Жакшым менин, жан азыгым,
Жарашыгым, асылым….
Жандай көргөн жапакечим,
Жандүйнөмө жакыным.
Жакшы ырымсың, жалгызымсың,
Жан сырымсың сактаган,
Жарык нурсуң, жалыныңа
Жагылууга аз калам...
Жашоом менин, жан ашыгым,
Жана шыгым эргиткен,
Жаным менин, жагым демиң –
Жамгырдай жан сергиткен.
Жыпар Исабаеванын ырлар жыйнагы. акын эжекебиздин ырлары менен бөлүшөбүз.
#61 15 Июнь 2015 - 23:21
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#62 15 Июнь 2015 - 23:21
Жоолугунун учу менен,
Көздүн жашын кургатып,
Кээде апалар ыйлап алат,
Көкүрөккө муң катып.
Умсунушат уулу кирип,
Келүүчүдөй түн катып.
Көздүн жашын кургатып,
Кээде апалар ыйлап алат,
Көкүрөккө муң катып.
Умсунушат уулу кирип,
Келүүчүдөй түн катып.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#63 15 Июнь 2015 - 23:22
Ата, апа, жүзүңөрдүн,
Бырыштары көбөйүп,
Чачыңардын агарганы,
Көңүлүмдү чөгөрүп...
Турдум канбай жытыңарга,
Ийниңерге жөлөнүп.
Бырыштары көбөйүп,
Чачыңардын агарганы,
Көңүлүмдү чөгөрүп...
Турдум канбай жытыңарга,
Ийниңерге жөлөнүп.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#64 18 Июнь 2015 - 08:27
Бирок...
Тынчыңды албайын деп,
Терезең черткен жокмун.
Текебер элем, бирок
Теригүү сезген жокмун.
Телмирип турдум күтүп,
Терс карап кеткен жокмун...
Кабатыр кылбайын деп,
Каалгаңды каккан жокмун.
Кандай оор болсо дагы,
Катуу өңдөн азган жокмун.
Кайыгып турдум бирок,
Кайра артка кайткан жокмун...
Сестентип албайын деп,
Сезимтал көңүлүңдү,
Сен жакка нур болуп жаап,
Себелеп төгүлүүмдү,
Сездиңби сезимдердин,
Селине чөмүлүүмдү. ..
Тынчыңды албайын деп,
Терезең черткен жокмун.
Текебер элем, бирок
Теригүү сезген жокмун.
Телмирип турдум күтүп,
Терс карап кеткен жокмун...
Кабатыр кылбайын деп,
Каалгаңды каккан жокмун.
Кандай оор болсо дагы,
Катуу өңдөн азган жокмун.
Кайыгып турдум бирок,
Кайра артка кайткан жокмун...
Сестентип албайын деп,
Сезимтал көңүлүңдү,
Сен жакка нур болуп жаап,
Себелеп төгүлүүмдү,
Сездиңби сезимдердин,
Селине чөмүлүүмдү. ..
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#65 21 Июнь 2015 - 05:48
Карегим сен деп жооруган,
Эмне эле сага тоорулам…
Сезээрсиң сен да себебин
Мен сен сени менен ооругам.
Эмне эле сага тоорулам…
Сезээрсиң сен да себебин
Мен сен сени менен ооругам.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#66 21 Июнь 2015 - 05:48
Турпатың кандай керемет,
Туурума менин келе кет.
тутантып кармап жүрөйүн,
бир үзүм жалын бере кет.
Туурума менин келе кет.
тутантып кармап жүрөйүн,
бир үзүм жалын бере кет.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#67 27 Июнь 2015 - 21:50
Мынча эмнеге?..
Көңүлдүн көксөөсү бар көздөрүңдө,
Керемет сыр жашынат сөздөрүңдө.
Күндөргө күтүү менен күүгүм кирип,
Түндө да түштөр кирет биз жөнүндө.
Ырдасам сагынычым жетет бекен,
Ынагым, ырга айлангым келет нечен!
Ылайым ыр түнөгөн жүрөгүңдө,
Ыр болуп жашагым бар керек десең!
Канатты күүлөйм сага жетким келет,
Кайгыдан арачалап кетким келет.
