Суперстан: Кайнатанын каргышы - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (18 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кайнатанын каргышы

#301 Пользователь офлайн   Aizurok   02 Июль 2015 - 03:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Кайнатанын каргышы 99-100


Дилбар уйго кирип кетээри менен Капар Максатка карап:-Бу катынын сени башкарып алган го!Сен да соз суйлой албай калыптырсын, эгерде менин Кларам мага ушинтип эле корсунчу,эмне кылаар экенмин!Ал мага минтип кыйкырмак тугул,ойдо карап суйлобойт.Катынын сени киши катарына да корбойт экен.Элдин козунчо айкырып, кыйкырганы, сени сыйлабаганы да.Мындай катындарды жумасына бир жолу кудайын таанытып,шайтандарын айдап туруу керек,а сен андан коркот экенсин,-деп атайын намысына тийди. Максат Капардын созуно ардана тушту:-Мен эмнеге катынымдан коркмок элем...-Анда коркпосон журу,биякка барып жуздошуп келеличи,башым зынылдап ооруп турат,-деген Капарды Максат ээрчитип жоноду.-Уйдо нанга акча жок,балдарыбыз ачка отурганда аларга акча таап келбейсин.А аракка сага акча табылат!-деп кыйкырып тосуп алды Дилбар кечинде бутуна туралбай мас болуп келген эри Максатты.Анан жаны кашая:-Балдарынды оозанып каргандын эле,бизден коркпосон кудайдан корксон боло!кудай албаган аракеч!Пайдасы жок шумшук!Кайсы куну мен шордууну кудай сага кошуп койду экен!Сендейди жер да албайт тура!Мобу чиедей болгон балдарынды аясан боло!-деп буркан-шаркан тушо ыйлап кирди.Максат арак ичкен сайын аялынын ушундай заар тилдеринен тажап,сабаган кундору да болгон.Сабагандан эч майнап чыккан жок,тескерисинче тили узарып,кучоп кетти.Азыр да айкырып-кыйкырып урушканына кыжыры келип,Максат Дилбардын жаагын басыш учун мештин устундо турган чайнектеги сууну башынан ылдый куюп жиберди.Баласын эмизип,эрине нараазы болуп урушуп аткан Дилбар Максаттан мындайды куткон эмес... ***Таабалды карыя Рахмандан Зейнептин кош бойлуу экендигин угуп,жаш балача кубанып,жузуно жылмаюу пайда болду.-Болсун, болсун!Аман- эсен коз жарып алсын-деп батасын берди.Зейнеп кайнатасынан уялып,уйдон чыга албай турду.Ал эми бери жакта оздорунчо ойноп жатышкан кичинекей эки уулу Рахмандын дагы балалуу болоорун алардын создорунон тушунуп томсоруп карап калышты... Таабалды менен Рахмандын кубанычтарына чек жок,болочок бала тууралуу суйлошуп атышты.Уйдон чыккан Зейнеп Таабалды менен Рахманды уялынкы карады.-Бактылуу бол айланайын! Кудай тилегинди берсин,-деди Таабалды карыя батасын берип.Зейнеп кайнатасын карап жугунуп койду.-Бугун озгоч кун,бугунку кунду майрамдаш керек!Мен азыр эшикке чыгып торт алып келип,озубузчо майрамдап коелу,-деп Рахмандын чечекейи чеч боло сыртка чыгып баратып,кичинекей эки уулунун томсоруп,эшиктин алдында мусаапырдай отурганын коруп тык токтоду.-Силерге эмне болду,-деди балдарынын жанына келип,экоонун саамайынан алмак-салмак сылап.-Эч нерсе...,-деди каргылданган ун менен балдардын улуусу Тилек. Азыр бир соз суйлосо эле экоо ыйлап жиберчудой болуп,коздорунун кычыктарына жаш толуп даяр болуп турган.Рахман балдарынын мындай абалын коруп,журогу сыздап кетти.Канчалык аларды оз убагында жуунтуп,тазалап, тамакты таттуу жасап берип,конул болгон Зейнептин аларга деген аракети эч нерсеге арзыбаганына кейиди.Жаман, аракеч,сойку болсо да,балдары учун оз энеси Кларага эч ким жетпесин эми билди,Рахман. Анан:-Жургуло, мени менен кочого чыгып балмуздак,торт алып берем,-деди алардын ыйлагысы келип турганын корсо да,кормоксонго салымыш болуп.Балдарынын кичуусу атасынын айтканына конулдонгондой ордунан турду эле улуусу:-Эч жакка барбайбыз.-деп койду,кичуусу агасынын созун угуп,чон кишиче анын жанына отуруп калды.-Силерди бироо таарынттыбы? Эмне болду?-деди. Тилек атасын кучактап ыйлап жиберди.Анын ыйлаганын коргон кичуусу да буркурап ыйлап жиберди.-Болду ыйлабагыла, силер деген чонсунар,солдатсынар да,анан жигитсинер. ..жигиттер деген ыйлабайт да...Эмне айылга кеткинер келдиби,апанарды сагындынарбы? -деди айласы кеткен Рахман.Анан:


Мындан быягын ayka96 деген синдим улап жазам деп купуя катка жазыптыр суранычын бойунча улап жазып аягына чыгып кой синдим мен карышы эмесмин.

Билдирүүнү түзөткөн: Aizurok: 02 Июль 2015 - 03:50

БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#302 Пользователь офлайн   Liliia   03 Июль 2015 - 02:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 320
  • Катталган: 11 Март 14
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 21:52
  • Жынысы:Аялзаты

Анан:
-------Мен силерге жакшы жанылык
айтайынбы, жакында силер бөбөктүү
болосунар, - деди балдарыны
көнүлүн
көтөргүсү келип.
---'--'--' Билебиз, - деди Тилек.
--------Силерге Ким айтты?
------Өзүнөр сүйлөшүп атасынар го.
Биз
уктук да…
-Бөбөгүнөр болушун
каалабайсынарбы?
Экөөнү Рахман алмак-салмак
карады,
эмне дешээр экен деген кыязда.
Балдары унчукпай коюушту.
Ошондо Рахман
балдарынын али төрө элек
наристеден кызганып атканын
сезди.
-Айылга качан кетебиз? - деди
Тилек.
-Апанар ооруканадан чыгыптыр,
айылда деп уктум. Эгерде анын ден-
соолугу жакшы болуп,оңолуп калса,
силерди алып барып келем. Андан
көрө жүргүлө мени менен көчөгө
чыгып дүкөнгө барып келели –
деген Рахман эки уулун чекесинен
суйуп, эркелетип жетелеген боюнча
сырттка чыкты.
Максат менен Дилбардын үйү
ызы-чуу болуп калышты. Дилбардын
демейдигиден ачуу кыйкырыгын
уккан коошуналары эмне болду деп
чуркап келишти. Дилбар колундагы
баласы менен чанырып, үйдөгү
балдары чырылдап бир орунга тура
албай аткан экен. Ал эми Максаттын
өнү бозоруп, эмне кылаарын билбей
кайсалдап туруптур.
-Бул шүмшүк өлтүрдү! Бул менин
балдарымдын түбүнө ушинтип
жетмек!- деп кыйкырган Дилбардын
бети-башы, колу,
көкүрөгү ылжырап күйүп калганын
көргөн кошуналары дароо эле
иштин чоо-жайын
билип, сыртка чыгып ылай алып
келип, Дилбар менен кичинекей үч
айлык баласынын күйгөн санына
тартып киришти.
-Доктур чакыртпасак болбойт, -
деген кошуналарынын бири
айылдын фельдшерин уйун коздой
чуркады. Дилбар менен наристесин
доктурлар текшерип, дароо
райборбордогу ооруканага алып
жоношту. Кичинекей үч айлык
наристе чырылдап ыйлап, энеси
мындан Жан чыдагыс оорудан
онтоп, райборборго жеткенче
экоонун тен жаагы басылган жок. Ал
эми үйдө калган Максат өзүнүн
күнөөсүн билип, эки кичинекей
баласы менен кайын журтуна
барды. Аларга Дилбар менен
кичинекей баласына капысынан
кайнап аткан суу төгүлүп кетти деп
калп айтты.
Бирок, тили чыгып калган балдары
атасынын эмне кылмыш кылганын
айтып салышты. Максаттын
кылыктырына далай көз жумуп,
жашай бергиле деген төркүндөрү
эми жөн тура алышпады. Айылынын
участкалык милициясын ээрчитип
келип, аны карматып коюушту.
Милиция Максат менен кошо арак
ичкен Капардын да үйүнө барып
андан сурак ала башташты. Бирок
Капар мен эч нерсе билбейм,
экөөбүздүн арак ичкенибиз чын,
анын үй-бүлөөлүк чыр-чатагына
менин эч кандай тиешем жок деп
четке чыга берди
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#303 Пользователь офлайн   Liliia   03 Июль 2015 - 02:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 320
  • Катталган: 11 Март 14
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 21:52
  • Жынысы:Аялзаты

