Калптын казанын кайнаткан чыгармачыл форумчулар үчүн атайын супер тема.
Мисалы: Бүгүн мен айгыр минип кар жамынган ала тоону көздөй желип жортуп баратсам алдыман кок жал карышкыр чыгып тап бергенде, айгырым куйругун көтөрүп, бир кошкурунуп алдыда көрмөксөнгө салып өтүп кеттик. Ак мөңгүлүү ала тоого жетээрде булут каптап келсе болобу, араң турган айгырым булут үстүнөн сызып өтүп тоо чокусуна коном деп жаңырган айдын учуна конуп алыптыр. Типа ушундай ойундун шарты, бул нерсе менен мээни соз өстүрүү байлыгы кеңейет. Кеттик анда достор баштай бергиле)))
- (2 )
-
- 1
- 2
Калдайган калың КАЛП ойдон чыгарып иши кылып түрлөнтүп калп айта бергиле
#2 09 July 2015 - 05:36
Болгон окуя, Ош базарынан Апенди эшек менен келе жатса, алдынан карышкыр чыккан экен, эшеги көрмөксөнгө салам деп жатып булуттан кулап кеткен экен Апенди катуу жыгылган окшойт курсагы сынып калыптыр, башы эч нерсеге тийбеген экен, бирок аз маз ойдо ылдый сүйлөгөнү болбосо.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#3 09 July 2015 - 11:15
2013 жылы болуп өткөн сынактагы " калпым"..))
Алтын балык жана "тыр".
Алтын балык көл жээкте,
"Загар" алып жатыптыр,
Жарым жыл тамак-аш ичпей,
Курсагы абда-ан ачыптыр.
Суу түбүндө кийиктин,
Бирөөсүн мээлеп атыптыр,
Калган аркар-кулжалар,
Түбүнө көлдүн качыптыр.
Сүрсүтүү үчүн эттерди,
Суусунан көлдүн чачыптыр,
200 метр ич этин,
7 күн бою артыптыр,
Куйкалап күндүн нуруна,
Шорпосун даамдап, татыптыр.
Аны көргөн кумурска,
Ментке "жирно сатыптыр" ,
"Браконьер" -деп күнөөлөп,
Балыкты камерага "катыптыр" .
Айланага көз салса,
Кыпкызыл пил жатыптыр,
Кыскарып мурду түбүнөн,
Аябай өңдөн азыптыр,
Уяттан жүзү саргарып,
Кара чачын кашыптыр,
Анткени, жуунбай жыл бою,
Денесин желе басыптыр.
Кылмышын тактап сураса:
Ал шордуу, жумуртка уурдап сатыптыр.
"Эс алайын" - деп балык,
Бутту столго асыптыр.
1 саат өтпөй көз ачса,
Таң агарып атыптыр,
Айланага көрк берип,
Ай нурун жерге чачыптыр,
Калышпай Күн да жаркырайт,
Дарбыздар гүлүн ачыптыр.
Бурулуп, бурчту караса,
Кызыл пил жок! Качыптыр!
Чычкандын ийни аркылуу,
Боштондукка шашыптыр,
Түнү менен жол жүрүп,
Кеткендир далай ашып кыр.
Мына, кызык, тамаша,
Балык жалгыз калыптыр,
"Алып кет"- деп бөлөсү,
Акулага чалыптыр,
Ташбаканы айдатып,
Бөлөсү жетип барыптыр.
"Ийнелик неге келбейт"- деп,
Алыстан таштап узак кеп,
Учкусу келгенин айтып,
Биздин балык наалыптыр.
2 күн жатып түрмөдө,
Ак чач болуп карыптыр,
"Сары" тишин калтырып,
Калганын, кариес жеп алыптыр.
Жашоосу менен тааныштың,
Замандаш, алтын балыктын!
PS: Калпыма "тормоз" тебейин,
Калбай калды сөзүм "тыр",
"Плагиат, тамсил экен"- деп,
Салбаңыздар мага чыр,
Эки жыл ойлонуп жазган,
Фирменный эле болгон ыр. ))
Т.Э.
Алтын балык жана "тыр".
Алтын балык көл жээкте,
"Загар" алып жатыптыр,
Жарым жыл тамак-аш ичпей,
Курсагы абда-ан ачыптыр.
Суу түбүндө кийиктин,
Бирөөсүн мээлеп атыптыр,
Калган аркар-кулжалар,
Түбүнө көлдүн качыптыр.
Сүрсүтүү үчүн эттерди,
Суусунан көлдүн чачыптыр,
200 метр ич этин,
7 күн бою артыптыр,
Куйкалап күндүн нуруна,
Шорпосун даамдап, татыптыр.
Аны көргөн кумурска,
Ментке "жирно сатыптыр" ,
"Браконьер" -деп күнөөлөп,
Балыкты камерага "катыптыр" .
Айланага көз салса,
Кыпкызыл пил жатыптыр,
Кыскарып мурду түбүнөн,
Аябай өңдөн азыптыр,
Уяттан жүзү саргарып,
Кара чачын кашыптыр,
Анткени, жуунбай жыл бою,
Денесин желе басыптыр.
Кылмышын тактап сураса:
Ал шордуу, жумуртка уурдап сатыптыр.
"Эс алайын" - деп балык,
Бутту столго асыптыр.
1 саат өтпөй көз ачса,
Таң агарып атыптыр,
Айланага көрк берип,
Ай нурун жерге чачыптыр,
Калышпай Күн да жаркырайт,
Дарбыздар гүлүн ачыптыр.
Бурулуп, бурчту караса,
Кызыл пил жок! Качыптыр!
Чычкандын ийни аркылуу,
Боштондукка шашыптыр,
Түнү менен жол жүрүп,
Кеткендир далай ашып кыр.
Мына, кызык, тамаша,
Балык жалгыз калыптыр,
"Алып кет"- деп бөлөсү,
Акулага чалыптыр,
Ташбаканы айдатып,
Бөлөсү жетип барыптыр.
"Ийнелик неге келбейт"- деп,
Алыстан таштап узак кеп,
Учкусу келгенин айтып,
Биздин балык наалыптыр.
2 күн жатып түрмөдө,
Ак чач болуп карыптыр,
"Сары" тишин калтырып,
Калганын, кариес жеп алыптыр.
Жашоосу менен тааныштың,
Замандаш, алтын балыктын!
PS: Калпыма "тормоз" тебейин,
Калбай калды сөзүм "тыр",
"Плагиат, тамсил экен"- деп,
Салбаңыздар мага чыр,
Эки жыл ойлонуп жазган,
Фирменный эле болгон ыр. ))
Т.Э.
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#4 09 July 2015 - 11:17
Кечигүү.
.
Эртең менен түнкү саат 3тө, бетиме тийген муздак кардан улам уйкум умачтай ачылды. Үйүбүздүн чатыры заманбап "сезгич" болуп жасалгандыктан, аба-ырайыдагы ар бир өзгөрүүдөн кабардар болуп турабыз. Май айынын 25де "кылычын сүйрөп" кыш мезгили келип калган экен. Шаша-буша туруп, сүйүктүү мышыгым Тосянын терисинен тигилген "Норка" тонумду ийниме арта сала, жумушка жөнөдүм. Күндөгүдөй эле 1чи каттамдагы автобуска түштүм. Кишинин көптүгүн мындан бил, бир орундукка 3- 4 киши беймарал уктап бара жатышат. Бут коерго жер жок болгонуна байланыштуу, сумка койулуучу текчеге чыгып, бутумду салаңдата отуруп алдым. Ылдый карай салсам, адамдар ширеңкенин чийиндей болуп көрунөт экен. Башым айлана түштү.
Аялдамада отурган кыз- жигиттин сөздөрүнө кулак салдым. Узун бойлуу, буту кыска жигит, жанындагы селкиге "Мен көзүмдү тиштей алам"-деп шыбырап жатат. Аны далилдөө максатында, жигит бир көзүн колуна алып, аста тиштеп коет. Көрсө, ал көзү жасалма экен. Кыз "делдейип" тиктеп турат. Анысына машырланган жигит, 2чи көзүн да тиштей ала тургандыгын айтат. "Эки көзү тең жасалма болсо, кантип көрмөк эле"- деп ойлогон кыз, ага да далил сурайт. Мага да кызык болуп, карап калдым. Анда тиги жигит тишин (протез экен) алып чыгып, соо көзүн тиштетип койсо болобу?! Аны көргөн кыздын көздөрү чанагынан "пук-пук" деп пружиндай чоюлуп, чыгып кете жаздады. Ал аңгыча, автобустун арткы терезесинен шыпылдай секирип түшкөн кош бойлуу келинге көңүлүм бурулду. Ичиндеги баланын 12 ай болуп калганына карабай, жонуна бир кап картошка көтөрүп, шымын шымалана тизеге чейин түрүп алыптыр. Эч кимдин орун берээр ою да жок! Аялзаты катары менин ага боорум ооруп, орун бербесем да оор жүгүн көтөрүшүүнү туура көрдүм. Анан ал келиндин боюндагы балдарын эки тиземе отургузуп алдым. Эгиз экен! Ким биринчи жарык дүйнөгө келээри тууралуу талашып жаткандарын айтышты. Ойлоруна койсоң, ал экөө дагы 2 ай апасынын ичинде жүрө берчүдөй. Анткени, төрөлөөр менен доктур көчүккө катуу чабаары тууралуу, эгиздердин байкеси смс жөнөткөн экен.Аларды угуп отуруп, унумду чыгарбай, каткырып күлдүм. Кош бойлуу келин кийинки аялдамадан тушмок экен. Мага рахматын айта, 12 айлык балдарын жана картошкасын көтөрүп түшүп калды.Эгиздер мага көнө түшүшкөнбу кол булгалап, кыйкырып жатышты.
Бир убакта, Кудай сактаа... "тарс-турс" , "карсылдаган" үндөр чыгып, чаң көккө сапырылып эле калды. Автобустун маңдайкы айнеги чачырап кеткен экен. Бизге карама - каршы катуу ылдамдыкта келе жаткан чымын менен сүзүшүп алыптырбыз. Биз эч нерсе деле болгон жокпуз. А чымын байкуштун канатынын тарамыштары узулуп, сол бөйрөгү катуу жабыркаганын айтышты. Кырсык каш-кабактын ортосунда экенине дагы бир жолу ынандым. Жумушка кечигип жаткандыктан, торпоктор байланган аялдамага чуркадым. Кичирээк, күлгүн өңдөгү торпокту тандап, жибин колго орой кармадым. Жолдогу тыгынга, светофорго да карабай, "диңкилдеп" чуркаган боюнча 1 сааттык жолду, 1 мүнөттө басып өтүп, жумушка аман-эсен жетип алдым. А баса, мен торпокту минген жокмун, жөн гана жибинен кармаган боюнча кошо жарышып чуркап келдим.

#7 10 July 2015 - 18:06
Луи эже Баракелде. Окуп берип апамдарды да жылмайттым)).
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#9 20 July 2015 - 11:05
Айнаалайын калын журт калп жазганды билбейсинерби?
?? Темамы ыргытып салыпсынарго
#11 20 July 2015 - 14:40
Кэчээ жакында, борборубуз Бишкекте Гогол-Панфилов кочолорун кесилишиндеги уйлордун биринде, 10го жакын бала чогулуп, жинге тийгендерге согуш жарыя кылып алар менен согушуп атыштык. Натыйжада мен тарапта 5, 6 бала окко учуп, калганы тируулой кармалып, жалгыз мен качып кутулдум. Тигилер тарапта 4 бала жарадар болду, атышуу 4 саатка созулуп 2, 3 уй толугу менен куйуп кетти. Учурда мени издеп журот, мен болсом жашынып бул жакта журом. 
Кичине окшодубу? Дагы ишенип албагыла эй
Кичине окшодубу? Дагы ишенип албагыла эй
#12 20 July 2015 - 22:17
Бугун дем алыш кун болгондуктан,
Барпынынкызы,
Барика, Аселина дос кыздар менен эс алып келмей болдук. Коптон бери корушпой озгоруп кетишиптир.
Бири арыктаса, экинчи топтомолок болуп семирип. Барпынынкызы бир адашпасам 50кг весь кошкондой. Туртсон томолонот байкуш. Уйлоп койсон кичине буту жерден которулуп, асманга учуп кеттат. Ангыча мен, - эй мноунарга азыр жетпей калабыз дегиче, колубуз жетпей кыйла учуруп жибердик. Бир маалда Аселина менин желкеме чыга калып, Бариге колун узатып, аны да тартып алып, озунун желкесине тургуза койду го чиркин . Ото кыйын экенбиз, пай пай пай озунчо элестетип учуп кетип аткан Барпынынкызын,
чачынан кармап жерге тушурдук. Бизди коргон эл, шатырата кол чаап жиберишти. Бир кезде не баля болду билбейм, супер инфонун журналисттери ороп алып, бизден интервью алып жатышты. Кайдан пайда болуп калышканын сурасак, таш бака менен учуп келип калышканын айтышты. Супердин жаны санына жанылык болуп, газетанын беттерине суротторубуз жуктолуп, форумчулар кызуу талкууга алып жаткан учуру.
Жакында толук версиясын "Кинозал"
болумунон коро аласыздар.
А знаете ли Вы, что каждую ночь кто-то думает о Вас перед тем, как заснуть. Для кого-тo Вы означаете весь мир. Кто-то мог бы не родиться, но родился ради Вас. Вы особенны и уникальны.
Кто-то, о чьем существовании Вы даже не подозреваете,
любит Вас…
#13 21 July 2015 - 00:13
Кин0залдан кутобуз.
Жашоодо эч нерсе туболук эмес,
Жыргалчылык болуп атабы ыраахатын тат,кыйын кундор отуп жатса капа болбо булда убактылуу!!
Жыргалчылык болуп атабы ыраахатын тат,кыйын кундор отуп жатса капа болбо булда убактылуу!!
#17 22 July 2015 - 13:51
Зайир брат ал кайпираак экен озу эмес тамгалары да кайп 
Колундагы телефону дагы кайп болуп калганбы дейм шу.
*************************************
#18 02 August 2015 - 23:34
Кечээ издеп жүрүп Ангел92ни араң таптым. Кечке сүйлөштүк. Көрсө Өзгөндө жүрүп кечээ гана ата-энеси менен Бишкекке келишиптир.
Бүгүн дагы чоң апам Казакстандан келген эле. Бүгүн чоң апам, ата-энем болуп Нуржамалдыкына барып сөйкө салып келдик. Азыр ал эс алуу өргөсүндө экен. Ошондон ары Россияга жибербейбиз го. Октябрда үйлөнүү той кылалы деп чечтик.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#19 02 August 2015 - 23:46
Кечээ издеп жүрүп Ангел92ни араң таптым. Кечке сүйлөштүк. Көрсө Өзгөндө жүрүп кечээ гана ата-энеси менен Бишкекке келишиптир.
Бүгүн дагы чоң апам Казакстандан келген эле. Бүгүн чоң апам, ата-энем болуп Нуржамалдыкына барып сөйкө салып келдик. Азыр ал эс алуу өргөсүндө экен. Ошондон ары Россияга жибербейбиз го. Октябрда үйлөнүү той кылалы деп чечтик.
Балли.
А знаете ли Вы, что каждую ночь кто-то думает о Вас перед тем, как заснуть. Для кого-тo Вы означаете весь мир. Кто-то мог бы не родиться, но родился ради Вас. Вы особенны и уникальны.
Кто-то, о чьем существовании Вы даже не подозреваете,
любит Вас…
#20 02 August 2015 - 23:57
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео