“Армияга барам деп майып адамга айландым”
Мындан үч жыл мурда күтүлбөгөн жерден чоң кырсыкка кабылдым. Ал кезде жаңы гана окуумду бүтүп, армияга кабыл алынган элем. Ата-энем жакыр турмушта жашагандыктан мени окутканга чамалары жетпейт эле. Мектепте окуп жүргөндө менден улуу байкелер армия жөнүндө жаман нерселерди айтышса да эмнегедир көңүлүмө алчу эмесмин. Ошентип, армиянын алгачкы күндөрү башталды. Армияга барган күндөн баштап эле, алдуусу алсызына чоң болмой көрүнүштөрдү байкадым. Башында командирдин айтканын кылып, эч кимге үндөбөй армиямды өтөп жүрө бердим. Бирок, бир күнү биздин ротага армиясын бүтөйүн деп калган жоокерлер келип, уктап жаткан дос баламды эч себепсиз уруп, мазактап кээ бирлерин кызча кийинтип өз каалагандарын жасап жаткандарына чыдабай, дос балама болушуп уруша кеттим. Алар тынчып калгандын ордуна досумду мага тукуруп, мени менен мушташтырышты.
Мен мушташуудан баш тартсам, таманыма тамекинин чогун басып, колу-бутумду байлап туруп, төртүнчү кабаттан мени ыргытып жиберишкен.
Ошондон улам белимден ылдыйкы бөлүгүм кыймылдабай,
колескага отуруп калдым. Башкача айтканда, армияга барам деп, эч кимге кереги жок майып адамга айландым. Апам байкуштун үч жылдан бери арыз менен кайрылбаган,
барбаган жери калбады. Эч ким биздин үнүбүздү укпады. Райондук соттон баштап, республикалык сотко чейин кайрылсак, алар менин укугумду коргогондун ордуна кайра өзүмдү мазакташты.
Ошентип, укугум корголбой, көрүнгөн кызыл шапкечендин тепсендисинде калдым.
Деги, кыргыз армиясын көзөмөлгө алып, кыргыз жоокерлердин абалын жана ал жактагы баш аламандыкты тыйган бирөө барбы? Эгер, мындай көрүнүштө улана берсе эч ким армияга барбайт.
Күндөлүктөгү эч кимге айтылбаган сырлар. Сыр
#22 01 July 2015 - 17:34
Ырайымсыз калп
Аба ырайы суук, тумандуу эле. Жаңы эле жаап өткөн жамгырдан суу болгон Айдай туманды аралай жалгыз баратты. Жашоонун кызыгы өчүп, жалгыздыкка сүңгүп кирип бараткан. Жүрөгү муңга толгон, көздөрү жашка толгон. Өткөн күндөрдү эстеп, кайрылып келүүсүн күтөт. Аны көрүп калаар бекем деген үмүт менен таң эртеден бери шаарды айланып жүрөт.
Эсен менен ажырашкандан бери көз жаш менен күн өтүүдө. Анын кайрылып келиши мүмкүн эмес экенин акылы менен туюп турса да куру үмүткө алдырып күтө берет. Парктагы отургучка отуруп, айланага көз чаптырды. Ойго батып отурган жеринен араң моёлогон үн аны чочутуп жиберди.
Сүйүнүп кетип, үн чыккан жакты карап көздөрү менен издей баштады. Айдай мышыкты аябай жакшы көрчү. Азыркы учурда аны кызыктыра алган жалгыз нерсе – мышыктын үнү эле. Дарактын түбүндө мыёлоп турган кичинекей боз мышыктын баласына көзү түштү. Акырын аны колуна алып, башынан сылады. Көктөн издегени жерден табылгансып сүйүнүп турду. Эми ал жалгыз эмес...
- Байкушум, суу болуп калыпсың, - деди мышыкка боору ооруп, өзүнүн бир саат мурда эле суу болгону менен иши жок. – Коркпо, сени өзүм бапестеп карайм.
Аны тапканда эле ээси жок болсо экен деп тиледи. Үйүнө алып барып, өзүнө шерик кылып алгысы келди. Мышыкты аяр карап отуруп, ага ат коюуну ойлонду.
- Аябай сүйкүмдүү экенсиң, - деп шыбырады. – Эмне деп аташымды да билбей турам. Атың да өзүңө окшош сүйкүмдүү, назик, жөнөкөй болушу керек... Малыш... Жөн гана Малыш болсун, -деди. Эсен да аны ушинтип эркелетчү, аны эстеп кайрадан жүрөгү ооруп кетти. – Жок, бирок мен сени таштап кетпейм, - деп мышыкты көкүрөгүнө кысып алып, үйүн көздөй жөнөдү.
Кичинекей жандыкка берилип, сүйүү оорусунан бир аз алаксый түштү. Анын ар бир кыймылын суктана карап отурду. Ушунчалык кичинекей болгондуктан аны алаканына коюп алып эркелетет. Ага болушунча сүйүүсүн арнап жатты. Сүйгөн адамынан ажырап жылгызсырап турганда мышык менен достошту. Айдай үчүн жашоонун өңү өчүп, бозомук болуп, көзүнө эч нерсе көрүнбөй калган эле. Күн нурунун жылуулугун, жеңил шамалдын сокконун да сезбей калган. Жан дүйнөсү катуу жараланып, жалгыз жашай албай калган. Жалгыздыктан коргонуунун акыркы үмүтүн бул назик жандыктан көрдү.

#23 01 July 2015 - 17:35
Айдай үйүнө келди. Баары мурдагыдай,
эч нерсе өзгөргөн жок. Баягы эле бөлмө, баягы эле жыт. Баары өз ордунда, бирок бир гана Эсен жанында жок.
Столдун үстүндөгү катты көргөндө кайра бук болуп, ыйлагысы келип баштады. Аны майдалап, тытып, өрттөп салгысы келди, каттын мазмуну жалган болуп калышы үчүн колдон келгендин баарын кылганга даяр эле. Өзүнөн өзү көзүнөн жаш агып, жүрөгү кысылып баратты. Калтыраган колдору менен катты алып, көз жашын арчып, кайра окуй баштады.
“Салам сүйүктүүм менин! Сенде баары менсиз деле жакшы деп ишенем.
Көл жээгинде бирге болбогонуң өкүнүчтүү, бирок бир чети жакшы болду. Бирок сен коркпо! Ишен мага, баары жакшы болот! Сенин тынчыңды алгым келбейт, бирок муну билишиң керек деп ойлойм. Келе жатканда досум рулда болчу, өзүң билесиң, майрам ичимдиксиз өтпөйт. Катуу айдап келе жатып, рулду башкара албай калды. Ал ошол жерде каза болду, мен ооруканадамын. Менин ордума медайым жазып жатат, эки колум, омурткам сынган. Суранам, мага тынчсызданба! Мени унутканга аракет кыл, издебе, башка бирөөнү тап. Билем, ыйлайсың, өкүнөсүң. Бирок кечир мени, врачтардын айтымында көпкө жашай албайм...
Мен сени сүйөм, кечир мени...
Дагы бир жолу кечирим сурайм, Эсен”
Буга эч ишенгиси келбеди. Анын жалгыз кеткенине өзүн күнөөлөп жатты. Ушунчалык сагынып, анын жанына учуп баргысы келди, мейли, өлүм алдында болсо да акыркы жолу анын жанында болгусу келди.
Уктап калган Малышты өөп коюп, сыртка чыкты. Караңгы кирип баратыптыр. Көз жашын көлдөтүп кайра көчөгө тентип кетти. Кайда баратканын өзү да билбейт. Жөн гана башы оогон жакка баратты. Кайра көлмөнүн жээгине келип калды, эмне үчүн билбейт. Асман түнөрүп, муздак жел жердеги жалбырактарды учуруп жатты. Бирок Айдай эч нерсени сезбеди. Сууну телмире тиктеп турду. Ал майда толкундардын арасынан азгырган жарыкты, жылуулукту көрдү. Аны эч нерсе токтотуп кала алган жок. Табышмактуу жаркыраган жарыкты көздөй сүңгүп кирип баратты.
Артка кайта албады, кайткысы да келбеди. Көзүн жумган бойдон жаңы жашоого киргенсип баратты. Денеси мемиреп баратканын сезди. Жан дүйнөнүн оорусун сезбей, уктап калгысы келди. “Мен сенин артыңдан...” деген сөз жаңыргансып жатты. Бир аз убакытка үшүп кетти, ооруну сезди, бирок жан дүйнөнүн оорусуна бир да ооруну салыштырып болбойт эле... Күтүүсүздөн баары жалп өчүп, караңгылык каптап калды. Андан ары Айдай эч нерсени көрбөй да, сезбей да калды...

#24 01 July 2015 - 17:36
Бул кеч демейдегиден жылуу, өзгөчө эле, шоктонгон желдин соккону гана болбосо. Эки жаш көлдүн жээгинде отурат.
- Эсен, эмне болду сага? Маанайың жок.
- Эч нерсе болгон жок. Ойлонбо. Жөн гана жаман нерсени сезгендей болуп жатам.
- Эмне болушу мүмкүн? Баарын жакшы эле бүтүрдүң го.
- Ооба, туура айтасың. Жөн эле...
- Эсен, - кыз анын сөзүн бөлүп, көздөрүнө карады. – Сен кайра аны ойлоп атасыңбы?
- Жок, андай эмес. Аны менен баары бүттү, бул жөнүндө башка сөз жок. Кат анын өз колуна жеткенин билем.

#25 01 July 2015 - 17:39
Соолуган гүл
“Атасынын өзгөчө мээримине ээ болгон кыз бактысыз болуп калат” деген сөз эмнеге негизделип айтылып калды экен, деп ойлоно берем. Анткени мени да атам абдан жакшы көрчү. Көзүмдүн карасы менен тең айланып, алаканына салып эле эркелетип турчу. Бирок, мен жеке жашоодо эмнегедир бактысыз болуп калдым” деп, сөз баштады каарманыбыз.
Биз эки бир тууганбыз. Иним менден 5 жаш кичүү. Ата-энем өтө бай болбосо да бизди эч нерседен кем кылбай багып чоңойтушту. Өзгөчө атам көзүмдүн кареги менен тең айланып, бооруна тартып турчу. Балким тун кызы болгонумдан болсо керек. Антпесе, адатта ата уулуна, эне кызына жакын болот эмеспи.
Бардар жашоо, кыйынчылыксыз күндөр бирине- бири алмашып тез эле өтүп кетиптир. Мен мектепти аяктап борборго жөнөөгө ашыгып калдым. Анткени ошол аралыкта үйүбүзгө жуучулар көп келе баштады. Ата-энем “кызыбыз окуйт. Анын келечегине тоскоол болгубуз келбейт. 5-6 жылдан кийин балким кудаа-кудагый болуп калаарбыз” деп, колумду сурап келген адамдарды жылуу узатып коюп жатышты.
А мен ошол убакытка чейин жигит менен сүйлөшүп көргөн эмес элем. Үйдөгүлөр тартипти катуу кармагандыктан башка теңтуштарыма кошулуп кече, дискотека дегендерге деле таптакыр барган эмесмин. Ачыгын айтканда ата-энемден уруксат сурай да алчу эмесмин. Мүнөзүм да уяң болгондуктан, мектепти аяктап жатканда мен турмушка чыгуу жөнүндө ойломок тургай, жигит менен жанаша басууну да таптакыр оюма алган эмес элем.
Ошентип жакшы үмүт менен жаңы багытка түшүп борборго сапар алдым. Жакшы окугандыктан эч кыйынчылыксыз эле жогорку окуу жайга өтүп кеттим. Ошентип студенттик күндөрүм, шаардагы өз алдынча жаңы жашоом башталды.

#26 01 July 2015 - 17:40
Алгач ата-энемди, инимди сагынып, өңдөн азып абдан кыйналып кеттим. Бирок, сабакка алаксып жүрүп, кээде жаындарымды да унутта калтырып коём.
Жаңы адамдарга аралашып чоочун чөйрөнүн эшигин ачтым. Күндөрдүн өтүүсү менен мен да студенттик жашоого көнө түштүм. Эми мага баары тааныш. Сабакка болгон кызыгуум күч. Кээде курбуларым менен бош боло калганда паркта сейилдеп келебиз. Ал аралыкта атам да шаарга 3-4 айда бир ирет келип турду. Апам жапкан нан жана башка азык-түлүктөргө толгон сумкасы ар дайым жанында. Келген сайын мээримин төгүп эркелетип, бооруна кысып көпкө олтурат. Ал мени секелек кыздай эркелеткендиктен, кээде уялып да кетчүмүн. Азыр ойлосом менин эң бактылуу, кубанычтуу күндөрүм ошол көз ирмемдер менен өтүп кеткен экен. Мен болсо айылга жайкы эс алууда гана барып турдум.
Жылдардын өтүүсү менен мен шаардын жашоосуна көндүм. Өзүм кыздар менен жатаканада жашайм. 3-курс болуп калгандыктан кыздар менен майрамдарда кафелерге да барып калчу болдук.
Эгер мен ошол күнү кафеге барбаганымда баары башкача болмок. Жакындарымдын жүрөгүнө кара так да салбайт элем. Бирок, өкүнгөндө эмне? Анткени ал күндөрдү кайрып ала албасым анык эмеспи...
Бир бөлмөдө төрт кыз жашайбыз. 8-апрель Жазгүлдүн туулган күнү эле. Анын жигити туулган күнүн кафеде өткөрүп берем, деп убада кылыптыр. Кыздар эртең менен тургандан тартып эле чуру-чуу түшүп кечкиге даярдык көрө баштадык. Бирибиз чачыбызды жасасак, экинчибиз кийимдерибизди чачып кирдик. Айтор бөлмөнүн ичин бир заматта базарга айлантып жибердик.

#27 02 July 2015 - 11:33
Айка 96 журок сырындагы окуялардын баарын кочуруп чыккансын го эжендин кундолугу эмес эле биз мунун баарын ал жактан окуганбыз эптеп эле тема ачыш керек экен да ээ
#28 05 July 2015 - 16:48
Ошондой. Кайдан окуудум эле деп ойлоп жатым эле. Карасам баарын эле окуугандаймын.
#29 05 July 2015 - 16:58
Айка менен Лиля бир жерден бир жерге кочургонду эле билишет экенда андан башка колдорунан эчнерсе келбейт
#31 06 July 2015 - 02:53
Кундолук ачып жазганга кандай карайсынар,
менда ачып жазсамбы?
...
Иногда, ты не осознаешь ценность момента до тех пор, пока он не станет воспоминанием.
#32 06 July 2015 - 03:07
Анан улантайын деген ой барбы, же дагы ай кана деп теманы сыйпалап кала беребизби?

#33 06 July 2015 - 03:27
#34 06 July 2015 - 08:09
Тобо бул жакта да уруш.
Кочургондор кочуро берсин.Окугандар окубай эле койсун.
Биз окуй беребиз кимдин кундолугу болсо деле

#35 06 July 2015 - 11:32
Админдер каяка кеткен теманы тазалабай окуп атсан эле уруш теманы булгабагыла уланта бер айка
#36 08 July 2015 - 13:25
#37 08 July 2015 - 13:26
Айка96, сенин темаларына кошуп мен да жаза берсем болобу? Озум ача албай жатам.
#39 08 July 2015 - 15:58
Айка менен Лиля бир жерден бир жерге кочургонду эле билишет экенда андан башка колдорунан эчнерсе келбейт
#40 08 July 2015 - 16:45
Чоон эле Эже экенсиз ар кимден кагуу жеп жаман корунуп не кыласыз же зеригесизби?
Кочуруп келеби,оюнан чыгарабы биз берилип окуп жатканда кыпчылбай эле койунчу сураныч.Качан болбосун уруштун устундо экенсиз.
Сизге кошулам.
Кайактан кочуруп жазганы мн иштерим не дейм да зато жазып жатабы болду да окубаган адамдарда бар. Окууганынар окубайле комент жазбайле,кирбейле койсонор болот.
М'. Мен окууган эмесмин окуудум,жакшы жазыптыр дагы ууланта бериниздер.
Озудору жазалбай ичи куйдулук кылып жатабы дейм да.

Супер-Инфо
super.kg
видео