Кайнатанын каргышы.3-
китеп.68-бөлүм.
Арадан эки кун өтпөй Дилбардын
эки
көзү көрбөй, кичинекей баласынын
чарчап калганын угушту. Көрсө
кичинекей
ымыркайдын жамбашы эле куйду
деп ойлогон кошуналары анын
курсагында да кайнап жаткан суу
куюулуп кеткенин адегенде
байкашкан эмес экен.Максаттын
кылмышынын бети ачылып, аны
менен кошо жүргөн Капарды да
күнөөлөп атышты. Дилбардын эки
баласы таенесиникинде жашап, ал
эми Максатты кылмышкерлерди
кармоочу убактылуу бөлүмгө алып
барышты. Эки көзү көрбөй калган
Дилбарды тажрыйбалуу доктурларга
көрсөтүү үчүн шаарга жиберишти.
Кларанын төркүндөрү аны кандай
жашап атат деп бир күнү чогулуп
алышып машине менен келип
калышты. Бул учурда
Клара бөтөлкөлөш достору менен
көнүл ачып отурган. Алардын
арасында Капар да
бар. Төркүндөрү Клараны кайра
арак ичип алаарын билген эмес.
Операциядан кийин
акылына келди деп ойлошкон. Анын
үстүнө Клара да экинчи аракты
оозума албайм
деп карганып кеткен эле. Үйдүн ичи
баягы таз кейпине түшүп калыптыр.
Баары кир,
арак менен тамекинин жагымсыз
жыты буркурайт. Эшиктен кирип
келген
төркүндөрүн көргөн Клара
кадимкидей сестене түштү. Бир
чети уялып да кетти. Уялганынан
аларга мас экенин билгизбегенге
аракеттене алар менен сылык
учурашып төргө өткөрдү. Үйдөгү
кызып калган Капар досторуна
кыйынсынып тааныштырып кирди:
-Булар Кларанын төркүндөрү болот.
Менин кайын журтум, таанышып
алгыла, - деди. Кларанын
төркүндөрү аны жактырышпай, эч
кимиси тендерине албагандай түр
көрсөтө керсейишип коюшту. Клара
ынгайсызданып
төркүндөрүнөн ал жайды сурап
кирди. Төркүндөрүн сыйлап
дасторкон үстүнө эмне тамак коерун
билбей турду. Анткени, үйүндө эч
нерсе жок болчу.Үйүндөгү достору
менен самогон ичип, пиязды
туурап, катыган нан, анан сууну
коюп отурушкан. Кларанын атасы
кызынын кебетесин көрүп зээни
кейип, оор ушкурунуп алды.
-Досторунду кетирчи, өзүбүзчө
сүйлөшүп алалы, - деди.
Атасынын сөзүн уккан үйдөгү мастар
актангандай:
-Клара ооруп Жаны эле жакшы
болду го, анын ден-соолугун сурап
коёлу деп келгенбиз- деп
шыпшынышты. Үйдөгү
мастар эшикке чыгып кетээри
менен жанатан бери өзүн аран
кармап отурган
Кларанын эжеси кыйкырып урушуп
кирди:
-Эй, Клара! Сен эмне келесоо,
аракеч күйөөнө кошулуп, өзүн дагы
ит болуп калгансынбы! Алдагы
кебетен кантет!
Жакында эле ооруканадан өлөт-өлөт
болуп аран чыкпадын беле! Эмне
сага араксыз
жашоо болбой калдыбы! Жанагы
аракеч күйөөндү жогот десек
укпайсын! Ал ушинтип жүрүп сенин
түбүнө жетет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#304 Пользователь офлайн   Liliia   03 Июль 2015 - 02:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 320
  • Катталган: 11 Март 14
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 21:52
  • Жынысы:Аялзаты

Кайнатанын каргышы.3-
китеп.69-бөлүм.
-----------Бул эмне кылганын кызым?
– деди
атасы Кларанын кылыгына нааразы
болуп. Клара унчукпай мелтиреп
олтуруп берди.
Досторун узатып кеткен Капар
колуна бир бөтөлкө самогон, бир
нан көтөрүп кайра
келип калды.
-Силерди сыйлап коеюн дедим, -
деди самогон менен нанды
дасторконго коюп, Капардын
«сыйын» эч кимиси
жактырбай, мурдуларын чүйрүп
коюшту. Өзгөчө Кларанын женеси:
-------Биз самогон ичпейбиз,
сасытпай
ары алып салгылачы, - деди
дасторкондун үстүндөгү самогонду
көрсөтүп.
-----Анда тазасын деле алып келе
калам. Азыр Клара силерге бир
нерсе кууруй салат, - деп
шыпылдаган Капарга Клара:
------Үйдө эч нерсе жок болсо,
эмнени
кууруйм, андан көрө мобу
самогондун ордуна кууруганга бир
нерсе алып келсен
боло? – деди.
-Эмне үйдө эч нерсе жокпу?- деди
билмексен боло Капар.
-----Эмне, сатып келген тамак-
аштарын
бар беле?
-----Эми бизди деле түшүнсө болот
да экөөбүз тен иш жок, кайдан акча
тапмак элек. Жумуш болгондо
иштеп сени, балдарынды деле
багып атпадым беле…
------Болдучу сенден эч ким эч нерсе
сураган жок! – деп койду Клара.
-----Азыр сен биз менен кетесин,-
деди атасы Клараны карап.
-Каяка?
-Үйгө?
-Кайсы үйгө?
-Төркүнүнө да! Дагы кайсы үйүнө
бармак элен! Бол тез кийинип,
бекитип чык! Биз кутуп туралы! –
деди эжеси кыжыры келип.
-Клараны эч жакка жибербеймин! –
деди Капар.
-Сен кимсин! Клара сени менен
жашагандан бери бузулду!
-Клара мени менен жашаганга
чейин эле бузулуп кеткен. Дагы
рахматынарды айткыла! Баарына
көзүмдү жумуп
туруп, аны катын кылып жашап
жатканыма. Болбосо мындан да
жаман болмок! Азыр болсо Клараны
эч жакка алып кете албайсынар!
Мен Кларанын эримин! Биздин
жекече жашообузга
кийлигишкенинерди токтоткула! –
деп Капар Кларанын торкундору
менен урушуп кирди. Клара
алардын кыжылдашканын угуп,
унчукпай отура берди. Капар
тигилер менен сөгүшө баштаганда
айласы кеткен жеңеси менен эжеси:
-Ай, Клара мобу эр соройүңдү
тыйып койсон боло! – дешти
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#305 Пользователь офлайн   Liliia   03 Июль 2015 - 02:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 320
  • Катталган: 11 Март 14
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 21:52
  • Жынысы:Аялзаты

Кайнатанын каргышы.3-
китеп.70-бөлүм.
-----Капар туура айтат. Мен
силердин
жеке жашоонорго киришип атамбы.
Эми силер биздин үй-бүлөлүк
жашообузго
киришкенинерди токтоткула.
Менин өз жашоом бар, өз үйүмдө
кандай жашасам да өзүм билем.
Силерди тажатып жатамбы, мага
сыйынар менен келип, сыйынар
менен
кетип жүргүлө! Менда силердикине
сыйым менен барып келип
атпаймынбы! – деди Клара.
Эгерде азыр унчукпай, Капарды
тыйып, төркүндөрүн ээрчип кетип
калса ал жактан аны күндө урушуп,
арагынды кой деп тыйып, ээн-эркин
баса албасын билди. Атасы Клараны
карап оор улутунуп алды. Клара эч
кимдин сөзүн укпасын билип,
төркүндөрү аны урушуп, дагы
келебиз деп, акыл насаатын айтып
кетишти. Ал эми Капар алардын
кеткенине ыраазы болуп, керсейип
чалкасынан эки колун башына
жазданып төрдө отурду. Алар
кеткенден кийин эле Клара менен
Капар жуз граммдан ичип алып,
чала өлгөн жыландай болуп, кантип
аракка акча табабыз деп
отурушкан. Ангыча айылга
шаардын автобусу келип калды.
Автобусттун ичинен Рахман эки
уулун жетелеп түштү.
Көптөн бери айылга келбегендиктен
Рахмандын эки уулу сүйүнүп бир
чети апасын сагынганга үйүн
көздөй дерделендеп чуркап
жөнөштү, Рахман алардын артынан
басты. Дарбазасын шаша-буша
ачып үйгө киришти. Бул учурда
Клара шишип-көөп, кызуу болуп
Капар менен отурган. Эшиктен
кирип келген балдары Клараны
мындай деп элестетпесе керек эле.
Анын аракечтерден айырмасы жок
кебетесин көрүп карап туруп
калышты.
--'-----Ой, менин каралдыларым!
Келип
калдынарбы! Ким менен келдинер!
Атанар жеткирип келдиби, же
какбашпы?.. –деп
уулдарынын бетинен сүйүп, оозун
жыйгыча эле сырттан Рахман кирип
келип калды.
Ал Клара ооруп атса керек деп
элестетип келаткан. Клара күнүгө
арак ичип, кебетеси капкара болуп,
арыктап, шүмшүюпп калган эле.
Рахман Кларанын капкара болуп
аракка күйгөн кебетесин коруп,
адегенде тааныбай да калды. Анан:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#306 Пользователь офлайн   bema_bema   03 Июль 2015 - 03:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Рахман Кларанын капкарап
болуп аракка куйгон кебетесин коруп, адегенде тааныбай да калды. Анан:

-Сен Кларасынбы? !- деди чоочуп.

-Тааныбай калдынбы, ооба менмин!..

-Алдагы кебетен кантет? Эмне болуп
калгансын?! Кайра арак ичип алгансынбы? !

-Мени менен ишин болбосун! Сенин
менин жашоомо кийлигишкенге кандай акын бар! Эмнеге келдин эле, сени бул жакка
Ким чакырды! Келип алдагинтип тескегенинди койгун! Мен Сенин катынын эмесмин!
Жанагы Зейнеп деген шуркуянды ошентип теске!

-Мм… мм… Сен болбой калган турбайсынбы! Мен
бул Жака келбейт деле болчумун. Балдар сени сагынган учун сагынычын таратайын деп
алып келгем.

-Мен деле балдарды аябай сагындым…
- деген Клара эки уулун алмак-салмак бетинен, мойнунан жыттап ооп жаты. Кичинекей
эки уулу шаардан ала келген базарлыктарын столдун устуно коюуп, жайнатып
киришти. Жанатан бери Рахман менен баш ийкешип эле учурашып, тордо керсейе,
мисирейип отурган Капардын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#307 Пользователь офлайн   bema_bema   03 Июль 2015 - 03:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Дасторкондун устундогу дурдуйум тамактарды коргондо козу жайнай тушту.
Рахман Клара менен Капарды коруп кыжыры келе:
-Мен эртен менен келем.Ага чейин балдар сени менен болуп турсун.Эртен кайра эле шаарга кетебиз,-деди да сыртка чыгып,айылдагы алысыраак тууганынын уйуно туноо учун жоноп кетти.Жаман да болсо энеси эмеспи,кичинекей эки уулу Кларанын жанынан чыкпай,айланчыктап улам келип бетминен чоп эткизе ооп коюп жатышты.Клара балдарынын келгенине суйунбой,алар алып келген анча-мынча азык-тулукко суйунуп Капар экоо курсактарын тойгузушту. Андан кийин Клара уулдарынан Зейнеп менен Таабалды тууралуу ар кайсыларды сурап кирди:
-Зейнептин боюнда барбы,ал жакында кичинекей бала торойт бекен,-деп сурады эки уулун алмак-салмак караган Клара.
-Боюнда бар окшойт,бая куну айтып атышкан,силердин эми кичинекей бобогунор болот деп,-деген Тилек окуяны токпой-чачпай айтып берди.Зейнептин боюнда бар экенин уккан Кларанын кызганычы ашып-ташып озунон-озу кыжыры келип,кыйкырынып, каргап-шилеп кирди.Анын мындай кылыгын коргон Капар:
-Эмне эле болуп атасын!Боюнда болсо эмне экен,тууй берсин!анда сенин эмнен кетип аттыле,-деди.
-Сен кандай эч нерсени тушунбойсун! Эгерде жанагы шуркуя катыны Рахманга дагы бир бала тууп берсе,бул жердеги балдарымды эч ким карабай калат.Коросун го!Андан коро кудай ошол Зейнептин тороло элек баласын боюнан тушуруп,жок кылып салса кана!Откондо деле экообуздун балабызды кудай алып алды го,-деди Клара козунун жашын агызып.
***
Рахман алысыраак тууганынын уйуно туногону барды.Алар Рахманды сыйлап,жакшы тосуп алышты.Анан дасторкондун устундо Клараны болушунча жамандап киришти.
-Клара аябай бузулуп кетти.Экоонор жаны уйлонгондо ал кандай молтурогон, супсулуу,далай эркектер ашык боло турган келин эле.Эмичи...ар кайсы эркектин оюнчугу болду.Жанагы Капар деген аракечке эмнеге тийип алды билбейбиз.Ошо менен

Билдирүүнү түзөткөн: bema_bema: 03 Июль 2015 - 03:12

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#308 Пользователь офлайн   bema_bema   03 Июль 2015 - 03:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

озу жашагандан бери ого бетер бузулду. Бая куну айылдагылар кеп кылып атышат. Алар арак менен самагонго акча таба албай калышканда Капар Клараны ар кайсы эркектерге салып берип, анча-мынча акча табышат экен деп уктук. Ушул кантип болсун, угуп алып жерге тукуруп атабыз. Балдарынды бул жерге ишенип таштаба, озун менен эле кошо ала кеткенин он.
Бул жерге энесине ишенип калтырганга ишенич жок,-дешти.
Рахман алардын созун унчукпай угуп олтурду. Эртеси куну тан эрте шаарга кетчуу автобуска улгуруп калалы деген кыяста Рахман балдарын алганга уйуно келди. Клара менен Капар бир кездерде оздоруу укточу болмодо жаткан экен.
Эшикти Тилек ачып, уйкусу ачылбай, козун ушалады.
-Бол тезирек кийингиле. Шаарга кетебиз......- деди Рахман.
-Бат эле кетебизби?
-Ооба, мен иштен калам. Апанарды, айлынарды кордунор. Эми кайра шаарга кетели....,,
-Ата, шаарга кийинчерек эле барбайлыбы? ...-деди мусапырдай болгон Тилек.
-Эмне апанарга деген сагынычынар таркабай калдыбы?
-Иий.....
-Апанардын кебетесин кордунор го.... Ал силерге ысык тамак жасап берип, жакшы карай албайтта.... Андан коро кетели,-деген Рахмандын унун ары жактан чыгып келаткан Клара угуп:
-Балдарынды анча мынча убакыт карасам эле , укмуш болуп калдым деп атасынбы? Буга чейин балдарды мен эле карачуу эмес белем.! Бар, жанагы Зейнеп деген канчыгын жакында тууйт экен, ошону туудуруп ал.! Менин балдарыма келбесен келбей эле кой! Болгону акча тыйындан жардам берип тур !,-деди анкылдап. Рахман Клара менен айтышып, уруша кетишти. Эки уулу да апасын сагынышканбы, айылда анча-мынча убакыт журо туралычы деп конбой койушту. Рахман акыры Кларага канчалык балдарын калтыруу опурталдуу экенин билсе да айла жок, аларды калтырууга туура келди. Эки уулун ооп жыттап, Клараны карап:
-Балдарды жакшы кара! Эгерде бирдеме болсун.....Эмне кылаар экемин! ,-деди кекене. Клара ажылдап, аны урушкан бойунча калды. Рахмандын кетип баратып, эмнегедир журогу бир жамандыкты сезгендей дупойул тартып, кол булгалап уйундо-калышкан уулдарын улам-улам карап автобуска тушуп, шаарга жоноду. Ал уулдарынын бирин акыркы жолу коруп атканын сезген жок.

Айылдан шаарга баратып, автобустун ичинен эки уулунун кол булгалап коштошуп аткан элеси, такыр эсинен чыкпай койду. Бир чети таштап койгонуна окунуп атты. Балдарынын айылда эле тура туралычы деген созунон чыга албай койбодубу. Болбосо, Кларага балдарын бир мунот да ишенип таштоого мумкун эмес эле. Анын устуно ансыз деле апасы жок журушот. Энесин санышат да. Атасы айткандай аманда болсо Клара алар учун эч кимге тенегис эне.
Балдарын энесинен айрыгысы келбеди. Мейли, бир жумадан кийин эле кайра келем буюруса деп ойлонуп, оор ушкурунуп алды. Шаарга аз калганда Рахмандын козу илинип кеткен экен. Тушуно эки кичинекей баласы кирип атыптыр. Балдардын кичуусу Бактыбек казылган оордо камалып, чыга албай жалдырап, ыйлап атыптыр. Бери жакта Тилек журот. Ал Бактыбекти чыгарам деп аракет кылат. Бирок, аракетинен эч кандай майнап чыкпайт. Ангыча Клара менен Капар пайда болуп, оордо жаткан Бактыбекти коруп каткырып атышат. Экоонун кийген кийимдери айрык, кир эле. Рахман тушунон чочуп ойгонду. Козун ачса автобус шаарга жетип, элдер тушуп атышкан экен. Журогу лакылдап, катуу согуп калыптыр. Эмнегедир озунон-озу кыжаалат болуп, чийки май жегенсип, сарсанаа болуп баштады. ''Мен кайра барып алып келгенче, балдарым аман-эсен болсо экен '' деп кубуронуп алды Рахман.

********

Уйго келгенде да Таабылды карыя да Рахмандын жалгыз келгенин коруп кейип алды.
Кларага балдарды бекер эле таштаптырсын, балам. Ага ишенич жок. Жумуш табылат. Бир-эки кун кечиксен да балдарындын сагнычы анча-мынча тарагандан кийин озун менен кошо ала келсен болмок экен.
-Аны мен да ойлоп атам. Анын устуно Зейнеп да кош бойлуу болсо, ал менин Кларага кеткенимди анча жактырбайт. Зейнептин да урогун оорутпайын дедим. Эки-уч кундон кийин эле балдарымды алып келбесем болбойт. Анпесе санаам тынчып бул жерде жата албайм. -деди Рахман. Таабылды карыя:
-Ошент балам, тезирээк барып, балдарынды алып кел.,-деди.
-Рахман шаарга кеткенден кийин Клара эки баласын карабай, мурдагысындай эле арактан башы чыккан жок. Шаардан келген базарлыктан ооз тийгиле деп, баягы ботолколош досторн чакырып келип, шылтоолоп арак ичип конул ачып олтрушту. Эки баласы эшиктин астында топурак чанга аралашып, кошунанын балдары менен ойноп журушту. Алардын эмне кылып атканы менен эчкимдин иши болбоду. А тугул Клара да балдарынын ачка-ток экенин билгиси да келген жок. Ачка болсо оздору тамак сурап келет да деп ойлоп койду. . Бир маалда эки кичинекей бала карды ачып уйго кирип келатышкнда астыларынан темтендеп мас болуп, сыртка чыгып келаткан Капар аларды коро сала:
-Энендурайындар жоголгула бул жерден! Уйго кирбегиле! ,-деп кыйкырды. Эки бала элендеп мас Капардан коркуп, жалтактай тушушту. Анан улуусу;
-Курсагыбыз ачып кетти....нан жейли ,-деди бурушо.
-Курсагынар ачса анда киргиле! Азыр уйдо коноктор бар! Апанар конок тосуп сыйлап атат! А силер апанарга жолто болосунар! Уктунарбы?! Уйго кирбегиле! Жоголгула! !!,-деп соомойун кесеп кыйкырган Капар Рахмандан очумду ушинтип балдарынан чыгарып алам деп ойлонуп, озунун кылган ишине мыйыгынан жылмайып алды.
Тилек менен Бакытбек сыртка чыгып эшиктин астында отургучка мусапырдай болуп, шаабайлары сууп олтуруп калышты.
-Шаарга эле кете берсек болмок.....-деди бир маалда Тилек.
-Сен болбой койбодунбу деди Бактыбек да агасын куноологондой.

********

-Иий, кокуй, балдарымды шаарда журот деп унутуп койгон турбаймынбы. Алар каякта журушот? Мен бугун аларды коргон жокмун. Тамак ичиштиби?,-деди бир маалда карангы кирип , коз байланып калганда Клара эми уулун эстеп ''конокторун' ' узатып баратып.

Билдирүүнү түзөткөн: bema_bema: 03 Июль 2015 - 03:15

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#309 Пользователь офлайн   bema_bema   03 Июль 2015 - 03:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

маалда карангы кирип,
коз байланып калганда Клара эки уулун эстеп «конокторун» узатып баратып:

-Ушул эле жерде ойноп журушкон. Алар
каяка бармак эле. Ачка болсо сенден сурабай эле алып жей беришет да. Тилдери чыгып,
ичем-чычам деп калган балдарга да сарысанаа болосунбу, - деп койду Капар.

-Чын эле… тил-оозу бар бала ачка болсо
сурайт да, же сен айткандай озулору алып жешет… Капар аяштарыбыз бизге аябай ыраазы
болуп калышты окшойт ээ. Ким эле ушинтип бизчилеп уйуно киргизип атыптыр. Биз эч
нерседен куру калтырбай, аларды сыйлап, коноктоп турабыз го. Мына атугул кичинекей
эки балабыз да шаардан базарлык алып келишти деп аларды ооз тийип кеткиле деп чакырдык,
- деп бакылдап атты Клара. Бул учурда эки баласы торку уктоочу болмодо Капардын
козуно корунуп албайлы деп акырын кирип барып, жатып калганын байкаган эмес.

Досторун
узатып келген Клара эки уулун издеп калды. Сыртта эле журушот го деген кыязда алардын
атын атап кыйкыра берди. Ангыча Тилек уйдон чыга калып:

-Апа биз уйдобуз кыйкырбанызчы, - деди нааразы
… болгондой.

-Унунорду
чыгарып койсонор боло, ботом. Качан кирип кеттинер эле. Тамак ичтинерби. Курсагынар
ачкан жокпу? – деп сурап кирди.

-Курсагыбыз
ачты,-деди Бактыбек.

