Бирок тилекке каршы бул белги табигый жактан бардык адамга бериле бербейт.
"Айласы жок нерсенин, өзү жок" демекчи, илимдүүлөр мунун да жолун табышкан.
Бул темада үй шартында кантип бетке уячаны чыгарууну үйрөнөбүз. Бул методдорду өзүм да колдонуп көрүп, натыйжасы болгон соң сиздер менен да бөлүшкүм келди.
1) Косметикалык метод

1 Ээндүү күлүңүз. Күзгүгө карап, уячаңыз болуучу орунду аныктап алыңыз.
- Сиз күлгөндө оозуңуздун жанында складкалар пайда болушу керек. Сиздин уячаңыз складканын жанынан пайда болушу керек.
- Эскертүү – бул метод сиз сүрөткө түшкөнү жатканда гана жардам берет.
2Көзгө коюулуучу подводка менен уяча боло турчу жайга чекит коюңуз..
- Күңүрт-күрөң түстөгү подводка койгонуңуз оң, кара болсо табигый чыкпай калат.
3Эми жанагы чекиттин жанына бурулуш сызык сызыңыз.
4 Чийилген сызыкты өйдөгө жана ылдыйга кылып бармагыңыз менен сүртүңүз.
- Эми бетиңизге жарашыктуу макияж жасап алсаңыз болгону, уяча даяр!
- Эгер чийген уячаңыз окшошпой калган болсо, жууп таштап, башынан чийип көрүңүз.
Уяча чыгаруу үчүн көнүгүүлөр
- 1) Оозуңузду ачуу лимон жегендей кылып бүрүштүрүп алыңыз. Бул жагдайда бет ичкериге кирип турушу керек.
2 Бармагыңыз менен белги коюңуз.
- Бармагыңызды уяча чыгуучу жерге коюп, ээндүү жылмайыңыз.
- Бул ыкманы 30 минутка чейин кармайсыз. (бармагыңызды коё бербей, жылмайганча)
- Бул ыкманы бетиниздеги уяча чыкканга чейин күндө кыла бериңиз.