Асел Кадырбекова ушул сулууну абдан суйом да:-)
#141 26 Май 2015 - 06:35
Нурланга турмушка чыкканы атыптыр деп угуп калган жайым бар, бактылуу болсун. Нурланды бактылуу кыла албаса бизден ( Нурландын фанаттарынан) калтяк жейт.

Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь.
..
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.

#142 26 Май 2015 - 08:26
Жакшы кыз корунот. Озу назик да анан боёнгону эч эле жакпады. Коздору которо албай калат го боёкту
#143 27 Май 2015 - 14:49
Эки адам корсотуусуно келиптир го. Кийими жакшынакай бирок жанагы кээбироолор чон келген кийим кийип алгансып, бул озуно чак келбеген макияж жасап алган да. Чын эле козу которо албай калат красканы...
#144 09 Июнь 2015 - 12:13
АСЕЛЬ КАДЫРБЕКОВА,
ЫРЧЫ: «МАКИЯЖЫ ЖОК ЖҮРҮҮ – КИЙИМИ ЖОК ЖҮРГӨНДӨЙ»
«Жанаша басайын, жаныңдан чыкпайын» деген ыр саптарын угуп калдыңыз беле? Аталган ырды ырчы Асель Кадырбекова аткарып жүрөт. Асель Кадырбекова – ырларды, клиптерди байма-бай чыгарып, шоу чөйрөсүндө аз болсо да аты таанылып калгандардан.
«Апам пианино ийримине жибербей койгон»
– Негизи адам эмнени кыялданса, ошол нерсе ишке ашарына ишенем. Мен эс тарткандан эле ырчы, актриса, модель болсом деп кыялдана баштагам. Апам да менин кичинемден эле ырга шыктуу болгонумду айтып калат. Эсимде, кичинемде кыркка жакын жумшак оюнчугум бар болчу. Алардын баарын конок үйдөгү узун диванга тизип алып, аларга концерт коё берчүмүн. Аны менен катар эле апама «Мен пианино үйрөнгүм келип атат, пианино ийримине алып барыңызчы» десем, такыр макулдугун бербей койгон эле. Азыр кээде «Кызым ай, ошондо сен пианино ийримине барам дегенде алып барып койсом эмне? Эмгиче пианинодо мыкты ойноп калмак экенсиң. Бирок, анда сенин мындай ырчы болоруңду кайдан билиптирмин» деп айтып калат. Мындан 5-6 жыл мурун Оштон Бишкекке апам жибербейм дегенине болбой, ырчы болом деп келе бергем. Курбум экөөбүздүн жаныбызда 1000 сомубуз бар эле. Батирибиз жок, же жумуш таппай, абдан кыйналганбыз. Эптеп телеканалдардын бирине теле алып баруучулукка жумушка орношком. Айлыгым аз, ошого да сүйүнүп, 6-кичи райондон «Чыгыш-5»ке чейин жөө келчүмүн. Экранга чыккандан кийин кийим-кечең да жакшынакай болуш керек эмеспи. Бир эле кийимди түрлөп өзгөртүп кие берчүмүн. Бир жолу курбумдун халат сыяктуу гүлдүү көйнөгүн кийип албаймынбы. Эфирге чыгып, жакшы эле сүйлөп жаткам. Бир маалда өзүмдү экрандан карасам, ушунчалык начар көрүндү. «Эмне мынтип чыгып алдым?» деп кечке өзүмө жиним келип, же эфир бүтпөй ыңгайсыз болгом. Бирок ошол күнү комплименттерди көп уккам (күлүп). «Аракет кылсаң берекет» дегендей, талыкпай аракеттенип жүрүп, акыры көздөгөн максатыма кичинеден жетип келе жатам.
«Демөөрчүм да, продюсерим да – апам»
- Менин ырларымды, клиптеримди жаздырганга башынан эле апам демөөрчүлүк кылып келет. Кандай клипти тарттырып, ырды жаздырып, фотосессия кылдырбайын, баарына апам жардам берет. Башкача айтканда, менин продюсерим да, менеджерим да – апам.
«Уялчаактыгым өзүмө жакпайт»
- Ар бир ырчынын өзүнүн образы бар. Кичине кезимден эле «Аселдин жүрүшү жасалма, уялчаак» деп айта беришет. Менимче, ар бир эле айымга назиктик жарашат деп ойлойм. Мен атайын назик болбойм, болгон жүрүшүм ушундай. Ѳзүм деле жасалма адамдарды көп жактыра бербейм. Мага назиктик апамдан өтсө керек, апам – абдан назик айым. Ал эми мага жакпаган жаман сапатым – уялчаактыгым. Канчалык бирөө менен жакындан таанышып жакшы сүйлөшкүм келсе да, «балким, жакпай калам» деп тартына берем. Айрымдарга окшоп тез эле адамдын ичи-коюнуна кирип кете албайм.
«Макияжы жок жүрүү – кийими жок жүргөндөй»
- Мен үчүн макияжы жок жүрүү кийими жок жүргөндөй туюлат. Бул нерсеге макияж менен жүргөнгө абдан көнүп алганым себеп болсо керек. Мен бир жакка баруу үчүн күзгүнүн алдында туура бир саат убакыт коротом. Негизи 16 жашымдан баштап эфирге чыгып, өзүмдү-өзүм боёнтуп жүрүп колум көнүп калган, бат эле боёно калам. Эгерде күнүмдүк жашоодо күзгү алдында бир саат турсам, концерт алдында андан да көп убакыт талап кылынат. Убакыттын баары чачымды жасаганга кетет. Ал эми салондорго съёмкалар болгондо эле баш багам.
«Күйөрманым чатырдан боюмду таштайм деп»
– Мага сүйүү каттарын жазып, тынбай чалып, тынчымды алган күйөрмандарым өтө көп. Алардан келген белектер да бар. Кечээ жакында эле бир мырза мамалак белек кылды. Ал белеги негедир мага башкача таасир калтырды. Кээ бирлери досторума, жакындарыма «Аселди сүйөм» деп айтышат. Бирок, мага ал сөздү негедир даап айта алышпайт. Эсимде, бир жолу бир мырза улам интернеттен жазат. Кайдан-жайдан билбейм, номеримди да таап алыптыр. Бир жолу чалып, бир даректи айтып, «Азыр ошол жакка келип калыңыз, болбосо 9-кабаттан боюмду таштайм» деп коркутуп жатпайбы. Тамаша катары кабыл алып, күлүп койгом. 4-5 сааттан кийин бир эже чалып эле «Сенин айыӊан балам өлүп калсынбы?! » деп ажылдап салса, коркуп кетип жетип бардым. Барсам менден жаш жигит, 9 эмес эле 1-кабатта отурат. «Сизди мынтип чакырбасам келбейт болчуңуз» деп коет. Ушунчалык жиним келди, бирок эч нерсе деген жокмун.
«Мага бакыт тартуулап турган мырза болсо дейм»
- Мен үчүн адам байбы, кедейби, сулуубу – көп маани деле ойнобойт. Мага мырзалардын сулуулугунун кереги жок. Себеби, анын чырайын чайга чылап ичпейм да. Эң башкысы, мени сүйүп, сыйлап, ар дайым жанымда болуп, мага бакыт тартуулап турса, мен ага эки эсе жакшылык кылганга даярмын. Бирок жигиттердин санын көбөйткүм келбейт. Жалгыздык – мен үчүн эң жаман нерсе. Маселен, учурда жигитим жок.

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 09 Июнь 2015 - 12:14
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#146 27 Июнь 2015 - 14:46
Такыр эле голосу жок экен.ырчылыкты коюп башка кесип менен алектенсе болчудай.
Эми эмне кылса да озунун иши.
Эми эмне кылса да озунун иши.
УМУТТУН ШООЛАСЫ ОЧПОЙТ.
#147 27 Июнь 2015 - 16:42
Асел суйлосо такылдап тез эле суйлочу алгач эфирге чыгып жургондо ащырле эми чоюлаааааааат го.
#148 27 Июнь 2015 - 22:08
Алгач журналистка болуп иштЕген деп угуп калдым эле,билбейсинерби кайсы жерде иштеген экен эле
#151 06 Июль 2015 - 16:59

Билдирүүнү түзөткөн: eldar96: 06 Июль 2015 - 16:59
*************************************
#156 09 Июль 2015 - 01:17
Муну суйлотпой Эле модель содель кылса жарашат Эле а то суйлосо бир чоюлат аллергия ны козгоп
#158 09 Июль 2015 - 01:44
Жакшы эле
калын элди жамандаба
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
#159 09 Июль 2015 - 15:46
Назик деле деп ойлобойм. Анткени суйлогону тыкылдап суйлойт. Бышык экени билинип турат. Эгер назик болсо сахнага копко кармалмак эмес. Бирок чынында аябай сулуу. Аракетчил
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
#160 12 Июль 2015 - 14:50
Универде коп корот элем,тээ илгери жакшынакай,
сулуу кыз болчу.