ылайык даярдалат.9.
ЧП Исмаилов А. "Арууке"
таттуулары10.
"Торты от Зины" кондитер азыктары11. "Шайтуу"
кондитер азыктарыКесмелер жана чийки камырлар1. "АЛЬКОНИ"
тез даярдалуучу кесмелери2. "МАКСИ СЕЙЛЗ" чийки бойдон тоңдурулган камырлары3. "ЭЛСҮЙӨР"
кесмелериЧүчпаралар 1. "ПЕЛЬМЕНИ ДОМАШНИЕ"
чүчпарасы, "Бейиш ажары" ишканасы2. "MASTER FROST" чүчпарасы3. "Наш Бишкек" чүчпарасы4. "Шин - Лайн" компаниясынын "Дасторкон"
чүчпарасыСуусундуктар1.
ОсОО "Салкын"
ичимдиктери2.
ОсОО "ЧЭС", "Ресурс"
ширелериЭт азыктары1. "АК - КУУ" тоок фабрикасынын тооктору2. "НУР - ХАЛАЛ" тоок фабрикасынын тооктору3. ЧП СУЛТАНОВ Р.К. "Кара - Кулжа" тушенкасы4. "Special" эт дүкөнү (Совет-Москва көчөлөрү)5. "Салам"
эт дүкөнү (Орто-Сай базары)6. "Сабина"
эт дүкөнү (Аламүдүн базары)7. "Сюита"
эт дүкөнү (Гоголь-Киев көчөлөрү)8. "Камила"
эт дүкөнү (Гоголь-Киев көчөлөрүУн комбинаттары 1. "ЭЛНУР - ДАН" ун комбинатынын азыктары2. "ДАН - ЮГ" ун комбинатынын азыктарыСэндвичтер 1. "ТОЙБОСС"
сэндвичи2. "ГАФУР ГАФУРРИЧ"
нан азыктары жана сэндвичи3. "KAV & KEV" сэндвичи4. ОсОО САРЫБАЕВА. "Актан"
нан азыктары жана сэндвичи5. "Даамдан"
сэндвич, гамбургерлериКолбасалар1.
"KAV & KEV" колбасалары 2. "АБРОЙ"
колбасалары3.
"ООМАТ - НУР" колбасалары4.
"ДОСТОР"
колбасалары5.
"САЛИХ"
колбасалары 6. "ТОЙБОСС"
колбасалары7.
"АИСТ - ОШ" колбасалары 8. "ХОДЖА"
колбасалары9.
"АЛА-ТОО"
колбасалары10.
"Al - Halal" колбасалары11.
"ИНСАФ"
, "ХАЯТ" колбасаларыСүт азыктары1. "KAV & KEV" сырлары2. "KAV & KEV" быштагы3. "KAV & KEV" каймагы (сметана) 4. ЗАО "УРСУС"
сырлары, каймак, майлары5. ЧП Жайчыбек Мааткеримов "Сүташ"
сырлары6. ЗАО "Эльвест"
сүт азыктары7. ОсОО "Элетсүт"
сүт азыктарыБалмуздактар1.
"ШИН - ЛАЙН" балмуздактарыМайонездер1.
"KAV & KEV" майонездери2.
ОсОО "СОКОЕВ"
майонездериЧай 1.Чай "Айхан"
Пaйдaлуу кеңештер Ден соолук, туура тамактануу жана башкалар
#301 28 June 2015 - 10:35
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#302 28 June 2015 - 10:40
Суусундуктардын ден соолукка тийгизген терс таасириАптаптуу ысык башталганы баарыбыздын колубуздан газдалган суусундуктар менен бирге жергебизде өндүрүлүп жаткан газдалган, минералдык суулар жана муздак чайлар түшпөй калат. Ал суусундуктарда кандай зыяндуу заттар бар экенин эч кимибиз билбейбиз жана маани да бербейбиз. Ден соолуктун саламаттыгы үчүн ал суусундуктар кандай зыяндуу заттар менен жасала тургандыгын жана алардын ордун алмаштыруучу пайдалуу азыктар тууралуу макалага кезек беребиз. Газдалган суусундуктарды эмнеден жасашат?Албетте,
бардык суусундуктардын курамы суудан турат. Жөнөкөй суу менен чаңкоону эң сонун басууга болот. Бирок өндүрүүчүлөр үчүн бул пайда алып келбегендиктен,
алар сууга ар кандай кошулмаларды,
консерванттарды жана табигый жыт бергичтерди кошуп, анын курамын өзгөртүп келишет. Сиз кандай гана суусундук албаңыз анын курамына маани бересизби? Албетте, жок! Андыктан алгач газдалган суусундуктардын курамындагы кошулмалардын организмге тийгизүүчү таасирине токтололу. Шекер Шекерди газдалган жана табигый суусундуктарга таттуу болушу үчүн кошору бышык. Шекер - жеңил сиңүүчү углевод. Кыскача мисал келтирсек, 1 стакан сууга 5 чай кашык шекер кошулат. Аптаптуу ысыкта биз суусундукту стакандап эмес бөтөлкөлөп ичебиз. Натыйжада, кант диабетине жана семирүүгө дуушар болобуз. Мындан тышкары тишке курт түшөт, унутчаактыкты жана жүрөк-кан тамыр ооруларын пайда кылат. Учурда көпчүлүк өндүрүүчүлөр шекер кымбат тургандыктан аны аспартамга (Е-951) алмаштырып келишет. Аспартам акырындык менен көздүн көрүүсүн начарлатып,
аллергия оорусун күчөтөт.КонсервантКонсерванттар суусундуктардын көпкө сакталуусуна жардам берет. Консервант катары лимон кислотасын (Е-330) колдонушат.
Лимон кислотасы эмалды эритип, тиште кариестин пайда болушуна өбөлгө түзүп берет. Мындан тышкары ортофосфор кычкылын (Е-338) да колдонушат.
Аталган кислота организмден кальций кычкылын айдап чыгат. Натыйжада, сөөк ткандары бошоп, алсызданып,
морт болуп "остеопороз"
оорусуна чалдыгышат.
Остеопороз оорусунун арты менен адам инвалидге айланышы мүмкүн. Андыктан газдалган таттуу суусундуктарды балдарга бербөөгө аракет кылуу керек. Себеби алардын сөөктөрү али толук калыптанып бүтө элек. Жыт бергичтер Газдалган суусундуктарга суунун жытын, даамын күчөтүү жана сатып алуучуларды өзүнө тартуу үчүн жыт бергичтер да кошулат. Бардык газдалган таттуу суусундуктардын курамында табигый жыт бергичтер жана экстракттар бар.КофеинКофеинди бардык энергетикалык суусундуктардын жана Кока-Кола, Пепси-Коланын курамынан да кезиктирүүгө болот. Курамында кофеин бар суусундукту көп ичкенде баш оору пайда болуп, нерв клеткалары жабыр тартат. Көмүр кычкыл газыКөмүр кычкылы жок суу газдалган суу деп эсептелбейт.
Негизи көмүр кычкыл газы бар суусундуктар ашказанында жарасы барларга, гастрит жана энтерит оорусу менен ооругандарга сунушталбайт.
Көмүр кычкылы ашказандын былжыр челин дүүлүктүрүп,
ооруну күчөтөт. Мындан тышкары газдалган суусундуктун курамындагы фосфат адамдын тез картаюусуна алып келет. Эң коркунучтуусу,
газдалган суусундуктар оорулардын онкологиялык ооруга айланышына түрткү болот. Газдалган суусундуктарды кош бойлуулар, ичегиси ооругандар жана 3 жашка чейинки балдар ичүүгө таптакыр болбойт.Муздак чайлар эмнеден жасалат? Салкындаткыч суусундуктарды сүйүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү газдалган сууга караганда бөтөлкөдөгү муздак чайлар пайдалуу деп ойлошот. Сиз да муздак чайды пайдалуу деп ойлосоңуз, анда жаңылышасыз.
Бөтөлкөдөгү муздак чайды изилдеген америкалык окумуштуулар чайды "ден соолукка зыяндуу" деп табышты. Бөтөлкөдөгү муздак чайдын курамындагы оксалат концентрациясы менен лимон кычкылы бөйрөккө кумдуу таштарды пайда кылат. Эгер сиз муздак чайдын курамынан чай экстрактын тапсаңыз, анда ал чай төмөндөгүдөй рецепт менен жасалат. Алгач чайды аябай бууландырып демдеп алган соң ага чайга керектүү кошулмаларды кошуп, чайды табигый жол менен жасайт. Сиз ичип жаткан муздак чайдын курамында чай экстракты жок болсо, анда ча
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#303 28 June 2015 - 10:43
чай төмөндөгүдөй рецепт менен жасалат. Алгач чайды аябай бууландырып демдеп алган соң ага чайга керектүү кошулмаларды кошуп, чайды табигый жол менен жасайт. Сиз ичип жаткан муздак чайдын курамында чай экстракты жок болсо, анда чайды кадимки эле крандагы сууга химикаттарды кошуп, жасалма жол менен жасалары айрым маалымат булактарында айтылып жүрөт. Жакында эле окумуштуулар муздак көк чайдын 26 түрүн изилдеп чыгышкан. Натыйжада, муздак чайдын организмге тийгизген пайдасынан да терс таасири басымдуулук кыларын айтып жыйынтык чыгарышкан.
Чаңкоону баса турган суусундуктарды үй шартында жасаңызМуздак чайОкумуштуулар суу кайнап баштаганда эле анын ичиндеги микробдор өлөт, ал эми керектүү заттар калып калат деп баса белгилешет.
Андыктын чаңкоону басуу үчүн кайнатылган суу ичиңиз. Ысык чайдан чаңкооңуз канбай жатса, анда кадимкидей эле демделген чайга 3-4 чарчы музду салып ичсеңиз чаңкооңуз бир заматта басылат. Чайдын курамында кофеин бар десеңиз чайдын ордуна ромашканы колдонсоңуз болот. КомпотЖемиштердин кургатылган кактарынан компот жасап, аны муздаткычка салып коюп ичсеңиз да болот. Ал үчүн 5 литр сууга жемиштердин кактарынан 100 грамм салып кайнатып, компот даяр болгондо тыныктырып муздатасыз.
Колдон келсе шекер кошпой койгонуңуз жакшы. Муздатылган компотту бөтөлкөлөргө куюп алып чай ордуна ичип жүрө берсеңиз болот. ШирелерГаздалган суусундуктардын ордуна дүкөндөгү ширелерди эмес, үй шартында өзүңүз жасаган ширелерди ичиңиз. Анын пайдалуулугун арттырып биринчи күнү жер-жемиштин,
экинчи күнү мөмө-жемиштин ширесинен ичиңиз. Жаңы сыгылып алынган шире менен сиз чаңкооңузду кандырып гана койбостон организмиңизге керектүү витаминдерди да топтойсуз. Улуттук суусундуктарЖармаЖарма - талкандан жасалган суусундук. Талкан - арпа, буудай же жүгөрүдөн куурулуп, жаргылчакка же тегирменге кесек тарттырылган акшак.Керектелүүчү азыктар: 10 литр суу, 200 грамм талкан, татымына жараша туз.Даярдоо:
Суу кайнаган маалда үзгүлтүксүз чубуртуп бөлтөк болбогондой кылып талканды чаласыз. 25-30 мүнөт жай отто бир калыпта кайнатып, андан соң отту өчүрүп табы кайткыча коюп коёсуз. Жылымык болгон кезинде табитиңизге жараша сүзмө же айран катыктап иче берсеңиз болот. МаксымМаксым талкандан жасалат. Ал ачытылган жарма суусундугу.
Ал кайсы дандан жасалышына жараша арпа, буудай, жүгөрү максымы деген түрлөргө бөлүнөт.Керектелүүчү азыктар: 10 литр суу, 200 грамм талкан, 2 чоң кашык ун, тоң май, татымына жараша туз.Даярдоо:
Алгач тоң майга бир чоң кашык унду кууруп алабыз да, үстүнө сууну куябыз. Суу кайнаганда талканды бөлтөктөрүн кетире чалабыз. Бир калыптагы отто бир саат кайнатып бышырабыз. Жарма сууган соң ачыткысын куюп, бир чоң кашык ун чалабыз, туз татытабыз. Бул жарманын жакшы көбүрүшү үчүн. Жарым күн турган соң жарма ачып чыгат да, суусун кандыруучу эң сонун каражат даяр болот.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#304 28 June 2015 - 10:48
Жаткан төө.Бул тамактын аталышы анын бышып жаткан учурдагы көрүнүшүнөн чыккан. Казандагы үстү камыр менен жабылган картошкалар төөнүн өркөчүн элестетет.Jatkan_tooКеректелүүчү азыктар:Картошка – 1 килограммЭт – 300-600 граммЖуурулган камыр – 1 чоң (же 2 кичине) жайымПияз – 1-2 даана (орточо өлчөмдөгү)Болгар калемпири – 1-2 даанаСабиз – 1 даанаСары май – 200 граммӨсүмдүк майы – 200 граммДаамына жараша туз, калемпирДаярдоо ыкмасы:1. Картошканы аарчып, чоң-чоң туурап алуу керек.2. Кызытылган казанга тууралган этти салып, кызарта кууруйбуз.3.
Куурулган эттин үстүнө пияз, болгар калемпири, сабиз салынат. Бир аз суу куюп, жумшарып бышканча демдөө керек.4. Бул учурда камырды жука жайып, бетине сары май сүйкөп, ороп алыңыз.5. Эт бышканда анын үстүнө картошка тегиз салынат.6. Картошканын үстүнө көмөр-көмбөс суу куюп, кайнаганча күтө туруңуз.7. Камыр оролгон бойдон экиге же үчкө бөлүнүп кесилет (кээ бирөөлөр 3-4 сантиметрден кылып кесишет).8. Казандагы суу кайнап чыгары менен камырды картошканын үстүнө салыңыз.9. Орточо отто 10-15 мүнөт дымдап кармоо керек.10. Тамак бышкандан кийин ширеси камырга сиңиш үчүн жакшылап аралаштырып,
анан табакка салууга болот.Эскертүү:
Эт кошпой деле картошка жана башка жашылча-жемиштер менен жасоого мүмкүн.Камырына пиязды же капустаны кууруп оросоңуз андан да даамдуу болот.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#305 28 June 2015 - 10:50
Улуттук тамак-аш унутта калбасын.Улуттук тамак-аш унутта калбасын.Кыргыздын улуттук тамак ашынын бир бөлүгүн сүт азыктары түзөөрү баарыбызга маалым. Сүт азыктарынан жуурат, айран, быштак, сүзмө, бээнин сүтү ачытылып кымыз жасалат. Ошондой эле буга төөнүн, топоздун сүтү да колдонулуп келет. Кыргыздардын салттуу ашканасында сүт азыктары катыкталган көптөгөн ар түрдүү тамак аштар болгон. Илгери кыргыздар үйүнө конок келгенде шорпого кымыз, айран кошуп, «аксерке», «чыгыр» жасашкан.Алардын дагы бир сүйүп ичкен тамагы таруудан, буудайдан, жүгөрүдөн жасалган бозо болгон. Эми элибиз анын баарын унутта калтырып сары чайды шимигенге өтүштү. Көчмөн кыргыздар мал багышкандыктан алардын тамакаш рационунда эт жана сүт азыктары көбүрөөк орун алган. Өзгөчө койдун жана жылкынын этин баалашкан. Эл көп чогулган аш-тойлордо негизинен жылкынын эти колдонулат.
Нан азыктарына кайрыла турган болсок «токоч» же нан төмөнкүдөй түрлөрдөн турат.Жакшы ачытылган камырдан көмөч нан, сүт-май кошулса, жука катталып каттама, нык камырдан «чабаты»ж.б.
жа сашкан. Ал эми Кыргызстандын түш тү гүн дө нанды тандырга жабуу кеңи ри таралган.Кыргыздарда тамак-аштарды даярдоодо бир кыйла үрп-адаттар да кездешет. Алардын бири казанга эт салаарда эң биринчи сууга «каржиликти»,
андан кийин калгандарын салышат. Шорпону канчалык көп сапырса ошончолук таттуу болот дешет. Ар бир мейманга анын коомдогу даражасына,
туугандык абалына жараша табак тартылат. Аялдарга эч убакта койдун башы тартылбайт.
Конокторду тейлегендерге же үй ээсинин баласына «устукан» берүү, ошондой эле табактын түбүнө тейлеген кыз-келиндерге бир аз табак түп калтыруу салты илгеритеден бери келатат. Эгерде бул эрежени меймандар сактабаса, эл кеп кылып, коомдо кадыр-баркын жоготкон менен барабар.Кыштын күнү жарма, көжө, бозо ичип, шорпого күлчөтай салып жешкен. Кесмени билишкен эмес, этти жалаң жеген учурда чай ичпестен шорпого суу аралаштырып,
«кара дөң» кылып ичишкен. Эгер суук тийип сыркоолоп калышса сууга курут эзип кайнатып, сары май салып сапырып ичип тердеген. Кышында сорпого, жайында сүткө боорсок кылышкан, анын калыңдыгы бир эли болуп, камырдан күлчө кылып жеген. Муну «кекиртек» деп аташкан.Калыңдыгы бир эли болгон боорсокту сүткө бышырып «үзмө» деп аташкан. Жайдын күнү малдын сүтүнөн башкасына анча маани беришкен эмес. Сүттөн бүткүл дээрлик тамагын жазашкан. Дан жок болгон учурда ышкындын башындагы уругун сүткө салып ичишкен. Уйдун, эчкинин көбүнчөсү койдун сүтүнөн жуу рат, сүзмө, курут, эжигей быштак нече түрдүү тамак жасашкан.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#306 28 June 2015 - 10:51
Банандын пайдасыБананды маймылдан кийин эле эң биринчи жолу байыркы египеттиктер даамын татып көрүшүптүр.
Бүгүнкү күндө ар бирибиз эле бананды жакшы көрүп жегенибиз менен баарыбыз эле анын пайдасы тууралуу биле бербейбиз. Банандын курамы С, В витаминдерге бай жана сасык тумоодон сактап, чарчаганды көп сездирбейт.
Бир күндө эки банан жеген адам организмин калий менен камсыз кылып, бир күндүк энергияны топтой алат экен. Норвегиянын окумуштуулары бананды күнүгө жеген адам кан басымы калыбына келип, ага эч кандай дарынын кереги тийбесин далилдешкен.
Андан сырткары, бөйрөк, боору ооругандарга банандын жардамы чоң. Медиктер бул жемишти көбүнчө жаш балдарга, улгайган адамдарга көбүрөөк колдонууну сунушташат.
Спорт менен машыккан адамдар короткон энергиясын эки банан жеп калыбына келтирсе болот.Банан курамына көптөгөн углеводдорду (сахароза, фруктоза, глюкоза) камтыгандыктан,
адам ачка болгондо жесе, абдан тоюмдуу келет. Банан организмдеги углеводдорду калыбына келтирип, жеңил азык катары колдонулат.
100 граммда 90 килокалория камтылган, бирок, майы жок. Андыктан арыктоону самагандар күнүмдүк азыктануусуна аны кошуп коюшса болот. Албетте, башка таттуу азыктарды чектөө менен гана. Анын үстүнө банан тамак сиңирүү үчүн он эки эли ичегинин иштешин жакшыртып шекер менен майдын сиңишин камсыз кылат. Бананда темир камтылгандыктан аны менен азыктанууда кандагы гемоглобинди көтөрөт. Андан тышкары өз курамына калийди камтыгандыгы боюнча биринчиликте турат. Калий жүрөккө, мээге, сөөк муундарга жана боорго абдан пайдалуу. Банан жеп өз организмибизди 400 миллиграмм калий менен камсыздай алабыз. Бул болсо кан басымынын жогорулашынын,
иштөө тартибинин бузулушун, организмдеги туздуу суунун алмашуусун,
ашыкча зыяндуу заттарды сыртка чыгарууну нукка салат да, бөйрөк ооруларында колдонулуп,
мээни кислород менен азыктандырат.
Баса, банан көбүнчө аялзатына этек кир келгенде пайдалуу. Ошондой эле биринчи жолу эне мээримине ээ болуп, бала эмизип жаткан энелерге күч-кубат керек болгондо, операция болгондон кийин алсыздыкты жеңүүдө таасири чоң. Ошол эле учурда бул жемиш аялзатынын дене-мүчөсүн бир калыпта кармап, ашыкча салмактуулуктан сактайт. Бирок, бир бананда 90 килокалория бар экенин унутпаңыз. Аны көпчүлүк учурда салмак алууда колдонушат.
Аны сүт менен кошо колдонууда кылдат болууңуз зарыл. Ошондой эле ачытылган капуста менен кошо пайдаланганда,
ички ичеги кислоталардын жогорулап кетишинде жегенге тыюу салынат. Бирок, ошентсе да жер жемиштерге кошуп, салаттарды жасап жесе абдан таттуу жана пайдалуу болот. Эгер сиз кант диабети менен ооруп жүрсөңүз аны жегенге болбойт. Анткени, банандагы кара тактар андагы канттын көптүгүнөн кабар берет.Баса банан бул мырзалар биринчи кезекте көңүл бура турган азык. Анткени, ал мырзаларга энергияны берет. 30 мүнөттөн кийин канда жетишээрлик глюкоза пайда болуп, активдүү боло түшүшөт. Ал потенцияны көтөрүүдө чоң роль ойногон азыктардын катарына кирет. Ал калийдин булагы болуп эсептелип, жүрөккө, мээге, сөөк-муундарга,
тишке, эң негизгиси булчуңдарга берген таасири чоң. Көп эркектер энергияны топтош үчүн жатаарда бананды көп жеп алышат.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#307 28 June 2015 - 11:23
Жер жемиштер жаштыкты узартып, оорудан арылтат, оорубайм десеңиз...Адам баласы ден соолугум чың болсун десе, аны алдын алуу керек. Дары дармек ичпей эле ар кандай пайдалуу витаминдерди пайдалануу оң. Сабизди көп жесең рак оорусунан сактатанасыңЕвропа окумуштуулары тарабынан эгер адам күнүгө 1-3 баш сабиз жеп турса рак оорусуна кабылуудан сактанууга мүмкүнчүлүк бар. Көрсө, сабиздин курамында рак оорусун пайда кылуучу шишикке каршы күрөшүүчү фалькаринол деген элемент бар экен. Сабиздин дагы бир пайдасы ал стресске баткан адамдын нервин тынчтандырууга көмөгү чоң. Сабизди чийки жеген адамдын териси да тазарып турат. Аны сууга кайнатып эзип жесе жүрөк оорусунун басаңдашына пайдалуу. Бала эмизген аялдардын эмчегине да сүттү азыктуу, майлуу жана витаминдүү кылат. Карылыкты алдын алып, беттеги бырыштарды азайтат. Кичинекей балада көп кездешчү аллергия ооруларына да каршы пайдалуу.Андыктан ден соолукту алдын алам десеңиз күн сайын сабиз чайнаңыз.Алма жесең тамеки таштайсыңКүнүнө орточо келген 20 алма жеп, аны 2-3- күн кайталаса тамекини оңой таштоого болот экен. Анткени тамеки чеккенден кийин ичегилерде сиңирилип калган никотинди алмадагы органикалык кислоталар жок кылат. Бирок, ошол эле убакта эч кандай тамак-аш жебеш керек. Адатка айланган мындай зыяндуу көрүнүштөн арылуу темирдей эркти талап кылат.Помидор менен алма өпкөнү тазалайтДиотологдордун айтымында адам баласы күнүгө алма менен помидор жеп турса астма жана өнөкөт бронхит оорусунан арылат. Бул боюнча окумуштуулар үч миң адамга эксперимент жасаган. Эксперимент аяктагандан кийин өпкөсүн текшерип, жөтөлдүн басылганына,
өпкөдөгү кырылдаган үндүн азайышына күбө болушкан. Мындай эффекттин негизги себеби алма менен помидордо антиоксидант кверцитиндин көп болушунан кабар берет. Бул зат өпкөнү тамекинин түтүнүнөн жана ден соолукка зыян кыла турган булганган абадан сактоодо чоң роль ойнойт.Жумуртканын кабыгы да пайдалууОрганизмди кальций менен толуктап, сөөктү бекемдегиңиз келеби. Анүчүн бышкан жумуртканын кабыгын таштабастан аны кофе майдалагычка салып ун болгуча майдалап, тамака ¼ чай кашык кошуп, күнүнө 2-3 жолудан колдонуш керек.Ден соолук үчүн пайдалуу кеңештер:* Минералдык заттар нерв системасынын жана булчуң эттеринин иштешине, ошондой эле тиш, сөөктөрдүн өсүшүнө жана ашыкча салмактан арылууга көмөктөшөт.
* Стресстен арылуу үчүн магний көмөктөшөт.
Ал нерв системасындагы стресс гормондорунун өөрчүшүн токтотот. Магний көбүнчө бананда, фасолдо болот.* Чет элдик изилдөөчүлөр кальцийди көп пайдаланган адам тез арыктарын аныкташкан.
Ал эми кальций сүттө, сырда, быштакта, йогуртта көп болот.* Окумуштуулар дайыма стресс абалында жүргөндөр карыбайт деген бүтүмгө келишкен. Изилдөөлөр киши "туура"
стрессте жүргөндө өзүн бекем кармап, организмде жашаруу процесси жүрөрүн көрсөттү. Туура стресске кабылуу бул мисалы, жумушка шашуу, ишти бүтүрө албай калуу коркунучу сыяктуу абал экен.* Цинк иммунитет системасына өтө зарыл. Андан тышкары организмдеги зат алмашуу процессине чоң таасир берет.Бул минералдык зат - сулуда, уй этинде, жумуртканын сарысында көп кездешет.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#308 28 June 2015 - 11:39
Шерс материалдагы дакты кантип кетирет, суранам срочна керек болуп жатат, айта кеткилечи. Футболкага дак тийип калды эле.
Админ же аким эгер тура эмес жактан кенеш сурап алган болсом, эч кандай эскертуу бербей эле койгулачы жон гана оозеки берсенер жакшы болот эле , болбосо туболукго кетип калам. Бекер ушул учун дагы теманын санын кобойтуп, тема ачпай эле коёюн деген эле ой.

*************************************
#309 28 June 2015 - 19:53
Бал тууралуу кызыктуу фактылар Амброзия бал өсүмдүгү Байыркы Грецияда кудайлардын өлүмсүздүгүнүн кепили болгон. Анын курамында нектар ширеси, сүт жана бал болгон. Байыркы Грециянын окмуштуулары бал адамдын өмүрүн узартат деп эсептешкен.
"Түндүк"
аарылары балчылыкты ойлоп чыгышкан. Алар кыш мезгилине бал камдап, суукта бал менен азыктанышкан.
Ал эми Африкада дагы бал аарылары бар.Бирок,алар эч качан бал топтошпойт.
Аларда кыш болбойт. Демек, кышка азыктарды камдануунун дагы кереги жок.Азыркы күндө бал менен эң ири камсыздоочу – Сибирь аймагы. Эң мээнеткеч бал топтогуч аарылар 200 жылдан бери ушул аймакта эмгектенишүүдө.
Бирок, балды өнүктүрүү лидери катарында Кытай эсептелет. Алар дале иштетилбеген нукура майда бал түрүн өндүрүүдө.Бир түрлүү талаа гүлдөрүнөн бал алуу мүмкүн эмес. Жайлоолордогу ар түркүн өсүмдүктөрүнө бай талаалар керек. Ал эми эскиден калган запастар да эмгекчил аарылар үчүн зарыл.Адатта эң ири балды айдагычтын (медогон) жардамы менен өндүрүлөт.Бал дээрлик аллергия жаратпайт. Кээде бал уулу дагы болушу мүмкүн. Эгерде жумушчу аарылар уулу өсүмдүктөрдөн жыйнашы да күтүлөт.Жумушчу аары 100 грамм бал чогултуш үчүн бир канча километр талаа гүлдөрүн кыдырууга туура келет.Болгону 30 грамм бал чогултуш үчүн 200 аары бир күн бою гүлдүү талааларды кыдырып бал топтошот. Анан ушунча сандагы эле аарылар балчелекте балды иштетишет. Ал эми аарылардын бир бөлүгү балчелектеги уяларды тазалап аны даярдап турушат.Байыркы Египетте бал акча ордунда төлөм иштерин аткарчу. Андан кийин римдиктер дагы колдонушкан.
Славян калкынын эски жазууларында дагы бал жана малдар менен төлөм иштерине колдонушчу.
Дагы бир уламыш боюнча улгайган Демокрит өлөөр алдында бир кесе бал сурап, аны катуу жыттаган. Андан кийин кесени берген. Ошол учурда Демокрит 107 жашында болгон.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#310 29 July 2015 - 01:14
Шерс материалдагы дакты кантип кетирет, суранам срочна керек болуп жатат, айта кеткилечи. Футболкага дак тийип калды эле.
Админ же аким эгер тура эмес жактан кенеш сурап алган болсом, эч кандай эскертуу бербей эле койгулачы жон гана оозеки берсенер жакшы болот эле , болбосо туболукго кетип калам. Бекер ушул учун дагы теманын санын кобойтуп, тема ачпай эле коёюн деген эле ой.
Админ же аким эгер тура эмес жактан кенеш сурап алган болсом, эч кандай эскертуу бербей эле койгулачы жон гана оозеки берсенер жакшы болот эле , болбосо туболукго кетип калам. Бекер ушул учун дагы теманын санын кобойтуп, тема ачпай эле коёюн деген эле ой.
Алгач футболкаңызды айналуу жылуу сууга жууп алып, муздак сууга чайкаңыз. Андан соң муздак сууга бир аз уксус кошуп, 5 минута коюп коюңуз да, алып чайкап коюңуз. Эгер футболкаңыз ак түстө болсо, уксустун ордуна перекись водорода колдонуңуз.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#311 29 July 2015 - 01:15
Ыңгайлуу жашоо үчүн үй тиричилигиндеги амалкөйчүлүктөр
Электр мешиндеги күйгөн тактарга алгач, ысытылган өсүмдүк майын куюп, 5 мүнөт өткөн сүртүп жуусаңыз эң сонун тазаланат.
Сизге жаккан клёнка дасмалыңыз кокусунан кесилип калса, кабатырланбаңыз, болгону түссүз лак менен эки тарабын тең сүйкөп коюңуз. Кесилген жери байкалбай калат.
Сыр өткөрөөрдүн алдында сүргүчүңүздү өсүмдүк майы менен бир аз майлап алсаңыз жабышпай жакшы, формасын жоготпой жакшы өтөт.
Ашканадан жагымсыз жыт келсе, сковородкага бир аз уксус куюп, аз отко бир нече мүнөткө коё туруңуз.
Газ плитасындагы тактарды кетирүү үчүн ысык кезинде туз сээп, андан соң кагаз менен сүртсөңүз эң мыкты тазаланат. Ал эми эскирип калган такты кетирүү үчүн нашатырь спиртинен тамчылатып анан тазаласаңыз болот.
Ашкана клёнкасын жаңы сатып алган соң, уксуска сүт кошуп сүртүп койсоңуз сапаты бузулбай көпкө сакталат.
Сүргүчтү наждак кагазы менен сүртүп койсоңуз курчуп калат.
Нан салган идишке бир аз туз салып койсоңуз ысык аба- ырайында көгөртпөйт.
Каймакка сууга бышырылган жумуртканы майда күкүмдөй туурап салып, бир аз горчица кошуп койсоңуз майонездин ордун алмаштырат.
Кесилген колбасанын жанына сабиз же лимондун бир кесимин кошуп койсоңуз эскирбей жакшы турат.
Майлуу так чыкпай кыйнаган духовканы кечинде нашатырь спиртине чылап коюп эртең менен жуусаңыз кетип калат.
Эт туурагычтын бычактары мокоп калса, сухарикти эт туурагычтан өткөрүп коюңуз, курчуп калат.
Чай демдеген термостон башкача жыт чыгып жаткан болсо, ага бир нече кашык күрүч салып кайнак суу куюп коюңуз. Андан кийин жакшылап чайкап төгүп салыңыз.
Банкаданы томаттын үстү көк тартып кетпеши үчүн анын капганыа бир аз горчица сүйкөп, же болбосо томаттын үстүнө бир аш кашык өсүмдүк майын куюп коюңуз.
Соолуп бара жаткан көк чөптөрдү тамакка кошоордун алдында алгач ысык, анданкийин муздак сууга бир малып алсаңыз өзүнө келе түшөт.
Картошканы кабыгы менен сууга бышырганда көпчүлүк учурда кабыгы жарылып кетет. Мындай болбой жакшы бышсын десеңиз бир нече тамчы уксус кошуп коюңуз.
Көпкө туруп калган лимон соолуп, бырышып калганда кайнак сууга бир малып алсаңыз ширелүү болуп калат.
Балыкты 1-2 күн муздаткычсыз сактаса болот. Ал үчүн балыкка ирик туз сээп, андан кийин таза чүпүрөк менен аны тазалап, кайрадан уксука чыланган таза чүпүрөккө ороп салкын жерге коюп койсоңуз болот.
Тамак бышырган казандын капкагын жаппай кайнатсаңыз 20 пайыз витаминди жоготосуз, ал эми жаап бышырсаңыз 5 гана пайызы жоголот.

#313 26 August 2015 - 07:59
ЖАГЫМСЫЗ ЖЫТТЫН КЕЛИП ЧЫГЫШЫНА ЭМНЕ СЕБЕП?
Кара жумуш жасаганда, тез кыймылдаганда же күн ысыкта адам катуу тердейт. Кээ бирде жинибиз келип ачууланганда, санаага батып катуу ойлонгондо же толкунданганда көл-шал болуп тердеп, чекебизден тер чыпылдап кетет. Ошондой эле бөйрөгү ооруган адамдар да терчил болушат. Анткени бөйрөк организмдеги зыяндуу заттарды тазалоого үлгүрбөй калат да, тер бездери аларды тер аркылуу дененин сыртына чыгара баштайт. Мындан улам терчил адамдарда жагымсыз жыттар пайда болот. Мунун негизги себеби тер деп ойлошубуз мүмкүн, бирок андай эмес. Анткени тердин курамы суу менен туздан гана тургандыктан, анын эч кандай жыты болбойт.
Адамдагы мурунду өрдөгөн жагымсыз жыт дененин көп тердеген жылуу бөлүктөрүнө (колтук, алаа, таноо, таман) топтолуп, көбөйгөн бактериялардан чыгат. Ошондой эле ичип-жеген ашыбыздын жыты да тер менен сыртка тарайт. Ал эми тамеки чегип, ичимдик ичкен адамдан кандай «аңкыган жыт» чыгары айтпаса да белгилүү болсо керек. Андыктан жагымсыз жыттан кутулуунун негизги жолдору тазалык жана туура тамактануу болуп саналат.
САСЫК ЖЫТТАН АРЫЛУУ ҮЧҮН ТУУРА ТАМАКТАНЫҢЫЗ
Жагымсыз жыттан арылуу үчүн жей турган азык-түлүктү да тандоого туура келет. Майлуу, куурулган тамактар, эт, балык, кымыз, сарымсак, пияз, ачуу калемпир сыяктуу татымалдар жана алкоголдук ичимдиктер жагымсыз жыттын күчөшүнө алып келет. Бул азыктардан убактылуу баш тартуу менен денеңиздеги сасык жыттан арылууга мүмкүн. Ошондой эле денедеги жытты калыбына келтирүүгө төмөнкү азыктар көмөкчү боло алат:
Мөмө-жемиштер
Жашылча-жемиштер
Ашкөк
Эгин дандары
Көк чай
Cуу, жаңы сыгылган жемиш ширелери
Мындан сырткары көп ачууланууга болбойт. Адам өзүн тынч кармап, магнийге бай азыктарды көбүрөөк жеш керек. Бул стрессти төмөндөтүүгө жана тердин аз бөлүнүп чыгуусуна жардам берет.
Колоңсо менен шыбоодон кутулуу үчүн тазалыкты сактаңыз
КОЛОҢСО
Тердеген маалда жуунуп туруңуз. Эгер андай мүмкүнчүлүк болбосо, жок дегенде бут менен колтукту суу менен чайкаңыз. Ал эми кечкисин сөзсүз денени толук чайкоо сунушталат.
Колтукту жана бутту антибактериалдык самын же гель менен тазалаңыз.
Колтуктун жүнү бактериялардын көбөйүп, жайланышына ыңгайлуу болгондуктан, аны кырып туруу керек.
Жүндөн, пахтадан токулган кийимдерди алыңыз. Синтетикалык кийимдерден качыңыз.
Тер болуп калган кийимиңизди эртеси кийбей, жууп кийиңиз.
Жайкы кийимдер кенен болушу шарт. Чыпталышкан ич кийимдерден жана этек-жеңи тыкыс спорттук кийимдерден оолак болгонуңуз туура.
Күндө таза кийим кийип, которунуу керек.
Аптасына бир-эки ирет мончонун буусуна отуруп, организмдеги уу заттардан жана шлактардан арылып туруу зарыл.
6 кашык кургатылган ромашканы 2 литр сууга кайнатып, 1 саат тыныктырасыз. Кайнатмага 2 кашык сода кошуп, андан соң колтукту сүртүшүңүз керек.
Конокко же жолугушууларга барганда жаныңызга лимон сала жүрүңүз. Колтукту алгач нымдуу жүз аарчы менен тазалап, андан соң лимондун бир кесими менен сүртсөңүз жаман жыттан бир нече саатка чейин арыласыз.
ШЫБОО
Булгаарыдан тигилген жана шамалдап турган бут кийимдерди кийип жүрсөңүз шыбоодон алыс болосуз.
Синтетикалык байпакты кийбеңиз, ошондой эле байпакты күн сайын алмаштырып туруңуз.
Кечке басып жүрүп бутуңуз жагымсыз жыттанып калса, сууга сода аралаштырып бутту 7-10 мүнөт сала турсаңыз сасык жыт кетет.
Жалбыздын кайнатмасы менен бутуңузду бат-бат жууп турсаңыз шыбоодон кутуласыз.
1 стакан кайнак сууга 1 чай кашык туз салып бутуңузду жууйсуз. Эртең менен жана кечкисин туздуу суу менен жууп турсаңыз 2 жумада жыт кетет.
1 стакан жылуу сууга 1 чай кашык соданы салып, бутуңузду эртең менен жана кечкисин жууп туруңуз. Бутуңуздун тердегени азайып, жаман жыты жоголот.
Күн сайын бутуңуздун манжаларынын ортосуна кайыңдын жалбырагын салып жүрсөңүз да шыбоонун жытын жөнгө салат.
Таманды лимондун ширеси менен бат-баттан сүртүп турсаңыз жаман жыт тез кетет

#314 26 August 2015 - 08:00
ТАМЕКИНИН ЖЫТЫНАН АРЫЛУУ
Чылым чеккен адамдын оозу ашаткы жыттанып, жанындагы адамды качырат. Тамекини таштай албай жүргөндөр же аны тартууну адатка айланткандар бирөө менен жолугушуунун же коомдук унаага түшөрдүн алдында жарым саат мурда чылым тиштебей эле койгону оң. Эгер эрки чыдабаса, анда ашаткы жытты кетирүүнүн амалдарын эстерине түйүп алганы дурус болор.
Жок дегенде сагыз чайнаңыз. Сагыздын жемиш даамдангандарын чайноо керек. Ал эми жалбыз жыттуу сагыздар сасык жытты ого бетер күчөтөт.
Мускат жаңгагын же кофенин данынан кемирип алыңыз.
Дарыканаларда сатылуучу ооздогу жытты кетирүүчү атайын спрейди жаныңызга ала жүрүңүз.
ДЕЗОДОРАНТ ТАНДООДО КӨҢҮЛ БУРЧУ ЖАГДАЙЛАР
Жөнөкөй дезодорант бактерияларды өлтүрөт, бирок терди токтото албайт. Мунун курамында триклозан жана фарнезол аттуу бактерия өлтүргүч зат болот. Триклозандын организмге пайдасынан дагы зыяны көп. Ал эми фарнезол болсо пайдалуу, анткени ал жалаң эфир майынан даярдалат. Алар, тескерисинче, тер менен күрөшөт. Курамында терди кургатуучу алюминий жана цинктин элементтери болот.
Парфюмериялык дезодорант терди да, бактерияны да жөнгө сала албайт. Болгону өзүнүн жыпар жыттуу композициясы менен колтуктун жаман жытын жоготот.
Дезодорант- антиперспирант эң мыкты натыйжа берет. Бир эле учурда колтуктагы терди кургатат, бактерияны өлтүрөт жана жаман жытты жөнгө салат.
КЫЗЫКТУУ
Адамдын денесинде 3 миллионго жакын тер бездери бар.
Тер бездери адамдын маанайына жараша жыт чыгарат. Маанайы пас, ачууланган учурда адамдын денесинен жаман жыттар чыкса, маанайы көтөрүңкү адамдан жагымдуу жыт бөлүнүп чыгат.
Байыркы римдиктер жагымсыз жыттан корунуу үчүн кичинекей баштыкчага жыпар жыттуу чөптөрдү салып, колтугуна кыстарып алышкан.
Эң алгачкы дезодоранттар ашкана содасынан жасалган. Ал денеден чыккан жагымсыз жыттардан жана тердегенден сактаган.
XIX кылымдын соңунда, XX кылымдын башынан тартып дезодоранттар менен антиперспиранттарды окумуштуулар ойлоп таап, коомчулукка таратышкан.

#315 22 October 2015 - 10:37
Күзгү айымдар үчүн эң керектуу буюм болуп саналат эмеспи. Бөлмөгө, каридорго, жуунуучу жайга айтор ар бир жерге ылайыкташтырып орнотулган күзгүнү ар бир үйдөн кезиктиребиз.
Андыктан аны тазалоонун жолодорун билип алыныз.
1,5 литрлик желим бөтөлкөгө толтура суу куюп, ага 1 аш кашык уксусту кошосуз. Жакшылап аралаштырган соң күзгүгө чачып, эски гезиттин барагы менен аарчып саласыз.
Эгер күзгүнүн бети өзүнүн өңүн жоготуп, бозоруп калган болсо аны уксус, суу жана кадимки бордун аралашмасы менен сүртсоңуз жалтырап калат. Бул үчүн 1 стакан сууга 1 аш кашык уксусту, 1 аш кашык майдаланган борду кошосуз. Аралашманы отко коюп бир аз ысытып алсаңыз, андан да натыйжалуу болот.
Өтө карарып, өз көркүн жоготкон күзгүнү калыбына келтирүү үчүн бирдей көлөмдөгү суунун, бензиндин жана нашатырь спиртинин аралашмасын колдонуңуз. Муну менен аарчып болгон соң күзгүнү гезит менен эмес, кургак жана таза чүпүрөк менен аарчып коюнуз.
Ал эми учуп-конгон чымын-чиркейлердин тактары калган күзгүнү пияз менен тазалаңыз. Мында алгач пиязды экиге бөлүп, ички бети менен таза кылып сүртөсүз да артынан ным, анан кургак чүпүрөк менен аарчып коёсуз. Бул чымындын күзгүгө кайра конушуна да жол бербей турган ыкма.

Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
#316 22 October 2015 - 10:40
ЖҮГӨРҮ ЖАНА ЖҮГӨРҮНҮН ЧАЧЫ ОРГАНИЗМГЕ БИР ТОП ПАЙДАЛУУ
Көпчүлүк жактырып жеген жүгөрү жана жүгөрүнүн чачы организмге бир топ пайдалуу. Анда, медицинага,
косметологияга жана диетологияга тиешелүү сапаттары тууралуу маалыматка кулак төшөңүз. Жүгөрүнүн курамындагы В1, В2, РР витаминдери жана кальций, магний, фосфор, темир аллергиядан, кант диабетинен сактайт, семирүүгө жол бербейт жана организмдеги зат алмашууну жөнгө салат. Андыктан, аны сууга бышырып жеп туруу керек.
Заара кубалоочу касиети күчтүү болгондуктан, жүгөрүнү холециститте жана гепатитте демдеме катары колдонсо болот. Ал үчүн стакандагы 1 аш кашык жүгөрү данынын үстүнө толтура кайнак суу куюп, бир саат демдөө керек. Андан 3 саат сайын 1 аш кашыктан ичип турасыз.
Жүгөрүнү кан басымды төмөндөтүү үчүн колдонуу жакшы натыйжа берет. Стаканга 1 аш кашык жүгөрү унун салып, үстүнө толтура кайнак суу куюп түнү менен тыныктыруу зарыл. Эртең менен үстүңкү бөлүгүндөгү сууну төгүп, түп жагын ичесиз.
Дүмбүл (быша элек) кезиндеги жүгөрү дандарынын сүтү кургак жана жабыркаган терини калыбына келтирүүчү күчкө ээ. Бетке сүртүп 10 мүнөттөн соң жууп салса, ал терини жумшартат жана тактардан арылтат.
Жарым саат ит мурун менен жүгөрүнүн дандары кайнаган сууну 1 күн маал-маалы менен суусундук катары ичип туруу циститтен айыгууга жакшы жардам берет.
Жүгөрү чачы
Табарсыкта бат-бат заара кылуу менен коштогон оору пайда болсо, ачкарын жүгөрү чачынан демделген чай ичүү керек. Даамдуураак болсун десеңиз, ага татымына жараша бал кошуп алыңыз.
Жүгөрү чачы арыктоодо жакшы каражат. Ал үчүн термоско 4 аш кашык майдаланган жүгөрү чачын салып, үстүнө 1 стакан кайнак суу куюп оозун жаап коюу керек. 3 сааттан кийин аны дакиден өткөрүп, мындан күнүнө 3 жолу тамакка 30 мүнөт калганда 1 аш кашыктан ууртап турасыз.
Майдаланган жүгөрү чачынан идишке 2 аш кашык салып, ага 250 г кайнак сууну куюп 30 мүнөт тыныктыруу зарыл. Мунун суусунан жылуу абалында күнүнө 3 жолу тамакка чейин 30 граммдан ичип туруу склероздон айыктырат.
Ичеги ооруларын жакшы кылууда да жүгөрү пайдалануу оң натыйжа берет. Жүгөрү талканы менен кургатылган жүгөрү чачы кайнаган суудан тамак алдында 30-40 тамчыдан күнүнө 2 жолу ичүү керек.
Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
#317 22 October 2015 - 10:44
Самын
Топурак, чаң, жер менен алектенип иштөөнүн алдында колуңузга самынды көбүртүп, жуубастан кургатып алыңыз да, андан кийин иштей бериңиз. Ошондо колуңуз кесилбейт.
Атыр жыттуу самындын кесиндисин терезеге коюп койсоңуз, ал жерге курт-кумурскалар келбейт.
Кумшекер
Нан, токочтор салынган идиштин түбүнө жука кылып шекер сээп койсоңуз, көпкө чейин катыбай жумшак сакталат.
1 литр жылуу сууга 3 аш кашык шекер, 2 аш кашык уксус кошосуз. Муну менен гүлдөрдү сугарсаңыз, курт түшпөйт жана топурагы семиз болуп, жалбырактары, гүлдөрү көпкө чейин соолубайт.
Эгерде колуңуз май болуп калса, шекер менен сүртүңүз. Анткени ал майды оңой кетирет.
Мештеги же очоктогу от жакшы күйбөй жатса, отко бир аз шекер сепсеңиз, ойдогудай күйө баштайт.
Тиш пастасы
Бут кийимиңизге тиш пастасын сыгып, аны алгач кургак, андан кийин ным чүпүрөк менен сүртсөңүз, бут кийимиңиз жаңы кезиндегидей жаркырап көрүнөт.
Балаңыз тамдын бооруна карандаш менен сүрөт тарттыбы? Анда сүрөт тартылган жерди тиш пастасы жана щётка менен сүрүп тазалаңыз. Андан соң суу менен жуусаңыз таптаза болот.
Колуңуз жагымсыз жыттанып калса, тиш пастасы менен жууп койсоңуз дароо кетет.
Кирдеп калган үтүктү тазалаш үчүн да тиш пастасы колдонулат. Ал үчүн үтүк муздак кезинде бетине тиш пастасын сыгып, аны чүпүрөк менен сүртөсүз да, акырында жууп коёсуз.

#318 22 October 2015 - 10:46
КӨМҮР КҮЙГҮЗҮҮНҮН СЫРЛАРЫ
Кыш жакындаган сайын көмүр маселеси да курчуй баштайт. Жашоо көрсөткөндөй, көмүр баасы жыл сайын кымбаттабаса, эч арзандабайт. Бирок көмүргө кеткен чыгымдарды бир кыйла азайтып алса болот экен да.
Анын сыры көмүр чаңында. Аны көмүр саткан жерден сатып алса болот. Адатынча баасы көмүрдүкүнөн бир кыйла арзан. Же болбосо көмүр чаңы көмүр менен жылытылган ар-бир үйдө табылат. Үй ээси аны кантип колдонууну билбей убара тартып келет. Кесек көмүргө кошуп жакканга аракет кылганы менен баары бир топ топтолуп калат.
Аны жөн гана ак топурак менен аралаштырып, суу кошуп эзип, кадимки кыш куйгандай куйуп брикет кылып жасап алсаңар болот.
Ак топурак бул жерде көмүр чаңдарын байланыштырган зат катары колдонулат. Көмүр брикети жакшы күйүшү үчүн топурактын көлөмдүк үлүшү 1/3 же андан азырак болушу керек, б.а. бир мүшөк көмүр чаңына 1/3 мүшөккө жакын ак топурак кошулат.
Көмүр брикеттеринин формасы, көлөмү бул силердин фантазияңарга жана колунарда бар калыпка байланыштуу.
Бирок бизде брикет жакшы күйүшү үчүн анда жыртыктарды жасаган атайы станогубуз болбогондуктан көмүр брикеттеринин өлчөмүн биз жагып жүргөн кесек көмүрлөрдүн өлчөмүндөй кылганыбыз оң.
Айрымдар көмүр чаңын уй богуна аралаштырып да, брикеттерди жасашат. Бирок баарыбызда эле уй боло бербесе керек.
Көмүр брикетинин табы таза көмүрдүкүнө жетпейт, бирок ал формасын бузбай күйөт, демек меш тазалоо бир кыйла жеңилдейт. Анан да акчадан үнөм жана көмүр чаңы маселеси чечилет.
Дагы бир кеңешти айта кетсек, көмүрдүн жарым чака майдасына суу куюп, ылайдай абалга келтирип, кеч курун жакшы чоктун үстүнө салып койсоңуз, таң аткыча үйүңүз жылуу болуп турат.
Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
#319 31 October 2015 - 00:01
Перекись микробдорду өлтүрө турган таптакыр коркунучу жок химиялык зат болуп эсептелет. Бул - ар бир адамдын дары салгычында боло турган баасы арзан, жогорку натыйжалуу каражат. Бул учурга чейин аталган каражаттын жардамы менен жарааттарды гана дарылап келген болсоңуз, эми башка касиеттерин да байкап көрүңүз. Ал үчүн дарыканадан 3% перекись сатып алыңыз.
Кийимди агартат
Өтө ак кийимдерди же сүлгүлөрдү сууга салып, ага 1 стакан перекись куюп коёбуз. Ал кийимдин саргарып кетишинен сактайт. Ошондой эле кийимдеги кетирүүгө кыйын болгон тактардан арылтууга да жардам берет. Ал үчүн кийимдин тагына каражаттан куюп туруп бир аз убакыт тыныктырабыз да, щётка менен сүртүп, муздак суу менен чайкап салабыз.
Буттагы грибокту дарылайт
Перекись менен сууну бирдей өлчөмдө кошуп даярдап идишке куюп алабыз. Ал суюктукту күн сайын жатар алдында жабыркаган жерге сүйкөп турабыз.
Моюндун оорусун сакайтат
Эгерде көп убакыт ыңгайсыз абалда олтуруп, мойнуңузду оорутуп алган болсоңуз, же уюп калып, булчуңдарыңызда жагымсыз сезим болсо, перекись сиз үчүн мыкты дары болуп эсептелет. Жүз аарчыны перекиске малып туруп мойнуңузга коюп, үстүнөн сүлгү жаап 10-20 мүнөт туруңуз. Мойнуңуздагы булчуңдарды ысытып оорудан арылтат.
Сасык тумоодон коргойт
1 стакан перекись менен 1 стакан минералдык газсыз сууну аралаштырып аласыз. Даяр болгон суюктукту назалдык спрей катары колдоно бериңиз.
Ооз көңдөйүн чайкоо
Ооз көңдөйү, тилдин жабыркоосунан да перекись сизди куткара алат. Ал үчүн 10 мл перекисти ууртап, жутпай 5 мүнөт туруңуз. Бул каражат тишти агартууга, кариести төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Андыктан дүкөндө сатылган тишти агартуучу каражаттарга караганда перекись натыйжалуу. Аны тиш пастасына кошуп колдонсоңуз болот.
Көзгө тагынчу линзаны дезинфекциялоо
Айрым учурларда көзүңүзгө таккан линзаны дезинфекциялоочу каражат катары перекисти колдонсоңуз болот. Ал линзага чогулуп калган чаңдарды кетирет.
Үй тиричилигинде жардамчы
Перекись микробдордон куткарат. Андыктан үйдү жыйнап, тазалоодо кеңири колдонсоңуз болот. Перекистин өзүн, же болбосо атайын агартуучу каражатка кошуп чүпүрөккө малып алып чаң жерлерди сүртүңүз. Перекись күзгү менен айнекти жаркыратып, ваннаңызды да дезинфекциялай алат. Ал дат болгон, көгөрүп кеткен жерлерди мыкты тазалайт.
Тамак оорусунан айыктырат
Тамак оорусун жеңилдетүү үчүн 1/2 стакан жылуу сууга, 1/4 стакан перекисти кошуп тамакты жакшылап чайкаңыз. Оорубаган учурда деле тамакты чайкап турсаңыз, суук тийүү ооруларынан коргойт, ал оору жугузуучу бактерияларды өлтүрөт.
Кулакты тазалоодо
Эгерде кулакка кулку катып калган болсо, перекистен куюп койсоңуз, жумшарып оозуна келип калат. Ал эми тазалоодо жылуу сууга 2-3 тамчы перекись кошуп, ага кулак чукугучту малып алып тазалайсыз. Бул ыкма менен кулактын кулкуларын оңой аласыз.

Кудай буйруса баары жакшы болот!
#320 01 November 2015 - 11:57
Айзиля,
Элиф жана Альбина, силерге чооооң рахмат!
Ушинтип жооп берээр бирөө жарым бар деп ишенген элем. Албетте, Айзиля жооп берди, бирок эмнеге экенин айта кетсе балким анын жообун чын кабыл алат белем? Баары бир ырахм
Менде дагы бир суроо бар: Томатты кантип сактаса болот? Бат эле үстүнө желе туруп бузулуп кетип атат.

Томатттын капкагын аба киргидей кылып бычак менен кичине тешип анан каттуу жаап коюнуз

Супер-Инфо
super.kg
видео