Суперстан: Башым маң...(((( - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Башым маң...(((( (кеңешиңиздер керек)

#1 Пользователь офлайн   Elizavetta   09 Июль 2015 - 05:42

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 14
  • Катталган: 04 Июль 15
  • Соңку аракети: 12 Ноя 2015 12:59
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:312

Саламатсыздарбы форумчу эжелер жана достор.Бугунку кундо аябай кенешиниздерге муктажмын.Мумкун сиздердин кенешиниздер мн туура жолду тандап алармын.Мени жемелебей туура тушунуу мн кенешиниздерди бериниздер сураныч.Жанылбаган жаак мудурулбогон туяк болбойт эмеспи,мен да бир жанылдым эми туура жолду тандашым керек.Кыскача эле жазайын.Анда соз башынан болсун.

Уй-булодо торт бир тууганбыз.Эжем жана 2 иним бар.Асыл апам жана атам бизди эч нерседен кем кылбай остурду.Мен жылдар айланып 11-класста окуп калган убагым.Ал кезде апам мн эжем кор тиригиликтин айынан Россияда иштеп журот болчу.Уйдогу жумуштардын баарын озум жасайм, мектепте да улгулуу окуучу болчумун,айылдагы эжейлер балдар копчулугу мага суктанчу келин кылып алабыз дегендер да четтен чыкчу.Артыман чуркагандарды тенсинбей бой которгон кыз болчумун ал кезде.Бир жагынан "апасы чет жакта журсо,кызы минтип журот" дешпесин деп элдин созунон чочулап эч ким мн суйлошчу эмесмин.Ал кезде досторумун баары жигит жандап калган убагы эле.Мен озумон 6 жаш улуу жигит мн таанышып калдым телефондон. Ал экообуз 2 ай тел.дон суйлошуп журуп жолуктук бир куну.Бой келбети келишкен орто эле болчу.Экообуз мурункудан да коп суйлошчу болдук,ал эми мага суйуу создорун арнай баштады.Омурумдо мындай создорду укпаган жаным ага арбалдым да калдым,эми ага озумо ишенгендей ишенет болчумун.Суйуу деген ушундай болот турбайбы деп асмандын жетинчи кабатында учуп журдум.Менин шартым болбогондуктан кез-кезде гана жолукчу элек.Бир куну ал озунун "максатына" жетти.Мен байкуштун боздоп ыйлаганымчы ошол кунку жер чапчып!! !....(((( Кыз бала алсыз болот эмеспизби ага кучум жетпеди,кыйкырдым ыйладым бирок мени андан болок эч ким укпады.Ал мени сооротуп жатты:"ыйлаба жаным,экообуз бактылуу болобуз мага ишенчи,мен сени суйом эч качан таштап кетпейм" деп....((( Бирок окунучтуусу ошол создорун аткара алган жок...((( Мин наалат ошол кундорумо,азыр да эстеп ыйлап жатам.Мен аны эч качан кечирбейм! !!Мени сыздатып коюп,кантип тынч жашап жатканын билгим келет.Менин убалым аны тынч коер бекен аны бир гана Аллахым билет.Ошентип ага болгон суйуум жек корууго айланды.Себеби ал "ата-энендин алдында жузунду жер каратпайм,сага тийбейм" деген создорундо тура алган жок!Тел аркылуу суйлошуп турдук андан кийин да,бир куну чужой номерден бироо чалат кайра-кайра жанымы койбой таанышалы деп.Мен андан болок эч ким мн суйлошпойт болчумун,болду болбоду номерими ошол берген деп ойлодум да,максаты эмне экенин билгим келди,таанышууга макул болдум.Аз убакыттан кийин эле билинип калды анын досу экени.Ошондогу акыбалымды соз мн жеткирип бере албайм сиздерге...(((( Анын ою досу мн мени тааныштырып туруп,жолуксам эгер устумон чыкмай болгон дагы,ошол шылтоо мн менден кутулуунун амалын пландаган экен.Аны досунан алдап сурап алдым,сизде деле карындаш болсо керек деп ыйлап-сыктап жатып.Ошондон кийин менден алысыраак ойно деп андан умутуму уздум.Ошол кезде мектепти аяктап жогорку балл мн окууга оттум.Окуйун десем эч эле конулум барбай,козумон жашым токтобой калган,уйдо жалгыз калганымда ошол кезде Султан Садыралиевдин "Суйуу тамчысын" жаныртып коюп алып жаздыкка бетими басып алып кыйкырып-кыйкырып ыйлаган кундорум аййй....((( Бир жагынан шаарда озбек-кыргыз кагылыша кетип,шаар башаламан... бир жагынан ошол баскан жолдон баскым келген эмес.Апам Россияда болгондуктан кел кызым бир жыл иштеп барып окуйсун,сени кайсы озбек каерде олтуруп кетет экен деп кыжаалат болуп отурбайын деп чакырганынан, бир жагынан андан алысыраак кетип жумуш мн алаксысам аны унутаармын деген ойдо ал жакка кетууго макул болдум.
Ошентип Россияга да бардым.Окубай калганыма кайгырсам,бир жагынан аны унутууга убакыт керек деп мекен мн кош айтышып келер-келгиче ыйлап келдим.Келип женилирээк жумушка кирип апам жанымда бир аз болсо да женилдеп калгандай болдум.Бирок баары бир журогумду ойугон окунуч жан-дуйномду сыздатканын койбоду.Убакыт учкан куштай ото берди.Мени мн чогуу иштеген кыздар бар болчу озум тендуу.Алардын бироосуно агасы келип учурашып калчу.Мага да тийишип суйлой берет болчу кыжырым келип тескери басып кетип калчумун.Ал кыздар мн коптон бери чогуу иштеп калганга дос деп кайрылчубуз бири-бирибизге. Ал кыз далай жолу айтып журду сени жакшы коруп калыптыр деп кээде тамашага салышып жене деп алышчу.Бир куну жумуштан чыгып ал кыз айтып калды жур агам келет сени таштап отобуз деп,метродон алысыраак болгонго сууктун куну оюмда эч нерсе жок эле макул болуп отурдум.Машина мн журуп корбогонго жетейин дедикпи деп эле улам-улам сурап коюп бара жаттым.Бир маалда мага бей тааныш коп кабаттуу уйдун алдына келип токтоду.Ал кыз жур уйго бир ууртам ысык чай ичип кет,азыр жеткирип коебуз бат эле деп бири биринин создорун коштоп мени кондурушту. Кирип чай ичтик,дегеле кыймылдайын дебейт ал кыз дагы.Кеттим мен кеч болуп баратат деп шашып калдым,аркы болмодон жоолуктарын которуп эки эже чыгып келатат.Онумбу тушумбу деп селейип эле квтып калдым.Селт эте ой эже эмне кылганыныздар бул деп,салынбайм эле салынбайм деп тополон кылып жоолугун салынбай койдум.Баланы мактап жактап эле жатышат,бири кулагыма кирген жок...тел.н заряды очуп калыптыр апама чалайын десем,ошентип алар мн алышып жатып тун ортосу болуп кетти.Бугун кеч болуп калды эрте мн апандарга кабар беребиз дешти.Ал кыз да агасын мактап макул дей бер ата-энелери жакшы деп жатты.Акыры мен чарчаганда макул аган мн суйлошуп коройун дедим.Оюмда ага болгонун айтсам мени кое берет деген ойдо.Мен ага турмушка чыга албасымды баары жогун айтып салдым.Ал сени коптон бери байкап журом,мен сени жакшы кором,сени бактылуу кылам мени уят кылба деген ондуу бир топ создорду айтты.Бирок мен баары бир макул болбодум.Эртеси апамдар келишти,аларды да ары жак бери жагынан отуп кондуро башташты.Кийин апам мага кирип айтты кызым ойлонуп кор,конулун болсо кала бер жакшы уй-булодон деди.Кыргызстанда кайын журтум атамын алдына барышып тууган-уруктарымы чогултушуп баары макул экоо суйлошкон болсо дешиптир.Алар мурунтан бири-бирин таанышчу экен эле.Ошентип аргасыз макул болуп турмуштун оор сыноолоруна бел байладым.Экообуз башында жакшы эле жашап жаттык.Коп отпой эле кош бойлуу да болуп калыпмын, 3 ай убакыттан сон кайнагам мн абысыным мекенге кетишти.Алар кеткен кундон баштап жашоо тозокко айланды кайра мен учун.Жолдошум кайнагам мн бирге магазинде иштечу,ал кетери мн магазинден чыгып алды да озу суйгон кесип мн ресторандардын биринде ди джей болуп иштеп калды.Кунуго кечинде кетет эрте мн мен жумушка баратканда келет.Кайталанма кундор отуп жатты,эми ал кундузу да уйго келбечу болуп калды.Мага дем алыш кундору тушко жакын келип кечинде кайра кетип калчу.Жумуштан кийин каерде эс алып жатасын деген суроомо жумушта деп жооп берчу.Акыркы кундору телефонуна смстер,звоноктор коп келе баштады.Бир куну кухняда отуруп бир кыз мн эзилишип суйлошуп жатканын уктум,унчукпадым. Бара-бара менин алдымда суйлошуп калды ким ал десем паланча эже,тукунчо эже бирге иштейбиз дейт.Бир жагынан анын баскан-турганы мага жакпай,экинчи жагынан таксикоз болуп аябай кыйналып,жудоп, арыктап кеттим.Кунуго ый кунуго ый болуп жатты,озумду- озум куноолойм... ((( Кайра ага жиним келет эркектин баары бир турбайбы,баарына кайыл болуп алгандан кийин кайра мындай кылганы эмнеси?!... ((( Ыйлап журуп акыры кондум баарына,аябай конулум калып кетти...дегеле жашоо кызыксыз болуп баратты кундон-кунго. ..Олгондун устуно комгон кылып,айыкпаган жараны ырбатты!Баарына чыдап жашашым керек болчу айылга ата-энемин уйуно баргандан намыстанып чыдадым баарына,андан башка жол жок болчу!Уйго кааласа келет болбосо жок,кундор отуп жатты билинбей 5 ай отуп кетти.Ал ортодо экообуз катуу уруша кетип мени аябай сабаган,машина катуу ылдамдыкта журуп баратканда ичимен:Аллахым мени кечир,мен сыноолоруна чыдай албадым,кагылайын апакем ак сутундун бир тамчысын да актай албаганым учун кечир,кечиргиле баарынар! " деп озумду таштап жибердим....(((((( Бирок кудай мени албады,ичимдеги 5 айлык болчу...колу- бутум сыйрылып,башым асфальтка катуу тийгендиктен эс учуму жоготуп жатып калдым.Ошол окуядан сон айылга кетебиз барып жакшы жашайбыз,акыркы кундору озумо озум тушунбой баратам деп калды.Айылга келдик ата-энеси аябай жакшы кабыл алышты жакшы адамдар экен бат эле тил табышып уйронуп кеттим.Кайнатам неберелерине кошуп мени да эркелетип турат уйундо кайнагамын балдары бар болчу.Дагы убактынча жакшы жашап калдык,кайра эле уйронгон адатын баштады.Бир куну жаман кыздардан "оору" жугузуп келиптир.Ушул окуядан сон муздаган журогум ташка айланып калды.Жашабайм деп кыйла эле болдум так секирип,бирок кайын журтум жакшы болгондуктан алардын созунон чыга албадым.
Ай кунумо жетип уул тородум.Баламы коргондо бардык коргон кыйынчылыктарым заматта унутулуп,ушул убактагы бактылуу коз ирмемдеримин аягы жок болсо экен деп тиленип жаттым.Асыл апакемин кадырын дагы бир жолу тушунуп жеттим.Баары кубанып жатышты.Убакыт ото берди,журогум эч жылыбай койду жолдошума деген.Ал адатын кое албай журо берди.Анын девушкаларына чалгандан да коркот элем,бирде сен аларга эмне чаласын,эмне озгорду деп кол которгонго чейин барган эле.Мына азыр да коптон бери кимдир бироо мн мамиле кылып жургонун сезип,билип турсам да унчукпадым. Себеби айткандан пайда жок,уруш-жанжалдан башка эч нерсе чыкпайт.Бир куну дагы бир кызына чалдым атайын,баарынан тажап балам учун гана жашап жургон элем.Ал кечинде келип телефонуму текшербе дебедим беле,неге чаласын ага деп дагы уруша баштады.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Elizavetta   09 Июль 2015 - 05:56

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 14
  • Катталган: 04 Июль 15
  • Соңку аракети: 12 Ноя 2015 12:59
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:312

Мен да чыдай албайт болчумун артык,сабырым тугонуп бараткан эле,"канчага чейин ушинтип журосун,тажадым баарынан ошол кочодогу кыздарына уйлонуп алып каалагандай жашай бер,жашабайм сени мн" деп ызы-чуу болуп жатсак кайнэнем кирип калды.Бизди коруп качан экоонор ынтымактуу жашайсынар кагылайындар силерге эмне жетпейт деп кайгырып кирди.Мага мээрим,конул буруу,урмат- сый,жылуулук керек болчу андан,андан башка эч нерсесинин кереги жок болчу!!! Ошентип кетем жашабайм деп когоруп туруп алдым,ага чейин кайнэнем мн кайнатамын созунон чыга албай калып кетчу элем.Эртеси куну туш оогондон кийин мени уйго таштап кетишти:" экоонун ыркы келишпей эле урушуп жатышат,бири- биринин кадырын билишсин кийинчерээк алып кетебиз" дешти.Апама баарын айтып бердим козумун жашын колдотуп,байкуш апам ушунча кордукка чыдап журо бердинби,биз тируубуз го акыры деп боору ооруганынан ыйлап мени да жамелеп алды.Ошентип артыман келишкенде апамдар жибербей койду
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   banda-312   09 Июль 2015 - 06:20

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 221
  • Катталган: 02 Март 15
  • Соңку аракети: 26 Июл 2015 19:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан Бишкек

Анан
калын элди жамандаба
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Elizavetta   09 Июль 2015 - 06:20

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 14
  • Катталган: 04 Июль 15
  • Соңку аракети: 12 Ноя 2015 12:59
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:312

Балам 1 жашка чыкканда чыкканда апама таштап Алматыда таэжемдер мн соодада иштедим.Баламы сагынып кусадан ооруп эч ишке конулум чаппай аябай кыйналдым,коп отпой баса бердим баламы карап кайра 2 айдан кийин Россияга келдим агаларым женелеримин жанына.Кайнэнемдер неберебизди сагындык карап туралы деп келишкенинен апам макул болуп бериптир.Кийин апам да келди бул жакка,баламы 1,5 жашынан бери кайнэнем чонойтуп жатат.Арадан убакыт отуп ал дагы уйлонду,уйлонгонун угуп тынчымды албайт эми деген ойдо бардым айылга.Барып кайнатам мн суйлошуп баламы алып келип берди.Менин барганымы угуп арыдан-бери кетиришип мени кайра жараштырмай болушат.Мен ынабаганыма карабай тууган уруктарым балан учун жаша дешип,коптошуп жашатып коюшту.Ортобузда эч жылуулук жок,конулум катуу калганга сыртыман кечиримиш болсом да,журогум кечирбей койду.Же озу да менин конулуму алып имерилбеди. Чужой адам мн жашагансып ынгайсыз болуп журдум.2 ай жашагандан сон кайра апамын жанына келе бердим.Азыр болсо кайра-кайра чалып уялбай акча сал деп,жакшы жашайбыз деп кечирим сурап 6 айдан бери чалат.Курук убадаларын аткара албасын жакшы билем.

2 жылдан бери башым ман.Кайсы жолду тандашымы билбейм.Баламын келечеги учун омур бою кыйналып жашашымы билбейм же озумун бактым учун курошоруму билбейм.Баламы бербей коюшса кантем?...((((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   banda-312   09 Июль 2015 - 06:22

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 221
  • Катталган: 02 Март 15
  • Соңку аракети: 26 Июл 2015 19:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан Бишкек

Канча жаштасыз
калын элди жамандаба
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Aijamal_95   09 Июль 2015 - 07:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 800
  • Катталган: 30 Май 14
  • Соңку аракети: 22 Фев 2021 10:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан Жалал абад

Эже жашайм деп аракет кылыпсы3го. Иштин бары жолдошуну3да экен. Неге эркектер мындай билбейм. Коп ойлонбон, сизда пешенедегин корос. Эн неги3гиси бактылуу болун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   maks1980bishkek   09 Июль 2015 - 09:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 258
  • Катталган: 14 Март 15
  • Соңку аракети: 21 Сен 2020 11:17

Аны менен омур бою кыйналып жашаганча ажыраш,оз бактынды тап.кийин убакыт отушу менен кыйналып каласын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   SMS Aroma   09 Июль 2015 - 09:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 801
  • Катталган: 03 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 13 Дек 2023 13:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалган дуйно

Акча учун , эмне кылууга гана даяр адамдар...? Бузулган адам , эркине багынбаса,уйронгон адаты калбайт. Эгер ырас , жашагысы келсе ,онолсо , акча сурап эмес , аракет кылып , озу тапмак акча, жашоо учун курошмок.
Бактылуу болууну кааласаныз, отконго кайрылбаныз ! А баланы да , эки ортодо кыйнайсынар. .. Баланын келечегин ,тарбиясын ойлосонуз , кайнене-кайнатанызга ыраа корунуз (жакшы адамдар депсиз го), алар толук кандуу атанын-эненин да , тарбиясын беришээр... А озунуз алсаныз, куйоого тийсениз , балага огой оз болбойт, балада баарибир жетишсиз тарбия,жетишсиз мээрим болот. Куйоосуз жашайм десениз, жалгыз бой толук кандуу тарбия бере албайсыз, озунуздун бактынызды чаап , баланы да бактылуу кыла албайсыз. Жакшысы , башкага тийиниз ,бакыт курунуз . Бала баарибир оз канын тартат,андыктан чон ата,чон энеси менен чонойгону жакшыдыр. Акыл калчап корунуз ,оз тагдырыныз - оз колунузда !
ар бир тамчы бакыт - сенин дидарында , аруулугун - жылмайган ууртунда ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Odik11   09 Июль 2015 - 11:00

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 44
  • Катталган: 15 Июль 11
  • Соңку аракети: 27 Дек 2018 17:00
  • Жынысы:Эркек

Менин оюмча маселенин торкуну тээ мурдагы жоготкон КЫЗДЫКта! !! Бука мурду сасык болсо да гулдун жытуусун жыттагысы келет. Кыргызда соз бар, Абийринди жашындан сакта деген, эми ошонун жыйынтыгы чыгып атат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Aidyn   09 Июль 2015 - 11:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 244
  • Катталган: 24 Февраль 13
  • Соңку аракети: 16 Май 2021 01:09

Сен баарына озун кунолусун. Акылдуумун деп коесун акылынындын бир тамчысын да корбодум.
Силердин аялдык бактынар кыздык намысынарга негиз болот. Кыскасы намысынды сакташын кк болчу.
Куйон кандай адам экенин билбейм бирок мен жошоодо коргон билгенимди айтып берейин.
Дос балам бар 1 кластан бери жетелешип чонойгонбуз. Жакшы билем аны аябай жакшы бала. Бир шаардык кызга аябай жугуруп аягында жетип уйлонду. Аяшкабыз чынында эле татынакай, бирок шаар коргон эчкилерден эле. Доскем деле не подарок. Биз далай айтык "сулуунуку кургабайт, курсун которгон неме экен ж.б" создорду. Суйом деп эле туруп алды.
Уйлонду, нике тундо кыз чыкпай калды. Озу эле бир жерин кесип кан чыгарып коюптур. Башында жакше эле болчу 4 айдан кийин эле доске левый движениялрды кылып озгоро баштады. Ичип калганда эле айтып калат жанылыпмын деп. Кэде достор, аяшкалар отуруп калсак биздин козубузчо аялын кагып силкип "кыз болуп тийдин беле мага" деген создорду айтып уруша берет. Айта берсен соз коп. Акыры ажырашып тынышты. 2 жаштагы баласын сот аркылу озуно алып алды. Аяшкабыз жаман эмес жакшы кыз эле. Уйундо журот азыр элге соз болуп кочого чыгалбай.
Кыскасы алтыным биз эркектердин кобунчосу к.намыска чон маани беребиз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Holerik10   09 Июль 2015 - 11:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 252
  • Катталган: 07 Июнь 15
  • Соңку аракети: 05 Июн 2016 11:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Ий тооба кыздыгын озу каалап алдырган жокко эч ушу эркектер озуно чан жугузгулары келбейт а эже кайгырбан эми ал куйоонуз ошол бойдон калат эми аны менен жашаштын кереги жок баланыз дагы мумкун чонойгондо тушуноор озунузду озунуз жемелебей жакшы кундорду умут кылыныз Ар кайсы жаман нерсенин артынан созсуз жакшылык керек эми озунузду жакшы карап Сабыр кылсаныз сизди суйгон сизди сыйлаган адам чыгат болду эми коп кыйналвай озунузду караныз озунузго коп конул бурун кайгыга чокпой кудайдан д'уа кылып бактынызды тилениз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   DaRhaN.   09 Июль 2015 - 11:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 001
  • Катталган: 20 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2015 15:47
  • Жынысы:Белгисиз

Айдын мырзага кошулам 100%
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   DaRhaN.   09 Июль 2015 - 11:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 001
  • Катталган: 20 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2015 15:47
  • Жынысы:Белгисиз

Жарашпай эле кой анын онолбойт гарантия берем.Акчада салба.Эшектей болбой иштеп тапсын.Акча салсан чачып жок кылат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   banda-312   09 Июль 2015 - 11:42

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 221
  • Катталган: 02 Март 15
  • Соңку аракети: 26 Июл 2015 19:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан Бишкек

Просмотр сообщения Aidyn (09 Июль 2015 - 11:09) жазган:

Сен баарына озун кунолусун. Акылдуумун деп коесун акылынындын бир тамчысын да корбодум.
Силердин аялдык бактынар кыздык намысынарга негиз болот. Кыскасы намысынды сакташын кк болчу.
Куйон кандай адам экенин билбейм бирок мен жошоодо коргон билгенимди айтып берейин.
Дос балам бар 1 кластан бери жетелешип чонойгонбуз. Жакшы билем аны аябай жакшы бала. Бир шаардык кызга аябай жугуруп аягында жетип уйлонду. Аяшкабыз чынында эле татынакай, бирок шаар коргон эчкилерден эле. Доскем деле не подарок. Биз далай айтык "сулуунуку кургабайт, курсун которгон неме экен ж.б" создорду. Суйом деп эле туруп алды.
Уйлонду, нике тундо кыз чыкпай калды. Озу эле бир жерин кесип кан чыгарып коюптур. Башында жакше эле болчу 4 айдан кийин эле доске левый движениялрды кылып озгоро баштады. Ичип калганда эле айтып калат жанылыпмын деп. Кэде достор, аяшкалар отуруп калсак биздин козубузчо аялын кагып силкип "кыз болуп тийдин беле мага" деген создорду айтып уруша берет. Айта берсен соз коп. Акыры ажырашып тынышты. 2 жаштагы баласын сот аркылу озуно алып алды. Аяшкабыз жаман эмес жакшы кыз эле. Уйундо журот азыр элге соз болуп кочого чыгалбай.
Кыскасы алтыным биз эркектердин кобунчосу к.намыска чон маани беребиз



Не бул мени ал деп жалдырап тийдиби намыстанса ачыгын айтыптыр ошондо албай койбойбу .
калын элди жамандаба
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   zzari-83   09 Июль 2015 - 12:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 036
  • Катталган: 25 Январь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2020 19:06
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ардактуу айылым

Уйронгон адат олгондо калат деген соз барго анын сынары куйоондун онолушуна билбедим коз жетпейтко.Озун чече турган маселе экен чындыгында. Аны менен жашоон кайра баштагыдай болобу кайра жарашсан.Бир аракет кылыпсынар болбоптур.Куйоон азыр иштеген дайындуу иши жок,акчадан кыйналып эле жалдырап аткан кербези.Баланды кайн журтундан талашпай эле кой дегим келди.Канткен кундо да оз ата журтунда чонойгону жакшы деп ойлойм.Озун жакшы,ылайыктуу бироо чыкса турмушка чык дегим келип турат.Артка карап кылчактай берсен озунду озун жеп бутосун.Андыктан тее башында кетирген катачылыктарынды ойлоп озунду жей бербей,алдыга жаны умут,максат коюп умтула бер...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Nuranna_93_kg   09 Июль 2015 - 12:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 752
  • Катталган: 19 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Фев 2016 01:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Бул жерде автор акылдуумун деп айткан созун байкаган жокмун го.Озун куноосун билип эле жанылдым,туура кенеш бериниздер дептир го.Жон эле кенеш берип коюп чыгып кете бериниздер да,ого бетер конулун оорутпай.Ошол эле кыздарды ким алдап пайдаланып кетип жатат баягы эле алсыз эркектер! Бироого ор казарда терен каз,озун тушосун деп айтылат.Копчулук кыздар ушундай переходный возрастта кыздыгынан айрылат.Себеби эч нерсени корбогон билбеген кызды алдап коюу оной болсо керек аларга.Автор сизге Аллахым бакыт берсин жана туура жолду озу коргозсун амиин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Жолоочу_Kosmopolitka_* 09 Июль 2015 - 12:29

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Ал менен жашабай эле коюнуз. Баланы озунуз багып, тарбиялап бутка турунуз. Андай эрдин же атанын болбогону мин эсе тузук.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   medina.   09 Июль 2015 - 12:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Акыркы убакта коомубузда ушундай тагдырлар кобойду.Окунучтуу! Азыр адамдар бири-бирине баш ийгилери келбейт,озум бактылуу болсом болду башка менен ишим жок дебей Кудайдан жакшы жашоону тилейли.Майда нерсе да Алладан,отуруп алып эле"Мен бактылуу болоюн"дебей, ошого чын ыкластан аракет кылайлы,пейлибизди ондойлу,ичибизди кен койолу,коро албасытыкты таштайлы...Аллахта баары бар,"Сен менден сура,мен берейн,бирок намаз менен.Сен менден алакан жайып сурап жатсан,мен бербей коюштан уялам".Аллахым башкасынан айтпаса да,кыз баланын багын ачса экен.Кунумдук жыргалчылыкты эмес,келечегибиз учун жан уройлу."Созум башка жака бурулуп кетти окшойт.Бизге окшогон жаштарга сабак болду.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Disappear   09 Июль 2015 - 13:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Кечиресиз, качан аялзаты озун ойлогонду уйронот??? Негизи эле адам озун ойлогонду уйронот??? Алдына чыксын, артсына чыксын, алар сен сезгенди сезбейт, сен жашаган кун менен жашабайт, бир уйдун жарыгы бир уйго тийбейт ко.
Озунуз билгендей кыласыз дечи, бирок кайрылуу эмес, бир ооз суйлошунун дагы кереги жок. Озунузду озунуз бага алат экенсиз, ал адамга ишениминиз жок экен, кайра эле баардык кемсинтуулорду башынан баштоонун кереги барбы? Баланызды озунуз эле тарбиялап алыныз. Ар кайсы кир, пас адамдарга жашоонунзга аралашканына жол бербениз. Озунузду дагы куноолону кереги жок. Башында жаштык кылганыныз учун бир эмес, бир нече жолу жообун деле бериптирсиз.

Ар кайсы акылмандарга айтаарым оз башыныздардан отуп, сай соогунорго батпаган сон, тема ээсин кызсын- кыз эмессин деп, озу дагы ар кайсы туугандарынын кысмагында турганда жарасын жанырткандын кереги жок.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Meerish.06   09 Июль 2015 - 14:29

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4
  • Катталган: 06 Июль 15
  • Соңку аракети: 23 Июл 2015 00:18
  • Жынысы:Аялзаты

Эже сизге айтарым.
Ар бир адам бактылуу болууга тийиш андыктан сизда бекер пайдасыз эркек м.н кун откоруп жашаштын кереги жок.
Бактыныз ачылса сизда турмушка чыгып бактылуу болосуз.
Артка кылчайбай озунузду колго алып иштей бериниз.
А баланыз болсо ата журтунда эле чонойгону жакшы,тем более эркек бала барибир ата журту керек болот.
Кабар алып турсаныз кийин чонойгондо озу жаман жакшыны айырмапа алат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 01:54

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: