Саламатсыздарбы!
"Интернет"
тармагы менен ким алгач, качан, кайсы убакта, кандай жагдайда таанышкан? Ошол алгачкы виртуалдуу дуйного аралаша баштаган кунубузду эскерсек..
Мен озум бир 6-7-класстарда алгачкы жолу интернет тармагы менен пайдаланган болушум керек. Бирок ал убакта азыркыдай популярдуу эмес болчу.
Браузерди ачып алып, жанагы 3 даблюга (www) тушунбой, аны очуруп эле башка нерселерди жаза берип, же ал чыкпай бир топ убара тартканым эсимде.)
- (2 )
-
- 1
- 2
"Интернет" түшүнүгү, алгачкы жолу сиздин жашооңузда...
#1 10 July 2015 - 11:45
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#2 10 July 2015 - 11:59
Мен интернет м.н таанышканыма 6-7-класстарда болсом керек эле.Ар кандай оюндарды алып ойночумун.Айрыкча футбол!
#3 10 July 2015 - 12:09
Мен майл рудан башка Жака кирбей журо берипмин. Mail.ru интернет деп ойлопмун
#4 10 July 2015 - 12:11
Мен баарын эле операдан издейт элем . качка,музмо,
сасиса,жава ошолордон игра откорот элем. Ошондо 7- класс элем . интернетти жакшы оздоштургонумон айылдагылар да мынаны скачать этип берчи тигини скачать этип берчи деп келе беришет эле ....
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#5 10 July 2015 - 12:33
6-7 жыл болуп калды. Биринчи браузерге өз атымды жазып алып издей берет элем. Билбейм балким кызык болгондур?!
Кийин агент деген вирус пайда болуп, чыкпай эле калдымго;..
#6 10 July 2015 - 12:35
8 классымда тушунгом. Ага чейин телефондун играсына гана кызыкчуу элем.
*************************************
#7 10 July 2015 - 13:23
2006-жылдан бери интернет менен жакын досмун.Ар кайсы сайттарга кирип кетип бирдигим суудай агып кетчу,ал убакта интернет трафик кымбат болчу го.
#8 10 July 2015 - 13:40
8-класста окуп жургондо тааныштым окшойт. Биринчи жалан гана ыр же суротторду кочуруу учун кирчумун.
#9 10 July 2015 - 13:43
8-класста окуп жургондо тааныштым окшойт. Биринчи жалан гана ыр же суротторду кочуруу учун кирчумун. Интернеттен биринчи жолу "Tutamas" деген ырды кочургом. Женем биздин студент кезде ушул ыр аябай мода болгон дегенинен угуп коройун деген элем.
#12 10 July 2015 - 14:07
Майл.ру га кирип ошондон интернет менен дос болуп алдым окшойт. Так аныгын эстей албай койдум.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам
"
#14 10 July 2015 - 15:23
Биринчи жолу интернетке 1999-жыл, же 2000-жыл киргем. Бизге агайыбыз Yahoo'дан почта ачканды үйрөткөн, оңой эле болгону үчүн 1-2 көрсөтүп берген соң, өзүм эле ачкам биринчи почтамды. Анан сайттардан ал мезгилде Элкаттын чаты бар эле, ужас, жиндиге окшоп, эми бир жагынан өспүрүмдүк максимализм менен, балким, кызыгуу да туу чокуда болушу керек, sexy lady деген ник менен кирчүбүз. Көптүк санда жазганым ал чатка ошол мезгилде кыз аттуунун дээрлик баары эле ушул ник менен кирчү, мис: алгачкы болуп никти ээлөөгө жетишип калсаң, sexy ladyболуп катталчубуз,
ал бош эмес болуп калса, анда sexy lady1, ал да бош болбосо, sexy lady2, кыскасы кете берчү))) Кээде 7, же 8инчи менен катталчубуз)))
Мындайды биринчи окугандарга тирукмуш угулса керек. Бирок мындай окуяларды башынан өткөргөндөргө өлөө ностальгия да болсо керек, ээ?
Мындайды биринчи окугандарга тирукмуш угулса керек. Бирок мындай окуяларды башынан өткөргөндөргө өлөө ностальгия да болсо керек, ээ?
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#15 10 July 2015 - 17:49
Ностальгиядан мен деле бир шиңгил таштап коёюн.
Ал кезде биз жаш элек дегендей.
Кинолордон көрүп калчу элек. Милийсалар, детективдер бирөөнү издегенде кампутерден Баланчаев Бастанча деп издесе эле аты-жөнү, жашаган жери, сүрөтүнөн бери чыгып калчу да. Интернетте ошонун баары бар болсо керек деп ойлоп, кыргыздар да бар болду бекен деген да ой кеткен болчу бир кездерде
9-кл. Мектепке IBM-386 лар келди. Шаардан бир агай келип кампутерди үйрөтүп баштады. MS Word дон баштаганбыз. Анан бир күнү бирөө бир жактан чукуп Internet Explorer ди таап ошону басып калса эле, анын жогорку оң бурчунда баарыңарга тааныш логотиби айланып атса эле агайыбыз толкунданып кеткен эле: "Ой, Интернет барбы?" - деп. Биз болсо демибизди ичибизге катып, бирөө катуу сүйлөп жиберсе эле интернет деген өчүп калчудай болуп. Азыр ойлосом, өзү универди бүтүп-бүтпөй келген, интернеттин эмне менен келээрин билбеген го. Ойлогон го свет бар жерде эле интернет бар деп. ))
10-кл. Бир жакын досум 5-гимназияга окууга кетти. Кышкы каникулда келип Интернет жөнүндө айтып берген. Мага 2 диск таштап кеткен. Ичинде Паскаль, Си, С++ дегендер бар экен. Же түшүнсөмчү. "Интернетте "Хочу, хочу" деген кнопкалары кирип-чыгып турган кийими жок кыздардын сүрөтү бар", - деп оозду ачырган. Биз болсо шаарга эптеп жетип ошол интернеттен бир колдонуп көрсөк деп кыялданып ))
1-курс. "Введение в специальность" деген сабакты бүтүп эле лаборатория өтчү кабинетке кирдик. Группалаштардын баары эле шаардык, көбү орустар. Айылдыктар тымпыйып сыр бербейбиз. Мен го 2-3 жыл кампутер колдонуп калгам. Кээ бирлер клавиатурадан өзүнүн атып тергенине сүйүнүшкөн. "Интернеттен баарын тапса болот" экен дегенинен урдуруп кирип эле "Караханиддер" тууралуу реферат издеп киргем. Ал кезде киргизилбеген болсо керек Яндекстен таппай койдум. Ушул күнгө чейин Яндекс менин жардамчым болуп келет. Эркекпиз да - башка балдар баягы кийимсиз калган байкуштарды уурданып көрүп баштады.. Почтаны болсо Mail.ru дан жанымда отурган Сереганын айтканы менен ачкам. Өзүмдүн атымдан ачайын десем эчак эле бирөө бучкактап кетиптир. 2-курста менин атыма уйкаш кореец бала бар эле. Болду-болбоду ушул жетим алып алды деп аны жаман көрүп алганымчы
Ошол кезде эле почтага эч кандай цифра кошпойм деп өзүмө эреже коюп алыпмын. Азыркы күнгө чейин милйон почта ачтым - биринде да цифра жок. Өзүмдүн атымдан почта ача албагандан кийин "бул - баланчанын почтасы" дегенди англисче которуп ошонун баш тамгаларынан кыскартып readable e-mail ачтым. Ал менен убагында агенттин чаңын чыгарган экенмин. Кийин бир аз чоңоюмуш этип агенттен оолакташ керек болгондо бир аз серозныйраагына көчтүм.
Ошо. Кыскача ушундай. Бул тууралуу өзүнчө китеп жазса болчудай экен
Ал кезде биз жаш элек дегендей.
Кинолордон көрүп калчу элек. Милийсалар, детективдер бирөөнү издегенде кампутерден Баланчаев Бастанча деп издесе эле аты-жөнү, жашаган жери, сүрөтүнөн бери чыгып калчу да. Интернетте ошонун баары бар болсо керек деп ойлоп, кыргыздар да бар болду бекен деген да ой кеткен болчу бир кездерде
9-кл. Мектепке IBM-386 лар келди. Шаардан бир агай келип кампутерди үйрөтүп баштады. MS Word дон баштаганбыз. Анан бир күнү бирөө бир жактан чукуп Internet Explorer ди таап ошону басып калса эле, анын жогорку оң бурчунда баарыңарга тааныш логотиби айланып атса эле агайыбыз толкунданып кеткен эле: "Ой, Интернет барбы?" - деп. Биз болсо демибизди ичибизге катып, бирөө катуу сүйлөп жиберсе эле интернет деген өчүп калчудай болуп. Азыр ойлосом, өзү универди бүтүп-бүтпөй келген, интернеттин эмне менен келээрин билбеген го. Ойлогон го свет бар жерде эле интернет бар деп. ))
10-кл. Бир жакын досум 5-гимназияга окууга кетти. Кышкы каникулда келип Интернет жөнүндө айтып берген. Мага 2 диск таштап кеткен. Ичинде Паскаль, Си, С++ дегендер бар экен. Же түшүнсөмчү. "Интернетте "Хочу, хочу" деген кнопкалары кирип-чыгып турган кийими жок кыздардын сүрөтү бар", - деп оозду ачырган. Биз болсо шаарга эптеп жетип ошол интернеттен бир колдонуп көрсөк деп кыялданып ))
1-курс. "Введение в специальность" деген сабакты бүтүп эле лаборатория өтчү кабинетке кирдик. Группалаштардын баары эле шаардык, көбү орустар. Айылдыктар тымпыйып сыр бербейбиз. Мен го 2-3 жыл кампутер колдонуп калгам. Кээ бирлер клавиатурадан өзүнүн атып тергенине сүйүнүшкөн. "Интернеттен баарын тапса болот" экен дегенинен урдуруп кирип эле "Караханиддер" тууралуу реферат издеп киргем. Ал кезде киргизилбеген болсо керек Яндекстен таппай койдум. Ушул күнгө чейин Яндекс менин жардамчым болуп келет. Эркекпиз да - башка балдар баягы кийимсиз калган байкуштарды уурданып көрүп баштады.. Почтаны болсо Mail.ru дан жанымда отурган Сереганын айтканы менен ачкам. Өзүмдүн атымдан ачайын десем эчак эле бирөө бучкактап кетиптир. 2-курста менин атыма уйкаш кореец бала бар эле. Болду-болбоду ушул жетим алып алды деп аны жаман көрүп алганымчы
Ошо. Кыскача ушундай. Бул тууралуу өзүнчө китеп жазса болчудай экен
> Mен эл менен <
#17 10 July 2015 - 18:05
Мен алтынчы классымда атам модем алып келген ошондо бир кино издегем. Кийинчирээк одноклассникиге кире баштадым
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
#18 10 July 2015 - 18:17
"Интернет"
деп укканым эле болбосо, чынында эмне экенине башым жетчу эмес окшойт. 9-класста классташ кыздар агент ачып берген, ошондон бери интернеттин сазына батып калдым.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#19 10 July 2015 - 18:35
7-8 - класстарда болсо керек, акем айта берчу "интернет"
деп, аябай кызыкчумун.
Кийин агент пайда болгондо классташым почта ачып берген, ошондон баштап виртуалдуу дуйнодо журом.
♔ Aytku(love)a ♔
#20 11 July 2015 - 08:12
Мен 10- же 11-класста окуп жургон убакта (2000-2001 -ж.) эжем мага Яхудан почта ачып берген болчу. Бирок эч нерсе тушунгон эмесмин. Андан кийин гуглды колдонгонду уйронгом. Интернетке кирип эле гуглдан ар кайсы нерсени издеп кайра чыгып кетчуумун. Кийин майл рудан почта ачканды уйрондум. Азыр эми интернет сайт жасаганды уйроноюн деп журом. Бирок жалкоолуктан улам уйронбой журом. Ошо.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео
























