Азап
#41 26 Май 2015 - 22:47
#42 27 Май 2015 - 18:23
Медине женемдинда суук кабарын ушул,супер инфодон окуп жаман ахвалда калганбыз.Жаны- Алай айылында ушундай болду деп окуганбыз,сонку кабардан.Ошондо буулугуп жаман болгонбуз,муундарыбыз калтырап.
Кайрат кылыныз кыздарыныздын ден- соолугу чын,омурлору узуун бактылуу кыздардан болуп чоноюшсун.Женемин бейишинен Берген болсун кудайым.
#43 27 Май 2015 - 21:37
anara86 (27 Май 2015 - 18:23) жазган:
Медине женемдинда суук кабарын ушул,супер инфодон окуп жаман ахвалда калганбыз.Жаны- Алай айылында ушундай болду деп окуганбыз,сонку кабардан.Ошондо буулугуп жаман болгонбуз,муундарыбыз калтырап.
Кайрат кылыныз кыздарыныздын ден- соолугу чын,омурлору узуун бактылуу кыздардан болуп чоноюшсун.Женемин бейишинен Берген болсун кудайым.
Рахмат.
#44 20 Июнь 2015 - 10:42
Канча жан бар жер бетинде жайнаган.
Катарына коштун мени ардагым.
Кантип эми бул армандан арылам.
Шамал болсо шашып кетип сураймын.
Учуп кетпей, токтой турчу тындагын.
"Жоолуктунбу ак жоолукчан периге"
деп айткыча, ал да улайт ыргагын.
Токтобогон дарыядан сураймын.
Ношорлогон жамгырларга ыйлаймын.
Тоолор, таштар баары жоопсуз томсорот.
Айтчы жаным эми кантип чыдаймын.
Кунго барып, кун нурунан сураймын.
Айга барып, ай кызына ыйлаймын.
Гулго барам "кондубу" деп адашып.
Сени издеп, ичим куйуп, туйлаймын.
Тундон сурайм сенден умут узулбой.
Тандан издейм, сенден такыр тунулбой.
Койногундон "кордунбу" деп сурасам,
Ал да турат коптоон бери кийилбей.
#45 20 Июнь 2015 - 19:33
#46 20 Июнь 2015 - 19:43
#47 21 Июнь 2015 - 01:10
#48 10 Июль 2015 - 03:12
Бажырайган гулдор калды бут соолуп.
Балдарымдын энесинен ажырап,
Бакытымдан калдым достор колду жууп.
Тугойумдон калдым достор колду жууп.
#49 10 Июль 2015 - 05:34
#50 10 Июль 2015 - 05:48
#51 14 Июль 2015 - 12:05
Өтсө болмок, өксүк менен кайгысыз.
Тартып кетип, ажал сени колумдан,
Өмүр өтөт, эми сен жок кызыксыз.
#52 14 Июль 2015 - 12:29
#53 14 Июль 2015 - 12:31
jenishbek.77 (20 Июнь 2015 - 10:42) жазган:
Канча жан бар жер бетинде жайнаган.
Катарына коштун мени ардагым.
Кантип эми бул армандан арылам.
Шамал болсо шашып кетип сураймын.
Учуп кетпей, токтой турчу тындагын.
"Жоолуктунбу ак жоолукчан периге"
деп айткыча, ал да улайт ыргагын.
Токтобогон дарыядан сураймын.
Ношорлогон жамгырларга ыйлаймын.
Тоолор, таштар баары жоопсуз томсорот.
Айтчы жаным эми кантип чыдаймын.
Кунго барып, кун нурунан сураймын.
Айга барып, ай кызына ыйлаймын.
Гулго барам "кондубу" деп адашып.
Сени издеп, ичим куйуп, туйлаймын.
Тундон сурайм сенден умут узулбой.
Тандан издейм, сенден такыр тунулбой.
Койногундон "кордунбу" деп сурасам,
Ал да турат коптоон бери кийилбей.

Келинчегиңиздин жаткан жери жайлуу, топурагы торкоо болсун.
Жашоо улана берет тура. Сабыр кылгандан башка айлабыз канча.
Келинчегиңиздин калган өмүрүн чырактай болгон эки кызыңызга берсин Кудайым.
#54 14 Июль 2015 - 13:39
Тилектер орундалып күлгөн кезде,
Түгөйүмдү алып кеттин таш боор ажал.
Жаштыктын доорун сүрүп, көнгөн кезде.
Жүрөктөр бирге согуп калган кезде,
Жанынан чыккым келбей калган кезде,
Жанымды тартып кеттин таш боор ажал.
Жаш бойдон жанып-күйүп толгон кезде.
Жыргалын бул жашоонун билген кезде,
Жадырап наристени суйгөн кезде,
Жаркыным баш ийдиңби шум ажалга,
Турмуштун ак-карасын сезген кезде.
Суусунум канбай сага жүргөн кезде,
Сылык-сыпаа мүнөзүндү билген кезде,
Садагам неге кеттин эрте шашып,
Сагынышып, саат өтпөй күткөн кезде.
Үмүтсүз бир чекитти тиктеп турам.
Өчүм бардай аракты ичем улам.
Арманды жүрөгүмө батыра албай,
Айкырам, кээде ыйлайм, кээде сызам.
Түшүм деп, кээде ишенбей өзүмдү алдайм.
Түңүлбөй кеткен жолуң улам карайм.
Акылынан адашкан маңкурт өңдүү,
Адамдар арасынан сени таппайм.
Жолумду тосуп чыкчуу айым менин,
Жоготуп, издеп жүрөм жытың сенин.
Туңгуюка камалган жырткыч өңдүү,
Туйлаймын, көздөн кетпей элестерин.
Ханы болдум кайгынын тоосун курган.
Байы болдум байлык эмес көз жаш жыйган.
Белчемен сазга баттым, сызга баттым.
Төр болдум ажалды мейман кылган.
Билесиңби эки кыздын эзилгенин?
Эне издеп, түтөгөн сезимдерин.
Кичинең аял корсо там-туң чуркап,
Барат да, кайра кайтат тиштеп эрдин.
Сай болду эми менин жашыл багым.
Чөл болду биз искеген гүл бактарым.
Таш болду таза-аруу тилегибиз,
Түн болду сенсиз жалгыз аткан таңым.
#55 14 Июль 2015 - 13:54
#56 14 Июль 2015 - 13:59
Сизге дагыда сабыр тилейм! Ыр саптарынызды окуп алып ыйлапда жибердим. Ошол жалооруган кыздарыныз келечеги учунда кучтуу болушунуз керек. Аллахымдын буйругуна баш ийбоого аргабыз жок экенда биз пенделер.
#57 14 Июль 2015 - 17:33
Эки наристе апасынын мээримин издеп куса болуп,кичинекей журоктору издоо менен сыздап турат.Сенден тымызын мээрим кутуп турат.Сен да журогун ооруп,ачууну ачуу басат болуп турсан,наристелер не болду...
Олуп апасынан айрылып,тируу сенден арак жыты келип,алар куткон мээрим жок болуп,кундо кайгы мунга кошулган коз карашынды коруп,сенден айрылып турса ,алар канти экен.?
Жашык,мокок адамды кайгы менен арак бат сындырат.Кайгынды арак басмак беле балам,арак азабына азап кошуп,наристелеринди оксук бактысыз кылат. Ушунча ыйлап таппадын,кетмектин келмеги жок,алыс сапарга кеткен жарынды ойло,ал да сени коруп кыйналат.Сен жигитсин,болгондо да эки наристелуу, атасын ,улум кайрат кыл.Башынды котор жашоо токтоп калган жок,балдарын турат,жакшыдан калган эки белегин турат.Адам баласы белек алганда кандай суйунот.Сен да тобо кыл,колунда калган белектеринди асырап абайла,..
Жакшы тарбиялап,окутуп, турмушка узатып,бактылуу кылсан ошондо сен аялынды чындап суйгон болосун.
Кайрат кыл балам,башынды котор,эки белегинди эки колуна алып,турмуштун казанына кайна балам.Аялынан калган эки белек,сага берилген эки кэрээз...
Рамазан айында,жакшы кундордо сага да бактылуу кундорду тилеп энелик батамды берип турам балам...
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 14 Июль 2015 - 17:35
#58 14 Июль 2015 - 18:13
jenishbek.77 (14 Июль 2015 - 13:39) жазган:
Тилектер орундалып күлгөн кезде,
Түгөйүмдү алып кеттин таш боор ажал.
Жаштыктын доорун сүрүп, көнгөн кезде.
Жүрөктөр бирге согуп калган кезде,
Жанынан чыккым келбей калган кезде,
Жанымды тартып кеттин таш боор ажал.
Жаш бойдон жанып-күйүп толгон кезде.
Жыргалын бул жашоонун билген кезде,
Жадырап наристени суйгөн кезде,
Жаркыным баш ийдиңби шум ажалга,
Турмуштун ак-карасын сезген кезде.
Суусунум канбай сага жүргөн кезде,
Сылык-сыпаа мүнөзүндү билген кезде,
Садагам неге кеттин эрте шашып,
Сагынышып, саат өтпөй күткөн кезде.
Үмүтсүз бир чекитти тиктеп турам.
Өчүм бардай аракты ичем улам.
Арманды жүрөгүмө батыра албай,
Айкырам, кээде ыйлайм, кээде сызам.
Түшүм деп, кээде ишенбей өзүмдү алдайм.
Түңүлбөй кеткен жолуң улам карайм.
Акылынан адашкан маңкурт өңдүү,
Адамдар арасынан сени таппайм.
Жолумду тосуп чыкчуу айым менин,
Жоготуп, издеп жүрөм жытың сенин.
Туңгуюка камалган жырткыч өңдүү,
Туйлаймын, көздөн кетпей элестерин.
Ханы болдум кайгынын тоосун курган.
Байы болдум байлык эмес көз жаш жыйган.
Белчемен сазга баттым, сызга баттым.
Төр болдум ажалды мейман кылган.
Билесиңби эки кыздын эзилгенин?
Эне издеп, түтөгөн сезимдерин.
Кичинең аял корсо там-туң чуркап,
Барат да, кайра кайтат тиштеп эрдин.
Сай болду эми менин жашыл багым.
Чөл болду биз искеген гүл бактарым.
Таш болду таза-аруу тилегибиз,
Түн болду сенсиз жалгыз аткан таңым.
Сабыр ,сабыр ,сабыр.. ..


#59 14 Июль 2015 - 18:30
raia (14 Июль 2015 - 17:33) жазган:
Эки наристе апасынын мээримин издеп куса болуп,кичинекей журоктору издоо менен сыздап турат.Сенден тымызын мээрим кутуп турат.Сен да журогун ооруп,ачууну ачуу басат болуп турсан,наристелер не болду...
Олуп апасынан айрылып,тируу сенден арак жыты келип,алар куткон мээрим жок болуп,кундо кайгы мунга кошулган коз карашынды коруп,сенден айрылып турса ,алар канти экен.?
Жашык,мокок адамды кайгы менен арак бат сындырат.Кайгынды арак басмак беле балам,арак азабына азап кошуп,наристелеринди оксук бактысыз кылат. Ушунча ыйлап таппадын,кетмектин келмеги жок,алыс сапарга кеткен жарынды ойло,ал да сени коруп кыйналат.Сен жигитсин,болгондо да эки наристелуу, атасын ,улум кайрат кыл.Башынды котор жашоо токтоп калган жок,балдарын турат,жакшыдан калган эки белегин турат.Адам баласы белек алганда кандай суйунот.Сен да тобо кыл,колунда калган белектеринди асырап абайла,..
Жакшы тарбиялап,окутуп, турмушка узатып,бактылуу кылсан ошондо сен аялынды чындап суйгон болосун.
Кайрат кыл балам,башынды котор,эки белегинди эки колуна алып,турмуштун казанына кайна балам.Аялынан калган эки белек,сага берилген эки кэрээз...
Рамазан айында,жакшы кундордо сага да бактылуу кундорду тилеп энелик батамды берип турам балам...
#60 15 Июль 2015 - 14:21