Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф(жалпысынан)
Төрөлгөн күнү: 21.07.1371 х.ж./15.04.1952 м.ж.
Туулган жери: Өзбекистан Республикасынын Андижан облусу Асака району Ниязбатыр кыштагы.
Улуту: Өзбек.
Дини: Ислам.
Акыйдалык мазхабы: Ахли сүннөт вал жамаат, матуридия.
Фыкыхтык мазхабы: ханафия.
Тасаввуфий мазхабы: накшбандия.
Урааны: « Ахли сүннөт вал жамаат мазхабы негизинде таза акыйда менен нукура Исламга умтулуу, Куран менен Сүннөттү үйрөнүп амал кылуу, исламий марифат-билим таратуу, салафи салихтер – улуу мужтахидтарга ээрчүү, боору кеңдик жана ага-инилик рухун таратуу. Диний сабатсыздыкты жоюу, келишпестик менен агымдарга чекит коюу, фанаттык жана бидъаттын жамандарын жоюу».
Адистиги: даават, тафсир, хадис, усул, фыкых, акыйда, тасаввуф, араб тили.
Жашаган өлкөлөрү: Өзбекистан Республикасы (Андижан облусу Асака району Ниязбатыр кыштагы, Мархамат району Каракоргон кыштагы, Булакбашы району, Бухара, Ташкент), Ливия республикасы, Туркия, Саудия Арабстаны.
Иш –вазийпалары: Имам Бухарий атындагы Ташкент ислам институту окутуучусу, мүдүрдүн орун басары жана мүдүрү, Орто Азия жана Казакстан мусулмандары диний башкармасынын муфтийи, СССР Жогору Кеңешинин эл депутаты.
Каза тапкан күнү: 05.05.1436 х.ж. /10.03.2015 м.ж. Ташкент.
Коюлган жайы: Ташкент. Көкчө. Шейх Зайниддин кабырстаны.
Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф
Залкар аалым, мужаддид, муфассир, мухаддис, факых, мутафаккир, муршид, захид Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф өз заманасында ислам ааламынын көзгө көрүнгөн чыгааны, үлкөн ишмери, СССР Жогору Кеңешинин эл депутаты, Орто Азия жана Казакстан мусулмандары диний башкармасынын экс муфтийи, эгемендүү Өзбекистандын биринчи муфтийи, көптөгөн эл аралык илимий бирикмелердин, диний уюмдардын мүчөсү, түрк тилдүү калктардын диний башчысы болгон.
Ата теги жана дүйнөгө келиши:
Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун ата-теги төмөндөгүчө:
1. Маралбай.
2. Мырзабай.
3. Арапбай.
4. Каламбай.
5. Эшбото.
6. Кошбото.
7. Байбото.
8. Мухаммад Юсуф.
9. Мухаммад Садык.
Шейх Мухаммад Садык хижрий 1371- жыл 21-ражаб – миладий 1952-жылы 15-апрель күнү Өзбекистан Республикасынын Андижан облусу Асака району Ниязбатыр кыштагында молдо Мухаммад Юсуф үй-бүлөсүндө дүйнөгө келди. 1960-жылы молдо Мухаммад Юсуф диний кызмат себебинен Андижандын Булакбашы ройонуна имам болуп дайындалгандан кийин, бул үй-бүлө ушул районго көчүп келет. Молдо Мухаммад Юсуф ушул Булакбашы районунда 45 жыл имам хатибтик кылган жана өз мечитинде жума алдындагы баянды айтып жатып бул ааламдан өткөн.
Балалыгы жана өспүрүм жылдары:
Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф (рахимахуллах) азиреттери ыклас жана такыба үй-бүлөсүндө дүйнөгө келген. Атасы устаз Мухаммад Юсуф Байбото уулу Андижан облусунун көзгө көрүнгөн илимдүү, такыба жана ибадатта бекем, дин жана эл кызматында эмгектен талыкпаган киши болгон (Аллах ырайымына алсын). Энеси Тилекберди кызы Сабирахан эне да абдан такыба, ибадаттуу, дин үчүн жанын аябаган, ак ниеттүү аял эле. Устаз Мухаммад Юсуф жана Сабирахан эне перзенттеринин тарбиясына катуу көңүл бурушкан. Энеси бөбөктү мүмкүнчүлүктүн барынча дааратсыз эмизбес эле. Аны бир убакыт да назарынан четте койбос эле. Мухаммад Юсуф дамла перзенти Мухаммад Садыктын илим алуусуна бардык мүмкүнчүлүгүн караткан. Мектепте мыкты бааларга окууга, үйдө эркин окууга жекече көңүл бурат эле.
Шейх Мухаммад Садыктын атасы анын алгачкы устазы болгон. Мухаммад Садык Кураны Карим, сарф, нахв сыяктуу башталгыч илимдерди атасынан үйрөнгөн. Жаштыгынан илимге, китепке катуу махабат койгон. Ошондой эле, молдо Мухаммад Юсуф да көптөгөн илимдүүлөрдүн кызматын кылып, перзентинин акысына абдан көп дубалар алат эле.
Студенттик доору:
Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф Орто мектепти аяктагандан кийин, 1970-жылы Бухара шаарындагы «Мир Араб» медресесине окууга кирди. Ал мезгилде медреседеги окуу 7 жылдык болгон. Шейх Мухаммад Садыкты ошол күнгө чейин алган билими негизинде бир жолу 5 курска кабыл алышат. Натыйжада ал медресени 3 жылда аяктаган. Аны сабакта, илимде дилгир болгондуктан медреседеги студенттер «мыкты окуучу» деп аташат эле.
Устаз Мухаммад Юсуф да перзентинин жакшы илим алуусу, такыбада бекем болуусу үчүн бар күчүн сарптады. Жадагалса уулун башкалар аркылуу атайын күзөтүп барды. Шейх Мухаммад Садык 1973-жылы медресени аяктады. Ушул-жылы Имам Бухарий атындагы Ташкент Ислам институтуна окууга кирди. Кабыл алуу экзамендеринен жогорку бааларда өткөн Мухаммад Садык институтка да бир жолу 3 курска кабыл алынды жана аны да 2 жылда мыкты бааларга бүтүрдү.
Мухаммад Садык институт программасынан тышкары атайын устаздардан жекече сабак да алат эле. Институттун эң алдыңкы студенти сыпатында таанылган эле. Ал жадагалса 10 мүнөттүк танаписти да, азан менен такбир арасындагы кыска убакытты да китеп окуу менен өткөрөр эле.
Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф өз мээнет ишмердүүлүгүн 1975-жылы «Совет чыгыш мусулмандары» журналынан баштады.
1976-жылы Орто Азия жана Казакстан мусулмандары диний башкармасынын жолдомосу менен Ливиянин Триполи шаарындагы « Исламий даават факультети» аттуу университетке окууга кирген.
Мухаммад Садык Ливияда бүткүл дүйнөдөн келген студенттер арасында да эң тырышчаак жана эң кабулияттуу студент сыпатында таанылды. Ал жогорку окуу жай сабактарына дайыма катышат эле жана ага сабактарды даярдоого жана экзамендерди жогорку даражада тапшырууга ошонун өзү жетишет эле. Тырышчаак студент жогорку окуу жай программасынан тышкары, ошол жердеги устаздардан жекече сабактар да алды, эркин окуу менен да алектенди. Ошол маалдарда ал сабактан тышкаркы түрдүү темадагы китептерден ар күнү 100 бет окууну өзүнө вазийпа кылып алган эле.
Ал 1980-жылы Ливия жогорку окуу жайын эң жогорку бал менен ийгиликтүү аяктап, студенттер арасында биринчиликти колго киргизди жана окуу жай тарабынан акча каражаты менен сыйланды.
Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун студенттик жылдары айтып өтүлгөн абалда болсо да, ал илим талабын өмүрүнүн акырына чейин таштабады. Күндөлүк иштери, алектенүүсү аябай көп болушуна карабай, илимий талкуулары, чыгармаларынан тышкары эркин окууну да өмүрүнүн акырына чейин токтотподу. Иш жүзүндө кылган жүздөгөн сапарларынан үйгө китеп гана алып келет эле жана өзү үчүн жаңылык болгон ар кандай китепти окуп чыгат эле.
Иштеген вазийпалары, аткарган иштери:
Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф 1980-жылда окууну аяктап, Ливиядан Өзбекистанга кайтып келгенден кийин, төмөндөгү вазийпа жана мансаптарда иш алып барды:
1981-жылы Имам Бухарий атындагы Ташкент Ислам институту окутуучусу;
1982-жылы Имам Бухарий атындагы Ташкент Ислам институтунун ректорунун орун басары;
1984-жылдан баштап Имам Бухарий атындагы Ташкент Ислам институтунун ректору вазийпаларында иштеди. 1981 – 1989-жылдар ичинде институтта тафсир, хадис, улуми Куран, акыйда предметтеринен сабак берди.
Шейх азиреттери Ислам институтунун окуу программасына көптөгөн жакшы жаңылыктар киргизди: бир канча исламий илимдер жана колдонмолорду жарыя кылды. Атап кетсек, «Куран илимдери», «улумул хадис», акыйда предметтери менен хадис жана тафсир предметтеринен “Роваиъул баян”, “Манхалул хадис” сыяктуу бир канча колдонмолорду Институтка алып кирди.
1989-жылы 6-февралдан Орто Азия жана Казакстан мусулмандары диний башкармасынын муфтийи мансабында иш баштады. Ушул жылдын декабрь айында СССР Жогору Кеңешинин эл депутаты болуп шайланды. 1993-жылы июнь айында муфтийлик мансабынан бошотулду.
Шейх Мухаммад Садык муфтийлик маалында мусулмандар үчүн үлкөн кызматтарды аткарды. Ал Орто Азия жана Казакстан мусулмандары диний башкармасынын жетекчиси жана СССР Жогору Кеңешинин эл депутаты сыпатында СССР өкмөтүнөн Мусулмандардын көптөгөн акы-укуктарын талап кылып чыкты жана максатына жетишти. Мусулмандар үчүн миңдеген мечит-медреселердин ачылышында үлкөн демилге көрсөттү. Шейх азиреттеринин аракеттеринин натыйжасында СССР чек-арасындагы мусулмандар үчүн кылымдык арзуу болгон берекелүү Ажы сапарына жол ачылды. Мусулмандардын үлкөн жамаатына ажы ибадатын эркин аткарып келүүлөрү үчүн уруксат алынды. Анын муфтийлик доорунда барган ажылар Саудия Арабстаны өкмөтү тарабынан «Падышанын коноктору» сыпатында кабыл алынышты, жекече этибар, мыйманчылыкка жетишишкен жана бул абал 1993-жылга чейин уланган.
Устаздары:
Бухарада Шахабиддин карыда кырааттан, Мухтаржан дамлада «Алфия»дан, Ошондой эле, Усманжан дамла, Касымжан дамла, Абдуллатиф дамла сыяктуу белгилүү аалымдардан медресе окуу программасынан тышкары жекече сабактар алды. Ташкентте да институт сабактарынан тышкары Исмаил махдум, Юсуфхан Шакиров сыяктуу аалымдардан сабак алды. Ливияда окуган кезинде да жогорку окуу жай сабактарынан тышкары, ошол жердеги аалымдардан жекече илим окуду. Кийинчерээк белгилүү Мухаммад ибн Алавий Моликий, Абу Хасан Надавий, Салых Ахмад ибн Мухаммад Идрис Араканий сыяктуу Ислам ааламы уламаларынан түрдүү багыттарда илим жана ижазалар алууга жетишти.
Шакирттери:
Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф Имам Бухарий атындагы Ташкент Ислам институтунда 1981 – 1989-жылдар арасында мударис болуп эмгектенген. Ошол жылдарда институтта окуган бардык студенттер анын шакирттери болгон. Атап кетсек, Кавказ баш муфтийи Исмаил Бердиев, Россия муфтийи Равил Гайниддин, Чеченистан муфтийи жана алгачкы президенти Ахмад Кадиров, Дагыстандык имам Мухаммад Расул, Азербайжандык аалым Мулкадар, Кыргызстан уламалар кеңешинин жетекчиси Абдүшүкүр Нарматов сыяктуу көзгө көрүнгөн дин кызматкерлери да ал кишинин шакирттери эле. Мындан тышкары, Ливияда Анвар Ахмад, Хайруллах Хабибуллах, Мухаммад Умар, Мухаммад Курбан, Рызкулбек сыяктуу бир канча өзбек студенттерине да жекече устаздык кылган.
Шейх Мухаммад Садык 2000-жылда Өзбекистанга кайтып келгенден кийин, мамлекеттеги көптөгөн илимдүүлөргө устаздык кыла баштады. Шейх азиреттери жазган эмгектери, баяндары, бүткүл аракеттери менен бир түрк тилдүү мусулмандарга гана эмес, балким Исламды кабыл алган башка улуттун өкүлдөрүнө да ахли сүннөт вал жамаат мазхабы негизинде таза акыйда жана нукура Исламга умтулуу жолунда устаздык кылып келди.
Алган ижазалары (уруксаттары):
1. Салих Ахмад ибн Мухаммад Идрис ал Араканий ал Маккийдин ижазасы. Анда ушундай делет: «Ал (тагыраак айткаанда санад) Исламдын хастарынан, Исламда да ахли сүннөттүн хассаси эсептелет. Арийне, Шейх Мухаммад Садык ибн Шейх Мухаммад Юсуф жигердүүлүк менен менден хадиси шариф жана башка багыттарда ижаза сурады. Мен мындай деймин: «Ушуга – Аллах бизге да, ага да соопторун көбөйтүп берсин – бардык марвиёттарим, санаддарым, сабттарым, ижазаларым жана 150 дөн артык асарларымда жалпысынан мутлак ижаза бердим, куду түрдүү журттардан жүздөн артык Шейх мага ижаза бергендей. Бул болсо хадис жана асар ахлынын наздында этибарлуу болгон шарт негизинде эсептелет».
2. Хадис китептери боюнча Имам Хафиз Ибн Хажарга жетип бара турган мухаддистер силсиласына уланган Абу Хасан Надавийдин ижазасы.
3. Имам Абу Баракат Абдуллох ибн Ахмад ан Насафий ал Ханафийдин «Мадарикут танзил ва хакаикут таъвил» эмгеги боюнча Абу Бакр ибн Ахмад ал Малийбарийден авторго чейин байланышкан ижаза.
Берген ижазалари (урксаттары):
Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф Орто Азия жергесинде унутулуп жаткан бир адатты – исламий илимий асарларга ижаза берүүнү кайра жандандырды. Имам Абу Баракот Насафийнинг «Мадарикут танзил ва хакоикут таъвил» аттуу белгилүү тафсиринен, Имам Бухарийдин ааламга белгилүү, Кураны Каримден кийинки эң ишеничтүү китеп деп тан алынган «Ал Жамиъус сахих» китебинен бир канча шакирттерине ижаза берди.
Илимий эмгектери:
Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун алгачкы макалалары 1975-жылы «Совет чыгыш мусулмандары» басмаканасында иштеген кезинде басмадан чыга баштаган.
1991 – 1993-жылдары «Тафсири Хилал» аттуу Кураны Карим тафсиринин 28 – 30 томдору жана «Тазалык ыймандандыр» китеби, 1992-жылы «Ыйман» жана «Кана эле такыба болсок», 1997-жылы «Ислам нукуралыгы жолунда» китептери басмадан чыкты.
Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф 1993 – 2001-жылдар арасында хижратда болду. Алгачкы бир жарым-жылы Маккаи Мукаррамада, 1994-жылдын ноябрь айынан 2001-жылыга чейин Ливияда жашады. Бул жылдар Шейх Мухаммад Садык үчүн үлкөн чыгармачылык багытында жемиштүү болду. Кураны Карим тафсирине арналган ири 6 томдон турган «Тафсири Хилал», хадистердин шархына арналган 39 томдон турган «Хадис ва Хаёт» китептерин дал ошол-жылдарда жазды. «Тафсири Хилал» китебинин калган 27 томун Кураны Карим түшүрүлгөн Маккаи Мукаррамада – Харам алдыда жазды. «Хадис ва хаёт» китебин болсо Расулуллах саллаллаху алайхи васалламдын равзаларында ал заттын уруксаттары менен баштады жана калган бөлүгүн Ливияда жазып түгөттү. Андан тышкары, көптөгөн мамлекеттерде болгон эл аралык конференцияларда, илимий жыйындарда актив катышты, Ислам ааламынын көптөгөн аалымдары менен чыгармачылык маектер, жолугушуулар өткөрдү.
Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф 2001-жылы Өзбекистанга кайтып келди. Өзбекистандыктар Шейхти абдан кубануу менен күтүп аышты. Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф өз журтунда 2001 – 2015-жылдар арасында кең көлөмдө илимий ишмердуулугун алып барды. Көптөгөн китептери, аудио жана видео жазуудагы илимий маектери, баяндары, түрдүү сабактары, маареке жыйындардагы баяндары, эл аралык интернет тармагында 25000 дан артык түрдүү темалардагы суроо-жооптору менен калктын диний сабатын ашуусуна, кишилердин нукура Исламды аңдашына үлкөн салым кошту. Анын илимий китептери себептүү калк арасындагы көптөгөн келишпестик жана тартышуулар жокко чыкты, ханафий мазхабы бекемделди, кооптуу питнелердин алды алынды, канчадан канча адашкан инсандар туура жолду кармана башташты, мусулманчылыктан кабарсыз адамдар өз мусулманчылыгына кайтты, эл арасында тынч татуулуктун, достук руху таралды.
Шейхтин жетекчилигинде эл аралык интернет тармагында өзбек тилиндеги чыныгы исламий сайтка биринчи жолу негиз салынды. Ушул islom.uz сайти өзбек тилиндеги эң актив жана мүчөсү эң көп сайт саналат. Islom.uz портали негизинде түрдүү багыттардагы жыйырмадан артык эркин сайттар жасалып, алардын ар бири өз темасында эң бай жана эң актив сайттарга айланды. Ал тогуз хадис топтомунан турган «Олтин Силсила» жана чоң «Ислам комуси» долболорун негиздөөчүсү саналат.
Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф айтып өтүлгөн эмгектери менен Орто Азияда илимий ойгонуш жасады. Анын китептери, маектери көптөгөн илимдүүлөргө илхам арнады. Шейх жогоруда көрсөтүлгөн өз ураанына ар дайым амал кылды. Нукура Исламды үйрөнүш, үйрөтүү жана ага амал кылуу жолунда жаңы бир Мектепке негиз салды. Жүздөгөн шакирттерди тарбиялады. Ага кайыпта туруп шакирт болгондордун сан-санагы жок. Бир канча китептери орус тилине которулду. Шейхтин демилгеси менен орус тилдүү калктарга да үлкөн исламий илимдер жетип барууда. Ошондой эле, китептери уйгур, кыргыз, казак, каракалпак сыяктуу бир канча тектеш тилдерге да которулган жана которулуп жатат. Орто Азияда мынчалык жемиштүү, үнөмдүү жана таасирдүү китеп жана макалаларды жазган аалымды өткөн эки-үч кылым ичинде табуу мүшкүл.
ЖАЗГАН КИТЕПТЕРИ:
1. Кураны Карим маанилер котормосу.
2. Кураны Карим тафсирине арналган, ири алты томдон турган «Тафсири Хилал» аттуу тафсири.;
3. «Хадис ва Хаёт». Мансур Алий Насиф Хусайнийнин Исламдын негизги темалары боюнча жыйналган хадистер топтому болгон «Ат тажул жамиъ лил усул фи ахадисир росул» китебинин котормо жана шархы. Бул «Хадис ва Хаёт» жыйнагы 39 томдук чоң силсила болгон. Улар төмөндөгүлөр:
1-жуз. Мукаддима.
2-жуз. Ислом ва Иймон китоби.
3-жуз. Ният, Ихлос ва Илм китоби.
4-жуз. Поклик китоби.
5-жуз. Намоз китоби-1.
6-жуз. Намоз китоби-2.
7-жуз. Намоз китоби-3.
8-жуз. Закот китоби.
9-жуз.Руза китоби.
10-жуз. Хаж ва Умра китоби.
11-жуз. Савдо, Зироат ва Вакф китоби.
12-жуз. Фароиз ва Васият китоби.
13-жуз. Никох, Талок ва Идда китоби.
14/15-жузлар. Касамлар, назрлар ва ов китоби.
16/17-жузлар. Таом, шароб ва либос китоби.
18-жуз. Тиб ва Дам китоби.
19-жуз. Оламларга рахмат пайгамбар.
20-жуз. Анбиёлар киссаси.
21-жуз. Абу Бакр ва Умар розияллоху анхумо.
22-жуз. Усмон ва Али ибн Абу Толиб розияллоху анхумо.
23-жуз. Жаннат башорат берилганлар ва ахли байт.
24-жуз. Пешкадамлар розияллоху анхум.
25-жуз. Нубувват хонадони хонимлари.
26-жуз. Ансорлар розияллоху анхум.
27-жуз. Ахёрлар ва Диёрлар фазли.
28-жуз. Тафсир китоби.
29-жуз. Тафсир, Туш ва Масаллар китоби.
30-жуз. Куръон фазилатлари китоби.
31-жуз. Сияр ва Магозийлар китоби.
32-жуз. Фитналар ва Киёмат аломатлари китоби.
33-жуз. Сияр ва Магозийлар китоби.
34-жуз. Яхшилик ва Ахлок китоби.
35-жуз. Дуолар, Зикрлар, Истигфор ва Тавба.
36-жуз. Зухд ва Ракоиклар китоби.
37-жуз. Адаб китоби.
38-жуз. Хадлар китоби.
39-жуз. Амирлик ва Козилик аломатлари.
4. Сунний акидалар.
5. «Акийдатут- таховия» шархининг талхиси.
6. Акоид илми ва унга боглик масалалар.
7. Усулул фикх.
8. Кифоя (Убайдуллох ибн Масъуд Ханафийнинг «Ан нукоя фи мухтасарил викоя» асарининг таржима ва шархи).
9. Фикхий йуналишлар ва китоблар.
10. Мазхаблар – бирлик рамзи.
11. Ихтилофлар, сабаблар, ечимлар.
12. Куръон илмлари.
13. Мусталахул хадис.
14. Тасаввуф хакида тасаввур.
15. Рухий тарбия: 1 жилд «Покланиш», 2 жилд «Тикланиш», 3 жилд «Хулкланиш».
16. Хислатли хикматлар (Ибн Атоуллох Сакандарийнинг «Хикам»ига ёзилган шарх). 5 жилд.
17. Расулуллох соллаллоху алайхи васаллам (таржима).
18. Зикр ахлидан суранг (савол жавоблар туплами). 4 жилд.
19. Одоблар хазийнаси (Имом Бухорийнинг «Ал адабул муфрад» асарининг таржима ва шархи). 4 жилд.
20. Яхшилик ва силаи рахм (Хусайн ибн Хасан Марвазийнинг «Китабул бирри вас сила» асарининг таржима ва шархи).
21. Исломнинг мадори булган хадислар рукни (кичик 4 жилд).
22. Иймон.
23. Исломда инсон хукуклари.
24. Исломда экология.
25. Васатия – хаёт йули.
26. Мукаммал саодат йули.
27. Оила фарогат касри.
28. Бахтиёр оила.
29. Ижтимоий одоблар.
30. Ислом – соф табиат дини.
31. Дин насихатдир.
32. Бозор ва унга боглик масалалар.
33. Карз ва унга боглик масалалар.
34. Фолбинлик, сехргарлик, жин чикариш ва ноанъанавий даволаш каби ишлар хакикати.
35. Ёлгон.
36. Исроф.
37. Шоядки такводор булсак.
38. Муминнинг мерожи – муфассал намоз китоби (кирил ва лотин алифболарида); .
39. Рамазонни каршилаб.
40. Хидоят имоми – Имом Абу Мансур Мотуридий.
41. Самарканднинг сара уламолари.
42. Очик хат.
43. Кексаларни эъзозлаш.
44. Соглом бола.
Орус тилиндеги китептери:
1. Ийман, Ислам, Куръан.
2. Суннитские вероубеждения.
3. Васатыя – путь жизни.
4. Истина о сути гадания, колдовства, изгнания джиннов и нетрадиционных методов лечения.
5. Разногласия: причины и решения.
6. «Тафсири Хилал» 30-джуз;
7. «Тафсири Хилал» 1 и 2 том;
8. «Хадисы и Жизнь»: 1-том «Введение», 2-том «Ислам и Ийман», 3-том «Намерение, ихлас и знание», 4-том «Чистота», 18-том «Исцеления и рукйа», 19-том «Пророк, явившийся мирам милостью».
Видео баяндары:
1. Ижтимоий одоблар: 2012 йил Рамазон сухбатлари (7 та диск).
2. Рамазон тухфаси: 2013 йил Рамазон сухбатлари (6 та диск).
3. Алохнинг зикри ила калблар ором топур: 2014 йил Рамазон сухбатлари (5 та диск).
4. Бахтиёр оила (2та диск).
5. Ибратли дунё.
6. Одоблар бустони (2 та диск).
7. Зикр ахлидан суранг (2 та диск).
8. Хикматли дунё (5 та диск). Рухий тарбия: 1.Мукаддима. 2.Хусни хулк. 3.Илм.
9. Рухий тарбия: 4.Калбни тозалаш. 5.Намоз. 6.Закот.
10. Рухий тарбия: 7.Руза. 8.Хаж.
11. Рухий тарбия: 9.Куръон тиловати. 10.Зикр.11.Кун тартиби (1).
12. Рухий тарбия: 12.Кун тартиби (2).13.Тафаккур.
13. Рухий тарбия: 14.Муробата. 15.Нафс поклиги. 16.Хусни хулк (1).
14. Рухий тарбия: 17.Хусни хулк (2). 18-Тил офатлари.
15. Рухий тарбия: 19.Ёлгон. 20.Гийбат. 21.Чакимчилик.
16. Рухий тарбия: 22.Маддохлик. 23.Куфр.
17. Рухий тарбия: 24.Ширк.25.Фосиклик. 2.Бидъат.
18. Рухий тарбия: 27.Риё. 28.Хасад.
Аудио китептери:
1. Куръони Карим маънолари таржимаси (6 та диск).
2. «Тафсири Хилол»: 23 – 30 жузлар.
3. «Хадис ва хаёт»: 2 – 21, 23 – 27, 30, 34 – 36 жузлар.
4. Рухий тарбия: 1 – 88 мавзулар (3 та диск).
5. Хикматли дунё (8 та диск).
6. Хадис сабоклари (2 та диск).
7. Сунний акийдалар.
8. Иймон.
9. Хаж китоби;.
10. Ихтилофлар, сабаблар, ечимлар.
11. Яхшилик ва силаи рахм китоби.
12. «Ал адабул муфрад». 1 – 3-жилдлар.
13. Мукаммал саодат йули.
14. Васатия.
15. Бахтиёр оила.
16. Куръон илмлари.
17. Зикр ахлидан суранг. 1 – 3 кисмлар.
Булардан тышкары, Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф эл журт арасында көптөгөн жыйындар, түрдүү иш-чараларда катышат эле. Аларда да илимий марифий маектер, исламий дааваттар алып барган. Рамазан айында мечиттерде атайын сабактар уюштуруп, аларда атайын тема негизинде илимий баяндар кылган.
Тышкы көрүнүштөрү:
Шейх Мухаммад Садык узун бойлуу, тик кооматтуу, келишимдуу, кубатуу, көркөм киши эле. Кызгылтым ак түстүү, чач-сакалы өзүнө жарашкан, тиштери түз, каштары калың, жүзү нурдуу, карашы олуттуу, сүрдүү, абдан сымбаттуу жана көрүнүктүү, баркамал инсан эле.
Чач-сакалдарын артыкча өстүрбөйт эле. Денеси саламат, күчтүү, бышыккан, кадамдары дадил жана жеңил, жүрүштөрү сымбаттуу, руху дайыма тетик, жүрөгү кубаттуу инсан эле. Кандай кийим кийсе, жарашат эле, балким кийим анын устунда көркөм болуп кетет эле. Үнү сүрдүү, оор, сүйлөшү чырайлуу, даана-даана, ой жүгүртүүсү терең эле. Пикирлерин угуучуга чырайлуу жана жөнөкөй кылып жеткирип берет эле. Баяндары түшүнүктүү, маанилүү, угуучуну өзүнө тарта турган, угуп тойбой турган болот эле. Абдан татаал пикирлерди жөнөкөй инсан түшүнө турган сөздөр менен баяндай алат эле.
Шейх өз саламатчылыгына жакшы көңүл бурат эле, дайыма дене-тарбия менен алектенет эле, жеп-ичүүнүн пайдалуу жана тартиптүү болушуна маани жасайт эле. Убакты-убагы менен дарылануу борболорунда дарыланып турат эле.
Ички сыпаттары:
Шейх Мухаммад Садыктын тышкы көрүнүшү кандай көркөм болсо, ички ааламы дагы да көркөм эле. Ал киши жүрөгү таза, көңүлү кең, чырайлуу кулктуу, адилетчил, акыйкатчыл, абдан боорукер, өтө калыс, дили саламат, рухан улук, таза ниеттүү инсан эле. Жакшылык кылгандарды ар дайым кадырлайт эле, жакшылыктарына жараша жакшылык көрсөтөт эле. Бирар инсанга жамандыкты ыраа көрбөйт эле. Үй-бүлөнү, балдарды, мекенин, элин сүйгөн укмуш инсан эле. Ал киши тазалыкты, тартипти, сулуулукту жактырат эле. Эч кимге карата кек сактабайт, эч ким менен душманчылык кылбас, өзүнө карата кылынган катачылыктарды да кечирип жиберет эле. Дайыма улук иштерди кылууга арекет кылат, майдачылдыкты жактырбас, ушакка бүтүндөй каршы эле. Өзүнүн кайырдуу иштерин, ар канча салмактуу болбосун, улук санабайт, бардыгын Аллахтан көрөт эле. өзгөлөрдүн кайырдуу иштерин абдан алкыштар, алардын ийгиликтеринен чексиз кубанар эле. Ар бир сөзү, ар бир иши илим негизинде болот эле. Куран жана Сүннөткө мүмкүнчүлүгүнүн барынча толук амал кылат эле. Мазхабка дайыма амал кылат, Исламга, илимге кыянатты эч качан жактабайт эле. Эмнени жазган, эмнени айткан болсо, оболу өзү ага амал кылат эле. Дүйнө матаасына бир да көңүл бурбайт эле. Ал кишинин дин жана эл ташпишинен башка кайгысы болбогон.
Шейх Мухаммад Садыктын илимге махабаты чексиз эле. Ал киши үчүн эң кадырлуу жана кымбаттуу нерсе убакыт эле. Студенттик доорунан баштап күн тартиби жана күндөлүк вазыйпаларын дайындап алган болуп, ал тартип “темир мыйзам” саналат эле. Бир да убактыны бекерге өткөрбөйт эле. Ошондой эле, ар дем алуусунда дилден зикир жана муракабада турат эле.
Шейх Мухаммад Садык улуулук менен кичи пейилдик, өткүр билимдүүлүк менен жөнөкөйлүк, даанышмандык менен кичи пейилдик, падышалардай саясатчылдык менен аталардай мээримдүүлүк, сымбат менен тунуктук, байлык менен захыттык, устаздык менен талабы илимдик жыйналган эле. Ал киши улук ишкер болуусу менен бирге жөнөкөй мусулман болууну да унуткан жок, жогору атак-даңкка ээ болуу менен бирге фитрат нукуралыгын да сактады. Ар кандай абалда да өзүн жоготпой турган мыкты киши эле.
Шейх Мухаммад Садык мээримдүү, боорукер инсан эле. Эч кимден мээрим жана жакшылыгын аябайт, ар кимдин арызын угат, датына кулак салат эле. Шейх менен баарлашкан ар кандай адам ал кишиге өзүн жакын элестетет эле. Жадагалса адамдар өз дарттарын ата-энесине караганда ал кишиге арыз кылууну каалашат эле.
Ажайибаттары:
Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфту Аллах Таала бир канча кереметтер менен сыйлаган эле. Оболу , ал кишинин жазган ар бир китеби калктын эң зарыл көйгөйүн чечүүчү илхам болот эле. Жазган китептери, айткан сөздөрү мусулман калкынын дилине макул түшөт эле. Ал кишиге берилген заман кеңдиги инсанды кайраттанта турган даражада эле. Жазган китептери жана жасаган иштерин күзөткөн инсан аларды убакыт калыбына батыра албайт эле. Уламалар айткандай, кереметтердин эң улуусу Ислам кызматы жолунда берилген керемет эсептелет. Анткени башка кереметтер убактылуу болуп, дин кызматы үчүн берилген керемет дайыма, түбөлүк болот.
Ошондой эле, көбүнчө кишилердин дилдеги ойлорун ал кишиге Аллах аян кылып коёт эле. Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф дубасы кабыл инсан эле. Ал кишиден дуба алып, тез натыйжа көргөндөрдүн сан-санагы жок.
Күбөлүк жана дипломдору:
1. Имам Бухарий атындагы Ташкент Ислам институту диплому.
2. «Исламий даават куллияси» жогорку окуу жайынын Араб тили жана исламий илимдер боюнча «лицензият» диплому, 1980-жылы.
3. Ливия Республикасы тарабынан берилген «Улуу Фатых» медалы. 1989-жылы.
4. Миср араб Республикаси тарабынан берилган биринчи даражали «Илим жана Фан» медалы. 28.01.1992.
5. Россия борбордук диний башкармасы – Россия муфтийлери шура жыйыны тарабынан берилген «Ал фахр» ордени. 01.12.2014.
Мүчө болгон уюм жана бирикмелери:
1. Маккаи Мукаррамадагы «Бүткүл дүйнө Ислам Бирдигинин ” мүчөсү.
2. Бүткүл дүйнө тасаввуф уюмунун мүчөсү.
3. Бүткүл дүйнө исламий калктары башкаруусунун баш катчылыгынын мүчөсү.
4. Бүткүл дүйнө даават уюмунун мүчөсү.
5. Бүткүл дүйнө Уламалары кеңеши уюмунун мүчөсү.
6. Исламабад шаарындагы Бүткүл дүйнө Ислам уюмунун мүчөсү.
7. Маккаи Мукаррамадагы Бүткүл дүйнө муфаккир уламалары жыйынынын аткаруу комитети мүчөсү.
8. Бүткүл дүйнө мечиттер уюмунун мүчөсү.
9. Иорданиядагы Али Байт уюмуна караштуу Исламий пикирлер академиясынын мүчөсү.
Үй-бүлөсү:
Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф 1974-жылы молдо Исмаил махдумдун кызы Фатимаканга үйлөнөт. Бир уул, эки кызы бар: Исмаилжан Мухаммад Юсуф, Адинакан Мухаммад Юсуф, Аминакан Мухаммад Юсуф. Бардык перзенттери илим марифат жолундалар.
Бул дүйнөдөн кайтышы: Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф 05.05.1436х.ж/10.03. 2015 м.ж күнү шам намазынан кийин Ташкентте жүрөгү кармап каза кылды. Эртеси күнү бешим намазынан кийин Көкчө аймагындагы Шейх Зайниддин мечитинде жаназалары окулду. Жаназага мамлекеттин түрдүү жерлеринен 200 000 дан артык киши жетип келди. Ал киши мечиттин жанындагы Шейх Зайниддин кабрыстанына койулду.
Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун бул дүйнөдөн кайтышы мусулман үммөтүнө, өзгөчө, түрк тилдүү мусулмандарга чоң кайгы болду. Ошол күндөрү ал заттын ааламдан өтүшү калк арасында жана социал тармактарда эң үлкөн окуяга айланды. Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун мусулмандардын дилинен канчалык улук орун алганы көрүндү. Ал затка атап марсиялар-кошоктор жазылды.
Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф кишилердин ыклас махабатына канчалык жетишкенине дагы бир далил, ал кишинин артынан бутун калк кайырдуу дубалар, өз иктыярлары менен миңдеген хатмы Курандар кылышты, кайырдуу садакалар, түрдүү маарекелер уюштурушту. Бир канча чет мамлекеттердеги мусулмандар да акысына тилаваты Куран жана кайыпта туруп жаназа окушту. Туштук Кореяда Кожедодагы жаңы ачылган мечитке Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф наамы берилди.
Куш кабарлар:
Расулуллах саллаллаху алайхи васаллам: «Пайгамбарлык түгөндү, эми мубашшироттар – куш кабарчы түштөр калды», деген. Аллах Тааланын жардамы менен Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф жөнүндө бир канча куш кабарлар да болду. Биз алардан мисал келтирүү менен чектелебиз.
Заманабыздын эң улуу ханафий аалымдарынан эсептелген Мухаммад Авваманын уулу жаш, чоң аалым Шейх Мухйиддин Аввама Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф каза кылган кече эрте менен уулу Исмаилжанга кат жазды. Ал ошол таңда түшүндө Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфту абдан чырайлуу абалда көргөнүн, Шейх Мухаммад Садык ага Аллахтын алдында «шахид» деп кабыл кылынганын айтканын сүйлөп берди. Бирок, ал Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун каза тапканын укпаган экен.
Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун жээни Абдуллатиф кызы Фарида Шейх каза тапкан күнү, жерге коюлуудан мурда көргөн түшүн төмөндөгүчө икая кылат:
«Багымдат намазына жакын көзүм уйкуга кетиптир. Түшүмдө Азиретти көрдүм. Каза тапкан жайында жаткан экен. Башы уулдары же жээнинин тизесинде. Көздөрү жумулуу эле. Мен ийилип: «Азирет, жаныңыз үзүлдүбү?» дедим. Ал киши көздөрүн ачып жумуп «ооба» деп ишара кылды. Мен: «Кыйналбадыңызбы? » дедим. Ал киши: «Жок. Периштелер жанымды эркелеп алышты. Аллах Тааланын жамалын узактан көрдүм», деди. Мен айран болуп: «Анда кандай кылып мени менен сүйлөшүп жатасыз?», десем, жылмайып койду. Кийин ойгонуп кеттим».
Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун каза табышынан бир нече күн мурун өтө көпчүлүк түшүндө азуу тиши түшкөнүн көргөн. Маалым болгондой, кишинин түшүндө тиши түшсө, жакын кишиси каза табышынан кабар болот. Бул болсо Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф көпчүлүктүн дилинде куду алардын атасындай орун алганына ишарат кылат. Ошондой эле, өтө көпчүлүк түшүндө ал кишини пайгамбарлар, олуялар менен көргөнүн айтышып жатат.
Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф азиреттери жөнүндө аалымдардын пикирлери:
Ургуттук аалым, факих, мутасаввиф, кереметтери зохир Арабхан эшан өзүнүн каза табышынан бир жылча мурун шакирттерине: «Бизден кийин Шейх Мухаммад Садыкты бекем кармайсыздар», деп осуят кылган эле.
Дагыстандык аалым Мухаммад Хабибуллах: «Мен Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфка муфтийлик доорунда кеңешчи болгонмун. Ал көптөгөн илимдерде мыкты эле. Эски жана жаңы китептерди жакшы билет эле. Дагыстан, Кавказ жана Орто Азия уламалары бир добуштан анын улуу аалым экендигин тан алган. Ал киши Исламга абдан чоң кызматтарды кылган. Ал киши жөнүндө эмне жакшы кеп болсо, айтыңыз, эмне мактоо болсо, сүйлөңүз, баары бир кем».
Кыргызстандык аалым Шейх Алауддин Мансур мындай дейт: «Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфту илимдүүлөр гана жакшы тааныйт. Ал киши илим талап кылуучулар жана бардык калк үчүн чоң аракет менен ушунча чоң илимий мурас калтырган болсо да, өзүндөгү илимдин үчтөн бирин да тартуулай алган жок эле . Шейхтин канчалык үлкөн дарак экендиги жыгылганда аян болду».
Төмөндө келе турган көңүл айтууларда да Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф жөнүндө бир канча уламалардын пикирлерин окуш мүмкүн.
Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфка карата билдирилген сындар:
Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф да көптөгөн аалымдар катары каршы тараптардан бир канча сын пикирлерге жолукту. Бирок ушул сындар илимий негизге ээ эмес. Негизинен, кичине бир бөлүк кемчиликтер же түшүнбөстүктөрдөн турат. Пайгамбарлардан башкасы кемчиликсиз болбостугу, Курандан башка ар кандай китепте кемчилик болушу табигый бирок ал кишинин китептеринде илимий жаңылышуу, идеялык адашуу күзөтүлбөгөн. Шейх Мухаммад Садык жөнүндө Хулайбий Имам Абу Ханифа жөнүндө айткан кепти айтуу мүмкүн: «Ага бир гана же сараң, же илимсиз тил тийгизет».
Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун ааламдан өткөндүгүнө байланыштуу билдирилген көңүл айтуулар:
1. Мусулман уламалар эл аралык уюмунун көңүл айтуусу:
«Мусулман уламалар эл аралык уюму Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф азиреттери ааламдан өткөндүгүнө байланыштуу бүтүн ислам үммөтүнө терең кайгыруу билдирип, көңүл айтат.
Шейх азиреттери Өзбекистан Республикасинын алгачкы муфтийи жана Мусулман уламалар эл аралык бирикмесинин васийлик кеңешинин үчүнчү жыйынын алдынкы мүчөсү болгон. Айтылышынча, Шейх Мухаммад Садык Кураны Карим маанилерин өзбек тилине которгон. Мындан тышкары ал кишиге таандык исламий илимдер багытында бир нече жүздөгөн китептер жана котормолор басмадан чыккан. Бул урматтуу заттын дүйнө бойлоп түрдүү исламий жыйындарда катышкандыгы көңүл бурууга татыктуу.
Мусулман уламалар эл аралык уюму Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф азиреттеринин үй-бүлөсүнө, шакирттерине, издештерине , муридтерине жана бардык ал кишиге ыклас койгондорго жана Өзбекистан калкы, жетекчилерине жана өкмөтүнө терең кайгыруу жана көңүл айтат. Аллахтан бул заттын Өз ырайымына жана кечиримдүүлүгүнө алуусун жана дини менен улутуна тартуулаган үлкөн иштерин Өзү кабыл кылышын сурап, ал кишиге ыклас койгон бардык кишилерге сабыр-канаат сурап калат».
Доктор Юсуф Карзавий
Доктор Алий Карадагий.
2. Өзбекистан мусулмандары диний башкармасынын жетекчиси, муфтий азиреттери Усманхан Алимовдун көңүл айтуусу:
«Ушул күндөрдө мекенибиз мусулмандары үлкөн кайгыга, оор айрылууга учурады. Көп-жылдардан бери бир мекенибизге гана эмес, балким бүтүн мусулман ааламына жемиштүү кызматтары менен таанылган урматтуу устазыбыз Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф азиреттери жалган дүйнөдөн түбөлүк дүйнөгө кайтыш кылды.
Биз устазыбыздын ар бир кылган иштеринен Расулуллах саллаллаху алайхи васалламдын сийраттарын, сүннөттөрүн үйрөнөт элек. Ал кишиден илим жана адепти бирдей алат элек. Устаз диний илимдерди өнүктүрүү жолунда жемиштүү кызмат кылды.
Өзбекистан мусулмандары диний башкармасы жетекчилиги, уламалар, имамдар жана мударистердин атынан Шейх азиреттеринин үй-бүлөсүнө, жакындарына терең көңүл айтабыз. Аллах Таала Устаздын кылып өткөн жакшы амалдарын өзүнө жолдош кылсын. Калтырган бай илимий мурастарынан калкыбыз көп жылдар бою пайдалануусун насип кылсын! Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф азиреттеринин акыреттери абад болсун!»
3. Омск шаары жана Омск облусу мусулмандары борборлоштурулган диний башкармасынын көңүл айтуусу:
«Ассаламу алайкум ва рахматуллахи ва баракатух!
Ааламдар Роббусу Аллахка мактоо болсун! Аллахтын элчиси Мухаммад саллаллаху алайхи васалламга, ал заттын үй-бүлөсүнө бардык сахаабаларына дуруду салаваттар болсун!
Бул, Омск шаары жана Омск облусу мусулмандары үммөтү урматтуу Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун каза тапкандарына байланыштуу чын жүрөктөн кайгырып жатабыз.
Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф бир Өзбекистанда гана эмес, балким бүгүнкү Ислам ааламында чоң урматка ээ жана заманабыз мусулмандары үчүн үлгү эле.
Мен урматтуу Шейх азиреттерин көптөн бери тааныймын. Акыркы учурашуубуз 12-декабрь 2014-жылда Москва шаарында өткөзүлгөн XX – Бүткүл дүйнөлүк Ислам Форумунда болгон эле. Ошондо биз ал киши менен азыркы күндө Ислам коомчулугундагы бар көйгөйлөрдү талкуулаган элек. Ислам дининин урматтуу уламасы сыпатында бир диний ишмерлер гана эмес, бардык адамдарга да өздөрүн акыл насааттарын берип келген. Ал кишинин ааламдан өтүшү баарыбыз үчүн чоң кайгы жана айрылуу эсептелет.
Биз, Омск шаары жана облусу мусулмандар үмөттү, ыйык Кураны Карим аяттарын окуп, Ааламдардын Роббусунан бейиштен Шейхибизге татыктуу жай беришин сурап жатабыз.
Азиз ага-инилер, эже-сиңдилерибиз! Көңүл айтуубузду кабыл кылыңыздар! Инна лиллахи ва инна илайхи рожиъун.
Омск шаары жана облусу мусулмандары диний башкармасынын муфтийи Бота ажы Бакулин.
4. Түндүк Кавказ муфтийлер жыйыны жетекчиси Исмаил Бердиев:
«Чеченистандын биринчи президенти Ахмад Ажыга, Чеченистан муфтийлерине кол узаткан, жүрөгүн берген, сөздөрү менен далда болгон биринчи адам Шейх Мухаммад Садык азиреттери эле. Чеченистанда өткөрүлө турган бир да жыйын, согуш убагында да, Шейх азиреттерисиз өтпөгөн. Ал кишинин катышуусу дайыма бизге далда болгон. Мен Мухаммад Садык азиреттерин бурадарыбыз Ахмад Ажынын Имам Бухарий атындагы Ташкент Ислам Институтун аяктап, кайткан кездеринен бери билемин. Жана ошол кезде достошкон элек. Ал кишинин үйүндө көп жолу конок болгонмун. Ал киши да тез-тез конокко келип турат эле. Көптөгөн Эл аралык Ислам конференцияларында, симпозиумдарда ал киши менен бирге катышуу бакыты мага насип эткен. Кувейт, Катар, Саудия Арабстаны, Туркия, Египет, кайсыл жерде болбойлук, бул инсан өзүнүн айкөлдүгү, такыбасы жана өз журтунун чыныгы перзентти экендиги менен айырмаланып турат эле. Шейх Мухаммад Садык азиреттери көптөгөн Бүткүл дүйнөлүк Ислам уюмдарынын кадырлуу мүчөлөрүнөн эле. Бардык жерде ал кишини таанышкан, урмат кылышкан жана кадырлашкан. Ошондуктан да бүгүн адамдар сүйүктүү Мухаммад Садык ажынын эрте дүйнөдө кайткандыгы жөнүндө кайгырып жатышат. Чеченистан жана Түндүк Кавказдын мечиттеринде бурадарыбыз Мухаммад Садык ажынын рухуна арнап дубалар жана хатмы Курандар кылынып жатат. Ар бир үй-бүлө эрте каза тапкан бурадарыбыз жөнүндө кайгыга баткан. Аллахка дуба кылабыз, бейиштерди насип кылсын жана ошол жогорку бейиштерде ал киши менен бирге болууга бизди да насип кылсын. Уулу Исмаил ажы жана калган үй-бүлө мүчөлөрүнө чырайлуу сабыр сурайбыз. «Албетте, Аллах сабыр кылуучулар менен бирге». Вассаламу алайкум ва рахматуллахи ва баракатух».
5. ыйык Акса мечитинин имам хатиби, Куддусу шарифдеги Ислам жогорку хайъатынын биринчи наиби, вакф жана дин иштеринин алдыңкы вазири Шейх доктор Жума Саламанинин көңүл айтуусу:
«Кадырлуу дос, алдынкы муфтий, Өзбекистан уламаларынын улуусу аллама Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф 1436- хижрий жылдын Жумадул аввал айы 19-күнү, миладий эсеп боюнча 2015-жылы 10-март шейшемби күнү 63 жашында ааламдан өттү. Бул инсан замандаш үммөт уламаларынын чоңдорунан саналат эле.
Калктын ислам жолунда кеңейиши коргоосунда анын чоң ролу бар эле. Алдынкы Совет мамлекеттери ичинде дин, таалим жана маданий укуктарды кайтып берүүнү талап кылууда мусулмандарга башчылык кылды. Аллах рахмат кылсын! Ал киши чыныгы исламий таалиматты жайышка, ошондой эле, диний сабатсыздыкты түгөтүүгө жана боорукердик жана бурадарлык рухун таратууга ашыккан киши эле.
Маркумдун өзбек тилиндеги бир канча китептери болуп, көп иштерин орус тилине которуусу да амалга ашкан эле. Өзбек тилинде Кураны Каримге 6 томдон турган тафсир жазып, аны «Тафсири Хилал» деп атады. «Ал-Жомеъу лил-усул фий шархи ахадисир-Расул» китебине 39 томдон турган шарх жазды. Аллах Тааладан бул сүйүктүү кишини Өзүнүн кең ырайымы жана кечиримдүүлүгү менен ороп алуусун сурайбыз. Ислам үммөтүнө тартуулаган илим нурунун ордуна ыраазылык жана сыйлык беришин тилейбиз. Ал жана ал сыяктуу амал кылуучу уламалар ордуна жакшы орун басар беришин Аллах субханаху ва Тааладан жалбарып сурайбыз.
«Албетте, биз Аллахтыкыбыз жана албетте, биз Ага кайтабыз».
6. Шейх Абу Бакр Ахмадтын көңүл айтуусу:
«Баарыбыз Аллахтыкыбыз! Баарыбыз Аллахка кайтабыз!
Өзбекистандын алгачкы муфтийи чоң улама жана аллама Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф ааламдан өттү. Ал замандаш уламалардын улуусу эле. Адамдар арасында Исламды өнүктүрүүдө жана коргоодо чоң орду бар эле.
Ал Кураны Каримге өзбек тилинде 6 томдук тафсир жазган. Аллах бул иши үчүн аны сыйласын. Аллах ырайымына алсын. Аллах аны кечиримдүүлүгү жана ыраазычылыгы менен оросун. Аллах азза ва жалла Маъва бейишине киргизсин. Фирдавс жаннатынын жогорку макамынан жай берсин. Өзүнө жакындаштырсын жана макамын жогору кылсын!»
7. Шейх Хабиб Алий Жифрийдин көңүл айтуусу:
« Баарыбыз Аллахтыкыбыз! Баарыбыз Аллахка кайтабыз! »
« Өзбекистан уламаларынын улуусу, Шейхибиз аллама Мухаммад Садык Аллахтын ырайымына көчтү. Ал зат замандаш үммөт уламаларынын чоңдорунан болуп, өз калкынын Исламга таандык экендигин коргоодо абдан маанилүү вазийпаны аткарды.
Кураны Каримдин өзбек тилинде алты томдук тафсирин жазган. Бул китепте өтө үлкөн пайдалар болуп, жадагалса кээ бир кыздар нике махрлары үчүн ушул тафсирди сурашат.
Аллах ал затты ырайымына алсын! Жаннаттын жогорку Фирдавсинен жай берсин. Үй-бүлөсү, шакирттери, мекендештери жана үммөт ичинен ал затка салих орун басар чыгарсын! »
8. Саудия Арабстаны падышалыгынын Ташкенттеги элчи канасынын көңүл айтуусу:
Бисмиллахир рохманир рохим.
Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф азиреттеринин перзенти бурадарыбыз Исмаилжан!
Ассаламу алайкум ва рахматуллахи ва барокатух!
Шейх Мухаммад Садык рахимахуллахтын каза тапканы жөнүндөгү кабарды абдан кайгы менен кабыл алдык. Ал киши бир Өзбекистан гана эмес, балким бүтүн Ислам ааламынын эң залкар уламаларынан бири эле. Жоготконубуз бул улуу зат эсибизде Ислам илимдерине, Ислам жана мусулмандар кызматы жолунда өтө үлкөн салым кошкон улуу аалым болуп калат.
Силерге бул кайгыда өзүбүздүн терең көңүл айтуубузду, чын дилден кайгыңыздарга шериктеш экенибизди билдиребиз, Аллах Тааладан ал кишини магфират кылуусун, ырайымы менен орошун жана силерге сабыр-канаат берүүсүн сурап калабыз!
«Албетте, бардыгыбыз Аллахтыкыбыз жана албетте, Ага кайтабыз».
Саудия Арабстанынын Ташкенттеги элчиси Доктор Абдуррахман ибн Абдуллах ибн Шайиъ.
9. Германиянын Өзбекистандагы элчиси Хёфер-Виссинг Найтхарт:
«Мындай аалым инсан менен таанышып, ал киши менен маектешүү бакытына насип болгонумдан абдан бактылуумун. Шейх азиреттери менде абдан жакшы элес калтырган эле. Шейхтин ааламдан өтүшү бир сиз – үй-бүлөө мүчөлөрүнө гана эмес, бир өзбек калкына да эмес, балким Германияда жашоочу бардык мусулмандар үчүн да чоң кайгы эсептелет. Айтылынат-го: «Аалымдын өлүмү – ааламдын өлүмү». Ал зат бир аалым гана эмес, балким улуу инсан эле. Ал киши учурашуубуздан кийин мага бир канча китептерин берип жиберген эле. Бу китептер эми мен үчүн бүтүн өмүргө эстелик болуп калды».
10. Чикаго Өзбек- Америка коомун көңүл айтуусу:
«Биз, Чикаго өзбектери, заманабыздын жана калкыбыздын улуу аалымы Шейхибиз Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун ааламдан өтүшүнө катуу кайгыга түштүк. Азиретибиз жашоосунун уландысында калкыбыз тынчтыгы, маърифат-билими жана тарбиясы үчүн аябай күрөштү. Аллах, Азиреттин өмүрүнө берекет бергени себептүү, ал киши жазган китептер, аудио, видео жана интернетте калтырган илимдерин азырга чейин жөнөкөй инсан аз бөлүгүн болсо-да окуп чыга алган жок. Азиреттин дарты үммөт эле, ал кишинин интернетте калтырган илимдери, биз узактагы мусапырларга абдан чоң билим-марифат берди. Ал кишинин мындай жан күйдүрүп кызмат кылууларынын калыстыгында, Аллах ал кишини баарысы үчүн сүйүктүү кылып койду.
Биз Чикагодогу өзбектер атынан, Шейхтин үй-бүлөөсүнө, жакындарына жана шакирттерине таъзия билдиребиз жана аларга сабыр тилейбиз. Аллах ал кишини жаннаттын эң жогорку даражаларына көтөрүшүн дуба кылып сурап калабыз. Шакирттерине тилегибиз: ал киши баштаган жолдорун улантып, калкыбыз үчүн жанын аябастык менен улантуусунда жараткандан күч-кубат сурап калабыз».
11. Иран Ислам Республикасынын Өзбекистандагы элчиси Алий Мардон Фард:
«Улуу аллама бир Орто Азия жергеси үчүн гана эмес, балким бүткүл дүйнө мусулмандары үчүн кадырлуу, урматтуу эле. Бүтүн Ислам ааламынын улуу мутафаккир аалымы ааламдан өткөнүнө байланыштуу ал заттын үй-бүлөсүнө, жакындарына, шакирттерине жана бүтүн Ислам ахлына чын дилден терең көңүл айтуумду билдиремин. Шейх азиреттеринин бүтүн жашоолору бардык момун-мусулмандар үчүн Ислам динине кызмат кылуу менен болду. Ал кишинин Жашоо жолдору бардык мусулмандарга ар тараптан үлгү болгондугунан, ал заттын жайы анык бейиш деп ойлойм. Айрыкча, азыркы ихтилафтуу заманда, кээ бир тайпалар Ислам динин өздөрүнө жамынып алып, чыныгы таза таалиматты, нукура ишенимди булгоого умтулуп жаткан бир заманда бул заттын кишилерди ар тарпптан туура жолго баштаганы, жазган китептери, берген баяндамалары менен калктын, Мусулмандардын хидаятына себепчи болгондуктары себептүү да Шейхибизди ааламдан өтүшү кайгыбызды абдан ашырды. Бирок Аллах Тааланин ирадасы-эрки, тагдыры экен, мунун алдында пендеси ажиздик кылат. Ал кишинин перзенттерине , жакындарына, шакирттерине ушул башталган кайырдуу, улуу иштерде Аллах жардам беришин тилеп калабыз. Шейхибиздин ааламдан өтүшү баарыбыз үчүн абдан чоң айрылык, бул айрылык бир өзбек калкын гана эмес, же ушул жергени да эмес, балким биздин журтубузда да кайгыга салды. Айрыкча, журтубуз уламалары жана илим ахлы бул кабардан абдан ташпишке түшүп, кайгырышты. Биздин журтубузда да ал кишини эстеп маарекелер өткөрүлдү. Ислам дини жолунда кылган иштери зикир кылынды.
Бул жерде Шейх азиреттеринин салых перзенттери, шакирттери алып барып жаткан иштерин күзөтүп жатабыз. Шейхибиздин баштаган улуу иштерин салых перзенттери, шакирттери улантышат деп ойлойм. Шейх азиреттеринин ааламдан өткөндүгү жөнүндөгү кабарды Иранда уктум, бирок, көңүл айтуумду өз убагында билдире албадым. Бул көңүл айтууну силерге жеткиргенимден кубанычтамын жана бир жолу бардыгыңызга көңүл айтамын».
12. Мусулман уламалары эл аралык уюшмаси Котибият мүчөсүнинг көңүл айтуусу:
«Бисмиллахир Рохманир Рохим
Ассалому алайкум ва рахматуллахи ва баракатух! Урматтуу Устаз Адинахан Мухаммад Садык.
Атаңыз, аллама, Шейх Мухммад Садык рахматуллохи алайхтын ааламдан өткөнүн угуп, абдан катуу кайгы жана аламда калдым. Бул кайгылуу күн себебинен Сизге, бардык үй-бүлө мүчөлөрүңүзгө, Шейхтин шакирттерине жана бүтүн өзбек калкына терең көңүл айтам.
Улуу аалым Шейх Мухаммад Садыкты Аллах ырайымына алсын жана жайын жаннатта кылсын! «Албетте, биз Аллахтыкыбыз жана, албетте, Ага кайтабыз».
Курбуңуз Назиха Маъариж.
Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфка арнап жазылган кошоктордон үзүндүлөр:
КАСЫЙДА ЖАЗЫШКА ЖОК ЭЛЕ НИЕТ
Касыйда жазышка жок эле ниет...
Бирок да ненидир жазбаш чоң санат.
Көздөрүм кареги көз жашка толуп,
Улуу айрылуудан жүрөгүм жанат!
Сиз кетип эстедим Расул өткөнүн,
Да келдим тун жолу ушул пикирге.
Кыйын болгон экен, аябай кыйын,
Ошол кез азиретим Абу Бакирге!
Пайгамбар жатыптыр, азыр көмүлөр,
Асхабдар айранда, бул кандай сынак.
Да демек бул кезде “Расулум кетти”,
Аллах түбөлүк калды, Ага итаат!
Жок, сизди ал сыңар көккө көтөрбөйм,
Бул жаатта кыйын-го калыска барыш.
Бирок тан алууга мажбур баарысы,
Сиз аалым элеңиз, Расулга ворис!1
Ана ошол аалымдык даражаңызда,
Сизди сүймөктүккө махкуммун2 бүгүн.
Башымды ийишке ижазат3 этиң,
Көтөргөнүңүз үчүн Исламдын жүгүн!
Ооба, бул да Аллахтын экен тагдыры,
Манзилге4 сездирбей жетип алдыңыз.
Алгоо-далгоо, фитна топон суулардан,
Нухтун кемесинде кетип калдыңыз.
Бул жакта калышты миңдеген шакирттер,
Миллион ыкласман көздөрү жык жаш.
Айдын назарында күйүт көрөмүн,
Ачуу жапа чегүүдөн кызарды куяш5!
Ооба, азирет, бул үммөт баары бир улук,
Акыры кандай заттар келтирээр.
Бир адамга ушунча оордук кылар жүк,
Же Аллах, Өзү илхам бердирээр.
Мен билбейм эмнени сүйлөштү сизге,
Бир көмөк боло албайм деңиз астында.
Биз-го сүйбөстүккө чарабыз жоктур,
Бирок Аллах сүйсүн улук аршында!
Мен нени айтмакмын, устаз, бул кечте,
Периштелер канаттарын жазып турушса.
Балыктардан тартып, гүлдөргө чейин,
Аалымдар акына дуба кылышса.
Устаз, мен тагдырга аткым жок ташты,
Не үчүн, эмне үчүн дебесмин эми.
Ага турган болсо көзүмдөн жаштар,
Ал да мухаббат барынан белги!
Мен бул көркөм журтту катуу сүйөмүн,
Ооба сүйүүм себеби эсепсиз абдан.
Аалымдар туулат, кылымдан-кылым,
Дарттар улашар, артынан жардам.
Негедир ишенгим келет бүгүндө,
Сиз ал жак тарапка сапар кылган чак.
Журтумдун кайсы бир тынч чөлкөмүндө,
Туулган болсо не аалым чакалак.6
Акыры айтышат-го Имам Аъзам
Кеткен санасында7 керемет болуп
Дүйнөгө келгендир Имам Шафий,
Илахий илимге булактай болуп!
Дингедир төгүлгөн бардык асиретим,
Көңүлүм да ненидир күтөр, жымдыр.
Мындай бир ниетим: “Кетти Азиретим”,
Ордуңузду жапсын дейм да кимдир.
Ооба Аллах улуу Зат, улуу чебер Зат.
Дубаларым калыс, касам Өзүнө.
Авамдын8 абалын оңдомок үчүн,
Аалымдар керек-го дүйнө жүзүнө.
Көп улуу заттарга толгон бул топурак,
Үстүндө эми жок дагы бир аалым,
Кыштын аязында үзүлгөн жалбырак.
Көбүрөөк түшүнөт эзилген халым9
Азиретим мен сизди көп мактабайм,
Аллах улуктасын деймин ал жакта.
Бирок инсандыгым тутуп калганда
Жым ыйлап коёмун ачуу кээ чакта
Дүйнөнүн бир күнү өтүүдө баары,
Чалынар күмөнсүз Сурдун авазы.
Дидар анык махшарга калды,
Бизден ыраазы болуңуз, биз сизден ыраазы.
1ворис- мураскор, 2махкуммун-өкүм кылынганмын, 3ижазат-уруксат 4Манзилге-дарекке 5куяш-күн 6чакалак-бөбөк 7санасында-күнүндө жылында сыяктуу мааниде 8Авамдын-жалпы элдин 9халым-абалым.
Хайрулла Хамидов
Которгон: Алишер Юсупов.
Которгон: Мухаммадазиз Мамитов
Текшерген: Алишер Юсупов.

Супер-Инфо
super.kg
видео










