Суперстан: Чоочун киши. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чоочун киши.

#101 Пользователь офлайн   priora1982   23 Июнь 2015 - 17:10

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 18
  • Катталган: 30 Август 13
  • Соңку аракети: 29 Янв 2018 01:03

Кадырдын созун олтургандардын баары туура табышат.Байбураны ошол эле замат алдырып келишет.Анан болгон окуяны,кенешкен кепти кулагына кумдай куюшат.Эр намысы-Эл намысы,-деп улуу-кичуу дуркуроп сурап туруп алышат.Ары кетип,бери кетип,токсон тогуз толгонуп жатып,акыры калк кадырын кайт кыла албаган Байбура макул болот.Ошондо, баятан бери коз токтотуп,сынай тиктеп олтурган Олжобай,Байбураны жанына чакырып алып:Жылдызын тогулгон,ыймандуу жигит болгон турбайсынбы. Жаш болсон да эл оозуна кирип калыптырсын. Бул жигиттиктин белгиси,иним, оозунда созу,колунда онору бар деп уктум,аман бол,атанын баласы болгон турбайсынбы! -деп жактыруудан журогу толуп,мандайынан обот.Анан олтурган элге карап минтет:
-Байбурага жолдош болуп эки жигит барсын.Учооно тен ат жакшысын мингизип,тон жакшысын кийгизуу керек.Байбура менин гулдуу бадам ак боз атымды минсин.Ал эми тиги эки жигиттин мингени окшош кара аргымак болсун.Мынча болгондон кийин,баарын кемтиксиз,шайма- щай иштешибиз керек.Корпочодон баштап,желдигине чейин тер эмес,атыр жыттанып тургандай болсун.Ушулар колдон келеби,туугандар?
-Колдон келет,аракет кылабыз!-Олтургандар дуркуроп кетти...
Даярдык корулуп буткончо,арадан апта эмес,ай отуп кетти.Коп тукурсо кол болот дегендей,акыркы камылга бутуп,жигиттердин жолго чыгуучу мезгили да келип жетти.Жаш жигиттерге акыркы соз,акыркы акылдар айтылып жатты.Алар Салтанаттын айлына барганда эмне кылыш керектигин, кимиси эмне деп суйлоп,эмне деп айтаар соз эле эмес,сунулган чыныны кандай кармап,чайды кандай ууртап,кандай ичууго чейин,балдардын кулагына кумдай куюлду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   priora1982   28 Июнь 2015 - 17:40

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 18
  • Катталган: 30 Август 13
  • Соңку аракети: 29 Янв 2018 01:03

Байбураны аттап-тондоп туруп,ат устунон адегенде бир сынап алышат.Мойну куудай койкойгон,жал- куйругу тогулгон гулдуу бадам ак боз атты мингенде,бала туурга конгон барчындай болуп,мурдагыдан да сынына чыгып келишими арта тушуптур.Адам корку чупурок,жыгач корку жалбырак дегендей,кымбат баалуу асыл кийимдерди кийип,зынгырай тушкон Байбураны сынайбыз деп,чогулуп тургандар кубур-шыбыр болуп:Тообо, жигиттин гулу тура Байбура.Адам эмес эле,асмандан тушкон перинин уулуна окшойт да.Ту-ту коз тийбесин.Бул да бироонун козун карап,кокулун сылаган чолпону.Куур тондун ичинде,куурасын жигит олбосун дегендей,жупуну жургондо мынчалык сулуу,мынчалык келишимдуу болуп бой жетип калганы байкалган эмес турбайбы -дешет.
Чогулган эли-журту сындан жакшы откон Байбурага ак жол каалап узатышат.Мезгил жайдын толуп турган учуру экен.Кун ысык.Жигиттер шашпай журуп олтурушуп,учунчу кун дегенде Салтанаттын айылына жакын келип токтошуптур. Шар аккан суунун буйткалуу боюна келип аттан тушуп,килем куржунду алып,аттарын отко коюшуптур.Анан жыты жыпар жыттанган кол самындар менен сууга тушушуп,денелерин сергитип,кийимдерин алмаштырат. Байбура бутуна кийген намеркан маасысын аарчып,жалтырата тазалап,устуно кайырма жакалуу ак жибек койнок жака-женин сайып,кооздоп тигилген курон жашыл баркыт шым-бешмант, анын тышынан четине кундуз кармалган эки кат кымкап чепкен,башына бешмантына окшош баркыт менен кыюуланган торт тала ак калпак киет.Ичинен, жаркыраган жакут таштарды,кумуш менен алтынга чогоруп,оюуланып, коздоп жасалган кемер курду курчанат.Байбуранын жигиттери да ончой кок нооту менен кымкап кийишип,атырдан себинишет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   priora1982   03 Июль 2015 - 14:19

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 18
  • Катталган: 30 Август 13
  • Соңку аракети: 29 Янв 2018 01:03

Ошентип алар кеч бешимде Салтанаттын айылына барып калышат.Бул чоочун жолоочуларды коргон айылдын ажаан иттери чогулуп,меймандарды айлана чуркап ажылдап,айлананы азан-казан тушуруп да жиберишет.Ушул мезгилде жамаатташ тигилген торт уйдун экинчи уйунон эки жигит чыгып,Байбуралардын астын тосо басышат.Салам айтып,алик алынат.Жигиттер жолоочулардын салтанаттуу кебетелерин коруп,шаша-буша аттарын алып,оздорун меймандар учун тигилген четки оргоого баштап киришкен имиш.Арадан коп убакыт отпой ,дасторкон жайылып,орук- мейиз тогулуп,май томурулуп,чий боорсоктор чачылып,адегенде кочкор муйуз болуп кооздолуп жасалган коокорго куюлган кымыз келиптир.Мейман жигиттер сыр аякка куюлган кымыздан сыпаа жутуп,алдыларына коет.Анын артынан самоор кайнап,чай киргизилет. Байбуралар чачылган канттан алышып,четинен кырт эттирип кичинеден тиштеп,памил чайдан манчыркай ууртап коюп олтурушат.Меймандарга чай куюп олтурган Салтанаттын бир тууган женеси экен.Келиндин эки козу кайра-кайра Байбурага кадала тушуп тайыйт.Анын бул коз карашында Кудая тобо,адамдан да ушундай жылдыздуу,сулуу жигит чыгат экен ээ-деген жазуу турат.Жаныдан эле чай куюла баштаган кезде жигиттердин устуно орто бойлуу,сулуучасынан келген,нур жуздуу бир жигит кириптир.
Байбуралар тигил адамдын улуулугун урматтап,орундарынан тура калышып,колдорун бооруна алып,сыпайгерчилик менен саламына алик алышат.
-Олтура бергиле,-дептир тигил киши,меймандарга мээримдуулугун корсотуп,ак мандайы жарк этип.Бардыгы кайра олтурушат. -Ии,жол болсун мырзалар.Жай сураша олтуралы.Кайсы жер,кайсы элден келатасыздар? Кай тарапка баратасыздар? Атынарга караганда алыстан келаткан кейпинер бар?-дептир Салтанаттын агасы.
Мурда тигил жактан бекитилип,суйлошулгон соз боюнча Байбуранын жанындагы куйоо жолдоштордун чечени,мурутун сылап коюп минтип айтыптыр:
-Биз тээтиги сары озон Чуй тараптан келатабыз агатай.Мына бул Байбура деген жигит,бутун кыргыз жергесин кыдырып,кыз коруп,кыз жактырбай келатат.Ушул айылда Салтанат деген кыздын кабарын угуп,ат арытып келип калдык коргону.Эгерде Салтанат Байбура мырзага жагып калса,арадан апта айланып,ай отпой,алтын- кумуш зар жуктоп,айры оркочтуу нар айдап,токсон кулук баш кылып,топудай кебез байлатып,кудалыкка келебиз.Бизге, жигитке кыз,кызга жигит жакса болгону...
Бул созду угуп Салтанаттын агасы ойго батат.Куйоо болчу жигитке оон жок экен.Бирок кыргыз жергесин кыркасы менен кыдырып кыз жактырбай келаткан мырзага,кокусунан Салтанат жакпай калса,кантебиз. Анда ай жамалдуу Салтанат,Байбура деген бир мырза жигитке чандырып жибериптир, деп калайык калкка шерменде болгончо,Салтанаттын башка уруунун уулдарына куйоого чыкпасын алдын-ала эскертип,мизин кайтарып коеюн,-деген жыйынтыкка келип,минтип айткан экен:
-Ие,Байбура мырза,Салтанат деген карындашымдын калкына берген созу бар эле,-деп тигил киши соз баштап баратып,токтоло калат.Анткени бет мандайында чай куюп олтурган аялы эрине,антип айтпа дегендей аста башын чайкап,алдынкы эрдин тиштеп койгонуна тушуно бербей буйдалат.
Ангыча Байбуранын тигил баамчыл,кыраакы жолдошу,аялды тушуно коюп,уй ээсин шаштыра сурайт:
-Ал кандай соз болду экен,аке,угууга болобу?
-Ии,карындашым Салтанат,озумо тен келуучу жигит,кыргыз жергесинде жок деп эсептейт.Мага оз уруумдун жигиттери гана тен.Башка элдин суу журок баатырынан, оз элимдин карапайым букарасы артык,ошон учун мен,башка уруунун уландарына барбайм деп ант берип,шерт кылып койгон.Мен,мыктынын мыктысымын деген эчен-эчен озунорго окшогон жигиттер келип Салтанаттын купулуна толбой,боз ала болуп кайра кетишкен...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   priora1982   11 Июль 2015 - 13:28

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 18
  • Катталган: 30 Август 13
  • Соңку аракети: 29 Янв 2018 01:03

Жигиттин жигиттигине суктанып,озунон козу отуп,эки бети чоктой жанып,анда-санда ичинен дем алып,журогу турсулдой согуп,арзуусу артып олтурган келинди байкап Байбура минтип айтыптыр:
-Андай болсо,намыстуу кыз айтканынан кайтпас,аке. Салтанат оз уруусунан башка эл,башка уруудан бозум тулок шумкардын чыгаарын билген эмес экен анда.Ошондой болсо да,ошол башка уруунун уландарын адам катарында корбогон,Салтанат сулуунун кабарын угуп,атайын келип олтурабыз ак тилек менен.Айдай болгон,атактуу кызды алууга арзыбасак да,алдынан отуп,бир коруп кетууго болбос бекен?-деп,Байбура уй ээсине отунуч кылган болуптур.Ошондо, коздору оттой жанган сулуу жигиттин сурунон апкаарый тушкон Салтанаттын агасынын тили курмоого келбей буула тушкон имиш...
Ушул кезде,келген жигиттердин жон-жайын женесинен уккан Салтанаттын журогу алып-учуп,делебеси козголот.Бирок жигит,жигиттин гулу болмоктон,кундун кукуму болсо да,адамды адам корбой туруп,башка бироолордун айтуусу боюнча суйуп жибермек беле.Салтанат канчалык эр кокурок,тайманбас кыз болсо дагы,Байбуранын устуно даап кире алган эмес дешет.Ал каш карарып,тун киргенде женесин жанына алып,Байбура конок болуп,оргуп жаткан оргоого басып барган дейт.Ошондо Салтанат сулуу,жабыктан шыкаалап карап туруп,эрдин кесе тиштеген экен,Жайнагул балам.Баягы оз уруусунан башканы тенине албаган жаш журок,Байбураны бир коргондо эле ашык болуп,жактырып калыптыр.
-Адамзаттан мындай асыл чыгат деп ойлогон эмес элем,жене.Акем бекер айткан экен мен жонундо.Байбура менен озум беттешип,озум жооп берсем болмок экен,-деп эсин жыя албай,капшытка суйонгон бойдон туруп калган имиш.
Ушул саамда тордун тобосундо,ачылган гулдой болуп,жайнап олтурган Байбура капшыт жактан чыккан шоокумду сезип,кантсе да болду,болбоду Салтанат келип,мени сынап турбасын деген ниетте,озунчо эле бир жаштык журоктон сызылып чыккан,арзуу менен энсоонун ортосунан канаттуу куштай оболоп,канат серпкен мукам кууну чертет.Бул куунун сыбызгыдай бирде сыздап,бирде толкуп,бирде мунканып,бирде шаттанып мин туркун кайрыкка болонуп чертилиши Салтанатты ого бетер талытып салат.Кеткиси келбей уй-жабык менен жабык болуп жабышып турган кайын синдисин алып кетуунун аракетин кылып,женеси минтет:
-Журу,кагылайын бийкеч,агаларын корсо уят.
-Кое турчу женеке,коркуно козум тойгончо карап,куусуно кулагымдын кумары канганча угуп алайын,мырза жигиттин,-деп Салтанат Байбураны жабыктан тээ бир оокумга чейин карап туруп.-Ой тобо,кулак менен коздо курсак болсочу ыя ,жене,-деп журогуно куйут тушуп кайра тартат.Ал Байбураны эртен эле аттанып кетуучудой коруп,энесине барып минтип айтыптыр:
-Эне,мен башка элде,башка жерде жакшы жигит жок болсо керек деп жанылгандыгыма бушайман болуп,оз арманым озумдо болуп,бармагымды тиштеп олтурам.Бутунан мудурулгон турат,оозунан мудурулгон турбайт дегендей,бул мырза жигитти коргондо эсимден танып,эмне кылаарымды билбей калдым.Акем, ага менин айткан создорумду токпой-чачпай айтып,кесе жооп берип тунултуп коюптур.Кокус учкул кыял,курч муноз,орттой жанган Байбура,кайра аттанып кетип калбасын,энеке, атама айтып,акем менен суйлошуп кор.Эрди намыс,коенду камыш олтурот.Атагы алыска кеткен,Бугу элинин мунарасы болгон атактуу уруунун айлына келип,ат оргутуп,эр тыныкпай кетсе болбос.Кокус Байбуранын конулуно жагып калсам,жок дебей макул болуп,озум жообун берейин.Той болуучу кунду болжоп,Байбурага ак жол каалап,карегиме кан толгончо караанын карап,озум узатып калайын.Туурубузга кайып-каскагынан озу келип конгон,бозум тулок шумкарды байкоостон, чочутуп учуруп жиберсенер, Салтанат кызынар омур бою окутто журуп,козунон жаш,кокурогунон дарт кетпей арманда отоор дуйнодон.Атама айтыныз эне,айтканымды чеки дебей,арт жагын абайлап,кызынын тагдырын ойлосун...
Ачка айланып,токко толгонуучу, белдуу жерден куда-соок кутуу,кыз баланы ыйлабай турган жерге тапшырып,конушуна кондуруу эзелтен бери келаткан ата-эненин тилеги эмеспи.Салтанаттын созун уга электе эле,кыраакы ата,Байбураны жактырып,пейили тартып турган болучу.Байбичеси кызынын айткан аманатын айтканда кым дей тушту.Ушундан кийин Байбуралар конок болуп,эки-уч куну туруп калышат...
Экинчи кун дегенде эки келин,эки кыз Байбуранын устуно Салтанатты алып киришет.Ак куудай мойну койкоюп,кош этек салынган,бирде жашыл ,бирде кызыл,бирде кок,бирде гулгун сары болуп,кыздын кыймылы менен кошо токсон кубулган лампук койногунун устуно уч белдуу кызыл кыжымы чыптама,бутуна кооздоп оюуланган кончу узун кызыл отук кийип,тундой кара чачы ай далыга тогулуп боркунун укусун улпулдото,аземдене баскан Салтанат кызды коргондо,кош жаздыкты чыканакка коюп,менменсинип, чирене тартып жаткан байбура ордунан туруп,кыздарга ызаат корсотуп,он колун коодонуно алып:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   16 Июль 2015 - 22:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Кечиресиздер ушул китепта Кайнатанын каргышыдай болуп авторлор таштап койуптур жазышпай , бунуда баштап койойун мага атандашып тезирек бутуп салышсын авторлор



ЧООЧУН КИШИ


-Салам айттык, Салтанат. Жогору отунуздор, "Кыздын кырк чачы улуу" эмеспи,-деп ышкы оту журогундо ойной тушкон жигит, кызды жадырай карап, кош кареги жайнап, озунон жогору жактан орун коргозуптур.
Анда Салтанат:
–Саламынызга таазим
кылдык, Байбура мырза. Кыздардын орду адата жуктун бурчунда болот эмеспи. Канна,
олтурунуздар, ат арытып алыстан келген меймандар менен саламдашпай койсок, не
болоор деп, устунузго руксатсыз кирип калдык, мырза, айып корбонуз – деп Салтанат
ак жибектей созулуп курбу кыздары менен жуктун бурчуна салынган атлас тошоктун
устуно барып олтуруп калган имиш…

Эртеси Салтанатты жактырган-жактырбаганын
ачык айтпай сыр бербеген Байбура аттанмак болот. Бул кабарды уккан кыз, эмне
кылаарын билбей шашып калат. Акыры жигиттин оозунан, бир ооз жылуу соз угуп
каламбы деген умуттуу кыялга жетеленип, атасы менен кошо чыгат уйдон. Кулуктор токулуп
басмайылдар тартылып, ооздуктары салынат. Жалындаган Салтанат тайманбай басып
барып, гулдуу бадам ак бозду жылоодон алып, жарданып турган адамдарга карап,
анан атасына минтип айтат:

-Ата, Байбура мырзаны мен аткарайын. Калган жигиттерди
башкалар аткарсын, - деп гулдуу бадамды жетелеп четке чыгат. Жигитти колтуктап
аткарып, камчысынын учунан кармап туруп, кыз мындай дейт: - Баатыр болсон
Байбура, жигит болсон Байбура, арзып келсен алыстан Салтанаттай бир кызга, алып
кетсен мынакей, татырмын дейм арзууна, башка жерде, башка элде, сендей жигит
болоорун, билбептирмин мен мурда…

Ансыз деле, Салтанат сулууга
ашыктыгы артып, суйуп калган Байбуранын журогу арманга толуп, алсыздыгына капа
болуп, толгоно тушуп чыйралат. Артында озун аттап-тондон узатып калган
эл-журтунун намысын эстеп, журогу тилинип турган жигит Салтанатты минтип
качырат:

-Калп айтпайын басынтып, татыктуусун
арзууга, бирок менин Салтанат, аялым бар айлымда, ыраа корбой турамын,
токолдукка алууга.

-Мейли, анда кантейин, мен макулмун Байбура,
токол болуп барууга.

–Жок, экинчи аялым да бар, Салтанат!

Байбуранын албасына козу жеткен
сезимтал кыз, акыркы жолу жигиттен минтип отунот:

Билдирүүнү түзөткөн: Nyrjamal.Teshebaeva: 16 Июль 2015 - 22:16

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   16 Июль 2015 - 22:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Анда сизди эстеп, жок дегенде
конулумо тотоп кылып журойун. Коштошоордо бир куу чертип кетиниз, мырза. Эч болбогондо
ушу отунучумду кабыл алып коёрсуз, - деп Салтанаттын кош карегине жаш айлана тушуптур.

Ошондо он бутун аттын жалына арта
салып, журогу суйуу менен армандан алоо болуп оттой куйуп, ОЗУ эле жарыла албай
аран турган жигит Салтанаттын суроосу боюнча минтип черткен экен балам.

Мансур комузунун кулагын кайрадан
толгоп, бир демге куу келтирип, кынкылдатып туруп, шартылдатып чертип кирди. Уйдун
ичи бир заматта жанырып, айлана шанга болонду. Жайнагулдун коз алдында
кайнатасы Мансур эмес эле, кандайдыр кереметту жаш жигит комузда кол ойнотуп, ат
устундо тургандай сезилип кетти. Эки жаштын армандуу корунушунон Жайнагулдун
журогу тилинип, окуяга кандай аралашып кеткенин билбей калды. Качан Гана Мансурдун
уну чыкканда селт этти.

-Ушундай Жайнагул балам, - деп
Мансур умсунуп алды. – Байбура комуз чертип жатканда, ону очкон Салтанаттын кош
ийни ыйдан солкулдап, журогунун согушу менен ун алышып жаткансып, башындагы
кундуз тебетейинге тагылган укусу кошо, озунон ОЗУ тынымсыз титиреп турган
имиш, дешет…

- «Т-у-у, Байбура менен
Салтанаттын арманы озунчо эле бир дастан турбайбы. Кандай арман, кандай окунуч!
«Аккан арыктан суу агат» дегендей, булар тукуму менен сулуу, тукуму менен
комузчу турбайбы. Талант деген касиет атадан балага, укумдан тукумга отуучу керемет
окшобойбу, - деп ойлоду Жайнагул. – Артында созу айтылып, куусу чертилип калган
Байбура атада не арман. Чындыгында эле черте турган куу, айта турган соз тура…»

Ошентип, Мансурдун
уйундо бактылуу кундор окум суруп турду.

Билбеген Адам Кына менен Жайнагулду
кайнене-келин деп айта турган эмес. Тим эле, эне менен кыздай ынтымактуу. Баягы
эле адатынча Кынанын Жайнагулга айткан эки созунун бири: «Келиним да сенсин
Жайнагул, кызым да сенсин Жайнагул, тируумдо сыйлаарым да, олсом ыйлаарымсын да
сенсин!»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   16 Июль 2015 - 22:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

А Жайнагул болсо ушинтип жылынаарга соз
таппай, омочуктоп турган адамдын конулун кокус калтырып калбасам экен деп
озунчо сак. Ал шаардан уйуно келген сайын кайненесине Толкунбектин алган
маянасын, озуно тийген степендиясын кайда жумшап, эмнелерди алып жок
кылгандыктарын айтып келип, эсебин чыгара албай кулуп калат.

- Э эне, эмне учун биздин алган
акчабыз эчтекеге жетпейт. А атам экоонуздордун пенсиянар бардыгына жетет,
озунорго да, бизге да. Биз канчалык кысып, уноомдоп оокат кылалы десек да
болбойт бат эле жок болуп калат.

- И балам ай, бул акча дегенин
салаадан аккан суудай нерсе тура. Четинен алдым дегенче, аягына чыктым дей бер.
Шаарда оз уй, олон тошогунор болбосо, квартирага туруш онойбу. Анын устуно
баардыгы сатык. Анан дагы кийим-кечени кем-карчы болот. Ойногон-кулгон
жоро-жолдошторунар бар. Бири келсе, бири чакырат дегендей. Атан экообуз ушуга
тушунбойт дейсинби, балам. А бул жакта эмне, нан жасагандан эринип эле,
дукондон анда-санда нан сатып албасак, баардыгы озубуздуку да. Киреше кирбече,
чыгаша жок. Силер келген сайын которунмойунчо келбейсинер. Кудая шугур жаман
эмеспиз. «Мындан жаманымда да тойго баргамын», - деп айтат дейт бироо. Анын сынарындай,
бир кезде эчтекеге жетпей да жургонбуз. Жаман кийип, чалап ичкен кундор да
болгон. Согуш мезгилин эстесем азыр да журогум титиреп кетет. Ошондо курсакта
тамак жок, устудо кийим жок болсо да кунду кун


МЕН КУНУНО УЧ БИЛДИРУУ ГАНА ЖАЗА АЛАТ ЭКЕМИН ОШОНУЧУН АВТОРЛОР УЛАП ЖАЗЫП ТУРА БЕРГИЛЕ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   20 Июль 2015 - 14:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

дебей, тунду тун дебей иштедик. Эми ойлосом чарчаганды да, эс алганды да билбептирбиз. Элдин пейли да жакшы болчу. Бир казан жарма болсо бир айыл чогулуп иччубуз, балам. Ал кезде байлык дегенди билген эмеспиз. Ойлогон ойубуздун баардыгы жениш болчу. Кеткенибиз келсе деп ошону тилечуубуз. Мына азыр байбыз ,балам. Аз болсо да бирин-экин, кой-козу, музоолу уйунар турат. Огорот толгон алма , орук, алмурут. Ай сайын абышка экообуз биригип эки жуз сомго жакын акча алабыз окмоттон. Ал эми атан согуштун инвалиди катарында дукондон каалаганын алат. Экинчи антип сыгып кыспай, бардар адамдардай батырып жашагыла, кагылайын.
Дем алышта Толкунбек келип, керектуу кем карчыны алып кетип турбайбы. Жолго коп болсо ары барыш, бери келиш болуп, беш-он сом кетет экен.
-Эми азырынча эч нерсенин деле кереги жок го, эне.
Мен барганча Толкунбек, абамдыкына барып, барбаса ашканадан тамактанып оокат кылып турар.
-Жайнагул тыштан чыккан даабышты тыншап туруп, мойнун созуп, айнектен тышты карап койуп, кайра ондонуп олтурду.
-Капырай, эрте эле келем деп кетти эле, мынчалык эмне кечикти, ыя, эне уулунуз? Же шаардан жолдош-жоролору кезигип, кармалып калдыбы?
-Озунчо шыпшынып койду.
Эне келининин тынчызданган созун угуп, башын аста чайкайт.
-Олдо окшошкон каралдыларым ай, бирин жок болсон бирин, энесин куткон баладан бетер тамак ичпей, жол карай берет экенсинер. Эми экоон эки жакта кукук менен зейнептей болот турбайсынарбы.
Жайнагул уялып калды. Кына аны байкабай эле, келини энесиникине барып, конуп калгандагы Толкунбектин эмне болгонун суйлоп жатты.
-Ботом, жанагы Толкунбек да жаман экен. Бая куну сен кудагыйдыкына барып конуп калуучуда, кечке уйдон чыкпай уктап жатып алса болобу. Не тургузуп тамак ичире алайын. Оз балана оз созундун отпогону жаман туура.

Тамак ич деп атасы
айтса да ичпейм, ичким келбей жатат, мен айтсам да ичпейм. Бир кезде туруп,
жуунуп-таранып алып, тышка кеткен бойдон уйго кайрылып кирбеди. Бул бала тамак
ичпей кайда кетти деп, карайлап таппай калсам болобу. Корсо, Сенин жолунду
тосуп жургон тура. Биринди-бирин издешип, биринди-бирин сагынышып турсанар да
корком. «Уул-келинин эн эле ынтымактуу экен. Ысыктары тарай элек тура, деп
айыл-ападагылар кеп салса, ичим тартынып турат. Журок ушугон курган Жан бироонун
тили, бироонун козу болобу деп санам санга болунуп кетет. Бириндин ракатынарды
бирин коруп, ортонорду кара мышык аралабай, кадыр-баркынар менен Аман журсонор
экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   20 Июль 2015 - 14:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Ошондо Жайнагул: «Эмне кызык,
кайдагы кара мышык ортобузду араламак эле» - деп, ичинен кулуп Тим болгон. Чындыгында
эле бул эненин журоктон чыккан тилеги болучу. Толкунбек окууга отпой калып,
жаман жолго тушуп кеткенде эбепке-себеп болуп, кайра кайтарган ушул Жайнагул
экенин ата-эне жакшы билуучу. Кына менен Мансур Фрунзеге адегенде Садыныкына
барып, алгач Жайнагулду коргондо эле ичтери жылып, конулдору тушуп: «Ата-а-а,
биздин Чиркин уулубуз кишидей болсо, колдон чыгааручу бала эмес экен. Бирок биздин
аягы менен жургон селсаяк балабызды кайдан тенине алсын» - деп ойлогонун кийин
келинине кеп салып, Кына кулгон болучу.

Отпускасы аяктаган сайын
Толкунбектин тынчы кеткенсип, Жайнагулдун жанынан имерилип чыкпай калганы, келиндин
али эсинде куну бугункудой сакталуу. Кош бойлуу, ай-кунуно жетип калган
колуктусун таштап, ОЗУ кайра кеткенден кийин бир ээн болмодо жалгыз жатаарын
ойлоп, тынчы кетип, санаага чогуп, онунон азгансып кетти. Анан калса бул
жигиттин суйуусу мурдагыдан да алоолоп, мурдагыдан да махабаты ашып-ташып
бараткандай. Жайнагулдун боюна болуп, ичи билине баштаган кундон тартып, бирде
жанар ТОО болуп жарылып кетуучудой
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   20 Июль 2015 - 14:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

озунон озу опкосу кооп, алеп-желеп. Мурдаго мурда. Анда Жайнагулдун тороруно али коп бар деп ойлоп, санасы тынч болучу. Бала тогуз ай, тогуз кун, тогуз саат, тогуз мунотто торолот имиш, деген созду кулагы чалган Толкунбекке, мынчалык ай, мынчалык кундор эн эле эсеп жеткистей болгонсуган коп кундор менен сааттар бат эле арта калып, Жайнагулдун коз жарар кези алдыда сагалап турганга окшоп калды. Толкунбек кээде курсакта жаткан баласы менен ойлоп, анын дем алганын, кыймылдаганын тыншай берет. Мындай мамиледен бою жыйрылып, уялган келин куйосунон отунот.
-Койчу уят эмеспи. Антпечи, суранам сенден.
-Суранбай эле кой. Мен биронун аялын эркелетип жаткан жокмун, чынбы. Бул жерде менин тунгуч уулум жатат. Оо, бала деген кандай сонун. Ата менен эне учун баладан кымбат, баладан таттуу эмне бар. Мен сага омурум откончо милдеттуумун, -дейт адатынча деми чыкпай калганча коодонунон баштап козуно чейин опкулоп.
-Сен качан болсо эле мага милдеттуу болуп каласын. Ал эмне деген милдет,-дейт Жайнагул чыны менен эле, кайсыга милдеттуу болуп жатканына тушуно бербей.
-Койчу, кантип эле билбей калмак элен?
-Билсем сурамак белем, айтчы озун.
-Эй макоом ай, макоом. -Толкунбек шыпты тиктеген калыбында ойлуу, оор улутунуп койуп созун улайт.
-Мен сенин эмгегинди, сенин наристе махабатынды олгончо унутпаймын. Муну эсине тутуп койушун керек. Бала кезимде бир жомок уккан элем. Эки жигит кетип баратып эки айрылыш жолго туш болушат. Экоондо тен жазуу бар. Бири барса келбес, бири барса келет. Эки жигитин бири ошол барса келбес жолду коруп туруп, ошол жолго тушот. Жомокто ошол жаман жолду тандап алган каармандын образы укмуштуудай суроттолот . Азап менен тозок аны кадам сайын кутуп, кадам сайын ага жолугуп турат. Акыры бир
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   20 Июль 2015 - 14:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

сулуу кыздын жардамы менен ошондой оор турмуштан кутулуп, бактылуу жашап калат. Эми ойлосом ошол барса келбес жолго тушуп кеткен жомоктун башкы карманы мэн экемин. Ал эми мени бактылуу кунго жеткирген "барса келбес" жолдон аман-эсен кайра алып чыккан сулуу сенсин да ыя, алтыным. Баягы экообуз биринчи кезикен тунду азыр эстесем да тобо чачым тик туруп, буткон боюм дуркуройт. Сен ошондо эле акылдуу болчусун. Эгер сенден башка женил ойлуу кыз болсо, интернатта бирге окумактан, эгизинин сынары болуп клса да, эмне кылат эле, ыя мени. Ошону Сады абам менен Гулайым женемдер укпаган, билбеген бойдон калышты, ээ. (Жайнагул Толкунбектин катын ага женесине окутканын куйосуно айткан эмес) . Тан кала турган эле окуя. Ушуну бироого айтса ишенбес эле. Сендей акылдуу кызды суйгон оз журогумо озум ыраазы болуп кетем ойлоп олтуруп. Эми минтип балалуу кылганы олтурасын. Сады Казиевичтей бир туугандуу, Гулайымдай женелуу, Тумардай кайненелуу болдум. Эр жигит учун мындан артык бакыт болобу. Айтчы, Жакин жашырбай, озунду кандай ойлойсун, бактылуумун деп эсептейсинби, же......
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   20 Июль 2015 - 14:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Эмне учун бактылуу болбоско..... Бактылуумун. ....
-Бул Толкунбектин отпускасы аяктап, эртен кетем деп жаткан убактылуу ажырашуунун акыркы туну болчу. Тан атканча эки жаш камырдай жуурулушуп, алтындай ширелешип,, суйлошуп создору бутпогон, кусалуу кумарлары таркабаган бойдон тошоктон турушту. Эртеси кетээр алдында энесине Толкунбек синти:
-Эне, келининизге сак болунуз, ээ?
Бул создун маанисине кандай тушуноорун билбеген эне, уулун маныроо козу менен тандана карады. Кынанын тушунбой калганын дароо байкаган Толкунбек, созун кара улады.
Эшикке жалгыз чыккандан коркот тун ичинде. Анан дагы килейген ээн болмодо озу кантип жатат? Анын устуно кош бойлуу болсо. Ачык айтпаса тушунбойсуз, жарыктык.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   20 Июль 2015 - 14:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Эки уулунун козу
жашылданып турганын байкай коюуп, дароо Жайнагулдун кабагына жалт карады: «Аа,
бетим, мунусу да ыйлаганы турган неме го!» - деп ойлоп, кайпактай тушуп минтти:

Ой, балакетинди алайын, кулунум, энен
олбой турса Жакинди кутуп алганга жарар. Айтпасан да билем, коркпогун. Ок эле,
ысарга кетип жаткансыган, арам десе…

Толкунбек кеткендин экинчи куну
почточу Мансурга кат алып келип берип кетиптир. Караса уулунун аялына жазган
каты. Мансур коргон козуно ишенбегендей, ары салып да, бери салып да карайт. Бир
жерде басырылып калган, мурунку каттарынанбы деп да ойлоду. Акыры, бирдемеси
уйдо унут калып, ошол жонундо жолдо жазган кат болсо керек деген жыйынтыкка
келип токтоду.

Кайнатасы Берген каты алып, конвертти
ачып, Жайнагул ичинен купуя окуп, кулумсурой берди. Башка бир ооз соз жок, бардыгы
суйуу. Жолдо баратып эстегенин, тез эле сагынып кеткенин, уйдон узай бергенде
аз эле жерден машинадан тушуп кала жаздаганын, ага дуйно, баардык кооздук
Жайнагулсуз бир тутам корунуп, конулсуз болуп жатканын жазыптыр.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   20 Июль 2015 - 14:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Жайнагул катты окуп буткондон кийин
жанында Толкунбектин эмне деп жазганын уккусу келип, санаасы санга болунуп
турган эне-атасына эмне деп айтаарын билбей уялып турду.

-Капырай кат жазганга улгуруп
кетиптирби? Эмне деп жазыптыр? Уйдо бирдемеси унут калбаптырбы? Деги Аман-эсен
жетиптирби ОЗУ? – деди Мансур.

Жайнугул, эки жагына жалдырап,
келинин оозун тиктеп соз кутуп турган абышка-кемпирден онойлук менен кутула
албасын билди.

-Рыбачьеден жазыптыр, - деди унун
айыптуу немеден бетер акырын чыгарып. Машинанын ичинде савхоздун дирокторун
кутуп олтуруп, эриккенде, силер эсиме тушуп жазып жатам дептир.
Мансур башын
чайкады.

-Согушка кетип бараткансыган
акмактын катын жазганын кор. Болуптур балам, тушунуктуу. – Мансур эшикти коздой
басты.

Кына абышкасы чыгып кеткенден
кийин, артынан эликтеп минтти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   20 Июль 2015 - 14:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Ой, кайран тушунугу кучтуу немее.
Тим эле жаш болбой койгонсуп, «тушунктуу» деп койгонун кара. Мен атана келгенде
согуш чыкты. Тез эле Мансурду аскерге алып кетти. Ал душманды женип, кайра
келгенсе жазган катары озунчо бир капка чымчып буума болду го. Кунуго кат. Кээде
бир кундо экиден алган кундорум да болду. Баланча Жака кетип баратабыз, тукунчо
жерге токтодук, согушка киргени жатабыз, эс алып олтурабыз, окопто жатабыз,
чалгынга жиберип жатат, сени сагынып олмок болдум, кокус бироого тийип кетпе,
деген сыяктуу каттардан башым адашчу. «Кырк жыл кыргын болсо, бейажал чымын
олбойт» дегендей атан канча жолу согушка кирип, бир жерин ок чийбей Аман чыкты.
Ал Берлинди алганда ошол жерден кантузия болду. Бул жаман тура.


-А ордендерди согуштан алды беле?

-Согуштан алган, балам. Атан жарадар
болбогону менен эчен эрдик корсоткон да. Жанагы Толкунбектин катын угуп, «тушунуктуу»
деп жаткан себеби, андай каттар оз башынан да октон эчен.

Жайнагул Кынаны кучактап, оз
энесине эркелегенсип минтти:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   20 Июль 2015 - 14:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

-Мен, сизди жакшы кором энеке.

-О, жакшы коргонундон секет
кетейин.

-Энеке дейм?

-И.

-Мен интернаны ушул шаардан
откозом. Оз уй, олон тошок, силер менен чогуу. Жыргал да ээ, энеке…

Толкунбек кеткен кундон баштап,
Кына келининин устуно келип жатуучу болгон. Жайнагул эшикке чыкса


эшикке, уйго кирсе
уйго кирет. Кокус жаш немее уялып айтпай алда кандай болот деп чочуйбу,
тыншаганы да, андыганы да Жайнагул. Кынанын уйкусун бироо уурдап кеткенсип, тун
баласы уктабай чыга турган дартка жолукту. Кайненесинин уйкусу канна уктабай,
тынчы кетип жургонун билген келин, аптекадан уйкунун дарысын алып келип катып
койду. Жайнагул бугун эмнегедир учун озун кундогудон оор сезип, ичи башы
ооругансып, ону талмоорсунку.

Тамакты кундогудон эрте жасап,
ата-эненин тошогун эрте салды. Толкунбекте жанаарак келген катты окуганга шайы
келбей чонтогундо журду. Кайненеси да шакыйым кармап калыптыр деп жарытып тамак
ичпей койду. Чындыгында бул шакый эмес эле уйкунун оорусу болчу.

-Эне, баш оорунун дарасын
ичиниз, - деди келини чай чыныга суу куюп жанына келип. Бул уктатуучу даары экенин
эне тушунгон жок. Кына дарыны ичээр-ичпестен эле, эч алууга даяр турган алсыз
организим бошой баштады. Анан ошол замат башы жаздыкка тиер менен уйкуга кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   20 Июль 2015 - 14:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Оолда байкуш энем ай, мен деп,
менин ичимдеги бала деп журуп, уйкудан караптап кеткени аз калган тура», - дейт
мемиреп эч нерседен бейкапар, жыргап уктап жаткан аялдын кыйма-чийме бырыш
баскан чурушунку арык жузуно ичи жылый карап.

Бара-бара Жайнагулдун ичинин
ооруганы кучогондон кучоп, озун колго алалбай баратты. Кайненесин ойготуп
айтайын дейт, уйкусу бузулат деп аяйт. Айтпайын дейт жанын коёрго жер таппай,
эрдин кесе тиштеп, бирде туруп ары-бери баса, бирде жерде ой боюнча оонап,
топтой томолонуп жатты.

Ардайым тун ортосунда эшикке
чыгып конгон Мансур адатынча короого чыгып, келини менен кемпири жаткан уйдун
жарыгы очпой, чакыйып куйуп турганын коруп журогу опкоолжуй тушту. Ошол замат
дабыш чыгарбай акырын басып, терезенин тушуна келип, парданын ачы-

лып калган жылчыгынан
шыкаалады. Кына оз тошогундо уктап жатканын коруп бир демге токтоп калды. А Жайнагулду
болсо кошогодо уктап жатса керек деп ойлоду. Ангыча, Мансур кетейин деп
терезеден боюн алганча болбой чачтары жайылып, саксайып кеткен келини,
кошогодон эмгектеп чыгып, ичин кош колдон басып, бир демге тиштенип туруп,
турган ордуна суналып жатып калды. Анан кайра томолонуп барып, бурушо тушту.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   20 Июль 2015 - 14:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

Келининин толготуп калганын тушунгон
Мансур, не аялын ойгото албай, не уйго кирип баралбай, карбаластап калды. Демейде
уктай албай кыйналып Журом деп даттанып калуучу аялынын эч нерсени сезбей уктап
жатканына жини келип, кыжыры кайнады. Бул жаман, Кудай алгыр, уктаганын да
билбейт, - деп ойлоду. Анын оюуна капысынан врачтар, торот уйу тушту. Ошол замат
койнок-ыштанчан, устуно чапанын, бутуна эшик алдында жаткан эчки галошту салып,
сарайда байланып турган тору атты жетелеп чыгып, жайдак атты секирип минип,
короодон орт чыккансып чаап чыкты.

… Врачтар келгенде Жайнагул
озунон ОЗУ урунуп-беринип, жанын коёрго жер таппай, ички уй менен тышкы уйдун
ортосунда Жан далбастап жаткан. Кайнатасынын унун, адамдар суйлошкон создорун
угуп, Жайнагул эсине келе тушту. Ошол замат кошогого кирип тошогунун устуно
устомунон кайра жыгылды. Врач менен медсестра экоо эки жагынан жолоп-таяп
Жайнагулду кийинтип, тез жардам машинасын коздой, замбилге салып которуп чыгып
баратканын коргон ата, тыштан уйго кандай атып киргенин ОЗУ дагы билбей калды. Ал
Кынага ачуулуу ун менен кыйкыра суйлоду:

-Ой, олгон олук, тируусунбу же
олуусунбу? – деди демитип.

-Ата-а-а, э-нем ооруп калыптыр,
уктасын, ойготпонузчу, - деди уну дирилдеген Жайнагул, замбилде баратып.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   20 Июль 2015 - 14:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

–Уктабаса козуно ак
тушсун. – Аялын жулкулдатты. – Эй, тигил Жакинтайды догдурлар келип, алып кетип
баратат. А сен болсо жыргап уктап жатасын. Толкунбек сага бекеринен айтпаган
экен баягы созду.

Кына олуп, кайра тирилген немеден
бетер, уйкулуу козу менен ордунан томолонуп турду. Анын баардык укканы да,
тушунгону да «Жайнагулду догдурлар алып кетип баратат» деген соз болду. Бирок алар
эмне учун алып кетип баратканын тушунбой, башы тумандап турду. Бул кезде
келинди машинага салып жатышкан. Ич койнокчон, жыланаяк, жыланбаш, уйдон
чынырып чыккан эненин уну Жайнагулго угулуп барып, бир паста алыстап кала
берди. Кына канчалык далбас урганы менен келинине жетпей калды…

Жайнагулдун толгоосу аябай каттуу
болду. Торот уйуно жеткирилгенден эки кундон кийин Аман-эсен кыз тороду. Кынанын
калган чачы ушул эки кундун ичинде агарды. Мансур экоо уйго уйчулук, жайга
жайчылык кылбай, уройлору учуп, боздоп-какшап басып жургон кун менен тун
жакшылык менен аяктады. Мансур ата уулуна: «Бешик боон бек болсун, кыздуу
болдун», - деп кутуктап телеграмма уруп жибергенин Жайнагул Толкунбек келгенде
укту.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   Nyrjamal.Teshebaeva   20 Июль 2015 - 14:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 132
  • Катталган: 02 Июль 15
  • Соңку аракети: 13 Авг 2016 21:05
  • Жынысы:Аялзаты

* *



Жайнагул окуудан келип,
эшиктин алдында озун кутуп олтурган айылдан келген кошуна аялды коруп, суйунуп
кетти.

-Саламатсызбы, апа! – Аял менен
кол алышышты. – Коп болдубу келгениниз?

-Жо, балам, анчалык деле коп
болгон жок, чай кайнамга не жетти, не жеткен жок. Мансур менен Кына барып
балдардын турмуш-абалын коруп, дендери сак, Аман-эсен жатканын биле келсен деп
какшап калышты эле. Кокус, бери жиберген тамак-ашы бузулуп кетеби ысыкта деп
туз эле силердикине келдим.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 8 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 8, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 16 Июл 2025 01:39

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: