Суперстан: Акындар айтышы. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 171
  • 172
  • 173
  • 174
  • 175
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.

#3441 Пользователь офлайн   Бродяга   04 Март 2015 - 17:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 020
  • Катталган: 07 Март 09
  • Соңку аракети: 20 Май 2025 17:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Lui (03 Март 2015 - 09:43) жазган:

Жылуу сөздөрүңө рахмат,
Жазыптырсың мага чактап,
Жаратканым аянбастан күчүн,
Жабыштырып койсун..
Жактырган жүрөктөрдү чаптап.


Бакыт кушу конду деп ойлойм,
Берекем ушул го деп болжойм,
Берчи колуңдү деп кармап,
Береги көл жээкти бойлойм..
Бир жутуу менен таптакыр,
Балкыган бакытка тойбойм..
Бирок кантсе да жигитсин да,
Биринчи сенин тойунду тойлойм,
Борукту күзгө чейин деп,
Бедеден берип бордойм)).






Луижандын мыктап жазган саптарына,
Көз жетет окшоштура албасыма.
Ошентсе да жооп жазайын келиштирип,
Луижан, жоопсуз менден калбасын да. :)

Окудум, жазган бизге баяныңды,
Бакытка тунуп жүргөн абалыңды.
Өзүңдү пааналаган бакыт кушун,
Ишенем, кармап аны калаарыңды

Мага да каалаптырсың жакшылыкты,
Ал үчүн айтамын чоң алкышымды.
Келгиң келет биринчи мага тойлоп,
Ага да мен кубанып калбадымбы.

Луижан, болсун дайым жакшы кабар.
Сенде да, менде дагы, ар адамда.
Болсок эгер аман-эсен ден соолукта,
Аткарылаар үмүт-тилек, кыялдар да.

Билдирүүнү түзөткөн: Бродяга: 04 Март 2015 - 17:09

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3442 Пользователь офлайн   Lui   05 Март 2015 - 10:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Окшошуптур сенин жазган ар бир сабың,
Ооз тийдим сен калтырган ырдын даамын,
Мындан да алоолонуп жана берсин,
Мамиледе, жашоодо күйгөн шамың,
Кудайым тартуу кылып бере берсин,
Турмуштун жакшылыгын, таттуу балын.
Албагын ата-эненин Нурба каарын,
Байырла сен эртелеп бүлөо шаарын,
Балдарың, келинчегиң менен бирге,
Бакыт деген жупжумшак жууркан жамын.
Ар дайым кулку-шаңга толуп турсун,
Күч-аракет жумшап салган сенин тамың,
Мынакей сага каалоо жазамын деп,
Байбичедей кол жайып турган чагым)).
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3443 Пользователь офлайн   kaitpas   07 Март 2015 - 18:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Эмнеге жым-жырт айылым,
Келгиле мында баарыңар.
Эртеңки күндү айтпасак
Сулуулар бизден таарынар.
Ансыз да күтүп жаткандыр
Бир букет менен таттуудан
Үйдөгү эне, эже, жарыңар.

Кызматын баалап эненин,
Чеги жок ааламга теңедим.
Баш ийип бүгүн силерге
Таазимим айтып келемин.
Сөз аздык кылар мактоого
Ал жагын деле билемин.
Ар бириң болгун бактылуу
"От души" менин тилегим.

Бириң ай бириң гүлдөйсүң
Жан берген жылуу күндөйсүң.
Жалгыздыктан жат кылып
Жашообуз биздин түрлөйсүң.

Дүйнөдө чоңдур баркыңар,
Түгөнбөй жүрсүн артыңар.
Жашоону улап кетүүчү
Аялдар силер бар кылар.
А биз болсо жандап жүрүүчү
Силерге шерик жартыңар.
Кез-кезде гана баш оору
Болоордо шыпаа дартыңар.
Анда эмесе кут болсун
Сегизинчи мартыңар! :)
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3444 Пользователь офлайн   Lui   16 Март 2015 - 14:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Аялдын кылып ыйбаасын,
Айылга кирсем тың басып,
Алты сап менен баштаптыр,
Ардактуу Кайтпас ыр башын,
Аялдын айтып кымбатын,
Аярлай ачып сыр катын,
Арноону жазып кетиптир,
Асылдын тизип сымбатын,
Аянбай берсин Жараткан,
Апага жүзүн-миң жашын,
Арыраак эле кылсакен,
Армандуу күнүн, муңдашын....


Аялзаттын атынан ,
Рахмат айтып кетейин,
Ашпаса да бир сенден,
Эптеп бир күү чертейин,
Балтам мокок болсо да,
Ыр саптарын кертейин...


Жакшы күндөр коштосун,
Бүгүнкунүн эртеңин,
Жоготпосун пенделер,
Боорукердик, элпегин,
Боз уландар таштасын,
Баш аламан, тентегин,
Айырмалай албайбыз,
Аялзаттан эркегин,
Алла Таала берсинчи,
Ыймандын бүтпөс, эң кеңин,
Насип кылсын тапканга,
Адашкандын өз теңин,
Булгабай жүрсүн ар бир жан,
Ыпластыкка өз жеңин,
Ачканы көрсө бөлүшсүн,
Астыда турган көп жемин,
Буздурбасын душманга,
Мекендин сактап бек, чебин,
Кичүүлөр барктай билишсин,
Карыдан чыккан сөз-кенин,
Жашоодогу кырдаалда,
Таба билсин ар эбин,
Бабырай бербей бир топко,
Токтотойун мен кебим...
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3445 Пользователь офлайн   Neffertiti   16 Март 2015 - 15:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 669
  • Катталган: 28 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Май 2017 09:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Скрытенбург.

Баш баксам айыл тарапка,
Луи кыз келип кетиптир.
Ыраазы болуп Кайтпаска,
Рахматты белен бериптир.

Мен дагы келип кошулдум,
Луинин тилектерине.
Жакшы адамдар коп болсун,
Пайдасы тийген элине.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3446 Пользователь офлайн   Lui   16 Март 2015 - 15:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Жездеме жакшы жанашкан,
Атына заты жарашкан,
Адашып бүгүн келиптир,
Неферти эжем каяктан?))


Жоголбой келип туруңуз,
Кошулуп маек куруңуз,
Энтигип эже чуркасак,
Эжеке колду сунуңуз,
Урматын көруп айылдын,
Сыйыбызга тунуңуз,
Чекилик кетсе биз жактан,
Таарынбай, көзду жумуңуз,
Тоо бойлой өскөн ыр гүлдү,
Эжеке кулачты керип, жулуңуз)).
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3447 Пользователь офлайн   mega777   18 Апрель 2015 - 15:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Айланайын акындар
Айтыш ырга жакындар
Айылды чанга бастырбай
Аралап кээде басындар
Айбыгып артта калбасын
Алдыга коштой тартындар
Арнашып балдай тилекти
Айтышып турса акындар
Айылдын корку жанырып
Анкып бир гулдой ачылаар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3448 Пользователь офлайн   kaitpas   30 Апрель 2015 - 10:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Айланып бизден Мега айым,
Жездеме сулуу бегайым.
Айылдын чаңын аралап,
Кетиптир кайра неге айым?
Келсеңиз боло бир шиңгил
Ырымдан айтып чыгайын.
Жеңилбес сиздей сулууну
Аракет кылып жыгайын.
Жыкпасам деле мейличи
Ышкыбоз болуп жөн эле,
Ырыңыздан бир угайын.
Кошулуп алып сиз менен
Обондоп эки ооз сөз менен
Чаң баскан акын айылынан
Жым-жырттыкты кубайын.
Айтсаңыз анан жакшыбы
Биринчи байлык ден-соолук
Саламаттыгыңыз сурайын.

Келемин кээде айланып
Көңүлүм ырга байланып.
Болсо бир акын төксө деп
Төкмөккө мен да шайланып.
Келгенде эч ким көрүнбөй
Кетемин араң кыйналып.

Анда бир ырдап кетиңиз,
Чүмбөттү мага чечиңиз.
Суп-сулуу болсо керек деп
Элестетем келбетиңиз.
Канчалык сурап өтсөм да
Жашырып айтпайсыз билемин,
Бир суранып кетейин
Өздүгүңүз бир айтып өтүңүз.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3449 Пользователь офлайн   ayildik_kiz   30 Апрель 2015 - 17:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 423
  • Катталган: 23 Май 12
  • Соңку аракети: 07 Дек 2016 21:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бейиштин тору...

Акындар айылын жандантып
Агатай келген турбайбы.
Айылдан эч бир жан таппай
Арманда кеткен сыягы.
Бактылуу- омур жок,бактылуу кундор гана болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3450 Пользователь офлайн   kaitpas   01 Май 2015 - 13:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Карааның көзгө көрүнсө
Карындаш чуркап барыпмын.
Эскирип кетпей эсиңден
Агатайың болуп калыпмын.
Бир канча айлар өтсө да
Үнүңдү дароо тааныпмын.
Бүлбүлдөп күйүп турсам да
Алоолоп дароо жаныпмын.
Айылдык кызым чын айтсам
Аябай эле шок элем
Мурдакыдай алым жок
Азыр бир аз карыпмын.
Көтөрөр элем көп сөздү
Ичтен да бир аз тарыпмын.
Турмуштун татаал жолунда
Жүк араба колумда
Чарчапмын бир аз арыпмын.

Өзүңдө кандай жаңылык?
Турмуштун ширесине малынып.
Арадан өттү көп убак
Калгандырсың ак жоолук салынып.
Жездемдин жанын жөн койбой:)
Жүргөндүрсүң сөйкө тагынып.
Максатты коюп алдыга
Келечекке абдан камынып.
Же болбосо уже калгандыр
Жээндер үнү жаңырып
Кубаныч толуп койнуңа
Бир үй-бүлө болуп таанылып.

Айтып кет сулуу ар жагын
Форумдагы карындаш ардагым.
Мээнеткеч элең билемин
Мээнеттен такыр талбагын
Азил-чын айтып кеттим мен
анан:
Кыжалат болуп калбагын.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3451 Пользователь офлайн   ayildik_kiz   02 Май 2015 - 11:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 423
  • Катталган: 23 Май 12
  • Соңку аракети: 07 Дек 2016 21:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бейиштин тору...

Просмотр сообщения kaitpas (01 Май 2015 - 13:48) жазган:

Карааның көзгө көрүнсө
Карындаш чуркап барыпмын.
Эскирип кетпей эсиңден
Агатайың болуп калыпмын.
Бир канча айлар өтсө да
Үнүңдү дароо тааныпмын.
Бүлбүлдөп күйүп турсам да
Алоолоп дароо жаныпмын.
Айылдык кызым чын айтсам
Аябай эле шок элем
Мурдакыдай алым жок
Азыр бир аз карыпмын.
Көтөрөр элем көп сөздү
Ичтен да бир аз тарыпмын.
Турмуштун татаал жолунда
Жүк араба колумда
Чарчапмын бир аз арыпмын.

Өзүңдө кандай жаңылык?
Турмуштун ширесине малынып.
Арадан өттү көп убак
Калгандырсың ак жоолук салынып.
Жездемдин жанын жөн койбой:)
Жүргөндүрсүң сөйкө тагынып.
Максатты коюп алдыга
Келечекке абдан камынып.
Же болбосо уже калгандыр
Жээндер үнү жаңырып
Кубаныч толуп койнуңа
Бир үй-бүлө болуп таанылып.

Айтып кет сулуу ар жагын
Форумдагы карындаш ардагым.
Мээнеткеч элең билемин
Мээнеттен такыр талбагын
Азил-чын айтып кеттим мен
анан:
Кыжалат болуп калбагын.


Агатайым Кайтпасым
Асылдыгынан тайбасым.
Форумдан тапкан эн жакын
Агам озун кандайсын?
Алыс жерде журосун
Алты санын аманбы
Жеп ичкенин адалбы?

Каарыдым деп айтпагын
Солкулдаган курагын!
Бир эмес эки катынды
Чарчатчу азыр убагын:)
Чымчып суйлоп оттум го
Агатай капа болуп калбагын!

