Кара тору,
эх сулуу кара тору!
Кандай азап мындайда даба жогу,
Жүрөгүңө сайылса сүйүү огу...
Көрсөң эле көңүлдү шаттандырган,
Кара тору, эх сулуу кара тору!
Нур жүзүңдөн билинет санаа жогу,
Сулуулардын тең келбейт сага тобу.
Сезимиме сыйыртмак салып алдың,
Кара тору, эх сулуу кара тору!
Жүрөгүндө сеземин кара жогун...
Мен да жайып койсомбу сага торум?..
Бир караган адамды арбап алган,
Кара тору, эх сулуу кара тору!
Бакай Садыров "Жан Сырым" (ырлар)
#22 28 June 2015 - 16:22
Суроо-жооп
Көздөрүңүз неге шишиген?
Бир жериңиз ооруп жүрөбү?
Уурдап алган түнкү уйкумду,
Күтүп жүрөм дале бирөөнү...
Карегиңиз неге капалуу?
Жаңы эле ыйлап бүткөндөй?
Куса болуп күтөм бир жанды,
Өз энесин бала күткөндөй...
Кабагыңыз неге ачылбайт?
Иштериңиз жүрбөй жатабы?
Ишим жакшы, жоктоп сүйүүмдү,
Менин дагы келбейт жашагым...
Көздөрүңүз неге шишиген?
Бир жериңиз ооруп жүрөбү?
Уурдап алган түнкү уйкумду,
Күтүп жүрөм дале бирөөнү...
Карегиңиз неге капалуу?
Жаңы эле ыйлап бүткөндөй?
Куса болуп күтөм бир жанды,
Өз энесин бала күткөндөй...
Кабагыңыз неге ачылбайт?
Иштериңиз жүрбөй жатабы?
Ишим жакшы, жоктоп сүйүүмдү,
Менин дагы келбейт жашагым...
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#23 28 June 2015 - 16:25
Кызганыч
“Бүттү”-деп ишеничтүү айтты аялы,
“Кетпе”-деп жалдыраган түгөйүнө.
А бирок, жан дүйнөсү сыздап жатты,
Жүк берип, сүйүү баткан жүрөгүнө...
Анткени, “кечеде не бийлейсиң” -деп,
Жолдошу от чыгарган таарынычтан,
Өткөн түн, эки башка үйдө болуп,
Эки бөлөк жуурканды жамынышкан. ..
Кечирим ала албастан сүйгөнүнөн,
Ачуусу, өз чегинен ашып кетти...
Ар намыс, жетеледи көрүнөт го,
Күйөөсү колун шилтеп басып кетти...
Жолдошун терезеден муңдуу тиктеп,
Көзүнөн жаш кулады мөлтүр тамчы...
Себеби жолдошу да түзүк эле,
Ичпечү, болгон да эмес "кызыл камчы"...
Убакыт куштай учуп жыл айланды,
Кимиси жетти экен тилегине?..
Мындайды тагдыр дейли, унчукпайлы,
Териштирип отурбай күнөө кимде...
“Бүттү”-деп ишеничтүү айтты аялы,
“Кетпе”-деп жалдыраган түгөйүнө.
А бирок, жан дүйнөсү сыздап жатты,
Жүк берип, сүйүү баткан жүрөгүнө...
Анткени, “кечеде не бийлейсиң” -деп,
Жолдошу от чыгарган таарынычтан,
Өткөн түн, эки башка үйдө болуп,
Эки бөлөк жуурканды жамынышкан. ..
Кечирим ала албастан сүйгөнүнөн,
Ачуусу, өз чегинен ашып кетти...
Ар намыс, жетеледи көрүнөт го,
Күйөөсү колун шилтеп басып кетти...
Жолдошун терезеден муңдуу тиктеп,
Көзүнөн жаш кулады мөлтүр тамчы...
Себеби жолдошу да түзүк эле,
Ичпечү, болгон да эмес "кызыл камчы"...
Убакыт куштай учуп жыл айланды,
Кимиси жетти экен тилегине?..
Мындайды тагдыр дейли, унчукпайлы,
Териштирип отурбай күнөө кимде...
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#24 28 June 2015 - 19:21
Ак сүйүүмдүн ээси сенсиң
Мөлмөлүм!
Мага абдан кымбат жансың асылым,
Сен бар үчүн, мен да балким акынмын...
Өмүр бою бирди сүйүү жагынан,
Барпы эмес, Жеңижокко жакынмын...
Себебим жок, сен гана деп актанар,
Куса болуп көздөн далай жаш тамаар...
Күн сыяктуу батып кетсе өмүрүм,
Ыр жазылбай барагым да ак калаар ...
Жетимсиреп, күн артынан өттү күн,
Жүрөгүм да, жан дүйнөм да төктү муң.
Бир мен үчүн периштемсиң садага,
Бүт сезимим сага гана Көксулуум!
Эң алгачкы, " көзүмдү ачып көргөнүм" ,
Оо жараткан бизди такыр бөлбөгүн! ..
Азабым да жыргалым да өзүңсүң,
Ак сүйүүмдүн ээси сенсиң Мөлмөлүм!
Мейли мени башка жандар арбасын,
Андай күндү теңир башка салбасын...
Мен баары бир сен деп жашайм ардагым,
Ал анткени сенсиң менин Алмашым!
Мага абдан кымбат жансың асылым,
Сен бар үчүн, мен да балким акынмын...
Өмүр бою бирди сүйүү жагынан,
Барпы эмес, Жеңижокко жакынмын...
Мөлмөлүм!
Мага абдан кымбат жансың асылым,
Сен бар үчүн, мен да балким акынмын...
Өмүр бою бирди сүйүү жагынан,
Барпы эмес, Жеңижокко жакынмын...
Себебим жок, сен гана деп актанар,
Куса болуп көздөн далай жаш тамаар...
Күн сыяктуу батып кетсе өмүрүм,
Ыр жазылбай барагым да ак калаар ...
Жетимсиреп, күн артынан өттү күн,
Жүрөгүм да, жан дүйнөм да төктү муң.
Бир мен үчүн периштемсиң садага,
Бүт сезимим сага гана Көксулуум!
Эң алгачкы, " көзүмдү ачып көргөнүм" ,
Оо жараткан бизди такыр бөлбөгүн! ..
Азабым да жыргалым да өзүңсүң,
Ак сүйүүмдүн ээси сенсиң Мөлмөлүм!
Мейли мени башка жандар арбасын,
Андай күндү теңир башка салбасын...
Мен баары бир сен деп жашайм ардагым,
Ал анткени сенсиң менин Алмашым!
Мага абдан кымбат жансың асылым,
Сен бар үчүн, мен да балким акынмын...
Өмүр бою бирди сүйүү жагынан,
Барпы эмес, Жеңижокко жакынмын...
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#25 28 June 2015 - 19:23
Туулган күнүң
Апрелдин тогузу, туулган күнүң,
Куттук сөзүм айталбай турам бүгүн...
Бактыбызга, балта чаап алдык окшойт,
Тагдыр бизди бир жолдон бурган күнү...
Кандай тосуп жатасың, майрамыңды?
Баштагыдай мүнөзүн жайдарыбы?..
Өкүнүчтөр же өрттөп өзөгүңдү,
Төгүп чачып жатсыңбы, арманыңды?.. .
"Дарылайм" - деп жүрөктө тактарыңды. ..
Сырларыңды эч кимге ачпадыңбы?!
Кызганычтан өрттөнүп кетпейин мен,
Кимдир бирөө сыласа чачтарыңды!
Достор келип, сен ачып шарабыңды,
Жакшы көрүп бирөөнү карадыңбы...
Самап бирок жанында боло албаган,
Түшүнсөң го жан эркем абалымды!
Апрелдин тогузу, туулган күнүң,
Ырым менен мен сага сунам гүлүм...
Кайда болсоң садагам аман болчу,
Сага каалайм зор бакыт жана сүйүү?
Апрелдин тогузу, туулган күнүң,
Куттук сөзүм айталбай турам бүгүн...
Бактыбызга, балта чаап алдык окшойт,
Тагдыр бизди бир жолдон бурган күнү...
Кандай тосуп жатасың, майрамыңды?
Баштагыдай мүнөзүн жайдарыбы?..
Өкүнүчтөр же өрттөп өзөгүңдү,
Төгүп чачып жатсыңбы, арманыңды?.. .
"Дарылайм" - деп жүрөктө тактарыңды. ..
Сырларыңды эч кимге ачпадыңбы?!
Кызганычтан өрттөнүп кетпейин мен,
Кимдир бирөө сыласа чачтарыңды!
Достор келип, сен ачып шарабыңды,
Жакшы көрүп бирөөнү карадыңбы...
Самап бирок жанында боло албаган,
Түшүнсөң го жан эркем абалымды!
Апрелдин тогузу, туулган күнүң,
Ырым менен мен сага сунам гүлүм...
Кайда болсоң садагам аман болчу,
Сага каалайм зор бакыт жана сүйүү?
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#26 28 June 2015 - 19:24
Билесиңби?
Билесиңби? Неге сүйбөйм башканы?
Болсо деле, сенден сулуу жаш дагы...
Ал анткени жан эркемдин дайыма,
Турса экен дейм, ачык болуп асманы!
Билесиңби? Неге сени кыя албайм,
Себеби мен сенсиз өмүр сүрө албайм...
Сени дагы, ак жолунан адашып,
Калбаса дейм жүрөгүндө бир арман...
Билесиңби? Неге сени кызганам,
Бул сезимден жаным далай муздаган...
Ал анткени сен тазасың, аруусун,
Башкалардай, сүйүү антын бузбаган...
Билесиңби? Неге сени сагынам?
Ачык айтсам артык көрөм жаныман,
Сезимимди бүт ааламга жар салып,
Эч тартынбай, "жарылгым бар агыман"!
Билесиңби? Неге сүйбөйм башканы?
Болсо деле, сенден сулуу жаш дагы...
Ал анткени жан эркемдин дайыма,
Турса экен дейм, ачык болуп асманы!
Билесиңби? Неге сени кыя албайм,
Себеби мен сенсиз өмүр сүрө албайм...
Сени дагы, ак жолунан адашып,
Калбаса дейм жүрөгүндө бир арман...
Билесиңби? Неге сени кызганам,
Бул сезимден жаным далай муздаган...
Ал анткени сен тазасың, аруусун,
Башкалардай, сүйүү антын бузбаган...
Билесиңби? Неге сени сагынам?
Ачык айтсам артык көрөм жаныман,
Сезимимди бүт ааламга жар салып,
Эч тартынбай, "жарылгым бар агыман"!
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#27 28 June 2015 - 19:25
Жамалыңды сагынып
жамалыңды!
Бир көрүнбөй, күчөттүн күйүтүмдү,
Жолуң карайм элеңдеп күнү-түнү.
Жок дегенде, бирөөдөн салам айтчы,
Үмүтүмдүн, өчүрбөй үмүтүмдү!
Билсем жакшы болмок го дарегиңди,
Куса болдум тиктебей карегиңди,
Жан дүйнөмдүн муң зарын ырга айлантып,
Калемимди карматтың калемимди!
Күтүп жүрүп билбейм не табарымды,
Минут сайын арбыттың азабымды...
Сагынычтан сары ооруу болмой болдум,
Жамалыңды сагынып жамалыңды!
жамалыңды!
Бир көрүнбөй, күчөттүн күйүтүмдү,
Жолуң карайм элеңдеп күнү-түнү.
Жок дегенде, бирөөдөн салам айтчы,
Үмүтүмдүн, өчүрбөй үмүтүмдү!
Билсем жакшы болмок го дарегиңди,
Куса болдум тиктебей карегиңди,
Жан дүйнөмдүн муң зарын ырга айлантып,
Калемимди карматтың калемимди!
Күтүп жүрүп билбейм не табарымды,
Минут сайын арбыттың азабымды...
Сагынычтан сары ооруу болмой болдум,
Жамалыңды сагынып жамалыңды!
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#28 28 June 2015 - 19:26
Сезимимди кулпулап
камап кеттиң
Кереги не актануу, талаш кептин?
Кайгы менен гана сен жанаш депсиң...
Эч бир жанды кайталап сүйбөсүн деп,
Сезимимди кулпулап камап кеттиң...
Үмүт үзбөйм, бирок сен кайрылбадың,
Куса болдуң а балким кайгырбадың. ..
Ишеничим таштан да бекем беле?
Бир өзүңдөн, ишенбейм айрылганым. ..
Азыр дагы өзүңсүң самаганым,
Өзгө жанды тамшанып карабадым...
Көрбөйүнчү мен дагы сезимиңдин,
Туман сымал бат эле тараганын.
камап кеттиң
Кереги не актануу, талаш кептин?
Кайгы менен гана сен жанаш депсиң...
Эч бир жанды кайталап сүйбөсүн деп,
Сезимимди кулпулап камап кеттиң...
Үмүт үзбөйм, бирок сен кайрылбадың,
Куса болдуң а балким кайгырбадың. ..
Ишеничим таштан да бекем беле?
Бир өзүңдөн, ишенбейм айрылганым. ..
Азыр дагы өзүңсүң самаганым,
Өзгө жанды тамшанып карабадым...
Көрбөйүнчү мен дагы сезимиңдин,
Туман сымал бат эле тараганын.
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#29 28 June 2015 - 19:28
Кечикпей келчи сен эми !
Кор болуп өмүр тепселбей,
Жадырап турсун көктөмдөй!
Көңүлдүн кушу ар дайым,
Турса деп тилейм бөксөрбөй!
Жолукчу мага тезирээк,
Күттүргөн жаздай кеч келбей!
Сезимге сүйүү себели,
Төбөдөн жамгыр сепкендей!
Сезимге сүйүү себели,
Кечикпей келчи сен эми!
Убакыт абдан тар тура,
Өмүрлөр аттиң ченелүү!
Убакыт чыны тар тура,
Убайым тартпа жанчыла!
Сен жакка учкан талпынып,
Ак сүйүүм менин каркыра!
Кор болуп өмүр тепселбей,
Жадырап турсун көктөмдөй!
Көңүлдүн кушу ар дайым,
Турса деп тилейм бөксөрбөй!
Жолукчу мага тезирээк,
Күттүргөн жаздай кеч келбей!
Сезимге сүйүү себели,
Төбөдөн жамгыр сепкендей!
Сезимге сүйүү себели,
Кечикпей келчи сен эми!
Убакыт абдан тар тура,
Өмүрлөр аттиң ченелүү!
Убакыт чыны тар тура,
Убайым тартпа жанчыла!
Сен жакка учкан талпынып,
Ак сүйүүм менин каркыра!
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#30 28 June 2015 - 19:29
Үмүтүмдү өчүрбө
Ай артынан жылдар дагы алмашты,
Жазда жамгыр, кышта жерди кар басты.
Убакыт да, даба болбойт дартыма,
Мени жалаң, кайгы-капа зар басты...
Экөөбүздү бөлдү чыны каргаша...
Жакшы болмок, тагдыр башка салбаса,
Аялзаттын периштеси болсо да,
Койбос элем сени ага алмаша...
Башым ийип суранамын өтүнө,
Өткөн ишке азап тартып өкүнбө.
Сүйүүбүздү өчүрсөң да жүрөктөн,
Жаным бирок үмүтүмдү өчүрбө!
Ай артынан жылдар дагы алмашты,
Жазда жамгыр, кышта жерди кар басты.
Убакыт да, даба болбойт дартыма,
Мени жалаң, кайгы-капа зар басты...
Экөөбүздү бөлдү чыны каргаша...
Жакшы болмок, тагдыр башка салбаса,
Аялзаттын периштеси болсо да,
Койбос элем сени ага алмаша...
Башым ийип суранамын өтүнө,
Өткөн ишке азап тартып өкүнбө.
Сүйүүбүздү өчүрсөң да жүрөктөн,
Жаным бирок үмүтүмдү өчүрбө!
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#31 28 June 2015 - 19:30
Сезимиңди койот элем
Калган жокмун кайгылардан күбүлүп,
Өтөт берет окшойт сенсиз тирилик...
Жоготуудан, өңүм бирок керсары,
Өзүм түгүл өзгөлөргө билинип ...
Азаптарга малынса да бүт денем,
Жүрөктөн бир үн чыккансыйт "күт"-деген. ..
Кайра кайтып келерине көз жетпей,
Жашап келем, жомок менен түш менен...
Мезгил балким, алаар мени дарылап...
Күндү - күндөр улам кууп жаңырат.
Тагдырымдын өкүмдары мен болсом,
Сезимиңди койот элем жаңылап ...
Калган жокмун кайгылардан күбүлүп,
Өтөт берет окшойт сенсиз тирилик...
Жоготуудан, өңүм бирок керсары,
Өзүм түгүл өзгөлөргө билинип ...
Азаптарга малынса да бүт денем,
Жүрөктөн бир үн чыккансыйт "күт"-деген. ..
Кайра кайтып келерине көз жетпей,
Жашап келем, жомок менен түш менен...
Мезгил балким, алаар мени дарылап...
Күндү - күндөр улам кууп жаңырат.
Тагдырымдын өкүмдары мен болсом,
Сезимиңди койот элем жаңылап ...
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#32 28 June 2015 - 19:32
Мен жазамды
азап менен өтөгөм
Жыл айланды. Жоготкондой кечээ мен,
Карааныңды издей берем көчөдөн.
Опол тоодой күнөө кылып койсом да,
Мен жазамды азап менен өтөгөм...
Бул сенсиңби? Окшош экен көздөрү...
Көңүл толкуп, жалгыз сени көксөдү!
Бөтөн тура... Бир кылчайып карабай,
Жүрөктү эзди кыйгап гана өткөнү...
Бул айымчы? Окшош экен басканы..
Биз жолуккан аялдама жактагы.
Жаңылыпмын ... Муңум батпай ичиме,
Азабыңдын күчөп кирди аптабы...
азап менен өтөгөм
Жыл айланды. Жоготкондой кечээ мен,
Карааныңды издей берем көчөдөн.
Опол тоодой күнөө кылып койсом да,
Мен жазамды азап менен өтөгөм...
Бул сенсиңби? Окшош экен көздөрү...
Көңүл толкуп, жалгыз сени көксөдү!
Бөтөн тура... Бир кылчайып карабай,
Жүрөктү эзди кыйгап гана өткөнү...
Бул айымчы? Окшош экен басканы..
Биз жолуккан аялдама жактагы.
Жаңылыпмын ... Муңум батпай ичиме,
Азабыңдын күчөп кирди аптабы...
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#33 28 June 2015 - 19:33
"Жармач"
доско
"Досмун" - дедиң телегей тегиз кезде,
Эч санаа жок, турмушум бейиш кезде…
Катыгүн ай, жооругуң жолдо калсын,
Мыйыгыңдан күлдүн го кейиш кезде!
Үзөңгүдөн буттарым тайып турса,
Санаа келип жакадан алып турса...
Баарынан да жаныма батып кетти,
Кер какшыгын жүрөккө сайып турса!
Турмуш бир аз сынаса сынмак белем,
Акыл калчап кээ бирде сыздап келем...
"Кадырымды билгин"- деп кем акылды,
Колум булгап тумшукка урмак белем...
Кемчонтойго кетирбейм баркымды көп,
Акылдан да, ал ойлойт алкымды көп...
Жоору кайдан түшүнмөк шумкар баркын,
Жоору деген чокуган тарпын билет...
"Досмун" - дедиң телегей тегиз кезде,
Эч санаа жок, турмушум бейиш кезде…
Катыгүн ай, жооругуң жолдо калсын,
Мыйыгыңдан күлдүн го кейиш кезде!
Үзөңгүдөн буттарым тайып турса,
Санаа келип жакадан алып турса...
Баарынан да жаныма батып кетти,
Кер какшыгын жүрөккө сайып турса!
Турмуш бир аз сынаса сынмак белем,
Акыл калчап кээ бирде сыздап келем...
"Кадырымды билгин"- деп кем акылды,
Колум булгап тумшукка урмак белем...
Кемчонтойго кетирбейм баркымды көп,
Акылдан да, ал ойлойт алкымды көп...
Жоору кайдан түшүнмөк шумкар баркын,
Жоору деген чокуган тарпын билет...
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#34 28 June 2015 - 19:35
Баткак жана кошунам...
Күн жаңыдан кызарып баткан эле,
Балам ойноп көчөдө жаткан эле.
Орозомун, ооз ачып алайын деп,
Шам намаздын убагы шашкан элем.
Аңгыча эле кошунам заарын чачып,
"Бери кел"- деп жулунуп каарын чачып.
"Ак ит кирип оозунан кара ит чыкты",
Жек көрүүдөн көзүнөн жалын чачып...
Таң калдым да жанына жетип бардым,
"Аркасынан жүр"- деди ээрчип бардым.
"Тыйбайсыңбы балаңды дарбазага,
Баткак шыбап салды"- деп зекип алды.
"Бала деген бала да кечириңиз,
Бул кылганы баланын чекилик иш"
-десем болбой, кайра эле атырылат,
"Чокту баскан мышыктай" секиришип...
Түшүндүрүп не кылам тактап сүйлөп,
Коргогум жок уулумду жактап сүйлөп.
Дарбаза эмес, кошунам сөзү менен,
Жүрөгүмө таштады баткак сүйкөп...
Эки чака суу менен дарбазасын,
Көз ирмемге жеткирбей тазаладым.
Кудай билет кошунам эми менин,
Жүрөгүмдү ушинтип тазалаарын. ..
Кандайсың? -дейсиң, тирүүмүн демек
жакшымын,
Таң тостум мен да, кеч кирди мына батты
күн…
Кырсыктап бирөө бул кечти көрбөй
калгандыр,
Ажалы, жетип далилдеп өлүм актыгын…
Кандайсың? -дейсиң -кудайга шүгүр дейинчи,
Баарысы жакшы, болгон жок иштер кейүүчү…
Башаты бешик, аягы бейит бул жалган,
Убакыт деген- өмүрдү гана кемитүү…
Кандайсың?-дейсиң кудай деп жүрөм кудай
деп,
Кетирген ката, күнөөмдү ойлоп убай жеп…
Рамазан айы, он эки айдын пашасы,
Ибадат кылсаң соопту берет бул - ай, көп.
Күн жаңыдан кызарып баткан эле,
Балам ойноп көчөдө жаткан эле.
Орозомун, ооз ачып алайын деп,
Шам намаздын убагы шашкан элем.
Аңгыча эле кошунам заарын чачып,
"Бери кел"- деп жулунуп каарын чачып.
"Ак ит кирип оозунан кара ит чыкты",
Жек көрүүдөн көзүнөн жалын чачып...
Таң калдым да жанына жетип бардым,
"Аркасынан жүр"- деди ээрчип бардым.
"Тыйбайсыңбы балаңды дарбазага,
Баткак шыбап салды"- деп зекип алды.
"Бала деген бала да кечириңиз,
Бул кылганы баланын чекилик иш"
-десем болбой, кайра эле атырылат,
"Чокту баскан мышыктай" секиришип...
Түшүндүрүп не кылам тактап сүйлөп,
Коргогум жок уулумду жактап сүйлөп.
Дарбаза эмес, кошунам сөзү менен,
Жүрөгүмө таштады баткак сүйкөп...
Эки чака суу менен дарбазасын,
Көз ирмемге жеткирбей тазаладым.
Кудай билет кошунам эми менин,
Жүрөгүмдү ушинтип тазалаарын. ..
Кандайсың? -дейсиң, тирүүмүн демек
жакшымын,
Таң тостум мен да, кеч кирди мына батты
күн…
Кырсыктап бирөө бул кечти көрбөй
калгандыр,
Ажалы, жетип далилдеп өлүм актыгын…
Кандайсың? -дейсиң -кудайга шүгүр дейинчи,
Баарысы жакшы, болгон жок иштер кейүүчү…
Башаты бешик, аягы бейит бул жалган,
Убакыт деген- өмүрдү гана кемитүү…
Кандайсың?-дейсиң кудай деп жүрөм кудай
деп,
Кетирген ката, күнөөмдү ойлоп убай жеп…
Рамазан айы, он эки айдын пашасы,
Ибадат кылсаң соопту берет бул - ай, көп.
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#35 28 June 2015 - 19:52
Бир чындык
Таңды тосуп, сездиңби күндүн нурун?
Демек буга ак дилден чындап сүйүн.
Бүгүн түндө адамдар көз жумушту,
Өлүм бизге чечилбес сырлуу түйүн...
Өткөн күнгө кайрылып бара албайбыз,
Аттиң! Кайра өмүргө жаралбайбыз!
Анда неге өткөнгө бармак тиштеп,
Жанды эзип, жүрөктү жаралайбыз?
Келечегин эч бир жан болжой албайт,
Тагдырын да түзөтүп оңдой албайт...
Ажал келсе кашыңа эгер чындап,
Арачалап сени эч ким коргой албайт!
Пендебиз да "өлгөндө көрөм" - деген,
"Көңүлүмдү ошондо бөлөм" - деген...
Аталышы "көр" экен барар жердин,
Көрдөн азап көрөсүң "көрөм" десең...
"Төр-өлдү" - деп сүйүнүп балабызды,
Тынчыткандай болобуз санаабызды. ..
"Төргө" чыгып андан соң көрдү көздөй,
"Өлдү" болуп чын эле барабыз да...
Туюп ушул өмүрдүн жалгандыгын,
Жашообузда болбосун арман бүгүн...
Капилеттен жаныңды ажал алса,
Ошол болот жашоодо арман күнүн!
Таңды тосуп, сездиңби күндүн нурун?
Демек буга ак дилден чындап сүйүн.
Бүгүн түндө адамдар көз жумушту,
Өлүм бизге чечилбес сырлуу түйүн...
Таңды тосуп, сездиңби күндүн нурун?
Демек буга ак дилден чындап сүйүн.
Бүгүн түндө адамдар көз жумушту,
Өлүм бизге чечилбес сырлуу түйүн...
Өткөн күнгө кайрылып бара албайбыз,
Аттиң! Кайра өмүргө жаралбайбыз!
Анда неге өткөнгө бармак тиштеп,
Жанды эзип, жүрөктү жаралайбыз?
Келечегин эч бир жан болжой албайт,
Тагдырын да түзөтүп оңдой албайт...
Ажал келсе кашыңа эгер чындап,
Арачалап сени эч ким коргой албайт!
Пендебиз да "өлгөндө көрөм" - деген,
"Көңүлүмдү ошондо бөлөм" - деген...
Аталышы "көр" экен барар жердин,
Көрдөн азап көрөсүң "көрөм" десең...
"Төр-өлдү" - деп сүйүнүп балабызды,
Тынчыткандай болобуз санаабызды. ..
"Төргө" чыгып андан соң көрдү көздөй,
"Өлдү" болуп чын эле барабыз да...
Туюп ушул өмүрдүн жалгандыгын,
Жашообузда болбосун арман бүгүн...
Капилеттен жаныңды ажал алса,
Ошол болот жашоодо арман күнүн!
Таңды тосуп, сездиңби күндүн нурун?
Демек буга ак дилден чындап сүйүн.
Бүгүн түндө адамдар көз жумушту,
Өлүм бизге чечилбес сырлуу түйүн...
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#36 28 June 2015 - 19:53
Курманалиева
Койсун Аблабековнага
Жалаа жапса ак жерден, кара өзгөйлөр,
Сыздап ооруйт билемин жүрөгүңүз.
Эл көрөгөч, эл калыс чындыгында,
Ак экенин билишет тилегиңиз!
“Эне экен”-деп сыйлабай «эр жигиттер»,
Далай жолу билемин «көр казганын»…
Чөөлөр деле асылып арстандарга,
Көрсөтүшөт экен го өз дарманын…
Далилдешет жан дүйнө жакырдыгын,
Сезбейт алар адамдын асылдыгын.
Аргымактын жабуусун жапсаң даны,
Качыр кылат баары бир качырдыгын!
Аксабасын, эч качан арышыңыз,
Билем колдо ар дайым намысыңыз!
Элдин жүгүн аркалап талыкпастан,
Заман менен тең чуркап жарышыңыз!
Койсун Аблабековнага
Жалаа жапса ак жерден, кара өзгөйлөр,
Сыздап ооруйт билемин жүрөгүңүз.
Эл көрөгөч, эл калыс чындыгында,
Ак экенин билишет тилегиңиз!
“Эне экен”-деп сыйлабай «эр жигиттер»,
Далай жолу билемин «көр казганын»…
Чөөлөр деле асылып арстандарга,
Көрсөтүшөт экен го өз дарманын…
Далилдешет жан дүйнө жакырдыгын,
Сезбейт алар адамдын асылдыгын.
Аргымактын жабуусун жапсаң даны,
Качыр кылат баары бир качырдыгын!
Аксабасын, эч качан арышыңыз,
Билем колдо ар дайым намысыңыз!
Элдин жүгүн аркалап талыкпастан,
Заман менен тең чуркап жарышыңыз!
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#37 28 June 2015 - 19:56
Чыңырып бул дүйнөгө
келген күнүм!
Тилегин ата-энемдин берген күнүм,
Таңыркап бул жалганды көргөн күнүм.
Сыр болуп өмүрдөгү басар жолум...
Чыңырып бул дүйнөгө келген күнүм!
Чыйырын келечектин салган күнүм,
Белесин отуз үчтүн аштым бүгүн.
Арманым жетишерлик болгонсуду. ..
Жакшылыкка, толсо экен калган күнүм!
Тагдырым! Көрүп турсун дарманымды,
Суранам сунба болду арманыңды!
Жүрөгүм мынча жүктү көтөрө албайт,
Оо сүйүү! Сен да салба салмагыңды!
Жараткан жаштан берсе жакшылыгын,
Тилегим бар тайманбай басчу кылым...
Бешенеме акындык жазган болсоң,
Жазылбай калбаса экен жакшы ырым...
Артта калып өмүрдүн тайгак жолу.
Болбосо экен алдыда жайдак болуу...
Жан дүйнөмдөн таптакыр жок болсо экен,
Санаалардын саргайган сары тору!
Жүрөгүмдүн айыгып жаралары,
Сезсем экен сүйүүнүн тараганын...
Куса болуп көзүмө жаш айланбай,
Кубанычтан акса экен жана дагы!
Тилегин ата-энемдин берген күнүм,
Таңыркап бул жалганды көргөн күнүм.
Сыр болуп өмүрдөгү басар жолум...
Чыңырып- бул дүйнөгө келген күнүм!
Карапайым элимди санаа басып,
Тартып жатат ар ким өз арабасын...
Тестиерди көргөндө ач жылаңач,
Жүрөк кантип буюгуп канабасын!
Кайырчылар көбөйүп борборунда,
Сан жетпеген, сойкулар жол боюнда.
Шапар тебет, "мырзалар" алар менен,
Кыйын жумуш кылгансып ойлорунда!
Эки ажобуз "куйругун түйүп кетти",
Көкүрөккө көп санаа үйүп кетти...
Кыздарыбыз улутка угут болбой,
Өңү буруу жандарга тийип кетти!
Дагы көптөр санаага түшүп кетти,
Тагдырына таарынып ичип кетти.
Адамдыгын жоготуп, бир топтору,
Бөтөлкөнүн түбүнө түшүп кетти...
Алыстарга жөнөшүп алы барлар,
Үй кайтарып калышты кемпир, чалдар.
Көпчүлүгү көр болуп жүрөт дешет,
Байып эле кетпесе багы барлар...
Жакшыларың жутунуп жалаңдашып,
Ач карышкырдай тилдерин жалаңдатып.
Кыргызстанды туш туштан талап жатат,
Мекен өзү жүргөндө араң басып!
Эл багарлар! Пейилди оңдогула!
Болсун элиң көңүлдүн чордонунда,
Алакандай кыргызды эки бөлүп.
Көзүбүздү кашайтып койбогула!
келген күнүм!
Тилегин ата-энемдин берген күнүм,
Таңыркап бул жалганды көргөн күнүм.
Сыр болуп өмүрдөгү басар жолум...
Чыңырып бул дүйнөгө келген күнүм!
Чыйырын келечектин салган күнүм,
Белесин отуз үчтүн аштым бүгүн.
Арманым жетишерлик болгонсуду. ..
Жакшылыкка, толсо экен калган күнүм!
Тагдырым! Көрүп турсун дарманымды,
Суранам сунба болду арманыңды!
Жүрөгүм мынча жүктү көтөрө албайт,
Оо сүйүү! Сен да салба салмагыңды!
Жараткан жаштан берсе жакшылыгын,
Тилегим бар тайманбай басчу кылым...
Бешенеме акындык жазган болсоң,
Жазылбай калбаса экен жакшы ырым...
Артта калып өмүрдүн тайгак жолу.
Болбосо экен алдыда жайдак болуу...
Жан дүйнөмдөн таптакыр жок болсо экен,
Санаалардын саргайган сары тору!
Жүрөгүмдүн айыгып жаралары,
Сезсем экен сүйүүнүн тараганын...
Куса болуп көзүмө жаш айланбай,
Кубанычтан акса экен жана дагы!
Тилегин ата-энемдин берген күнүм,
Таңыркап бул жалганды көргөн күнүм.
Сыр болуп өмүрдөгү басар жолум...
Чыңырып- бул дүйнөгө келген күнүм!
Карапайым элимди санаа басып,
Тартып жатат ар ким өз арабасын...
Тестиерди көргөндө ач жылаңач,
Жүрөк кантип буюгуп канабасын!
Кайырчылар көбөйүп борборунда,
Сан жетпеген, сойкулар жол боюнда.
Шапар тебет, "мырзалар" алар менен,
Кыйын жумуш кылгансып ойлорунда!
Эки ажобуз "куйругун түйүп кетти",
Көкүрөккө көп санаа үйүп кетти...
Кыздарыбыз улутка угут болбой,
Өңү буруу жандарга тийип кетти!
Дагы көптөр санаага түшүп кетти,
Тагдырына таарынып ичип кетти.
Адамдыгын жоготуп, бир топтору,
Бөтөлкөнүн түбүнө түшүп кетти...
Алыстарга жөнөшүп алы барлар,
Үй кайтарып калышты кемпир, чалдар.
Көпчүлүгү көр болуп жүрөт дешет,
Байып эле кетпесе багы барлар...
Жакшыларың жутунуп жалаңдашып,
Ач карышкырдай тилдерин жалаңдатып.
Кыргызстанды туш туштан талап жатат,
Мекен өзү жүргөндө араң басып!
Эл багарлар! Пейилди оңдогула!
Болсун элиң көңүлдүн чордонунда,
Алакандай кыргызды эки бөлүп.
Көзүбүздү кашайтып койбогула!
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#38 28 June 2015 - 19:57
Бирөөгө...
Адам неге ушунчалык өзгөрмө?
Ишене албайм, көзүм кээде көргөнгө.
Ич жагында "ити өлүп" жатса да,
Сырт келбети, өзүнчө эле "көргөзмө" !
Бийлиги бар жанды көрсө жүгүрөт,
Чайын куюп, келин болуп жүгүнөт.
Иши түшсө карайлаган бирөөнүн,
Кагып силкип, кабактары түйүлөт.
Шумкарды да жандап учат каргалар,
Адамдар бар, миң кубулуп жан багаар...
Заман өзү өзгөрүлүп жатканда,
Чамаң кайсыл мындайларга таң калаар!
Адам неге ушунчалык өзгөрмө?
Ишене албайм, көзүм кээде көргөнгө.
Ич жагында "ити өлүп" жатса да,
Сырт келбети, өзүнчө эле "көргөзмө" !
Бийлиги бар жанды көрсө жүгүрөт,
Чайын куюп, келин болуп жүгүнөт.
Иши түшсө карайлаган бирөөнүн,
Кагып силкип, кабактары түйүлөт.
Шумкарды да жандап учат каргалар,
Адамдар бар, миң кубулуп жан багаар...
Заман өзү өзгөрүлүп жатканда,
Чамаң кайсыл мындайларга таң калаар!
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#39 28 June 2015 - 19:59
Ошончо ирет
жаратканга жакынсын...
Жаман, жакшы ак карасы аралаш,
Бири душман, дагы бири санаалаш...
Ошондуктан кандай тагдыр күтсөң да,
Жүрөгүңө жүк кылганың жарабас...
Бирөөдөн бай, айрымдардан жакырсың,
Теңир кантип? Бүт баарынан ашырсын...
Бул турмуштан сен канчалык кыйналсаң,
Ошончо ирет жаратканга жакынсын...
Өмүрүңдүн ичээр суусу бүтмөйүн,
Уланмакчы, жакшылыкты күтмөйүн...
Адамдарга мээрим чача албасаң,
Алардан да эч жакшылык күтпөгүн!
жаратканга жакынсын...
Жаман, жакшы ак карасы аралаш,
Бири душман, дагы бири санаалаш...
Ошондуктан кандай тагдыр күтсөң да,
Жүрөгүңө жүк кылганың жарабас...
Бирөөдөн бай, айрымдардан жакырсың,
Теңир кантип? Бүт баарынан ашырсын...
Бул турмуштан сен канчалык кыйналсаң,
Ошончо ирет жаратканга жакынсын...
Өмүрүңдүн ичээр суусу бүтмөйүн,
Уланмакчы, жакшылыкты күтмөйүн...
Адамдарга мээрим чача албасаң,
Алардан да эч жакшылык күтпөгүн!
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#40 28 June 2015 - 20:00
Эл багарлар
тайраңдашат кечеде...
Турмуш жакшы, тойкананы той басып,
Темир тулпар батпай кетти көчөгө.
Анда неге адамдарды ой басып,
Кабак түйүп баратышат көчөдө?..
Хан-сарайлар кабат-кабат салынып,
Эл багарлар тайраңдашат кечеде...
"Эстерине жара чыгып калдыбы"? !
Эр жигиттер атылды эле кече эле...
Жоору сымал өлгөн тарпты чокулап,
Эл жонунан кайыш тилип отурат...
Тойосуңар силер билем бир гана,
Көзүңөргө кирген кезде топурак ...
тайраңдашат кечеде...
Турмуш жакшы, тойкананы той басып,
Темир тулпар батпай кетти көчөгө.
Анда неге адамдарды ой басып,
Кабак түйүп баратышат көчөдө?..
Хан-сарайлар кабат-кабат салынып,
Эл багарлар тайраңдашат кечеде...
"Эстерине жара чыгып калдыбы"? !
Эр жигиттер атылды эле кече эле...
Жоору сымал өлгөн тарпты чокулап,
Эл жонунан кайыш тилип отурат...
Тойосуңар силер билем бир гана,
Көзүңөргө кирген кезде топурак ...
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!

Супер-Инфо
super.kg
видео