Төгүлгөн кирпигиңден кагылайын,
Тагдырлар табышабы, эх ким билет!
Сеңселген саамайыңды желбиретип,
Элесиң тиктейт жанды элжиретип.
Билбеймин, мынча эмнеге сүйдүрөсүң,
Шипширин добушуңду дилдиретип.
Көңүлдүн көксөөсү бар көздөрүңдө,
Керемет сыр жашынат сөздөрүңдө.
Күндөргө күтүү менен күүгүм кирип,
Түндө да түштөр кирет биз жөнүндө.
Ырдасам сагынычым жетет бекен,
Ынагым, ырга айлангым келет нечен!
Ылайым ыр түнөгөн жүрөгүңдө,
Ыр болуп жашагым бар керек десең!
Канатты күүлөйм сага жетким келет,
Кайгыдан арачалап кетким келет.
Төгүлгөн кирпигиңден кагылайын,
Тагдырлар табышабы, эх ким билет!
Сеңселген саамайыңды желбиретип,
Элесиң тиктейт жанды элжиретип.
Билбеймин, мынча эмнеге сүйдүрөсүң,
Шипширин добушуңду дилдиретип.
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#68 28 Июнь 2015 - 18:14
Ишеним.
(Кийинки муундарга)
Өрт болуп жалбырттаган, жалындаган,
өбөктөп өзгөлөргө жагынбаган!
Өзүңөрдөй уулдары өсүп жетсе,
Өлкө күчкө ээ болот багынбаган!..
(Кийинки муундарга)
Өрт болуп жалбырттаган, жалындаган,
өбөктөп өзгөлөргө жагынбаган!
Өзүңөрдөй уулдары өсүп жетсе,
Өлкө күчкө ээ болот багынбаган!..
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#69 28 Июнь 2015 - 18:15
Ырлар
«Тырс» үзүлуп,
кулап түшүп жылдыздан,
Жандүйнөмө
жагымдуулук сыйгызган...
Тамчы жарык –
Тарап каны-жаныма,
жашоонун бул
кереметин туйгузган...
Ошол тамчы –
Ырлар... бакыт чыныгы,
Айдан, Күндөн
түшкөн нурдун сыныгы!,
Пендесине
Жараткандын ичи ысып,
Ыраа көргөн
ырахат, кут, сыйы бу!
Мен ырларга
ашык болуп калгандай,
Мага да алар
арзыгандай арданбай..!
Айдан агып,
жылдыздан таамп келет да,
Ырга айланып
жашап калат ар кандай...
«Тырс» үзүлуп,
кулап түшүп жылдыздан,
Жандүйнөмө
жагымдуулук сыйгызган...
Тамчы жарык –
Тарап каны-жаныма,
жашоонун бул
кереметин туйгузган...
Ошол тамчы –
Ырлар... бакыт чыныгы,
Айдан, Күндөн
түшкөн нурдун сыныгы!,
Пендесине
Жараткандын ичи ысып,
Ыраа көргөн
ырахат, кут, сыйы бу!
Мен ырларга
ашык болуп калгандай,
Мага да алар
арзыгандай арданбай..!
Айдан агып,
жылдыздан таамп келет да,
Ырга айланып
жашап калат ар кандай...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#70 28 Июнь 2015 - 18:17
Карызмын...
Сазына көртирликтин батып алып,
Санаалар көкүрөктү басып алып,
Кызмончок, Бектемир, Жан жөнүндөгү,
Жомокту көөдөнгө бек катып алып,
Силерге сары майдай сактап жүрөм.
Азыраак убакыттан аксап жүрөм,
Доочу көп... Күткөндөр көп... билип, сезип,
Атүгүл атыңарды жаттап жүрөм...
Кечиктим, кечиктирдим карызымды,
Күнөөмдү моюнума алышым бу...
Күндөрдүн бир күнүндө төлөп берем,
Эселеп өстүргүлө пайызымды...
Сазына көртирликтин батып алып,
Санаалар көкүрөктү басып алып,
Кызмончок, Бектемир, Жан жөнүндөгү,
Жомокту көөдөнгө бек катып алып,
Силерге сары майдай сактап жүрөм.
Азыраак убакыттан аксап жүрөм,
Доочу көп... Күткөндөр көп... билип, сезип,
Атүгүл атыңарды жаттап жүрөм...
Кечиктим, кечиктирдим карызымды,
Күнөөмдү моюнума алышым бу...
Күндөрдүн бир күнүндө төлөп берем,
Эселеп өстүргүлө пайызымды...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#71 28 Июнь 2015 - 18:18
Өзүң
Асылым, кереметим,
Ай, Күнгө теңебесим.
Арзуумду байкабаган,
Алпейим кенебесим.
Эргүүмдүн делебесин,
Эргиткен сен элесиң.
Эс-акыл мыйзамына,
Ээ бербес беренесиң.
Өзүң деп туман көзүм,
Өкчөлүп турам өзүм.
Өкүмдар сотум да сен,
Өкүмүң чыгар өзүң..
Асылым, кереметим,
Ай, Күнгө теңебесим.
Арзуумду байкабаган,
Алпейим кенебесим.
Эргүүмдүн делебесин,
Эргиткен сен элесиң.
Эс-акыл мыйзамына,
Ээ бербес беренесиң.
Өзүң деп туман көзүм,
Өкчөлүп турам өзүм.
Өкүмдар сотум да сен,
Өкүмүң чыгар өзүң..
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#72 28 Июнь 2015 - 18:19
Суранам...
Тамчы-тамчы
асыл ойдон кураган,
Ырларыңды
окуйм дагы кубанам.
Анткени ошол
саптарындан «жылт» эткен,
Мага таандык
бир ыргакты туя алам…
мөлтүр-мөлтүр
махабаттан кураган,
авазыңды
тыңшайм дагы кубанам.
Анткени ошол
Добушуңдан, тымызын
мага таандык
бир обонду уга алам.
Колдоруңду
Комуз күүлөп, бураган,
Эстеп, тыңшап
Бүтпөйт такыр убарам.
Качандыр бир,
кайрыктарды мага ошол,
Кайра дагы
кайрып берчи суранам?...
Тамчы-тамчы
асыл ойдон кураган,
Ырларыңды
окуйм дагы кубанам.
Анткени ошол
саптарындан «жылт» эткен,
Мага таандык
бир ыргакты туя алам…
мөлтүр-мөлтүр
махабаттан кураган,
авазыңды
тыңшайм дагы кубанам.
Анткени ошол
Добушуңдан, тымызын
мага таандык
бир обонду уга алам.
Колдоруңду
Комуз күүлөп, бураган,
Эстеп, тыңшап
Бүтпөйт такыр убарам.
Качандыр бир,
кайрыктарды мага ошол,
Кайра дагы
кайрып берчи суранам?...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#73 30 Июнь 2015 - 22:31
Апам айтчу
Апам айтчу: “Келиндер!
Эсеби жок көппөгүлө,
Эриңерди сөкпөгүлө?!
Эркеле, сүй, бирок аттап,
Тебелеп, тээп өтпөгүлө!
Кийбегиле,
эркектердин калпагын,
Кемибесин
Ала-Тоодой баркы анын!
Үйдүн куту –
Аял, Эне эсирсе,
Эч убакта
жакшы болбойт, арты анын!
Ичпегиле,
кумар тутуп аракты,
Издегиле
улуулукту жана акты!
Ансыз да коом
ооруп турат, балдарым,
Ниеттенгиле,
ырбатпоого жаратты!
Эне наркын,
ата салтын жолдогон,
Аял – Жердей
көтөрүмдүү болгону оң!
Өйдөдө - өбөк,
жөлөк болуп ылдыйда,
Эрдин, элдин
эртеңкисин ойлогон!
Ооба, аялдын
ошончо көп түйшүгү!
Аял – санаа,
күтүү, үмүттүн түркүгү!
Бир кылымга
татып кетет кээ бирде,
Чач агартып,
таң атырган бир түнү!
Аял – Эне!
Аял - Жардын сүйгөнү!
Аял – Күн, Ай!
Аял – жашоо үйдөгү!
Андай болсо
сактап турат аялзат,
Үйбүлөдөн
куралган бул дүйнөнү!."
Апам айтчу: “Келиндер!
Эсеби жок көппөгүлө,
Эриңерди сөкпөгүлө?!
Эркеле, сүй, бирок аттап,
Тебелеп, тээп өтпөгүлө!
Кийбегиле,
эркектердин калпагын,
Кемибесин
Ала-Тоодой баркы анын!
Үйдүн куту –
Аял, Эне эсирсе,
Эч убакта
жакшы болбойт, арты анын!
Ичпегиле,
кумар тутуп аракты,
Издегиле
улуулукту жана акты!
Ансыз да коом
ооруп турат, балдарым,
Ниеттенгиле,
ырбатпоого жаратты!
Эне наркын,
ата салтын жолдогон,
Аял – Жердей
көтөрүмдүү болгону оң!
Өйдөдө - өбөк,
жөлөк болуп ылдыйда,
Эрдин, элдин
эртеңкисин ойлогон!
Ооба, аялдын
ошончо көп түйшүгү!
Аял – санаа,
күтүү, үмүттүн түркүгү!
Бир кылымга
татып кетет кээ бирде,
Чач агартып,
таң атырган бир түнү!
Аял – Эне!
Аял - Жардын сүйгөнү!
Аял – Күн, Ай!
Аял – жашоо үйдөгү!
Андай болсо
сактап турат аялзат,
Үйбүлөдөн
куралган бул дүйнөнү!."
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#74 08 Июль 2015 - 03:25
Эстутумдан..
.
жалгыз сенден башканын,
Баарын-баарын
келди өчүрүп таштагым!
Эмнегедир
сени дагы унуттум
десем кайра…
кусалана баштадым...
жалгыз сенден башканын,
Баарын-баарын
келди өчүрүп таштагым!
Эмнегедир
сени дагы унуттум
десем кайра…
кусалана баштадым...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#75 08 Июль 2015 - 03:26
Карабай –
канча түйшүк, азабына,
Бул күздү
мен да коштум казалыма.
Канатым
каңтарылып калган кезде,
Каралдым,
кайдан келдиң катарыма?
канча түйшүк, азабына,
Бул күздү
мен да коштум казалыма.
Канатым
каңтарылып калган кезде,
Каралдым,
кайдан келдиң катарыма?
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#76 11 Июль 2015 - 20:13
Акындардан эн эле баалаганым ушул эже. Эже ырларын бир гана озу учун жазбагандай.
Ырларын окуп олтуруп, озумдун тагдырыма да окшоштуруп,
козумо жаш тегеренип кетет. Азаматсыз эже, дагы да чыгармачылыгыныз оркундоп, осо берсин.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#77 16 Июль 2015 - 22:17
СИЗ БАР ҮЧҮН...
Бүгүн барып Сиз жөнүндө ыр жазам,
Издеп-издеп. .. таап ширин сөздөрдү.
Кыялданып жүрөк менен сырдашам,
Шылтоо кылып “жалт” караган көздөрдү.
Ушул көздөр мени кылган бактылуу,
Көңүлүмдү жууп өтөт чайыттай.
Жалгыз гана өзүңүздү жактыруу,
Жүрөгүмдө жашап жүрөт айыкпай...
Кандай жакшы, кандай асыл адамсыз,
Сиз бар үчүн мага жакшы тирүүлүк.
Сиз бар үчүн дүйнөм түгөл сыяктуу,
Сиз бар үчүн жашап жүрөм сүйүнүп.
Ушул ырды жалгыз гана Сизге арнап,
Сизге карап, Сизге гана аярлап.
Анткен менен Сизге сырым билгизбей,
Сыртыңыздан сүйүп жүрөм абайлап...
Бүгүн барып Сиз жөнүндө ыр жазам,
Издеп-издеп. .. таап ширин сөздөрдү.
Кыялданып жүрөк менен сырдашам,
Шылтоо кылып “жалт” караган көздөрдү.
Ушул көздөр мени кылган бактылуу,
Көңүлүмдү жууп өтөт чайыттай.
Жалгыз гана өзүңүздү жактыруу,
Жүрөгүмдө жашап жүрөт айыкпай...
Кандай жакшы, кандай асыл адамсыз,
Сиз бар үчүн мага жакшы тирүүлүк.
Сиз бар үчүн дүйнөм түгөл сыяктуу,
Сиз бар үчүн жашап жүрөм сүйүнүп.
Ушул ырды жалгыз гана Сизге арнап,
Сизге карап, Сизге гана аярлап.
Анткен менен Сизге сырым билгизбей,
Сыртыңыздан сүйүп жүрөм абайлап...
Билдирүүнү түзөткөн: rnurzida: 16 Июль 2015 - 22:43
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#78 16 Июль 2015 - 22:44
Биринчи жолу...
Ушунча жашап жүрүп,
Убайым, санаа тарткан,
Уйкусуз тандары аткан,
Сагыныч эмне экенин,
Биринчи жолу билдим...
Биринчи жолу билдим,
Өзүңсүз өмүр сүрүү,
Өчөштүк, өкүмсүнүү...
Акылга сыйбагандык,
Убара экендигин...
Убара экендигин,
Сени эстен чыгармагым,
Сездим да ыр арнадым.
Элиртип эс-акылды,
Ээлеген сагынычка,
Каяша кыла албадым.
Ушунча жашап жүрүп,
Убайым, санаа тарткан,
Уйкусуз тандары аткан,
Сагыныч эмне экенин,
Биринчи жолу билдим...
Биринчи жолу билдим,
Өзүңсүз өмүр сүрүү,
Өчөштүк, өкүмсүнүү...
Акылга сыйбагандык,
Убара экендигин...
Убара экендигин,
Сени эстен чыгармагым,
Сездим да ыр арнадым.
Элиртип эс-акылды,
Ээлеген сагынычка,
Каяша кыла албадым.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#79 17 Июль 2015 - 10:58
rnurzida (05 Июнь 2015 - 18:09) жазган:
Күтүү
Көчө жымжырт,
унаа аягы токтогон...
Бүлбүл шамдар – үмүтүмө окшогон!
Тереземди карай берип сыягы,
Бүгүн түнү силер менен дос болом.
Түнкү шамдын
нурларына чайынып,
Жапырылып, жалгызсырап, кайыгып,
Бир тамчы суу "тып!" дей түшсө жонуна,
Бүт азаптан кетүүчүдөй айыгып.
Байкуш дарак!
Жамгыр жааса тирилмек,
Дыбырттаган тамчыларга киринмек!
Күтүү менен сагынычтын жаңы ырын,
Жалбырактар ырдап иймек дирилдеп! ..
Тагдырыбыз –
экөөбүздүн төп түшүп,
Мен да сендей бир тамчы эле сөз күтүп,
Учу-кыйры көрүнбөгөн жолдордон,
Бакыт күтөм, башымды ийип, чөк түшүп.
Ошол жолдор
мага сүйүү апкелет,
Ошол жолдон... мага бир күн жаз келет!..
Көчө жымжырт,
унаа аягы токтогон...
Бүлбүл шамдар – үмүтүмө окшогон!
Тереземди карай берип сыягы,
Бүгүн түнү силер менен дос болом.
Түнкү шамдын
нурларына чайынып,
Жапырылып, жалгызсырап, кайыгып,
Бир тамчы суу "тып!" дей түшсө жонуна,
Бүт азаптан кетүүчүдөй айыгып.
Байкуш дарак!
Жамгыр жааса тирилмек,
Дыбырттаган тамчыларга киринмек!
Күтүү менен сагынычтын жаңы ырын,
Жалбырактар ырдап иймек дирилдеп! ..
Тагдырыбыз –
экөөбүздүн төп түшүп,
Мен да сендей бир тамчы эле сөз күтүп,
Учу-кыйры көрүнбөгөн жолдордон,
Бакыт күтөм, башымды ийип, чөк түшүп.
Ошол жолдор
мага сүйүү апкелет,
Ошол жолдон... мага бир күн жаз келет!..
Мен учун эле жазылгандай...
#80 19 Июль 2015 - 13:07
Сен үчүн
Мен сен үчүн...
келди өзүмдү карагым,
Жүрөгүмдү өзгөчөрөөк аядым.
Ооруп, чыдап... жүрдүм эле чыгынбай,
Эртең сөзсүз дарыгерге барамын.
Мен сен үчүн...
келди өзүмдү карагым,
Жүрөгүмдү өзгөчөрөөк аядым.
Ооруп, чыдап... жүрдүм эле чыгынбай,
Эртең сөзсүз дарыгерге барамын.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.