Неге менин жашоом мындай болду? Кай жерден ката кетирдим билбейм. Уй булодо 4 бир туганбыз. Менден чон байкем анан мен. Ата энем окуга отконумдо абдан суйунушкон.
Ошондуктан менин артымдан шаарга келишти. Жашоодон жанылбасын деп. Ата энем базарда соода кылышат. Синдим инимдида шаарда мектепке киргизишти.
Жашоо оз нугунда эле. Окуйм иштейм уйдо эрке кыз элем. Мындан 3 ай мурун жашоом оз нугунда болчу. Бирок бир куну дайымгыдай автобуска чыктым. Бир эже м.н таанышып калдым. Уулу бар экен уйлонгону кыз издеп атканын номеримди сурады. Эч ой жок жерден берип койдумда астанофкаман тушуп калдым. Арадан 2 кун откондо эженин баласы чалды. Жумушта элем суйлоштук тааныштык. Иштен сон жолукмак болдук. Кеч жолуктук жакшы эле бала экен. 91 жылкымын деди. Намаз окуган, иштеген иши бар экен. Мени таанышын айты. 1 жума ватсапта суйлоштук. 2 жолу жолуктук анында менинда ишим кечинде бутот эле. Дайым кеч жолуктук. Ашыкча созу жок турмушка бышкан экен. 1 жумадан сон айылга алып барды . Албете мен билбегем. Корсо мени алып качканы экен ал. Нес болуп калдым . Кечир мен жактырып калдым сени мени уят кылбай отур деди. Окум барго десем окутам деди тил кат жазып берди. Неге ишендим билбейм. Ата энеме мен жашайм чыдап калам дедим. Албете алар айла жок макул болушту. Ак батасын берди бары. Кайн журтумда жакы адамдар эле. Нике кыйыларда куйом 87 ж экенин билдим. Келиндик кызмата башталды. Айылда бир жума турдук. Куйом негизи 2 бир туган бирок шаарда жашайт эле кайн энем эко эле. Кайн агамда авысынымда жакшы адамдар. Шаарга келип окума ырым жырымын жасап бардык. Куйом иштешимди кала бады. Ишименда чыктым. Домдо жашайт элек. Кундузу сабака барам келип уй жумуштарын жасайм. Кайн энем кеде урушуп суйлонот эле. Бирок балам эле дейт куйомун алдында индебейт. Жашаганыбызга 10 кун болгондо уже куйом кеч келе баштады. Иши коп деп индебедим. Кайн энемдида бир жаман дебедим. Иштен дайым кеч келет. Кеч жатарда кучактасам жаман корот. Тошоктода ото сузбуз негедир. Жумада 1 же 2 жолу болобуз андада 1 эле болот. Ушинуип 2 ай жашадык. Кайн энемда байкап менден сурайт. Уялып бары жакшы дейм. Бизди кенири болсун деп 20 кунго башка шааргада кети. Бирок куйом дале суз боло берет иштен кеч келет. Кайн энем келип дагы эле ушул ахвалды байкады. Куйомон сурасам чарчадым иш коп эле дей берет.
Тагдырым кандай болот? Неге менин жашоом мындай болду?
#2 04 July 2015 - 21:41
Адашым, "индебегениниз"
жакшы экен. Бирокчу…айтышат го жада калса аалымдар:"
эрди-катындын тошок маселеси экоонун гана койгойу болушу керек, буга башка бироо кийлигишпеши кере-ек" деп…
В каждой шутке есть доля правды...
#4 04 July 2015 - 22:20
Негедир суйлошбойт элек. Дайым эле иш дей берет. Эрте менен саат 8 де кетет кеч 12ден кийин келет эле. Мен байкуш кутуп отура берем. Келсе чай берем деп. Келгенде угар созум нары карап жат деген соз. Сумсайып эле кала берем. Айбым не дейм кундо ыйлайм. Эрте м.н эшик шыпырам чай дайардайм. Ойлосом 1 жума эле жакшы жашапбыз. Бирок бирда соз айтпадым сен мен болбодук. Уйумо барам апам сураса жакшы деп кутулам. Эл козундо мен эн бактылуу келинмин. Себеп куйом ичпейт, чекпейт намаз окуйт, иши жакшы, менида окутат. Бирок конулсуз жашоо. Акыры куйом жарылды. Корсо менин айбым бир козум кичинекей экен. Анысына макул дедим. Бир куну айылга бардык кайн агамдардын балдарын караганы. Куйом шаарга ишине келет бирок 3 кун барбады айылга. Негедир кычап менинда табым айнып кыйналдым. Чалсам албайт смс жасам жооп жок. 3 кун мен учун табышмак эле . Неге мындай болтат деп. Акыры келди сурасам конулум жок дейт. Неге десем козун дейт. Айбым бир козум куйом учун кичине деп. Оортам десем касалсин дейт. Акыры уйумо 2 кунго барып келей десем . Бар бирок келбе дейт. Акыры апама айтым апам куйом м.н суйлошуптур.
Жашайм дептир. Чалды уйго кел деп бардым. Апам байкуш жаша дейт. Ажырашайм дейм намыс кылдым. Барсам дайымгы жашоо. Неге мындай дейм. Айбым козумбу? Озум арык чырай, ак жузду эле кызмын хуник эмесмин. Уй жумуштарында жакшы жасайм тамак ашкада тузукмун. Озумдуда карайм таза алып журом. Кайдан ката кети деп озумчо бушайманмын.
Акыры врачка корундум козумду таза дешти. Куйомо оперетция жасатсам онолот экен дедим, жалган айтып. Куйом болсо так секирип жашай албайм барибир сени суйо албайм конулум жок деп койду. Андада чыдадым онолор бойумда болсо деп бирок куйом агада каршы болду. Бала керек эмес болсо таблетка ичип тушур деп. Ошондо биро баштан чапкандай болду. Акыры биротоло умутум очту. Куйомдон конулум калды. Не кылай десем кете бер. Кв тап жашай бер каралашам анда санда барып турам дейт. Акыры чыдабай кайн энеме айтым. Кайн энем ыйлап боор ооруп мага мамилеси озгорду. Куйом болсо ошол ошол эле. Акыры киймдеримди жыштырып кайн энем уйумо тыштап кети. Ата энемен кечирим сурап ыйлап сыктап. Ата энемда тура тушунду. Бирок эл не дейт. Окумуда улантпайм деп атам. Намысыма чыдабай олгумда келди. Мен ага ишенип барынан кечтим. Айтканы м.н болдум. Бир ооз жаман айтпадым жакасына чан жугузбадым.
Кайн энеме рахмат мага 3 айда копту уйроту. Кайн журтумда абдан жакшы адамдар. Уйго келгенден бери не кылышты билбейм. Эч ким м.н суйлошкум жок. Ата энем мени айайт. Барына озумду кунолойм. Неге ага ишендим деп. Неге ал мындай кылат менда адамын, менинда конулум барго. Эми не кылам жашоом кандай болот. Эркектердин бары ушундайбы неге биронун тагдырын талкалашат.
Ойлоп ойума жетпейм. Неге менин жашоом ушундай болду?
#6 04 July 2015 - 22:34
Ар бир адамдын бир козу экинчисинен кичинерээк болот.
Неврит болгон эмессизби?
Неврит болгон эмессизби?
В каждой шутке есть доля правды...
#7 04 July 2015 - 22:37
Кет десе кетип калдынбы? Эрин сооо эмес. Азабын беришин керек эле.
Мен бактылуумун.
!
#8 04 July 2015 - 22:41
Намаз окуйт экенсиз намазды эч качан таштабай улантып коп-коп дуба кылыныз. Козунузду операция кылдырып убара болбонуз жазганынызга караганда козунуз деле соонун озунузго куп жарашат,ал куйоонуздун эле шылтоосу. Баланызды алдырырып бекер эле куноого батып журбонуз аман эсен коз жарып бутундой эл суктанаарлык тарбия бериниз. Мына ошондо куйоонуз озун койорго жер таппайт сизге корсоткон кордугу учун ыйлактайт.эми андайларды Кудайым озу жазасын берсин, жакшылыктан умут узбой ар дайым жылмайып журунуздор,
жылмайуу жакшылыктарды гана чакырып,кайгынын жолун тосот
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
#9 04 July 2015 - 22:45
Суйбосо, конулу жок болсо неге алып качты? Тобоо! Козун кичинекей дегени шылтоосу болсо керек, куйондун башка койгою бар го менимче, тошокто да мамиленер жакшы эмес болсо балким ойношу бардыр, ичинде бир СЫРЫ барго?
#10 04 July 2015 - 22:49
Куйоонузго ыйман берсин.Намазды жон эле окуй бербей амалин да кылса жакшы болмок.Сизге сабыр тилейли.Аллахтын козу туз болсун.Олом дебениз жакшылыктардын баары алдыда буюрса.Суйо албасын эртерээк ойлонуш керек болчу тиги эр соорой.Азыркы кундо ушундайлар кобойдубу деймда.Аллахтын сизге атаган бактылуу кундору алыс эместир,ага чейин сабыр кыла турунуз.После туча всегда солнце.
#12 04 July 2015 - 22:57
Эхх бундай жашоо менинда башымдан откон азыр эстегимда келбейт сени жакшы тушуном экообуздун тагдырыбыз окшошуп кетет экен
#13 04 July 2015 - 23:14
Намаз окугандын баары эле адам боло бербестигин далилдептир күйөөң.Демек ал жаман адам.Адамдын кылган мамилесинен билинет ким экендиги.Сен ага эч кайгырба.Бирок сен да катачылык кетиргениң мойнуңа ал.Азыр чоң ата чоң энелерибиздин заманы эмес.Адам дегениң бузулган,максаты ою,келечек планы жок.Өзүн көзөмөлдөй да албай калган кээ бир адам.Сен аны менен барбашың керек эле.Айта берсе сөз көп,бирок сен өзүндү колго ал да,туура чечим кабыл ал.
#14 04 July 2015 - 23:14
Неврит болгон эмесмин. Билбейм эч кимден ушул уака келип козум туралуу укпагам. Бойумда барбы же жок билбейм. Телефонун сурасам эле кармат байт код койуп. Кеде индебейт интернетеги баракчаларын коро берем. Бир туруп куйомон жакшы адам жок. Ушунчалык намысыма келем. Мен акыр жабышпасам деп. Мунозуда тунт бирок урушуп колда которбойт. Аллах сабыр бер деп тилеп 3 ай жашадым. Онолор конушо албайтат окшойт деп. Мурун суйлошкон кыздарын жатып жургондорун айтып конулду орутат сурабасамда.
Сен биринчисисин жашоомдо десе ушунчалык суйунгом. Акыркы 1ай мен учун омурдун эн баксыз кундору болду. Негердир окуда журсом конулду журом. Озумду женил сезип. Унутам барын. Бирок уйго барганда абдан кыйналам. Кеч киришин каалабайм тошокту сыйпалап тун жарымга чейн кутот элем. 3 ай мен учун азап м.н оту. Куйому окутсамбы деген ойда келди. Бирок Аллахтан корком. Кудайдан сурайм мени дайым эстесин деп. Тагдырымы талкалаган учун. Эркектерден суранам эч качан омурлук жарларын ыйлатпасын.
#15 04 July 2015 - 23:18
Эч капа болбо,ойлонбо.
Ал эр соройдун ойу башка болгонго башында эле.Эптеп уйлонуп ажырашыш керек болгонго.Анын жазасын кудай берет.Сенин жашоон али алдыда,сенин козуно карап,алаканына сала турган куйоого туш болосун.Созсуз бактылуу болосун,ал эр сорой сенин тенин эмес экен.
#16 04 July 2015 - 23:19
Эч капа болбо,ойлонбо.
Ал эр соройдун ойу башка болгонго башында эле.Эптеп уйлонуп ажырашыш керек болгонго.Анын жазасын кудай берет.Сенин жашоон али алдыда,сенин козуно карап,алаканына сала турган куйоого туш болосун.Созсуз бактылуу болосун,ал эр сорой сенин тенин эмес экен.
#17 04 July 2015 - 23:21
Мен жашаган райондо ажырашу ото уят. Ата тегимде ажырашы эч болгон эмес. Неге мындай болду? Эми кандай болот деп баш ооруйт. Россияга кетип калсамбы деп ушактан нары болом деп. Бирок эч бир тааныш билишим жок. Эх баш каты.
#18 04 July 2015 - 23:25
Мен ойлойт элем адам барына озу себепкер деп. Тагдырды озун курасын деп. Бирок адам баласы калагандай болбойт экен. Анда жошоо оз манызын жоготот экен.
#19 04 July 2015 - 23:28
Менин айтаарым ушактан эмес кудайдан коркунуз элдин иши ошода ушактабаса курсагы тойбой калбайбы сизге азырынча убакыт керек бир кун баары оз жайына акырындап тушот. Сабырдуу болунуз дагы бир жолу айтаарым намазды таштабаныз анан куйоонузго окшоп Жон эле окуп койбой ошого амалда кылсаныз баары жакшы болот деген ишеничтемин
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
#20 04 July 2015 - 23:29
Мага мындай ой келди. Жолдошунуз айла жок, туугандарынын созунон чыга албай уйлонгондой сезилип жатат. Эптеп уйлондум деген ат болсун, кичине жашап, анан ажырашып кетем деген ою болгон окшойт. Эгер жолдошунуз кечирим сурап келе турга болсо, дагы бир жолу мумкунчулук берип корун деген кенеш берет элем. Балким жолдошунуз катасын эми тушунуп, жакшы жашап кетеерсинер деген умуттомун.
*************************************

Супер-Инфо
super.kg
видео