Озумдон бир аз кеп салып
Азыраак баян курайын.
Шаардын таштап жашоосун
Айылга кочуп алганмын.
Таза абада тан тосуп
Кубанып азыр калганмын.
Турмуш деген дайрага
Аз калды кошулуп калаармын.
Сиз куткондой ак жоолук
Салынганы турамын.
Жезде эмес,куйо балана
Эркелеп ошондо каламын.
Кудайым берсе тилекти
Коп жээндуу сени кылаармын:)

Агатайым сен дагы
Бойдок элен не болдун?
Жымындап кыздарга соз салып
Тийишчу элен токтолдун.
Арадан убакыт отуптур
Женелуу болгон чыгаармын?
Ачыгын айтчы агатай
Кыргызбы суйгон адамын?

Билдирүүнү түзөткөн: ayildik_kiz: 02 Май 2015 - 11:17

Бактылуу- омур жок,бактылуу кундор гана болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3452 Пользователь офлайн   osh93   04 Июль 2015 - 11:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Ассолому алейкум,Акындар биздин аманбы?Бул жакты чан басып кетиптир,Алдыга суйроп барайын.Тен келчуулор чыкса эгер,Айтышып бир ааз алайын.Обонго мен салайын,Бул жакты жоктоп алайын. Даалай акындар менен Айтышкан,Ар- дайым ат салышканКайтпас акын бар бекен?Чарчаганда чер жазган,Даалай жигит ашыккан.Тилинен укмуш чан,Чыккан.Луи бийкеч аманбы?Акындык онор менен алышып,Жаштар менен жарышып.Мега777 деген эжени,Коргон элем шу жерден.Керемет куу терген,Кирбей калды бул жака.Же журду бекен жашоо менен..
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3453 Пользователь офлайн   Enesai   05 Июль 2015 - 21:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Саламын айтып ыр коксоп,
Оштук иним келиптир,
Ыр сагынып ыр жоктоп,
Баарына салам бериптир.

Кечээ айткан саламга
Жооп болбосо жаман да,
Онтойсуз эле болосун,
Саламын жоопсуз калганда.

Баланын шагы сынбасын,
Жообун кутуп турбасын,
Торт сап ырым жазайын,
Саламдашып алайын.

Башка акындар келгиче,
Сага жоопту бергиче,
Умутунду узбогун,
Айтаар созун туздогун!

Азыраак гана жазайын,
Эми уйго кайтайын,
"Айылчылап" коп журсом,
Казаным калат жуулбай,
Тошогум калат жыйылбай,
Кызыл тил кетсе тыйылбай...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3454 Пользователь офлайн   osh93   06 Июль 2015 - 00:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Айтайын рахмат жообугузга,
Жакшы айттыныз оюнузду да.
Сиз да,салам бериптирсиз,
Кабыл кылдым саламды да.






Карасам создор шар чыгат,
Эже.
Сизде акындык онор бар чыгат,
Эже.
Шашылыш эле кетипсиз,
Сиздин ишиниз коп туура эже.




Бул жакты чан бастырбай,
„Теманы" артка калтырбай.
Кирип турун ар куну,
Анан жооп калбасын жазылбай.


Анда эже,Мен биринчи таанышып,
Алайын.
Атыныз ким?,жон жайыныз
Сурайын!
Колдон келсе жооп жазып турайын.





Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3455 Пользователь офлайн   Enesai   07 Июль 2015 - 10:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Жооп жазбай коё албадым,
Атымды иним сурапсын,
"Эже качан жазат",-деп
Жообумду кутуп турасын.

Атымды деле жашырбайм,
"Энесай" болуп киргенмин,
Ылайык кордум мен озум-
Мени "Энесай" деп билгенин!

"Бул жакты чан бастырбай,
Кириниз", -депсин ар куну,
Жазганга таппай убакыт,
Кээде эле жазам тункусу!

Чубалтып коп соз жаза албайм,
Убактым абдан ченелуу,
Мега,Луи кыздарга-
Менде азыр кайдан тенелуу!! !

Убакыт тапсам-жазамын,
Уйкаштык эптеп табамын,
Мен деле кээде сага окшоп-
Ыр менен"ооруп" каламын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3456 Пользователь офлайн   Lui   07 Июль 2015 - 11:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Энесай эжеге!


Саламатсызбы сулуу айым?
Сергек жүрөсүзбү дайым?
Ысыктын куну келип калдым,
Көтөрүп алып сизге чайым..))
Балдарыныз жакшыбы?
Уйчү? Айтыңызчы баарын,
Маектешип бир азга,
Суртөлү айыл чаңын,
Кандай тосуудасыз,
Кундүн ар бир таңын?
Мен дагы сагынып келдим,
Айтыштын көркөм , шаңын,
Атымды угуп алып жетип келдим.
Кошойун деп колдон келген салым,
Азыр жумуш бир аз көп,
Ошого тыным албай турат жаным,
Бирок, сиз жооптосонуз,
Кайрылууга сиңдиңиз дайым дайын).
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3457 Пользователь офлайн   Amantur.   07 Июль 2015 - 12:22

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 705
  • Катталган: 24 Февраль 15
  • Соңку аракети: 24 Ноя 2015 20:16
  • Жынысы:Эркек

Кыска жазып саптарын
Чай кайнатып атайын
Луи айым келиптир
Көтөрүнүп бир чайын
Энесай айымга сунуштап
Сураганча ал-жайын

Саламыңыз сонун го?
Маани камтып өзгөчө
Менде болуп сонуркоо
Тиктедим го мен көпкө
А биздин саптар ушундай
Ийрең-талтаң, бөкөчө))
Акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин гана пайда боло баштайт....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3458 Пользователь офлайн   Lui   07 Июль 2015 - 12:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Амантур мырзага!


Амантур жигит кандайсың?
Ар бир сөздү талдайсың,
Мактоо сөзүң сен арнап,
Кызартып мени салгайсың)). .


Энесай эже келгиче,
Саламын кайрып бергиче,
Ылдамдык кылып келипсиң,
Ал эже жоопту тергиче,
Кел анда төргө отургун,
Баарлашалы чай иче,
Экөөбүздү урушаар,
Жоктур сизде байбиче))


Сөзүңө бөкөчө деген,
Токтобой күлүп мен келем,
Соболуңа сен салган,
Жооптойун шашпай мен кенен:
Ойума келген нерсени,
Тыпылдатып мен терем,
Санаалаш жакын адамга,
Аянбай салам мен берем,
Баалапсын жазган сабымды,
Жакшы деп мырза сен терең,
Эми мен сөзүң угайын,
Сен жакты карап мен элең....))
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3459 Пользователь офлайн   Chayan555   07 Июль 2015 - 12:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 83
  • Катталган: 12 Май 15
  • Соңку аракети: 28 Сен 2015 12:30

Бул айылда эмне кеп.
Баарын бир топтолуп атыпсын.
Энесайдай эжени .
Сыйлап бир коноктоп атыпсын.
Саламдашып мен деле.
Мейман болуп кетейин.
Энесай эжеге кошулуп.
Сыйланып бирааз кетейин.
Кайда журдум кашайып.
Башка сайтты аралап.
Мурдум анча жыт сезбей.
Калайын дедим аймалап.
Ушундай шандуу кечеге.
Кошулбай калсам самсалаап.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3460 Пользователь офлайн   Enesai   07 Июль 2015 - 12:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Саламды айтып эжене
Келипсин,синдим, кубандым,
Шашканыман апкаарып,
Соз таба албай турамын...

Орозо элем мен бугун,
Чайына рахмат,ичемин,
Синдимин чайы даяр деп,
Ооз ачарды кутомун!

Талантын ашып-ташыган,
Илимдуу синдим экенсин,
Сынакта каалайм-ийгилик,
Байгени алаар бекенсин?...

Убакыт таап бир куну,
Жакындан жакшы таанышып,
Туралы синдим экообуз,
Ыр менен сырлар жазышып!

Бугунчо жаздым ушуну,
Жообунду сенин кутойун,
Убакыт тарып баратат,
Жазганым шашып жуктойун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (227 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 171
  • 172
  • 173
  • 174
  • 175
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 23 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 23, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Авг 2025 11:09

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: