Демейде Актанды карабаган Замира акыркы мезгилдерде ага үйрүлүп түшүп, Алтынайга жолотпогонго аракеттенип атты. Алтынай канчалык Актанга жакындайын десе Замира ага атырылып бир тийет. Алмаз да мурдагыдай болуп Алтынайдын көзүн карабай, ага деген мамилеси салкындай түштү. Экөө баш коштук деп бир бөлмөгө жатканы менен мурдагыдай эзилишпейт.
Эмнеге мындай болуп кетти деп Алтынайдын башы жетпейт. Же тааныштарга,
тууган-туушкандарга ачыкка чыгып, биз үйлөндүк деп айтпайт. Ошентип арадан билинбей эле бир жумадан ашык убакыт өтүп кетиптир. Замира Алтынайды кемсинтип ага жаман сөздөрдү көп айтчу болду. Бир күнү Алмаз жумушка кеткенде Алтынай Замира менен сүйлөшүүнү чечти. Өзүнүн бөлмөсүндө Актан менен отурган Замиранын үстүнө кирген Алтынай:
- Эже, мен сиз менен сүйлөшөйүн дегем… - деди мукактана.
- Эмне жөнүндө?!
- Кантсе да сиз бир жашоону башыңыздан өткөрүп калдыңыз… Сизден кеңеш сурап, мындан ары эмне кылсам деген оюмду сиз менен бөлүшөйүн дегем…
- Эмне кылмак элең?! Алмаз экөөбүздүн үйбүлөбүздү бузбай кетип кал. Мына, менин курсактагы балам күндөн-күнгө чоңое баштады. Алмаз бул үйдөн эч жакка кеткиси келбейт, мен да кетпейм! А сен бизге үчүнчү киши болуп жашай аласыңбы!
Бир эркекке эки катын керекпи?! Мен сага түшүнбөйм, Алмаздын эмнесине кызыгып атасың! Ооба, анын байлыгы, бийлиги бар. Бирок, көчөдөн кечээ күнү келген сен ээлик кылып калам деп ойлоп атасыңбы!
Алмаз экөөбүздүн жашаганыбызга канча жыл болду, сен эмес мен да ээлик кылалбай атам. Эмне, Алмаз менден кетет деп ойлоп атасыңбы!
Алмаз мени сүйөт. Ал менден баарыбир кетпейт, экөөбүздүн таарынычыбыз убактылуу гана. А сен жөнеле биздин жашообузга капысынан келип калган бир байкушсуң. Бир чети сенин келечегиң кандай болот деп аял катары аяп да кетем. Алмаз сага эмне деп атат? Үйлөнөм деп атабы, эмнегедир акыркы мезгилдерде анын сага кайдыгер карап калганын байкадым…
- Замира эже, мен сизге бир нерсе айтсам, макул болосузбу? - деп жалдырай көзүнүн жашын кылгыртты Алтынай.
- Эмнени айткың келип атат?..
- Эже, мен бул үйдөн, силердин жашооңордон биротоло кетейин, эгерде сиз макул болсоңуз…- деп андан ары сүйлөй албай Алтынай ыйлап жиберди.
- Бул үйдөн кет деп дайыма эле айтып атам го, азыр деле айтам. Анын эмнесин мага айтып атасың?
- Жок, сиз мени түшүнгөн жоксуз… Мен кетсем, Актанды ала кетейинби?..
Актансыз жашоомду элестете албайм. Кантип кетем? Жок, мен ансыз кете албайм…
- Мен сага таңгалам, эмнеге Актанды мынчалык жакшы көрөсүң? Ал сенин кимиң, эмне тууганыңбы,
же?..- деп таңдана сурады Замира.
- Актанбы?.. Аны мен аябай жакшы көрөм…
- Бирок, Актан биздин бала да. Сага эч кандай тиешеси жок. Сен аны кандай жакшы көрсөң, биз да ошондой эле жакшы көрөбүз. Актанга тийишпе…
- Түшүнөм, бирок… Эже, мен сизге бир нерсе айтсам, эч кимге айтпайсызбы?
Сизди эне, аял катары мени түшүнөт деп ойлойм… Эгерде түшүнүп, мага жардам бере турган болсоңуз, анда сиздин жашооңуздан биротоло кетем. Айлам кетип, акыры сизге ачыгын айтайын деп ойлодум…
- Түшүнүүгө аракет кылайын… Анчалык айлаң кеткендей эмне болду?
- Эже… Сиз жакында Кудай буйруса балалуу болосуз. Баланын баркын, анын кандай таттуу экенин сезип, туюп атсаңыз керек. Аман-эсен көз жарып алышыңызды Кудайдан тилейм. Менин азыркы абалымды түшүнүп коюңузчу, сизден өтүнүч… Актан менин канымдан жаралган балам… Аны бир кездерде жаштыгым менен түшүнбөстүк кылып, жаңылышып, төрөп, төрөтканага аргасыз таштап кеткем. Кудай турат, мен аны таштайын деген деле оюм жок болчу… Бирок…
"Бейтаалай" Чыгарма.....
#61 06 August 2014 - 23:19
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#62 06 August 2014 - 23:21
Алтынайдан мындай сөз угам деп ойлобогон Замиранын оозу ачылды. Анын айтканына ишенбей:
- Сен эмнени эле дөөрүп атасың?! - деди орой.
- Эже, муну эч кимге айтпай эле коеюн дегем, бирок, сизди түшүнөт деген ойдо оюмду ачыкка чыгардым. Айлам кетти… Актан менин балам, бул чындык…- деп мукактана сүйлөдү күнөөлүү адамдай Алтынай.
- Кантип?! Сен бүт баарын билип, пландап туруп атайы биздин үйгө малай болуп, Актанга жакындайын деп келген турбайсыңбы? ! Баланын атасы ким?! Алмазбы?! Мен билгем, жүрөгүм сезген, Алмаз экөөңөр мурда эле соо эмес болчусуңар… Алмаз сени кыз кезиңде боозутуп, анан тууп, бул жакка келесиң деп сүйлөшүп алган экенсиңер да! А мен байкуш силерге ишенип жүрсө! Бул үйгө сен өлүмүш болуп келбедиң беле! Жаңы келгениңди эстечи, сен ким элең? Азыр кимсиң?! - деп кыйкырып долулана чыр чыгара баштады Замира.
- Эже, Алмаз байкенин бул жерде эч кандай тиешеси жок! Баламдын атасы башка… Алмаз байке эмес, эгерде сизге калп айтсам Кудай уруп кетсин!
- Антип карганба! Мен эми эч кимге ишенбей калдым! Ооба, Алмаз сага Актан тууралуу эч кимге айтпа деген. Экөөңөр баш кошкондон кийин, ачыкка чыгып, Актандын чыныгы ата-энеси болуп чыга калмаксыңар! Карап тур, азыр Алмаз келсин! Аны эмне кылаар экенмин! Мени обу жок кызганып, бул үйдөн кетирем деп коет! Алмаз экөөңөрдү элдин алдына шермендеңерди чыгарбасам элеби!
- Алмаз байкеде эч кандай күнөө жок! Актандын атасы башка… - деп Алтынай Замираны айтып ишендире албай жатты.
- Актандын атасы башка болсо, таштанды балаң ушул үйгө келгенин кантип билдиң?
- Капысынан билдим… Актан мен төрөгөн бала экенин мурда билчү эмесмин. Жакында гана белгилүү болду.
- Кантип белгилүү болду? - деп кекете сурады Замира.
- Алмаз байке сурамжылап атып таап берди…
- Антип жаныңды жеп калп айтпа! Алмаз болсо ойношунун баласын мага бактырганын кара! Сени да, Алмазды да сотко берем! Экөөңөр менин көзүмө чөп салып, качантан бери ойнош болуп жүрдүңөр эле! Балага мээримиң жок деп мага сынтакчу эмес белең! Ошентип кантип айттың! Адегенде өзүңдү карап, ойлонуп туруп анан айтпайсыңбы! Эгерде сен ошончолук мээримдүү болсоң, эмне үчүн тууган балаңды кароосуз таштап кеттиң! Мен сен сыяктуу эрсиз тууп, баламды таштап кеткен таш боор эне эмесмин!.. - деп Замира Алтынайды кемсинтип урушуп, ажылдап атты.
Кантсе да аял эмеспи, анүстүнө жакында көз жарганы турат, мени түшүнөт болуш керек деген ойдо Замирага сырын ачканына Алтынай өкүнүп атты. Эмне кылаар айласын билбей, анын кыйкырганын унчукпай ыйлап угуп отурду. Замиранын урушунан Алтынай ыйлап отурганын түшүнгөн кичинекей Актан ойноп отурган жеринен чуркап келди. Анан Алтынайды аео сезими менен карап, анын астына отурайын деди эле, Замира анын колунан тартты:
- Экинчи бул шуркуяга барба! Алтынай сенин чыпалагыңды кармаганга да акысы жок. Сенин апаң менмин! А мобу шуркуя көчөдөн келген эле бирөө!..- деди.
Алтынай менен Замира биринин сөзүн бири укпай ажылдашып урушуп кетишти. Аңгыча сырттан Алмаз кирип келип калды.
- Эмне болду, деги тынччылыкпы?
- Тынччылык эмес! Мобу шуркуянын мени менен урушуп атканын көрүп атасыңбы! Кылгылыктын баарын кылып, кыл жип менен бууп туруп билмексен болбочу! Дагы мени күнөөлөп, ажырашам деп коет! Көрсө, мобу Актан Алтынай экөөңөрдүн балаңар экен да! А мен байкуш сага ишенип, Актан сенин ойношуңан төрөлгөн бала экенин билбей, балдар үйүнө барып, өз баламдай жакшы көрүп багып албадым беле!..- деп буркурап ыйлап кирди Замира.
- Сен эмнени эле айтып атасың? Эч нерсени түшүнгөн жокмун…- деди Алмаз.
- Антип анткорлонбо! Алтынай мага баарын айтып берди! Актан Алтынай төрөгөн бала турбайбы, а баланын атасы сен экенсиң!
- Замира эже, мен Актандын атасы Алмаз байке деп качан айттым. Анын атасы таптакыр башка! Алмаз байкенин тиешеси жок, - деп чыйпылыктай актанып кирди Алтынай.
- Ишенбейм! Анда баланын атасы ким? Мен тааныймынбы? Эгерде азыр жалган айтсаң Алмаз экөөңөрдүн тең абийириңерди кетирип, өзүм уксус ичип өлөм! Азыр мага баарыбир! Менин, курсактагы баламдын өлүмүнө силер күнөөлүү болосуңар! - деп догурунган Замиранын сөзүнө айласы кеткен Алтынай :
- Актандын атасы Данияр! Болдубу! Эс алдыңызбы! Ооба, баягы ушул үйгө келип, кыйшалаңдап ар кайсыларды сүйлөп отурган Данияр! Силердин аяшыңардын баласы! Алмаз байкеде күнөө жок! Мына, ишенбесеңер Данияр менен Актанды жакшылап карап көргүлө, экөө бири-бирине куюп койгондой окшош! - деди
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#63 06 August 2014 - 23:22
Үйдө биртопко дейре жымжырттык орной түштү. Замира Актандан көзүн албай Данияр экөөнүн ортосундагы окшоштуктарды издеди. Чын эле Актан менен Данияр бири-бирине абдан окшош экен. Атүгүл бир жолу Данияр келгенде Актан экөөнүн бетиндеги меңинен бери окшоштугун сөз кылгандарын эстеди. Бирок, ал кезде адамдардын ортосундагы боло берчү окшоштук катары карап койгон. Бөлмөдө отургандар ар кимиси өзүнүн ою менен алек боло Актанды улам карап ойлуу отурушту. Алтынайдан уккан сөзгө Замира ичинен кым дей түштү. Ананчы, ал үчүн бул ойдо жок чоң жаңылык эле. Ал эми Алмаз Алтынайды астыртан нааразы боло карап койду. Анын көзкарашында эмнеге баарын ачыкка чыгардың деген Алтынайга таарынычы бар эле. Ортодогу жымжырттыкты Замира бузду:
- Алмаз, эми акыркы сөз сенде. Эмне деген оюң бар? Алтынайдын ким экенин билдиң. Эми аны менен андан ары жашай бересиңби, же?.. Жакшылап ойлон. Мен Алтынайды таза деп ойлочумун. Эрсиз тууп алганын угуп, төбө чачым тик турду. Бул сенин эле эмес, менин да башымды айлантып, экөөбүздү тең алдап жүрүптүр. Же сен Актандын атасысыңбы, мага калп айткан жоксуңарбы? Мен аны Даниярга чалып эле сурап, билип алам, - деди.
- Даниярга телефон чалба. Анын Актан менен иши болбосун. Мындан аркы жашообуз кандай болот, мен өзүм чечем. Ага чейин мурдагыдай эле ишиңерди жасай бергиле!.. - деди Алмаз одураңдап.
- Качан жообун бересиң? Сени качан айтат деп күтүп отура берелиби? Мен мобу шуркуя менен бир үйдө жашагым келбейт! Эгерде эртеңкиге чейин жообун бербесең анда милиция чакырып, үйдөн кууп чыгам, - деп Замира да долуланып кирди.
- Мен бул үйдөн Актанды алмайынча кетпейм! Мейли, мени сотко бергиле, Актанды бул жерге калтыргандан көрө өлүп калганым жакшы! Колуңарга өлүп берем, эми менден кутула албайсыз! - деди тибиреңдеген Алтынай Замираны карап. Жанатан Алтынайдын кылыгына кыжыры келип турган Алмаз ага атырылып бир тийди:
- Унчукпай кал! Мен Актанды кимге беришти өзүм билем! Керек болсо экөөңөрдү тең үйдөн кууп чыгып, өзүм жалгыз жашайм. Мен экөөңөрдөн тең тажадым! Эгерде урушканыңарды дагы көрсөм, таарынбагыла! Мен силерге эскерттим! .. - деди да, эшикти тарс жаап чыгып кетти.
Эки аял бирин-бири жаман көздөрү менен карап, унчукпай отуруп калышты. Замира бир нерсени эстегендей ордунан атып туруп, уктоочу бөлмөсүнө барды да кол телефону менен Даниярга чалды. Буга чейин Данияр менен анда-санда телефон чалышып, шыңкылдашып сүйлөшүп калышчу. Данияр ага тийишип, жолугушууга чакырган учурлар да болгон. Азыр Замиранын өзү телефон чалып атканын көрүп дароо алды. Ал-жай сурашкандан кийин эле Замира Даниярга сүйлөшө турган сөзү бар экенин айтып, жолугушууга чакырды. Замирадан жолугушуу тууралуу сунушту уккан Даниярдын жүзүндө жылмаюу пайда болуп, ичинен кудуңдап сүйүнүп алды. Алтынайдын Алмазга турмушка чыгам дегенине өзүнчө кыжыры келе, алардан кантип өч алышты билбей жүргөндүктөн, Замирага анда-санда тийишип, жолугушууга чакырган. Бирок, Замира Данияр менен шыңкылдашып жакшы сүйлөшкөнү менен жолугушууга макул болгон эмес. Анткени, азыр үйдөгү көйгөйүн бир тараптуу ызы-чуусуз чечип алайын деген ойдо эле. Ой деген күлүк эмеспи, Данияр кыска акылында Замирага жолуксам, ал менин кучагыма жыгылса деп элестетип, өзүнчө күлүп да алды. Атүгүл экөөнүн бир жуурканда жуурулушуп жатканынан бери көз алдына тартылып өттү. Анын жөндөн-жөн эле жолугушууга чакырбасын билди. Эмнеси болсо да бир чоң жаңылык укчудай туюлду.
Замира Данияр менен сүйлөшкөндөн кийин эле ойсоктоп кийинип унчукпай көчөгө чыгып баратып, оозгу бөлмөдө ойноп отурган Актанды көрүп тык токтоду. Азыр Актанды калтырып кетип калса, үйдө эч ким жогунан пайдаланып, Алтынай аны уурдап кетчүдөй сезди. Анан Актанды көчөгө кийчү кийимдерин кийгизип, жетелеп сыртка кетип баратканда алдынан Алтынай чыга калып:
- Каякка баратасыз?.. - деди.
- Кайда барышты сенден сурабайм. Актанды паркка алып барып, ойнотом. Коркпо, качып кетпейм, үйүмө кайра келем. Сени карап отуруп, башым ооруп кетти, сени көргүм келбей атат, - деп Алтынайды жөөлөп чыгып кетти.
***
Колуна чоң букет гүл кармап, Замиранын келишин чыдамсыздык менен күтүп отурду. Аны жалгыз келет го деген ою тетири чыгып, кичинекей баласын жетелей келген Замираны көргөн Данияр эмне дээрин билбей колундагы гүлдү сунуп:
- Сиз жалгыз эмессиз го… - деди шаабайы сууп.
- Мен сага чоң жаңылык алып келдим. Кана таанычы, бул бала кимге окшош экен? - деди Замира, Даниярды кылыктуу карап.

#64 06 August 2014 - 23:28
- Эмнени эле айтып атасыз?.. Уулуңуз кимге окшош болмок эле, ата-энесине да… - деди сөздүн төркүнүн анча түшүнө бербеген Данияр.
- А мунун ата-энеси ким экенин билесиңби? - деп мыйыгынан жылмайды Замира.
- Эми… Силер төрөбөсөңөр да багып алгандан кийин…
- Билбейсиң… Албетте, билбейсиң. Азыр сага бир нерсе айтсам, эсиң ооп, жыгылып калып жүрбө…
- Эмнени айтып, эсимди оодурганы атасыз?
- Бул бала сеники…
- Коюңузчу, каяктагы тамашаны айтпай… Кантип меники болсун, - деди Данияр Замиранын сөзүнө түшүнбөй.
- Эстечи, кайсы кызды боозутуп таштап кеттиң эле?
Бул сөздү укканда Даниярдын өңү бузула, кичинекей Актанды жалт карады.
- Сиз эмненин башын кылтыйтып атасыз?..
- Эмне билсең, эмне жасасаң ошонун… - деп шаңк эте каткырып күлдү Замира.
- Алтынай силерге бирдеме дедиби?
- Ал эч нерсе деген жок. Бирок, баарын уктук, билдик, териштирдик. Акыры Актан сенин балаң болуп чыкты.
- Кантип?
- Ушинтип эле… - деп Замира кытмыр күлүп, окуяны баштан-аяк айтып берди. Анын сөзүн кунт коюп угуп отурган Данияр оор үшкүрүнүп алды да:
- Алтынай боюндагы баласын алдырдым деп айткан. Бирок, бул менин балам экенине ишенбейм, - деген Данияр Алтынайды ар кайсы эркектин оюнчугу болуп жүргөн жеңил ойлуу кыз болчу деп аны бир сыйра жамандап өттү.
- Ал шуркуябы же сойкубу, билбейм. Бирок, Актан сенин балаң экени айдан ачык көрүнүп турат. Карачы кебетесин, сага куюп койгондой окшош.
- Эми эмне кылалы деп атасыңар? Актанды мен бакпайм, албайм. Ата-энем укса эмне дейт? Алар Актанды кабыл алышпайт. Анүстүнө Актан силерге көнүп калды, өзүңөр эле бакканыңар оң го… - деп жоопкерчиликтен качкан Данияр эмне дээрин билбей калды.
- Актанды бак, сен ал деп эч ким айткан жок. Тескерисинче, Актанды мен багам, сен багасың болуп, ортодо талаш күчөдү. Мен сага Актанды карматайын деп келген жокмун. Болгону, Актан деген никесиз төрөлгөн, таштанды балаң бар экенин билсин дедим.
- Мындай болот деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. А Алмаз байке менен Алтынай экөө эмне болушту, үйлөнүп, ачыкка чыгыштыбы?
- Алтынайдын минтип, эрсиз тууп алганы ачыкка чыгып, абийири кетип отурат. Эми мен ал үйдөн карыш жылбайм. Курсактагы баламды төрөгөнчө Актанды бетиме кармап турам, андан кийинкисин убакыт көрсөтөт. Бирок, Алтынайга баласын бербейм. Андан көрө бул кичинекей шайтанды кайра эле балдар үйүнө өткөрүп салганым оң, - деп жанында эч нерсе менен иши жок, мотурая ойноп отурган Актандын чекесине акырын чертип койду.
- Алмаз байке ага макул болобу?
- Аны алдап, бир айласын табам. Бир чети Алмаз да Алтынайдын ким экенин билгени жакшы болду. Антпесе, аны сүттөн ак, таза деп ойлоп, мен айткан сөздөргө ишенчү эмес эле. Кечинде келип, Алтынай экөөбүздүн кимибиз менен жашаары тууралуу жообун берем деген. Эми, мен Алтынайды Алмазга жолотпош колуман келет. Мен Алмаз менен ажырашпайм, ага бөркүңдөй ишене бер, - деп ишеничтүү сүйлөдү Замира. Анын сөзүн угуп отурган Данияр:
- Мен сизге таңгалып турам. Сиз жашсыз, сулуусуз, билимдүүсүз, акылдуусуз. А эмне үчүн Алмаз байкеден алыстагыңыз келбейт? Алмаз байке сизден көп жаш улуу, ал жаныңызда атаңыздай эле болуп турат. Эмне, андан ажырашсаңыз эле мени эч ким карабайт, жашоом токтоп калат деп ойлойсузбу? Ал сиздин көзүңүзгө чөп салып, атүгүл бир үйдө чогуу жашаган малайыңызга үйлөнөм деп чыкты. Арадан убакыт өткөндө мындай экинчи кайталанбайт, түз жүрөт, үлгүлүү күйөө болот деп кепилдик бераласызбы? Анын астында эмнеге кемсинесиз? Ал сизди кемсинтти, же баарын кечирип, эптеп эле карыган абышканын этегин кармап, жаштыгыңызды дагы кор кылайын деп атасызбы? Айтыңызчы, Алмаз байкеде сиз кеталбаган кандай сыйкыр бар. Ошол сыйкырды мага үйрөтүңүзчү, мен да сизди жаныман чыгарбай кармайын, - деди Данияр Замираны кумарлуу көздөрү менен карап.
- Сен эмне деп атасың, балакай? - деди Замира Даниярга жылмайып.
- Мен сизди сүйөм… Бирок, биздин ортобузда тикенектей болуп, Алмаз байке, Алтынай, эми мобу кичинекей шайтан да чыга калбадыбы - деп Актанды көрсөттү Данияр.

#65 06 August 2014 - 23:30
- Койсоңчу, кайдагыны айтпай. Мен эркектердин сүйөм деген сөзүнө ишенбей калгам. Бир кездерде Алмаз да мени сүйөм, менсиз жашай албайм деп атүгүл үйбүлөсүн таштап мага үйлөнгөн. Эми эмне болду? Кызыгым тарагандан кийин башка кыздарга көз артты. Сен деле ошондой эркектердин бирисиң. Мага таарынба, бирок, мен бир да эркектин сүйүүсүнө ишенбейм. Алмаздан кетип сага баргандан эч нерсе өзгөрбөйт. Алмаз сыяктуу сен деле менин жүрөгүмдү далай оорутасың. Андан көрө, сен жашсың, өз теңиңди тап. Артыңан далай кыздар ээрчип, сага ашык болуп атышса керек, - деди Замира Даниярды карап.
- Жок, сиз жаңылып атасыз, азыр ушундай эч кимге ишенбеген кырдаалда турасыз. Убакыт өткөндө баарын түшүнөсүз.
- Экөөбүздүн жашыбыздын айырмасын билесиңби? Мен сенден алты жаш улуумун.
- Анын эмнеси бар экен, сиз деле Алмаз байкеден биртоп жаш кичүүсүз го…
- Эмне дегени турасың? Мага үйлөнөсүңбү? - деп сынай карады Замира.
- Эгер макул болсоңуз, эмне үчүн экөөбүз үйлөнгөнгө болбосун.
- Ата-энең эмне дейт? Алар эч качан экөөбүздүн үйлөнүшүбүзгө макулдугун беришпейт. Анүстүнө сенин ата-энең менен аяш болуп, үйбүлөлүк алым-катышыбыз бар да…
- Ооба, алар макул болушпайт. Бирок, эч нерсе кылалышпайт. Эмне, ата-энем каалабаган аялга үйлөнүп алды деп өлтүрүп, же карабай коюшмак беле. Башында анча-мынча каршы болушат да, экөөбүздүн жакшы жашап кеткенибизди, менин бактылуу экенимди көрүшсө, акыры макул болушат, - деп Замирага ишендиргенге аракеттене сүйлөдү Данияр.
- Кой, бул тууралуу кийинчерээк сүйлөшөлү. Алмаз келгенче үйгө барып калайын. Антпесе, Актанды ээрчитип каякка кетти деп бир нерседен шектенбесин, - деп Замира ордунан туруп, Актанды жетелеп жөнөмөкчү болгондо Данияр:
- Мага жоопту качан бересиз? -деди.
- Сага өзүм телефон чалам. Ага чейин чыдай тур. Анүстүнө бир жаңсыл да болоюнчу, чарчап да кеттим, - деп Замира оор үшкүрүнө үйүн көздөй жөнөдү.
Замиранын карааны узап кеткенче Данияр артынан карап турду да, ага кантип сүйүүсүн арнап, колун сурап жибергенине өзү да таңгалды. Ооба, Замира Даниярга аял катары жагат, бирок, аны койнунда жаткан, бир түтүн булатып, чогуу жашаган жубайы катары элестете албайт. Аны менен көңүл ачып, ойноп-күлгөнгө эле болорун билет. Ал эми азыр көңүл ачуу үчүн эмес, үйбүлөлүк жубай болушун кантип айттым деп башын мыкчып отуруп калды. Эгерде Замира дароо макул болсо эмне кылат эле? Ал Алтынай сыяктуу ыйлап-сыктап унчукпай өз азабын өзү тартып, калып калчу аялдардын катарына кирбесин билет. Ага үйлөнбөсөм да бир кумардан чыгып алсам деген ой Даниярдын башын аралап, делебесин козгоп жиберди.
***
Замира Актанды ээрчитип кеткенине Алтынайдын ичи ачышып, уулун экинчи көрбөй калчудай өзүнөн-өзү буулугуп ыйлап кирди. Эмне кыларын билбей, Алмаздын кол телефонуна чалып, Замиранын Актанды ээрчитип кеткенин кабарлады. Аны уккан Алмаз тез эле жетип келди да, Алтынайды урушуп кирди:
- Эмне үчүн Замирага баарын айтып салдың?! Эч кимге айтпа дебедим беле! Сен сөз укпай, айтканыңды, көздөгөнүңдү бербейт турбайсыңбы! Замиранын кандай экенин билесиң. Эмне, ал сага боору ооруп койнундагы эрин, багып алган баласын ала бер деп берет дедиңби?! Болду, эгерде экөөбүз ажыраша турган болсок, мени күнөөлөбө, мен сага жардам бералбайм! - деди. Алтынай унчукпай, ызасын көз жашынан чыгарып отурду. Аңгыча сырттан көңүлү демейдегиден жайдарылана Замира Актанды жетелеп кирип келди.
- Эмне болду? Актанды ээрчитип, мени качып кетет деп коркуп аттыңар беле? Бул менин үйүм, эч жакка кетпейм. Биз жок, экөөңөр келечекке толгон-токой пландарды куруп, болушунча мени жамандап отурдуңарбы. И баса, Алмаз, сен жакшылап ойлондуңбу, тезирээк жообун бер, бизди күттүрбөй, антпесе, бул үйгө кимибиз кожойкелик кыларыбызды да билбей калдык. Бирок, бул үйдөн мени кетирип жиберип, жыргал жашоону кечиребиз деп ойлобогула. Бул үйдөн эми мени карыш жылдыра албайсыңар. Курсактагы баламды аман-эсен төрөп алсам, Актан экөөнү биртууган кылып, ушул үйдө чоңойтом, - деди кытмыр жылмайып
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#66 06 August 2014 - 23:31
Алтынай менен Алмаз унчукпай Замиранын айткан сөздөрүнө теңелгиси келишкен жок. Алардын унчукпаганына Замира менден коркуп калды деген кыязда мыйыгынан жылмая бөлмөсүнө кирип кетти.