-Жургуло анда силерге тамак куюп
берейин, - деген Клара эки уулун жетелеп уйго кирип, казан-аякты калдыратып
кирди. Жылаан сыйпагансып колуна бир да ырыстуу тамак урунган жок. Арак,
самогон ичип, досторун улам-улам сыйлап отуруп, уйго кичинекей тамак да
калтырбай бут баарын ичип алышкан экен.

-Ка-ап, силерге тамак калтырам деп унутуп
калган турбайынбы. Чай ичип, нанды жеп жата бергиле. Силере эртен менен тамак
жасам берем, ээ – деди Клара балдарын карап. Эки баласы муздаган карандай чай
менен Кларанын капкара болуп куйуп бышкан нанын жеп курсактарын чала тойгузуп,
жатып калышты…

Эртеси куну эки уулу Кларадан мурун
ойгонушту. Кечинде курсактары чала тоюуп калганга ачка болуп калышыптыр. Клара болсо
Капарды кучактаган боюнча Тушко чейин уктады.

Билдирүүнү түзөткөн: bema_bema: 03 Июль 2015 - 03:28

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#310 Пользователь офлайн   bema_bema   03 Июль 2015 - 03:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Балдары апасына барып, бизе тамак жасап бер деп айтыштан жазганып турушту. Анткени апасынын койнуда Капар жатат. Азыр энесинин тынчын алып ойготсо Капар кыйкыраарын билишти. Кошунанын балдары менен эшигинин алдында ойноп олтурушту. Бирок, ''ач бала ток бала менен ойнобойт' ' дегендей , курсактаы ачып турган Тилек менен Бакытбек уйго улам кирип чыгып, кургак нандан жеп атышты.
*******
Таабылды менен Рахман суйлошуп олтурушса жумуштан Зейнеп келип калды. Рахмандын айылдан келгенин коро жылмайа:
-Келип калдынбы? Айылдагылар кандай жатышыптыр? Балдарды кайра ала келбединби? ,-деди . Рахман айылдагы жанылыктарды бир сыйра айткандан кийин, Таабылды созго аралашты;
-Балдарды айылга таштап келгени жаман болуптур. Рахманга балдарды таштабай эле койсон болмок деп атамын,-деди.
-Ооба, бекер эле таштаптырсын. Бул жакта биз жумушка кеткенде атам жалгысырап атпайбы. Кичинекей экоо менен кобурашып, суйлошуп, убакытын кандай отконун билчу эмес. Ми атам эртеден кечке жалгыз болуп калат экен,-деди Зейнеп да Таабылдынын созун коштоп.
-Атам анча-мынча чыдаса, сен тороорго жакын эс алууга чыгасында, анан атамды карайсын,-деди Рахман Зейнепти эмне дээр экен кыязда сынай карады.
-Кудай буйруса ал деле тез эле келет. Мен уйдо болсом атама караан болом дечи, . Ага чейин берки эки кичинекейдин да болгону жакшы болмок. Менин кызымды айылдан алып келейин десем, апамдар бербей атышат. Эми айылга барып качан балдарды алып келесин? ,-деп сурады Зейнеп.
Рахман Зейнептин илберинки, жумшак муноозуно ыраазы болуп турду. Бир кездеги Кларанын Таабылдыны бакпайм, карабайм, ал какбашты кудай да албайт экен деп кыйкырып-окуруп айткан тажаткан создорун эстеди. Клара менен Зейнепти салыштырууга таптакыр мумкун эмес. Экоонун мунозу асман менен жердей. Алар бир топко чейин суйлошуп олтурушту. Кечинде жатууга кам урганда Рахман:
-Эмнегедир журогум алып-учуп, озумду жаман сезип атам. Балдарымды Кларага таштап келгенге санаам тынбай атаьы же.....Тушунбойм, , эртен жумушка барып, бурсугункуго сурана келбесем. Бурсугуну эле айылга барып, балдарымды кайра алып келбесем болбойт окшойт,-деп калды.
-Ошент, айланайын... .-деди Таабылды карыя да.
*******

Тушко чейин уктаган Капар менен Кларанын баштары ооруп калыптыр.
Курсак ачты, ысык шорпо жасачы. Башым да ооруп турат,-деди Капар Кларага.
Ордунан турган Клара эшикке чыгып эки уулунун караанын издеди. Эшиктин астында эле ойноп атышат, болуш керек деп ойлогон. Бирок, эшиктин астында корунбогондо, сыртта кошунанын балдары менен ойноп журушсо керек деп ойлоду да, Капарга ысык шорпо жасаганга кам урду. Балдарынын крсактары ач экендиги эстерине да келген жок. Башы зынылдап ооруганга, баш жазганга арак издеп Капар кочого чыкты.
-Клара жене, ! Кичинекей Бакытбекти жанатан бери таппай атабыз! Тилек уйго келип, силерге айткандан коркуп, кочодо ыйлап журот! ,-деп туш ооп калган кезде кошунасынын тестийер баласы чуркап келип уйдо тамак ичип олтурушкан Клара менен Капарга келип айтты.
-Бактыбек каяка кетиптир?! Мен жанагы шумшук Тилекти бобогуно баш-коз болуп карап тур дебедим беле! Ал бобогун карабай кайда жрду, келесоо-десе! -деп ызырына балдарына жини келген Клара сыртка чыкты. Кочонун боюнда ыйлап олтурган Тилектин жанына келип, аны жааакка чаап жиберди.
-Кана Бакытбек! Аны карабай каякта журдун?!
-Ал, жанымда эле болчу....каяка кетип калганын билбейм .....Биз менен эле ойноп жургон.....,деди козунун жашын агызган Тилек, энесин жалтактай карап.
-Пайдасы жок эшек! Жада калса кичинекей бобогун караганга да жарабайт! ..деп Тилекти башка-козго койгулап, уруп кирген Клараны коргон кошуналары анын жанына келе калышты.
-Баланы да ушунча урасынбы! Андан коро ошол кичинекей баланы озун карабайсынбы, ботом!,-деп Тилекке болушуп кетишти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#311 Пользователь офлайн   bema_bema   03 Июль 2015 - 04:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Мен ушул каргыш
тийген уй-булого каяктан келип калдым болду экен! Карыган какбаш, алжыган
кайнатамдан, атасына болушкан эримден эми Гана кутулуп, оз жашоомду коройун
десем, тукуму жинди балдары мени кууратмай болду го. Ушул балдарымдын азабын
жалгыз тартып бутмой болдум! Атасы болсо шаарда, балдарын мага таштап коюуп жыргап
журот! Кудай ушундай жашоодон коро туубас эле катын болуп калсам эмне! Эми тиги
Бактыбек кайда журот, тур, таап келип кал! – деп Тилекти далыга нукуп, жумшап
калды. Анын мындай ажылдаганын далай коргон кошуналары оздорунчо кубур-шыбыл
болуп калышты.

-Кесири бир куну башына тиет го. Ушинтип
кесирленип журуп, жакшынакай куйоосунон ажырады. Ким эле ушундай ажылдак катын
менен жашагысы келсин…- деп калышты.

Кошуна-колондору менен кошо Клара
, Тилек кочого чыгып бардык короо жайды кыдырып издеп журушту. Ангыча ары
жактан бироонун ачуу уну чыкты:

-Дааратканага тушуп калган
турбайбы, катыгууун! !!

Баардыгы кыйкырык чыккан тарапты
коздой чуркашты. Аркы кочодо жашаган Амандын Жаны даараткана салам деп эскисин
ачып кое турган. Эски толуп калган даараткананын оозу ачылып жатканына эки кун
болгон. Ары-бери откондор санырсыган жыттан тажап, эртерээк устун жаап
салбайсынарбы дешкен эле. Анна-мына деп журуп, эми минтип кичинекей бала тушуп,
чогуп кетти. Эски дааратканадан Бактыбектин бир колу Гана чыгып калган. Анны да
Аманбектин кош бойлуу аялы коруп калып атпайбы…

***

Ошол куну Рахмандын журогу туйлап,
алып учуп, озун коерго жер таппай бир жамандыкты сезгендей болуп атты. Айылда
калган эки уулунун элеси коз алдынан кетпей койду. Эртенден калбай айылга
барбасам деп иштеген жеринен суранып, уйуно келгенде атасы Таабалды менен аялы
Зейнептин коздору шишип калыптыр. Алардын кебетесин коруп журогу жарылып
кетчудой согуп алды. Анан айылдагы уулу Бактыбектин коз жумгандыгын укту. Уккан
кулагына ишенбей жанагы аракеч Капарга кантип таштап кеттим экен, баарына мен
куноолуумун деп ыйлап жатты.

Анан ошол эле куну машина менен жол тартышты.
Айылга танга жуук келишти. Уйуно жакындаганда Рахман болгонкучу менен ыйлап окуруп кирди. Кларанын торкундору айылдагы тууган туушкандар Бактыбектин соогун чон кишилердикиндей эле Боз уй тигип ошол жака жаткырышкан. Рахмандын ыйлап окуруп келе жатканын угушкан ичкертегилер кошок айтышып. Сырттагылар окуруп тосуп алышты. Кларага дары дармек беришип скал онолгонсуп калды. Баласынын олгонуно кайнатасы Таабалдыны куноолоп, каргап жатты. "Ал келсе Бактыбек менен кошо олтуруп тынам "деп каргап шилеп жатты. Торкундору аны улам тыйып жатышты. Таабалды менен Рахмандын келгенин уккан Клара Боз уйдон сыртка жулкунуп чыгып:
-- Мына какбаш неберендин башын жуттунбу! Тилектин да Рахмандын да башын жутасын! Табан кандыбы! Менин башымды жутасын. Акырында озун калып как баш болуп олосун-, деп айкыра берди. Жанындагылар тыйса да конбоду. Нары жакта бурушуп ыйлап отурган Таабалды карыя ага тенелбеди.
--- Биздин ажырашканыбызга сен куноолусун Бактыбектин башын сен жедин как баш. Баламды сен олтурдун - деп эчкимге баш бербей айкыра берди. Торкун Дору тыйса да болбоду. Акыры Рахман чыдабай кетти.
-- Бактыбекти сен олтурдун. Сенин арагын олтурду. Сен арак ичпей адамдай караганында олбойт эле. - деп согунуп баштаганда Клара кичине сестенип Боз уйго кире качты.

Билдирүүнү түзөткөн: bema_bema: 03 Июль 2015 - 05:28

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#312 Пользователь офлайн   bema_bema   03 Июль 2015 - 04:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

туура эмес корушту.
Бактыбек коз жумардын астында суйлогон кебир создорун бир сыйра кошуналары айтып отушту. Ошентип, эртеси эле Бакытбекти аркы сапарга узатышты.
Таабылдынын небересин кучактап алып жаш баладай ыйлаганын коргондор чыдап тура алышпай, аларда бир сыйра коздоруно жаш алышты. ''Кудайдан силердин жамандыгынарды корбосом деп тиленчуу эмес белем! Кудай ушу кичинекей неберемдин чымчыктай болгон жанын албай, менин жанымды алса эмне! Ушунчалыкта тагдыр таш боор болобу! ....''-деп Таабылды мурзодон келатып да ыйын токтото албай келатты. Рахман менен Таабылдынын ортосуда Тилек да ыйлап журду. Ал эми уйдо калган Клара эсин жоготуп, кайра эсине келип, догдурлардын козомолундо болуп турду. Торкундору Клараны эми дагы экинчи жолу инсулть болбосо экен деп чочулап атышты. Бакытбекти оз жайына бергенден кийин Таабылды менен Рахман шаарга Тилекти алып кетебиз дешип камынып калышты.
-Мен бул жерге кала албайм.......Эми экинчи келбейм, Тилекти да жибербейм! ..-деп кесе айты Рахман. Тилекти алып кетем деп атканын коргон Клара:;
-Мени биротоло олтуруп туруп кетемин деп атасынбы! Тилек жок эми менин жашоом кандай болот?...-деп боздоду.
-Тилекти эми сага кантип ишенип таштап кетем!..деген Рахман анын созуно карышы турду.
-Жок, ! Анда мен бул уйдо жашабайм! Бул уй мага жакшылык алып келген жок! Мен бул уйдон бактылуу болуп жыргаган жокмун! Каргыш тийсин ушул уйго! Бул уй менин жаштыгымды жегени аз келгенсип, эми баламды алып тынды! Канчалаган коз жашым ушул уйдо тамды! Эми мен бул жерден кетем, . Ушул уйду ортоп туруп кетем.! Мага эми жашоонун кызыгы жок!,-деп ботодой боздогон Кларанын торкундору Рахманды карап;
-Кларанын жанынан кетпей атан экоонор эки-уч кун болуп турсанар жакшы болот эле. Эгерде бул ушундай абалда болсо бир жамандыктын устунон чыгабыз,-дешти.
-Жок, мен бул уйдо тура албайм. Кетишим керек,-деди Рахман.
-Рахман сен кал, каргыш тийген атанды козумо коргозбо! ,-деди Клара. Анын созуно жини келген Рахман.
-Мендагы, атамдагы Тилекдагы бул уйдо калбайт, Кларанын тийген башка куйоосу бар. Эми Клара экобузду эч нерсе жакындатпайт. Клаоаны мен эч качан кечирбейм. Ортодогу балдар учун мен анын даалай кылыктарына чыдап келгем. Эми мен эч ким эмесмин ага. Тилектин чыпалагын да карматпайм. Бактыбек кантип коз жумганын толугу менен уктум. Эгерде Кларанын журогу чмчыктын энесиникиндей болсо Бакытбегим ушул жерде аман-эсен журмок.:
Рахмандын бул созуно Клара мисирейе карап.
-Кордунбу Рахман сен эки бала менен мени сыздатып туруп жанагы шаардагы катынын Зейнепке атанды эрчитип кетип калдын эле, жыргап кеттинби! Мына экоонордун жашаганынарга канча болду, бир да балалуу боло албай атасынар, кудай силерди ушинтип жазалайт. Силер эч качан балалуу боло албайсынар! ,-деди .
-Оозуна карап суйло, Клара биз да кудай деген адамбыз. Кудай деген куру калбайт , Кудайда бизди суйот, ойубузду угат. Жакында балалуу болобуз. Зейнептин бюнда бар,-деди Рахман.
Рахмандын созун уккан Клара:;
-Зейнептин боюндагы баласы бул жарык дуйного келгенче, эле курсагында куурап, олуп калсын! Менда баламды жоготуп сыздап атам! Зейнеп да мендей болуп сыздап корсун!,-деди.
Анын созун андан аары укусу келбеген Рахман менен Таабылды Тилекти жетелеп сыртка чыгып кетиши. Уйдогу тууган уруктары менен коштошуп, шаарга кетиш учун жол тосуп калышты. Ангыча уйдон Клаоа уулуп-уншуп ыйлап сыртка чыгып Тилекти кучактап калды, Анан:
-Тилек жаным! Мени таштап кетип каласынбы? Сен кетип калсан мен олуп каламда! Атана айтчы, апам менен калам деп, мени менен каласынбы,?, -деп сурады.
Тилек козунун кычыгына толгон жашты арчып, чон кишиче мелтиреп, унчукпай тура берди. Клара аны жулкулдата:
-Тилек каласынбы мени менен!?-деп дагы бир жолу сурады.
-Тилек калбайт! Эгерде калса мени эрчибейт болчу! -деген Рахмандын созун уккан клара:

Билдирүүнү түзөткөн: bema_bema: 03 Июль 2015 - 04:31

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#313 Пользователь офлайн   bema_bema   03 Июль 2015 - 04:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

-Тилек оз оозу менен айтсын. Кана, жаным, мени менен каласынбы? -деди. Тилек унчукпай башын чайкады. Ал да Бакытбектин коз жумганын энесинен коргондой ага таарынып турду.
-Мейли мейли..... кете бергиле....... . -деген Клара ордунан туруп баратып, Тилектин бетинен ооп;
-Кайда болсонда аман болчу садагам! Анан мендей келесоо маман, аран бар экенин эсинден чыгарба,-деди да козунун жашын куйултуп уйуно кирип кетти. Аны карап тургандар Кларанын азыркы абалын коруп, аял катары аяп жиберишти. Бирок, андан абдан конулу калган Таабылды карыя менен Рахман гана унчукпай турушту.
********
Жолдун боюнда шаарга кетчу унаа кутуп Рахман, Таабылды карыя, Тилек учоо бир топко чейин турушту да бир женил машинеге олтуруп жол тартышты. Машиненин ичинде эч кимиси суйлобой, ар ким оздорунчо ойлору менен алек. Таабылды ушунча жылдан бери келининен коргон кордукту, анан минтип балапандай небересинен айрылганын эстеп ичи туз куйгандай ачышып, мандайына жазылган таш боор тагдыына нааразы болуп баратты.
*******

Клара торку болмого кирип эч ким менен суйлошкусу келбей, керебетке комкорусунон бир жерди тиктеген боюнча ойлуу жатты.
Бул уйго алгач келин болуп келген кунун эстеди. Эгерде башынан ушунчалык кооп жамандык оторун, Рахман менен бактысыз болоорун билгенде эч качан бул уйго баш багып карамакта эмесмин деп ойлоп атты. Кудай мени эмнеге ушунчалык ыйлатып-сыздатып атат деп озуно-озу суроо берет. Бирок, ал суроосуна жооп тапайт. Ушундай жашоодон коро олуп эле алайын деп ойлоду. Канткенде, эмне кылып оз жанымды озум кыя алам деген суроо башында турду, Кларанын.

*******

Таабылды менен Рахман айылга Бакытбекти акыркы сапарга узатуу учун кеткенде Зейнеп шаардагы уйундо жалгыз калды. Ал да Рахмандын эки кичинекей баласын оз уулдарындай жакшы корчу. Адегенде айылга Рахман менен Таабылдыны ээрчип кошо барайын деген Зейнеп. Бирок, анын бул сунушун Рахман колдогон жок.

Арадан эки кун отпой
эле Рахман менен Таабалды карыя Тилекти жетелеп келип калышты. Баарынын
кабактары бурко эле. Тугойунон айрылган козудай муусапырдын кейпин кийген Тилек
унчукпай эшиктин астында ойлуу отурду. Демейде уйдун ичин ызы-чууга салып
кыйкырып Бактыбек менен ойногон кундорун эстеди. Кээде андан чондугун салып
оюунчугун тартып алып же анча-мынча какыс-кукус кылып ойногон кундору эсине
тушту. Боор жаш иниси Бактыбекти акыркы сапарга узатып анны жер алдына кантип
бергенин ата-энесин чон атасынын буркурап- боздогонун эстеп озунон-озу козуно
жаш тегерене тушту. Анан уйго Бактыбек экоо ойноочу, уктоочу болмого чуркап
кирип оюнчуктарын коруп инисинин эн жакшы коргон машинасын кармап кучактап чон
кишиче ыйлап кирди. Ошол машинасын айылга ала барабызбы деп жакшы эле
конулдонгон. Бирок Рахман «Ушуну килтейтип кантип айылга алып кетмек элен. Кайра
келгенде ойнойсунар» деп болбой койгон. Бактыбек да журогу сездиби айтор ошол
машинасы менен улам-улам ойноп жон кеткен эмес эле. Корсо Бактыбек ошол жакшы
коргон оюунчугу менен акыркы жолу ойноптур. Тилек ошол машинаны Зейнеп сатып
келгенин эстеди. Бактыбектин суйунучу койнуна батпай бир жолу тун ортосунда да
ойгонуп алып акырын дабыш чыгарбай ойноп отурганын чон атасы коруп урушуп
жаткырып койгон. Бактыбек экоо машинаны талашып Тилек чондугуна салып андан
тартып алып ыйлаганын эстеди. Айтор, Тилек анын ар бир кылык жоругун эстеп
ыйлап отурса сырткы болмодон чон атасы ушкуруно кирип калды. Ал Тилекти коруп:

-Каралдым ай! Кайсы куном учун! Кудай
эмнеге мени ушундай тозоко салды…- деп буркурап-боздоп жиберди. Чон атасын
кучактап Тилек да ыйлады.

-Бактыбекке эмне болуптур? – деп сурады Зейнеп
козунун жашын аарчыгандан кийин Рахманды карап:

-Эмне
болсун… Бактыбектин коз жумганына биз куноолуубуз. Клара карабай коюуп куноолуу
болсо, ошол акмакка ишенип таштап кеткен мен куноолуумун! Коншунун толуп калган
дааратканасына тушуп кетип, эч ким корбой калыптыр…- деп уулунун акыркы коргон
кебетесин эстегенде Рахман жанын коерго жер таппай калды. Анын ушкуругу таш
жарып эч кимдин эч нерсеге
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#314 Пользователь офлайн   bema_bema   03 Июль 2015 - 04:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

-Тилек оз оозу менен айтсын. Кана, жаным, мени менен каласынбы? -деди. Тилек унчукпай башын чайкады. Ал да Бакытбектин коз жумганын энесинен коргондой ага таарынып турду.
-Мейли мейли..... кете бергиле....... . -деген Клара ордунан туруп баратып, Тилектин бетинен ооп;
-Кайда болсонда аман болчу садагам! Анан мендей келесоо маман, аран бар экенин эсинден чыгарба,-деди да козунун жашын куйултуп уйуно кирип кетти. Аны карап тургандар Кларанын азыркы абалын коруп, аял катары аяп жиберишти. Бирок, андан абдан конулу калган Таабылды карыя менен Рахман гана унчукпай турушту.
********
Жолдун боюнда шаарга кетчу унаа кутуп Рахман, Таабылды карыя, Тилек учоо бир топко чейин турушту да бир женил машинеге олтуруп жол тартышты. Машиненин ичинде эч кимиси суйлобой, ар ким оздорунчо ойлору менен алек. Таабылды ушунча жылдан бери келининен коргон кордукту, анан минтип балапандай небересинен айрылганын эстеп ичи туз куйгандай ачышып, мандайына жазылган таш боор тагдыына нааразы болуп баратты.
*******

Клара торку болмого кирип эч ким менен суйлошкусу келбей, керебетке комкорусунон бир жерди тиктеген боюнча ойлуу жатты.
Бул уйго алгач келин болуп келген кунун эстеди. Эгерде башынан ушунчалык кооп жамандык оторун, Рахман менен бактысыз болоорун билгенде эч качан бул уйго баш багып карамакта эмесмин деп ойлоп атты. Кудай мени эмнеге ушунчалык ыйлатып-сыздатып атат деп озуно-озу суроо берет. Бирок, ал суроосуна жооп тапайт. Ушундай жашоодон коро олуп эле алайын деп ойлоду. Канткенде, эмне кылып оз жанымды озум кыя алам деген суроо башында турду, Кларанын.

*******

Таабылды менен Рахман айылга Бакытбекти акыркы сапарга узатуу учун кеткенде Зейнеп шаардагы уйундо жалгыз калды. Ал да Рахмандын эки кичинекей баласын оз уулдарындай жакшы корчу. Адегенде айылга Рахман менен Таабылдыны ээрчип кошо барайын деген Зейнеп. Бирок, анын бул сунушун Рахман колдогон жок.

Арадан эки кун отпой
эле Рахман менен Таабалды карыя Тилекти жетелеп келип калышты. Баарынын
кабактары бурко эле. Тугойунон айрылган козудай муусапырдын кейпин кийген Тилек
унчукпай эшиктин астында ойлуу отурду. Демейде уйдун ичин ызы-чууга салып
кыйкырып Бактыбек менен ойногон кундорун эстеди. Кээде андан чондугун салып
оюунчугун тартып алып же анча-мынча какыс-кукус кылып ойногон кундору эсине
тушту. Боор жаш иниси Бактыбекти акыркы сапарга узатып анны жер алдына кантип
бергенин ата-энесин чон атасынын буркурап- боздогонун эстеп озунон-озу козуно
жаш тегерене тушту. Анан уйго Бактыбек экоо ойноочу, уктоочу болмого чуркап
кирип оюнчуктарын коруп инисинин эн жакшы коргон машинасын кармап кучактап чон
кишиче ыйлап кирди. Ошол машинасын айылга ала барабызбы деп жакшы эле
конулдонгон. Бирок Рахман «Ушуну килтейтип кантип айылга алып кетмек элен. Кайра
келгенде ойнойсунар» деп болбой койгон. Бактыбек да журогу сездиби айтор ошол
машинасы менен улам-улам ойноп жон кеткен эмес эле. Корсо Бактыбек ошол жакшы
коргон оюунчугу менен акыркы жолу ойноптур. Тилек ошол машинаны Зейнеп сатып
келгенин эстеди. Бактыбектин суйунучу койнуна батпай бир жолу тун ортосунда да
ойгонуп алып акырын дабыш чыгарбай ойноп отурганын чон атасы коруп урушуп
жаткырып койгон. Бактыбек экоо машинаны талашып Тилек чондугуна салып андан
тартып алып ыйлаганын эстеди. Айтор, Тилек анын ар бир кылык жоругун эстеп
ыйлап отурса сырткы болмодон чон атасы ушкуруно кирип калды. Ал Тилекти коруп:

-Каралдым ай! Кайсы куном учун! Кудай
эмнеге мени ушундай тозоко салды…- деп буркурап-боздоп жиберди. Чон атасын
кучактап Тилек да ыйлады.

-Бактыбекке эмне болуптур? – деп сурады Зейнеп
козунун жашын аарчыгандан кийин Рахманды карап:

-Эмне
болсун… Бактыбектин коз жумганына биз куноолуубуз. Клара карабай коюуп куноолуу
болсо, ошол акмакка ишенип таштап кеткен мен куноолуумун! Коншунун толуп калган
дааратканасына тушуп кетип, эч ким корбой калыптыр…- деп уулунун акыркы коргон
кебетесин эстегенде Рахман жанын коерго жер таппай калды. Анын ушкуругу таш
жарып эч кимдин эч нерсеге
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#315 Пользователь офлайн   bema_bema   03 Июль 2015 - 04:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

конулу чаппай турду. Рахман Бакытбекти эстеген сайын козуно жаш толуп, озунон-озу ыйлап атты. Бул корунуш Рахманда эле эмес Таабылды карыя, кичинекей Тилекте, а тугул аракеч Кларада да болуп атты.
-Жаным, кайрат кыл..... эми Тилек аман болсун, ушуну менен уйдо жамандык болбосунчу! Баарыбыз аман бололучу....тушунуп турам, азыр баарыбызга оор кун болуп турат. Кудай эми бизге башка жамандыкты бербесинчи. .....-деген Зейнеп Рахманга кайрат айтып, эртен анын иштеген жериндегилери, тааныштары куран окутуп келишээрин кабарлады. Эртеси куну эле Зейнеп айткандай тааныш, туугандарынын баары чогулуп келишип, Таабылды менен Рахманга конул айтып, куран окутуп кетишти.

*******

Кларага бул уй супсак, суук, муздак корунуп, жашоого кайдыгер болуп, эч нерсе менен иши жок болуп калды. Капар болсо Кларага куран окутуп, ага конул айтып, ботолко которуп келген досторунун арактарын ичип журо берди. Ага бир чети кайра жакшы олду, мурда бир ботолко самогон тапай кыйналчуу эле, эми самогон эмес, таза арактар озунон озу келе баштады. Капар Бакытбектин коз жумганына анча деле кайгырган жок.
Уулу коз жумгандан бери клараны торкундору анын, жанынан алыс кетишпей, кайгырып, чогуп, дагы бир жамандыктын устунон чыкпасын деп акмалап алышты.
Атугул аны:
-Бул жерде калганда эмне кылмак элен. Андан коро биздин уйго бар. Бул уйдон кетпесен уулунду эч качан унутпайсын. ....-деп агасы Кларага оз кенешин айта баштаганда ал;
-Уулумду мен кантип унутайын. Ал менин уктасам тушумдон, ойгонсом ойуман кетпейт. Мен аны унутууга кудиретим да жетпейт. Унуткум да келбейт. Мейли, мумкун мен аны кобуроок эстесем, ал да мени сагынып озуно кошо алып алаар. Байкуш уулум, муздак, карангы жерде кантип жатат болду экен. Уулумдун жанына менда барып жатып, аны ар кандай коркунучтардан сактай алсам кана атаганат, мен ушул эки балама эч кандай энелик мээримимди тогуп эркелетпептирмин. Жанагы кайнатама очошуп, ал менин жиниме кандай тийсе, кыжырымды кимден чыгарарымды билбей байкуш эки уулумду сабап., уруп, урушуп калчу элем. Эмне учун ушинттим экен? Балдарымдын баркын эми билип олтурам. Тилекти бир чети Рахман алып кеткени да жакшы болду. Мейли, атасы менен болсун, мага караганда ал ишеничтуу. Мен жаман аялмын, мен жаман энемин! Кудай мени эмне учун ушинтип жаратып койду болду экен! Менин акылым жок, айбанмын! ...деп Клара боздоп ыйлап кирди.
-Бизда сенин ушундай абалынды коруп, бул жерде жашоо сага канчалык кыйын экенин билип турабыз. Убакыт баарына дары дейт, мумкун бул жерден кетсен убакыттын отушу менен журогундогу жара да айыгаар. Ошондуктан биздин айтканыбызга эле кон,-деди атасы оор ушкуруно. Адегенде Клара алардын созун эп коруп Бакытбектин кырк кунун эскерип куран окутуп койуп, анан кетем дегендей кылды. Анын торкунуно кетем деп конулдоно баштаганын сезген Капар. Кларанын козунун кареги менен тен айланып, анын тияк быягына чыгып;
-Торкунуно кетпей эле кой. Сен бул жерден эле ушунчалык ыйлап, кыйналып атасын, торкунуно кетсен, жанына жамандыр-жакшыдыр башынды жолоп, кайрат айткан мен жок. ''Бир уйдун жарыгы экинчи уйго тийбейт'' . Алар анча мынча убакыт откондон кийин сенин олгон уулунду унутушат, ар ким озунун кор оокаты менен алп урушат. Анан сен жалгыз каласын. Ошондо сага мен керек болом. Андан коро бул жерден кетпейм деп айт,-деди. Клара капардын созун жактыра бербей, ойлоном, ага чейин дагы убакыт бар деп койду.
Арадан убакыт билинбей эле ото берди.
Кларанын уулуна куран окутуп келген адамдардын аягы суйула баштаган кезде, торкундору, Бакытбектин кырк кунун эскерип, куран окутуп койуп чындап алып кетели деп ниетенип атышты.
Уулу олгондон бери Клара оозуна бир уртам арак албай калган. Бакытбектин ушундай олумго туш болгонуна мен ичкен арак кунолуу деп ичинен сызып, озун куноолоп журду. Ошондуктан эми эч качан арак ичпейм, деп озуно-озу соз берди. Куран окутуп келишкен ботолколош достору Клараны арак ичип ал, ден-соолугуна жакшы деп жакшы эле кыйнашкан. Бирок, Клара оозуна арак алмак турсун, алар менен кошо олтурбай да койгон.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#316 Пользователь офлайн   bema_bema   03 Июль 2015 - 04:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Ошондой кундордун биринде Кларанын атасы келип, Капарды озунчо сыртка чакырып алып, кызынын башын бошотуусун талап кылды. Бирок, Капар Клара менен ынтымактуу жашп жатканын, аны суйоорун, экоо ажырашууга эч кандай себеп жок экенин айтып кирди. А тугул суйлошкон создорунун аягына чыга электе эле уйго кирип Кларага козун жашылдантып , мен сенден ажыраган куну оз жанымды озум кыям, олом, бул жашоодо сенсиз мага кызыгы жок деп догурунуп.
Клара сыртка чыгып атасына барып.
-Ата азыр менин жашоомо кийлигишпей эле койунузчу,. Сураныч, . Азыр менин журогум ооруп турат. Капар менен жашаймбы-жашабаймбы, мен озум чечем. Ага айтып экообузу ажыраштырабыз дебей эле койгула.....деп басып кетти. Клара ыйлап жибербесин деген кыязда атасы аны аяп башын чайкап тим болду. Андан кийин уйго кирип Кларага даттанган Капарга жини келип кетти. Аны менен эркекче суйлошойун десе, созубуздун аягына чыга электе эле Клаоага даттанып барганын кара. ,эненди...-деп озунчо кубуронуп алды Кларанын атасы. Капардын ар бир кыймылы, журум-туруму Клаоанын торкундоруно ашыкча корунуп, кыжырын келтирип атты. Мени уйдон кууп чыгып. Клараны алып кетип калышпасын деген кыязда Капар акыркы кундору мурдагыдай арак ичпей, оозуна алы келбей ойдо-томон создорду суйлобой калды, анын минтип озгоро тушконун уйдогулор байкап эле турушту.
*******

Убакыт билинбей эле зымырап ото берди. Бакытбектин олгон кунуно кырк кун болду деген куну эртен менен Кларанын торкундору жыт чыгарып куран окутп койолу деген кыязда эрте турушту. Клара оз болмосундо Капар менен уктап, эмнегедир эрте турган жок. Мейли, уктап эс ала берсин, ансыз деле акыркы кундору чогуп кетти деген торкундору Клараны жайына койуп, боорсок жасап, оз иштерин кылып журушту. Ангыча шишип-кооп, керилип-чойулган уктоочу болмодон Капар туруп келди. Сырттагы кемегеде боорсок жасап жатышкан келиндердин жанына келип:;
-Клара каякта?- деп сурады.
-Уйдо, уктап жатат. Тура элек.
-Кайсыл уйдо уктап жатат.
-Озунун уктоочу болмосундо.
-Мен жаны эле ошол болмодон туруп келдим го. Клара ал жаккта жок деди Капар.
-Кантип эле? Эртен менентен бери тура элек. Аны эч ким коргон жок.
-Анда ал каякта экенин билбейм, -Капар тигилердин созуно анча ишенкиребей уйго бет алды. Капар аары басып кетери менен бери жактагы боорсок бышырып жаткан келиндердин бири уйдо олтурган Кларанын бир тууган эжесине чуркап барып иштин чоо-жайын тушундуруп айтты.
-Кызык го ..... Клара кайда экен? -деп эжеси ордунан атып туруп Клара уктоочу болмого атып кирди.
-Мен ойгонгондо Клара жанымда жок болчу. Ал эрте туруп, силер менен оокат жасап журотко деп ойлогом.,-деп Капар актангандай суйлоду. Клараны уйдон качан чыгып кеткенин ч ким билбей, баштары ман болуп, эки акты издеп киришти. Жер жутуп кеткенсин, Клара эч жерден табылбады. Кошуна-колон, курбу келиндердин уйлоруно чейин барып, сураштырып, издеп журушуп эч кимисинен тапай, издегендердин шаабайлары сууп отуруп калышты. Кларанын эжеси чебелектеп, козунун жашын колдото синдисинин табышмактуу дайынсыз жоголушун Капардан да шектенип атты.
-Коншу айылда жашаган атасына кызынын дайнсыз жоголуп аткандыгы тууралуу кабар берели. Мумкун ошол жака кетип калган жокпу деди, ангыча боорсок жасап жаткан келиндердин бири шашкалактай.
-Атам Кларанын жоголгонун укпай эле койсун, Клараны дагы жашылап издеп королу,-деди эжеси бир нерсени эстегендей ойлонуп калды да,-Мен Кларанын каякта экенин билем! -деп ордунан атып турду. Кочо тарапта токтоп турган машинени коздой басып, инисине;
-Машиненди айда! Клара болду болбоду мурзодо!,- деди.
-Клара откондо мага Бакытбектин мурзосуно барып келбейлиби деп эки-уч жолу айтканда, мен кырк кун болгондо куран окутуп барабыз деп койгом. Ал ошол жака эле кети болуш керек,-деди.

Клара ошол туну тан атканча уулу Бакытбекти элестетип жатты. Аны тогуз ай омурткасы сыздап
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#317 Пользователь офлайн   bema_bema   03 Июль 2015 - 04:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

которгонун, бул
жарыкчылыкка алып келген кунун, торотканадан уйуно чыгарып келип, Тилек экоону
чогуу суротко тушуруп, анын алгачкы кулгон, жаныдан таттуу болуп чыга баштаган
ар бир созун эстеп, козунон жашы тыйылбай тун бир оокумга чейин жаздыкты
суулап, солуктап ыйлап жатып озунун ушундай тагдырына наалат айтып бул жарык
жашоо ага тун болуп жаты. Жанында жаткан Капар Кларанын ыйлап жатканын сезген
жок. Улам-улам саатты карап качан тан атат деп кирпик какпай тандын атышын
кутуп жаты. Тан атаары менен уулумдун жаткан мурзосуно барып, буугумду чыгарып анны
менен суйлошуп алайын деп ойлоду. Бирок, сааттын жебеси бир орунда туруп,
убакыттын отушу азап болду. Бир орунда жата албай, тошогунон туруп, устуно кара
кийим кийип, кара жоолук салынды да сыртка чыгып баратып дубалда илинип турган
саатты карады. Клара Караганда сааттын жебеси торту коргозуп турган. « Мен
тундон карангылыктан коркпойм! Менин кичинекей уулум деле ошол карангы кордо
коркпой эле жалгыз жатпайбы! Азыр мен уулумдун жанына барам!» деп озунчо
кубуронуп алып сыртка чыкты. Уйдогулорду ойготуп албайын деген кыязда бутунун
учу менен басып, эшикти акырын ачты. Ал сыртка чыксо козго сайса корунгус коодой
карангы экен. Клара кочого акырын чыгып туз эле айылдын четиндеги топ мурзону
коздой шыпылдай басып баратты. « Мен уулума баратам… Каралдым, апан азыр жанына
барат… сагындынбы, апанды?.. Мен да сени сагындым… Аябай сагындым…Сенин жытынды…
кулкунду… унунду… озунду сагындым алтынным. Жаным, акылы жок апанды кечир… деп
озунон-озу суйлонгон Клара айылдын четине ээн талаага чыкты. Мурзо айылдан бир
топ алыс эле Клара жоо-жаландап жашка жуунган бетин аарчыганга дараметти жетпей
ыйлап баратты. Улам убакыттын отушу менен жанагы козго сайса корунгус
карангылык акырындык менен тарап, тан куланоок тарта агара баштады. Мурзого жеткенче
тан агарып калды. Топ мурзолорду аралап, уулунун кайсы жерде комулгонун издеп
журду, Клара. Кичинекей балдарга мусулманчылыкта кумбоз, эстелик койбойт эмеспи.
Уулунун кайсыл жерге комулгонун таппай убара болду. Анан кумбоздун четирээк
жагындагы томпойгон кичирек жаны жерди корду, дароо токтоду. Козунун жашын
куюлта «Каралдым! Бул мен! Апанмын!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#318 Пользователь офлайн   bema_bema   03 Июль 2015 - 05:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Кутуп аттын беле? Карачы,
убакыттын отконун. Заматта кырк кун отуп кетиптир! Сен олгондон кийин мен да
артынан тез эле келем деп ойлогом! Бирок шордуу апан озунун таттуу жанын кыя
албай койду! Мен кандай акмакмын! Сенин жанынан да менин оз жаным таттуу
корунуп туруп албадыбы, каралдым! Ушул мендей жаман эне дуйнодо бар болду бекен,
каралдым! Мени кечир уулум! Баарына мен куноолуумун! Кара басып эмне учун сени
жакшы карабадым экен! Ушунун баарына жанагы какбаш карыган чон атан да
куноолуу! Эгерде ал какбаш болбогондо баарыбыз бир бутум уй-було болуп, аган
экоонор ата-эненердин мандайында тируулой жетим болбой бактылуу чонойбойт
беленер! Чон атан менен Рахманга очошом деп сенден айрылдым. Чолпонум! Кудай мага
эмне учун ушундай жазаны берди. Мен деле Рахман менен бактылуу очор-бачар болуп
жашайын деген тилек менен баш кошподум беле!.. Бактыбегим! Сенин убалын какбаш
чон атана жетсин! Ушул жерде сен эмес, ошол какбаш чон атан жатыш керек болчу! Эмне
учун сен жатып калдын?! Муздак койнунду аччы, балам… Апан Сенин жанына кошо
жатсын… Ох! Эмнеге мынча кыйнадын кудайым! Кечир мени…-деп Клара домпойгон
мурзонун жанына келип отурду. Топуракты уучтап алып алаканына салып жеди. Уулу менен
суйлошуп аткансып ар кайсыларды суйлонуп атты.

***

Кларанын торкундору ызы-чуу болуп
мурзону коздой машина менен жоноп калышты. Айылдын топ мурзосуно жакындай
бергенде эле Кларанын отурган тааныш караанын корушту. Кларанын жанына жакын
келип калганда машинада отургандардын бири:

-Апеей, Клара кимдин мурзосунун
жанына отуруп калган? Бул жерде анын баласы эмес, тигил ылдый жактагы
Садыраалынын эки жума мурун олгон кемпиринин мурзосу го…- деди. Баары тан кала
бири-бирин карап калышты. Ангыча Кларанын эжеси:

-Уулун башка жакта жатат, бул
Садыраалынын кемпиринин мурзосу деп айткыла, антпесе, ыйлап убара кылат, -деди.

-Кой антпей чынын эле айтыш керек.
Антпесе, кунуго ушул жерге менин уулум жатат деп болок мурзого

келип, куран окуй
бермек беле, -деп алар менен чогу келген кошуна Кларанын эжесин карады.

-Синдимди аяп жатпайынбы- деп оор
ушкурунду.

Машина Клара отурган мурзонун
жанына тез эле жетип келди. Клара ал машинага эч конул буруп койбостон суйлонуп
отура берди. Анын жанына келгендердин арасынан Кларанын эжеси:

-Болду, эми кайрат кыл Клара… Олгонду
минтип кайтарып кайрый албайт экенбиз. Озунду колго ал, деп кайрат айтымыш
болду.

-Бул жерде менин кичинекей чурпом
жатат… Мен анны кантип таштап кетем? – деген Кларанын созун уккан алиги кошуна:

-Бул жерде Сенин уулун жаткан жок,
Клара… Бул жерде башка аялдын олугу жатат, - деди. Клара анын созун угары менен
селт эте чоочуп кетти.

-Ыя эмне дейсин?! А менин уулум
каякта жатат?!

-Ал тээтиги жерде… -деп алиги
кошунасы ишаарат кылып, колун жансап койду.

-Кудай ай! Эмне учун?! Мен атайы
уулума келбедим беле?! Жанаттан бери уулум менен суйлошпой, анан Ким менен
суйлошуп аттым?! Эмнеге мени мынчалык жазалап жатасын?! Жок дегенде уулумдун
жанына анча-мынча убакыт болоюн дебедим беле… Корсо уулум эмес эле, башка Адам менен
суйлошкон турбайынбы! Канна уулумдун мурзосу?! Каякта мага коргозгулочу? ! – деген
Клара ордунан атып тура калды. Алиги кошуна киши Клараны колтуктап анны алып
барып, Бактыбектин мурзосунун жанына алып келди. Клара мурзонун устун кучактап
жыгылып, окусуп-оксуп ыйлап кирди. Колуна боз топуракты мыкчып учтай оозуна
салды.

-Жанатан бери ушул топуракты жеп коксоом суусун
дебедим беле. Корсо таптакыр башка адамдын топурагын жеген турбайынбы! Уулум мени
озун менен кошо ала жатсан болбойт беле! Сен ушундай карангы, мууздак жерде мен
жок кантип жатасын?! Эмне учун апанды таштап кеттин?! Сенсиз мага бул омур
муздак, карангы! Ошону сезесинби! – деп ыйлады Клара.

- болду. Клара… Куран окутабыз деп
айылдагыларды чакыртып койгонбуз… Озунду колго алып, уйго баралы… Андан коро
Бактыбекке куран окуталы, курандан башка пайда жок. Журу, уйго… - деди эжеси.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#319 Пользователь офлайн   bema_bema   03 Июль 2015 - 05:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

–Эжеке, мен эч Жака
жылбайм! Мени уулумдун жанына эле комуп кете бергилечи! Кудай эмне учун мендей
аялды албайт! Эч нерсени коро элек, жашоого тое элек Баланы алып кетет?! Ал
балапанымдын эмне куноосу бар эле, куноонун баары менде эмес беле!.. деп
болбоду. Клара бугун чыгарып алсын деген кыязда унчукпай жанындагылар анны
менен кошо ыйлап турушту. Клара анча-мынча басылып калган кезде анны машинага
салып айылга алып кетишти. Бул учурда уйдо калгандары куран окутабыз деп мал
союуп, казан асып дасторконду жайып коюушкан болчу.

Бактыбектин кыркы откондон кийин
туугандары чогулуп, Клараны алып кетишмей болушту. Капар эмне кылаарын билбей
чыйпылыктап, анны алып калууга далбастайт. Кечинде баары дасторконго чогулуп
отуруп суйлошолу деп уктоочу болмодо жаткан Клараны чакырышты. Керебетте
комкоросунон шолоктоп ыйлап жаткан Клара кыймылсыз жаткан эле. Анны ойготууга
келген женеси нукуп Журу чай ич, суйлошолу деди эле Клара былк этпеди. Чочуп
кеткен женеси комкоросунон жаткан Клараны чалкасынан жаткырды. Козу ирмелип,
суйлой албай, жалдырап жаткан Кларанын ону жаман болчу. Оозгу болмодогулорго
кыйкырып чакырды. Баары чуркап келип Кларанын бозоруп жатканын коруп дароо
доктурга жиберишти. Айылдын доктуру келип текшерип, Клара инсульт болгонун
айтышты да дароо эле райондук ооруканага жонотушту…

***

Убакыт баарына даары демекчи,
Бактыбектин олуму Рахман менен Таабалды карыяга канчалык каттуу соку болсо да
убакыттын отушу менен баягыдай кундо ыйлабай калышты. Зейнеп да Рахманды
кубантып кыз тороп берди. Атын Бактыгул коюущту. Бактыгул торолгону жашоо оз
нугу менен тынч ото баштады. Ал эми Тилек да карындашынын жанынан айланчыктап
чыкпайт. Таабалды карыяда эми омурумдун акырында тынч жашайын деп уулунун
торундо келининин сыйын коруп, кудай Берген жашты жашайын деп калды. Албетте,
Бактыбекти ойлогондо кабыргасы кайышып, заманасы куурулат, бирок, тагдырга баш
ийбеске арга жок. Эн негизгиси дагы канча омуру калды белгисиз.


Рахмандын бактылуу омур суруп
жатканына, озунун тын жашоосуна ыраазы…

***

Клара инсульт болуп, сол жак капталы
кыймылдабай, суйлой албай калды. Ооруканада эки айга чукул жатып, дарыланса да,
баягыдай ден-соолук калыбына келген жок. Торкундору анны алып кетип, бир куну
эжеси, бир куну женеси, бир куну дагы бир тууганы багып каралашып жатты. Бирок,
тошокто жаткан чон адамды баккандан тажай башташты. Ар кимдин озунун кор
оокатты, жашоосу бар эмеспи. Андан акыры баары тажап, эмки кезек сенники,
кийинкиси меники деп уруша да башташты. Эгер энеси тируу болгондо балким
Клараны эч кимге кор кылбай багып алат беле, Ким билсин… Айтор, бир кезде
Таабалды карыяга коргозгон кордук эми Кларанын оз башына келди… Бир жак капталы
кыймылдабай, суйлой албаса да акыл-эси ордунда Клара бир кезде кайнатасын
кандай кор кылганын эстейт… ичинен сызат… бирок, окунгонун эч кимге айта албайт…






Аягы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#320 Пользователь офлайн   Ailyna   07 Июль 2015 - 16:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 119
  • Катталган: 08 Июль 14
  • Соңку аракети: 20 Июл 2020 12:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Убакыт билинбей отуп жатты.Клара бирде ток,бирде ач бир чекиттен козун албай жатат."Бир атадан алтоо болсо да,алтоонун кыялы ар башка " -дегендей неге мен жаманмын.Жакшы болгондо апам тоорумдо балдарым,эрим жанымда болмок деп озун-озу куноолойт.Кайын атасын эстегенде баарына какбаш куноолуу деп ою бузулат.
Бул куну андан эч ким кабар албады,баардыгы оз жумуштары менен болуп Клараны унуткандай. Козу карангылап, тамагы кургап козунун жашын аарчыганга акыбалы келбей жатты.Качандыр кайын атасын ачка калтырган кундорун эстеп,анын акыбалына тушуп калдымбы ...жжооок менин кадырым бар.Азыр атамдар келип алып кетишет ,эжемдин колу бошобой жатпайбы деп озун-озу алдап эжеинин жумуштан келишин кутуп жатты.Кээде онтоп бироо жарым кабар алганы баш багабы деп козу эшикти карайт.
Кечинде эжеси жумушунан келип,балдры мн тамак устундо олтуруп-эженерге чай бердинерби ?-деп сурады.Оюнкараак кызы эки маал бердим деп жалган айтты.Эжеси кабар алганы болмосуно кирсе Кларанын чекесинен муздак тер кетип уктап аткан болот.Кыздар ысык тамак берсе ,тердеп аткан го деп устун жаап чыгып кетет.
Тундо ойгонгон Клара уктап калганымда жегенге бир нерсе таштагандыр деп эки жагын карап суз козу карангылап жатып калды.Мен жаманмын,менин айымдан апам,оюнга тоё элек балам олду.Мен каргышка калган Кларамын ,минтип кыйнаганча жанымды ал.Эртенки жашоосун элестете албай коз жаш мн тан атырды.
Ойлогондой эртеси тан эрте атасы келди.Канынан жаралган кызынын акыбалын коруп кейип турду.Кой уйго эле алып баралы эч кимди укпай ,ожор кыялын ушул кунго жеткирбедиби. Кемпир болгондо да мынчалык кыйналбайт белен,мейли эми арга кана.Женен кандай караар экен жаш балдары мн,эх жашоо -деп ойлонуп эрте кунду кеч кылбайлы деп кызын алып кеткени болмосуно баш бакты.Клараны коруп чочуп ктти,жана жакшына корунбоду беле.Бозоруп ондон кеткен Клара кайрадан райондук ооруканага келди.
"Оорукана мн милициядан кудай сактасын "-дегендей Клара мн Капарды кандай тагдр кутуп турганы уч уктаса тушторуно кирбеген.Клараны торкундору алып келгенден бери Капар жонундо эч соз болгон эмес.Уйдо жалгыз калганКапар ботолколош досторун чакырып ,самагон арагын аралаштырып туну мн ырдап бийлеп отурушат.Ичине градус киргенден кийин биринин созун бири укпай,жанжал чыгып Капар Сагын дегенинин башына ботолко мн чапканын билбей калат.Кызуурактары озуно келипуйлоруно тарап Капар мн Сагын эле калат.Эл кор электе бир нерсе кылыш керек деген Капар алысыраак болсо да тааныш деп айылдык анча мынч ооруларды караган абышкага жонойт.
Тан агарып келаткандыктан уйларын бадага кошкону чыккан балдар капардын кебетесин коруп,коркуп уйлоруно чуркашат.Бир паста айыл эли Капардын уйуно чогулуп,айылдык участковуйду чакырышат.Сагынды ооруканага, Капарды милицияга алып кетти.Анын коп ичкенин билгендиктен сабак болсун деп туну мн кезектешип сабап жатышты.Араксыз журо албаган Капар эми минтип суу сурап тамагы кургап отурат.

Мына жашоо -деп Рахман мн зейнептин жашоосун айт.Атасы тоорундо балдары мандайында. Жумушунда да конулу ток,атам не болду,балам токпу деп ойлонбойт.Зейнеп баарын айттырбай кылат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (18 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июн 2025 19:07

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: