Жоготсом да өзүңдү...
Майтаргандай мезгил менин демимди,
Эмнегедир боштук ээлейт сезимди...
Санаа деле тартпай калдым сени ойлоп,
Сезимдерде,
демек болду чегинүү...
Жүрөгүмдү, далай жолу сен эздиң,
Кектебеймин кекчил деле эмесмин.
Көңүлүмө кара тагың калтырдың,
Сендей мени кыйнабаган деги эч ким...
Эми мына чоочун жанга айландың,
Чеңгээлинен чыктым окшойт армандын.
Жетер бекен, эми дагы чын дилден,
Назик жанды сүйүүгө бир дарманым...
Чындап эле боштук ээлеп көнүлдү,
Эл катары сүрүп калдым өмүрдү...
Азабыңдан эми гана кутулдум,
Эбаак эле, жоготсом да өзүңдү...
Бакай Садыров "Жан Сырым" (ырлар)
#2 28 June 2015 - 13:33
Түшүнбөй мүнөзүмө...
Жаратканым бир өзүн күбөсүң го...
"Өмүр бою бир жанды сүйөсүң ээ"-
деген суроо адамдар көп беришет,
Таң калышып түшүнбөй мүнөзүмө...
Чындап эле берилип сүйбөдүмбү,
Азап тартып дагы эле жүрбөйүнбү. ..
Эч бир жандан кайталап көрө элекмин,
Күндөй болуп жарк этип күлгөнүңдү!
Колум шилтеп сен менен коштошо албай,
Өзгөлөрдү өзүңө окшото албай.
Кайран жүрөк дагы эле кагып жатат,
Ушунча жүк көтөрүп токтоп калбай!
Камасаң да торуна санаалардын,
Дагы деле өзүңсүң самаганым,
Убакыт да, дабагер боло албады,
Ак сүйүүдөн гана мен жарадармын!
Жаратканым бир өзүн күбөсүң го...
"Өмүр бою бир жанды сүйөсүң ээ"-
деген суроо адамдар көп беришет,
Таң калышып түшүнбөй мүнөзүмө..
Жаратканым бир өзүн күбөсүң го...
"Өмүр бою бир жанды сүйөсүң ээ"-
деген суроо адамдар көп беришет,
Таң калышып түшүнбөй мүнөзүмө...
Чындап эле берилип сүйбөдүмбү,
Азап тартып дагы эле жүрбөйүнбү. ..
Эч бир жандан кайталап көрө элекмин,
Күндөй болуп жарк этип күлгөнүңдү!
Колум шилтеп сен менен коштошо албай,
Өзгөлөрдү өзүңө окшото албай.
Кайран жүрөк дагы эле кагып жатат,
Ушунча жүк көтөрүп токтоп калбай!
Камасаң да торуна санаалардын,
Дагы деле өзүңсүң самаганым,
Убакыт да, дабагер боло албады,
Ак сүйүүдөн гана мен жарадармын!
Жаратканым бир өзүн күбөсүң го...
"Өмүр бою бир жанды сүйөсүң ээ"-
деген суроо адамдар көп беришет,
Таң калышып түшүнбөй мүнөзүмө..
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#3 28 June 2015 - 13:36
Бир сырым бар өзүм көздөгөн...
Кетким келет алыс жактарга,
Кулак угуп, көз да көрбөгөн...
Бир да жанды албайм ээрчитип,
Бир сырым бар өзүм көздөгөн...
Кең дүйнө да мага тар болуп,
Күтүп жүрбөй сени зар болуп...
Көккө учуп жерге түшсөм дейм,
Кышкы кечте жааган кар болуп...
Же айланып жазда жамгырга,
Көкүрөктүн муңун төксөмбү?..
Айлананы гүлгө толтуруп,
Сулуулукка бөлөп көктөмдү...
Жолдош кылып балким шамалды,
Издеп сени таап аламбы?..
Кандай айла табылаар экен?
Айыктырар ички санаамды...
Кетким келет алыс жактарга,
Кулак угуп, көз да көрбөгөн...
Бир да жанды албайм ээрчитип,
Бир сырым бар өзүм көздөгөн.
Кетким келет алыс жактарга,
Кулак угуп, көз да көрбөгөн...
Бир да жанды албайм ээрчитип,
Бир сырым бар өзүм көздөгөн...
Кең дүйнө да мага тар болуп,
Күтүп жүрбөй сени зар болуп...
Көккө учуп жерге түшсөм дейм,
Кышкы кечте жааган кар болуп...
Же айланып жазда жамгырга,
Көкүрөктүн муңун төксөмбү?..
Айлананы гүлгө толтуруп,
Сулуулукка бөлөп көктөмдү...
Жолдош кылып балким шамалды,
Издеп сени таап аламбы?..
Кандай айла табылаар экен?
Айыктырар ички санаамды...
Кетким келет алыс жактарга,
Кулак угуп, көз да көрбөгөн...
Бир да жанды албайм ээрчитип,
Бир сырым бар өзүм көздөгөн.
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#4 28 June 2015 - 13:38
Түгөнбөгөн
чын сүйүүнүн баяны!
Бир бирине күндөр окшош коендой,
Ойлор дагы, баягысы, баягы.
Алаксытып көр тирилик жетелеп,
Үмүт берет бүтпөөчүдөй аягы...
"Отуз жашта бүтөт "-дешет сүйүүлөр,
Менин сүйүүм, дагы деле күчүндө!
"Өмүр бою сени сүйүп өтөм"- деп,
Жүрөк чиркин, келген окшойт бүтүмгө...
Сага болгон сүйүүм мененин деңиздей,
Сенсиң жалгыз үстүндөгү кайыгы...
Ырларым да сага арналат жан эркем,
Түгөнбөгөн чын сүйүүнүн баяны!
чын сүйүүнүн баяны!
Бир бирине күндөр окшош коендой,
Ойлор дагы, баягысы, баягы.
Алаксытып көр тирилик жетелеп,
Үмүт берет бүтпөөчүдөй аягы...
"Отуз жашта бүтөт "-дешет сүйүүлөр,
Менин сүйүүм, дагы деле күчүндө!
"Өмүр бою сени сүйүп өтөм"- деп,
Жүрөк чиркин, келген окшойт бүтүмгө...
Сага болгон сүйүүм мененин деңиздей,
Сенсиң жалгыз үстүндөгү кайыгы...
Ырларым да сага арналат жан эркем,
Түгөнбөгөн чын сүйүүнүн баяны!
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#5 28 June 2015 - 13:41
Көздөрүңдү сагынып,
көздөрүңдү!
Мени азапка салууну көздөдүңбү?
Эми сага мен бөтөн, өзгөмүнбү?!
Көкүрөккө кусалык батпай кетти,
Көздөрүңдү сагынып, көздөрүңдү!
Жүрөгүмдүн жарымы болуп туруп,
Жан дүйнөмдү бүт ээлеп толуп туруп.
Алсыратып таштадың капысынан,
Сүлүк сымал сүйүүмдү соруп туруп!
Кантип эми жашайт деп, ойлодуңбу?
Кара көзүм кашайтып ойбодуңбу...
"Кебез менен муздасаң" бир жөн эле,
Кеп сөзү жок өлтүрүп койбодуңбу! ..
Эми кантип сүйөмүн башкаларды,
Бир өзүндө ак сүйүүм, жаш да калды...
Сага гана ашыгып чуркагандай,
Башкаларга кадамым ташталабы...
Күндөй жылуу сагындым мээримиңди,
Балдай татуу анан да эриниңди...
Кызганычтан өрттөнүп күйүп барам,
Бирөө ээлеп алгансып ээлигимди...
Мени азапка салууну көздөдүңбү?
Эми сага мен бөтөн, өзгөмүнбү?
Көкүрөккө кусалык батпай кетти,
Көздөрүңдү сагынып, көздөрүңдү!
көздөрүңдү!
Мени азапка салууну көздөдүңбү?
Эми сага мен бөтөн, өзгөмүнбү?!
Көкүрөккө кусалык батпай кетти,
Көздөрүңдү сагынып, көздөрүңдү!
Жүрөгүмдүн жарымы болуп туруп,
Жан дүйнөмдү бүт ээлеп толуп туруп.
Алсыратып таштадың капысынан,
Сүлүк сымал сүйүүмдү соруп туруп!
Кантип эми жашайт деп, ойлодуңбу?
Кара көзүм кашайтып ойбодуңбу...
"Кебез менен муздасаң" бир жөн эле,
Кеп сөзү жок өлтүрүп койбодуңбу! ..
Эми кантип сүйөмүн башкаларды,
Бир өзүндө ак сүйүүм, жаш да калды...
Сага гана ашыгып чуркагандай,
Башкаларга кадамым ташталабы...
Күндөй жылуу сагындым мээримиңди,
Балдай татуу анан да эриниңди...
Кызганычтан өрттөнүп күйүп барам,
Бирөө ээлеп алгансып ээлигимди...
Мени азапка салууну көздөдүңбү?
Эми сага мен бөтөн, өзгөмүнбү?
Көкүрөккө кусалык батпай кетти,
Көздөрүңдү сагынып, көздөрүңдү!
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#6 28 June 2015 - 13:42
Куса болуп
ойлойм бирөөнү...
Бактылуулар уктап жатышат,
Анткени түн эбак каптаган.
Жоготуудан сыздап жүрөгүм,
Көздөрүмдү далай жаштагам...
Таалайлуулар таңды тосушпайт,
Түнү менен сыздап жүрөгү...
Тагдырыма ушул жазганы,
Куса болуп ойлойм бирөөнү...
Бакыт кушум колдон учкансып,
Издеп таппайм дале түнөгүн...
Кусалыктын түшүп торуна,
Убайымга батып жүдөдүм...
Актагандай деле болдум го,
Азап тартып тоодой күнөөнү...
Жан дүйнөмдү жанчып жатса да,
Ушунчалык неге сүйөмүн?!
Бактылуулар уктап жатышат,
Анткени түн эбак каптаган.
Жоготуудан сыздап жүрөгүм,
Көздөрүмдү далай жаштагам...
ойлойм бирөөнү...
Бактылуулар уктап жатышат,
Анткени түн эбак каптаган.
Жоготуудан сыздап жүрөгүм,
Көздөрүмдү далай жаштагам...
Таалайлуулар таңды тосушпайт,
Түнү менен сыздап жүрөгү...
Тагдырыма ушул жазганы,
Куса болуп ойлойм бирөөнү...
Бакыт кушум колдон учкансып,
Издеп таппайм дале түнөгүн...
Кусалыктын түшүп торуна,
Убайымга батып жүдөдүм...
Актагандай деле болдум го,
Азап тартып тоодой күнөөнү...
Жан дүйнөмдү жанчып жатса да,
Ушунчалык неге сүйөмүн?!
Бактылуулар уктап жатышат,
Анткени түн эбак каптаган.
Жоготуудан сыздап жүрөгүм,
Көздөрүмдү далай жаштагам...
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#7 28 June 2015 - 15:33
Сен сүйүүңдү
өзүн менен ала кет...
Үмүттөрдүн баар үзүлүп мендеги,
Кыялдарым талкаланып жаткандай...
Арзуумду да айткым келбей мен сага,
Күз келгенде, күкүк тили каткандай...
Сенин ордун тоолоруна ишенбейм,
Толтурууга кылбайм деле аракет.
Мен сүйүүмө өмүр бою бек турам,
Сен сүйүүңдү өзүн менен ала кет...
Шылтоо издеп жолугууга шашылба,
Эски дартты кайра козгоп жаралап...
Ансыз деле душмандарым сүйүнүп,
"Жармач достор" жатышканда табалап.
Көздөгөнүн салуу беле кайгыга?
Азабыңды жетишерлик тарттырып.
Калдаңдаган караан эле болбосом,
Карайлаттың кайгы муңду арттырып...
Мен жок болсом, сага бакыт келеби?
Жүрөгүмдү жанчы анда тезирээк...
Менсиз бирок сенде дагы жашоо жок,
Экендиги, дайым мага сезилет...
Тандамакмын кайталап...
Мерездикти бирөө мага үйрөтсө,
Окуйт элем эч бир калбай сабактан...
Ал анткени тагдырыңды ойлонуп,
Жүрөгүмдү канатканым, канаткан...
Кимдир бирөө унутууну үйрөтсө,
Эн биринчи сен чыкмаксың эсимден...
Себеби бул-азабыңа чыдабай,
Санаалардын туткунунда эзилгем!
Кайра баштан биз өмүргө жаралсак,
Сени гана тандамакмын кайталап...
Өткөн күндү көргөн кезде барактап,
Мени чындап сүйгөндүгүн байкалат!
өзүн менен ала кет...
Үмүттөрдүн баар үзүлүп мендеги,
Кыялдарым талкаланып жаткандай...
Арзуумду да айткым келбей мен сага,
Күз келгенде, күкүк тили каткандай...
Сенин ордун тоолоруна ишенбейм,
Толтурууга кылбайм деле аракет.
Мен сүйүүмө өмүр бою бек турам,
Сен сүйүүңдү өзүн менен ала кет...
Шылтоо издеп жолугууга шашылба,
Эски дартты кайра козгоп жаралап...
Ансыз деле душмандарым сүйүнүп,
"Жармач достор" жатышканда табалап.
Көздөгөнүн салуу беле кайгыга?
Азабыңды жетишерлик тарттырып.
Калдаңдаган караан эле болбосом,
Карайлаттың кайгы муңду арттырып...
Мен жок болсом, сага бакыт келеби?
Жүрөгүмдү жанчы анда тезирээк...
Менсиз бирок сенде дагы жашоо жок,
Экендиги, дайым мага сезилет...
Тандамакмын кайталап...
Мерездикти бирөө мага үйрөтсө,
Окуйт элем эч бир калбай сабактан...
Ал анткени тагдырыңды ойлонуп,
Жүрөгүмдү канатканым, канаткан...
Кимдир бирөө унутууну үйрөтсө,
Эн биринчи сен чыкмаксың эсимден...
Себеби бул-азабыңа чыдабай,
Санаалардын туткунунда эзилгем!
Кайра баштан биз өмүргө жаралсак,
Сени гана тандамакмын кайталап...
Өткөн күндү көргөн кезде барактап,
Мени чындап сүйгөндүгүн байкалат!
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#8 28 June 2015 - 15:35
Коштошуу..
Өткөн күндөр эми болду кайрылбайт,
Жан дүйнөм да, кусалыкка алдырбайт...
Кайдыгерлик ээлеп алып көөдөндү,
Сага деген сүйүү отун жандырбайт. ..
Арылгандай көкүрөктүн санаасы,
Айыкты бейм жүрөгүмдүн жарасы.
Үмүтүмдүн жибин кечээ үзгөндө,
Ошол болду, бүт дартымдын дабасы...
Ар нерсенин болот башы аягы,
Сүйүүбүздүн бүттү мына баяны...
Сары орууга сала бербей саргайтып,
Кошо алып кетсе экен санааны ...
Артым өкүт, алдым болсо караңгы,
Оо жараткан бакытымды табамбы?
Ак карасы аралашкан өмүрдө,
Асыресе көп көрдүм го караңды...
Узак эле болду окшойт күткөнүм,
Жүрөгүмө кайдыгерлик жүктөдүм...
Үмүтүңдү сен да эми үзө бер,
Мен күтпөймүн, сен да мени күтпөгүн!
Өткөн күндөр эми болду кайрылбайт,
Жан дүйнөм да, кусалыкка алдырбайт...
Кайдыгерлик ээлеп алып көөдөндү,
Сага деген сүйүү отун жандырбайт. ..
Арылгандай көкүрөктүн санаасы,
Айыкты бейм жүрөгүмдүн жарасы.
Үмүтүмдүн жибин кечээ үзгөндө,
Ошол болду, бүт дартымдын дабасы...
Ар нерсенин болот башы аягы,
Сүйүүбүздүн бүттү мына баяны...
Сары орууга сала бербей саргайтып,
Кошо алып кетсе экен санааны ...
Артым өкүт, алдым болсо караңгы,
Оо жараткан бакытымды табамбы?
Ак карасы аралашкан өмүрдө,
Асыресе көп көрдүм го караңды...
Узак эле болду окшойт күткөнүм,
Жүрөгүмө кайдыгерлик жүктөдүм...
Үмүтүңдү сен да эми үзө бер,
Мен күтпөймүн, сен да мени күтпөгүн!
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#9 28 June 2015 - 15:36
Жаным жыргап калаар эле тынч
алып!
Ар нерседен көнүл калат билемин,
Күтүүдөн да адам үзөт күдөрүн...
Жүрөгүмө канжар сайып жатсаң да,
Сенден көнүл такыр калбай жүдөдүм...
Эмне мага илдет белен жабышкан?
Аттап кетмек эмес эч ким намыстан...
А мен болсо, унута албай өзүңдү,
Кабыргамдын кайышканы, кайышкан...
Мерездигин жок эле го мынчалык,
Кайдыгерсиң, калыптырсың сумсайып...
Андан көрө үмүтүмдү үзсөң го,
Жаным жыргап калаар эле тынч алып!
алып!
Ар нерседен көнүл калат билемин,
Күтүүдөн да адам үзөт күдөрүн...
Жүрөгүмө канжар сайып жатсаң да,
Сенден көнүл такыр калбай жүдөдүм...
Эмне мага илдет белен жабышкан?
Аттап кетмек эмес эч ким намыстан...
А мен болсо, унута албай өзүңдү,
Кабыргамдын кайышканы, кайышкан...
Мерездигин жок эле го мынчалык,
Кайдыгерсиң, калыптырсың сумсайып...
Андан көрө үмүтүмдү үзсөң го,
Жаным жыргап калаар эле тынч алып!
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#10 28 June 2015 - 15:38
Армандуу сүйүү
Ачылбаган сыр катылуу сандыгы,
Ар адамдын ар башкача тагдыры.
Бирөөлөргө опол тоодой бак берип,
Кээ бирине үйө берет кайгыны...
Анда уккун, бул махабат баяны,
Жүрөгүмө үйүп салды санааны...
Жомок эмес, учурдагы окуя,
Жомок болсо жакшы бүтмөк аягы...
Кыз керемет, жан дүйнөсү башкача,
Сезимдери тоо суусундай таптаза.
Ак сүйүүгө Бегимайдай чеп болмок,
Тагдыр ага оор сыноосун артпаса ...
Алгачкы ирет жолукканда кыз жигит,
Карегине каректери чагылып...
Эки жүрөк түгөйлөрүн тапкандай,
Сезимдери бир- бирине агылып...
Эки жылдай мезгил өттү арадан,
Ак сүйүүдө болбойт чыны арамдык...
Экөөсү тең жан дилинен сүйсө да,
Бузулбады ортодогу аралык...
Күз да бүтүп, кыш келгенде жаңыдан,
Кыз кабылды опурталдуу илдетке...
Табити да такыр тартпай тамакка,
Маанайы жок сүйгөнүнө сүйлөшкө...
"Мээңизде шишик"- бар деп дарыгер,
Аягандай кызды, араң сүйлөдү.
Кыз аз жерден эстен тана жаздады,
Жалын каптап келаткандай дүйнөнү...
Бут алдынан жер да жылып кеткенсип,
Бир заматта кыйрап тоодой бактысы...
Жаңы ган чындап даамын татаарда,
Көздөн кайып болду сүйүү ачкычы...
Сыркоо болуп калгандыгын жашырып,
Сүйгөнүнө "сүйбөйм" -деди батынып...
Бул кабардан, эсин жигит жыйгыча ,
Чыгып кетти сыртты көздөй ашыгып...
Жан дүйнөсү азап тартты аябай,
Өз сүйүүсүн өзү өлтүрүп жатканга...
Мына анык махабаттын тазасы,
Үлгү болор жеңил желпи жаштарга...
Кыз узады, түнгө сиңип жок болду,
Алмаштырды жашап жүргөн дарегин.
Унута албай жигит батты санаага,
Сүйгөнүнүн карагаттай карегин...
Кыздын мындай кылыгына таң калып,
Балким жигит аны жектеп жүргөндүр.
Оо шум дүйнө! Неге мынча зулумсуң?!
Биротоло түбүн менен түгөнгүр!
Ачылбаган сыр катылуу сандыгы,
Ар адамдын ар башкача тагдыры.
Бирөөлөргө опол тоодой бак берип,
Кээ бирине үйө берет кайгыны...
Ачылбаган сыр катылуу сандыгы,
Ар адамдын ар башкача тагдыры.
Бирөөлөргө опол тоодой бак берип,
Кээ бирине үйө берет кайгыны...
Анда уккун, бул махабат баяны,
Жүрөгүмө үйүп салды санааны...
Жомок эмес, учурдагы окуя,
Жомок болсо жакшы бүтмөк аягы...
Кыз керемет, жан дүйнөсү башкача,
Сезимдери тоо суусундай таптаза.
Ак сүйүүгө Бегимайдай чеп болмок,
Тагдыр ага оор сыноосун артпаса ...
Алгачкы ирет жолукканда кыз жигит,
Карегине каректери чагылып...
Эки жүрөк түгөйлөрүн тапкандай,
Сезимдери бир- бирине агылып...
Эки жылдай мезгил өттү арадан,
Ак сүйүүдө болбойт чыны арамдык...
Экөөсү тең жан дилинен сүйсө да,
Бузулбады ортодогу аралык...
Күз да бүтүп, кыш келгенде жаңыдан,
Кыз кабылды опурталдуу илдетке...
Табити да такыр тартпай тамакка,
Маанайы жок сүйгөнүнө сүйлөшкө...
"Мээңизде шишик"- бар деп дарыгер,
Аягандай кызды, араң сүйлөдү.
Кыз аз жерден эстен тана жаздады,
Жалын каптап келаткандай дүйнөнү...
Бут алдынан жер да жылып кеткенсип,
Бир заматта кыйрап тоодой бактысы...
Жаңы ган чындап даамын татаарда,
Көздөн кайып болду сүйүү ачкычы...
Сыркоо болуп калгандыгын жашырып,
Сүйгөнүнө "сүйбөйм" -деди батынып...
Бул кабардан, эсин жигит жыйгыча ,
Чыгып кетти сыртты көздөй ашыгып...
Жан дүйнөсү азап тартты аябай,
Өз сүйүүсүн өзү өлтүрүп жатканга...
Мына анык махабаттын тазасы,
Үлгү болор жеңил желпи жаштарга...
Кыз узады, түнгө сиңип жок болду,
Алмаштырды жашап жүргөн дарегин.
Унута албай жигит батты санаага,
Сүйгөнүнүн карагаттай карегин...
Кыздын мындай кылыгына таң калып,
Балким жигит аны жектеп жүргөндүр.
Оо шум дүйнө! Неге мынча зулумсуң?!
Биротоло түбүн менен түгөнгүр!
Ачылбаган сыр катылуу сандыгы,
Ар адамдын ар башкача тагдыры.
Бирөөлөргө опол тоодой бак берип,
Кээ бирине үйө берет кайгыны...
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#11 28 June 2015 - 15:39
Ушунчалык
сүйөм бирок өзүңдү!
Жан дүйнөмдү кээде ээлеп кубаныч,
Эркин куштай көкөлөтөт көңүлдү.
Бирде тагдыр санааларын тартуулап,
Кертип жатат, кайгы менен өмүрдү....
Адам жашайт күлүп анан кайгырып,
Көксөгөнүн таап, кайра айрылып...
Жүрөгүмдү калбыр кылып кетипсиң,
Турам бүгүн, сүйүүдөн да айбыгып...
Кайдыгерлик каптагандай сезимди,
Арзуум менин өткөн күндө калгандай...
Жоготкум жок, чалкып жаткан сүйүүмдү,
Кетти бирок, кайып болуп кармалбай...
Кайгынын да кубанычтын изи жок,
Бул жалганда, эмне баары төгүнбү?..
Кандай тагдыр күтсөк дагы сезе жүр,
Ушунчалык сүйөм бирок өзүңдү!
сүйөм бирок өзүңдү!
Жан дүйнөмдү кээде ээлеп кубаныч,
Эркин куштай көкөлөтөт көңүлдү.
Бирде тагдыр санааларын тартуулап,
Кертип жатат, кайгы менен өмүрдү....
Адам жашайт күлүп анан кайгырып,
Көксөгөнүн таап, кайра айрылып...
Жүрөгүмдү калбыр кылып кетипсиң,
Турам бүгүн, сүйүүдөн да айбыгып...
Кайдыгерлик каптагандай сезимди,
Арзуум менин өткөн күндө калгандай...
Жоготкум жок, чалкып жаткан сүйүүмдү,
Кетти бирок, кайып болуп кармалбай...
Кайгынын да кубанычтын изи жок,
Бул жалганда, эмне баары төгүнбү?..
Кандай тагдыр күтсөк дагы сезе жүр,
Ушунчалык сүйөм бирок өзүңдү!
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#12 28 June 2015 - 15:45
Бейтааныш сулууга
Толкуп турам жүрөгүмдөн сүйүнүп!
Келе жатсам өкүнүчтө күйүгүп...
Маңдайымдан күндөй болуп жарк этти,
Бир жаш сулуу, кызыл тазыл кийинип!
Бир керемет экен го эх! Басышы!
Карагаттай көздөрүчү? Кашычы?
Тамчысындай жаны жааган жамгырдын,
Баарынан да кырчын курак жашычы!
Өзүн барктайт, экендиги билинип,
Кабактары анча-мынча түйүлүп.
Бара жатса ушунчалык толкудум,
Кандай сонун чындыгында тирүүлүк!
Толкуп турам жүрөгүмдөн сүйүнүп!
Келе жатсам өкүнүчтө күйүгүп...
Маңдайымдан күндөй болуп жарк этти,
Бир жаш сулуу, кызыл тазыл кийинип!
Бир керемет экен го эх! Басышы!
Карагаттай көздөрүчү? Кашычы?
Тамчысындай жаны жааган жамгырдын,
Баарынан да кырчын курак жашычы!
Өзүн барктайт, экендиги билинип,
Кабактары анча-мынча түйүлүп.
Бара жатса ушунчалык толкудум,
Кандай сонун чындыгында тирүүлүк!
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#13 28 June 2015 - 15:48
Сурабачы
Сурабачы, неге жок деп маанайын,
Кайсы арыма, кыйраткансып күлөйүн?..
Ансыз деле бир айласын табалбай,
Жүрөк туйлап жоктоп жатат түгөйүн...
Сооротпочу, баары жакшы болот деп,
Үмүтүмдү үзгүм келип жүргөндө...
Сени дагы сүйөмүн деп айталбайм,
Аары эмесмин, коно берген гүлдөргө...
Кете берчи, көңүлүмдү карабай,
Жалгыз калгым келип турат негедир...
Өтүнөрүм унчукпастан чыгып кет,
Жанды эзип сурай бербей себебин...
Макул болчу ии ошентчи суранам,
Жашып турам чыгып кетчи бол бачым!..
Айымдарга кажети жок көрүштүн,
Ак сүйүүдөн жигит төксө көз жашын...
Сурабачы, неге жок деп маанайын,
Кайсы арыма, кыйраткансып күлөйүн?..
Ансыз деле бир айласын табалбай,
Жүрөк туйлап жоктоп жатат түгөйүн...
Сооротпочу, баары жакшы болот деп,
Үмүтүмдү үзгүм келип жүргөндө...
Сени дагы сүйөмүн деп айталбайм,
Аары эмесмин, коно берген гүлдөргө...
Кете берчи, көңүлүмдү карабай,
Жалгыз калгым келип турат негедир...
Өтүнөрүм унчукпастан чыгып кет,
Жанды эзип сурай бербей себебин...
Макул болчу ии ошентчи суранам,
Жашып турам чыгып кетчи бол бачым!..
Айымдарга кажети жок көрүштүн,
Ак сүйүүдөн жигит төксө көз жашын...
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#14 28 June 2015 - 15:49
Кереги не
Кереги не актануу, талаш кептин?
Кайгы менен гана сен жанаш депсиң...
Эч бир жанды кайталап сүйбөсүн деп,
Сезимимди кулпулап камап кеттиң...
Үмүт үзбөйм, бирок сен кайрылбадың,
Куса болдуң а балким кайгырбадың. ..
Ишеничим таштан да бекем беле?
Бир өзүңдөн, ишенбейм айрылганым. ..
Азыр дагы өзүңсүң самаганым,
Өзгө жанды тамшанып карабадым...
Көрбөйүнчү мен дагы сезимиңдин,
Туман сымал бат эле тараганын...
Кереги не актануу, талаш кептин?
Кайгы менен гана сен жанаш депсиң...
Эч бир жанды кайталап сүйбөсүн деп,
Сезимимди кулпулап камап кеттиң...
Үмүт үзбөйм, бирок сен кайрылбадың,
Куса болдуң а балким кайгырбадың. ..
Ишеничим таштан да бекем беле?
Бир өзүңдөн, ишенбейм айрылганым. ..
Азыр дагы өзүңсүң самаганым,
Өзгө жанды тамшанып карабадым...
Көрбөйүнчү мен дагы сезимиңдин,
Туман сымал бат эле тараганын...
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#15 28 June 2015 - 15:51
Суранамын
келбе мага кечигип...
Ачып көрүп өткөн күндөр бүктөмүн,
Жоготууну жүрөгүмө жүктөдүм...
Азыр дагы келбейт такыр ишенгим,
Чогуу баскан жолубуздун бүткөнүн ...
Ошол жолдун кайда эле башаты?
Экөөбүзгө кимдер кастык жасады?..
Жаным сыздайт, жан эркемдин ойлосом,
Өмүр жолун бөтөн менен басарын...
Жүрөк туйлап, көзүмө жаш кылгырып,
Жерге, сууга батпай жүрөм буулугуп.
Ак сүйүүмдү кызганычка жеңдирип,
Бакытымды алдым колдон жулдуруп!
Балким бардыр, алдында зор айыбым?
Бир да жолу билдирбедиң дайының...
Сезимимди суу сепкендей өчүрүп,
Сүйүүбүздүн чайпабачы кайыгын...
Менден неге жашынасың бекинип?
Кетсе кетип калган чыгаар чекилик.
Үмүтүмдүн үзүп койсом эгерде,
Суранамын келбе мага кечигип..
келбе мага кечигип...
Ачып көрүп өткөн күндөр бүктөмүн,
Жоготууну жүрөгүмө жүктөдүм...
Азыр дагы келбейт такыр ишенгим,
Чогуу баскан жолубуздун бүткөнүн ...
Ошол жолдун кайда эле башаты?
Экөөбүзгө кимдер кастык жасады?..
Жаным сыздайт, жан эркемдин ойлосом,
Өмүр жолун бөтөн менен басарын...
Жүрөк туйлап, көзүмө жаш кылгырып,
Жерге, сууга батпай жүрөм буулугуп.
Ак сүйүүмдү кызганычка жеңдирип,
Бакытымды алдым колдон жулдуруп!
Балким бардыр, алдында зор айыбым?
Бир да жолу билдирбедиң дайының...
Сезимимди суу сепкендей өчүрүп,
Сүйүүбүздүн чайпабачы кайыгын...
Менден неге жашынасың бекинип?
Кетсе кетип калган чыгаар чекилик.
Үмүтүмдүн үзүп койсом эгерде,
Суранамын келбе мага кечигип..
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#16 28 June 2015 - 15:52
Кусалыктын
кучагынан эзилем...
Учур менен өмүр сүрбөй эми мен,
Өткөн күндө калган сындуу сезилем,
Башкаларды дарыласа убакыт,
А мен андан айыга албайт көрүнөм...
Бүт өмүрүм жайнап турчу деминен,
Тагдыр мени бөлгөн кезде теңимен...
Санаалардын сары сазы соргонсуп,
Кусалыктын кучагынан эзилем...
Эмне самайм, бул турмуштан деги мен,
Бакытымдан эмне болуп кемигем?..
Дагы башка пенде барбы өмүрдө,
Өзүн-өзү мен сыяктуу жериген?..
кучагынан эзилем...
Учур менен өмүр сүрбөй эми мен,
Өткөн күндө калган сындуу сезилем,
Башкаларды дарыласа убакыт,
А мен андан айыга албайт көрүнөм...
Бүт өмүрүм жайнап турчу деминен,
Тагдыр мени бөлгөн кезде теңимен...
Санаалардын сары сазы соргонсуп,
Кусалыктын кучагынан эзилем...
Эмне самайм, бул турмуштан деги мен,
Бакытымдан эмне болуп кемигем?..
Дагы башка пенде барбы өмүрдө,
Өзүн-өзү мен сыяктуу жериген?..
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#17 28 June 2015 - 15:54
Сезимим менин,
бүт аалам менен барабар!
Денемде кубат, көзүмдө курчум бар туруп,
Дарманым жоктой, жан дүйнөм сыздайт
жанчылып!
Дартымдын оорун ушундан сезип биле бер,
Дүйнөнүн мага тургандай жүгү артылып...
Өмүрдүн өзү мааниси жоктой сезилип,
Өкүттө жүрөм, өрүктөй болуп эзилип...
Өкүнүч гана жашоомдон орун алгандай,
Өкүнөм азыр калганга сага кезигип...
Көңүлдү санаа, сайгылап жана кескилеп,
Кусага батып, таң атат анан кечкирет.
Капаска камап, качууга амал калтырбай,
Кашайтып жанды жаткандай бирөө тешкилеп!
Арзуудан, арман баратат жаным алсырап,
Акыркы үмүт, канатын кагып талпынат.
Акылга салып, мени аяп койор түрүн жок,
Ал күчүм кетип жатсам да эгер кансырап!
От болуп денем, өзөктү каптап жалының,
Оп тартып кайгы, азапка түштү дагы ким?..
Ой басып турат, капшыра кармап желкеден,
Оң келбей такыр кадамым менен арымым...
Сүйүүнүн ордун, ээледи түйшүк санаалар,
Сынтагып мага, дос душман баары
табалаар...
Сырым жок ичте, өзүңө гана арналган,
Сезимим менин, бүт аалам менен барабар!
бүт аалам менен барабар!
Денемде кубат, көзүмдө курчум бар туруп,
Дарманым жоктой, жан дүйнөм сыздайт
жанчылып!
Дартымдын оорун ушундан сезип биле бер,
Дүйнөнүн мага тургандай жүгү артылып...
Өмүрдүн өзү мааниси жоктой сезилип,
Өкүттө жүрөм, өрүктөй болуп эзилип...
Өкүнүч гана жашоомдон орун алгандай,
Өкүнөм азыр калганга сага кезигип...
Көңүлдү санаа, сайгылап жана кескилеп,
Кусага батып, таң атат анан кечкирет.
Капаска камап, качууга амал калтырбай,
Кашайтып жанды жаткандай бирөө тешкилеп!
Арзуудан, арман баратат жаным алсырап,
Акыркы үмүт, канатын кагып талпынат.
Акылга салып, мени аяп койор түрүн жок,
Ал күчүм кетип жатсам да эгер кансырап!
От болуп денем, өзөктү каптап жалының,
Оп тартып кайгы, азапка түштү дагы ким?..
Ой басып турат, капшыра кармап желкеден,
Оң келбей такыр кадамым менен арымым...
Сүйүүнүн ордун, ээледи түйшүк санаалар,
Сынтагып мага, дос душман баары
табалаар...
Сырым жок ичте, өзүңө гана арналган,
Сезимим менин, бүт аалам менен барабар!
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#18 28 June 2015 - 16:17
Сүйгүм келет, чын дилден акын
кызды!
Өзү уяң, жазганы батыл кызды,
Аруулукка жүрөгү жакын кызды.
Сезимиңди сергитип ырын жазган,
Сүйгүм келет, чын дилден акын кызды!
Таасир бербей мезгилдин аралыгы,
Азыр дагы кала элек балалыгы.
Жан дүйнөсүн жалпыга жайып салган,
Мага жагат булактай тазалыгы!
Кобурашып отурбай адам менен,
Катачылык, "кыялын табам"- деген...
Кундуз чачын желектей желбиретип,
Кубалашып кетет го шамал менен...
Асмандагы айга да сырын айтып,
Көөдөнүнө көл болгон муңун айтып.
Купуяга калтырбай бирин дагы,
Чынын айтып отурат чынын айтып...
Өзү уяң, жазганы батыл кызды,
Аруулукка жүрөгү жакын кызды.
Сезимиңди сергитип ырын жазган,
Сүйгүм келет, чын дилден акын кызды!
кызды!
Өзү уяң, жазганы батыл кызды,
Аруулукка жүрөгү жакын кызды.
Сезимиңди сергитип ырын жазган,
Сүйгүм келет, чын дилден акын кызды!
Таасир бербей мезгилдин аралыгы,
Азыр дагы кала элек балалыгы.
Жан дүйнөсүн жалпыга жайып салган,
Мага жагат булактай тазалыгы!
Кобурашып отурбай адам менен,
Катачылык, "кыялын табам"- деген...
Кундуз чачын желектей желбиретип,
Кубалашып кетет го шамал менен...
Асмандагы айга да сырын айтып,
Көөдөнүнө көл болгон муңун айтып.
Купуяга калтырбай бирин дагы,
Чынын айтып отурат чынын айтып...
Өзү уяң, жазганы батыл кызды,
Аруулукка жүрөгү жакын кызды.
Сезимиңди сергитип ырын жазган,
Сүйгүм келет, чын дилден акын кызды!
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#19 28 June 2015 - 16:19
Көз жашыңды
төктүң окшойт ак танда ...
Душман кылган бир кездеги жакынын,
Жооругуңа жетпей турат акылым...
Айтып бүткүс акмакчылык кылса да,
Ар бир жүрөк кечире алат ашыгын!
Санааларга жүрөгүмдү тилдирип,
Турам бүгүн сүйлөй албай сүрдүгүп...
Куру намыска "унуттум " деп жатсаң да,
Сүйөрүңдү көзүн турат билдирип...
Кур намыска унуттум деп жатсаң да,
Көз жашыңды төктүң окшойт ак танда...
Үмүт менен балким мен деп карадың,
Терезеңдин бирөө чертип жатканда...
Жуурулушкан жандар болсок кечээ биз,
Бүгүн кантип "эки жээке" өтөбүз...
Сүйүүбүздү кызганычка жеңдирген,
Ушунчалык мерезбизби экөөбүз?!
төктүң окшойт ак танда ...
Душман кылган бир кездеги жакынын,
Жооругуңа жетпей турат акылым...
Айтып бүткүс акмакчылык кылса да,
Ар бир жүрөк кечире алат ашыгын!
Санааларга жүрөгүмдү тилдирип,
Турам бүгүн сүйлөй албай сүрдүгүп...
Куру намыска "унуттум " деп жатсаң да,
Сүйөрүңдү көзүн турат билдирип...
Кур намыска унуттум деп жатсаң да,
Көз жашыңды төктүң окшойт ак танда...
Үмүт менен балким мен деп карадың,
Терезеңдин бирөө чертип жатканда...
Жуурулушкан жандар болсок кечээ биз,
Бүгүн кантип "эки жээке" өтөбүз...
Сүйүүбүздү кызганычка жеңдирген,
Ушунчалык мерезбизби экөөбүз?!
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#20 28 June 2015 - 16:20
Сүйүү
Жаның жыргап, сезимин дирилдеген,
Жүрөк менен сезбесе билинбеген.
Азабына жыргалын кошуп сунган,
Бир керемет сезим го сүйүү деген!
Бул сезимдин деңиздей түбү терең,
Алдууну да алсызды сүйүү жеңген!
Сүйүү менен кучактап тандын нурун,
Кечти дагы узатсак сүйүү менен!
Мээрим төгүп жерди күн жылыткандай,
Сүйүү жансын жүрөктө сууп калбай.
Сүйүшкөндөр ортосу жакын болсун,
Бараткандай сүйгөнүн жигит жандай!
Жаның жыргап, сезимин дирилдеген,
Жүрөк менен сезбесе билинбеген.
Азабына жыргалын кошуп сунган,
Бир керемет сезим го сүйүү деген!
Жаның жыргап, сезимин дирилдеген,
Жүрөк менен сезбесе билинбеген.
Азабына жыргалын кошуп сунган,
Бир керемет сезим го сүйүү деген!
Бул сезимдин деңиздей түбү терең,
Алдууну да алсызды сүйүү жеңген!
Сүйүү менен кучактап тандын нурун,
Кечти дагы узатсак сүйүү менен!
Мээрим төгүп жерди күн жылыткандай,
Сүйүү жансын жүрөктө сууп калбай.
Сүйүшкөндөр ортосу жакын болсун,
Бараткандай сүйгөнүн жигит жандай!
Жаның жыргап, сезимин дирилдеген,
Жүрөк менен сезбесе билинбеген.
Азабына жыргалын кошуп сунган,
Бир керемет сезим го сүйүү деген!
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!

Супер-Инфо
super.kg
видео