- Мындан ары чыдап жашай албайм. Эгерде колума уулумду алсам, бул жерге бир мүнөт да турбайт болчумун. Ушунчалык эзилип кеттим. Замира эженин айтканы чын. Кимибиз менен жашайсыз, эртерээк чечиңиз. Сиздин чечимиңизге карата аракет кылайын, - деп оор үшкүрүндү Алтынай.
- Бүгүн кечинде чечем, ашыкпай тургула. Эмне, мени кыйналган жок деп турасыңарбы. Мен деле силерден кем эмес кыйналып атам. Баарын чечип, чекит койбосом жанымды койчудай эмессиңер. Замирага да айтып кой, - деп Алмаз сыртка чыгып кетти.
Алтынайдын жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй катуу согуп алды. Эгерде Алмаз Замира менен калам, сен кете бер деп Актанды бербей туруп, үйүнөн чыгарып койсо кандай айла кылам деген санаа Алтынайдын башын бир заматта аралап өттү. Эмне кылар айласын билбей, Замиранын бөлмөсүнө барды. Уктоочу бөлмөсүндө чалкасынан жатып алып, кол телефонунан кимдир бирөө менен эзилише сүйлөшүп атканын угуп, каалганын сыртынан тыңшап туруп калды. Замиранын сүйлөгөн сөздөрүнөн улам анын Данияр менен сүйлөшүп атканын туйду. Замира ага:
- Актанды жакшылап карадыңбы, ал сенин балаң… Буга окшогон дагы канча балдарың бар болду экен, хи-хи-хи!.. - деп тамашалап каткырганын даана укту. Ага ызаланган Алтынай эшикти тыкылдатпай туруп эле Замиранын бөлмөсүнө кирип барды. "Калган сөздү анан шашпай сүйлөшөлүчү…" деген Замира телефонду өчүрүп Алтынайга атырылып бир тийди:
- Эмне, менин сөздөрүмдү тыңшап, аңдыйын деп келдиңби?! Сага эмне керек?!
- Мага эч нерсенин кереги жок. Болгону, Алмаз байке бүгүн жообун берем деди… - деп мукактана түштү Алтынай.
- Анын эмнесин мага сүйүнчүлөп атасың! Акыры берчү жообун берет да!
- Даярданып тургула дейт! Ошону эле айтайын деп киргем! Мен сиздин ким менен сүйлөшкөнүңүздү билдим, мейли, азырынча ушинтип күлүп, мени кемсинте бериңиз, күлгөнгө күлө жетем дейт, сизге да бирөө күлө турган учур келет. Өмүр бою мени кемсинтип, каалаганча калчап өтөм деп ойлобоңуз. Бирөөнү сыздатсаңыз, өзүңүз да сыздап каларыңызды унутпаңыз! - деп Алтынай эшикти тарс жаап чыгып кетти. Анын артынан Замира жаман сөздөр менен ажылдап, урушуп калды.
???
Кечке чейин Алмаз үйүндөгү көйгөйдү кантип чечем деп өзүнчө ойлонуп, көңүлү чөгүп жүрдү. Алтынайга үйлөнүп алайын десе, анын Даниярдан эрсиз тууп алган баласын билгенден кийин көңүлү иренжийт. Кайра Замирага кетейин десе анын башка эркектен боюнда болуп, "көзүнө чөп салганын" эстегенде жашамак түгүл, жүзүн да карагысы келбейт. Бирок, эмнеси болсо да эки аялды ажылдатпай бир беткей чечимге келиши керектигин билди. Антпесе, эки аялдын ортосунда эзилип, жүдөп да кетти. Акыры ары ойлонуп, бери ойлонуп бир чечимге келди да үйүн көздөй жөнөдү.
Үйүнө келсе адаттагыдай эки аял эки жакты карап тултуюп отурушкан экен.
- Кийингиле да, машинага түшкүлө, азыр бир жакка барабыз, - деди Алмаз дароо эле.
- Каякка барабыз, ачыгын айтпайсыңбы? Менин азыр үйдөн чыгайын деген ниетим жок, чарчадым, - деди Замира адаттагысындай моюн толгоп.
- Анда баргың келбесе, Алтынай, Актан үчөөбүз барабыз да, жообумду үйгө келгенде айтып берем! - деген Алмаздын сөзүн укканда Замира ордунан тура калып, кийинип даяр болду.
???
Алмаз эки аялды шаардын так ортосундагы ресторанга алып барды. Жолдон кетип баратканда: "Ызы-чуу салбай, тынч отургула, эгерде бирөөңөр эле ашыкча сүйлөсөңөр, экөөңөрдү тең ошол жерге калтырып кетип калам" деп эскертти. Анын айтканынан кайтпай турган мүнөзүн экөө тең жакшы билишчү. Ошондуктан унчукпай Алмаз ээрчитип барган ресторанга киришти. Дасторкон үстүн жайната даярдап, кымбат вино алдырды да, Алмаз өзү тост баштады:
- Үйбүлөмдүн көйгөйү ушунчалык тереңдеп, ызы-чууга айланат деп эч ойлогон жок элем. Бирок, айла жок, экөөңөрдү ызылдатып, үйдөгү чырды токтотуу үчүн бир чечимге келишим керек. Замира, Алтынай, экөөңөр тең сулуусуңар, жашсыңар. Келечекте да өз жолуңарды таап кеталасыңар. Бирок, мен экөөңөрдүн бирөөңөр менен калышым керек. Кандай чечим кабыл алсам да, экөөңөр тең мага нааразы болбогула. Эгерде мен айткан чечимге нааразычылыгыңар болсо, акырын жай сүйлөшүп, акылдашкыла. Кыйкырып, ыйлап ызы-чуу салсаңар, экөөңдү ушул жерге калтырып, Актанды ээрчитип кетип калам да, үйгө да киргизбейм, - деп олуттуу бир нерсени сүйлөчүдөй даярдана үшкүрүнүп алды.

#67 06 August 2014 - 23:32
Алмаздын чоң маселени чеччүдөй, олуттуу сөзүнөн кийин эки аял унчукпай анын оозун карап, эмне деп айтаар экен деген кыязда отуруп калышты. Алардын жанында эч нерсе менен иши жок, Актан дасторкондогу таттуудан алып жеп, кобурап отурду. Ортодо бир паска жымжырттык өкүм сүрдү. Анан Алмаз сөз учугун баштады:
- Мына, жаңы жыл да чукулдап калды. Адегенде жаңы жылды үчөөбүз акыркы жолу чогуу тосолу. Мурда кандай болсо, ошол сыяктуу эле күлүп-жайнап, бири-бирибиздин көңүлүбүздү оорутпайлы. Андан кийин ар кимибиз өз жашообуз менен кетебиз. Ушул үйдү канча мээнет менен биринчи аялым, бала-бакырабыз болуп кыялданып салган элек. Бирок, ортодон Замираны жолуктуруп калып, үйбүлөмдүн тилегин, кыялын таш капты. Мен аларга жашап аткан үч бөлмөлүү квартираны, машинени калтырып, заңгыраган үч кабаттуу үйүмө Замираны киргизем деп айттым. Баардыгы каршы чыгышты. Аялым ыйлады, балдарым нааразы болушту. Бирок, мен айтканыман кайткан жокмун. Ал үйгө Замира кирет, мен аны сүйөм дедим. Акыры, айла жок, балдарым мага таарынып, аялым санаадан оорулуу болуп, мени менен катышпай калышты. Үйбүлөмдү ыйлатып, дос-туугандардын сөзүн укпай Замирага үйлөнүп алдым. Кийимдеримди алып, үйдөн кетип баратканда аялым мага карап: "Карап тур, сен да мендей сыздаарсың. Аялың жаш экен, мени кандай ыйлатсаң, Замира да сени ошондой сыздатып туруп, таштап кетсин. А Замира менин абалымды кийип, ал да ыйлап калсын. Ага сен эмес, сенин акчаң, бийлигиң керек. Антпесе, жапжаш сулуу кыз сенден бөлөк бойдок эркек таппай калыптырбы. Убагы келгенде эрдиңди кырча тиштеп өкүнөрсүң" деген. Аялымды сооротуп, "жардам берип турам, эч нерседен кор болбойсуңар" дегенден бөлөк эч нерсе айталган эмесмин. Алар материалдык жактан кыйналбасын деп өзүнчө фирма ачып бергем. Учурда ошол фирма балдарымды, аялымды багып атат. Кээде аларга материалдык жардам керек болсо телефон чалып калышат, анткени менен аларга менин барым-жогум баарыбир. Акылдуу, жаш, сулуу аял алдым деп сүйүнүп, чоң той берип, чет мамлекетке эс алып келдик. Баары ойдогудай болуп аткан. Бирок, жаш болсо да Замиранын "согончогу канабай" балалуу болалбадык. Акыры, Актанды балдар үйүнөн багып алып, үйбүлөгө баш кошуп, бактылуу бололу дегем, бирок, өзүңөр билесиңер баардыгы тескери чыкты. Замира мени каратып туруп "көзүмө чөп салып", анысы аз келгенсип, ойношунан боозуган баласын сеники деп таңуулаганга өттү. Мен башында эле Замирага эскерткен болчумун, анын баардык эрке кыялдарын, терс мүнөзүн, эмне кылса да кечирем дегем, бирок бир гана нерсени кечире албасымды айткам. Эгерде ал менин көзүмө чөп салганын билсем, ортобуздагы жашоо дароо токтойт, ажырашабыз, аны эч качан кечирбейм дегем. Бирок, Замира менин ал сөзүмдү тез эле унутуп койду… - деп андан-ары сүйлөйүн дегенде Замира актанып кирди:
- Мен сенин көзүңө чөп салган эмесмин. Эмне, бирөө менен жатканымды көрдүң беле, сага канча айтам, курсактагы бала сеники деп… - деди эле Алмаз ага:
- Сөзүмдүн аягына чейин уккула. Азыр туруп басып кетем, андан ары эмне кылсаңар өзүңөр билесиңер, - деди.
- Замира эже, аягына чейин чыдап угуп, тынч отура туруңузчу. Жай сүйлөшөбүз деп келбедик беле… - деп сөзгө аралашты Алтынай.
- Эми, Замиранын кылыгын айтып, экөөбүздүн ортобуздагы жашоо мындан ары уланбасын түшүндүрдүм окшойт. А Алтынайды көргөндө аны жаш, баео, эне сүтү оозунан кетелек, айылдык, жөнөкөй кыз деп ойлогом. Көрсө, бул деле жөн жүрбөптүр. Алтынай деле мен ойлогондой болгон жок. Бирок, "алдаса көнөт жаш башты" дегендей, жаштыктан, ишенчээктиктен улам шылуун, көзүнө эч нерсе көрүнбөй калган көпкөн жигитке алданып калыптыр. Анын дагы бир кечиримдүү жагдайы, бир кезде жаңылыштык кетирип, таштап кеткен уулун издеп, санаасы санга бөлүнүп, бала жытына зар болуп, кыйналып, сыздап жүргөнү, бир кездеги кетирген катачылыгын жууп кетти. Мен буга чейин көпкө ойлондум. Чынын айтсам, экөөңөрдү тең жек көрдүм. Экөөңөрдү тең таштап кетирип жиберейин дедим. Бирок, Актанга эне керек, өз энесиндей эч ким ага мээримин төгүп бералбасына көзүм жетти. Замира деле Актанды энесиндей карап, мээримин төккөнсүйт, бирок, баарыбир өз энеси Алтынайдын караганы өзгөчөлөнүп, башкача болуп турат. Ошондуктан, Актанды энесинен бөлбөш керек. Эми сөздүн кыскасы бул - мен салган чоң үйдүн босогосун Замира биринчи аттаган. Замирага ушул үй эле керек болуп атса, сага калтырдым. Биринчи аялым айткандай, сен мени сүйбөптүрсүң, сага менин ошол чоң үйүм, акчам, байлыгым гана керек болуптур. Эгерде мени чындап сүйгөн болсоң, үйдүн кереги жок, мага сен керексиң деп айтмак элең. Антип айтуунун ордуна, "бул үйдөн эч жакка чыкпайм" деп чыр салдың. Жаңы жылдан кийин үйдү сага каттатып, кийимдеримди алып чыгып кетем. Кааласаң апаңды чакырып ал, же үстүңө күйөө киргизип ал. Мен сенден эч нерсе талашпайм. Албетте, балаңды багып, үйдү караганга да каражат керек. Ошондуктан, бир кезде өзүң каалап жүргөн "Сулуулук салонун" ачып берем. Ошол салон сени багат, - деди.

#68 06 August 2014 - 23:35
Алмаздан мындайды күтпөгөн Замиранын көздөрү жайнап, анын айткандарына ишенээр-ишенбе-
син билбей жылмайып отурду. Ал эми Алтынай Актанды колума алмай болдум деп баарына кайыл, тагдырына ыраазы. Ага азыр баарыбир. Эгерде Алмаз андан баш тартып, уулун колуна берип, көчөгө чыгарып койсо да макул эле. Бир топтон кийин Алмаз сөзүн улады:
- Алтынайдын тагдыры кандай болоорун кийинчерээк айтам. Эми уулуң менен биздин үйдө жашай тур. Жаңы жылдан кийин баары ачык болот, - деди.
Алмаздын айтканына Алтынай унчуккан жок. Үчөө ресторанда тамактанып бүтүп, үйлөрүн көздөй жөнөштү.
***
Ой деген күлүк эмеспи, Замира: "Керек болсо үстүмө жаш күйөөнү киргизип алам да, жиниме тийсе каалаган учурда аны үйдөн кууп чыгарып салам. Анткени үй меники. Мен эми материалдык жактан эч кимге көзкарандысыз бай аялмын, жашмын, сулуумун, каалаган эркекти чекесинен чертип туруп таап алам" деп кыялданып, атүгүл жаш ойношу Рашидди чакырсамбы, кантсе да курсактагы баламдын атасы эмеспи деген ойго да жетеленди. Бирок, анын кош бойлуу кезинде карабай таштап кеткенин эстегенде жини кайнап чыкты. Андан көрө Даниярды киргизип алсам эмне болот деп эрден-эр тандап атты, өзүнчө.
Мындан аркы жашоом кандай болот, эгерде көчөгө чыгарып койсо айылга баламды көтөрүп алып кантип барам деген ой Алтынайдын башына келген жок. Эгерде ата-энеси анын эрсиз тууп алганына намыстанып урушса эч ким менен катышпай, уулум менен өз жашоомду көрөм деген чечимге келди. Бирок, жүрөгүнүн түпкүрүндө Алмазга деген сүйүүсү, анын кантип эле менден баш тартсын деген үмүтү сакталып турду.
А Алмаз чоң үйдү Замирага калтырып, өзүм шаардын борборунан үч бөлмөлүү квартира алып, кийинки жашоомду улайм деп пландаштырып атты. "Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет" болуп, бир чети Алтынайга баш кошуп, чогуу жашагандан да чочулап калды. Ал дагы Замира сыяктуу жаш, сулуу, ойносо оюнга, күлсө күлкүгө тойбой турган учуру. Жашы өтүп келаткан Алмаз сыяктуу адам менен канчага дейре чогуу жашай алат болду экен? Мына, азыр да Алмазды ойлондуруп атты. Же мурунку үйбүлөмө кайтып барсамбы деген ойго да жетеленбей койгон жок. Бирок, ыйлатып кеткен аялынын астына кечирим сурап, кайрылып баргандан намыстанды. Ал жактагы балдарына аталык кадыр-баркын эчак эле жоготкон. Кыялданып, өзүнүн каалоосу менен салган үйүн минтип Замирага таштап отурат. Жок дегенде Замиранын курсактагы баласы өзүнүкү болсо эмне?.. Мейли, эми болоор иш болду, боесу канды, мындан кийинки турмушуман, жашоомон жаңылбасам болду деп, Алтынай менен андан ары жашашты же биротоло кол үзүштү билбей ойлуу отурду.
***
Ошентип, көптөн күткөн жаңы жыл да келди. Үйдө эч нерсе болбогонсуп, баарынын көңүлү жайдары. Өзгөчө Замира дасторконду жайнатып, берээрге ашын таппай, Алмаз менен Алтынайдын көзүн карайт. Алмаздын көңүлүн оорутуп, таарынтып, үйдөн куру жалак калбайын деген Замиранын аракетин Алтынай байкаса да байкамаксан. Үйдөгү өзгөчө маанай Алмазга абдан жагып турду. Эгерде дайыма ушундай кырдаал болсо, эки аялдан тең кол үзбөй ушинтип чогуу жашай берет элем деген кыялга да жетеленди. Бирок, мындай маанай дайыма эле боло бербесин билет. Ар кимиси өз үлүшүн алгандан кийин бири-бирине азыркыдай жылмаймак түгүл, карабасын да түшүнөт.
Жаңы жылда үчөө бири-бирине жакшы каалоо-тилектерин айтып, майрамды эл катары тосушту.
Алмаз Замирага сөз бергендей үйдү тез эле анын фамилиясына каттатып берди.
***
Данияр Замирадан уулу Актан тууралуу укканда адегенде ага анча деле маани бербей, андан оолак болууну каалаган. Бирок, үйүнө келгенден кийин эмнегедир Актан анын көз алдынан, оюнан кетпей, аны көргүсү келе баштады. Кандай шылтоо менен Алмаздын үйүнө барып, Актанды көрсөм экен деп ойлоно баштады. Жаңы жылдан кийин ата-энемди ээрчитип Алмаздын үйүнө барып, Актанды көргөзүп келейин, алар кандай кабыл алышат болду экен деген ойго жетеленип, өзүнчө пландап койду. Анан бир күнү шылтоолоп, ата-энесин ээрчитип Алмаздын үйүнө барды. Эшикти ачкан Алтынай Даниярдын ата-энеси менен турганын көрүп, жүрөгү бир жамандыкты сезе катуу болк эте согуп алды

#69 06 August 2014 - 23:37
- Саламатсыздарбы?
.. - дешти Даниярдын ата-энеси эшикти ачкан Алтынайга. Алар менен сылык учурашып, колунда көтөргөн кичинекей Актанды алардан кызгана төркү бөлмөгө кирип кетти. Ары жактан Замира чыгып, конокторду үйгө киргизип, ал-жайды сурашкандан кийин эле сөздү Алмаз экөөнүн ажырашып атканына бурду:
- Алмаз экөөбүздүн отубуз күйүшпөй, тил табышалбай калдык. Анүстүнө ар ким сүйүүгө, өз теңин табууга укуктуу. Үй кызматкерибиз Алтынай менен Алмаздын жакын мамилесин билип, ажырашууга туура келди. Күйөөмдү кармап, үйбүлөмдү сактап калууга жакшы эле аракет кылдым. Бирок, ал аракетимен эч майнап чыккан жок. Акыры Алмаз бул үйдү мага калтырып, өзү башка үйгө көчүп кетерин, боюмдагы баласына жардам берип турарын айтты. Айла жок, Алмаздын айтканына көндүм. Мейли, эгерде Алмаз менен Алтынай бирин-бири чындап сүйсө, бактылуу жашашсын, - деп Замира акылдуусуна, кеңпейил экенин билгизе сүйлөп отурду. Атүгүл Алмаз менен Алтынайды да бир сыйра мактап өттү. Анын мындай оголе кеңпейилдигине Даниярдын ата-энеси таңгалып, Замиранын айткан сөздөрүнө ишенер-ишенбесин билбей турушту. А Замира ушунча байлыкка ээ болгонуна ыраазы боло, бул үйдөн Алмаз менен Алтынайдын эртерээк бөлүнүп кетишин күтүп аткан оюн алар кайдан билишсин.
Аңгыча эшиктин коңгуроосу кагылып, үйгө Алмаз кирип келди. Үйдөгү Даниярды, анын ата-энесин көрүп, алар менен учурашып, ал-жайды сурашкандан кийин Замира экөөнүн ажырашып атканын ал да айтып өттү. Аркы бөлмөдө коргонуп отурган Алтынайды кичинекей уулу менен чакырып келип, атайы Даниярдын көзүнчө:
- Бул менин болочок келинчегим. Жакында ачыкка чыгып, үйлөнүп, баш кошолу деген жакшы аруу тилегибиз бар. А бул кичинекей уулубуз Актанчик. Жашоодо баары болот экен, ушинтип үчүнчү жолу үйлөнөм деп ойлогон эмесмин. Бул кадамга барардан мурда Замира, Алтынай үчөөбүз жакшылап ойлондук, чогуу сүйлөштүк, акыры бир чечимге келдик. Замира да өз жашоосун көрсүн, ал да бактылуу болууга тийиш. Алтынай мен ойлогондой жакшы аял болот деп үмүттөнөм, ортобузда Актандан бөлөк дагы балалуу болобуз деп ойлойм, - деди. Даниярдын ата-энеси бул үйбүлөнүн тынч, акылдуулук менен бир чечимге келип ажырашып аткандарына ооздору ачыла таңгалып эле отурушту. Алар буга чейинки үйдөгү ызы-чууну, чырды кайдан билишсин. Алмаз Актанды эркелетип алып отуруп, катарлаш отурган Алтынайга карап:
- Эки-үч күндө бул үйдөн көчүп кетебиз, жаным. Кийим-кечектериңди, ала кетчү оокаттарды жыйнап даярдай бер, - деп чекесинен сүйдү. Данияр Алтынай менен Алмазды көрүп, эмнегедир ичи туз куйгандай ачышып, кызгана түштү. Алтынай менен Актан өзүнө жакын адамдай туюлуп, ошол жакындарын бирөөнө карматып жибергендей сезип атты. Анүстүнө Даниярдын ата-энеси да Актанды эркелетип, бир нерселерди айтып, маңдайы жарык, жылдыздуу бала экен дегендери ого бетер анын ичин күйгүздү. Азыр ичиндеги бугун ачыкка чыгарып, Актан өзүнүн канынан жаралган бала экенин, аны эч кимге карматкысы келбесин да айткысы келди. Бирок, колунан эч нерсе келбесин, тили кыска экенин түшүнүп, качандыр бир кетирген күнөөсүнө ушунчалык өкүнүп турду. Качандыр бир кезде ушинтип, Алтынай менен никесиз төрөлгөн баласы үчүн өкүнүп, буулугуп, ичи күйөрүн эч качан аңдаган эмес эле. Бирок, баары кеч, артка жол жок экенин билди. Даниярдын ата-энеси алардын тукумунан, канынан жаралган Актан өздөрүнүн карачечекей небереси экенин кайдан билишсин. Алар Алмаз менен Алтынайга, кичинекей уулуна бакыт-таалай каалап, баталарын берип, үйлөрүнө жөнөштү. Бир гана Даниярдын көңүлү чөгүп, аларга каалоо-тилек айтмак түгүл, карагысы да келбей, ичи уйгу-туйгу боло үйдөн чыкканча шашты...
***
Алмаз эл алдында сүйүүсүн айтып, Алтынайдын колун сурагандай болду. Коноктор кеткенден кийин ага деп атайын арнап алып келген кымбат баалуу шакекти тагып:
- Экөөбүзгө Кудай ыйман, бак, ден солук берсин! Мен шаардын борборунан төрт бөлмөлүү квартира сатып алдым. Сага сюрприз кылайын дегем. Эки-үч күндөн кийин ошол жакка көчүп кетебиз, - деди. Алтынай кубанганынан Алмазды кучактап ыйлап, анын кулагына:
- Мен сени эми эч кимге бербейм, сени эч кимге алмаштырбайм, жаным! Маңдайыма сени жазып койгон Кудайга миң мертебе ыраазымын! .. - деп шыбырап, ага деген аруу сезимин айтып, түгөтө албай атты…
***
…Убакыт учкан куштай зымырап өтө берди. Алмаз менен Алтынай Замирага калтырган үйдөн тез эле көчүп кетишти. Алтынайдын ата-энесинин алдынан өтүп, экөө чоң той беришти. Арадан жыл айланбай Алтынай Алмазга уул төрөп берди. Ошондо гана бешик тойго келген ата-энесине Алтынай качандыр бир кезде жаңылыштык кетирип, никесиз төрөлгөн уулу Актандын тагдыры тууралуу айтып берди. Кызынын жаштык менен азаптуу күндөрдү башынан өткөргөнүн угуп отурган энеси:
- Бейтаалай… Бейтаалай кызым… Эми Кудай мындан аркы жашооңо, өмүрүңө жарыгын чачып, көлөкө түшүрбөсүн, - деп батасын берип, кызы менен кошо ыйлады. Энесинин сөзүнө түшүнө бербеген Алтынай:
- Бейтаалай?.. Ким бейтаалай?.. Менби?.. Жок, мен бактылуу аялмын, менден ашкан бактылуу аял жок, - деп сыймыктануу менен айтты. Жөнөкөй, көзүнүн кареги менен тең айланган, мусулманчылыкты туу тутуп, эрине өйдө карап сүйлөбөгөн аялга туш келгенине Алмаз да бактылуу эле.
***
Замира жалгыз болбоюн деп энесин дароо эле үстүнө киргизип алган. Арадан убакыт өтүп, кыздуу болду. Төрөгөндөн кийин каалаган эркекти үстүмө киргизип алам деген ой-максаты эмнегедир ишке ашкан жок. Артынан ээрчип анда-санда үйүнө келип түнөп кетчү Данияр акыры Замирадан башка жаш кызды ээрчип кетти. Андан кийин Замира үйбүлөлүү, жаш жигитти үстүнө киргизип алды. Бирок, экөөнүн никеси көпкө созулган жок. Ал жигит өз үйбүлөсүн кыялбай, кайра кетип калды. Сүйүүнү, сезимди бакытты эч качан байлыкка сатып албасын Замира кеч түшүндү. Бирок, дале болсо үйбүлө курам, менин байлыгым эмес, өзүмдү сүйгөн чыныгы мырза жолугат деген үмүт менен жашап келет.

#70 07 August 2014 - 15:04
Соонун чыгарма го. Бироонун башынан откон чындык окшойт. Болгону бир аз коркомдолуптур.
А так чындык го.
Фейжи бул чыгарманы кайдан таап алдын. Кантсе да рахмат. Айрыкча жаш кыздар учун тарбиялык мааниси зор экен. Бирок баарыле Алтынайга окшок оз баласын таап бакытка болонуп жашап калбайт.

#71 07 August 2014 - 23:36
Сонун чыгарма экен, тим эле көз алдыма тартылып , менин бир жакынымдай сезимдер болуп кетти,Кудай сактасын. Рахмат Фейжи кыз. талыкпай бир дем менен жазып илип койгонуңузга!
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#72 09 August 2014 - 07:43
Тарбиялык мааниси чон жакшы чыгарма экен. Рахмат сага автор узбой жазыпсын. Баарын бир окуп чыктым. Баардык чыгарма ушинтип жазылса жакшы болмок.
#73 10 August 2014 - 16:28
Бул чыгармадан сериал тартса турк ,корей сериалдарын ат чабым аралыка таштоочудай эгер режиссеру жарашса.Авторго коз майынызды коротуп жараткан эмгегинизге ыраазычылык билдируу менен катар ийгилик каалайбыз...
#75 24 September 2014 - 00:55
кыскасы жакты
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#76 09 July 2015 - 09:00
Калмамбетова Назгүлдүн Өгөй кыз романын да жүктөп койгулачы, ,, сураныч....???
#77 22 July 2015 - 20:30
Чыгарма соонун экен!!!
Алтындай убактынызды болуп жазганынызга жана биздин ушундай соонун чыгарманы окушубузга себепкер болдунуз! !!
Сизге ыраазычылык! !!
Жашоодо эч ким бейтаалай болбосун,бардык адамдар бактылуу болсо экен ылайым!

Супер-Инфо
super.kg
видео