Ильяз Андаш
'Сагыныч'
Мен сени сагынган бойдон жүрөм, алтыным,
Жазды эңсеп сагынган боз жамгырдай,
Күкүктөп сайраган боз куштардай,
Мен сени издеп жүрөм,
Мен сени сүрөп жүрөм,
Сыртымдан сыр бербей жүргөн менен, Ичимден ыйлап жүрөм,
Өмүмчө сыздап жүрөм,
Бир сен деп ырдап жүрөм.
Сагындым, саргайдым бир сен үчүн,
Сен муну билесиңби?
Суранам кайра бир келсеңчи сен,
Мен сени сагынган бойдон калам, ардагым,
Жете албай калсам, ай арманым көп,
Кеңчилик дүйнөнү кечип таштап,
Мен сени издей берем,
Мен сени сурай берем,
Сыртымдан сыр бербей жүргөн менен, Ичимден ыйлай берем,
Өмүмчө сыздай берем,
Бир сен деп ырдай берем.
Кыйналдым, кысталдым бир сен үчүн,
Сен муну билесиңби,
Суранам кайра бир келсеңчи сен.
Сыртымдан сыр бербей жүргөн менен,
Ичимден ыйлап жүрөм,
Өзүмчө сыздап жүрөм, Бир сен деп ырдап жүрөм.
- (2 )
-
- 1
- 2
Ырлардын ТЕКСТИ Ырлардын ТЕКСТИ
#2 30 June 2015 - 00:49
Бек Исраилов
'Мекен энем'
Ала-Тоом, Ата Журтум, Мекен энем,
Ар убак сыймыктанам сени менен!
Абалтан ал койнунда жашап келдик,
Эл болуп ак калпакчан кыргыз деген.
Кайырма:
Намыска бек, тайманбас,
Нарктуу, барктуу элибиз.
Кен байлыгы толтура,
Кең Ала-Тоо жерибиз.
Ак көңүл, пейили кенен калкым менин,
Далилдеп түбү түптүү эл экенин.
Эки миң эки жүз жыл артка таштап,
Эсен-соо ушул күнгө жете келди.
Кайырма:
Ушундай жер бейишин тапканына,
Сыйынам ата-баба арбагына.
Манасты, Чыңгыз уулду берген улут,
Кубанам кыргыз болуп калганыма.
'Мекен энем'
Ала-Тоом, Ата Журтум, Мекен энем,
Ар убак сыймыктанам сени менен!
Абалтан ал койнунда жашап келдик,
Эл болуп ак калпакчан кыргыз деген.
Кайырма:
Намыска бек, тайманбас,
Нарктуу, барктуу элибиз.
Кен байлыгы толтура,
Кең Ала-Тоо жерибиз.
Ак көңүл, пейили кенен калкым менин,
Далилдеп түбү түптүү эл экенин.
Эки миң эки жүз жыл артка таштап,
Эсен-соо ушул күнгө жете келди.
Кайырма:
Ушундай жер бейишин тапканына,
Сыйынам ата-баба арбагына.
Манасты, Чыңгыз уулду берген улут,
Кубанам кыргыз болуп калганыма.
#3 30 June 2015 - 01:00
Башкалардыкын жазчы
калын элди жамандаба
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
#4 30 June 2015 - 01:12
Нурлан Насип
'Апакемдин келини'
Өмүрдөгү издеп тапканым,
Өзүң менен ачык асманым.
Ак жоолук салып, жубай болуп,
Астанамды аттадың.
Кайырма:
Оорусам дарым, жашоомдо баарым,
Таттырган бакыт даамын,
Менин түбөлүктүү жарым.
Апамдын күткөн келини сенсиң,
Айдын нуруна теңсиң, Бир сени менен кут келсин.
Көпчүлүктү сыйлап жүгүнгөн,
Көшөгөнү көрккө бөлөгөн.
Үйдүн ичине жарык чачкан,
Татынакай затыңдан.
'Апакемдин келини'
Өмүрдөгү издеп тапканым,
Өзүң менен ачык асманым.
Ак жоолук салып, жубай болуп,
Астанамды аттадың.
Кайырма:
Оорусам дарым, жашоомдо баарым,
Таттырган бакыт даамын,
Менин түбөлүктүү жарым.
Апамдын күткөн келини сенсиң,
Айдын нуруна теңсиң, Бир сени менен кут келсин.
Көпчүлүктү сыйлап жүгүнгөн,
Көшөгөнү көрккө бөлөгөн.
Үйдүн ичине жарык чачкан,
Татынакай затыңдан.
#5 30 June 2015 - 01:19
Эдил Маматов
'Кыргыз кызы'
Кыялымда жашаган,
Ар бир жигити самаган,
Кыргыз кызы, кыргыз кызы.
Көргөн көздү тамшантып,
Махабатымдын таңы атып,
Мен үмүттөнөм, үмүттөнөм.
Кайырма:
Басканы да, сонун да, ак маралым,
Жүрөт тоо боорунда, ай, койнунда...
Үмүттөнүп карайм, сезимимди жашырбайм. Шөкүлөсү көрк берген,
Ашык болуп көп мерген,
Ачылат тоонун гүлү болуп.
Жашында, жашында,
Каректеринен нуру жанып,
Ширин сөздөрүнөн балы тамып, Күлмүңдөгөн, көздөрүнөн.
Кайырма:
Басканы да, сонун да, ак маралым,
Жүрөт тоо боорунда, ай, койнунда...
Үмүттөнүп карайм, сезимимди жашырбайм. Сезим оту жалындады,
Канат байлайт кыял дагы,
Сен жашынба, сен жашынба.
'Кыргыз кызы'
Кыялымда жашаган,
Ар бир жигити самаган,
Кыргыз кызы, кыргыз кызы.
Көргөн көздү тамшантып,
Махабатымдын таңы атып,
Мен үмүттөнөм, үмүттөнөм.
Кайырма:
Басканы да, сонун да, ак маралым,
Жүрөт тоо боорунда, ай, койнунда...
Үмүттөнүп карайм, сезимимди жашырбайм. Шөкүлөсү көрк берген,
Ашык болуп көп мерген,
Ачылат тоонун гүлү болуп.
Жашында, жашында,
Каректеринен нуру жанып,
Ширин сөздөрүнөн балы тамып, Күлмүңдөгөн, көздөрүнөн.
Кайырма:
Басканы да, сонун да, ак маралым,
Жүрөт тоо боорунда, ай, койнунда...
Үмүттөнүп карайм, сезимимди жашырбайм. Сезим оту жалындады,
Канат байлайт кыял дагы,
Сен жашынба, сен жашынба.
#6 30 June 2015 - 01:24
Чыңгыз Турдубеков "Сунулбай гүлүм калды"
Экөөбүз эңсеп күткөн,
Кезигүүбүз оңунан чыкпады.
Билбедим эмне себеп,
Же мага айтпаган сырың барбы?
Ажайып ачып турган, бир өзүңө арналган,
Гүлүмдө күнөө беле?
Кайырма:
Күтүүдөн тажабадым, көңүлүм калбады,
Убакыт өтүп жатты, жаңырган күн батты.
Сезимим күйүп-учуп, үмүтүм сынбады,
Саанаркап сени күтүп, жалооруп гүлүм калды,
Сунулбай гүлүм калды.
Күтүүдөн көңүл түшүп,
Карай берип улам ар бир жакты.
Келгениме өкүнтүп,
Түрлүү ойлор улам сабалады.
Ажайып ачып турган, бир өзүңө арналган,
Гүлүмдө күнөө беле?
Экөөбүз эңсеп күткөн,
Кезигүүбүз оңунан чыкпады.
Билбедим эмне себеп,
Же мага айтпаган сырың барбы?
Ажайып ачып турган, бир өзүңө арналган,
Гүлүмдө күнөө беле?
Кайырма:
Күтүүдөн тажабадым, көңүлүм калбады,
Убакыт өтүп жатты, жаңырган күн батты.
Сезимим күйүп-учуп, үмүтүм сынбады,
Саанаркап сени күтүп, жалооруп гүлүм калды,
Сунулбай гүлүм калды.
Күтүүдөн көңүл түшүп,
Карай берип улам ар бир жакты.
Келгениме өкүнтүп,
Түрлүү ойлор улам сабалады.
Ажайып ачып турган, бир өзүңө арналган,
Гүлүмдө күнөө беле?
#7 30 June 2015 - 01:28
Нооруз Алымбаев
"Сагындым сени"
Таңда, кеч эңсеп өзүңдү,
Тамчы жаш чайкап көзүмдү.
Сагынамын, сагынамын.
Ойлонуп сенсиз тура албай,
Оюмду сенден бура албай.
Сагынамын, сагынамын.
Кайырма:
Кайдасың?
Кайдасың, азыр кайдасың?
Кай жерде, кандай жайдасың?
Санаага батып, зар болуп,
Сагындым, сени сагындым. Кабарың айтчы барайын,
Карааның издеп табайын.
Кайгыга батып зар болуп,
Сагындым, сени сагындым,
Сагындым, сени сагындым.
Убакыт өтсө, күн өтсө,
Уйкусуз, сенсиз түн өтсө.
Сагынамын, сагынамын.
Ай жылып, батып баратса,
Агарып жаңы таң атса,
Сагынамын, сагынамын.
"Сагындым сени"
Таңда, кеч эңсеп өзүңдү,
Тамчы жаш чайкап көзүмдү.
Сагынамын, сагынамын.
Ойлонуп сенсиз тура албай,
Оюмду сенден бура албай.
Сагынамын, сагынамын.
Кайырма:
Кайдасың?
Кайдасың, азыр кайдасың?
Кай жерде, кандай жайдасың?
Санаага батып, зар болуп,
Сагындым, сени сагындым. Кабарың айтчы барайын,
Карааның издеп табайын.
Кайгыга батып зар болуп,
Сагындым, сени сагындым,
Сагындым, сени сагындым.
Убакыт өтсө, күн өтсө,
Уйкусуз, сенсиз түн өтсө.
Сагынамын, сагынамын.
Ай жылып, батып баратса,
Агарып жаңы таң атса,
Сагынамын, сагынамын.
#8 30 June 2015 - 01:36
Мирбек Иманбеков
"Гүлүм, ай"
Бүчүр байлап арзуулардын түрлөрү,
Кубат алат сезимимдин гүлдөрү.
Аткарылып мен самаган тилектер,
Уланса дейм махабаттын күндөрү.
Кайырма:
Ай, гүлүм, ай, тура албаймын сагынбай,
Ай, гүлүм, ай, сырдашсам дейм талыкпай.
Кубанычым жалындай,
Келем сага жакындай,
Көңүл эргийт басылбай. Сенден угуп махабаттын дабышын,
Сен деп күйүп, таң булбулдай таңшыдым.
Таасир берип, жан дүйнөмдө жаркыдың,
Сенден сезем ак сүйүүнүн маңызын.
Кайырма:
Ай, гүлүм, ай, тура албаймын сагынбай,
Ай, гүлүм, ай, сырдашсам дейм талыкпай.
Кубанычым жалындай,
Келем сага жакындай,
Көңүл эргийт басылбай.
"Гүлүм, ай"
Бүчүр байлап арзуулардын түрлөрү,
Кубат алат сезимимдин гүлдөрү.
Аткарылып мен самаган тилектер,
Уланса дейм махабаттын күндөрү.
Кайырма:
Ай, гүлүм, ай, тура албаймын сагынбай,
Ай, гүлүм, ай, сырдашсам дейм талыкпай.
Кубанычым жалындай,
Келем сага жакындай,
Көңүл эргийт басылбай. Сенден угуп махабаттын дабышын,
Сен деп күйүп, таң булбулдай таңшыдым.
Таасир берип, жан дүйнөмдө жаркыдың,
Сенден сезем ак сүйүүнүн маңызын.
Кайырма:
Ай, гүлүм, ай, тура албаймын сагынбай,
Ай, гүлүм, ай, сырдашсам дейм талыкпай.
Кубанычым жалындай,
Келем сага жакындай,
Көңүл эргийт басылбай.
#9 30 June 2015 - 01:47
Ильяз Абдыразаков
"Кызганам"
Сагыныч сапарында,
Санаанын катарында.
Адашып таппадым, ак сүйүү татаарымда.
Түндө ай мен да жалгыз,
Түйшөлдүм жүрөм алсыз.
Бактыма ким болду экен, Бал ширин сулуу ал кыз
Ашыгып, шашылам, кабарын таппай.
Бактыма ачылган, кубанычка батпай.
Кайырма:
Ай чырайыңды сүйүп келем,
Назданасың жаным.
Ай кучагында гүлүм берем,
Ой кыялымды самап жүрөм
Кызганамын жаным Мен сагынычта жашап жүрөм.
Жомоктой эскирбеген,
Жел окшойт жеткирбеген.
Махабат сезимдери табышмак эч билбеген
Мен ошол билбегеним,
Бактымды издегеним,
Сапарга чыктым алыс, Жаз менен бир келемин.
Ашыгып, шашылам, кабарың таппай.
Бактыма ачылган, кубанычка батпай.
"Кызганам"
Сагыныч сапарында,
Санаанын катарында.
Адашып таппадым, ак сүйүү татаарымда.
Түндө ай мен да жалгыз,
Түйшөлдүм жүрөм алсыз.
Бактыма ким болду экен, Бал ширин сулуу ал кыз
Ашыгып, шашылам, кабарын таппай.
Бактыма ачылган, кубанычка батпай.
Кайырма:
Ай чырайыңды сүйүп келем,
Назданасың жаным.
Ай кучагында гүлүм берем,
Ой кыялымды самап жүрөм
Кызганамын жаным Мен сагынычта жашап жүрөм.
Жомоктой эскирбеген,
Жел окшойт жеткирбеген.
Махабат сезимдери табышмак эч билбеген
Мен ошол билбегеним,
Бактымды издегеним,
Сапарга чыктым алыс, Жаз менен бир келемин.
Ашыгып, шашылам, кабарың таппай.
Бактыма ачылган, кубанычка батпай.
#11 30 June 2015 - 01:54
Ильяз Абдыразаков
"Кайра, кайра"
Жаздын жаңы ачылган гүлүн көргөнмүн,
Таңдын күлүп чыккан күнүн көргөнмүн.
Бирок дүйнө кезип издеп келсем да,
Жалгыз сендей сулуу жанды көрбөдүм.
Кайырма:
Кайра-кайра карап тойбогон,
Карагаттай көзүң ойногон.
Карегиңе сенин байланып,
Карлыгачым күндө ойлоном.
Күлүп койдүң көзгө илбедиң, Көкүрөктү өрттөп күлгөнүң.
Кылыктарың мени арбаса,
Кантип жаным сени сүйбөйүн.
Нурдан жаралгандай сүйкүм келбетиң,
Гүлдөй назик жансың жаным берметим.
Башка жанга сени ыраа көрө албай,
Билгин сени эчкимге жаным бербеймин.
"Кайра, кайра"
Жаздын жаңы ачылган гүлүн көргөнмүн,
Таңдын күлүп чыккан күнүн көргөнмүн.
Бирок дүйнө кезип издеп келсем да,
Жалгыз сендей сулуу жанды көрбөдүм.
Кайырма:
Кайра-кайра карап тойбогон,
Карагаттай көзүң ойногон.
Карегиңе сенин байланып,
Карлыгачым күндө ойлоном.
Күлүп койдүң көзгө илбедиң, Көкүрөктү өрттөп күлгөнүң.
Кылыктарың мени арбаса,
Кантип жаным сени сүйбөйүн.
Нурдан жаралгандай сүйкүм келбетиң,
Гүлдөй назик жансың жаным берметим.
Башка жанга сени ыраа көрө албай,
Билгин сени эчкимге жаным бербеймин.
#12 30 June 2015 - 02:01
Тата Улан
'Эркиндик'
Эркиндиктин чеги бар,
Эбин билсең ченеп ал
Эркиндик деп калп айтып,
Бузукулук ою бар.
Жердин жүзүн бир түздөп,
Ээлеп алчу жери бар.
Эркиң бербес болсоң сен,
Согуш аччу жери бар.
Маңкурт болуп кыйралсаң,
Эркиндик деп макташат.
Улут болуп жоголсоң,
Аны баары каалашат.
Чет өлкөдөн угабыз:
“Эркин болбой калыпсыз”.
Күлмүңдөшүп күлүшөт,
Бизди жапайы көрүшөт.
Вери, вери, вери, гуд,
Жинди болбой бизди ук.
Мына сага акча деп,
Биздин ишти жакта деп,
Бизде баары жакшы деп,
Көздү карап алдашат. Укмуш жашоо келет деп,
Калп айтышып макташат.
Вери, вери, вери, гуд,
Кулак салып, мени ук.
Биз жапайы эмеспиз,
Эркиндигиң керексиз.
Андай болсо төмөндө,
Эркин сүйлөп айтайын.
Ийне-жибин чечмелеп,
Мен кыргызча баштайын.
Эркиндик деп кыйкыртып,
Элдин оюн алдыңар.
Эркиндик деп бакыртып,
Кара жолго салдыңар.
Чачырады араба,
Ээн-эркин талаада.
Хандарыбыз кан кечип,
Тоноп качты сандалып.
Партиялар жайнады,
Жаргылчактан айдады.
Талкалады талкандай,
Бири-бирине чалкандай.
Парламент деп шайлашып,
Аралары жеп-жутар. Жыйынтыгын ким көрдү,
Кимде жашоо өзгөрдү?
Мына ошол талаада,
Жыйырма жылдай жатабыз.
Эркиндиктин айынан,
Жоголгонго барабыз.
Үй-бүлөңдүн ичине,
Сойлоп кирди эркиндик.
Жаңжал салып, кас кылып,
Жайлап кирди эркиндик. Аял менен эркекти,
Тирештирди эркиндик.
Күчтүү менен алсызды,
Тытыштырды эркиндик. Гендер, гендер теңдиги,
Долуларың “Мен!” деди.
Эмансипе дедирди,
Үйдүн кутун кетирди.
Тоокканада тооктор,
Короз болом дегендей.
Короз болсо тукум тууп,
Жөжө бассын дегендей. Балаң жүрөт соттошуп,
Укугуна жармашып.
Инисинин үйүнөн,
Теңин бөлүп алам деп. Кызың жарым жылаңач,
Көзүң кантип уялбайт?!
Эркиндиктин айынан,
Өз атасы тыя албайт. Эркиндикти үйүңө,
Кучак жайып киргиздиң.
Карылардын үйүндө,
Жашап калсаң түңүлбө. “Көгүштөрдү” көбөйтүп,
Укуктарын коргошуп.
Эки эркек сүйдү деп,
Үйлөндүрүп коюшуп. Эркин жүргөн айбандар,
Мындай кылбайт эч качан.
Акылы жок макулук,
Бийик болду адамдан. Эркиндиктин артынан,
Ыймансыздык жашынган.
Шайтан кейпин кийишип,
Эки жүздү жамынган. Мына сага эркиндик,
Жаман ишти ак деген.
Мына сага эркиндик,
Арамдарды кайф деген. Үйрөтчүлөр силерби,
Эркиндикти кыргызга?
Кылымдарды карыткан,
Ташка жазган кыргызга. Кыргыз болсо чечмелейт,
Эрк адамдын ичинде.
Пейилинде, дилинде,
Мээнет кылган дининде. Себеби бул эркиндик,
Адам менен жаралат.
Энең менен тогуз ай,
Кан-жаныңа таралат. Демек, бардык пендени,
Эркин кылып жараткан.
Себеп бардык пендени,
Тегиз сүйөт Жараткан.
Эркин коюп адамды,
Тегиз баарын сынайбы?
Оң бутуң бар, солуң бар,
Эки жакка жолуң бар.
Оролгондо кепинге,
Бул дүйнөдөн кеткенде,
Кайгырганың көп болот,
Жалынганың кеч болот.
Укпадым деп айтпагын,
Айтпадым деп айтпагын.
Саждага сал боюңду,
Тандап алгын жолуңду.
Ак - ишиңде адал иш,
Кара болсо - арам иш.
Айырмасын билгенде,
Мына ошол эркиндик.
Бир Алладан кепилдик,
Эркиндигиң диниңде.
Башка жактан издебе,
Жүрөгүңдүн ичинде.
Сага жаккан эркиндик,
Мага жаккан эркиндик.
Адамзатка эркиндик,
Бүт ааламга эркиндик.
Эркиндик, эркиндик, эркиндик...
'Эркиндик'
Эркиндиктин чеги бар,
Эбин билсең ченеп ал
Эркиндик деп калп айтып,
Бузукулук ою бар.
Жердин жүзүн бир түздөп,
Ээлеп алчу жери бар.
Эркиң бербес болсоң сен,
Согуш аччу жери бар.
Маңкурт болуп кыйралсаң,
Эркиндик деп макташат.
Улут болуп жоголсоң,
Аны баары каалашат.
Чет өлкөдөн угабыз:
“Эркин болбой калыпсыз”.
Күлмүңдөшүп күлүшөт,
Бизди жапайы көрүшөт.
Вери, вери, вери, гуд,
Жинди болбой бизди ук.
Мына сага акча деп,
Биздин ишти жакта деп,
Бизде баары жакшы деп,
Көздү карап алдашат. Укмуш жашоо келет деп,
Калп айтышып макташат.
Вери, вери, вери, гуд,
Кулак салып, мени ук.
Биз жапайы эмеспиз,
Эркиндигиң керексиз.
Андай болсо төмөндө,
Эркин сүйлөп айтайын.
Ийне-жибин чечмелеп,
Мен кыргызча баштайын.
Эркиндик деп кыйкыртып,
Элдин оюн алдыңар.
Эркиндик деп бакыртып,
Кара жолго салдыңар.
Чачырады араба,
Ээн-эркин талаада.
Хандарыбыз кан кечип,
Тоноп качты сандалып.
Партиялар жайнады,
Жаргылчактан айдады.
Талкалады талкандай,
Бири-бирине чалкандай.
Парламент деп шайлашып,
Аралары жеп-жутар. Жыйынтыгын ким көрдү,
Кимде жашоо өзгөрдү?
Мына ошол талаада,
Жыйырма жылдай жатабыз.
Эркиндиктин айынан,
Жоголгонго барабыз.
Үй-бүлөңдүн ичине,
Сойлоп кирди эркиндик.
Жаңжал салып, кас кылып,
Жайлап кирди эркиндик. Аял менен эркекти,
Тирештирди эркиндик.
Күчтүү менен алсызды,
Тытыштырды эркиндик. Гендер, гендер теңдиги,
Долуларың “Мен!” деди.
Эмансипе дедирди,
Үйдүн кутун кетирди.
Тоокканада тооктор,
Короз болом дегендей.
Короз болсо тукум тууп,
Жөжө бассын дегендей. Балаң жүрөт соттошуп,
Укугуна жармашып.
Инисинин үйүнөн,
Теңин бөлүп алам деп. Кызың жарым жылаңач,
Көзүң кантип уялбайт?!
Эркиндиктин айынан,
Өз атасы тыя албайт. Эркиндикти үйүңө,
Кучак жайып киргиздиң.
Карылардын үйүндө,
Жашап калсаң түңүлбө. “Көгүштөрдү” көбөйтүп,
Укуктарын коргошуп.
Эки эркек сүйдү деп,
Үйлөндүрүп коюшуп. Эркин жүргөн айбандар,
Мындай кылбайт эч качан.
Акылы жок макулук,
Бийик болду адамдан. Эркиндиктин артынан,
Ыймансыздык жашынган.
Шайтан кейпин кийишип,
Эки жүздү жамынган. Мына сага эркиндик,
Жаман ишти ак деген.
Мына сага эркиндик,
Арамдарды кайф деген. Үйрөтчүлөр силерби,
Эркиндикти кыргызга?
Кылымдарды карыткан,
Ташка жазган кыргызга. Кыргыз болсо чечмелейт,
Эрк адамдын ичинде.
Пейилинде, дилинде,
Мээнет кылган дининде. Себеби бул эркиндик,
Адам менен жаралат.
Энең менен тогуз ай,
Кан-жаныңа таралат. Демек, бардык пендени,
Эркин кылып жараткан.
Себеп бардык пендени,
Тегиз сүйөт Жараткан.
Эркин коюп адамды,
Тегиз баарын сынайбы?
Оң бутуң бар, солуң бар,
Эки жакка жолуң бар.
Оролгондо кепинге,
Бул дүйнөдөн кеткенде,
Кайгырганың көп болот,
Жалынганың кеч болот.
Укпадым деп айтпагын,
Айтпадым деп айтпагын.
Саждага сал боюңду,
Тандап алгын жолуңду.
Ак - ишиңде адал иш,
Кара болсо - арам иш.
Айырмасын билгенде,
Мына ошол эркиндик.
Бир Алладан кепилдик,
Эркиндигиң диниңде.
Башка жактан издебе,
Жүрөгүңдүн ичинде.
Сага жаккан эркиндик,
Мага жаккан эркиндик.
Адамзатка эркиндик,
Бүт ааламга эркиндик.
Эркиндик, эркиндик, эркиндик...
#13 30 June 2015 - 03:39
Ильястын ыры, Мирбек Атабеков:
Сөзү: Түгөлбай Казаковдуку
Обону: Түгөлбай Казаковдуку
Мен Көлгө жалгыз келип, байыр алдым,
Тургуздум махабаттын пайдубалын.
Жаштыгым татаал жолдон жаңылышып,
Долондон канатымды кайрып алдым.
Кумдан көп биздин күндөр, өткөн-өткөн,
Келермин аман болсо да бир көксөө,
Азыр мен жалгыз учкан, ак куу болуп,
Баратам бакыт издеп Памир көздөй.
Сен эсен кусалыкка сезимимди,
Жаздыгы салкын желден, кабар улай,
Мен жокто сылай жүр деп саамайынан,
Тапшырдым Ысык-Көлдүн шамалына.
Жээгине жалгыз келип байыр алдым,
Тургуздум махабаттын пайдубалын.
Жаштыгым татаал жолдон жаңылышып,
Долондон канатымды кайрып алдым.
Сөзү: Түгөлбай Казаковдуку
Обону: Түгөлбай Казаковдуку
Мен Көлгө жалгыз келип, байыр алдым,
Тургуздум махабаттын пайдубалын.
Жаштыгым татаал жолдон жаңылышып,
Долондон канатымды кайрып алдым.
Кумдан көп биздин күндөр, өткөн-өткөн,
Келермин аман болсо да бир көксөө,
Азыр мен жалгыз учкан, ак куу болуп,
Баратам бакыт издеп Памир көздөй.
Сен эсен кусалыкка сезимимди,
Жаздыгы салкын желден, кабар улай,
Мен жокто сылай жүр деп саамайынан,
Тапшырдым Ысык-Көлдүн шамалына.
Жээгине жалгыз келип байыр алдым,
Тургуздум махабаттын пайдубалын.
Жаштыгым татаал жолдон жаңылышып,
Долондон канатымды кайрып алдым.
#14 30 June 2015 - 03:46
Дагы беки
калын элди жамандаба
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
#15 30 June 2015 - 10:05
Дайыр Исмадияров
"Сен сүйсөң болбойбу?"
Жакшы көрүп, жактырдым мен,
Жарыгым сага жалынып.
Жалгыз сенсиң менин жарым,
Жароокерим, жыргалым.
Кайырма:
Мен эле сүйөм, мен эле,
Сен сүйбөйсүң мени эмнеге?
Созолонуп сыр бербейсиң,
Сыр бербеген сырдуум жүрөк эзбе.
Мөлтүрөгөн бүлдүркөнсүң, Кызыктырып, кызгантып,
Мен эле сүйүп жүрө беремин,
Сен сүйсөң болбойбу?
Кайталайсың, кадаланып,
Кайрып каш-кабагың,
Кара көзүң, калем кашың,
Кармап арбап, байладың.
"Сен сүйсөң болбойбу?"
Жакшы көрүп, жактырдым мен,
Жарыгым сага жалынып.
Жалгыз сенсиң менин жарым,
Жароокерим, жыргалым.
Кайырма:
Мен эле сүйөм, мен эле,
Сен сүйбөйсүң мени эмнеге?
Созолонуп сыр бербейсиң,
Сыр бербеген сырдуум жүрөк эзбе.
Мөлтүрөгөн бүлдүркөнсүң, Кызыктырып, кызгантып,
Мен эле сүйүп жүрө беремин,
Сен сүйсөң болбойбу?
Кайталайсың, кадаланып,
Кайрып каш-кабагың,
Кара көзүң, калем кашың,
Кармап арбап, байладың.
#16 30 June 2015 - 10:13
Аваз Акимов
"Ошондо да сүйөм"
Жалбырактай бул жүрөк,
Унута албай жаз күнүн.
Унута албай эңседим,
Сүйгөнүмдүн наздуу үнүн.
Менин жаныма, менин көзүмө,
Жамгыр жаадырып, Сен кайда жүрдүң жаным,
Сагынды сени менин жүрөгүм.
Акылымды алып, алып.
Сени колдон учурдум.
Кайран көңүл калып, калып,
Кол жетпесин түшүндүм.
Мен кайра бакытты элестетем өзүңсүз,
Сан гүлдөрдүн ичинен, Ошондо да сенде көңүлүм.
Кайырма:
Жаным сен мени сүйбөсөң да,
Бала жүрөгүм алданып калды.
Жылынар бир сөз айтпасаң да,
Жаным, ошондо да сүйөм.
Акылымды алып, алып.
Сени колдон учурдум.
Кайран көңүл калып, калып,
Кол жетпесин түшүндүм.
Мен кайра бакытты элестетем өзүңсүз,
Сан гүлдөрдүн ичинен, Ошондо да сенде көңүлүм.
"Ошондо да сүйөм"
Жалбырактай бул жүрөк,
Унута албай жаз күнүн.
Унута албай эңседим,
Сүйгөнүмдүн наздуу үнүн.
Менин жаныма, менин көзүмө,
Жамгыр жаадырып, Сен кайда жүрдүң жаным,
Сагынды сени менин жүрөгүм.
Акылымды алып, алып.
Сени колдон учурдум.
Кайран көңүл калып, калып,
Кол жетпесин түшүндүм.
Мен кайра бакытты элестетем өзүңсүз,
Сан гүлдөрдүн ичинен, Ошондо да сенде көңүлүм.
Кайырма:
Жаным сен мени сүйбөсөң да,
Бала жүрөгүм алданып калды.
Жылынар бир сөз айтпасаң да,
Жаным, ошондо да сүйөм.
Акылымды алып, алып.
Сени колдон учурдум.
Кайран көңүл калып, калып,
Кол жетпесин түшүндүм.
Мен кайра бакытты элестетем өзүңсүз,
Сан гүлдөрдүн ичинен, Ошондо да сенде көңүлүм.
#17 30 June 2015 - 10:18
Сагыныч "Арзуу"
Сезимдер ыйлап, ыйлап,
Жүрөгүм туйлап турат.
Экөөбүз түшкөн сүрөт,
Жанымды кыйнап, кыйнап.
Кечирип издеп келем,
Кейиткен сөздөрүмө. Келет деп үмүт менен,
Зар болом көздөрүңө.
Кайырма:
Арзуум бар сага деген,
Сен сезип билесиңби?
Кайгымды унуткарып,
Кайрылып келесиңби?
Өзүмдү арнап сунам, Ардагым болосуңбу?
Кыялкечим, периштем,
Багыма коносуңбу?
Кетсең да, менден узап,
Кыялым сага учат.
Ак сүйүүм жүрөктү эзип,
Арманым алды тушап.
Турамын сен деп ырдап
Гитара кылы сыздайт. Кел эми кечир мени,
Таарынтып алгам сыңар.
Сезимдер ыйлап, ыйлап,
Жүрөгүм туйлап турат.
Экөөбүз түшкөн сүрөт,
Жанымды кыйнап, кыйнап.
Кечирип издеп келем,
Кейиткен сөздөрүмө. Келет деп үмүт менен,
Зар болом көздөрүңө.
Кайырма:
Арзуум бар сага деген,
Сен сезип билесиңби?
Кайгымды унуткарып,
Кайрылып келесиңби?
Өзүмдү арнап сунам, Ардагым болосуңбу?
Кыялкечим, периштем,
Багыма коносуңбу?
Кетсең да, менден узап,
Кыялым сага учат.
Ак сүйүүм жүрөктү эзип,
Арманым алды тушап.
Турамын сен деп ырдап
Гитара кылы сыздайт. Кел эми кечир мени,
Таарынтып алгам сыңар.
#18 30 June 2015 - 10:24
Мирбек Атабеков "Унута албайм"
Атыңды угуп калсам капыстан,
Алоолоп күйүп-жанам унчукпастан.
Унут деп өзүмдү-өзүм алдасам да,
Ичимен берилип улутунам.
Көрө албаска, ал сөздөргө азгырылып,
Мен жүрөм жолун таппай, жазыгымдын.
Таң калам жоругуна ашыгымдын,
Ишенип, ишене албай...
Кайырма:
Азыр деле жашайсың,
Жүрөгүмдөн өчүрө албайм.
Ак сүйүүмдү башка жанга,
Көчүрө албайм, унута албайм,
Баары бир сени...
Күч барбы түйүп коер сүйгөн жанды,
Сен мага ишенбедиң айла барбы.
Канчалык мен өзүмдү-өзүм сооротсом да,
Жүрөктүн буйругуна арга барбы?
Таттуу тилек, максаттар кайда калды,
Кол жеткис көк мелжиген жайда калды.
Курманы болбойлу айың кептин,
Өчпөгөн үмүт калды...
Атыңды угуп калсам капыстан,
Алоолоп күйүп-жанам унчукпастан.
Унут деп өзүмдү-өзүм алдасам да,
Ичимен берилип улутунам.
Көрө албаска, ал сөздөргө азгырылып,
Мен жүрөм жолун таппай, жазыгымдын.
Таң калам жоругуна ашыгымдын,
Ишенип, ишене албай...
Кайырма:
Азыр деле жашайсың,
Жүрөгүмдөн өчүрө албайм.
Ак сүйүүмдү башка жанга,
Көчүрө албайм, унута албайм,
Баары бир сени...
Күч барбы түйүп коер сүйгөн жанды,
Сен мага ишенбедиң айла барбы.
Канчалык мен өзүмдү-өзүм сооротсом да,
Жүрөктүн буйругуна арга барбы?
Таттуу тилек, максаттар кайда калды,
Кол жеткис көк мелжиген жайда калды.
Курманы болбойлу айың кептин,
Өчпөгөн үмүт калды...
#19 30 June 2015 - 10:31
Алтынбек Борошов
'Балама'
Сагындым "атоо" деген сөзүңдү,
Эзилемин ойлой берип өзүңдү.
Жүрсөң керек ата жытын унута албай,
Жолду карап күткөнүңдө,
Каректериң талыганда ыйлай-ыйлай.
Бул күндөр да өтүп кетер, эсен жүрчү, уулум, ай,
Аман жүрчү, балам, ай,
Эзилемин, эзип ийдиң, балам, ай. Мени сенден, сени менден айрыган,
Тагдырдын таш боордугун жеңбедик.
Жашооң атасыз күн, арман буюрган,
Апакеңдин мерездигин,
Жеңил ойлуу сезимдерин, аттиң, кантейин?
Бул күндөр да өтүп кетер, эсен жүрчү, уулум, ай,
Аман жүрчү, балам, ай,
Сагынычтан эзилемин, эзип ийдиң, балам, ай. Эр жеткенде калыстап сен түшүнөрсүң,
Туям, балам, тагдырыңа өкүнгөнүң.
Баладай бажырайып ойной албай,
Бактылууну көргөнүңдө,
Аталууну көргөнүңдө өксүгөнүң.
Бул күндөр да өтүп кетер, эсен жүрчү, уулум, ай,
Аман жүрчү, балам, ай,
Эзилемин, эзип ийдиң, балам, ай.
'Балама'
Сагындым "атоо" деген сөзүңдү,
Эзилемин ойлой берип өзүңдү.
Жүрсөң керек ата жытын унута албай,
Жолду карап күткөнүңдө,
Каректериң талыганда ыйлай-ыйлай.
Бул күндөр да өтүп кетер, эсен жүрчү, уулум, ай,
Аман жүрчү, балам, ай,
Эзилемин, эзип ийдиң, балам, ай. Мени сенден, сени менден айрыган,
Тагдырдын таш боордугун жеңбедик.
Жашооң атасыз күн, арман буюрган,
Апакеңдин мерездигин,
Жеңил ойлуу сезимдерин, аттиң, кантейин?
Бул күндөр да өтүп кетер, эсен жүрчү, уулум, ай,
Аман жүрчү, балам, ай,
Сагынычтан эзилемин, эзип ийдиң, балам, ай. Эр жеткенде калыстап сен түшүнөрсүң,
Туям, балам, тагдырыңа өкүнгөнүң.
Баладай бажырайып ойной албай,
Бактылууну көргөнүңдө,
Аталууну көргөнүңдө өксүгөнүң.
Бул күндөр да өтүп кетер, эсен жүрчү, уулум, ай,
Аман жүрчү, балам, ай,
Эзилемин, эзип ийдиң, балам, ай.
#20 30 June 2015 - 10:46
Нурлан Насип, Сайкал Садыбакасова
"Бакыт издедик"
Бул өмүрдө ак сүйүү бир келет,
Ар жүрөккө бирден түгөй берет.
Ишене бергин жалган жашоодо,
Өзүңдү сүйгөн сезим өзгөрбөйт.
Билемин жаным ишениш керек,
Мындай сезимди жүрөк сезе элек.
Кыялдарымды өзүңө арнайм,
Жакшы тилектер кепилдик берет.
Кайырма:
Сен, мен бакыт издедик,
Тандап кимди сүйбөдүк.
Бакыт дайыма жанаша,
Жүрсө неге сезбедик.
Махабатыбыз ынтымак берсин,
Бакыттын дамын жүрөктөр сезсин.
Сүйүүнүн күчү күн өткөн сайын,
Салкындап кетпей, эселеп өссүн.
Жан шерик издеп, ак сүйүү таптым,
Көп жигиттерден бир өзүң жактың.
Түбөлүк сүйөм, сага сөз берем,
Жөлөгүм сенсиң, таалайым, бактым.
"Бакыт издедик"
Бул өмүрдө ак сүйүү бир келет,
Ар жүрөккө бирден түгөй берет.
Ишене бергин жалган жашоодо,
Өзүңдү сүйгөн сезим өзгөрбөйт.
Билемин жаным ишениш керек,
Мындай сезимди жүрөк сезе элек.
Кыялдарымды өзүңө арнайм,
Жакшы тилектер кепилдик берет.
Кайырма:
Сен, мен бакыт издедик,
Тандап кимди сүйбөдүк.
Бакыт дайыма жанаша,
Жүрсө неге сезбедик.
Махабатыбыз ынтымак берсин,
Бакыттын дамын жүрөктөр сезсин.
Сүйүүнүн күчү күн өткөн сайын,
Салкындап кетпей, эселеп өссүн.
Жан шерик издеп, ак сүйүү таптым,
Көп жигиттерден бир өзүң жактың.
Түбөлүк сүйөм, сага сөз берем,
Жөлөгүм сенсиң, таалайым, бактым.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео











