Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 134
  • 135
  • 136
  • 137
  • 138
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#2701 Пользователь офлайн   Taranchy   14 Июнь 2015 - 22:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 20 Май 14
  • Соңку аракети: 02 Дек 2021 11:17

Urmattuu forumchular ozunor bigendei ele zaman kun sanap onuguudo. Tehnologialyk ilim bilimdin jetiwkendigi menen adamdar jana inoplanetiandar joluguwuusu munkunbu kelechekte?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2702 Пользователь офлайн   Bad-boy   25 Июнь 2015 - 20:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 017
  • Катталган: 28 Март 14
  • Соңку аракети: 14 Авг 2024 22:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Обл. Ош р. Ноокат

Бир штук презервативке, бир чака суу батат экен)) (почти 10-15 литр)
Эч качан бирөөгө ылай чапташка аракет кылба, анткени ылай ага тийбей калышы мүмкүн. Бирок сенин колуң ылай бойдон калат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2703 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Июнь 2015 - 20:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения Taranchy (14 Июнь 2015 - 22:07) жазган:

Urmattuu forumchular ozunor bigendei ele zaman kun sanap onuguudo. Tehnologialyk ilim bilimdin jetiwkendigi menen adamdar jana inoplanetiandar joluguwuusu munkunbu kelechekte?


Болушу мумкун.
Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2704 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Июнь 2015 - 20:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


30-июнда дүйнө саатына 1 секунд кошулат



Сүрөт30- июндан 31-июнга караган түнү саатыңыз 23.59.59да эки жолу тыкылдайт. Бул тууралуу humanstory.ru булагы жазууда.

Маалыматка ылайык жердин күндү айланыш ылдамдыгынын акырындашынын натыйжасында 30-июнда дүйнө саатына 1 секунд кошулат. Мындай сейрек кездешкен "секунддун толукталышы" аталган убакыт кошуу кубулушу 1972-жылдан бери колдонула баштаган.

Бул 1 секунддук убакыттын кошулушу билим адамдарын ойго салууда. Адистердин айтымында, 1 секунд көптөгөн технологиялык системаларынын бузулушуна алып келиши мүмкүн. Айрыкча түнкү саат 23.59.59да эки жолу тыкылдаганда компьютер системасы бузуктук катарында кабыл алышы күтүлүүдө. Бирок, бул кошумча убакыт төрт жыл сайын 29- февраль аркылуу компенсацияланып турат. Мунун баардыгы бир аз татаал процесс болуп эсептелет.



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2705 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Июнь 2015 - 20:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Хирургдар адамдын денесинде салфетканы унутуп калышкан


Сүрөт Астрахан облустук тергөө комитети жана прокуратурасы дарыгерлердин жаңылыштыган болгон кайгылуу окуяны териштирүүдө. Бул тууралуу "Российской газеты"басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык хирургдар операция жасаган оорулуунун денесинде кичине чачыкты унутуп калышканы аныкталды. Тергөөчүлөрдүн пикиринде, 52 жаштагы оорулуу интоксикация болуп, анын кесепетинен көз жумган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Астрахан облусунун тургуну 2014-жылы февралда облустук онкологиялык диспансерде операция жасаткан. Былтыркы жылдын май айынан баштап катуу ич оорусу башталган. Ал эми 1-сентябрда ич оорусун күчөп, денеси ысып облустук ооруканага жаткырылган. Бейтап ооруканада көз жумган. Иликтөө учурунда өлүктү союуга туура келген.Жыйынтыгында өлүктүн ичинен кичинекей чачык чыккан. Аны операция учурунда хирургдар унутуп калышкандыгы жана анын кесепетинен уулануу болгондугу аныкталды. Укук коргоо ведомствосунун билдиргенине караганда кылмыш иши козголуп,тергөө амалдары башталды.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2706 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Июнь 2015 - 20:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Түрү суук адам сегизинчи жолу ата болду
Сүрөт
Түрү суук адам сегизинчи жолу ата болду. Бул тууралуу lenta.ru булагы жазууда.

Маалыматка ылайык 47 жашындагы Годфри Багуманын жана 30 жаштагы Кейт Наманданын алтынчы баласы төрөлдү. Багуманын биринчи никесинен дагы эки баласы бар. Белгисиз оору менен ооруган Багума өтүкчү болуп иштеген. Ал эми 2002-жылы Уганда өлкөсүнүн эң түрү суук наамы мелдешине катышкан. Ал андан түшкөн акчасын үй-бүлөсүн багууга жумшайын деген үмүттө аракеттенген.

"Өлкөнүн эң түрү суук" наамын жеңгенден кийин ал кесибин алмаштырып ырчы болгон. Анын сахнадагы такма аты - Ssebabi. Багума биринчи аялы менен туруксуздугунан ажырашап кеткен. Ал эми Наманда менен таанышкандан кийин көп жылдар колун сурап жүргөн. 2008-жылы алардын биринчи баласы төрөлгөн. Ал эми үйлөнүү үлпөтүн эки жаш 2013-жылы өткөргөн. Багуманын келинчегинин айтымында, жолдошу тууралуу туура чечим кабыл алгандыгын айтты. Ал: " Качан гана өзүңө туура келген адамды тапканыңда башкалардын пикирин укпашың керек. Эң биринчи жүрөгүңдү угушуң зарыл. Акча жана сырткы келбет башкы нерсе эмес"- деп билдирген.

Көп балалуу Годфри Багума концерттин түшкөн каражаты менен үй-бүлөсүн багып келет. Кээде стэнд-ап жанрындагы комедиялык тасмаларга тартылат.
СүрөтСүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 25 Июнь 2015 - 20:22

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2707 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Июнь 2015 - 20:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Дүйнөдөгү эң узун пицца даярдалды
Сүрөт
Италия ашпозчулары 1,5 километр узундугундагы пицца жасап, дүйнөлүк рекорд коюшту. Бул тууралуу ntv.com булагы жазууда.

Италияда өтүп жаткан эл аралык "Экспо-2015" көргөзмөсү алкагында салттуу "Маргарита" даамдары сунушталды. Ал үчүн ашпозчуларга эки жарым тонна камыр, бир жарым тонна томат пастасы, 1 тонна 700 килограмм моцарелл сыры жана 150 литр суу май колдонулган. Бул 5 тонналык пиццаны жасаш үчүн 200 миң евро жумшалган. Бул шедевр даамды даярдоого жергиликтүү 80 тажрыйбалуу ашпозчулар катышкан. Бул рекорд пиццасы тынымсыз 12 саат боюу бышырышып, элге сунуштоого 800 жакын стол дардалган. Бул тамак "Маргартита" пиццасынын чыгырылышынын 126-жылдыгына карата жасалды. Пиццаны баардыгы даам сызып, калган 300 метри качкындар боюнча борборго жеткирилет.

Эсиңиздерге сала кетсек, мындан мурунку дүйнөнүн эң узун пиццасы Испанияда 141 метр узундугунда жасалган.
СүрөтСүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 25 Июнь 2015 - 20:23

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2708 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Июнь 2015 - 20:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

видеохостинги Олег Газмановдун каналын жапты
"Вперед, Россия!" ыры үчүн видеохостинги Олег Газмановдун каналын жаап салды Сүрөт
видеохостинги орусиянын атактуу ырчысы Олег Газмановдун расмий каналын жапты. Бул тууралуу vesti.ru булагы кабарлоодо. Маалыматка ылайык адегенде Газмановдун ырларын алып салышкан, андан кийин бир жума өтпөй каналы дагы жабылып калган. Ырчынын сайты мындай тоскоолдуктар мекенчил "Вперед, Россия!" клиби чыккандан кийин башталгандыгын жазышкан. Газманов атайын [moderated] өкүлүнө кайрылганда убактылуу экендигин айтышкан, кийин кайрадан калыбына келтирүүгө мүмкүн эместигин билдиришкен. Каналы жабылаарда бул клип 1,5 миллион көрүүчүсү болгон.

63 жаштагы ырчы видеохостинги каналын жабуу тууралуу мындай деген: "Мен кесиптештериме сураганымда эки күндө аяктайт дешкен. Бирок, менин каналымдын жабылганына эки жумадан ашты. Алар менин каналымды эч нерсе түшүндүрбөстөн себеби жок эле жаап сылышты" - деди

Бул факт боюнча Олег Газмановдун сайты Орусияга каршы маалымат согушунун уландысы деп баалашты.


Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 25 Июнь 2015 - 20:27

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2709 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Июнь 2015 - 20:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Өлүк жытынан атыр жасоодо
Тиги дүйнөдөн жыпар жыт: күйөөсүн сагынган жесир аял сагынычындан өлүк жытындан атыр чыгара баштады Сүрөт
Өлгөн адамдын жытынан атыр жыт жасалууда. Акылга сыйбас мындай ишкерлик тууралуу Германиянын NTV каналы билдирүүдө.

Маалыматка ылайык күйөөсүн сагынган жесир аял анын жытын унутбаш үчүн өлүк жытынан атыр чыгарууга киришти. Жолдошу каза болгондо кайгыга баткан 52 жашындагы Кэти Апалатеги (Katie Apalategui) сагынычынан жаздыгын жыттап жаткан. Ошондо анын акылына уникалдуу идея келген. Өлгөн адамдын кийимдеринен же ага тийешелүү материалдардан химиялык жол аркылуу атыр жасоону ойлоп чыккан.

Акырында Кэти өлгөндөрдүн жытынан атыр чыгырчу француз парфюмерия компаниясын ачып, жакындарын жоготкондордун туугандары келип өлгөн адамынын жытынан уникалдуу атыр жасатып кетишүүдө. Компаниянын президенти Кэти Апалатегинин пикиринде, анын буйрутма менен жасалган атыры көзү жумган жакындарын сагынган бардык адамдарга жардам берет. Адегенде Кэти Апалатеги Франциянын түндүгүндөгү Гавр университетинин окмуштуулары менен адам жытын чыгаруу техникасын үстүндө иштешкен.

"Биз болгону үй-бүлөсүнө атыр жыт кутусун гана беребиз. Аны өлгөн адамдын кийимдеринен жана колдонгон буюмдарынын химиялык жол менен алынат. Бул жыт аркылуу күчтүү байланыш сакталат. Алар сүрөт, видео сыяктуу эле эскерүүгө ээ . Мындай уникалдуу атырдын бир даанасы 600 доллар турат. Эң биринчи продукция 2015-жылдын күзүндө сатыкка чыгат", - дейт Кэти.

Гавр университетинин химиги Жералдин Саварини: "Биз өлгөн адамдын кийимдерин алабыз да жытын чыгырып алабыз. Анда жүздөгөн молекула болот. Алардан төрт күн ичинде өлгөн адамга тийешелүү жытын өндүрүп чыгарабыз" , - деди


Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 25 Июнь 2015 - 20:28

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2710 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Июнь 2015 - 20:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

"Иттин эти" фестивалында 40 миңге жакын ит союлду
Кытайда 2009-жылдан бери өткөрүлүп келаткан "Иттин эти" фестивалында жылына 40 миңден ашык иттин эти желет Кытайда жылда өткөрүлүп келаткан "Иттин эти" (Dog Meat Festival) фестивалы башталды.Бул тууралуу cnnturk.com булагы жазууда. Маалыматка ылайык Юйлинь шаарында эки күнгө созулган фестивалга дээрлик бүт дүйнө каршы болгондугуна карабай уюштурулду. Фестивалдын жүрүшүндө 40 миңден ашык ит союлуп, шишкебек жасалган.

Иттин эти Кытайда дээрлик кеңири таркалган эт азыктарынын катарына кирет.Өлкөдө жылына 20 миллионго жакын ит союлат. Бул иттерди атайын багууга өзүнчө фирмалар да иштешет.Бирок, көбүнчө бардык үйлөрдө ит багылат. Фестивалдын катышуучуларынын пикиринде иттин эти каардуу жин-шайтандардан жана оорулардан куткарат.Ал эми кээ бир эркектер бул төрт буттуу жаныбардын эти жыныстык кубаттуулукту күчөтөт деген ишеничке ээ.

Көптөгөн иттер соодагерлер фестивалга алып келатканда шоктон, ачкачылыктан жана каны катып,суусуздуктан өлүшөт. Калгандарын мууздап, жиликтеп сата башташат.Иттин эти дамдуу болушу үчүн адегенде уруп,сабагандары да айтылууда.

Акыркы убактарда Кытайда гана эмес бүт дүйнөдө жаныбарларды коргоо уюмдарынын көптөгөн каршылык акцияларына карабай фестивал өткөрүлдү. Интернет аркылуу 2 миллионго жакын киши каршылыгын билдирген.

СүрөтСүрөтСүрөтСүрөт Сүрөт
Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 25 Июнь 2015 - 20:31

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2711 Пользователь офлайн   Holerik10   25 Июнь 2015 - 20:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 252
  • Катталган: 07 Июнь 15
  • Соңку аракети: 05 Июн 2016 11:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения Taranchy (14 Июнь 2015 - 22:07) жазган:

Urmattuu forumchular ozunor bigendei ele zaman kun sanap onuguudo. Tehnologialyk ilim bilimdin jetiwkendigi menen adamdar jana inoplanetiandar joluguwuusu munkunbu kelechekte?

Болушу мумкун аларды жок деп айта албайсын кече тв ден корсоттуле Ванга айтотат бир планета ачылат ал жерде Адамга окшош Эле инопланетян дар жашайт кийин келишет дедиго теология факультетинде окуган бир кыздын китебинен окуган элем инопланетян дарды корбогондон кийин бар дагы жок деп да айта албайбыз дептирле
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2712 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Июнь 2015 - 20:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Учактан үйдүн чатырына өлүк түштү


Түштүк Африка-Лондон сапары менен бараткан British Airways аба жолдорунун учагынан Лондон шаарындагы бир дүкөндүн үстүнө учактан дөңгөлөк бөлүмүнө жашырынган бир адамдын өлүгү кулап түшкөн. Бул тууралуу lenta.ru булагы жазууда.

Маалыматка ылайык Йоханнесбург шаарынан Лондон сапары учагынын дөңгөлөк бөлүмүнө жашырынган эки адамдын бири миңдеген узак сапардан кийин бирөөсү кулап кеткен. Экинчиси учак конгондон кийин эсин жоготкон бойдон учактан дөңгөлөк бөлүмүнөн табылган. Учурда ооруканада дагы эле эсине келе элек. Өлгөн адамдын кимдиги дагы эле такталууда. Бул жүргүнчүлөрдүн Йоханнесбург шаарынан Лондонго чейин 12 саат боюнча 40 даража суукта 867 километр учкандыгы айтылууда. Бул окуя боюнча иликтөө иштери башталды. Укук коргоо өкүлдөрү бул тууралуу тагыраак далил жоктугун айтышууда. British Airways аба жолдору өкүлү Британия полициясы менен Йоханнесбург бийлиги менен байлынышып бул эки адамдын бири-бирине байланышы бардыгын такташууда.

Сүрөт

Авиакомпания мындай окуя сейрек кездешээрин жана 2012-жылы сентябрь айында Лондон шаарынын батыш тарабында дагы ушундай себептер менен бир адамдын өлүгү катталгандыгын билдирди.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2713 Пользователь офлайн   Holerik10   25 Июнь 2015 - 20:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 252
  • Катталган: 07 Июнь 15
  • Соңку аракети: 05 Июн 2016 11:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Ииий ушу кытайлардын жебегени жок иттерди коруп боорум ооруп кетти((((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2714 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Июнь 2015 - 20:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


11 жаштагы вундеркинг колледжди 3 диплом менен аяктады
Танишк Абраам классташтары 1- класска кирип жатканда мектеп программасын толугу менен аяктап, эң жакшы деген баалар менен сынактан өткөн.Америкалык 11 жаштагы вундеркинг Танишк Абраам Сакраменто шаарында American River колледжин 3 диплом менен ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу rosbalt.ru булагы жазууда. Сүрөт

Ал сабагынан башка математика, эстетикалык билимдер жана чет тилин ийгиликтүү окуп аяктаган. Абраам өзүнүн Twitter баракчасына максаттарына биринчи кадамдарын аттаганына "Бактылуу сезимде" болгондугун жазган. Эгерде баардыгы план боюнча кетсе Абраам медик-изилдөөчү, Нобель сыйлыгынын ээси же АКШнын президенти болоорун тилек кылууда. Ал азыр бакалавр дипломун алууну көздөп жатат. Ал эми баланын энеси "Биз муну үй-бүлөбүз менен бир команда катары жеңдик" деп өз пикирин билдирди.

Сүрөт

Абраам 2014-жылы эң алдыңкы окуучу катарында АКШнын президенти Барак Обамадан куттуктоо катын алгандан кийин коомчулуктун көңүлүн бурган. Ал эми Сакраменто университети Танишк Абраамды 9 жашында кабыл алган. Анда Акраамдын ата энеси бала бакчада эле окуп,жазганды билип 4 жашында жогорку интеллектеги уюмга мүчөлүккө кабыл алынгандыгын билдирген. Аны менен тең 7 жаштагы классташтары биринчи класска кирип жатканда Танишк Абраам мектеп программасын толугу менен аяктап, сынакты эн жакшы деген баалар менен тапшырган.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2715 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Июнь 2015 - 20:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Чычкандарга жардыруучу заттарды табууну үйрөтүштү
Израиль аэропортторунда чычкандар жыт аркылуу жардыруучу заттарды издешүүдө
Чычкандарга жардыруучу затты табууну үйрөтүштү.Эми жардыруучу заттарды издөөнү үйрөнгөн чычкандар Израиль аэропортторунда кызматка киришет. Бул тууралуу "Комсомольская правда" басылмасы жазууда.

Сүрөт

Маалыматка ылайык израилдин коопсуздук тармагындагы X-Test фирмасы аэропорттогу жүктөрдү жана шектүү жүргүнчүлөрдү майда кемирүүчүлөрдүн жардамы менен текшерип чыгат. Мурдагы тажрыйбалуу аскер саперу жана компаниянын вице-президенти Юваль Амстердам X-Test миналарды изилдөөгө каршы коопсуздук системасы эң натыйжалуу жана эң ишенимдүү ыкма экендигин белгиледи. Чычкандардын жыт сезүүсү иттерден кем калышпайт. Юваль Амстердамдын айтымында чычкандарды үйрөтүү дагы жеңил жана бир топ эсеге арзан болгондугун айтты.

Чычкандардын дагы бир өзгөчөлүгү аларды көп нерселерди издөөгө үйрөтүүгө болот. Эң башкасы изделген заттын жыты болушу керек.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2716 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Июнь 2015 - 20:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Кытайда 20 жаштагы казакстандык кыз өмүр бою эркинен ажыратылды


Кытайда 20 жаштагы казакстандык кыз өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу кыздын адвокаты Сункар Нурмагамбетовго шилтеме берүү менен Nur.kz сайты жазып чыккан.

Сүрөт

Адвокаттын айтымында, өкүм Гуанчжоу сотунда чыгарылган.

"Биринчи инстанция кызды өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды, бирок мындай чечим менен макул эмеспиз. Апелляцияга берүүнү ниеттенип жатабыз. Отурумдун жыйынтыгы менен бардык кызыктар тараптар кабардар болушту", - дейт Нурмагамбетов.

Эскерте кетсек, Казакстандын жараны Акжаркын Турлыбай 3- мартта маңзат ташуу боюнча шектелип Гуанчжоу аэропортунда кармалган. Кыз Малайзияны көздөй багыт алып бара жаткан. Анын туугандарынын айтымында, Акжаркынга тааныштары саркеч кийимдерди ташып, акча табууну сунушташкан.

Ал эми кыздын энеси адвокат жалдоо үчүн ири суммада насыя алган.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2717 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Июнь 2015 - 20:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Экинчи дүйнөлүк согуштан калган бомба жарылып, үч киши набыт болду


Орусиянын Карелия Республикасында экинчи дүйнөлүк согуштан калган бомба жарылып,үч киши набыт болду. Бул тууралуу haber3.com булагы жазууда.

Карелия Республикасынын ички иштер министрлигин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда Лоутск районунда кечээ жергиликтүү саат 23.00дө экинчи дүйнө согушунан калган бомба жарылып,үч киши набыт болду. Эки киши жарылуу учурунда каза болсо 43 жашындагы бирөөсү ооруканада көз жумган. Жарылууда каза болгондор Москвадан бул аймакка келген туристер болгон. Окуяга тийешелүү иликтөөлөр башталгандыгы билдирилди.

Сүрөт



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2718 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Июнь 2015 - 20:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Дүйнөнүн эң кичинекей роза гүлү


Эң кичинекей нукура роза гүлүнүн аты Си (Si) жана испанча мааниси "Ооба" дегенди билдирет. Бул тууралуу liveinternet.ru интернет булагы жазууда. Маалыматка ылайык бул бармактай кооз роза гүлүн,индиялык ботаник Судхир Хетават өстүрүп келет. Бул гүлдөрдү жакшылып көрүү үчүн көз айнек же чоңойтуп көрсөтүүчү айнек керек болот.

Сүрөт

Кичинекей розанын ачыла элек бутону болгону -5 миллиметр. Болгону тырмактай болгон гүл ачылганда анын көлөмү бир сантиметрге чейин жетет. Бул миниатюрный розаны өстүрүүгө ботаник Судхир Хетаватга бир канча жыл кеткен. Гүлдүн эксперимент сорту petite polie түрүнө кирет. Адегенде бул гүлдөр чакан пирамиде өстүрүлүп,электромагниттик нурлар менен өсүүсүн акырындатып койгон.

Сүрөт



Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2719 Пользователь офлайн   Mediziner   25 Июнь 2015 - 20:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Аскердик жаңжалдар дүйнөдө жылына 14 трлн доллар турууда

Аскердик жаңжалдар дүйнөлүк экономиканын ички дүң өнүмүнүн 13% түзүп, жылына 14 трлн доллар турууда. Бул тууралуу глобалдуу тынчык индексинин (Global Peace Index) эл аралык экономистер жана социологдор тобунун жылдык отчетунда айтылгандыгын "Интерфакс" булагы жазды.

Сүрөт

Маалыматка ылайык согуштардан жана карама-каршылыктардан финансынын жогорулашы 2015-индексинде дагы белгиленген. Андан негизги себептердин бири качкындардын кармоо жана аларга кеткен чыгымдар жогорулаган.

Эксперттердин маалыматына караганда аскердик жаңжалдардан дүйнө калкынын 1% качкын абалында же өлкө ичинде көчүп жүрүшөт. Бул көчүүлөр экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы абалдан дагы ашып кеткен. Согуштук жаңжалдардан жыйынтыгында 2010-2014 жылдар аралыгында өлүмдөрдүн саны 267% жетип, 49 миңден 180 миңге чейин жогорулаган. Экономикалык кызматташтыкты жана өнүктүрүү уюмуна (ОЭСР) кирген көптөгөн өлкөлөр тынчтыкты коргоо деңгээли тарыхый рекордго жетип,аймактар боюнча айтканда Европа алдыда баратат. Тынчтыкты коргоо рейтингинде Исландия алдыда,эң акырында Сирия келатат.

Эсиңиздерге сала кетсек, глобалдуу тынчык индексинин (Global Peace Index) 2007-жылдан бери иликтөө отчетун жарыялап келатат. Ал Австралия жана АКШнын эл аралык экономистер жана социологдор тобунан түзүлгөн. Индекс чегине ички факторлор мисалы өлкөдөгү зомбулук деңгээли жана кылмыштуулук сыяктуу эле эл аралык мамилелери, согуштук керектөөлөргө чыгымдар жана башка параметрлери каралат.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2720 Пользователь офлайн   osh93   27 Июнь 2015 - 23:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Толук кыз тойго ылайык.Деги эле бардык өзгөчөлүгү менен Африка чөлкөмүнүн адамдары дүйнө элдерин таң калтырбай койгон эмес, адаттагыдай таң калтыруулардын арасында кызды турмушка узатаар алдында, турмуштун жолуна сапар алчу кызды тойгузуу салты да бар. Бардыгыбыздын бала чагыбызда апаларыбыз чоң табак менен бир болгон тамакты кыйнап жедиришчү, дал ушул көрүнүш Африка кыздарына тиешелүү. Алсак, Нигерияда баш кошуу салтанатынын алдында кыз абдан толук болуусу шарт. Кыздардын толук болуусу - турмушка чыгууга жакшы өбөлгө түзүп турган. Ошондуктан бул чөлкөмдүн адамдары кыздарын той алдында кыйнап ашыкча тамактандырышкан.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 134
  • 135
  • 136
  • 137
  • 138
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 31 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 31, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 02:48

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: