~ Резина өтүгүңүз өзүнүн
жалтырактыгын жоготпош үчүн
аны жылуу сууга таза кылып
жууп, кургата аарчып, анан
глицеринге малынган чүпүрөк
менен сүртүп коюңуз
Пaйдaлуу кеңештер Ден соолук, туура тамактануу жана башкалар
#282 23 June 2015 - 00:30
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#283 23 June 2015 - 00:32
~ Эгерде кайнатылган
жашылчалардын даамдуу
болушун кааласаңыз, аларды
суу кайнагандан кийин
салыңыз. Ал эми шорпосунун
даамдуу болушун кааласаңыз,
жашылчаларды муздак сууга
салып, анан кайнатыңыз
жашылчалардын даамдуу
болушун кааласаңыз, аларды
суу кайнагандан кийин
салыңыз. Ал эми шорпосунун
даамдуу болушун кааласаңыз,
жашылчаларды муздак сууга
салып, анан кайнатыңыз
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#284 25 June 2015 - 16:57
¤ кайнатылган картошканын батыраак бышышын кааласаңыз,
суусуна 1 чоң кашык маргарин майын салып жибериңиз.
¤ картошканын кырсылдак куурулушун кааласаңыз майды жакшы кызытыңыз, тууралган картошканы таза майлык м/н кургата аарчып алыңыз, тузду болсо картошка дээрлик бышып калганда кошуңуз.
¤ этти пайдаланардан мурун 5-10 мүнөт жанына лимондун кабыгын коюп койсоңуз, бышкан эттен жагымдуу жыт чыгып, табитиңизди ачат.
¤ лимонду чайга кошуу үчүн кесээрден мурун кайнак сууга салып алыш керек. Ошондо жыты көбүрөөк чыгат.
¤ катуу этти эт туурагычтан өткөрөөрдөн мурун эт туурагычка бир чай кашык май куюп жиберсеңиз, эт оңой майдаланат.
¤ нан көктөп жана катып кетпеш үчүн нан салынган идишке чийки картошканын бөлүгүн же азыраак туз салып коюңуз.
¤ жаңы нанды кесээрдин алдында бычакты 1-2 мүнөт кайнак сууга салып койсо нан үбөлөнбөй жакшы кесилет.
¤ эмаль м/н капталган идиштин астына тамак күйүп кеткен учурлар болот. Мындай учурда идишти бычак м/н кырууга болбойт. Жөн гана идишке азыраак суу куюп, аш содасын салып кайнатыңыз. Же болбосо күйгөн идишке көбүрөөк туздан сээп, бир канча сааттан соң жууп салыңыз.

#285 25 June 2015 - 17:00
Жайдын ысык аптабында муздаткычсыз элестетүү кыйын. Ага үйүбүздөгү жер-жемиш, тамак-ашыбыздын баарын бузулуп кетүүдөн сактоо үчүн салып коёбуз. Бирок, биз ойлогон бардык эле азык-түлүктү муздаткычка салып сактай берүүгө болбосун тактап алуу көп эле кожойкелердин оюна келбесе керек. Анда муздаткычка эмнелерди салуу жана эмнелерди салбоо керек экендигин төмөндөгү материалдан билсеңиз болот.
Муздаткычта сактаганга мүмкүн болбогон азыктар: Консервалар: балык, туздалган бадыраң, калемпир, салат, козу карын, кыям жана башка оозу чапталгандар. Бирок, оозу ачылгандан соң айнек идишке салып, капкагын бекем жаап анан муздаткычка сөзсүз сактоо керек. Цитрус жемиштери: банан, ананас, манго, киви. Бул өсүмдүктөр муздаткычтан эрте бузулуп кетет. Андан көрө кагаз кутучага салып үй температурасында кармаса көпкө турат. Жашылчалар: ашкабак, помидор, бадыраң, коон, дарбыз, картошка, пияз. Муздаткычтан помидор эзилип, салмактуу болуп калса, картошканын муздак абадан крахмалы бузулуп, шекер кошулгандай таттуу болуп даамын жоготуп коёт. Ал эми пияз муздаткычтагы бардык азыктардын даамын бузат. Жер-жемиштер: алма, алмурут, курма, кара өрүк. Буларды муздаткычка салууга болбойт. Себеби, муздаткычтан эрте бузулуп, керектүү витаминдерден айрылып калат. Буларды үй температурасында сактаса көпкө сакталып, витаминин жоготпойт. Оливка майы жана бал. Бул экөөн тең муздаткычка салгандан көрө караңгы жерде үй температурасында сактаса пайдалуулугун жоготпойт. Момпосуй. Булар да муздак абадан өзүнүн даамын жоготуп коёт. Муздаткычтан орун алчу азыктар: Эт, фарш. Буларды муздаткычтын тоңдургучунда сактоо керек. Фаршты муздаткычта үч төрт күн гана сактоого болот. Тоңдургучта тоңуп, кайра ээриген этти экинчи ирет тоңдурууга болбойт. Себеби көпкө турган жана кайра тоңдурулган эттин калориялуулугу азайгандан тышкары даамы өзгөрүп кетет. Сүт азыктары: сыр, айран, каймак май, сүт, йогурт. Эгер эки үч күн аралыгында каймакмайды колдонбогудай болсоңуз, анда аны тоңдуруп койгонуңуз туура. Себеби, көпкө туруп калган каймакмайда бактериялар ойгонуп, көбөйө баштайт. Жашылчалар: сабиз, кызылча, капуста жана тамакка даам берүүчү көк чөптөр. Дароо жерден алынган жашылчаларды, жер жемиштерди жуубай туруп муздаткычка салуу туура эмес. Жууп, кургатып, анан ар бир жашылчанын, жемиштин түрүн өз-өзүнчө бөлүп, айнек же желим оозу жабылган идишке салып муздаткычтын төмөнкү бөлүгүнө салуу талапка ылайык. Болбосо полиэтилен жылтырагына таңгактап салуу туура. Жашылча, жер жемиштердин аралашып салынуусу алардагы болгон даамды жоготуу менен бирге эрте бузулуп кетүүсүнө алып келет. Көк чөптөрдү жуубай туруп жылтыракка салып муздаткычта үч төрт күндөн бир жумага чейин сактоого болот. Балык. Муздаткычтын тоңдургучунда үч төрт күн сактоого болот. Анын жыты башка азыктарга сиңип калбоо үчүн фольга, болбосо полиэтилен жылтырагына салып андан соң тоңдургучтан орун берүү шартка ылайык. Жумуртка. Көпчүлүк жумуртканы муздаткычка салбай эле сактаса деле болот дешет, бирок, бул туура эмес. Муздаткычтагы жумуртка жаңы бойдон турат. Колбаса. Бул эт азыгын муздаткычтын төмөн жагында сактоо талапка ылайык. Колбасаны ачылгандан кийин муздаткычта деле эки үч күнгө чейин гана кармоо керек. Нан. Көгөрбөй жаңы бойдон туруу үчүн муздаткычтын жогорку текчелерине коюу керек. Себеби жогору жагынын температурасы төмөнүрөөк болот. Бышкан тамак. Даяр болгон жаңы тамакты эң көп дегенде үч сутка сактоого болот. Муздаткычка салардан мурда оозун бекем жаап анан салуу керек. Муздаткычты колдонуунун эрежелери: Азык-түлүктү алюминий идишке салып муздаткычка салууга болбойт. Себеби муздак абада алюминийден жаман заттар бөлүнүп тамакка аралашып зыяндуулугун тийгизет. – Муздаткычтын эң жылуу температураны кармаган жери бул эшиги. Андыктан, бул жерге сүт, айран, йогурт, каймакмай сактоого болбойт. Эшигинин ылдыйкы бөлүгү шире, спирт ичимдиктеринин орду. Ал эми жогору жагына соус, кетчуп, майонез жана башка тамакка даам берүүчү татымалдар коюлат. Ошондой эле айрым салкын абаны талап кылган дары-дармектердин орду да ошол жер десек болот. – Муздаткычты ашыкча жүк менен толтурууга болбойт. Себеби ашыкча жүктөн муздак аба айлануучу түтүктөрүнө күч келип, туура эмес иштеп, муздаткыч эрте бузулат. – Консерванын идишине азык салып муздаткычка салууга болбойт. Дайыма айнек же фарфор идишине салып андан соң муздаткычка салуу керек. – Муздаткычка ысык тамакты дароо салбаңыз. Алгач үй температурасына чейин муздатып, андан соң салган оң. – Тамак-ашты эч качан капкагы ачык бойдон муздаткычка салбоо зарыл. – Тоңдургучка азыкты полиэтилен жылтырагына же фольгага ороп, таңгактап туруп гана салууга болот. – Муздаткычтын жогору жагынын температурасы ылдый жагына караганда төмөнүрөөк келет, андыктан азыктарыңызды таңгагында жазылган температурасына ылайыктап коюңуз.
Муздаткычты кантип тазалоо керек? Муздаткычыңыздын ичин бөлүп турган айнек текчелердин дайыма таза, анан кооз болушун кааласаңыз, аларды тамак-аш плёнкасы менен каптап коёсуз. Табитиңизге жараша ар кандай түстөгүсүн же гүлдөрдүн сүрөтү түшүрүлгөн түрүн тандасаңыз болот. Плёнка капталган айнекти сүртүп тазалоо оңой. Каалооңузга жараша убак-убагы менен жаңысына алмаштырып турсаңыз болот.< br style="color: rgb(34, 34, 34); font-family: Arial, Helvetica, sans-serif; font-size: 12.800000190734863px; line-height: 17px;"><br style="color: rgb(34, 34, 34); font-family: Arial, Helvetica, sans-serif; font-size: 12.800000190734863px; line-height: 17px;">

*************************************
#286 25 June 2015 - 17:03
МАЙЛАРДЫН ДЕН СОЛУККА ПАЙДАСЫ.
Жуулган майдын (сливочное) курамында 20дан ашык алмаштырылгыс май кычкылдыгы бар ж/а сүт майы күч кубаттын булагы болуп эсептелет. Ал теринин астына топтолуп, жылуулукту туруктуу кармап турат ж/а үшүккө кабылуудан сактайт. Ошондуктан айрыкча абанын суук мезгилинде күнүнө 50гр жуулган майды кабыл алуу пайдалуу.
Курамында В, Д, Е, В6 жана К витаминдери бар. Андыктан табигый жуулган май м/н азыктанып турсаңыз, көздүн көрүүсүнө, чачыңызга ж/а териңизге оң таасирин тийгизет. Тамак сиңирүүнү жакшыртат. Сасык тумоону айыктырат, дем алуу органдарына байланыштуу ооруларга жакшы жардам берет. Жүрөккө пайдалуу В6 витаминдердин жакшы сиңишине таасирин тийгизет. Организмдин кальцийдин кабыл алуусуна да көмөкчү болот.

#287 25 June 2015 - 17:11
АШКАНА СЫРЛАРЫНАН.
Жүрүшкө чыкканда картошканы ылайга оонатып, чокко таштап койсо 10-15 мүнөттө бышат.
Күрүчтү жууганда сууга 1-2 аш кашык туз кошсо, күрүчтүн уну жакшы кетип, ал майдаланбайт.
Жайкы ысыкта укроп, петрушка, сельдерейди уксуска чыланган чүпүрөккө ороп койсо жакшы сакталат. Ал эми соолуган көк чөптөрдү бир саат 1 аш кашык уксус кошулган сууга салса, жаңыра түшөт.
Винегрет салатына лимондун ширесин кошуп койсо даамдуу болот.
Помидор кошулган салаттарга лимондун ширеси же уксус кошсо, даамы бузулат.
Петрушканы муздак эмес, жылуу суу менен жууса жыты ого бетер аңкып чыгат.
Соолуй түшкөн салат жалбырагын 15 мүнөт жылуу сууда кармаса, баштапкы абалына келип калат.
Бышкан жумуртканы чийкисинен айырмалоо үчүн айландырып көрөт: бышканы көп айланат, чийкиси 1-2 тегеренип токтоп калат.
Тегерек кесилген помидорду унга оонатып, кууруп, гарнир катары берсе болот.

#288 25 June 2015 - 17:28
_ шишкебекти маринаддоодо жарым чыны газдалган суу кошуп койсо, эт жумшак болот.
_ шашылыш болбосо этти 1 сутка маринаддап алган оң.
_ эт чылангандан кийин муздаткычта турганы жакшы.
_ этти чылоодо пиязга караганда чеснокту көп кошуу шишкебеке көбүрөөк даам берет.
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#289 25 June 2015 - 18:06
Ашкана сырлары. ¤Күрүчтү жууганда сууга 1-2 кашык туз кошсо, күрүчтүн уну жакшы кетип майдаланбайт.
¤Жайкы ысыкта укроп, петрушка, сельдерейди уксуска чыланган чүпүрөкө ороп койсо жакшы сакталат. Ал эми соолуган көк чөптөрдү бир саат 1 аш кашык уксус кошулган сууга салса жаңыра түшөт. ¤Помидор кошулган салаттарга лимон ширесин же уксус кошсо даамы бузулат. ¤Пиязды салатка кошоордо кайнак суу м/н жууп алса ачуусу чыгып кетет. ¤Петрушканы жылуу суу м/н жууса жыты ого бетер аңкып чыгат. ¤Тегерек кесилген помидорду унга оонатып, кууруп, гарнир катары берсе б/т.
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#290 25 June 2015 - 18:07
Пайдалуу кеңеш. ¤ стол үстүндөгү клеенка кесилип кетпеш үчүн уксус кошулган сүт м/н сүртүп туруу керек. ¤чийки пияз м/н сүртүлгөн күзгүнүн бетине чымын конбойт. ¤терезенин айнектерин крахмал кошулган суу м/н жууса жалтырап калат. ¤жаңы шыпыргыны пайдаланар алдында туздуу ысык сууга бир нече мүнөт салып койсоңуз көпкө кызмат кылат. ¤жез идиштерди чийки картошка м/н тазаласаңыз оң натыйжасын берет. ¤линолеумду ысык суу м/н жууганга болбойт, анткени жумшак ж/а жабышкак б/п калат.
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#291 25 June 2015 - 18:31
Пайgалуу кеңеш: *жашылчаны таза жууп, кургатып, айнек банкага салып, оозун бекем жаап муздаткычка коюп койсо көпкө сакталат. *помидор, бадыраң, кызыл өрүк, алма, алмурут ж.б таза жууп кабыгы м/н жеген жакшы, витаминдин көбү кабыгында.
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#292 26 June 2015 - 17:49
Кожойкелердин эсине!
Балыкты кантип туура тазалоо керек?
Балыкты тазалоону
куйрук жагынан
баштайсыз. Сол
колуңуз менен
куйругунан кармап, оң
колуңузга бычакты кармап
кабырчыктарын кырып
баштайсыз. Куйругунан
кармаган колуңуз тайгаланып
кете бербеш үчүн колуңузду
тузга малып алыңыз.
Андан кийин куйругунан
башын көздөй бычактын учу
менен тилесиз. Ичеги-чабагын
жарып албаш үчүн бычакты
көп матырбаңыз. Тилик
бакалооруна чейин жетиши керек.
Эми ичегисин чыгарасыз,
кабыргасына жармашып
турган боорун жана чел
кабыктарын тазалайсыз.
Эгерде балыкты башы менен
бышырууну кааласаңыз,
бакалоорлорун сөзсүз түрдө
алып салыңыз. Аны кайчы
менен кесип салуу ыңгайлуу.
Аягында балыкты муздак сууга
жууп саласыз.

#294 26 June 2015 - 18:50
ЭЛЕКТР МЕШИНЕ БЫШЫРУУ.
Электр мешине балык
бышырарда 180-250 градустан
кем эмес ысыктыкка коюу
шарт. Ошондой эле табаны
малдын майы менен майлап
койсоңуз, балык табага
жабышпай, чыгарып алуу оңой
болот. Кайсы түрлөрүн электр
мешинде бышырууга болот
десеңиз, анда сатып аларда
форель, зубан, карась, карп,
треска, сардина, окунь,
скумбрия сыяктуу түрлөрүн
тандап алганыңыз оң.
Электр мешине балык
бышырарда 180-250 градустан
кем эмес ысыктыкка коюу
шарт. Ошондой эле табаны
малдын майы менен майлап
койсоңуз, балык табага
жабышпай, чыгарып алуу оңой
болот. Кайсы түрлөрүн электр
мешинде бышырууга болот
десеңиз, анда сатып аларда
форель, зубан, карась, карп,
треска, сардина, окунь,
скумбрия сыяктуу түрлөрүн
тандап алганыңыз оң.
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#295 26 June 2015 - 19:01
Ашкана сырларынан.
Чыктар.
Унду куурууда абайлаңыз. Чала куурулган ун жагымсыз даам берсе, өтө куурулган ун ачуу даам берет.
Чык даяр болгондон кийин үстүнө бир аз өсүмдүк майын куюп аралаштырып койсоңуз каймактанбайт.
Чыкка томат пастасы, козу карын, туздалган бадыраң, консерваланган жүгөрү,буурчак, таттуу калемпир, лавр жалбырагы, лимон ширеси ж.б азыктарды кошуп даярдоого б/т.
Унду куурууда абайлаңыз. Чала куурулган ун жагымсыз даам берсе, өтө куурулган ун ачуу даам берет.
Чык даяр болгондон кийин үстүнө бир аз өсүмдүк майын куюп аралаштырып койсоңуз каймактанбайт.
Чыкка томат пастасы, козу карын, туздалган бадыраң, консерваланган жүгөрү,буурчак, таттуу калемпир, лавр жалбырагы, лимон ширеси ж.б азыктарды кошуп даярдоого б/т.
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#296 28 June 2015 - 07:05
Кебаб шишкебегиКандай азыктар керек?Уй эти: 2 кгКойдун куйрук майы: 500 гПияз: 5 башТузМурчКантип жасалат?Эт менен майды эт майдалагычтан өткөрөсүз.Пиязды аябай майда кылып туурайсыз же аны дагы эт майдалагычтан өткөрүп аласыз.Баарын идишке салып, татымына жараша туз, мурч салып аябай мыжыгып аралаштырасыз да, эки саатка муздаткычка салып коёсуз.Андан соң муздаткычтан алып чыгып, бирдей бөлүктөргө бөлүп аласыз да, ийнелерге жармаштырасыз.
Бул учурда колуңузду улам муздак сууга малып турсаңыз жакшы жармашат.Шишкебекти мангалдагы көмүрдүн чогуна бышырасыз.Кой этинен жасалган шишкебекКандай азыктар керек?Койдун сулп эти: 1 кгПияз: 1 кгТузШишкебек үчүн татымалКантип жасалат?Алгач этти маринаддап аласыз. Ал үчүн болжол менен 4х4 см кылып этти туурап аласыз. Эт майда болсо, бышырганда күйүп кетет. Этке татымына жараша туз, шишкебек үчүн татымалдан кошуп колуңуз менен аралаштырасыз.
Пиязды шакекче кылып туурап, колуңуз менен ширесин чыгара эзесиз.Мискейдин түбүнө бир кабат кылып пияздан салып, анын үстүнө бир кабат кылып этти саласыз. Анан дагы пияз, дагы эт.Мискейдеги этти муздаткычка салып коёсуз. Ал 10-12 саат маринаддалууга тийиш.Андан соң этти ийнелерге сайып көмүрдүн чогуна бышыра бересиз.Өрдөктүн этинен жасалган шишкебекКандай азыктар керек?Өрдөктүн сөөксүз эти: 2 кгМинерал суусу: 200 гТомат: 3-4 чоң кашыкЗире: 1 чоң кашыкТуз: 1 чоң кашыкКантип жасалат?Өрдөктүн этин бирдей өлчөмдөгү бөлүктөргө бөлүп, маринаддоо үчүн мискейге саласыз.Анын үстүнө минералдык сууга аралашкан томатты куясыз.Зире менен тузду кошуп колуңуз менен жакшылап аралаштырасыз.
Бөлмө температурасына 2-3 саат коюп коёсуз.Андан кийинкиси кадимки ыкма менен даярдалат: этти ийнеге сайып көмүрдүн чогуна 25-30 мүнөт бышырасыз.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#297 28 June 2015 - 07:06
Ат кулак шорпосуКандай азыктар керек?Койдун кабыргасы: 500 гКартошка: 3-4 даанаАт кулак (щавель): 300 гПияз: 1 башСабиз: 1-2 даанаУн: 2 чоң кашыкЖумурткаӨсүмдүк майыКаймакКантип жасалат?Алгач сууга этти салып шорпо кайнатып аласыз.Бышарына 5-7 мүнөт калганда шорпого тууралган картошканы саласыз.Сабизди кыргычтын ирик тишинен өткөрөсүз. Пиязды жарым шакекче кылып туурайсыз.Көмөч казанга өсүмдүк майын кызытып, алгач пиязды, андан кийин сабизди салып кууруйсуз.Унду кошуп баарын чогуу дагы бир аз кууруйсуз.Ат кулакты жууп, идишке салып туруп үстүнө ысык суудан куюп 5 мүнөт тыныктырып коёсуз.Анан аны эт майдалагычтан өткөрүп, куурулган жашылчаларга кошосуз.Үстүнө шорпону картошкасы менен куюп бир нече мүнөт кайнатасыз.
Тузун ырастап, даяр болгон шорпого каймак менен сууга бышкан жумуртканын жарымын салып дасторконго коё берсеңиз болот.Кабыктуу төө буурчактан жасалган шорпоКандай азыктар керек?Тоок шорпосу: 3 лЖашыл кабыктуу төө буурчак: 400 гПияз: 1 башСабиз: 2 даанаКартошка:
2 даанаКонсерваланган жашыл буурчак: 100 гТаттуу болгар калемпири: 2 даана (бири кызыл, бири жашыл)Кантип жасалат?Алдын ала даярдалган тоок шорпосун отко коёсуз.Ал кайнаганга чейин жашылчаларды аарчып, туурап аласыз.Шорпо кайнаганда чарчы тууралган картошканы,
сабизди, пиязды, болгар калемпирин салып кайнатасыз.
Картошкасы бышканда кабыктуу жашыл төө буурчакты 3-4 бөлүккө бөлүп туурап, аны да саласыз.2-3 мүнөт кайнагандан кийин эле консерваланган жашыл буурчакты салып, мискейдин капкагын жаап отту өчүрүп коёсуз.5 мүнөт тыныгып тургандан кийин шорпону идиштерге куя берсеңиз болот.Чечевица шорпосуКандай азыктар керек?Чечевица:
500 гКүрүч: жарым стаканПияз:
2 даанаСабиз:
2 даанаТаттуу болгар калемпири: 2 кызыл, 1 жашылСельдерей же петрушка: 1 бооЛавр жалбырагы: 1 даанаТомат:
2 чоң кашыкСарымсак:
1 тишчеЗайтун майыКантип жасалат?Чечевицаны тазалап, сууга жууйсуз.Кайнап жаткан сууга салып, улам пайда болгон көбүгүн алып 5 мүнөт кайнатасыз.
Анан сүзгүч менен сүзүп алып, крандан агып жаткан сууга чайкайсыз.Эми мискейге башка таза суу алып, чечевицаны ага саласыз.Кайнагандан кийин жука шакекче болуп тууралган пиязды, чарчы тууралган сабизди, майдаланган сарымсакты,
томатты, бир аз зайтун майын, лавр жалбырагын салып 40 мүнөттөй кайнатасыз.
Эми таттуу болгар калемпирин,
жуулган күрүчтү салып дагы 20 мүнөт кайнатасыз.
Эгерде бул убакытта чечевица жумшарбаса,
дагы кайнатууга туура келет.Шорпонун тузун ырастап, көк чөптөн кошуп идиштерге куя берсеңиз болот.Түстүү капустадан жасалган шорпоКандай азыктар керек?Түстүү капуста: 1 кгПияз: 1 башТоок шорпосу: 1,5 лТуз, мурчЗайтун майы: 3 чоң кашыкӨсүмдүк майы: 2 чоң кашыкАк бөлкө нан: 6 кесимКантип жасалат?Пиязды жарым шакекче кылып туурайсыз.Түстүү капустаны гүлдөрүнөн бирме-бир ажыратып чыгасыз.Казанга өсүмдүк майын куюп кызытып, тууралган пияз менен капустаны салып 10-12 мүнөт кууруйсуз.Булар куурулуп жатканда нанды чарчы кылып туурайсыз. Калыпка зайтун майын куюп, тууралган нандарды саласыз. Татымына жараша туз, мурч себелеп аралаштырасыз.
Эми 220 градуста ысып турган духовкага салып нандарды кызарганча кармайсыз.Куурулуп жаткан жашылчалардын үстүнө шорпону куюп бир нече мүнөт кайнатасыз.
Анан духовкада куурулган нандарды салып, идиштерге куя берсеңиз болот.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#298 28 June 2015 - 07:11
Быштак-балмуздакКандай азыктар керек?Майлуу үй быштагы: 200 гСүт: 50 млКоюулатылган сүт (кайнатылган):
0,5 банкаКантип жасалат?Блендердин жардамы менен быштак жана коюулатылган сүттү бирдей массага келгенге чейин аралаштырасыз.
Ага сүттү кошуп, дагы аралаштырасыз.
Аралашманы калыптарга бөлүп куюп, тоңдургучка 4-5 саатка салып коёсуз.Шоколад балмуздагыКандай азыктар керек?Камкаймак (сливки): 400 млЖумуртканын сарысы: 3 даанаШекер:
50 гСүт: 50 млШоколад: 50 гКоньяк: 1-2 чоң кашыкКантип жасалат?Шоколадды кыргычтын жардамы менен майдалап аласыз.Жумуртканын сарысына шекерди кошуп чаласыз.Майдаланган шоколадды, сүттү кошуп аралаштырасыз.
Орточо отко коюп шоколад менен шекер эригенче кайнатасыз.
Муздатып, ага камкаймакты кошосуз.Эми коньякты кошуп аралаштырасыз.
Пайда болгон аралашманы тоңдургучка салып коёсуз.Жемиш музуКандай азыктар керек?Өзүңүз каалаган жемишШекер:
татымына жарашаКантип жасалат?Өзүңүз сүйгөн жемиштин түрүн миксерде эзесиз.Шекер кошосуз.Балмуздак үчүн атайын калыптарга бөлүп куюп, тоңдургучка салып коёсуз.ПломбирКандай азыктар керек?Сүт: 250 млКамкаймак:
250 млЖумуртканын сарысы: 4-5 даанаШекер:
80-90 гВанилин: 1 чай кашыкКантип жасалат?Сүттү кайнатып, оттон чыгарып коёсуз.Жылуу болгондо шекерди, жумуртканын сарысын жана ванилинди кошуп жакшылап аралаштырасыз.
Бир колуңуз менен аралаштырып жаткан калыбыңызда экинчи колуңуз менен чуурутуп камкаймакты куясыз.Жай отко коюп үзгүлтүксүз аралаштыруу менен коюуланганга чейин кайнатасыз.
Эми оттон чыгарып бөлмө температурасында муздатасыз.
Аралашманы пластик контейнерине куюп туруп 2-3 саат тоңдургучка салып коёсуз.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#299 28 June 2015 - 10:28
Көк чай менен кара чайдын канчалык айырмасы бар?Элибизде чайсыз жашай алган адамды табуу өтө кыйын. Эң жакшысы, суук мезгилде үйдө ысык чай ичип олтурганды кимдер гана сүйбөсүн. Бирок, чай десе эле иче бербей кара чай менен көк чайды табитине карап тандап ичүү керек. Көпчүлүктө көк чай менен кара чайды ар кандай баалап, аларды айырмалап калмай адат бар. Чындыгында эле ушундайбы? Көк чай менен кара чайдын айырмасы кандай? Көк чай менен кара чайдын канчалык айырмасы бар?Айрымдар алар эки башка жалбырактан жасалат деген да ойдо жүрүшү мүмкүн. Бирок көк чай менен кара чай бир эле жалбырактан чогултулуп,
иштетүүдө гана бөлүнөт. Кара чай кантип пайда болот? Ал табигый шартта, күндүн, шамалдын жана нымдуулуктун негизинде өзгөрүп, кара түскө ээ болот. Ал эми көк чай жашыл кезинде чогултулуп,
ачуу ысык бууга кармалып, кычкылдануу процессинде чай көк жашыл өңдү кармап калат. Көк чай кара чайга эч окшошпойт. Анын жыты, даамы, өңү да башка. Бирок көпчүлүк адамдарга жөн гана жашыл жалбырак чай жага бербейт жана аны кумшекер кошпой ичишет. Кара чай пайдалуулугу жагынан көк чайга жетпейт. Өз ден соолугунун камын ойлогондор бир гана көк чай ичишет. Көк чайдын өгөчөлүгү - анда витаминдер жана микроэлементтер,
көмүртек, калий, фтор, жез ж.б элементтер бар. Көк чайдын мыкты дарылык касиети - аны рак ооруларын дарылоодо колдонот. Көк чай С витаминине бай жана кан тамырларынын бекем болушуна пайдалуу. Көк чай жүрөк ооруларын алдын алууда жана мээ кан тамыр ооруларын айыктырууда колдонулат.
Ошондой эле артериалык кан басымды басаңдатат.
Эгер сасык тумоо кыйнаса, көк чайды колдонуу да пайдасын берет. Бирок кара чайдын өзүнүн тийиштүү орду бар. Анда макро-микро жана ультрамикроэлементтик витаминдердин В группасы чайдын өзгөчөлүгүн түзөт. Чайдын жалбырагындагы белоктор менен көмүртектер В витаминин группаларын сактоого жардам берет. Ал тишти жана тиштин бүлөлөрүн таза сактаган фтор затына ээ болгон сейрек, азык зат. Буга байланыштуу демделген чайдын чамасы менен күнүнө бир канча жолу тишти сүртүп туруу кеңеши берилет. Көк чай менен кара чай тууралуу окумуштуулар эмне дейт? Акыркы изилдөөлөр көргөзгөндөй чайдын эки түрү тең ден соолукка пайдалуу. Кара чайды даярдоодо өң, жыт жана түс менен кошо теафлавин жана теарубигин заттары пайда болуп, пайдалуулугу күчөйт. Белгилүү болгондой кара чай жүрөк ооруларын алдын алат. Бул багытта толук түрдө изилдөөлөр аягына чыга элек болгондуктан,
табышмактуу жактары да бар. Бирок илимий изилдөөлөр адамдын организми чайды колдонууну талап кыларын көргөздү. Көк чай менен кара чай да өзүнүн керемет даамы, жыпар жыты менен өзгөчөлөнөт.
Бирок адистер чайды тандоодо сиздин ден соолугуңузга пайдалуу болгон жана ичкенде жагымдуу болгон чайдын түрүн тандоону сунуш кылат. Эң эле пайдалуусу чайды аз колдонууну сунуштайбыз.
Кара чай каныбызга сиңип калгандыктан,
бул адаттан арылуу өтө кыйын. Адаттан арылуу үчүн атайын кайнатма суусундуктарды жасап, өзгөчө жаш балдарга чай бербей эле коюңуздар деп сунуштайбыз.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#300 28 June 2015 - 10:33
Мыктыбек Арстанбек, Кыргызстандагы халал индустриясын өнүктүрүү борборунун төрагасы: "Арам тамак жеген адамдын дубасы 40 күнгө чейин кабыл болбойт"Халал азыктары канчалык маанилүү?"
Халал" деген эмне?Куранда Жараткандын негизги эки өкүмү бар: ал араб тилинде халал жана харам. Кыргызча айтканда адал жана арам. Халал деген сөз араб тилинен которгондо "уруксат берилген"
деген маанини берсе, харам "тыюу салынган"
дегенди түшүндүрөт.
- Кыргызстандагы халал индустриясын өнүктүрүү борборун ачууңуздарга эмне түрткү болду? - Биз динсиз тармакта жашап келдик да, ошондуктан мурда бизде тамактын адал, арамы эмес, пайда, зыяны гана каралып келген. Адам ал тамакты жегенде ууланбайбы,
ооруп калбайбы дегенге гана маани берилген. Ошентип олтуруп адал менен арам аралашып кеткен. Бүгүнкү тамак-ашка арам өтө көп аралашат. Мисалы, дээрлик бүт кондитер азыктарына алкоголь, арам боёктор же желатин кошулат. Желатин көп учурда чочконун майынан жасалат. Бизде желатиндин адалына караганда кытайдан алынып келинген арамы көбүрөөк. Ошондой эле курт-кумурскалардан алынган органикалык боёктор көп. Негизи адал десе уйдун этин гана элестетишет.
Бирок, мал этинен чыккан азыктарга деле азыр чочконун майы аралашпай чыгарылганы аз. Ушулардын баары бизде да адал индустриясын өнүктүрүү борборунун ачылышына себеп болду. Биз болсо ушул нерселердин баарына карайбыз жана азыктын адалдыгы такталса гана адал деген тастыктоочу сертификат беребиз. - Сиздердин борбор азыктардын адал экенин тастыктоочу сертификатты кандай негизде берет? - Ар кандай азык-түлүк чыгарган ишканалар бизге кайрылышат,
же өзүбүз аларга сунуш кылабыз. Макулдашылган убакта алар менен бир жылга келишим түзүлөт. Анан адал кандай болушу керектиги тууралуу окутуп, баарын үйрөтөбүз. Кийин түшүндүрө алдыкпы ошону билүү максатында кайра алардан экзамен алабыз. Эгерде, түшүнбөй калган учурда кайра окутабыз. Андан кийин гана ишканасына барып арамдын жоктугун карап, азыктар адал жол менен чыгып жатканын изилдеп чыгабыз. Жыл бою текшерип, алар бардык талаптарыбызга жооп берсе "адал азыктарын өндүрө баштады" деген сертификат беребиз. Азыр "халал"
деп жазып сатып жаткан адал эмес азыктар толтура. Биз аларга тыюу салганга укугубуз жок. Аларга мамлекет көзөмөл кылышы керек. - Адал эмес азыктын жоопкерчилиги жеген адамда болобу же саткан адамдабы? - Жеген адамда да, саткан адамда дагы болот. Жеген адам анын адал деген жазуусуна карап тактабай алып жеди, ал адам Кудай алдында күнөөлүү болбошу мүмкүн. Бирок, курсагында арам тамак турганы үчүн анын кылган дубасы 40 күнгө чейин кабыл болбошу мүмкүн. - Жашылча-жемиштердин адал, арамы болобу? - Мисалы, картошканын арамы болушу мүмкүн. Анткени, өсүп жаткан картошкага колорадо коңузу кирбесин деп чаяндын генин аргындаштырышат.
Чаян шариятта арам болгондуктан,
ал картошка сунуш кылынбайт. Ошондой эле талаада буудайды чычкан жебесин деп аны мышыктын гени менен аргындаштырышат.
Мышык шариятта арам. - Эт сатып алганда арам, адалы билинбейт да, мисалы, сиз кайдан сатып аласыз? - Касаптарын биз окуткан, биздин логотибибиз бар эт саткан дүкөндөр бар. Этти ошолордон алгыла деп айтар элем. Ал эми башка жакта сатылган эттердин адал экенине ишенүү кыйын. Негизи, билген адамга арам жана адал эттин айырмасы болот. Арам эт бат караят, анткени, анда кан көп калган. Бирок, кээде адал эт деле карайып кетиши мүмкүн. Малдын адалданып союлганын өзүң карап турбасаң аңдоо дээрлик мүмкүн эмес. Ошондуктан,
биз ишенимдүү түйүндөрдөн гана алгыла дейбиз. Азыр арам этти деле адалга окшотуу үчүн айрымдары уксус, марганцовка менен жуушат экен. Ага карабай ал этте көп кан калат. Жараткан канды арам кылган. Өндүргөн азыктары адал деп ТАСТЫКТАЛГАН ИШКАНАЛАРКондитер азыктары, торттор1. "АТА" ЛТД кондитер азыктары2. Торт "ГРАФСКИЙ"
, ЧП Тен кондитер азыктары3. "НАЙС" кондитер азыктары4. "БАРБОЛ"
кондитер азыктары5. "7 БААТЫР" кондитер азыктары 6. "ЖАЛАЛ-АБАД ТАТТУУСУ"
кондитер азыктары жана суулары7. ЧП "Джамгаев"
кондитер азыктары8. "КУЛИКОВСКИЙ"
тортторунун бир бөлүгү адал стандартына
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .

Супер-Инфо
super.kg
видео