Суперстан: Жайлоо жөнүндө бир нерсе жазгыла - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жайлоо жөнүндө бир нерсе жазгыла жайлоо жөнүндө жазгыла

#181 Пользователь офлайн   Aikoo2014   16 Июль 2015 - 19:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 401
  • Катталган: 16 Март 14
  • Соңку аракети: 12 Фев 2018 23:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан.

Дагы кошумчалай кетчу нерсе.
Биздин жайлоого жеткичекти ото катуу шаркылдабасада шынгырап акчу дарыяны бойлоп кетет. Чар тарабынан тоолор менен курчалган жолдо баргычакты сууну бойлоп барабыз. Жанада ошол бойлоп барчу суунун так башына барып олтурчубуз. Биз тээ башта аттар менен барчубуз кийинрээк машинада барып журдук. Негизинен чон машина жолу деле бар. Бирок ал машина жол так биз олтурчу конушка карай барбайт болчу.
Машинанын акумляторуна телевизорду коюп алып кино корчу элек тээ машинабыз токтоткон жерге барып. Ошондо корей кинолорун озбекстан которуп телеканалдарынан укмуш берчу эле.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам "
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#182 Пользователь офлайн   nurani111   16 Июль 2015 - 23:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 130
  • Катталган: 21 Март 15
  • Соңку аракети: 06 Дек 2017 10:40

Эхх жайлоо кандай керемет.Кичине чагыбызда эки уч жыл катары менен жайкы дем алууда барып журдук.Салкын абасы кок шибери,шаркырап аккан суулары,эрте менен сайраган улар,кекилиги тим эле укмуш.Жада калса арча отунга кайнаган чайы озунчо бир керемет даамы озгочо.Эхх ошол кундорду аябай сагындым.Мумкунчулук болсо кана эми.Барып дем алып келсен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#183 Пользователь офлайн   Holerik10   16 Июль 2015 - 23:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 252
  • Катталган: 07 Июнь 15
  • Соңку аракети: 05 Июн 2016 11:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Эххх жайлоо десе асал аариларга тытылганым эсиме келе берет))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#184 Пользователь офлайн   malika14   16 Июль 2015 - 23:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 22 Март 15
  • Соңку аракети: 27 Янв 2019 19:54
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Картахена Испания

Jailoogo chikan kandai jakshy abasi taza syysy taza . Kyrgyzstandi olo sagyndym.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#185 Пользователь офлайн   nurchik05   17 Июль 2015 - 01:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 686
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 05 Дек 2024 22:53
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

Жайлоодон откон жыргал жокко эсе
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#186 Пользователь офлайн   nadira.begim   17 Июль 2015 - 07:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 133
  • Катталган: 23 Июнь 15
  • Соңку аракети: 26 Авг 2015 10:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Новый Уренгой.

Эми ысыкта журуп жайлоону энсеп атасынарда. ..;)
А озунор ошо жайлоого барып бир кунда тирилик кыла албайсынар!
Бир кун шамал,бороон чапкын,мондур жаасын минге коюп качасынар.:)
А кереметин айтып тугото албайм менда.
Айрыкча уйларды музоолору ээм кеткендеги таенемдин урушканычы. ..эхей ошо кундор кана артка кайтса...
Бир чолдук болом жайлоого барып,таенем бар мына каймакты чарага куюп кел десе иттин тепшисине куюп коюп ит жеп салганычы...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#187 Пользователь офлайн   beka1207   17 Июль 2015 - 14:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 722
  • Катталган: 28 Февраль 15
  • Соңку аракети: 10 Апр 2018 19:31
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения nadira.begim (17 Июль 2015 - 07:51) жазган:

Эми ысыкта журуп жайлоону энсеп атасынарда. ..;)
А озунор ошо жайлоого барып бир кунда тирилик кыла албайсынар!
Бир кун шамал,бороон чапкын,мондур жаасын минге коюп качасынар.:)
А кереметин айтып тугото албайм менда.
Айрыкча уйларды музоолору ээм кеткендеги таенемдин урушканычы. ..эхей ошо кундор кана артка кайтса...
Бир чолдук болом жайлоого барып,таенем бар мына каймакты чарага куюп кел десе иттин тепшисине куюп коюп ит жеп салганычы...

Жайлоонун терс жактары меене синип калган окшойт э...шамал,мондурдон башка да жакшы аба ырайы болот жайлоодо
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#188 Пользователь офлайн   jooshbala   17 Июль 2015 - 14:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 213
  • Катталган: 07 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 03 Авг 2024 12:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:москва

Байбиченин жайлоосу да зор экен.Мен ошол жерде болтам....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#189 Пользователь офлайн   Aikoo2014   17 Июль 2015 - 14:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 401
  • Катталган: 16 Март 14
  • Соңку аракети: 12 Фев 2018 23:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан.

Просмотр сообщения nurani111 (16 Июль 2015 - 23:24) жазган:

Эхх жайлоо кандай керемет.Кичине чагыбызда эки уч жыл катары менен жайкы дем алууда барып журдук.Салкын абасы кок шибери,шаркырап аккан суулары,эрте менен сайраган улар,кекилиги тим эле укмуш.Жада калса арча отунга кайнаган чайы озунчо бир керемет даамы озгочо.Эхх ошол кундорду аябай сагындым.Мумкунчулук болсо кана эми.Барып дем алып келсен.








Улар демекчи биз башта чыгып журчу жайлоодо аябай бийик зоокалар бар эле. Ошол тоолордо уларлар коп болчу. Эрте менен уйкудан турсан аябай соонун сайрашчу. Эн кызыгы жамгыр жаай турганын уларлардын унунон билчубуз. Ал эми кекиликтер озубуздун айылыбыздан аарыраактагы эле дончо тоолорубузда бар болчу.


" Мен дуйнону апам менен тааныгам "
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#190 Пользователь офлайн   Lili   24 Июль 2015 - 11:06

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 754
  • Катталган: 05 Июнь 10
  • Соңку аракети: 03 Фев 2022 16:00
  • Жынысы:Аялзаты

Иий Жайлоо, балалыктын бал мезгили отту го...
Байкуш энем неберенин баарын чогултуп алып чыкчу эле, азыр ойлосом кантип карады экен дей берем, берекелуу заман эле да анда...
Жумуш болуштуруп келгенде мага эчкилерди айдоо, улактарды кайтаруу туш келип калды, жакшы эле эчки аттунун баарын аркы жээгине айдап шаркыратманын, улактарды бул жээктеги тошко айдап анан кеткем оюнга, кечинде мал келген мезгилде чогу келсе болобу шармандаааа. .. Энем саап баштаса бир тамчы сут жок, эмип коюптур)))) Энем урушуп соз кетирбейин дедиби, же чарчаганбы айтор унчукпай жаныма келди да сузмо илген жыгачка мени илип койду кийимдеримди туруп туруп, журттун так ортосунда турам го илиниииип)))
Азырга чейин айылдагылар коргондор аксакал кемпирлер: аа бул жанагы туркукко илип койгон кызбы деп таанышат)))) анысына деле макулмун, бар болушса болду
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#191 Пользователь офлайн   Pantherka   24 Июль 2015 - 12:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 229
  • Катталган: 11 Февраль 14
  • Соңку аракети: 06 Апр 2021 23:27
  • Жынысы:Белгисиз

Балалыгымды эстегенде таенемди анан жайлоону эстейм. Уй кайтарчым, тушто бирдеме чакчы эле аларды ошондогу алардын аркасынан кууп чуркоо. Таза аба, каймак, сут, балчайтып он колунду сузмого малып алып курут жасоо))))))) бирде жамгыр бирде кун. Эн кызыгы салкын боз уйдо уктоо, жамгыр жокто жылдыздарды карап, жылдыз тушсо кыялынды катып ичине. Ошондо ошо кыялдар балалыктагы болбогон кубаныч деп айтпаптыр да эч кимиси. Азыр ошентип эс алып келсек кана?
Сүйүүнүн өзүнчө асманы бар...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#192 Пользователь офлайн   Kyzyke   24 Июль 2015 - 19:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 107
  • Катталган: 09 Июнь 15
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 21:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Сыртта сыдырым жел согуп,таңкы шүүдүрүм жашыл шибер,көк майсаңдын жүзүн аймалап жууп койгондой.Сыртта самоорлор бурулдап түтөп,таң супада оокатын кылчу чымын-чиркейлерге алда канча тоскоолдук кылгансыйт. Жылкылар кишенеп үйүр-үйүрү менен турушат.Желедеги кулундардын кээ бири тайраңдап энесине эркелегендей жатса,кээси жаш баладай энесинин желинине тутугат.Сыртта ак боз атты имип,оңго-солго камчыланып, бир короо майда туяктарды тээтиги капчыгайдын кырын коздой айдап боз улан жөнөдү.Жеңелер болсо челектерин кош билегине илип алып,белдемчисин бекем бууган бойдон уйларды саамакка жөнөдү.Аздан соң көңдүн бурулдаган жыты каңырыгымды жарды.Аны менен кошо калама көмөч нандын жыты келип жатты.Көрсө, боз үйдүн алды жагында элечегин оронгон энекем чачпагын чечпестен биздин кардыбыз үчүн даамдуу нан жаап жаткан экен.Бир бээ саам убакытка көзүм илинип кетиптир кайра.Мени уктасын дедиби,айтор өзүм ойгондум.Боз үйдүн түндүгү эми гана тартылып жатыптыр.Өзүмчө кыялга батып жаттым.Түндүк ачылып,көгүлтүр асман көрүнгөн сайын жан-дүйнөм арууланып,аны менен катар уйкум да кошо ачыла түштү.Боз үйлүн эпчи жагындагы сүт машиненин кыңылдап жатканын эч туйбай уктапмын.Үстүмдөгү ичикти алып,жаздыгымдан эми гана баш көтөргөндө жеңенин сүт тартып жатканын байкадым.Баары менен таңкы жылмаюм менен амандашып,түз эле шараккан сууну көздөй сай тарапка жөнөдүм.Жүзүмдү муздак суу менен жууп,бир сыйра сергип алдым.Мени аңгыча чайга чакырып калды.Барып эле дасторкондун четинен жай алдым.Сакалы куу тарткан,токсондон ашкан ата дасторконго бата тиледи.Мен болсо каймак менен ысык нанды малып жей салдым.Дасторкондогу дүйүм даамдын даамы оозундан азырга чейин кете элек го,чиркин! Ошондогу каймак,сары май,тыбыт,ысык көмөчтүн нан,самоордун чайы,ак ала уйлардын сүтү эңсеген сайын эргитет го.Эхх өңүмдө барбасам дагы,кыялым менен жазып койдум...)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#193 Пользователь офлайн   Patriot...kg   28 Июль 2015 - 23:03

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 194
  • Катталган: 10 Март 15
  • Соңку аракети: 30 Июн 2018 05:08
  • Жынысы:Эркек

Жайлоо менен Тоонун кандай айырмасы бар?
Роналду - бул кайталангыс талант
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#194 Пользователь офлайн   beka1207   28 Июль 2015 - 23:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 722
  • Катталган: 28 Февраль 15
  • Соңку аракети: 10 Апр 2018 19:31
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения Patriot...kg (28 Июль 2015 - 23:03) жазган:

Жайлоо менен Тоонун кандай айырмасы бар?

Жайкалган кок шибери,ичсен тандайды какшаткан муздак суусу,таза абасы бар жана жаратылышы кооз жерди жайлоо дейт...
А тоо болсо ар кандай болушу мумкун,кооз жаратылышы менен да,такырайган боз топурактуу добо болушу да мумкун.
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#195 Пользователь офлайн   Jasko.   29 Июль 2015 - 13:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 928
  • Катталган: 10 Март 14
  • Соңку аракети: 13 Апр 2020 13:44
  • Жынысы:Аялзаты

Мен дале жайлоого тоё элекмин,жайлоо эмей тоонун арасындагы айылды да көп көрбөдүм.Тайларым чөлдүк болушса,энем менин бир жашымда көз жумган.Ошентип, жакын туугандарыбыздан эч ким жайлоого чыкпайт.Өзүбүз болсо шаардын четиндеги айылда турабыз,тоо эмес дөңсөө да жок.2-классты бүтүп каникулда жүргөндө гана жайлоону көргөм."Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык" дегендей,коңшум алып барып,1 айга жетпей ыйлап баса бергем.Эми машинадан түшүп жөө кетип жатабыз,коңшумдун улуу кызы менен.Эч эле жетпейбиз да,ал мени алдап баратат "тигине,жетейин деп калдык" деп.Араң жеткенмин го,чиркин.Ал жакта күндүзү күн ачык да,кечкисин жамгыр,түнкүсүн мөндүр жаачу.Жарык жок болгондуктан, эрте эле жатчубуз.Кошунабыздын менден 3 жашка чоң кызы "поезд" болуп жатабыз десе,бири-бирибизди кучактаган бойдон уктачу элек.За то жылуу жатчубуз да.Эрте менен кой десе болбой,чоңдор менен жарышып саат 4-5 дин арасында ойгонуп алчу элем.Саат 6-7ге чейин уй саашып,анан аны тартышчу.Машинанын темир табактарын мага тазалатышчу, каймактарын. Анан чай коюшчу.Менин тамактанганым өзгөчө эле да.Атайын мен үчүн кичинекей дасторкон жайып,алдыма сүт,каймак,чөөгө, сары май,айран коюп коюшчу.Ошолорду түгөтмөйүнчө турчу эмесмин.Казанга нан жабышчу,айран уютуп,флягаларды сайдын ортосуна,таштардын үстүнө коюшуп сүзмө куюшчу.Курут жасачу элек.Анан арчага селкинчек жасап,ойночу элек.Уйларды башка жакка айдап жиберишет эле.Торпокторду бир аке эшек менен айдап баратса,артына учкашып алат элем.Келе жатып кыя жолдон гүл терип келчү элем.Бул жакта шаркыратма бар десе,барам дечүмүн.Бирок, барган эмес элем.Анан эшек минем,ат минем деп ыйлачумун.Түшкө маал тезек терчүмүн.Ойлоп көрсөм,өзүнчө эле "Любопытная Варвара" экен элем ошондо эле,ар ишке мурдумду тыгып."Үй жасамаш" дейбиз го,ошондой ойноп жатып,коңшунун кызынын мурдун чымчып коюп,ыйлатып алгам.Анан,ал апама айтам десе,үйдөгүлөрдү сагынып турган жаным,ошону шылтоолоп,качып баса бергем коркуп.

Билдирүүнү түзөткөн: mega777: 29 Июль 2015 - 15:51
Түзөтүүнүн себеби: Ачык түс менен жазууга тыюу салынат!

Я закрыла дверь в свое сердце и написала "ВХОДА НЕТ!". Но пришла Любовь и сказала просто: "Я не умею читать..."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#196 Пользователь офлайн   medina.   29 Июль 2015 - 15:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Биз жакта аябай кооз жайлоолор бар."Кош-Добо" ,"Ничке-Суу" ,"Кочкорчу" ж.б корсонор окунбойсунор. Апамдар илгери чыкчу экен,акыркысы мен оо, 4-5 жашымда,элээс- булас билем.Андан бери норм жайлоо коро элекмин.Бая куну апама туугандардыкына барып келейн десем ынабады"Ал жерде элдер тан атпай уй саайт,сени бир нерсе бастырып кетсе да турбайсын" -деп:)
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#197 Пользователь офлайн   Jasko.   29 Июль 2015 - 16:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 928
  • Катталган: 10 Март 14
  • Соңку аракети: 13 Апр 2020 13:44
  • Жынысы:Аялзаты

]Экинчи жолу айтылуу Нура тарапка,алыс туугандарым менен бардым.Биринчи барган жайлоодо тоо-таш,арча, карагай деген дегеле көп болчу.Экинчини ошондой элестетип барсам,жолдон 2-3 километр алыс жерде экен.Эки машине катарлаш эле түүз жерге кирип барганбыз.Арттагы машинедегилер биздин эле туугандар экен,көрбөгөн жаным,же алар мени,же мен аларды тааныбайм да.Барып жайлоодогуларга жеңемдин агасына куран окутабыз дешкен.Анан куран окутуп бүтүп(3 күндөн кийин),"сен кимдин кызысың?" дейт,"Шарафидиндин" десем,"Ийй, Шараңдын кызысыңбы?Мен акаң болом." деп,өллө башкача учурашканбыз да.Биринчи барган күнү,машинадан түшүп эле дарыяга баргам да,элдер тыпырап конок тосуп жүрөт.Мен болсо дарыяын ортосуна барып алгам,же чыга албайм.Чыга турган жерди араң тапкам,же бирөөнү чакыргандан уялам,суу болсо муздак.Аз жерден уят болоюн дегем.Айланамды карасам,мөңгүлүү зоолор,оо алыста тоолор,жаныбызда адыр бар экен.Дарак,жадакалса 2 карыш чөп жок.Кир жууганда да кирди чөпкө эле жайып коюшат экен.Телефондо сүйлөшкөнү алыс жолго чыкчу элек.Кызык экенмин,атайын ошол жолго чыгып,апама чалып,бирдик салдырып,анан агентке кирчү элем.Агент модада эле да.Ошол маалда телефонумдун заряддай турган жери иштебей калган да,машина келсе баары телефондорун толтуруп алышат.Мен эле томсоруп кала берем.Анан зарядын өчүрүп албайын деп этияттап 12 күнгө жеткиргем:96:.Ошол маалда чоңоюп калгангабы же ал жакта ошондойбу,эч эле тиричилик бүтчү эмес.Бир күнү койлорду айдап келгенин көрүп калдым,барсам менин бир көк коюм жүрөт.Көрсө, кой баккан киши биздин чабан экен.Эля дедим анан,баары эле тааныш экен.Анан эки үйдүн ортосунда эркелээп уй саап,көң ташып,кулун тосушуп жашап келгем.Айтмакчы, кымыз бышканды да ошол жактан көрүп,ошол жактан үйрөнгөм.Суур көргөм.Жайлоонун ошонусу жакшы экен да.ТВ жок,музыка жок,телефон жок,абасы таза,кечки саат 8-9 дарда эле уктайсың.Айтор, баары сонун.
Я закрыла дверь в свое сердце и написала "ВХОДА НЕТ!". Но пришла Любовь и сказала просто: "Я не умею читать..."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#198 Пользователь офлайн   Oceana.   02 Август 2015 - 23:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 053
  • Катталган: 04 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 30 Мар 2021 03:22
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Superstan

Быйыл жайлоого барам дедим эле,уйдогулор жон0тп0й койду. :79:
Жашоодо эч нерсе туболук эмес,
Жыргалчылык болуп атабы ыраахатын тат,кыйын кундор отуп жатса капа болбо булда убактылуу!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#199 Пользователь офлайн   anya   15 Январь 2016 - 21:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 132
  • Катталган: 08 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 17 Фев 2021 21:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Эээххх жайлоо, жайлоо кандай сонун керемет, кооз жаратылыштын белеги, ушул жайлоого баратканда, барганда баардык проблемаларды унутам го чиркин .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#200 Пользователь офлайн   Kyrgyz_bloger   06 Январь 2019 - 07:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 021
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чындык жашаган жер.

Окуучулук кездеги каникулда жайлоого барып эс алган кундор эстен кетпейт го
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Мен кыргызмын!
  • Кийинки тема →

  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 10 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 10, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 02 Авг 2025 16:04

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: