Мени 2010-жылы машина уруп кеткен. Аябай эле катуу болгон, колум, бутум сынып. Больницага барганда, врачтар айтышкан экен ата-энеме: "баарына даяр тургула" - деп. Ата-энеге оор болсо керек андай созду угуш. Апам менин айымдан ооруп калып, кыскасы бир сыноодон отком. 1 ай больницада,
6 ай уйдо жаткам. Кудайга шугур азыр баары артта калды. Ал кундорду эстеп кулуп калабыз. Кудай сактаган, Аллага чексиз шугурлор болсун...
Кудай бир сактады..
#82 26 Июнь 2015 - 17:56
Айтурган, окуп жатып ичим зымыркап кетти. Кудайым сактаптыр. Эми андай кырсыктардан алыс болушунду каалайм. Т.б. Мен 2 жолу машине менен авария болуп кете жаздап, аз калган. Кудай сактаган.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#83 26 Июнь 2015 - 18:25
Былтыр куздо Кудай бир сактады.Ошко барып,2 баладан таяк жеп,жон жерден олуп кете жаздагам.Бироого окшоштуруп уруп салышкан.Мас экен
#84 26 Июнь 2015 - 18:25
Жылуу сууга барып бассейнге чогуп кетейин деп олуп кала жаздадым. Уят эле болгонумчу.
Бирокчу кудай сактады.
Мени жаман көргөндөрдү,
мен жаман көргөнгө убактым жок! Анткени мен, мени жакшы көргөндөр менен гана алекмин!
#85 28 Июнь 2015 - 23:58
Жакында эле ток уруп кетип, бир саамга титиреп, калтырап жаман болдум.
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 28 Июнь 2015 - 23:58
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#86 29 Июнь 2015 - 09:30
Мен 6 жашымда тоодо таенемдин колунда элем.Кышта кемпирлер айылчылашатда кошуналардыкына.
Менида ээрчитип алган.Кошунанын эки кызы м ойноп,эшиктин алдында тургам.Бир маалда гу-уу-уур этип ун чыкты, калганы эсимде жок.
Корсо тыныкеден кар тушуп мени басып калыптыр.
Кардын бийиктиги 2метрдей тоодой б.п эле уйулуп калган экен.
Уйдогулор кыйкырып,колу м да бешилик,лапатка, кетмен м да казып издешип атат экен.Таенем олдууум,олдууум эми ата-энесине эмне деп жооп берем деп кыйкырып ыйлап журот экен.
Акыры бир жерден пальтомун учу бешиликке илешип чыгып эптеп сууруп алышатда,эсимди жоготуп,тилим тандайыма жармашып калганкен,тилимди тартып турса оозумдан кок тутун чыгып,дирт-дирт этип дем ала баштапмын.
Мына ушинтип бир олумдон калгамын.Азыр айылга барсам кар баскан кыз дешет,атымдан айтышпай.

#87 29 Июнь 2015 - 10:49
Мени Кудайым бир эмес 10 сактады Кудай деген Адам экенмин минтип сиздерге аралашып журом
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
#88 04 Июль 2015 - 01:34
Мени 5 жашымда ат тепкен. Тиштерим тушуп калган да. Ал тиштерим 4-класска барганда чыкты. Ошондо ат бутун жон эле шилтеп коюптур да. катуу тепкенде учуп кетмек экем да.Ал дагы чон ат болчу да. Азыр дагы кээде туугандарыбыз ошону айтып кулуп калышат.
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
#89 05 Июль 2015 - 23:51
Кичинекейирээк кезимде сууга сузгонду билчу эмесмин (азыр деле укмуш билбейм). Топ кучактап алып сууга бой урганда тумчугуп калдым. анан бир орус бала колуман суйроп,бир кыз белимен кучактап чыккан. Апамдар менен колго барганда да катамарандан аз эле калганбыз алыс кетип калып
.

#91 19 Август 2015 - 08:53
Айылдын бала бакчасы жолдун боюнда болчу.Дайыма бала бакчадагы балдар ойногондо кочого да чыгып ойночулек.Бир кун эшик шамал суук тартып турган, колумдагы оюнчукту учуруп ойноп жатып чон жолго чыгып алыпмын ачуу сигнал машинанын унунон карасам чоон грузовой машина келип калган .Не кылышты билбей кулагымы басып олтуруп алгам , устумон шуу отуп кеткен .Корсо чон машина учун эки балондун ортосунда калгамын.Ызы чуу тушуп , шафёр тушуп алып мени которуп журот , айылдагылар аны урушуп журушот.
Ошентип кудай бир сактаган .
Ошентип кудай бир сактаган .
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#92 19 Август 2015 - 09:49
3 саат мурда досум экообуз авария болдук. Машинаны эвакуатор алып кетти.Кудай бир сактады оор жаракат албадык
#93 11 Октябрь 2015 - 17:06
Вождениеге 4 эле жолу чыгып окууну бутуруп салдым (автошколдо).
Атам жанымда, апам синдилерим артта, айда деди частный больницага карап, коркуп зорго турсам атам жанымда кыйкырынып баратат, бир маалда кач тиги ямадан деди кача койсом бир машина обгон кылып жиберди, атам кайра ямага буруп жиберген... Кудайым бир сактаган)))) сантиметр калган да эки машине кагылышына)))
Тилеген ой-максаттар орундалсын !!
#94 22 Январь 2017 - 04:13
2012 машинам менен встречкага чыга коем деп камазды лоб сузуп алайын дегенмин мындай окуя уч жолу болгон акыркысы былтыры машинам менен Бишкектен Москвага келе жатып бир камаздан ото коем деп алдыдагы камаздын астында калып кетейин дегем бактыма жанымдагы камаз четке чыга коюп а мен анын ордуна туруп аман калгам бул окуя туну болгон скорость жуздон жогору эле...
Я считаю раз, я считаю два, начинается игра.
#95 22 Январь 2017 - 04:16
Анан дагы 2011 жылы Бишкектен келе жатып перевалдан тушуп кетейин дегенмин кату келе жатып бурула койгом билбей...
Анан ошол эле куну Суусамырда жылкыны сузуп алайын дегем... жайда ошол жылы Ысык-Колдон келе жатып эшек чуркап чыга койгон анда дагы зорго рульду туздоп ондоп кеткем Аллах сактап калган...
Анан ошол эле куну Суусамырда жылкыны сузуп алайын дегем... жайда ошол жылы Ысык-Колдон келе жатып эшек чуркап чыга койгон анда дагы зорго рульду туздоп ондоп кеткем Аллах сактап калган...
Я считаю раз, я считаю два, начинается игра.
#96 22 Январь 2017 - 04:38
Мен былтыр 24-Январь куну машина айдап кетип атып карталдан жолго мууз тонуп калыптыр 5 метр жердей. Донголок тайып кетип сразу тормозду тээп калгам. Артта апам, 3 келин баласы менен бир окуучу, 8-кл окуган братишкам бар болчу. Ызы чуу тушуп калышты. Акырын бирден баары тушуп атат. Мен шокмун озунчо эле. Эгер тайгаланып кетсек 200 метр сайга барып олмокпуз. ((
#97 22 Январь 2017 - 04:41
Анан дагы 2016.09.12 без причина алты баладан калтак жеп калдым
ошолордун бироосун таанып калгам. Жолуксак опкосун колуна карматам))

#98 22 Январь 2017 - 10:24
Кудай мени далай сактады,07,04,
2015,саат 00:00чамасы, ушул датада чон аварияга туш болгом.Бишкекти айланып откон жолдо (объездной) катуу ылдамдыкта келип Хонда улгусундогу унаа аркадан сузгон,мен айдап бараткан унаа 5-6жолу ала салып кеткен.Бактыга жараша аман калгам,машинам жараксыз болуп калган бирок 1аптадан кийин башка автоунаа сатып берген.
Бирок авария болгонумду досторуман башка эч ким деле билбей калган,ата-энем переживать этпесин деп айткан эмесмин аларга,до сих пор билишпейт.
Бирок авария болгонумду досторуман башка эч ким деле билбей калган,ата-энем переживать этпесин деп айткан эмесмин аларга,до сих пор билишпейт.
#99 22 Январь 2017 - 12:04
10 күн башта машина уруп кетейин деди. Ушуну менен экинчи жолу кудай сактады. Жолдор муз болчу, кокус тормозу иштебей тайгаланып келип урса точно күм-жам болмокмун. Мен эле эмес шофер дагы бир топко чейин эси ооп турду. Кайра-кайра кечирим сурап чуркаган боюнча кеттим.
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
#100 15 Ноябрь 2017 - 16:26
Мени Кудай аябай көп сактайт, ошону билбей жүрөмда.
Быйыл апамдарды Көлгө алып баратып Төө ашуудан түшө бериште көзүм илинип кетиптир канча жүрдүм билбейм. Бир билгеним алдымдагы киши тамеки жандырганда курсак ачтыбы тамекиге дегенмин бир өзүмө келсем тамекисин чегип бүткөн экен, үчүнчү жолу жолдон четтеп кеткенде чочуп кетип уйкум ачылып кеткен. Кудайым аябай чоң сактаган болбосо камаздын астына же дарыяга кирип кетмекпиз.
Бир эки күн мурун жумуштан чыйрыгып үшүп келип ток печканы жандырып төшөкө жакын алып келип оронуп уктап калыпмын. Таң атайын деп калганда көзүмдү акырыыын ачсам төшөк күйүп комнатамын ичи алдың көрүнбөй турган болуп түтүн каптап кетиптир. Ким билет дагы жарым саат жатканда ууланып калмак белем. Үйдө конок бар эле организмиң күчтүү экен чыдарсың деп калат