Суперстан: Азап - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Азап

#61 Пользователь офлайн   nadira.begim   16 Июль 2015 - 15:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 133
  • Катталган: 23 Июнь 15
  • Соңку аракети: 26 Авг 2015 10:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Новый Уренгой.

Ырларынызды окуп эрксизден козумо жаш алдым.:капамын:
Арман ыры,журокту титиретет...
Жениш ака кайрат кылыныз!
Кыздарыныздын бешенесине сиз ардайым бар болун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   kurstan1980   17 Июль 2015 - 00:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 73
  • Катталган: 28 Май 12
  • Соңку аракети: 01 Мар 2021 09:53
  • Жынысы:Эркек

Жашоодо кимдер калып кимдер откон!
Жаш агып жайнап турган эки коздон...
Шум ажал адамзаттын журогуно,
Кайгынын кара тустуу гулун эккен!

Арактын мындайда не кереги бар!
Ичууго ооба шылтоо себеви бар...
Ажалга моюн сунган АСЫЛЫНДЫН,
Арнаган сага эки белеги бар!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   kanykey125   18 Июль 2015 - 17:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 111
  • Катталган: 24 Июнь 15
  • Соңку аракети: 19 Окт 2018 08:00
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Екатеринбург

эки кызыныз бар экен..эки кызынызга сиз жолок тирексиз..озунунузду таштабаныз. кыздарынынзды ойлонуз.Аялыныныздын жаткан жери бейишинен болсун ..сизге сабыр тилейм...мындан аркы кыздарынынздын келечегин ойлонуз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   maybeck   26 Июль 2015 - 02:19

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 7
  • Катталган: 13 Июнь 10
  • Соңку аракети: 06 Сен 2018 14:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:russia

Салам алекум байке. Маркум женебиздин жаткан жери жайлуу болсун, Аллах экоонорду бейишинен кезиктирсин. Ининиз катары бир ооз соз жазып койууну эп кордум. Кичине башым менен сизге акыл уйроткондук болсо алдын ала кечирим сурайм. Сиздин азыркы абалыныз менин башымдан откон, суйуктуу аялым автокырсыктан каза болгон. Башынан откорбогон адам бул кайгыны толук тушунбойт. Артынан бала калбады, себеби кызыбыз али курсагында болчу. Ошентип курсактагы кызыбыз экоону чогуу жерге бергенмин. Менин да ичким келген, эчким жок тоого чыгып кетким келген. Бирок пайда бербестигин билчум. Мени соороткон Аллах болду. Кунуго Куран окудум, аларга дуа кылдым кылдым. Аллахка таарынсам да жардамды Аллахтан сурадым. Себеби "Берген да Ал, алган да Ал". Биз ичибиз орттонсо да тилибизди тиштеп, баш ийуудон башка аргабыз жок. Азыр сизге башкага уйлоносун деген соз ото оор угулат, ошондуктан сиз ага конул бурбаныз. Женебиз сизге эки кыз белек калыптыр, ошолорго конул бурунуз. Себеби алар эн биринчи Аллахтан аманаты, андан кийин женебиздин аманаты. Сиз аларга жакшы карасаныз маркум да раазы болот. Убакыт озу даарылайт экен. Сизге айтаарым коп-коп дуа кылыныз, сизге жардам болот, женилдеп каласыз. Белди бекем бууп, жашоону улантыныз. ИншАллах бейиште туболуко чогуу болосунар. Калган омурун артында калгандарга берсин. Кайгырбаныз, чокпонуз. Сабыр кылыныз!! ! Журогунуздун, кайгыныздын даарысы "убакыт" экендигин унутпаныз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   janarik   26 Июль 2015 - 20:13

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4
  • Катталган: 10 Май 11
  • Соңку аракети: 05 Фев 2020 01:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Osh

Окуп алып аябай ыйладым,менин да эки кызым бар,озумду элестеттим кадимкидей. ..озунузду колго алын эки кызды ойлон
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   jenishbek.77   31 Август 2015 - 07:36

