйүүнү жаратканы сыяктуу жүзөгө ашат. Бычак тийгенде кесүүнү жаратат. Кесе турган бычак эмес, Аллаху таала. Бычак – кесүү куралы. Демек, Ал пенделердин каалаган иштерин алардын каалоолору,
тандоолору менен жаратууда. Ал эми, жаратылыштагы кубулуштар пенделердин каалоолоруна байланыштуу эмес. Алар бир гана Аллаху тааланын каалоосу менен башка себептерге байланыштуу жаратылууда.
Асман, жер жана бардык ааламдагы кыймыл-аракеттердин жана кыймылсыздыктардын баары бир гана Аллахтын жаратуусу менен болууда. Андан башка Жаратуучу жок. Бир гана жансыз нерселердин кыймыл-аракеттери жана адам менен жаныбарлардын эрктүү аракеттери арасында да мындай айырмачылыктар бар; адамдар бир нерсе кылууну каалап, аны Аллах да кааласа, адамга ошол нерсени кылууга күч берип, колдойт, ошол ишти жүзөгө ашырат. Кулдун аракет кылуусу анын өзүнүн колунда эмес. Ошондой эле, кандай кыймылдап жатканын да билбейт. Адамдын ар бир аракети көптөгөн физикалык жана химиялык кубулуштар аркылуу жүзөгө ашат. Мындан өзүнүн да кабары болбойт. Жансыз нерселердин аракеттериндетандоодеген нерсе болбойт. От тийген кезде, Аллахтын жагуу, күйүү процессин жаратуусу, оттун күйгүзүүнү каалосу менен жүзөгө ашпайт. Сүйгөн, мээримдүүлүк көрсөткөн кулдарынын жакшы, пайдалуу тилектерин Ал дагы каалап, жүзөгө ашырат. Алардын жаман, зыяндуу тилектерин Ал каалабайт жана орундабайт.
Бул пенделерден бир гана пайдалуу иштер жүзөгө ашат. Алар, бир катар тилектеринин жүзөгө ашпагандыгына таарынышат.
Бул иштердин натыйжасы ал үчүн зыяндуу боло турганын түшүнгөндө таарынышпайт болчу. Тескерисинче,
ага кубанып Аллаху таалага шүкүр кылышаар эле. Аллаху таала адамдардын эрктүү иштерин алардын көңүлдөрү каалагандан кийин жүзөгө ашырууну эзелтеден каалаган. Мурда мындай каалабаган болсо эрктүү иштерибизди да биз каалабай туруп эле мажбурлап жүзөгө ашырат болчу. Анын эрктүү иштерибизди биз каалагандан кийин жаратуусу – эзелтеден ошондой каалагандыгы үчүн. Демек, биздин каалообуздун үстүндө Анын каалоосу ар дайым өз үстөмдүгүн,
Аллахтын абсолюттук ирада ээси экендигин көрсөтүп турат. Пенделердин эрктүү аракеттери эки нерседен турат: Биринчиси – пенденин жүрөгүнүн каалоосу жана күчү. Ошондуктан,
пенденин аракеттери"
касб”деп аталат. Касб – адамдык сапат. Экинчиси: Аллаху тааланын жаратуусу, бар кылуусу. Аллаху тааланын буйруктарды,
сооп жана азапты жаратуусу адамда касб сыпаты болгондуктан жүзөгө ашат. "Саффат” сүрөсүнүн 96-аятында:"
Аллаху таала силерди жаратты жана иштериңерди жаратты”, -деп жазылган. Бул аят адам аракеттеринде көңүлүнүн каалоосу жанаирадаи жузийасы (тандоо эркиндиги) бар экендигин билдирет. Мажбурлоонун жок экендигин ачык айкын билдирип турат. Ошол себептенадамдын ишидеп аталат. Кулдун иши жасалуусу үчүн алгач бул ишти кулдун жүрөгү каалоосу керек. Кул күчү жеткен нерсени каалайт. Бул каалоо "касб” деп аталат. Хазрети Амиди бул касбдын иштердин жаратылуусунун себеби, таасири экенин айтат. Кул каалаган нерсесинин бардыгын жасай албайт. Кээде каалабаган нерселеринин да орундалуусу,
жаратылуусу мүмкүн. Кулдун каалагандарынын бардыгын жасап, каалабагандарын болтурбай коюусу кулдукка жатпайт, кудуретке таандык нерселер болуп саналат. Пенделерге Аллаху таала жакшылык, мээримдүүлүк кылып, аларга буйруктарын аткара тургандай жана өздөрүнө керектүү боло тургандай деңгээлде күч-кубат, б.а., энергия берген. Мисалы, ден-соолугу жакшы, акчасы жетиштүү адам өмүрүндө бир жолу ажылыкка бара алат, жылына бир жолу орозо кармай алат, күнүнө беш маал намаз окуй алат, зекет бере алат. Мындан белгилүү болуп тургандай, адам өз эрктүү иштерин кааласа кылат, каалабаса кылбайт. Аллаху тааланын улуулугу ошол жерден байкалат. Жахил (сабатсыз) адамдар тагдыр тууралуу эч нерсе түшүнбөгөндүктөн ахли сүннөт аалымдарынын сөзүнө ишенишпейт.
Кулдардын күчү менен каалоосуна шектенет. Адамды эрктүү иштеринде күчсүз жана мажбур деп эсептешет. Кээ бир иштерде кулдардын каалоосу жүрбөгөндүгүн көрүп ахли сүннөткө тил тийгизишет.
Алардын бул айткандарынын өзү аларда каалоонун, тандоонун бар экендигин көрсөтүп турат. Бир нерсени кылууга же болбосо кылбоого күчтүн жетүүсү"кудурет”деп аталат. Кылууну же кылбоону тандоо"ыктыяр”(тандоо)деп аталат. Тандалган нерсени кылууну тилөө,"ирада”(каалоо) деп аталат. Бир нерсени кабылдоо, ага каршы келбөө –"риза”(ыраазылык,
макулдук, жактыруу) деп аталат. Иштин орундалуусуна милдеттүү түрдө таасир кылуу шарты менен ирада менен кудуреттин биригүүсү"
халк”(жаратуу) деп аталат. Ал эми, таасирлүү болбой биригүү”касб”деп аталат. Бир ишти ыктыяр кылган, тандаган ар адамдын халык, б.а., жаратуучу болуусу милдетүү эмес. Ошол сыяктуу ар бир кааланган нерсеге ыраазы болуу да милдеттүү эмес. Аллаху таала халык (жартуучу) жана мухтар (каалоочу), ал эми, кул болсо касиб (орундоочу) жана мухтар (каалоочу) деп аталат. Аллаху таала кулдардын жакшы жана жаман иштерин каалайт жана аны жаратат. Ал эми, Ал жакшы, соопту иштерден ыраазы. Жаман, күнөө иштерден ыраазы болбойт жана жактырбайт.
Бардык нерсе Анын жаратуусу менен бар же жок болот. "Эн’ам” сүрөсүнүн 102-аятында"
Андан башка илах жок. Бардык нерсенин Жаратуучусу бир гана Ал”, -деп билдирилген.
"Мутазила”сектасындагылар ирада менен ыраазылык арасында айырмачылык жок деп эсептеп, тагдыр жана казага каршы болушуп, ишенишпейт.
"Жабрия”сектасындагылар адамдын тандоого укугу жок деп ойлоп, адамды ташка, отунга теңдештирет.
Адамдар күнөө иш кылбайт. Бардык жаман нерселерди кылдыра турган Аллаху таала деп эсептешет. Эгер "жабрия” өкүлдөрүнүн айтканындай адамда ирада жана ыктыяр болбосо, жамандыктар менен күнөөлөрдү Аллах кыйнап кылдырып жаткан болсо, колу-буту байланган адамдын тоодон төмөн карай жыгылуусу менен өз буту менен тегеректи кыдырып, басып баратып тоодон жыгылуунун арасында айырмачылык болбошу керек эле. Ал эми, биринчисинин жыгылуусу мажбурлуу түрдө, ал эми экинчисинин жыгылуусу ирада жана ыктыяр, б.а., өз каалоосу менен жүзөгө ашып отурат. Бул айырмачылыкты көрбөгөндөр – аң-сезими төмөн болгондор. Дагы алар аяттарга да ишенбеген болуп чыгат. Аллаху тааланын буйруктарын орунсуз деп эсептеген болот. Аллаху таала дүйнөдө бүткүл адамзатка мээримдүүлүк кылууда. Адамдарга кажеттүү нерселерин жаратып, баарына берүүдө. Дүйнөдө тынч өмүр сүрүү жана акыретте түбөлүк бакытка жетүү үчүн эмне кылыш керек экендиктерин ачык айкын билдирүүдө.
Напсилерине,
жаман досторуна, зыяндуу китеп, гезит, теле-радио берүүлөргө алданып, куфр жолуна түшкөндөрдүн ичинен каалаганын туура жолго салууда. Аларды туура жолго тартууда. Азгын, заалым адамдарга мындай ниматтарды бербөөдө. Аларды өздөрү жактырган, каалаган, өздөрү түшкөн куфурлук баткагында калтырууда.
Каза жана тагдыр зээндүү адамдардын көп такала турган маселеси болуп саналат. Бул анын туура түшүнбөөсүнөн улам пайда болот. Тагдырдын эмне экени жакшы түшүнүлө турган болсо, эч бир адамдын көңүлүндө күмөн калбайт жана ыйманы күчөйөт. Ааламдардын Жаратуучусу болгон Аллаху таала жараткан жана жарата турган нерселердин баарын эзелден соңсузга чейин чоң-кичине бардыгын, заттарды, маанилерди бир арада жана бир мезгилде билет. Ар бир нерсени жаратпастан мурда эле билчү. Ахли сүннөт вал-жамаатмусулмандар тагдырга ишенген, тагдырга ишенүүнү ыймандын шарты деп эсептеген. Б.а., тагдырга ишенбеген адам момун деп эсептеген. Тагдырдын ачуусу менен таттуусу, жаманы менен жакшысы - баары Аллахтан. Анткени, тагдыр – билген нерселерин жаратуу деген сөз. Улуу Ислам аалымы Имам Бегави "Тагдыр илими – Аллаху тааланын өз пенделеринен жашырган сырларынын бири. Бул илимди эң жакын периштелери жана дин ээси болгон пайгамбарларына да ачып билдирген эмес. Бул илим – чоң дарыя. Эч ким бул тууралуу сүйлөбөшү керек. Бир гана мына буларды билүү жетиштүү: Аллаху таала адамды жаратат. Алардын бир канчасы күнөөкөр. Алар Тозокко барат. Бир канчасы Бейишке барат. Бир киши Хазрети Алиден тагдыр тууралуу сурайт. "Ал – караңгы жол. Ал жол менен барба”, - деп жооп берет. Дагы сурайт. "Терең деңиз”, - дейт. Дагы сурайт. Бул жолу: "Тагдыр –Аллаху тааланын купуясы. Аны сенден жашырган”, - деп жооп берет”. Адамдын эрктүү аракети мына ушул төрт нерсе аркылуу жүзөгө ашат: 1. Ошол нерсени оюнда элестетүү. 2. Ошол нерсени жактырып, жакшы сезимге бөлөнүү. 3. Ошол нерсени кылууну чын жүрөктөн каалоо, б.а., аракет кылууну тилөө. 4. Аракеттин пайда болушу. Биринчи жана экинчилерди Аллаху таала жаратат. Себеби, ойлоо менен жактыруу бар нерселер. Бар нерселер жаратылууга муктаж. Ал эми каалоо менен тандоо – пендеден. Аракетти жарата турган – Аллаху таала. Пендеде каалоо менен ирадаи жузийанын (тандоо эрки) пайда болушу алгач пендеде аны ойлоо жана жактыруу деген нерселердин жаратылуусунан кийин ишке ашат. Мисалы, бир адам садага берүүнү жана сообун ойлосо, ошол нерсе тууралуу анда кызыгуучулук же жек көрүүчүлүк пайда болот. Ошол амалды кылууну же болбосо кылбоону тандайт. Жактыруу, кызыгуучулук бул каалоо эмес. Жек көрүү, жаман ойдо болуу да пенденин каалоо укугун колдонбоосу дегендик эмес.
#150 29 July 2015 - 00:25
Таваккул (тобокел) деген эмне? Аллаху таалага жакындагандардын өтө турган тепкичтин бири бул - таваккул. Анын даражасы өтө жогору. Ал эми, таваккулду үйрөнүү өтө кыйын. Аны орундоо андан да кыйын. Анткени, кимде-ким иштеринде Аллаху тааладан башка бирөөнүн таасири боло тургандыгына ишенсе, ал адамдын таухидинде (бир Аллахка ишенүүсүндө) кемчилик бар. Эгерде эч кандай себеп керек эмес деп айтса, Ислам дининен чыгат. Эгерде себептерди арага кою кажет эмес десе акылга да кайчы болот. Эгер кажет десе себептерге таваккул кылган болуп, бул болсо, таухидде кемчилик болот. Демек, таваккулду акылга, Исламга, ары таухидге ылайык түшүнүш керек. Ал үчүн терең илим кажет. Таваккулдун фазилети: Аллаху таала бардык адамдарга таваккул кылууну буюрган."
Таваккул – ыймандын шарты”, -деген аят ушул буйруктардын бири. "Маида” сүрөсүнүн 23-аятында:"
Эгер ыйманыңар бар болсо, Аллаху таалага таваккул кылгыла!”,
"Али Имран” сүрөсүнүн 159-аятында:"
Аллаху таала таваккул кылгандарды албетте сүйөт” -деп билдирилген.
"Талак” сүрөсүнүн 3-аятында:"
Ким Аллаху таалага таваккул кылса Аллаху таала ага жетиштүү болот”, -деп билдирилген.
Ушундай маанидеги көптөгөн аяттар бар. Расулуллах мындай деген:"Үммөтүмдүн бир бөлүгү мага көрсөтүлдү.
Алардын өтө көп экендигине таң калып, кубандым. "Кубандыңбы?
” - деп сурады. "Ооба”, - деп айттым. "Булардын бир гана жетимиш миңи сураксыз Бейишке кирет”, - деп айтты. "Алар кимдер?” - деп сураганымда:
"Иштерине сыйкыр, пал сыяктуу нерселерди аралаштырбай,
Аллаху тааладан башкага таваккул кылбагандар,
Аллахтан башкага таваккул кылбаган, сүйөнүп ишенбегендер”,
- деп жооп берди”.Угуп отургандардын ичинен Укаша (радиаллаху анх) туруп:"Я Расулуллах!
Дуба кылыңыз, мен дагы ошолордун бири болоюн”-дейт.
Расулуллах:
"Я Раббим! Муну ошолордун катарына кош!” -деп дуба кылат. Дагыбирөө туруп ошондой дуба тилегенде, Расулуллах ага:"Укаша сага караганда ылдамыраак аракет кылды”, - дейт. Бир хадисте:"
Аллаху таалага толук таваккул кылсаңар, куштарга ырыскы бергени сыяктуу силерге дагы жиберер эле. Куштар таң эртең ачка чыгышат. Кечинде болсо тоюп кайтышат”, - деп билдирилген.
Дагы бир хадиси шарифте:"
Кимде-ким Аллаху таалага сүйөнсө, Аллаху таала анын бардык иштерине жардам берет. Күтпөгөн жерден ага ырыскы жиберет. Кимде-ким дүнүйөсүнө ишенсе аны дүнүйөсү менен жалгыз калтырат”,-
деп кабар берилген. Капырлар Ибрахим алейхиссаламды отко ыргытабыз деп жатканда:"
Хасбияллаху ва нимал вакил(Мага Аллахым жетет. Ал эң жакшы камкор - өкүл)”, - дейт. Отко түшкөн кезде Жабраил алейхиссалам келип:"Тилегиң барбы?” -деп сурайт. Ал:"Бар, бирок, сенден эмес”, -деп жооп берет. Ошентип "хасбиаллах” сөзүндө тургандыгын көрсөттү. Ушуга байланыштуу "Ваннажми” сүрөсүнүн:"
Сөзүндө турган Ибрахим”, - деген аяты менен макталган. Аллаху таала Давуд алейхиссаламга:
"Ким бардык нерседен үмүтүн үзүп, бир гана Мага ишенсе, жер бетиндеги жана асмандагы бардык нерсе ага каршы чыкса, зыян келтирүүгө аракет кылса да Мен аны куткарамын”,
- деген аятты жиберет. Улуу олуя Ибрихим Эдхем (куддиса сиррух) бир поптон: "Кантип күн көрүп жүрөсүң?” - деп сураганда, поп: "Кайдан жибериле тургандыгын ырыскы берүүчүдөн сура, мен билбейм”, - деп жооп берет. Бир адамдан: "Күн бою Аллахка ибадат кыласың, эмне жеп-ичесиң?” - деп сурайт. Ал жооп катары тишин көрсөттү. Б.а.: "Тегирменди жасаган анын суусун да жиберет”, - демекчи болгон. Харем бин Хаййан Вейсел Караниден:"
Кайсы жакка барайын?” - деп сурайт. "Шамга (Дамаск)”, - деп жооп берет. "Шамда тиричилик кылуу кандай?” - деп сураганда Вейсел Карани: "Ырыскысына шектенген жүрөктөргө өкүнүчтөр болсун. Аларга насаат пайда бербейт”,- дейт. Таваккул, б.а., тобокелчилик – бул жүрөктүн аткара турган иши, ал ыймандан пайда болот. Ыймандын да түрлөрү бар. Ал эми, таваккул эки нерсеге таянат. Алар таухидге ыйман келтирүү жана ырайымдуулук менен Аллахтын мээриминин чексиздигине ынануу. Таваккул жүрөктө таухидге жана Аллаху тааланын мээримдүүлүгүнүн чексиздигине ишенүү аркылуу пайда болот. Бул абал адамдын чын жүрөктөн өз өкүлүнө толук ишенүү жана аны менен көңүлүнө тынчтык берүү деген сөз. Мындай адам дүнүйө мүлкүнө таянбайт. Дүнүйөлүк иштеринин бузулуусуна убайымданбайт.
Аллаху тааланын кайдан болсо да милдеттүү түрдө ырыскы жибере тургандыгына ишенет. Ошол абалда болгон адамды төмөндөкү мисал менен оңой түшүнүүгө болот: Бир адамга жалаа жабылып, сотко тартылса, ал өзүнө адвокат жалдайт. Үч нерседе адвокатка толук ишенсе, ал адамдын көңүлү тынч болот. Биринчиси, адвокаттын жалпы жагдайды, жабылган жалаа тууралуу бардык окуяны жакшы түшүнгөн болуусу. Экинчиси, билгендерин түшүндүрүп берүү үчүн чындыкты айтуудан тартынбоосу жана ачык сүйлөй билүүсү. Үчүнчүсү, адвокаттын ал адамга мээримдүүлүк кылып, анын укугун коргоого чын пейилден киришүүсү. Адвокатына ушундай чексиз ишенсе, өзү да адвокаттан бөлөк бул маселе менен алектенип убара болбойт. "Али Имран” сүрөсүндөгү:
"Аллаху таала бизге жетиштүү. Ал кандай жакшы камкорчу - өкүл”, -деген 173-аятты жакшы түшүнгөн адам:"Бардык нерсени Аллаху таала жасайт. Андан башка эч ким эч нерсе жасай албайт”, -деп, Анын илиминде, кудуретинде кемчилик жоктугуна жана рахматынын чексиздигине ишенген адам чаралар менен себептерге таянбайт. "Ырыскы бөлүнгөн, жазылган, убакты келгенде мага да жетип келет. Аллаху таала өзүнүн улуулугуна,
ырайымдуулугуна жарашкан иштерди кылат”, - деп эсептейт. Мындай ишенген адам көп экендигине карабастан,
көпчүлүгүнүн ичинде кандайдыр бир убайым, коркунуч, үмүтсүздүк болот. Дагы да көп адамдар болот. Алар бир нерсеге ишенет. Бирок, табияттары ишенген ыйманына эмес, убайымдаган күмөнү жакка оолак болот. Дал убайымынын,
күмөнүнүн туура эместигин, орунсуздугун билип туруп ошолорго баш ийет. Таваккул үчүн күчтүү ыйман жана күчтүү жүрөк керек. Ошондо гана жүрөгүндө эч кандай күмөн калбайт. Эгер ишеним менен өзүн өкүлүнө тапшыруу ишенимдүүлүгү толук болбосо таваккул да толук болбойт. Анткени, таваккул – жүрөктүн ар кандай иште Аллаху таалага өзүн толук тапшыруу жана күмөнсүз ишенүү болуп эсептелет. Ибрахим алейхиссаламдын ыйманы, ишеними толук эле. Бирок, жүрөгүнүн тынычтануусу үчүн:"Эй, Раббим! Өлгөндөрдү кантип тирилтесиң?
Мага көрсөтчү”, -дейт. Бакара сүрөсүнүн 260-аятында билдирилгендей:
"Ишенген жоксуңбу?”– деп суралганда.
Ибрахим пайгамбар:"
Ишендим. Бирок, жүрөгүм тынчтык тапсын”, -деп айтат. Бирок, жүрөгүндө ыйманы, ишеними бар болчу. Ал жүрөгүнүн ыракат болуусун, тынчтык табуусун каалады. Анткени, жүрөктүн тынчтык табуусу алгач сезим менен кыялга баш ийет. Андан соң жүрөк да ошол якиинге (жакындоо) баш ийип, ачыктан-ачык көрүүгө муктаж болбойт.
#151 13 August 2015 - 14:53
мен бешенеге жазат деген созго ишенбеймин.
Анткени Аллах кантип эле сен ууру болуп кал, же болбосо сен 30 жашында олуп кал, анан балдарын тентип кетсин деп пендесин жаратмак эле. адамыдн оз тагдырынын куруучусу озу болсо керек.
Жанылышасыз. Алла Таала келечекте эмне болорун адамзат жарала электен мурда жазып койгон.
#152 13 August 2015 - 15:06
"Адам тагдыры өз колунда.."
жана "ТАГДЫРГА ДЕГЕН ЕМНЕ?ИШЕНЕСИНЕРБИ ТАГДЫРГА?"
темалары менен бириктирилди.
#153 13 April 2016 - 20:53
Саламатсыздарбы урматтуу форумчулар!

Ушул тема жонундо кеп козгогум келди. Жумушума байланыштуу (дагы жумушун ортого кошуп жатат деп жаман корбонуздор) коптогон жашоодо жабыр тарткан адамдар менен иштешип калам.
Кээ бир кардарым "Тагдыр экен да, бешенеге жазганын коробуз" деп баарын тагдырга шылтап артка кетенчиктесе, кээ бир кардарым "Жок! мен баары бир ийгиликке жетишем! Акыйкат издоо учун бардык аракетимди кылам" деп жан уроп калышат.
Эми бул жон гана мисал достор.
Ал эми сиздер канда ойдосуздар? Cиз тагдырга жазылганын кутуп жана ага канагат кылып жашачу адамсызбы же тагдыр дегенге ишенбей жалгыз гана озунузго ишенчу адамсызбы?
Деги эле тагдыр деген эмне озу? Бешенеге жазылган омур дегенчи?
Cуроо тушунукту болду окшойт. Анда эмесе жооп сиздерден болсун
Т.б: Мындай тема бар болсо жон гана бириктирип коймой, эскертуу тилебей элемин.

Жизнь – театр. Только актёры на
земле, а зрители на небесах!!!
Максатың оюңда толук жаралган болсо, анын ишке ашуусу - убакыттан гана көз каранды.
земле, а зрители на небесах!!!
Максатың оюңда толук жаралган болсо, анын ишке ашуусу - убакыттан гана көз каранды.

Супер-Инфо
super.kg
видео