Айкалышып — экөөлөп!..
— деп Жунуш ырын муңдантып барып токтотту.
Жыпар, үмүт, бакыт толгон көзү менен Жунушка карады. Олтурган элдин баары күрсүнүп, оңтойлонуп олтурушту, баарынын өңүндө ыраазылык, жалгасын айтуу көрүнүп турат. Далай жигиттер бир далайга дейре кошомат кылып, сүрөөнчү болушту. Келиндердин эпчилдери өздөрүнө имере тартып, көз ирмешти. Кыздар Жыпарга кызыккан көз менен карашты.
Жайлоонун талаасы далайга дейре толкунданган муң менен курчалып турду, түнкү сергек сыдырым чыккан муңду билип алып, жер кыдырып жөнөлдү. Кошоматчыл зоо жаңырып, эч-кирил барып тийди.
Жунуш, Жыпар экөө тең козголушту.
Жунуштун колу колуна тийгенде Жыпардын денеси делебеленди.
Жар көрүшөрдө, бул турган турмуштун жарык жагоосу көңүлүнө келди. Тен турмуш, тегиз жыргал элестеп алдынан өттү. Жүрөгүнө бүтпөс, түгөнбөс жаштык бактынан орун берди. Ошол түбөлүк ырыс-кешик, алдында тургандай көрүндү.
Көзүн жогору көтөрүп, өзү, оңдонуп көңүлү көтөрүлүп, турмуш кызыгына көмүлүп турган Жулушту көрдү. Жунүш күлүмсүрөп,
көзүн жайнатып жымыйды. Жыпар уялды... кысылды...
Мала кызыл бетине кечки баткан күндүн кызылындай кызыл жүгүрдү. Бети албырып анар келбеттенди.
.. тар- тылды... эриктүү-эриксиз жар көрүштү... айкалышып келгенде зки жаш жүрөктүн тилек, үмүт менен эки жүрөк, эки жактан дүпүлдөп, түрсүлдөдү.
«Биз сүйүшүүгө, кошулууга, жашоого ылайыкпыз!
» дегендей кылды.
Жыпардын мууну бошоп, көз алды тумандады...
көктөн жылдыздар учкандай болду... турмуш кызыгы өмүр жыргалы башын айландырды.
Күткөн күнү, ашык болгон Айына дагы бир муңая карады... ичинен терең күрсүнүп, кайра ордуна олтурду.
"Эрксиз күндөрдө" чыгармасы Повест
#42 01 July 2015 - 16:10
* *
Түн жарымы эбак өткөн. Жайлоо тымтырс, кыбыраган жан жок. Ой-тоонун баары талыкшып, терең таттуу уйкуда. Ырдаган, муңканган жаштардын баары жай-жайына таралган. Жылдыздар баштагыдан да айбаттуу, ажардуу, жымыңдашат. Ай жалдырап, жайнап аскага таман коюп бара жатат. Жайкалган жашыл шибер, үлбүрөгөн атыр гүлдөрдүн жыты ээн жайлоону каптаган. Аскадан, зоодон кара кочкул узун көлөкө тартылган. Эрке жел талтал сыдырым шиберди теңселтип карагайдын бүчүрлөрүн ыргалтып эрмек кылат.
Ак кар, көк муздуу мөңгүдөн тамчылап жыйылган мөпмөлтүр тунук суу, таштан ташка ыргып, ай жарыгында күмүш тамчылар чачыратат, мөңгүнүн башып көздөй жол тарткан ак балыктар, үйдөй таштардан алыс ыргышып жаркырашат.
Жунуш менен Жыпар бир далайдан бери суунун боюнда олтурушат. Эки жаш жүрөк биринчи түнү, биринчи мертебе бир бирөө менен беттешип, көрүштү. Жунуш көк шиберде чалкасынан жатып, ички сырларын тышка чыгарды. Жыпар жыгылган карагайдын үстүндө олтуруп, колундагы узун чыбык менен жер чукуп, Жунушту тыңшайт. Жыпар, Жунуштун ар бир сөзүнө, аракетине баа берет, сындан өткөрөт. Жунуш ар бир сөзүн абайлап, өлчөп сүйлөйт.
Дегдеген жүрөк издегенин тапты. Далайдан бери тышка чыкпаган муң дарыядай ташып, четке жайылды, ойлогон ой, күткөн тилек тымызын келип алдынан чыкты. Келечек турмуштун бүткүл жашырын кылдары ушул жерде козголду. Ушул жерде жаңы турмушка негиз салынды.
Жунуш болгон кебинин баарын усталык, чебердик менен тизип, Жыпардын көз алдынан чубатты. Алдагы тилек, алдагы турмуш тууралу туюндурду. Жыпар этияттык менен этибар кылып баарын укту, кулагына куйду.
Эки жаштын келечегине берген убадаларына асмандагы жылдыздар, жердеги өсүмдүктөр күбө болушту.
Бир аздан кийин экөө тең орундарынан туруп, бир- биринин көздөрүнө муңайышып карап турушту. Түбөлүк
22

#43 01 July 2015 - 16:11
бирге болууга, түбөлүк ажырабаска убада беришти. Махаббат мастыгы менен толгон көздөрү телмирди. — Мен өлөр-өлгөнчө сеникимин!
.. — Мен дагы өлгөнчө...
Сайдагы суунун шарылдаган күмүш үнүнө кошулуп, «чоп- чоп» добуш угулду.
Бул эки жаш жүрөктүн желими, айтышкан антынын айныбас шарты.
VI Жунуш кедейдин баласы. Жаш чагынан тартып шаарда
өстү. Атасынын минер атынан башка эчтемеси жок. Бир агасы сарт, ногойдо малай болуп жүрдү. Ошол агасынын аркасы менен окууга кирди. Кыш окуу окуп, жаз, жай айларында күндүктөп жумуш кылды. Ал кездерде жаңы тартип менен окутуп жаткан татар мектебиндеги балдардын алды болду. Ар жылы интихам болгон сайын Жунуш балдарды артына таштай турган.
Бара-бара газет, журнал, адабий китептер окуй турган жолдошу Тынымсейиттин демдөөсү менен бул да ошол жолго кирди. Кыш күндөрүндөгү дем алуу, жайкы бош убактарын окуу аденен өткөрө турган. Заманындагы ал-абал менен күндөгүсүн күндө таанышып келди. Ал учурдагы аңдуу-билимдүү азаматтардын заман агымы менен таанышкан, окуучуларынын бирөөболду.
Мектепти бүтүрүп калаа тегерегиндеги мекгепке мугалим болуп келгенине эки жылдай болду. Элдин балдарын жыйып, жаңы тартип менен сабатын ачты. Мурун 4—5 жыл окуп «Алкамду» дон өтө албаган элге үлгү болду, кыргыз калкы жаңылыкка, жаңы нерсеге тез көнө, тез көңүл бура турган калк. Ошондуктан Жунуштун кадыры эл ичинде тез көтөрүлдү. Жаңы окуунун жеңилдигине, оңой-олтоң кат тааныта тургандыгына эл кызыкты. Балдарын ийменбей, тартынбай Жунуштун мектебине бере турган болушту.
Эл үйүр алып, боорго тартылгандан кийин Жунуш элге газет окуп, түшүндүрүп бере турган болду. Дүнүйө жүзүндө өнөр-билим аркылуу эчен-эчен кулак угуп, көз көрбөгөн

#44 01 July 2015 - 16:11
Муну жылдын башында ектептен окушам. Аябай жагат. Класстан ант кучтуубу же суйуу кучтуубу деп олло талашканбыз)
#45 01 July 2015 - 16:13
шумдуктарды чыгарып жатышканын айтты. Аэроплан, сымсыз телеграмм, автомобиль дагы башка караңгы эл тез түшүнө тургандарды айтып элди таң калтыра турган. Мына ушул өңдүү укмуштардын баары азыркы окуу-билим аркасында болгонун туюндурду.
Бара-бара Жунуштун баркы көтөрүлдү. Элди боюна тартты. Жунушту көбүнчө жаңы өспүрүм, жаңы муун жаштар жактырат. Анын турган үйү ар качан боз балдар менен жык толот. Аркы-берки кепти айтышып, Жунуштун жагымдуу, жугумдуу сөздөрүн кулактарын түрүп угушат. Жунуш оюн-күлкү аралаштырып, жаштарга кандай болуу, эмне керектүүлүгүн түшүндүрөт.
Жунуш илим-билим жагынан далайдан аңдуу, сезимдүү. Атасынын жерине корук салдырып, бак тиктирди. Орус, ногой айдай турган ар түрдүү жашылчаларды айдатты. Аны кандай багуу, кандай өстүрүү тууралуу ар качан өзү жол көрсөтчү. Башка коңшулары, айылдаштарына да ушул жол менен иштөөгө кеңеш берүүчү, өзү барып иштешип, жол таап берип жүрдү.
Жунуш башка өнөрлөрдөн да куру эмес. Ыр, комуз чертүү, кыяк тартуу өңдүү элдин көңүлүнө жакын нер- селерди абдан жакшы билет. Жунуш болгон жердеги тамаша, оюн эч кайда боло койбойт. Жунуш мундуу, жу-гумдуу коңур үнү менен далайды «баракелде» леткен, далайга атагы жайылган. Ошондуктан боз балдар Жу-нуштан айрылуучу эмес. Аны кайда болсо да ала барып бирге ойноп, бирге күлүүгө зооктонушат. Бирок Жунуш токтоо, сабырдуу жигит. Көрүнгөн жакка бастыра бербейт. Ээнбаш жүрүүнү көңүлү көп сүйбөйт. Ыгы келген жерге, баскан кадамынан жаңылышпагандай гана жерлерге барат. Өмүрүндө бир гана мертебе күйөө жолдош болуп көрдү. Ал да болсо өзү менен бирге окуган санаалаш, талапташ курдашынын кайнына баруу болду.
Жунуш элде эки жылы бала окутту. Эки жылдын ичинде окуткан балдарынын баары колдоруна тийген китептерди шар окүп чыгышты. Катты шарылдата жазып, көрүнгөн

#46 01 July 2015 - 16:15
#47 01 July 2015 - 16:27
катты чыгарышты. Муну көргөн элдин Жунушка болгон көз караштары өзгөрдү. Далайы Жунушту макташып, төбөлөрүнө көтөрүштү. Аны ар кимиси ардактап, сыйлап- сыйнаттады.
Молдо-кожолордон окуп калган «чала молдолордун чачтары тик турду. Балдардын баары Жунуштун мектебине чубурулат. Андан окуп бат «молдо» болушат. Сабаттары тез чыгат. Бул «чала молдолор»дун жолуна дөңгөч коюу, алардын караңгы элди алдап-соолап, окутумуш болгонунун сыры ачыла баштады. Молдолор төрт-беш жыл окутуп, түзүк дубай салам жаза албаган балдар, 5—6-айда шаркыратып окуу деген эмне шумдук. Анысы аз келгенсип, балдар ар түрдүү «марш» айтышат.
Күндөн-күнгө колдорунан жеми кетип, кадыры аза-йып бара жаткан молдолор муну сезишти. Бул ишти бул бойдон коюу жарабастыгына көздөрү жетти. Мунун бир амалын таап, Жунуштун жолун торомокчу болушту, айыл арасындагы атка минер шумдарга акыл салышты.
— Жунуш балдарды динден чыгармак болду. Балдар бузулуп, мусулманчылыктан чыгып кетет го! Эми бир-эки жыл окушса таптакыр мусулманчылыктан кол жууп калабыз,—дешип бир топ шылуундарды кутуртушту. Алар ары-бери кеңешип, молдолордун тилегин орундоого ат салышты. Уезддин, приставдардын тилмечтери менен сүйлөшүп, аларды паралап тил алдырышты. Тилмечтер Жунуштун сазайын берүүгө убада кылышты. Бир күнү Жунуш балдарына жарапиядан сабак берип жаткан убакта чакчаңдап, болуштун жасоолу кирип келди. Кылычын шалдыратып, камчысын ийкеп:
— Жунуш деген сен болосуңбу?— деди.
Ээлигип, адыраңдап келип кирген жасоолду көрүп, Жунуш азыраак таң калды. — Ооба, мен болом...
— Сен болсоң, дароо аттан! Үйөздөн тыкыр буйрук бар, айдап бүгүндөн калбай жеткирсин деген,— деп Жунушту энтелетип, мектептен айдап жөнөдү.

#48 09 December 2015 - 00:26
Жунуш калаага барып, бир жумадай камалып жатты. Сегизинчи күнү чакырып суракка алды. Кайда окугандыгын,
кандай мектеп бүтүргөндүгүн,
талаада кандай китептер окутуп жаткандыгын,
газет, журналды эмне себептен элге бере тургандыгын,
дагы башкаларынын ийнесинен жибине дейре сурады.
Жунуш сурагандарынын баарына анык, толук жообун берди. Окутуп жаткан китептери, элге окуп берген нерселеринин баары Казанда, Оренбургда өкмөт тарабынан улуксат кылынып басылып чыккан нерселер экен-дигин айтты.
Ары-бери декип, тизгинди кыскараак кармаш керек-тигин, түрк ырларын балдарга мындан ары ырдатпаскэ тийиштигин айтып, үстөлдү койгулап жүрөгүн алды. Экинчи ушул көрсөтүлгөн чектен чыкпаска, эгерде укпай турган болсо камоого алынып, башка жакка айдаларын билдирип, Жунушту коё беришти.
Өкмөт декигенден кийин Жунуш көрсөтүлгөн чектен чыкпады. Бирок башка сабактарын баштагыдан беш бе-тер тырышып окутту, муну менен Жунуштун эл арасын-дагы баркы, кадыры кеткен жок. Душмандарынын гана отуна суу себиле турду.
Ушул окуядан эки ай өткөндөн кийин Жунуш Жыпар менен көрүштү. Кебелбей бир калыпта келе жаткан тур- мушуна өзгөрүш кирди. Жайлоонун тунук суусунун боюнда чалкасынан жатып, Жыпардын жалындуу сөзүн укту. Булбулдун үнүндөй болгон үнүнө мас болду. Жай-лоонун буркурак жыты менен Жыпардын жыты эсинен кеткис болду. Жаштыктын кирсиз, күнөөсүз моокумун басты. Жыпар, Жунушту шыйкырлады. Анын жүрөгүнүн эң терең жеринен Жыпар жылбагыдай орун алды. Эки жаш жүрөктүн тилегин бир орундан чыгарды.
Ошол ырыстуу түндө ыргалышып көрүшүп, колго-кол берип убадалашкандан бери Жунуш өзгөрдү. Анын жүрүш- турушу, мүнөзү башкара түштү. Китептерди көп окуп, көп ойлоно турган болду. Жыпарды тууган энесин-дей жакын

#49 09 December 2015 - 00:32
көрдү. Анын кучагына атылып ичтеги сырын дагы айткысы келди. Армандарын баштан аяк чубуртуп, Жыпар менен бардык муңун чыгарып ортоктошкусу келет.
Келечек жарык турмушун ойлоп түрдүү пландар ку-руп таң аттырат. Насип болуп Жыпар менен кошулуп калса, аны менен бирге кандай туруу, кандай иштөө жолун чечет. Жыпардын жалдыранкы көзү, айдай жарык чырайы, ар качан бирге тургандай көз алдында көрүнөт.
Жунуш көпкө дейре көрүшпөй чыдап тура албады. Жаны сүйгөн, жүрөгү дегдеген жарын дагы көрүүгө зар болду, далайга дейре Жунуш Жыпарды көрө албай за-рыкты, камыкты. Жаш жүрөгү туйлап, чымын жанга гынччылык бербеди. Сыздаган көңүл сары суулуу санаа-га айлана баштады.
Амал жок, көрүшүүнүн эч кандай эби келбеди.
Жыпардын айлына барган менен жакын кишиси "жок. Жолоочулап барымыш болгон мөнен элдин баары Жу-нушту билет. Кылар арга жок. Жунуш күздү күттү, эл жайлоодон түшүп жатакка келгенде эбин тапмакчы болду. Жунуштун мектебине ажылардын айлынан келип окуй турган балдар да бар, ошол балдар аркылуу кат менен сүйлөшүүдөн башка ылаажы жок.
Узактабай күз келди. Жайлоодогу эл сапырылып жакага карай агылды. Элдин кызуу иш убакты. Күздүн жеткенин билдирип, келгин куштар келген жактарыяа карай сапар тартышты. Жер бетин ээлеген жайкалган чөптөр, гүлдөр саргайып куурай баштады. Жалбырактар шуудурап, мезгал жеткенин ырдап жерге куюлду. Талаа-ны жаңыртып эчен түрдүү күүгө салып таңшыган куш-гар жымжырт болушту, талаа жылаңачтанып муңдуу түскө кирди. Күздүн күнкү тоо өркөчтөнгөн кара булут-тар калдайып башпактайт.
Эл жайлоодон жалпы түшүп болду. Кышкы кыштоо-го көчкөнчө убактынча малга жайлуу жерлерге таралып, конушту. Койлор «ыркылды, үй жабуу, кийиз кылуу, ар- деме-бирдеме согуу көбөйдү.

#50 09 December 2015 - 00:35
Жунуш да жылдагы ишине камына баштады. Окуу качан башталарын күн мурун элге жарыялады. Балдарды эртелеп алуу, окуу башталганча аларды жай башка-лап бөлүү иши менен убараланды.
Ар кайсы айылдан окууга кире турган балдар убап-чубап, күн сайын келе баштады. Жыпардын айлынан да катталууга эки бала келди.
Көп ойлоп турбастан Жыпар менен көрүшүү, сүйлө-шүү оюна келди. Ажылардын айлынан келген бир бала-ны атайы кондуруп калып, алдап-соолап Жыпарга кат берүүгө көндүрдү. Жыпардын өзүнөн башка эч кимге бербөске, көрсөтпөскө убада алды. Анын берген катын да жашырыкча берүүгө макулдашты. Катты жакшылап жазыпбаладан берип жиберди.
Кат бергенден кийин Жунуш тыным ала албады. Кат бергени бир топ күн болсо да жооп жок. Жүрөгү өйүп, капа болуп, камыга баштады. Далайдан бери күткөн Жыпарын көрүүгө жаман ашыкты. Көңүлү токтобой, кылган ишинин дайынын билбей, делбелеңдеп сабырсыз-дык менен жооп күттү, эки көзүн Жыпарлардын айлы жактан албады, керээли кечке дейре элеп-желеп болуп элтеңдеди.
«Жыпарга эмне болду?.. Же менден кадыры калды-бы?.. Кадыры кала турган деле жери жок зле!.. Же ооруп-сыктап калдыбы?..» деп миң түрдүү кыялга кетти. Ою бир жерге токтобой, сүйүү дартына дуушар болгон-дугун саат сайын сезди... сыздады... жаш жүрөгүнүн баа-ры, бүткүл жаратылышы Жыпарга багышталганын бил-ди. Сүйгөнүн, жүрөгүн ээлеген жарык чолпонун сагынды. Аны менен дагы бир мертебе, дагы бир эле мертебе жа-наша олтуруп сүйлөшкүсү, бир гана минут болсо да му-ңайым жүзүн көргүсү келди.
«Мен, өлгөнчө сеникимин... »
Ажырашардагы ошент.ип айткан антын дагы бир мер-тебе укса ар.ман жок эмеспи!
Күткөн үмүт, санаган санаа талаага кеткен жок. Жы- парынан жат келди.

#51 09 December 2015 - 00:40
«Эл жаткандан кийин токойдун күн батыш жээгинде-ги топ камышта бол. Мен ошондо болом, кечикпе!!
!..»
Жунуш ысылы-суукту^болуп кетти. Жинди болгон эме- дей өзүнөн өзү ырдагысы, секиргиси, бийлегиси келди. Жүрөгү элеп-желеп болуп, алда кайда алып учту. Көзү-нөн шаттык, үмүт нурлары чачырады. Бүткүл денесин титирөө каптады...
Эки жаш экинчи мертебе көлдүн жээгиндеги топ ка- мышта учурашты. Сагынуу, зарыгуу, таарынуу сөздөр жамгырдай жаады. Бирөө жолун айтып кечирим сурады, бирөө кадырын калтырбай макул алды. Ичке түйүлүп, чогулуп калган сырлар дагы айтылды. Сагынган, зары-гып күткөн көздөр кылгырып дагы учурашты. Бирөөнөн-бирөө алда неме издегендей, өз көргөнүн байкоочудай болуп жалдырашты. Жыпар адаты боюнча колундагы чыбык менен жер чукуп, сүйгөнүнүн сүйкүмдүү ,сөзүнө көмүлдү. Жунуш Жыпардан көзүн албай, суктангавсып ичинеи жалын чыгарып күрсүндү. Айтылган ант, бериш-кен убада кайта- кайта кабатталды. .1 Экөөнүн бир-бирөө-нөн айрылтысы келбей акылсыз жаштыктын мазасына алданышты...
Мындан кийин көрүшүүгө жол ачылды. Ар качан Жунуш, Жыпар топ камыштан табышат. Далайдан бери көрүшпөгөн змелерче ичи-боору эзилишип көрүшөт. Чок-чо камыш ар качан булардын сырларын, муңдашканда- рын тымызын туруп угат. Алардын бактына, сүйүнчүнө кызыккан өңдөнүп, баш ийкегенсийт.
Кээде көпкө дейре олтуруп сырдашат. Кээде колтук- ташып мелтиреп жаткан көлдүн жээгин кыдырышат. Көлдүн түнкү сулуулугуна, түнкү ажарына суктанышып, бири- бирине сүйөнүшөт, ыкталышат. Макаббат кызыгы-на, сүйүү демине мас болгон жаштар түндүн өткөнүн се-аишпейт. Экөө тең бир тилек, бир жолдо кезигишет. Би-рөөнүн ичинде эмне болуп жатканын экинчиси сезгендей болот.
Экөө тең ырыстуу, экөө тең муңсуз...

#52 09 December 2015 - 00:47
Экөөнүн тең жүрөктөрү келечектин таттуу, ширин үмүттөрү менен толуп,; бойлору балкыйт... эркин, азат турмуштун ширеоин экөө тең татыйт...
Дүйнөдө жашоо, турмуштун туруктуу түбүнө жетүү-дөн кызык эмне бар?.. Булар да как ушуну ойлоп, ар ка-чан бир жан, бир денедей болуп, турмуш кызыгы менен таркашат.
Күндөр канатын сабап өтүп жатты. Турмуш өз түрүн бир жерде түбөлүк кармай албады. Кырданды, айлан-ды... кечеги бүгүнкүдөн бир башка, бүгүнкүдөн эртең бир башка болуп көмкөрүлүп турду.
Жаштардын жарык көгү, айлуу, жылдыздуу асманы кара булуттар менен капталды. Эчен түндөр бою макаб-бат оту менен жанган жүрөктөргө муздак суу себилди. Жаштык масчылыгы, турмуш жыргалы менөн термелген, эркеленген, балкыган бойду, суу сепкендей муздаттъг. Кайгы, капа үч уктаса түштөрүнө кирбеген, кирпигим-кашым дешти билбеген жаштарды турмуштун керимсели сокту. Жаңы ачылып, атыр жыты буркурап кёле жаткан гүлдөр мезгалсиз солушту... «Жунуш, секет!
Мен караңгы кара туман арасына кирип жоголдум. Алдым-артым баары коргоолу. Кайда барар, кайда ка-чар, кантип бул балаадан кутуларымды билбейм. Башым маң, жүрөгүм дал болду... арманымды айтсам сооротор адам жок. Кимге барып, кимге жалынып, жалбарарым- ды билбедим. Жарык күнум караңгы түнгө айланды. Турмуштун бүткүл тилектери кыйрады... мен бүттүм... жаштай, мезгилсиз солудум. Көз жашыма зтибар кылар, дартыма дарман табар кишим жокпу?.. Чын зле жокпу!.. ^ Өзүң уккандырсың, жакында баскан жеримдин, таян-ган көгүмдүн күлү көккө учканын. Мен тирүүлөй өл-дүм!.. Күткөн үмүт, максаттарымдын баары желге кетти. Олтурган кайыгым сынып, түпсүз, чексиз терең көлдө дайынсыз калдым... мени куткара турган боорукер жан көрбөдүм...
Мен убактысыз өлүүгө, убактысыз кара жер жаста-нууга туулдум беле?! Мен эми кайда барам... кимдин мойнуна асылып жардам сурайм. Сен чарасын тап!.. Он жети жылдык

#53 09 December 2015 - 00:49
өмүрүмдүн бүткүл бардыгын, бүткүл кы-зыгын мен кимге багыштадым?
.. Өз теңим, арзыган ашы-гымабы? Же үч кабаанак канчыктуу кары дөбөткөбү?!
Көз жашымды сүртөр, сооротор эч химям жок.
Ашык!.. ашык!.. мен десең, мени чып ниетиң менен сүйсөң мындан куткар!.. куткар!.. Болбосо мен кутулуу-нун чарасын таптым,— кара жер?.. Өлүм!..
Тиги дөбөт жакында келип той кылмакчы. Жок, мен ага тирүү кезимде көнө албайм... Менин сенден башка ишенер, таянарым жок... бир гана сен! -Камалган тордон, түшкөн ордон куткар!.. Колуңан келет... менин жылды-зымды өчүрүүгө эрик бербе?.. Менден кийинки убакта шек алышып жүрүшөт. «Алар» (билесиң го) бүрсүгүнү келишет, дал!.. баякы жерде болом, даярмын! Бакытсыз Жыпарың».
Катты окуп көрүп Жунуш жинди боло жаздады. Ал эми заматтын ичинде бүткүл турмуш кыйрагандай, таш-талканы чыккандай көрүндү. Көз алды караңгыланып, башы айланып, мээсине доо кеткендей болду. Эмне экенин билбей, үйдөн тышка, тыштан үйгө жүгүрдү. Колдорун ушалап, башын кармап барып жансерек болуп, олтуруп калды. Жансерек болуп жатып көптөн кийин эсине келди...
Күүгүм талаш алты атчан киши үрүл-бүрүлдүн ичине кирип жоголду, аттардын оозун коё берип, этектерин желбиретип жел менен жарышып кетип бара жатыштй. Баары тымтырс, аттардын туягынан чыккан таштар ча-гыла- чагыла ыргып калды. Туура жолдон бурулуп, көл-дү жээктей салып, кумдун үстү менен зыпылдай жөнөштү. Бир топ узагандан кийин оң кол жакка бура тарты-шьгп, Кендирбайдын айлына карай бет алышты.
Айылга азыраак жер калгандан кийин аттарынын оозун тартышып, аяндашты. Бир желдирип, бир бастырып келишип, улам-улам токтолуп, теребелди тыңшаш-ты. Жунуш желдирип, кашатка чыгып, бир аз туруп кайра бура тартты. Коктуда туруп, ат жалына өбөктөшүп, өз ара кеңешип алышты. Кызды алып экөө илгери жөнөп, калгандары артынан чүү коймокболушту.

#54 09 December 2015 - 00:55
Туптуура бастырып келип топ камыштын түбүнө тү- шүштү. Тегеректин баары тыптынч... тырп эткен үн жок. Жыпардын жыты да жок...
Жунуш ары-бери басып, мурунку көндүм жерлеринен издеп карады. Кече эле жакында ушул жерлерде бирге олтуруп, бирге басып жүргөн Жыпарынын бүгүнкү күнун ойлоп, кубанууга да, кейүүгө да болбоду. Белгисиз, щектүү кыял башын айландырды. .. Азоолок кана бейм...
Бет маңдайдагы бадалдан кара көлөкө ыргыды. Бир көрүнүп дагы көздөн жоголду. Дагы кылаң этип. дагы жоголду. Мына, туура жактагы арыктын жэзгинен атчандарга карай чимирилди. Жыпар!.. Жыпар!.. Туптуура келип жигиттердин алдына басты. Энтик-кен, күйүккөн... жүрөгүнүн дүпүлдөгөнү жанындагылар- га билинип турат.
— Жунуш кана, Жунуш?!.. — Мына мында...
— Мен силерди күтүп калдыбы, деп чуркай берип, күйүгүп кеттим. Кана, батыраак болгула!.. Бүгүн айыл-дын кейпи бузук... баары эл кулагын түрүп калыптыр, араңкачып чыктым...
Шап-шуп бут үзөнгүгө, көчүк ээрге барып конду. Ка-лың ымыртты жарып, жел аргы зыпылдатып, атчандар көлдү жакалай зымырылышты.
Айылда кыйкырык... ызы-чуу... бака-шака... — Аттан!.. аттан!.. Узай электе жөнөгүлө! !! — Көлдүн жээгинен дабырт угулгансыды. Ошо жак-ка чапкыла!.. Ат дабырты жер жарды. Үзөнгүлөр кагы-шып, куюшкандар шалдырап, ои беш аттуу кууй жөнөл-дү. Жээктен имерилип, адырга таяна бергенде куугунчу-лардын аттарынын бышкырыгы угулду. Алты атчан са-боолоп алып жөнөлдү. Адырдын этегине жармашкан-ча, чукулунан салып, бир топ куугунчу алдыдан торой чыгышты...
— Токто... токто!.. Жаныңан үмүтүң болсо токто!.. Качкындар бура тартып, бөксөнү карай бет алды.

#55 09 December 2015 - 01:02
Кыйкырык, өкүрүк талааны жаңыртып, каңылжаарды жара өрдөдү. Кызыган аттардын таноосу көк түтүн бо-луп созолонду...
— Карма... карма! Алдын торой чапкыла, алдын!.. — Тарс, тарс...
Мылтыктын үнү талааны дирилдетип, абаны толкун- датып, созулуп барып басылды. Жунуштун аты мүдүрү-лүп барып сулады... жолдоштору Жунуштун тегерегине үймөлөктөштү. ..
КарсылДаган камчынын үнү, зыпылдаган союлдун дабышы далайга дейре басылбай жатты.
— Карм.а, эки колун артына байла! Бекем... Бекем!.. — деген үнгө үн кошулуп:
— Байлабагыла! .. Анда ийнедей кылмыш жок... ан-дан көрө мени байлагыла! .. Байлаганыңар менен мени андан ажырата албайсыңар. Баары бир елтүрүп сөөгүмдү албасаңар, тирүү барбайм!..
Деген ыйлаган, чыңырган Жыпардын үнү, адырдын бетинде далайга дейре термелип, дирилдеп жатты. VII
Жыпардын Мамырбайга төртүнчү катын болуп кел-генине бир жылга жакын болду.
Туулуп, өскен жери, ойноп-күлгөн элинен ажыраганынан бери күндөр айдай чоюлуп өтүп жатты. Жашты-гынан эң кымбаттуу, кадырдуу чагы өткөндөн бери да-лай суулар акты. Өмүрүнүн бүткул жыргалы, бүткүл ыракаты артта калды. Он жети жылдык көңүлдүү тур-муш кара булут астына кирип жоголду. Турмуш көгүн-дөгү бүтүн жарык жылдызы түбөлүк өчтү. Чексиз үмүт, тоодой талап менен талпынган, желпинген жүрөгү жан-серек болду. Санааны сары суу жууду. Тилеги тескери-сине айланды.
Бүткүл жаштыгын, кирсиз жүрөгүн багыштаган, ти-легине тилектеш болгон жарынан айрылды. Жылдар, айлар бою сагынып еаргайыл тилеген өмүр жолдошунан кол жууду. Жаштык мастыгы, турмуш кызыгы менен эр-келенген назынан ажырады. Азат, эркин турмушка дег-деп план

#56 09 December 2015 - 01:04
курган күндөр кайта келбес болуп көздөн жо-голду. Жаштыгынын эң кызуу, эң кымбаттуу учкундары Жунуштун жалындуу жүрөгүндө калды. Ал баткан күн-дөй эми кайта келбейт... бүткүл дүйнөсүнөн,
жан-теңи-нен артык көргөн Жунушун эми көрмөй жок. Муңдуу, жугумдуу коңур үн, мындан кийин Жыпардын кулагын-да жаңырып, жанды элжиретип турбайт.
Жыпардын кабагына ар качан кар жааганы жааган. Келгенден бери анын кабагынын ачылганын көргөн киши жок. Мурунку толгон айдай жайнап, балкып турган ажардуу өң өчкөн. Өңүн саргыч боёк каптаган. Кылгырган кыялдуу көз, мурункудай жайнап нур чачпайт. Кай-гылуу, мундуу, сырдуу күйүт менен капталган. Ичтеги арман, ичтеги от жалындап-жалындап Жыпардын жүрөгүн өрттөйт. Анын ичинде чок жалын балбылдап жатканын ар бир караган киши сезет.
Жыпар өзүн тирүүлөй көмүлгөн көзү ачык өткөн жанга санайт, ырайымсыз турмуштун, алдамчы жазмыш-тын алданган, «олдолгон кулу деп эсептейт. Бүткүл жаш тилеги кара ташка тийген, канаты сынган кушка окшойт. Ак кар, көк музда адашып арманда өткөн жолоочуга те-ңейт өзүн, ээн талаа, эрме чөлдө калган, эли-журтунан айрылган, душмандын колуна түшкөн эриксиз Жыпар.
Жазмыш Жыпарды алдады... ычкынгыс торго, түпсүз орго салды.
Күн-түн үзүлүп санаа саргарып жан досун, өмүрлүк жолдошун көрбөгөнү—жылга жакын ширин сөз, бой эриткен көз караш, жылуу-жумшак эркелик көрбөгөнү далай болду.
Ошол шумдуу, еааттуу Түндөн бери сүйгөнү Жунуш-тан дарек жок. Анын жазымышы менен болгону, кимдер колунда жалдырап байлоодо жатканы Жыпарга белги-сиз, эл арасы ыраак, жол алыс. Эч нерсенин аңырты угулбайт. Үй-бүлөдөн эч кимиси Жыпарга сырын айт-пайт. Баары аны жеккөрөт. Шектүү, күмөндүү көз менеи карашат. Жөн кеп айтышса да какшыктап, каарып өтү-шөт.

#57 09 December 2015 - 01:09
Койчу Жумай>менен Жыпардын арасында айырма жок. Экөөнүн тең баркы бир. Жыпардын абысындары Жумайды кандай тилдесе, кандай каргаса, Жыпарды да андан кем кылышпайт. Жыпар, Жумайды агасындай кө-рөт, аны ар качан ачык чырай, жылуу-жумшак сөз менен каршы алат. Өзүнүн үлүшүнө тийген эт-мет, сорпо-мор-подон ар качан Жумайга алып коёт. Абысындарына көрсөтпөй эртең менен малга кетерде токоч, талкан ка-тып берет. Карды ач, үстү- башы жыртык, мусаапыр кел-беттенген Жумайды көрүп боору ооруйт. Абысындары-
нын көр жемесин, каргап- шилегенин, үйдөн түрТүп чы-гарганын көрүп, Жумайды аяйт. Алардын каргаган-ши-
легендерине моюн сунуп, элден уялып, шылкыйып көсөө менен урган иттей болуп кулагын жапырып эшикке жөнөлгөн Жумайды көрүп көзүнө жаш келет.
Койчу, кургурдун күнү кыйын. Эчен жаан-чачындар- да жыртык кийими, жаман чокою менен ээн талаада кой менен алек. Эртели-кеч жегенине карды тойбойт. Арыл-даган шамал, аркыраган бороон көз ачтырбайт. Кышкы алай-дүлөй бороондо, жазгы кара нөшөр жамгырда бак-кан малы менен убара. Анын көргөн азабы, кылган эмге-ги менен иши болгон киши жок. Жумай да көп койчулар катардуу. Далай жаан- чачындарда, жандан, сай-сөөк-төн өткөн сууктарда калат. Муундары калтырап, колу-буту көк муштум болуп дирилдеп айылга кайтат. Тур-муштан, жокчулуктан назары сынып, көздөрү жалды-рап, муңайып, жандан өтөт.
Мына ушундай турмуштун кара чеңгелинде эзилип, чарчаган убактарда, Жыпар жылмайып каршы алат.
— Үшүп кетиптирсиз го, үйгө кирип отко жылыны-ңыз, малды башкалары карар.—Жылмайып жылуу жүз менен караганы, боору ооруп, көңүл айтканы Жумай-дын көзүн чайыттай ачат. Үшүгөнүн, кардынын ачканын эсинен чыгарат. Күүгүм кирип, эл орунга олтургандан кийин Жыпар, Жумайга тамак чыгарып берет.

#58 09 December 2015 - 01:11
Жумай Жыпарды жанынан жакшы көрет. Аны урматтап, улуктал турат. Жыпардын кылган жакшылыгын көкөйүнөн чыгарбайт. Жыпар дегенде төбөсү менен жер казууга даяр.
— Мээримдүү, боорукер жакшылардын баарынын ырысы жок болот экен...— деп талаага барганда курбу- курдаштарына айтып, Жыпарды мактай турган. Жыпардын боорукердигине, адамгерчилигине баа берип түгөтө алчу эмес. Жеке Жумай эмес Мамырбайдын коңшу-колондору да
Жыпарды беш бармагындай билишчү. Анын бой ке- төрбөгөндүгү, баарыга тендиги, адамгерчилиги жомок ордуна үйден-үйгө таралчу. Жыпарды абысындары менен анын арасында жер менен көктөй айырма бардай көрүшчү. Абысындарынын Жыпарга көрсөткөн жемесин, күнүлүгүн айтышып:
— Бечера, ай-ээ? Канчалык кордоп, жемелеп жатса да кыңк этпейт. Күнүлөрүнүн ирик-чирик сөздөрүнө ку-лагын салбайт. Ырыстуу, кешиктүү болуп эле, жаркырап жайнап олтурчу кебетеси бар зкен... кайдан жүрүп ушул казпырларга туш болду экен?!.. — дешип айылдаштар жүргөн-турган сайын кеп кылышат.
Жыпарды Жунуштун колунан ажыратып алгандан кинин кеччктирбей эле Мамырбайга беришти. Жыпар ыйлады. каргады... көз жашын көл кылып жалычды. Жа-пы жгп, каны жат карыгл кстпеске, жаш жанын жансыз абышкага кор кылбаска тырышса да, айла болбоду. Мээримсиз, таш боор, кара жүрөк атасы кулак салбады. Көзүнүн чечекейиндей болгон жалгыз кызын күнү үстү-нө берүүдөн ийменбеди. Ыйлатып, сыктатып жатып, зор-дук менен аткарып берди. Жыпардын түбөлүк күң болуп, кор болуп өтүшүнө көз жумду.
— Элге, журтка шерменде кылдың!... Кайсы бетибиз менен элге көрүнөбүз. Ата-бабабыздын наркын, жорук- жосунун буздуң!..— дешип кайта Жыпарды жемелеш-ти. Өзүнүн сүйгөнү, жактырганы менен качканын.

#59 09 December 2015 - 01:14
— Ар намыс... өлүм...— деп ойлошту. Далайды уула-ган эски турмуштун эски, чирик салты буларды да уула-ды. Буларды да багындырып,
өз кучагына алды. Атыр жыты жер жарып, жаңыдан үлбүрөп ачылып келе жат-кан гүлдүн мезгилсиз үзүлүүнө себеп болушту.
Жыпар, Мамырбайдыкына келгенден бери жылуу сөз, жарык чырай көргөн жок. Ата намысын, кайин намысын булгаган Жыпардын башынан сасык туман айрылбады. Жакшыны коюп, жаманга качкан кыздын баркы бир ты-йын. Анын тилеги, анын жаш жүрөгү башкада экенин сезгиси келишпейт.
Ата-бабанын салг-санаасынан карыш чыкпа! Ошол жолдо эмне болсоң да бол!.. Бирок намысты бул-габа!. .
Деген сөздү абысындары жаткан-турган сайын кула-гына куйду. Жыпарды абысындары көрө алышпайт. Аны кезеги келген эчен түрдүү сасык сөздөр менен булгап, тилдеп, жемелеп алышат. Баскан-турганынан кылдай кыйкым таап болбосо да ажылдашып, ортого алып, ку-лак, мээсин жешет. Көрүнгөн элге жамандап, жаман атын чыгарууга аракет кылышат. Мамырбай дагы катын аламын деп кеңеш кылганда зле чарылдап каршы келген токолдорго, Жыпардын Жунуш менен качканк табылбас шылтоо болду. Мамырбайдын көзүнчө жамандап, тилдеп уялтууну, Жунушун эскертип, кордоп, табалап алуу-ну чоң өнөр кылып алышты.
Карыган кезинде көп катындын ортосундагы кыжың- кужуң менен делбеленген Мамырбай унчукпайт. Жыпарды жактырса да, башкалары азуусун айга жанышып, ажылдап келгенде алдына карап тим болот. Жыпар, Жунуш менен качпаса, балким Мамырбай Жыпарга тил тийдирбес эле. Бирок айып Жыпардын өзунөн кетти. Бир дубан элдин жакшысы, атактуусу Мамырбайды чанып, гомояктын топору менен качышы бардык ишти бузду. Мамырбайдын да, өз атасынын да наамын булгады. Элдин баарына уят кылды. Жунуш менен качкан, наам булгаган Жыпарды Мамырбай албай турган болду. Мын-дан башка кыз элде түгөнүп

#60 09 December 2015 - 01:16
калыптырбы? Башкасынан канчаны алам, Мамырбайдан кыз аёочу ким бар? Бирок:
— Катын намыс үчүн кара киет. Мамырбай ко-луктусун бир томояктын топоруна тарттырып жибериптир, — деген сөз андан жаман. Намысты колдон чыгарбоого керек. Эмне болсо, болору болду, боёсу канды. Кызды алып намысымды кайтарам, деп Макең кайта сабыр кылды. Намыска чыдабай, эки жаштын тамырына балта чаап, кызды колуна алды. Кыз, Мамырбайды сүйө-бү, жокпу? Оюна да келген жок. Ушул ыйлатып-сыктатып, канкакшатып алганы бүлө болобу, жокпу?.. Анын жамоочолук кереги жок. Намыс, намыс керек!..
А, деген күндерде Мамырбай Жыпарды эзүү, жанчуу оюнда жүрдү. Андан кандай да болсо өч алгысы келип, кыйкым таап, уруп-согуп да алды. Көр жемени көбөйтүп, ата-бабасынан эчтеме калтырбай боктоп, Жыпардын сайсөөгүн какшатты. Күн-түн дебей жемелеп, жүрөгүнө сары суу куйду. Сабап, сабап эшикке чыгарып таштаган күндөрү да көп болду. Мурун оюн-күлкүдөн башка уруу-согууну билбеген, турмуштун каарын көрбө-гөн жаштын үрөйүн алды. Жыпар амалсыз, айласыз көндү... турмуштун ысылы- суугуна моюн сунду... кайнар жаштарын төгүп, таң атканча солкулдап ыйлап, көз жашы менен бетин жууп, өз-өзүн сооротту...
«Жазмышым ушу болгондон кийин кимге таарынам... кимден жардам сурайм!».. —деп кулагын жапырып, ук- мамыш-көрмөмүшкө салынды.
«Бешенеге жазганын көрүү керек. Кудай тагдырың-ды ушундай жазгандан кийин, көнмөйүнчө чараң бар-бы?!.. көн... чыда!.. тагдырың ушундай болгондон кийин айып кимде?..» деп жазмышка моюн сунду...
VIII
Как чокуда турган күндүн ысыктыгы мээден өтөт. Жүрөктү энтиктирип кун кайнайт. Чекеден мончок-мон-чок

Супер-Инфо
super.kg
видео