Lui (03 Март 2015 - 09:43) жазган:
Жазыптырсың мага чактап,
Жаратканым аянбастан күчүн,
Жабыштырып койсун..
Жактырган жүрөктөрдү чаптап.
Бакыт кушу конду деп ойлойм,
Берекем ушул го деп болжойм,
Берчи колуңдү деп кармап,
Береги көл жээкти бойлойм..
Бир жутуу менен таптакыр,
Балкыган бакытка тойбойм..
Бирок кантсе да жигитсин да,
Биринчи сенин тойунду тойлойм,
Борукту күзгө чейин деп,
Бедеден берип бордойм)).
Луижандын мыктап жазган саптарына,
Көз жетет окшоштура албасыма.
Ошентсе да жооп жазайын келиштирип,
Луижан, жоопсуз менден калбасын да.

Окудум, жазган бизге баяныңды,
Бакытка тунуп жүргөн абалыңды.
Өзүңдү пааналаган бакыт кушун,
Ишенем, кармап аны калаарыңды
Мага да каалаптырсың жакшылыкты,
Ал үчүн айтамын чоң алкышымды.
Келгиң келет биринчи мага тойлоп,
Ага да мен кубанып калбадымбы.
Луижан, болсун дайым жакшы кабар.
Сенде да, менде дагы, ар адамда.
Болсок эгер аман-эсен ден соолукта,
Аткарылаар үмүт-тилек, кыялдар да.
Билдирүүнү түзөткөн: Бродяга: 04 Март 2015 - 17:09