Суперстан: Ким орозо кармайт? Орозо тууралуу. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (71 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 30
  • 31
  • 32
  • 33
  • 34
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ким орозо кармайт? Орозо тууралуу.

#621 Пользователь офлайн   sterva   25 Июнь 2015 - 13:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 955
  • Катталган: 17 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 27 Авг 2021 08:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения Holerik10 (25 Июнь 2015 - 11:28) жазган:

Анда мечиттеги молдо озу оозун ачып алып анан азан айтат окшойтта))



ОШооо мен да ошентип ойлоп койдум,курсагын тойгозуп анан азан айтат деп))).
Балам менин жашоомдогу эн чон-БАКЫТЫМ. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#622 Пользователь офлайн   Nurmuhammad   25 Июнь 2015 - 14:03

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 527
  • Катталган: 04 Июнь 14
  • Соңку аракети: 07 Сен 2016 04:06

Просмотр сообщения sterva (25 Июнь 2015 - 13:44) жазган:

ОШооо мен да ошентип ойлоп койдум,курсагын тойгозуп анан азан айтат деп))).

Жоок андай эмес Бишкектин сопуларын эн жакшы билем алар убагында эле айтат даже элден кечиреек тамактангандарын коруп калам себеби кызматты да кылышатта алар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#623 Пользователь офлайн   eldar96   25 Июнь 2015 - 14:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Нол жердеги айрымынарга тан калып жатам, азыр не коп, орозонун календары коп, керек болсо бекер эле таратып журушот, баары эле туура Муфтияттын уруксаты мене басылган. Ошондон бирди уйго алып коюп, ошол календарь менен ача бергиле да кызык элесинер, анан качан сопу азанын айтат деп куто бербей.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#624 Пользователь офлайн   Aselina_kg   25 Июнь 2015 - 19:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 194
  • Катталган: 16 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 25 Май 2023 09:58

Ифтарга аз калганда заряд самый низкий уровенди көргөзүп калып жатат :батан:

Жаратканым сабыр берип,толук кармоону буйруган болсун!

Ыйык рамазан айыңыздар кут болсун!
Кармаган орозоңуздарды Аллахым кабыл кылып!Эки дүйнөнүн бактылуулугун насип этсин!

♡♡♡♡♡♡♥♥♥♥♥♥♥♡♡♡♡♡♡
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#625 Пользователь офлайн   sterva   25 Июнь 2015 - 19:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 955
  • Катталган: 17 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 27 Авг 2021 08:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения eldar96 (25 Июнь 2015 - 14:07) жазган:

Нол жердеги айрымынарга тан калып жатам, азыр не коп, орозонун календары коп, керек болсо бекер эле таратып журушот, баары эле туура Муфтияттын уруксаты мене басылган. Ошондон бирди уйго алып коюп, ошол календарь менен ача бергиле да кызык элесинер, анан качан сопу азанын айтат деп куто бербей.


СЕн айткан календарьдан 3-4 бар менде.Болгону мечитте азан айтканын кутуп,чогуу ачкан жакшы болобу деген ой.Создун торкунун тушунбойле жаза бербегилечи.
Балам менин жашоомдогу эн чон-БАКЫТЫМ. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#626 Пользователь офлайн   kerakg   25 Июнь 2015 - 20:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 082
  • Катталган: 19 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2017 08:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас жери.

Просмотр сообщения sterva (25 Июнь 2015 - 19:36) жазган:

СЕн айткан календарьдан 3-4 бар менде.Болгону мечитте азан айтканын кутуп,чогуу ачкан жакшы болобу деген ой.Создун торкунун тушунбойле жаза бербегилечи.

жогорудагылар азанчыга сөз тийгизип жатышы мүмкүн, азанчынын өз милдети бар убагында айта турган, азанчынын даражасы бизге окшогондорго караганда өйдө болот,
а сизде календарь болбосо, болгон күндө да, саат болбосо, азанды күткөнүңүз туура эле, кабаатыр болбоңуз, орозоңуз кабыл болсун.

