Эскертүү:
Кыргыз тилин сыйлабагандар эч нерсе жазбай эле койгула.
Мамлекеттик тил, расмий тил деп башты оорутушту. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы (жана азырга чейинки) мамлекет башчыларынын алсыз эркинен, же эркинин жоктугунан ушул абал жаралды деп эсептейм.
***
Өзүмдүн жеке тажрыйбамдан.
***
Бир мамлекеттик кызматкер расмий тилде сүйлөө "укугуна"
жамынып, орусча өз оюн жеткиликтүү билдире албаган жаранга "орусча сүйлө, кыргызча түшүнбөйм"
деп басынтып жатат.
***
Дагы бир жаран келип алып, "мен кыргызча түшүнбөйм. Ошондуктан өзүм түшүнө алган орус тилинде маалымат алууга "укугум"
бар" деп орусча жакшы билбеген мамлекеттик кызматкерди кемсинтип, шылдыңдап жатат.
***
Эми суроо:
Эмне үчүн бир жаран өзү жакшы түшүнгөн кыргыз тилинде маалымат алууга укугу жок? Эмнеге ал жагалданып/
кыйналып орусча сүйлөшү керек?
***
Эмне үчүн бир мамлекеттик кызматкер кыргыз тилинде кызмат көрсөтүү укугу жок?
***
Эмнеге кыргыздар башкалардай болуп (керек болсо ӨЗ МЕКЕНИНДЕ) өз тилинде маалымат алуу/малымат берүү укугун талап кылбайт?
Эскертүү: Кыргыз тилин сыйлабагандар эч нерсе жазбай эле койгула.
Кыргызстанда орусча сүйлөөгө милдеттүү эмессиң Анткени кыргыз тилде сүйлөө укугуң бар
#2 25 June 2015 - 23:10
Эн тура пикир, мисалы окууда 30 бала отурсак, анын 1 су орус бала болуп кала турган болсо, мугалим ошол бала учун орусча сабак отоор эле, биз жинибиз келип, урушуп отуруп кайра кыргызча откурот элек.
Эне тилин суйбогон, элин суйуп жарытпайт.
Эне тилин суйбогон, элин суйуп жарытпайт.
*************************************
#3 25 June 2015 - 23:17
Анан да Бишкектеги орустардын кобу кыргызчаны эн сонун билет, таза кыргызча суйлобосо да жакшы тушунот.Калп эле каадаланып суйлошпойт.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#4 25 June 2015 - 23:36
Мени тан калдырганы эки кыргыз тен кыргызчаны тушунуп туруп орусча суйлошот. Копчулук кыргыздар балдарын орусча тарбиялап жатат. Мындай да кыргыздын келечеги кандай болот. Эгер ушул корунушто кетсе кыргыз тили тез эле жок болуп кетет. Эх кыргыздын келечегин ойлонгондон да коркосун. Эн кучту мамлекет болуп онуксок да тилибизди када-салтыбызды сактап кала албасак баары бекер.
#5 25 June 2015 - 23:54
Кыскача айтканда, орусча билбесен акыркы сорттогу, билимсиз, инвалид, тилсиз айбанга тенеп коюшат. Озубуздун жерибизде жашап кордуктун сазына баткандайбыз.
Буга ким куноолу ССРден калган стереотиппи,
же кыргыз тилинде жазылган документтин эч бирин кабыл албаган мамлекетпи?
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#6 26 June 2015 - 06:52
Биз орус жергесинде журуп бири-бирибиз менен(кыргыздар)кыргызча эле суйлошобуз.
А кыргызстанга барсак бардыгы орусча суйлошуп куйгузушот,
билгени да ,билбегени да.Чындап эле кээ бир создор унутулуп бараткандай.
Мен адабий тилде суйлоп калсам коп эле жаштар тушунбой кайталап сурап калышат,айылда эле кыргызча окугандар.Же китеп окушбайбы ,же азыркы чыгармаларда кенири соз колдонбой жазышабы,тушунуксуз.
..
Ушундай акыбалда болсок коп создор унутулуу коркунучунда турат.
Ушундай акыбалда болсок коп создор унутулуу коркунучунда турат.
#7 26 June 2015 - 07:50
Азыр,К.Р.дагы копчулук адамдар эле эмес.Соц сеттерден таанышып калсан дагы орусча жазып куйдурушот.
Эки соз жазгандан кийин тушунбой кайра озу кыргызчалап калат го...
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#8 26 June 2015 - 09:53
Жумуш бергендердин кобу "орус тилин соссуз билиш керек" деп беришет экен.Кээде Кыргызстанда жашап,кыргыз болуп туруп,оз тилибизден да орус тилин ойдо коргонубуз кейитет.Жогоруда жазгандай,орус тилин билбесен "адам" катары корушпойт.2-
3досум бар.Тим эле орусча суйлошот эзип.Болбосо кыргыз класста окуп,айылдале чонойгон кыздар.Мен деле билем орусча,бирок аларга окшоп,кыргызча акцент менен суйлоп,уят болгум келбейт.Кээде чогулуп калсак,жалан орусча суйлошушот,
мен болсо кыргызча суйлоп отура берем))).Анан мени "прикол"
кылышабы билбейм,нукура кыргызча создорду суйлошуп каткырып калышат.Мейли,
оз тилинде суйлоп,орусча деле анча-мынча керектуу жерде суйлоп коюшса бир жон.Анан бар го баягындайлар,
каадаланып,кыргызча билбейм дегенсип,тим койсон орус болгулары бар.Же орусча суйлогонго жараша туура,так,катасыз суйлошсо,орусча билбегендер да орусча суйлоп ,эптеп 2созду кошуп,ката-пата суйлоп,куйдургондоруно не дейбиз.
Балам менин жашоомдогу эн чон-БАКЫТЫМ.
.
#9 26 June 2015 - 10:56
Же ошентип орусчалап мээнет кылып жатканыбызды тушунуп, орустар чекебизден сылап орден такпады!))
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#10 26 June 2015 - 10:59
Тил билсен да, билбесен да озун куноолусун.
Эн негизгиси кай жерде кандай суйлошту билсен болду. Орусча суйлоп кыйынсынышканы менен алар асмандан тушкон ай элестетишкени менен озуну, баары бир жерде басып жургон пенде, барып-барып кара топуракка айлануучу нерсе. Тил койгойу мурун чечилбеген,
азыр дагы чечилбейт, мындан аары да чечилбейт. Анткени адамдын ою озгормоюнчо,
коом да озгорбойт, мыйзам да озгорбойт.
"Сен таза болсон, мен таза болсом коом да таза болот."
#11 26 June 2015 - 11:08
Орусча тантырагандар адамдын жанын кашайтмай болду го... Ошол орусча тантырагандар,
эмне себептен орусча тантырашат?
Кыргыз тилинде сүйлөсө, аларды бирөө урушабы? Өз мамлекетинде өз тилин унутуп, башка тилде сүйлөгөндөр,
типо маңкурт сыяктуу адамдар деп эсептейм мен.
Кыргыздын кино тасмалары да, жарымы кыргыз жарымы орус тилинде болуп жатпайбы, мындай болушуна эмне себеп болууда? Кыргыз киносу болуп жаткан соң, актёрлор эмнеге кыргызча сүйлөшпөйт? Айта берсең сөз көп. Адамдын дээринде болбосо, миң ирет айтсаң да, кайра эле ошол көрүнүш кайталана берет. Улуу урматтуу КЫРГЫЗДАР өз эне-тилиңерди сатпагыла!
Кыргыздын кино тасмалары да, жарымы кыргыз жарымы орус тилинде болуп жатпайбы, мындай болушуна эмне себеп болууда? Кыргыз киносу болуп жаткан соң, актёрлор эмнеге кыргызча сүйлөшпөйт? Айта берсең сөз көп. Адамдын дээринде болбосо, миң ирет айтсаң да, кайра эле ошол көрүнүш кайталана берет. Улуу урматтуу КЫРГЫЗДАР өз эне-тилиңерди сатпагыла!
Эч качан бирөөгө ылай чапташка аракет кылба, анткени ылай ага тийбей калышы мүмкүн. Бирок сенин колуң ылай бойдон калат!
#12 26 June 2015 - 12:19
"Мейли"
деп койсом жараша береби?
Менимче, азыркы тапта бул койгой акырындап жоголуп бараткансыйт. Балким, бул менин гана субъективдуу пикиримдир.
Жана да кыргыз тишине куйуп бышкан жаштар бар экендиги кубантат. Тилекке каршы, мен учун тил кобунчо пикир алышуу куралы болгондуктан, теманын маанайы уялтты десем туура болот.
Менимче, азыркы тапта бул койгой акырындап жоголуп бараткансыйт. Балким, бул менин гана субъективдуу пикиримдир.
Жана да кыргыз тишине куйуп бышкан жаштар бар экендиги кубантат. Тилекке каршы, мен учун тил кобунчо пикир алышуу куралы болгондуктан, теманын маанайы уялтты десем туура болот.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#13 26 June 2015 - 15:11
Кыргыздардын өз ара орусча сүйлөшүп баратканын көрүп таң калам баарынан.
Өзүбүздөн башташыбыз керек, коомдук жайларда, баардык жерлерде кыргызча сүйлөй берсек, башка улуттар дагы бара-бара кошулат.
Өзүбүздөн башташыбыз керек, коомдук жайларда, баардык жерлерде кыргызча сүйлөй берсек, башка улуттар дагы бара-бара кошулат.
#14 26 June 2015 - 15:14
Бишкектеги көбүнчө бала-бакча, мектептер орусча, кымындай кыргыз балдар-кыздар кичинекейинен ушундай чөйрөдө орусча өсүшөт.
Кийин алардар "киргиздер" өсүп чыгат, кыргызча сүйлөй албаган...
Кийин алардар "киргиздер" өсүп чыгат, кыргызча сүйлөй албаган...
#15 26 June 2015 - 15:25
Орустарга мейли,орусча суйлошсун,менин кыргыз экенимди сыйлап кыргызча эле суйлошпогонуно(кыргыз болуп туруп)куйосун да куйосун!
"Кардыма эмес-кадырыма куйомун"да, куйомун!! !
"Кардыма эмес-кадырыма куйомун"да, куйомун!! !
#16 26 June 2015 - 15:35
Бишкектеги көбүнчө бала-бакча, мектептер орусча, кымындай кыргыз балдар-кыздар кичинекейинен ушундай чөйрөдө орусча өсүшөт.
Кийин алардар "киргиздер" өсүп чыгат, кыргызча сүйлөй албаган...
Кийин алардар "киргиздер" өсүп чыгат, кыргызча сүйлөй албаган...
Менин балдарым бала бакчадан баштап мектепке чейин орусча окушту,мектеп боюнча менин гана балдарым кыргыздар эле.Уйдо кыргызча суйлошобуз, эки тилде тен жакшы суйлошот,кыргыздарга кыргызча,орустарга орусча.Кыргыз экенин эн сонун билишет.Улуулардын тарбиясы дагы жаштарга таасирин тийгизет деп ойлойм.
#17 26 June 2015 - 16:18
Менин балдарым бала бакчадан баштап мектепке чейин орусча окушту,мектеп боюнча менин гана балдарым кыргыздар эле.Уйдо кыргызча суйлошобуз,
эки тилде тен жакшы суйлошот,кыргыздарга кыргызча,орустарга орусча.Кыргыз экенин эн сонун билишет.Улуулардын тарбиясы дагы жаштарга таасирин тийгизет деп ойлойм.
Силердики жакшы, тилекке каршы баарыныкы эле андай эмес. Менин курсташтарымдын арасында кыргызча сүйлөй албаган киргиздер толтура эле...
#19 26 June 2015 - 22:54
Чыдагыла алтындарым,
баары жакшы болот. Буюрса Кыргызстан онугот.
Ушул билдирүүнү Атамбаева деген ник м/н жазганың да өлө жарашып калмак экен го.
Эч качан бирөөгө ылай чапташка аракет кылба, анткени ылай ага тийбей калышы мүмкүн. Бирок сенин колуң ылай бойдон калат!
#20 27 June 2015 - 01:34
Кыргыз болуп туруп, кыргызча суйлобогондорго жиним келет да. Жашообузда биринчи эне тилибиз турушу керек, анан башка тилдер. Киного орусча суйлоп, анысы аз келгенсип кыргызчаны акцент менен суйлогондорду тартпай эле койсо болот. Кыргыз тилинин баркын кетирбей, суйлобой эле койушса!
♔ Aytku(love)a ♔

Супер-Инфо
super.kg
видео


















