Капар колуна бир ботолко самогон алып кирип калды да Рахманды карап:
-Рахман ачууну ачуу басат дейт. Кел мобудан
алып жиберип анан суйлошолу - деп Капар колундагы самогонун ары жакта турган
столдун устуно койду. Айылда таза арак да жок экен. Андан коро спирт кошулган самапал
арактан самогон ойдо. Клара сага мен жонундо деле айтса керек. Сыртта ойноп
жургон балдарынды Клара экообуздун колубуздан келишинче тарбиялап атабыз. Клара
экообуз баш кошуп жашагандан бери алар да мага аябай конуп калышты. «Атакелеп»
жандары калышпайт. Мен деле оз балдарымдай мамиле кылам. Мага эмне Клара жакшы
ал торогон эки бала жаман болмок беле. Мен керек болсо аларды сенден да жакшы
карайм- деген Капардын созуно кыжыры келген Рахман:
-Балдарымды менден артык эч Ким жакшы
корушу мумкун эмес. Ал закон ченемдуу нерсе. Кантип эле балда роз атасынан да
огой атасын жакшы кормок эле! –деп орой суйлоду. Анын созуно баятан бери Рахманга
кошомат айтып бакылдап суйлоп аткан Капардын шагы сына тушту. Унчукпай баш
ийкеп, шылкыйып отуруп калды.
-Сен антип Капарды каккыдай кандай акын
бар! Ал сени сыйлап коеюн деп бир ботолкосун алып келсе, рахматынды айткандын
ордуна кайра чакчандайсын да! Бул керек болсо сенин уйун эмес! Капар экообуздун
уйубуз! Балдарынды кордунбу, эми сыгып кет! –деп Клара ортого тушо калды.
-Сен жаагынды басып отура берчи! Азыр менден
бирди коруп кала элегинде энен! –деген Рахмандын кыжыры кайнап согунуп жиберди.
-Сен Клараны сокпо! Ал менин аялым! Менин
Кларамды Антип эч ким шылдын кылып сокконго акысы жок!-деди Капар одурандап.
-Клараны сокконго менин акым бар! Керек
болсо сенин бул жерде менин балдарымдын ырыскысын талашып даяр тамак, даяр аш,
белен оокат, белен тамга келип, оз уйундой жашаганга акын жок! Азыр сен уйдон
чыгып кет, болбосо озум суйроп чыгарам! – Рахман менен Капар экоо жакалаша
тушушту. Алардын ортосуна Клара тушо калды. Уйдогу ызы-чууну угуша сыртта ойноп
журушкон эки бала кирип келишти да Рахманга
болушуп Клараны муштагылап, чапкылап киришти. Клара эки уулуна жини келе бир чети Рахманга очошуп, экоону кучунун болушунча сабап кирди. Уйдогу ызы чуу сыртка чейин угула баштады. Алардын ундорун угушкан кошуна-колондору эмне болуп кетти, деги тынчылык элеби, деген кыязда чогулуп келе калышты. Рахман эки уулуна болушуп Кларага атырылып, аны чала-бучук чаапта жиберди. Ал эми Капар болсо Кларага болушуп Рахманды сабап жатып калды. Сырттан келген кошуна-колондор мушташып жаткан Капар менен Рахманды ажыратышты. Клара долуланып ыйлап, Рахманды куноолоп баштады.
Рахман экообуздун жашабай калганыбызды озунор жакшы билесинер! Ал мени эки балам менен таштап, жанагы алжыган, какбаш атасын эрчитип, шаардан катын алып кетип калган. Менин деле башка куйоого тийип, оз бактымды коруп, бактылуу болуп жашаганга акым барда , туурабы! ''Чоп кайтарган иттей'' болуп, же мени менен озу жашабайт, же озгону жашатпайт. Озунор деле калыс болсонор, айланайын кошуналарым! Рахмандын бул кылыгы туурабы, деги айтып, тушундуруп койгулачы! Рахман мени , Капар экобузду жайыбызга койсун. ! Бул эки бала да Рахманга тийешеси жок! Рахмандын шаарда зангыраган уйу, бшка катыны бар, мандайында алыган атасы да бар! Рахман мени Капардан кызганып атат!,-деп ыйлаган Клара кошуналарын умутуу карады. Кошуналарыда Кларанын созун коштоп ,Рахманды уйдон кууп чыгарат, деген оюу бар эле.
Бирок коншулар Рахмандын да бул уйго тийешеси бар кенин, ал балдарынын атасы экенин, айтып чыгышты. Атугул Капардын Клара менен жашап жатканын туура эмес корушту. Кошуналарына Капардын жини келип:
-Клара экообуз чогу жашайбызбы- жашабайбызбы, ал силердин ишинер эмес! Рахман Кларага бир тыйын бербей, эки баласын аран багып ачка ургондо, силер ага бир сындырым нан берип, каралашып койдунар беле!- деди.
-Клара элден бир сындырым нан сураган абалга жете элек! Мен Клаа учун болбосо да, мобу эки уулум ачка болбосун деп акчаны акчалай, аык-туулукту болушунча, кийим-кечектерин да саты берип, жиберип атам. Сен бул жерде, бир тыйын акча тапай, керек болсо менин балдарымдын ырыскысын болушуп атасын!-деген Рахмандын созун, кошуналары да коштоп кетишти.
Билдирүүнү түзөткөн: bema_bema: 29 Июнь 2015 - 13:37