Билдирүүнү түзөткөн: kerakg: 25 Июнь 2015 - 20:10

Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#627 Пользователь офлайн   eldar96   25 Июнь 2015 - 20:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Просмотр сообщения sterva (25 Июнь 2015 - 19:36) жазган:


СЕн айткан календарьдан 3-4 бар менде.Болгону мечитте азан айтканын кутуп,чогуу ачкан жакшы болобу деген ой.Создун торкунун тушунбойле жаза бербегилечи.


Тушунуктуу анда. Бирок жакшы эле ойдо айткан элем, чагымда башкача мааниде тушунуп алган окшойсуз. Ошентсе да кату тийсе, кечиреерсиз деген ниеттемин.

Билдирүүнү түзөткөн: eldar96: 25 Июнь 2015 - 20:11


*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#628 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Июнь 2015 - 22:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Орозодо ден-соолукту кантип чың кармоого болот? Тамактануу, уйку жана машыгуу
Сүрөт
Рамазан айындагы бир ай орозо кармоо маалында, ага чейинки күнүмдүк баш кечирген жашоо-тиричиликте бир топ өзгөрүүлөр болот. Буга байланыштуу кээ бир адамдар жалкоолук жана ашкере тамактанып алуу менен ден-соолугуна кедергисин тийгизип алышат. Себеби ифтар маалында көп тамак ичип алышат жана аз кыймылда болушат. Ал эми орозо кармоодо бул эрежелер мурдагыдай эле талапка ылайык сакталышы маанилүү.

Сүрөт

Орозо кармоо учурунда организмдеги метаболизмдин деңгээли жай жүрө баштайт. Бул көрүнүш алсыроону жана ашыкча салмак кошууга түрткү бериши ыктымал. Бирок, эрежелерге карманып, туура тамактанып, бир калыпта уктап жана физикалык активдүүлүгүңүздү жоготпосоңуз орозо кармоо жеңил эле өтүп кетет.

Тамактануу

Орозо маалында көпчүлүк учурда көптөгөн адамдар жана тууган- достор менен тамактанууга туура келет. Ошондой эле дасторкондо көптөгөн тамак- аш болот. Бирок, сиз өзүңүздүколго алып, ашыкча тоё тамак жеп алуудан алыс болушуңуз керек. Аз- аздан жана ортодо тыныгуу жасап тамактануу сунушталат. Ошондой эле суусундук көбүрөөк ичкен пайдалуу.

Ал эми ооз бекитүүдө, ашказанда жай сиңирилип, пайдалуу витаминдерге бай жашылча- жемиштерди жеген туура болот. Маселен, күрөң күрүч, кара нан, майсыздандырылган сүт азыктары пайдалуу. Ал эми майлуу жана таттуу азыктардан алыс болуу керек. Себеби ооз бекиткенден кийин таттууга жана майлуу тамакка суусап кыйналасыз. Мунун айынан сураган суусундугун ала албаган ашказан ооруй баштайт. Андыктан ооз бекитүудө чечевица шорпосу, жер- жемиш, күрөң күрүч, кесме, белок, балык жесе туура болот.

Сүрөт

Машыгуу

Рухий жактан берилгенден сырткары, физикалык муктаждыкты да аткаруу маанилүү. Эгер буга чейин көнүгүүлөрдү жасап же спорт менен машыгып келсеңиз, анда, токтотпоңуз. Болгону бир аз убактысын жана жумшалган күчүн азайтыңыз. Ифтардан кийин сөзсүз түрдө 15-20 мүнөт таза абага сейилдеп келиңиз.

Сүрөт

Уйку

Орозо кармоо убактысына байланыштуу күнүмдүк уктап- туруу режимиңизге өзгөрүүлөр кирет. Буга байланыштуу бир күндүк жасаган ишиңизди иреттеп алып, эс алууга да убакыт бөлүңүз. Орозо кармоо маалында күчкө толуп, жакшы кармайын десеңиз анда, уйкуңузду калыпка салыңыз.

