Каш терүү (коррекция бровей)
#201 22 Май 2015 - 15:56
тербей эле кой,менин кашым канчалык жоон болсо дагы терген эмесмин.
#202 22 Май 2015 - 18:43
Кашты терсе сонун болуп калатда жогорудагы эже айткандай, жыйналган үйгө окшоп калат таза болуп.
Анан көзүңдүн үстү ачылып сулууда болуп каласың.
Анан көзүңдүн үстү ачылып сулууда болуп каласың.
#203 22 Май 2015 - 23:30
jama9210 (17 Апрель 2015 - 04:00) жазган:
Соц тармактардан мен коп эле кором каштарын термшмп бойошуп хиджап кийип алгандарын
5 кол тен эмес...
Хиджап кийгендердин кашына асылбай эле койунуздарчы эээ...
Мункун алар кашын хиджап кийелектен мурун билбей терип алгандыр.Бир кашы терилген кызды коруп бардык хиджап кийген кыздарга соз тийгизбесениз. ..!
#205 07 Июнь 2015 - 20:39
.
Секреты для новичков
Секреты для новичков
- 1. Для аккуратной работы, при коррекции бровей, лучше всего использовать зеркало с увеличителем. Результат даст о себе незамедлительно, и работа будет выполнена качественнее и за короткие сроки.
- 2. Во избежание болезненных ощущений и упрощения процедуры выщипывания не наносите смягчающий крем, не то эффект будет противоположный, так как при нанесении крема волосики будут скользкими и тем самым затруднит процедуру коррекции бровей.
- 3. Для придания выразительности лицу и эффекта больших глаз следую выше выщипывать волосики бровей. Поэтому не следует выщипывать волосики по верхней линии бровей.
- 4. Такие процедуры желательно проводить в выходной день перед сном, так как за ночь припухлость и краснота над глазами спадет.
- 5. После проведенной коррекции брови необходимо регулярно выщипывать отрастающие брови, так как лучше и легче поддерживать выполненную форму, нежели раз за разом проводить эту процедуру по-новому.
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 07 Июнь 2015 - 20:49
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#206 07 Июнь 2015 - 20:52
Мен терем а то жудоп кетем.Терип,
жакшынакай кылып боёп алсан озгоро тушосун го.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#207 07 Июнь 2015 - 20:56
#208 07 Июнь 2015 - 21:01
Туура ислам дининде турмушка чыга элек кыздын каш теруусу куноо болуп саналат. Андай да мусулман кыздарыбызга осмону сунуштайт элем. Осмону кашка чийип тегиз койсонуздар,
каш да карайып, осмо коюлбаган жер анча билинбей калат. Осмо коюу куноо да болбойт, каш-кирпикке да пайдасы эн сонун.
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 07 Июнь 2015 - 21:01
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#209 07 Июнь 2015 - 21:03
Mediziner (07 Июнь 2015 - 21:01) жазган:
Туура ислам дининде турмушка чыга элек кыздын каш теруусу куноо болуп саналат. Андай да мусулман кыздарыбызга осмону сунуштайт элем. Осмону кашка чийип тегиз койсонуздар,
каш да карайып, осмо коюлбаган жер анча билинбей калат. Осмо коюу куноо да болбойт, каш-кирпикке да пайдасы эн сонун.
Туура кенеш берип жатас, оюнузга кошулам. Осмо койсо сооп дагы болот, экен себеби осмо менен кашты суугарып туруш жакшы нерсе экен
*************************************
#211 08 Июнь 2015 - 10:32
#212 08 Июнь 2015 - 11:16
Исламда каш терууго болбойт,наркы дуйного барганда коз,кулак,мурун,
ооз баары каршы чыгат,бир гана каш жузун жууганда жон гана мени сылап койчу деп бизди коргойт деп уккан жайым бар.Бирок мен терем,бир терип уйронуп алсан кийин оссо эле жудой бересинго.
#213 10 Июнь 2015 - 00:53
Үй шартында каш өстүрүү ыкмалары
Суулуугун арттырууну каалаган айымдар алгач каштарын өзгөртүүдөн башташат эмеспи. Айрымдарында табиятынан коюу жана узун каштары болсо, кээ бирлеринде тескерисинче суюк жана ичке болот. Мунун айынан каштарын калыпка келтирүү үчүн татуаж жасаганга мажбур болушат. Буга байланыштуу айымдарга үй шартында каштарын кандай ыкма менен өстүрүүгө боло турган жолдоруна кеңеш берели.

Эң башкысы, бул ыкмаларды эринбей күн сайын колдонуу керек. Ошондой эле күндуз жасалган макияжды сөзсүз жууп салуу зарыл. Себеби, косметикалык каражаттарындагы айрым заттар каштын өсүүсүн жабыркатат. Кашты өстүрүүгө ар кандай майлар жардамга келет. Зайтун, шабдаалы, миндаль, касторовое, репейное майлары абдан жакшы жыйынтык берет. Бул майларды күн сайын уктааралдында манжаңыздын учуна тамчылатып алып, каштарыңызга сүйкөп беш мүнөттөй массаж жасап койсоңуз болот. Эртең менен жууп саласыз.
Чачты тараган кандай маанилүү болсо, кашты да ошондой эле атайын каш тарагыч менен тарап туруу сунушталат.

Мында кан айлануу жакшырып, өсүүгө түрткү берет. Мончого барган учурда чачыңызга колдонгон бальзам, кондиционерлерди деле кашыңызга абайлап, көзүңүзгө кирип кетпегидей кылып сүртүп койсоңуз көрктүү болуп калат.

Кашыңызды өстүрүүгө бел байлаган сон, сыртынан эле эмес ичтен да кам көрө баштаңыз. Курамында кальций бар витамин ичиңиз. Мындай витаминдер чачыңыздын, кашыңыздын өсүшүнө эле жардам болбостон сөөктөрүңүздүн бекем болушуна да жардамы тийет.
Жогоруда айтылгандай каш өстүрүүдө тиешелүү майларды эле колдонгонуңуз дурус. Анткени, курамында химиялык заттар бар каш өстүрүүгө арналган косметикалык каражаттар териңизге тескери таасирин тийгизип, кашыңызды такыр күйгүзүп салышы ыктымал. Ошондуктан табигый каражаттарды гана колдонгонго аракет жасаңыз.

Ошондой эле, күнүмдүк колдонгон тамак- ашыңызга организмге пайдалуу азыктарды колдонуңуз. Гамбургер сыяктуу тез даярдалуучу тамактардан баш тартыңыз. Курамына белок азыктары кирген тамак- аш колдонуңуз. Муздаткычыңызда ар дайым сыр, жумуртка, сыр, быштак жана жер- жемиштер турганы жакшы.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#214 01 Июль 2015 - 23:39
Каш тербей калганыма 1 жыл болду. Тербей койгондон бери кашым карарып жакшынакай болуп калды.
Мен дүйнөгө ибадатка келгемин,
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
#215 11 Июль 2015 - 14:15
Кашымды тербейм. Чонойгондо эле тергенге жетишем. Биздин класстагылар кээ бири тэрип алышат
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
#216 12 Июль 2015 - 20:03
Коюу,терилбеген каштар модада.Тербегендер тарап,тегиздеп алсанар болот.
#217 12 Июль 2015 - 20:37
Апамдын кашыңды терип, боеп алыпсың өз башымча болуп» деп урушуп, отургузуп алып, жүз арчы менен кашымды өлө арчыганы эсиме түшө берет)) . Кашым өзү терилгендей формада, анан капкара болуп калган осмо кое берип. Тергени кызыкпайм.
Классташ, группалаш кыздар баары терген. Чындыгында эле, илгери кыз же келин экенин кашынан айырмалап билген деп апам көп айтат.
Классташ, группалаш кыздар баары терген. Чындыгында эле, илгери кыз же келин экенин кашынан айырмалап билген деп апам көп айтат.
#218 13 Июль 2015 - 13:48
Жолдошун уруксат берсе кашынды терсен болот деп мен да уккан болчум, бирок жакында эле Чубак ажы жолдошун болсо да каш терген харам деп айткандан бери тербейм деп ойлонуп калдым.
#219 13 Июль 2015 - 16:15
Мен да тербейм деп алып эле өсүп кетсе жүдөп кетип терип алам. Ар 2-3 күндө терип турам, эми өсө баштаганда эле.
#220 13 Июль 2015 - 16:40
Менин кашым жоон анан кыска, терип койсом узунураак корунуп калат ошон учун терем.