Кыз жана эне
Кыз бактылуу, сүйүүнүн жебесинен,
Сүйгөнүнүн бир эле элесинен!
Кандай турмуш күтөт- деп кагылайын,
Өң алет жок, ойлонуп энесинен...
Кыз бактылуу сүйүүнүн балын татты,
Ашыктыктын айылы эшик ачты...
Жараткандан кызына бакыт тилеп,
Көп ойлонуп энесин санаа басты...
Ак көйнөгү желбиреп, колунда гүл,
Кыз узады жар болуп түгөйүнө,
Кубанычтан көзүнө айланып,
Ичи ачышып турду эне жүрөгүндө...
Бакай Садыров "Жан Сырым" (ырлар)
#42 28 June 2015 - 21:31
Жок дегенде
ортозаар адамдырмын. ..
Азыр деле билалбай кимдигимди,
Эл катары кыламын тирлигимди. ..
Бул жалганга мен дагы ыйлап келгем,
Апам төрөп, кескенде киндигимди. ..
Билбейм азыр, кенен же тардыгымды,
Телегейим тегизби?.. Жардымынбы? ..
Санаалаштар жанымда жүрсө дагы,
Кимге айтам чечилип зар-муңумду?
Алдына, ат чыгарбас күлүкмүнбү?
Алыс жакка чабалабай күйүктүмбү? ..
Жаза басып же аксап калдым беле?
Капысынан жоготуп сүйүктүүмдү. ..
Бирөөлөргө жакшымын жамандырмын,
Күчтүүмүн, балким алсыз чабалдырмын.
Улуу көчтүн артында калгым келбейт,
Жок дегенде ортозаар адамдырмын. ..
Тагдыр сунуп жыргалын, кордуктарын,
Майдаладым отуздун ондуктарын. ..
Өкүнүчкө кээ бирде чырмап алат,
Эч ойлонбой жасаган жоруктарым. ..
Маани бербей убакыт учкандыгын,
Ар нерсени ченебей бычкандырмын. ..
Күндү күндөр кубалайт, өчү бардай,
Эске салып өмүрдүн кыскалыгын!
Басар жолдун карабай таштактарын,
Буйтап өтүп баратат максаттарым. ..
Өрнөк болор өмүрдү жашасам дейм,
Жашоо берсе жараткан жашап
дагы!
ортозаар адамдырмын. ..
Азыр деле билалбай кимдигимди,
Эл катары кыламын тирлигимди. ..
Бул жалганга мен дагы ыйлап келгем,
Апам төрөп, кескенде киндигимди. ..
Билбейм азыр, кенен же тардыгымды,
Телегейим тегизби?.. Жардымынбы? ..
Санаалаштар жанымда жүрсө дагы,
Кимге айтам чечилип зар-муңумду?
Алдына, ат чыгарбас күлүкмүнбү?
Алыс жакка чабалабай күйүктүмбү? ..
Жаза басып же аксап калдым беле?
Капысынан жоготуп сүйүктүүмдү. ..
Бирөөлөргө жакшымын жамандырмын,
Күчтүүмүн, балким алсыз чабалдырмын.
Улуу көчтүн артында калгым келбейт,
Жок дегенде ортозаар адамдырмын. ..
Тагдыр сунуп жыргалын, кордуктарын,
Майдаладым отуздун ондуктарын. ..
Өкүнүчкө кээ бирде чырмап алат,
Эч ойлонбой жасаган жоруктарым. ..
Маани бербей убакыт учкандыгын,
Ар нерсени ченебей бычкандырмын. ..
Күндү күндөр кубалайт, өчү бардай,
Эске салып өмүрдүн кыскалыгын!
Басар жолдун карабай таштактарын,
Буйтап өтүп баратат максаттарым. ..
Өрнөк болор өмүрдү жашасам дейм,
Жашоо берсе жараткан жашап
дагы!
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#43 28 June 2015 - 21:33
Атама
Турмуш сырын дале жүрөм ачалбай,
Жашоо сабак, барактарын ачам жай...
Бул өмүрдө эч ким мага чынында,
Жөлөк болуп бере албайт атамдай!
Атам барда козголбогон тоодоймун,
Намысымды тебелетип койбоймун...
Бирок, жүрөм бир пайдамды тийгизбей,
Кечир ата, кемчилигим оңдоймун...
Өзүңүздөй эмесмин мен, чабалмын,
Көп ичинде, катардагы караанмын.
Бычакка сап боло албасам эгерде,
Ишен ата, камчы сапка жараармын...
Турмуш сырын дале жүрөм ачалбай,
Жашоо сабак, барактарын ачам жай...
Бул өмүрдө эч ким мага чынында,
Жөлөк болуп бере албайт атамдай!
Атам барда козголбогон тоодоймун,
Намысымды тебелетип койбоймун...
Бирок, жүрөм бир пайдамды тийгизбей,
Кечир ата, кемчилигим оңдоймун...
Өзүңүздөй эмесмин мен, чабалмын,
Көп ичинде, катардагы караанмын.
Бычакка сап боло албасам эгерде,
Ишен ата, камчы сапка жараармын...
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#44 28 June 2015 - 21:34
Апакеме
Тогуз айлап омурткаңды сыздаттым,
Түн уйкуңду далай жолу уурдапмын.
Отуз жаштан ашып калдым а бирок,
Энем үчүн бир жакшылык кылбапмын...
Ар бир чачың балдарым деп агарды,
Биз, көбөйттүк минут сайын санааңды.
Үстүңүзгө өзүңүздөй үйрүлүп,
Кайсыл балаң сиз сыяктуу бага алды...
Караанымдан дагы деле кагылып,
Аман кыл деп жаратканга жалынып...
Азыр дагы бөпөлөйсүз баладай,
Мээримиңиз бизди көздөй агылып...
Тагдыр мага чабалдыкты жаздыңбы?
Эх апаке, кантип төлөйм карызымды,
Мекеге жакка үч көтөрүп барсам да,
Аткара албайт сыяктанам парзымды!
Тогуз айлап омурткаңды сыздаттым,
Түн уйкуңду далай жолу уурдапмын.
Отуз жаштан ашып калдым а бирок,
Энем үчүн бир жакшылык кылбапмын...
Ар бир чачың балдарым деп агарды,
Биз, көбөйттүк минут сайын санааңды.
Үстүңүзгө өзүңүздөй үйрүлүп,
Кайсыл балаң сиз сыяктуу бага алды...
Караанымдан дагы деле кагылып,
Аман кыл деп жаратканга жалынып...
Азыр дагы бөпөлөйсүз баладай,
Мээримиңиз бизди көздөй агылып...
Тагдыр мага чабалдыкты жаздыңбы?
Эх апаке, кантип төлөйм карызымды,
Мекеге жакка үч көтөрүп барсам да,
Аткара албайт сыяктанам парзымды!
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#45 28 June 2015 - 21:37
Элиме тил тийгизген
акын сөрөйлөргө
Эй "акыным" сөзүң батты жаныма,
Калмак үрөн сепкенби дейм каныңа!
Кыргызымды неге мынча кордойсуң,
Келжиреген ырың менен дайыма!
Сенин түбүң Коңгурбайдын тегиби,
Бээжин сенин түпкү атаңдын жериби?
Эзелки жоо, Айкөл Манас касташкан,
Сөзүң менен аласыңбы кегиңди?
А балким сен, тукумусуң Көбөштүн,
Өз калкыңа неге мынча өчөштүң?!
Жаман десе кең пейилдүү кыргызды,
Ал "акындар" жакшы элге жөнөшсүн!
Эй акыным, сый да сага жарашпайт,
Элим деген акын сыйды талашпайт.
Койнуңдагы аялыңа жакпаса,
Мындай ырың бир күн эмес - таң ашпайт!
Эй "акыным”, кастык кылба кыргызга,
Кыргыз али колу жетет жылдызга...
Кордош болбойт касиеттүү кыргызды,
Бир аз азыр, кыйналса эле турмушта!
Эй "акыным" , токтот болду кебиңди,
Ансыз деле "сиркең" сенин семирди,
Кыргызыма эми тилиң тийгизсең,
Баса калып чыгарамын "желиңди"!
акын сөрөйлөргө
Эй "акыным" сөзүң батты жаныма,
Калмак үрөн сепкенби дейм каныңа!
Кыргызымды неге мынча кордойсуң,
Келжиреген ырың менен дайыма!
Сенин түбүң Коңгурбайдын тегиби,
Бээжин сенин түпкү атаңдын жериби?
Эзелки жоо, Айкөл Манас касташкан,
Сөзүң менен аласыңбы кегиңди?
А балким сен, тукумусуң Көбөштүн,
Өз калкыңа неге мынча өчөштүң?!
Жаман десе кең пейилдүү кыргызды,
Ал "акындар" жакшы элге жөнөшсүн!
Эй акыным, сый да сага жарашпайт,
Элим деген акын сыйды талашпайт.
Койнуңдагы аялыңа жакпаса,
Мындай ырың бир күн эмес - таң ашпайт!
Эй "акыным”, кастык кылба кыргызга,
Кыргыз али колу жетет жылдызга...
Кордош болбойт касиеттүү кыргызды,
Бир аз азыр, кыйналса эле турмушта!
Эй "акыным" , токтот болду кебиңди,
Ансыз деле "сиркең" сенин семирди,
Кыргызыма эми тилиң тийгизсең,
Баса калып чыгарамын "желиңди"!
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#46 28 June 2015 - 21:39
Жоготуу
Көптөн бери көрүнбөй кеттиң эле,
Жамандыкка жооругум келген эмес...
Ач кенедей жабышкан илдет күчөп,
Акыры алып тыныптыр ажал мерез…
Сыр кылып, айткан элең илдетиңди,
Жашоону да берлип сүйөр элен…
« Бул жалганда эми ал жок»- дешкенде,
Муздай түштү заматта бүткүл денем.
«Чыдабайм»- деп кээ бирде боштук кылып,
Моюн сунуп калчу элең тагдырыңа…
Жан кейиткен оорууга чыдабастан,
Далай жашын аккандыр жаздыгыңа…
Оттой күйгөн отузга жаңы толуп,
Толгон айдай толукшуп турарыңда.
Ажал шилтеп чалгысын сени карай,
Кырчын кезден кыйылып куладың аа!
Эч ким мага угузбай кабарыңды,
Көрбөй деле калдым го жамалыңды…
Арман кылам жанында бирге болуп,
Сурай албай калганга абалыңды…
Көптөн бери көрүнбөй кеттиң эле,
Жамандыкка жооругум келген эмес...
Ач кенедей жабышкан илдет күчөп,
Акыры алып тыныптыр ажал мерез…
Көптөн бери көрүнбөй кеттиң эле,
Жамандыкка жооругум келген эмес...
Ач кенедей жабышкан илдет күчөп,
Акыры алып тыныптыр ажал мерез…
Сыр кылып, айткан элең илдетиңди,
Жашоону да берлип сүйөр элен…
« Бул жалганда эми ал жок»- дешкенде,
Муздай түштү заматта бүткүл денем.
«Чыдабайм»- деп кээ бирде боштук кылып,
Моюн сунуп калчу элең тагдырыңа…
Жан кейиткен оорууга чыдабастан,
Далай жашын аккандыр жаздыгыңа…
Оттой күйгөн отузга жаңы толуп,
Толгон айдай толукшуп турарыңда.
Ажал шилтеп чалгысын сени карай,
Кырчын кезден кыйылып куладың аа!
Эч ким мага угузбай кабарыңды,
Көрбөй деле калдым го жамалыңды…
Арман кылам жанында бирге болуп,
Сурай албай калганга абалыңды…
Көптөн бери көрүнбөй кеттиң эле,
Жамандыкка жооругум келген эмес...
Ач кенедей жабышкан илдет күчөп,
Акыры алып тыныптыр ажал мерез…
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#47 28 June 2015 - 21:42
Балама насаат
Балам жашсың, тазасың булганбаган,
Тазалыгын али эч ким уурдабаган. ..
Акылмандай акылым болбосо да,
Насаатым бул, өзүнө сунган балам.
Кагылайын каралдым эстеп калгын,
Намыс үчүн ар дайым күйүп жангын.
Көр дүйнөнүн эч качан кулу болбо,
Көңүлүңө кебимди түйүп алгын.
Балам дайым напсинди тыйып жүргүн,
Акыйкаттын тулпарын минип жүргүн...
Карыптарга ар дайым колуң сунуп,
Ата-энеңдин кадырын билип жүргүн.
“Кара кылды как жарган” калыс болгун,
Ушак менен уяңдан алыс болгун.
Жашоо күрөш экенин унутпагын,
Талашканың, ар дайым намыс болсун!
Балам байлык дегенге көппөй жүргүн,
Бийлик үчүн абийириң төкпөй жүргүн.
Бул дүйнөдө баардыгы өзгөрмөлүү,
Ушул жагын унутпай эстей жүргүн!
Акысына бирөөнүн кол салбагын,
Кара санап бирөөгө “тор салбагын”.. .
Бул жалганда тескери ишин менен,
Өзүңө-өзүң тозокко жол салбагын...
Кудай айткан жол менен жаша балам,
Жараткандын амирин жаса балам...
“Акыретте сыйлыктан кур калат”- дейт,
Бул жол менен жашоосун жашабаган...
Балам менин бетимди жер каратпа,
Адамдыгын ар дайым бийик сакта,
Карга болбо, каралдым карга болбо,
Бүркүт болуп шаңшыгын бийик жакта!
Балам жашсың, тазасың булганбаган,
Тазалыгын али эч ким уурдабаган. ..
Акылмандай акылым болбосо да,
Насаатым бул, өзүнө сунган балам.
Кагылайын каралдым эстеп калгын,
Намыс үчүн ар дайым күйүп жангын.
Көр дүйнөнүн эч качан кулу болбо,
Көңүлүңө кебимди түйүп алгын.
Балам дайым напсинди тыйып жүргүн,
Акыйкаттын тулпарын минип жүргүн...
Карыптарга ар дайым колуң сунуп,
Ата-энеңдин кадырын билип жүргүн.
“Кара кылды как жарган” калыс болгун,
Ушак менен уяңдан алыс болгун.
Жашоо күрөш экенин унутпагын,
Талашканың, ар дайым намыс болсун!
Балам байлык дегенге көппөй жүргүн,
Бийлик үчүн абийириң төкпөй жүргүн.
Бул дүйнөдө баардыгы өзгөрмөлүү,
Ушул жагын унутпай эстей жүргүн!
Акысына бирөөнүн кол салбагын,
Кара санап бирөөгө “тор салбагын”.. .
Бул жалганда тескери ишин менен,
Өзүңө-өзүң тозокко жол салбагын...
Кудай айткан жол менен жаша балам,
Жараткандын амирин жаса балам...
“Акыретте сыйлыктан кур калат”- дейт,
Бул жол менен жашоосун жашабаган...
Балам менин бетимди жер каратпа,
Адамдыгын ар дайым бийик сакта,
Карга болбо, каралдым карга болбо,
Бүркүт болуп шаңшыгын бийик жакта!
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#48 28 June 2015 - 21:43
Бакытыңдан кечигип
калба демек!
Куу турмуш, көр дүйнөгө тепселбегин,
“Байлык”- деп оңго-солго өкчөлбөгүн. ..
Кечигип калсаң мейли көп нерседен,
Алланын, ак жолуна кеч келбегин...
“Тагдырым татаал го”-деп убай жебе,
Адашып пайгамбарды кудай дебе...
Шум ажал кадам сайын аңдып турат,
Али дагы жашаймын миң ай дебе...
Ач көздүктү, пейилиңен кууп салгын,
Арамдыктын тар жолун бууп салгын...
Жалгыз гана Кудайга кулдук уруп,
Ибадат кыл, күнөөңдү жууп алгын!
Бакытты да , азапты Алла берет,
Жараткандын бардыгы жалган эмес.
Эки дүйнө бактысы өз колунда ,
Бакытыңдан кечигип калба демек!
калба демек!
Куу турмуш, көр дүйнөгө тепселбегин,
“Байлык”- деп оңго-солго өкчөлбөгүн. ..
Кечигип калсаң мейли көп нерседен,
Алланын, ак жолуна кеч келбегин...
“Тагдырым татаал го”-деп убай жебе,
Адашып пайгамбарды кудай дебе...
Шум ажал кадам сайын аңдып турат,
Али дагы жашаймын миң ай дебе...
Ач көздүктү, пейилиңен кууп салгын,
Арамдыктын тар жолун бууп салгын...
Жалгыз гана Кудайга кулдук уруп,
Ибадат кыл, күнөөңдү жууп алгын!
Бакытты да , азапты Алла берет,
Жараткандын бардыгы жалган эмес.
Эки дүйнө бактысы өз колунда ,
Бакытыңдан кечигип калба демек!
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#49 29 June 2015 - 13:42
Карызмын
Төрөлгөн күндөн дүйнөгө,
Жалбырттап күйүп намысым.
Моюнума илип келатам,
Карыздын улам жаңысын...
Ак сүттүн берип аймалап,
Уйкусун уурдап ак таңда...
Ар түркүн азап тарттыргам,
Карызым арбын апама!
Алпештеп багып атакем,
Талпынтып куштай учурган.
Кун сайын күмүш тапсам да,
Карызынан кантип кутулам...
Керемет Талас жеримдин,
Эркелеп өскөм койнунда.
Эселеп төлөп бере албай,
Карызы дале моюнумда!
Билбедим ушул өмүрдө,
Тереңмин, балким тайызмын...
Аздектеп жанды бага албай,
өзүмө өзүм карызмын....
Төрөлгөн күндөн дүйнөгө,
Жалбырттап күйүп намысым.
Моюнума илип келатам,
Карыздын улам жаңысын...
Ак сүттүн берип аймалап,
Уйкусун уурдап ак таңда...
Ар түркүн азап тарттыргам,
Карызым арбын апама!
Алпештеп багып атакем,
Талпынтып куштай учурган.
Кун сайын күмүш тапсам да,
Карызынан кантип кутулам...
Керемет Талас жеримдин,
Эркелеп өскөм койнунда.
Эселеп төлөп бере албай,
Карызы дале моюнумда!
Билбедим ушул өмүрдө,
Тереңмин, балким тайызмын...
Аздектеп жанды бага албай,
өзүмө өзүм карызмын....
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#50 29 June 2015 - 13:44
Океандай менин сүйүүм,
экөөбүзгө жетет эле!
Мен ойлочум, сүйөт дечүм ,
Айталбастан, жүрөт дечүм.
Алыс кетсем санаа тартып,
Жолум карап күтөт дечүм!
Кайырма:
Үмүт жибин кезет беле?
Сүйүү издеп кетет беле?
Океандай менин сүйүүм,
Экөөбүзгө жетет эле!
Капысынан кечир дедиң,
Сага эмес деп сезимдерим.
Жандүйнөмдү жанчыдың го,
Эми кантип кечирейин! ?
Кайырма:
Үмүт жибин кезет беле?
Сүйүү издеп кетет беле?
Океандай менин сүйүүм,
Экөөбүзгө жетет эле!
Байкабастан сүйүү жашын ,
Менден кеттиң тагдырлашым,
Бирок билем сен кеткен жан,
Мендей сени сүйө албасын!
Кайырма:
Үмүт жибин кезет беле?
Сүйүү издеп кетет беле?
Океандай менин сүйүүм,
Экөөбүзгө жетет эле!
экөөбүзгө жетет эле!
Мен ойлочум, сүйөт дечүм ,
Айталбастан, жүрөт дечүм.
Алыс кетсем санаа тартып,
Жолум карап күтөт дечүм!
Кайырма:
Үмүт жибин кезет беле?
Сүйүү издеп кетет беле?
Океандай менин сүйүүм,
Экөөбүзгө жетет эле!
Капысынан кечир дедиң,
Сага эмес деп сезимдерим.
Жандүйнөмдү жанчыдың го,
Эми кантип кечирейин! ?
Кайырма:
Үмүт жибин кезет беле?
Сүйүү издеп кетет беле?
Океандай менин сүйүүм,
Экөөбүзгө жетет эле!
Байкабастан сүйүү жашын ,
Менден кеттиң тагдырлашым,
Бирок билем сен кеткен жан,
Мендей сени сүйө албасын!
Кайырма:
Үмүт жибин кезет беле?
Сүйүү издеп кетет беле?
Океандай менин сүйүүм,
Экөөбүзгө жетет эле!
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#51 29 June 2015 - 14:00
Сен үчүн
Сен үчүн бүт баарына даяр элем,
Душманыңды мертинтчү ажал элем...
Тоо элем чокулары көк тиреген.
Ор элем көрүнбөгөн түбү терең!
Жел элем ысып кетсең салкындатчу,
Кен элем күмүш издеп алтын казчу...
Жол элем сапарыңа сен чыгарда,
Жолдош да сүйгөн жар да анан сакчы!
Үйүнө күн өткөзбөй келип турдум,
Көркүңө коргошундай ээрип турдум.
Ишенип башкалардын бал тилине,
Сен менин сазайымдын берип турдуң!
Мас болуп башыңдагы бакытыңа,
Ылгабай жаманын да жакшысын да.
Жаманга мээрим төгүп нуруң чачып,
Жакшыны көрбөй сезбей жатырсың да!
Мен сүйүп бирок сенден сүйүү таппай,
Шыр басчум, азыр болсо калам аксай.
Өзүңдөн мынча кордук көргөнчөктү,
Жүрөгүм токтосо ээ сен деп какпай...
Түшүмө кирбе жаным, кирбе жаным,
Жаралуу жүрөгүмө койбо жалын.
Тезирээк сен теңиңди тапсаң экен,
Эртерээк ак жоолугун анын салын!
Оо, сүйүүм сенден кантип үмүт жүзөм ?!
Эх жаным, азабыңдан күйүтүңдөн,
Сүйүүм ай, жашоо кыйын бул өмүрдө,
Жигитке сулууларга күнү түшкөн.
Мен сени кантип унутам, кантип унутам,
Жүрөктүн эң төрүндө сен отурсаң.
Кечирип койот дайым кайран жаным,
Жүрөккө миң кайталап канжар урсаң.
Мен сени , кантип унутам ...
Сен үчүн бүт баарына даяр элем,
Душманыңды мертинтчү ажал элем...
Тоо элем чокулары көк тиреген.
Ор элем көрүнбөгөн түбү терең!
Жел элем ысып кетсең салкындатчу,
Кен элем күмүш издеп алтын казчу...
Жол элем сапарыңа сен чыгарда,
Жолдош да сүйгөн жар да анан сакчы!
Үйүнө күн өткөзбөй келип турдум,
Көркүңө коргошундай ээрип турдум.
Ишенип башкалардын бал тилине,
Сен менин сазайымдын берип турдуң!
Мас болуп башыңдагы бакытыңа,
Ылгабай жаманын да жакшысын да.
Жаманга мээрим төгүп нуруң чачып,
Жакшыны көрбөй сезбей жатырсың да!
Мен сүйүп бирок сенден сүйүү таппай,
Шыр басчум, азыр болсо калам аксай.
Өзүңдөн мынча кордук көргөнчөктү,
Жүрөгүм токтосо ээ сен деп какпай...
Түшүмө кирбе жаным, кирбе жаным,
Жаралуу жүрөгүмө койбо жалын.
Тезирээк сен теңиңди тапсаң экен,
Эртерээк ак жоолугун анын салын!
Оо, сүйүүм сенден кантип үмүт жүзөм ?!
Эх жаным, азабыңдан күйүтүңдөн,
Сүйүүм ай, жашоо кыйын бул өмүрдө,
Жигитке сулууларга күнү түшкөн.
Мен сени кантип унутам, кантип унутам,
Жүрөктүн эң төрүндө сен отурсаң.
Кечирип койот дайым кайран жаным,
Жүрөккө миң кайталап канжар урсаң.
Мен сени , кантип унутам ...
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!

Супер-Инфо
super.kg
видео