Сүрөт



Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 25 Июнь 2015 - 22:51

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#629 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Июнь 2015 - 22:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Рамазан досторконун султаны - хурманын пайдалары
Бир хадисте "Ифтарды хурма менен ачкыла, анткени, ал - береке. Эгер хурма табылбаса суу менен иптар кылгыла, анткени, ал - тазалоочу" деп айтылат
Бейиш мөмөсү катары билинген хурма жашартып,сергитүүчү жана ден соолукту чыңдагын жемиш болуп саналат. Хурма өзү эле 9 түрлүү витаминге ээ болгондуктан бир жолку толук тамактануу менен барабар.

Сүрөт

Жашыл жалбырактуу хурма дарактары чыгыш өлкөлөрүндө айрыкча Кытайда жана Кавказда өстүрүлөт. Анын бир топ түрлөрү бар. Кээ бир түрү Индияда жана Америка,Филиппин аралдарында көбүрөөк жолугат. Хурмалар оозду куруштуруучу, кычкыл даамдагы жана жөнөкөй түрү болот.

Хурма жемиши ар кандай түрлүү ток алып жүрүүчү заттарга бай. Алар клеткаларды түзүүчү заттарга,витаминдер, минералдар жана көптөгөн башка пайдалуу азыктардын курамына ээ.

Хурманын 100 граммында 70 килокалорий болуп,табигый таттуулугу бар. Орточо хурма 170 грамм жана адамдын 16 % керектөөсүн камсыздайт. Ал кычкылдандырууга каршы байланыштарды камтыган А витаминине ээ. Алар ликопин, лютеин, зеаксантин жана криптоксантин. Ал эми хурманын кабыгы дагы пайдалуу касиеттерге бай. Бул тууралуу изилдөөнү жапониянын окмуштуулары жасашып,курамында фитохимиялык клеткаларды кычкылдануудан коргоочу жана эрте улгайууга каршы заттар болгондугун аныкташкан.

Хурманын мөмөсү С витаминин дагы булагы болуп саналат.Бир хурманын курамында 20% күнүмдүк С витамини болот. С витаминине бай мөмөлөрдү үзгүлтүксүз колдонуу иммундук системаны чыңдап, организмди ар кандай инфекциялардан коруйт.

Хурманын жаңы бышкандары ар кандай минералдарга да бай. Алар калий,маргенец, бал, темир жана фосфор. Калий болсо нерв системасын, жүрөк жана боорду ордуна келтирет. Ал эми марганец менен фосфор сөөктөрдүн чыңалышын камсыз кылат. Хурманын курамында 25% шекер, 1,5% протеин, 0,85% май жана 55% чейинки С витаминин камтыйт. Бул жемиш диетикалык мөмө болуп саналат.

Ошондуктан ичтеги ар кандай керексиз калдыктарды тазалайт. Айрыкча жүрөк кан - тамыр оорууларга күнүнө 2-3 хурма жегенди сунушташат. Ал жүрөк кан - тамыр булчуңдарын чыңдайт.

Хурманын күнүмдүгүн тандаш үчүн ачык сары жана саргылт түстөгүсү,тактары жогун алыңыз. Анын сапатын текшерүү үчүн колуңуз менен кысып көрүү жетиштүү. Эгерде катуураак болсо толугу менен быша элек. Жакшы бышкандар колго жумшак кармалат.



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#630 Пользователь офлайн   medina.   26 Июнь 2015 - 01:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Рамазанга даярдыгың кандай?

Эгер сага мамлекет башчысы же элчиси үйүңө зиярат кылып барат деген кабар келген болсо, кандай абалда болоор элең? Аны тосуп алууга кандай даярдыктарды көрөт элең? Аны тосуп алууга бир ай бою ар кандай даярдыктарды көрмөксүң. Кантип тосуп алуу планынан баштап, кантип сүйлөөнү, кандай тамак аштарды даярдоону, кандай жерге жайгаштыруунун баарысын күн мурунтан даярданмаксың.

Эми айлардын айы болгон, айлардын эң улуусу берекелүү орозо айы көптөгөн белектери менен келип жатса аны кандай тосуп аласың? Ага кандай даярдыктарды көрүп жатасың? Улуу айды тосуп алууга даярсыңбы же дагы эле кайдыгердик бейкапардык көлүндө чөгүп жүрөсүңбү, же күнөө, каалоо кызыкчылык туманында адашып жүрөсүңбү?

Орозо айына даярдануу үчүн Куран окууну, намаз окууну жана зикирлерди кылууга план түзүп жатасыңбы? Же аны телевизордун астында көптөгөн каналдарды көрүү менен же керебеттин үстүндө уйку менен өткөзөсүңбү?

Рамазан айы бир жылда бир гана жолу келет. Келгенде да көптөгөн белектер менен келет. Ал белектер башка айларда жок. Берекелүү орозо айында нафил кошумча намаздын сообу парз намаздын сообу менен барабар болот. Ал эми парз намаз болсо жетимиш эсе көбөйтүлөт. Орозо айында бейиш эшиктери ачылып, тозок эшиктери жабылат. Жин шайтандар кишенделип, ар түнү тозоктон азат кылуучу периштелер жөнөтүлүп турат.

Рамазан айында кадыр түнү бар. Аны ким Алла Таалага ыйман келтирип Андан соопторду үмүт кылып уктабастан ибадат кылып өткөзгөн адамдын өткөн күнөөлөрү кечирилет. Ошол себептен Рамазан айы бизден эң жакшы даярдыктарды көрүүбүзгө татыктуу.

1) Рамазан айын Алла Таалага бет алуу менен тосуп алуу.

Жан-жаныбарлардын баарысынан корко турган болсоң алдыларынан качып жөнөйсүң. Ал эми калайыктын Жаратуучусунан корко турган болсоң Ага карай качасың. Алла Таала айтты:

(فَفِرُّوا إِلَى اللَّهِ ۖ إِنِّي لَكُمْ مِنْهُ نَذِيرٌ مُبِينٌ) [سورة الذاريات : 50]

"Аллага гана качкыла (шашылгыла). Анткени мен силер үчүн Андан (келген) тек гана ачык эскертүүчүмүн" (Зарият сүрөсү 50- аят).

Корккон абалда ушунчалык Аллага жакындап жаткан болсоң, Аны жакшы көрүп жана ыраазычылыгы үчүн амал кылсаң кандай абалда болооруңду элестетип көр.

2) Тооба кылуу менен тосуп алуу.

Рамазанда тооба кылбасаң качан тооба кылмак элең?

Рамазанда Аллага кайтып жалбарбасаң качан андай кылмак элең?

Качан тооба кыласың?

Алла Тааладан башка жан-зат билбеген купуя күнөөлөрдөн качан тооба кыласың?

Калайык калктын алдында уялбастан ачык кылган күнөөлөрүңдөн качан тооба кыласың?

Качан арам нерселерди карагандыгың үчүн тооба кыласың?

Качан арам сөздөрдү сүйлөгөндүгүң үчүн тооба кыласың?

Качан арам мал-дүйнө жегениңден тооба кыласың?

Пайгамбарыбыз алейхис салам айтты:"Кор болуп куруп куржалак калды! Кор болуп куруп куржалак калды! Кор болуп куруп куржалак калды!Ким Рамазанга жетип, анын күнөөсү кечирилбесе" .

Сен кор болуп куржалак калууну каалайсыңбы же кечиримди Алланын ырайымын каалайсыңбы? Тооба кылбасаң кечирим да болбоорун билгин. Сен Алла Таалага кайтып тооба кылган абалда кайрылган болсоң, Алла Таала сага кечирим менен жолугат.

3) Рамазанды белектерди жыйноо менен тосуп алуу.

Рамазан белектерди чогултуучу жай, соопторду чогултуучу базар жана пайдалуу соодалашуучу майдан. Кимде-ким Орозо айында эки жолу орозонун сообун алгысы келсе, анда ал орозо тутуучунун оозун ачтырсын. Ар күнү орозо туткан адамды бир уурттам суу менен болсо да ооз ачтырсаң орозо кармагандын сообуна ээ болосуң. Эки адамдын оозун ачтырсаң өзүң менен кошкондо үч адамдын сообун аласың, канчалык көп адамдын оозун ачтырсаң ошончолук көп соопко ээ болосуң.

Алланын Элчиси айтты:"Кимде- ким орозо тутуучунун оозун ачтырса, орозо тутуучунун сообунан эс кемибестен ага да ошончолук сооп берилет"

Кимде-ким 83 жылдык ибадат кылууну кааласа Кадыр түндө уктабастан ибадат кылып чыгуусу керек.

Кимде-ким соопторунун көбөйүүсүн кааласа парз намаздарды эң жакшы чырайлуу кылып окусун, кошумча напил намаздарды көп окусун. Себеби кошумча намаздардын сообу парз намаздын сообуна барабар болот. Ал эми парз намаздар жетимишке көбөйтүлөт.

Хасан Басрий рахимахуЛлох айтты: Рамазан бир базар сыяктуу. Бир канча убакыт туруп кийин бүтүп калат. Пайда алгандар ошол убакта пайда алып калат. Куру калгандар куру калат.

Fit айдап жүргөн адамдын жанынан Lexus же Hammer тээп жүргөн адам өтүп жатканын көрүп калса; адамдар кандай жыргал жашоодо жашап жатат деп ойлоп калат. Эмне үчүн бул өтүп кетүүчү дүйнөгө кызыгуу менен карайбыз да, түбөлүктүү акырет жашоосуна кайдыгер карайбыз? Бул дүйнөдө канчалык болгон сайын, дагы көп болсо экен дей беребиз. Ал эми акырет иштери үчүн кош көңүл карайбыз.

Рамазан айы пенделердин таразасы: Рамазан адамдардын акыйкатын ачыкка чыгарып ажыратып берет. Рамазам Алла Таалага жакын пенде менен алыс пенденин айырмасын көргөзөт. Дүйнө ээлери менен акырет жашоосун каалагандарды айырмалайт. Эгер сен өзүңдү дин ээси чыныгы мусулман экендигиңди билгиң келсе, анда Алла Тааланын Китеби менен болгон абалыңды карап көр. Канча саат Куран окудуң, канча жолу Куранды толук (хатм кылып) окуп бүтүрдүң? Канча даражада Куран жүрөгүңө жана жүрүш-туруш кулк-мүнөзүңө таасир берди?

Эгер өзүңдү түндөлөрү ибадат кылып өткөзүүчү деп эсептесең таравих намазы менен болгон абалыңды карап көр. Канча жолу рүкү кылдың? Канча жолу сажда кылдың? Сенин жүрөгүң маңдайың менен бирге сажда кылдыбы же денең эле сажда кылып көөдөнүң ар тарапта кезип сейилдеп жүрдүбү?

Эгер сен өзүңдү сараң же жоомарт экениңди билгиң келсе садака кылуу абалыңды карап көр. Канча бей-бечарага нафака кылдың? Канча жетимди кепилдикке алдың? Канча кедейге тамак бердиң? Канча жарды адамды кийиндирдиң?

Ойгонгун жоомарт тууганым! Адамдар бирдей эмес. Куру калуучулардан болуп калбагын. Мусулман адамга Рамазан айы келип, өтүп кетип жатса да эч нерсе болбогондой өткөзүп жиберүү таң калаарлык эмеспи?! Рамазандан кийинки абалың, ал айдан мурун кандай болсо ошондой эле эч өзгөрбөстөн кала берүүсү таң калаарлык эмеспи?! Мындан да таң калычтуусу: Жоомарт Падыша Алла Таала баардык неъмат белектери менен сени келээр бекен деп күтүп жатса, сен ал Заттан качып жатасың. Ырайымдуу Мээримдүү Алла Таала сени кечирем деп Өзүнө чакырып жатса, сен күнөөлөргө берилип Андан алыс качып жатасың. Ал сенин кутулууңду каалап жатса, нафсиң кыйратууну каалап жатат. Алла Таала сага бейиш бакчаларын каалап жатса, шайтан сага тозокту каалап жатат. Алла Таала сага түбөлүк бактылуулукту каалап жатса, сенин каалооң көз ирмемдик жыргалчылыктарды каалап жатат.

Абдулла ибн Умар р.а: Бейиш ээлери бул дүйнөдө Алла Тааланы эстебей өткөзгөн сааттарга гана өкүнүшөт" -деп айткан. Ошондуктан келгиле туугандар! Алла Таала бизге дагы бир мүмкүнчүлүк берип жатканда Орозо айын татыктуу тосуп алып, орозонун акысын толук берип, эң жакшы урматтап узата турган бололу! Алла Таала баарыбызды Орозо айына сак саламат жеткизип, Орозодо ийгиликке жетүүчү пенделеринен кылсын!!!
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#631 Пользователь офлайн   medina.   26 Июнь 2015 - 04:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Баарыныздардын орозонуздар кабыл болсун.Орозон бери сиздин журогунуз ток,анткени Аллах таала буйрук кьлган,ыймандын беш туркугунун бирин аткарып жатас.Багымдат намазына тура албай калам деп,кыжалат болбойсуз,анткени ифтарга турасыз.Ал эле эмес,ага чейн тахажуд намазын окуганга да толук мумкунчулугунуз бар.Берекелуу ифтарды ичесиз,намазынызды окуйсуз,карыздардан кутулуу учун,нафил намазын да окусак болот.Орозодо бироо менен урушкандан озубузду оолактатабыз, мурункуга караганда женил журуп,нафсибизди тыйганга,сабырдуулукка уйронуп жатабыз.Бизге ушундай сонун мумкунчулук тузуп берген,ааламдардын падышасы ырайымдуу,мээримдуу Аллах таалага чексиз мактоолор болсун!Жана аалам мырзасы пайгамбарыбыз, (С.А.В) салам салаваттар болсун!Тилеген ой,максатыбызга жетели.Кармаган орозонуздарды Аллахым кабы кылсын!
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#632 Пользователь офлайн   Nurmuhammad   26 Июнь 2015 - 04:33

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 527
  • Катталган: 04 Июнь 14
  • Соңку аракети: 07 Сен 2016 04:06

Просмотр сообщения medina. (26 Июнь 2015 - 04:11) жазган:

Баарыныздардын орозонуздар кабыл болсун.Орозон бери сиздин журогунуз ток,анткени Аллах таала буйрук кьлган,ыймандын беш туркугунун бирин аткарып жатас.Багымдат намазына тура албай калам деп,кыжалат болбойсуз,анткени ифтарга турасыз.Ал эле эмес,ага чейн тахажуд намазын окуганга да толук мумкунчулугунуз бар.Берекелуу ифтарды ичесиз,намазынызды окуйсуз,карыздардан кутулуу учун,нафил намазын да окусак болот.Орозодо бироо менен урушкандан озубузду оолактатабыз, мурункуга караганда женил журуп,нафсибизди тыйганга,сабырдуулукка уйронуп жатабыз.Бизге ушундай сонун мумкунчулук тузуп берген,ааламдардын падышасы ырайымдуу,мээримдуу Аллах таалага чексиз мактоолор болсун!Жана аалам мырзасы пайгамбарыбыз, (С.А.В) салам салаваттар болсун!Тилеген ой,максатыбызга жетели.Кармаган орозонуздарды Аллахым кабы кылсын!

Аамиин!
Айтканыныз келсин чын эле сиз айткандай эн соонун мумкунчулук азыр.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#633 Пользователь офлайн   eldar96   26 Июнь 2015 - 21:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Орозонуздар кабыл болсун. Берекелерди алып келсин.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#634 Пользователь офлайн   azamat-1992kg   27 Июнь 2015 - 03:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 767
  • Катталган: 09 Июнь 15
  • Соңку аракети: 17 Дек 2024 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кармаган орозолорубузду Аллахым кабыл кылсын!
Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#635 Пользователь офлайн   Morskayazvezda   27 Июнь 2015 - 03:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 157
  • Катталган: 31 Март 14
  • Соңку аракети: 23 Июн 2025 18:05
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения azamat-1992kg (27 Июнь 2015 - 03:05) жазган:

Кармаган орозолорубузду Аллахым кабыл кылсын!

ААМИНЬ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#636 Пользователь офлайн   Amantur.   28 Июнь 2015 - 00:33

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 705
  • Катталган: 24 Февраль 15
  • Соңку аракети: 24 Ноя 2015 20:16
  • Жынысы:Эркек

Кудайга шүгүр,өз ырыскыларыбыз менен оозду ачтык.Бетке кан жүгүрдү,маанай жаркыды,баш айлануусун басаңдатты:)

Орозоңуздар кабыл болсун,"момун" мусулман бир туугандар!
Акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин гана пайда боло баштайт....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#637 Пользователь офлайн   osh93   28 Июнь 2015 - 00:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Просмотр сообщения Amantur. (27 Июнь 2015 - 22:03) жазган:

<br />Кудайга шүгүр,өз ырыскыларыбыз менен оозду ачтык.Бетке кан жүгүрдү,маанай жаркыды,баш айлануусун басаңдатты< img src='http://www.super. kg/superstan/public/style_emoticons/ default/smile.gif' class='bbc_emoticon' alt=':)' /><br /><br />Орозоңуздар кабыл болсун,&quot; момун&quot; мусулман бир туугандар! <br />
<br /><br /><br />


Аамин сиздин да,орозонуз кабыл болсун.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#638 Пользователь офлайн   osh93   28 Июнь 2015 - 00:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

ОРОЗО КАРМООГО ТЫЮУ САЛЫНГАН КҮНДӨРОРОЗО КАРМООГО ТЫЮУ САЛЫНГАН КҮНДӨРБул күндөрдүн айрымдары арам, айрымдары кандайдыр бир себептүү макирөө болуп эсептелет.А. ОРОЗО КАРМОО АРАМ БОЛГОН КҮНДӨР:1. Орозо айттын биринчи күнү жана Курман айттын төрт күнү орозо кармоо арам. Муну тахриман макирөө деп айткандар да бар. Себеби бул күндөр Алла Таала тарабынан майрам катары белгиленген. Ошондуктан бул күндөрү орозо кармоо майрамга карама-каршы кадам шилтөө, майрамдабоо дегенди түшүндүрөт. Бул күндөрү орозо кармай баштаган адам орозосун бузушу керек. Кийин кайра бул орозосун каза кылышы кажет эмес.2. Аял кишилер үчүн айыз жана нифас учурларында орозо кармоолору арам болуп саналат.Б. ОРОЗО КАРМОО МАКИРӨӨ БОЛГОН КҮНДӨР:1. Ашура күнү гана орозо кармоо. Ашура күнү орозо кармай тургандар ашура күнүнөн бир күн мурун баштап катары менен үч күн орозо кармайт.2. Шабан айынын акыркы күнү аба ырайы бузулуп күн бүркөө болсо Рамазан айынын кирүү ыктымалынан улам Рамазан ниети менен орозо кармоо макирөө3. Жума күндөрү орозо кармоо танзихан макирөө.4. Удаама-удаа бир канча күн ооз ачпастан орозо кармоо макирөө.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#639 Пользователь офлайн   osh93   28 Июнь 2015 - 00:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

ОРОЗО КАРМООГО НИЕТ КЫЛУУОРОЗО КАРМООГО НИЕТ КЫЛУУРамазан айындагы орозого күн баткандан баштап эртеси күнү шашке маалына чейин (күн төбөгө келгенге болжол менен 50 мүнөт калганга чейин) ниет кылса болот. Күн так төбөдө турган чакта орозого ниет кылууга болбойт. Күн чыккандан кийин орозого ниет кылуу үчүн саарлыктан бери орозону буза турган нерсе жүзөгө ашпашы керек. Маселен, бул учур аралыгында жеп-ичпеген болуу зарыл.Рамазан айынын ар бир күнү үчүн ниет кылуу керек.Күн бата элек кезде эртеңки күндүн орозосуна ниет кылууга болбойт. Эртеңки күндүн орозосуна ниет кылуу үчүн күндүн батышы зарыл.Каза, каффарат жана күнү белгиленбей назир кылынган орозолор үчүн саарлык убагы чыкканга чейин ниет кылынышы керек.Рамазан орозосун кармоо үчүн «ниет кылдым орозо кармоого» деп ниет кылуу жетиштүү. Ниет чын ыкластан кылынышы зарыл. Тил менен айтылышы мустахап болуп саналат.Рамазан айындагы орозого ниет кылганда окулуучу дуба: «Навайту ан асуума саума шахри рамазана минал фажри илал магриби. Халисал лиллахи таала Аллаху акбар.»
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#640 Пользователь офлайн   osh93   28 Июнь 2015 - 00:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

ОРОЗО КАРМОО УЧУРУНДА МУСТАХАП БОЛГОН ЖАГДАЙЛАРОРОЗО КАРМОО УЧУРУНДА МУСТАХАП БОЛГОН ЖАГДАЙЛАРИбадаттар сырткы шарттары менен бирге чын ыклас менен орундалышы керек. Ислам дининин буйругу ушул. Азирети Пайгамбарыбыз орозо ибадатына байланыштуу жеп-ичүүдөн, жыныстык катнаштан алыс болсо да, тилин, көзүн ж.б. жамандыктан сактабаган адамдын ач болгондон башка эч кандай соопко жетпесин билдирген (Бухари, Савм, 8). Ибадат ыкластуулук менен орундалат. Мусулман баласы күчүнүн жетишинче жаман адаттардан арылууга аракет жасайт. Орозо үчүн да чын ыкластуулук абадай зарыл. Жеп-ичүүдөн, жыныстык катнаштан алыс болуу албетте, орозо үчүн шарт. Ошону менен бирге орозо учурунда мусулман адам жакшы иштер менен алектенип, тилин жалган сүйлөөдөн, ушак-айыңдан алыс тутуу менен, зикир кылып Жараткан Алланы даңазалоо менен жандүйнөсүн аруулашы керек. Пайгамбарыбыз САВ мындай деген экен: «Беш нерсе орозонун сообун жок кылат: жалган сүйлөө, гыйбат (ушак-айың кылуу), чагымчылык кылуу (эки адамдын ортосуна от жагуу), жалгандан касам ичүү, арамга кумарланып кароо».Орозо кармаган адам Куран окуп Алла Тааланы зикир кылышы керек. Рамазан айында күндүзү орозо кармап, түнкүсүн Азирети Пайгамбарыбыздын сүннөтү болгон Таравих намазын калтырбай окууга аракет кылышы керек.Ооз ачаарда аша тоюнбоо зарыл. Ооз ачарга жалаң байлар гана эмес, кедей-кембагалдар да чакырылышы кажет. Зекетти Рамазан айында берүү абзел. Кедейлерге, жетимдерге, кароосуздарга жардам берүү менен коомдук биримдикти чыңдоо зарыл.Мындан сырткары орозо кармаган адам төмөнкү мустахап жагдайларга да көңүл бөлүшү абзел:Саарлыкка туруу: Пайгамбарыбыз мусулмандарга Рамазан айында эртең менен саарлыкка туруп тамактанууну сунуштаган. Ошону менен бирге саарлык тахажжуд намазына турууга да көндүрөт.Ооз ачар алдында дуба кылуу. Бул учурда окулчу дубалардын бири куттуу хадистерде төмөнкүчө айтылат: «Оо, Жараткан Алла! Сенин ыраазылыгың үчүн орозо кармадым. Сен берген ырыскы менен оозумду ачтым. Сага ишендим. Менин орозому кабыл кыла көр, күнөөлөрүмү кечире көр!»Орозо кармаган адамдарга, өзгөчө кедейлерге ооз ачыруу. Хадистердин биринде мындай буюрулат: «Орозо кармаган адамга ооз ачырган адам орозо кармагандын сообунчалык сооп алат» (Тирмизи, Савм, 82).Жунуп болгон адам багымдат намазынын убагы киргенге чейин жуунушу мустахап болуп эсептелет.Пайдасыз сөздөрдөн, ушак-айыңдан алыс болуу керек. Рамазан айынын акыркы он күнү итикафка кирүү мустахап болуп саналат.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (71 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 30
  • 31
  • 32
  • 33
  • 34
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 8 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 8, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 29 Июн 2025 21:57

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: