Суперстан: Чачты кантип өстүрсө болот? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (18 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чачты кантип өстүрсө болот?

#141 Пользователь офлайн   fittoniya   28 Февраль 2015 - 21:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 133
  • Катталган: 19 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 31 Июл 2016 09:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Апамдын журогу,дайым ошол жердемин.

Просмотр сообщения Anhel (28 Февраль 2015 - 20:47) жазган:

Menin chachym ayabai kurgak. Juup ataiyn fensiz kurgatam.
birok jaiyp juroiun desem barpaiyp kala betet utuktoim daiym. Kantip jylmakai kylsa bolot


1)1ч кашык суу май
2)2чай кашык бал
3)1,5 ч кашык коньяк
4)сок лимона
5)жум.сарысын
6)2 чай кашык шампунь
Баарын аралаштырып чачка жаап коёсуз.Кааласаныз 1 саат кармайсыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#142 Пользователь офлайн   Cholponnur.   01 Март 2015 - 02:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 488
  • Катталган: 12 Февраль 15
  • Соңку аракети: 17 Сен 2021 12:58
  • Жынысы:Аялзаты

какос майын кайдан алсам болот эжелер айтып койунуздарчы ий ананда майлуу чачка какос майы боловеревии
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#143 Пользователь офлайн   fittoniya   01 Март 2015 - 03:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 133
  • Катталган: 19 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 31 Июл 2016 09:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Апамдын журогу,дайым ошол жердемин.

Просмотр сообщения Cholponnur. (01 Март 2015 - 02:17) жазган:

какос майын кайдан алсам болот эжелер айтып койунуздарчы ий ананда майлуу чачка какос майы боловеревии


Аптекадан сурасаныз беришет.Боло берет анда санда кылсаныз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#144 Пользователь офлайн   Anhel   01 Март 2015 - 17:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 440
  • Катталган: 01 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 20 Фев 2020 17:42
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения fittoniya (28 Февраль 2015 - 21:45) жазган:

Жогорудагы майонез,айран дегендер жарайт сизге.

Matonezdi suikop anan kichine karmap juup salam da e?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#145 Пользователь офлайн   fittoniya   01 Март 2015 - 17:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 133
  • Катталган: 19 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 31 Июл 2016 09:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Апамдын журогу,дайым ошол жердемин.

Просмотр сообщения Anhel (01 Март 2015 - 17:15) жазган:

Matonezdi suikop anan kichine karmap juup salam da e?


Ооба маска деле жаздым сизге.Кичине эмес жарым саат кармаш керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#146 Пользователь офлайн   Anhel   01 Март 2015 - 17:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 440
  • Катталган: 01 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 20 Фев 2020 17:42
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения fittoniya (01 Март 2015 - 17:21) жазган:

Ооба маска деле жаздым сизге.Кичине эмес жарым саат кармаш керек.


Rahmat.
Maskaga konyak tappai koidum da uidon. Oshogo mayonez suikop koroiun dep chechtim :)

Билдирүүнү түзөткөн: Anhel: 01 Март 2015 - 17:36

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#147 Пользователь офлайн   Cholponnur.   01 Март 2015 - 17:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 488
  • Катталган: 12 Февраль 15
  • Соңку аракети: 17 Сен 2021 12:58
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения fittoniya (01 Март 2015 - 03:16) жазган:

Аптекадан сурасаныз беришет.Боло берет анда санда кылсаныз.

рахмат эже
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#148 Пользователь офлайн   madina.87   01 Март 2015 - 23:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 700
  • Катталган: 09 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2021 15:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жолдошумдун айылы.

Мага жооп берип койгулачы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#149 Пользователь офлайн   orhideya   03 Март 2015 - 21:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 263
  • Катталган: 18 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 19 Авг 2023 13:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Уроссия гой ))

Мен билген аптекада "Алерано" деген шампунь бар. Жардамы сонун тийет. Жууп корунуздор. Тез эле сезилет, чачыныз тушпой коюланып, бат осот.
А знаете ли Вы, что каждую ночь кто-то думает о Вас перед тем, как заснуть. Для кого-тo Вы означаете весь мир. Кто-то мог бы не родиться, но родился ради Вас. Вы особенны и уникальны. Кто-то, о чьем существовании Вы даже не подозреваете, любит Вас…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#150 Пользователь офлайн   Mediziner   09 Июнь 2015 - 01:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения madina.87 (01 Март 2015 - 23:09) жазган:

Мага жооп берип койгулачы?



Чычырканактын чач түшкөндө пайдасы…
2 стакан кайнак сууга 2 аш кашык чычырканактын ашы менен бир аз жалбырагы алынып, 2 саат демделет. Анан 150 граммдан күнүгө 2 жолу тамактын алдынан ичилет. Жатар алдында башка сүйкөө да сунушталат.

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 09 Июнь 2015 - 01:59

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#151 Пользователь офлайн   Mediziner   09 Июнь 2015 - 01:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


ТАРАКТАРДЫН ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ
\ - Жыгачтан жасалган тарактар энергиясы жок болгондуктан (магниттешпейт), күн сайын колдонууга жакшы. Мындай тарактар баштын терисине
кедергисин тийгизбейт жана чачка абдан пайдалуу. Жыгач тарак менен чачыңызды тарап, стресстен да арылсаңыз болот.

- Ал эми желим тарак менен тарангандардын чачтары сынып, учтары эки ача болуп кетет.

- Темир тарактар жакшы көрүнөт. Бирок мындай таракты чачты бөлгөнгө гана колдонуу зарыл. Анткени темир тарак баштын терисине залал келтирет.

- Массажга ылайыкталган тарактар чачка кам көрүп, чачтын түбүндөгү кан айланууну жөнгө салып, кайраттуу болуусуна шарт түзөт.

- Цилиндрге окшош тарактарды чачты кургатууда, чачтын учтарын түздөө үчүн колдонсо болот. Андан башка убакта колдонуунун зарылчылыгы жок.Сүрөт


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#152 Пользователь офлайн   Mediziner   09 Июнь 2015 - 18:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Чачыңыздын абалына жараша туура маска коюңуз

Сүрөт Абдан жабыркаган чачтар үчүн:

3 аш кашык кам каймак, 1 чай кашык май, 1 чай кашык лимондун ширесин аралаштырып, чачыңызга сүйкөңүз. 15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жакшылап жууп салыңыз. Аптасына 3 жолу жасасаңыз жыйынтыгы жакшы болот.

Өңү өчкөн чачтар үчүн:

200 гр тимьяндын кайнатмасына 1-2 жумуртканын сарысын кошуп, чачыңызга сүйкөңүз. 20 мүнөттөн кийин жууйсуз. Аптасына эки ирет колдонулат.

Сүрөт

Чарчаңкы чачтар үчүн:

1 авокадону майдалап, ботко абалына келтирип, ага 2 аш кашык зайтун майын аралаштырып, чачыңызга сүйкөйсүз. 1-2 сааттан канча убакыттан кийин жакшылап жууп коюңуз.

Абдан кургак чачтар үчүн:

1-2 жумуртканын сарысына 1 аш кашык зайтун майын (оливковое масло) кошуп, чачыңызга сүйкөйсүз. Чачтын түбүнө чейин жеткирүү үчүн массаж жасаңыз. Жарым сааттан кийин кадимкидей эле шампунь менен жууп саласыз.

Сүрөт

Майлуу чачтар үчүн:

1 жумуртка менен 1 / 2 стакан чалкандын тундурмасын аралаштырып, чачыңызга сүйкөйсүз да башыңызды баштык менен, анын үстүнөн жылуу сүлгү менен ороп, бир саат жүрөсүз. Андан соң, шампунь менен жакшылап жууп саласыз.

Морт чачтар үчүн:

200 грамм сырага 1-2 жумуртканын сарысын кошуп, чачыңызга сүйкөйсүз. Чачыңыз узун болсо каражаттардын өлчөмүн көбөйтүңүз.

Сүрөт

Бардык чачтар үчүн:

Кефирди чачка жана баштын терисине сүйкөп койсо болот. Ал майдын бөлүнүп чыгышын жөнгө салып, кургак чачтар үчүн да, майлуу чачтар үчүн да пайдалуу болот. Андан сырткары азыктандыруучу заттарга бай.

Сүрөт

Чачты күчтөндүрүү үчүн:

20 мл бадамдын майы, 20 мл ромашканын тундурмасы жана 1 аш кашык балдын аралашмасын сүйкөйсүз. Бир аз сүт же жумуртканын сарысын кошуп койсо да болот. Жылуу суу менен жууп саласыз.

Сүрөт

Чачты жаркыратуу үчүн:

1 байлам майдаланган петрушка, 1 чай кашык арак жана 2-3 чай кашык зайтун майынын аралашмасын чачтын түбүнө сүйкөп полиэтилен шапкасын кийип, үстүнөн жылуу сүлгүнү ороп аласыз. Бир сааттан кийин суу самын менен жууп, анан 1 литр сууга 1 аш кашык уксус кошулган аралашма менен жууйсуз.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#153 Пользователь офлайн   Mediziner   09 Июнь 2015 - 22:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Чачыңыз эмне үчүн майланышат? Билип алыңыз

Чачка кам көрүүнүн алдында, алгач, ал кайсы түргө кирээрин билип алуу маанилүү. Чачтын абалы 3 түргө бөлүнөт, кургак, аралаш жана майлуу. Бирок, булардын ичинен көпчүлүк айымдар майлуу чачтан жабыркап келишет.

Чач эмнеден майлуу болот?

Чачтын абалына кабыл алган тамак- аш, экология, жашоо образы жана чачыбызды жууган шампундар. Шаардагы чаңдын бийик көрсөткүчу, нерв ооруларына кабылуу, күнүмдүк көр тиричиликтин алкагында кабылган стерсс, депрессия жана гормоналдык бузулуу жагдайлар дагы себеп болот. Андыктан чачка туура кам көрүүнү үйрөнөлү.

Сүрөт

Чачты канча убакыт аралыгында жууп туруу керек?

Майлуу чачтуу айымдар күн алыс баш жуушат. Муну менен алар майлуулуктан арылууга болот деп ойлошот. Бирок, сиз чачыңызды крандагы жылуу сууга жууйсуз. Ал катуу абалдагы сууга кирет. Демек, аны менен майлуулуктан арылууга болбойт. Мындан сырткары, курамында күчтүү кошулмалар бар майлуу чачтарга арналган шапмунь колдоносуз. Булардын экөө тең чачтын коргоочу кабыкчасын кыйроого учуратат. Май чыгаруучу бездер коопсуздакка кабылган "нымдуулук жетишпей жатат" деген белги алышат. Анын натыйжасында күн сайын чачыңызды жууй бересиз. Себеби, май чыгаруучу бездер мурдакыга караганда көбүрөөк май бөлүп чыгарат. Демек, майлуу чачтан арылуу үчүн күн сайын баш жууган болбойт.

Сүрөт

Эмне кылуу керек?

Эң эле жөнөкөй жооп. Чач кирдегенде гана жууп туруу керек. Чачыңызды буга көндүрүш үчүн ар кандай ыкма колдонуңуз. Алгач, жумасына 4 ирет, андан кийин 3 ирет, ал эми кийинчерээк аптасына бир же эки жолу гана жууп туруңуз. Сууну алгач кайнатып алып, бир аз муздай түшкөндө жууңуз.

Сүрөт

Шампунду туура тандаңыз

Шампунду бир эле муктаждык болгон майлуулукка карап эмес, сыйдам кылуучу, азыктандыруучу, тазалоочу катары тандап алуу зарыл. Сапатына да көңүл буруңуз. Адатта арзан шампундар курамында кайсы бир абалдагы чачтын курамына ылайык даярдалганы чачка зыянын тийгизет. Жогоруда айтып кеткендей, чачтын кабыгын жок кылат, май бездеринин иштеши жигердүү болуп калат. Андыктан, курамында ар кандай пайдалуу чөптөрдүн тунудурмасы кошулган жана цитрус жемиштеринин маңызы кошулган шампундар жакшы. Алар чачтын абалын жакшыртат. Таза жууйт. Өлгөн торчолордон арылтып, жаңысын калыбына келтирет. Чөптөрдөн можжевельник, шалфей, крапива кошулса абдан жакшы. Мындан сырткары, розмарин, чайная дерево эфир майлары кошулганы да чачка пайдалуу.

Сүрөт

Сууну алгач кайнатып алып, бир аз муздай түшкөндө жууңуз. Ысык сууга эч качан жуубаңыз. Шампунь менен эки ирет жуулат. Биринчи жолу сүйкөп жууганда чачтын кири кетет. Ал эми экинчисинде чачка пайдалуу жагы жетет. Шампунь сүрткөн соң сөзсүз түрдө жеңил массаж жасаңыз. Кан айланууну жакшыртып, чачтын түбүнө чейин жакшы жетет. Андан кийин лосьон же бальзам сүртүп чайкап койгон абдан пайдалуу, анткени сырткы зыяндардан чачты коргойт.

Сүрөт

Колдон келсе чачты фен менен кургатпай эле койгон жакшы. Фенди сыртка чыгаарда гана чачты формасына келтирүү үчүн колдонсо болот. Фенден чыккан ысык аба чачтын курамын бузат. Темир, желим эмес жыгач тарак менен чач тараган пайдалуу.

Сүрөт



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#154 Пользователь офлайн   Mediziner   10 Июнь 2015 - 02:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Чачты туура боёо жолдору
Айрыкча күз айларында боёлгон чачтардын өнү көпкө чейин кетпей жакшы сакталат.

Аялзатынын келбетин тыкан көрсөткөн нерселердин бири беттин форасына жараша жакшы кыркылган чач жана туура өң болуп эсептелет. Чачыңыздын өңүн өзгөртүүдө жана боёрдон алдың адистердин кеп- кеңешин алыңыз

Чачты кантип туура боёоо керек?

Чач боёктор ар кандай түргө бөлүнөт. Убактылуу боёлуучу боёктор мисалы, буларга бир күндүк эле боёкторду айтсак болот кайра эле жууп салуучу. Ал эми өң жашыруучу делген боёктор негизинен 7-8 жолу жууганга чейин сакталат. Ошондой эле эң көпкө сакталуучу боёк.

Чачты боёонун эрежелери

Алгач боёо үчүн биринчи - боёкту, боёк арлаштыруу үчүн идиш, кол кап, тарак, катуурак щётка, андан соң 3-4 чач байлагыч камдап алуу керек.

Негизинен милдетүү түрдө коробканын сыртындагы көрсөтүлгөн эрежелер менен таанышуу абзел.

Эгерде сиз чач боёкту биринчи жолу колдонуп жаткан болсонуз, сөзсүз түрдө аллергия болбойсузбу, ушул нерсени текшерип алыныз.

Чачты бир аз суулап алганыңыз жакшы.

Боёп баштаарда алгач чачты эки бөлүккө бөлүп алган оң, боёлгон бөлүгүн чач кыпчыткыч менен карматып алыңыз.

Боёктун чачка тегиз кириши үчүн, бардык бөлүгүн боёп бүткөн соң 15 мүнөттөй чачты тарак менен жай тароо керек.

Боёкту негизинен чачта эрежесинде көрсөтүлгөн убакытка чейин кармоо керек.

Эми боёкту жылуу суу менен жууп, артынан сөзсүз түрдө бальзам колдонуу зарыл.

Боёлгон чачты кургатууда чач кургаткычты күчтүү кылып кургатуунун кажети жок. Эсиңиздерге салып коючу нерсе чачты тез-тезден боёо чачтын сапатынын жоголушуна алып келет, ошондой эле чачка арналган боёк менен кирпикти, кашты боёгонго болбойт.

Чачтарыңызга ка көрүудө тарай турган тарактарга да көңүл буруңуз.

Жыгачтан жасалган тарактар баш териси үчүн пайдалуу

Таракты кантип тандоо керек?

Жыгачтан жасалган тарактар энергиясы жок болгондуктан, чачты күнүмдүк алып жүрүүдө колдонууга жакшы. Мындай тарактар баштын терисине кедергисин тийгизбейт жана чачка абдан пайдалуу. Жыгач тарак менен чачыңызды тарап, стресстен да арылсаңыз болот.

Ал эми желим тарак менен тарангандардын чачтары сынып, учтары эки ача болуп кетет.

Темир тарактар жакшы көрүнөт. Бирок, мындай таракты чачты бөлгөнгө гана колдонуу зарыл. Анткени, темир тарак баштын терисине залал келтирет.

Массажга ылайыкталган тарактар чачка кам көрүп, чачтын түбүндөгү кан айланууну жөнгө салып, кайраттуу болуусуна шарт түзөт.

Цилиндрге окшош тарактарды чачты кургатууда, чачтын учтарын түздөө үчүн колдонсо болот. Андан башка убакта колдонуунун зарылчылыгы жок.

Аялзаты эч качан эркектин кичинекей тарагы менен таранбашы керек. Себеби, андай кичинекей тарактар чачка кайра оңдолбой тургандай зыянын тийгизет.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#155 Пользователь офлайн   aytkulova   10 Июнь 2015 - 20:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 891
  • Катталган: 09 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Авг 2024 04:55
  • Жынысы:Белгисиз

Менин чачым негедир тез осот, эн кандай деле ыкма колдонбойм бирок
♔ Aytku(love)a ♔
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#156 Пользователь офлайн   Mediziner   26 Июнь 2015 - 01:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Имбир чачтын майлуулугунан арылтат
Сүрөт
Чыгыш өлкөлөрүндө имбирден чачка маска жасоо кеңири таралган. Имбир- дарылоо жана кам көрүүгө эң мыкты каражат болуп эсептелет. Анын тамырынын курамында чачты азыктаныдырып, абалын жакшыртуучу табигый майлар, витаминдер, кальций, натрий, жез заттары бар. Мындан улам түшкөн чачтарды бекемдеп, какачтан арылтып, чачыңызды кундуздай кулпуртуп коё алат.

Чачты бекемдөө үчүн:

Имбирдин ширесин бөлүп алып, аны жуула элек чачыңызга жакшылап сүртөсүз, массаж жасасаңыз андан да жакшы болот. Жылуу жоолук салынып аласыз да, бир сааттан кийин кадимкидей шампунь менен жууп саласыз. Аптасына эки ирет колдонсоңуз болот.

Сүрөт

Майлуу чачтан арылуу үчүн:

Имбирди ундай абалга келгиче майдалайсыз. Ага эки аш кашык репейный майын, 5 тамчы лимон ширесин кошуп аралаштырасыз. Чачтын түптөрүнө жеткидей кылып сүртөсүз. Бир сааттан кийин жууп саласыз. Аптасына эки ирет колдонулат.

Сүрөт

Кургак, өңү өчкөн чачтарды азыктандыруу үчүн:

Эки аш кашык балга, эки аш кашык имбирдин порошогун жана бир жумуртканын сарысын кошуп аралаштырасыз. Чачыңызга жакшылап сүйкөйсүз. 40-50 мүнөттөн кийин жууп саласыз.

Сүрөт

Чачты өстүрүү үчүн:

Имбирди күкүмдөй майдалап, ага бир чай кашык кофе кошуп чачыңызга маска жасайсыз. 40 мүнөттөн кийин жуулат. Аптасына эки ирет колдонулат.


Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 26 Июнь 2015 - 01:20

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#157 Пользователь офлайн   Begimkyz.   26 Июнь 2015 - 20:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 595
  • Катталган: 14 Январь 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 11:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Эң жакшысы жана эң арзаны кадимки биз турмушта колдонгон кир самын менен,чачыңызды жуугандан кийин эң акырында бир сыйра жууп койсоңуз чачыңыз түшпөйт жана ак какачтар жоголот. Жумасына бир,эки жолу жамгырдын суусу жана кир самын менен жууп койсоңуз чачыңыз бат өсөт.
Тагдыр мени сынаса да ташка уруп, Талбай чуркайм көңүлүмдү жаз кылып!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#158 Пользователь офлайн   Leo.   27 Июнь 2015 - 15:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 628
  • Катталган: 16 Апрель 14
  • Соңку аракети: 20 Май 2018 21:59

Просмотр сообщения Anhel (28 Февраль 2015 - 20:47) жазган:

Menin chachym ayabai kurgak. Juup ataiyn fensiz kurgatam.
birok jaiyp juroiun desem barpaiyp kala betet utuktoim daiym. Kantip jylmakai kylsa bolot

Maionez dele jakshy birok chach uchun tabiigyi maskalar jakwy. Chachynyz kurgak bolso mailardan maska jasap turganyz on. Kokos maiy, badam maiy, zaitun maiy, avocado maiy, repeinoe(kyrgyzchasyn bilbeit ekem) chach uchun paidaluu. Chach kirdegende maidy suu buusuna jylytyp, chachka tegiz koiup, paket mn orop syrtynan kalyn sulgu mn orop je jyluu baw kiim kiip 2-4saat chein koiunuz. Andan kiin juup koiosuz!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#159 Пользователь офлайн   hihikayu   28 Июнь 2015 - 19:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 807
  • Катталган: 19 Май 14
  • Соңку аракети: 20 Янв 2022 16:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ыйман менен кенге бай,берекелуу Чон-Алай!

Мен жакында таз болуп калат окшойм,кармасам 7,8 чач бир тушот тараганымы айтпай эле койоюн,жарымы тушот.Анан акырыыыын осот не кылсам болот.Коркуп жатам таз болуп каламбы деп.
Сен бар учун...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#160 Пользователь офлайн   hihikayu   28 Июнь 2015 - 19:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 807
  • Катталган: 19 Май 14
  • Соңку аракети: 20 Янв 2022 16:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ыйман менен кенге бай,берекелуу Чон-Алай!

Мен жакында таз болуп калат окшойм,кармасам 7,8 чач бир тушот тараганымы айтпай эле койоюн,жарымы тушот.Анан акырыыыын осот не кылсам болот.Коркуп жатам таз болуп каламбы деп.
Сен бар учун...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (18 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 04:20

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: