Суперстан: Келин келди... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Келин келди... Келиндин жаңы бүлөгө келиши.

#101 Пользователь офлайн   gulbara1   04 Май 2015 - 23:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 72
  • Катталган: 08 Апрель 15
  • Соңку аракети: 24 Дек 2015 03:27

Кана эми баардык кайнене-келиндердин жылдызы туш келсе, анда авысындар отуруп алып кимди жамандашмак, турмуштун кызыгы да ушуну менен. Келиндердин максаты:кайненеге жакшы кызмат кылсам, эн жакшы, супер келин болсом, анан ушул наамга жеткичекти озубуз кайнене болуп калабыз го.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   kadam   16 Июль 2015 - 18:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 98
  • Катталган: 22 Февраль 11
  • Соңку аракети: 06 Май 2021 16:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.

Замандын шарапаты менен уулдарым Россияга эмгек фронтуна кетишти. Азыркы замандын Толгонайы менен Алиманы болуп үйдө жалгыз калдык. Алыс жерде ден соолукта, кырсыктан сырткары болуп аман жүрүшүн тилеп отурабыз. Уул-кыздары, жубайлары четте жүргөн ата-энелердин, келиндердин кусалыгын-сагынычын эми билип жатабыз. Өз элибизде өгөйлөнбөй жаштарга татыктуу маяна м-н иш орундары болгондо мындай болбойт эле. Кантебиз, "Ыйман бер"- деп Жаратканга жалынгандан башка колубуздан келбейт экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   aiturgasha   17 Июль 2015 - 11:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 144
  • Катталган: 15 Апрель 15
  • Соңку аракети: 18 Мар 2024 23:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:JallivuD

Окуп жатып менин кайненем жазбадыбы экен деп ойлоп кеттим. бизде да ушундай. кайненем жалгыз остургон балдарын. баарывыз чогуу жашайбыз, кайнагамдан мурда биз уйлонгонбуз. бирок жакшына болуп никеге таза киргенбиз. сиз жазышынызга караганда сабырдуу жакшы кайнене окшойс,келининиз мн да сыймыктанат экенсиз. мен да кайненем мн сыймыктанам, золотая аял. сизге окшоп кайненем да мени мн сыймыктанышын каалайм. жана ошого аракет кылам
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   -rusalka-   17 Июль 2015 - 12:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 539
  • Катталган: 23 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 20 Сен 2015 18:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:(БАЭ) Дубай шаары

Кандай акылдуусуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   Jiznmalina   13 Август 2015 - 16:37

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 28
  • Катталган: 01 Август 15
  • Соңку аракети: 22 Окт 2019 13:16

Мен да жазгым келип кетти. Сегиз бир тууганбыз. Торт эжем бар. Окууну буткончо Эч нерсе кылбай чонойдум. Университетти бутуп,дипломду алгандын эртеси Москвага кеттим, женем менен чогуу жашадым. Даже ичкен пиаламды жуубайм. Эптеп жуунуп чыгып уктайм. Кыйраткан адам болуп. Эжемдер айтчу сени бир жумадан кийин жеткизип берет деп. Бирок жакшы кайненеге туш болуп кыйынчылык коргонум жок. Кудайга мин мертебе шугур. Коп нерсеге уйротту. Жаман созун укпадым. Укпай эле койойун. Менда дайыма аракет кылам татыктуу келин болсом деп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   fittoniya   13 Август 2015 - 17:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 133
  • Катталган: 19 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 31 Июл 2016 09:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Апамдын журогу,дайым ошол жердемин.

Просмотр сообщения kadam (16 Июль 2015 - 18:51) жазган:

Замандын шарапаты менен уулдарым Россияга эмгек фронтуна кетишти. Азыркы замандын Толгонайы менен Алиманы болуп үйдө жалгыз калдык. Алыс жерде ден соолукта, кырсыктан сырткары болуп аман жүрүшүн тилеп отурабыз. Уул-кыздары, жубайлары четте жүргөн ата-энелердин, келиндердин кусалыгын-сагынычын эми билип жатабыз. Өз элибизде өгөйлөнбөй жаштарга татыктуу маяна м-н иш орундары болгондо мындай болбойт эле. Кантебиз, "Ыйман бер"- деп Жаратканга жалынгандан башка колубуздан келбейт экен


СүрөтСүрөтСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Жолоочу_Saipova.91_* 19 Август 2015 - 17:30

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

кандай бактылуу кыздарга жакшы кайнене жолугат а
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   aziko88   21 Август 2015 - 19:48

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 05 Февраль 14
  • Соңку аракети: 21 Сен 2016 12:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Окуп алып озумо сабак алдым.рахмат кенешин здерге.менда жазгым келди.менин кайненемда аябай жакщы киши,мен 3жыл ооруп больницага жатып калдым.кайненем бир оорукчан сын деген жок.мен врачтар бир нерсе десе кайненеме айтып ыйласам мага кошулуп ыйлачу.анын арасында куйоом экобуз ажырашып журдук кызым кобунчо кайненем мн болчу,тайнесине анча кончу эмес ошол жакта чоноюп калганына байланычтуу. ошентип 3жыл ажырашып журдук ошентседа мен кайни журт мн катышып барып журдум.жылда россиядан келем алтын алып берем.ыраазы эле болуп журду.анан мен мурун бир кумуш сойко берген болчум ага эки алтын сойко алып бердим алмаштырып тагынып журун деп.анан ошол кумуш сойкону сурадым мага беринчи тагынгым келип атат деп.анда кайненем коой бербейм акчагада сатпайм деп алынып кетти.анан мен ичимден таарындым жылда алтын алып берем аныда озум бергем берсе эмне болуптур деп,эми сизге алтын тушуп калыпбы деп таарынып калып мурдагы дай кайненеме жылый албай калдым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Жолоочу_Saipova.91_* 21 Август 2015 - 22:57

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

ошол кумуш сырганы сурабай эле койсонуз болмокда.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   bema_bema   22 Август 2015 - 00:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Коой бир сырга учун жаман корбо келиним берген деп акчага дагы сатпайым дептирда.Бергенден кийин сурабаш керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   969607zina   22 Август 2015 - 20:47

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 28
  • Катталган: 08 Август 15
  • Соңку аракети: 21 Окт 2015 20:46
  • Жынысы:Аялзаты

Эхх... Суктанып турам... Баардык жаштарга тушунуктуу кайненене акыл эстуу кайната насип этсе экен. Кыздарга да ыйман берсин. Буйруса мн да жакшыы тилектерим бар кайненеме келин эмес кыз болуп. Ишти оозунан чыгарбай аткарып турсам. Кайненем келиним дебей кызым десе экен деп тилейм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   kadam   23 Август 2015 - 10:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 98
  • Катталган: 22 Февраль 11
  • Соңку аракети: 06 Май 2021 16:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.

Кыздын кыздай, келиндин келиндей орду бар. Ошондуктан айырмалап бөлөбүз. Келин - келгенде үй-бүлөнүн мыйзамдарына баш ийе турган, үй-бүлөнүн баалулуктарын жоготпой улантып кетчү, түбөлүктүү орду бар, үй-бүлөнүн толук кандуу мүчөсү. Мейли, ал өзүнчө жашасын, мейли чогуу жашасын, баары бир үй-бүлөнүн мыйзамдарына баш иет. Маселе: Келин ал мыйзамдарды кабыл алабы, же кабыл албай каршылык көрсөтүп, тыйрандай баштайбы? Кептин баары ошондо. Психология илиминде да айтылат. Үй-бүлөлүк иерархияны жан дүйнөсу м-н кабыл алган адам гана бүлө болуп кете алат. Кайын журттун милдети: жаңы үй-бүлө мүчөсүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүп туруу. Тилекке каршы бизде андай колдоо азыраак болуп жатат. Келинди көпчүлүк учурда акысыз үй кызматкери катары көрөбүз. Албетте келин да адам, ал да чарчайт, жадайт. Жылуу жумшак сөз м-н ийитип үй-бүлөнүн толук кандуу мүчөсүнө айлантуу кайнене менен кайнатанын милдети.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   kadam   23 Август 2015 - 10:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 98
  • Катталган: 22 Февраль 11
  • Соңку аракети: 06 Май 2021 16:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.

Мени кубандырган нерсе, келиним экөөбүз кеңешип иш кылууга үйрөндүк. Чогуу базарлайбыз, сейилдеп шаарга чыгабыз. Үй-бүлөлүк бюджетти чогуу талкуулап, сарптайбыз. Акчаны мурда мен кармасам, азыр келииниме өткөрүп бердим. Артыкбаш коротпойт. Кээде болуп калат жаңылыштыктары, кагып-силкпей эле кабагымды бүркөп коём. Чынын айтыш керек, бапылдап сүйлөнгүң келет, бирок анын арты эмне болот, жыйынтыгы кандай болот деп ойлоп, башкача ыкма колдонууга өтөсүң. А болбосо, жакшы эле бапылдаган жайым бар. Эң башкысы балдарың тутүн булатып, ынтымакта болуп, үлгулүү ата-эне, сыйлуу кадыр-барктуу үй-бүлөгө айланышса - мына ошондо акыбетиң кайтып, бактылуулуктун туу чокусуна жеткен болсуң. Албетте, анын баары бир күндө, бир заматта болбойт. Өмүрүндү жашооңду туура багыттап, адал иш кылсак гана жетишебиз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   kadam   23 Август 2015 - 10:54

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 98
  • Катталган: 22 Февраль 11
  • Соңку аракети: 06 Май 2021 16:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.

Просмотр сообщения aziko88 (21 Август 2015 - 19:48) жазган:

Окуп алып озумо сабак алдым.рахмат кенешин здерге.менда жазгым келди.менин кайненемда аябай жакщы киши,мен 3жыл ооруп больницага жатып калдым.кайненем бир оорукчан сын деген жок.мен врачтар бир нерсе десе кайненеме айтып ыйласам мага кошулуп ыйлачу.анын арасында куйоом экобуз ажырашып журдук кызым кобунчо кайненем мн болчу,тайнесине анча кончу эмес ошол жакта чоноюп калганына байланычтуу. ошентип 3жыл ажырашып журдук ошентседа мен кайни журт мн катышып барып журдум.жылда россиядан келем алтын алып берем.ыраазы эле болуп журду.анан мен мурун бир кумуш сойко берген болчум ага эки алтын сойко алып бердим алмаштырып тагынып журун деп.анан ошол кумуш сойкону сурадым мага беринчи тагынгым келип атат деп.анда кайненем коой бербейм акчагада сатпайм деп алынып кетти.анан мен ичимден таарындым жылда алтын алып берем аныда озум бергем берсе эмне болуптур деп,эми сизге алтын тушуп калыпбы деп таарынып калып мурдагы дай кайненеме жылый албай калдым.

Тээ Жаш кезде,кайненем тагынып турайын деп алтын сөйкөмдү алган, кийин жактырып калган окшойт, абысындарыма балам алып берди деп койдум деди. Мейли деп, сурай албай эле калдым. Жолдошум туулган күнүмө белек кылган, сүйлөшүп жүргөндө. Студент кезде кароллчу болуп иштеп чогулткан акчасына алган эле. Аябай жактырган буюмум эле. Кийин ажырашканда деле сураганым жок. Ал алтын-кумуш түбөлүктүү эмес. Түбөлүктүү силердин мамиленер. Ал үчун жаман--жакшы айтышып жаман көрунбөй эле кой. Берген нерсени сурабайт деп коюшат. Аман болсоң, андайдын неченин тагынып, неченин жоготосуң. Ал болоор- болбос майда нерсе. Бул жашоодо эң маанилүү үй-бүлөң.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   eliza55555   23 Август 2015 - 17:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 08 Февраль 14
  • Соңку аракети: 21 Окт 2015 18:17

беш кол тен эмес.......менин да кайненем жакшы адам...бирок кээдээ ото туура эмес кылат.не справедоивая. ..колундагы келинмин бирок менден кийин 4 келини бар... баарибир башка келиндерин мактай берет...анан ойлоп калам эээ жанында журсон баркыны билбейт экен деп жайда оз уйумо кетип ошол бойдон барбай койдум....менин да оз тиричилигим бар.чакырсын мактаган келиндерин. ....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Жолоочу_Saipova.91_* 27 Август 2015 - 15:09

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

беш кол тен эмес.......менин да кайненем жакшы адам...бирок кээдээ ото туура эмес кылат.не справедоивая. ..колундагы келинмин бирок менден кийин 4 келини бар... баарибир башка келиндерин мактай берет...анан ойлоп калам эээ жанында журсон баркыны билбейт экен деп жайда оз уйумо кетип ошол бойдон барбай койдум....менин да оз тиричилигим бар.чакырсын мактаган.
Туура айтасын колдо бар алтындын баркын билишпейт,менда кол келинмин канча жакшылык кылсамда билбейт...келип каралашпаган келинин абсынымды мактай берет
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   Kunbeken   27 Август 2015 - 17:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 195
  • Катталган: 09 Май 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2021 17:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:сҮйгөнҮмДүН калаасы)

Ак жоолук салынып суйкайып келин болгонго нээ жетсин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   Meka77   28 Август 2015 - 00:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 124
  • Катталган: 16 Апрель 14
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2021 12:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Там где звучить 5 раз Азан

Кыздын оордун эч качан келин баса албайт.Баары бир бииир жеринен кемчилик кетет.Кайын эне да оз апандай болбойт,канча кааласан да бир жеринде сага жакпаган соз суйлоп койсо же кыймылы жакпай калса айтылат БААРЫ БИР КАЙЫН ЭНЕ ДАА деп.Ошондуктан баарынын оз-оз оорду менен болгонго эмне жетсин.Сен бапылдап кайненем мени озунун кызындай корот деп,оозунду толтуруп суйлоп жургон болсон да кайненендин конулундо сага таарынычы же капасы болот(сен билбеген).Кайненен сени оз кызымдай деп бапылдап жургон кезде,сенин таарыныч же нааразылыгын болот ичинде (озунун кызы болгондо ушинтпесе керек эле деген).Баарынын границасы менен болгону жакшы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   kadam   09 Сентябрь 2015 - 09:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 98
  • Катталган: 22 Февраль 11
  • Соңку аракети: 06 Май 2021 16:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.

Үй-бүлөлүк мамиледе дистанция болуш керек дегенге кошулам. Бирок чек ара - бул чоочун кишидей мамиле эмес. Дистанция - бул бири-бириңе болгон сый-урмат, ызаат, ишеним. Албетте, жеке эле кайын эне-келиндин ортосунда эмес, адам баласынын турмушунда таарыныч, конфликт сөзсуз болот. Маселе, таарынычты ичиңе катып, бук болуп жүрө бербей ачык айтып чечишип алууда. Бири-бириңе болгон таарынычты маңдай-тескей отуруп, жай сүйлөшүп чечишип алуу - чоң эрдикти талап кылат. Көпчүлүк учурда биз, кызуу кандуулукка алдырып урушуп кетебиз. Чыр-чытаксыз маселени чечүү - чоң искусство. Илимде медиация деп аталат. Буюрса, акырындык менен баарыбыз бул илимдин ыкмаларын өздөштүрүп колдонсок, үй-бүлөдө, иште ийгиликке жетебиз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   kadam   10 Ноябрь 2015 - 20:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 98
  • Катталган: 22 Февраль 11
  • Соңку аракети: 06 Май 2021 16:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.

Алыста эмгек мигранты болуп жүргөн уулум үйгө аман-эсен кайтып келди. Үйдүн ичи бака-шака болуп бапырап эле жыргап калдык. Келинимдин да маанайы көтөрүлүп, күлкүсү чыгып жаркып калды. Сүрөтүн көрүп аталап жүргөн неберем, атасынын өзүн көрүп чоочуп барып, көнүп калды.Ээрчишип алып шаарга чыгышат, бирге конокко барышат. Келин үйдө кезде, конокко чакыргандар жок эле, күйөөсү келгенден бери кадыр-барктуу болуп, конокко чакыргандар көп. Экөө көгүчкөндөй болуп кужурашып, мындай кылалы, андай кылалы дешип кеңешип жатышат. Кандай керемет! Балдарымды көрүп, мен да бактылуумун. Ичимен сызып жүрөгүмдү өйүгөн нерсе, атаганат, ушу жаштарга өз жеринен татыктуу айлыгы м-н жумуш болсо, канчалаган жаштар сыртка кетпей, өз үйүндө, бала-чакасынын маңдайында өмүр сүрөт эле. Мейли эми, сыртта болушса да аман -эсен өз үй-бүлөсүнө кайтып келишсин! .... Экөө көгүчкөндөй болуп дагеле кужурашып, мындай кылалы, андай кылалы дешип кеңешип отурушат. Кандай керемет! Балдарымды көрүп, мен да бактылуумун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 13 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 13, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 00:19

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: