келгиле хаккерлер жонундо маек куралы !!!
Кыргызстанда хакер барбы?
- (6 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Хакердин сыры - ал кантип иштейт?
#2 09 Июль 2015 - 13:09
Баар
калын элди жамандаба
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
#3 09 Июль 2015 - 13:13
Менде конф болсо взлом кылып кире алам одного
калын элди жамандаба
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
#5 09 Июль 2015 - 15:44
менимче алар жонокой эле башкалвр байкабаган нерсе менен хаккерлик кылат
Бирок ал нерсеге биздин оюбуз жетпейт ошондуктан алар оздорунун сырын ачпайт менимче сырын ачса жонокой эле нерсе болуп чыгат

ААА
#6 09 Июль 2015 - 16:13
Хакер деп биз колдонуп жаткан, телефон, компютер жана ушу сыяктуу нерселди мыкты билген адамдар деп ойлойм. Мен да хакер болгум келип атыры
#7 09 Июль 2015 - 16:14
Bujum (09 Июль 2015 - 15:44) жазган:
менимче алар жонокой эле башкалвр байкабаган нерсе менен хаккерлик кылат
Бирок ал нерсеге биздин оюбуз жетпейт ошондуктан алар оздорунун сырын ачпайт менимче сырын ачса жонокой эле нерсе болуп чыгат
Бирок ал нерсеге биздин оюбуз жетпейт ошондуктан алар оздорунун сырын ачпайт менимче сырын ачса жонокой эле нерсе болуп чыгат
#8 09 Июль 2015 - 16:19
Мамлекеттик же жеке ишканалардын жашыруун маалыматтарына ээ болуу үчүн хакердик чабуулдар болорун угуп калсаңыз керек. Хакерлер деген кимдер? Кандай иш-аракеттерди жасашат? Кыргызстанда хакерлер барбы? Анда бул суроолорго чогуу жооп издейли.
БАЛТАЛОО
Хакер (англис тилинен “hacker” – “кесүүчү”, “бузуп салуучу” деп которулат) – компьютердик системдер менен программаларды ийне-жибине чейин кылдат билген адам. Башында хакерлер деп программалык камсыздоодогу каталарды бат оңдогон кишилерди аташчу. Мындай оңдоолордун оройлугуна байланыштуу ал жумуштар балталап салуу катары мүнөздөлчү. Ошол себептен “хакер” аталышы пайда болгон. Азыркы убакта көп учурларда хакерлерди компьютердик чабуулчу-крэкэрлер катары эсептешет (англисче “cracker” – “сындыргыч”, “талкалагыч”) . Бирок “хакер” сөзүн мындай пайдалануу туура эмес. Анын компьютердик термин катары пайда болгон кезден бери (өткөн кылымдын 60-жылдары) жаңы маанилери пайда болду.
БУЗУП УУРДООЧУ ЭМЕС
Мисалы, хакер тармактык бузуп уурдоочу ууру (взломщик) деген маанини берет. Мындан тышкары компьютердик вирустарды түзүүчүлөргө жана кардерлер, крэкэрлер, скрипт-киддилер сыяктуу бардык компьютердик кылмышкерлерге карата колдонулат. Көптөгөн компьютердик бузукулар хакерлер деп аталууга укуктуу, анткени жогоруда саналган “хакер” сөзүнүн бардык аныктамаларына дал келет. Эгерде мурун хакерлердин көпчүлүгүн өспүрүмдөр түзөт деп айтсак, ошол 60-жылдары хакердик менен алектенгендер бүгүн ардактуу эс алууда.
СОТТУН АКЧАЛАРЫ ЖОГОЛУП...
Дүйнөгө белгилүү хакердик чабуулдардан мисал келтирели. Эгерде дүйнөдө хакердик сынактар өткөрүлсө, анда Кевин Митник (АКШ) калыстар тобунун төрагасы болмок. Ал 1983-жылы Пентагондун жашыруун маалымат сактаган компьютерине жашыруун кирүүгө мүмкүнчүлүк тапкан. Ошол үчүн 1988-жылы камакка алынып, досунун саткынчылыгынын айынан 1 жылга эркинен ажыратылган.
“Концерт” ал абактан чыккандан кийин башталган. Митникти эркинен ажыраткан соттун банктык эсебинен акчалары уурдалып, үй телефону өчүрүлгөн. Ушул сыяктуу мыйзам бузуулары үчүн 4 жыл түрмөдө отуруп чыккан хакер – азыркы күндө “Mitnick Security Consulting” ишканасынын кожоюну. Мындан тышкары Кевин Поулсен (1994-жылы АКШдагы Федералдык Тергөө Бюросунун телефондук сүйлөшүүлөр сакталган жашыруун маалымат базасын бузуп уурдагандыгы үчүн 5 жылга камалган), Адриан Ламо (“Bank of America”, “Microsoft”, “New York Times”, “AOL”, “Sun Microsystems”, “Yahoo!”, “MacDonald's” ишканаларына чабуул жасаганынан көп жылдар бою АКШнын тартип сакчыларынын көзөмөлүндө болгон), Жон Дрейпер (АКШда телефон аркылуу бекер чалууларды аткаргандыгы үчүн 1976-жылы 2 айга эркинен ажыраган), Владимир Левиндин (каржылык “Citibank” ишканасынын тармагын бузуп, башка банктардагы эсептерине 10 миллион доллар которгон. Америкалык тыңчылар тарабынан колго түшүрүлгөн) укмуштуу окуялары белгилүү.
БИЗ ДА КУРУ ЭМЕСПИЗ
Кыргызстанда бир нече жыл мурун өздөрүн “Кислотный дождь” аташкан хакерлердин тобу өлкөбүздүн көптөгөн компьютерлерине вирустук чабуулду жаадырып элге таанылышкан. Алардын шакирттери учурда да бар экендиги тууралуу кептер айтылып келет.
2005-жылы украиналык хакерге өзүбүздүн эле белгисиз мекендешибиз тарабынан Кыргызстанга хакердик чабуул жасоо буйрутмасы берилген. Кээ бир чет элдик маалымат булактарынын жазууларында «интернетти саясий курал катары колдонгон Кыргызстандын оппозициясына даректелген» деп жазылган.
2009-жылдын январь айында Кыргызстандын провайдерлеринин серверлерине чет жактан чабуул жасалган. Ошол маалда биздин сайттарга чет мамлекеттерден кирүү мүмкүн эмес болуп же жүктөлүшү жай болуп калган. Тилекке каршы, чабуул кайсы өлкөдөн болгону аныкталган эмес.
КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
2001-жылы 23-ноябрда Будапешт шаарында компьютердик маалымат жаатындагы кылмыштуулук тууралуу Европа кеңешинин Конвенциясы кабыл алынган. Ага Орусия, АКШ жана Япония кол койгон. Ал эми бизде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 193-беренеси боюнча коммерциялык же банктык сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз алуу, 290-беренеси боюнча электрондук эсептөөчү машиналар үчүн зыяндуу программаларды түзүү, пайдалануу жана таратууга тыюу салынган. Ошондой эле КРнын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 409-беренесинин 2-бөлүмүндө компьютердик маалыматка уруксатсыз кирүү жана 409-берененин 3-бөлүмүндө ЭЭМди колдонуу тартиптери, анын системин жана алардын тармагын бузууга каршы мыйзамдар каралган.
Хакерлердин бузуп-уурдоодон сырткары коомго пайдалуу салымдары бар. Мисалы, Крис Касперски – компьютердик тематикага байланыштуу 16 популярдуу китептин жана материалдардын автору. Линус Торвальдс Linux ачык ядросун түзгөн.
«ХАКЕРдин ТӨШӨГҮ ЖЫЙЫЛБАЙТ”
Кызыктырган суроолорубузга кезинде хакерлик менен ээн баштык кылып жүргөн, белгилүү бир банкта маалымат системинин мурунку коопсуздук администратору Алмаз мырза жооп берди.
– Хакерлер эмнеден ырахат алышат?
– Хакерлер өздөрүнүн жасаган иштеринен, алдына койгон максаттарын аткарууда кездешкен көйгөйлөрдү чечүү менен ырахаттанышат.
– Кайдан билим алышат?
– Көп учурларда шыктуу хакерлер жогорку окуу жайларын бүтүшпөйт, кээ бири мектепти бүткөндүгүн тастыктаган аттестаты менен дагы мактана алышпайт. Хакерлерди даярдоочу атайын окуу курстары жок. Алардын көбүнчөсү «самоучкалар» болушат.
– Алардын кызыкчылыктары эмнеде?
– Албетте, компьютерден сырткарысын айталы. Илимий фантастика, логикалык оюндар, шахмат, музыка. Кээ бир улуу муундагы хакерлер активдүү радиоугармандар эле. Азыр бош убакытта персоналдык компьютерлерди жана жаңы уюлдук телефондорду эрмектешет.
– Сергек жашоого болгон көз карашы кандай?
– Хакерлер болгон күчү менен командалык спорт оюндарынан качышат, аларды футбол же баскетбол ойноого кандай гана аракет кылбагын, өлүмгө тете кыйноо катары көрүшөт. Андан сырткары сыналгы көрүүгө көндүрүш абдан эле оор. Керек болсо футбол боюнча Дүйнө биринчилигинин финалы же Олимпиада болуп жатса да. Хакерлер көргөндү эмес, аракет жасаганды каалашат. Көп учурларда медитация жана чыгыштын спорт маданиятына кызыгышат.
– Хакерлер башкалардан кандайдыр бир оң жана терс сапаттары менен айырмаланышабы?
– Башкалардан жогорку деңгээлдеги интеллекти, бардык жаңы нерселерге эмоцияга берилбей, абстракттуу ой жүгүрткөнү менен айырмаланышат. Өспүрүм хакерлер чанда эле дос күтүп, көп учурларда жалгыз жүрүп жана өзүнө окшогондор менен баарлашууну каалашат. Хакерлер бир гана компьютерлер жөнүндө сөз кыла беришпейт, алардын көбү башка темада деле аңгеме кура алышат, бирок хакерден өлкөдөгү саясий абал жана дүйнөлүк мода тууралуу маалымат күтпөңүз. Ал эми терс жактарынан кеп салсак, көпчүлүк учурда интеллектуалдык деңгээли төмөн аңгемелешине орой жана чыдамсыз болушат. Виртуалдык дүйнөдө уюшкандыктын жана тууралыктын мисалы болгондор жашоодогу көнүмүш кырдаалдарга көнө алышпайт. Алардын төшөгү жыйылбайт, коммуналдык эсептери төлөнбөйт, керек болсо идиш-аяктары жуулбайт.

*************************************
#9 09 Июль 2015 - 16:23
жакындале бир подросток субтитри менен новости берилетко ошолордун текстин озгортуп коюп новости болуп жатканда озун селфи кылып видеого снимать этип интернетке выложить этип койдуго вот ошолор хакерлер бирок бир законду бузсан соттолосун женилеле нерсе болсо штраф и андан кийин учетко алып коюшат так что главное не спалиться
#10 09 Июль 2015 - 16:37
Кыргызстанда сайттар жайылып кетти эле, козун корбогон нерселерди коросун го кирсен эле, ушундай жарнама кылган сайттарды кыргыз хакерлери жок кыла алышабы же андай денгеле жете элекбизби?
#12 15 Июль 2015 - 20:32
Москвада коп эле кордум козомол кучтуу кичине эле баштасан дароо эскертуу келет. А КРда кандай барганда билебиз да.Негизи Хакерлерди максатсыз жашагандарга да кошсо болот экен.
#13 16 Июль 2015 - 02:49
Maero (15 Июль 2015 - 20:32) жазган:
Москвада коп эле кордум козомол кучтуу кичине эле баштасан дароо эскертуу келет. А КРда кандай барганда билебиз да.Негизи Хакерлерди максатсыз жашагандарга да кошсо болот экен.
кичине эле баштасан деген жеринен кичине подробно айтып койчу эмнени баштасан хакер корунгун келип жатабы же чынеле созундо чындык барбы
#14 16 Июль 2015 - 03:31
Kurguzstandada xakerler bolgonu uchun kyrmanjan datka tasmasi internetke jailip ketti dep oiloim...
#15 16 Июль 2015 - 07:00
Кыргызстанда бар хакерлер. Бирок жогорку деңгелдүү эмес. Хакерлер бир эле иш менен айлар, жылдар бою алек болушат. Алар ушунчалык пухта иш кылат, иштеринде зерикпей баарын так аткарышат, бир дагы ката болбойт, шашпай баарын ойлоп, эсептеп кандай кылсам кандай болот, кандай кылсам жабырлануучулар мени билбей калат деген сыяктуу суроолорго шашпай кенээн ойлонуп жооп таап анан ошол жообуна 100% ишенгенден соң гана аны ишке ашырууга киришет. Мыкты хакерлер ушунчалык акылдуу болушат мисалы бир банкты талкалап кирип акчасын алам десе ошол банк тууралуу ийне-жибине чейин маалымат топтойт дагы анан мисалы кылуучу иши узака чозула турган болсо алдын ала билип алат ал банктын алдыга койгон максаттарын,
мисалы банк защитасын кучойтуп калуусу мункун ушул сыяктуу алдына койгон максаттарында так аныктап алып этияттык менен иш кылат!
#16 16 Июль 2015 - 07:06
Ишинде майда-чуйдо нерселерине дагы чон конулун бурат. "Ээ бул эч нерсе болбойт" ушул сыяктуу созду эч качан дебейт. План дагы тузуп алат жана дагы ошол пландагы кичине жеринда так аткарат. Хакерлер убакытты баалашат анткени алар бир эле иш менен айлар, жылдар бою алек болушат. Ошол учун бош убакыттарын алар бир гана пайдалуу нерселерге сарптоону каалашат и пайдалуу нерсеге сарптайт. Мынтип бизге окшоп конул ачып журуу аларда ото кем убакыттарда болот! Алар интернет, технологияларга озун, омурун, жашоосун арнап койгондор болот. Мындай арноого ото кызыкандык себеп болот!
#17 16 Июль 2015 - 08:20
Хакер алар бизде эмнеге жок деп кызыгып жатасынарбы?
Анын себеби бизде жакшы окуу жайлар жок.
Анан кантип хакерлер чыксын.
Байкасанар копчулук хакерлер мыкты программа иштеп чыгарган мамлекете чыгып жатат.
Бизде андай кучтуу программа иштеп чыгышкандарын корбодум.
Хакер болуш учун атайын окуу жайларда билим алуу керек.
Кээ бир хакерлер билим албай туруп кучту нерселерди кылып жатат дешинер мумкун.
Бирок аларга жаштайынан бироо уйротот да туурабы.
Оз алдымча хакер боло алам деп кыялданданбай эле коюш керек.
Мисалы Microsoft компания сына программа тузуп жургон адам оной буза алышы мумкун, себеби ал программанын тузулушу Жана кемчиликтери туралуу жакшы билет.
Хакер болуш учун программанын ийне жибине чейин билип анан дагы ой жугуртуусу кучту болушу керек деп ойлойм.

#18 16 Июль 2015 - 09:01
Umar96, саламатсызбы!
Сиз неге антип өз алдыңча хакер боло албайсың дейсиз? Адам аракет эле кылса баарына жетишет! Ананда хакер болууга атайн окуу жайлар жок! Программист менен хакер экөө окшошуп кетет. Айрымалары мындай: Программист программа түзүп аны элге тартуулап, элге пайда алып келет. А хакер программа түзүп элге зыян алып келет!
#19 16 Июль 2015 - 11:07
хакер болгонго эч чон окуу жайынын тийешеси жок комп барбы интернет барбы болду информациянын баары интернетте а экинчи соз боюнча зеерикпей карап чыгат убакытын полный ошого болот бизге окшоп сейилдеп журбой деген созго ал ошо менен ооруса каяка чыгат ал комптон алыстаа журогу ооруса жатаардын алдында алар деле бизге окшовеле эртен бир паркка чыгып сейилдеп келем же залга барам деп ойлонот бирок компту жандыргандале бутту жылалбай калат тапкан нерсесин комптун жанына коюп жеп отура берет кухняга барып тамактангысы келбейт силеделе кеебирде туалетке баргандан зеериккенда моменттер болотта ошондоеле алар ошол озунун иши менен ооруп калгандар
#20 16 Июль 2015 - 15:13
bekaaakg (16 Июль 2015 - 09:01) жазган:
Umar96, саламатсызбы!
Сиз неге антип өз алдыңча хакер боло албайсың дейсиз? Адам аракет эле кылса баарына жетишет! Ананда хакер болууга атайн окуу жайлар жок! Программист менен хакер экөө окшошуп кетет. Айрымалары мындай: Программист программа түзүп аны элге тартуулап, элге пайда алып келет. А хакер программа түзүп элге зыян алып келет!
Ошо хакер болуш учун жок дегенде программалаганды билиш керекби.
А программалашты окуу жайдан уйроносун же бироо уйротот.
Оз алдынча компьютер чукулап эле хакер болушту элестете албайтам.
Кечке эле чукуй бергенден пайда жокда туурабы кантип уйроносун аны.
Уйронсонда толук билбейсин интернетен муну кандай кылат деп уйронгончо окууган Алда канча жакшы эмесби.
Сагада компьютер туралуу бироо уйроткон болсо керек.
- (6 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »