– Ээ, Ысмайыл! Ээ, болбойсуңбу,
ботом! Түш оогону калды, элдин баары сени эле күтүп жатышат,-деп кызаңдады Жоробек. Чын да. Элдин баары акча чогултуп, жапа тырмак үйлөргө свет киргизип алалы деп жанталашып атканда мунун түшкө чейин уктап жатышы кимге жаксын!
Жоробек Ысмайылдын эшиктеш кошунасы. Былтыр бул жерлерди «захват» менен алышып, жайлата кыш куюп, шымалана иштешип, эки бөлмөлүү жепирейген там салганга жетишишкен.
Ошондо да экөө бири-бирине жардам берип, бири кыш көтөрүп берсе бири ылай чылап, анда-санда эс алганда жүз граммдан «чым» эттирип коюп иштешчү. Күзгө чейин эптеп там салганга гана жетишишип, дубалдары тосулбай калган. Ошондуктан,
экөөнүн тамы бир короодой болуп биригип, эртең менен туалетке чыкканда эле кезигише турган. Ойгоно калып эле көргөн кошуналар бири-бирин сый тамакка чакырышып, балдары чогуу ойноп өзүнчө карым-катнаш түзүп алышты. Анын үстүнө жердиги да экөөнүкү бир. Сүйлөгөн тили да бир, дили да бир дегендей эле. Кыркка чыгып, биринчи жолу жепирейген болсо да өз үйлөрүнө жетишип үй ээси, кожоюн болгондоруна экөө тең корстон эле. Бир гана жаман жери, бул жерде жашоого эч кандай шарт түзүлө элек. Кыштата светтин жоктугунан аябай кыйналышты.
Кеч күздө тезек терип, бир топ чогултуп коюшканы менен ал эч нерсеге жараган жок. Кыштын биринчи суугунда эле түгөнүп калды. Отун сатып алганга акча жок. Бир тал сындырым чырпык таппаган бул жерде айылдагыдай отунга барып келе калыш кайда...
Ошентип, жакынкы базардан коробка терип келип, ошону эптеп жагып отуруп өлбөгөн жанга жаз келген. Ушундай эле тагдырды көргөн коңшулар чогулуп свет коюну туура көрүшкөн. Мамлекетти күтө берсе эч нерсе чыкчудай эмес. Ошондуктан,
ар ким өз чөнтөгүнөн акча чыгарып, зым карагай, ток өткөрүүчү зым сатып алышты. Электриктер:
«Зым карагайларды орнотсоңор,
биз свет улап беребиз»,-дешкен.
Ошондон кийин, кошуналар ар ким өзүнө берилген мерчемдүү жерде зым карагайга орун казып өткөзмөк болушкан. Бүгүн Жоробек менен Ысмайылдын кезеги болчу. Жоробек таң эрте эле күрөгүн алып, ломун көтөрүп бөлүнгөн жерди казганга киришкен. Себеби, электриктер Жоробектерге чейинки жерге свет улашып, буларды гана күтүп атышкан. Свет да эрте коюлганы жакшы эмеспи. Эки сааттай далысынан буу чыгара иштегенден кийин колдору карышып, лом көтөрө албай чарчап калды. Кошунасын «ана чыгат, мына чыгат» деп акыйып күтүп жатып, мойну кыйшайды. Акыры, такыр жадаганда эшигин тыкылдатып кыйкырып атканы ушул болчу:
– Ысмайыл! Э, ойгонбойсуңбу,
Ысмайыл!
– Мына, мына кошуна. Ойгондум,-деген уйкулуу үн менен кошо мойнуна майкасын илип, шымын жарымына чейин шымданган Ысмайыл чуркап чыкты.
Көздөрү чылпактап, түшкө чейин уктагангабы бети шишип чыгыптыр.
Тигинин мындай ырайын көрүп Жоробек жийиркенгендей сүйлөдү:
– Түшкө чейин уктайсыңбы?
Кыйкырып атам же сезип койсоңчу. Түндө таң аткыча ичкен окшойсуң, э?
Көздөрүн кымыңдатып,
мени эмне чакырган жоксуң дегендей кылды.
Ысмайыл да дайыма бири-бирин чакырышып жүрүшүп кечээ чакырбай калганына уялгандай жыгылыштуумун дегендей мукактанды:
– Тиги Россиядагы кайнимди билесиң да, ошол келип кечинде кеч жатканбыз.
Ысмайыл ого бетер таарынычын билгизе:
– Демек, айда чардаган турбайсыңбы.
Мен таң атпай жер казып иштеп атсам, сен базарлыкты сиңире албай жаткан турбайсыңбы?
..
– Жок, кошуна. Базарлык бар. Сага кечинде алып койгом. Кантип сени унутуп калайын,-деген Ысмайыл үйүнө чуркаган бойдон кирип бир бөтөлкө арак закускеси менен алып чыкты.
Экөө тамдын көлөкөсүнөн орун алышып, тигинден бирден согуп жиберишти. Ич жылып, дене жазылып, таарынычтар айтылгандай кийин Ысмайыл Жоробекке ортоноюн көргөздү. Тагыраак айтканда, ортоноюндагы кайниси белек кылган алтын шакекти көргөздү.
– Мына кара!-деди бир аз кызый түшүп мактангысы келген Ысмайыл. – Кандай кайним бар экен? Көрдүңбү, муну Орусиядан алыптыр. Орусияда 20 миң турат дейт.
Жоробек Ысмайылдын колундагы шакекке карап соңуркап калды.
– Ой-ий, укмуш турбайбы. Майла муну эми,-деди.
Ысмайыл да каршы болбойм дегендей үйдөн дагы бирди алып чыкты.
Экинчинин мойнун кескенден кийин экөө бир аз масайып калышкан. Антсе да, бирөө күрөктү алып, бирөө лом сайып аң каза башташты. Антпесе, кошуналар «тез өткөрбөйсүңөр» деп жемелешмек.
Улам ломду жерге урган сайын Жоробектин көзүнө Ысмайылдын шакеги жарк эте уруна берди. Улам сугу артып, тигил колун көтөргөн сайын шакеги күнгө жаркырай түшүп аткандай болуп жатты. Топурак ыргытып жатса да чаңдын арасынан шакектин жаркыраганы көрүнүп турду ага.
Тээ илгери (азыр ошол күндөр тээ илгери бир окуядай сезилет ага) эч нерсени көзгө илбей көөп жүргөн маалында колдоруна, мойнуна ушундай шакектерди тагынганды жакшы көрчү. Жаш да, колунда шакек турса өзүн башкача сезчү. Сакалы көгөрүп, кырктын кырынан өтүп, токтолдум деп калганы менен ошол жаш кезиндеги кызыгы эсине түшүп кеттиби же ичтегинин таасири бекен, кудум жаш болуп кеткенсип досунун шакектүү болуп калышына чындап ичи күйүп жатты. Анан да шакектин кымбаттыгын,
кооздугун айт. Тим эле тигинин ортоноюна атайлап жасалгансып бап келет экен.
Канча аракет кылып ойлобоюн десе да, Жоробектин оюнун баары шакекте боло берди.
Бир кезде күн күркүрөп, өткүн сымал жамгыр жаап кирди. Экөө бир аз эс ала турмакка тамдын жаан тийбей турган жагына жашынышты. Айлана баткак болуп, кудум сел жүрчүдөй төгүп жааганы менен күн кайрадан ачылып жаан бат эле басылып калды. Экөө бул учурда жакшы эле соолугуп калышкан. Эки зым карагайдын ордун бат эле казып бүтүшүп, электриктерди чакырышты. Электриктер орнотулган зым карагайларга зым чубашып ток улай башташты. Жоробек үйгө суу ичкени кирген. Бир убакта «чар» деген үн чыгып эле эл ызы-чуу түшүп калышты. Чуркап эшикке чыгып эле көргөн көзүнө ишене албай калды. Ысмайыл чалкасынан түшүп жатыптыр. Эл тегеректеп бетине суу чачып, бири тез жардам чакырып чуркап жүрүшүптүр.
Чуркап жетип эле Ысмайылды жулкулдатып кирди. Карагайдан ток түшүп, ал Ысмайылга тийген экен. Ысмайылдын денеси бир аз карарып, көздөрү ачылбай сулк жатат. Жүрөгүн тыңшап, тамырын кармап көрүштү. Жүрөгү сокпой калыптыр. Аңгыча тез жардам жетип келди. Ысмайылдын төшүн аппараты менен тыңшагандан кийин доктур башын чайкап, өтүп кеткенин айтты. Турган эл ызы-чуу боло бири боз үйүн алып келип тигишип, бири туугандарына кабар айтып, бири көр казганга кетишти. Бир күн салтын жасаган кылып аялдар кошок кошуп, жаш балдар таяк таянып өкүрүштү.
Эртеси сөөктү жууп, жаназага алып келишти. Сөөк жууганы кирген Ысмайылдын жакын адамдары сөөк жууп атышып баягы шакекти канча аракет кылышса да маркумдун колунан чыгара албай коюшту. Шакек тагылган манжасы шишип чыкпай калыптыр. Молдо да «өлүктүн манжасын кескиче ушул бойдон эле көмө берели» деди. Эч ким каршы болгон жок. Бир гана ушундай баалуу шакек эч нерсеге жарабай көргө кетип атканына Жоробектин ичи ачышып турду. Жаназа окулуп, туугандары ыйлап, эркектер сөөктү көргө алып кетишти.
Сөөк коюлгандан кийин ар ким бөлүнгөн үйлөргө эт жеп, куран окутканы жайгашышты.
Эт желип, куран окулгандан кийин ар кимиси жай-жайына тарашты. Көпчүлүктүн арасынан бир гана Жоробектин шакектин көрдө калганына ичи ачыша берди. Жанатан тирүү кезинде сурап калсам болмок экен. Ал сөзсүз бермек деп ойлоду. Ушуну ойлоп алгандан кийин таптакыр тура албай калды. Иңир кирип, жерди караңгылык каптай баштаганда баягы лому менен күрөгүн алып, Жоробек мүрзөлөрдү көздөй жөнөдү.
Желе жорто басып көргө жеткенден кийин бир аз эки жагын абайлап карап турду. Эч ким жок. Мүрзөлөр гана шоңкоюп айдын жарыгында сүрдүү көрүндү. Жоробек ичинен «тобокел» деди. Бирок да, даап жаңы үйүлгөн топуракка күрөк сая албай апкаарып калды. «Өлүктөн эмес, тирүүлөрдөн коркуш керек» деген Ысмайылдын сөзү эсине келе түштү. Ошондон кийин колуна күч келип, жүрөгүнүн алеп-желеп сокконуна карабай топуракка күрөгүн сайды. Эч нерсе болгон жок. Жоробек эки жагын каранды. Бардыгы баягындай эле калыпта туруптур. Бир гана Жоробектин өзү эзелтен эч ким буза элек, бул жердин калыптанган мыйзамын, мүрзөлөрдүн өлүү тынчтыгын бузуп тургандай болчу. Ошондуктан,
анын коркунучтан селтең эткен карааны бул жерге коошпой турган...
Бир аз иштегенден кийин чекесинен тер чыпылдай түштү. Денеси жибип эми коркуудан арыла баштаганда көрдүн кирпич коюлган оозуна жетти. Кирпичтерди алып ыргытып ийди да аңырайган көрдүн сүрүнөн коркуп, дабдырай түштү. Бир аз ошентип тургандан кийин өзүн-өзү токтотуп, көрдүн ичине кирмекке эңкейди. Ушул учурда көрдөн кимдир бирөөнүн кыңкыстаган үнү чыкты. Жоробек шашып калды. Эмне кылаарын билбей көзү чанагынан чыгып, көрдөн секирип чыкты. Бирок, кайра өзүн-өзү токтотту. Балким, коркконунан жөн эле угулуп атпасын? Коркконго кош көрүнөт болуп жүрбөсүн? «Чын эле» деди ичинен. «Коркконго кош көрүнөт болуп жатат, кой, аягына чыгарайын, ушунча болду шакекти алып кетейин» деп ойлонду. Чоң-чоң дем алып алгандан кийин ичинен келме келтирип, кайра көргө секирип түшөйүн деп жатып көргөн көзүнө ишене албай катып калды. Көзүң жамандыкты көрбөсүн, көрдүн оозунан кимдир бирөө колдорун арбаңдатып чыгып келе жатыптыр. Жоробек кыйкырып жиберди. Бирок, үнү бүтүп калгандай чыкпай калды.
Көзүнө көрүнүп жатабы же чын эле бирөө чыгып келе жатабы, аңдай алган жок. Тиги көрдөн чыгып келе жаткан неменин колунда айдын жарыгына чагылышып, жылтылдап аткан шакекти да көргөн жок. Нымдуу жер Ысмайылдын денесиндеги токтун уусун соруп алгандан кийин Ысмайылга жан кирип, жан соогалап, көрдөн чыгып келе жатканын байкаганга Жоробектин алы келбеди.
Нес боло бурулду да кайдадыр чуркап жөнөдү.
***
Эртеси айыл «Ысмайыл тирилиптир» деген кабар менен ойгонду. Ысмайылды тааныгандар да, тааныбагандар да бул укмуштуу окуяны көрүү үчүн агылып келип жатышты. Ысмайыл төрдө төшөктө жатат. Бети-башы карарып кеткени менен жакшы болуп калгандай. Башын ак марли менен таңып, улам оозуна суу тамчылатып жанында аялы отурат. Келгендер кечээ эле көргө коюлган Ысмайылды көрүп эстери ооп, көргөн көздөрүнө ишене албай жатышты. Акыры күбүр-шыбыр боло түндөгү болгон окуяны бири-бирине айтып, ар кимиси кошумча кошуп апыртып да жиберди. Ар ким окуяны ар кандай угуп «жо-ок, андай эмес, мындай экен» деп бири-бири менен талашып-тартышып жатышты. Бири «Ысмайылдын колдоочусу көрдөн келип, досу Жоробекти көргө сыйкырлап барып сөөктү каздыртып чыгыптыр. Байкуш Жоробек буга жүрөгү чыдабай, көрдү казып бүтүп эле оңкосунан кетиптир» десе, кай бирлер «кайран ач көздүк Жоробектин жанын алыптыр» деп жатышты.
Ал күнү көрдөн алыс эмес жерге барып жүрөгү токтоп кулап калган Жоробектин сөөгүн үйгө алып келишти. Туугандарга кабар айтылып, ар кай жерден туугандар келип, күбүр-шыбыр токтобой, молдо жаназа окуп, аялдар жакасын кармана, эркектер Ысмайылга казылган көрдү көздөй Жоробектин сөөгүн көтөрүп жөнөштү. Эркектер менен кошо балдак таянып Ысмайыл да барды. Тегерете күрөктөр сунулуп, ар ким келме келтирип, маркумга атап топо сала башташты. Ысмайыл колундагы шакекти зордоп сууруп чыгарды да, топо менен кошо, күрөккө салды. Күрөк айланып, келгендердин баары топо салгандан кийин жигиттер шуулдата көмүп башташты. Баягы топурак кайрадан үйүлүп турду. Сөөк коюлгандан кийин молдо үч ирет куран окуду. Кетип баратып «коркпой жат, Жоробек» дешти келгендер.
Күрөктөрдү көтөргөн эркектер үйгө жакындаары менен өкүрүп киришти. Балдак таянып Ысмайыл да өкүрүп келе жатты. Кошуналар, туугандар көздөрүнө жаш алып Жоробекти аяп ыйлап келе жатышты.
Ысмайыл гана ичинде Жоробек шакегине кызыгып көрүн ачканына ыраазы болуп рахмат айтаарын билбей же болбосо "дос эмес экенсиң" деп таарына албай бир кызыктай абалда болду...
(Аягы)
Шакек
#7 05 July 2015 - 22:02
Бир шакек учун нелер гана болуп кеткен,бирок досу аман калып озу олуп калганы болбой калыптыр да...

Супер-Инфо
super.kg
видео