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 61
  • Катталган: 16 Август 13
  • Соңку аракети: 14 Окт 2018 15:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Тагдырым талкаланып- бырчаланган.
Такымга былк эткизбей басып алган.
Оо дүйнө тартып кетип түгөйүмдү,
Азаптын талаасында уйпаланам.
Армандын талаасында уйпаланам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   Nadir27   31 Август 2015 - 08:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 08 Май 15
  • Соңку аракети: 22 Авг 2020 07:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Автор дагы кыйналып аткан окшойсуз ээ.Сабыр кылыныз эми бкл кундор да отот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   bema_bema   03 Сентябрь 2015 - 18:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Окуп алып Журогум ооруп ыйладым.Эки кызыныздын омурун берсин,женебиздин жаткан жери жайлуу болсун(((((.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   airada   03 Сентябрь 2015 - 21:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 530
  • Катталган: 12 Апрель 15
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 21:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АКСЫ

Ээх, кандай гана окунучтуу. Окуп буткучо ыйладым го
Сизге сабырдуулук тилейм, жогоруда жазып откондой намаз окунуз Жан дуйнонуз азаптан кутулат. Аялыныздын жаткан жери жайлуу болсун, Аллахым кыздарыныздын омурун, бактысын берген болсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   anar07   05 Сентябрь 2015 - 12:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 96
  • Катталган: 17 Февраль 15
  • Соңку аракети: 10 Май 2018 01:27

Жаткан жери жайлуу болсун,ичкиликтен алыс эле болгонунуз жакшы,арактан пайда жок,андан коро кыздарынызга татыктуу ата болунуз жетимсиретпей
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   Shaa-82   05 Сентябрь 2015 - 15:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 925
  • Катталган: 19 Май 14
  • Соңку аракети: 29 Ноя 2024 15:30
  • Жынысы:Аялзаты

СүрөтСабыр кылыныз ыйлай берип давлением да которулдуго. Алла Таалам калган жашын кыздарына берген болсун. Куран окугандан башка арга жок. Жаткан жери жайлуу болсун бут билип билбей кылган куноолорун Алла Таалам кечирген болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   jenishbek.77   08 Сентябрь 2015 - 21:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 61
  • Катталган: 16 Август 13
  • Соңку аракети: 14 Окт 2018 15:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Саламатсыздарбы урматтуу суперчилер.
Сиздердин көңүл айтканыңыздар мага абдан көп дем берет. Баарыңыздарга чын жүрөктөн, ыраазычылык билдирем. Бүгүн мен, маркум түгөйүмдү, түшүмдө көрдүм. Сиздерге айткым келди. Мен аны көп түш көрдүм. Бирок, жүзү мага даана көрүнчү эмес. Бул жолу, даана көрдүм. Ал мурдагыдан да сулуу болуп турду. Бир жери ооруп тургандай, көздөрү бир аз ишип тургандай. Бирок көңүлү көтөрүңкү, жайдары гана олтурат. Сүйлөшпөдүк. Тек гана, узагыраактан көрдүм. Ыйлап, тескери бурулуп кеттим. Мен кайынжуртума барып, бир жумуштарына жардам бергенче, жанымын туулуп өскөн үйүндө, түнөп калдым. Куран окуп, бейишин тилеп, жаткан болчумун. Түшүмдө көрсөм да, бир кыйла жеңилдеп калгансыймын. Кудайдан сурандым. Тез-тез түшүмө кирсин деп суранам. Тилекке каршы, көп деле кирбейт. Мен аны аябай сагындым. Акыретте жолуксам, эки дүнүйө ыраазымын. Ага мен бул дүйнөдө жүрөгүмдөн ыраазымын. Бир гана коштошпой калганыма абдан өкүнөм. Коштошуу насип кылбаптыр. Өмүрүмдүн аягына чейин, анын элесине таазим кылам. Бул жашоодо, аялзаттын баркына жете турган эркектин баарына, менин түгөйүмдөй жар берсин деп тилеймин. Андан ашкан асыл адам болбосо керек. Мен анын тирүүсүндө оюмдагыдай барктай албадым деп ойлойм. Анын эрте кетээрин билгенде, баары башкача болот беле. Менин айтайын дегеним: жакындарыбыздын кадырын, тирүү кезинде билип калалы. Ата-энени, бир тууганды, түгөйлөрдү, балдарыбызды, досторду. Бүгүн көргөн адамды, эртеге көрбөй калуубуз, толлук мүмкүн экен. Баарыңыздардан дагы бир жолу суранам, жакындарыңыздын барында, көзү тирүүсүндө сыйлап калыңыздар. Урматым менен Жеңиш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   Nur.88   08 Сентябрь 2015 - 22:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 372
  • Катталган: 13 Июль 15
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 01:49
  • Жынысы:Аялзаты

Кандай гана окунучтуу... Сабырдуу болунуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   Muslim1990   08 Сентябрь 2015 - 23:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Айтуу оной бирок айтпай кантип турмак элек.Сабыр кыл тууганым шайтанга азгырылып ичем дебе ал кургур жакышылыка алып барбайт.Кыздарын айга алмашкыс апасынан айрылып кан жутуп турганда сен да алардын журогун оорутуп кыйнаба,кыздарына апасы суйгон ата экенинди коргоз.Кайратту бол,намаз оку намаз кайгы муундан арылтат.Жубайындын жанын жаннаттан кылсын куран окуп сообун багыштап тур.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   XONIA1995   08 Сентябрь 2015 - 23:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 205
  • Катталган: 29 Июнь 15
  • Соңку аракети: 31 Дек 2020 10:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ошингтон

Просмотр сообщения jenishbek.77 (08 Сентябрь 2015 - 21:32) жазган:

Саламатсыздарбы урматтуу суперчилер.
Сиздердин көңүл айтканыңыздар мага абдан көп дем берет. Баарыңыздарга чын жүрөктөн, ыраазычылык билдирем. Бүгүн мен, маркум түгөйүмдү, түшүмдө көрдүм. Сиздерге айткым келди. Мен аны көп түш көрдүм. Бирок, жүзү мага даана көрүнчү эмес. Бул жолу, даана көрдүм. Ал мурдагыдан да сулуу болуп турду. Бир жери ооруп тургандай, көздөрү бир аз ишип тургандай. Бирок көңүлү көтөрүңкү, жайдары гана олтурат. Сүйлөшпөдүк. Тек гана, узагыраактан көрдүм. Ыйлап, тескери бурулуп кеттим. Мен кайынжуртума барып, бир жумуштарына жардам бергенче, жанымын туулуп өскөн үйүндө, түнөп калдым. Куран окуп, бейишин тилеп, жаткан болчумун. Түшүмдө көрсөм да, бир кыйла жеңилдеп калгансыймын. Кудайдан сурандым. Тез-тез түшүмө кирсин деп суранам. Тилекке каршы, көп деле кирбейт. Мен аны аябай сагындым. Акыретте жолуксам, эки дүнүйө ыраазымын. Ага мен бул дүйнөдө жүрөгүмдөн ыраазымын. Бир гана коштошпой калганыма абдан өкүнөм. Коштошуу насип кылбаптыр. Өмүрүмдүн аягына чейин, анын элесине таазим кылам. Бул жашоодо, аялзаттын баркына жете турган эркектин баарына, менин түгөйүмдөй жар берсин деп тилеймин. Андан ашкан асыл адам болбосо керек. Мен анын тирүүсүндө оюмдагыдай барктай албадым деп ойлойм. Анын эрте кетээрин билгенде, баары башкача болот беле. Менин айтайын дегеним: жакындарыбыздын кадырын, тирүү кезинде билип калалы. Ата-энени, бир тууганды, түгөйлөрдү, балдарыбызды, досторду. Бүгүн көргөн адамды, эртеге көрбөй калуубуз, толлук мүмкүн экен. Баарыңыздардан дагы бир жолу суранам, жакындарыңыздын барында, көзү тирүүсүндө сыйлап калыңыздар. Урматым менен Жеңиш.

Женебиздин жаткан жери жаннатта болсун Оомиин!Сизге Аллахым сабыр берсин,суперге киргенден баштап канча билдируулорду окудум,бирок мынчалык таасир бербеди эле,чын журоктон чыккан алтын тамгалар коптогон (биздикиндей)уйкудагы журокторду тешип отсун.Ушу форумда жашаган бир туугандарым жакындарынарды тируусундо сыйлап алгыла,келечекте эмне болушун жалгыз гана АЛЛАХЫМ билет!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   jenishbek.77   14 Сентябрь 2015 - 05:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 61
  • Катталган: 16 Август 13
  • Соңку аракети: 14 Окт 2018 15:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Бүгүн дагы түшүмө кирдиң. Коңушу айылдагы бир тааныш көчөдө баратабыз. Ал көчөдө эмнеге, кимге бараттык билбедим. Балалыкта чогуу ойноп жүргөн дос баланын үйүнө кирдик. Үй эки кабат болуп курулуптур. Алардын мурдагы үйү аябай эскилиги жеткен үй эле. Эки кабат кылып курулганы менен, үйдүн эскилиги дагы деле ошол бойдон калган. Сен тирүү кезиңде, дайыма менин артыман кирчүсүң. Бул сапар, сен алдымда бараттың. Үйгө кирсек, күңүрт тарткан бир бөлмөдө, жашыраак, биге тааныш эмес, эки келин тамак жасап жатышкансыйт. Эч ким менен саламдашкан жокбуз. Кайра чыгып жөнөгөнүбүздө, досумдун апасы, "ооз тийип кеткиле" деп, жарты нан көтөрүп чыкты. Биз ооз тийип эле сыртка чыгып, жолубузду уладык. Бир убакта жамгыр аябай катуу жаап кирди. Мен кандайдыр эле, төрт дөңгөлөктүү ат арбаны башкарып калдым. Арбада толтура көмүр жүктөлүптүр. Алдыда аябай татаал, араба батып-батпай өтө турган жерге келип калдык. Кичине эле адаша турган болсом, биз жарга кулап түшмөкбүз. Токтогонго да болбой калды. Арабадагы оор жүк, бизди төмөндү көздөй сүрүп жатты. Ошол жерден өтүп кетсек, андан ары жагы тегиз, жакшынакай жол экен. Мен аябай кыйналып жаттым. "Кудайм, кырсыктан сакта. Түгөйүм, кызым бар. Алар да арабада келе жатышат. Ошолорду сактап калайын. Жарга түшүп кетпейлик. Бизди сактап кал" деп суранып жаттым. Силерди карасам, кызың экөөң, эч нерседен кооптонбой эле келе жатасыңар. Алдыдагы кооптуу, коркунучтуу жолдон өтүп бара жатканыбызды экөөңөргө билдирбейин деп аракеттенип жаттым. Кудайдан болуп, биз ошол жолдон аман-эсен өтүп кеттик. Мен аябай сүйүнүп алгам. Жаныбыздан өткөн кишилер, "азаматсың Жеңиш" деп мактап жатышты. Биз андан ары, даңгыраган асвальт жолго түштүк. Бирок, жогору карай бараттык. Жүгү оор араба, атыбыз абдан кыйынчылык менен тартып баратат. Мен силерди сактап калганыма сүйүнүп, экөөңөргө көргөзбөй ыйлап жаттым. Сенин чөнтөк телефонуңа бирөө чалды. Бирөө менен узаака сүйлөштүң. Арасында бир эле сөзүңү уктум. "Жеңиш бүгүн аябай эле көп ыйлап калыптыр" , деген сөзүң гана эсимде калды. Мен таң калып койом. "Мен ыйлаганымы көргөн жок эле го, ал каяктан билип алды?" деген суроолорду өзүмө берип жаттым. Кызым туалет кылам деп калды. Сен аны тосуп, арбага уктатып койдуң да, арабадан түшүп, менин артыма учкашып келе жаттың. Артымдан кучактап алган элең. Мен ошондо ыйладым. "Медина бир эле күн жашап кетчи жаным. Бир эле күнгө келип кет" деп, жалынып-жалбарып жаттым. Хотя сен артымда учкашып бара жаттың. Бир кезде, жолубуздан, алты-жети жаштагы үч бала тосуп алып эле, сөгүнүп жатышты. Мен аларды алдап-соолап да көрдүм. Коркутуп да көрдүм. Бирок алар жолду бошотпой коюшту. Мен аттан түшө калып, аларды койгулап-ургулап кирдим. Алар да мага тап коюп киришти. Мушташып жатып, ойгонуп кеттим.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   jenishbek.77   14 Сентябрь 2015 - 05:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 61
  • Катталган: 16 Август 13
  • Соңку аракети: 14 Окт 2018 15:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Бул жолку көргөн түшүмдө ал мага абдан жакын келди. Жогоруда айтып өткөн элем. Мурда да анча-мынча түшүмө кирчү. Бирок сүйлөшчү эмеспиз. Ал тургай өңү-башы да даана көрүнчү эмес. Мен сага ыраазымын жаным. Түшүмдө болсо да келип турчу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   Umka..00   14 Сентябрь 2015 - 13:12

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 467
  • Катталган: 13 Май 15
  • Соңку аракети: 05 Окт 2024 11:08
  • Жынысы:Аялзаты

Сабыр кылыныз абалыныз ото оор экен аялыныздын жайы жаннатта болсун. Аялынызды жакшы коруп сыйлайт экенсиз. Сизда кыздарыныздан ошондой сый аласыз деген умуттомун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   Zamirbek_77   15 Сентябрь 2015 - 22:04

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 12
  • Катталган: 12 Январь 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 15:16
  • Жынысы:Эркек

Салам Женишбек сага сабырдуулук тилеймин дос, башынан окуп чыгып аябай таасирленип козумдон жаш таамп кетти, аябай боорум ооруп: оо жараткан кандайгана бул жарык турмуш биз учун таш боор: деп уулутунуп алдым, аяштын жаткан жери жайлуу болсун, озунду кармап кыздарды жакшылап чонойтконго аракет кыласын деген умуттобуз, башына бак берсин, конулунду тушурбой баш которуп кайрат кыл досум, жашоого тике кара, бул дуйнодо бир эле сен эммессинда мындайга кабылган, аяштын отуп кеткенине сенин эчкандай куноон жокта, кайраттулука чакырамын, ал эми тушундо коргондорунду жазып тур, алда сени катуу жакшы коргондон сенин тушуно кирип журсо керек, кош анда кийинки жазгангаче.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   Xanif   16 Сентябрь 2015 - 02:38

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 684
  • Катталган: 03 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 16 Окт 2015 04:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чет олко...

Ассалааму алайкум Женишбек байке. (Жогоруда Замирбек байке туура айтыптыр) Мындай сыноо сизге эле эмес, миллиондогон эркектердин башында бар. Менинда бир досумун аялы, 5, 3 жашар эки кызы жана, 1 жашар уулу авариядан каза болуп, досум бир кундо баарынан айрылып калды. Бирок кучтуу жана, сабырдуу эркек экен, баарыны женип, жасалма болсода, кулуп журуп, 2 жыл откоруп, уйлонду. Азыр аябай таттуу бир уул, бир кызы бар. Демек эркек эрктуу, сабырдуу, жана кучтуу болуш керек. Сиздида сабырдуу жана эрктуу болуунузга чакырам...

Кереметтуу Куранда; "Арбир жаман иштин артында, жакшы иш бар" деген ааят бар. Бирок, "Арбир жакшы иштин артында, жаман иш бар" деген ааят жок...

Демек кайгырып, бошошо бербениз, себеби сиз эркексиз...

Билдирүүнү түзөткөн: Xanif: 16 Сентябрь 2015 - 02:40

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 18 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 18, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 22:13

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: