Кандайсынар достор?
Хакерлер тууралу темалар бар бирок алар жонундо маалыматар аз экен.
Админ ошон учун бул теманы бириктирип же жапай эле койун.
Достор бул жерге бир гана хакерлер тууралуу маалыматарды жана жанылыктарды жазабыз.
Эскертуу бул жерге суроо бергени болбойт!!
!
Ал учун атайын темалар бар.
Хакерлер тууралуу маалыматтар
#2 17 July 2015 - 10:08
Кошмо Штаттардын өкмөтү орусиялык компьютер хакери жана киберкылмыштарга шектелген Евгений Богачевду кармоого жардам бере ала турган маалымат үчүн 3 миллион доллар сыйлык жарыялады.АКШ бийликтерин орусиялык хакерди издөө үчүн мындай кадамга кандай жагдайлар түрттү? Кошмо Штаттардын өкмөтү киберкылмыштарга шектелген адамды кармоо үчүн үч миллион долларлык сыйлыкты өзү биринчи ирет белгилеп олтурат. Башкы прокурордун жардамчысы Лесли Колдуэлл 24- февралда Вашингтондогу басма сөз жыйында сыйлыкты жарыялаган кезинде буларга токтолду:– Бул сыйлык Евгений Богачевду табуу боюнча аракеттерди активдештирет.
Аны табууга башкаларды да жардамдашууга шыктандырат.
Мен Богачев кайсыл бир күнү Кошмо Штаттарда жоопко тартыларына үмүттөнөм.Отуз жаштагы орусиялык Евгений Богачевду АКШ абдан изделип жаткан он кылмышкердин катарына кошкон. Федералдык тергөө бюросу –ФБРдин баамында, жашаган дареги катары Анапа шаарында катталган Евгений Богачев азыр Орусия аймагында эле жүргөн болушу мүмкүн.Америкалык бийликтер Богачевду жана анын шериктерин зыяндуу компьютердик программалардын жардамы аркылуу америкалык жарандардын жана компаниялардын акчасын уурдаган деп шектөөдө. Баш прокурордун жардамчысы Лесли Колдуэлл Вашингтондогу басма сөз жыйында буларды белгиледи:– Евгений Богачев Орусияда жана Украинада жайгашкан киберкылмышкерлердин ич ара тыгыз байланышкан бандасынын болжолдуу жетекчиси. Алар “Геймовер Зеус” (Gameover Zeus) жана “Криптолокер” (Cryptolocker) деген зыяндуу программаларды жасаганы жана колдонгону үчүн жоопкер. Бул баш катырган иштин маанилүү бөлүгү аягына чыкпай жатканынын бир себеби, Богачев качып жүргөнүнө байланыштуу.
Биз “Геймовер Зеус” (Gameover Zeus) жана “Криптолокердин” (Cryptolocker) кылмыштуу ишмердигин кыйла эле үзгүлтүккө учуратканыбыз менен Богачевду жоопко тарта албай жатабыз. Биз эл аралык чек аралар кылмышкерлерди мыйзамдан коргошуна жол бербөөбүз абзел. Киберкоркунуч өсүп жаткандыктан,
киберкылмыштуулукка каршы эл аралык күрөшкө кошулуучу өлкөлөрдүн да саны көбөйөт. Мурда киберкылмышкерлер башпаанектей алуучу жер катары эсептелген өлкөлөрдүн саны да азайгандан азая берет.ФБРдин эсебинде, Богачевдун жана анын хакердик тобунун зыяндуу программалары дүйнө боюнча бир миллиондой компьютерди булгаган. АКШ компаниялары менен жарандарынын банк эсептеринен 100 миллион доллардай каражат уурдалган.Өзү Богачевго компьютерлерди бузуу үчүн кутум уюштурган, көз бойомочулукка барган, арам акчаны адалдаган деген айып АКШнын Пенсильвания жана Небраска штаттарында федералдык бийликтер тарабынан былтыр жайда эле коюлган болчу. ФБРдин киберкылмыштар боюнча бөлүмүнүн башчысы Жозеф Демарест Вашингтондогу басма сөз жыйында билдиргендей,
аларга киберкоркунучтарды туудурган 60тай топ белгилүү.Бирок Демарес ал топтор кайсыл өлкөлөрдөн аракеттенерин ачыктаган жок. Орусиянын чалгын кызматы –ФСБ жакында АКШ менен киберкылмыштарды иликтөөдө кызматташуу ниети бардыгын маалымдаганын кошумчалады.
Европанын киберкылмыштар боюнча борборунун башчысы Тролс Эртинг былтыр күздө глобалдык киберкылмыштарды башкаргандар 100дөй гана адам экенин, басымдуу бөлүгү дүйнөнүн орус тили колдонулган бөлүгүндө жайгашканын,
ошол “таланттуу программисттер” зыянсыздандырылса,
алар түзгөн система да кыйрарын айткан болчу.IBM компаниясы өткөн айда жарыялаган баяндамага караганда, былтыр АКШдагы чекене соода ишканаларына каршы киберчабуулдар дээрлик 50га азайганы менен хакерлер баары бир сатуучулардын компьютерлик түйүндөрүнөн 61 миллиондон ашуун жазууну уурдого жетишкен.
#3 17 July 2015 - 10:11
Анонимдүү “Шалтай-Болтай” тобунун мүчөсү LookAtMe порталына билдиргендей,
Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин “Твиттерде” дагы бир аккаунту жана “ВКонтакте” социалдык тармагында жабык аккаунту бар экен. Медведев бул аккаунттарды көбүнчө башкаларды четинен карап, окуш үчүн колдонот.Хакерлердин айтуусу боюнча Медведевдин жашыруун аккаунту Gremlin деген ысымда жазылган жана ал Михаил Ходорковский,
Алексей Навальный, Тина Канделаки, Владимир Жириновский,
Гарик “Бульдог” Харламов, Михаил Галустян, Павел Воля жана ушу сыяктуу бир топ атактуу адамдардын “твиттерин” окуп турат экен.Gremlin деген аккаунт 2010-жылы катталган жана ошондон бери бири-бирине байланышпаган “Привет”, “Вернулся!
” жана башка, жалпысынан болгону 5 эле “твит” калтырган.Микроблог Gremlin Медведевге тиешелүү экенин, хакерлер анын расмий аккаунтун гана ачышканда билишкен. “Биз бардык ишти анын “айфону” аркылуу кылдык, кантип экенин тактабай эле коелу. Мындай ишти кылууга болоору (аккаунтун ачып кирүү) бизди бираз уялтып да жатат – кантсе да бул биздин премьер-министр да” – дейт, аноним.“Медведевдин аккаунтун хакерлер колго алганын Путин билет: бул тууралуу биздин достор айтты. Сүрөттү эле карасаңар – Путин ачык эле күлүп, аны шылдыңдап атат. Буга чейин Путин биз тууралуу уккан, анткени ага биз тууралуу доклад да кылып турушат” – дейт, “Шалтай-Болтайдын” өкүлү.Хакерлердин айтуусу боюнча Медведев Росиянын саясий элитасындагы эң таасирлүү фигура эмес. “Ал жогорку постто турат, бирок андан да бир топ таасирлүү фигуралар бар” – дейт, аноним.Келечекте хакерлер башка саясатчылар тууралуу да маалыматтарды интернет булактарына чыгарып турушат экен.Мындан тышкары “Шалтай-Болтайдын” хакерлери өкмөттү жактап-мактап жазган же атайын бир оппозициялык адамдарга иштеген интернет-трольдор тууралуу айтышты. “Алар Москвада жана Санк-Петербургда,
атайын жасалган кеңселерде отурушат” – деп билдиришти,
хакерлер.Эскерте кетсек өткөн жумада Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин “Твиттердеги” аккаунтун хакерер колго алышып, “мен кызматтан кеттим” деген сыяктуу жазууларды калтырып кетишкен.
#5 17 July 2015 - 13:49
[quote name='Adilet94'
date='17 Июль 2015 - 10:11' timestamp='1437106263'
post='2469894'
]
Анонимдүү “Шалтай-Болтай” тобунун мүчөсү LookAtMe порталына билдиргендей, Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин “Твиттерде” дагы бир аккаунту жана “ВКонтакте” социалдык тармагында жабык аккаунту бар экен. Медведев бул аккаунттарды көбүнчө башкаларды четинен карап, окуш үчүн колдонот.Хакерлердин айтуусу боюнча Медведевдин жашыруун аккаунту Gremlin деген ысымда жазылган жана ал Михаил Ходорковский, Алексей Навальный, Тина Канделаки, Владимир Жириновский, Гарик “Бульдог” Харламов, Михаил Галустян, Павел Воля жана ушу сыяктуу бир топ атактуу адамдардын “твиттерин” окуп турат экен.Gremlin деген аккаунт 2010-жылы катталган жана ошондон бери бири-бирине байланышпаган “Привет”, “Вернулся! ” жана башка, жалпысынан болгону 5 эле “твит” калтырган.Микроблог Gremlin Медведевге тиешелүү экенин, хакерлер анын расмий аккаунтун гана ачышканда билишкен. “Биз бардык ишти анын “айфону” аркылуу кылдык, кантип экенин тактабай эле коелу. Мындай ишти кылууга болоору (аккаунтун ачып кирүү) бизди бираз уялтып да жатат – кантсе да бул биздин премьер-министр да” – дейт, аноним.“Медведевдин аккаунтун хакерлер колго алганын Путин билет: бул тууралуу биздин достор айтты. Сүрөттү эле карасаңар – Путин ачык эле күлүп, аны шылдыңдап атат. Буга чейин Путин биз тууралуу уккан, анткени ага биз тууралуу доклад да кылып турушат” – дейт, “Шалтай-Болтайдын” өкүлү.Хакерлердин айтуусу боюнча Медведев Росиянын саясий элитасындагы эң таасирлүү фигура эмес. “Ал жогорку постто турат, бирок андан да бир топ таасирлүү фигуралар бар” – дейт, аноним.Келечекте хакерлер башка саясатчылар тууралуу да маалыматтарды интернет булактарына чыгарып турушат экен.Мындан тышкары “Шалтай-Болтайдын” хакерлери өкмөттү жактап-мактап жазган же атайын бир оппозициялык адамдарга иштеген интернет-трольдор тууралуу айтышты. “Алар Москвада жана Санк-Петербургда, атайын жасалган кеңселерде отурушат” – деп билдиришти, хакерлер.Эскерте кетсек өткөн жумада Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин “Твиттердеги” аккаунтун хакерер колго алышып, “мен кызматтан кеттим” деген сыяктуу жазууларды калтырып кетишкен.
[/ quote]
Билишимче ВКонтактеде Медведевтин страницасы жабык турдо эмеско. Адамдарды издоо страницасында мамлекетти россия кылсан Медведев экинчи катарда чыгат дайыма ал эми биринчиде Павел Дуров чыгат. Билбейм дагы...

#6 17 July 2015 - 20:05
Адилет94 Медведевтин официалдуу эмес аккаунтту жөнүндө айтып жатат. Кыскасы, хакерлерден баардык нерсени күтсө болот.
♔ Aytku(love)a ♔
#7 18 July 2015 - 00:08
Япония. Кытай хакерлери япон банктарынан 6 млн акча каражатын уурдап, рекорд коюшту.
Япон полициясы 13 кытай жаранына кылмыш ишин козгоду. Хакерлер япон банктарынан 6 млн суммадагы акча каражатып уурдашып, өлкөдө рекорд жаратты. Алар банктардын коопсуздук сыр сөздөрүн бузушуп, өздөрүнүн эсебине которуп алышкан. Полициянын ыкчам изилдөө иштеринин негизинде акчанын жарымы Кытайга которулуп, жарымы Японияда колдонулгандыгы белгилүү болду. Кармалган хакердик топ күнөөлөрүн мойнуна албай жатат. Буга чейинки хакердик чабуулдарды эске алганда, акыркы 5 ай ичинде баары болуп 14,7 млн суммадагы акча каражаты тонолгон.
Интернет аркылуу банктарды тоноо Японияда кеңири таралган. Анткени калктын көпчүлүгү төлөмдөрдү үйүнөн чыкпай эле төлөп коюу мүмкүнчүлүгүнөн кеңири пайдаланышат. Муну менен банктар өз эсептеринин коопсуздугун ойлоп, сыр сөздөрүн көп тепкичтүү кылып жатышат. Бирок, тоноолор улам өсүүдө.

#8 29 July 2015 - 02:25
Марк Цукерберг АКШнын Уайт Плейнз шаарында туулган. Марк Цукерберг "Forbes" журналындагы "Эң бай 400 адам" рейтингиндеги эң жаш байлардын бири. Ал 24 жашында эле 1,5 миллион АКШ доллар иштеп тапкан. 2004-жылы "Фейсбук"
социалдык түйүнүн ойлоп тапкан. Алгач Гарварддын студенттери үчүн ачылган бул сайт бара-бара "MySpasе`тeн"
кийинки эле орунга чыккан. "Фейсбук"
сайты 15 миллиард доллар деп бааланса, компаниянын 27% акциясына ээлик кылган Марктын байлыгы 4 миллиард долларды түзгөн. Ал эми 2013-жылы кайра эле "Forbes" журналы изилдөө жүргүзүп, 19 миллиард АКШ доллары менен Марк Цукерберг алдынкы 20 бай адамдын катарына кирген.
#9 29 July 2015 - 02:30
программисти,
Minecraft компьютердик оюнунун негиздөөчүсү Маркус Перссон Швециянын Стокгольм шаарында төрөлгөн. Программалоого 8 жашынан тартып кызыга баштаган. Төрт жарым жылдан ашык King.com компаниясында оюндарды түзүп иштеген. Кийин көптөгөн оюн, программалардын үстүндө иштеп, 2009-жылы Mojang Specifications компаниясын негиздеген.
#10 29 July 2015 - 02:37
Кыргызстандагы эң жаш программист Эрмек Кубанычбеков Германиянын алдыңкы техникалык окуу жайларынын бирине чакыруу алды. Ал буга чейин Самсунг смартфондоруна кыргыз тилин киргизген компаниянын эң жаш кызматкери катары таанылып келген.
Он сегиз жаштагы Эрмек Кубанычбековдун технологияга болгон алгач кызыгуусу бир жумада компьютер тууралуу отуз китеп окуп чыккандан кийин ойгонгонун айтат. Эрмек кызыгуунун жана талыкпас эмгектин арты менен ийгилик жаратууга мүмкүн экендигине терең ишенет:
“Кичинемде балдар менен көп ойноор элем. Бешинчи класста окуп жүргөнүмдө ата-энем ажырашты. Бул учур менин тагдырым үчүн оор күн болду. Ошентип жүргөн мезгилде компьютерлерге кызыгуум артты. Компьютерге байланыштуу көптөгөн китептерди окуп, кызуугум күч алды. Ар кимдин үйүнө барып, он үч жашымда компьютерлерди оңдоп иштеп баштадым.
Эрмек мектебиндеги түрдүү мелдеш, олимпиадалардын жеңүүчүсү болгон. Жеңиштеринин эң өзгөчөсү, эсинде калганы, жашоосунда бурулуш алып келген жеңиши дүйнө жүзү боюнча өткөрүлгөн программисттер мелдешиндеги биринчиликти багындарганын жылмаюу менен эскерет.
«Он беш жашымда «Интел» аттуу компаниясынын сынак жарыялаганын угуп сайтына кирип, дүйнө жүзүндөгү программисттердин эл аралык сынагы экендиги тууралуу малымат алдым. Мага тажрыйба болсун деп, катышып көрүүнү чечтим. Сынакка он миң катышуучу болуп, бир жай мезгили бою компьютердин жанында отуруп, долбоор жаза баштадым. Бир күнү эле мектепте отургам, «сиз жеңүүчү болдуңуз, он миң доллар эсебиңизге салабыз»- деп жазыптыр, башында ишенген жокмун. Эки күнгө жетпей банктын эсебин карасак, акча түшүптүр. Кийин бул компания мени Лондонго чакырып, ультрабук белек кылып, ошондо да менин жаш экениме ишенбей таң калышты. Лондондон келип эле апама бир машина алып бердим».
Жаш программист буга чейин самсунг смартфондорун кыргыз тилине которуу иши менен алектенчү. Ал техникалык сөздөрдү кыргыз тилине которуудагы кыйынчылыктарды айтып берди.
“Бир телефонду которууга бир жылдан ашык убакыт сарптадым. Котормону адабий тилден алып, ошол эле маалда телефондун функциясынын маанисине жакындаштырып түздүк. Эң кыйын сөз “синхронизация” деген сөз болду. Бул сөздү мааниси боюнча которуп койгондо такыр башкача болуп калат. Андыктан аны англис тилинде калтырдым. Дагы бир сөз “приложения” деген, аны тиркеме деп которуп койсо болбой калчудай, колдонмо деп которууга туура келди”.
Самсунг компаниясындагы үч жыл иш тажрыйбасын артта калтырган Эрмектин алдында бир топ максаттар турганын айтат. Алардын эң алгачкысы- Германиянын алдыңкы техникалык окуу жайынан билимин өркүндөтүү:
“Мен билим ала турган Дармшад университети Германиянын эң алдыңкы окуу жайларына кирет экен. Техникалык жактан экинчи орунда турат. Окуп бүткөндөн кийин убакытты көп өткөрбөй, кайра Кыргызстанга келип, алган тажрыйбамды колдонуп, өлкөнүн билим берүү системасын өзгөртүү максатым бар. Өзгөчө мектепте технология менен байланышкан информатика сабагы он жыл мурдагы программа менен окутулат. Кийин кандайдыр бир программа жазып, мекениме окуу жагынан жардам бергим келет”.

#11 29 July 2015 - 02:49
Мен ишенем!Мекенибизде таланттуу программистер коп экенине.Кудай буйруса,биз онугобуз!
дуйно эли суктансын...
Кудай буйруса баары жакшы болот!

Супер-Инфо
super.kg
видео